Проза

Мурза Гапаров: Кара-көлдүн каздары

Кара-көлдүн каздары

Абышка мешке акыркы жолу көмүр салды. Анан түктүү чоң колу менен маңдайынан терин сүртүп, сенделе басып босогого келди.

Бактын түбүндөгү электр лампочкалары жарык кылып турган кир алюминий столдордо Оштон жүк тартып келишкен бир топ тааныш шофёрлор, хорогдун өзүнүн үч-төрт кызыл байпакчан жаш бойдоктору, дагы бир кандайдыр бейтааныш, дүйшөмбүлүк тажиктерге окшогон жигит олтуруптур.

Шофёрлор бир нерселер жөнүндө кызуу талашышып, жаш Хорогдуктар болбогон жерден караңгы бактын ичин жаңырта күлүп жатышты. Шофёрлор да, бойдоктор да ичип олтурушат.

Бейтааныш жигит жалгыз эле. Ал эң четки столдордун биринде олтуруп алып, Хорогду тегерете курчаган тоолордун чокуларын таңдана карап жатты. Анын столунда аз эле бөксөргөн шараптуу шише, эки-үч стакан турат.

Абышка шарапты көрүп, шилекейин жутуп алды. Ал шофёрлор жакка карады. Шофёрлор март болушат. Анын үстүнө бардыгы тааныш. Бирок азыр, ичкиликке кызып алышкандыктан, эч кимиси ага көңүл бурушпады. Абышка жетимсирей түштү. Өзүнүн жалгыздыгын сезди.

Ал бир топко талыкшып туруп, анан мындан эки жыл мурда үйүнө кетип бараткан чек арачыдан сатып алган гимнастёркасынын жакаларын чечип, тер жыттанган койнунан жылан сыяктуу жылмакай чоорун сууруп чыкты. Чоор абышканын кургак эриндерине тиер замат, коңур үн менен кандайдыр бир муңдуу обонду созолонтту. Обон абышканын өзүнүкү болчу. Аны ал качан, эмне жөнүндө, эмне үчүн чыгарганын өзү да билбейт. Бир гана билгени: бул обонду, негедир, өзүнүн көңүлү чөгүп турган учурда гана ойнойт.

Уккан кишиге, обон кандайдыр алыскы жылдардын арасында калып кеткен жаштыкты, бакытты эңсеп жаткансып көрүнөт.

Шофёрлор менен хорогдуктар бир-бирден абышканы карап алышып, кайрадан өздөрүнүн күлкүлөрүнө, кызуу аңгемелерине киришти. Келгин жигит чукул бурулуп, ал болжолдогон тараптан эмес, анын каршысынан күндүн чыгып келатканына таң калган адамча, абышкага карап калды. Анын колундагы шараптуу стакан жай гана столго коюлду.

Абышка булардын бардыгын байкады. Бирок эми ал олтургандарды да, алардын шараптарын да унута баштады.

Ал башын бийик көтөрүп, бет маңдайындагы тоолордун чокуларына, анын артынан шыкаалап турушкан жылдыздарга карап жатты. Бул учурда анын кыялы, коюу булуттардын арасында сүзүп бараткан ай сыяктуу кайдагы алыс калган жылдарды аралай сызып жөнөдү.

Бүгүнкү кеч күндөгүсүндөй тынч эле. Шаардын жападан жалгыз көчөсүндө машиналардын, адамдардын шоокуму тынчып, жакын жерден агып өтүп жаткан Гунт дарыясынын үнү гана бөлүнүп калды.

Бийик аскалардын ар жагынан айдын сапсары жалыны көтөрүлүп келатты. Анын нурлары жеткен тоонун чокулары акырындап жарышып, жылмакай таштары жалтырай баштады.

Мына ушул кереметтүү тынч кечте чоордун муңдуу үнү айрыкча уккулуктуу чыгып, кишинин жүрөгүн туйлатып, аны кыялданууга өткөн өмүрүнүн эң жакшы учурларын эстөөгө чакырып жатты.

Абышка чоорун көпкө тартты. Акырында эриндери таптакыр кургап кеткен соң, чоорун акырын оозунан алып, койнуна салып койду. Анысы кайрадан бой тумар сыяктуу жоон, тырыштуу мойнунда асылып калды.

