Б.Усубалиев :”Жүз жылдар кийин не болот, же дагы бир жолу адамдык трагедия жөнүндө”

Изденүү, 

Табылга,

Изденүү                                                                                                                                                                Бейшебай Усубалиев

Менин он эки саптык ырымды Бейшебай 60 бетке чукул талдоого алыптыр. Бейшебайдын талдаганын окуп отуруп, өзүмдүн ырымды өзүмдүн жазганыма да шектенип калдым. Ал мен ойлобогон көп нерселерди алып чыгыптыр. Өмүр бою ыр жазып келатсам да, ырдын мынчалык кыйын, оор экенин сезбепмин.

(Сүйүнбай Эралиев; “Кутбилим” гез., 1995-ж., январь)

 

Жүз жылдар кийин не болот,

же дагы бир жолу адамдык трагедия жөнүндө

Өткөн макаламда (“Алыкулдун “Жибек кийген эрке кызы”, же адамдын адамдык трагедиясы”, “Ала-Тоо”, 2019, №6, 127-153-б.) мен залкар талант Алыкул Осмоновдун “Жибек кийген эрке кыз” аттуу ырына лингвопоэтикалык илик жүргүзүү аркылуу адам баласынын адамдык трагедиясы тууралуу кеп козгогон элем. Бул жолу да дагы бир залкарыбыз Сүйүнбай Эралиевдин “Жүз жылдар мындан кийин да” аттуу ырын талдоого алуу менен, дагы бир жолу адамдык трагедия жөнүндө айтууга мажбур болуп отурам.

Талдоого өтүүдөн мурун стилистикалык иликтин багыты, тиби жөнүндө бир-эки ооз сөз.

Адатта, көркөм кепти талдоодо эки ыкма же багыт колдонулуп жүрөт: 1) башкы идеядан формага келүү; 2) формадан идеяга келүү. Биринчи ыкмада а дегенде чыгарманын негизги идеясын божомол түрдө бөлүп көрсөтөбүз да, андан кийин көркөм тексттеги тилдик (фонетикалык, лексикалык, грамматикалык) каражаттарга назар буруп, талдоону улантабыз. Мында ар кандай натыйжага жетишибиз толук ыктымал: же а дегенде божомолдогон идеябыз бекемделип ырасталат, же аны танып, жаңы божомолду сунуш кылуу менен, кайрадан иликтөөгө өтөбүз. Иликтин экинчи тибинде биздин багытыбыз өзгөрөт, б.а., формадан идеяны көздөй кетебиз. Мында көркөм текстти бүкүлү бойдон, же анын бир бөлүгүн алабыз да, андагы бир караганда эле көзгө дароо урунган, өзүнөн өзү эле бөлүнүп турган каражаттарга (айталы, улам-улам кайталанган сөздөргө; метафора, салыштырууларга; сөздөрдүн өзгөчөлөнгөн орун тартибине; ыргак менен ыр өлчөмүнүн өзгөрүшүнө ж.б.) назар бурабыз да, аларды контекст, андагы башка бир өзгөчөлүктөр, каражаттар менен салыштырып, тигилерди колдонуунун себебин териштирүүгө келебиз, акыры бул аркылуу чыгарманын негизги идеясын аныктайбыз. Анан а дегенде эле көзгө чалдыккан өзгөчөлүктөр менен кийинки салыштыруудан табылган өзгөчөлүктөрдүн, каражаттардын бүтүндөй көркөм тексттеги ордун (ролун) карайбыз. Албетте, бул эки типте тең эле биз мазмун менен форманын, бүтүн менен бөлүктүн биримдигин ачып берүүгө умтулууга тийишпиз.

Көркөм текстти иликтөөнүн аталган эки ыкмасы өз жемишин бербей койбойт, алардын ролун тануу туура эмес. Бирок биз лингвопоэтикалык иликти көздөп жаткан соң, экөөнүн бирөө менен гана чектелүүгө болобу – кеп ушунда. А дегенде эле айтарым: тигил же бул көркөм текстти иликтөөгө киришкен илимпоз андагы өзүнөн өзү эле оркоюп көрүнүп турган өзгөчөлүктөргө биринчи көңүл бурат дегенге мен түк ишенбейм, ким болбосун текстти окуп жатканда анда эмне ой айтылгандыгын, жалпы идеяны табууга далалат кылат, аны, баарыдан мурда, ушул ой кызыктырат. (Баса, айрым көркөм текстте өзүнөн өзү эле оркоюп көрүнүп турган тилдик өзгөчөлүктөр учурабай калышы да мүмкүн эмеспи.) Муну туурабы, туура эмеспи, айтор, өз деңгээлиңе жараша түшүнгөн соң, максатына ылайык талдоого өтөт: же идеяга өзгөчө назар бурат да, каражаттар көз жаздымда калат; же идеяны чарпып өтөт да, каражаттарды терең талдоого далалаттанат; же экөөнү эриш-аркак карап, чыгарманын бүтүндүгүн, жумурулугун, жалпы эле көркөмдүк-идеялык дөөлөтүн ийне-жибине чейин иликтөөгө умтулат. Демек, биз эки багытты ой жүзүндө гана бөлүп алганыбыз менен, практикабызда таптакыр бөлүп карай албайбыз, буга көркөм чыгарманын өзүнүн табияты жол бербейт. Айталы, чыгарманын идеялык мазмунун ачып берүүнү максат кылган көп эле изилдөөлөрдү учуратып жүрөбүз (муну адабий сын деп коёлу), алар деле өздөрүнүн оюн бекемдөө үчүн андагы тилдик каражаттардан буйтап өтө албайт, жок эле дегенде каармандардын кебине, пейзаждык сүрөттөөлөргө кайрылууга мажбур болот. Ал эми тигил же бул бүкүлү чыгарманын тилине, а түгүл андагы бир эле каражатка (мисалы, салыштырууга) чылгый лингвистикалык талдоо жүргүзүүнү көздөгөн тилчи деле текстти окуп, түшүнүп чыгат да, анан салыштыруунун эмне үчүн жыш колдонулуп жатканын териштирет, аны чама-чаркына жараша чыгарманын жалпы идеялык мазмуну менен байланыштырып кароого аргасыз болот. Мен бул аркылуу же адабий, же чылгый лингвистикалык иликтин ролун жокко чыгаргым келбейт, ар бири өз максатына ылайык зарыл, бирок кайсы бир бүтүн көркөм кепти (чыгарманы) талдоого алып, анын эстетикалык дараметин ачып берүүгө далалаттанып жаткан соң, колдон келсе лингвопоэтикалык талдоону (б.а., лингвистикалык, адабий, стилистикалык, психоэстетикалык талдоолорду эриш-аркак) туу тутканы максатка ылайыктуу. Анда белгилүү акыныбыз Сүйүнбай Эралиевдин “Жүз жылдар мындан кийин да” аттуу чакан ырына кезек берели:

Жүз жылдар мындан кийин да

Жүз жылдар мындан кийин да

Бул тоолор минтип турушат,

Анда да бизче адамдар

Карыбас үчүн тырышат.

 

Жүз жылдар мындан кийин да

Сүйүүлөр болот ушундай.

Ушинтип жерге жаз келип,

Ушинтип чыгат ушул ай.

 

Жүз жылдар мындан кийин да,

Дарактар желге ыргала

Шуудурап турат ушинтип…

Биз жокпуз анда бир гана.

 

Ырдын болгону – ушул. Окуп чыккан соң өзүңдөн-өзүң эле момундай суроого кабыласың: көркөм чыгармада негизги нерсе эмне – ойбу (мазмунбу), же ойду ишке ашыруучу каражаттарбы, деги эле мазмун менен форманын карым-катышы кандай? Көркөм каражат деген эмне, анын көркөмдүк кудурет-сыры эмнеде жатат? Албетте, көркөм чыгармада, баарыдан мурда, адамды түйшөлтүүгө мажбурлаган ой (идея) болууга тийиш экендиги белгилүү. Бирок кайсы гана акынды же жазуучуну албайлы, алардын баары тең эле дайыма салмактуу, терең ой айтууга далалат кылат эмеспи. Алсак, идеясы жагынан жогоруда келтирилген ырга окшош ырларды мен кыргыз поэзиясынан көп эле учураттым. Ошентсе да бул ыр (арийне, мен муну Эралиевдин поэзиясынын туу чокусу деп кароодон алысмын) аларга караганда кандайдыр бир өзгөчө таасир калтыргандыгын, ырды окуп бүткөн соң каңырыгым түтөп, жан айламды таба албай калгандыгымды жашыргым келбейт. Демек, акын мага мурдатан эле жадыбалдай жат ойду дагы бир жолу кайталаса, бирок ал башкаларга салыштырмалуу өзгөчө бир таасирге ээ болсо, анда кептин баары ойдо эмес, анын берилишинде, б.а., формасында экен да. Азырынча ушундай бүтүмгө келели да, жалпы эле көркөм каражаттарга байланыштуу бир чындыкты ортого сала кетели. Метафора, салыштыруу ж.б.у.с. троптун түрлөрү жана стилдик фигуралар, эмоционалдуу сөздөр жыш учураган көркөм текстти талдоо анча деле кыйын эмес, анткени аталган көркөм каражаттар мен мындамын деп өзүнөн-өзү эле үстүнө калкып чыгат, натыйжада, биз аларды шып эттире илип ала коёбуз да, көркөм тексттин көркөмдүк күчү мына ушунда жатат деп бүтүм чыгара салабыз. Чын эле, андай тексттин көркөмдүк кудурети кээде дал ошол биз бөлүп көрсөткөн каражаттарда болуп чыгат. Ал эми мындай калкып турган “каймагы” жок, көк сүт сыяктуу эле баары мелтиреп турган, б.а., келди-кетти, барды-келди сыяктуу күн сайын колдонулуп жүргөн сөздөрдөн куралган, бирок эстетикалык дөөлөтү боюнча кимди болбосун селт эттирип түйшөлткөн ырлардын көркөмдүк кудурети, каражат-сыры эмнеде жаткандыгын ачып берүү өтө татаал. Ошондуктанбы, кыргыз адабияты боюнча окуу китебиндеги көркөм чыгарманын тилине арналган темаларга факты-материалдар катары көбүнчө троптун түрлөрү мол колдонулган тексттер гана тандалып алынганына күбө болобуз.

Бул жагынан алганда, мен талдоо жүргүзүп жаткан ыр “көк сүттөрдүн” катарында, а түгүл ана башында турат. Тактап айтканда, андан бир да жалтыраган кооз сөздү, эсти эңгиреткен таамай салыштырууну, өзгөчөлөнгөн, а түгүл кадыресе метафораны, ички сезимди билдирген эмоционалдык сөздөрдү учуратууга болбойт. Айрым сөздөрдүн орун тартибинин өзгөргөнүн (бул ырдын стихиясы эмеспи) эске албаганда, ырдын синтаксистик курамы деле анча өзгөчөлөнбөйт, а түгүл бир караган адамга прозадан деле анча алыстап кетпегендей туюм калтырат. Ал эми чу дегендеги эле уйкаштык (турушат – тырышат) тапталып бүтүп, канга сиңип калгандыгы менен адамды иренжитип коюшу да ыктымал. Мындан сырткары, чылгый тилчи тоолор турушат деген сөз айкашын стилдик жактан териштирип, оркойгон ката деп таап, белгилүү акындын мындай калпыстыгына таңданары бышык. Деги эле –ыш мүчөсү поэзияда түгүл, ойдун тактыгына жана кептин угумдуулугу менен музыкалуулугуна доо кетирип коёрун көп эле учуратып жүрбөйбүзбү. Ушундай “өксүктөрүнөн” улам бул ырда тумандуу, шумдуктуу ой деле жок, мурда эле кулакка сиңген ой, окуп берсең бешиктен бели чыга элек бала деле, бели бекчейген кары деле эч кыйналбай эле түшүнүп, бир селт этип алат. Анан аргасыздан ойлоп кетесиң: тилдик чеберчилик дегениң жаңы бир нерсени, айталы, сөздү, салыштырууну ж.б. жараткандыкта эле эмес, жаңы нерсе жаратпагандыкта да турбайбы, көрсө, эч бир жаңы нерсени ойлоп таппай туруп эле, көп нерсени жаратса, дааналап айтканда, дал ошол жаңы нерсени ойлоп табууга болот көрүнбөйбү. Бул парадоксалдуу көрүнүштүн сыры момундабы дейм: кимибиз болбосун сөзгө ушунчалык алданабыз, б.а., ар бир сөздү, өзгөчө көп колдонулган сөздү ийне-жибине чейин түшүнүп, бардык маанилеринде колдонууга жөндөмдүүбүз деп ойлойбуз, а түгүл бул сөздүн мынча мааниси бар деп, ар бир маанисин сөздүктөрдө бөлүп көрсөтүп да жүрөбүз.

