Залкар сынчынын чабыттуу тагдыры…
Бул тагдырбы – ким билсин?.. Менин тагдырыма залкар сынчы Кеңешбек Асаналиевдин “Адабий айкаш” мемуарын кол жазма түрүндө окуп, редакциялоо иши (2008-жыл) буйруган экен… Кандай болгон күндө да, ушундай чоң сынчынын: кыргыз адабиятынын тарыхы, теориясы боюнча алдына эч кимди чыгарбаган кашкѳй сынчы-адабиятчынын акыркы эмгеги, тактап айтканда, реквием чыгармасы “Адабий айкашты” редакциялап, ага редактор болуп калганыма сыймыктанам… Атактуу адабиятчынын жанында жүрүп, көптү үйрөнүп, илим жолуна аттанганым.., агайдын ѳзү айткандай, чыгармачылыгынын жыйынтыгы болгон эмгегин окуп калгандыгым.., ойлоп көрсөм, чындыгында – бул тагдыр экен… Редактор катары карап чыгууда мени алгач таң калтырганы, стили шайма-шай келип, ойду вербалдуу бергендиги, идеясы так, ачык, ой-жүгүртүүсү логикалуу, образдуу болгондугу – мемуарды чыныгы жазуучу жазгандыгына болгон ишенимимди ого бетер арттырып, азыркы күндѳ да ошол эле күчүндѳ жашап келатат…
Кеменгер сынчынын ѳмүрүнүн соңку күндѳрүндѳ жазып баштаган бул автобиографиялык чыгармасын бүтүрүүгѳ абдан ашыкканына өз көзүм менен күбө болдум эле… Бир жолу, кыштын суук күндөрүнүн биринде үйүнө барып калсам, (бул – 2007-жылдын январь айы эле, арадан бир ай ѳтпѳй, көзү ѳтүп кетти: ошол жылдын 12-февралында жерге берилген…) жазып жаткан кол жазмасынын жазып токтогон жеринен окуп берип; “буйруса, бүтүп калдым, жүз беттей эле калды, эң кызыктуу жерине келдим, жаз келсе, жаз менен кошо бүтүп калам…” – деп айткан эле. Кеңешбек агай, ошол жылы жазды эмнегедир, бөтөнчө сагынып, күттү эле… Ошондо, жаз чыгарына кѳп болсо эки эле ай калды эле… Аттиң, өзү айткандай, жаз менен агайдын кол жазмасы да бүтмѳк экен! Жаркыраган жаз менен кошо бүтмѳк экен!.. Бирок, агай бүтпѳй кетти… Тагдырдын башка салганы буга жол берген жок… ϴмүрүнүн соңку күндѳрүндѳ да Тагдырдын буйруганы – “күтүлбѳгѳн күтүүсүздүк” максатына жеткирген жок… Тагдырга кантип кезиккендиги, күтүлбѳгѳн күтүүсүздүктѳр дайым коштоп жүргѳнү, бир кечкен сууну бир эмес бир канча кечкени, тагдыр сыноосу, коркунуч карааны бир топ жыл сая кетпей ээрчип келгенин өзү мемуарында айтпадыбы… Балким, жаны чымчык болуп учар акыркы мүнөттөрдө дагы тагдыр сыноосу, коркунуч карааны аягына чейин ээрчип келгендир?.. Мына ушул сыяктуу күтүүсүздүктѳр, курч кырдаалдар реквиемин аяктоого жол берген жок! Аттиң! “Адабий айкашты” колго алган сайын мына ушул сѳздѳрү эсиме түшѳт да, кѳз алдыма жазуу столунда отуруп, мемуары тууралуу сүйлѳп жатканы элестейт… Ошентип, тилекке каршы, мемуарын бүтпѳй калды, аны аяктоого шум ажал жол берген жок, эң ѳкүнүчтүүсү, Асаналиевдин ѳз сѳзү менен айтканда, “ѳмүрүнүн, дегеле кыргыз адабиятынын, маданиятынын абдан кызыктуу, туздуу, мурчтуу учуру” тууралуу дагы терең ачыла турган жактары ачылбай, агайдын өзү менен кошо купуя кетип, ал жагын жалпы окурмандар журту биле албай калышты! Ошону менен ал мезгилдин чындыгы аягына чейин ачылбай кала берди!.. Балким, ачылбай калган чындык; Асаналиевдин эле жеке тагдырына тиешелүү эмес, мүлдѳ кыргыз элинин, кыргыз адабияты менен маданиятынын ачуу чындыгы болуп жүрбѳсүн?.. Доордун чындыгы болуп жүрбѳсүн?.. Суроо кѳп, суроолор ѳтѳ кѳп… Чечилбеген суроо, ѳзү менен кошо кеткен жоопсуз жооптор… К.