Тагдыр бурганагы
(аңгеме)
Өмүрүндө биринчи жолу сапарга аттанды, болгондо да тээ алыска – океандын нары жагындагы Турцияга. Балдарынын бири каршы чыкса, бири айла жок гана макул болгондой тариз көрсөткөндүктөн бир чечимге келиши оорго турду. Карыганда ал жакта эмне бар деп жактырбай мурун чүйрүгөн туугандары да болбой койгон жок. Бирок муну ушул саам, ушул мүнөт эч кимдин ою, пикири кызыктырбайт болчу. Тек гана алыска кеткиси келди. Жер көрүп, эл тааныгысы келди. Жалданма жумушчу болоруна да кайыл эле. Ушул жашка келгени өзү каалагандай жашабаптыр, өз кызыкчылыгын ойлобоптур. Тек гана үй бүлө үчүн, балдары үчүн башын сайып койгон. Эми минтип баарына кол шилтеди да самолётто кетип баратты. Булут жиреген учактан жер алаканга салгандай көрүнөт. Тигине айылдар, кыркалекей тарткан тоолор, а тээтиги – көл окшойт. Мунун баары көз ирмемчелик убакытта булутка сиңип көрүнбөй калды. Улам бийиктеген сайын жүрөгү опкоолжуп, көңүлү ооруп чыкты. Карегине жаш топтолду. Көз алдына уул-кызы, неберелери тартылды. Дагы деле кол булгалап турушкандай… Артка кайткысы келди. Бирок, эми баары кеч. Эң аз дегенде бир ай, болбосо жылдап аларды көрбөйт. Буга дейре алыска сапарга чыгам деп түк ойлогон эмес. Турцияны кой тиги турган Ош-Жалал Абадды, катуу кыйкырса үнү жетчүдөй аралыктагы Таласты, жадакалса көлдү деле жарытылуу көргөн жок. Бир курдай кудага бара жатып чалкып жаткан көлдү тээ алыстан суктана караган. Керемет сезилген. Жүрөгү элеп-желеп болуп бир башкача делөөрүгөн. Унаадан секире түшүп, көлгө боюн таштагысы келген. Бирок, жанындагылардан тартынгандан гана сезимин сыртка чыгарган эмес. Көп нерседен тартынчу. Курбу-курдаштары эс алып келгендерин айтышканда, тиги жайлоо, бул жайлоо, тиги курорт, бул курорт деп мактана сүйлөшүп калышканда унчукпай кутулчу. Же, тек гана “ээ, жайлоону мен көргөнчөлүк эч ким көргөн жок го”деп тамашалап коймою бар эле. Минтип айтканына да себеп бар. Жаш кезинде жолдошу колхоздун коюн кайтарчу. Документте ал чабан, бул койчу деп катталышкан. Колхоздун түмөндөгөн коюн кайтарып, жайлоодон-жайлоо которуп канча жылдап жүрүштү. Кышкы ызгаар, жайкы аптап… Биринин артынан бири төрөлгөн уулдары. Карышкырга жардырып жиберген канчалаган койлор. Ээн талаадагы сарайда эмчектеги баласы менен жалгыз калган күндөр. Уулуп-уңшуган карышкырларды көздөй коркконуна карабай мылтык көтөрө жүгүргөн түндөр… Алигиче, баары көз алдында. Кечээ гана болуп өткөндөй. Кезинде билинбегени менен ошол мезгил, ошол күндөр жашоосундагы эң бактылуу учурлары окшобойбу. Ошол күндөрдө чарчадым дечү. Тажадым дечү. Ушинтип эле кой артынан калабызбы деп далай көз жаш төкчү. Көрсө…
- Эже, бир жериңиз ооруп турабы? Стюардессаны чакырайынбы?
Жанынан орун алган жаш келиндин үнүнөн селт этти.
- Жок, жок… Рахмат…Баары жакшы…
Ойдун кучагында отуруп, салаалап аккан көз жашы жүзү ылдый куюлуп жатканын деле этибар алган эмес тура.
- Учакка биринчи жолу отурдум. Ошого гана бир аз опкоолжуп турат окшойм, – деди жашын сүртүп.
Тагдырына жазган ар бир кыйынчылыкты жан адамга билдирбей, эч кимге даттанбай көтөрдү. Жадакалса жолдошуна да, балдарына да көз жашын көрсөтчү эмес. Ооруганын да жашырып коёр эле. Эми, минтип бейтааныш бирөөгө көз жашын көрсөтүп алганына кыжаалат боло түштү көрүнөт.
– Эс алууга баратасызбы?
- И-йи.., – деди баш ийкеп.
