Жаңылыктар

“Жылдын мыкты китеби” сынагы жыйынтыкталды

КРнын Улуттук жазуучулар союзу менен Ч.Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форуму биргелешип уюштурган “Жылдын мыкты китеби” сынагынын жыйынтыгы чыгып, сыйлыктары тапшырылды.

КРУЖС алдында түзүлгөн комиссиянын чечими менен “Мурас” сериясы боюнча Бакытбек Абдыразаковдун “Чоң бакыт” поэтикалык китеби, “Жаштар” сериясы боюнча Садырбек Турдубек уулунун “Поэзийант” поэтикалык китеби, “Котормо” сериясы боюнча Маркабай Ааматов которгон Бегижан Ахмедовдун “Дербиш” повести, “Поэзия” сериясы боюнча Жедигер Саалаевдин “Манас дух” поэтикалык китеби 2020-жылдын мыкты китеби деп табылды. Ал эми проза жанры боюнча чыгармалар комиссиянын купулуна толгон жок.

Сыйлык тапшыруу аземи КР Улуттук жазуучулар союзунда өттү жана бул иш-чарага КР Эл жазуучусу М.Абакиров, КР Эл акындары М.Мамазаирова, М.Ааматов, КРУЖС секция жетекчилери жана акын-жазуучулар катышты.

About the author

Жазуучулар Союзу