Рубаилер
*****
Окуйм ушул дүйнөдө мен – жалганда,
Турмуш катаал, мугалимим андан да.
Карысам да шакиртимин турмуштун,
Али эрте устат наамын алганга.
*****
Ай-ааламдын түбү кайда? Табыштап
Чечкиле – деп Кудай берген табышмак.
Акылмандар түрлүү оюн айтышып
Адашууда. Кайдан сырды табышмак?
*****
Чаң сапырган балага сен бакырба,
Мындай дегин, салып аны акылга:
“Алдагы чаң – Кей-Кубаддын жүрөгү,
Күлүн балам, Парвиз хандын сапырба!”
*****
Буга чейин өттү айдын нечени,
Кайтпас болду акылманы, чечени.
Таманыбыз басып жаткан топурак,
Сулуу кыздын карегидир кечеги.
*****
Тагдыр күчтүү, аны эч ким жеңбеген,
Баарын жалмап ач, желмогуз жер жеген.
Аманмын деп сүйүнбөгүн, коё тур,
Кумурскага жем болосуң сен деген.
*****
Эске албай даражасын, чырайын,
Ит, арамга, ханга кылбай ырайым.
Идиш жасап, карапачы тебелейт,
Бир учурда бардыгынын ылайын.
*****
Карапамды талкаладым ташка чаап,
Кечээ шарап кеткен экен башка чаап.
Идиш мага: – “Шордуу – деди – ушинтип,
Ташка сени бирөө кетер шашпа, чаап”.
*****
Ичип, кызып, махабаттан соолукпа,
Мансабыма чиренем деп оолукпа!
Мурутуңдун, сакалыңдын Кудайга
Кереги жок. Ага башты оорутпа.
*****
Соо келатсам, ичсемби деп оюмда,
Гүл карарып, соолуп жатат жолумда.
Жайын билсем – ашык күлүп-жыргаптыр,
Шордуу кечээ, – тирүүлүктүн тоюнда.
*****
Ах, эгерде алым келсе, балталап
Бул тагдырды жок кылмакмын талкалап.
Адилеттүү, бөлөк тагдыр курмакмын,
Асылдарды жүрчү дайым калкалап.
*****
О Кесегүл! Карапаңдан акырын,
Куй, ичейин жоголгончо акылым.
Сүйүүм муздап, досум кетсе алыстап,
Шарап экен менин чанбас жакыным.
*****
Талаа гүлдөйт көз кубантып, жыргатып,
Кубанчыбыз корко турган сыр катып.
Чөп чабылып, гүлдөр соолуйт заматта,
Көңүлдөгү жарабызды ырбатып.
*****
Балык сурайт: – “Ойлоп убал-сообумду
Айткылачы, суум каякта, ссоомунбу?”
Өрдөк айтат: – “Майга салып куурушат,
Бир ошондо казан берет жообуңду”.
*****
Ичпей өтүп кеткен өмүр – чок экен,
Обон, ырсыз көргөн күнүң – бок экен.
Байкап көрсөм, бул жалганда бир гана,
Жыргагандан өтөр нерсе жок экен.
*****
Короз дайым айрылганча өңгөчү
Кыйкырат дейт: “Тирүү туруп өлбөчү!”
О, адамым, түнүң өттү уйкуда,
Уйку – өлүм. Аны азыр көрбөчү.
*****
Болбойт Хайём “тозок бар” деп кейишиң,
Мас болгондор өрттөнөт дей беришиң.
Тозогуна түшсө сүйгөн, ичкендер,
Анда эмне, бош калабы бейишиң?
*****
Азап, кайгы, түйшүк – өмүр жашыбыз,
Акыл, билим, ойдун кенчи – башыбыз.
Аалам эгер шакек болсо, биз анын,
Көркүн ачкан баалуу, асыл ташыбыз.
*****
Жетиштүүнү көрүп суутпа көңүлдү,
Таң атат да кайра батат, төгүнбү?
Пайдаланып алыш үчүн, карызга
Сен алгансың көз ирмемдей өмүрдү.
*****
Муздак жүрөк, жүрөк эмес – курусун,
Сүйүп-жанбай жүргөн мерез курусун.
Келген күндү тозок күн де, жаш жигит,
Кучагына бек кыспаса сулуусун.
*****
Тоодой бакыт консо сениң башыңа,
Чындык үчүн бер берчүңдү ашыра.
Кыйналгысы келбегенге ал үчүн
Каарың төгүп, сүттөй кайнап, ташыба!
*****
Сүйүү – сыйкыр, ушак аны билеби?
Өчүп калган от күчүнө киреби?
Анык сүйүү алоолонот күнү-түн,
Тегерегин каарып, кактап илеби.
*****
Адам деген Теңиримдин эркеси
Окшош болуп жаралган бир пендеси.
Бирок Кудай жоктон аны бар кылып,
Айнып, кайра, жок кылганы эмнеси?!
*****
Бактылуу ким? Токпейилди сүйгөндөр,
Атак, байлык дебей өмүр сүргөндөр.
Алп каракуш болуп ушул дүйнөдө
Үкү болбой, мага окшоп жүргөндөр.
*****
Мен өзүмө: – “Ичпейм!” – дедим, көнөмүн,
Жүзүм канын эзбей күндү көрөмүн.
Эс акылым: “Чын элеби?” – дегенде
Айттым: “-Ичем, кокуй!” ансыз өлөмүн.
*****
Жек көрөмүн, туурасын мен сүйлөймүн,
Ичип, китеп кармаганды сүйбөймүн.
Сен окусаң, мен шарапка чыландым.
Суу отундай тозокто да күйбөймүн.
*****
Ичкин, бирок акылыңды жоготпо,
Ченеп, жанга масчылыкты жолотпо.
Абайлагын асылдарды кагам деп
Кадыр-барктуу жакыныңды жоготпо.
Которгон: Кубанычбек Басылбеков