Дасмия

“Өрүкзар” ыр сынагына чыгармаларды кабыл алуу башталды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте «Өрүкзар поэзиясы» эл аралык фестивалынын ыр сынагы жөнүндө

ЖАЛПЫ ЖОБО
1. «Өрүкзар поэзиясы” эл аралык фестивалынын ыр сынагынын тартибин, максатын, милдеттерин аныктайт;
– Сынак Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу жана КР Улуттук жазуучулар союзунун Баткен облустук бөлүмү тарабынан биргелешип уюштурулат;
Уюштуруучулар:
– Сынакты өткөрүү боюнча бардык иш-чараларды уюштурат;
– Катышуучулардын сынак талап кылган документтерин даярдап, калыстар тобунун кароосуна тапшырат;
– Калыстар тобун түзөт;
– Жеңүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасынын мөөнөтүн, форматын, жерин аныктайт;
– Сынакты жана анын жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырууну уюштурат;
2. Сынактын негизги максаты:
– Теманы чагылдыруудагы жаңы табылгаларды таап, жаңычыл мамилени аныктоо;
-Акындардын талантын ачууга, таанытууга көмөктөшүү, кыргыз поэзиясын кеңири жайылтуу;
-Конкурстун катышуучуларынын ичинен мыктыларын тандоо;
3. Сынактын мөөнөтү:
-«Өрүкзар» ыр сынагын кепилдеген бул жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун сайтына жана башка социалдык тармактарга жарыялангандан баштап күчүнө кирет;
– Сынакка чыгармалар 2025-жылдын 25-мартынан 10-апрелине чейин кабыл алынат;
-Сынакка келип түшкөн ырларды калыстар тобу тарабынан окуп чыгуу, баалоо, жеңүүчүлөрдү аныктоо иштери 2025-жылдын 11-апрелинен 13-апрелине чейин жүргүзүлөт;
4. Сынактын шарттары:
– Сынакка кыргыз тилинде жазылган поэтикалык жаңы чыгарма кабыл алынат;
– «Өрүкзар» сынагына катышкысы келген автор он (ырын) чыгармасын сунуштай алат;
– Сынакка сунуштала турган чыгарманын көлөмү 3 куплеттен кем эмес жана 10 куплеттен ашык эмес болушу шарт;
– Сынакка 18 жаштан 40 жашка чейинки калемгерлер катыша алышат ;
– Автор сынакка чыгармасы менен кошо аты-жөнүн, өмүр баянын, сүрөтүн, байланыш дарегин (электрондук дарегин, телефон номерин) бир файлга чогуу тиркеп жөнөтүшү шарт;
– Поэтикалык чыгарма электрондук почта аркылуу кабыл алынат;
-Сынакка катышкан автор чыгармасынын өзүнө гана таандык экендигине, кайсы бир башка авторго таандык эместигине өзү кепилдик берет;
-Сынакка жиберген ыр рецензияланбайт, кайтарылбайт.
– Автор сынакка чыгармасын “Жазуучулар союзунун” jazuuchular@gmail.com электрондук дарекке “Өрүкзар” деген аталыш менен жөнөтөт.

5. Сынакка катышкан чыгармаларды каттоого, кароого коюлган талаптар:
– Уюштуруучулар «Өрүкзар» ыр сынагына келип түшкөн чыгармаларды баалоо үчүн 5(беш) адистен турган (анын ичинде бирөө төрага) калыстар тобун түзөт;
– Калыстар тобу ишин ушул жобонун негизинде алып барат;
– Уюштуруучулар калыстар тобунун кароосуна сынакка келген чыгармаларды сандар аркылуу атайын белги (№) коюп гана берет. Жеңүүчү аныкталмайынча автордун аты-жөнү ачыкталбайт, дареги көрсөтүлбөйт;
– Чыгармаларды баалоо он баллдык система боюнча жүргүзүлөт;
6. Чыгарманы баалоо критерийи
– Поэтикалык форманы билүү чеберчилиги жана поэтикалык тилинин мүмкүнчүлүгү;
– Таасирдүүлүгү, образдын айкындыгы, поэзиядагы жаңычылдык;
-Уюштуруучулар калыстар тобу койгон баллдарды санап чыгып, анын негизинде 5 (беш) жеңүүчүнү (финалистти) аныктайт;
– Финалисттердин ичинен жеңүүчүлөр өз кезегинде калыстар тобу койгон баллдагы айырмачылыктарга жараша аныкталат;

7. «Өрүкзар» сынагынын сыйлык фонду:
Жалпы фонд 120000 (жүз жыйырма миң) сом.
Анын ичинен:
1-орун 35000 (отуз беш миң) сом;
2-орун 25000 (жыйырма беш миң) сом;
3-орун 20000 (жыйырма миң) сом;
Эки кызыктыруучу сыйлык:
1. 15000 (он миң) сом;
2. 15000 (он миң) сом;

Жеңүүчүлөрдү жарыялоо жана сыйлоо
-Жеңүүчүлөр расмий сыйлоо иш-чарасына чейин жарыяланбайт;
– Жеңүүчүлөрдүн сыйлыктары Баткен облусунун Лейлек районунда 16-18-апрелинде өтө турган акындардын республикалык “Өрүкзар” эл аралык поэзия фестивалынын алкагында тапшырылат.

About the author

Жазуучулар Союзу