Сүйдүргү да, күйдүргү
Аңгеме
Бир апта болду. Тай кызы Дианадан кабар жок. Ал ара күндө аталап, Абдраманга телефон чалар эле. Кызынын коңгуроодой үнүн укканда төбөсү көккө жетчү. Жадырап-жайнаган студенти вотсаптан көрүнгөн сайын бак-таалайдын сересине чыккандан бетер көлкүлдөп, элжирейт. Ошондуктанбы, Диана, өз кызынан таттуу: “ Кызыма караганда неберем – өрүгүнөн маңызы даамдуу… Садагаң болоюн! Боюңдан сенин, оюңдан сенин! Ак куу кызым, принцессам! Өзүңдөй принцке баш кошуп, бактылуу бол!” – деп жалбарат. Кызы гүлдөп, мөмөсүн утуру төгөр чейрек кылым куракка жетсе да, эмдигиче төбөсүнөн түшүргүсү келбейт. Аны тили жаңы чыккан наристеден бетер эркелетет. Балдарын кандай гана оорчулук болсо да, бөлөктөргө аны билдирбей, чыдоого такшалткан. Вашингтондун клиникасында иштеген уулу Азаматтан көңүлү ток. Азамат экөө интернет аркылуу сүйлөшүп, кат жазышып турат.
Эрке Дианасы медакадемияны быйыл бүтүрөт. Чычкан жылы кара тумоо чыгып, эсти оодарганда дарыгерлер таңкыс болду. Аксакал врачтар да кол кабышка чакырылды. Бирок, алар да жетишпей, доктурлар көздөн учканда бүтүрүүчү студенттерге күн түштү.
Жетимиштеги Абдраман алааматты сезип, четте тура албады: жең түрүнүп, ак желекти кайра жамынды. Бейтааныш илдет улгайгандарды аңдыырын, аларды коргоо жөнүндө көрсөтмө бар экенин кыйыткан баш дарыгер аны оюнан айнытууну көздөдү. Карт дарыгер иштеп жүргөндө көйгөй жакты утуру көзгө саяр эле. Анын чынчылдыгы менен сынчылдыгын жактырбаган баш врач алтымыштан ашкан кесиптешинин пенсияга адеп кам урганын укканда, аябай сүйүнгөн. Ага дейре жумуштан айдаса гана Абдрамандан кутуларын ойлогону менен анын ишинен тырнактай кынтык тапкан эмес. Артынан тыңчы коюп, аңдытып көрсө, оорулардан эзели пара албаптыр. “Кайра жумушка кайтам” – деген аксакалга ковид шаштысын алган баш врач, ошентип шылтоо таппай калды. Ал: “Айлык көбөйгөнгө кызыгып атат”- деп ойлобо! Акчага зарыкканым жок. Пулду оюма албай, ооз ачпасам да Америкадагы уулум жиберип атат. Оор күндө пайдам тийбесе, менин эмнем врач? Ансыз деле пенсияда үйгө кирип-чыгып, китеп окуп, телевизор көргөндөн башка эмне менен алаксырымды билбей, зеригип бүттүм. Өмүр бою иштөөгө макулмун. Жок, иштетпесең, аялым экөөбүз Вашингтонго көчүп кетебиз. Профессор уулум ал жакка итабар жылдан бери чакырып атат” – деп көктүгүнө таянган. Баш дарыгер жумушка чыгуусуна араң көнгөн.
Чакырык боюнча тай кызы да таятасын тартты. Ал коркпой-үркпөй кып-кызыл болуп, күйүп турган оттун – кызыл зонанын ичине шуу кирип барды. Шыпылдап баскан чап жаак, көк ала чач, өңү-башы тунук, чийдей арык аксакал, врач кызынын өмүр менен ажал арбашкан майданга күтүүсүз киришкенинен чоочуду. Диананын ал чечимин укканда:
-“Кара тумоо чеңгел салбасын”- деп, баары үркүп, үйдө олтурат… Кылычтай курчтугуң менен боюңду отко таштабай, окууңду бүт! Анан оору менен арбашканга өмүр бою үлгүрөсүң, принцессам… Угуп атасың, “таажыгүлдү” кантип тыярын билбей, дүйнөдөгү үлкөн окумуштуулардын да башы катты. Эми “экинчи толкун каптайт, мутацияланган таажыгүл чыкты”- дебатышат… Жаныңды тобокелге салбай, өз башымчалык кылбачы, кызым!
-Ата… Министр өзү баш болуп, мед.академияга келди да: “Силер бышкан кадрсыңар! Кана, патриот экениңерди далилдегиле! Эл башына күн түшсө, эр жигит өтүгү менен суу ичет. Кырк өрүм кыздар да жоо беттейт. Татаал жолдун башында жүрүп, окторулуп аккан кыяндан качпай, элди сактайт”.
