Габриела Мистраль
(Чили)
Тропикалык күнгө гимн
О күнү инктер менен маялардын1,
жемиши Американын бышып турган.
Кечуа, майя сени жандай көрүп
денеңе жанып турган баш урунган;
терисин эзелки, эски аймаранын
боёдуң кызыл алоо боруң менен;
кыпкызыл кыргоол болуп келериңде,
кетерде ак канаттуу бостек денең;
ар кандай келиштирип сүрөт тарткан
сен чебер сүрөтчүсүң жандан арткан;
тек жайың – жолборс менен адамдардан;
Сен – күнү тоо, түздөрдүн, кумдуу чөлдүн,
сен – күнү дарыянын, ой-талаанын;
Артыңдан барасың сен бизди ээрчитип,
жана да бизди ээрчийсиң артыбыздан;
боору бир мендеги ыйык туугандарга,
желексиң желбиреген жерде, сууда.
Жоголуп баратабыз – издегиле,
кызарып күнгө ысыган аң-чөнөктөн,
тапкыла нан-дарактын арасынан,
жана да Перунун нак бальзамынан.
Үстүндө Куско чөлдүн агарасың;
тентийсиң Маябонун асманында,
сен ыры, эң чоң ыры Мексиканын;
укмуштуу жүгөрүсүң өрттөй сары;
асмандан жаачу ырыстай күтөт сени
тишинин кирин соргон элдин баары.
Көк менен жүгүрөсүң көзгө илешпей;
учасың ой-талаанын үстү менен;
сен кээде кан чубурткан ак бугудай,
а бирок кууса эч кимге жеткирбеген.
О күнү, жарык күнү Анд элинин,
жердеген Америка континентин
элдердин бардыгына эн белгисиң,
мал-жанга жалындаган – сен эгедер,
жердин да түркүгүсүң асман тирээр;
Көөрүктүн очогундай кызыл чокто –
турасың эрибей да, эритпей да;
кетсаль бүт кетти агарып ак отуңа;
элдерди жаратып да, тойгузуп да,–
турасың отуң менен жол көрсөтүп,
эч качан эч бир жерде калбай өчүп.
Тамырсың асмандагы, индейлердин
жаратын айыктыраар даба да өзүң;
аларды жүрөк менен сүйүп сактап,
кайрадан дал ошентип өлтүрөсүң.
Кетсалькоатль, өнөрлөрдүн атасысың;
бадам көз сенин ачык көз карашың;
бөксөртүп индигону колуң менен,
өстүрүп ак буланы жерге айдайсың;
жип-шуусун боёп индей кыздарынын,
өңдөрүн өзгөртөсүң чымчыктардын,–
баштарын кооздойсуң,
сен ар кандай түр салып гректердин оюусундай;
Сен – учкан тагдыр кушу, балапаның –
бороондор, деңиздеги жин ургандай.
Сен бизге жоош-момун падышасың,
келбеген сен өңдөнүп кудайларың;
тобундай ак кептердин агарасың,
суу шарын эске салат зуулдашың;
Ал эми биз өзүбүз эмне кылдык,–
кайрадан кай себептен жаралганбыз?
Көк майсан нур төгүлгөн жерге айланды
зоругуп жаткан сормо саздарыбыз.
Алдык да кожолукка анын баарын
сыйындык отко, күнгө бардыгыбыз.
Ишенип бергем сага өлгөндөрдү,–
күйдү алар сызыктанган сыяктанып,
уйкуда кескелдирик үй-бүлөлүү,
түш көрүп жатат чиркин ырахаттанып;
болбосо кетер бекен күүгүм талаш
заргындай куюлган чөп арасына;
саргарып Батыш жактын сар нуруна
жалындай күйүп жаткан те алыста.
Эгерде кыркка чыккан ушул жашта
эсиңе мени алалек болсоң мүлдө:
карай кой карагандай сага манго,
түйүп кой, пирамидадай жүрөгүңө,
учкандай таң заарында фламинго,
талаадай кызыл-тазыл толгон гүлгө.
