Сабырдуулук
* * *
Кудай Тааланын токсон тогуз атынын бири – сабыр. Демек, сабырдуу болуу – актыкка жетүүчү жолду тандап алуу. Биз барга да, жокко да, ачка да, токко да сабыр-канаат кылуу менен адамдык аброюбузду түшүрбөй жүрүп ийгиликтерге жетишебиз. Бекеринен ата-бабаларыбыз: «Сабыр түбү сары алтын»,– деп айтпаган чыгар. Сабырдуу адам көп нерсеге жетишет. Оор басырыктуу, токтоо болот. Бирөөгө ойлонбой туруп сөз бербейт. Кызуукандыкка алдырбайт. Ушак-айың сөздөргө алынып кетпейт. Бирөөлөрдүн артынан кыянат сүйлөбөйт. Көп нерсеге кечиримдүү болот.
* * *
Сабыр күтпөй жашагандарды бесабыр, сабыры жоктор, сабырсыздар деп коюшат. Андайлар ар кандай кесепеттерге дуушар болушат. Кыял-жоругу жүрүп олтуруп жеңил ойлуулукка, жел өпкөлүккө, өзүм билемдикке, чыдамсыздыкка алып келет. Менменсинүүнүн оорусуна чалдыгып, бараткан туура багытынан адашат. Кылган ишинен майнап чыкпай калат. Эл алдында абийирин жоготот. Ушундай болорун билип туруп анан неге биз сабыр күтпөйбүз? Неге жердей оор, тоодой бекем болбойбуз?
* * *
Мен жашаган айылда сабырсыздыктын кесепетинен бирөө үйүн өрттөп, аялынан ажырады, бирөө уулун үйдөн кууп жиберди, бирөө машинасын катуу айдап бара жатып көз жумду. Кылмыш кылып түрмөгө түшкөнү канча, шаарга барып бузулуп кеткен кыздар канча. Каниет-топук кылуу жоголду. Ошонун айынан ыйман ыдырап барат. Ынтымак кетип, улуттун бедели жерге түшүүдө.
* * *
Сабыр күтүүнүн ар кандай ыкмалары бар. Аны адам акырын үйрөнүп алса болот. Мен ошондой бир ыкманы айтып берейин. Көз алдыңа Күн чайыттай тийип тургандагы кичинекей көлмөнү элестет, үлп эткен жел жок. Көлмөнүн үстү мемиреп тып-тынч. Ошол көлмөгө бир кичинекей ташты ыргытсаң үстүндө жыбыраган майда толкундар пайда болот. Аны бир аз сабыр кылып күтүп турсаң, майда толкундар жээкке барып өчүп, бир аздан кийин көлмө мемиреп тыптынч болуп калат. Мемиреп, жан дүйнөң тыптынч болуш үчүн сабыр күт. Сабырың болбосо, жан дүйнөңдү кыйнаган кандайдыр бир ой-санаа сага эч бир тынчтык бербейт. Жүрөгүңдү жанагы көлмөгө түшкөн таштай толкундатып кыйнай берет. Бир аз сабыр кылып тур.
Толкундардын өтүп кетишин, жээкке барып өлүшүн күт. Ошо кезде сен кайрадан мемиреген көлдөй болуп каласың. Демек, сабырсыздык жаныбызды жай таптырбас алаамат күч экен да. Ал акылыбызды адаштырып, оюбузду чакчелекей кылып кетчү бекасиет нерсе.
* * *
«Шашкан шайтандын иши», – дечү энем. Кийин чоңойгондо бул сөздүн маанисин билдим. Көрсө, бул сөз ар кандай кесепетке, азгырыкка, оңтойсуз абалга калбайын десең шашылба, акыл калчап иш кыл, сабырдуу бол деген маанини берет экен. Эмне себептен улгайган адамдар: «Балам, бышкан ашты таштап кетпе. Ооз тий. Ырыс-кешигиңди калтырба», – дешет. Бул жөндөн-жөн айтылган сөз эмес.
Ошондой учурда сабыр күтпөй шашылып жөнөгөн адамдардын канчасы сапарга баратып кырсыкка учурашууда. Ушундай майда нерселердин түбүндө чоң сырлар жатат.
