Дасмия

Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына кабыл алуу жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар                     союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы жөнүндө

 

ЖОБО

 

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун поэзия боюнча Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы эки жылда бир жолу бир акынга ыйгарылат.
  2. Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкка кыргыз акындарынын республикасынын басмаларынан кийинки эки жыл аралыганда жарык көргөн чыгармалары сунуш кылынат. Сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунунун башкармалыгынын президиумунда бекитилет.
  3. Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкка Кыргыз Республикасындагы чыгармачыл союздар, мекеме-ишканалар, маданият бирикмелери, коомдук уюмдар талапкерлерди көрсөтө алат жана жеке автор тарабынан да сыйлыкты изденип алууга поэзиялык чыгармаларын көрсөтүүгө укуктуу.
  4. Сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссияга республиканын белгилүү акындары, жазуучулары жана сынчылары тартылат.
  5. Адабий сыйлыкты ыйгаруу комиссиясы тарабынан сыйлыкка көрсөтүлгөн адабий чыгармаларды Жобого ылайык кабыл алуу, талдоо, тандоо иштерин жүргүзөт.
  6. Комиссиянын курамы беш кишиден түзүлүп, тизмеси Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын буйругунун негизинде жарыяланат.
  7. Комиссия өз ишин комиссиянын толук курамы менен жыйын өткөрүп, комиссиянын чечими комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушу менен кабыл алынат.
  8. Адабий сыйлык ыйгарылган акынга Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты наамы ыйгарылып, күбөлүк, Алыкул Осмоновдун элеси түшүрүлгөн төш белги жана акчалай сыйлык тапшырылат.
  9. Сыйлыкты изденип алууга комиссия мүчөсүнүн чыгармасы көрсөтүлсө, анда ал чыгарманы кароого жана макулдашууга комиссия мүчөсү катарында катышпайт.
  10. Адабий сыйлыкка чыгармаларды көрсөтүүнүн, кабыл алуунун мөөнөттөрү,шарттары Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу тарабынан белгиленип мезгилдүү басма сөздөргө, социалдык тармактарга, сайттарга жарыяланат.
  11. Адабий сыйлыкка көрсөтүүгө төмөнкүлөр кабыл алынбайт:

– Талапкерге мурда бул чыгармасы үчүн ар кандай сыйлыктар ыйгарылган болсо.

– Комиссия тарабынан мурда каралып колдоого ээ болбогон адабий чыгарма.

– Жалпы тиражы 500  (беш жүз) нускадан кем санда китеп болуп жарык көргөн чыгарма.

  1. Адабий сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун башкармасынын президиумунда бекитилет.
  2. Сунуштар 2024-жылдын 10-октябрынан 10-ноябрына чейин кабыл алынат.
  3. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы 100 000 сом өлчөмүндө белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу тарабынан иштелип чыккан долбоордун негизинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин каражатынын эсебинен эки жылда бир жолу 12-декабрда Улуттук адабият күнүндө тапшырылат.
  4. Сунуштарды төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.

Бишкек шаары,Эркиндик бул. 54, КР Улуттук жазуучулар союзу,

Байланыш телефону: 0312 62 39 24, 0554 94 90 20

About the author

Жазуучулар Союзу