-Министр арга жоктон барды…
-Уксаңыз, ата. “Энелерибиз бизди “эл керегине жарасын”- деп төрөгөн. Силердей врачтын көмөгү мына азыр, аба менен суудай керек. Кана, кызыл зонага ким даяр?” – деп, бир катарга тизилген курсташтарыма жалдырады. Биринчи болуп, алдыга чыктым да: “Керегим тийсе, мен барам!” – дедим! “Көлөкөң да элге тийсин. Жан аябай, ак иште! Ооруну айыктыра бил” – деп, ар убак өзүң үйрөткөнсүң го, ата!
Абдраман тилинен жаңылганын эстеп, күлүп койду. Сүйдүргү кызынын нар кескендей чечкиндүүлүгүнө сүйүндү. Бирок, кийин бармак тиштеп, күйүнүп каларын туйган жок. Жемелеп –жаскагысы келген оюнан айнып, Диананын көңүлүн чөгөрүүнү каалабады. Ага үндөбөй, кара тумоону тосууга оболу кам көрүлбөгөнүнө кейиди.” Кур дегенде кеселканалар камдуу турганда. Коргоочу кийим-кечек, тумоону тез аныктагыч лаборатория… Дары-дармек менен жасалма дем алдыргыч даяр болсо, кана? Баш-аякты жыйнагыча кесел өрттөй жайылды. Илдеттүүлөрдүн туугандары таманы талкан болуп, туш-тарапка дары издеп чуркап, гепарин менен клексан көздөн учту. Чачтан көп киши айыкса да, өмүрүнөн айрылгандар күн кур эмес. Кеселканадан орун тийбей, үйдө жаткандары да миң сан. Отуз жылда бир госпиталь курулбады.”
Атасынын ойго батып, үндөбөй калганына кыздын шаштысы кетти.
-Ата, атаке!… Ойлонбочу, санаа тартпачы!.. Сыркоо батмандап келип, мыскалдап чыгат. Кара булут да көпкө турбас меймандыр. Билесиң го, мен эрежени бузбайм. Жумушта тердеп-буулансам да коргоочу кийимди чечпейм. Бир эле мен эмес. Кыз-жигиттер, пенсионер аялдар да ыктыярчы болуп… Ооруларга жүгүрүп, азык-түлүк, оокат ташып, кислород менен дары таап берип атышат.
Диананын кыраандыгына Абдрамандын жарпы жазылды. Соңку ирет телефон аркылуу:
-Садагаң кетейиним, өз жаныңа да күйө жүр!– деп сүйлөшкөн.
Анткени менен жан дүйнөсү будуң-чаң. Ой үстүнө ой басат. Кыялында: “Ашыкпа, канышам! Оболу иштеп, машык. Доктурлукка канык… Пандемиясыз кадим турмуш болсо го, бир жөн. Кара тумоо – чоң-кичине, бай-кедей, депутат, же падыша, ырчы дебей жыгып атса… Бүт дүйнөнү чөгөлөтүп атса… Ага каршы эмдөө табылса, илдет жоголор”- деп, Диананын эртегисин эстеди…
Анын тун кызы чейрек кылым мурун, ушу тайы бир айлык кезинде туңгуч турмушунан ажыраган. Бөбөк көз ачканда күйөө баланын мойну күбөлүк жаздырганга да жар берген эмес.“Кыз төрөдүң!”- деп, келинчегин коркутуп, төрөтканага да барбай койгон. Ошону колко туткан күйөө, ичкен сайын колуктусуна мыжыңдап, кыжыңдай берчү. Абдраман наристени өз атасына жаздырып: “Бак-таалайы Англиянын канышасын тартсын. Принцесса Диана болсун!” – деп, чүрпөнүн атын ырымдап койгон. Ошентип, тайларынын колунда калган кыз өз ата-апасын билбей өстү. Тайлары ага “ата, эне” болду. Жакутка турмушка чыгып, жаңы орозгер күткөн өз апасынын Диана менен иши жок. Атасынын да кайда экени белгисиз, сайда саны, кумда изи жок. Кызын эстеп, кудум жаттан бетер, же телефон чалып сурашпайт, же кат жазышпайт. Бөтөгөсүн бөртүп чыккан перзентине адам деген ушундай да таш боор, мерес болобу?
Абдраман менен жарым ай мурун баарлашканда, Диана: “Бишкектеги жугуштуу оорулар госпиталында иштеп атам”- деген. Кийин жол талашкан унаалардан буйтап өтүп, көчө жаңырта үн салып, учуп-күйүп бараткан “тез жардам” унаасында оорулууга асма укол сайып атканын вотсабынан көрсөткөн.
Эми желкесине кондуруп, колтугуна катып чоңойткон эркетайынын үнү угулбаганга кыжаалат: “Кантип атты экен?… Жумуштан алаксыбас үчүн балким, телефонун өчүргөндүр. Же соткасынын тогу түгөнгөндүр!” Ушинтип, ой жоруганы менен бүткүл дити сулуу кызында.
