Которгон АЛТЫНБЕК ИСМАИЛОВ
МЕХМЕТ АКИФ ЭРСОЙдун ырлары.
ОКУРМАНГА
Ардактуу окурманым, калбасын сыртка чыкпай сыр көңүлдө,
Айтайын ачык-айкын жыйнактан орун алган ыр жөнүндө:
Сулуулап сүйлөмдөрдү, шөкөттөп сөз тизмегин санат кылган,
Сүрөткер жан эмесмин эрмектеп ыр жазганды адат кылган.
Көзүмдүн жашы эмес, калкымдын кайгысына чыланган бу,
Көңүлдүн жашы менен жараттым сыздап ар бир чыгармамды!
Ыйлаймын өзүм бирок башканы жашыталбай кыйналамын,
Ырас, бул жүрөгүмдүн тили жок, ошондуктан буйдаламын.
Оо, пендем, эгер сага бир жүрөк керек болсо муӊга баткан,
Окуп чык баштан аяк… оргуган ой-сезимди ырга каткам!
ЧАНАККАЛЕ ШЕЙИТТЕРИНЕ
Бул кандай согуш деги? Дүйнөдө мындай кыргын болгон эмес.
Бул жерге азыркыдай жайнаган төрт-беш ордо толгон эмес.
Өлтүрүп, жексен кылчу куралын колдоруна кармап ана,
Өтүүгө жол издешет дөбөдөн ашып ушул Мармарага.
Көрүнбөйт горизонт түк каптаган деңиздеги кемелерден,
Кутурган европалык шерменде, уяты жок немелерден!
Чалдыгат алар көзгө жырткычтай бир заматта атып чыккан,
Чогулуп тобу менен камалган капасынан качып чыккан.
Келгендей дүйнө түгөл: эскиси, жаңысы да аралашып,
Куюлган кумдай кымгуут ар түрдүү улуттар жүр кара басып!
Канада, Австралия… Барчылап бизден алчу жалпы кеги,
Каарданып карап турат дүйнөнүн жалпы жети континенти!
Жүздөрү түркүн-түстүү, тилдери ар башкача… Карманалбай
Жасаган ишин көрсөң, жапайы жырткыч жана варварлардай.
Кай бири индус болсо, кээ бирөө киши жегич чындыгында,
Кыйратып баарын текши, адамзат кылбаганды кылды мында!
Бул кылым жыйырманчы адепсиз, арсыз жана наадан беле,
Бийиктен төмөн көздөй жылмышып кулап жатат адам неге?!
Чыгарып ичиндеги жек көрүү сезимдерин жашыралбай,
Чыдабай кусту алар ай-жылдап Мехметчикти[1] жапыралбай.
Бет кабы жыртылгыча көрүнгөн сулуу кыздай купуялуу,
Бети жок, жүзү кара маданият дегениңер шуркуя бу!
Анан да коркунучтуу айрыкча башкалардан булар дагы,
Анткени бар алардын бүт элди кыйратуучу куралдары!
Талкалап горизонтту чагылган көктөн ылдый кулап улам,
Түшкөндө жер силкинип, түпкүрдөн калкып баары чыгат улам.
Өрт бүрккөн чагылгандуу бомбалар үзгүлтүксүз жарылышып,
Өчүшөт бирок дароо эр жүрөк шерлер менен кагылышып.
Оюлган жер алдында тозокту чагылдырган канал жатат,
Окопто снаряддан жан таслим болгон далай адам жатат.
Өйдөдөн жааган октор өлүмдү жамгыр сымал чачып анан,
Өлүктөр жайнайт жээкте денеси туш тарапка чачыраган:
Үзүлүп колдор, буттар, кареги соолгон баштар тоголонуп,
Үйүлөт ар кай жерге жаны жок манжа, жасат додолонуп!
Ок өтпөс олпокчондор жаалданып, ал ансайын жабылышат,
Окторду мөндүр кылып наадандар ар тараптан жаадырышат!
Каптаган асманды бүт эсепсиз учактардын бомбасынан,
Кыйылып өмүрлөрү, ажырап турса дагы кол, башынан,
Мылтыктан саны арбын атылган замбиректи тоготушпай,
Мынакей, баатыр ордо жылмаят коркунучту жолотушпай…
Коргонуш үчүн булар үстүнө болот кийим, чопкут албайт,
Көөдөндө ыйманы бар. Андыктан бир да душман коркуталбайт!
