Куучу
(Мистикалык аңгеме)
Эшбото аксакал айыл четиндеги сай жээгинде, өзүнчө бөлүнүп турган дөбөчөдө олтурду. Жалгыз. Жанында эч ким жок. Айыл дегенибиз он чакты агарган, бозоргон боз үйлөр… Андан бирин-экин киши кирип-чыгышып адамдар бар экенин айгинелеп тургансыйт. Теребел толукшуп, гүлдөрдүн атыр жыты аңкыган, көк толугу менен бышкан жаздын эң сонун мезгили. Айыл туурасы эки бута атымдай жазы, ортосунан коктуну жара бөлүп аккан эки кулактай кашка суусунун учу-кыйры жок көрүнбөгөн эңдүү сайдын жээгинде. Ал ошол сайдын жээгиндеги дөбөчөдө, апакай кылып ашатылган жумшак териден камчыга тасманы ылайыктап ичке тилип олтурду. Карыса да сөөктүү, тың, балбан киши экени көрүнүп турат. Бир маалда олтурган жерине жакын тигилген коктудагы өзүнүн боз үйүн карай үнүн катуураак чыгарып:
– Эй, кемпир, атты токуп, ээрдин кашына камчыны илип кой, азыр мага бир чабарман келет. Барбай койсо болбой койчудай… Батыраак току. Күлүк жылкы окшойт, таноосунан чыккан ысык демдин илеби мага келип жатат!..
Эшбото үнүн катуураак чыгаргандыктан, мунусун кемпири жазбай укту.
Кемпиринин ысымы Тыйын. Бүбү-бакшылык жайы бар, эмчи-домчулук кылып, айылындагы бирин-экин сыркоологон бала-бакыраны эмдеп коюучу. Бирөөнү алкаса айтканы-айткандай келип, каргаса каргышы кабыл болгон көзү ачык кемпир… Өз атынан бир абышкасы Эшбото айтып калбаса, калган элдин баары Умай эне деп тергешет.
–Э, куураган чал, кайдан билип жатасың… аттын таноосунан чыккан дем эмес, өзү да көрүнбөйт, куураган чал, – деп, кемпири кобурана, мамыдагы байланып турган карагер айгырды токуп кирди. Эшбото болсо, тасмасын тилгенин уланта берди.
Чай кайнам убакыт өттүбү, же өткөн жокпу, күн чыгыштан тоолордун этеги менен алып учуп чаап келе жаткан чабарман көрүндү. Чүкөдөй болгон, атка жеңил, тайга чак жаш жигит экен, башын кызыл жоолук менен байлап алыптыр. Эртең менен болгондуктан айыл ичи бирин-экин малын сайдын ортосундагы суу жээгиндеги көккө айдап салышып, ар ким өз тиричиликтерине киришип калган. Дөбөдө олтурган Эшбото чал ыраактан даана көрүнгөндүктөн, жанагы чабарман түз эле дөбөнү көздөй чаап келди да, этегине жеткенде, атынан түшүп, тердеп турган неме көк чөптөн оттоп жибербесин дегениби, жүгөнүн катуу тарта, кыргыз ээрдин кашына орой бекем байлап, өзү дөбөдөгү чалды көздөй ылдамдай басты.
–Атсалоом алейким ата, арыбаңыз! – деп, колун бооруна ала салам берип, кош колдоп чалдын колун кармай бергенде:
–Аа, бар бол балам, кел, көлдөлөңгө көчүк бас. Шашкандай түрүң бар. Кайсыл жакка жол тартып барат элең? – деп, Эшбото чабарман балага суроо узатты.
–Ата, шашып келе жатам. Айылыбыздан бир келинди төрөттөн кара басып… анан ушул айылда Эшбото деген аксакал бар, ошону тез алып кел, – деп, мени жиберишти. Ал аксакалды кайсыл жерден табаар элем, ата?
–Ал аксакал мен болом, балам. Келээриңди жана таң ата электе эле билгем. Сени күтүп олтурдум эле… Балам, айгырың таза кандуу күлүк экен, элиңе кайра жеткенче арыбайт. Жолго таштабас, качса жеткирбес, кууса баса калчудай, бото борбуй, буура сан күлүк мал экен, жетесиң… Элиңе барып Эшбото чалга жолуктум, айттым, артыңан барып калам, деди де… Берки четтеги агарган боз үйдөн бир-эки аяк кымыз ич да, артыңа тартып жөнөй бер.
Эшбото ашатылган терини тилип, эч нерсе укпагандай, билбегендей ишин уланта берди.
Чабарман, “келин өлүп калган сыяктуу”, деп айтканга оозун таптап келе жатып, кайра токтоп калды.