Кайдагы эс алуу дегиси келди. Эс алуу деген эмне экенин деле билбейм деп ымандай сырын айткысы келди. Бирок… Мунун эс алууну билбей көр оокат деп тытынганына, кара жанын карч урганына ким күнөөлүү эле? Катар-катар төрөлгөн кыз-уулдарыбы? Эртелеп төшөк тартып жатып калган жолдошубу? Маңдайына ушундай тагдырды жазып койгон Жараткан бир Кудайбы? Ким?! Ким?! Кээде ушундай суроолорду өзүнө өзү берип алып жообун таппай карайлап калмайы бар. Ошондой маалда эч ким көрбөгөн, эч кимдин үнү жетпеген ээн талаа, эрме чөлгө барып үнүнүн бардыгынча кыйкырып алгысы келчү. Бирок… Өз көңүлүн өзү көтөрүп, бардыгына тобо кылганга үйрөндү. Чүрпөлөрүнүн амандыгын тиледи. Өмүрлүк жубайы бутуна туруп кетер деп кыялданчу. Жараткандан суранчу. Өх-х! Үшкүрүп алды… Мейли, жаш кезинде бала түйшүгү деп эс албаптыр. Мейли, жолдошу төшөк тартып жыйырма жылдап жатып калганында эс ала албаптыр. А азырчы?! Азыр ким күнөөлүү?! Жаш кезинен тытынган жашоого көнүп калгандыктын кесепетиби?! Али күнчө балдарын аягандыктанбы?! Өз тапкандары өздөрүнө буйрусун деген мамилеби?! Балдары биринин артынан бири чоңоюп, эр жетип, үй бүлө күтүп, очор-бачар болуп калышты го. Жалгыз кызынын деле жашоосу начар эмес. Кудайга тобо деш керек. Бирок, негедир аларга жүгүн арта алган жок. Апа, эс алыңыз дегендерин уккан жок. Эми, минтип бөлөк эл, бөтөн жерге да иштегенге баратат.
– Эс алганы баратсаңыз аябай жакшы экен… Эл таанып, жер көрүп келет экенсиз да. А мен иштегенге баратам. Эжем тосуп алат. Анын кеткенине эки жылдан ашты. Айлыгы жакшы экен. Жаштыгыңды бекер өткөрбөй акча тап дейт.
- И-йи.., – деди дагы.
Башка эмне демек? Менин да уул-кызым мигрант болушкан. Алар да акча табуунун айласы менен Оруссияда жүрүштү, эми минтип мен да жолго чыктым дейби? Кызык… Муну эч ким акча тап деп, каражат керек деп кыйнаган жок го. Анан эмнеге алыска аттанды?! Эс алып келиңиз деген уулдарына караманча каршы болчу. Үйүнөн чыгар замат кайрадан артка шашчу. Башка үйгө түнөгөндү жактырчу эмес. Жадакалса бир туугандарыныкына да бир күндөн ашык жүрө алчу эмес. Эми минтип тээ алыска, кайнаса каны кошулбаган бөтөн эл, бөтөн жерге кетип баратат…
ХХ ХХ
Буюрса, сапары жолдуу болду. Карыган апасын карап отурганга киши издеп жаткан бир үй бүлөгө туш болуп, өзү каалагандай жумуш таап алганына курсант боло сүйүндү. Айлык маянасы деле жаман эмес экен. Жыйырма жылдап төшөк тартып жатып калган жолдошун бапестеп карап көнүп деле калбады беле… Карып калганына карабай өзү басып, өзү оокат кылууга жараган бул кемпирди багуу алда канча жеңил болсо керек. Мындай жумушту оңой-олтоң таап алганына бир чети кубанса, бир чети таң калды. Карыган апасын өздөрү карагандан качып, тааныбаган, улуту бөлөк бир аялга минтип тапшырып койгондору эмнеси… Ушуга таң калды, ушуга ичи күйдү. Ушундай карылыктан коркту. Уул-келин, кыз-кыркыны анда-санда келип акча-тыйын, тамак-аш таштап кеткендери болбосо бул байбиченин аларга кереги деле жоктой.
Байбиче өтө таза, тыкан, жумшак сүйлөгөн, кичипейил жан экен. Бири-биринин тилин түшүнүшпөссө да тез эле ылым санашып кетишти. Кемпирдин эмне каалап турганын жаземдебей түшүнгөнгө да үйрөнүп алды. Эң кызыгы бул байбичени эзелтен бери таанып-билип жүргөндөй кабылдаганы болду. Кээ бир мамилесин, баскан-турганын апасына да окшоштуруп алат. Апасы демекчи… Ал тээ качан эле ээсине кеткен. Андан бери канча жолу мезгил алмашып, канча суулар акты. Эми минтип өзү да ошондогу апасынын курагына жетип калыптыр. Аттиң десең! Убакыт учкан куштай деген чын белем… Апасы эсине түшкөндө сөзсүз бир окуя кылт эте калат. Ошондогу лөлү аял тагдырын бурмалап кеткендей, ал болбосо жолдошу жыйырма жылдап төшөк тартып кыйналбачудай элестетет. Жашоосундагы көп кыйынчылыктарды, кыйчалыштарды ошол лөлүдөн көрүп, кээде жек да көрүп кетет.