Кеп эмес бул ордого кастардын согуш ачып, каарданганы,
Кудайдын ал анткени жеңилгис алар мыкты каармандары!
Адамдын эрки күчтүү, эч качан эч ким аны майтаралбайт.
Айрыкча Мекен үчүн курчуган өткүр мизин кайтаралбайт.
Анан да айткым келет Кудайдын пенделерге эскерткенин:
«Аларды жараткам мен. Андыктан башкаларга тепсетпегин!»
Арийне, булар чындап Асымдын[2] тура нагыз тукумдары,
Анткени ар-намысты бек сактап, кас-душманга утулбады.
Карачы, тоодой бийик көөдөнүн ок көзөгөн кейипкердин,
Күн жүздүү дидарынан көрүнөт туудагы ай шейиттердин!
А тигил денесинен ажырап ар кай жерде үйүлгөн баш…
Ал деген – жалгыз гана намазга жыгылганда ийилген баш!
Аскерлер, аскерлер, эй! Журт үчүн жанды кыйып кете берген,
Арбагы аталардын өпсө да аздык кылат чекеңерден…
Жуурса да ажал канга, Эгеден кубат алган кайрат менен,
Жүрдүңөр жолдон кайтпас жолборс төш, арстан мүнөз айбат менен!
Ким казат силер батчу мүрзөнү айткылачы?! Кыйнайсыңар…
Көмөлү десек эгер гөр эмес, тарыхка да сыйбайсыңар.
Түркүн-түс китептерге батпай түк жадагалса баягы көп,
Тек гана чалкып жаткан ааламга сыясыңар аягы жок…
Көөдөндө көлкүлдөгөн эргүүмдү сүртүп тынбай таштарыңа,
Каабаны алып келип орнотсом, атаганат, баш жагыңа.
Кадимки асман менен денеңди жапкандан соң… Көктөп үмүт,
Канаган кабырыңа жаадырсам жылдыздарды көктөгү бүт.
Атүгүл чатыр кылып булутту күмбөзүңө ачык жаткан,
Алпарсам күйгөн шамдай үркөрдү күмүш нурун чачып жаткан.
Оо, анан канга батып, туруштук берген чептей жоо башына,
Оросом жасатыңты аздектеп айдын жарык шооласына.
Күттүрүп улуу күндү жайнаган жылдыздарды тараткыча,
Кайтарсам бейитиңди уктабай кароолчудай таң аткыча.
Эх, чиркин, жана дагы таңсам мен жаратыңды кансыраган,
Эсептээр элем баарын сен үчүн иш кылдым деп арзыбаган!
Кармашып бир убакта журтуна жолотпогон Крестүүнү[3],
Көрдүм мен бүгүн сенден Селахеддин султандай жүрөктүүнү.
Илгерки Кылыч Арслан сыяктуу сымбатыңа таң каламын,
Исламды муунткандардын чынжырын быт-чыт кылып талкаладың.
Кыдырып жылдыздарды ысымың рухуң менен жүрөт эми,
Көмүлбөй кылымдарга элесиң чындап өмүр сүрөт эми…
Эч нерсе, эч ким сени ээлеген өз ордуңдан жылдыралбайт,
Эч качан эрдигиңди ичине горизонт да сыйдыралбайт!
Ай, шейит, шейит уулу, эч качан күмбөз сурап кылчактаба,
Анткени сени күтүп, Пайгамбар карап турат кучак жая!
БУЛБУЛ
Эй, булбул, куттуу уя, түгөйүң, жаркыраган жазың туруп,
Эмнеге муңканасың изумруд так сыяктуу шагың туруп?
Албетте, керек болсо журтуңду өзүң сүйгөн асмандагы,
Алалбайт эч убакта дүйнөнү багындырган кастар дагы.
Жапжашыл өрөөнгө бай, кыпкызыл гүлгө толгон түзөңдөгү,
Жашооң бар күндө майрам, күндө той өткөргөндөй мүнөздөгү.
Кеч күздөн кеткиң келсе, эрте жаз тосот дароо колун сунуп,
Күүлөнгөн канатыңа баш иет горизонттор моюн сунуп.
Сыйбайсың ал тургай түк чеги жок көк асманга, асыресе,
Суктанат учканыңа туткунга түшкөн жандар кадыресе.
Бирок сен ошентсе да, эмнеге муңга жасап кыйла басым,
Бармактай көөдөнүңө деңиздей кайгы салып кыйналасың?!