Асаналиевдин кѳзүнүн ѳтүшү менен кѳптѳгѳн суроолорду жараткан чындыктын “көзү” ачылбай кетти?!.. Аны агай өзү менен кошо ала кетти…
Дүйнѳлүк адабий процессте “тагдыр”, “жазмыш”, “ѳмүр”, “чындык” сыяктуу түшүнүк-категориялар тууралуу эмне деген гана эмгектер жазылган жок. Көптөгөн илимий трактаттарда, изилдѳѳлѳрдө, аңгеме, романдарда, күндѳлүктѳрдө, эскерме-баяндарда ушул түшүнүктөр көркөм чагылдырылганын байкайбыз. “История культуры – это история человеческой памяти, её углубления и совершенствования. Память активна. Она не оставляет человека равнодушным, бездеятельным… и владеет умом и сердцем человека” (Лихачев Д.С. Прошлое – будущему. – Л., 1985. С. 65.) – деп, белгилүү окумуштуу Д.Лихачев айткандай, ѳзү башынан ѳткѳргѳн тарыхты, же тагдырындагы оош-кыйыштуу окуяларды кагазга түшүрүү, эстеп калуу, эске тутуу сыяктуу касиеттер менен жазылган автобиографиялык роман, эскерме-баян сыяктуу мемуардык чыгармалар окурмандар үчүн да, тарых үчүн да кызыктуу келип, улуттун тарыхы тууралуу билүүгѳ жардамдашат эмеспи. Мемуар чыгарманын табиятын адис А.Тартаковский эң туура белгилеп кѳрсѳткѳн: “В мемуарном творчестве особенно полно выражается историческое самосознание личности”. Мемуардык чыгармада автор улуттук адабиятты, маданиятты улуттун бѳлүнбѳс бѳлүгү катары аныктап, бѳлүп кѳрсѳтѳт. Ушул себептүү да мемуардык чыгарма жазууга дүйнѳнүн алдыңкы инсандары кѳп кайрылышкан. ϴзүнѳ-ѳзү анализ жүргүзүү (самосознание), же болбосо “сырачуу” (исповедь) кѳркѳм адабиятта маанилүү роль ойнойт. Бул салт Батыш адабиятында, айрыкча француз маданиятында жакшы ѳнүгүптүр, француз чыгармачыл инсандары, ойчулдары абдан ийгиликтүү тажрыйбалашкан, алсак, Монтень, Дидро, Стендаль, Делакруа ж.б. күндѳлүк, эскерме, мемуарлары. Бирок мемуардык чыгармалар кыргыз адабиятында анча көп кездешпейт. Мындай болуунун себеби; биздин элде андай салттын жоктугу жана ага акын-жазуучулардын маани бербегенинен болушу мүмкүн. Дүйнөнүн улуу жазуучуларынын каттары менен күндөлүктөрүндѳй чыгармаларды кыргыз окурмандары деле күтүшѳт: кыргыз сүрѳткерлери эмнегедир, бирөө жөнүндө эскерүү жазганды, кат менен күндөлүк сыяктуу дөөлөттөр чыгармачыл адамдын тагдыры менен чыгармаларына табылгыс документ – даректүү баян болуп берерин эске алышпайт окшойт… Же болбосо, ѳмүр баянын кошуп, ѳзү жашаган коомдун чындыгын ачып берүү татаалбы, интимдүүбү, аларды шардана колдонуудан тартынышабы?.. Ушул жагы табышмак… Эгерде кыргыз адабиятынын тарыхына кайрыла турган болсок; Ж.Абдырахмановдун “Күндѳлүгү”, К.Акиевдин “Баскан жол”, М.Элебаевдин “Узак жол” романы, Т.