Биздеги магейлердей, юккалардай,
перулуктар жасаган кумурадай,
индейдин идишиндей ашкабактан,
эзелки бийлер менен тарткан найдай,
мен жашап сени менен дем аламын,
ачылам жалгыз гана сенде жайнап.
Мени да жаса жууруп ошолордой
аябай дем-күчүңдү бер кандырып;
жашайын мен да алардын арасында,
таң калып, башкаларды таң калтырып.
Кыртышын жүрдүм басып чоочун жердин,
сатып жеп чоочун мөмө-жемиштерин;
аяктын кесеси – кум, дасторкон – таш,
балы да суудай суюк, шарабы – жаш;
ырдадым чоочун гимн өзүмө өзүм,
ажалдын дуба-демин кайталадым;
уктадым уйку-соонун арасында,
жамынып өлүп калган жылдыздарын;
жана да көрдүм өлгөн ажыдаарларын.
Келдим мен, эми мага кайрып бергин
кейпимди дүнүйөгө жаңы келген;
сууга алгын чачыратып кызыл кандай
бышырган ысыгыңа кайнап кеткен.
Сен мени көөлөп да чык, актап да чык,
өзүңдүн эритмеңе салып жегич.
Күйгүзүп менде мокок коркунучту
милдетиң көңүлүмдү көккө эритиш.
Сүйлөгөн сөздөрүмдү кызарта ысыт,
ырыма, дем алуума, оозума өрт кой,
тазала кулагымды, көзүмдү жуу,
сезгич кыл сезимимди ойлогондой.
Жасагын жапжаңы кан, жапжаңы мээ
жасагын көз жашты да кайра жаңы;
бойдогу терди кургат,
оорусунан айыксын денем дагы, көңүлүм дагы.
Ошентип кайра мени алып баргын:
зор тутуп Америка деген атты,
жабыла ырдап, бийлеп жаткандарга
даңкташып сенин ыйык кубатыңды
Биз майя, кечуанын адамдары,–
мурдагы кайталайбыз антты күчтүү:
бир сенсиң – кебелбеген; азга кетип,
биз кайра саа келебиз түбөлүктүү.
Күздөгү түшкөн алтын жалбырактай,
кайрадан даакы ордуна жүн чыккандай,
өлгөн соң биз өзүңө кайрылабыз,
даанышман инкилердин айтканындай.
Келгендей жүзүм шиңгил шарапчыга.
биз менен өлбөстүк да келет кайтып.
Ошентип деңиздердин эрки менен
толкунга алтын үйүр чыгат калкып;
жана да ажыдаардай зор жыландар
ышкырып типтик турат обун тартып.
Чили жери
- Осорно жанар тоосу
Осорно, салмоор таш менен
өзүңдү өзүң урасың.
Түздөгү сен бир Чоң койчу
Эл, Жерге баш көз турасың.
Секирген кезде ордуңдан
Аязга тоңуп калгансың.
Индеецтин көзүн уялткан
Сен отсуң жарк деп бир жанган
Кардагы ак көз маралсың.
Түштүктүн ээси жанар тоо,
Жат элем, сага өз болдум.
Сен дагы мага жат элең,
Жарыкка сенден орондум.
Ар дайым керек алдыңда
киндигим туташ жүрөмүн.
Кайтарам сени сакчыңдай
Ак пингвин, тюленим.
Каратып туруп күйөсүн,
Күйгөндөй учкан жылдыздар.
Сууларындай Льяикцуэнин
Көбөйдү сенде жаш балдар.
Эзелтен элге береке от
Ал биздин эстен кеткен жок.
Алоолоп күйгөн сендеги от
Бизде да күйөт алоолоп.
Эзелки жерди коргоп кал
Элиңди сакта армандан.
Дарман бер токойчу-индеецке
Жол көрсөт сууда калганга.
Жол көрсөт уйчу, койчуга
Осорно, кутман карыя!
Көрк бергин аялзатына
Даңк бергин эрдин башына.
Ак өгүздү айдагыч,
Өстүргүн буудай, арпаңы.
