Проза

ЫРЫСБАЙ АБДЫРАИМОВ, жазуучу: Кенемте

 

Аңгеме

Бир апта болду. Тай кызы Дианадан кабар жок. Ал ара күндө аталап, Абдраманга телефон чалаар эле. Тай кызынын коңгуроодой үнүн укканда  карт доктурдун төбөсү көккө жетчү. Жадырап-жайнаган студенти зымсыз телефондун көрмө тасмасынан  көрүнүп, эркелеп, бал тилин чуурткан сайын бак-таалайдын сересине жеткенден бетер көлкүлдөп, элжирейт. Ошондуктанбы, Диана  тун кызы менен уулу Азаматтан таттуу туюлат: “ Кызыма караганда неберем – өрүгүмдүн маңызы  даамдуу… Садагаң болоюн!Боюңдан сенин, оюңдан сенин! Ак куу кызым, принцессам!.. Окууңду бүтүрүп, жумушка орношсоң, анан чар тарабы келишкен өзүңдөй принцке баш кошуп, бактылуу өмүр сүр!” – деп жалбарат. Тай кызы гүлдөп, мөмөсүн утуру төгөөр чейрек кылым куракка жетсе да, эмдигиче төбөсүнөн түшүргүсү келбейт. Дианасынын тили дагыле ширин үчүн тили жаңы чыккан бөбөктөн бетер,кагылып-согулуп эркелетет. Балдарын башына кандай гана оорчулук  түшсө да, бөлөктөргө аны сездирбей, чыдоого такшалткан. Вашингтондун клиникасында иштеген уулу Азаматтан көңүлү ток. Азамат экөө телефондун көрмөсү  аркылуу сүйлөшүп, интернет желеден кат жазышып турат.

Эрке Дианасы медакадемияны быйыл бүтүрөт. Чычкан жылы кара тумоо каптап, тирүү кишинин эсин оодарганда дарыгерлер таңкыс болду. Элеттеги  ооруканаларга да улгайган дарыгерлер  кол кабышка чакырылды. Бирок, борбордо алар да жетишпей, доктурлар көздөн учканда бүтүрүүчү  студенттерге күн түштү. Курагы жетимиштен оогон  Абдраман алааматты сезип, четте чыдап тура албады. Өмүр бою жылбай өзү иштеген элеттеги ооруканага кайра барды.  Жең түрүнүп, ак желекти кайра жамынды. Бейтааныш илдет улгайгандарды аңдыырын, министрликтен аларды коргоо жөнүндө көрсөтмө бар экенин кыйыткан баш дарыгер аны оюнан айнытууну көздөдү. Себеби, Абдраман мурда иштеп жүргөндө көйгөй жакты утуру көзгө саяр эле. Анын чынчылдыгы менен сынчылдыгын жактырбаган баш врач оо алтымыштан ашкан ушу кесиптеши  пенсияга адеп кам урганда, аябай сүйүнгөн. Ага дейре жумуштан айдаса гана Абдрамандан кутулаарын ойлогону менен анын ишинен тырнактай кынтык тапкан эмес. Артынан тыңчы коюп, аңдытса, оорулардан эзели пара албаптыр, же чайын ичпептир, кызматын колко кылбаптыр. Пенсияда экенине карабай:“Кайра жумушка кайтам” – деген аксакалга  баш врач,  ошентип шылтоо таппай калды. Абдраман:“Айлык көбөйгөнгө кызыгып атат”- деп ойлобо! Акчага зарыкканым жок. Пулду оюма алалекте, ооз ачпасам да Америкадагы уулум жиберип атат. Ушундай оор күндө пайдам тийбесе, менин эмнем врач? Ансыз деле пенсияда үйгө кирип-чыгып, китеп окуп, телевизор көргөндөн башка эмне менен алаксыырымды билбей, зеригип бүттүм. Дарыгерлер жетпей жатса, жаш врачтардын тажрыйбасы аз болсо, өмүр бою деле иштөөдөн качпаймын. Жок, иштетпесең, аялым экөөбүз Вашингтонго көчүп кетебиз. Профессор уулум ал жакка итабар жылдан бери чакырып атат” – деп, көктүгүнө таянган. Бир жагы врачтар таңкыс болсо, экинчиден ковид шаштысын алган баш дарыгер ооруканага аксакалдын кайра кайтуусуна ошентип, аргасыз көнгөн.

Чакырык боюнча медакадемиядагы тай кызы да таятасын тартты. Ал коркпой-үркпөй кып-кызыл болуп, күйүп турган оттун – “кызыл зонанын” ичине шуу кирип барды. Шыпылдап баскан чап жаак, көк ала чач, өңү-башы тунук, чийдей арык аксакал, врач кызынын өмүр менен ажал арбашкан майданга күтүүсүз киргенинен чоочуду. Диананын ал чечимин укканда:

– “Кара тумоо чеңгел салбасын”- деп, көпчүлүк үркүп, үйгө жашынды… Кылычтай курчтугуң менен боюңду отко таштабай, окууңду бүт! Анан оору менен арбашканга өмүр бою үлгүрөсүң, принцессам… Угуп атасың, “таажыгүлдү”  кантип тыярын билбей, дүйнөдөгү үлкөн окумуштуулардын да башы катты. Эми “экинчи толкун каптайт, мутацияланган таажыгүл чыкты”- дебатышат…Жаныңды тобокелге салбай, өз башымчалык кылбачы, эркетайым!

– Ата… Министр өзү баш болуп, мед.академияга келди да: “Силер бышкан кадрсыңар! Кана, патриот экениңерди эми далилдегиле! “Эл башына күн түшсө, эр жигит өтүгү менен суу ичет”. Кырк өрүм кыздар да жоо беттейт. Татаал жолдун башында жүрүп, окторулуп аккан кыяндан качпай, элди сактайт”- деп айтты.