Топтой тоголок жерге “таажыгүл” деген кайдагы бир илешкеек илдет желимдей жабышты да, жер менен чогуу утуру айланды. Киши баласы жаңы уккан кеселдин, көңүл айланткан жыттай тез таркары күмөн санатты. “Кытайдан кесел чыкканына мына, ноябрда жыл айланат. Былтыр январда арапстандан чыккан. Араптар ошондо чек арасын жаппады. Же, биздин ал жактагы элчибиз: “Коё тургула. Бул жактан ковид чыкты!”- деп, кулак какпады. Ажыга барчулар ал жакка февралда узады. Март айында кайтып келишти эле, аларды обсервацияга жаткырбай, үй-үйлөрүнө коё беришти… Анан оору жайылды. “Тажыгүл” оюнда жок кишилер илдет капыс жугаарын, андан адам баласы боо-боо түшүп, кулаарын таңазарына алышпай, чакан автобустарда тыгылыш. Банкоматтардын алдында бири-бирине жабышып, көчө-базарда беткапсыз, жайнап жүрүшөт. Кеселканалар ноокастарга толуп, күн-түн күзөткөн дарыгерлерге да алгач беткаптан башка чүмкөмө кийим табылбады. Дарысы менен дем алдыруучу аппараты да тартыш болду.”
Ал ушундай ойлорго чарпылып турганда, бөлмөдөгү керебеттердин бири кычырай түштү. Анда жаткан кеселмандардын бири кыр-шыр этип, кыйналууга өттү. Тамагы буулганбы, сыркоо киши колдору менен алкым тушун тытмалап-тытмалап ийди. Абдраман ага эки аттап жетип, капарында эчтеме жок, өз жүзүндөгү беткапты жулуп ыргытты. Тигинин оозуна кебез коюп, ал аркылуу ооз -мурдуна дем бүрктү. Өпкөсүнө массаж жасап, оозуна кайра үйлөдү. Аңгыча медсестра врачтын кабинетинде калган жалгыз жаздыкчаны көтөрүп, жетип келди. Абдраман шаша-буша жаздыкчанын оозун ачып, оорулууга аба жибертти. Оо кыйладан соң, илдеттүүнүн дем алуусу ордуна түштү. Сөөмөйүнө илинген секундомер тамырынын кагуусу менен өпкөсүндөгү кан айлануусу боюнча токсон бешти көрсөткөндө, сүйүнгөнүнөн күлүп ийди. Бирок, ал кубаныч көпкө созулбады. Кечке жуук демигип, аптыккан кийинки кеселманга жаздыкчадагы аба жетпеди… Кан суюлтуучу үкөл жок, дагы биринин кан басымы ашты. Жадесе үкөл да тамырда жүрбөй койду.
Жазыксыз адамдардын жайран болгонуна, аларды сактоо колунан келбегенине туталанды. Кымбат дарылар, кымбат жабдуулар толук турганда, минтип эч кимдин өмүрү үзүлмөк эмес. Ушуну ойлоп, ызасына чыдабай, жүзүнөн беткабын шак жулуп алып, үстөлдү бир муштады. Ичинен сүйлөндү. Бирок, арга жок. Баш врачка кислороддуу жаздыкчанын аз калганын, ага муктаждар агын суудай арты үзүлбөй, утуру келип жатканын нечен ирет кулак каккан. Баш дарыгер: “Министрге саат сайын көйгөйдү айтып атам. Тим олтурганым жок. Бөлөктөр унчукпай иштеп атышат. Сиз эле баш оорута бересиз” – деп тырчып, айла жоктугуна шылтады. Анын айтымында байлар чет өлкөдөн жасалма дем алдыруучу концентратор сатып алууда, бөлөк ооруканаларда да кислород таңкыс, кан суюлткуч, кара тумоонун өпкө оорусуна каршы дарылар жок. Эми кандай дабаа табыш керек? Ооруканаларда орун жетишсиздиги арганы түгөтөрдө күндүзгү бөлүмдөр ачылды. Эмне бар, эмне жок? Абдраман да сыркоолордун туугандарына таза абалуу жаздыкча, же кислороддуу баллонду даярдап турууну табыштоого аргасыз болду.
Күүгүм талаш тулку-бою үшүп чыкты. Денесин калтырак-титирек басты. Бутунун учунан төбөсүнө дейре ысып, бара-бара оттой жанды. Көөдөн-жонуна кармап алгыс, же жулуп ыргыткыс бирдеме жабышкандай. Оозун алаканы менен калкалап, башкаларга сыр алдырбайын дегенине карабай, кургак жөтөл ыкшытты. Медсестралар менен бир аз тыңыган оорулуулар ага шектүү тигилди. Бөлмөлөрдөгү сыркоолордун кээсине асма үкөл сайылуу, кээсине тамырынан дары куюлууда. Дагы бири ысытмалап, чабалактап, онтоо менен убара. Аларга тиешелүү дары-дармегин бердиртти. Бейтаптар жеңилдешип, абал жанагыдан жайына түшкөндөй сезилди. Ошондо эс алчу каанасына кирээр замат алсырады. Каалганы ичинен жаап, оронуп-чулганып керебетке сулады. Ысытмасын өлчөгөндө дене табы жогору экени айгине болду. Көл-шал тердеп, башы сокбилек тийгенден бетер катуу ооруду. Коңшу дарыгерди чакырттырып, өпкө-жүрөгүн тыңшатты. Ноокастаган кишинин оозуна аба үйлөгөндө илдет жабышканын өзү да чамалаган.