Марттыкка жерди үйрөткүн
Ачкалык качсын тартайып.
Эриткин куюп эрк отун
Эриткин жүрөк муздарын.
Уругун уунун өрттөп сал,
Айдагын тагдыр ызгаарын!
Эмнени күтсөк шаштырып
Айдап кел бизге бүт баарын.
Осорно, таштай кыйкырык
Сен ырсың ташка айланган.
Бактысыз кезди кубала
Өлүмдү бербе балдарга
Өсүшсүн алар сайрандап!
- Лахадагы шаркыратма
Босогосу Лаханын
Күркүрөп турат ченебей.
Туш-тушка суусу чачырайт
Индеецтер тарткан жебедей.
Күмүштөнгөн маймылдар
Секирип жүргөн немедей.
Эки жээктин айрылуу –
Шамалдап дайым турасың.
Өлүм, өмүр чегине
Индеецтей боюңду урасын;
Чачылып укмуш элесиң
авада токтоп тургандай,
Араукан оор тагдырлуу
артыңдан боюн ургандай.
Өз жаның өзүңө ашыктай
Бийиктен кулап жарыла,–
Убакыт учат артыңдан
Кубаныч кайгы баары да, –
Индеецтин өлүм кыстоосу,
Мендеги өмүр нускасы,
Көбүктүү толкун шарыңда.
Бөрүлөр коркуп көбүктөн
Коёндор көзү таңылат.
Ал мени аппак жарылууң
Жаралайт улам жаңылап.
Карагай кесип жүргөндөр
Оорукчу жана жолоочу,–
Өлгөндөр жана тирүүлөр,
Ар дайым акыл жолдошу,
Угушат сени жабылып
Шарыңды аккан жарылып.
Бараткан байкуш энедей
Балдарын көздөй утурлап. –
Жеңилген сүйүү агыны
Кубантып жана кайгыртып
Алдыга жөнөйт зуулдап.
Түшүнөм да, түшүнбөйм
Суу шарын Лаха сендеги.
Кубаныч жолу мурдагы
Эчкирген ыйсың эзелки.
Жанчылып көөдөн эзилген
Суу кадим Антигонундай:
дүнүйө кыйрайт ушинтип
кулабай, сынбай, жарылбай.
Эне да минтип жыгылат
Эч кимге онтоп жалынбай.
Жапайы, жылан көбүктүү
Кетем мен Лаха суу менен.
Кетемин Чили жерине
Кемибес кайгы чер менен.
Эч кимдин калбай эсинде
Кан-жаным менен эзилем,
Мен анан барып жеңилем.
Буттар
Аязга көгөрөт
балдардын мыйтыйган буттары…
Бу кандай жылытып коюшпайт чиркинди
ал эми көрүшөт бүт баары?!
Тамакты ыргытып беришет
Таш тийип жарадар колуңар.
Кар, баткак, муз, жамгыр топурак
силердин шоруңар.
Көрүшпөйт, сокурлар:
силердин изиңер түшкөн жер –
эң назик ак гүлдөр;
Бутуңар канаган жолдорго
гүл өсүп буркурап,
айлана кулпурат.
Мейли эми, кантебиз
белгисиз жол менен баргыла
окшошуп келишкен баатырга.
Дүйнөдө силерден барбы артык?
А бирок корсуңар…
Жардамга келишпейт
эмне үчүн силерди эл көрүшпөйт?
Колдор
Колдору, балдардын колдору,
туура эмес тилемчи дешкени.
А силер, чынында, дүйнөнүн нак ээси.
Балдардын быйтыйган колдору –
жемишти сураган берчилеп.
А жемиш, чынында силердин энчиңер;
Аары-уя чогулткан тунук бал –
силерге гана куп жарашат…
Эл аны түшүнбөй карашат!
Балдардын апакай колдору,
кай жерден болбосун салбырап,
эгиндин баштары ийилет силерге жалдырап.
Талашпайт, сурашат
мусаапыр ал колдор.
Кем болбой жашасын силерге
тамак-аш беришип койгондор!
