Карбалас Бакиров
*****
Олтурбагам чаңын жутуп бөлмөнүн,
Көрдүм көлчүк толкуну жок өлгөнүн.
Чартылдаган чагылгандар жоголгон,
Чокулардан, түнт токойдон келгемин.
Олтурбагам эки беттен май тамып,
Терезеден булуттарды кайтарып.
Ташкындаган суулар менен аккамын,
Ташка тийип, таштын мизин майтарып.
Олтурбагам далдаасында коргондун,
Мага бакыт азаптары жолдордун.
Үйдөн эмес, шыбыраган бүт дүйнө,
Келет дайым талаалардан ойгонгум!
Вавилондун, кыйраган Вавилондун
Дал түбүнөн кылтыйып, жабалактап,
Өсүп чыккан жаш чөптөр адырлардан,
ашып түшүп, талааны барат каптап.
Барат каптап талааны жоокерлердей,
Кулпуларын талкалап аралдардын.
Жар, үңкүргө жармашып, тоону чачып,
Жарып чыгып таштардын тамандарын.
Келаткандай дүйнөлүк салтанатка,
Ээ-жаа бербей сүрүлүп чар тарапка
Өчүрүп көр, эми сен жер үстүнөн,
Тебелеп да, таптап да, балталап да.
Болгон менен эң назик — так көшөрлөгөн,
Ашкан өжөр таппадым, көк чөптөрдөн.
Урандылар, мүрзөлөр арасынан,
Таазим сага, тирүүлүк баш көтөргөн!
Кыялбек Урманбетов
Кечиктим
Таңшыган булбул белең бутагымда,
Талпынам кучагыман учарыңда.
Карааның карегимен үзүлсө да,
Элесиң кала берет кучагымда.
Сен жакка агылармын дагы далай.
Өзүмдү ташып бүтпөйм дарыядай.
Көзүңчө жаш баладай жайнасам да,
Өзүмчө ойго чөгөм карыядай.
Билемин, менсиз деле арманың көп,
Астыртан аяр карап зарладым көп.
Сөз менен жалынычым айтпасам да,
Көз менен айтып келем “ардагым” деп.
Кербендер өтүп кетти, кайрый албайм,
кечиктим, кантип анан кайгыланбайм.
Өзүңөн өмүр бою айрылсам да,
Ойлордон сен жөнүндө айрылалбайм…
Мирлан Алтымыш уулу
Сураныч
Татына, сулуу, аппак ай,
Тандаган сүйүүң башкадай!
Кейитип колго тийбейсиң,
Кедейге жетпес АКЧАДАЙ!
Жүрөктүн дарты болгондой,
Жүрөмүн сенден жол болбой.
Айткан бир сөзгө турбайсың,
Ак үйдө жүргөн ЧОҢДОРДОЙ!
Кол учун дагы карматпай,
Кокуй жан болдуң жандатпай.
Башкага кетпе суранам,
Байларга кеткен МАНДАТТАЙ!
Атахан Кожогулов
*****
Көңүлүм ооруп, сыздап
күздөгү жалбырактай дирилдедим.
Ырларым танбай турган
сүйүүм менин!
Жарыктан кеткенимде,
жамгырдын тамчысында,
шамалдын үнүндөмүн!
Дайының айтканың жок,
доордой качанкы өткөн билинбедиң.
А балким жүрөгүңдө,
булуттай дилиңдемин!
Биз менен жаркып көктөм,
биз дагы булуттардай айдалыппыз,
кайдадыр каалгып көчкөн.
Сен кеттиң, менден кеттиң,
сезимдин ак бешигин миң терметтим.
Канча жаз канат какты каркырадай,
кайрылып бир келбепсиң?!
Өмүрдүн өрүн таяп калганымда,
өкчөлүп азабымда, арманымда,
жоргодой суу төгүлбөс кара жолдо,
жетпедим жээрип бир кез танганыма.
Жазам деп жазбай жүргөн жакшы ырымдай,
жеткирбей алыстаган жаштыгымдай,
турасың бийигимде балбал жанып,
таптаза тоодон түшкөн ак нурумдай.
Тагдырдын татаал жолун кырдап баскан,
таңдан ак жоолугуңду булгап жатсаң,
эсимден кетпей калдың ал көктөмдөй,
ырлардай качанкы бир ыйлап жазган.
Жүрөгүм алып учуп кусам баткан,
жылтылдап карегимде ызам жаштан,
көзүмдөн кетпей калдың кызыл гүлдөй,
ыргалып бийигимден жыпар чачкан.
Жүрөгүм дүк, дүк согуп,
жолумда жалбырактай дирилдедим.
Жылдардай жүзүң жарык,
түңүлбөдүм!