–Бар, балам, бара бер. Мен артыңдан жетип барам.
–Болуптур, ата. Мен анда кайра тарттым, – деп, дөбөчөдөн ылдый атына жөнөдү.
Тың бала окшойт, атына шап минди да, жанагы чал көрсөткөн боз үйгө бастырды. Күтүп тургансып, боз үйдүн ичинен кемпир көөкөрү менен аяк ала чыгып, балага кымыздан эки ирет куйду. Чаңкап турган чабармандын чал айткандай эки аяктык эле алы барбы, ичип бүтүп оозун алаканы менен аарчый:
–Рахмат, эне. Арыбаңыз, бар болуңуз – деп, атын келген жагын көздөй буруп чапкан боюнча кетти.
–Жолуң болсун, балам, – деп, кемпир да балага батасын берип узатып калды.
Дөбөчөдөн узай электе, Эшбото чал чабарман баланын артынан кыйкыра:
–Балам, келе жатканда сайдагы суунун кечмелигинен өттүңбү?!
–Ооба ата, өттүм!
–Эми, кайра баратканыңда ошол жерден абайлап өт! – деп, үнүн ого бетер катуураак чыгара сүйлөп калды.
–Болуптур ата, жакшы калыңыздар! – деп, күлүгүнө камчы салды. Таза күлүк белем, ошончо жерден чуркап келип, кайра дароо эч нерсе болбогондой андан-мындан бир арышын таштап, экөөнүн карааны көзгө көрүнбөй баратты.
Эшбото чал терисин кесип бүткөндөн кийин, ордунан жерди таянбай шап турду да, тилинген кайыштарды колтуктап боз үйдү карай басты.
–Йа, байбиче, Жуман турду беле?! Турса аны да даярда, өзүм менен кошо алып кетем.
Жуман Эшботонун небереси, жашы тогуз-ондорго барып калган тестиер, тың бала. Ата-энеси болсо, малы менен жайлоого көчүп кетишкен. Жуман чоң атасыныкында калып, дайыма анын жанында. Чоң атанын тарбиясы менен болуп, кайда барса чоң атасы аны ээрчитип өзү менен кошо алып жүрөт.
–Турган, шашпа ботом, тамактанып алсын, – деп, кемпири боз үйгө кирди.
–Мен даярмын, чоң ата, – деп, Жуман сыртка чыга калды.
–А-аа, балам даяр болсоң кеттик анда, жол узак. Кечке маал жетип барабыз, – деп, токулуп турган Карагерге басып барды да, басмайыл, куюшканын текшерип, туура экенин баамдагандан кийин кемпирине ичинен ыраазы болуп койду. Канжыгага тыгыз байланган көрпөчөнү жазып аттын соорусуна салды да, өзү биринчи минип:
–Кел балам, учкаш – деди, сол бутун күмүш үзөңгүдөн чыгара. Чоң атасына учкашкан Жуман:
–Болдум чоң ата, мен даярмын.
–Даяр болсоң кеттик эмесе, – деп, Эшбото атынын башын жанагы чабарман келип кеткен жакты көздөй бурду.
Кемпири жолдон шам-шум эткенге жей тургандарын камдаган түйүнчөгүн Жуманга карматып жатып:
–Балага сак бол абышка, – деп, адатынча узатып кала берди.
Экөөн тээ кырды ашып көрүнбөй калганга чейин карап, узатып туруу – кемпиринин башынан берки көндүм болуп калган адаты. Эми да ошол калыбынан жазбай, алардын аман-эсен келишин тилеп карап турду. Карагер, чапкан ат жетпеген жоргосунан жазбай, суудай куюла тоо этегиндеги жалгыз аяк жол менен кырдан-кырды артка таштай сабаалап, жебедей сызып бара жатты.
Чоң ата менен небере айылдан бир топ узап кетишкенден кийин, аттын оозун тарта жайлатып, узун сөзгө кирише кобурашып баратышты.
–Чоң ата…
–И, балам…
–Жанагы чабармандын келээрин кайдан билдиң?
Бала муну эртең менен кымыз ичип жатканда, чоң атасынын дөбөдөн кайыштан тасма тилип олтуруп, чоң энесине карай кыйкырган сөзүнөн улам угуп калган болчу.
–Анын өзүнчө сыры бар, балам. Андайларды айтып, аян берип туруучу колдоочу болот. Биздин тукумубуздун колдоочусу Ойсул-Ата. Ал түндө түшүмдө аян берген. Сен дагы чоңоё түшсөң, баарын айтып берем. Ага чейин өзүң эле түшүнүп калган болосуң. Аян бергенде аны баамдай, чечмелей билүү керек. Убагы келгенде баарын билесиң, балам.