Абышка бактын түбүндөгүлөрдү карады. Шофёрлор менен жаш бойдоктор дагы эле өздөрү менен алек экен. А келгин жигит болсо, абышканы эски таанышын тааный албай жаткан кишиче делөөрүй карап отуруптур. Качан аны абышка караган кезде, ал абышкага жылуу жылмайды. Абышка муну чакырык катары кабыл алды. Ал өзүнүн жеңил, ишенимсиз кадамдары менен келгин жигиттин столуна келди.

–Сиз Дүйшөмбүдөн келдиңизби? – деп сурады ал фарс тилинде, жигитке кир колдорун сунуп. Жигит анын колдорун бекем кысып, анан ийиндерин куушуруп, дагы жылмайды.

Абышка өзүнүн жаңылышканын сезе коюп, орусча чаламоңолдоно чалып:

–Сиз кыргызсызбы? – деп сурады.

Жигит баш ийкеп, анан элпектик менен ага олтургуч жылдырып койду. Абышка чарчаган денесин шалк эттирип олтура кетти.

–Сиз чоорду жакшы тартат экенсиз, – деди жигит орус тилинде.

–А-а…– деди абышка колун шилтеп, мактоону моюнга алгысы келбей. Ал көзүнүн кыйыгы менен шишени карап койду.

Жигит бош стаканга толтура кара-кочкул шарап куйду. Абышканын көздөрү жайнай түшүп, келгин жигитти ыраазылык менен карады.

Келгин жылмайып, анан ичели дегендей ишарат кылды. Абышка биринчи болуп ичип жиберди. Ал ачкарын эле. Муздак шарап денесин чымыратып кетти. Анын көңүлү көтөрүлө түштү.

–Демек, сиз Кыргызстанданбы? Мургабга мугалим болуп баратасызбы? – деди ал көтөрүңкү, ишенимдүү үн менен.

Жигит башын ийкеди.

–А сиз кайдан билдиңиз?

–Билем. Кыргызстандан Мургабга мугалимдер гана келишет.

Абышка өзүнүн алдында турган стаканын акырын шише жакка түртүп койду. Жигит ага калган шарапты шыпкай куйду.

–Ыракмат, – деди абышка. – Ыракмат.

Ушул учурда өйүздөгү тоонун бооруна жармашкан Ооганга караштуу кичинекей кыштактан эшек аңгырап кирди. Жигит бурулуп, кыштакты, анын айга чагылышкан терезелерин, айдын нурунан куугунтук жеп, тоодон ылдый жылып түшүп келаткан караңгы көлөкөлөрдү көпкө карап турду.

–Жакшы жер экен,– деди ал акырында абышкага бурулуп. Абышка бошогон стаканын столго коюп, оозун аарчып жаткан. Ал унчукпай жигитти карады. Жигиттин жаш, улуу кайгы-кападан кабарсыз жүзү ага жагып кетти.

–А Мургаб мындан да жакшы, – деди ал, кыялдана сүйлөп, – анын Кара-Көл деген көлү бар… Аралдарында жапайы каздар көп. Ооба, жапайы каздар. Ушунчалык көп каздар. Алар жумурткаларын кумга бекитип коюшат. Сиз аларды чукулап таап алып жатканыңызда, каздар төбөңүздө булуттай уюлгушуп, асманды бербей чурулдашып, сизди тебүүгө аракет кылышат… Ох!.. – Абышка тим болуп калды. Ал шарапка кызып калган эле.

–Карамшо! – деп чакырды аны ушул учурда ашкананын босогосунда турган семиз ашпозчу аял. Абышка бурулуп карады.

–Келип тамагыңды ичпейсиңби? – деди аял, бадахшандык тажиктердин тили менен. Абышка унчукпай бурулуп кетти. Ал жигитти карады. Ага жигиттин жаш, сулуу, кайгы-капасыз жүзү дагы жакты. Абышка акырын туруп, жай басып буфетке барды. Буфетчи аял акча санап жатыптыр.

–Мубарро… – деди абышка, ордунда теңселип.

