Абал
Байкап көрүп, алды-артымды карасам.
Зээним кейип, жүрөгүмдү канатам.
Баскан жолго из түшкөнү байкалбайт,
Багыт кандай, билбейм кайда баратам…
Күүгүм кирсе таңдын калбай карааны,
Күндөн ылдам түндүн берген саламы.
Дарыянын жээгиндеги чарчабас,
Чарпалектей дүйнөмдүн чар тарабы.
Күндүн чыгып, баткандыгын карасам,
Зээним кейип, жүрөгүмдү канатам.
Аз өмүргө тар убакыт жетишпей,
Жашаганга үлгүрө албай баратам.
Ушул чак
Баскан кадам турмуш-шартка эп келбей,
Абал азыр эрксиздикти жектемей.
Таалайым бүт-уктап, түштө ойгонгон,
Таң тоспогон күндөр менен кеткендей.
Айла, амал тапчу кээде кез болот.
Анын баары керектелчү кезде жок.
Көп нерсени аян кылган түштөрдү,
Көргөндүрмүн, бирок толук эсте жок.
Кыял кылып жүзөгө ашпас тилектей,
Өмүргө өңүм байкалбаган сүрөттөй.
Баркы ушул өтүп жаткан күндөрдүн,
Баракталып, окулбаган китептей.
Тосколдуктан болоор балким дем күчөө,
Уланарын билем күрөш өлгүчө…
Мунун баары унутулат бир күнү,
Мындай учур кайталанып келгиче…
Дагы далай тагдыр “мушу” көзөлөт,
Дагы канча турмуш сырын көз көрөт.
Өзгө жакпас, көргө батпас абалым,
Өз ордумду тапкан күндөн өзгөрөт.
Ностальгия
Бир өмүр биргебиз деп сөз берчү элек,
Ээ, анда бир максатты көздөчү элек.
Бир жаралган өмүргө топук кылып,
Биз бул жерде өлүмдү эстечү элек…
Кургак, таштак, талаабызда гүлдөр өсчү,
кызык… күңгүрт элестүү күндөр өттү!.
Бүгүн тагдыр жыртыптыр барактарын,
Өтмүшүбүз жазылган күндаректи…
Адат кылып көрүстөндө көрүшкөндү –
Анда биз билбейт элек кейиш-гөйдү.
…Тепселип көп гүлдөрдүн арасында,
тектеш биздин үмүттөр өлүшкөнбү?!
Кырдан тиктеп турамын азыр ошол,
Кызгалдаксыз көгөргөн көрүстөндү.
Бир чыгарма
Кыялымда бир ыр жазгам,
Түгөнбөгөн, бүтпөгөн.
Жөпжөнөкөй… Бирок аны
Жазсам кагаз түтпөгөн.
Анда менин: ой-кыялым,
өткөн-кеткен күндөрүм,
Өкүнүчүм, жыргал-азап, күткөнүм.
Төрөлгөнүм, бул жарыкты көргөнүм.
Эң биринчи эне сүтүн эмгеним,
Апам алгач алдей айтып бергенин.
Алгачкы таң жаз күнүндө атканын,
Алгач күндүн кандай чыгып батканын.
Эмне кылып, эмне түйшүк кечкеним.
Кантип жашап бүгүнкүгө жеткеним.
Кимге арзып, кимге сунуп гүлүмдү,
Кимди жектеп, кимге арнадым сүйүүмдү,
(Кимдер мага, мен кимдерге жетпедим)
Баарын жазгам:
менин эсеп китебимди тактаган,
Менин бардык кыймылымды жаттаган,
ПЕРИШТЕмдин китебинен көчүрүп.
Бул чыгарма билбейм качан бүтөөрүн,
Билбейм дагы кандай жомок күтөөрүн.
Өмүрүмдүн кандай сынга түшөрүн.
Кимдин анан купулуна толоорун.
