“Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй”
Очерк
“…элестелип дүйнөгө бүт таркады
кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй”.
(Жолон Мамытов)
Сүймөнкул абаны жазам деп оолукканым качан…
Өзүнө учураганымда шаарыбызды саратан куйкалап, газдалган сууга турган элдин кезегин бир-бирине уласа, кербей-чойбой калааны бир курчаса жете турган. Мезгилиң тутумга илинбейт экен, минтип жалбырак күбүп, күз да кирип келди. Эртең эле буйруса кыш… Бурч-бурчта тигилген боз үйлөрдүн биринде бутуңду узун сунуп, көздү жумуп, суу кошулган кымызды ууртап отурганда түндүктөн жай жылган булуттар бейпайда кеткен күндөрдү сызылтып, жүрөктү “зырп” эттирип жүрдү го!.. Кайып болуп кеткен күндөр!..
Чыгармачылык алакасы бар ашыналарым да маал-маал “бүттүңбү”, деп кулак кагыш кылат. Шылтоо даяр, “баш кашырга чоло жок, гезит тушап койду”, дейм. “Жазам дегениң качан… Көздү жуумп жазып салбайсыңбы”, дейт дагы бир үмүтү бар.
Эх досум, сен ойлогондой бу көздү жумуп, жазып салчу иш болсо кана!..
* * *
Ойлорго “төө бастымын”. Жумушка келатып да, сегиз саатты түгөтүп, кетип баратып да автобустун бир бурчунда “Асанбай” көрүнгөнчө (автор баш пааналаган микрорайон) очеркти эмнеден баштаарымды чече албай башым катат. Калемиң түшкүр, мынчалык мукураган эмес!.. Элине беш колдой таанымал адамдын кулак чала элек кайсыл тарабынан иликтесем окурманым арзыган табылгага туш болом же жыл сайын биринен кийин бири чыкчу коёндой окшош очерктерден айрып алгыс жазылып, окуганга кол көтөрүлбөй мезгилдин бүктөмүндө калып кетеби? Чочуган жайым ушунда!..
Чынында Сүймөнкул абаны билбеген кыргыз барбы? Союздук кинофестивалдардан эркектин ролун жакшы аткаргандыгы үчүн байгесин беш ирет жеңип алган жападан-жалгыз актёр туурасында өзүбүздө, өзүбүздөн калса борбордук басма сөздөрдө аз жазылдыбы?
Кариет, мага да айтчу кеп бар экен, көп экен, бетме-бет сүйлөшкөндө билбедикпи, чети да оюлбаптыр!.. А очеркти болсо минтип жазмак (жазылса!) болдук. Сүкөмдүн актёрдук (аны менден жакшы билесиз), сүрөтчүлүк маштыгын мындай коюп, өзүбүз күбө болгон пенделик жашоосундагы периштесин кылаң көрсөткөн турмуштук жагдайларга токтолсом. Мүмкүн маалымдуулуктун мартабасы ашып турганда сиз экөөбүздү көбүрөөк кызыктырган ошол нерсе болуп жүрбөсүн, окурман.
* * *
Күндө чалам үйүнө. Телефонго колу жетпей жүрдү. Кудай жалгап, онунчу күн дегенде шыңгырагым үстүнөн чыкты. Чагылайы келбей жүргөндө шашкан киши болуп, түз эле “Сизге азыр эле оропара болом” дедим. “Процедурадан жаңы келдим эле, бир-ар саат эс албасам…” деди Сүкөм.
…Иш бөлмөсүндө отурдук. Толгон сүрөт. Дубалда илингени канча. Көбү жерде, биринин аркасынан бири шыкаалап, бизди карап турушат. Маңдай-тескей отурганда он күндөн бери ичибизде жүрүп, эскире түшкөн сөзүбүздү айттык.
Ааламга аты кеткен Чокморовду эмес, Сүймөнкул абамдын бүгүнкү карапайым образын, пенделик кадимки турмушунан жазсам деген оюм бар эле.
– Колуңдан келеби? – деди Сүкөм капыстан. Маселени кабыргасынан коюп, чапанын желбегейленип, маңдайымда далдаят. “Манастын ролун экранга алып чыкканда го, атаганат…” деген ой бир жактан чыга калды.
– Жазам, – дедим Манастын оттуу көздөрүнөн көзүмдү албай, – сиздин “сырды” айлап болсо да, аркаңыздан түшүп болсо да билишим керек.
– Ага каршы эмесмин. Бирок, билип кой, ушуга чейин эч ким мени толук биле элек, биле да албайт деп ойлойм…
– Көрөбүз… – дедим да чөнтөгүмдөн блокнотумду суурудум. Калемимди унутуп калыпмын…
Акындын сырттаны, элине жылдыздуу поэзиясын таберик калтырып жүрүп кеткен маркум Жолон Мамытов Сүкөмдүн портретин эки ооз сөз менен ташка чегип коюптур… “Элестелип дүйнөгө бүт таркады, кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй…” Акындан ашырып айтыш кыйын го! Биз очеркти Жокемдин ошол көөкөр таштай көрчөгөлөнүп түшкөн сабы менен атап койдук.
* * *
Кетеримде Сүкөм китеп текчесинде турган таш баканын жону түспөл эки чоң үлүлдүн бирин мага сунду. “Тыңшап көрчү”. Кулагымдын түбүнөн деңиз шарпылдады. Деңиздин шоокуму! Үлүлдү кулагымдан албай сурадым. “Кайсыл деңиз?”. “Индия океаны. Жээгинде жүрсөк бир карыган балыкчы белек кылган эле. Мунусунан таза угулат”. Отуз эки жашыма чейин океанды телевизордон көрчү жаным алыста-алыста, жердин аркы четинде мелмилдеген океанга чөгүп бараткан кызыл күндү өзүмчө элестетип, а Сүкөм жээк кыдырып, көрүнгөнгө үлүл таберик кылган балыкчысын өзүнчө… Аны Хэмингуэйдин өлөрман балыкчысына окшотуп, колумдагы тоо текенин мүйүзүндөй үлүлдүн кайсыл бир жылдары океандын жашыл түбүндө, сырдуу дүйнөдө түнөгөнүн, тегерегинен супура боор, араа тиш акулалар түркүм түс балыктарды кууп каршы-терши сүзгөнүн, анан касиеттүү үлүл кайсыл бир күнү толкундардын эпкининен козголуп жээк издеп, баданин күн жеген, калак шилтеп булчуңдары таштай каткан алиги балыкчыга насип болгонуна таң калам. А бечара балыкчы табылгасын даңазалуу киноактёрго тартуу кылганын ошондо билди бекен…
Сүкөмдүн жумушчу бөлмөсүндө сакталган эстелик буюмдардын ар бирин чекеден сөзгө кошсок, анын өмүрүнүн жылдыздуу учурларынан маалымат чубалып чыга бергидей. Мексикадан, Каирден келген пирамидалардын мынабу эле колумда турган табышмактуу ак кесектери адам баласынын ою жеткис алыс-жуук сапарынын күбөсү. Байыркы Египеттин Хеопс пирамидасынын чүкөдөй кесеги билгенге баа жеткис таберик, алыскы жолдон кошо келген акжолтой табылга (ак кесектин жайын өзүнчө угабыз) .
Сүкөм түлөк маалынан атлас картадан Арабстанды издеп, байыркы пирамидаларды көрөр бекем деген үмүт көкүрөгүндө бутактаган. Ал тилеги кийин, башынан ысык-суук өтүп кино өнөрүнүн үлкөн адамы болгон кезинде, 1982-жылы ишке ашып, делегациянын тобу менен Каирге (а чынында Сүкөм төгөрөктүн төрт бурчунда болгон) жөнөйт. Каран калган ошол күн!.. Жер көрөм, эл тааныйм деп келип, Хеопс пирамидасын, адамзаттын нечен мууну күбө болгон тарыхтын көзгө сүртөр жерин мына-ана көрөм деп турганда, Каирдин мейманканасында капыстан биринчи ирет бөйрөгү сайгылашты. Таң атса пирамиданы тамаша кылганы жөнөйбүз деп турганда, бөйрөгү жанын көзүнө көрсөттү го! Чукул арадагы самолётко билет алынып, түн бою кирпик көзүн какпай чыккан Сүкөмдү Москвага учуруунун камылгасы көрүлдү. Бирок, ал теңирден тескери иш кылды. “Хеопс менен Хефрен, Микрин пирамидаларын көрбөй, көзүмө бир сүртпөй туруп, Каирден кетпейм” деп койду. Келме-кетме өмүрдө насип буйруп, дагы мындай жерлерге келемби-жокпу, ким билет. Ооруп жүргөн жан чыдаармын деп бөйрөктүн пристубун тиштенип, баягы өжөрлүгүнө салып чегиндирет.