Чынында, сен эмес мен учурда арман айтчу абалдамын,
Чыланып түркөйлүккө жүз жылдап күн көрбөгөн аралдамын.
Жазында күздөгүдөй саргарып араң өмүр сүргөн кезим,
Жетиммин өз журтумда… Үйү жок, көчө таптап жүргөн кезим.
Арман күн: урпагымын Чыгыштын эч нерсени кенебеген,
Алдырдым Мекенимди батышка турпагымды тебелеген.
Баатырлар Селахеддин[4], Фатихтер[5] коргоп турган убагында,
Бүлүндү баштан-аяк жер менен жексен болуп дубалым да.
Эх, аттиң, чиркөө ээлеп падыша Осмон[6] курган калаабызды,
Эшитпей азанды биз, Кудайдын атын унтуп калабызбы?!
Анан да үзгүлтүксүз кан-жанга сиңген абдан жакын болуп,
Абалкы өтмүшүбүз өчөбү аң-сезимден закым болуп?!
Кадимки Байезиддин[7] ураган мечитинин сөнүп өӊү,
Карачы, кантип айтам, тепселди Орхан Гази[8] көрүстөнү!
Мусулман ордосуна душмандар каргашаны таштап арсыз,
Миӊдеген диндеш жандар калышты ай-талаада баш калкасыз!
Очоктор талкаланып, кыйраган аалам жатат жолдон ары,
Оо, Кудай, жерге батпайт тууралган адамдардын органдары!
Андыктан ыйык журтту тепсеген кезде кастар майкандашып,
Ай, булбул, муңканба сен, мен сага күйүтүмдү айтам жашып!
ИНСАН
«Сен өзүңдү басынтып, барктап-баалабайсың,
а чынында сенде эбегейсиз зор аалам катылып жатат».
Аз. Али
Өзүңдү тааныбай түк, өзгөдөн төмөн баалап алыптырсыӊ,
Өзүңдү-өзүң басып, баркыңды такыр билбей калыптырсың.
А сенин баа-баркың, чынында өйдө турат периштеден,
Атүгүл бүткүл аалам катылган өзөгүңө сен издеген…
Тараган толкуп-ташып тынымсыз асман-жердин ортосуна,
Теңирдин жарык нуру жайгашкан жүрөгүңдүн толтосуна!
Кенедей тулку боюң, а бирок, адампенде, сени чындап,
Кынтыксыз, кемчиликсиз жасаган Кудай өзү сени кылдат.
Жараткан жазган ырдын эң мыкты кош сабындай жарык чаччу,
Жаралган өзгө жансың: сырга бай, түшүнүксүз, табышмактуу.
Аткарып буйругуңду табият, жер да сага моюн сунат,
Ал тургай ар бир буюм кааласаң, кулдай чуркап кызмат кылат.
Багынган жада калса булутту камчылаган чагылгандар,
Байкасаң, ак-караны айырган тунук акыл – табылгаң бар!
Көлдөлөң болуп деңиз, толкундар бешигиңе айланышат,
Канатың өлчөп көктү учканда тоолор сага жарданышат.
Дүйнөнү кезген аба жеткирип өкүмүңдү ар тарапка,
Дос болуп доошуң менен таратат дароо аны чар тарапка.
Жоюлуп тоскоолдуктар, чечилет көйгөйлөрүң кайратыңан,
Жалтанып качат душман майданга кирсең эгер айбатыңан.
Түндөсү кезсең жерди жаркырап жарык чачкан шам сыяктуу,
Түбөлүк күйүп турат ойлоруң нурга толгон жан сыяктуу.
Кызылдай мээнет менен ишиңден алган эргүү шыктандырып,
Какшыган чөлдө сени жетелейт оазиске суктандырып.
Кайтпайсың өз жолуңдан зынданга салып, сүргүн кылса дагы,
Качпайсың эч убакта жазалап өлүм менен кырса дагы.
Талкалап зулумдуктун сепилин биротоло бузуу үчүн,
Түшкөнсүң көктөн жерге өзгөртүп тагдырларды туруу үчүн.
Анан да алоолонуп жүрөктө келечектин оту жанса,
Ар убак умтуласың кол сунуп, улам бийик чокуларга!
Көңүлүң көтөрүлүп, көөдөнүң коргошундай балкыганда,
Көрүнөт келечегиң жуурулуп кыял менен калкып анда.
Ал деген нагыз сенин сүйүктүүң жан дүйнөңдү уялаган,
Атүгүл идеялың жетүүнү эңсеп, такай кубалаган.