–Аттын таноосунан чыккан демин кантип билдиң чоң ата?
–Баласың да, баарын дароо эле билгиң келет. Муну билүү сага эрте. Балалык кылып коюшуң мүмкүн.
–Түшүндүм чоң ата. А, тиги кечмеликтен чабарман эмне болмок эле, абайла деп айттың го?
–Ооба, аны бара көрө жатарбыз…
–Чоң ата, сени балдар Акбалбан дешет го, эмнеге? Ошону айтып барсең, чоң ата?
–Аталарынан уккан да. Ал сөздүн чындыгы бар. Узун жолду кыскартып айтса айтып берейин, балам. Илгери жаш кезде оо, анда он тогуз-жыйырмалардагы кезим эле…
Эшбото чал жаш кезин эстеп, өңүнө кызыл жүгүрүп, атын “чү” демиш этип, небересине башынан өткөн илгерики бир-эки окуяны айтып кирди. Бир чети жолдо эрмек, жетээр жери алыс, күн батканча кирип барышса жакшы…
Карагер жоргонун үстүндө, чоң ата небереси менен маекке киришти.
…–Болуп-толуп, урунаарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай, ойносо оюнга, иштесе ишке тойбой турган убагым. Ошол жылы атам экөөбүз тоонун этегиндеги түзөңгө таруу сепкенбиз. Таруунун уругун түштүктөгү туугандарга барганда атам өзү алып келген. Бизде ага чейин эч ким таруу сепкен эмес экен. Түштүктөгү туугандардын айтуусу боюнча, кара топурактуу жерди амач менен чиймелеп из салып, жаз чыгып жер жылымдап тоборсуганда сээп салганбыз. Түшүмдү көп берет экен, жай келип баш байлаганда канаттуулардан коргоп, бир сугарып коймок болдук. “Ыйлап жүрүп арык казсаң, ырдап жүрүп сугарасың” дегендей, кырдагы булактан бери арык чаап, тарууга суу жеткирүү кыйын болду. Атам казандын капкагындай болгон кетмен ала келген эле, анын мизин чач алчуудан бетер курчутуп алдым. Ошол кетмен менен арык чаап, кырдагы булактын ыңгайлуу жеринен баштап кырды бойлой төмөн салып, таруу себилген жерге чейин алып бармай болдум. Керели кечке кетмен чаап иштеп жүрөм. Болжолу үч-төрт күндө бүтө турганмын. Арыкты бүтө жаздап калганымда, бир уңулдаган үн угулду. Бул эмне деген үн деп, кокту-колотту, жапайы өскөн карагай-бадалдардын араларын карап эч нерсе таппай койдум. Мен эле эмес, ошол кырда малын карап жүргөн адамдар да угушуптур. “Уу-уу, уу-уу”, деп эле уңулдайт. Бир аз тыным алгансыйт, кайра эле ушул уңулдаган үн. Эч кимибиз түшүнбөйбүз, издеп таппай койдук. Үчүнчү күнү түшкө маал жаңы арыктан сууну тарууга жайып жиберип, бир талдын көлөкөсүнө бешмантымды айкарасынан сала, ала келген кымыздан ичип, ысыкта ыксырап көзүм илинип кетиптир, бешмантымдын алдынан бир нерсе түрткүлөгөнсүйт. Алдымдан түрткүлөгөн кыймыл уламдан-улам катуулап баратат. Чоочуп ойгонуп, алдымда салынган бешмантты алып ыргыта тура калсам, Кудай андайдын жүзүн көргүс кылсын, музоонун башындай болгон жыландын башы жерден чыгып келе жатыптыр. Жанымда жаткан жанагы, казандын капкагындай болгон чоң кетменимди ала коюп болгон күчүм менен шилтеп калдым. Эрмектеп олтуруп жанараак эле дагы курчутуп алгам. Кетменди бир шилтеп эле, ыргытып жиберип качтым. Айылга барып он-чакты кишини ээрчитип алып, акырын басып келип шыкаалап, баарыбыз жанагы мен жаткан жерге келдик. Жоондугу жаш баланын кучагындай барбы ай, бир кездей денеси сыртка чыгып калыптыр. Катуу эле шилтегендей болгом, башы денесине эки-үч элидей гана терисине илинип калган экен. Жылан коркурап-шоркурап дагы эле жаны чыкпай, мойнунан атырылып чыккан кан асманды көздөй бүркөт. Көрүп алып кайра баарыбыз артка качтык. Айланчыктап, оо бир топ убакыттан кийин кайра жакындап келсек, бүткөн экен… Кетмен менен илинген жеринен башын кесип салып, жерди казып бүт денесин сууруп чыгардык. Сүрү укмуш, оролсо, тогуз канат боз үйдүн жарымына батчудай. Кудай деп келме келтирип, отун чогултуп үстүнө таштап өрттөп жибердик. Билбейм, ал ажыдаар тирүү сыртка чыкса эмне болмок эле. Баарын эле ичине оп тарткандай түрү бардай… Ошондон кийин мен ажыдаар чапкан баатыр деген атка конгом, балам.