Анда жети-сегиз жашар кези болсо керек. Так жашы эсинде жок. Айыл аралап, үймө-үй кыдырып лөлүлөр келишчү. Бир курдай ошол лөлү аялдын бири булардын үйүнө кайрылып, адатынча кайыр-садага сурады. Апасы андайда сөзсүз түрдө нан алып чыгып берер эле. Согуштан кайтпай калган жолдошуна сообу тийсин деген ниетте бата тилечү. Берген нанын жөн гана алып баса бербей тиги аял акысына төлгө салып берем деп калды. Апасы алгач көнгөн жок. Ой-боюна койбой бир нерселерди жебиреп айтып жатты. Кичинекей кыз эмнени түшүнмөк? Аларды таң кала карап тура берди. Бир маалда кызыңа да төлгө салып берем деп калды көрүнөт, апасы жок, кереги жок, кеткиле дегенине карабай буларды айтты. “Турмушка эрте чыгат. Катар-катар үч уулду болот. Төртүнчүсү кыз болот. Ошондон кийин үй бүлөнү чоң кырсык күтүп турат.” Таң калганы буга чейинки айтылган сөздөргө түшүнбөсө да, өзүнө карата айтылган ар бир сөз аликүнчө кулагында жаңырып турат. Ошондогу лөлү бир эле жерден жаңылыш айтыптыр. Үч уул эмес, төрт уулду болду. Андан соң кызы төрөлдү. Кызы бирге чыккан жылы кырсык болду. Демейде атчан жүрчү жолдошу ошол күнү бир досу менен айылга жөө жөнөйт. Жакын калганда арттан келе жаткан тракторго кол көтөрүп токтотот да, бир кишилик кабинкага экөө бирдей отурат. Бир аз жүргөн соң, кырсык басып трактор жолдон ала салып кетет. Айдоочу гана соо калат да, эки жолоочу ооруканага түшөт. Өмүрлүк жолдошу ошол каргашалуу авариядан оор жаракат алат. Даба издеп жатпаган оорукана, ичпеген дары, сайынбаган укол, барбаган табып деле калган жок окшойт. Канчалаган аракеттер текке кетти. Алгач басып кетем деген ой менен бардыгына макул болгон жолдошу бара-бара майнап чыкпасына көзү жетип биротоло өзүн таштап салды…
ХХ ХХ
Бара-бара түрк тилин өздөштүрүп алды. Тил үйрөнгөнү байбиче менен ээн-эркин сүйлөшөт, сырдашып да алат. Көптү көрүп, көптү билген акылдуу аял экен. Абышкасы кечээ жакында эле каза болуп, кичүү уулунун колунда калыптыр. Келини экөө батышпай калгандыктан, акыры минтип өзүнчө бөлүп коюшкан экен. Башка уул-кыздары деле батырбай койгондорун айтпаса деле түшүнүктүү болуп турбайбы. Акырын басып, жай сүйлөгөн, өз боюна таза, тыкан бул байбичени уул-келиндери, кыз-кыркыны неге өздөрү карап, өздөрү бапестеп, сыйлап, барктап албай минтип улуту бөлөк бирөөнү жалдап каратып койгондору бул үчүн табышмак.
Жуманын бир күнү эс алууга чыгат. Ар эс алганында шаар кыдырып, дүкөн аралап, кафеге кирип бир аз да болсо өз көңүлүн өзү көтөрөт. Болбосо, тээ алыста калган кыз-күйөөсүн, уул-келиндерин кантип жатышты болду экен деген санаа жеп, неберелерин сагынгандан бук болуп, ыйлай бергиси келет. Дагы жакшы, бир кездегидей болуп кат күтүп, жол карабай, телефон дегендин чыгып калганына каниет кылат. Убактысы болор менен улам бирине кезек менен видео чалуу кылып, жанында тургандай сүйлөшүп, бир аз да болсо сагынычын таратып, черин жазып алат. Колуна акча тийери менен уул-кызына да жибергенге ашыгат. Алардын өзүңүздүн керегигиңизге жаратыңыз дегенине көнбөй койду. Кантип жалгыз өзүнө кетирсин? Өмүр бою бала деп жашап, алардын кем-карчын, келечегин ойлоп, баары жайында болсо экен, эң башкысы кыйналышпасса экен деген тилек менен жашап келе жатпайбы. Андан калса жолдошу төшөк тартып калган кезден кыз-уулдары да оор сыноону баштан өткөрүштү. Балтыр эттери ката электен түйшүк тартып, кыйынчылыкты өз жондору менен сезишти. Эх-х десең! Тагдырың башка салса көтөрбөскө айла барбы?! Адам баласы ит жандуу болот экен да. Баарын көтөрүп, баарына чыдайт турбайбы… Эми минтип ал убак артта калса да эсинен кеткис болуп жазылып калды. Негедир ошондогу кыйынчылыктарга өзүн күнөөлүү сезип кетет. Жалаң гана түйшүк, оокат деп жүрүп балдарын жарытылуу эркелете албаптыр. Ошонун эсесин эми да болсо чыгаргысы келет. Эми да болсо жардам бергиси келет…
Адатынча эс алуу күнү бир ашканага баш багып калды. Тамагын ичип бүтүп, терезеден сыртты телмире тиктеп ойго батып кетиптир.
– Жаныңызга отурсам болобу? – деген үндөн селт этти. Өз тилинде кайрылган бейтаанышка жылмая карады.
– Албетте болот!