Кем болбойт эч качан
ким угуп унчукпай кыйкырган –
үндөрүн колдордун
кайтарса турмушта өз ордун!
Ак булуттар
–Уяң жүндүү аппак койлор, уюган,
алыс келген жолуңар.
Кызыгуусун ойго салып кыздардын
көк дөбөгө кондуңар.
Бороон-чапкын болобу деп кеңешип
көктөн сурайт белеңер?
Жайылууга уруксатты ким берет,
ким силерге эгедер?
–Тынбай кезип тентип жүргөн жер
шамал биздин койчубуз.
Кээде назик жүнүбүздөн сыласа
кээде кайнайт шорубуз.
Айдап бизди түндүк, түштүк тарапка
удургутуп бир кирет.
Кыйры чексиз жайыт жолун асманда
эч жаңылбай ал билет.
–Койчуңардын кожоюну ким эми
аппак койлор, ак жүндүү?!
Кайтартса эгер мага ишенип силерди
болот элем күйүмдүү.
–Короо ээси бар, ага каниет кылабыз
сан жылдыздын сабында,
оюн куруп жашайт деп биз угабыз
жетигендин жанында.
Жүрүүгө алың келе алабы,
жакшы ойлон кең жайыттуу ааламды?!
Бар эмеспи өзүңдө да ак койлор
таштайсыңбы, аларды?
Кар жаап жатат
Кар түшүүдө тамыр-тааныш болуу үчүн
менин албан жериме.
Кар түшүүдө – жылдыздардын аяшы.
Тез баралы, келгиле!
Зыян кылып койбоюн деп элдерге
секин учуп түшүүдө.
Уйку менен Ай да дабыш билгизбей
келет бизге ушинтип!
Кездемеге түшүргөндөй гүл сайып
түшүүдө кар таптаза.
Тийип-тийбей беш манжасы бадалга,
ороп жатат аны аста.
Жаратылыш берген белек болбосо –
мынча сулуу бул эмне?
Асманда эгер сан жылдыздар болбосо,
түшмөк эмес дегеле.
Бешенеңе жазып кетсин жазуусун
кыймылдабай туруп бер.
Балким, анда жазуу бардыр,
адамга тагдыр жазып жиберер?!
Бак тиккенде
Биз казабыз назик жерди жумшартып
сүйүү менен көкүрөктө толтура.
Бирок анын биле албайбыз миң шартын
укмуштуудай сырга терең жолунда.
Кетсе экен деп эне сүтүн оозанып
биз күтөбүз бак тамырын ыр ырдап.
Тилек тилеп кең жарыкты оозго алып
өссө дейбиз көк тирелип дуулдап.
Тамыр үчүн биз, албетте, беребиз
сууга алпейим, жана сизге улуу Күн.
Сеньора Жер, берекелүү элеңиз.
Кудай колу өстүрсө экен бир гүлүн.
Өстүргөндөй жакшы адамды жакшыртып,
жаратылыш баарын коргойт баарынан.
Бороон-шамал, жамгыр-карга такшалтып,
теңдеш кылып сабырдуулук жагынан.
Сен өстүңбү?! Меникисиң, Өлөйүн,
эми алпечтеп коргоп алам сууктан.
Шамал уруп, курт түшкөнүн көрөйүн
сага тийчү балта мизин курутам.
Өмүрүңдү сактап алам мен сенин
сүйүп өтөм дайыма алып байкоомо.
Мен жакындай албайм го дейм, кантемин
гүл ачууңа жана жемиш байлооңо.
Даракка гимн
Боорум дарак, тамырың батып тереңге
жер кучактап жаратылыш түшүндө,
сен турасың шамалды албай теңиңе
камаарабай көк тиреген күчүңдө.
Мени үйрөтчү, бар кудурет күч менен
кум, топурак – чыккан менин тегимди
дайым эстен чыгарбоого, бирок мен
унутпаймын туулуп-өскөн жеримди.