Арзууну башкарган бул – улуу рух экендигин жакшы бил деп,
Ар дайым алга карай тынымсыз кадам шилтөө башкы милдет!
Бүт сырын табигаттын изилдеп үйрөнүүнү каалап улам,
Бошонгуң келет сенин караңгы, түркөйлүктүн ааламынан.
Баштапкы, соңку жана азыркы табышмактын күчөп деми,
Беттешүү үчүн дайым болочок доорлордон күтөт сени.
Чынында, ошол сырды тынымсыз бардык жерден тытып издеп,
Чуркайсың акыйкаттын бир жолу көргүчөктү жытын искеп.
Арийне, жапсын мейли купуя сырды чулгап кара парда,
Ар убак рух дүйнөңдүн үмүтү үзүлбөстөн барат алга.
Анан да колдоочуңа таянып үзгүлтүксүз жардамдашкан,
Албетте, терең сүңгүп киресиң караңгыга тайманбастан.
Атүгүл сырдын баары билинип бүр күн толук айкын болсо,
Анда да изденгенди токтотпой улантасыӊ жаркын жолдо.
Андыктан жүгүр бачым! Кудайдын кудуретин турба карап,
Анткени кези келсе, сабырыӊ отко түшүп куйкаланат!
Бүгүнкү жашооң менен кийинки турмушуңа канааттанбай,
Басышың керек сенин кылчактап арт жагыңды карап калбай…
Кызыгы, улам алга жылуунун жолу турса пайдаланып
Калбастан кайра неге: «Бир байкуш жанмын»,- дейсиң майдаланып?
Бирок сен андай эмес, бийиксиӊ периштеден мактангыдай,
Бийлесин дүйнөнү деп өзүңө зор милдетти таккан Кудай!
Турмуштун оор жүгү басса да кабыргаңды кайыштыра,
Туш-туштан өлүм менен коркунуч каптаса да майыштыра,
Шаабайыӊ суутпастан, көйгөйдү жеӊүү үчүн сабыр кылып,
Шилтейсиӊ кадамыӊды тездикти чагылгандай багындырып.
Демек, сен эч табылгыс китептин жалгыз, нарктуу нускасындай,
Дүйнөгө жаралган соӊ ойлонуп, чечим чыгар түк басынбай:
Ушундай кыйын күндө башыӊды сайсаӊ керек эл-жериӊе…
Улуксуӊ периштеден! Түшпөгүн айбандардын деӊгээлине!!!
МЕКЕНДИ СҮЙҮҮ
Албетте, окуталы жаштарды үзгүлтүксүз билим берип,
А бирок үйрөнүшсүн оболу журт сүйгөндү дилин берип.
А эгер эңсесеңиз мекендин бүлүнүшүн кара санап…
Айтканга ооз барбайт атүгүл ал жөнүндө тамашалап.
Милдеттүү ар бир жаран, чынында, өз өлкөсүн сактаганга,
«Мекен!» деп кыйкырышат бүт баары согуш отун аттаганда.
А бирок айрымдары ит болуп, асыл наркка кол салышат,
Адамдык сапаттарын жоготкон наадандыкка жол чабышат.
Андыктан кечиргиле, таптакыр бул сөзүмдөн кайталбаймын,
Анткени мен аларды инсан деп эч убакта айталбаймын!
Ашкере сүйүп журтун өмүрүн эл-жерине багыштаган,
Аздектеп үй-бүлөсүн, ыйык нарк, мурастарга табыштаган
Адамдын жүрөгүнөн оргуган аруу сезим орун алат,
Ал эми итке айланган көөдөнгө жалаң ириң толуп алат…
Ата-Журт кыйналганда… Алардын чатагы жок тырмактай да,
Ант берип мекен үчүн тулкусун калкан кылып турмак кайда?!
Баш баанек таап алар, кулкуну тойгучакты кудук болуп,
Башкалар сөөк ыргытса, ооздору тып басылат дудук болуп!
Бирок сен андай эмес: «Мекен» деп өз жаныңды төрт бөлөсүң,
Башыңды сайып ага, асманда жашасаң да өрттөнөсүң!
Ким чыдайт, Ата-Журтум, күнкорго айлансаң сен кыйрап анан?
Көр болсун, Мекен үчүн көзүнөн кан чыккыча ыйлабаган!!!