Кимдер кандай, кантип баасын берээрин,
Жакшылыкты жаманымдыгым жеңээрин.
Билбейм кантип Жараткандын алдында,
Тирүүлүктүн бар маңызын, маанисин,
Түшүндүрүп кандай жоопту берерим…
Белгисиз да кыяматтын күнүндө,
Таразамдын ташы кандай түшөрү,
Белгисиз да жаннат менен тозоктун,
Кайсынысы мени алдыда күтөрү…
Улансын дейм тилегимде бул ырды:
Узарсын дейм улап улуу чыйырды,
Жашоом токтоп бүткөн кезде сапарым,
Жыйынтыктайм чекит кылып муң-ыйды!
*****
Бактылуумун! Ооба билесиң.
Сүйгөнүмө жеткем көксөгөн.
Сени билбейм: кандай жүрөсүң,
сүйүүң өчкөн, балким өчпөгөн.
Чындыгында аруу жан элең,
Тун сүйүүңдү билем чектедим.
Турмуш курсам сүйгөн жан менен,
бак тиледиң, балким кектедиң…
Сен жөнүндө менде таптакыр,
Жаман ойлор болбойт, болбогон.
Менин бактым сага азаптыр,
Сени эсепке алып койбогон.
Мурункунун бороон-чапкынын
унут! Танда башка багытты.
Тилейм сага, издеп тапкының,
Меникинен ашкан бакытты.
Түптүз болсун баскан багытың,
Меникинен ашсын бакытың!
Бүгүн бирбиз…
Азыр менин бүт дилимди бийледиң,
Арзуу ырдасын. Коё турсун калганы.
Азабымбы, бакытымбы билбедим,
А чынында маанилүү эмес ал жагы.
Тар дүйнөмдүн чегин бузган бул сүйүү,
Жарык болсун өчпөс үмүт жандырган.
Мындан ашык бакыт табуу мүмкүнбү,
Оңой менен тил албаган тагдырдан.
Тигилейин, сен да тигил көзүмө,
Түш көргөндөй магдырайын бир бүгүн.
Ажырагыс кылчы мени өзүңөн,
Унуттулсун өлсө бүтпөс тирлигим.
Азыр менин бүт дилимди бийледиң,
Арзуу ырдасын. Коё турсун калганы.
Азабымбы, бакытымбы билбедим,
А чынында маанилүү эмес ал жагы.
Бүгүн бирбиз… Маанилүү эмес калганы…
*****
– …“Башканы да сүйсөн керек ээ?
(Баш кошконсуң мага эмнеге?!”)
– Эх сен десе, кызганчаагымсың,
Жалгыз өзүң – жан тумарымсың
Ооба сени жолуктурганча,
Башкаларды жактырганым чын.
Бирөө сендей кыялкеч эле,
Бирөө тынбай таттуу жечү эле.
Бири болсо көзү бакыраң,
Болбогонго ыйлай берчү эле.
А эстедим: бири боючу –
“Бир алтымыш бештей” болуучу.
Бою эле эмес, чачы, кашы да,
Купулума чындап толучу.
Бири абдан баёо жан эле,
Маңдайында меңи бар эле.
Ырды сүйгөн дили таптаза,
Сөзүн уксаң тили бал эле.
Бири менден өзүн тапчу эле,
А бирөөнө ырым жакчу эле…
Бирок дүйнөм ушунун баарын,
Бир адамдан таппай жатты эле.
– Анан?
– Анан сага кезиктим,
Баары калып сен деп, ээликтим.
Көрсө сени ушул кыздардын
элесинен издей берипмин…
Жалгыз өзүң – жактырганымсың!
Жалгыз өзүң – жан тумарымсың!
***
Талаа-түздү жортуп, дүйнө кыдырып,
Таңбы-кечпи чарчоо билбей жүгүрүп.
Шамал болгум келчү кээде, өзүмдүн
шагым сынса ким бирөөдөн түңүлүп.