Чын-чынына келгенде, бул – жөнөкөй гана иллюзия, анткени ар бир сөз – жандырмаксыз табышмак, түгөнгүс казына, канчалык казган сайын, ошончолук тереңдей берет, тактап айтканда, ар бир сөздө толук ачып берүүгө кудуретибиз жетпеген чексиз мүмкүнчүлүктөр жашырынып жатат. Тилдик каражаттардын али туюла элек, баамдала элек мүмкүнчүлүгүн ачуу үчүн зор чеберчилик зарыл, мында тилдик туюмдун чапчаңдыгы жетишсиздик кылат – дүйнөнү өзүнчө көрө билүү кудурети болушу керек. Буга жарактуу акын же жазуучу жөнөкөй эле ыкма аркылуу, б.а., ар бир сөздү өз ордуна колдонуу менен, анын биз туя элек мүмкүнчүлүгүн ачып, эскиден жаңыны жаратып таштайт. Бирок орду менен колдонуу деген сыртынан өтө жеңил туюлганы менен (сөздү маанисине ылайык колдонсом эле болду да деп ойлойбуз да), мындан өткөн машакат жок, анткени поэтикалык ойдун жаңылыгы дал ушуну менен тикеден-тике байланышта болуп турат, ошондой эле көркөм чыгармада сөздү орду менен колдонуу деген, адабий тилдин көзү менен караганда, көбүнчө туура эмес колдонуу деген түшүнүккө дал келип калат. Айтор, ааламды ала салдырган чыгаан акын да дайыма эле поэтикалык тилдин нукура, чыныгы техникасына ээ боло бербейт. Бул – биринчиден. Экинчиден, биз көбүнчө дагы бир иллюзияга кабылып жүрөбүз: көркөм чыгарманы асмандан дапдаяр бойдон түшө калган чындык катары кабыл алабыз, а ушул дапдаяр чындык кандай жетилет, даярдалат – буга назар бурбайбыз. Акыйкатта, көркөм чыгарма – бул даяр чындыкты гана эмес, аны куруу, жаратуу процессин да камтыйт. Андыктан анча элес албаганыбыз менен, бизге бир гана даяр ой, идея эмес, ошол ойду куруу, жеткирүү процесси да зор таасир калтырат. Бул жерде мындай эле бир жөнөкөй салыштырууну алалычы: спорттун кайсы түрүн албайлы,-футболду деп коёлучу, – биз үчүн, негизинен, анын натыйжасы (результаты) башкы орунда турары белгилүү: ар бирибиз өзүбүз күйөрман болгон команда утса деп эңсейбиз. Бул жагынан алганда, биз оюнду көрбөй эле, результатын угуп койсок деле жетиштүү болмок да. Бирок бизди кантип ойногону, кандай ык-амалдарды колдонуп келип, гол киргизгени, кыскасы, оюндун жүрүү процесси өзгөчө кызыктырып жатпайбы. Мына ушул жагдайларды эске түйүү менен, ырыбызга кайрылып келели.

Жалтырак сөздөрдөн кол жууган бул ырдын көркөмдүк дөөлөтү тууралуу сөз кылганда, чу дегенде эле ыргак баамга урунат, анткени мында ыргак ырдап, өзүнөн өзү эле күү чалып турат. Мен өйдө жакта ыргак жөнүндө көп эле айттым эле, анын баарын чубалжытып кайрадан кайталап отурбайын. Бир гана кошумчалаарым: сөз-образдардын ыргактык кыймылы аркылуу тил өзүнүн коммуникативдик функциясынан эстетикалык-көркөмдүк функцияга өтөт, ал эми ыргак – ырдын жаны, буга ынануу үчүн аталган ырды кара сөзгө айландырып көрөлү: “Мындан жүз жылдар кийин да бул тоолор минтип турушат. Анда да адамдар карыбас үчүн бизче тырышат. Мындан жүз жылдар кийин да сүйүүлөр ушундай болот. Жерге жаз ушинтип келип, ушул ай ушинтип чыгат. Мындан жүз жылдар кийин да дарактар желге ыргала, ушинтип шуудурап турат. Анда бир гана биз жокпуз.” Көрүнүп тургандай, ырдын лексикалык жана морфологиялык составына бир да алымча-кошумча киргизбедим, б.а., прозага жарым-жартылай гана айландырдым. Бирок, ошентсе да, ушул кейпинде эле ырда образдардын ыргагы аркылуу берилген автордун тынчсыздануусу менен арман-үшкүрүгү суу сепкендей жалп дей түштү да, мурунку таасиринен (көркөм дөөлөтүнөн) ныпым кол жууп, кургак информациянын деңгээлинен жогору көтөрүлө албай калды. А түгүл ал стилдик жактан да оркойгон мүчүлүштүккө учурап, дыкаттык менен кайра редакциялоону талап кылып да турат. Албетте, прозага айландырганда кайсы гана ыр болбосун өзүнүн поэзиялык маңыз-насилин жоготору бышык, анткени сөздөрдүн орун тартиби өзгөрөт да, буга ылайык сезимди, анын кыймылын берип турган негизги каражат-образдардын орун тартиби да – өзгөрүүгө дуушар болот. Мындай көрүнүш бүтүндөй эле поэзияга таандык болсо да, мен аталган ырда ыргак өзгөчө орунга ээ дээр элем. Бул жагынан алганда, ыргактын өз ордун тапкандыгын, кандайдыр бир сырткы таасирден (күчтөн) эмес, а автордун маанайына ылайык анын сезиминен сыгылып чыккандыгын, кыскасы, ыргак менен автордук маанай бир-бирине төп келип тургандыгын белгилегим келет. Толук кандуу ар бир чыгарма автордун ички силкинүүсүн (ой-сезиминин кыймылын) берүүгө тийиш. Өйдөкү ырда образдардын ыргагы дал ушул ички силкинүүгө дал келет, ал ой-сезимдин кыймылын дал өзүндөй берип, бул аркылуу поэтикалык ой менен сезимге өзүнчө бир энергия чачып турат. Автордун маанайы өтө жумшак, карапайым жана сабырдуу, бирок ушул эле маалда өтө каардуу, б.а., арман менен үшкүрүккө жык толгон. Өтө каардуу нерсени өтө жумшак, жөнөкөй берүү менен, анын каардуулугун (таасирин) күчөтүү – чоң чеберчилик. Кыскасы, өйдөкү ырда автордук маанай өтө тымызын карама-каршылыктуу, мына ушул карама-каршылыкты ырдын ыргагы чырайына чыгарып турат. Мындан аркы талдоонун жүрүшүндө муну ого бетер бекемдемекчимин, бул үчүн ырдын идеясына кайрылалы.

Ошентип, идеядан формага келүүнүн кезеги жетти көрүнөт. Баарыбызга белгилүү, акын же жазуучу өзүнүн оюн (идеяны) образ аркылуу туюнтат, образдын өзү эле ой болуп калат, деги эле ойду образдар аркылуу туюндуруу көркөм чыгарманын маңыз-насилин түзөт эмеспи. Демек, идея менен образды бири-биринен ажыратып жиберүүгө таптакыр мүмкүн эмес, экөөнүн кан-жини аралашып, органикалык бир бүтүндүктү түзүп калган. Ошондуктан тигил же бул чыгарманын идеясы мына момундай деп арифметикалык так бүтүм чыгара салуу өтө кыйын, айталы, менин чакан эле аңгемем боюнча кимдир бирөө: “Бул аңгемеде не деген идеяны айтайын дедиң эле?” – деген собол таштаса, өзүм ал аңгемени жаратканыма карабай, мына муну айтайын дегем деп кайсы бир таза идеяны сууруп чыгып, алдына тарта салуу мен үчүн өтө оор, мен ар бир сүйлөмүнөн бирден, а түгүл эки-үчтөн идеяны сууруп чыгып, аңгемедеги окуяларды аңгемеден да көлөмдүү кылып тегиз санап берүүгө мажбур болорум шексиз. Экинчиден, образдар ар дайым конкреттүү болгон соң, алар жаратылыштын ар кыл кубулуштарын, турмуштун көп кырдуу жактарын ж.б. чагылдырат, мунун өзү образдардан автордук идеяны түрдүүчө сууруп чыгууну, көпчүлүк учурда бир эмес, бир нече идеянын жыйындысын чубап чыгууну шарттайт. Үчүнчүдөн, окурман чыгарманы окуп чыгары менен эле, андагы идеялар жеңил-желпи гана калкып бөлүнүп чыгып, анын мээсине өзүнөн өзү келип эле орноп калбайт: окурман өзүнүн турмуштук тажрыйбасына, көркөм табитине, көз карашына ылайык көркөм чыгармага авторлош болот, андагы идеяны активдүү түрдө, чыгармачылык менен издеп, аны образдардан өзү чубап чыгат. Бул болсо бир эле чыгармадан ар башка окурман, Алыбек алына жараша дегендей, ар түрдүү идеяны көрүп, ар башкача баалоосуна жол ачат. Баса, айрымдар эчтеке түшүнбөй, эч бир идеяны сууруп чыга албай, эмнени тантыраган деп күңгүрөнүп, чыгарманы ыргытып жиберери да айдан ачык.

Мына ушул жагдайларды эске алып, Эралиев аталган ырында кандай идея айтууну (айтканын эмес) көздөгөнүн болжолдоп көрөлү. Акын, балким, чу дегенде эле адам өмүрүнүн кыскалыгын, ага карата өзүнүн мамилесин билдиргиси келгендир? Же жалпы эле дүйнө-өмүр жөнүндө, же түбөлүктүүлүк менен күнүмдүк тууралуу ой толгоп, санаага батып отуруп, анан чыгарманы жаратуу процессинде адам өмүрүнө, анын кыскалыгына барып кептелгендир? Болбосо, шаңкайган тоону, желге ыргалган даракты, буларга өзгөчө бир көрк берип, толукшуп турган Айды көрүп, көңүлү балкыгандыр да, табийгаттын ушул ажайып көрүнүшүн сүрөткө тартып калууга умтулгандыр, анан “сүрөткө” түшүрүп жаткан учурда капысынан эле дагы бир идея – өзүн балкыткан кубулуштардын түбөлүктүүлүгү – жаралгандыр да, бул өзүнө каршы дагы бир идеяны – адам өмүрүнүн кыскалыгын – сууруп чыккандыр, акыры бүткүл ой-санаасы акыркы идеяга бурулуп кеткендир? Же тоону да, даракты да, Айды да көрбөй туруп эле, үзүлүп бараткан адамдын өмүр үчүн жан далбас кылганына өз көзү менен күбө болуп, адам өмүрүнүн, деги эле жарыкчылыктын кымбаттыгы тууралуу чаңыргысы келгендир? А балким, беймарал мемиреп уктап жаткан жубайын ичи эзиле карап туруп (тексттеги сүйүү, жаз, Ай, ыргала сөздөрү кандайдыр бир купуя, ыйык сезимден кабар берип турбайбы), анан эле бир шумдуктуу ойго кабылып, айланасын жалт-жалт карап, каңырыгы түтөп кеткендир – “биз жокпуз анда бир гана”. Айтор минтип санап отурсак, аягына чыкпашыбыз бышык. Албетте, акынды калем алууга мажбурлаган сыйкырдуу кудурет-күч анын өзүнө гана белгилүү, ошентсе да ал бул соболго азыр ачык жооп таба албай буйдалышы да мүмкүн. Анткени чу дегенде эле кандайдыр бир так идея эмес, бүдөмүк, айталы, өйдөкү биз токтолгон ойлордун баары бүдөмүк түрдө бир маалда чокмороктошуп келип, акынды ныгыра басып калышы да шексиз, анан автор “жүктөн” кутулуу үчүн (жооп катары) алардын баарын терип-тепчип санап кирүүгө мажбур болот. Экинчиден, акындын ниет кылган ою менен анын чыгармада айтылган ою дал келбей калары да толук ыктымал. Бирок бизди ырдын азыркы турушу кызыктырат. Кайсы бир так, таза идеяны бөлүп алуунун кыйындыгына карабастан, акын дал ошол идеяны айтууну көздөгөнбү же көздөбөгөнбү, айтылганга кошулабы же кошулбайбы, айтор чыгармада кандайдыр бир идея болору – законченемдүү көрүнүш, б.а., идеясыз чыгарма жаралбайт, бүдөмүк болсо да биз бир нерсе түшүнөбүз, болбосо, аны жаратып да, окуп да кереги не? Бул жагынан алганда, “Жүз жылдар мындан кийин да” аттуу ырда кимге болбосун айкын сезилип турган идея бар, ал – адам өмүрүнүн кыскалыгын берүү.

Биз муну оңой эле баамдай алабыз, анткени бул идея ырда колдонулган тилдик каражаттардын тике эле маанисинен дапдаана бажырайып көрүнүп турат. Өңгөсүн мындай эле коёлу, ырда колдонулган зат атооч менен этиштин тике маанилерине, зат атооч менен зат атоочтун, этиш менен этиштин, зат атооч менен этиштин карым-катыштык маанилерине көз жүгүртсөк эле, өйдөкү идеяга күбө болобуз. М.: жыл, тоо, адамдар, сүйүү, жаз, ай, дарак; турат, тырышат, болот, чыгат, жокпуз ж.б. Кыскасы, ырдагы тилдик каражаттардын тике маанисинен келип чыккан идея – мына ушул: адам өмүрүнүн кыскалыгы. Эми закондуу суроо туулат: бизди толкундаткан, бейпайга түшүргөн ушул гана идеябы, ырдын бүтүндөй эстетикалык-көркөмдүк дарамети ушул гана идеяга байланганбы? Бул соболду коёрубуз менен, биз аргасыздан автордун (кеңири алганда, Адамдын) образына барып такалабыз: ырдын ыргагынан, ар бир сөзүнөн бизге бейтааныш тааныш Адам башын кылтыйтып, муңайым тиктеп турган болот. Арийне, мен бир да адамды катыштырбай эле же кыш мезгили, же ат жөнүндө, айтор табигаттын бир көрүнүшү же жандыгы тууралуу (бул жөнүндө мурда да четин чыгарып айткан элек) толук кандуу көркөм чыгарма жаратып саларым бышык, мындай чыгармалар ар бир элдин адабиятында четтен табылат. Бирок алар өзүнөн өзү эле кандайдыр бир эстетикалык-көркөмдүк күчкө ээ болоруна түк ишенбейм: кайсы гана акын-жазуучу болбосун алар аркылуу адамдык уйгу-туйгуну берет, адам кубанычы менен сарсанаасын кыйыр түрдө болсо да кыйытат, ал эми окурман болсо алардан белгилүү бир деңгээлде өзүн көрөт, өзүнүн ички уйгу-туйгусу, кубанычы менен санаркоосу алар аркылуу чагылат. Андыктан эмне жөнүндө гана жазбайлы, анда Адам башкы орунда турган болот жана Адам менен байланышканда гана ал чыныгы эстетикалык кудурет-күчкө ээ.