- Сиздин кыргыз экениңизди дароо билдим. Жакында эле келгем бул жакка. Негизи, Турцияда кыргыздар көп эле окшойбуз. Көчөгө чыгарым менен мекендештерден сөзсүз жолуктурам. Ар бирин өз бир тууганымдай жакшы көрөм. Ии баса, атым – Кенже.., – деп колун сунду.
Тили тилине тийбей көп сүйлөгөн, ачык-айрым, улутташым дегенде ичкен ашын таштаган жаш келин экен. Бир заматта өмүр баянын айтып, мунукун да сурап жетишти. Кошуна айылдан экенин билгенде чындап бир тууганын тапкандай кубанып, тура калып кучактап, бетинен өөп-өөп алды. Жаңы таанышынын кайсы жерден экенин угары менен башынан өткөн ары катаал, ары ызалуу, ошол эле мезгилде тагдырына ыраазы кылган бир окуя көз алдына тартылды. Анда отуздан жаңы ашып, уулдары катар төрөлүп, алардын убарасы менен жүргөн мезгил. Ошондой күндөрдүн биринде айылдаш бир адамдан өзү жөнүндө кеп угуп калды. Андан укпаса жабылуу аяк жабылуу боюнча калат беле, ким билсин, айтор, ошол кеп бир заматта жан-дүйнөсүн бурганактатып, алдастатып койду. Ыйлады, ызаланды… Кантип эле апа деп жүргөнүм өз апам эмес, бир тууганым деп жүргөн байкелерим өгөй деген суроолорго жооп таппай, ишенип-ишенбей убайым жеди. Антейин десе, буга чейин деле анча-мынча ойго салчу суроолоруна жооп таба алган эмес. Атасын согуштан кайтпай калганын билчү. Анда неге согуш аяктагандан он жылдан ашык өткөндө бул төрөлгөн? А балким атасы ал эместир? Апасынын жүрөгүн оорутуп сураганга дити барган эмес. Улам эс тартканы бул суроо оюна түшө калганы менен жооп издеп деле кыйналбаптыр. Бардыгы кадимки үй бүлөлөрдөй эле. Эркелетип сүйгөн апасы, акыл айтып, туура жол көрсөткөн агалары, башка уул-кыздары менен бирдей мамиле жасаган жеңеси… Айтор, ойлонууга деле түрткү болгон эч ким, эч нерсе болбоптур. Эми минтип, кандайча, кантип деген качанкы бир суроосунун жообун кайдагы бир айылдашынан угуп отурат. Бир сыйра бугун чыгара ыйлап алган соң, уккан сөздүн чын-төгүнүн билүү үчүн төркүнүнө жөнөдү. Өз ата-энесиндей болуп калган агасы менен жеңесинин колунда чоңоюп, ошолордун колунан турмушка узаган. Байкеси үйлөнгөн маалда үч жашка гана толгон кези экен. “Көшөгөдө отурсам, кыпкызыл көйнөктүн сыртынан жээгине кооздоп сайма түшүрүлгөн чыптама кийген, эки бети туурулган, көздөрү тептегерек болгон кара кыз кирип келди. Мени таң кала карап бойтоюп жаныма отурду. Ыйлап жаткам. Мага кошулуп ыйлачудай жалооруй карап, “ыйлаба” деп бетимен сылады. Ошол сен болчусуң… Тилиң жаңы чыгып таттуу кезиң экен. Дароо эле боорума тартып өз кызымдай көрүп калгам,” – деп калчу жеңеси.
Келген жайын уккан агасы үн-сөзсүз бир кыйла отурду да аңгемесин минтип баштаган:
- Анда жыйырма бештеги жигит кезим. Жай мезгили. Кошуналар кезек менен короолорубузду сугарабыз. Менин кезегим келип короомо суу буруп жатсам, арык толо агып жаткан суу азайгандан азайып баратты. Демек, жогортон бирөө буруп кетти деген ой менен, суу башына, тоо тарапка жөнөдүм. Айткандай эле кошуна айылга буруп кетишиптир. Талашып-тартышып жатып үйгө күүгүм кирип, көз байланып калган мезгилде кайттым. Алдыман бир чабандес көрүндү. Жакындаганда тайкелерден экенин тааныдым. Жамандык-жакшылыктарда гана көрүп калганым болбосо ымалам деле жок болчу. Учурашайын дегиче болбой жаныман атын омуроолотуп өтө берди. Негедир, ыйлап бараткандай угулду.
– Ой, тайке! – дедим чочуп. – Жайчылыкпы деги?! Кайдан келе жатасыз?! – дедим шашып.
– Аа, сенсиңби?! – деди да атын буруп, жакын бастырып келди. Койнунда катып алган бир нерсеси бардай.
– Силердин үйгө баргам. Эжем жалгыз экен. Акыркы үмүтүм эжемде эле… Өтүнүчүмдү айтсам мындай милдетти мойнума ала албайм, кийинки кезде ооруп да жүрөм деген жообун уктум. Эми, минтип айлам алты кетип, кимге кайрылып, кимден жардам сурарымды билбей кетип баратам, – деди көз жашын сүртүп.
– Эмне өтүнүч, тайке? Балким менин колуман келер.., – дедим таң кала карап.