ЖООКЕР ГИМНИ
Кааласа тозок келсин, жалынын жалп өчүрөт көөдөнүбүз,
Кудайдын жолу бул жол, басабыз карабастан өӊгөнү биз.
Маа десе, шейит кетсин согушка кирген жандар эӊ акыркы,
Майышпай ар-намысты коргойбуз токтогуча дем акыркы!
Береги кас-душмандар кутуруп жырткычтардай атырылса,
Булуттан кемелер жаап, деӊиздер аскер бүркүп сапырылса,
Көөдөнүн көзөп жердин жарылса жанар тоолор жаалданышып,
Каптаса горизотту кыпкызыл урагандар каарданышып,
Кайраттуу, эрки күчтүү, ой-тилек, максат-мүдөө, ыйманы бир,
Кубаныч, азап, кайгы, абийири, ариети, кылганы бир
Айбаттуу ордобуздун токтобой чогуу соккон жүрөктөрү,
Атүгүл аалам кыйрап жатса да чегинбейт түк, сүрөп деми!
Кудайга кол салам деп асманга көтөрүлүп акмак улам,
Кулаган сыяктанып өталбай горизонттун катмарынан.
Жана да кур кыялдын – жасалма, жүзү кара, жалган өңдүү,
Жолукса акыйкаттын нуруна куйкаланып калган өңдүү,
Жайнаган жырткычтар да жер менен жексен болуп… утулушат,
Жакында фронттогу жоокерлер баскынчыдан кутулушат…
Бузулбайт кыбылабыз, жетүүнү кадыресе максат кылып,
Биз, демек, өлбөйбүз, дос… Андыктан кеттик алга бат-бат жылып!
АРМАН
Кул мүнөз адамдардай басынып жашаганды адат кылбай,
Кыйкырып ойготмокмун исламды тилди тиштеп карап турбай.
Ыймандуу, күчтүү жандар эргишет ачык айтсам сырды мында,
Ырас, мен көп ойлонбой, чечимди бат чыгарчум чындыгында!
Бакырсаң кимдер угат? Каякта ээси журттун? Карагыла!
Бейтааныш жүздөр жатат көз салсам, оң жак, сол жак тарабыма.
Андыктан кыйкырыкты ичимден чыгарбастан думуктуруп,
Аргасыз ырга көмдүм майдалап миң бөлүккө бууп туруп!
Муң-зарым сел сыяктуу каптабай бүт өрөөндү тарып улам,
Мөңкүгөн дайра эмес, сызылган сырдуу жаштай агып турам.
А тигил дүлөй асман бетине түк из түшпөй тоңуп абдан,
Арманым үн чыгарбай шолоктойт «Сафахаттан[9]» орун алган!
МОЮН СУНБАЙМ
Алкап мен эзүүчүнү, зулумга мээримимди төккүм келбейт,
Алардын көӊүлү деп, эч качан тарыхымды сөккүм келбейт.
Атама кол салганды муунтамын эч нерсеге карабастан…
Антүүгө күч жетпесе, кубалайм өз жанымдан аябастан.
Өмүрү кызмат кылбайм шыйпаӊдап иттей тексиз, наадандарга,
Өлсөм да жүгүнбөймүн баскынчы, адилетсиз адамдарга!
Ашыкмын азаттыкка, арийне, тээ төрөлгөн күндөн бери,
Атүгүл алтын чынжыр багынтпайт эркин өмүр сүргөн мени.
Мүнөзүм жумшак болсо, демек, мен бирөөнүн жоош коюмунбу?
Маа десе башты кессин! Сунбаймын эч убакта моюнумду!
Канаган жара көрсөм, сыздатып жүрөгүмдү кескилеймин,
Коргойм деп карыптарды камчынын уусун ичип, тепки жеймин!
Чындыкты туудай тутуп, акыйкат үчүн таштайм кадамымды,
Чайналып, бирде чайнап, талашам болушунча таламымды.
Душманмын заалимдерге, байкушту бирок жакшы көрүп келем…
Демек, мен сиздин тилде жан окшойм артта калып, өнүкпөгөн?
ЧОМ ЖАНА ЭШЕК
Эзилип арка, бели из түшкөн өчпөй турган жондоруна,
Эшектер даттанышат кош кабат жүк артылган чомдоруна:
«Тарталбай түйшүктү биз баратсак жанды тиштеп араң алга,
Таштай оор жүк артышат салмактуу мурункуга караганда.