–Чоң ата, ошондой да чоң жылан болобу?..
–Болот балам, мен сага эмне, калп айтмак белем. Бу, жылан дегениңдин түрү аябай көп. Падышасы кичине, эки-үч чоң карыштай эле, түсү сүттөй ак келип, башында таажысы болот. Буларың адам сыяктуу тууганчыл, анан дагы аябагандай кекчил келишет. Деги эле, жылан көрсөң өлтүрбөй жүр, балам…
–Макул, чоң ата, – деп, Жуман чоң атасын ыраазы кыла жооп берди. Андан ары Эшбото сөзүн улай:
–Булардын арасынан бир кылымдарда барып бирөө чыгат. “Эгерде, жети жылдан ашык адамдын көзүнө көрүнбөсө ушундай ажыдар болот” дешет, жыландын андай түрүн. Жанагы мен чапкан неме, жердин алдында жата берип ажыдаарга айланганы аз эле калган тура. Мунун калпы жок, балам. Эми, түштөнүп алалы, аркы булактын оозуна барып токтойбуз, – деп Эшбото атын ылдамдата бастырып, булактын оозуна жетип келишти.
–Мына, бул көрүнгөн кырдын ары жагында дагы, чоң эки кыр бар. Андан соң чоң сай бар. Ошол сайды ашсак эле болду, барчу жерибизге жетебиз, балам.
Канжыгадагы чоң энеси түйүп берген бышкан сүр этти, чаначтагы кымызды алып ортолоруна коюп жатып небереси Жуман:
–Чоң ата, эмнеге Акбалбан дешет сени?.. – деди, кызыктуу сөзгө тойбогон бала.
–Азыр айтып берем, балам. Сен сабырдуу, токтоо бол. Эч качан ашыкпа. Иштин да көзү бар, анан өзүнүн бүтөр учуру дагы болот. Угаар сөз, сүйлөөр да жер болот. Уга да бил, эби келген жерден сүйлөй да бил, балам. Бирок, эч качан шашпа, өзгөчө ачууң келгенде дароо бүтүм чыгаруучу болбо. Бирөөнүн оозунан сөздү жыра тартпа. Оокат жеп жатканда тамагыңды тый, көпчүлүктүн арасында олтурганда тилиңди тартып жүр. Дүнүйө, байлыкка кызыкпа, маңдай териң менен тап, – деп, атам илгери мен сендей кезимде көп айтып калчу. Мен бул сөздөрдү сага айтып жатам. Кийин ойлоп көрсөм нукура таза, алтынга айырбаштагыс сөз экен… Эшбото аксакал кымыздан кере-кере жутуп, андан ары сөзүн улады:
–Ошол жылы күзүндө чоң аш болду. Кыргыз-казактар эки жаат болуп эр сайыш, ат чабыш, көкбөрү, айтор тамашанын баары болуп жатты. Бир маалда “балбан күрөш болот экен”, дешип, эл дүрбөп калышты. Аркы тарап казактар, бери жагы кыргыздар болуп эл эки жаат. Казактардын жарчысы балбанын мактап, тили-тилине тийбей жар салып жүрөт. Бир убакта белинен өйдө жылаңач, кур байланган казактардын Төө балбаны ортого шашпай, жай басып келди. Айланайын, тимеле зор, алачыктай бар. Кыргыздардан эч ким чыкпайт. Мен балбанмын дегендердин баарысы баштарын ылдый салып, үн жок. Төө балбан ээн-эркин, аркы-терки басып, жарчысы тилин безейт. Намыс деген күчтүү экен, “мен чыгам”, дедим. Элдин баары мени карап калышты. Атам экөөбүз атчан катар турган элек.
–Э, балам… эмне дейсиң?.. – деп, атам мени карап калды.
–Мен чыгам, ата. Бир эбин табармын, ушунуку өттү, – деп, аттан түшүп, даярдана баштадым. Атам да аттан түшүп жаныма басып келип:
–Эшбото, балам, сенин жеңээриңди билип турам. Бирок, мага сөз бергин, экинчи күрөшкө түшпөйм де… Анан, батамды берейин?..