Окурманга кылда далилдүү болсун үчүн саякатчынын өз сөзү менен баяндайлы. “Каирдин мейманканасында чабалактап, таң атканча оору жанымды жай алдырбай, кирпиктүү көзүм илинсечи. Тагдырдын кырсык-саатына мынчалык нааразы болгон эмесмин. Эртеси эки-үч жолдошумду жөлөк тутуп, пирамидаларды көргөнү кете бердим. Адамзат колунан жаралган, нечен-нечен доордун элин тамшандырган, көрсөм дегендерди ак эткенден, так эттирген төбөсү булут челген Хеопстын түбүндө туруп, ишенесиңби, өзүмдү ушунчалык бактылуу сезип, пирамиданын муздак бооруна кол тийгиздим да: “Эми өлүп кетсем арманым жок ээ” деп жиберипмин. Жанымдагылар таштан-ташка секирип, пирамидаң тепкич-тепкич болот экен өйдө чыгып кетишти, мен ылдыйда калдым, ооруп жатсам менде дарман-ал болобу. Тегеректин тазалыгын бир айтасыңбы, миң айтасыңбы, кирпигине кир жугузбайт экен. Утуру мизилдетип шыпырып-сыйрып турушат, анан кадам сайын бирден сакчы. Көздөрүн ирмеп койбойт. Анткени келген-кеткен туристтериң жөн кетпей пирамиданын борчугунан бармактай болсо да ала кетсек дегенде эки көздөрү төрт экен. Карындан май кескендей кесип, кынаптап тизген чулу таштарды кыркалатып, зор усталык менен төшөп чыккан убалы жок кулдардын кара күчүнө айран калып басып жүрсөм, ушул сенин колуңдагы ак кесек мындай жерде жатат. Арбап, бура бастырбайт. Эңкейсем эле эки кадам наржакта турган сакчы шекшигидей. А кесек көздү бир күйгүзөт. Айла куруганда, бет аарчымды түшүрүп жиберимиш болуп, көздү кычыштырган Хеопстын ак кесегин кошо илип кеттим. Менин ордумда актёрдук өнөрдөн алыс жүргөн адам болсо, сакчынын колуна түшүп, көздөрүн жалдыратып турмак…”
Хеопстын ак табариги чөнтөгүндө келген жердешибиз бөйрөгүнөн катуу ооруп, Москвага жатып калат. Ооруканада эс-учун жоготсо да, бир сөзүн кайталай бериптир. “Мени Кыргызстанга жеткиргиле, тууган жеримди көрүп калайын…”
* * *
Бир күнү бет маңдай отурганда: “Сүкө, эл аралап калганда Карабалтанын ролун ойнойм деп эки бөйрөгүнө суук тийгизип, азабын тартып жатыптыр. Азыр табы кантип калды?” деп сизди сурагандар көп. Ал тургай папкечен байкелерибиздин эле ичинен оозу-мурду кыйшайбай, кудум көзү менен көргөндөй “өрдөгүн учургандарды” кездештирип, чын эле “Эл оозунда элек жок” турбайбы деп калдык. Пайгамбар жашынан өтүп калган ноокаттык бир чалдын сөзү кулагымда. “Сүймөнкул баатырды (эмнегедир баатыр деди!) кинодон көрдүк. Ооруканада жатыптыр. Ошо шаарда жүрөсүңөр, билсеңер, дени-башы сакпы?” дегенде эч нерсе дей албай – “Эл катары иштеп жүрсө керек” деп ийин куушурдук. “Журтунун бешенесине жаралган шондой шердин аяк астынан шамал өтүп турсун (сөзүн сөздөй келтирип жатам) оору-сыркоодон тышкары, ылайым көңүлүбүздү курсант кылып жүрө берсин, кудай ага күч-кубатын аябасын!” – деп алакан жайып дуба кылды десем Сүймөнкул аба күлүп жиберди. Айтканы “Элден айланса болот” деген гана бир ооз сөзү болду.
– Сүкө, учурунда айтылбаса сөздүн куну кетет дейт. Чалдын суроосуна…
– Аны айтса да, айтпаса да болот эле, – деп козголду эле алдындагы кресло кычырады.
– Оору менен алышып жүрсөңүз да, эки ийиниңизде төө көтөргүс милдет – жүк бар. Кыргыз сүрөтчүлөрүнө жетекчилик кыласыз, бош убакыт боло калса, кыл калемиңиз тыным билбей зор максаттардын эскизин түшүрөт. Ким кандай ойлойт, таразалай албайм, бирок мага сиздин өжөр эмгегиңиз Н.Островскийдин эрдигин эске салат. Бир чети бүгүнкү жараны жашырбаган маалда, сиз менен ийиндеш иштешип жатканыбызга сыймыктанабыз. Сиз баштан кечирген тагдырдын оош-кыйыштуу жактарын элибизге түгөл жеткирүүгө бел байлагандан кийин…
Сүймөнкул аба ийининен качкан чапанын мүрүсүнө серпип, о кыйла тунжурады. Бир нерсени катуу ойлонгондой.
– Жазайын дейсиңби? – деп чоочугандай сурады.
– Эл билсин. – Мен да тыбырап, укканымды, көргөнүмдү калың кыргыз укса экен, чындык сөз калптын казанына от жаккандардын таңдайына тикенектей сайылса экен дейм.
– Жакын отурчу, сага бир нерсе көрсөтөйүн, – деп Сүкөм эки билегин түрдү. Бүткөн боюм “дүр” деп чочудум. Билегинен тартып булчуң этине чейин каршы-терши тилинип, тигиштин темгилдери… Булчуңундагы дөмпөйгөн жерге сөөмөйүн сайды.
– Басып көрчү, ысык бекен?
– Ып-ысык.
– Каным… Өзүмдүн вена кан тамырыма ийне сайыла берип жарактан чыгып, болбой калганда бир аялдын вена кан тамырын салышкан.
– Аялдын?
– Ии, кан азыр манжаларыма жакшы жетпейт. Кист кармаганга, калем кармаганга болот, а комуздун кылын мурдагыдай манжаларым тере албай калды…
Жоон саны билегинен кем калбайт. Операциялардын тактары… Санына Англиядан алып келинген жоондугу сөөмөйдөй түтүк салынган. Кан ошол түтүк аркылуу айланат. Ал кийинки беш-алты жылдын аралыгында биринен бири татаал жыйырма үч операцияны башынан өткөрдү. Ар бири вена кан тамырына жасалып жатпайбы… Жыйырма үч операция деп жазгандан көрөк, жыйырма үч фильмде башкы ролду ойноду деп жазсам гана, атаганат!..
– Эки бөйрөктүн иштебегени ырас. “Сыркоосун киного тартылып жүргөндө суукка урунуп күчөтүп алыптыр” деп жүрүшкөнү туура эмес. Тукум кууган илдет Кыркка чыкканымда козголду. Врачтардын божомолунда ал жыйырма жашымда эле азап чектирмек экен. Актёрдук тыным жоктук, ар бир мүнөттүн кымбаттыгы ооруганга да мүмкүнчүлүк берген эмес экен. Спорттун өмүргө күлазык экенин ушундайда билет экенсиң. (Сүкөм волейбол, чуркоо, узундукка секирүүдөн биринчи разрядчы болгон).
– Операция жасатып, бөйрөгүн алмаштырып деле күнүн көрүп жүргөндөр толуп жатпайбы.
– Операцияга нечен курдай макулдугумду бердим эле. Бирок, алдын-ала изилдөөлөр өпкөмдөгү эски так (Сүкөм жаш чагында кургак учукту да жеңген турбайбы) операция учурунда жарылып кетиши мүмкүн деген жыйынтык менен токтотуп коюшту.
Сүкөм үч күндүн биринде кардиология институтунун нефрология бөлүмүнө каттайт. Бир барганда төрт-беш сааттан жатып, боюндагы болгон канын тазалатып (алиги чалдын Сүкөмдү ооруканадан көрдүк дегени чын экен) кайтат. Үч күндө бир жолу! Бир күн кемитпейт, бир күн кечиктирбейт! Темирдей бекем режим, темирдей бекем эрк! Ойлоп көрүңүзчү, ар бир күндө (процедураны жеңил дегендер жаңылышат) бир жолудан жатып, бир же эки жыл эмес, 1982-жылдан бери дарыланып келет. “Азырынча бул рецепт Чокморовго өмүр бою керек” деди элдин кадырлуу врачы, кесибинин устаты, Сүкөмдүн дарыгери, нефрология бөлүмүнүн башчысы Роза Гапаровна Мемешова.
Ооруканага күн көтөрүлүп калганда келдим. Ооздон Сүймөнкул абанын “Волгасын” көрүп, “Саат сегизде келсең, кошо алып кирем”, деп сүйлөшкөнүбүздү эстедим. Кечиккенимди карачы! “Терезенин түбүндө жатам, келген-кеткендер көрүнүп турат” деген эле деп, терезеден-терезени карайм. Ошентип турсам, бир кара каш кыз терезенин биринен башын чыгарып, кыргызча:
– Кимди издеп жүрөсүз? – деп калды. Сүйүнүп кеттим, кыздын кыргызча сүйлөгөнүнө. Кээде кызык эле, бири-бирибизди көзүбүздөн таанып эле турабыз, ага деле болбой “болсо, болбосо” деле өзүбүздү кыйнай беребиз. Мына кыйналбай эле сүйлөшүп турабыз.
– Сүймөнкул абага келдим эле, чоң кыз, дарыланган жерине алып кирем деген.
– Биз бөлөк-бөтөндү киргизбейбиз, – деди кара каш кыз. “Киргизбейм” десе деле кыргызча сүйлөп турса, көзүңө бир жакшы көрүнөт экен. Жакшы көрүнүп турганымды, “киргизбейм” десе ага деле кайыл болуп кете береримди туйдубу чунак кыз жумшарды.