– Министр силерге арга жоктон барды,кызым…

– Уксаңыз, ата. “Энелерибиз бизди “эл керегине жарасын”- деп төрөгөн. Силердей врачтын көмөгү мына азыр, аба менен суудай керек. Кана, кызыл зонага ким даяр?” – деп, бир катарга тизилген курсташтарыма жалдырады. Биринчи болуп, алдыга чыктым да: “Керегим тийсе, мен барам!” – дедим! “Көлөкөң да элге тийсин. Жан аябай, ак иште! Ооруну айыктыра бил” – деп, ар убак өзүң үйрөткөнсүң го, ата!

Абдраман тилинен жаңылганын эстеп, бырс күлдү. Сүйдүргү кызынын нар кескендей чечкиндүүлүгүнө сүйүндү. Бирок, кийин бармак тиштеп, күйүнүп калаарын туйган жок. Жемелеп –жаскамак оюнан айнып, Диананын көңүлүн чөгөрүүнү каалабады. Ага үндөбөй, кара тумоону тосууга оболу кам көрүлбөгөнүнө кейиди.” Кур дегенде кеселканалар камдуу турганда. Коргоочу кийим-кечек, тумоону тез  тактагыч лаборатория… Дары-дармек менен жасалма дем алдыргыч даяр болсо, кана? …

Кара тумоо адегенде күн чыгышты каптады,анан батышка чеңгел таштады. Баш-аякты жыйгыча кесел  өрттөй жайылып, Орусияга чөктү. Андан казактарга көчтү. Кийин биздин чек араны аттап өттү. Ага дейре биздикилер ооз ачып олтурушту… Илдеттүүлөрдүн туугандары таманы талкан болуп, туш-тарапка дары издеп чуркап, гепарин менен клексан көздөн учту. Чачтан көп киши айыкса да, өмүрүнөн айрылгандар күн кур эмес. Кеселканадан орун тийбей, үйдө жаткандары миң сан. Отуз жылда бир госпиталь курулбады.”

Атасынын минтип ойго батып, үндөбөй калганына кыздын шаштысы кетти.

– Ата, атаке!…Ойлонбочу, санаа тартпачы!.. Сыркоо батмандап келип, мыскалдап чыгат. Кара булут да көпкө турбас меймандыр. Билесиң го, мен эрежени бузбаймын. Жумушта тердеп-буулансам да коргоочу кийимди чечпеймин. Быякта бир эле мен эмес. Бишкектеги кыз-жигиттер, пенсиядагы апалар да ыктыярчы болуп… Ооруларга жүгүрүп, азык-түлүк, оокат ташып, кислород менен дары таап берип атышат.

Диананын кыраандыгына Абдрамандын жарпы жазылды. Соңку ирет телефон аркылуу:

-Садагаң кетейин, өз жаныңа да күйө жүрчү!– деп жалбарган.

Анткени менен жан дүйнөсү будуң-чаң. Ой үстүнө ой басат. Кыялында: “Ашыкпа, канышам! Оболу иштеп, машык. Доктурлукка астейдил канык… Пандемиясыз кадим турмуш болсо го, бир жөн. Кара тумоо – чоң-кичине, бай-кедей, депутат, же падыша, ырчы дебей, жыгып атса… Бүт дүйнөнү чөгөлөтүп атса… Ага каршы эмдөө табылса, илдет жоголоор”- деп, Диананын эртегисин эстеди…

Тун кызы чейрек кылым мурун, ушу тайы бир айлык кезинде туңгуч турмушунан ажыраган. Диана көз ачканда, ачыгы, күйөө баланын мойну бөбөккө  күбөлүк жаздырганга да жар бербеди.“Кыз төрөдүң!”- деп, келинчегин коркутуп, төрөтканага да барбай койду. Ошону колко туткан  билимсиз күйөө, ичкен сайын колуктусуна мыжыңдап, кыжыңдай берчү. Абдраман наристени өз ысмына жаздырган да: “Бак-таалайы Англиянын канышасын тартсын. Принцесса Диана болсун!” – деп, чүрпөнүн атын ырымдап койгон.

Ошентип, элеттеги тайларынын колунда чоңойгон кыз өз ата-апасын билбей өстү. Тайлары ага “ата, эне” болду. Кийин жакутка турмушка чыгып, жаңы орозгер күткөн улуу кызынын Диана менен иши жок. Күйөө баласынын да кайда экени белгисиз, сайда саны, кумда изи билинбейт. Кызын эстеп, кудум жаттан бетер, экөө тең  телефон чалып сурашпайт, же кат жазышпайт. Бөтөгөсүн бөртүп чыккан перзентине адам деген ушундай да таш боор, мерес болобу?

Абдраман менен жарым ай мурун баарлашканда, Диана:  “Бишкектеги жугуштуу  илдеттер ооруканасында  иштеп атам”- деген. Кийин күүгүмдө жол талашкан унаалардан буйтап өтүп, көчө жаңырта үн салып, учуп-күйүп бараткан “тез жардам” унаасында оорулууга асма укол сайып атканын кол телефондун көрмө тасмасынан көрсөткөн.

Эми желкесине кондуруп, колтугуна катып чоңойткон эрке тайынын үнү угулбаганга кыжалат: “Кантип атты экен?… Жумуштан алаксыбас үчүн балким, телефонун өчүргөндүр. Же соткасынын тогу түгөнгөндүр!” Ушинтип, ой жоруганы менен бүткүл дити сулуу тайкызында.

