Энелер
Эр жигит энелерден ак бата алып,
Каниет кылган жолго кетерде алыс,
Ак дилден алкап элди чоң энелер,
Кичүүгө улууга да бирдей калыс.
Эненин касиети жүрөт коштоп,
Эстеген сайын сөзү жүрөк козгоп.
Кыйындык башка түшсө жөлөк болот,
Көрүнбөс көзгө сыйкыр күчкө окшоп.
Дзержинский бульварым
Ойго салат Дзержинский бульварым,
Сенде калды оттуу жаштык жылдарым.
Кыялдантып толкундаткан ар убак,
Өзүңсүңбү жазыла элек ырларым.
Барган сайын көзгө ысык сезилип,
Сүйүүм артат эт жүрөгүм эзилип.
Аллеяңдан өтсөм көңүл кубанат,
Кызгалдактай кыз өмүрүм кезигип.
Канча жылдын жылуулугу катылып,
Канча издер өткөн экен басылып.
Камыш чатыр кабат-кабат үй болду,
Мезгил изи сенде жатат жашынып.
Бутак жайып чынарларың теңселет,
Жумшак желге жалбырагы сеңселет.
Күндүз окуп, кечте сага серүүндөп,
Биз жетилдик коюңуңда эркелеп.
Көзүбүзгө жер өзгөрүп, эл өстү,
Аз өмүрдө көрдүк окшойт биз көптү
Мезгил карып, сен жашарып барасың,
Алган сымак сулуулукту бүт көрктү.
Жашыл жээгиң, түркүн гүлү жайнаган,
Жаңы үйлөрүң жарпты жазат айланаң.
Жаш өткөнгө өкүнсөк да кубанып,
Жашарабыз сага келсек кайрадан.
Далай сырды козгоп агат сууларың,
Күрдөөлдү эмгек жылдар менен дууладым,
Алып өттүк сенин жашыл багыңдан
Тынчтык күндүн зор жеңиштүү тууларын.
Үлпөттөргө толот сага эл келип,
Бутагыңда кубаныч дайым термелип,
Жашыл бойдон жашайт сенде күлкүлөр,
Жылдар кетет көз ирмемдей сермелип.
Улам кызык өмүр өтөт өзүңдө,
Жомоктолуп муундардын сөзүндө.
Сен сулуусуң, сен жапжашсың түбөлүк,
Дагы кийин, дагы жаштын көзүндө.
Көктү тирейт тээ бийикте бутагың,
Элге толот майрамдарда кучагың.
Келечегиң көз алдыма элестеп,
Кыял менен он жыл алга учамын.
Эң аялуу кийим кийип жасанып,
Эңсеп дейбиз: «Бир аралап басалык».
Кыргызымдын чамгарагы көкөлөп
Кут түнөтүп, дөөлөт багып жашадык.
Өзүбүзгө
Өзүбүзгө жерибиздин баркы жок,
А баягы жайлоо дейбиз, көл дейбиз.
Чөлгө барып бир какталып келмейин,
Жайлоо салкын, көл жыргалын билбейбиз.
Өзүбүзгө элибиздин баркы жок,
Айран, кымыз бекер сунуп турса да.
Мындай чыгып сууну сатып ичкенде,
Турмуштан бир сабак болот бул сага.
Жер жыты
Кандырат моокумуңду чарчап келсең,
Айылдын буркураган жийде жыты
Таратат сагынчыңды көөдөнүңдөн,
Аңызда жаңы чапкан беде жыты.
Маалында жай саратан кызыл кырман,
Толтура берекеге көзүң каркып,
Жыттанат жаңы буудай жолдун бою,
Обоздор күндүр-түндүр кызыл тартып.
Кылтыйып кар алдынан жаңы кыртыш,
Сезимге дүрт эттирип учкун жанат.
Адырдан соккон жаздын керимсели
Ээлентип жан дүйнөңө бүлүк салат.
Көтөргөн боз үйлөрдүн түндүгүнөн
Жаанда коломтодон түтүн бурап,
Жылытып маңдайыңды, бойду жазып,
Чатырап арча жыты мурунду урат.
Тартылган чычаланы ичкеретсең,
Кыпкызыл мандалактай жалын жайнайт.
Буркурап жаңы бышкан каламасы,
Төгүлүп от жанында чайы кайнайт.
Булуттан алакандай көнөктөгөн,
Заматта өткүн куюп өтүп кетет.
Терметип жанды жердин салкын буусу,
Жылт эткен күнгө кургайт заматта этек.
Аралап капчыгайды араак бассаң,
Чырпыктуу талдын түбү, суунун жээги
Чайыттай үргүлөгөн көзүңдү ачып,
Сергитет бөтөнчө бир ал жер мээңи.