Сыдыкбековдун автобиографиялык романдары, У.Абдукаимовдун “Күндѳлүгү”, Т.Адышеванын “Кылы үзүлгѳн комузум” эскерме китеби, А.Жакыпбековдун “Күндѳлүгү”, М.Акаеванын “Үмүттүн шооласы үзүлбѳйт” мемуары сыяктуу саналуу гана мемуар жанрынын талабына жооп берген чыгармалар кездешет. Мына ушул белгилүү мемуардык чыгармалардын ичинен кыргыз элинин мыкты уулу, кеменгер адабиятчы Кеңешбек Асаналиевдин “Адабий айкаш” (2008-жыл) аталышындагы мемуары ѳзгѳчѳ сѳз кылууга арзыйт. Аталган мемуарын жазуу менен К.Асаналиев кыргыз мемуар жанрынын ѳнүгүшүнѳ чоң салым кошту, мемуар жанрынын, мемуардык чыгармалардын табиятын жогору көтөрдү, жаңылык киргизди деп ойлойм… Буйруса, бул чыгарманын табияты жөнүндө келечекте атайын илимий иштер жазылат, тереңден каралат деп ойлойм…
Адабиятчы жѳн гана автобиографиясын жазганга умтулган эмес: “…Жеке биографиямды баяндоо менин максатыма жатпайт, жашоо-ѳмүрүмѳн кандайдыр бир ѳрнѳк, үлгү издебейм. Маселенин уңгусу, менин жашоо-ѳмүрүм Совет доорунун кыргыз жериндеги эң бир кызыктуу учуруна туура келип, ошол мезгилде эң атактуу, эң даңктуу улуу-кичүү адамдар менен замандаш болгонумда. Демек, бул саптар эң оболу менин замандаштарым, менин муундарым жѳнүндѳгү, арийне жекече турмушумдун урунттуу учурларына байланыштуу жүргүзүлгѳн ой толгоолор, кѳз караштар, жыйынтыктар” (К.Асаналиев. Адабий айкаш. – Б., 2008. 7-б.) – деп, ѳзү белгилеп кѳрсѳткѳндѳй, мемуарында жѳн гана ѳзүнүн башынан ѳткѳнүн айта бербестен, аны кайрадан кѳз алдына элестетип, эскерүүсүнѳн улам тарыхка керектүү нерселерди таап чыккан. Алты бѳлүмдѳн турган чыгармасында кантип адабиятчы болуп калгандыгы, кыргыз адабияты, маданияты, дегеле коомчулугундагы “майдандар”, “дѳѳлѳрдүн” кармашы, Чыңгыз Айтматовдун адабиятка келиши, “Манас” эпосундагы кырдаалдар тууралуу кеңири маалымат берилет, анализге алынат, талданат, чындыгы калыстык менен каралат.
Бул эмгектин негизги максаты – кыргыз окурмандарын кыргыз элинин маданий-тарыхый турмушу менен тааныштыруу болуптур. Мемуарды окуп баштаганда, К.Асаналиев ѳзүнүн ѳмүрү тууралуу кеңири сѳз кылуу максатын койбогондугу, анын маани-маңызы деле жоктой болгондугу ачык байкалат. Ушул жерден ѳзү жөнүндө, китеби тууралуу айткан орус элинин улуу жазуучусу А.П.Чеховдун сөзү эске түшѳт: “Читайте мои книги, у меня же там все написано”. Чындыгында, К.Асаналиевдин жеке тагдыры кѳпчүлүккѳ үлгү болорлук, башынан кандай кыйынчылык, азап-тозокту ѳткѳрсѳ да, алдына койгон максатынан артка тарткан эмес, сүйүүгѳ да абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасаган. Автор эмне үчүн мемуар жазгандыгын, “чындыкты гана айткым келген” деп түшүндүргѳн экен… ϴткѳндү эске түшүрүү – татаал кубулуш. Анткени, кээ бир авторлор ѳткѳндү өтө кооздоп жиберет, кээ бири чындыкты айткандан тайып, чычая качат. Эскерме чыгармаларда ушундай учурлар көп кездешет. К.Асаналиевдин мемуары болсо, мындай эмгектерден эмес; бул чыгармада баяндалгандардын баары чындык.