-Өпкөңүз эки жагынан тең пневмония. Сизге да жугуптур, агай!… Кан басымыңыз да ашык.
-Койчу…- деди кыйналганын жашырып.
-Чын, агай! Бачым дарыланбасаңыз болбойт! – деди кошуна врач, жүрөк тыңшоочун орой берип. Абдраманга аянычтуу тиктеп, аны ноокастаган дарыгерлердин тизмесине кошту.
-Мага илдет илээшкенин эч кимге угузба, макулбу? – деди карт дарыгер кийинип жатып. – Жан адам билбесин! Аялым да укпасын. Мен жакшымын, тазамын. Мына, эң сонун дем алып атам! Көрдүңбү?… Менде оору жок – деп, тигини ишендиргиси келип, Абдраман мурду менен терең дем алды. Кайра жайма-жай дем чыгарды.
Эми өзү утуру дары жутуп, тамырын кеңейтип, кан басымын түшүрөр асма үкөл алды. Бүткүл сөөктөрү кычырап-кучурап, сынып кетчүдөй болуп, курушса да, тиштенип чыдады. Онтотоор ооруну демитти. Жыт билбей, кулагы бүттү. Түнү бою эти от менен жалын болуп, жөөлүп, саамга эси ооду. Ичтейи ачылбай, үнсүз-тилсиз төрт күн жатты. Караңгы түндөн чыккандай болгондо гана эсине келип, көзүн ачты. Кыйналганынын шек-шооратын эсинен танганда ийне сайган медсестраларга да сыр алдырбады. Тамыр-киндигине утуру кан суюлтар укол сайышты: “Болду, эми оорубайм!”- деп, бозойдон бетер ордунан ыргып туруп, кайраттанып, шегин жоготту. Телефон чалды. Вотсабын ачты. Бу жолу да Дианадан үн-сөз жок. Жугуштуу оорулар бөлүмүнөн карыш жылбай, үйдө жалгыз калган байбичесинен студенткасынын кабарын сураштырды. Үйүнө бир жумадан бери каттай элек. Беткап тагынганы болбосо, иш-жашоосу кара тумоого чалдыккандар менен аралаш. Илдет улам көп адамды кайсаганын уккан байбиче, адегенде байынын саламаттыгына кабатырланды:
-Этият болчу, атасы! Кеселмандан оолак тур! –
-Кыжалаттанба, алтыным!, – деди ал жылмайып.- Бүгүн чүмкөмө кийимдерди алдык. Ал кайдан келиптир дебейсиңби?
– Кайсы жактан экен?
-Америкадан. Таңгактардын сыртына “USA, from mister Abdramanov” –деп жазып коюптур. Таңкыс дарылар да бар экен… Көрсө, аларды түгөлү менен Азамат жөнөтүптүр!
-Бизге бир ооз кабарлап койбогонун кара!
-Жакшылык кылган адам ал тууралуу ооз ачпайт, шардана кылбайт. Билгендер билсин, билбесе жок.
-Балаң кудум өзүңдү тарткан да. Ишканаңдагылар билиштиби?
-Фамилиядан уулум экенин сезишти. Доктурлардын баарына таратып беришти. Буюрса, ковидди түбөлүк жоготобуз.
-Сактагыч кийим таратылса деле, телевизордон: “Кесел бастанча киши менен врачка чап салды. Алардын тигинчеси көз жумду”- дешип, үрөй учурушту! Бөлөк шаарларга жетпей атат окшойт.
-Ай эми… Чычканды төөдөй көргөн паникерлор оозу менен орок оруп, элди дүрбөтөт. Алтыным, аларды укпа… Өзүң да көчөгө чыкпа. Түйшүк үстөкө-босток чырмады: ковид азая электе дагы төңкөрүш жасашты. Президенти менен өкмөтү жок, шайтан оюндар башталды. Шайлоого чогулгандардын жанында турба. Тааныш-тунуштар менен учурашкың келсе, баш ийкеп саламдаш. Эмнени кармасаң, колуңду дароо самындап жуу.
-Төрт дубалдын ортосунда тажадым!…Сенсиз оокат өтпөй атат, байым… Батыраак келчи!
-Эки апта чыда. Обсервациянын мөөнөтү бүтсүн. Сыркоолор көбөйүп атканда, ишти таштап кетсем, шылдың болом, алтыным!
-Ылайым кара тумоо ушу секунддан тарта жоголсун! Эч кимге жукпасын! Бейтаптар текирең таскак салып, ушу көз ирмемде эле сакайсын!
-Тилегиңди берсин, байбиче! Орду толбос окуяга кейибейли. Андан көрө эрежелерди бузбасак, ошондо “таажы” азаяр. Баса, алаксытып ийдиң, ээ!?
Байбиче үшкүрүндү да:
-Күндө сүйлөшкөн принцессамдан жооп жок.
-Эмнеге антет ыя, ал сүйдүргү? Деги аман эле болсунчу… Мен чалганда да: “Абоненттин телефону өчүрүлгөн” дебатат.