–Макул ата, сен айткандай кылайын… Сөз берем… Экинчи күрөшкө түшпөйм…
Атам ыраазы боло ак жүрөгүнөн чыккан батасын берип, өзү чечиндирип даярдап кирди. Денем элден бөтөнчө болгондуктан, бирөөлөрдүн көзүнчө чечинип, эч кимге денемди көрсөтчү эмесмин. Денем сүттөй ак чыканагыман ылдый кара түк …
–Билем ата, көрбөдүм беле.
–Көрсө, кайран киши элдин көзү тийет деген тура, – деп, атасын кайра-кайра эскергенден, небереси экөө дуба кылып, атасынын арбагына багыштап, куран окугандан кийин сөзүн улады.
–Мен да сөөктүү, күч бар, балбан элем. Деги эле биздин тукумдан балбандар көп чыгат. Бирок, эл алдында күчүн көрсөтүүгө кызыгышпайт. Ошол боюнча күчүн эч ким билбей өтүп кеткен бабаларыбыз да болгон. Менде күч барын атам билчү. Былтыр жайында жаракага түшүп кетип, кептелип чыкпай калган өгүздү, атамды каратып коюп аркан менен орой чырмап, өзүм эле тартып чыккам. Атам мени балбан-күрөшкө чыкпагын деп, ошондо эле катуу эскерткен. Жанагы казактын балбаны көлөмүн көрсөтө эл ортосунда мактанып ары-бери басып турганын көрүп, каным кызый түштүбү билбейм, оозумдан ошол сөз чыгып кетти…
Үстүмдө желбегей жамынган чапан, белимде кур. Төө балбанга жакын барсам, зор деген мен анын ийнинен эле келет экенмин. Кол кармашып бөлүнө бергенде атам үстүмөн чапанды сыйрып алды. Ай-буйга келтирбей белиндеги курун колума орой кармап, башыман өйдө көтөрүп туруп жерге чаптым. Анын тизеси бүгүлө талпактай тартайып барып чалкасынан түштү. Тизеси бүгүлө жыгылса, таза жеңиш деп эсептешер эле. Эл “дуу” эле болуп калды. Атам келип үстүмө кайра чапан жаап элдин арасынан алып кетти. Казактар да, кыргыздар да “бул кандай болуп кетти?..” деше, “Акбалбан, Акбалбан” дешип чуру-чуу түшүп калышты. Ошондо Төө балбанды жыгып Акбалбан атка конгом, балам. Ошондон он жыл бою оңолбой жүрүп, атамдын алып барбаган молдосу, сыйынып жалынбаган мазары калбай, араң дегенде адам кейпине келгем. Көрсө, ошол көз ирмемде эле мага көз тийген экен. Атам ошондо: “балбандыкка өзүң да, балаң да, алардын балдары да түшпөсүн” деген эле. Ошондон кийин күрөшкө түшкөн жокмун балам. Сенде да каруу болот, балдарың да сендей болот, бирок, күрөшкө түшпөгүлө. Кийин өзүңдүн балдарыңа, неберелериңе айта жүр… Макулбу балам. Ошондон бери эл мени Акбалбан деп атап келишет.
Жуман бир нерселерди ойлой унчукпай калды. Небере чоң атасына учкашып, экөө кайра жолго чыгышты. Экөө аркы-беркини сүйлөшүп, кобурашып келе жатып, тоодон аккан чоң өзөндүн кечмелигине жете бербей, жанагы жаш чабармандын күлүгү көзгө урунду. “А, чунак бала, абайла дебедим беле”, – деп, кобураган Эшбото карагерди чү коюп кечмеликке жете келишти. Чабарман баланын такалуу өтүгү үзөңгүдөн чыкпай кептелип калган турбайбы. Буту соройуп чалкасынан жатат. Мал да болсо, акыл барбы,… баланы сүйрөп кетпей, ооздугун кычырата чайнап, оозунан ак көбүк чыга бөйрөгү бүлк-бүлк эте ордунан жылбай турган экен, кайран күлүк.
Эшбото аксакал небереси экөө тең аттан түшө калышып, баланын үзөңгүгө илинип калган бутун чыгарышып чалкасынан түз жаткырып, тамырын кармап небересине карай кобурана:
–Эки кез мындайраак жыгылганда оңбой калмак экен, дагы жакшы, жээктеги кумга жыгылыптыр, азыр эсине келет. Бул жерде аюулар көп жүрүшөт. Сууга келген аюудан үркүп жалт берген экен. Чарчаган жаш бала, атынан учуп, буту үзөңгүдөн чыкпай кептелип илинип калган турбайбы. Эч нерсе эмес. Барчу жерибиз мына бул кырдын ары жагы, аз калдык, – деп, Эшбото эс учун билбей жаткан баланын маңдайынан сылай, дуба окуп кирди. Бир оокумда бала эсине келип чөк түшө маңдайында олтурган Эшбото аксакалга:
–Ата, келип калдыңарбы?.. Мына ушул жерден аюу асылып, атым үркүп… – деп, сөзүн үзө-үзө сүйлөп, чал жанына отурганына кубангандай жылмая жаны жыргай түштү.