– Бөлүм башчыбызга айтып көрөйүнчү, гезиттен келсеңиз, – деп терезеден көрүнбөй калды.
* * *
Сүймөнкулдай азаматтарыбыз көп эмес. Киносу турат, сүрөтчүлүгү турат чети оюлбай. Жазып кыйратып жибердиңерби? Сиз деле анын оорусун жазам дегенден көрө… – Роза Гапаровна мага халат, ак топу издеп жүрүп, – оорунун жакшысы болчу беле…
Үн катпайм, табылган халатты нарыдан-бери жамынып, ак топуну бөлүм башчыныкындай боосунан байлап кийдим эле чокчоюп төбөмө түзүк отурган жок. “Мейли, отурушунча. Эми баштаган жагына жүрө берем” деп каякка десе эле ынтылганы турам.
– Жүрөгүңүз түшпөйбү, баягыда Эралиев деген жигит киного тартам деп болбой жатып, сизге окшоп кирип алып жаман болгон.
– Коркпойм, – дедим. “Ушинтип кирсем ал мени тааныр бекен” – деп күзгүдөн өзүмдү карап турам.
Залды бойлото эки катар коюлган керебеттерде адамдар колундагыларын окуп, көбү шыпты тиктеп жатышат. Түтүк аркылуу жылган кандан көз айырбай медсестралар Жыпар менен Чынара отурат. Көз айнек тагынып алган Сүкөмдү аз жерден өзүм да тааныбай кала жаздадым. Газета окуп жатыптыр. Керебети чын эле айнек тушта экен. Бизди байкаган жок. Роза Гапаровна:
– Сүймөнкул Чокморович, акыбалыңыз кандай? Сизди журналист издеп келиптир, – дегенде гана бизди карады.
– А силер белеңер, келдиңерби? – деп мага колун сунду да, – ыракмат, Роза Гапаровна, акыбалыбыз жаман эмес. Биз анча-мынчаны көрмөмүш болуп коёбуз… А бул жигит менин эл биле элек турмушум болсо таап жазам деп жүрөт. “Колуңдан келбейт деп койгом” деп тиштерин кашкайта күлдү. Ушул тиштери менен жайдын ысык күндөрү муздаткычка атайын тоңдурган муздарды качыратып жегенин өз көзүм менен көрбөдүмбү. “Ошого көнүп алды. Муз деген суусаганын басканы менен түндөсү жөтөлтүп чыгат” деп кабатырланган Сүкөмдүн өмүрлүк жары Салима эже. Сүкөм менен турмуш жолун бир басып, анын кубаныч, жакшылыгын тең бөлүшкөн Салима Шабазова азыр Кыргызстан мамлекеттик сүрөт музейинин директору болуп эмгектенет. Экөөнүн 1972-жылы төрөлгөн Бактыгул аттуу баласы бар.
– Көрөм дейт, бизде көрө турган эч нерсе жок, – деди Р.Г.Мемешова.
А мен дароо эле көрдүм. Сүкөмдүн кыйгылы жок, чайыттай тунук көздөрүн, саал-паал тер чыбырчыктаган жылдыздуу жүзүн, аскадан аскага эликтей түйүлгөн, азоолорду теминген узун буттарын, домбураны зар какшатып Темир таздын баянын төктүргөн шадылуу билектерин көрдүм. Керебетинин жанынан ачык асмандын алакандай көгүш үзүмү көрүнүп турат экен.
– Көрөсүңбү? – Сүймөнкул абам билегин жапкан сүлгүнү көтөрмөк болгондо баш чайкап жибердим. Ал ушул жатышында сүрөт тартып, суй жыгылган кыястуу, түтүк аркылуу жүгүргөн кыпкызыл кан эртеңки күнгө эмгекчил билектин бөксөөсүнө кубат ташып жаткансыйт…
– Ушундай… – деди Сүкөм… Жанагы мен көргөн асмандын көгүш четин тиктеп алыптыр. Күндө тиктейт окшойт. Бирин-экин камдаган суроолорум бар эле бере албадым. Бул жердин тынчтыгын бузуп койгонумду сезип калдым, адамдар улам бирден баш көтөрүп, бизди карай баштаган. Кетиштин камын кылып:
– Сүкө, баягыдай жумуштан жолугалы, – дедим.
– Биринчи телефон чал, убара болуп калба, – деп шадылуу колун сунду. Ким менен болсо да кол алышып коштошконду жакшы көрөт экен, анысы жагып калды мага. Залдан аста чыгып баратып, баягы асмандын көгүш үзүмүн Сүймөнкул абамдын кайсыл бир эмгегинен учуратканымды бирок, кайсынысынан экенин түзүк эстей албадым.
– Сүймөнкул Чокморович алты жылдан бери бизде дарыланат. Бир сапар режим бузганын же бирөөбүзгө тике карап сүйлөгөнүн укпадык, – деди коридордо күтүп турган Роза Гапаровна. – Өтө кичи пейил, кыйын учурларда солк этпеген сабырдуу мындай адамды биринчи көрүшүм. Оорусун билет… Бирге жаткандардын көңүлүн көтөргөнүчү. Ишенесизби, процедурага келгендер, айрыкча жаштар кирелек жатып, Чокморовду издешет, анын жатканын көргөндөн кийин жашырганда эмне, кадимкидей маанайлары көтөрүлө түшөт. Көпчүлүккө таяныч-жөлөк, караан болот деген ошо экен да. Анын карапайым, жөнөкөй адам экенин ушундан билиңиз, сыркоосу башталып, биздин клиникага каттай баштаганда Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты катары өзүнчө бөлмөгө жаткыралы десек, туйлап: “Эл менен болом, аралашып эл жаткан жерге жатам” деп бизди кайра осол кылган. Эрктүүлүгүнө таң калабыз. Али да “Киного тартылып бериңиз” деп Союздан бери келип жүрүшкөнүн угуп калам. Бир казак режиссёр “Менин фильмиме ойноп берсеңиз”, – деп суранып жүргөн. Каршы эмеспиз. Эгерде шартын түзүп (Алматынын өзүндө режимин бузбай дарылана турган болсо) берсе, анын толук мүмкүнчүлүгү бар.
…Оорукананын халат, топусун чечип берип, жалгыз келип, жалгыз кетип баратканымабы, өзүнчө эле кусаланып кеттим да жанатан бери баарлашып, ылым санаша түшкөн Роза Гапаровнаны кадимкидей жакынсынтып: “Эже, Сүймөнкул абам кургак учукту жеңген адам, ушул оорусунан айыктырып бериңиздерчи! Эл аны экрандан издеп атышат, эл Сүкөмдү сагынып калыптыр!..”дедим.
Ооруканадан чыгып, күн тийген, таптаза көчөлөрдүн бири менен (анын жарашыгы менен деле, жадыраган күнү менен деле ишим жок) умсунган бойдон келатып, ак көңүл акын Алыкулду эстедим. Ырында калган жакшылыгы, алоо табы али күнчө жылытып келет. “Победасын” айдатып, көркөм шаарына кумары канбай кыдырып өткөн көчө менен келатып, адамдарга замзамдын дарысын берем деген адамзаттын айкөлүн эстеп, көңүлүм ачылды.
– Тамекиң барбы? – деди бирөө аркаман. Желкеме бир койгондой болду, аста дагы сурашпайт. Килейген эки улан эки жагыман чыгып, тамеки сурашты. Үрпөк чачтардын билегинде күч чатырайт, көрүп турам. “Жок” – дедим. Менден бойлуу пас болгондо сатып чеккиле дейт элем. Жол күзөтүп кала беришти, мен бербесем (чынында тамеки тиштеп көрбөсөм) дагы бир пендеси шереңкесин кошо күйгүзүшүп берет да… Билегиндеги өгүздүн күчүн каякка жумшаарын билбеген (өмүр бою тамеки сурап өтүшпөсө экен дейм…) уландардын курагында Сүймөнкул абам волейбол, узундукка секирүү боюнча шаардын курама командасында ойноп, кечкурун көмкөрөсүнөн түшүп сүрөт тартчу экен.
* * *
Качан башбакпайын бош эмес, үстүндө эки-үч кишинин башы биригип маселе чечип жатышкан болот же жалгыз болсо (чанда эле болбосо) сол колунда телефон, оң колунда ручка. Анысы менен “Кире бер”, деп жаңсап коёт. Келгенимди билгендей телефондор (дайыма ушундай) кычап бирин койсо, бири “чыркырап”, Алматыдан чоң көргөзмө сүрөтчүлөрдүн жаңы эмгектеринен сурады, Ашхабаддан жаш сүрөтчүлөрдүн семинарына киши жибергиле деп өтүнүштү, анан жооптуу секретарь экөөлөп бүгүнкү башкарманын заседаниесине коюлчу маселелерди бышыктап чыгышты. Отурганыма жарым саат болду, кол алышканыбыз болбосо, бир ооз сүйлөшө элекпиз. Кирген-чыккан көбөйдү, жарым барак кагаздын маселеси жарым саатты алып жатса да чоң ишпи, майда ишпи Сүкөм кабагым-кашым дебей маңызына жетип, сергек отуруп чечип жатты. Түшкү саат бирге жакын калганда ордунан турду.