Топтой тоголок жерге “таажыгүл” деген кайдагы бир илешкеек илдет желимдей жабышты да, топтой тоголок жер менен чогуу утуру айланды. Киши баласы жаңы уккан кеселдин, көңүл айланткан жыттай тез таркаары күмөн санатты. “Кытайдан кесел баш көтөрүп, жер жүзүнө тараганына мына, ноябрда, жыл айланды. Оору анан  арапстандан да чыкты. Араптар ошондо чек арасын жаппады. Же, биздин ал жактагы элчибиз: “Коё тургула. Бул жактан  “таажыгүл”  чыкты!”- деп, кулак какпады. Ажыга барчулар ал жакка февралда узады. Ажылар мартта кайтып келишти эле, аларды обсервацияга жаткырбай, үй-үйлөрүнө коё беришти… Анан илдет жайылды. “Тажыгүл” оюнда жок кишилер вирус  капыс жугаарын, андан адам баласы боо-боо түшүп, кулаарын таңазарына алышпай, чакан автобустарда тыгылыш. Банкоматтардын алдында бири-бирине жабышып,  көчө-базарда беткапсыз жайнап жүрүшөт. Кеселканалар ноокастарга толуп, күн-түн күзөткөн дарыгерлерге да алгач беткаптан башка чүмкөмө кийим табылбады. Дарысы менен дем алдыруучу аппараты да тартыш болду.”

Ал ушундай ойлорго чарпылып турганда, бейтаптарды өзү тейлеген бөлмөдөгү керебеттердин бири кычырай түштү. Анда жаткан кеселмандардын бири кыр-шыр этип буулугуп, кыйналууга өттү. Тамагы кысылганбы, аба жетпеген сыркоо киши колдору менен алкым тушун тытмалап-тытмалап ийди. Абдраман ага эки аттап жетип, капарында эчтеме жок, өз жүзүндөгү беткапты жулуп ыргытты. Тигинин оозуна кебез коюп, ал аркылуу ооз -мурдуна дем бүрктү. Жүрөк-өпкө тушун укалап, оозуна кайра үйлөдү. Аңгыча медайым доктурдун кабинетинде калган жалгыз жаздыкчаны көтөрүп, жете келди. Абдраман шаша-буша жаздыкчанын оозун ачып, оорулууга аба жибертти. Оо кыйладан соң, илдеттүүнүн дем алуусу ордуна түштү. Ал бейтаптын сөөмөйүнө илинген секундомер тамырынын кагуусу менен өпкөсүндөгү кан айлануусу  токсон бешти көрсөткөндө, сүйүнгөнүнөн күлүп ийди. Бирок,  кубанычы көпкө узабады. Кечке жуук демигип, аптыккан кийинки кеселманга жаздыкчадагы аба жетпеди… Кан суюлтуучу үкөл жок, дагы биринин кан басымы ашты. Каны коюлганбы, жадесе тамырында үкөл да  жүрбөй койду.

Абдраман жазыксыз адамдардын жайран болгонуна, аларды сактай албаганына туталанды.Кымбат дарылар, кымбат жабдуулар толук турганда,минтип эч кимдин өмүрү үзүлмөк эмес. Ушуну ойлоп, ызасына чыдабай, жүзүнөн беткабын шак жулуп алып, үстөлдү бир муштады. Ичинен сүйлөндү. Бирок, арга жок. Баш врачка кислороддуу жаздыкчанын аз калганын, ага муктаждар агын суудай арты үзүлбөй, күндүр-түндүр утуру келип жатканын нечен ирет кулак каккан. Баш дарыгер: “Министрге саат сайын көйгөйдү айтып атам. Тим олтурганым жок. Бөлөктөр унчукпай иштеп атышат. Сиз эле баш оорута бересиз” – деп тырчып, айла жоктугуна шылтады. Анын айтымында байлар чет өлкөдөн жасалма дем алдыруучу концентратор сатып алууда, бөлөк ооруканаларда да кислород таңкыс, кан суюлткуч, кара тумоонун өпкө оорусуна каршы дарылар тартыш. Эми кандай дабаа табыш керек? Ооруканаларда орун жетишсиздиги арганы түгөтөөрдө күндүзгү бөлүмдөр ачылды. Эмне бар, эмне жок? Абдраман да  сыркоолордун туугандарына таза абалуу жаздыкча, же кислороддуу баллон даярдап турууну табыштоого аргасыз болду.

Күүгүм талаш  тулку-бою үшүп чыкты. Денесин калтырак-титирек басты. Бутунун учунан төбөсүнө дейре ысып, бара-бара оттой жанды. Көөдөн-жонуна кармап алгыс, же жулуп ыргыткыс бирдеме жабышкандай. Оозун алаканы менен калкалап, башкаларга сыр алдырбайын дегенине карабай, кургак жөтөл ыкшытты. Медайымдар менен бир аз тыңыган оорулуулар ага шектүү тигилди. Бөлмөлөрдөгү сыркоолордун кээсине асма үкөл сайылуу, кээсинин тамырына дары куюлууда. Дагы бири ысытмалап, чабалактап, онтоо менен убара. Беткабын жаңылап тагынып, аларга тиешелүү дары-дармегин бердиртти. Бейтаптар жеңилдешип, абал жанагыдан жайына түшкөндөй сезилди.Ошондо эс алчу  каанасына кирээр замат алсырады. Каалганы ичинен жаап, оронуп-чулганып керебетке сулады. Ысытмасын өлчөгөндө дене табы жогору экени айгине болду. Көл-шал тердеп, башы сокбилек тийгенден бетер катуу ооруду. Тамагы буулду… Коңшу дарыгерди чакырттырып, өпкө-жүрөгүн тыңшатты. Ноокастаган кишинин оозуна аба үйлөгөндө илдет жабышканын өзү да шектенген.