Ушул өңүттөн караганда, аталган ырда көзгө көрүнбөгөн, оңойлук менен туюлбаган, бирок жүрөктү зырп эттирип, эсти эңгиреткен дагы бир катмар жатат. Ал – адам өмүрүнүн кыскалыгы менен катар кайталанбастыгы, буга карата автордун жекече мамилеси, б.а., арман-үшкүрүгү, буга байланыштуу адам өмүрүнүн өтө кымбаттыгы, аны аздектей билүүгө акындын купуя чакырыгы. Бул идеяны ырдагы сөздөрдүн тике маанисинен издөөнүн кажети жок, издеген менен таба албайбыз, ал сөз маанилеринин сырдуу татаалданып катмарлануусунан жаралат, тилдин эстетикалык функциясы дал ушул сырдуу катмарланууда (поэтикалык метафорада) жатат. Адамды селт эттирген бул идеяны баарыбыз эле таза логикалык тил менен айтып берүүгө дараметибиз жете бербейт, бирок, ошентсе да, ким болбосун аны ички туюму аркылуу сезип турат, ошон үчүн бейпайга түшпөй койбойт. Көркөм өнөрдүн сырын жүрөгү менен туя билген Эралиев өтө куу жана өтө кылдат: ал оюн тике айтуудан атайлап качат, адам өмүрү өтө кыска экен, өмүр бир эле жолу берилет экен, андан өткөн кымбат нерсе жок, кадырлай билели деп ачык жар салып, безилдеп бейпайга түшүп, эмоционалдык-экспрессивдүү сөздөр аркылуу өзүнүн төрт сырын төгүп таштабайт. Ыр өтө жумшак, үлбүрөп өтө назик, бирок өтө каардуу, ал – мына жарылам, ана жарылам деп араң турган, чыңалуусунун сересине жеткен боздоо-чаңырык. Бирок мындай чыңалуу, чаңырыкты ырдын бир да сабынан, сөзүнөн көрө албайсың, аны жүрөгүң менен гана туюшуң мүмкүн, ошондо да акырын жылып отуруп, назик гана жетет, кебез менен мууздап жатканын кийин-кийин гана туюп каласың. Ырдын эстетикалык таасири дал ушул чыңалууда жатат, эгер буга жетпесе, ал биздин кадыресе турмушубуздагы кезектеги наалуубуздун (Олда курган дүйнө ай, адам өмүрүн неге мынча кыска кылып койгонсуң!..) деңгээлинен жогору көтөрүлө албай, өзүнүн эстетикалык-көркөмдүк кудуретинен кол жууп калмак. Чыңалуунун сырын даана ачып берүү үчүн ырды момундай нукта “жиликтөө” зарыл: 1) Ырга көз жүгүртүп жатканда, же окуп чыккандан кийин деле чу дегенде эле көзгө эмнелер урунат, аны стилдик кандай ыкмалар коштоп турат? 2) Кандай сөздөр колдонулган, акын эмне үчүн башка сөздөрдү (айталы, алардын синонимдерин ж.б.) эмес, а дал ушул сөздөрдү (формаларды) колдонууга мажбур болгон? 3) Ошол сөздөргө көркөмдүк ажар менен элестүүлүк, эстетикалык таасир кайдан келди, б.а., аларды кадыресе сөздөн поэтикалык сөзгө айландырган өбөлгө эмне?

А дегенде ырдын аты көңүлдү бурат, б.а., баары эле жөнөкөй, түшүнүктүү көрүнгөн бул аталыш кандайдыр бир купуя туюлуп, мындан жүз жылдар кийин эмне болот деген суроо туудурат. Муну менен катар автордун толгон-токой сандардын ичинен конкреттүү бир санды, жүздү, тандап алганы да бир эсе кызыктырса, бир эсе сырдуу сезилип, тымызын кооптонууну пайда кылбай койбойт. Назарды өзүнө бурган экинчи ыкма – к а й т а л а н м а. Мында жүз жылдар мындан кийин да деген сөз тизмеги жана ушинтип деген сөз улам-улам кайталанат да, биринчиден, ырга өзгөчө бир ыргак-маанай берсе, экинчиден, ойду улам чыңалтып жүрүп отурат. Ошондой эле кайталоолор психологиялык-маанай түскө ээ болуп, өзгөчө бир нерсени күтүүгө окуучуларды алдын ала даярдай баштайт. Бирок автор оңойлук менен сыр бербейт – ал жалпыга маалым, баарыбыз бышы кулак болуп бүткөн нерселерди гана кайталап жаткан болот: тоо, сүйүү, ай, дарак, жел, карыбас үчүн тырышуу. Бул сөздөр жана ушинтип, жүз жылдар мындан кийин да деген сөз менен сөз тизмегинин кайталанышы, ошондой эле ырдын улам чыңалып бараткан ыргагы дагы бир кошумча мааниге ээ болот, тактап айтканда, кандайдыр бир түбөлүктүүлүк жөнүндө кабар берүүгө өтөт.

Адатта, кийинки айтылуучу ой жөнүндө маалымат мурунку сүйлөмдөрдө камтылары, бул тексттеги бир кылкалуулукту, үзгүлтүксүздүктү камсыз кылып, айтылуучу ой тууралуу алдын ала кабардар кылары белгилүү эмеспи. Өйдөкү ырда да ушундай: улам арылаган сайын автор дагы кайсы түбөлүктүү нерсе жөнүндө айткысы келип жатат деген собол туула берет. Ал эми ырдын он биринчи сабында ушинтип деген сөздүн орду өзгөрүп (мурунку саптарда сүйлөмдүн башында турса, эми акырына келет), андан кийин көп чекиттин коюлушу күтүүнү ого бетер күчөтөт, а түгүл тынчсызданууну пайда кылат. Бирок, тилекке каршы (бактыга жараша десек да ылайык келеби дейм), биздин күтүүбүз акталбайт, мында күтүүсүздүк келип чыгат:

БИЗ ЖОКПУЗ АНДА БИР ГАНА.

Демек, автор к ү т ү ү н ү н  а л д а н ы ш ы же а л д а н г а н  к ү т ү ү көркөм ыкмасын колдонуп, жогорудагы жаркын ырды жаратты. Көрсө, акын түбөлүктүү нерселер жөнүндө эмес, а жүз жыл да өмүр сүрө албаган жандык жөнүндө айтууну көксөптүр. Ал – Адам! Акыркы саптын таасири ушунчалык – бул сапты окугандан кийин, ырды улам-улам кайталап окууга, окуган сайын улам жаңы чыгарма окуп жаткандай туюмга кабылууга аргасыз болосуң. Ырдын көркөмдүк кудурети да дал ушул акыркы сапты окугандан кийин айкын сезилет. Мурунку саптардын баары биригип келип, бул сапка жутулат да (бул – г р а д а ц и я, б.а., окуянын, ой-сезимдин өнүгүү процессин – же улам ыкчамдоосун, же тескерисинче, улам басаңдоосун – көрсөткөн стилистикалык ыкма), биринчи планга түбөлүктүү нерселер эмес, адам өмүрү чыгат. Ошентип, акын эч сыр алдырбай отуруп, мындай үч каражат аркылуу бизди алдап салат:

  • Ырдын ыргак-маанайы. А дегенде ырды биз анча деле шек санабай, жайбаракат окуй баштайбыз, а түгүл ой-санаабызда түбөлүктүүлүк гана уялап, дагы бир түбөлүктүү кубулушту күтүп, көтөрүңкү, салтанаттуу маанайда болобуз. Ыр жайма-жай, акырын чыңалып жүрүп отурат да, бир маалда чорт үзүлгөндөй болот: акыркы сапты окугандан кийин көтөрүңкү, салтанаттуу маанай тумтак жоголуп, дендароо болуп отуруп калабыз, анткени мурдатан көтөрүңкүүлүк, салтанаттуулукка көнүп, азыр да аларды күтүп отурган жаныбыз капысынан эле үшкүрүк толкунуна барып урунабыз. Акыры ырдын ыргагы бир эсе купуя, бир эсе ачык карама-каршылыктуу маанайга ээ болуп калат: салтанаттуулукжана маанай пастык; жайбаракаттык жана ойт бермелик. Ыргак-маанайдагы мындай карама-каршылык алдоо каражаты гана эмес, ырды чыңалуунун жогорку чегине жеткирген психологиялык курал да болуп саналат.
  • Этиш сөздөрдүн арсар келер чак формасында эмес, айкын келер чак формасында колдонулушу.Буга тереңирээк талдоо жүргүзүү үчүн ырдагы этиштерди арсар келер чакка ылайыктап өзгөртөлү:

Жүз жылдар мындан кийин да

Бул тоолор минтип турушар,

Анда да бизче адамдар

Карыбас үчүн тырышар.

 

Жүз жылдар мындан кийин да

Сүйүүлөр болор ушундай.

Ушинтип жерге жаз келип,

Ушинтип чыгар ушул ай.

 

Жүз жылдар мындан кийин да,

Дарактар желге ыргала

Шуудурап турар ушинтип…

Биз жокпуз анда бир гана.

 

Мүчөнү алмаштыруу ырдын мазмунун, идеясын өзгөртүп, анын муун өлчөмүнө, уйкаштыгына залал келтиреби? Эч кандай. Тескерисинче, ыр автордун негизги уйгу-туйгусуна, санаркоосуна (маанайы пастык) шайма-шай келип, уйкаштыгы да лепилдеп, эмоционалдык таасири артып кеткендей туюм калтырып отурбайбы. Чындыгында эле, логикалык жактан алганда да,

-ар мүчөсүн колдонуу зарыл болчу, анткени жүз жылдан кийин биз бул жарык дүйнөдө жашабаган соң, ал учурда болуучу кубулуш, окуяларды болжолдоп, арсар билүүгө гана тийишпиз да. Анда автор неге бардык жерде ишенимдүү түрдө айкын келер чакты колдонду экен, же, эмне, бул анын байкабастыгыбы, тил жагынан чала сабаттыгыбы? Жок, ал буга аң-сезимдүү түрдө атайын барган. Биринчиден, -ар мүчөсү аркылуу ырдагы бир ыргак-маанай (көтөрүңкүүлүк, салтанаттуулук) өзүнөн өзү жоголот да, маанай пастык гана калат, б.а., ыргак-маанайдагы карама-каршылык жуулуп кетет, натыйжада, андагы чыңалуу башынан эле (б.а., пайда боло албай жатып эле) жана баштайт, биз башынан эле күмөн санап, шектенип, эч нерсе күтпөй калабыз, алданбайбыз жана канчалык түбөлүктүү нерселер жөнүндө айтып жатса деле алданарыбызды билип, ага психологиялык жактан даяр турган болобуз. Кыскасы, тилдик каражаттардын маанилеринде эч кандай катмарлануу, татаалдашуу болмок эмес да, автор төрт сырын ачык эле жар салып, ыр биздин кадыресе наалуубуздун бирине айланып калмак. Буга байланыштуу акыркы саптан кийин эсибизди эңгиреткен психологиялык абалга (бейпайга) дуушар боло алмак эмеспиз. Экинчиден, -ар мүчөсү аркылуу эмоционалдык таасирдин артышы, терең карай келгенде, сырткы эффект гана болуп саналат, ал окуп жатканда гана ушундай таасирге ээ сыяктуу туюлат, ырдын аягына чыккан соң эмоционалдуулук кумга сиңген суудай өзүнөн өзү эле жок болуп кетет. Ал эми –а + т мүчөсү менен берилгенде, тескерисинче, үстүндө калкып турган эмоцияны көрбөйбүз, автор бизди жакшылыктан үмүттөндүрүп, башыбыздан сылап билдирбей жетелеп келе берет, биз да ишенимдүү, маанайыбыз жарык жетеленип келе беребиз, анан акырында башка жегендей дендароо боло түшөбүз, эмне үчүн буга туштукканыбызды билбей кайпастайбыз. Образдуу айтканда, өтө жумшак качырып келет да, катуу алат, болгондо да катуу алганын билдирбей алат. Ошондуктан жан дүйнөбүз бүлүккө түшүп, ырдын эмоционалдык жана эстетикалык таасир-кудурети арта түшөт.