– Коош, бүгүнкүгө кандай суроолоруң бар?
– Чарчадыңыз го… – дедим баятан былк этпей отурганга өзүмдүн да денем талый түшкөн.
– Чарчадым деп айттымбы?
– Жок, көрүп турбаймынбы, тындырбайт экен.
– Башыбызды байлагандан кийин, бошоңдотконго акыбыз жок. Көп максаттар бар алдыбызда, эсенчилик болсо…
– Ден соолукту караганды эстен чыгарбаңыз.
– Аны ойлоп отурсак, ишибизди бирөө келип жасап береби, элдин ишеними отургузбайт экен.
– Негизгиси режим эмеспи…
– Режим дегенде… Мисалы үчүн азыр катуу суусап турам. Болгону ошо. Кулагыма мөл булактын шылдыры угулат. Туптунук, муп-муздак. Бассам-турсам, бирөө жарым менен сүйлөшүп атсам да, атүгүл телефондон да булактын шылдырын угам. Билесиңби, врачтар мага суткасына үч стакандан ашык суу ичпейсиң деген. Суткасына үч гана стакан! Ашыкчасы зыян. Азыр түшкө жеткизбей үч стакан суумду, нормамды ичип салдым (саатыма карасам туп-туура бир болуптур). Эми эртеңки күнгө чейин чыдашым керек. Бир ууртам суу режимге балта чабат. Суусаган сайын төө жаныбарды эстейм. Бир айлык суусун бир ичет экен да, тикенегин жеп, жыргап чөлүн кезип жүрө берет экен, а биз төө эмес экенбиз… Бир жолу тамагым какшып, жаным көзүмө көрүнгөндө болушунча болсун деп үч литр сууну бир көтөрүп ичип салдым. Булактын шылдыры тып басылды. А курсак чыгып кетти. Эртеси басалбай калдым. Врачтарга сууну көп ичип алганымды айттым. Арыдан-бери жаныма адам кошуп, Москвага учурушту. Операциялык жол менен баягы тик туруп ичкен суумду сордуруп алышты. Ошондон кийин режимди такыр бузганым жок. Маа демектен күйүп баратсам да, чыдап жүрө берем. А булактын шылдыры дагы эле кубалап жүрөт…
Каарманым үйүнө кетти. А мен көнгөн чайканама өттүм (аман болсун жалгыз чайкана). Чайкор ашыналарым тердеп-тепчип, Бакир аканын чайынын адебин берип жатышыптыр. “Өзүңө пиала ала кел” дешти, киргенимде эле. Пиаланын чоңурагынан тандап келип, олтура электе “Толтура, толтура куйгула” дедим. Пиала аркасынан пиала бошотом, суусун канбайт, кулагымда Сүкөмдүн “Булактын шылдыры угулат” деген сөзү жаңырып турат. “Куйгула” дейм, пиаланы мыкчып, өзүм чала-була тердеп чыктым. Кулагыма мөл булактын шылдыры угулат…
* * *
Ишемби күнү Чоң-Ташка, Сүймөнкул абамдын айылына баратып, “Көчөт ала кетели” дегенинен Ош базарына бурулдук. Көчөт көп экен базарда. Күндөн жашырып, көчөттөрдүн тамырына чолок тон, жаман-жуман чүпүрөктөрдү таштап, мүрүсүнө чейин баткак-чыла болгон кемпир-чалдарды, мойсопут адамдарды (бирин-серин көк баштар да жүрөт) аралап, шабдаалынын көчөтүн издеп жүрдүк. “Апорт, эки жылда түшүмүн үзүп аласыз, алып кеткиле!”, “Гиластики бар, гиластын көчөтү керекпи?”, “Өрүктүкү мына, кагын, кыямын жеп мага ыракмат айтасыз”, “Мажүрүм талдын көлөкөсүндө отурдуңуз беле, алпарып сайып коюңуз, өзү эле өсөт, арзан берем…” Көчөт саткандар кардарларын этектеп, бу базардын мындай кызыктуу болорун мурда билген эмесмин. Шабдаалынын көчөтү учураган жок. Узун катардын аягына чыгып, Сүкөм көчөт саткандарды тиктеп туруп калды. “Жаңы сюжет тапты го” деп турсам, Сүкөм мага бурулуп мындай деди: – Карачы, мынабу элди, ден соолук болгондо көчөт сатып эле оокат кылмакмын…
Айылга жетпей күн жүрүш тарапта созулуп жаткан кең талаанын четине келип токтодук.
– Балалыгым ушул талаада өттү. Ортосунда килейген кулач жеткис жоон дарак болор эле. Талаада иштегендер анын чоң көлөкөсүндө түштөнүп укташчу. Чоңдор анын көлөкөсүндө уктап жатканда, биз балдар анын тарбайган шактары менен кылда учуна чыгып барып, алыс жактарды тиктеп, өзүбүзчө кыялданып көкүрөккө максат түйчү элек. А кечинде, күн уясына батып баратканда биз, балдар жалгыз дарактан көз айрыбай отурчубуз. Куштар келип конгонун көрсөк, көз байланганда даярдап койгон узун бакан, чырактарыбызды көтөрүп жүгүрүп жетчүүбүз. Чыракты жандырып, бакандын учундагы илмекке илип, коноргосунда отурган кыргыйды шырп алдырбай издечүүбүз. Бечара парандалар чырактын жарыгында эч нерсе көрө албайт. А биз бакандын учундагы илмекти шашпай мойнуна илип, ылдый тартар элек…
Ошол дарак биз үчүн жомок эле… Аркы айылдык бир араккор шериги менен ичкиликке тоюп алып, бир тракторго учкашып келет да, айылдын тумардай көргөн дарагын түбүнөн кесип, жүктөп кете беришет. Эл эртеси уйкудан туруп сыртка чыкса, баягы дүпүйгөн дарак көрүнбөйт. Ошондогу элдин нааразычылыгын сөз менен айтып бере албайм го. Карасаң, бир ою пас, өзүмчүлдүн караөзгөйлүгүнөн эки айыл көздөй көргөн дарагынан айрылды. Бул го мындан нечен жылдар илгери болгон иш, азыр андан оңолуп калдыкпы?.. Оңолсок кана… Бирөө-жарымдын көзү көрбөсө болду, колго киргенди чаап-жыгып, маа демектен тукуму курут болуп кетсин. “Бул жердин байлыгы мага бүгүн керек, эртеңкисин эртеңкилер өздөрү ойлонсун” деген ичи тардык ашынып кетти.
Арал деңизиндеги трагедияны уккан сайын, окуган сайын башыбызды чайкап коюп, андан кем эмес жапа чегип жаткан Ысык-Көлүбүз менен ишибиз жок. Ден соолукка бычак болуп кадалган түштүктүн тамекисин жазып түбүнө жеттикпи, бу турат. Арстанбаптын токоюн чекесинен кыйып, көмүрдүн ордуна жагып, кыштан жан сактап чыккандар жөнүндө ооз учунда сөз кылабыз, а жок дегенде кол учунда көмөк көрсөттүкпү, жок бу турат. Ушундай Кудайдан коркпогурлардын табияттын керемети, касиеттүү сулуулугу менен иши барбы?!. Андайлар босогосунан аркыны көрө албайт.
Сүкөм төрөлгөн, жерден боорун көтөргөн жомоктогудай кичинекей үй азыр жанындагы заңкайган чоң тамдын көлөкөсүндө калыптыр. Саар-кеч эрбелеңдеп, эшик-сырттан көк муштум болуп тоңуп кирип, баса калчу мештин орду небак бузулуптур, көк чыгып кетиптир. Калган жери күнү бүгүнкүсүндөй, мезгил ага тийбей айланып өтүп кеткендей… Мен дагы өзүмдү ушул үйдө чоңойгондой, ушул мештин боюнда (баары куду биздикиндей!) кыпкызыл боорун кучактап, кыштын узакы түнү терезеден иттердин абалагы, алыс жакка бараткан атчандардын аяздуу түндө жаңырган доошу, үзөнгүлөрдүн кагышканы, жаныбар аттардын бышкырганы кулагыма илине калып жатпайбы…
– Ар кимибизге айылыбыздан өткөн куттуу жер жок. Айылым, алтын казыгым дептир го. Жумушум болбосо алтынчы, базар күндөрү шаарда калбайм. Иштейм десем, айылда деле өнөрканам (аны да шашпай көрүп чыктык) бар. Бу жерден мен айылдын тарбиясы жөнүндө айткым келет. Бизди алып көр мисалга, жети-сегизге чыга элек колубуз тизгинге жетип, аттын жонунан түшкөнүбүз жок. Эс тарткандан ат токуп, мал жайдык, кой кырктык, уй саадык, казан да каралаштык. Ушулар тарбия экен…
Айылда өзүң билесиң, саатка карашпайт, күн чыктыбы батканча иштешет. Мына, чачыма ак кирип калды, балалыгымды эстесем көкүрөгүм тыбырайт… Балалыкты эстегидей да бир нерсе болуш керек турбайбы… Азыр айылда көп мал кармабай калышты. “Биздин көңгө, чылага оонаганыбыз жетет, балдарым кичине адамга окшоп жашашсын” деген ата-энелер балдарынын айылдагы тамырын үзүп, көп өнөрдөн кол жуугузуп койду. Мындай үйдө чоңойгон балдар көң чеңгелдемек турсун, өзүнө калааны калканч кылып, жылына келсе бир келип, ата-эненин эт-ашынан, мөмө-чөмө кыямынан чогултуп жонуна көтөрөт да, келерки жылга чейин кайыр-кош деп жолуна түшөт. Күйүмчүлдүк, адамга эбиз-жабыздык (жакшылык кылуу) өзүнүн тактысынан ушундайда тая баштайт экен. Карачы, кеселдин баары өзүбүздө…
* * *
Сүкөмдүн бир тууганы Бакыя аба (алар тогуз бир тууган) үйүнө чакырды. Сүкөм дубалда илинген комузду алдырып, тээк, буроолорун көпкө чейин кармалап, бир аз чертимиш болду. Сары кумурскалардын уюгу бар дөбөчөнү да ошол күнү көрдүк. “Колума сөөл чыгып, көбөйүп кетти. Ыраматылык энем талдын башына чыгарып, чыбык кестирди да кабыгын таза аарчытып, ырымдамыш болуп ушул дөбөчөгө, кумурскалардын уюгуна таштап койду. Макулуктар кечке кара комок болуп, чыбыкта үймөлөктөшүп жатты. Кечинде энем көк чыбыкты алдырып, мага жалатты эле ишенесиңби, сага жалган мага чын баягы бадырайган түрү суук сөөлдөрдүн качан күбүлүп түшкөнүн өзүм да билбейм. А кезде ошентип эле өзүбүздү-өзүбүз дарылай берчү экенбиз.
