Сабактын бүтөрүнө беш мүнөтчө калган. Эжеке мурдунун учуна түшүп калган көз айнегин жогору түртүп:
— Балдар, эртең чогулуш болот. Бардыгыңар ата-энелериңер менен келишиңер керек, курулай шылтоолоп, «колу бошобой калды, иши чыгып калыптыр»,— деген сөздөр болбосун,— деди. Анан эжей мени бир карап алды да сөзүн улантты: —Асанкулов, сен да эсиңен чыгарба, өткөндөгүдөй шылтооңду койгун, сүйлөштүкпү?— деп өзгөчө белгилеп койду.
Аңгыча коңгуроо кагылды. Балдар жанатан бери ушуну эле күтүп тургандай эжейдин сөзүн аягына чыгарбай, бири-бирин жаалап сыртка чу коюшту. Мен партадан көңүл кош турдум.
— Асанкулов, сен эмне, ооруп калгансыңбы? Ырайың да бир башкача.
— Жок, түзүк элемин,— ооз учунан үн каттым, добушум каргылданып кетти.
— Анда эмнеге маанайың пас. Же эртеңки чогулушта ата-энеме жамандайт деп чочуп атасыңбы? Кудайга шүгүр, окууң жаман эмес. Экинчи чейректи жалаң «бешке» аяктадың. Тарбияң болсо үлгү аларлык. Окуучулардын баары сендей болсо…— Эжей ак сөзүн бул жолу да жашырбады.
— Атаң сөзсүз келсин, Асанкулов,— деди эжей класстан чыга берип.
— Эже, менин атам…
Эжей сөзүмдү укпай калды. Класстан чыгып кетти.
Тышка чыктым. Сабырым суз. Негедир эжейдин эмелеки класстан чыга берип: «Атаң сөзсүз келиш керек»,— деген сөзү кулагымдан кетпей койду. Сиркем суу көтөрбөй, санаам санга бөлүнүп ойлуу бараттым.
— Ашым!— Бердаалынын тааныш үнү оюмду бузуп кетти. Ал мага карай басып келди:
— Ай, ушу жаңы эжейдин чогулушу көкөйүмө тийди. Күн алыс эле чогулуш, чогулуш… Тажап да бүттүм, —деген Бердаалы жолдо жаткан консерванын бош банкесин кериле туруп бир тепти да: — Балдар, эртең ата-энелердин чогулушу болот, — деп мурдун чүйрүп, эжейди туурап кирди. — Эртең чогулушка атам келсе, эжейибиз көз айнеги менен атамды теше тиктеп: «Жолдош Касымов, сиздин уулуңуздун окуусу жаман, жүрүш-турушу начар», — деп ошончо адамдын арасында кызартса ээ. Атамдын андай абалда калышын каалабайм.
— Атаңдын уятка каларын билсең,— деп сөзүн бөлдүм,— жакшы оку да.
— А-ай,— Бердаалы колун шилтеп, сөзүмө этибар бербеди.
— Айтчы, өзүң кимди ээрчитип келесиң?— Жооп күтпөй эле кайра бакылдады: — Сага ким келсе да баары бир. Мактоо уккандан ким тажасын. Окууң жалаң «беш».— Ал далымды таптап чыйт түкүрүнүп койду. Кеп-сөз менен болуп Бердаалы экөөбүз жолдун айрылышына жетип калганыбызды туйбай калыптырбыз.
— Бодуптур эмесе, Ашым. Эртеңкиге чейин. Үйгө барайын,— деди Бердаалы.
Экөөбүз кош айтышып, эки башка көчөгө түштүк. Кыялыма алда-немелер келип, кадамымды оору адамдыкындай араң шилтеп, үйгө кеттим. «Атам бүгүн ичпей келсе экен», «Соо келсе экен» Деген ой жан-дүйнөмдү жанчат. Апам короо шыпырып жүрүптүр. Атамдын мушунан улам көгөргөн көзүн ириң тээп кетиптир. Апамды ичимен аяп, жүрөгүм сыздай түштү.
Кийинки күндөрү атам көп иччү болду. Айыл аксакалдары, тууган-туушкандарыбыз жөнгө салабыз дешип жаман-жакшы да айтып көрүштү. Алардын кеп-кеңеши кулагынын сыртынан кетти. Бирин да уккан жок. Коңшубуз Жолон чоң ата да атамды кейип-кепчип, тыйымыш эткен болду:
— Сарыгул уулум, сен эмне элден чыгып баратасың? Элдин баары нааразы. Биздин журтта сендей аракеч болгон эмес. Журтка шерменде кылдың го. Эл бетин карай албай калдык. Кекиртегиңди тыйсаң боло. Арак ичпей балээ ичкир десе!— Жолон чоң ата башка сөзгө келбей үйдөн чыгып кеткен. Ошондон бери үйүбүзгө жан басып келбейт. Туугандар эбак кол үзүшкөн. Сыягы элден бөлүнүп калдык.
Бирок апам экөөбүз бул үйдөн кете албадык. Кантсе да, өз коломтоң өзүңө мисир эмеспи. Ушул үйдө апам-атам баш кошуп, бирге түтүн булатып келатышат. Бул үйдө мен төрөлгөм. Ошондуктанбы, айтор үйүбүз мага ыйык.
— Апа, атам келдиби?— дедим.