- Аа жээн, сенин колуңан келер болсо ушинтип уңулдап ыйлап, тагдырыма таарынып кете берет белем? Өзүң менен кеңешейин деп күтүп турат элем го, – деди кайрадан көзүнө жаш алып.
Ошол маалда коюн-колтук тарабынан белгисиз бир үн угулду. Күчүк бекен, же бир башка жандыктын баласын койнуна салып алганбы деген ой келди. Көрсө сен экенсиң…
Көз алдына ошол күн тартылдыбы бейм, айтор оор үшкүрүп алып, бир саамга ойлуу отурду да, андан нары улады:
- Тайкемдин жубайынын төрөттөн каза болгонун деле укпаптырбыз. Бир чети жолдун алыстыгы, бир чети байланыштын жогу… Дагы бир себеби, апамдын алысыраак туугандарынан болгонго өтө деле катыштыгыбыз, байланышыбыз жок болчу. Согуштун бүткөнүнө он жылдай убакыт өткөнү менен карапайым эл курсагы тоё нан жей элек мезгил болчу. Андан да ошол жылдары кургакчылык болуп колхоз-совхоздун эли кыйналып турган учуру. Тайкем үй бүлөсүн жарытылуу тоюнта албай жүргөнү аз келгенсип балдарынын апасынан айрылып, анан минтип сени багууга таптакыр дарамети жетпей калыптыр. Анын үстүнө энеден айрылган ымыркайды эркек кишинин багып кетиши өтө күмөндүү эмеспи. Мага жолукпай, айтпай-дебей кетип бараткандагы себеби ушул экен. Чоо-жайын угарым менен кызды мен багып алам дедим. Тайкем ишенбей турду. Керек болсо, үйлөнө элек жатып бала бакканды эмне кылат экенсиң деп корс этти. Мага эле калтырыңыз, жоопкерчилигин мен алам дедим көгөрүп. Акыры макул болду. Айласы жоктон, башка арга таба албасын түшүнгөндөн гана макулдугун берди окшойт, байкуш тайкем. Ошондогу же кубанарын, же ыйларын билбей дендароо болгон акыбалы али күнчө көз алдымда.
Агасынын айтып бергендерин көз жашын төгүп жатып укту. Төрөттөн каза болгон апасын аяды. Багып алгыла деп көз жашын көл кылып жалдырап келген атасына жүрөгү ооруду. Энеден эрте ажыраткан ажалды тилдеди. Ачарчылык, жокчулук, кыйынчылык алып келген согушту жекирди. Ыйлап жатты. Мейли, ыйласа ыйлап алсын дегендей агасы да, жеңеси да кой дешкен жок. Жеңеси да жашыды. Бир маалда:
– Ай кыз! Болду уңулдабай! – деген жеңесинин өктөм үнү угулду.
Жеңеси боорукер, колу ачык, даанышман, ошол эле маалда өтө сүрдүү. Уул-кыздарын кыйкырып урушканын, кээ бир энедей ажылдап тилдегенин, чыбык көтөрүп бала урганын бир да көргөн эмес. Бирок, бир эле көз карашы менен баарын орду-ордуна коюп коёр сүрү бар болчу. Үй бүлө мүчөлөрү анын ар бир айтканын мыйзам катары кабыл алышчу. Ошол тартипке бул да көнгөн. Жеңесинин өктөм үн катканы, демек мунун ыйлап отурганын жактыра бербегени эле.
– Байкеңдин сени алып калганына ыраазы гана болушуң керек. Үйлөнө элек, бала багуунун түйшүгүн көрө электигине карабай, апасынын каршылыгын жеңип сени өз кызындай көрүп алпештеп чоңойтуптур. Атаң да ишенгени үчүн бул үй бүлөгө алып келди да. Болбосо, өзүнө жакын, бир айылдык башка туугандарына деле алпармактыр. Анан да, жаман болгон жок го. Эч нерседен кем кылган жокпуз. Башка уул-кыздарыбызды кандай жакшы көрсөк, сени да ошондой жакшы көрөбүз. Мен жаңы келин болуп келгенимде үчтөгү эле кипкичинекей кыз болчусуң. Ошондо, чынымды айтсам байкеңди атаң экен деген ойго кеткем. Кийин окуянын чоо-жайын билген соң, агаңа баа бердим. Сыйым күчөдү. Чоочун кызды ушунча алпештеген, өз карындашындай көрүп сыйлап, кастарлаган өз канынан жаралган уул-кыздарына эң жакшы ата болоруна ошондо эле көзүм жеткен. Эми минтип турмушка аттанып, катар-катар уулду болуп бапырап жашап жатканыңда көрө албас бирөө сөз жеткирген тура. Албетте, эртеби, кечпи акыры укмаксың. Бирок да, ошол айтып барган адам пас экенин, адамдык сапаты төмөн экенин билдирип койду. Мейли, бир чети аныкы деле туура болду окшойт. Кыз болсоң да ата-тегиңди билип алганың дурус.
