Жазуучулар Союзунун мүчөсү, котормочу, акын, журналист Эрнис Асек уулунун көзү тирүү болгондо бүгүн 52 жашка чыкмак. Ал Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылында 1970-жылы 13-июнда туулган. 2020-жылдын 29-январында капилеттен жүрөгү кармап көз жумган, сөөгү Ат-Башы районундагы кичи мекени Кызыл-Туу айылындагы бейитке коюлган.
Жубайы Назира Саалиеванын айтымында, 9 китеп которгон. Жарык көргөн китептери: Кун Фы Зы (Конфуцийдин осуяттары) жана ыр жыйнагы «Каалга». Эрнис Асек уулунун орус жазуучусу, драматург, сценарист Григорий Гориндин «Кирпичечен» аттуу котормосун сунуштайбыз!
Григорий Горин
Кирпичечен
Атасы – кырк жашта, Славик – он жашта, кирпиге – андан да аз эле.
Славик кирпини шапкесине салып келип, диванда гезит окуп жаткан атасына сүйүнө кыйкырып жиберди:
-Ата, карачы!
Атасы гезитти ары коюп, кирпини карады. Кирпи кичинекей, мурду кайкыйганы менен сүйкүмдүү экен. Анын үстүнө атасы баланын жаныбарларга жакын болгонун жактырчу. Өзү да жаныбарларга кайдыгер эмес эле.
-Сонун кирпи тура! – деди атасы – Жакшы, балам. Кайдан таап алдың?
-Короодон бир бала берди. – деди Славик.
-Белек кылган турбайбы, ээ? – деп тактады атасы.
-Жо-ок, алмашып алдык. – деди Славик. – Ал мага кирпини берди, мен ага билет бердим.
-Эмне билет?
-Лотереялык, – деп Славик кирпини тактайга кое берип жиберди.
-Сүт бергенди кое тур, – деди атасы олуттуу. – Лотереялык билет сенде кайдан?
-Сатып алгам, – деди Славик.
-Кимден?
-Көчөдөн, бир байкеден… Ал өлө көп билет сатып жүрүптүр. Отуз тыйындан… Карачы, ата, кирпи дивандын астына кирип кетти…
-Кирпиңди кое турчу, балам! – деди атасы тынчы кетип, Славикти жанына олтургузду. – Лотереялык билетиңди кайсыл балага бердиң?.. Балким ал билет утушка ээ болгондур, ыя?
-Ооба, утту, – деди Славик кирпиден көзүн албай.
-Кандайча – утту? – атасы араң үн катып, мурдунун үстү тердей түштү – Эмне утту?
-Муздаткыч! – деп Славик күлүп койду.
-Эмне-е? – Атасы кызыктай калчылдап кетти. – Муздаткыч?!. Эмне деп жатасың, ыя? Аны сен кайдан билесиң?
-Кандайча – кайдан? – Славик таарына түштү, – мен аны гезиттен текшергем… биринчи алгачкы үч саны туура келди… анан калганы… Сериясы дагы! Мен текшергенди билем, ата! Мен чоңойбодумбу, ата!
-Чоңойбодумбу? – Атасы ызырынып жиберди эле, атүгүл дивандын астынан чыга калган кирпи коркконунан тоголоктошуп жатып калды. – Чоңойдум дечи?! Муздаткычты кирпиге алмаштырыппы?
-Мен… – Славик кадимкидей коркуп кетти. – Мен бизде муздаткыч бар, а кирпичечен жок деп ойлодум да…
-Бас, жаагыңды! – атасы кыйкырып, дивандан секирип тура калды. – Ким? Ал бала ким? Кайда жашайт?
-Кошуна үйдө турат, – деп Славик ыйламсырап жиберди. – Анын аты – Сеня…
-Жүрү! – атасы дагы бир айкырып алды да, кирпини колуна алып, – Жүрү, тез! – деп шаштырды.
-Барбайм. – деди ыйлаган Славик, – мага муздаткычтын кереги жок, кирпичечен керек!
-Бас дейм, мээси жок, – атасынын үнү кыркырай түштү. – Билетти кайтарып алалы, мен сага жүз кирпи сатып берем…
-Жо-ок, – деп ыйлады Славик. – Сатып бербейсиң. Сенька алмашкысы келген эмес, мен аны араң көндүргөм… аа…
-Аның да акылдуу неме тура! – деди какшыктап атасы. – Бол, дейм!..
Сеня сегиз жашта эле. Ал короонун ортосунда каардуу атаны карап турду. Тигил болсо бир колу менен Славикти жетелеп, бир колунда кирпини кармап турган эле.
-Кайда? – деди атасы Сеняга жакын келип. –Билет кайда? Шүмшүк десе, өзүңдүн ийнеңди ал дагы, мага билетти бер!
-Менде билет жок! – деп Сеня да калчылдап калды.
-Кайда? – айкырды атасы. – Аны эмне кылдың, жакшылык көрбөй калгыр? Сатып жибердиңби?
-Мен андан көгүчкөн жасадым, – деп Сеня шыбырап, ыйлап жиберди.
-Ыйлаба! – деди атасы өзүн карманып. – Ыйлаба, балакай… Демек, сен андан көгүчкөн жасадың. Эми ал көгүчкөн каякта?..
-Ал карнизге кыпчылып калды… – деди Сеня.
-Кайсыл карнизге?
-Тээ тигил! – Сеня экинчи кабаттагы карнизди көрсөттү.
Славиктин атасы үстүндөгү пальтосун чечип, суу аккан түтүк менен чыгып жөнөдү.
Балдар төмөндө ага суктанып карап турушту.
Ата сөрөй эки жолу сыйгаланып түшүп, акыры карнизге чейин соймоңдоп барды да, кичинекей сары кагаз көгүчкөндү колуна алды, көгүчкөн бир аз ным тарта түшүптүр.
Жерге түшкөндөн кийин араң дем алып, билетти жазды. Анын көзүнө эки жыл мурун чыккан күнү урунду.
-Сен муну качан сатып алдың эле? – деп сурады атасы Славиктен.
-Экинчи класстан эле. – деди Славик.
-А качан текшердиң?
-Кечээ.
-Бул ал тираж эмес да… – атасы чарчаңкы араң үн катты.
-Эмнеси бар экен? – деди Славик. – А бирок сандары туура келди…
Атасы унчукпай ары басты да, отургучка олтура кетти.
Көкүрөгүндө жүрөгү лакылдап согуп турду, көзүнүн алдында кызыл-сары боёктор ойкуп-кайкып жатты… Ал салмактаган башын ылдый кылды.
-Ата, – деди акырын Славик атасынын жанына келип. – Сен буга капа болбой эле кой! Сенька баары бир кирпини мага белекке берди…
-Рахмат. – деди атасы. – Рахмат, Сеня…
Ал ордунан козголуп, үйүн көздөй басты. Ошентип ал муздаткычты жеңил-желпи гана кирпиге алмаштыра турган бактылуу көз ирмемди кайра кайтаруу мүмкүн эместигин түшүндү.
Которгон: Эрнис Асек уулу