Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу Алыкул Осмонов атындагы салттуу адабий сыйлыгына сынак жарыялайт!

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы жөнүндө

ЖОБО

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы акыркы эки жыл аралыгында жарыяланган төмөнкүдөй жаңы, мыкты чыгармаларга ыйгарылат:
  • поэзия жанрында улуттук адабиятты жаңы деңгээлге көтөрүүгө салым кошкон китептерге;
  • поэтикалык котормого;
  • акындын чыгармачылыгын коомчулукка жеткирүүдө Алыкул изилдөөчүлөрдүн өзгөчө демилгелүү эмгектерине.
  1. Аталган адабий сыйлыкка талапкерлерди көрсөтүүгө Кыргыз Республикасындагы чыгармачыл союздар, мекеме-ишканалар, коомдук уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакция жамааттары, китеп басмалары, окуу жайлары укуктуу.
  2. Мурун ар кандай сыйлыктарды алган жана эски эмгектер кабыл алынбайт.
  3. Адабий сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалар акыркы эки жыл аралыгында жарык көргөн болууга тийиш.
  4. Сыйлыктын жаңыртылган жобосун жарыялоо менен талапкерлердин эмгектери 2024-жылдын 15-октябрынан баштап 15-ноябрына чейин кабыл алынарын билдиребиз.
  5. Эмгектерге коюлуучу негизги талаптар:
  • Китеп 2022-2024-жылдар ичинде жарык көргөн болуусу керек;
  • Сунуштоо документтери (сунуштаган тараптын жолдомосу, протокол ж.б.) менен бирге талапкердин өзүнүн таржымал-резюмеси;
  • 3х4 өлчөмүндөгү эки сүрөтү.
  1. Авторлордун жаш курагы чектелбейт.
  2. Сыйлык алган авторлорго “Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты” деген диплом, төш белгиси жана атайын сертификаты менен акчалай сыйлыгы тапшырылат.
  3. Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлык Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун 90 жылдык маарекесинде тапшырылат.
    Байланыш номер: 0554 94 90 20

About the author

Жазуучулар Союзу