3) Кайталануучулукту, түбөлүктүүлүктү билдирген сөздөр: “минтип”, “ушинтип”, “ушундай”. Бул сөздөрдү ээрчип, ушундай туруп, ушундай келчү дагы кандай нерселерге күбө болобуз деп бейкапар келатып, ушундай да, ушинтип да туура келбеген өзүбүзгө, Адамга, жолугабыз. Бул үч сөз тең өзүнүн тилдик маанисинен ажырап, өзгөчө бир сырдуу мааниге ээ болуп калат – алар бир гана адамга таандык эмес болуп калып жатпайбы, демек, алардын түбөлүктүүлүктү билдирген зор мааниси жутулуп кетип отурбайбы. Аталган сөздөрдүн образдуулугу ушунчалык – ар качандан бир качан колдонулуп жатып ашмалтайы чыккан ушул сөздөргө куду тирүү жандыктай мамиле кылып, аларды негедир (алдагандыгы үчүн эмес) жек көрүп кетесиң. Бул сөздөрдү мындай көркөмдүк дараметке жеткирген өзүнчө бир каражат бар, ага кийинчерээк, ырдагы негизги стилистикалык ыкманын бирине токтолгондон кийин, кайрылгым келип отурат.

Көркөм образдын табияты баарыбызга эле белгилүү болуп калды го: анда бир көрүнүш экинчи көрүнүш аркылуу берилип, бир предмет экинчи предметке салыштырылып айтылып, көрүнүш-предметтерди өз ара салыштыруудан жана кагылыштыруудан кандайдыр бир жаңы маани, жаңы бүкүлү ой чыгат; көркөм образда же ойдо метафоралык ой болот. Бул жагынан алганда, аталган ырдан төмөнкүдөй салыштырууну, карама-каршы коюуну байкайбыз:

Ошентип, биз дагы бир стилдик ыкмага – а н т и т е з а г а келип урунабыз. Өйдөкү ырда эки кубулуш же предмет тикеден-тике салыштырылып, карама-каршы коюлбайт, бирок алардын салыштырылып жатканы чыгарманын жалпы мазмунунан оңой эле айкын болуп турат. Тилдик жаатта алганда, бул көркөм текстте антонимдеш катары төмөнкү түгөйлөрдү кароого болот:

 

Жогоруда эскерткендей, аталган ыр бир эле логикалык антонимден куралган. Буга байланыштуу ырдын көркөмдүк кудуретине тикеден-тике тиешеси бар жана ырдагы купуя сырды ачууга өбөлгө түзүүчү аралык маселесине кайрыла кетүү зарылчылыгы туулуп отурат. Бул жагынан алганда, ырды ыксыз чоё берсек да, тескерисинче, кыскартып таштасак да боло берет. Экөөндө тең ырдагы айтылуучу негизги ойго анча деле залал келбейт. Айталы, ырдагы ойду үч сабак менен эмес, бир, эч болбоду дегенде эки сабак аркылуу берсек деле болот:

Жүз жылдар мындан кийин да

Бул тоолор минтип турушат,

Анда да бизче адамдар

Карыбас үчүн тырышат.

 

Жүз жылдар мындан кийин да,

Дарактар желге ыргала

Шуудурап турат ушинтип…

Биз жокпуз анда бир гана.

 

Ырдын мазмунунан анча деле өзгөрүүнү учуратпадык, б.а., мурункудай эле адам өмүрүнүн кыскалыгы жөнүндө баяндады. Бирок көркөм чыгармадан бир нерсени түшүнүү жана аны (чыгармадагы турмушту) баштан кечирүү, ага күйүп-бышуу биз үчүн аздык кылат эмеспи, мында автордун ою менен сезимин өзүбүзгө кандайча сиңирип, өз дүйнөбүздү байыта алдык деген суроо да негизги мааниге ээ. Ошондуктан кайсы гана чыгарма болбосун окурмандан эмоционалдык-эстетикалык кабылдоону талап кылат. Дал ушул эмоционалдык-эстетикалык кабылдоо гана биз мурда аңдай элек жаңы, укмуштуу (буга байланыштуу ой менен элестин түйшүктүү мээнетин талап кылган) нерсени көркөм чыгармадан табууга өбөлгө түзөт. (Албетте, көркөм чыгарманы туура кабылдоо – бир кыйла түйшүктү, тажрыйбаны талап кылган өзүнчө машакат, маселе, буга көркөм чыгарманын образдык структурасына, тилдик каражаттардын өз ара карым-катышына, көркөмдүк кудурет-күчүнө дыкаттык менен иликтөө жүргүзүү аркылуу үйрөтүү зарыл.) Ал эми жаңы жана укмуштуу нерсени жаңыча жана укмуштуу берүүдө тилдик каражаттардын мааниси өзгөчө экендигин танууга болбойт, ушул өңүттөн караганда, жогорку ырдагы аралыкты кыскартуу анын образдуулугуна залал келтирбей койбойт. Көркөм чыгарма ушундай керемет: ага жаркын идея гана эмес, идеяны жаркын кылып турган жаркын форма да керек; толук кандуу көркөм чыгармада бул экөө камыр-жумур болуп, биринчи экинчисинен ажырай албай, бири экинчисине өтүп кетет. Анда аталган ырды өйдөкүдөй кыскартып берүү кандай залал келтирмек?

Биринчиден, алыстык, аралык кыскармак да, биздин күтүүбүз күтүлмөк эмес, психологиялык жактан чыңалууга жетмек эмеспиз. Экинчиден, психологиялык чыңалууга жетпеген соң, психологиялык уйгу-туйгуну баштан кечирбеген соң, биздин эмоциябыз ойгонмок эмес, ырдын эмоционалдык таасири ийнине чейин бөксөрө түшмөк да, ал белгилүү бир деңгээлде кургак информациянын, саноонун, логикалык карама-каршы коюунун деңгээлинде кала бермек. Үчүнчүдөн, биз “боордошторубуздан” (бул жөнүндө өзүнчө сөз болот) айрылмакпыз да, ырдын эмоционалдык таасир-күчү кемимек. Буга байланыштуу дагы бир негизги маселени айта кетүү абзел. Түбөлүктүү кубулуштар, процесстер жарык дүйнөдө көп эле, акын алардын ичинен жүрөгүбүзгө өтө жакын, сүймөнчүктүү, а түгүл ырыс-кешиктеш болуп калгандарын тандап алган. Өзгөчө аларды колдонуу ыкмасы көңүл бурууга арзыйт, б.а., өзүнүн чеберчилиги аркылуу автор аларды биздин жан бирге боордошторубузга айландырып таштаган. Сөзүм кургак болбос үчүн ар бирине конкреттүү токтолоюн:

  • Жөн тоолор эмес, а бултоолор, демек, алар – күн сайын көрүп, куштарланып жүргөн, жүрөгүбүзгө өтө жакын тоолор (азыр да карап-көрүп тургандай болосуң).
  • Жөн тырышпайт, а бизчетырышат, демек, бул да бизге өтө ысык, өзүбүз ошол учурга тикеден-тике катышып, жанталашып жаткандай туюм пайда болот.
  • Сүйүүлөр да ушундайболот, демек, сүйүү башкача эмес, а өзүбүз баштан кечирип жаткан сүйүү, б.а., биздин сүйүүбүз.
  • Ай да башка эмес, а ушулай, күн сайын суктана тиктеп жүргөн биздин айыбыз.
  • Кыймыл-аракеттин сыпаты да өзүбүздүкү, аны көзүбүз менен көрүп турабыз: жаз ушинтипкелет, ай ушинтип чыгат, дарактар ушинтип шуудурашат.

Кыскасы, алды сызылган кадыресе эле сөздөр орундуу колдонуунун натыйжасында өзгөчө бир стилдик ажарга ээ болгон да, өздөрү менен айкашкан сөздөрдү, сөз тизмектерин эмоционалдуулуктун туу чокусуна жеткирип таштаган: 1) алар ортодогу аралыкты (окурман менен кубулуштардын) жоёт да, бизди ырдагы кубулуштар, процесс (тоо, сүйүү, карыбас үчүн тырышуу ж.б.) менен жуурулуштуруп салат; 2) мунун натыйжасында, алардын ар бири куду жандуудай туюлуп, биздин жан биргебизге, бир боорубузга айланат; 3) ырдын акырына чыккан соң, алардын эмоционалдык-эстетикалык таасири ого бетер артып, каңырыкты түтөтпөй койбойт, анткени кимди болбосун өз өмүрүнүн кыскалыгы гана эмес, муну менен катар өзүнүн жан бирге боорлорунан ажырап калуу күйүтү бейпайга түшүрүп, жан дүйнөсүнө бүлүк салат. Чындыгында эле, буларды кыйып таштап кетүү канчалык оор, алар жөнөкөй гана сүйүү, жаз ж.б. эмес, биздин сүйүүбүзгө, биздин жазыбызга, акыры биздин өзүбүзгө, жарык дүйнөнүн символдоруна айланып кетишпеди беле; демек, биз өзүбүздү эле алып кетпей, өзүбүз аркылуу канчалардын “убалына” калып отурабыз!

Ырда өзгөчө назар бурууну талап кылган дагы үч сөз бар: тырышат, биз, адам. Баарыбызга белгилүү, тырышат сөзүнүн жанталашат деген синоними бар, бул сөздүн тырышат сөзүнө караганда эмоционалдык таасири күчтүүрөөк жана адамдын психологиялык уйгу-туйгусун берүү касиетине да ээ. Автор ага карабастан тырышат сөзүн колдонот, бул эмне, кокустукпу, же уйкаштык үчүн кылган далалатпы? Ырды алгач окуганда мунун себебин мен уйкаштыктан көргөн элем, окурмандардын көпчүлүгү да ушундай эле бүтүмгө келерине ишенип турам, анткени анын ордуна жанталашат сөзүн колдонуу, биринчиден, ырдын ыргагын бузса, экинчиден, уйкаштыгына доо кетирмек. Бирок ырды кайра-кайра дыкаттык менен окуп чыккан соң, өзүмдүн бул оюмдан баш тартып, автор тырышат сөзүн уйкаштык үчүн эмес, а башка максатта атайын колдонгонуна ынандым. (Албетте, мында уйкаштык да белгилүү бир ролду ойногондугун танбайм, бирок уйкаштыруу ушунчалык эле зарыл болсо, жанталашат сөзүнө уйкаш башка бир сөздү (турушат сөзүнүн ордуна) табуу Эралиевдей чебер үчүн анча деле кыйын эместигин моюнга алуу парз). Автор, баарыдан мурда, өзүнүн ички сырын, маанайын ачык жарыя кылуудан атайылап качкан, өзүнүн көркөм ыкмасына (өзгөчө күтүүнүн алданышы стилдик фигурасына) ушул сөз дал келерин ички туюму аркылуу сезе билген. Чындыгында эле, жанталашат сөзүнө салыштырганда бул сөздөн кандайдыр бир салкын кандуулуктун, а түгүл кайдигерликтин илеби уруп тургансыйт. Ушундай эле салкын кандуулуктун, эмоционалдуулуктун жоктугу ырдагы башка этиш сөздөрдөн да айкын билинет: болот, келет, чыгат, турат. Бирок ырдын аягына чыгып, андагы ар бир сөзгө сүңгүп кирип, аларды өз ара чырмалыштыра карасак, б.а., тырышат сөзүн ырдын жалпы идеялык мазмунунун фонунда карай турган болсок, ал ушул өзүнүн салкын кандуулугу аркылуу жаңы түскө ээ болуп, өзүнүн синонимине (жанталашат) караганда эмоционалдык жактан күчтүү таасирге жетишкенине ынанбай койбойбуз. Муну менен катар андан этиш сөздөр да эмоционалдык дүрмөт алып, таасирдүүлүгү кыйла арткан.

Ал эми ырдагы адам (Анда да бизче адамдар карыбас үчүн тырышат) деген сөз да, “биз” (Биз жокпуз анда бир гана) деген сөз да “адам” деген гана маанини билдирет, б.а., экөө берген түшүнүгү жагынан бир-биринен эч кандай айырмаланбайт. Тилдик жаатта алганда, экөөнү синоним катары кароого акылуубуз. Бирок аталган поэтикалык текстте экөө эч бир синоним боло албайт, тескерисинче, антонимдик карым-катнашты түзүп турат. Ырды дыкаттык менен талдап окуган адамга бул алогизмдей туюлуп, бир топ эле бейпайга түшүрүп коёру бышык. Чындап келгенде, ырдын селт эттирген күчү да дал ушул бейпайга түшүрө алгандыгында жатат. Анда ырдын көркөмдүгүн арттырууга өбөлгө түзгөн синонимдердин өз ара антонимдик катышта болушу эмне менен шартталат? Менимче, мунун себебин аталган сөздөрдүн, өзгөчө биз сөзүнүн функционалдык жактан катмарланып, татаалданышынан издөө абзел, б.а., алар автордук маанайды тикеден-тике чагылдырып тургандыктан, бир эле маалда өз ара окшоштукту да, карама-каршылыкты да кучагына камтыйт. Биринчи сапка назар салалы: “Анда да бизче адамдар карыбас үчүн тырышат”. Мында биз дегени ким, адамдар дегени ким? Автор чу дегенде эле мына ушундай кооптуу, бир эсе алдамчы суроону коёт, натыйжада биз деле карыбас үчүн тырышабыз, тигилер (адамдар) деле карыбас үчүн тырышышат, демек, айырма жок турбайбы деген иллюзияга кабылабыз. Кыскасы, биз менен адамдар өз ара жалпылыкты түзүп турат. Бирок акыркы сапта бул жалпылык тескерисине айланат: Биз жокпуз анда бир гана”. Демек, биз жокпуз, а адамдар бар, б.а.,  биз       адамдар. Дал ушул карама-каршылык бул сөздөрдө маанилик жылышты пайда кылат, алардын катмарланып татаалдануусуна, мунун натыйжасында образдуулуктун артышына алып келет. Катмарлануу муну менен чектелбейт, ушул эле акыркы сап аркылуу мындан да татаалыраак дагы бир катмарлануу башын кылтыйтат.