Жашымдан оорукчан болуп өстүм. Жыландын териси да миңдин бири болот деп энем нанга кошуп жедирген имиш. Мектепке бараар жылы суук өтүп, катуу оорудум. Колу-бутум кыймылдабай өмгөктөп калгам. Шаарга, Намырбек агамдыкына көп келчүмүн. Анда бечара Роза Рыскелдинова жеңемин көзү тирүү (телевидениеде диктор болуп иштеген). Үйрүлүп түшүп, тапкан-ташыганын оозума кармап турчу. Өздөрү бир дунгандын көчүк айланбаган үйүндө акы төлөп жашашчу. Ошол катуу оорудан жанда жок боорукер, бирөөнүкүн өзүнүн баласынан кем көрбөгөн В.К.Гуревич деген врач аял дарылап айыктырды. Умай энем менен катышып турам. Тээ илгери “Россия” кинотеатрында “Караш-Караш” фильминин премьерасы болуп, биз, башкы ролдо ойногондор көрүүчүлөр менен жолугушмакпыз. Ошол күнү издеп жүрүп В.К.Гуревичти таап келдим да, кинотеатрдын алдыңкы катарына олтургузуп:
– Азыр баягы “оорукчан” балаңызды көрөсүз… дедим. Мага тийген чоң кучак гүлдестени сахнадан көтөрүп түшүп, кургак учуктан аман алып калган умай энеме берсем, эл дүркүрөтө кол чапты. Алар дагы, менин бала кездеги врачым да күтпөсө керек, бекем кучактап алыптыр, жашып жүрөт, менин да көзүмө жаш тегеренип… Миң мертебе ыракмат, Вера Константиновна, сиз болбосоңуз киного тартылат белем, ким билет… десем, “Мээнет-запкыны сен көп тарттың, Сүймөнкул! Сен дагы эл көргөндү көрүшүң, көгөрүп-агарышың керек!” деген эле ошондо кыргыз дегенде өпкө-жүрөгүн кошо чаап жибергендей кайра тартпаган адам”.
Боору менен сойлоп калган балакайдын бүлбүлдөгөн билигин жалындаткан, кыргыз элине тандырдын алоосундай мээрими, жүрөгүнүн толтосунда түгөйлүк зыйнаты бар, эки элге тең жылдыздуу, саамайы сары алтын Вера Константиновна Гуревичтин алдынан Сүкөм менен кошо барып, терең тамырлуу улукман энеге таазим кылам деп ичимден убада бердим. Ошондо улукман энебиз менен бир шаарда жашап, бир арыктан суу ичип, бирок көбүбүздү “баштамыш” болгон келегей ойлуу макаласы менен “көк бөрү” тарттырып, бир башына отуздай макала “багыштаткан” баягы эсирген эжебизди да арга жоктон эстээрмин…
* * *
Бакыя байкенин чакан багында, тээ Эне-Сайдан бери келген балбан таштардын маңдайында Сүкөм экөөбүз сөөмөйгө сайылган тикенектей көкүрөктө үйүп жүргөн көп маселенин учугун чубап отурдук.
– Өзүм курактуу бир адамды билем, маал-маал учурашып калат. Бакыбат, аркасынан карасаң спортсмендин тулкусу. Ошого жараша чеке тердетип, жалчытып иш кылганын көрбөдүм. Теңирим андайга ден соолукту да аябайт экен, чүйгүндөп курсак кампайтып, туш келген жерде кайсынысынан болсо кылкылдатып, оору деген түшүнө да кирбесе керек. (Ылайым эле, алты саны аман жүрсүн?!). Бирок, качан көрсөм ыргыткан ташы өйдө кулаган адамдай башына жүн чыгып муңайып көрбөгөндөй уйкусу бөлүнбөй, санаасы түйшөлбөй, жылжыган суудай өтүп жаткан өмүрүнө каниет-тооп кылып, керилип басып жүргөнү ойлондурат. Жок эмес, жаттап алган философиясы бар: “Бу жарыкчылыкка кайтып конок болбогондон кийин өкмөттүн кызматы деп, чыркырап тогуз тоголонсок өзүбүздү эрте күндө түгөтүп албайбызбы, байкебай! Жакалашпасак деле бүтүп келген иш, бүтө берет…” деп калат.
Заманыбыздын адилдиги үчүн бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, жапа тырмак күрөшүп жатканда тигинтип, ааламды сел алса, согончогунан келбеген “ток пейил”, өзгөнү коюп өзүн ойлогон өзүмчүлдүк кайра куруунун арымына бут тоскондук. Кээде карап туруп, ушу “кутудагы” адам өмүрүндө бир жолу маңдай тердин кубанычын татып толкубаса да керек, өмүрүндө бирин-экин чечкиндүүлүк кылып, жаздым басып, жапа чегип томсорбосо да керек, тек гана “сен тийбесең, мен тийбейм” деген ылык-ысык принципти ык тутуп, күн кечкиртип, а жашоонун ширин-ширин бактылуу мүнөттөрү болоруна баамы да жетпесе керек. Андайлардын дүйнөсүндөгү жакшылык менен кайрымдуулуктун үрөнүнө суу жетпей калган…
– Сүймөнкул аба, кайрымдуулук, күйүмчүлдүк жашообузду жылытып келет. Ансыз жан-дүйнөбүз серт, сенек, а коомубуз кедей… Чын-чынына келгенде жылуу сөзүбүзгө дилгир мамилебизге муктаж, жакшылыктан көзү учуп тургандар арабызда жокпу?!. Азыр кайрымдуулуктун танкыстыгы адамзаттын зор мамилесине айланып олтурат.
– Албетте, мунуң туура. Өзүң эле калыс болчу, канаттууга кактырбай алаканында бөпөлөп, бой жеткизген баласы тиши түшкөн ата-энесин кан-какшатып, түндүгүн түшүрүп каралашпай басып кетсе, күнөөнү кимден издейбиз? Шыпааканада (ооруканада) жылуу сөзгө зар болгон оорулууну, тейлөө мекемесиндеги ыйманына камчы чапкандардан көз көрүнө кагуу жеп, калчылдаган кары-картаңдарды, аягы суюк “алтын тиш” аялдардын “ойноп жүрүп” тапкан бейкүнөө наристелердин жетимдик кайгысын, көп балалуу эненин төө көтөргүс түйшүгүн, күлгүн курагын керебетке таңып, жазмыштын күнүн көргөн майыптардын эстен чыккан тагдырларын канчага чейин көрсөк да көрмөксөн, билсек да билмексен болобуз.
Чындыктын чынарлары – күмүш сакал карыялардын сөзүн уктуң беле? “Мурда адамдар бири-бирине кыйла жапакеч, күйүмчүл болчу эле. Жетишкен сайын уучубуз карышып, кунарыбыз учуп кетип баратат. Жарым түндө эшик каккан жолоочунун жөнүн сурабай киргизип, бар тапканыбызды алдына коюп берчү элек, азыр дарбазаны аттай элек, итибиз абалап, өзүбүз ичкериден: “Ким бул, эмне керек?!.” деп доош кылып, сурачу болдук…” деген. Билгенге бул – өзүбүздү-өзүбүз жекиргенибиз, кайрымдуулук дөөлөтүнөн аздыр-көптүр кемигенибиз. “Жакшылык өлбөйт, ал эртеби-кечпи ээсине кайтат” деген илгеркилер.
– Сүкө, адамдарга жакшылык кылуунун кылымдардан берки сабагы бар. Мындай асылзаадалык адам баласынын көчөт кезинен тамырлап, көкүрөккө барат деп жүрүшөт. Кооздукка, сулуулукка көз ачылып, туюмдун поэзиясы да ошондо түптөлөт. Сократтын “Кооздукту түшүнүү көкүрөккө жараша” деп айтканы бар го.