“Никакие художественные многотомия не расскажут лучше, полнее, интереснее о прошлом, чем дневники, воспоминания, письма внимательных и добросовестных летописцев своего времени” (И.Т.Твардовский “Родина и чужбина”) – деп айтылгандай, К.Асаналиев мемуар, эскерме китептер чындыкты ачып берерин жакшы түшүнгѳн. Автор баарын ачык айткан, бирок, жогорку маданияттуулукта, акылдуу ой-жүгүртүү менен, кеменгерлик менен турмушка чындыктуу карап, адамдар жѳнүндѳ жазып жатканда аларды сыйлоо менен, керт башына эч кандай шек келтирбѳѳ менен, акылдуулук мүнѳзүн эч жоготпостон жазган. Тагдырдын ар кыл сыноолорунда эч сынбаганын, ѳзүн жоготпогонун, интеллигенттик сапатын эч түшүрбѳгѳнүн эч кандай кѳркѳм кооздочулукка барбастан, жѳнѳкѳй жана түшүнүктүү тилде жазган. Мемуардын мына бул жагы мактоого татыктуу. Кыргыз айылында туулуп, “Турмушта канчаларды кѳрбѳдүм: Ата-Мекендик согуш, Сталиндик доор, Брежневдик “магдыроо” – деп ѳзү белгилеп кѳрсѳткѳндѳй, кыргыз элинин ѳтѳ татаал да, ѳтѳ кызыктуу да учурунда жашап, кыргыз адабиятынын соцреализм методунун темирдей тартибинде ѳнүккѳн учурунда эмгектенип, эркин адабиятка умтулган учурун башынан ѳткѳрүп, бүт ѳмүрүн адабиятка сайып койгондугун, ошол эле мезгилде ѳзүнѳ жакпаган иш менен да алектенгенин эч жашырбастан айтып берген.
Мемуардын негизги темасы – Тагдыр. Баяндалган окуялар тематикалык жагынан ар кыл болгондугуна карабастан адам баласынын тагдыры, адам баласынын жаратылышы, табити, ар кандай жагдайларда болгон адам мүнѳзүн ачып берүү – башкы максаты болгон. Жеке тагдыры менен бирге ар кыл тагдырларды, совет коомунун адамга жасаган мамилеси, кыргыз тарыхы тууралуу ой-жүгүртүүнү бир сызыкка батырган. ϴзү башынан ѳткѳргѳн тагдырды болгонун болгондой башынан аягына чейин сүрѳттѳй бербестен, байкоолорун, кээ бирлерин эске түшүрүүдѳн, жеке тажрыйбасын, эсинде калгандары боюнча ой-жүгүрткѳн. Автор жеке тагдырын жазуу менен ѳз муунунун тагдыры кандай болгондугун, согуштан кийинки муундун тагдыры кандай болгондугун ачып кѳрсѳтүүдѳ негизги басымды адабиятчы болуп калыптанып калган мезгилине, кыргыз адабиятынын оош-кыйыш мезгилине – согуштан кийинки учурга бурган.
“Судьба сделала меня специалистом по древней литературе” – деп орус адабият таануу илиминин классиги Д.С.Лихачев (“Земля родная”) белгилептир. К.Асаналиев да мемуарында ѳзүнүн жаштыгы, кантип – Тагдырга жолукканы тууралуу жана жеке тагдырынын драмасын айтып жатып ал мезгил, ал коом тууралуу реалдуу чындыкты ачыкка чыгарып, ал доордун ѳзгѳчѳлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, кыргыз элинин башынан ѳткѳн тарыхый чындыкты ачып берүүгѳ жетишкен, жеке тагдыры тууралуу айтууда тарыхый хронологиялык байланышты ой-жүгүртүү менен уланткан, бир дагы ойдон чыгарылган каарман, окуя жок, реалдуу шарт ачыкка чыккан. Мемуардан окурмандар үчүн ѳтѳ кызыктуу фактылар, материалдар табылат; балалыгын, жаштыгын, жеке тагдырын, кантип адабиятчы, сынчы болуп калгандыгын жазуу менен кыргыз адабияты, дегеле кыргыз коому тууралуу кеңири маданий-тарыхый фондо ѳлкѳбүздүн ѳткѳнүн, кѳп жылдык кѳркѳм-эстетикалык салтын айтып берүүгѳ жетишкен.