— Жүргөндүр дагы бир жерде, уу ичкир! Эмне эле мынча безеленип келип-келбей атаңды жоктоп калдың?— Апам жактырбагандай ормоё карады. Күн алыс атамдын кордугун көргөн апамдын сөзү да кийинки күндөрү ушундай ачуулуу чыгып калган. Кантсин, анан…
— Эртең ата-энелер чогулушу болот экен. Эжейибиз ата-энелериңер сөзсүз келсин деди. Сиз барасызбы?
— Макул, барайын, мектебиңерге мага суутуп койгондур. Ушу кебетем менен барайынбы, ыя?— Апам чорт тие, кечеги атамдын муштумунан улам көгөрүп чыккан көзүн көрсөттү.
Байкабай сүйлөп жибергениме ичимен сыза тим болдум.
Ошо тапта өзүнчө эле сөгүнүп, эскилиги жеткен дарбазаны тарсылдата койгулаган атамдын ачуу үнү чыкты.
— Эй, катын! Ач эшикти! Ыя, атаңды… сенин! Бол дейм, бачым…
Атамдын ач айкырыгынан бүткөн боюмду калтырак басты. Анын көндүм болуп бараткан жоругунан эсим чыгып калган. Чарпаянын далдоосуна пааналап турам.
Апам дарбазаны ачты.
Атам апама бир айкырып алды да, чалыштап алдыга кадам таштайм деп барып, тамтуң баскан баладай бир мүдүрүлүп алды.
— Э, арак ичпей уу ичкир! Кекиртегиңди тыйсаң боло. Сенин айыңан түзүк күн көрбөдүк,— апам наалып алды.
— Атаңдын чокусу, үнүңдү бас!— Өмгөктөп тура берип, ач карышкырдай айкырган атамдын үнү таш жарды. Боюн түзөп, ордунда тура албай ыргалып: — Же, сол көзүңдү да чыгара коёюнбу!— Апама карай муштумун түйө жүткүндү.— Бу сапар атамдын муштуму жаза жетип, тамтаңдай түштү. Муунум калчылдап апамды калкалай тура калдым. Атам селт этти. Коёндун көзүндөй бакырая тиктеп турган мага сакалдары түксүйгөн атам ызырына карады. Көзүмдүн кычыктарынан жаш кылгыра, эриндерим титиреп, буулуккан ыйымды баса албадым:
— Аа-аа-та! Эм-мм-неге ичесиң! Ичпечи, атаке, атакебайым… Бизге күн көрсөтпөс болдуң го?! — Атамды кучактап боздоп жибердим. Өпкөм көнөктөй эреркей түштүм. Бозала чаң болгон кийимин күүп жаттым. Атам көз жашымды барк албады:
— Бар, сен калдың эле мага акыл үйрөтпөгөн! Атаңдын оозун урайып бокмурун десе! — Атам ачуусу менен катуу түрттү. Ордуман эки кадамдай арыга ыргып кеттим. Ызама чыдабай үнүмүн барынча өңгүрөп ыйлап жибердим.
— Үнүңдү өчүр, итке окшобой! Мен өлгөндө ушинтип өңгүрөгүн, билдиңби? Мен өлгөндө! Эл! Эл!.. Эл деп коёт. Атасынын көрү, алардын баарын урдум! Каалагандай, чардайм, ичип-жейм. Менин оозуму тыйгыдай алардын теңгеси кетип жаткан жок!
* * *
Эртеси эртең менен мойнунан байлаган немедей, мектепке жөнөдүм. Мектепке эки көзү көгөргөн апам байкуш узатып чыкты.
— Уулум, чогулушуңа да бара албай калдым. Капа болбо. Өзүң көрүп турасың го… Атаңдын кылык-жоругу болсо бу, каралдым. Экөөбүздүн бешенебизге кудай ушуну жазган турбайбы. Бар, бара кой, уулум,— деп апам жоолугунун учу менен көз жашын аарчып калды.
Мектепке келсем ата-энелердин чогулушу эбак башталып калыптыр. Мен кирүүгө батына албадым. Класстын ичинен эжейдин үнү даана угулуп жатты…
Көзүмөн жашым тегеренип эшикке жөлөнүп сыртта турдум. Ооба, сыртта турдум, ата. Сиздин азабыңыздан ушул абалга туш келип олтурам. Эжейиме эмне дээримди билбейм? Же дагы жалганчы болуп каламбы?!
Класстан эжейдин үнү даана угулуп жатты:
— Асанкулов Ашымдын ата-энеси барбы?— Эжейдин үнү кулагыма чагылгандай шак дей түштү.
Эжей дагы бир ирет кайталап алды:
— Асанкуловдун ата-энеси келдиби? Өзү кайда?
— Келген жок!— деген үндөр олтургандардын тобунан угулду.
— Урматтуу ата-энелер, Асанкуловдун үйүнөн эч ким келбей калыптыр. Бирок ал бала жөнүндө айта кетейин. Асанкулов окуунун отличниги. Окуусу жалаң беш. Жүрүш-турушу да үлгүлүү. Ушундай балдарды тарбиялап өстүргөн ата-энелер менен сыймыктанабыз! Терең урматтоо менен ыраазылыгыбызды билдиребиз…
Мен далисте каректеримен жаш агызып, эжейиме эмне деп айтаарымды билбей турдум…