–Эмне?– деди буфетчи ага карабай туруп.

–Мага эки стакан шарап куйчу. Карызга…

–Жок. Баштагы карыздарыңды төлө.

–Мубарро?

–Жок. Анын үстүнө кеч болуп калды. Азыр жабабыз.

Абышка артын карады. Шофёрлор менен жергиликтүү жигиттер эчак кетишкен болучу. Келгин дарыянын өйүзүн, оогандыктардын кыштагын карап отуруптур.

–Мубарро. Тиги мейман жигитти…

–Жок, убара болбо, Карамшо.

Эртең аванса алабыз.

–Жок.

Абышка тактайдын үстүндөгү шараптын жугу калган стаканды мыжыга кармады:

–Мубарро!

Абышка дагы артын карады. Келгин колун жаңсап, аны өзүнө чакырды. Ал стаканды жайына калтырып, келгиндин жанына келди.

–Сиз, эмне, дагы ичкени жатасызбы? – деди келгин.

–Тиги…– Абышка буфетчиге бурулду. – Мубарро!

–Коюңуз, эми ичсеңиз көп болуп кетет, – деди жигит. – Андан көрөкчө коштошолу. – Ал бурулуп абышкага колун сунду. – Жакшы калыңыз.

–Менин атым Карамшо,– деди абышка жигиттин колдорун кысып. – Эгер биздин Хорогго кайрадан бир келип калсаңыз, мага сөзсүз учураңыз. Карамшо десеңиз Хорогдогу ар бир тажик таап берет…

«Келсем, учураймын, – деди жигит ичинен. – Сөзсүз учураймын…» Ал башын ийкеп, жылмайды.

–Билесизби, – деди анан, – эгер сиз айткан Кара-Көл чын эле жомок эмес, чындык болсо, мен ага сөзсүз барамын.

Ал, абышка жооп бергенче күтпөй бурулду да, бактын ичине кирип кетти.

Абышка бир азга анын артынан карап туруп, кийин сенделе басып, өзүнүн кроватына келип отурду.

Ашкана менен буфетти жабышты. Ашпозчу аял менен буфетчи бирден түйүнчөктү колтуктап алып, үйлөрүнө кетишти. Абышка күндөгүдөй эле бакта жалгыз калды.

«Баары кетишти, – деди ал. –Сен калдың. Сен дайыма каласың…» Анын алдынан, күн сайын келип жүрчү ичке кара канчык жортуп өттү. Бирпастан кийин ашкананын арт жагынан сөөктөрдүн качыраганы угулду.

«А эмне үчүн сен кетпейсиң? – деп сурады ал, өзүнөн өзү. –Үйүң бар го? Капа болбо… Үйүңө эмес, албетте. Башка жакка. Алыс жактарга. Мисалы, Кара-Көлдүн каздарына… Кайда?!.» Абышка өз оюнан өзү коркуп кетти. Ал кийинки отуз жылдан бери Кара-Көлдү көрө элек болучу. Албетте, аны дайым эстөөчү. Бирок ага барууну таптакыр ойлобой калган. Кара-Көл анын жаштык кезинин көлү. А жаштыгы болсо эчак өткөн. Ырас, ал жерде, так эле көлдүн жээгиндеги кумдуу дөбөчөдө, анын жыйырма беш жашында өлгөн, эң биринчи да, эн акыркы да аялынын мүрзөсү калган. Эч болбосо ошол үчүн да барса болор эле. Бирок ал барган жок. Али мындан жашыраак кезинде өзүнүн отпуска күндөрү жакындай баштаган учурларда, Кара-Көл анын эсине көп-көп түшүп, а көлдүн жээгиндеги кумдуу дөбөчөдөгү жалгыз мүрзө менен ак булуттай уюлгуп учушкан жапайы каздар анын түшүнө кире турган. Ошондо анын Кара-Көлгө баргысы келчү. Бирок, баргысы гана келчү. А отпуска күндөрү болсо, ар дайымкыдай эле Хорогдун чайканаларындагы сөрүлөрдө пияла чайкап, же болбосо Гунттун жээгинде кайырмак салып отуруп, өткөрүп жиберчү.