Саябандуу түрүң менен көк жашыл
эскертесиң жолоочу өткөн көп элди:
бул дүйнөдө эмне кымбат, эмне асыл,
эске салып кеткен менен келгенди.
Андай болсо, мындай менин сунушум:
кургак, сууда кандай турмуш өткөрдүм,–
азыр ушул турган менин турушум
адамдарга таасир салсын өткөнүм.
Сен – жараткыч бара жаткан токтолбой,
сен – бөртүүсү алма, өрүктүн ден жайып.
Сен – курулуш өсүп турган токойдой,
сен – жел аргы келген жыты гүл аңкып.
Жалбыраксың көмөкөйгө көрк берген,
сенде чоордун назик тарткан деми бар.
Сен – чайырсың мөлтүрөгөн тереңден,
ак сагыздын агып турган кени бар.
Жагылган от, үйдүн үстү, тыбыт, бал;
уккулуктуу обондуу ырга барабар.
О, мага да күч берегөр түшүмдүү
сан байлыгым бардык жерге чачылсын.
Баш ийбеген акыл менен жүрөктү
жолдош кылып дүйнө өзүнө батырсын;
Мен эч качан чарчабайын эмгектен
мага өнөкөт болсун бүтүш, башталыш.
Чыкпайын мен чачылсам да керектен
энчим болсун мөмө бериш, жашартыш.
Уурданып мен өзүңдөн угамын
тиричиликтин жүрөк тамыр кагышын.
Айланамды көрүп, азып турамын,
майдаланып барат тарткан арышым.
Берчи мага жан жайалткан бейпилдик
жана дагы эр мүнөзүн – самаган.
Жакшы ыр менен мраморлор эллиндик –
көңүл көрктөп турсун кетпей санаадан.
Сөз бар бекен сен жөнүндө мындан так:
айырмаң жок ыйык аялзатынан,–
терметүүгө дайым даяр ак бутак
эгер жатса уясында балапан.
Жапчы мага ушундай бир жалбырак
дайым көпкөк, дайым жашыл тургандай.
Дүйнө жазда сени менен жаңырат
кол тийгизбес сен бир ыйык уядай.
Төгөрөктүн төрт бурчунда сен бирдей
эркин жашап, бир гана эмгек кылганың.
Байкуштардын колдоп жүргөн пириндей
Үйү жокторго – үй-жай өсүп турганың.
Жаным менин, бороон-шамал алдында,
балалыкта, карылыкта, шаттыкта –
махабатка марттыгыңдан жаңылба,
керектигиң окшош аштын тузуна.
Бешик ырлары
Ай караңгы үйсүз-жайсыз,
Деңизде түн желеси.
Бешигиңде сени термейм –
Жалгыз-жарым эмесмин.
Асман дагы үйсүз-жайсыз,
Ашты Ай деңиз белесин.
Мен колума алдым сени –
Жалгыз-жарым эмесмин.
Дүйнөдө эл көп үйсүз-жайсыз,
Кайгы баскан денесин.
Мен боорума кысам сени –
Жалгыз-жарым эмесмин.
Бешик терметип…
Деңиз миң-сан толкундарын
Күр-шар этип терметет.
Эркелеткен деңиз үнүн
Тыңшап бала терметем.
Жолоочу-жел эгин башын
Жеңил жумшак терметет.
Эркелеткен желдин үнүн
Тыңшап бала терметем.
Кудай Теңир миң ааламды
Аста-акырын терметет.
Анын үнүн мен алыстан
Тыңшап бала терметем.
Түн
Бала үргүлөп уктап барат,
Кечки жарык түгөндү.
Бир шүүдүрүм ак жалтырак
Жалтырады күмөндүү.
Жалтыраган жарык жанат
Мага гана түнөчү.
Бала акырын кетти уйкуга,
Жолдо жатат бейпилдик.
Үшкүрүнөт? Ал дарыя
Менде уйкусуз мейкиндик.
Туман каптап ойго койбой
Ак сарайды жашырды.
Алаканга баш койгондой
Жер жыйды эсин акыры.
Мен акырын тилек тилеп
Баламды аста терметем.
