*****
Кайдасың көп болду көрбөдүм,
Жолдогу кайыңдай көлөкөм.
Эстечи бир жолку кездешүү,
О аны унута көрбө сен…
Эриксиз маңдайым сыладың
Кусалык дирилдеп үнүңдөн…
Бакыттан селт этип жаш денем
Колуңду кагып да жибергем.
Билбеген мынча өксүү каларын
Жүзүмдөн өбө албас сүйүүмдөн.
Ал кезде сен ысык от элең
Кармоого эч мүмкүн болбогон.
Көрүнбөй жолуңду акмалап
Күндө бир көрүүнү ойлогом.
Күлкүңдөй ооруга чалдыгып,
Жашоомду жайпаган калтырак.
Ал кезде сезимтал болчусуң,
Сөзүң да күлкүңдөй жаркырап.
Бактымдын өз өңүн көрмөкмүн
Жазында жамгырдай төгүлсөм.
А бирок элесим жетпеген
Кудайдай бийликтүү элең сен.
Бакыттан селт этип жаш денем
Колуңду кагып да жибергем.
А өзүм жоогазын өртүндөй
Аптаптуу он сегиз жашта элем…
*****
Чарчадыңбы, биз көнө элек уу-чуудан.
Чабан болуп кетелиби тоо жакка.
Күр-шар түшпөй күүгүм дагы, таң дагы
Көкүрөктө турар анда туюлуп,
Мемиреген жымжырттыктын салмагы.
Булак гана “сүйлөр” анда үн менен
Үйдөн бир аз окчунураак ал дагы.
Токой толкуп сыр чечишип аларга
Шамал гана өтөр шашып күү менен
Тирүү да, соо көңүлдөгү
Бардык кыймыл, бардык үн.
Башка эч нерсе талап кылбай дүйнөдөн
Бакыт жөнүн бардык денең сүйлөгөн,
Тоо койнуна жүрчү, кетип калалы.
Анан бир күн сагыналы,
Бүт кыймылы шарактаган,
Сансыз көчө эл каттаган
Жасанганды жакшы көргөн калааны.
*****
Өттү да кетти бир учур,
Өчүрүп кымбат караанын.
Айрылыш жолдор, айрылыш,
Ардактап алар дегенбиз,
Азгырып кеткен адамың.
Өзгөртсө турмуш өз жүзүн,
Өзгөрбөс муңдуу саламын.
Сүрдөнткөн жолдо коштошуп,
Сүйгүзүп алар дегенбиз,
Сүйлөшүп кеткен адамың.
Сүргүнү бүтпөс жолумду,
Сүзүлттүң муңга эмнеге?
Кайчы өткөн жолдо кайрымсыз,
Таарынсаң тетир бурулбай,
Кеп-сөзгө келсең эмне эле.
Кыял
Жок туруп жолугаары түңүлдүрбөйт.
Ак, кызыл шоолаланган жарык гүлдөр.
Тиричилик түйшүгүнөн алаксытып,
Тыңдасам уйку качып көңүл ысып,
Кыялда өчпөй жүрөт тунук күүлөр.
Беймарал кенен талаа жайкы түндө.
Жыпжылуу ай нурунан мемиреген.
Жанында жанган оттун ырдап, бийлеп,
Теңтуштар ишеними кемибеген.
Санаамда каттайм күндө унут кылбай,
Кир жууп, үй шыпырып жүргөн менен.
А дүйнө табияты өзгөчөрөөк,
Шаттыктын жүргөн жайы сыяктанган
Суу мөлтүр, аба мөлтүр кир жукпаган,
Чөп, гүлү өз түсүндө шоолаланган.
Ал чайыт түбөлүктүү мекен мага,
Бир түстүү тиричилигим балким жалган.
Мендеги жаагы тынбас аптап-издөө.
Канча ирет кагылышып турмуш менен
Канча ирет быркырана сынар экен?
Кубулма чайыты бар сырлуу кыял,
Канчага алаксытып турар экен?
*****
Жөн-жай жашоо көздөн учат, а бирок,
Татаалдыктар качсак кууп алышат.
Ушундайбыз, анан бакыт кечигет.
Эл жөн эле ойноп чечкен чындыктар,
Бизге татаал, шаа жеткистей сезилет,
Жолдор болсо чаташкан да,
Татаал адам чыдагыс.
Жалаң жагым таасир эмес,
Себептерден турабыз.
Кастарлоого көнүп калсаң,
Тушума көп токтолбо.
Сени унуткум келбейт бирок,
Жарык шоолам, жок болбо!
*****
Сени тагдыр берген мага
Мазмун кылып балалыкка-
Баалабаган ата-эне…
Паана тут деп, эне тут деп,
Эшик кыл деп дүйнөгө.
Сен элең да адамдарга,
Мен аркылуу өтүп турган
Ылымтанын булагы.
Жаш жапайы шаттык менен
Кулпурткамын мен аны.
Алгам сенден кайраттуу, соо көңүлдү.
Чыт көйнөктү сен айт сайын тигүүчү.
Жибек көйнөк жарата албас
Кубаныч менен кийүүнү.
Жана сенден үйрөнгөнмүн себепсиз…
Ким бирөөнү жандай көрүп сүйүүнү.
Алыс калган ошол бейкут күндөрдөн,
Бардык таңдын керемети төрөлгөн.
Сен бар үчүн башатында өмүрдүн
Балалыкты ичим жылый эскерип,
А дүйнөнү бекем сүйүп келем мен.
*****
Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менден узады.
Кетпе алыска, кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шарын ызанын.
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң, асылкечим?
Жүрөктө толукшуйт сүйүү жазы,
Сен качан келесиң, асылкечим?
Тереңдерден балбылдап сезим бермети,
Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.
Күнгө умтулган биздеги жашыл өмүргө,
Аппак жаандай тилектер жаап басылар.
Биз бөлүндүк жамгырлуу жаздын түнүндө,
Кош айтыштык апакай кайың түбүндө.
Андан бери жылдар өттү тизилип,
Келатасың ыр болуп менин үнүмдө.