-Өпкөңүз эки жагынан тең пневмония. Сизге да жугуптур, агай!… Кан басымыңыз да ашык.

-Койчу…- деди кыйналганын жашырып.

-Чын, агай! Бачым  дарыланбасаңыз болбойт! – деди кошуна врач, жүрөк тыңшоочун мойнуна арта берип. Абдраманга аянычтуу тиктеп, аны ноокастаган дарыгерлердин тизмесине кошту.

-Мага илдет илеешкенин эч кимге угузба, макулбу? – деди Абдраман кийинип жатып. – Жан адам билбесин! Аялым да укпасын. Мен жакшымын, тазамын. Мына, эң сонун  дем алып атам! Көрдүңбү?… Менде оору жок – деп, тигини ишендиргиси келип, улгайган дарыгер  мурду менен терең дем алды. Кайра жайма-жай дем чыгарды.

Эми өзү утуру дары жутуп, тамырын кеңейтип, кан басымын түшүрөөр асма үкөл сайдырды. Бүткүл сөөктөрү кычырап-кучурап, сынып кетчүдөй болуп, курушса да, тиштенип чыдады. Онтотоор ооруну демитти. Жыт билбей, кулагы бүттү. Түнү бою эти от менен жалын болуп, жөөлүп, саамга эси ооду. Ичтейи ачылбай, үнсүз-тилсиз төрт күн жатты. Караңгы түндөн жарыкка чыккандай болгондо гана эсине келип, көзүн ачты. Кыйналганынын шек-шооратын эсинен танганда ийне сайган мээрман айымдарга да сыр алдырбады. Тамыр-киндигине утуру кан суюлтар ийне сайышты: “Бүттү, эми оорубайм!”- деп, бозойдон бетер ордунан шак ыргып туруп, кайраттанып, шегин жоготту. Телефон чалды. Көрмө тасмасын ачты. Бу жолу да Диана телефон күзгүдөн (вотсаптан)  көрүнбөдү,үнү угулбады. Жугуштуу оорулар бөлүмүнөн карыш жылбай, үйүндө жалгыз калган байбичесинен  студенткасынын кабарын сураштырды. Үйүнө бир жумадан бери каттай элек болчу. Беткап тагынганы болбосо, иш-жашоосу кара тумоого чалдыккандар менен аралаш. Илдет улам көп адамды кайсаганын уккан байбиче, адегенде байынын саламаттыгына кабатырланды:

-Этият болчу, атасы! Кеселмандан оолак тур! –

-Кыжалаттанба, алтыным!, – деди Абдраман жылмайып.- Бүгүн чүмкөмө кийимдерди алдык. Ал кайдан келиптир дебейсиңби?

– Кайсы жактан экен?

– Америкадан. Таңгактардын сыртында “USA, from mister Azamat Abdramanov –АКШ.Азамат Абдраманов мырзадан” деген  жазуу турат. Таңкыс дарылар да  укмуш көп экен… Көрсө, аларды түгөлү менен уулум  жөнөтүптүр!

– Башың көбөйгүр!.. Өзү аман бекен? Бизге бир ооз кабарлап койбогонун кара!

– Мейли. Таарынба ага. Жакшы иш бүтүргөн адам анысын айтпайт. Шардана да кылбайт…

– Оозу бек жагынан уулуң кудум өзүңдү тарткан да,байым!. Азаматтын белегин…Кур дегенде доктурлар билиштиби?

– Фамилиябызды окуп, баамдашкандыр. Бирок, сурашпады. Мен ооз ачпадым. Билгендер – өздөрү билсин, билбесе –  жок.Дары-дармектерди, жабдууларды түгөлү менен  оорулууларга  таратып беришти. Буюрса, ковид эми түбөлүк жок болот го!

-Сактагыч кийим-кечектер таратылса деле, телевизордон: “Кесел бастанча киши менен врачка чап салды. Алардын тигинчеси көз жумду”- дешип, үрөй учурушту! Бөлөк шаарларга жетпей атат окшойт.

-Ай эми… Биз, түгөл аман-эсенбиз, илдет эч кимибизге жуга элек. Чычканды төөдөй көргөн жел ооздор оозу менен орок оруп, элди дүрбөтөт. Алтыным, аларга кулак салба… Өзүң да көчөгө чыкпа. Түйшүк үстөкө-босток чырмады: ковид азая электе дагы төңкөрүш жасашты. Көчөгө чогулгандардын жанында турба. Тааныш-тунуштар менен учурашкың келсе, баш ийкеп саламдаш. Эмнени кармасаң, колуңду дароо самындап жуугун ээ, байбиче!?

– Өх-х…Төрт дубалдын ортосунда тажадым!…Сенсиз оокат өтпөйт, байым…Батыраак кайтчы эми!

– Эки апта чыдай тур. Обсервациянын  мөөнөтү бүтсүн. Сыркоолор көбөйгөндө, ишти  таштап кетсем, шылдың болом, алтыным!

-Ылайым кара тумоо ушу секунддан тарта жоголсун! Эч кимге жукпасын! Бейтаптар текирең таскак салып, ушу көз ирмемде  сакайсын!

-Тилегиңди берсин, байбиче! Орду толбос окуяга кейибейли. Андан көрө эрежелерди бузбасак, ошондо “таажы” азаяр. Баса, көп сүйлөп, мени  алаксытпачы!?

Байбиче  үшкүрүндү да:

-Күндө сүйлөшкөн принцессамдан да  жооп жок.