Ошону менен сөз бүткөн. Ойлонуп көрсө жеңесинин айтканы орундуу экен. Балким, тагдырына бул үй бүлөнү жазганына ыраазы гана болушу керектир? Эмне жамандык көрдү? Окуду-чокуду. Эл көргөндү чогуу көрдү. Булар ток болсо ток, ачка калса ачка калды. Жактырып жүрүп өмүрлүк жубай тапты. Турмушка башкалардан кем кылбай узатышты. Кудайга шүгүр деш керек го. Анда неге ыйлайт да неге ыза болот? Илгери үмүт, жакшы тилек менен тогуз ай көтөргөн, омурткасы сыздап толгоо тарткан, ичинде жатканда эле эзиле сүйгөн өз апасын таш боор ажал эртелеп алып кеткенине, адам өмүрүндө болуучу ар бир бактылуу көз ирмемдерине күбө боло албай калганына ичи күйдү бекен? Баккан апасы, асыраган агасы миң жакшы болсо да өз ата-эне деген өз да. Кандаш, жатындаш бир тууган деген башкача болсо керек?! Эми, аны бул түшүнбөй, билбей, сезбей калды… Балким, ошого ыза болуп, ошого ыйлап жатты…
ХХ ХХ
Жаш өзгөчөлүктөрүнө карабай Кенже менен мамилелеш болуп, анда-санда жолуга калып жүрүштү. Бир курдай, сөз учурунда, кандаш бир туугандары жөнүндө кыйыта сурады. Кантсе да бир тууган эмеспи, кайда жүрушсө да алардын бактылуу болушун тилеп, алардын ал-акыбалы кызыктырат. Айтмакчы, бир туугандары менен алардын дайынын билери менен таанышкан. Тилекке каршы атасын көрбөй калды. Ошентсе да бир туугандарын тапканына жан алы калбай кубанган. Алар менен катыша баштаганын уккан жеңеси алгач “өзүң бил, кичине кыз эмессиң” деп койгону менен таарынып калганын билгизип койгон. Баштапкыдай мамиле жасагандай болгону менен мурункудай үйрүлө түшпөй, көп сырдаша бербей, далысын салганы – демек таарынганы эмеспи… Ал эми байкеси билсе да билмексен, көрсө да көрмөксөн болду. Байкеси демекчи… Өтө шайыр, сөзмөр, бетке чабар мүнөзү бар, таарынганды билбеген айкөл жан эле. Ушундай мүнөздүү адамдын унчукпай койгону канчалык оор. Азыр ойлосо, өзү билсин, өзү тандасын, бизге кийин айып койбосун деген мамилелери окшойт го. Канча мезгил эки жээкте чайналды. Эки жакка чарпылды. Эч кимисин кыя албай кыйналды. Бара-бара кандаштарына өз боло албасын түшүндү, негедир өгөйсүнтүүнү алардан сезди. Бирок таарынган деле жок. Ыза деле болбоду. Бала кезинен чогуу жүрүп, чогуу өсүшпөссө, жакшылык-жамандыкты, жашоонун оор-кыйчалышын, ырахат-жыргалын бирге татышпасса… Анан кантип ымалашып, сырдашып, коюн-колтук алып кетишмек эле? Алардын жасаган мамилесинен кийин гана баккан апасынын, агасы менен жеңесинин кадырын билди. Алардын уул-кыздары бир туугандан жакын экенин туйду. Бара-бара бул үй бүлөгө кошкон тагдырына ыраазы болгонго үйрөндү. Чындап ыраазы болду…
ХХ ХХ
Турцияда көп жылдар иштейм деп ойлогон. Бир аз да болсо балдарына акча-тыйын жөнөтүп турганына кубанган. Аларды сагынып, көөдөнү эзилип, жүрөгү ооруп турса да бул жакта жүрө берүүнү чечкен. Мейли деген өзүнчө ойлонуп, уулдары үйлөнүп жайланышты, эми алардын үй бүлөлүк түйшүгү бөлөк. Кызы да турмушта. Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк. Барса, албетте кимиси болбосун кубанып тосуп алуулары айдан ачык. Келиндери да жаман эмес. Апалап турушат. Бирок… Бирок, негедир алардын маңдайында отура бергиси келген жок. Жолдошунан түбөлүккө ажыраган соң анын карааны эле канча кубат тартуулап турганын сезген. Баса албаса да, өзүн өзү эптей албаган акыбалда болсо да кыз-уулдарына ата, буга түбөлүк сүйгөн жар болчу тура. Үйүнөн бир аз алыстаса аны ойлоп, ал деп санаа чегип, ал деп шашып келчү экен. Жаштайынан бир адамды сүйүп, өмүр бою ал сүйүүсү өчпөптүр. Кээде гана тагдырына ушундай кыйын күндөрдү жазып койгонуна таарынып, төшөктө жаткан жолдошун жектеп жаман көрүп кеткени болбосо, тез эле жазылып кетчү. Анын майып болсо да аман калганына, кыз-уулдарына караан болуп отурганына тобо келтирчү. Эх-х десең! Ошол жыйырма жыл канчалык оор, канчалык түйшүктүү жылдар эле! Ошентсе да, ал мезгилдин учкан куштай зып этип көздөн кайым болгонуна ичи ачышат…
Ортончу уулунун телефон чалуусу көпкө кетпейм деген оюн өзгөртүүгө себеп болду. Демейдегидей уулу менен ал-акыбал сурашып, сүйлөшүп жатышкан.