Күйүт басса, күүгүм түшсө түнөрүп,
Күн менен түн түбөлүгүн тиленип.
Жердей болгум келчү кээде, жакшылар
жер кучактап өлсө күнү түгөнүп.
Түбү терең, уч-кыйырсыз тунарган,
Түндө тынчып, күндүз толкуп кубанган.
Көлдөй болгум келчү кээде, жалгыздын
көөнүн туюп, азап-ыйын угалган.
Өткөн-кеткен турмуш өкүт, же арман,
Өмүр – өкүм, тагдыр – сыноо, же жалган.
Тоодой болгум келчү кээде, кебелбей,
топук кылып бүт баарысын жеңе алган.
Акыйкатсыз заман турса эсти алган:
Ак-каранын тең ортосун кесе алган.
Жан болсом деп, туңгуюктан жолду таап,
Жарыктыктын табышмагын чече алган…
Бардын, жоктун сырын кесир билем деш,
Баары кыял, кыйын аны жүгөндөш.
Аалам түгөл, жериң бейиш болсо да,
Адамзаттын муң-арызы түгөнбөс.
Күндө өлүп, кайра таңда тирилем,
Күндүк өмүр эсебине жүгүнөм.
Жаратканды көктөн эмес ар таңда,
Жүрөгүмдөн тапканыма сүйүнөм.
Азыр жердин астын-үстүн болбостон,
Аман-эсен турганына сүйүнөм.
Сагыныч
Дирилдек көңүлдөрдүн кунары суз.
Көргөн күндөр – тирилик көзү талган.
Күн чыгышка тигилип кусалуу-үнсүз,
Таң тособуз экөөбүз эки шаардан.
Сагынчыңды басар деп үмүт менен,
Сагынчымды билдирем жаңы ырлардан.
Саламымды жиберип булут менен,
Саламыңды тосоюн жамгырлардан…
Жазылбай жүргөн ырлар…түмөн түйшүк,
Катылып кайда калды?!
Жүрөм күтүп …
Күн чыгып-батып жатты…
Карабай батыш жакты
Мезгилге каршы сүзгөн,
Максатын каршы түзгөн,
Өмүргө тентип жүргөн мен жакпадым.
Чексиз бул аалам турду башын чайкап,
Үйүмө батып туруп,
Тагдырдан качып чыгып,
Түгөлдөй турса дагы бүт жарыктык,
өзүмө-өзүм гана не батпадым?!
Өзүмө-өзүм айтып, өзүмдү өзүм аяп,
Өзүмдү кулап жаткан өзүм таяп.
Сыртымдан сыр алдырбай күлүп коюп,
Эрчитип өзүмдү өзүм бара жатам,
Жер тиктеп. А кыялым көктү самап…
Атама
Басканым да, үнүм, көзүм, каш-кабак,
Бар турпатым сен экени байкалат.
Жакшы атанын уулу болуп өзүңдөй,
Жашайм кайра өмүрүңдү кайталап.
Сенин каның дене бойдо жүгүрүп,
Сенин демиң мүнөзүмдөн билинип.
Ата, сенин ак сөзүңдөн тайбаган,
Адам болдум намыс-арым тирилип.
Канча азапка турсун жүрөк тилинип,
Канча артса да түйшүк жүгүн тирүүлүк.
Жаратканга, анан ушул жалганда,
Жалгыз сага башымды ийем бүгүлүп.
****
Сен кеңешчим, сен колдоочу пиримсиң,
Сен тамырым, сен уютку дилимсиң,
Сендик жүрөк менде соксо чарчабай,
Мен ыр жазсам доордун үнүн кайталай:
Биз көксөгөн
зор адамдык максаттар,
биз пеш туткан
чынчыл, адал сапаттар,
биз жашаган
олку-солку замана,
бабалардан калган рухий насааттар,
Келечекке ураан болуп угулсун!
Бар үмүтүң аян болуп туюлсун,
Баян болуп ырларымдан угулсун!