Өзүңөргө белгилүү, автор акыркы сапта адам сөзүн колдонбойт, анын ордуна биз ат атоочу колдонулат: Биз жокпуз анда бир гана.” Менимче, мунун ыргак менен уйкаштыктан (сыртынан караганда, негизги себеби ушуларда жаткандай туюлат, бирок чындап келгенде булар анча деле роль ойнобойт) башка эки орчундуу себеби бар: 1) Адам деген өтө жалпы, бизден алысыраак, өзүбүз адам болсок да, муну жакшы түшүнүп турсак да, баары бир жүрөккө жакын (эмоционалдуу) кабыл алалбайбыз. Ал эми биз сөзү ар бирибизге жакын, ар бирибизге тикеден-тике багытталып турат, а түгүл тике маңдайыбызда бизди бир эсе чекчее, бир эсе муңайым тиктеп тургандай да туюлуп кетет. Адамдын, деги эле бардык жандыктардын психологиясы мына момундай: жакын нерсеңдин күйүтү күч, демек, биз сөзү жокпуз менен айкашкан учурда адам сөзүнө караганда эмоционалдык жактан да, эстетикалык жактан да күчтүү таасирге ээ болот. 2) Эгер адам сөзү колдонулганда, эмоционалдык таасири гана эмес, эстетикалык дарамети да кемимек, а түгүл эстетикалык жүктү аркалоого дараметсиз болуп калышы да толук ыктымал, анткени биз сөзүндөй өтмө катар катмарланууга, татаалданууга жетише алмак эмес. (Ошондуктан мен дал ушул экинчи себепти башкы орунга коёр элем.) Акыркы сапта биз менен адам белгилүү бир деңгээлде карама-каршы катышта турганы менен, чын-чынына келгенде, ушул эле маалда биз деген сөздүн мааниси кеңип, ал өз кучагына “адам” деген түшүнүктү да камтууга жетишет. Ушул үч жагдайды схема түрүндө төмөнкүдөй берсе болот:

Үстүртөдөн караганда, ырда конкреттүү биз жөнүндө кеп жүрүп жаткандай туюлат, бирок акыйкатта бул сөз баарын сиңирип алган. Мындай сиңирүү “Жүз жылдар мындан кийин да” деген саптын улам-улам кайталанышы аркылуу ишке ашат. Аталган кайталоо адамдын бизге айланышын кыйытат, б.а., мындан жүз жылдар кийин да адам бизге айланып кетет, мурда да ушундай болуп келген, мындан ары да ушундай боло берет. Ал эми бизге айлануу – бул жок болуу дегендик. Демек, биз сөзү кайсы бир конкреттүү мезгилдеги адамдарды эмес, кечээкиби, бүгүнкүбү, же эртеңкиби, айтор мезгилди ылгабаган Адамды, дааналап айтканда, Адам трагедиясын (бул адам трагедиясы жөнүндө кийинчерээк кененирээк токтолмокчубуз) чагылдырып турат: Биз өзүбүз аркылуу эле кечээки Бизге (Адамга) да, бүгүнкү Бизге – Өзүбүзгө (Адамга) да, эртеңки Бизге (Адамга) да аргасыздан жипсиз эле байланып калабыз, а дегенде муну анча деле аңдай бербейбиз, жок, акылыбыз менен эмес, жүрөгүбүз менен кандайдыр бир күйүт аркылуу гана сезе алабыз, демек, биз бир эле маалда үч күйүткө (жоготууга) кириптер болобуз. Биздин эмоционалдык (образдуулук дейликчи) күчү мына ушунда жатат.

Өйдө жакта кадыресе эле сөздү өзгөчө бир ажарга, көркөмдүк кудуретке жеткирүүгө өбөлгө түзгөн көркөм ыкмалар, алардын өз ара карым-катышы тууралуу кеңири эле токтолдум көрүнөт. Эми аларга көмөктөш болгон каражаттар жөнүндө учкай болсо да айта кетүү зарыл болуп отурат. А дегенде ырдын синтаксистик түзүлүшүнө – сырткы техникасына – көңүлүңүздөрдү бургум бар. Бул жагынан алганда, сүйлөмдөрдүн түзүлүшү ыргак-маанайга бап келерин, бул болсо ырдагы образдуулукту арттырууга түрткү болгондугун белгилей кетүү абзел. Жогоруда белгилегендей, ыр жай, салтанаттуу, а түгүл кандайдыр бир кайдигер-салкын ыргак-маанай менен башталат. Буга ылайык ырдын биринчи сабагы (строфасы) төрт сапка бөлүнгөн эки жөнөкөй сүйлөмдөн турат. Мындагы негизги жүк, менимче, сүйлөм мүчөлөрүнүн орун тартибине артылган, б.а., алар кадыресе орун тартиби боюнча жайгашкандыктан, ырга жай, көңүл коштук ыргак-маанайын берип турат, ыргак-маанайдын мындай мүнөзү уйкаштыктагы кадыреселик (турушат – тырышат) менен коштолуп бекемделет. Ал эми экинчи сабакта, сыртынан караганда, анча деле өзгөрүү байкалбайт, а түгүл биринчи сабактагы эле ой кайталанып жаткандай, кыскартып салса деле болчудай туюлат. Чындыгында эле, булар маанилик жактан деле эч айырмаланбайт, ошондуктан бир-бирин кайталагандай (бири ашык баштай) жана ошол эле маалда, тескерисинче, бир-биринин ортосунда эч кандай байланыш жоктой да кабыл алынат.

Бирок, терең карасак, булардын ортосунда айырмачылык да, өзгөрүү да бар экенине ынанабыз. Аларды өз ара байланыштырып турган негизги каражат – кайталанган “Жүз жылдар мындан кийин да” деген сөз тизмеги. Бул тизмек эки сабакты бириктирип, экинчиде мурунку ой уланарынан, чыңаларынан кабар берет. Ал эми өзгөрүү жагына келсек, экинчи сабактагы үч сүйлөмдүн биринчисинде эле сөздөрдүн орун тартиби көзгө урунат: Сүйүүлөр болот ушундай – Сүйүүлөр ушундай болот. Бул өзгөрүш жана калган эки сүйлөмдүн хиазм тибинде жайгашышы (мында эки идея өзгөчө бир ашташып берилет эмеспи) экспрессивдүүлүктүн гана эмес, ыргактуулуктун да артышына алып келет. Ошондой эле хиазмде сүйлөмдөрдүн эки бөлүгү айтылышы боюнча карама-каршы (бири көтөрүңкү, бири басыңкы) келип, ыргак өзгөрүүгө учурайт. Ыргактын ар түрдүүлүгү, өз кезегинде, чыгарманын мазмунун ачык, так кабылдоого шарт түзүп, айтылуучу ойдун элестүүлүгүн, таасирдүүлүгүн күчөтөт. Сүйлөм түзүлүшүндөгү мындай өзгөрүш белгилүү бир деңгээлде ырдын ыргак-маанайы менен шартталат, б.а., ыргак мурункуга караганда тездөө менен, ачыктан ачык эле чыңалууну пайда кылып, автордун психологиялык уйгу-туйгусу, толгонуу-тынчсыздануусу сезиле баштайт. Буга ылайык уйкаштыкта да өзгөрүү болгон: мындагы оригиналдуу уйкаштык (ушундай – ушул ай) биринчи сабактагы уйкаштыктын “өксүгүн” жууп кетет да, өзүнчө бир лепилдеп, ырга өзгөчө ажар, көркөм түс берет.

Үчүнчү сабак да, адаттагыдай эле, бизге тааныш сап менен башталгандыктан, мурунку эле ыргак, мурунку эле дем менен окуп киребиз. Бирок көп өтпөй эле кескин өзгөрүүгө күбө болобуз: биринчиден, биринчи эле сүйлөм үч сапка бөлүнүп бир кыйла татаалдашат, б.а., кыймылдын сын-сыпатын билдирүүчү сөздөр (желге ыргала, шуудурап, ушинтип) жыш орун алып, чыңалууну күчөтөт, бул сүйлөмдүн аягына чыкканда, андан ары сөз айтууга дараметибиз жетпегендей, демибизди ичибизге алып, тык токтоого аргасыз болобуз. Ошондой эле ушинтип деген сөзгө да өзгөчө эмоционалдык-эстетикалык милдет жүктөлөт: анын демейдеги орун тартиби өзгөрүлүп, сүйлөмдүн аягында орун алат да, өзүнөн кийин узакка созулган паузаны, кандайдыр бир жарылууну талап кылып калат. Албетте, мурда белгилегендей, чындыгында эле жарылуу, бирок биздин оюбузга келбеген жарылуу болот – автор өтө жай, болгондо да салкын кандуулук менен мындай дейт: Биз жокпуз анда бир гана. Биздин эки күтүүбүз тең алданат: 1) Биз кандайдыр бир түбөлүктүүлүк жөнүндөгү ойду күткөн элек, бирок, тескерисинче, күнүмдүк жөнүндөгү ой айтылды. 2) Түбөлүктүүлүктөгү күнүмдүк адам өмүрү болгон соң, ким болбосун жүрөк титиреткен чаңырыкты (буркан-шаркан эмоцияны билдирген сүйлөмдү) күтпөй койбойт, бирок автор мурунку жазыгынан жазбай, жай, салкын гана “Биз жокпуз анда бир гана” – деп койду. Ошентсе да адилеттүүлүк үчүн баса белгилей кетким бар: бүтүндөй ырдын эмоционалдык-экспрессивдик чордонун түзүп турган ушул саптын кайдигерлиги, салкын кандуулугу угулбаган, сыртынан анча билинбеген, б.а., айтылып туруп эле айтылбай калган, бирок көөдөндөн кайнап чыккан чаңырыктын таасирин ого бетер күчөтүп, окурманды бир эсе кыжырдантса, бир эсе ыйлагысын келтирет.

Ыргак-маанайдын өзгөрүшү, б.а., автордук маанай (мен аны шарттуу түрдө арман-чаңырык деп атадым) графикалык каражаттар менен да коштолгондугун айтпай кетүүгө болбос. Жандуу сөздүн жазма образын түзүүнүн каражаты болгон графика эмоционалдык ыраң-ажарды, тактап айтканда, айтылуучу ойго карата акын же жазуучунун сезимин билдирери белгилүү. Мен бул жерде, максатыма ылайык, ырдагы пунктуациялык айрым каражаттарга гана токтолоюн деп турам. П у н к т у а ц и я – бул графикалык-стилистикалык каражаттардын орчундууларынын бири, анын негизги функциясы да бизге жакшы маалым: бүтүндөй текстти сүйлөмдөргө бөлүү, сүйлөмдөрдү синтаксистик бөлүктөргө ажыратуу, сүйлөмдөрдүн мүнөз-түрүн (суроо, ырастоо, илеп) көрсөтүү. Муну менен катар ал эмоционалдык-экспрессивдүүлүккө байланышкан көптөгөн маанилүү элементтерди да (эмоционалдык пауза, ирония ж.б.) камтыйт. Айтылуучу ойго карата автордун мамилесин, подтекстке карата кыйытуусун берүүдө пунктуация башкы ролду ойноо менен, кептин ыргактык-мукамдык түзүлүшүн да чагылдырып турат. Пунктуациядагы мына ушундай стилистикалык мүмкүнчүлүктү эске алып, аталган ыр боюнча мен чакан эксперимент жүргүзүүнү эп көрдүм. Тактап айтканда, ырга эч кандай тыныш белгисин койбой жана автору ким экенин айтпай туруп, беш калемгерге (булардын жообу менде сакталуу) тараттым да, ырды үн чыгарып да, ичинен да улам-улам окуп, анан бир-бирине көрсөтпөй, бир-бири менен кеңешпей, тыныш белгилерин өздөрү каалагандай коюшун өтүндүм. Алдын ала мындай бир жагдайды белгилеп кетким келип отурат: 1) Тыныш белгилерин ар башка коюу ырга өзгөрүү киргизбей койбойт экен, анын идеялык мазмунун бүтүндөй өзгөртүп жибербесе да, автордук маанайдын, баанын, буга ылайык психологиялык-эмоционалдык реакция менен кабылдоонун өзгөрүшүнө тикеден-тике таасир этерине толук ынандым. 2) Тыныш белгилерди коюуда калемгерлер эки башка принципти колдонушуптур – бири чылгый лингвистикалык принципти тутунуп, синтаксистик эрежелерге ылайык койсо, экинчиси көркөм тексттин идеялык мазмунуна өзгөчө маани берген (муну шарттуу түрдө көркөм принцип деп коёлу); 3) Ырдын биринчи бөлүгүндөгү (башкы 10 сабы) тыныш белгилер бир-биринен анча деле айырмаланбайт, өзгөчөлүктү экинчи бөлүктөн (акыркы эки сап) учуратабыз. Бул бекеринен эмес, анткени дал ушул акыркы саптардагы тыныш белгилер автордук маанайдын психологиялык жана эмоционалдык чордонун түзөт. Ошондуктан акыркы саптагы тыныш белгилерди салыштырып көрөлү:

Шуудурап турат ушинтип…

Биз жокпуз анда бир гана.  (автордуку)

 

  • Шуудурап турат ушинтип,

Биз жокпуз анда бир гана.