– Апа, эмки айда небериңизге той берсекпи дедим эле, – деген уулуна,
– Мейли, той өткөрсөң өткөр. Мен да эки маянамды кошуп салып жиберем. Тоюңа тыгынчык болот.., – деп жооп берди.
- Апа, той сизсиз кантип өтөт? Келе бериңизчи. Кайра кетем десеңиз, билетти өзүм алып берип, салып жиберем, – деди уулу апасынын жообуна таарынганын билдирип.
Бир чети уулунукун эп көрдү. Небересинин тоюнда төрдүн көркү болуп отурууга эмне жетсин?! Бирок… Антсе уулу билет алып берчү элем деп кыйналып калат да.
– Кой, мен барбай эле турайын. Барып, кайра келгениме бир топ акча кетип калат.
- Апа, акчадан кыйналган деле жерибиз жок го. Сиз келбесеңиз эч кандай той өткөрбөйм.
Минтип катуу айтпаса апасы келбей коёрун түшүндү окшойт. Ошону менен сөз бүттү. Багып жаткан байбичеге кайра тез эле келерин айтып жолго чыгууга камына баштады. Кайра кайтып келерине ишенбеген байбиче көзүнө жаш алып, кетиргиси келбей кыйылды. Бир жылдай убакытта бири-бирине абдан көнүп алышыптыр. Өз апасын таштап кетип жаткансып мунун да жүрөгү тилинди. Байбиче ак жол каалап, батасын берип, өз кызын алыска узатып жаткансып араң ажырады.
ХХ ХХ
Бирде той үчүн келе жатканын туура көрүп, бирде барбай деле койсом болмок беле деп эки анжы ойдо турган неме учакка түшөрү менен жүрөгү элеп-желеп болуп, балдарына, неберелерине, мекенине болгон сагынычы көөдөнүнө батпай, буга чейин өзүнө тааныш эмес бир сезим көңүлүн уялап, бир башкача болуп кетти. Тезирээк эле жетүүнү самады. Ар бирин кыса кучактап сагынычын таркатып алууну көксөдү. Бара жатканына өзүнө өзү ыраазы да болуп кетти. Кол булгалап тосуп турган кыз-уулдарын элестетип жүрөгү тилинди. Эх-х! Алардын арасында өмүрлүк жолдошу да болсо кана! Андан түбөлүк ажыраганын билсе да, кээде ишене албай кетет. Кичүү уулу атасынына окшош. Бакыракай көздөрү, тамашакөйлүгү, керек болсо кээ-кезде кармап калчу кырс мүнөзү да атасын элестетет. Өткөндө чоочун номерден видеочалуу келгенинен ала калса ошол уулу экен. Алгач жолдошун көргөндөй чочуп кеткен. Атасына окшоштугун биринчи жолу байкагандай дал боло тиктеген. Жүрөгү солк эте түшкөн. Капырай, ушунча да окшош болобу деген таң кала. Ошол сүйлөшүүдөн соң жаш курагын эске салып көпкө отурган.
Жогорку класста окуп жүргөн кези. Башталгыч мектеп айыл ичинде, ал эми жогорку класстар үчүн мектеп айылдан обочо салынган. Айыл менен мектептин ортосун бөлгөн чоң сайдын суусу эрте жазда гана ылайлана күркүрөп киргени болбосо, башка маалда тарам-тарам боло бөлүнүп жайлап калат. Классташтар үчүн сайдан нары-бери өтүү өзүнчө кызык. Жигиттердин кимиси кайсы кызды жактырып жүргөнү ушул өтмөктөн билинет. Жактырган кызга кол суна жардам берип, кээ бири көтөрүп өткөрүп… Кыздар кылыктана шыңкылдай күлүп… Айтор, анчейин коркунучтуу болбосо да ушул өтмөктүн шылтоосу менен бири-бирин жандап, кол кармашып, керек болсо сөз айтууга да жетишип алышат. А буга эч ким даай алчу эмес. Албетте, себеби бар. Бир мүнөз, көп сүйлөгөндү, калп күлгөндү жактырбаганы, кыздай болуп кылыктанганды билбегени бир себеп болсо, байкеси да, жеңеси да мугалим болгону экинчи себеп эле.
Мектептен чогуу чыккан классташтардан бөлүнө басып, демейдегисиндей сайдан жалгыздап өтө береринде кайдан-жайдан жанына бир жигит пайда болду. Чочуп да кетти. Негедир байкаган эмес.
– Кел, колуңду бер. Өткөрүп коёюн.., – деди колун суна.