Санаасы тынчыбай, түн жарымда көрмө телефонун кайра жандырды. Тасмадан сыркоолор жаткан палата көрүндү. Ортодогу ак шейшепке чулганган орундан принцессасынын бети-башы урунду: өңү сумсайыңкы. Абдрамандын эси чыкты. Дароо өз ысытмасын унутту да:
-Таттуу кызым, сүйдүргү кызым?… Принцесса… Эмне болду? – деди аптыгып.
Диана баш чайкады. Жайдарылыгын карматып, күлүмсүрөдү:
-Жакшы ата! Сүйдүргүңдөн чоочуба! – деп, өзүн зордоп жылмайып, кол булгалады. Ооруганын билдиртпеди.
-Анда эмне палатада жатасың? Кайсы ооруканадасың? – деди атасы жугуштуу илдеттен күмөнсүрөп: – Кырыңдан, же көмкөрөңдөн жат. Же, өйдө туруп, ары-бери бас, канышам!
-Сасык тумоо эле тийиптир, ата. Ковид эмес.
-Дарегиңди айт, кызым?! Өзүм көрөйүн. Кирпик ирмемде жетип барам. Принцесса, кайдасың?
-Кой, ата, кереги жок. Түн бир убак болду. Өзүң да эс ал!… Мага жакындаба, жакын келбе! Керектүү укол-дарыны түгөл алдым… Баарыңар ары тургула! Кыйла сакайдым.
Диана атасынын: “Телефонду сени тейлеген доктурга бер, ал-жайыңды сураштырайын”- дегенин укмаксанга салды. Жүрөгү мыкчылды. Калпыс тагдырды түкшүмөлдөгөндөн бетер кайырлашып атты:
-Ата, апама баш-көз бол! Апам экөөң узак жаша, өмүрлүү болгула! Мени кечиргиле…
-Кайдагыны айтасың, карагым! Антпе – е, канышам!- Ак жуумал, чырайлуу кызынын каны качкан кер сары ыраңын көрүп, карт дарыгер көзүнө жаш алды.
Студентканын кан басымы заматта ылдыйлады. Жүрөгүнө кан жетпей, соолуган гүлдөй шапайды. Жанында турган дарыгер ооз-мурдуна жасалма дем алдыргычты кептеди. Бирок, болбоду окшойт, принцесса аны жүзүнөн ары түрттү. Көзүн ачпай, башы бир жагына шылк этти. Колундагы телефон жерге түштү. Абдраман күлгүн курактагы сыркоолор деле бүк түшкөн бойдон кайра турбай калганын уккан. Вотсабы тартпай калган соң, сүйдүргүсүнөн айрылганын түшүндү.
Ал ноокастаганынан сыр алдырбоо үчүн үйүнө таңкы үрөң-бараңда жалгыз барды. Үстүнөн спирт сыйпанган коргоочу кийимдерин, мээлей, беткабын да чечкен жок. “Көргөндөр “жумушта экен”- деп түшүнсүн, чоочубасын.” Бирок, беймаал барганына байбичеси күмөнсүрөбөй койбоду. Шаша-буша чыгып, аны тосуп алууга жүткүндү. Дарыгер калтыраганын сездиргиси келбей, зайыбын колу менен арачылап:
-Мага жолобо, алтыным!… Жугуштуу илдетти дарылап жатканымды билесиң го! Азырынча кол алышпай коё туралы ээ, садагам? Ме, мобуну тагынчы! – деди ага жакындабай. Жүзүн тетири буруп, уучу толо беткапты жубайына узатты. Кызынын дайынын айтууга тили барбай, чыдай албады. Оо бир кезде кармана албай, жаш ойноктогон көзүн ала качты да:
-Кайрат кыл, байбиче? – деди муңканып.
-Эмне дейт?
–Диана… Принцессадан ажырадык… Сүйдүргүм ай, сүйдүргүм! Күйдүрдүң го, алтын кызым! Шордоттуң го, канышам! Кантейин ай?.. Айла жок, арга жок!
Байбичеси чыңырган бойдон анын ак желек коргоочу кийимчен боюна жүткүндү. Ботодой боздоп, аргасыздан эркегинин көкүрөгүн ургулады:
-Кантип сактай албадың? Оо, жүздөн ашкыр, бул эмне кылганың… Өз колум менен турмушка атказсам болбойт беле, ботом? Оо, каралдым? Кайда кеттиң, жан кызым!
Аялы кошок кошуп, күйүтүнө чыдабай зар какшайт. Муңдуу ыйы муун-жүүндү бошотуп, сай-сөөк сыздатат. Ал мөлтүр жашын байкатпай, улам аарчып, коңшу-колоңдорун чакырып, короого боз үй тиктирип жүрдү. “Батага келчүлөргө чачкыла!”-деп, беткап менен антисептик суюктугун камдатты.