-Эмнеге антет, ыя, ал сүйдүргү? Деги аман эле болсунчу… Мен чалганда да: “Абоненттин телефону өчүрүлгөн” дебатат.

Абдраман санаасы тынчыбай, түн жарымда көрмө телефонун кайра жандырды. Тасмадан сыркоолор толтура жаткан бөлмө көрүндү. Ортодогу ак шейшепке чулганган орундан принцессасынын бети-башы урунду: өңү сумсайыңкы. Аны көрүп, Абдрамандын эси чыкты. Дароо өз ысытмасын унутту да:

– Таттуу кызым, сүйдүргүм?…Принцессам…Эмне болду? – деди аптыгып.

Диана:”Эч нерсе…”-дегендей баш чайкады. Жайдарылыгын карматып, күлүмсүрөдү да:

-Жакшы, ата! Сүйдүргүңдөн чоочуба! – деп, өзүн зордоп жылмайып, кол булгалады. Оорусунан сыр алдырууну каалабады.

-Анда эмне палатада жатасың? Кайсы ооруканадасың? –деди атасы жугуштуу илдеттен күмөнсүрөп: – Кырыңдан, же көмкөрөңдөн жат. Же, өйдө туруп, ары-бери бас, канышам!

-Сасык тумоо эле тийиптир, ата. Ковид эмес,- деди Диана илдет жукканын  жашырып.

-Дарегиңди айт, кызым?! Өзүм көрөйүн. Кирпик ирмемде жетип барам. Принцесса, кайдасың?

-Кой, ата, кереги жок. Түн бир убак болду. Өзүң да эс ал!… Мага жакындаба, жакын келбе! Керектүү укол –дарыны толук алдым… Баарыңар ары тургула! Кыйла сакайдым.

Диана таятасынын: “Телефонду сени караган доктурга берчи, ал-жайыңды сурайын”- дегенин укмаксанга салды. Жүрөгү мыкчылды. Калпыс тагдырды түкшүмөлдөгөндөн бетер кайырлашканга шашты:

-Ата, апама баш-көз болгун,ээ! Апам экөөң түгөнбөгөн суудай узак жаша, өмүрүңөр түгөнбөгөн жолдой узун болсун! Мени кечиргиле,ээ?…

– Кайдагыны айтасың, карагым! Антпе – е, канышам! – Ак жуумал, ай чырайлуу кызынын каны качкан кер сары ыраңын көрүп, ажалды ойлогон карт дарыгердин көзүнө жаш ирмелди.

Диананын кан басымы заматта ылдыйлады. Жүрөгүнө кан жетпей, соолуган гүлдөй шапайды. Жанында турган дарыгер анын  ооз-мурдуна жасалма дем алдыргычты кептеди. Бирок, жакпады окшойт, принцесса аны жүзүнөн ары түрттү. Көзү жумулуп,  башы бир жагына шылк этти. Колундагы телефону жерге түштү. Абдраман күлгүн курактагы сыркоолор деле бүк түшкөн бойдон кайра турбай калганын уккан.  Телефондун көрмө тасмасы  тартпай калганда сүйдүргүсүнөн айрылганын түшүндү…

Ал ноокастаганын жашыруу үчүн үйүнө таңкы үрөң-бараңда жалгыз барды. Үстүнөн спирт сыйпанган коргоочу кийимдерин, мээлей, беткабын да чечкен жок. “Көргөндөр “жумушта экен”- деп түшүнсүн, чоочубасын.” Бирок, беймаал барганына байбичеси күмөнсүрөбөй койбоду. Шаша-буша утурлай чыгып, аны тосуп алууга жүткүндү. Дарыгер калтыраганын сездиргиси келбей, зайыбын беш-алты метр жерден колу менен арачылап:

-Мага жолобо, алтыным!… Араак тур! Жугуштуу ооруну  дарылап атканымды  билесиң го! Азырынча кол алышпай коё туралы ээ, садагам? Ме, мобуну тагынчы! – деди ага жакындабай. Жүзүн тетири буруп, уучу толо беткапты жубайына араң узатты. Тай кызынын дайынын айтууга тили барбай, чыдай албады. Оо бир кезде кармана албай, жаш ойноктогон көзүн ала качты да:

-Кайрат кыл, байбиче? – деди  муңканып.

-Эмне дейт?

-Диана… Принцессадан ажырадык… Сүйдүргүм ай, сүйдүргүм!.. Күйдүрдүң го, алтын кызым!.. Шордоттуң го, канышам! Кантейин ай,кантейин?..Айлам жок, аргам жок!

Ушуну уккан байбичеси чыңырган бойдон жүгүрүп келип, анын ак желек коргоочу кийимчен боюна  урунду. Ботодой боздоп, аргасыздан өмүрлөшүнүн көкүрөгүн муштуму менен ургулады:

-Кантип сактай албадың? Оо, жүздөн ашкыр, бул эмне кылганың?.. Өз колум менен турмушка атказсам болбойт беле, ботом? Оо, каралдым? Кайда кеттиң, жан кызым!..

Байбиче  кошок кошуп, күйүтүнө чыдабай зар какшайт. Муңдуу ыйы муун-жүүндү бошотуп, сай-сөөктү сыздатат. Абдраман мөлтүр жашын байкатпай, улам аарчып, коңшу-колоңдорун чакырып, короого боз үй тиктирип жүрдү. “Батага келчүлөргө чачкыла!”-деп, кызмат кылган балдарга беткап менен антисептик суюктугун камдатты.