Ыңырчак, ээр чабышып, кайталап үстүбүзгө чом токуган,
Ылайым, куласа экен усталар каргыш тийип оңкосунан!»
Бир күнү, ырас, уста көз жумат ичер суусу түгөнгөндө,
Башкалар ордун басат. Анткени кирмек беле түгөл көргө?
Жол улап шакирт, калпа… кадимки салттуу өнөр кайталанат,
Жүгү оор эшек кургур, баягы өз ишине кайта барат…
Калпалар тажрыйбасыз… чом тиксе колдон баары келет дешип,
Кор болуп макулуктар жөнөшөт мал доктурга кезектешип.
Бел-жону жооруп, айтор, кайышып кабыргасы, кансыраган
Байкуштар арман айтып, муңканат бир-бирине алсыраган:
«Көрөбүз эми кайдан оо дүйнө кеткен улуу устабызды?
Камсыздап жүргөн экен ошондо көрсө мыкты уста бизди!
Аттиң ай, ал адамдын кадырын билбептирбиз учурунда,
Атүгүл байкабапбыз конгонун зор бакыттын кушу мында!»
А сага айтар кеңеш: иш менен алектенбе арзыбаган,
Акыйкат жолго түшүп, аткаргын адамдыктын парзын анан!
Адаммын десең эгер… эркинсиң, эрктүү кадам таштап алга,
Ар убак азат жаша алдырбай тизгиниңди башкаларга!
А эгер чом бычканга баш ийсең пир, кожоюн көрүп аны,
Анда сен макулуксуӊ… Андыктан өмүр сүрбө сөгүп аны!
ЭМГЕК ЖАНА ЧОМ
«Адамдар өлбөйт… Өлсө, артында эмгек калат өчпөй турган,
А эгер эшек өлсө, чом калат ал байкушту өкчөй турган»,-
Дегени аталардын миӊдеген жарандарга асыресе,
Дем берип, тер төктүрөт алардын чекесинен кадыресе!
Мазамды алат, ырас, ушул ой акылыма орногон бек,
Менимче, өлбөстүктүн үрөөнүн септим деш бул болбогон кеп.
Албетте, жер бетинде түбөлүк өчпөс из бар деген менен,
Аныӊдын анык наркы бычылбайт жеке пикир, ченем менен.
Баштапкы өтө терең «насааттын» абырою түшүп азыр,
Баркы жок беш тыйындык, чынында, бүгүнкү муун үчүн анын.
Түйшөлүп күндүз кечке «эң мыкты» эмгегиңди жазган мына,
Түндөсү ыргытышат баалабай, аттиӊ, аны таштандыга!
Өзүң көр аралашып эгерде айтканыма ишенбесең,
Өкүнөт жулунгандар… Эркин жүр колду салбай кишенге сен!
Билемин эртең эле урпактар барган кезде көрүстөнгө,
Балп этет: «Чом экен», – деп эстелик, күмбөздөрдү көрүшкөндө.
Арийне, бирөө өтсө дүйнөдөн эл көзүнө илинбей түк,
Артында эмгек же чом калганы эч бир жанга билинбейт түк!
ЧЫГЫШ
Исламдын далай кылым колу шал, мээси нагыз сенек болуп,
Иштебей турат, аттиң, Батыштын кандуу түшү себеп болуп.
«Кана, айт, эмне көрдүң Чыгыштан?» – деп сураса көбү менден,
Кыйраган шаар, үйлөрдү, лидерсиз калкты санап көңүл эзген.
Мен анан баштан аяк: бузулган жол, көпүрө, каналдарды,
Маӊдайы тердебеген, колдору кабарбаган адамдарды,
Ийилген бел, моюнун арданып түздөп, канын кайнатпаган,
Иштебес баштар менен таш жүрөк, абийир, арды чаӊ каптаган
Баяндап… андан ары тагдыры талкаланып, соолуганга,
Бети жок, эки жүздүү жандарга жана түрдүү ооруларга
Токтолуп… айтам анан түтүнсүз очок, күйгөн ормондорду,
Түшүмсүз ээн талаа, чөп баскан үй-жай, короо, коргондорду.
Жамаатсыз имам менен сеждеге бешенеси тийбестердин,
Жар салып «газаватты» бир-бирин өлтүрүшкөн диндештердин
Жашоосу менен чогуу сүрөттөйм айыл, тамды урап жаткан,
Жана да жалкоолорду эртеңин ойлобостон сулап жаткан!