Кызынын сөөгүн өзүндөй акка оронгон боз желекчен адамдар таңга жуук көтөрүп келишти. Ээн боз үйгө алып киришти. Абдраман ага эч кимди жолоткон жок. Жетимиш тамыр-сөөгү сыздап, буулукту. “Ансыз деле илдет чап салганда кызымдын дарты мага жукса, жуксун! Өмүр бою арманда калбайын! Жүзүн көрөйүн! Балакатка жеткен бойдон көзү ачык кеткен кызым ай, сүйдүргүм ай! Бир гүлүң ачыла электе… Кызыл зонага кирбей койсоң, эмне? Ордуңа мени жибербейт белең! Аттиң ай, аттиң ай!”- деп, ичинен өксүдү. Баштан аяк жылтырак кагазга оролгон кызынын бетин ачты да, Диананын тоңуп калган муздак жүзүнөн өпкүлөдү. Байбичесин эки аялга эки колтугунан кош колдотуп карматтырды. Боз үйдүн босогосуна жакындатып, кызынын бети-башын ыраактан көрсөттүрдү…
Арадан жарым айдай убакыт өткөндө Абдраман илдетинен толук айыкты. Кызынан ажырагандан бери зоокусу эчтемеге чаппай, сабыры суз. Чакыртканынан барса, башкы дарыгер менен вице-премьер-министр күтүп олтуруптур. Вице-премьер ага кенемте тапшырганы келген экен. Ал:
-Өкмөттүн атынан көңүл айтабыз, агай! Патриот кызды чоңойткон сизге таазим – деди да, баштык толо кенемтени карт дарыгер жакка жылдырды. – Бул өкмөттүн компенсациясы, байке!. Кызыңызга миллион сом, өзүңүзгө эки жүз миң…
Абдраман баштыкка караган да жок. Ал аңгыча башкы врач шыпылдап, калемсап узатты:
-Мобу жерге кол коюңуз.
Карт дарыгер кайдыгер түрдө:
-Кызым эми кенемтеге муктаж эмес. Мага да кереги жок. Ыракмат, силерге!
Вице-премьер:
-Коюңузчу.. Компенсация ар кимге эле берилбейт, байке! Тиги борбордо умтулуп-жулунгандарга да тийбей атат… Баатыр студентканы тарбиялап, билим бердиңиз. Ага нечен чыгым сарптадыңыз.
-Уул-кызымды чыгым тарттырганга окуткан эмесмин!
Кепке башкы дарыгер аралашты:
-Маянаңыз деле, пенсияңыз да өп-чап. Балким, буга жаңы батир сатып аларсыз. Же, жеңем экөөң чет өлкөгө саякаттап, эс аларсыз.
Абдраман башкы врачтын кебине ирээнжип, баш чайкады. Өлкөдөгү эсепсиз көйгөй, калктын элдир-селдир жашоосу көңүлүн көк наардай уулап, тынчын алып жүргөн. “Мамлекет бүлүнүп турат. “Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба.” Мен кенемте алайын, батир өндүрөйүн – деп, ишке кайра кирген эмесмин”- деди кыялында. Вице-премьерге карап, эски батирине эле канаат кыларын, ичин өйүп келаткан ойлорун ортого салды:
-Аялым экөөбүздүн бешенеге жазган ырыскыбыз – пенсиябыз бар. Бийликтен башканы билбеген төрөлөргө керек десе, аны деле кайтаралы, өкмөт айым!
-Кайсы акчага жашайсыз, анан?
-Ал жагынан кам санабаңыз… Кара тумоо ажыдаардай уулап атканда кызмат талашпагыла да. Кырды бычак болуп, бийлик бөлүштүрүп, ит-мышыктай тытышпай коё тургула… Ансыз деле өлкө баш-аягын таппай турат: жаштар талаалап, илдет кычап, күн сайын адам өлүп атат… Бир жактан чет элдик карыз өйдө каратпай, муунтса… Өндүрүштү иштеткиле да. Шайлоонун шылтоосу менен утуру баш аламандык, төңкөрүш. Ак үйдү өрттөмөй, талкаламай, майлуу жерди басып алмай… Өз калкына мындай кастык кылган, өлкөсүнөн өөнөп-кымтыган чиновниктер бизден башка эч жерде жоктур. Барга топук кылып, букаранын кочуштап тапкан ырыскысын улам төгүп-чача бербей, тынч жашасак, береке кошулат эле. Өндүрүүчү эмес, чоңдору менен базарлар, менчик аптекалар менен бекерчилер, анан мечиттер көбөйдү. Ушундай жапайылык, ысырапкерчилик бутту гана тушайт.
Вице-премьер үнсүз баш ийкеди:
-Эми… Өнөр жай, экономикалык блок менде эмес, агай! Мен социалдык маселеге жооптуумун! Биздин чарбада иш жакшы – деди, сөздү узартууну каалабай.
-Ал го, белгилүү… Деген менен мекен тагдырына сиз, кайдыгер эмессиз. Утуру четтен карыз алып атасыңар, бул жагы да опурталдуу. Интернет турган соң, бюрократтарды көбөйтпөй, президентпи, өкмөтпү, парламентпи, баарын электрондук добуш менен тандаса… Азыр эл, башчылардын түздөн түз башкаруусуна муктаж эмес. Ар ким өз жумушун так билет. Шайлоого жумшалчу миллиарддаган акчаны ковидге сарптабайсыңарбы! Калкты сактабайсыңарбы! Бюджет деген жылкынын учасы менен эт-майлуу жилик, чучук, казы-картасын Ак үйдөгүлөргө бөлөсүңөр да, сөөгү менен улпак, туяк-терисин калың элге себелейсиңер. Бөлкөнтайдын ирдүүсүн коопсуздукка үлөштүргүлө да. Элге байгер жашоо берип, ден-соолукту чыңдабайбы! Тынчтыкты сактабайбы да, чиновниктерин азайтпайбы!..