  • Шуудурап турат ушинтип,

Биз жокпуз анда бир гана…

  • Шуудурап турат ушинтип,

Биз жокпуз анда бир гана?!

  • Шуудурап турат ушинтип,

Биз жокпуз, анда бир гана.

  • Шуудурап турат ыр созуп,

Биз жокпуз анда бир гана.

 

Көрүнүп тургандай, 2-3-4-жооптор белгилүү бир деңгээлде автордук ой, маанай менен үндөшөт, б.а., бул жооптордун авторлору ырдын акыркы сабы эмоционалдык-эстетикалык жактан өзгөчө күчкө ээ экендигин ички туюмунда сезе билишкен. Бирок, ошентсе да, бир-бирине коёндой окшош дешке болбойт. Жалпылык катары алардын баарында эмоциянын берилишин же эмоционалдуулуктун орун алышын көрсөтсөк болот, бирок анын графикалык түрдүү каражаттар аркылуу берилиши, буга ылайык эмоционалдуулуктун түрдүү мүнөздө, деңгээлде болушу аларды бир-биринен өзгөчөлөнтүп турат. Айталы, экинчи жоопто көп чекит коюлган да, натыйжада, биздин жоктугубузга күйүү, автордук маанай-ыргак өзүнүн сырдуулугун, кайманалуулугун, буга ылайык купуя эмоционалдуулугун сактап калган. Үчүнчү жоопто, тескерисинче, баары ачык берилген: суроо менен илеп белгисинин коюлушу ырдын ыргак-маанайынын кескин өзгөрүшүнө, “жарылуунун” ачыктан-ачык болушуна, эмоционалдуулуктун тикеден-тике берилишине алып келген, дааналап айтканда, автордун купуя сырын ачып таштаган. Бул экөөндө тең бизге караганда биздин жоктугубуз (жүз жылдан кийин жашабастыгыбыз) башкы орунга чыккан. Ал эми 4-жооптогу жокпуз дегенден кийинки үтүр лингвистикалык жактан туура эмес коюлуп, ырды туура кабылдоого кандайдыр бир деңгээлде тоскоол болуп жатса да, өзүнчө стилистикалык функцияга ээ – ал физикалык эмес, психо-эмоционалдык паузаны билдирет. Мында экөө тең (биз, жокпуз) атайы бөлүнүп көрсөтүлүп, экөөнө тең бирдей чоң маани берилген. Мына ушундай жагдайларга байланыштуу автордук мамиле, идея белгилүү бир деңгээлде өзгөрүүгө учураган. Чу дегенде эле ушинтип деген сөздөн кийин коюлган тыныш белги көзгө урунат, б.а., жооптун авторлорунун баары тең бул сөзгө анча деле көңүл бурушпаган, андан кийин үтүр коюшуп, кадыресе пауза жасашкан. Албетте, лингвистикалык жааттан алганда, мында эч кандай деле калпыстык жок, ал сүйлөмдүн аякташы катары тынымды (үтүрдү же чекитти) өзүнөн-өзү эле талап кылып турат. Демек, автор (акын) көп чекитти тилдик эрежени билбегендиктен эмес, атайын бир стилистикалык мүдөөдөн улам койгон. Менимче, көп чекит аталган ырда момундай стилистикалык милдетти аткарып турат:

  • Жалпы ойдун биринчи бөлүгүн жыйынтыктоо менен, кадыресе эмес, узакка созулган тыныгууну билдирет. Бул, өз кезегинде, ушуга чейин айтылган ойго да, мындан кийин айтылуучу ойго да – экөөнө тең өзгөчө көңүл бурдуруу милдетин аткарат. Экинчиден, мурункуга окшобогон кескин ой айтылаарын, кандайдыр бир жарылуу болууга тийиш экендигин алдын ала кабарлап, окурманды ага даярдайт, б.а., психологиялык чыңалууну чегине жеткирет. Үчүнчүдөн, биринчи ой менен экинчи ойдун ортосундагы карама-каршылыкты күчөтөт, бул болсо жалпы идеянын элестүүлүгү менен таасирдүүлүгүнүн артышына түрткү болот.
  • Көп чекит аркылуу кадыресе пауза психоэмоционалдык паузага айланып, автордун ички сезимин, психологиялык уйгу-туйгусун таасын көрсөтөт жана муну менен катар ушинтипсөзү эмоционалдык жаңы түскө, ажарга ээ болот. Кыскасы, автордун үшкүрүгү сөздөрдөн да пунктуациялык каражат (көп чекит) аркылуу ашкере эмоционалдуу жана элестүү таасир калтыргандай сезилет. Автор бир эсе күнөөкөрдөй жооп-ырайым күткөнсүп, бир эсе сага суук кабар угузууга дити барбай жаткансып, сени муңайым тиктеп тургансыйт. Ошондуктанбы, ырдын акыркы сабы (бул сап өзүнө эмоциялык зор дүрмөттү биз санап өткөн өбөлгөлөрдөн алгандыгын, мунун натыйжасында таасирдүүлүгү бир кыйла арткандыгын белгилей кетүү абзел) сөз эмес эле, чыңалып келип, бир жанып кеткен арман күүнүн кайрыгындай, көкүрөктү өрдөп келип, алкымга туруп калып, анан өзүнөн өзү эле сыртка сызылып чыккан оор үшкүрүктөй туюлат. Ошондой эле акыркы сүйлөмдүн аягына коюлган тыныш белги да (чекит) автордук маанайга бап келерин белгилей кетүү зарыл. Бир караганда, чыгарманын идеялык мазмунуна, ушул эле сүйлөмдө сезимдин күчтүү берилишине (буга гана чектегич бөлүкчөсүнө бир сөзүнүн айкаша айтылышы шарт түзүп турбайбы) ылайык ал өзүнөн өзү эле илеп белгисин талап кылып тургансыйт, ошондуктан өйдөкү жооптордун биринде бул белгинин коюлушу бекеринен эмес. Бирок автор буга атайы барбагандыгы көрүнүп турат, анткени илеп белгинин коюлушу купуялуулукту, сырдуулукту жылаңачтап, окурман өзү ой чаргытып жетип алчу же жетсе да жетпей калчу табышмакты ачык жандырып таштамак, ошондой эле оңой менен билинбеген, бирок таасири күчтүү эмоционалдуулукту бир кыйла басаңдатып жибермек.

Тилдин эстетикалык функциясы конкреттүү түрдө эмнеден көрүнөт, б.а., семантикалык жылыш деген эмне, ал кандайча пайда болуп, кандайча ишке ашат деген суроого жогоруда жалпы жонунан жооп бердик көрүнөт. Эми мындай семантикалык жылыш өйдөкү ырда кайсы сөздөн өзгөчө көрүнөт, ал башка сөздөр менен кандай карым-катышта деген суроого келели. Бул үчүн баягы экспериментке кайрадан кайрылууга туура келет. Мен анда ырдын көркөмдүк деңгээли жөнүндө да сураган элем. Бул суроого төртөө ортозаар, бирөө примитивдүү ыр экен деп жооп кайтарышты. Баары ырдагы негизги өксүк катары идеянын эскилигин, образдуу сөздөрдүн жоктугун, ыр шыгыраган карапайым (образсыз) сөздөрдөн куралганын белгилешет. А түгүл бирөө өңчөй карапайым сөздөргө чыдабай кетип, айрым сөздөрдү алмаштырып редакциялап да жибериптир. Коюлган маселенин ажытын айкын ачуу максатында эки вариантты салыштырып көрөлү:

Жүз жылдар мындан кийин да

  Шаңкайып тоолор турушат.

Анда да бизче шерденип,

   Адамдар таазим кылышат.

 

Жүз жылдар мындан кийин да

Сүйүүлөр болот ушундай.

Ушинтип жерге жаз келип

  Жаркырап чыгат бүгүнкү ай.

 

Жүз жылдар мындан кийин да

Дарактар желге ыргала,

Шуудурап турат ыр созуп,

Биз жокпуз анда бир гана.

 

Албетте, көркөм чыгарманы ким кандай баалайт – бул ар кимдин өз иши, б.а., ар ким алына жараша баа берет. Ошондой эле бул ыр оңдолгондон кийин сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлө алдыбы деген суроого да ар ким ар башкача жооп берери бышык. Менин жекече пикиримче, ыр жалтырак сөздөр аркылуу мурункуга караганда жаркылдай түшкөнү менен, ойдун метафоралуулугу бөксөрүп, жалпы эстетикалык дөөлөтү төмөндөп кеткен. Бул, менимче, момундай себептер менен шартталат. Баарыбызга маалым, ырдын түп нускасында эки эле образдуу сөз, дааналап айтканда, добуштук (шуудурап) жана элестик (ыргала) деталдар бар эле, булар чырмалыша келип, дарактын жандуу элесин көз алдыбызга тартчу. Калгандары, чындыгында эле, шыгыраган карапайым сөздөр болчу. Редакцияланган вариантта, негизинен, булардын ордуна колдонулган сөздөр (шаңкайып, жаркырап, бүгүнкү, ыр созуп) канчалык элестүү туюлганы менен, катмарланууга, семантикалык жылышка жетише албай, өздөрүнүн кадыресе эле маанисинде кала берген. (Ал эми ушинтип, бул, ушул сөздөрдүн маанилери кандайча татаалдашып, кандай эстетикалык жүктү көтөрүп турганына биз мурда кеңири токтолгонбуз. Эгер ырдын сыртын эле жалтыратууну көздөсө, Эралиев мындан да шөкөттүү сөздөрдү таба алмагына да кепил боло алам. Кыскасы, ал өзүнүн эстетикалык мүдөөсүнө ылайык жалтырактардан атайы качып, дал ушундай карапайым сөздөрдү колдонгон эле). Натыйжада, ырдын бүтүндөй эмоционалдык-эстетикалык кудурет-күчүнө доо кетип, анын метафоралуулугу, купуя, бирок күчтүү таасири солгундап калган. Образдуу сөзбү, же карапайымбы, айтор ар бир сөздө жашыруун, купуя кудурет-күч, болгондо да чексиз түгөнбөгөн кудурет-күч (буга ушинтип, бул ж.б. сөздөрдүн өйдөкү ырдагы мааничелери айкын күбө боло алат) бар, кеп – дал ушул кудурет-күчтү сууруп чыгууда, таба билүүдө жатат. Ал белгилүү бир көркөм контекст аркылуу ачылат, бирок ушул эле маалда активдүү түрдө өз контекстин өзү да түзөт. Ырдын редакцияланган вариантында көркөм кептеги сөздүн мына ушул өзгөчөлүгү, мыйзамченемдүүлүгү эске алынбаган.

Кайсы гана көркөм чыгарманы дыкаттык менен окуп, жакшылап ой чаргытып көрбөйлү, анын баарында тилдик ар бир кубулуш (сүйлөмдөн тыбышка чейин), а түгүл тыныш белгилери да катмарланууга, семантикалык жылышка, б.а., кайрадан жаралууга дуушар болоруна, ал (кайра жаралуу) аркылуу тил адабияттын биринчи элементине, көркөм образга, айланарына ынанбай койбойбуз. (Албетте, мунун себеби, өйдөдө белгилегендей, көркөм чыгарманын метафоралуулук касиетинде жатат.) Буга байланыштуу “троп” деген терминди бүгүнкү колдонулуп жүргөндөн алда канча кеңири мааниде кароо максатка ылайыктуубу деп ойлойм, анткени көркөм текстте тилдик ар бир кубулуш белгилүү бир деңгээлде өзгөрүүгө учурап, троптук касиетке ээ болуп калып отурбайбы. Ал эми тропту сөздүн кайра жаралышынын жөн гана ыгы катары эмес, а көркөм ойлоонун ыгы катары кароо зарыл, себеби алар, айталы, метафора аркылуу биз кадыресе адам ачууга дарамети жетпеген дүйнөнү, дүйнөнүн бир сырын ачып жаткан болобуз. Мына ушул өзгөчөлүктү баса белгилөө менен, сөздөрдүн кайра жаралуу маселеси боюнча момундай үч жагдайга айрыкча назар бургум бар:

  • Көркөм текстте соо сөз болбойт, кайсы бир сөздөгү семантикалык жылышка өбөлгө түзүштүн өзү эле ошол өбөлгө түзгөн сөздүн өзүнө да “доо” кетирет, б.а., аны дүрмөттөп, жаңы түскө, семантикалык жылышка жетишине түрткү берип кетет. Кыскасы, сөз (тил) көркөм текстте сапаттык жаңы бирдик катары кыймылга келип, өзүнүн эстетикалык мүмкүнчүлүгүн реализациялап, жазуучу же акын тарабынан кайрадан жаралат, жаңы боёк, түскө ээ болот, жаңы мааничелери ачылат, байланышы жана өз ара карым-катышы кеңеет.
  • Сөздөрдүн кайра жаралышы контекст маселеси менен тыгыз байланышта каралууга тийиш. Баарыбызга белгилүү, сөздөрдүн таралыш чеги, жашоо мейкиндиги ар түркүн, б.а., ар бир сөзгө ар башка көлөмдөгү контекст туура келет. Айрымдары, айталы, гипербола бир сөз же сөз айкашы аркылуу чечмеленип такталса, кээлери чыгарманын тулку боюна сиңип кетип, башынан аягына чейин өрдөп өтүү менен, бүтүндөй бир чыгарма аркылуу аныкталып такталат. Менимче, мындай мейкиндик татаалданууга, кайрадан жаралууга тикеден-тике өз таасирин тийгизет, тактап айтканда, сөз мейкиндиги канчалык кеңейген сайын, ал ошончолук көп сөздөр менен ар тараптуу алакада болуп, алакада болгон сөздөрүнүн баарына өз шооласын чачып, аларды да кыймылга келтирет жана ошончолук көп карама-каршылыкка, окшоштурууга, салыштырууга ж.б. учурайт. Дааналап айтканда, бул өңдүү сөздөр семантикалык жылыштын өзөк-чордонун түзүшөт, өздөрү семантикалык жылыштын “каарын” катуу тартуу менен, башкаларды да дүрмөттөйт. Мындай өзөктөр бир эле чыгармада бир канча болушу мүмкүн, мунун таасиринен кыйла сөздөр семантикалык жылышка ээ болуп, ошол жылышка ээ болгон сөздөрдүн айрымдары өзүнчө өзөктү түзүп калышы да ыктымал. Ошентип, көркөм тексттеги сөздөр өз ара өтмө катар байланышта келип бир-бирине жөлөк-таяк болуп турушат.
  • Катмарлануу, семантикалык жылыш оңойлук менен назарга илине бербейт. Семантикалык жылышка дуушар болгон сөздү бүтүндөй көркөм тексттин фонунда карасаң да (контексттен жулуп алганда ал кадыресе эле сөзгө айланып кетери белгилүү эмеспи), анда эмне сыр жаткандыгын, б.а., семантикалык жылыш болгондугун так айтып бере албайсың. Ушул эле маалда бул сөздө кандайдыр бир сыр бар экенин, ал өзүнүн кадыресе тилдеги маанисине окшошуп туруп эле окшошпой жатканын ички туюмуң аркылуу сезип эле турасың, бирок өзүң сезген керемет эмнеде экендигин түшүндүрүүгө дараметиң жете бербейт. (А түгүл муну атайын иликтөө жүргүзүп жаткан мыкчыгер адис да оңгулуктуу чечмелеп бере албайт, анткени семантикалык жылышка дуушар болгон ар бир сөз – өзүнчө чакан көркөм чыгарма, ал эми көркөм чыгарма – бул так жандырмагы жок табышмак, ушунусу менен өзүнчө бир керемет.) Бул – биринчиден.

Экинчиден, мындай катмарлануу, өзгөрүү өтө кубулма келет, мына мындай өзгөрүлгөн экен деп, бир маанисин кармайын десең, ал ошол замат балыктай култ этип, колуңдан суурулуп чыгып кетет да, экинчи бир мааниси башын кылтыйтат, ал да карматпайт. Айтор логикалык бир алкакка кууп кирип, мына мобул сөз момундайча өзгөрүптүр, жаңы маанилери мына мобулар деп карандай түшүнүк менен санап берүү өтө кыйын, анткени ал кандай гана кубулбасын, маанилик жактан кандай гана тарамдалып кетпесин, психоэмоционалдык кандай гана нюанстарга ээ болбосун, бул касиеттеринин баары жуурулушуп келип бир эле маалда кыймылга келет.

Бул көрүнүштү баарыбыз эле башыбыздан кечирип жүргөн жана кечире берчү мындай бир абалыбыз менен салыштырсак болот. Кандайдыр бир кыйчалыш психологиялык туңгуюкка кептелгенде, ким болбосун жарыша, катарлаш келген ойлордун басырындысында калып, эмнени ойлоп, эмнени коюп жатканын аңдай албай, жан айласы кетип калат эмеспи. Мындай учурду улуу жазуучу Ф. Достоевский төмөнкүчө өтө таамай берген эле: “Известно, что целые рассуждения проходят иногда в наших головах мгновенно, в виде каких-то ощущений, без перевода на человеческий язык, тем более на литературный.” Катмарланган маанилерге кабылганда (дыкаттык, кылдаттык менен карай турган болсо, көркөм чыгармадан мааниси катмарланбаган сөздү табуу өтө кыйын) да, дал ушундай абалга туш болобуз: кайсы мааничесин берип жаткандыгын жеткирүүгө тилибиздин кудурет-күчү жетпей калат.

Дагы бир кызык жагдай: бир сөздүн мааничелери бир-биринен ажырап кетпей, бир өзөктө чокмороктошуп турат дедим го, бирок алардын баарынын тең эле маанилик деңгээли бирдей болбойт көрүнөт, айталы, түпкү мааниси толук болот, ал эми кайра жаралуудан кийинки маанилери ар кандай – бири түпкү мааниден кичине кемирээк, экинчиси жарым-жартылай эле мааниге ээ, үчүнчүсү жарым-жартыдан төмөн, айтор кийинкилерден мына момундай маанини билдирип жатат деп бирөөнү так сууруп чыгууга болбойт жана ошол жарым-жартылай маанилери бир-бирине жуурулушуп, кошулуп отуруп, бирин экинчиси толуктап, толук кылып көрсөтөт. Өйдөдө айтылгандардын баары биригип келип, көркөм тексттеги сөздөрдүн семантикалык жылыштарын кандайдыр бир так, айныбас чен-өлчөм, формула түрүндө аныктоо кыйын экендигине, а муну акыл менен да, жүрөк менен да түшүнүү эмес, сезип-туя билүү зарыл экенине күбө боло алат.

Эми жогоруда айтылган пикир боюнча “Жүз жылдар мындан кийин да” аттуу ырга кайрадан көз жиберели. Албетте, бул ырдан да “соо” сөздү учуратуу кыйын, баары эле кайсы бир деңгээлде маанилик өзгөрүүгө, жаңырууга дуушар болгон, бул тууралуу колдон келишинче кенен эле (а түгүл пунктуациялык каражаттардын өзгөрүшүнө чейин) токтолдум. Ошондуктан анын баарын кайталап отурбай, негизги сурообузду кайтадан коёлу: семантикалык жылыштын өзөгүн түзгөн сөздөр кайсылар, б.а., семантикалык жылышка өзгөчө дуушар болуу менен, башка сөздөргө да айрыкча доо кетирген сөздөр кайсылар, мунун себеби эмнеде жатат? Мен буга үч сөздү кошор элем: жүз, адам, биз. Мунун ичинен адам, биз сөздөрүнүн өз ара карым-катышы, маанилериндеги жалпылыктар, карама-каршылыктар, ошондой эле бул  сөздөрдүн ырдагы башка сөздөргө карата өз ара мамилеси, кыскасы, алардагы татаалдануу, катмарлануу тууралуу мурда эле кеп кылгандыктан, көңүлдү жүз сөзүнө гана бургум келет. Эгерде ырды окуган адамга жүз сөзү кайсы сөздөр менен байланышып турат, канча жолу кайталанган деген суроо узатсак, ал токтолбостон эле үч жолу кайталанган, үчөөндө тең “жыл” деген сөз менен айкашкан (байланышкан) деп жооп берери бышык. Үстүртөн караганда, чын эле ушундай, бирок, терең карай келсек, бул сөз ырдагы сөздөрдүн баары менен ар кандай деңгээлде карым-катышта болуп, алар аркылуу улам-улам кайталанганына күбө болобуз. Мен алардын маанилерин, б.а., өтө жакын карым-катышта болгондорун гана келтирейин:

жүз – тоолор

жүз – адамдар

жүз – карыбас үчүн

жүз – сүйүү

жүз – жаз

жүз – ай

жүз – дарактар

жүз – биз

 

жүз – турушат

жүз – тырышат

жүз – болот

жүз – келип

жүз – чыгат

жүз – турат

жүз – жокпуз

Демек, жүз сөзү ырды баштан аяк жай, каалгып өрдөп өтөт да, ар биринен дүрмөт алып, ушул эле маалда аларга да “доо” кетирип жүрүп отурат. Акыры карама-каршылыкка учурап, семантикалык жылышка дуушар болот. Дааналап айтканда, жүздүн улам-улам кайталанышы, болгондо да түбөлүктүүлүктү, чексиздикти билдирген сөздөр менен тыгыз байланышта кайталанышы ага да чексиздиктин шооласын чачып келет да, акырында күнүмдүк, болгондо да жүзгө да туруштук бере албаган сөз (Адам-биз) менен байланышып, түбөлүктүүлүк, чексиздик жөнүндөгү ой (шоола) өзүнөн өзү күм-жам болот. Мен өйдө жакта адам өмүрү башкы орунга чыгат деп айтканмын, буга дагы бир тактоо киргизгим келип отурат: адам өмүрү менен жүз катарлаш чыгат, бирок ушул эле маалда жүз алдыга озуп кетет, анткени мында кептин баары жүздүн өтө кыскалыгында жана өтө узундугунда, б.а., адам өмүрүндө эмес, а ошо өмүрдүн жок болуп кетишинде жатпайбы?! Жүз азбы, же көппү? Жүз аз, анткени ал – түбөлүктүүлүктөгү көз ирмем, чексиздиктеги чектелүү; жүз өтө аз, анткени адам баласынын өмүрү түбөлүктүүлүктө ушул көз ирмем аркылуу өлчөнөт; жүз өтө көп, анткени адам баласы ушул чекке чейин да жашай албайт. Баамдасак, жүздүн керт башында эле бир мандем, ички карама-каршылык бугуп жаткан турбайбы. Ошентип, тегирмендин ташы тескери айлана баштайт: жүз жылдан кийин тоолор минтип турбайт, адамдар бизче карыбас үчүн тырышпайт, сүйүүлөр ушундай болбойт, жаз ушинтип келбейт, ай ушинтип чыкпайт, дарактар ушинтип шуудурап турбайт, анткени биз, мына азыр жашап жаткан адамдар, жок болгон соң, тоолорду да, сүйүүнү да ж.б. баарын-баарын өзүбүз менен кошо жалмап кетип жатпайбызбы! Буга байланыштуу жүз өзүнүн маанисинен (сан атоочтук) ажырап, жандуу нерсеге айланып кеткендей таасир калтырат, ал карама-каршылыкка жык толуп, чыңалып чыгат да, жарылып кетчүдөй болуп эле араң турат:

Мына, жүз өзүнүн түпкү маанисине жакындабай калды, ал орой айтканда, нөлгө барабар (жүз-нөл) болуп калып отурат, анткени жүз жылдан кийин биздин болбогонубуз – бул жүздүн да жок болушу деген сөз эмеспи, ал эми бул болсо жүздүн өзү биз үчүн канчалык кымбат экендигин кан какшагандык да. Жүз сөзүндөгү мындай түшүнүктүк (семантикалык) жылыш ырдагы башка сөздөр аркылуу даярдалып коштолот, б.а., автор жүз, жүз деп улам-улам кайталоо аркылуу мындан жүз жылдар кийин тоо, сүйүүнүн ж.б. болору жөнүндө (бул ырдагы сөздөрдүн тике маанисинен келип чыгат эмеспи) гана эмес, а муну менен катар жүздүн маанисин кемитип, ошол эле маалда көбөйтүп жаткан да болот. Өтө аз экендигин какшап, ушул эле учурда адам жүзгө да жете албастыгын (демек, жүздүн өтө көптүгүн) да кан какшап жаткансыйт, кыскасы, мында жалпы маани да – жүз жылдын өтө кымбаттыгы – берилет. Ошентип, жүз менен карым-катышта болгон сөздөр да функционалдык жактан өзгөрүүгө дуушар болуп татаалданат. Баса, бул жерде эмоциянын ныпым белгиси жок жүз сөзү эмоционалдык касиетке ээ болгондугун, буга жүз сыяктуу эле эмоцияны билдире албаган биз, ушинтип, ушул (булар жөнүндө өйдө жакта кеп кылган элем) ж.б. сөздөр өбөлгө түзгөндүгүн да белгилеп кетүү абзел. Жыйынтыктап айтканда, жүз кадыресе сөздөн поэтикалык сөзгө айланат да, өзүнүн дал ушул маанисинде автордун чындыкка карата мамилесин, баасын билдирип турат. Бул жагынан алганда, мен автордун бүтүндөй күйүтү, чындап келгенде, ушул бир сөзгө – жүзгө (албетте, кайра жаралышын айтып жатам) сиңирилип, ал аркылуу берилген деп айтар элем.

Акырында белгилей кетчү дагы бир жагдай: жүз сөзүнүн өйдөкүдөй маанилери бир-биринен ажырап кете албайт – баары жүзгө чокмороктошуп турат. Дал ушул чокмороктошкон кейпинде гана анын көп мааниге ээ экендигин айкын туя алабыз, эгер бирөөнү ажыратып алалы десек, көп маанилүүлүк касиеттен айрылып калат. Айтор ар бирин жеке алганда, ар бир мааниси көрүнүп келип эле көрүнбөй калат, б.а., бөксөрө түшөт, ошондуктан алардын баарын толук камтуу үчүн табигый, чокмороктошкон кейпинде гана кароо керек.

