(“Кыйын өткөөл” повестиндеги кызыктуу нускалар)
*****
Канча жесе да кардына как, жумуруна жук болбогон тамаксоо, алкы бузук, ач көз адамдар бар. Апам ичти күйгүзүп ушундай адамга турмушка чыгып олтурбайбы.
*****
“Асылган оору алмайынча койбойт” деген сөз бар.
*****
Сыртынан сылангандардын ичи көңдөй болот.
*****
Өлүм аз кылат, оору кор кылат.
****
Өз жерибизге жетип, агын суусунан татып, атыр жыттуу чөбүн искеп өлсөк, арманыбыз болбос.
*****
Ишиң оңолгончо, итиңе кош арт.
*****
Заалымдар болгон жерде кулактуу дүлөй, тилдүү дудук болгонуң жакшы.
*****
Оюм учуп алда кайда жүрөт: кээде аларды издеп таап кучакташып көрүшкөндөй болсом, кээде таба албастан көз жашымды көлдөтүп, арып-чарчап, кайра келип ушул жалпак таштын үстүнө олтуруп, дарт-арманымды ага айткандай болом. Башыңа оорчулук иш түшсө, ой чиркин ошентип адамды ой менен тоого учурат тура.
*****
Арамдык менен көрүнөө калпты соктурган тилеги жокко ким ишенсе болот?
*****
Жаш кезиңде бир нерсе таасир кылса, ал эч качан унутулбайт.
*****
Албетте, адеп жазылган нерсенин бардыгы тең ойдогудай жакшы боло бербейт, кемчиликтер болот. Бара-бара ал жоюлат. Бул иш, албетте өзүңөрдөн. Көбүрөөк окушуңар, сабаттуу болушуңар керек.
*****
Алдамчы молдо болгондон көрө, адал жүрөк аңчы болгонуң жакшы.
*****
Өлүктүү жерде молдо семирет, өлүмтүк жерде ит семирет.
*****
Адам деген кызык да! Улгайсаң да жаштар менен жолдош болсоң, ошолордой болгуң, ойногуң келет. Жаштар да ошондой: карылар менен жолдош болсо, ошолордой оор басырык, токтоо болгусу келет.
*****
Ачынган адамга жем көрсөтүп пөпөлөсөң, куштай учуп колго түшөт.
*****
Кыз: “Жан жүрөгүм менен бирөөнү сүйсөм, ал да мени ошондой сүйсө”, – дейт.
*****
Эл сагынбас эр, жер сагынбас ат болбойт.
Топтоштурган: Мээрим Сайдилкан