– Кооздукту түшүнүү – анын эстетикасына кумарлануу бармактай кезден түйүлөт дегениң да туура. Мисалы, музыканын, көркөм полотнонун лирикасын, философиясын скульптуранын пластикалык тилин түшүнүү да кырчын кезден калыптанат. А деген талант. Моцарттын “Реквиемин” угуп жаткан тили бөлөк, дили башка адамдар да чыгармадагы улуу композитордун жашоосу токтоп калган эпизодго келгенде кадимкидей жашып кетишет. Сезимдердин түгөйлүгүн, музыканын сыйкырын караңызчы! Ошол эле угармандардын арасында ооз көптүрүп айта жүрүш каада-касирети үчүн гана кошулуп калгандардын чыгарма “жибите” албаган жарды дүйнөсүн бир эсе аяйсың…
Искусствого болгон мажирөөлүктүн тамырын кайтып эле балалыктан издегенибиз дурус. Мектепте ыр, сүрөт сабактарына (өзгөчө айылда) алиге чейин жеңил-желпи карашат. “Ырды мал баксаң, тоо-түздө ырдасаң болот, а сүрөтчү болуп жалчып кеткендерди да учурата элекпиз. Эсиң болсо, математика менен химиядан баш көтөрбө, азыр ошол илимдердин заманы” деп балдарынын кулагына куюп, өткүр сезимине жөргөмүштүн желесин тарткан ата-энелерди да көрүп жүрөбүз. Алардан мугалимдер ашып түшөт. Көп жерлерде сүрөттөн, ырдан адистиги жок, эптеп-септеп “саатка жеткен” мугалимдер билгенинче сабак өтүшөт. Сааттар аз. Аягы эмне болот? Кулунчак кезден искусствого кайдыгерлик жаралат.
“Симфония – жан-дүйнөмдүн төгүлүүсү” дептир Чайковский. Менимче, “Дон Кихот”, “Король Лир”, “Согуш жана тынчтык”, “Кыямат” сыяктуу классикалык чыгармаларсыз, Рембрандттын атактуу полотнолорусуз, Бетховендин музыкаларысыз биз жашаган дүйнө алда канча жарды болуп турмак. Александр Ивановдун “Христостун элге келиши” аттуу картинасы дүйнөдөгү теңдеши жок чыгарма. Көп өлкөлөрдө болдум, ар кайсы доорго таандык живопистин шедеврлерин көрдүм. Бирок, мага композициясы, тартылыш чеберчилиги, философиялык тереңдеги, адамдардын психологиясынын берилиши жагынан ага теңдеш чыгарма чалдыккан жок. Третьяковкага кирген эл бул ажайып картинанын маңдайында сааттап турушат.
Дагы бир сөз, Брюллов, Левитан, Перов, Айвазовский, Крамской, Репиндин полотнолоруна арбалган көрүүчүлөрдүн ой-сезими сүрөтчүнүн бай дүйнөсү менен жуурулушуп, ортодогу узак мезгил көз ирмемге айланып, кадимкидей “сүйлөшүп” турушат. Рембрандттын сүрөттөрүн карап көрчү, ар бир чыгармасын жүрөк каны менен жазган. Бир кызык нерсе, борбор жакта жүрүп, жаңы ачылган көргөзмөнү аралап калдым. Белгилүү эл сүрөтчүнүн полотносунун алдында турган тестиер бала атасына карап: “Мындай сүрөттү тартыш менин да колумдан келет” дебедиби. Мындай сөздү Рафаэль, Леонардо да Винчи, Вон Дойка, Рембрандт, Энгра же Гоянын полотнолорунун жанынан угасыңбы? Жок.
Тилекке каршы, бизди айтпайлы, ошол борбордун өзүндө жарым-жан чыгарма жаратып, анын үнүнүн жетишинче жар салып, кудуретсиздигин эл көзүнө көшөгөлөгөн сүрөтчүлөр жолугат. “Кечирип коёт экенсиз, сиз зоотехниксиз, мен деген сүрөтчү болом. Сиз биздин профессионалдардын полотносун түшүнүп, талдап-сындаганга акыл азууңуз чыга элек. Мен сүрөтчүмүн, сиздин койлорду кандай уруктандырып жатканыңызга киришкеним жок го. Сиз дагы көргөзмөнү көрдүңүзбү, үндөбөй кете бериңиз” деп көрүүчүлөрүнө наалыгандык, акылдуусунуу узакка алып барбайт. Ошо зоотехниктин айткан пикирин сүрөтчү билсе, алтынга барабар эле. Акыл чөйчөгүбүздү толуктай, мелт-калт кылып турбасак, кыл калемдин кудурети (ал болсо) качат. Пушкинсиз сүрөтчү жашай алабы, Толстой, Достоевский, Тургеневди боюбузга сиңирбей, Карамолдо, Саякбайдын кереметтүү дүйнөсүнөн чаңкоо кандырбай жаткан чыгармаң кимди өзүнө тартат?! Жаратылыш менен адамды тартаардан мурда ага суктанганды үйрөнсөк, көздү каныктырсак, ошондо туйган-сезгенден, суктануудан чыныгы эмгек жаралат.
– Сизди алыс-жуукка киноактёр катары көп чакырышат. Бейтааныш өлкө, алыскы сапар сүрөтчүгө көп табылга туш кылат деп жүрүшөт.
– Каирде, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн кинофестивалы өтүп калды. “Шератон” мейманканасы Нилдин так эле боюнда экен, ошондо жашадык. Анча алыс эмес жерде журт сураган илгерки падыша Рамзестин эстелиги турат. Нилдин каякка карап акканын билбейсиң, өтө тунук эмес, бозгумтул. Каир эрте ойгонот. Мен да көнгөн адатымча таң атпай этюднигимди көтөрүп, Нилди бойлоп кетем. Кинофестивалдын катышуучуларын автобус менен ташып атты. Мен жөө барып, жөө келем. Бир күнү Нилди бойлоп кетип баратсам, бир жерде жап-жалгыз, кооз пальма өсүп турат. Этюднигимди жайгаштырып атсам, бир канаттуу келип конуп калды. Мындай карасам, биздин эле ала карга. Бечаранын уясы бар экен. Ысык аптапка биз, адамдар араң чыдап жүрсөк, быкпырдай кайнаган эли бар Египеттин чоң шаарынан алыс кетпей күнүн көргөн бу кургурдун өжөрлүгүнө таң калдым.
Дагы бир күнү Нилдин жээгинде сүрөт тартып отурсам, жаныма толкун мүлжүп, эскилиги жеткен анча чоң эмес кайык келип токтоп калды. Кайыкта бир үй-бүлө жашайт экен. Кырк-кырк бештерге келип калган эркек, жээкке секирип түшүп, казык кагып, кайыкты байлап койду. Балдар көп, баары майда экен, жээкке чыгып кубалашып ойной башташты. Эчкилери бар экен, өздөрү эле кайыктан түшүп, балдардан алыс кетпей аны-муну искемиш болот бечаралар. Тоок кармашат экен, алары да бир чекеге жайылып… Эркек бир жакка кетти. Аял бала, тоок, эчкилери менен деле иши жок, жээкте турган калдык таштоочу ящикке бир нерселерди ташып, төгүп жүрдү. Бир маалда аркасына бир нерсе көтөрүп, баягы эркеги келди, келери менен аял жээкке карап кыйкырды эле, ишенесиңби, ойноп жүргөн балдар, жайылып жүргөн баягы тоок, эчкилер (таза үйрөнүшкөн экен) бирден чубап кайыкка чыгышты. Андан мен бир үзүм жашоосуна күбө болгон кайыктагы үй-бүлө Нилдин агымы менен сүзүп кетти. Көрсө, Нилди туур кылып, кайыкта күн көргөн, жакырчылык белге тепкен үй-бүлөлөр жылдын төрт мезгили дарыянын башынан аягына, аягынан кайра башына сүзүп өмүр кечиришет турбайбы…
– Чет өлкөлөрдө жүргөнүңүздө Кыргызстанды сурамжылагандар көп болобу?
– Чет өлкөлөргө барганда мени советтик киноактёр деп тааныштырып жүрүштү. Билип алгандар Кыргызстан жөнүндө, элибиздин турмушуна, салт-санаасына кызыгышат. Англиядагы бир жолугушуу эсимде. Биздин туристтик топто бир канча кыргыздар бар элек (тамождук кагазыбызды толтурганда улутуң деген жерге орус деп жазабыз), билип алышканбы, “Чыңгыздын тилинде сүйлөгүлөчү, үнүңөрдүн музыкалуулугун угалы, ырдап бергилечи” деп бура бастырбай коюшту. Чогуу ырдайлы десек, кыргызча бир ырды толук билбейбиз. “Кыргыз Гимнин ырдайлы эмесе” деп бири-бирибизди астыртан карайбыз, аны да толук билбегендер бар экен. Бир, экөөбүз ырдап бердик. Баш бармагын көрсөтүп жан-алы калбай кол чабышты.