Айтор, мен ыйлап жүрсөм Чыгышта ушуларга аралашып,
Адамдар угушпады… Атүгүл үн каткан жок, кара басып!
Жайнаган көрүстөндөр жанымды кадимкидей эзип менин,
Жылмайган турпак менен нурданган көк асманга кезикпедим.
Кыйналган көп инсандын ый, муңу тээ түпкүрдөн сыздап чыгат,
Кыпкызыл чамбар болуп горизонт Ислам мойнун чырмап турат!
Арман ай, көөдөндөргө дем жетпей барган сайын тарып чынжыр,
Ах, үч жүз элүү миллион адамды кекиртектеп алышыптыр!
МЕКТЕП
Калааны бир аз билем, а сыртын кыдырбаган себептүү мен,
Көрсөм деп жолго чыктым аралап шаар, дубан, элетти мен.
Кулагым чалды жолдо: «Башчылар чоң кыштактан четтеткени,
Кууптур үч күн мурда иштеген мугалимди мектептеги».
Эл анан уул-кыздарын жибербей, тигил мектеп жабылыптыр,
Эмнеге? деген собол жооп издеп, жан дүйнөмдө жаңырып тур…
Көп ишти башка күнгө жылдырган эң маанилүү чечимге мен
Келдим да… Жолоочуга кошулуп жетип бардым кечинде мен.
Айылда жашагандар чогулуп, кездешүүгө тез келишти,
Акыркы намаздан соң алдыма төшөк салып, сөз беришти.
Алгач мен чоң көйгөйгө көңүлүн бурбай туруп башкалардын,
Алланы, пайгамбарды оозанып, кириш сөздү баштап алдым.
Билимге тиешелүү хадисти, аяттарды чубап анан,
Булбулдай сайрап кирдим таасирдүү кепке кепти улап анан.
Кетирбей келген шансты бек кармап, көздөрүмдү жумдум дагы,
Кыскасы, «төктүм» укмуш уксун деп ошол жердин тургундары:
«Мугалим – мамлекет, ырыскы, кут экенин унуттуңар,
Мектептен силер аны жакында келгис кылып куупсуңар!
Арийне, чоң күнөөгө баттыңар сыйбай турган акыл-эске,
Аткени мугалимдин акысын сурайт Кудай акыретте.
Белинде сыя челек… колунда аса… башка чалма чалып,
Билсеңер, мусулмандар бутуна он беш даана чарык алып,
Алты айлык узак жолго, тоо-ташка өмүрлөрүн арнап улам,
Алышат, ырас, билим алыскы тээ Кытайдын ар жагынан.
А силер… Арман күн ай! Ар ишти салбай акыл элегине,
Алланын алдыңарга жиберген өзгөдө жок белегине
Таптакыр маани бербей, караңгы, түркөй болуп эсирдиңер,
Тепкилеп ырыскыны, а кутту өзүңөрдөн кетирдиңер»…
Кеңейип жакшылыкты билбеген наадандыктын жаракасы,
Көп өтпөй көрөсүңөр тийгенин бул нерсенин залакасы!
Бушайман болдуңарбы?.. Эч нерсе келбейт эми калыбына,
Балта чаап таштадыңар анткени урпактардын тамырына…
МУГАЛИМ
Калган кезде туткун болуп бир улут,
Кызуу талкуу өттү жыйын курулуп.
Сунуш берип, күпүлдөштү бүт баары,
Суроо: «Калкты кантип кастан куткаруу?»
Бирөө айтса: «Саясатты колдоӊуз!»
Бирөө минтет: «Журтту коргойт ордобуз».
Кээси: «Билим жеткирет»,- деп жеӊишке,
Кай бирлери: «Флот бар»,- дейт деӊизде.
Айрымдары акча менен санатты
Алга сүрөп, айтор, көпкө талашты…
Баарын тыӊдап бир карыя салмактуу:
«Бизге алгач мектеп керек ардактуу
коноктор»,- деп оюн айтса тайманбай,
«Келесоо»,- деп шылдыӊдашты калгандар.
Бирок анын аргумент таап акылы,
Беркилерди ынандырды акыры:
«Озуп улут чыксын десек жогору,
Ойлош керек пайдубалды оболу…
Билим алган ар бир адам жеӊилдейт,
Билимдүү журт эч убакта жеӊилбейт.
Аскер сөзсүз керек… Каршы буга ким?
Андан бирок маанилүүрөөк мугалим!»
ЭМГЕК
Токтобой түк түрмөктөлүп күн өтөт,
Турмуш менен бүт бардыгы күрөшөт.