Бу жолу вице-премьер үндөбөдү. Анын ордуна башкы врач чыйпылыктап, Абдраманды тыйганга шашты:
-Биздин жумуш элди дарылаш, байке! Андан бөлөгүнө баш оорутпайлы! Өкмөт айым башка жерлерди да кыдырышы керек, убакыты аз.
-Мен сага эмес, өкмөткө айтып атам. Ак үйдөгүлөр күн сайын келе бербейт. Алар силердей баштыктар менен сүйлөшөт. Ошолорго айта барсын! Экономикалык каатчылык дейсиңер да, кызмат адамдары жүз миңдеп айлык аласыңар… Президентпи, депутатпы, өкмөтпү, айтор бүт жетекчилер беш-алты жыл бою карапайымдар менен тең маяна алсаңар, ошондо тең укуктуулук, үнөм болот. Үнөмдөлгөн акчаны карызга, ден-соолук менен билимге сарптаса…
-Туура, – деди вице. – “Бай билгенди кул билет, кылайын десе, арга жок”…
Башкы врач нааразы болгондой күңкүлдөдү:
-Азыр арай көз чарай, акылдашар кез эмес. Өтө эле саясатчы болуп кеттиңиз, агай. Саясат курсак тойгузбайт да.
-Кечиресиң, кул гана курсагын ойлойт. Өзүм үчүн эмес, келечек менен өзгөлөргө күйгөнүмдөн убактыңды алдым. Былтыркы чилдеге чейин эле коргоочу кийим менен эң зарыл дарылар камдалганда миңден ашык киши бөөдө көз жумбайт болчу. Мына, кайдигерлик… Кара тумоо адегенде күн чыгышты каптады, анан батышка чеңгел таштады. Кара булуттай жайылып, Орусияга чөктү. Андан казактарга көчтү. Кийин биздин чек араны аттап өттү. Ага дейре ооз ачып олтурдуңар…
-Илдет азаюуда. Сакайган адамдарга да шүгүр дейли.
-Биздин купул ага толбойт. Калк бар үчүн силер, элдин төбөсүндө олтурасыңар. Демек, элдин камын көргүлө да, утуру шайлоо дебей!– деди Абдраман жай гана. – Айлык-пенсияны да четтен алган насыядан төлөп атасыңар. Кара тумоодон кыйналып, айрымдары жан кыйган бечаралар менен иши болбой, будуң-чаң салып, элди ойлобогон саясатчылар кайда жүткүнөт? Колдогу байлык таланып-тонолду, уурдалып атат. Талкаланган фармзаводду, химзоотту, бут кийим жана тигүү фабрикаларын, кислород заводду… Кайра курап, жасалма дем алгыч, коргонуучу кийим камдаса… Булар кур дегенде саламаттык тармагына керек эле… Макул, сөздү кыскартайын. Бизге аталган кенемтеге дары, же кислород сатып алгыла! Компенсацияңды жөн эле кой, алып кете бер, өкмөт кызым…Убара тартып келгениңе, ыракмат!
-Кызыксыз го, агай!… Кайра ойлонуп көрүңүз. Кенемте сиздин акыңыз. – Шаабайы сууган вице Ак үйдүн кожоюндары үчүн уялып, Абдрамандын акылын жоктой албады.
Түшкө жуук короо алдында чоочун караан пайда болду. Ал жерге олтура калды да, жүзүн күнбатышка каратып, куран окуп, бата кылды. Үй ээси башына кирдеген селде чалынган сакал-муруту узун, тизеге түшкөн ак көйнөк, боз ыштан жүдөө кишини адегенде тааныбады. Бир топто барып, келгиндин качаңкы бир күйөө бала экендигин үнүнөн билди. Бейтааныш киши каш карайганча короодон ары жылган жок. Жарымы жүктүү, кирдеген кабын көтөрүнүп, үн-сөзсүз ары басат, бери басат. Же келген жайын так айтпайт.
-Байке,- деди бир кезде Абдраманга. – Эң мурун сураштырганы ооруканага бардым. Ал жерден беришпеди. Кыргызда: “Ээси келсе, бээсин бер!”- дейт.
-Ал эмне дегениң? Кайсы бээ?..- Карт дарыгер кепти атайын чаргытты.
-Алмактын бермеги бар…
Абдраман бирөөдөн сокур тыйын алчу эмес. Андай жорук ага жат:
-Байбиче, бу киши бээ калтырган болсо, берели? – деди жубайына бурулуп. -Качан, канча бээ бергени эсиңде барбы?