–Тура аласыңбы, балам?
–Турам, ата. Этим деле ооруган жок, – деп, бала ордунан туруп, атын карай басты. Баланын атын жүгөндөн жылоолоп кармап турган Жуманга тиги бала үч-төрт жаштай улуураак көрүндү. Эшбото келип кармашканча бала атына ыргып минип, камчысын коомай кармап:
–Рахмат, ата. Мен кете берейин. Сизди келип калды деп айылга айтайын, – деп, чабарман атын кайра чу койду.
–Абайла деп айттым эле, чунак бала, балалык кылган экен. Аман калды. Аз жерден калган окшойт. Мына, издерин карачы. Айгыр менен аюу бир-эки чабышса керек. Айбат кылган жылкы баласына аюу негизи даабайт, – деди, Эшбото аксакал атына минип небересин колунан кармап өзүнө тарта учкаштырып жатып.
Кечмеликтен өтүшүп, чоң ата небере кобураша келе жатышып кырга жете бербей, Эшбото аксакал күтүүсүздөн шашыла кырдан кыйгачтай, коктуну карай айгырын темине чапкылап:
–Бекем отур, балам! Өзү алдыбыздан чыккан экен. Карма эле, карма! Токто эле токто! – деп, кыйкырып, атын камчыланып сууну жээктей чапты. Мындайдын далайын чоң атасы менен чогуу жүрүп көргөн Жуман, чоң атасынын белинен кучактай кармап, бекем отурду. Эшбото камчысы менен оңду-солду камчылана аттын жалынан ылдый эңкейе калып жөн эле жерди сабагансып келе жатты.
–Токто эле токто, карма эле карма, ташта эле ташта! – деп, оозунан ак көбүк чыкканча кыйкырып, жанагы кечмеликке жете келип, бир нерсенин алдын тосуп жаткансыды. Ал атын улам бир жакка чукул буруп, азоо аттын алдын тосконсуп көрүндү. Акыры жеңгенсиди. Атын камчылана кайрадан жанагы эле түшүп келген кырга карай өр талаштыра жөнөдү. Жуман баягыдай эле чоң атасына жабышкан боюнча. Ач кыйкырыгын баспаган Эшбото аксакал, атын да, өзүн да аябай эми кайрылып кайра кырдын аркы бети менен ылдый чапты. Анда-санда эңкейе калып камчысы менен абаны ышкырта шилтеп жүрүп отурду.
Кыйкырып-бакырып, оңду-солду жерди сабай камчыланган Эшбото сайдын ортосуна тигилген он чакты боз үйлөрдү карай зуулдап чаап баратат. Андан ылдыйыраак, жыгач дөңгөлөктүү үстү жабык үч араба, аларга байланган аттар турат. Арабалардын жанында кызыл-тазыл кийим кийинип алышкан топтошкон эл. Ал топтошкон элден кыйгачтай орун алган айыл ичиндеги бир боз үйдү тегеректешкен эркек-аялы, бала-бакырасы болуп отузга жакын адам турушат. Алар Эшботонун чапкылап, кырдан ылдый куюла түшүп келе жатканын жардана карап калышты. Эшбото чал артындагы учкашкан небереси менен ошол эле калыбында кыйкырып:
–Ташта! Сал ордуна!.. Сени тукум курут кылбасамбы!.. – деп, айкыра-бакыра, кырдан түшүп, жанагы эл тегеректеп турган боз үйдү айланта чапкылап жүрөт… чапкылап жүрөт… Кимди кууп, кимди эле тилдеп жатат, эл жарданышып баары аң-таң. Боз үйдү үч айлангандан кийин, ал үйдүн босогосуна келип токтоду. Атынын такымы аппак болуп көбүктөнүп өзү да, аты да суу куйгандай тердеген.
Ат ооздугун тарта жерге секирип түшкөн калыбында ачуусу бирөөгө келип жаткандай кыйкырды:
–Карма, тизгинди!.. – деп, аттын тизгинин силкий таштап ыргытты. Жарданып турган элдин арасынан бир жигит суурула чыга келип, тизгинди шашыла кармайын деди эле, Эшбото ага кайрыла ачуу үнү менен:
–Сен эмес, анын кармоочусу бар! – деп, катуу кагып токтотуп койду. Жигит элдин арасына кайра кирип бери карап туруп калды.