* * *
Ар бир нерсенин убакты-сааты, жүзөгө аша турган мезгили бар. Шашкалактай бергенден эч кандай майнап чыкпайт. Убакты-сааты келгенде сен канчалык далбас урбагын чечиле турган маселе өзүнөн өзү чечилет, чечилбей турган маселе башыңды ташка урсаң да чечилбейт. Ошондуктан убакыттан, мезгилден өтөр нерсе жок. Ийгиликтин келишин сабыр кылып күт. Жакшылык менен, жакшы аракеттер менен гана агын суу агып келет. Арыгыңды тазала.
* * *
Сабыр кылсаң эккен көчөтүңдүн мөмөсүн жейсиң. Сабыр кылсаң алтын аяктан суу ичесиң. Сабыр кылсаң кучагың гүлгө толуп, эмгегиңдин үзүрүн көрөсүң. Сабыр кылсаң эч ким жеталбаган бийиктикке жетип, асманга колуңду тийгизесиң. Сабыр кылсаң жан дүйнөңдө сыйкырдуу ыргактар жаңырып, баскан жолуңа атыр гүлдөр төшөлөт.
* * *
«Шашылган кыз эрге жетинбейт, жетинсе да этек-жеми жерге жетинбейт» деген макалдын мааниси сабырдуулукка барып такалат. Эгер кыз өз абийирин сактабаса, ата-энесинин ыраазычылык батасын албай, өзүм билемдикке салып каада-салтты тебелеп-тепсеп күйөөгө шашылып качып кетсе, анын акыбети дайым эле жакшы боло бербейт. Эртеби-кечпи бармагын тиштейт. Өмүр соодасына жеңил баа бергендердин турмушу оңолбойт. Аягы өкүнүч менен бүтөт. Бойго жеткен кыздар, сабыр күткүлө, сабыр кылсаңар акырында ханышага айланасыңар.
* * *
«Сабыр күтүп жүрсүн деп, сабыр берген бир Алла,
сабыры жок адамга, жабыр берген бир Алла», – деп ырдаган экен Туяк ырчы. Бул ырчыдан артык сөз айтуу кыйын. Мындай поэзияда уйкаш да, философия да өз чегине жеткендей туюлат. Чын-чынына келгенде сабырсыздыктын кесепетинен өлкөбүз ар кандай кризистерге кабылып, кадрлык башаламандыктар үстөккө-босток орун алып, азырга чейин айкын жол табалбай башыбыз маң болууда. Күндөн-күнгө, жылдан-жылга карапайым элдин башына түшкөн жабыр күчөгөндөн-күчөп баратат.
* * *
Ката кетирбейин десең сабыр күт. Сабырдуулук даанышмандыктын белгиси. Караңгы туюкка кабылбайын десең сабыр күт. Сабырдуулук акылдын чырагы. Азгырыкка кирип кетпейин десең сабыр күт. Сабырдуулук – ыймандын күзгүсү.
* * *
Ар бир адамга Алла Таала жетиштүү ырыскы, бак-таалай, тагдыр берген. Эч кимди эч нерседен кур жалак калтырган эмес. Бирок ар нерсенин өзүнө жараша ишке аша турган пурсаты, чен өлчөмү, мөөнөтү болот. Ошонун келишин жанталашпай, күйпөлөктөбөй, өпкөнү колтукка кармап албай, чабалактабай күтүш керек. Жан дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүрүш керек эмес. Сабырсыздык адамды арбап салат. Түн уйкуңду качырат… Жүрөгүң кысылат, сөз көтөрбөй бармагыңды тиштейсиң, чын тийбес болуп каласың. Нерв ооруга жолугасың. Ичкен ашың аш болбойт. Өзүңдөн өзүң гаш болуп көңүлүң чөгө берет. Бирөө сени сөөмөйү менен көрсөтүп сөз кылып жаткандай туюла берет. Сабырсыздыктын түбү алпарып акыры ойлонулбаган иштерге дуушар кылат. Ошондо өкүнөсүң, бирок кеч болуп калат…
* * *
Дилиңди бузуп, оюңду алагды кылып, ыйманыңды тебелеп-тепсеген мына ошол сабырсыздык. Мындан кутулуунун жолу барбы? Албетте, бар. Адам ар дайым өзүн өзү көзөмөлдөп, ар кандай азгырыктардан сактап, напсисин тыйып, обу жок кумар-каалоолордон качып Алла Тааланын жолунда түз жүрүү керек. Эң оболу тилди, көздү, жүрөктү тыйган жакшы. Жалаң жакшылыкты ойлоп, тунук сезимдердин ээси болуп, жакшы амалдарды жасоо керек. Жолум ачылсын деген адам сабырдуулукту туу тутуп, аны менен достошкону дурус деп ойлоймун