Ырды тыңшап кетти үргүлөп
Чарчап бүткөн Жер энем.
Убайлуу эне
Кожоюнум падышам
Уктай гой, коркпой чочубай.
Уйкунун жолун унуткам,
Көңүлдө зилдейт бир убай.
Түш көрүп таттуу уктай гой,
Жел тийбес чөптүн бүрүндөй.
Мемире жумшак тыбыттай,
Чыгарган демиң билинбей.
Мендеги коога, ардануу,
Убайым сага, уйкуда.
Уктабайм өзүм, а бирок
Жүрөгүм менин уйкуда.
Момундук
Ырымды ырдайм сен үчүн,
Залалды билбейт анда жер.
Жупжумшак назик сезилет
Аскалар, таштар, тикендер.
Ырымдан такыр арылды
Таш боолук, куру намыс-ар.
Момун, жоош сенин демиңдей,
Арстан, жолборс, жыландар.
Коркунуч
Качандыр бир менин кызым турмушта
Каалабаймын карлыгачтай болгонун.
Учуп чыгып ээн-эркин асманга
Кайтып келбей үйүнө, өскөн толгонуп,
Уя салып кетсе калың токойго,–
Мен өрбөсөм чачын тарап, он бөлүп;
Качандыр бир менин кызым турмушта
Каалабаймын карлыгачтай болгонун.
Каалабаймын качандыр бир турмушта
Менин кызым болгондугун каныша.
Алтын чачпак, алтын така өтүкчөн
Ойну канып ойнойт беле талаада?!
Түн киргенде эрмек болуп кобурап
Бир төшөктө уктайт беле жанымда?!
Каалабаймын качандыр бир турмушта
Менин кызым болгондугун каныша.
Каалабаймын мен эч качан, бир күнү
Болгондугун менин кызым падыша.
Олтургузуп ошол замат такка аны
Жакындатмак эмес мени карыш да.
Анан дагы кечке жуук эч качан
Болбойт эле бешигине салышка…
Каалабаймын мен эч качан турмушта
Менин кызым болгондугун падыша!
Шүүдүрүм
Болгон экен кызыл гүл,
Шүүдүрүмгө толтура.
Уулум дайым ошондой
Жүрөгүмдө олтурат.
Ал кызыл гүл жыйрылып,
Шүүдүрүмүн жашырат.
Тоголонуп кетет деп,
Шамал-желден жашынат.
Аалам кезип шүүдүрүм
Дүнүйөгө бир келет.
Сүйүүдөн ал төрөлүп,
Сүйүү ага дем берет.
Ал кызыл гүл багынат
Бактысына үндөбөй.
Башка гүл жок дүйнөдө
Бакытка бай ал гүлдөй.
Бар экен бир кызыл гүл,
Шүүдүрүмгө толтура.
Уулум дайым ошондой
Жүрөгүмдө олтурат.
Олжо
Бара жатып талаада,
Таап алдым бир бала.
Ал жатыптыр оронуп,
Уктап үйгөн саманда.
А балким, мен чарбакта
Уктап жатып ойгондум:
Жүзүм тийди жүзүмгө,
Мага буюруп койгондой.
Карегимди кадаймын
Көз да ирмелбей токтолот:
Эгер жапсам… кыроодой
Эрип балам жок болот.
Жер жана аял
Эгер балам узун күн
Кирпиктүү көз какпаса:
Аны менен ак жарык
Ойнойт жаздык башында.
Жалбырактар кол булгап
Ийнеликтер бийлешет.
Ак булуттар асманда
Текелердей тирешет.
Саз бакалар чак түштө
Үнүн баспайт чуркурап.
Шамал ойноп эркелеп,
Жалаякты учурат.
Түн киргенде чегиртке
Жаны калбай чырылдайт.
Анан чыгып жылдыздар
Асман толо жымыңдайт.
Шыбырайм бир энеге:
“Көрдүң көп жер, көп элди:
Сен балаңды уктатсаң
Уктачудай меники”.