Ырды талдоону жыйынтыктап жатып, бир-бири менен өз ара тыгыз байланыштагы эки негизги маселеге назар бургум бар: 1) Сөз башында мен көркөм чыгармада негизги нерсе эмне – ойбу (мазмунбу) же аны ишке ашыруучу тилдик каражаттарбы, экөөнүн карым-катышы кандай деген суроону койгон элем. Бул суроо өзүнүн жообун алды көрүнөт, ошентсе да кыскача жалпылай кетүү абзел. Көркөм чыгарма – бул бүткөн, даяр чындык эмес, көркөм чыгарма – бул чындыктын (көркөм чыгарманын) жаралуу процесси, механизми да, демек, дал ушул процесс окурманга зор таасир тийгизет, тактап айтканда, окурман да башынан далай түйшүктү кечирип бейпайга түшүү менен, чыгарманы жаратууга мажбур болот. Бул өңүттөн алганда, Сүйүнбай Эралиев бир да кооз, образдуу сөздөрдү колдонбой туруп эле, эсти эңгиреткен ырды жараткан. Поэтикалык ойдун жаңылыгы да мына ушул процессте айкын көрүнөт, анткени форма деген – бул болгону тилдик каражат дегендик эмес, ал, баарыдан мурда, көркөм ойлоонун каражаты, ыгы, андыктан мазмун менен форманы ой жүзүндө гана ажыратууга болот, акыйкатта, алар бири-биринен ажырап жашай албайт. Жаркын идея үчүн жаркын форма керек, б.а., жаркын форма аркылуу гана идея жаркын боло алат. 2) Аталган ырда сөздөр мындайча кайра жаралып, мындайча катмарланган, дал ушул катмарлануу аркылуу автор мына момундай идеяны берүүнү көздөгөн деп жакшы эле олуялык кылдым көрүнөт. Бирок менин пикирим түбөлүктүү акыйкат деп бүтүм чыгаруудан алысмын, ошондой эле автордун (тагыраак айтканда, ырдын) идеясын толук, телегейин тегиз ачып салдым деп да айта албайм. Муну ар ким өзүнчө ачууга тийиш, ар кимдин өз чындыгы болууга тийиш. Мен ыр боюнча канчалык так, туура пикир айткан болсом да, баары бир ырдын дал өзүндөй жеткире албайм, б.а., ырдын көркөмдүк дараметин, образдуулук касиетин түбүнөн түрө аңтарып берүү эч кимдин колунан келбейт, бул карандай акылга, так ченем-өлчөмгө сыйбайт, буга жетүүгө бир гана жол болушу ыктымал, ал – жүрөгү менен да, мээси менен да ырды теше тиктеп, аны окуй берүү. 3) Жогоруда нукура көркөм чыгармада мазмун менен форманы ажыратууга болбойт дедик, чындыгында эле, экөө жуурулушуп, үчүнчү бир нерсеге айланып кетет окшойт, ушул үчүнчү нерсени кандайча атоо керектигине азырынча чама-чаркым жетпей турат.

Эми акырында лирика-философиялык бир чегүүнү жасай кетүү зарылдыгы туулуп отурат.

Ооба, ырды окуйсуң да, жүз жылдан кийин жок болот экенбиз, бул мурдатан бери эле белгилүү эмеспи, мунун эмнесин жазат деп ойлой кетесиң. Бирок, ошентсе да ырдын түпкүрүндө кандайдыр бир купуя сыр, бир мандем бугуп жатканын туясың. Кайра окуйсуң, жүрөгүң кичине тыз эте түшөт – кайталануу, ажыроо, айрылуу деген бүдөмүк ойлор келет. Баары кайталанат, бирөө гана кайталанбайт, ал – адам өмүрү, демек, жоготуу, жоголуу гана кайталанат, эмнени жоготосуң, кантип жоготосуң; эмнеден айрыласың, ажырайсың? Тоолордон, жаздан, Айдан… Анан… Өзүңдөн! Ушинтип, жоголбойм деп жүрүп – жоголосуң! Мына ушул жерден кимдир бирөөнүн өзөктү өрттөгөн элеси көз алдыңа тартыла калат: Улам бирдеме айтуучудай болуп камданып, бирок сүйлөөгө гана эмес, оозун ачууга да дарамети жетпей, шилекейи кургап, тили куудурап, көздөрү жалжылдап, ошол жалжылдап жалдырай караган көздөрүнөн ушуга чейинки өмүрүнүн, ой-санаасынын, тилек-мүдөөсүнүн баарын чачыратып, башын эшикти, жарыкчылыкты көздөй кейкеңдетип жаткан бир элес. Бул ким? Бул – өзүңсүң! Өзүңдөн өзүң ажырап, айрылып бараткан өзүңсүң. Балким, дал ушул маалда өмүрдүн кымбаттыгын чындап сезип-туя аларбыз! Буга чейинчи? Биз жогоруда адам өмүрүнүн кыскалыгы менен кайталанбастыгы жана ошондой эле өтө кымбаттыгы жөнүндө учкай айтып өткөнбүз. Арийне, кайталанбастык менен кыскалык – бул өзүнчө трагедия дечи, бирок булар – айныбас мыйзам, демек, табигый трагедия. Кеп бул жерде өтмө катар трагедия жөнүндө болуп жатпайбы: адам баласы өмүрдүн кыскалыгы менен кайталанбастыгын жон териси менен сезип-туя билбестиги бир трагедия болсо, буларды сезип-туюуга кудуретсиз адам өмүрдүн кымбаттыгын сезе алмак беле да, анын кадырына жете алмак беле! Бул, эмне, трагедия эмес бекен, албетте, трагедия, болгондо да трагедиянын жеткен жери, чокусу.

Өмүрдүн кыскалыгы дегенибиз – бул өлүм дегендик да, демек, бул жерде кеп өлүмдү сезип-туя билүү жөнүндө болушу керек экен да. Ушул жерде акындын “жүз жылдар мындан кийин да” деген кан какшаган кайталоосу таптакыр башкача ыраң-түскө ээ болот: адам баласы, сен өлүмдү, демек, адамдыгыңды сезип-туя аласыңбы, жан бүткөндүн ичинен сен гана өлүмдү жон териң менен сезип-туюуга милдеткер болуп жаралгансың, сен ушуну билесиңби?!

Бул суроого: “Койчу, айланайын, өлүм жөнүндө кантип ойлонбой коёюн!-деп туйлап чыкчулар четтен табылары бышык. – Өлүмдү баары эле билет да, анан ал жөнүндө ойлонбой коймок беле?..” Ооба, өлүмдү билесиң, күн сайын болбосо да, эки күндүн биринде эле ага күбө болуп отурсаң, билбей коймок белең. Бирок бул жерде өлүмдү билериң жөнүндө сөз болгон жок да, кеп аны сезе-туя билгендикте, болгондо да жон териң менен сезип-туя билгендикте болуп жатпайбы. Ким болбосун акыл-эси, ою аркылуу өлүмдү билет, бирок ошол акыл сезимге өтпөй, сезимге айланбай, аны менен жуурулушуп кетпей, кургак ой, кургак акыл бойдон калып жатпайбы, демек, көйгөй өлүм жөнүндө ойлоо менен өлүмдү жон териси менен сезип-туя билүүсүнүн ортосунда асман менен жердей айырма бар экендигин аңдоого биздин кудуретибиз алигиче жетпей жаткандыгында болуп отурбайбы!

Биз, акыл-эстүү жан болгондон кийин, ойго чөкпөй койбойбуз: тирүү жан болгон соң, акыр бир күн өлөбүз, баары калат, – деп ойлонуп келатып эле жалт беребиз, өлөрүбүздү мойнубузга алгыбыз келбей кетет, а түгүл мойнубузга албайбыз, өлүм өзүңдөн башка адамдарга гана тиешелүүдөй, сага эч бир тиешеси жоктой, башкалар гана өлүп, сен ушул калыбыңда эле тура берчүдөй (не деген өзүмчүлдүк!) сезесиң, буга биротоло ынанасың. А акын байкуш сенин бул оюңдун натууралыгын улам-улам эскертет: өзүңдүн тоолоруңдан ажырайсың деп эскертет; өзүңдүн сүйүүң менен Айыңдан айрыласың деп эскертет; карыбас үчүн тырышпай каласың деп эскертет. Аягында өзүңдөн өзүң ажырайсың деп эскертет. Анткени сен жоксуң!.. Өзүбүз жөнүндөгү чындыкты өзүбүз мойнубузга алышыбыз керек деп кан какшайт. А биз акындын жүрөгүнөн кайнап чыккан кан какшоосун түшүнүп туруп түшүнгүбүз, билип туруп билгибиз келбейт. Биз чындыктан коркобуз. Мынакей, жөнөкөй эле мисал: Өзүбүз жөнүндөгү чыныгы чындыкты, ымандай жан сырыбызды өзүбүзгө өзүбүз айтып берүүгө адамдык кудуретибиз жетеби? Жетпейт. Баштап келатып эле, кайт болобуз; коркобузбу, уялабызбы, айтор аты белгисиз, бирок ушунчалык сырдуу бир сезим-абалга кабылып, өзүбүздү башка нерселер менен алаксытууга, көр тириликтин ыпыр-сыпыры менен өзүбүздү өзүбүз алдап кетүүгө, сооротууга, өзүбүздөн өзүбүз качып кутулууга жанталаша баштайбыз. Мунун өзү – адамдык насилден, жоопкерчиликтен качып кутулуу да; анан биз өлүмдү, демек, өмүрдүн кымбаттыгын жон терибиз менен сезип-туя алабыз деп кантип айта алабыз? Улам-улам кайталоодон тажабаган акындын жүрөк толтосунда, өзү анчалык аңдап билбесе да, дал ушул ой бугуп жаткансыйт.

Өйдөдө айтылгандардан улам, адамдын акыл-эси менен сезим-туюмунун шайкештиги жөнүндө көйгөй келип чыгат, бул жагынан алганда, эгер адамдык акыл-эс менен адамдык сезим-туюм бир-бирине шайкеш, дал келбесе (биз жон терибиз менен сезип-туюуга кудуретсиз болуп жатпайбызбы), анда биз толук, бүтүн эмес, жарты адам, “жарты кайык” экенбиз да. Ошондуктан зээнибиз кейип турса да, дагы бир жолу кайталап айтууга туура келет: адам өмүрдүн кыскалыгын, эртеби-кечпи кетерин (өлөрүн) акылы менен билет, бирок билип туруп эле мойнуна алгысы келбейт, анткени жон териси менен туюп-сезе албайт (акыл сезимге өтпөйт, айланбайт), жон териси менен туюп-сезе албаган соң, ал өмүрдүн кымбаттыгын, ыйыктыгын биле алмак беле, кадырына жете алмак беле? Бул болсо адамдын адам катары алигиче жетиле электигин, адамдын адамдык деңгээлге жете албай келаткандыгын айкындап турбайбы. Ал эми качан гана жүрөгүбүздөгү от үлбүлдөп өчүп баратканда, бир үзүм жарыкка зар болуп, жаныбыз чыкпай алакетке түшүрүп жатканда, биз жарыкчылыктын, дүйнө-өмүрдүн кымбаттыгын, ыйыктыгын чындап туюп-сезип, ичибизден кан өтүп отурбайбы! Бул – адамдын адамдык трагедиясы, шору го?..

Кызык, жарыкчылыктагы эң кудуреттүү жан болсок да, көр тириликтин бороон-чапкыны түгүл, анын эпкинине туруштук бере албаган байкушка айланып калсак (“Жибек кийген эрке кыз”), өмүрдүн кымбаттыгын, ыйыктыгын жон терибиз менен сезип-туюуга кудуретибиз жетпесе (“Жүз жылдар мындан кийин да”), деги биз кимбиз? Адамбызбы? Бир залкарыбыз деле бир ың-жыгын билдирбей, экинчиси кебез менен акырын мууздап келип туруп берген ушул суроо менен сөзүмдү аяктагым келип турат.

*****

Ошентип, эки залкардын өздөрүнүн эстетикалык дөөлөтү менен жүрөк үшүткөн ырларын, колдон келишинче, талдап чыктык көрүнөт. Балким, алар: “Биз мындай ойду айтмак эмеспиз, оюбузга бирдеме түшкөндө эле, шилтей салганбыз. Кандайдыр бизге чоочун ойлор таңууланып калгандай…”-дешмек, көздөрү тирүү болушканда. Залкарларым, өзүңөр шилтеп жаткан ырыңардын өзүнө айланып, жаныңардан айрылып (жаныңар ырга айланып кетип жатпайбы!), буркан-шаркан болуп кайнап жатсаңар, эмнени айтып, эмнени коёрду билген деле жоксуңар да, болгону кайноо менен “шилтеп” салдыңар да, таңуулоо оюңарга да келбеди да. Чындыгында, таңуулоону мен жараткан жокмун, аны силердин “шилтеп” салган ырыңар жаратып жатат, тактап айтканда, таңуулоо жаратууга мени аргасыз кылып жатат. Силердин ырыңардын бактысы дал ушунда – таңуулоо жаратууга аргасыз кылгандыгында! Анда менден кийин да, балким, менден бөлөкчө, жаңыча таңуулоолорду жаратуучулар чыгышаар, аларга ак жол каалайлы.

1993-2022