Тайкызынын сөөгүн баш-ооздору жабык,  жылтыраган чүмкөмө оронгон  адамдар таңга жуук көтөрүп келишти. Табытты ээн, боз үйгө алып киришти. Абдраман ага эч кимди жолотподу. Жетимиш тамыр-сөөгү сыздап, буулукту. “Ансыз деле илдет чап салганда кызымдын дарты мага жукса, жуксун! Өмүр бою арманда калбайын! Жүзүн көрөйүн! Балакатка жеткен бойдон көзү ачык кеткен эркем ай, сүйдүргүм ай!.. Бир гүлүң ачыла электе… “Кызыл  аймакка” кирбей койсоң, эмне? Ордуңа мени жибербейт белең! Аттиң ай, аттиң ай!”- деп,ичинен өксүдү. Баштан аяк жылтырак кагазга оролгон кызынын бетин ачты да, Диананын тоңуп калган муздак жүзүн өпкүлөдү. Байбичесин эки аялга эки колтугунан кош колдотуп карматтырды. Боз үйдүн босогосуна жакындатып, ага тай кызынын бети-башын ыраактан көрсөттүрдү…

Арадан жарым айдай убакыт өткөндө Абдраман илдеттен толук айыкты. Кызынан айрылгандан бери зоокусу эчтемеге чаппай, сабыры суз. Ооруканага чакыртканынан барса, башкы дарыгер менен вице-премьер-министр күтүп олтуруптур. Вице-премьер ага кенемте тапшырганы келген экен. Ал:

– Өкмөттүн атынан көңүл айтабыз, агай! Патриот кызды чоңойткон сизге таазим – деди да, акча толтура  баштыкты  карт дарыгер жакка жылдырды. – Бул өкмөттүн  кенемтеси, байке!. Башта өкмөт чечкендей кызыңызга миллион сом, өзүңүзгө эки жүз миң…

Абдраман баштыкка караган  жок. Ал аңгыча башкы врач шыпылдай ооруган дарыгерлердин ысымдары жазылган тизмелүү барактарды сунуп, ага калемсап узатты:

-Мобу жерге кол коё салыңыз.

Карт дарыгер кайдыгер түрдө, тескери бурулду:

-Кызым эми, баштагыдай эле кенемтеге муктаж эмес. Мага да кереги жок. Ыракмат, силерге! –деди да кетүүгө ордунан обдулду.

Вице-премьер:

-Коюңузчу, байке.. Компенсация жабырлануучулардын бардыгына эле жетпей жатат.Мен ошону тапшырганы атайын келдим. Тиги борбордо умтулуп-жулунгандарга да тиелек… Баатыр студентканы тарбиялап, окуттуңуз. Ага нечен чыгым сарптадыңыз.

– Уул-кызымды чыгым тарттырганга окуткан эмесмин!

Кепке башкы дарыгер аралашты:

– Маянаңыз деле, пенсияңыз да өп-чап. Балким, буга жаңы батир сатып алаарсыз. Же, жеңем экөөң чет өлкөгө саякаттап, эс алаарсыз.

Абдраман башкы врачтын кебин уккусу келбей, баш чайкады.  Өлкөдөгү эсепсиз көйгөй, калктын элдир-селдир жашоосу көңүлүн көк наардай уулап, тынчын алып жүргөн. “Мамлекет бүлүнүп турат. “Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба.” Мен кенемтеге жетейин, батир өндүрөйүн – деп, ишке кайра кирген эмесмин”- деди кыялында. Вице-премьерге карап, эски батирине эле канаат кылаарын, ичин өйүп келаткан ойлорун ортого салды:

-Байбичем экөөбүздүн бешенеге жазган ырыскыбыз  бар. Бийликке суусаган төрөлөргө  кайтаралы, өкмөт айым!

-Кайсы дараметке жашайсыз, анан?

-Ал жагынан кам санабаңыз…Кара тумоо ажыдаардай уулап атканда кызмат талашпагыла. Кырды бычак болуп, бийлик бөлүштүрүп, ит-мышыктай тытышпагыла…Ансыз деле өлкө баш-аягын таппай турат: жаштар  талаалап, илдет кычап, “таажыгүлдөн” күн сайын адам өлүп атат… Бир жактан чет эл карызы өйдө каратпай, муунтуп атса…Күйгөндөн айтам бир сабак… Өндүрүштү иштеткиле. Ар беш жылда шайлоонун шылтоосу менен утуру баш аламандык, төңкөрүш… Ак үйдү өрттөмөй, талап-тономой, кеңселерди талкаламай, майлуу жерди басып алмай… Өз калкына мындай кайдигерлик кылган, өлкө байлыгын кымтыган чиновниктер бизден башка эч жерде жоктур. Барга топук кылып, букаранын кочуштап тапкан ырыскысын улам чача бербей, тынч жашасак, береке кошулат эле. Киреше суудай агаар өндүрүш эмес,чоңдору менен  базарлар, менчик аптекалар менен бекерчилер, анан мечиттер көбөйдү. Ушундай жапайылык,  ысырапкерчилик бутту тушайт да.

Вице-премьер үнсүз баш ийкеди, Токпейил түрдө:

-Эми… Өнөр жай, экономикалык  чарба менде эмес, агай! Мен социалдык маселеге  жооптуумун! Биздин  тармакта  жылыш  жакшы – деди, канааттанган тейде. Сөздү узартууну каалабады.