Ырас, кийинки жылдары отпускасын такыр албас болуп кетти. Ашкананын башчысы айтып жүрөт, качан кааласаң, ошондо аласың деп. Мына, эми алат. Ооба. Эртең кааласа, эртең алат да, Ошко кетчү машиналардын бирөөнө олтурат. Шофёрлор тааныш. Жол кире албасы да мүмкүн. А жол болсо… Көп болсо төрт жүз километрдир. Чыдап коёт. Албетте, чыдап коёт. Ошентип… кайрадан Кара-Көл… Жапайы каздардын көлү, Өмүрүнүн эң жакшы мезгилинин көлү…

Ал ордунан туруп, өскүлөң чөптөрдүн арасы менен бактан чыгып кеткен, коёндун жолундай ичке жол менен үйүнө жөнөдү. Эскилиги жеткен жапыз үйү бактан алыс эмес жерде болучу. Абышка келип, көпкө чейин күймөнүп жатып, дат баскан чоң кара кулпусун ачты да, анан акырын босогосун аттады.

Мында, ал, жайы бою бир күн да турган эмес эле. Ошондуктан, үйдүн ичи ээн, музей сыяктуу жансыз, муздак жана караңгы; чаң баскан, жалгыз, кичинекей, төгөрөк терезеден гана айдын нуру түшүп, чалдын бирден бир кымбат буюму – ыраматылык аялынын алкакка салынган сүрөтүн жарытып турат. Бул сүрөт башта абышканын эски эмгек книжкасынын ичинде жүргөн кичинекей гана сүрөт болуп, абышка аны, мындан үч жыл мурда гана, өзүн жакшы көргөн бир чек арачы офицерге чонойттуруп алган. «Мени кечирип кой, – деди ал, өзү босогодо турган бойдон аялынын сүрөтүнө. – Мен таптакыр үйгө келбей кеттим. Сен таарынган жоксуңбу?»

Сүрөт унчуккан жок. Ал дайыма унчукчу эмес.

Абышка басып келип, анын бетиндеги калың чаңды сүрттү. Анан, анын маңдайында бир топко далдайып туруп, чөнтөгүнөн ширеңке алып, очоктун башындагы чыракты тамызды. Үйдүн ичи күңүрт жарык болду. Абышканын көзүнө биринчи болуп чачма мылтыгы, ок-дарылары салынган баштык, эскирген төшөнчүлөрү, чаң баскан идиш-аяктары, анан калган буюмдары урунду.

Абышка жай басып келип, мылтыкты алды. Анан, анын затворун чыгарды да, өзөгүн жарыкка тосту. Мылтыктын ичи аябай кирдептир. Абышка мылтыктын өзүнө кыстарылып коюлган сүмбөнү чыгарып, көрпөсүнөн чубалып турган кебезден үзүп, анын учуна ороду.

Көп өтпөй мылтык тазаланып, дубалга жөлөнүп коюлду. Кийин абышка, көпкө чейин жездерине дары куюп, ок салып, пистон каккылап отурду. Акырында, чарчагандыктанбы, же ичилген шараптын таасириненби, олтурган жерине эле кыйшайып, жаш балача опоңой уктап калды.

Ошол бойдон ал үйдүн ичине күндүн нуру түшкөндө гана ойгонду. Бүткүл денеси талыкшып ооруп, оорлонуп калыптыр. Тамагы кургап, көңүлү азат.

Ал көзүнө биринчи болуп урунган жанындагы мылтык менен чачылып жаткан ок-дарыларды көрүп, аябай таң калды. Бирок бардыгын эстегенден кийин, аларга, кандайдыр шылдың иретинде жылмайып койду.

Бир пастан кийин, ал бардыгын жыйнаштырып орду-ордуна илип койду да, эшигин кулптап, тышка чыкты. Тышта күн көтөрүлүп, тиричилик башталып калыптыр.

Өйүздөгү оогандыктардын кыштагында эшек жетелеп бараткан аялды карап туруп, абышка узакка эстеди. Анан шүүдүрүм баскан ичке жол менен баягы бакты көздөй кетти.

Бул жолу да Кара-Көлгө барбай калды.

1963

About the author

Жазуучулар Союзу