Билсең жашоо – турган кезде көз тирүү
Бүлө күтүп, өзүңдү-өзүң өстүрүү.
Бирде чуркап, бирде кулап сүрдүгө,
Баары иштейт: жеке инсан, үй-бүлө!
Эзелтеден эртели-кеч жан тынбай,
Эмгектенет жамаат, улут ал тургай.
Керек болсо жашоонун бул мыйзамы,
Кыймылдатат жан-жаныбар, кыйланы…
Адам, жандык, жаратылыш эгерим,
Ал жобосун бузбайт, айтор, Эгенин.
Иштерманды Теңир колдоп, курчутат,
Илээндини өлүм менен тынчытат!
Максат коюп, таянбастан бирөөгө,
Мээнеткечтер жетет чуркап мүдөөгө.
Убакытты жеңип кайсыл өлкөнүн,
Улутташым, көргөндүрсүң өнгөнүн…
Батыш мына, катуу иштеп жанагы,
Башкарууда жер түгүл, тээ абаны.
А Чыгышчы? Артта калды түнөрүп,
Аты өчөт, балким, анын түбөлүк!
Өнөр жайлар жасап чукул бурулуш,
Өстү, илим, билим, санат, курулуш.
Жарып сууну кеме сүзсө деңизде,
Жетти поезд дүйнө кезип жеңишке.
А кабарлар чагылганга учкашып,
Асманда жүр балон газга жупташып.
Адамзатты таң калтырган негизи,
Айтор, булар көп эмгектин жемиши…
СҮРӨТҮМ ҮЧҮН
Бир күнү көлөкөмдү топурак жер алдына көмгөндөн соң,
Билинбей өчөт өңүң мезгилдин мыйзамына унчугалбай.
Тирүүсүң түбөлүккө жакшы деп эл эскерсе өлгөндөн соң,
Тааныбайт эч ким мени. Анткени тынч жашадым үн чыгарбай.
НООРУЗГА
Эй, уулум Нооруз, тыңда улгайган мендей кексе абаңды сен,
Эр жигит ооз көптүрүп сүйлөбөй, көрүнсө дейм иши менен.
Сөзү көп, курсагы чоң урууң бар… Туурабай түк аларды сен,
Сөзүнө, өзүнө бек АДАМ БОЛ улутуңдай ичи кенен!
БАЛДАРГА
Отун тура атаӊар: балтага сап болбогон!
Окшосоӊор аларга, отко айланат жолуӊар.
Өттү эбак дөӊгөчтөй өмүр сүрүү оӊбогон,
Өзүӊөрдү жонгула жукаргыча жонуӊар.
Эскертерим: көбүрөөк жонуп башты ойлогон,
Эч убакта алданып, жорубасын колуӊар!
ЖУБАЙЫМА
Жан биргем, жарык нурга өзүӊдү жеткирсем деп тилек кылып,
Жүгүрдүм өмүрүмдүн ийри-түз, өйдө-төмөн жолунда мен!
Бүтүндөй аска-зоону, тоо-ташты ашкан менен билек түрүп,
Бырышкан маӊдайымды тарс урдум өз ташыма соӊунда мен!
СҮРӨТҮМӨ
Сырткы жүз: өӊ-келбетим агарып күндөн-күнгө барат улам,
Сураба жан дүйнөмдү, себеби анын ичи кара туман.
Мен бүгүн, чындыгында, өзүмдөн ушунчалык уялдым, эй,
Мага түк окшобогон алдагы сүрөтүмдү карап улам!
[1] Мехмет – жалпы түрк аскерлерине карата айтылган лакап.
[2] Асым – акындын көптөгөн чыгармаларында кездешкен лирикалык каарманы.
[3] Крестүүлөр жортуулу
[4] Селахеддин Эййуби: Эййуби мамлекетинин негиздөөчүсү. Крестүүлөргө каршы согушуп, Иерусалимди алардан куткарган Ислам ордосунун башчысы.
[5] Фатих Султан Мехмет: 1453-жылы Византия империсын кулатып, Стамбулду Осмон империясына караткан өкүмдар.
[6] Осмон Гази: Осмон империясынын негиздөөчүсү.
[7] Йылдырым Байезит: Султан. I.Байезид: Осмон империясынын падышасы.
[8] Орхан Гази: Осмон империясынын экинчи султаны.
[9] Сафахат – акындын ыр жыйнагы.