Ушунчалык чыдамкай
Көргөн көп жол, көп элди;
Ал мага айтат: “Сен уктат
Анан уктайт меники”.
Кездешүү
Мен кездешкем аны менен тар жолдо,
Суулар жаткан түш көрүүнүн койнунда.
Ачыла элек болчу гүлдөр колдордо,
Көңүл чиркин жаштык өрттүн ойнунда.
Азыр көрсөң ал аялды бир карап,
Муңдуу көздөн салаа-салаа жашы агат.
Ал турду эле секетпай деп ыр ырдап,
Эриндери түйшүк жөнүн билбеген;
Бир карасам асман-айда чурулдап,
Керней-сурнай уккулуктуу үн менен.
Ошондо мен тар жол жайын түшүндүм
Аны акылым берди бөлүп түшүмдөн.
Эми мына, көөхар таңдуу бир курак
Көздүн жашы салаа-салаа куюлат.
Ал жөнөдү жолун улап ыр ырдап,
Ала кетти, бирок менин көзүмдү.
Аны узаткан гүлдөр бакта кубулат,
Көркү менен козгой албай сезимди.
Кантейин мен! Калды абада жүрөгүм
Желек кылып желбиретип сүлдөрүн.
Денемде жок ооруксунткан эч жарат,
Бирок көздөн бир тыйылбай жаш агат.
Ал олтурбайт түндү уйкусуз узатып,
Кирпик какпай чыракдандын жанында.
Жетпейт ага менде уюган кусалык,
Барбайт ага мага үйүр алган сарсанаа.
Ошентсе да уйку-соодо эскерип,
Койду бекен көз алдынан өткөрүп.
Ал антпесе бир бечара аялдын
Көздөрүнөн тынбай кайдан жаш аксын.
Кыйындыкты көп кечирдим башымдан,
Көз ирмебей тосуп алып бетме-бет.
Эми мына, буйрук экен жазылган,
Калың кайгы алды мени этектеп;
Кудай Теңир уга турган үн менен
Бакыт тилейт мага байкуш апакем –
Барган сайын бакыт кайруу кыйындай
Балким, калат көздөн жашым тыйылбай?!
Сүйүү кудурети
Жер каңтарат, канат шилтейт бороондо,
Күн десең – күн, токой десең – түнт токой;
Көзүн карап аткарасың айтканын,
Махабаттын кудурети ошондой.
Сүйлөй алат коло болуп, куш болуп,
Деңиз эрки – андагы уяң өтүнүч;
Эшигиңди жаап алууга тил кайрып,
Дарманың жок, кудурети өтө күч.
Ал бир келсе – келет баарын башкарып,
Бүт гүлгө ороп, мөңгүлөрдү эритет.
Эгер бир күн кирип калса үйүңө
Күбүрөп да айта албайсың “кайыр” деп.
Эң айлакер, эң амалкөй, жалганчы,
Себеп айтса – жүрөк ынап сүйүнгөн.
Сен сактансаң сактанарсың башкадан,
Сактанууга мүмкүн эмес сүйүүдөн.
Колду байлайт, кыймылың жок жансыздай,
Өзүңдү өзүң көрүп айран каласың.
Ал ээрчитет, колуңда бар канжары,
Ажалга сен билип туруп барасың.
Үндөбөгөн сүйүү
Эсепке окшош сөздөр менен анык, так
Жек көрүүмдү жолукканда айтмакмын;
А мен сүйөм, сөзгө сүйүүм – бөлөк, жат,
Ал ишенбейт сөздөрүнө адамдын.
Арыз-муңун уккуң келет сен анын:
Ушунчалык тереңдиктен сүйүү отун,–
дым чыгарбай кайра кайрып таштадым
ал үндөбөйт, ачат араң тил-оозун.
Мен – тамырмын соккон каны күрдөлдүү,
Сага болсо мен бир акпас фонтандай.
Үнсүз түрүм – санааркатат дүйнөнү,
Коркунучтуу ажалыңдан ар кандай.
Инктер, маялар, аймара, кечуа1 – индей уруулары
Которгон: Омор Султанов