-Ай жок, андай эмес, – деди чоочун неме үй ээсинин тамашасына тырчып. – Мен кенемтени айтып жатам. Диана менин канымдан жаралган! Ал менин фамилиямда. Так что, атасы мен болгондон кийин анын кенемтесин мен алышым керек!
Абдраман кызынын эмдигиче кайсы фамилияда жүргөнүн эстебептир. Ал: “Ээ, ич ооруң быякта тура!” – деп ой жүгүртсө да, унчукпады. Селдечен кабынын оозун ачып:
-Ага сиздин тиешеңиз жок. Кызымдын эти силердики, сөөгү меники… Андай болгондон кийин кенемте да меники. Мен ошого келдим.
Байбиче чыдабай кетип, колун “ары бар” дегендей ишаара калды:
-Дианам бөбөк кезинде колуңа бир албай… Буламык сатып бергенге жараган жоксуң. Жыйырма бешке чыккыча кабар албадың да, кызым дейсиң!..
-Кызыңар диникайырга тийип кеткен.
-Мусулман болгон сен, анын кадырына жеткен жоксуң… Эскини эстеп-жектеген кокуй, бу акыбалыңда үй-жай, бала-чакаң деле жок көрүнөт!… Сүйдү-тийди, тун кызымдын тагдыры өз колунда. Биз аны кектебейбиз.
-Анда ашкан бай экенсиңер да…
-Пейили ток адам түбөлүккө бай болот… Бекер оокатка үйүр албайт. Кенемтеге күн түшпөсүн. Ага кол тийгизбей, келген күнү эле ээсине кайтарганбыз.
-Ээси?.. Менден башка ээси ким?
-Эл… Өкүмөт…
-Ал эмне кылганыңар? – Селдечен ордунан атып турду да, үтүрөңдөп: – Менден бир ооз сурабай, силер эмне чечесиңер? Какжыраган тепшидей эски батирде отурасыңар да… Тай кызыңардын кырк күндүк, жылдык, айт майрамдары эмеле келет. Ырым-жырымы, салт-санаасы бар…
-Ал жагына ойлонбо! Канышамдын арбагын нааразы кылбайбыз. Дианамдын каадасын жасоого кудуретибиз жетет. Азамат жөнөткөн тыйын-тыпырдан үнөмдөп, чогултканыбыз бар!
-А мен карызга баттым, төлөөргө тыйын жок… Насыяны кенемте менен жабам дегем…
-Күркүрөгөн күчүң бар туруп, карыз болсоң…
-Эл-жер кыдырып, динге үгүттөп…
-Иштебей, талаа кезсең, оокат асмандан түшпөйт. “Кудайга ишен! Бирок, өзүң да карап турба!” Темир канат балдар деле араба сүйрөп, нан таап, онлайн окуп атат! Күнүң карызга калгыдай, ошолорчолук жок белең?…
-Силер эмнени билесиңер?.. Асмандан түшкөн олжону жок кылган бузуку экенсиңер – деди, кабагы бүркөө жат киши. Акыры пейили ток үй-бүлөдөн кенемте өнбөй турганына көзү жетти да, андан үмүт үздү. Кабын ийнине артып, мечитте түнөөнү ойлоп, жолго түштү.
Абдраман таң эрте жумушуна көчө аралап баратып, жер төлө аркылуу өтмөк болду. Ызгырым убак. Анча жарык түшө элек жер төлөнүн баш-этегинде, сырттагы ар кайсы көчөлөрдө майып-кайырчылар жүрүшөт. Кээ бирлери түртмө арабада. Башкалары тепкичтерге, же сыз жерге жайдак олтурушкан. Арабча музыканы жаңыртып, тыйын –тыпыр таштоого ыңгайлаштырып, бош кутуларды жанына коюп алгандары да бар. Бүк түшүп, бети-башын жүн баскандар да кезигет. Баласын бооруна тартып, башын жерге салган келин да, тогуз-он жашар ойноок кыздар да өйдө-төмөн өткөндөргө алакан сунуп, кайыр-садака сурашат. Дагы бири: “Бир тууганымдын боорун алмаштырганы жатышат. Операция Индияда болот. Ага 30-40 миң доллар керек. Боордоштор ылаажы болсо, жардам бергиле! Сообу силерге тийсин!” – деп, боздоп –сыздап атат.
Кылкылдаган көпчүлүк менен аралашып, тилемчилердин тушунан өтүп бараткан карт дарыгер алардын тагдырына айыптуудан бетер кайырчылардан көзүн ала качты. Боору ооруду: “Буларды жалдыратып, ар кимден садака суратпай, Өкмөт кенемтени ушундай бей-бечара, оору-сыркоо, майыптарга берсе боло! Акчасын кайда жумшарын билбей, шайлоо менен төңкөрүшкө сарптаган көпөстөр… Байлар менен бизнесмендердин боору кара тумоо жуккандарга оорур бекен? Күркүлдөрдөй миллиондогон акчам болсо, ушу бей-бечараларга таркатат элем” – деп ойлоду. Чөнтөгүндө болгон акчасын калтырбай, кайырчылардын колдоруна карматты. Кыялында боорун алмаштырчу жигитти кантип сакайтып алуунун жол-жобосун издеп баратты.