– Ал го, белгилүү…Деген менен мекен тагдырына сиз деле кайдыгер эмессиз да. Утуру четтен карыз аласыңар, бул жагы да опурталдуу. Интернет турган соң, бюрократтарды көбөйтпөй, президентпи, өкмөтпү, парламентпи, баарын электрондук добуш менен  тандаса… Азыр эл, башчылардын түздөн түз башкаруусуна муктаж эмес. Ар ким өз жумушун так билет. Шайлоого жумшалчу миллиарддаган акчаны ковидге сарптабайсыңарбы! Калкты сактабайсыңарбы! Бюджет деген жылкынын учасы менен майлуу жилик, чучук, казы-картасын Ак үйдөгүлөргө бөлөсүңөр да, сөөгү менен улпак, туяк-терисин калың элге себелейсиңер. Бөлкөнтайдын ирдүүсүн коопсуздукка үлөштүргүлө да. Элге байгер жашоо берип, ден соолукту чыңдабайбы! Тынчтыкты сактабайбы да, чиновниктерин азайтпайбы!..

Бу жолу вице-премьер көз айнегин сүртүмүш болуп,  үндөбөдү. Анын ордуна башкы врач чыйпылыктап, Абдраманды тыйганга шашты:

– Биздин жумуш элди дарылаш, байке! Андан бөлөгүнө баш оорутпайлы! Өкмөт айым башка жерлерди да кыдырышы керек, убакыты аз.

– Мен сага эмес, өкмөткө айтып атам. Ак үйдөгүлөр биз менен  күн сайын  эле сүйлөшө бербейт. Алар силердей баштыктар менен баарлашат. Ошолорго айта барсын! Экономикалык каатчылык дейсиңер да, министрлер  жүз элүү – эки жүз миңдеп айлык алсаңар… Президентпи, депутатпы, өкмөтпү, айтор бүт жетекчилер беш-алты жыл бою карапайымдар менен тең маянага иштесеңер, ошондо тең укуктуулук, үнөм болот. Үнөмдөлгөн акчаны карызга, ден-соолук менен билимге сарптаса…

– Туура, – деди вице. – “Бай билгенди кул билет, кылайын десе, арга жок”…

Башкы врач нааразы тейде күңкүлдөдү:

– Азыр арай көз чарай, акылдашаар кез эмес. Өтө эле саясатчы болуп кеттиңиз, агай. Саясат курсак тойгузбайт.

– Кечиресиң, кул гана курсагын ойлойт. Өзүм үчүн эмес, келечек менен өзгөлөргө күйгөнүмдөн убактыңды алдым. Былтыркы чилдеге чейин эле коргоочу кийим менен эң зарыл дарылар камдалганда миңден ашык киши бөөдө көз жумбайт болчу.

–  Бирок, илдет  азаюуда. Сакайган адамдарга да шүгүр…

– Биздин купул ага толбойт. Калк бар үчүн силер, элдин төбөсүндө олтурасыңар. Демек, калктын камын көргүлө да, утуру  шайлоо кылып, ызы-чуу сала бербей!– деди Абдраман жай гана. – Айлык-пенсияны да четтен алган насыядан төлөп атасыңар. Кара тумоодон кыйналып, айрымдары жан кыйган бечаралар менен иши болбой, будуң-чаң салып, элди ойлобогон саясатчылар кайда жүткүнөт? Колдогу байлык таланып-тонолду, уурдалып атат. Талкаланган фармзаводду, химзоотту, бут кийим жана тигүү фабрикаларын, кислород заводду… Кайра курап, жасалма дем алгыч, коргонуучу кийим чыгарса… Булар кур дегенде саламаттыкка  керек эле… Макул…  Бизге аталган  кенемтеге  дары, же кислород сатып алгыла! Кенемтеңди  жөн эле кой, алып кете бер, өкмөт кызым…Атыңдын башын убара тартып, мен жакка бурганыңа  ыракмат!

– Кызыксыз го, байке!… Кайра ойлонуп көрүңүз. Кенемте сиздин акыңыз. – Шаабайы сууган вице Ак үйдүн кожоюндары үчүн уялып, Абдрамандын акылын жоктой албады.

Түшкө жуук короо алдында чоочун караан пайда болду. Ал уруксатсыз, же, салам айтпай, кабагы бүркөө кирип келди. Абдраман менен байбиченин жүзүнө тик карай албай, көздөрүн ала качты.  Как жерге олтура калды да, жүзүн күнбатышка каратып, Диананын атын угуза күбүрөп, кыздын арбагына атап, куран окуп, бата кылды. Абдраман  башына кирдеген селде чалынган, көөдөй кап-кара сакал-муруту  көөдөнүнө түшкөн, боз көйнөк, боз ыштан жүдөө, арык  кишини адегенде тааныган жок. Бир топто барып, келгиндин качаңкы бир күйөө бала экендигин үнүнөн болжоду. Бейтааныш киши каш карагайганча короодон ары жылган жок. Жарымы жүктүү, кирдеген кабын көтөрүнүп, сүйлөөгө батынбай, үн-сөзсүз ары басат, бери басат. Же келген жайын бачым айтпайт.

-Байке,- деди ал бир кезде Абдраманга. – Эң мурун сураштырганы ооруканага бардым. Ал жерден карматышпады. Кыргызда: “Ээси келсе, бээсин бер!”- дейт.

– Ай, ал эмне дегениң? Эмне тууралуу айтып жатасың?  Кайдагы бээ?..- Карт дарыгер кепти атайын чаргытты.

– Алмактын бермеги бар…

Абдраман бирөөдөн сокур тыйын албаган. Андай жорук ага жат:

-Байбиче, бу киши бизге бээ калтырган болсо,  кайтаралы? – деди жубайына күлүмсүрөй карап.  – Бизге качан, канча бээ бергени эсиңде барбы?

– Ай жок, андай эмес – деп, чоочун неме үй ээсинин тамашасына тырчый, байбичеден озуна кобурады. – Мен Өкмөттөн ковидден каза тапкандарга таркатылган кенемтени  эстеп атам. Диана менин канымдан жаралган! Ал төрөлгөндө анын күбөлүгүнө  менин фамилиямды жаздырткансыңар. Так что, анын өзү жок…Атасы мен болгондон кийин ага бөлүнгөн  кенемтени мен алышым керек да!