– Өзүм эле…
Жигиттин колун силке, улам бир тарам суудан секире өтүп артын кылчая карабай кетип баратты. Бул жигиттин ким экени деле кызыктырган жок. Ошентсе да бейтааныштын аскер кийимчен экенин дароо байкаган. Ал кезде аскерден келгендер көпкө дейре формаларын үстүлөрүнөн түшүрбөй кийип жүрө беришер эле. Эртеси да жолуктурду. Жылдызы жанган бул жаш жигитке классташ-курбуларынан да ашык болгондор бар экен. Аны кайдан билсин?! Өз ара ал жөнүндө кеп кылып, кимибизге көңүл бурар экен деген кыязда наздана күлүп, кылыктана жандай өтүшкөндө гана байкаган. Топ кыздын арасынан аскер кийимчен жигиттин көзү эки өрүм калың чачы белине жеткен, кырдач мурун, кой көз, бетинде бир аз сепкили бар, уяң мүнөз жаш селкиге түшкөн. Ал селки биздин каарман эле.
Ошондой күндөрдүн биринде баягы аскер кийимчен жигит кыпкызыл тоо гүлдөрүн кучагына толтура кучактап жол жээгинде туруптур. Жанынан шыпылдай басып өтө береринде:
– Аярлаңыз чоң кыз. Сизди күтүп турдум эле.., – деди да, колундагы гүлдү сунду.
– Магабы?! – деди бирде гүлдү, бирде жигитти карап.
– Албетте, сизге!
Эки бети анардай жанып уялып кетти.
– Мага гүлдүн кереги жок…
Оозуна ушул сөз келди. Анан эмне кылсын… Бейтааныш жигиттен гүл алмак турсун, он жыл бирге окуган классташ балдардан окчундап турчу. Эми минтип… Же басып кете албай, же гүлдү ала албай, денесин майда калтырак басып жер карады.
– Сунган колду суутпаңыз. Тоо гүлдөрү таарынып калбасын. Күнөө гүлдө эмес, күнөө менде.., – деди жылмайып, – Чынында күнөө менде деле эмес. Могу курган жүрөк күнөөлүү…
Жигиттин тамаша сөздөрүнүн бири угулса, бири угулбай огобетер нес болду.
Эх-х! Алгачкы жана акыркы махабатынын жолуктурган ошол мезгил күнүбүгүнчөлүк көз алдында… Бир кучак тоо гүлү бир далайга чейин соолубай, улам бири кыпкызыл гүл ачып бөлмөсүн жыпар жытка бөлөп турган. Апасы менен агасынын күмөндүү көз караштары, жеңесинин “Ии, жигит тапкансың го, ээ?” – деген тамашасы…
Көп өтпөй жуучу келген. Кимден келгенин укканда өзүн дүйнөдө жок бактылуу сезген. Апасынын “макулсуңбу?” деген суроосуна, беттери албырып, тили күрмөөгө келбей акырын гана башын ийкеген. Ошол ишараты эле канчалык оор болчу. Уятынан эки бети алоолоп күйүп, денесин майда калтырак басып, чачынын учунан таманына чейин ысып чыккан. Эх-х десең! Ошол мүнөттөр, ошол көз ирмемдер! Кайрадан кайтып келсе эмне?! Аттиң десең! Ал мезгил, ал учур сурансаң да, ыйласаң да кайралып келбес…
ХХ ХХ
Билинбей күндөр агылып, көздөгөн тойду да өздөрү каалагандай өткөрүп алышты. Улам бир небересин көкүрөгүнө кыса эркелетип, ырахатка батып, улам бир уул-кызыныкына мейманчылап барып, учурашуу үчүн бир туугандарына каттап, айтор жашоонун эң жакшы мүнөттөрун баштан өткөрүп жатты. Кайтар убакыт да жакындап келе жатты. Негедир, ал күн улам берилеген сайын жүрөгү кысылып, кеткиси келбей, бушайман болду. Барбай койсо, ал жакта калган байбиче жол карап күтүп жатканын ойлойт. Бир жылдай убакытта ага өз энесиндей көнүп алганын кара… Андан калса, күн алыс телефон чалат. Мунун ордуна убактылуу жумушка алган келинди жактыра бербей, орой экен, тамакты сендей жасабайт экен, урушту, өзүң келчи, күтүп жатам дей берип жүрөгүн эзди. Бул жакка жөнөрүндө “келбей койбо, сени чыдамсыздык менен күтөм” деп кадимкидей көзүнө жаш алып, кайра кайтар билетин алып берип жөнөткөн. Анан кантип барбай коёт? Кете берейин дейт, кыз-уулдарын кыя албай, неберелерин кете элек эле сагына берчү болду. Алгачкы жолу кантип жолго чыгып кеткенине өзү айран-таң…
Учарына эки күн калганда демейкисиндей байбичеден телефон чалуу келди. Көнгөнүндөй жооп берүүгө шашты. Антпесе, “эмнеге телефонуңду албай жатасың?” деп күмөн санай бермейи бар. Видеодон байбиче эмес, кызы көрүндү. Ыйлап алган.
- Апам ээсине кетти, – деди көз жашын сүртүп, – Кетеринде кайра-кайра сизди сурады. Салам дуба айткыла деди. Анын келбесин сезип турам… Неберелерин кыя албайт деди.
Үзүл-кесил сүйлөп апасынын сөзүн жеткиргенге аракет кылды. Ага кошулуп бул да ыйлап жатты. Эмне дешти билбеди. Жооп айта албады. Тек гана телефонду өчүрдү да, оор үшкүрө жүзү ылдый куюлган жашын сүрттү…
Аягы…