Жаңы журт желе тартып көк шиберге,
Көбүрүп саамал ташып сабасынан,
Жагымдуу жанга тууган жердин жыты,
Канбайсың кере жутуп абасынан.
Сагынам
Көрдүм мен Кавказ, Крым курортторун,
Көргөзмө далай шаардын сүрөттөрүн,
Эсте жок анын баары, жалгыз гана.
Эсимде көл бойлогон мүнөттөрүм.
Көрдүм мен Гагранын даңктуу жерин,
Алыстан эңсеп келген түркүн элин,
Унуттум анда көргөн жыргалымды,
Көзүмдөн кетпейт дайым эки Кемин.
Аралап далай жолду басып келдим,
Таң калып кененине түркүн жердин,
Ашпадым ашуусундай Төө-Кыянын,
Асманды кучактаган бийик белдин.
Тамшанып таңдайымдан кетпейт даамы,
Ичимден далай сууга бердим бааны
Сагынам Кара-Балта суусун дайым,
Көңүлдөн чыгып кетип анын баары.
*****
Кара кыяк жапырылат бутуңда,
Аска көзөп булак ырдайт тушуңда.
Ак-Куулардын канатындай үлпүлдөп,
Булут турат чокулардын учунда.
Өрттөй жанат мандалактар куумайда,
Мөндүр төгөт тоодон булут булайса.
Жаркыратып жибергенсийт жер жүзүн,
Ак мөңгүлөр булуттан күн кылайса.
Мөңгү чайып турат белем өңүңдү,
Жайкы өткүндөй жаркыратып көңүлдү.
Жанга ынак жароокердей тууган жер,
Мага кыйын сенден бир аз бөлүнүү.
Өткүн
Асманда жалгыз үзүм булут келет,
Калбырдай тамчыларды жерге элеп.
Суусундук чаңкаганга болоюн деп,
Атайы тоодон түшүп келсе керек.
Жалынды ширеп алып камчысына,
Жер бетин дүңгүрөттү жарчысына.
Акактап жан жаныбар кумар болгон,
Сергидик мөлтүрөгөн тамчысына.
Эх, ушул бир мүнөттүк жайкы өткүн,
Миң күндүк кубат бердиң, жаагын, төккүн.
Сагынып сени самап турат гүлдөр,
Тыпылда, тез шорголо, жеткин, өпкүн.
*****
Түшүмдөн чоң суу кетпейт күрпүлдөгөн,
Угамын ат дабышын түрсүлдөгөн.
Ал тургай автобуста баратсам да,
Каректе тоо булуту үлпүлдөгөн.
Из
Өзүмдү өзүм бүгүн тааныгандай
Сүйлөштүм жаным менен шыбырашып.
Кинонун сеансындай алмашылат,
Өткөн күн көз алдымда шыгырашып.
Энекем босогодон бери аттатып,
Өмүрдү, жарыктыкты тартуулаган.
Жыгылып туруп анан кадам шилтеп,
Арбытып улам жолду артуулагам.
Алдымдан кокту кырлар, кургак, суулар,
Жолукту күлкү ыйлар, кубанычтар.
Толкундап бүткөн ишке чеке тердеп,
Актай элек милдетти эстеп кубарыш бар.
Биздин үй тээ тетиги бүлбүлдөгөн,
Жылуу очок, ата конуш боор этимдей.
Дүйнөнүн кай бурчунда жүрсөм дагы
Калгансыйт жанымды алып ал кетирбей.
Чыйырым ошол үйдөн илкип чыгып,
Турмуштун чоң жолуна жеткен элем.
Кошулуп көпчүлүккө чым коңторуп,
Мен дагы тоголок дан эккен элем.
Кээде аз, кээде арбын түшүм алып,
Кубаныч, бирде өкүнүч өкүм сүрөт.
Бош айдап арабасын бара жатат,
Бир көөдөк кур кыйкырып өзүн сүрөп.
Арсыз деп карап күлүп турсам дагы,
Селт этем ага окшоп калбайын деп.
Ичимден таразалап өткөн жолду,
Жөнөймүн күз түшүмүн камдайын деп.
Жомок белем
Ушул жер мага кымбат Узун-Булак,
Аскадан шаркыратма түшөт кулап,
Ары өткөн бери өткөндө кылчактатып,
Негедир мени өзүнө тартып турат.
Шыбырайт шаркыратма кулагыма,
Тыңшаймын улам артып кумарыма.
Угулат сонун овон тээ качанкы,
Келгенсийм кайра он сегиз курагыма.