Абдраман тай кызынын  фамилиясын ушул саатта ойлогон эмес. Ал: “Ээ, ич бурооң быякта тура!” – деп ой жүгүрткөнү менен унчукпады. Селдечен кабынын оозун ачып:

-Ага сиздин тиешеңиз жок. Кызымдын эти силердики, сөөгү меники… Андай болгондон кийин кенемте да меники. Мен ошону алганы кайрылдым.

Байбиче чыдабай кетти. Колун “ары бар” дегендей ишаара кылды:

-Дианам бөбөк кезинде, колуңа бир албай… Буламык сатып бергенге да жараган жоксуң. Жыйырма бешке чыккыча бир кабар албай, эми кызым дейсиң да!..

Күйөө бала жооптон тайсалдап, док уруна  кепти башкага бурду:

– Кызыңар диникайырга тийип кеткен.

Байбичеге бул сөз оор тийди. Ал жаалдана түштү да:

– Мусулман  сен, анын кадырына жетпесең… Кызга кырк чырак… Сен чанган кызым башканы сүйдү, бактысын тапты.  Ардактап карабаса – аял, бакпаса – мал кетет… Эскини эстеп-жектеген кокуй, бу акыбалыңда үй-жай, бала-чакаң деле жок көрүнөт!..

Күйөө бала дагы тескери сүйлөп, такмазалады:

– Анда ашкан бай экенсиңер да…

– Пейили ток киши түбөлүккө бай болот… Бекер оокатка үйүр албайт. Ылайым садака, кенемтеге күн түшпөсүн. Ага кол тийгизбей, келген күнү эле ээсине кайтарганбыз.

– Ээси?..  Менден башка ээси ким?

– Эл…Өкүмөт…

– Эй… Ал эмне кылганыңар? – Селдечен ордунан атып турду да, үтүрөңдөп: – Менден бир ооз сурабай, силер эмне чечесиңер? Какжыраган тепшидей эски батирде отурасыңар да… Тай кызыңардын  кырк күндүк, жылдык, айт майрамдары эмеле келет. Ырым-жырымы, салт-санаасы бар…

-Ал жагына ойлонбо! Канышамдын арбагын  нааразы кылаар биз эмес. Дианамдын каадасын жасоого кудуретибиз жетет. Азамат жөнөткөн тыйын-тыпырдан үнөмдөп, чогултканыбыз бар!

– А мен карызга баттым, насыяны  төлөөргө тыйыным жок…  Кредитти кенемте менен жабам дегем…

– Күркүрөгөн күчүң, айбаттуу үнүң  бар туруп, кантип  карыз  алдың?…

– Ээ,эл-жер кыдырып, динге үгүттөп…

– Иштебей, талаа кезсең, оокат асмандан түшпөйт. “Кудайга ишен! Бирок, өзүң да карап турба!” Темир канат балдар деле араба сүйрөп, нан таап, кайыр сурабай, он лайн окуп атат! Күнүң карыз, садакага калгыдай, мунжу эмес экенсиң…

– Ээ, силер эмнени билесиңер?.. Асмандан түшкөн олжону  жок кылган бузукулар – деди, кызыраңдаган  жат киши. Акыры пейили ток үй-бүлөдөн кенемте өнбөй турганына көзү жетти да, андан үмүт үздү. Кабын ийнине артып, мечитте түнөөнү ойлоп, жолго түштү.

Абдраман таң эрте көчө аралап баратып, жумушуна жер төлө аркылуу өтүүнү чечти. Ызгырым убак. Анча жарык түшө элек жер төлөнүн баш-этегинде, сырттагы ар кайсы көчөлөрдө майып-кайырчылар жүрүшөт. Кээ бирлери түртмө арабада олтурат. Башкалары тепкичтерге, же сыз жерге жайдак олтурушкан. Арабча музыканы жаңыртып, тыйын –тыпыр таштоого ыңгайлаштырып, бош кутуларды жанына коюп алгандары да бар. Бүк түшүп, бети-башын жүн баскандар да кезигет. Баласын бооруна тартып, башын жерге салган келин да, анын жанындагы тогуз-он жашар ойноок кыздар да өйдө-төмөн өткөндөргө алакан сунуп, кайыр-садака сурашат. Дагы бири: “Бир тууганымдын боорун алмаштырат элек. Операция Индияда жасалат. Ага 30-40 миң доллар керек. Боордоштор ылаажы болсо, жардам бергиле! Сообу силерге тийсин!” – деп,  боздоп –сыздап атат.

Кылкылдаган көпчүлүк менен аралашып, тилемчилердин тушунан өтүп бараткан Абдраман алардын тагдырына айыптуудан бетер кайырчылардан көзүн ала качты. Боору ооруду: “Буларды жалдыратып, ар кимден садака суратпай, Өкмөт кенемтени ушундай бей-бечара,оору-сыркоо, майыптарга бергенде!.. Акчасын кайда жумшаарын билбей, шайлоо менен төңкөрүшкө сарптаган көпөстөр… Байлар менен бизнесмендердин боору кара тумоо жуккандарга оорур бекен? Күркүлдөрдөй миллиондогон акчам болсо, ушу бей-бечараларга таркатат элем” – деп ойлоду. Чөнтөгүндө болгон акчасын калтырбай, кайырчылардын колдоруна карматты. Кыялында боорун алмаштырчу жигитти кантип сакайтып алуунун жол-жобосун издеп баратты.

About the author

Жазуучулар Союзу