Акын, жазуучу Чынтемир Аскаровдун “Сүйүү баяны” китебинин бет ачары өттү. Бет ачарга Меңди Мамазаирова, Карбалас Бакиров, Маркабай Ааматов, Курбаналы Сапарбаев, Бурулкан Карагулова, Нургазы Ахмедулин, Айгүл Элебесова, Мая Осмонкулова, Жумабек Токтогазиев өңдүү акын-жазуучулар катышты. Кечеде Чынтемир Аскаровдун сүйүү ырлары, поэмалары талкууланып, жылуу сөздөр айтылды.
Чынтемир Аскаровдун “Сүйүү баяны” китеби 17-китеп болуп жарык көрдү. Буга чейин поэзия, роман, проза китептери да чыккан.