Кулпурат адырдагы кызыл гүлү
Кайдандыр «күүк-күүк» этет күкүк үнү.
Чоң энем айтып берчү жомоктордой,
Керемет ушул жердин жайкы түнү.
Көөнөрбөс көркөмү укмуш, сыры терең,
Ушул жер чынында эле жомок белем.
Кылымдан кылымдардын суусу акса да,
Адамды сагындырган дагы эле сен.
Жашыра албайм сырымды
Жашырбаймын энеден эч сырымды,
Кандай күнөө кылсам да айтам чынымды
Ал анткени эне гана түтө алат,
Көтөрүүгө азабымды, сыйымды.
Элим мага чечекейим энемдей,
Ала, кытмыр ойлору жок кенедей.
Ал анткени эл журтумдан бөлүнсөм,
Бозоромун жетим калган эмедей.
Кыргыз жери
Кыргыздын жери кызык көрбөгөнгө,
Кырка тоо бир табышмак көнбөгөнгө
Жылаңач аскалары жалама зоо,
Өзөнү окшойт көрпө, көлдөлөңгө.
Чоочун көз капчыгайга сүрдөп кирет,
Чамынат тоонун суусу өзөн жиреп.
Төбөңө азыр кулап түшө жаздап,
Чокулар көз кайкытат асман тиреп.
Үйүр алып көнүгөсүң бара-бара,
Аскадан булак кулайт салаа-салаа.
Жылгалар дүйүм чөптү оронушуп,
Этеги гүлдүү жайсаң талаа-талаа.
Тоо ичи эми сага көркөм дүйнө,
Келгиң жок бир далайга ысык Чүйгө.
Жүрөгүң калат тоонун арасында,
Кыйылып кетериңде кайра үйгө.
Байыркы эңгилчектүү бодур таштар,
Былкылдак кожогаттуу жашыл саздар,
Модалуу көйнөк кийген сулуулардай
Сары ала моюндары аңыр, каздар.
Чыркылдап кыпкызыл суур тура калат,
Булаңдап кашкулак шырт уга калат.
Тескейдин кыл көпүрө кыясында
Эликтер тизилишип чубап барат.
Шимүүрүн соруп көрсөң балдан ширин,
Тартылып көмөкөйгө турат тилиң.
Түгөнбөйт карагаты уучуң толуп,
Көзүңө жайнайт кайра терсең бирин.
Согону гүлдөп турат ташта корум,
Ышкынын үзүп жесең даамы сонун.
Кыпкызыл өрттөй жанып мандалактар,
Карасаң тээ кумайлуу кырка жонун.
Суу бою чемирчектүү, жөргөмдөрү,
Таң калат аны алгачкы көргөндөрү
Адамды кызыктырат козу кулак
Таштардын коңулуна өнгөндөрү.
Кейиптенип тарам-тарам жанган чырак,
Кызыл гүл кол жетпеген ташка чыгат,
Өмүрү көңүлүңдөн кетпейт жыты,
Аскадан үзсөң аны чыгып чыдап.
Шар сууда балык ойнойт күмүш канат,
Туптунук түбүндөгү ташты санап,
Олтурсаң эки суунун аралында,
Ийрилип мүйүздөнгөн ирим карап.
Сыртынан көрсөң башын туман каптап,
Бир азап тоодон тоого бармак каттап,
Мөңгүлүү ашуусунан көчкү жүрөт,
Өтөсүң секиртме чоң таштан аттап.
Артыңда калат азап жолдо көргөн,
Бутуңа гүл төшөлгөн жайлоо көркөм
Таза аба, дары чөбү, өлбөс өмүр,
Байлыгы батпайт эки көзүңө өлчөм.
Көргөнсүп Рембрант сүрөттөрүн,
Билбейсиң деги кандай күн өткөнүн
Табигат берген кыргыз жайлоосуна,
Өмүрдүн таттуу кызык мүнөттөрүн.
Алыскы Аравия чөлдөрүнөн,
Бер жагы Саян, Севан көлдөрүнөн
Атайы эңсеп келип бизге достор,
Эс алып кетет тоонун төрлөрүнөн.
Бир жайлоо бир китепке батпай калат,
Окуган ал дастанды рахат алат.
Суусатып кымызындай сагындырып,
Адамды тартып турат жайлоо тарап.
Кечээгини унуткан
Жаңы гана согуш бүткөн жылдары,
Токтой элек көздүн али ыйлары
Досум арык, чийдей болуп билеги,
Араң турчу ичке иймейип сынганы.
Кылдай болгон моюнда жан араң бар,
Аяп кетчү көчөлөрдөн адамдар.
Ачарчылык жаадай көзөп жүрөктү,
Тийбедиби чокко далай тамандар.