Жарыктан кеткенимде,
жамгырдын тамчысында,
шамалдын үнүндөмүн!
Эрлан Жумагазиев
Тойдо
Бий. Музыка. Шарактаган кыз-жигит.
Бийлеп жаттыӊ сен аларга кошулуп.
Карегиӊден эрийт мөӊгү, муз күйүп,
Карашыӊдан аптап уруп, от уруп.
Кайткан сымал качанкы бир кумарым,
Кан ыйладым көкүрөгүм солуктай.
Бул дүйнөмдү арман кылдыӊ, чырагым,
Булгана элек таза кезде жолукпай.
Чыдай албай сенден урган ысыкка,
Чыркырайт жан куурдак болуп ансайын…
Каптал жакта даӊкылдаган музыка,
Качып кеттим карегиӊден жалтанып…
Адилет Зарылбек уулу
Менби?
Менби?
Мендик сɵз, тɵл сɵзʏм.
Эсимде бардыгы;
Эс тарткан учурдан башталган.
Эс кирип калган кез,
Эскирип калган кез.
Эрке ɵскɵн жан элем.
“Кой! Ай!” га кɵнбɵгɵн.
Эстɵɵ жʏрɵктʏ жибитет,
Энчиме жазылган,
Элесим катылган,
Балалык.
Аргасыз жылмаям да,
Ээрчигим келет анан бала кʏндɵй.
Алыстан чакырышат,
“р”ны “й” деп алган бала ʏндɵр.
Мезгилдер-жарыштырган
Мезгилдер-салыштырган
“Барып кел, алып кел балам”,- дегениӊе
Менби апа?
Дечʏ элем карыш жылбай.
Мээримин берди эле жарыктык,
Мээримин берди эле бардыгы.
Мейли апа, дегенден тажабайм,
Менби апа? Дегенди сагындым.
Кубанычбек Басылбеков
*****
Ырдын жазып оңой эмес, татаалын
Оорду жеңип, ырахатка батамын
Эмгектерим элге жакса – толуктайм
Мыкты жазган акындардын катарын.
Сезип турам, туюктарды окуган
Таң калып да ырахатка батарын.
Классиктердин ырын окуп, которуп,
Жан сергиткен ширин балын татамын.
Эскирбестен, болгон үчүн алтындай
Мен аларды даңктап жазып жатамын
Ошонусу менен алар жагымдуу
Кылымдарга сактап акын атагын.
Бардык элдин ээлеп алган жүрөгүн
Хайям атын келет мында атагым.
Адам болчу айтканынан кайтпаган
Ыр жазса да акынмын деп айтпаган
Чынды сүйүп, жалганчыны жек көрүп,
Котур ташты колтугуна катпаган.
Өмүр бою иштеп илим жаатында
Бутту сунуп, курсак сылап жатпаган.
Даңазалап, жазып шарап жөнүндө
Ичмек түгүл ооз тийип да татпаган.
Шах, султандын жазган эмес турмушун
Карапайым элдин ишин мактаган
Динчилдердин ачкан үчүн айыбын
Өз доорунда бирине да жакпаган.
Чындык үчүн арнагандан өмүрүн,
Кылымдарга өчпөс атын сактаган!
Калчоро Көкүлов
******
Табияттын таза түшкөн жаштыгы,
Таазим сага татынакай жаз сулуу.
Сени күткөн үмүт кандай таттуу да,
Сени көргөн өмүр кандай бактылуу.
Адал ээрчип, арам ээрчип соңуман,
Алаканда айла амалым жогунан.
Алда кимге арка болоор, дем болоор,
Андай деле иш бүткөн жок колуман.
Ак карасы тосуп чыгып жолуман,
Анча алыстап кете албадым тобуман.
Ары кетип, бери кетип толгонуп,
Айлам түгөп алда неден корунам.
Ырыс кутту мен ыроолой албадым,
Элге-жерге тийгени жок жардамым.
Ыр түгөнүп, дем кагылып калганда,
Ырас болду сенин келип калганың.
Бирде толсо, бирде толбой сандыгым,
Көрдүм далай бул дүйнөнүн тардыгын.
Өзүмө өзүм сыя бербей анчалык,
Өйдө-төмөн кетип турду тагдырым.
Баштап коюп тириликтин арышын,
Баштап коюп тиргиликтин жарышын.
Анан эле жаш баладай күлкүчү,
Анан эле жаш баладай аруусуң.
Жанга жагым жумшак чыккан добушуң,
Жанга жагым гүл бурактуу конушуң.
Таңкы желдей татынакай кең пейил,
Табышуунун, таанышуунун жолусуң.
Табияттын таза бүткөн актыгы,
Тамырдагы аруулуктун ташкыны.
Таазим сага тамылжыган тууган жер,
Таазим сага татынакай жаз сулуу…