Эшбото антип айтар замат, аттын тизгини жерге эки чоң карыштай тийбей учу көтөрүлүп жел тийген жалбырактай титиреп, бирөө кармап тургандай өңдөндү. Ал боз үйдүн босогосунун төмөн жагын камчысы менен каршы-терши сабап жатты. Бир маалда босогонун ылдыйкы бир жак учу эки-үч карыштай көтөрүлө ачылгансып, кайра жабылды. Эшбото андан көз ирмемчелик гана аярлап, боз үйдүн босогосун силке ачып ичине кирип кетти. Ичинен жанагындай “сал эле сал!..” деген ачуу кыйкырык үндөн бир бээ саам убакыттан кийин, боз үйдүн босогосу кайрадан эки-үч карыш түрүлө ачылып, бир аздан соң Эшбото сыртка чыкты.
Ал жанагыдай ачуусу келбей, жоошуган өңдүү босогодон бери басты. Ошол маалда аттын жүгөнү баягыдай титиребей бирөө таштап жибергенсип, жерге сүйрөлө жатып калды. Мунун баарын карап турган эл ооздорунан келмеси түшүп, үрөйлөрү уча тура беришти.
Жуман аттан секирип түшүп, жүгөндөн кармап чоң атасын көздөй басты. Эми топ элдин арасынан эки аксакал чыга калып Эшботону колтукташа берки катар тигилген боз үйгө алып кирип кетишти. Бир маалдан кийин аксакалдын бири сыртка чыгып:
–Кире берсин дейт, – деп, элге кайрыла, кайра боз үйгө кирди. Топ эл менен кошо тургандардын арасынан алты-жети аял боз үйгө кирип, капшыттын чыгдан тарабында сууга алынып, атайын тартылган чийдин артында “өлдү” деп жаткан келинге туурасынан тике коюлган чийди бири тоголоктоп түрө жыйнап, анан баары анын бетин ачып тегеректеп отурушту. Оо, бир маалда жаткан келин:
–Өх, көзүм илинип кеткен тура. Эмне болду, эмнеге мени тегеректеп олтурасыңар? – деп, таң калгандай аялдарга карады.
–Тур эми, тура гой… – дешип, аялдар аны колтуктап тургузушуп, кийимдерин кийгизишип сыртка алып чыгышып башка боз үйгө алып кирип кетишти…
Эшбото эми өзүнө келип, небереси менен жанагы чалдар менен кирген боз үйдүн төрүндө олтурду. Суусундугуна кымыз сунушту. Эчак эле тайдын эти эшиктеги казанда кайнап жаткан. Жанагы кара баскан келиндин кайын атасы төрдөгү Эшбото аксакалга карай:
–Аксакал, өзүңүздү угуп, көрүп жүрөбүз. Далай сыркоолоп, же келинимдей болуп кара баскандардын сообуна калып жүрөсүз. Аны мен айтпасам да эл билет… Атайын сизге деген тартуубуз бар. Сыртта мамыда кулуну менен ак боз бээ байланып турат. Анан дагы бул “жамбыны” алып кетиңиз. Сизге болгон тартуубуз, аксакал.
Эшбото аяктагы кымызды түгөтө ичип, оозун кол жоолук менен аарчып жатып:
–Тартууңарга рахмат. Мунун баары Алланын колунда. Мен тартууңарды алсам, эмим өтпөй калат. Бул иш али аягына чейин чыга элек. “Мени эми эмне кылат?..” дешип, тээ тиги кырдан мага көз салып турушат албарстылар. Алар силерге көрүнбөйт. Жанагы айгырымдын жүгөнүн кармаган ошолордун бири. Өздөрү бойлору кичирээк иттей келип, өңдөрү куу* келет.
Тартууну алса экен дешип тиштерин шакылдатып, болгон аракеттерин кылышууда. Тартууңарды алсам, алар мага көрүнбөй, силердей эле эч нерсе сезбей калам. Албарстылардын тилектери да ошол. Туура көрсөңөр, тиги капшыттагы илинип турган комуздун боюна ченеп ак мата бергиле, тартууңар ошол болсун. Олтурган аксакалдар дагы бир-эки сөз козгошту эле, Эшбото чал болбой койгондон кийин акыры айтканына көнүштү.