Ачуу болчу кечээ күнкү жашыбыз,
Бышты десек турмушка бул башыбыз,
Кесир кылып нанды ыргытып жатабыз,
Улам түрлүү көбөйсө ичкен ашыбыз.
Кыйынчылык кезде жүдөп үлдүрөп,
Бүгүн тандап күндө жибек үлбүрөк.
Кээ бирөөнүн сөөлөт күтүп көз сүзүп,
Көйрөңдөнгөн жоруктары күлдүрөт.
Кыпын эле консо үфүлөп үйлөгөн,
Айтар айтпас сөздү эригип сүйлөгөн,
Кыйгач карап кызматы ылдый кишини,
Мурдун чүйрүп сыяктанат сүйбөгөн.
Пейил күтүү ушул бейпил заманда,
Кесир кылуу бүт баарынан жаман да.
Кечээ күнкү байкуштугун унутуп,
Көпкөндүк бар кээ бир, кээ бир адамда.
Кызык өмүр экен бу да
Шарактап шаан-шөкөт алаксытып,
Ат минип, кээ бирде жөө жерге түшүп.
Кылчайып арт жагымды карап көрсөм,
Өтүпмүн далай жолду ысып, үшүп.
Олтурдум айланамды тегеретип,
Кырк деген кырга чыгып ой токтотуп.
Ашууга дагы далай жол бар экен,
Токундум тор жоргомду ойноктотуп.
Секиртип туяк өтпөс таштан басып,
Атымды баягыдай кыйнабадым.
Талпынып болбос ишке колду сунуп
Таарынып балага окшоп ыйлабадым.
Сезимди акыл жеңип чебер байкап,
Токтоолук аксакалдык жакындады.
Ой тоого учуп конуп оттой жанган,
Балалык тээ капкайда закымдады.
Насыят акыл айткыч болуп кеттим,
Күлөмүн жаздым баскан жаштыгыма.
Аттиң ай ошол күндөр кылчайбайт ээ,
Өкүнөм ушунчалык аздыгына.
Кырк деген кызык өмүр экен бул да,
Жаңыдан көзүң жетип ага буга.
Турмуштун даамын сездим эми гана,
Басса да башты бубак ала була.
Энелер
Кылымдардын чыбырындай
Энелердин жүздөрү,
Жомоктогу акылмандай
Токтоо мүнөз түспөлү,
Ымыркайды адам кылган
Эч ченегис күчтөрү.
Чалкып жаткан океандай
Энелердин көздөрү,
Карт тарыхтын барагындай
Түгөнбөгөн сөздөрү,
Жүрөгүңө жакын абдан
Эң жөнөкөй өздөрү.
Сенде калган
Эне жыттуу тууган жер, койнуң ысык,
Эркелеттиң бооруңа бекем кысып.
Элжиретип жүрөктү качан болсо,
Бүгүнкүдөн эртеңки күнүң кызык.
Боор толгой сен тарап тартып турат,
Кайда жүрсөм эстеймин ичим бурап.
Ала албадым канча жер кыдырсам да,
Жылуулукту сендеги сатып, сурап.
Сен мени тааныдыңбы
Сен мени тааныдыңбы, узун кыя?
Жыгылган бетегеңди басып сыя,
Дагы эле шимүүр жыттуу баягыдай,
Коктуда шалдыркандуу кызыл мыя.
«Тыз» этти, чалканыбы чагып алды,
Мейличи качанкыны ойго салды.
Ал тургай эрмениңди эңсеп келдим,
Дарылап турдум азыр сага жанды.
Төрт суроо
–Кусалык деген эмне?
–Жүрөккө баткан сары зил.
–Ишеним деген эмне?
–Айныбас аппак таза дил.
–Сагынуу деген эмне?
–Суусаткан жандын күйүтү.
–Алдануу деген эмне?
–Кыялдын сокур үмүтү.
*****
Турмуш деген улуу суроо,
Жообун туура чече бил.
Турмуш деген бекем буроо,
Тетиктерин даана бил.
Абийримдин астында
Мен ар дайым үйдө-тышта бирдеймин,
Бил, билбегин дайым аппак дилдеймин.
Көз жазгырып сени алдасам кокустан,
Эне алдында, эл алдында кирдеймин.
Акка актай, көөгө көөдөй жугамын,
Балына бал, уусуна уу сунамын.
Доско достой, каска кастай мүнөзүм,
Аны жолдош, душманымдан сурагын.
Көпкө көппөй, азга ыйлабай жашадым,
Өмүр жолун дагы канча басамын.
Алсызды алдап, алдууларга жем болбой,
Абийримдин астында мен тазамын.