Ошондо жан терибиз менен туйдук го, элди тил сактайт экен… Расул Гамзатов “Бүгүн тилим өлсө, эртең өзүм жок болууга даярмын” деп кандай акылмандык менен айткан. Тил маселесин бир шилтөө менен чечүүгө ык койгон макалалар көбөйүп кетти. Бир-экөөсүн окуп алып, авторлорунун козгоп жаткан маселесине анча күйбөгөндүгүн байкадым. Кош тилдүүлүк – каалагандай жазып, туш келген тарабынан жиреп кетчү маселелерден эмес. Угушума караганда, басма сөз жөнүндөгү мыйзам кабыл алынат дейт, анда “Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө” дегендей утурумдук чуу чыгарууга гана чамасы жеткен макалалардын тизгини тартылып, ою терең, эртеңибиздин камын жеген калыс, кайра курууга кызмат өтөгөн материалдарды көбүрөөк окуйт экенбиз.
Тилге байланыштуу бир кеп. Биздин үй Панфилов паркынын четинде. Дискотекадан бир күн кур эмес. Айла жоктон түндүн бир оокумуна чейин тыңшап жатам. Кавказ элинин “Лезгинкасын” кайра-кайра коюшуп, үйдү солкулдатып бийлешет. Кыргызча бир музыка укпадым. Же кыргыздын ыр-күүлөрүнө бийлөөгө болбойбу? Эралиева ырдаган ошол эле Штраустун музыкасына бийлеген вальсты неге бийлөөгө болбосун? Болот. Жаштарга интернационалдык тарбия берүүдө аз эмес жерде жаздым басып алышыбыз мүмкүн. Эмне үчүн дискотека уюштурган адамдар эмоция менен эмес, акыл менен иштешпейт? Бул чу дегенде эле оозго илинген мисал…
Бир күндө эки жолу кеч кирбейт, өзүңдүн изиңди өзүң кайра баспайсың, бир эле адамды эки жолу ачпайсың… Журналисттер канчалаган очерк, макала, маектерди жазгандан кийин жолуксак да,
Сүймөнкул аба күлгүн жаштыгын, кыл чайнаткан кыйынчылыктарын, маңдай жарган кубанычын бир ысып, бир муздап айтып отурду.
– Биз адамдар кээде эртели-кеч ишибизден баш көтөрүп, “Тоба, күндөр мынча тез өтөт!?” деп айран калабыз. Сааттын жебеси өмүрдү уурдаган душмандай көрүнүп кетет. Илгерки акылмандардын бири Сократ: “Эй адамдар, силер күндөр тез өтөт деп муңайбагыла, күндөр эмес сенин өмүрүң тез өтүп жатат!” деген. Турмуш калыс, баарын ылгап, баарын орду-ордуна коёт экен. Өмүр бою өзү менен өзү жашынмак ойноп (өзүн-өзү түшүнбөй жүрүп өтүп кеткендер канча), карылыктын табагына кол салып калганда “Тагдыр мага далысын салып кетти, элге атаган ырыскысынан маңдайыма жазбаптыр…” деп өз башын өзү муштагандар да болот. Эгерде өзүң жашаган өмүрдү өзүң түшүнбөй, уясына ылдыйлап кеткенде наалыганың бир тыйын, күнөөнүн баары өзүңдө.
Атаганат, бактылуу болуунун искусствосу болгондо барбы… Искусствосу болбосо да жарым-жартылай устаканасы… Адамдар ошол жерден чыкпай, бактылуу болуудан эч нерсесин аяшпайт эле. Ал тургай, кылым карыткан карыялардын ичинен бакыттын мүрөк суусунан көзү кыйбай чака менен сузуп алам дегендер чыкмак. Жашоонун кумарына кандым деп айтыш кыйын экен го. Адам баласы эзели түбүнө жетпеген бу жашоонун табышмактуулугу ошондо бейм. Жер каймактагандан берки адамзатты изилдеген канча китеп жазылды, канча баш ак мөңгү болуп агарды, акыл чөйчөгүбүз менен баарын эле туйгансыйбыз, анан эртеси эле болор-болбос жерден жазып-тайып бир бурчекте камалып, “Тобба, бул эмнеси?” деп желке кашып, башыбыз маң болот. Биздин айылда Сарку деген абышка болор эле, ошо киши айтчу: “Бу адамзатың башынан өткөргөн азап-тозогунан сабак алган болсо, атом бомбасын жасаганга колу көтөрүлмөк турсун, атын оозанган пендесинин катыгын колуна берип коймок. Кана эми ошенткени?!”
* * *
Чоң-Таштан чыккандан дыбырап баштаган жаан жол ката күчөп, терезеден жолду көрүш кыйын болду.
– Акырын айдап кете берели, – деди Сүкөм “Кичине басылсын, күтө турбайлыбы” дегениме болбой, көлчүк сууну бизге жаба чачып, жеңил машиналар куушуп өтөт.
– Каякка шашышат экен? – Коңшулар болот, “куушкан”. Ал “Жигули” минсе, мен “Волга” минем, ал “конверт” үй салса, мен кош кабат салам деген. Атаандашуу, көрө албастык пенде баласын билгизбей байлыктын кулуна айландырып коёт…
– Сүкө, бүгүн таңкыстыктын (дефицит) азабын тартып, “жок издеген” адамдарды чекеден учуратчу болдук. “Тааныштык” деген сөз кулакка көп угулчу болду. Күчтүү дарылары текчесинен үзүлбөгөн аптекаларды, жарашыктуу кийимдер үстү-үстүнө жыйылган дүкөндөрдү канчага чейин издейбиз?..
– Жаш кезиңде окуган жомокторуңдун аягы эмне менен бүтчү эле, эстечи? Алса алдым, көрсө көрдүм дебеген ач көздүгү ашынган дүйнөкор көзүнөн учкан казынага жетип жыгылчу, анан оңой олжодон чеңгелдеп, өзүнөн-өзү кызганып олтуруп, байлыктын сормо сазына батып кеткенин билбей калчу. Ошол акылдуу жомоктун сабагын өзүңө сиңире албагандарды азыр дагы акча азгырып, жолдон чыгарып жатпайбы. Кийинки жылдары калайыктын үрөйүн учурган канчалаган ири коррупциялардын ачкөздүктүн сормо сазына жетип жыгылган жетекчилердин мүшкүлдүгүн окуп да, угуп да жатабыз. Мунун баары барып-келип эле ошол биз сөз кылган “таңкыстыктан”, “тааныштыктан” тамыр алган илдеттер.
Чын эле аптекага түшкөн дарылардын көбү каякка кетип жатат? Дүкөндөргө бөлүнгөн товарлар кардарларына эмнеге жетпейт? Телевизордон көрүп жүрөбүз. “Бу өлкө менен, тигил мамлекет менен соода келишимин түздүк. Мындан ары аны же муну ала баштайбыз” деп министрлерибиз өнөктөшү менен кол алышып, убада бекитишкенин көрөбүз, а товарларын көрбөйбүз. Анын ордуна “Чабан-малчыларга бөлүнгөн тартыш товарлар райкомдун аппаратынан ашкан жок” деп, коңгуроо каккан бирин-серин фельетондорду көзүбүз чалат.
Ойлоп көрчү, бир бечара жанын оозуна тиштеп, төшөгүндө чабалактап, жакындары керектүү дарынын сары изине түшүп, чымын жанын алып калсак дешип чапкылашып жүрсө, ошол көздөн учкан дары бирөөнүн бекем сейфинде “таанышын” күтүп жатпайбы… “Керек болсо издеп келишет, күч келгенде таап келишет” деп компоюп, басып жүргөн алып сатарлардын бир күнү болбосо да бир күнү чүмбөтү сыйрылат. Маалымдуулуктун жарыгы социалдык адилеттүүлүктүн ажарын айкын көрсөтүп жатпайбы. Мына, коллектив жетекчисин өздөрү шайлап, мурдагыдай “түндүктөн түшкөн” кадрлардын аягы сууй баштады. Көрсө, андайларың эл аралагандан айбыгып, кемчилдигимди көзүмө сайып көрсөтүп койбосун деп кеңсесинде камалып, “ач кулактан тынч кулак” гана талаадан келген эсеп-кысап менен иш жүргүзчү. Эл тандаган жетекчи эл жүргөн жерде жүрөт экен, аркасынан “атын айры, изин ийри” деген бирөө-жарым жок, жүзү жарык. Башкаруунун адилеттүүлүгү, тууралыгы мына ушунда эмеспи.