Мен эми кетем, ордумда бул неберем калат. Ушунун айтканын аткарып тургула. Эки-үч күндөн кийин өзүм келип алып кетем, – деп, Эшбото сөзүн бүтүрүп эшикке чыкты да, небереси Жуманды элден мындайраак алып чыгып:
–Азыр мен кеткенден кийин, тээтиги айылдын четинде турган лөлүлөрдүн эркек-аялдары дебей, бала-чакалары менен баары келишип ырдап, бийлей башташат. Ошондо сен, менин бул камчым менен анда-санда боз үйдүн босогосун чаап коюп тур. Алар динсиз каапыр эл болушат. Булар болсо, көбүнчө ушундай кырсыктуу, өлүм-житимдүү жерди аңдышып, кайдан-жайдан экени белгисиз жабыла келишет. Лөлүлөрдүн жүргөн жерлеринде кээде ушундай албарстылар пайда боло калышат… Бирок, алар кандай кыймыл жасашпасын күлбө. Кандай болсо да күлбөшүң керек, – деп, баса айтты да, элге карап, “кайыр кошкула” деп, келген жагын көздөй кете берди.
Эл эми “той болсун” дешип, бака-шака түшүшүп, көңүлдөрү шат тойдун камын көрө башташты.
Бир оокумда, Эшбото чал айткандай эле, жанагы лөлүлөр ырдап-бийлешип бери басышты. Алар той болоорун билишсе керек, боз үйдү тегеренип бийлешип элдин көңүлдөрүн көтөрүүгө киришти. Бийлегендери да бир кызыктай, сөөмөйлөрүн ээгинин алдына такашып, баштарын шумдуктай кыймылдатышып деги эле укмуш. Бала-бакыра, элдин баары аларды карап күлүп, жыргап жатышты. Чоң атасы айткандай, Жуман боз үйдүн босогосун байма-бай токтотпостон чаап турду. Тигил жыргап күлүп жатышкан балдарга кошулуп, чыдап күлбөдү. Бир жаш лөлү кыз Жумандын жанына келип аябай бийлеп, тимеле талдай ийиле сөөгү жоктой кыймылдап кирди. Баарынан да эң кызыгы, ал дагы чоң лөлүлөрдөй болуп, аларды туурап сөөмөйүн ээгине такап алганы кызык болду. Ал балалык кылдыбы, акыры буга чыдабай “бырс” күлүп жиберер замат “жакшы болуп калды” деген келин кайра чалкасынан түшүп, боз үйдүн ичинен аны улай “чур” дей түшкөн аялдардын үнү чыкты. Эл кокуйлашып, лөлүлөр арабаларын көздөй жүгүрүштү. Жуман эмне кыларын билбей туруп калды.
Кокуйлаган эл эсин жыйгыча, кырдан Эшбото аксакалдын биринчи келгениндей болуп, кыйкырык-сүрөөн менен оңду-солду камчылана чапкылап келе жатканы көрүндү.
Эл дагы дымый түштү. Анын дал эле биринчи келгени кайталанып, келинди кайрадан эсине келтирди. Көрсө, ушундай убакта күлкү албарстынын шериги болот тура. Жуман күлгөндө кайра келинди кара баскан экен. Албарстылар адамды тукум курут кылалы дешкен ойдо, өзгөчө боюнда бар аялдарга өч болот окшойт…
…Эшбото аксакал кетип бара жатып, жолдогу суу жээгине келип, даарат алганы атынан түшүп жатса, кырдан келиндин өпкө жүрөгүн сууруп алып, сууга ыргытканы келе жаткан албарстыны көрүп калат. “Бала балалыгын кылган тура…” деп, кайра атына минип, албарстынын алдынан тосуп, аны сууга жеткирбей кайра куугандагысы экен. Келин кайрадан эсине келгенде, мостойгон Жуман күнөөлүү экенин билип, чоң атасынын алдында көзүнө карай албай турду.
…–Карып бара жатам, балам. Сени үйрөнө берсин дедим эле, балалык кылып койдуң, эч нерсе эмес. Биздин тукум жүргөн жерде албарстылар даабайт. Камчы менен чапкылап турганыңда, алар кирүүгө даай алышпай, боз үйдү айланчыктап жүрүшкөн. Тигилерге алаксый түшүп күлгөнүңдө, албарстылар кире калышып, мүдөөлөрүнө жеткен экен. Мен не бар, не жок деп атымды жа-ай бастырып, сайдагы сууга жетип калгам… Сени баласынткан турбайбы, эмкиде антпейсиң, – деп, небереси Жуманды маңдайынан сылап, Эшбото аксакал сооротуп койду.
Жуман, аз жерден бирөөнүн өлүмүнө себепкер болуп кала жаздаганын баамдап, чоң атасынын айткан сөзүн экинчи эстен чыгарбайм дегенсип кичинекей муштумун түйө, ичинен кыжаалат болуп турду…