– Байлыкты кадыр-барктын бийик тепкичи катары көргөндөр да бар…
– Каяктагы кадыр-барк!?. Мисалы үчүн, окурмандар жазган китебиңди дүкөндүн текчесине, желе баскан китептердин жанына калтырбай талап кетсе, ошол кадыр-барк. А тиги жөн эле куу чирендик. Менменсинүү айрым актёрлордун да кендирин кесип жүрөт. Колумдан келбеген нерсе жок деген өзүнө ашепке ишенүүчүлүк не деген мыктылардын мүмкүнчүлүгүн чектеп койгон. Андайлар тапшырылган ролду сценарийден гана окушат, турмушта кандай болот, эл кандай кабыл алат, капарына келбейт. Режиссёрлорду башкарып алган актёрлор бар. “Жок бул бийиктен секирбейм, мага жан керек, бирөө секирип берсин”, “Кокуй аттан жыгылбайм”, “Колумду музак сууга салбайм!” деген чын тийбес “жылдыздарды” да көрдүк. Алар азыр дагы бир эле маалда эки фильмге тартылып, театрдын сахнасынан телефильмге чейин “таскак” салып жүрүшөт. Жүз ролду сунуш кылса, жүзүнө тең ойнойм дейт. Албетте, андай актёрлордо акча болот, бирок ачылыш болбойт. Эсептегенге жакшы. Жүрүшпөйбү, “Мен алтымыш, жетимиш ролдо ойнодум эле. Ушуга чейин наам тургай, көкүрөгүмө сыйлык илише элек” дешип нааразы болгондор. Чыгыштын акылманы Жами “Чындыктын көзүнө дайыма тике кара” дептир. Мына, мен он алты жылдын аралыгында болгону (бардыгы өзүм жактырып, көңүлүмө толгон ролдор) он жети фильмге тартылыпмын. Ролду тандаарда алдымда бир гана суроо турчу. “Бул менин турмушума жаңы ачылыш алып келеби?” А ойногонго келгенде режиссёр эки метрден ыргы десе, мен үч метрден секирчүмүн, чаап баратып, үзөнгүдөн бутуңду чыгарбай жылмыш десе, мен аттын башынан ала салып, тоголончумун. Ар качандан бир качан коюлган талаптан ашырып ойногонго аракеттенер элем. Азыр киного тартылбай калдым, а баягы кол учун муздак сууга салбаган, өздөрүн сактаган “назик” актёрлор дагы эле фильмден фильм кубалап жүрүшөт. Муну менен эмнени айткым келет, актёрлук кесипке башыңды байладыңбы, Кудай сага кубат берсин, чоң гонорар үчүн эмес, чоң сүйүү, элдин урматы деп ойно, мүмкүнчүлүгүңдөн ашырып ойно, кадыр-барктын баасын ошондо билесиң.
Сүймөнкул абамдын ушул сөзүнөн кийин дагы бир эрдиги эсиме түштү… Кырсык каш-кабактын ортосунда дешет го, ошо чын окшойт. Ал “Жалаң эр-азаматтар” фильмине тартылып жатканда аска боорунан буту таят. Бийик жерден далай учкан “жаны оорубас” актёр азыр дагы жеп-жеңил туруп, кайра аскага жармашат деп турган режиссёр. Операторлорду таң калтырып, Сүкөм жыгылган жеринен козголбоду. Катуу жарат алган (бөйрөгүнө кан куюлган экен) Чокморовду чукул арада шаарга алып кетүү үчүн “Тез жардам” чакыртылат.
Вертолёт учуп келгенче, кино тартылып жаткан жерге айыл эли, куруучулар, малчылар толуп кетет. “Кантип эле Сүймөнкул ооруп калсын” деп таң калышып, биринин сөзүнө бири ишенбейт. Качан гана келип конгон вертолётко аны колмо-кол көтөрүп жөнөгөндө көпчүлүк толкуп берди! Сүкөм тегерегиндеги жайнаган элге башын зорго көтөрдү. “Күткүлө, келемин” деди. Эриндери гана кыбырады. “Көрөсүңөр, асканы багындырам” деп эрдин кырса тиштеди. Вертолёт көтөрүлгөндө анын эпкинине, шамалына термелген эл азыр дагы Сүкөмдүн көз алдында! Ошондогу садагасы кетейин, көпчүлүктүн камтамасы, “Тезирээк айыгып кет, Сүймөнкул!” деген акактай тунук тилеги ага табылбас дары болбодубу…
Режиссёр фильмдин башкы каарманы Касымдын ролуна бөлөк актёр чакырып, киносун токтотпой тарта берсе болмок, бирок антпеди. Сүкөмдүн айыгып чыгышын эки-үч ай бою күттү. Фильмдин башкы каарманын, көңүлүндө кылдай карасы жок, кимге десе жакшылыгын тең бөлүшкөн адамды жалгыз Чокморов гана ойной турганына А.Видугирис да бекем ишенген. Сүкөм убадасын аткарды, асканы багындырды. Көп жердин кыйырын басып, куржун көзү толгон байгелер менен кайткан “Жалаң эр-азаматтар” фильмин айтып отурбайлы…
Жаанды ээрчитип шаарга кирип келдик. Ошол күнү кечкурун, эртеси да булуттар биз келген тоолорду чүмкөп турду.
* * *
Додолонгон сүрөттөрдөн Сүкөмдүн өмүрүн кайра башынан көргөндөй болом. Тигиниси, мунунусу да турмуштук тасманын токтоп турган элесиндей сезилет. Анан өнөрканасына алып өтүп, “Кожожаш” эпосунун негизинде тартып жаткан “Мергенчинин өлүмү” аттуу чыгармасы менен тааныштырды. Ал “Жаралуу эчки”, “Мергенчинин өлүмү” жана “Жашоо түбөлүктүү” деген шарттуу аталыштагы үч бөлүктөн турат экен. Жалама зоонун боорунан жаралуу Сур эчки бизди кектүү тиктейт, андан бери мылтыгын мыкчыган, көздөрү чанагынан чыккан Кожожаш аскадан кулап, жерге күм-жам болгону учуп келатат. Бер жакта Күн жадырап тийип турат, желге термелген жашыл жалбырактар… “Жаратылыш да, адамзатың да дүйнөгө түркүк болбойт, баарыбыз өтөбүз бу дүйнөдөн. Бирок, Күн тура берет, нурун чачыратып. Күн өлбөйт, Күн түбөлүктүүлүктүн символу” деди сүрөтчү. Саякбай Каралаевдин портрети өнөркананын так төрүнө илинген. Качан тартып баштаган, дагы эле бүтө элек. “Дагы жүз жылдан кийин Саякбайдын даңкы таш жарат, аны бөркүңдөй көр. Ошондо бул уникалдуу инсандын феномени изилденет, нака баасын ошондо алат” деди Сүймөнкул аба.
* * *
– Ке, сага Карабалтанын ырын ырдап берейин, башы кандай эле. – Ал диванга жөлөнүп турган домбураны колуна алды, – өткөн бир заманда казак элинин баш-аягына аттын кашкасындай таанымал Темир таз деген ак таңдай ырчысы өткөн имиш. Өкүмү зор адамдар домбурасынан бөлөк байлыгы жок кембагалды көпчүлүккө жолотпой “Эл алдында дагы бир ырдаганыңды көрсөк таңдайыңа коргошун куюп, доошуңду өчүрөбүз” дешип кубалашат. Кордукка чыдабай, башын өлүмгө сайып, кыл чайнаган бечара домбурасын күүлөп эл алдына чыгат…
…Өгүздөй өргө тарткан акең өлсө,
Күндөрүң не болады, шырактарым?!.
Сүкөмдүн коңур үнү жүлүндү сыздатат-ов. Сүрөттөр да ыр угат тунжурашып… Казактын мейкин талаасы, жылкылардын дүбүртү, домбуранын армандуу доошу… Төртүнчү кабаттагы чакан өнөркананы терметкен обон терезеден шарт секирип, талаа кезет… Жанымда домбурасын сыздаткан Карабалта, көкүрөгү арманга чыланган кадимки Карабалта! Сүрөттөр мага кошулуп ыр угушат, сүрөттөрдүн көзүнөн жаш куюлат…
“…Күндөрүң не болады, шырактарым!..”
* * *
Сүймөнкул Чокморович лифтиге чейин узатып чыкты да “Кыял дегениң күлүк экен” деп жылмайды. “Кээде бир ой келет. Мына, бармактай кезимен карама-каршылык менен алышып келем. Эгерде деним сак, дүйнөм түгөл, жыргап-куунап тирилик өткөзгөн болсом, өзүмдү эч качан жолдуумун деп эсептебес элем. Бу заманга керек экениңди билген сайын, күрөшкөн сайын өзүңдү бактылуу сезет экенсиң…”
Чын эле, ал үчүн бул жашоонун сыры да, ыры да ушул акыркы сүйлөмдө айтылгансыды…
Соңку сөз
Турмушу чоң романга татырлык адам жөнүндө бир шиңгил очерк жазуу баарынан кыйын экен. Бүтөөрүн бүтүп, “дагы чала-чарпыты калдыбы, сынаакы көзгө бир сыйра окутуп алсам” деп бир аптача буйдалдым. Чынын айтсам, редакторума берерден мурда тобокел деп Сүкөмдүн өзүнө, баягы кычыраган креслосунда отурганда окуп бердим. Өзүнүн эки-үч ай мурдагы айтып бергендерин унчукпай угуп отурду.
– Окутпай эле чыгара берсең болмок экен… – деди акырын чыкканда. Башка ак да, көк да дебеди. Тизесине келип конгон чымынды бир шилтеп уучуна ысты да, туруп барып форточкадан ары коё берди…
Кол жазмамды, жайдын саратаны жеп, кичине саргая түшкөн барактарымды колтугума кысып, билинер-билинбес кыңылдап: “Эсенчилик болсо, өзүң окуп сынаарсың” деп жеңилденип, сага келаттым, окурманым!
* * *
Жакында эле эки күн болуп калды Сүкөм редакцияга телефон чалыптыр. Жөн-жай эле. Ал-акыбалды сурашкандан кийин: “Эми ишим бүттү деп, жоголуп кетпе” деди. “Колум бошосо эле барам” дедим.
А бирок, ал кишинин колу бошоор бекен, аны түк ойлобопмун…