Чын эле К.Асаналиев Тагдырга жолуккан экен, окумуштуу болом деген ою, толук бышып жете электе, ѳзү эч тандабастан, ѳзү эч аракеттенбестен адабий дүйнѳгѳ кезиккендиги, адабияттын дүйнѳлүк дѳѳ-шаалары эмгектенген, белгилүү “Пушкинский дом” деген илимий борбордон окуп калганы, Д.С.Лихачев, Б.В.Томашевский, Н.К.Пиксанов, М.П.Алексеев, А.С.Бушмин, Б.С.Мейлах, П.Н.Берков сыяктуу алдыңкы адабиятчылардан лекция угуп, “окумуштуулук атмосферасында” үч жыл жашоо менен “университеттик курсту”, болгондо да эң жогорку курсту бүткѳндүгү “адабий илиминдеги” жолун ачып, келечек жолун айкындап бергендиги улам барган сайын күчѳп отуруп, дүйнѳлүк деңгээлдеги ойчул деген даражага жеткирсе, кыргыз жерине кайтып келген соң, Т.Сыдыкбеков, А.Токомбаев, У.Абдукаимов, Я.Шиваза, К.К.Юдахин, Б.М.Юнусалиев, Ч.Айтматовдор менен замандаш болгону, кыргыз маданиятындагы негизги иш-чараларга катышып, дайыма адабий майдандын борборунда жүргөнү деңгээлинин бийиктешине – ѳз замандаштарынан озуп чыгуусуна жол ачса, үчүнчүдѳн, билимин ѳмүр бою ѳркүндѳтүп отурганы, качан болсо китеп окуп, дүйнѳлүк алдыңкы эмгектерди окуп, алар тууралуу ой-жүгүртүп отурганы отурган эле. Ушунчалык бийик деңгээлге чыккандыгына карабастан китеп артынан китеп окуганы мени абдан таң калтырар эле… Мейли ишинде болсун, мейли үйүндѳ болсун мен кѳрүп, билбеген китептерди окуп отурганын байкачумун…
Мына ушундай жолду басып ѳткѳн жана “профессионалдык ар-намысынан” эч тайбаган ойчул кыргыз адабиятында жарым кылымдан ашуун эмгектенип, чыгармачыл инсандын башкы мүмкүнчүлүгүн байкай билип, кандай чыгарма болбосун талдоого күчү жетип, улуттук адабияттын деңгээлинде эле кала бербестен, дүйнѳлүк деңгээлде ой-жүгүртүүгѳ чейин көтөрүлдү. Ошол үчүн Айтматовдун деңгээлинде ой-жүгүртүп, залкар жазуучубуздун чыгармачылыгын системалуу ачканга кудурети жетип жатат. Адабиятчы болуу – К.Асаналиевдин бешенесине жазылган тагдыры экен, ѳзү айткандай, кыргыз эли эгемендүүлүккѳ жеткен 90-жылдары адабиятка болгон кѳңүл буруу солгундап, окурмандардын кызыкчылыгы да баштагыдай болбой, калктын кѳңүлү башка нерсеге бурулуп турган, китеп окугандан кѳрѳ кара курсактын айласын ойлоп калган, сериал кѳрүү сыяктуу массалык маданиятка кызыккан, азгырылып турган учур болгон. Чындыгында бул жылдарда кѳркѳм адабияттын парадигмасы нравалык, эстетикалык, идеологиялык жактан ѳзгѳрүп, адабият да, жазуучу да, окурман да ѳзгѳргѳн, дөөлөттөр алмашкан мезгил келген. Цензурага баш ийбеген эркин адабият жаралууга кадам таштаган мына ушул учурда адабий сын жоголду десек болот. Бир жагынан гонорардын жоголушу, бир жагынан сынды кабыл албоо сыяктуу кѳрүнүштѳр башталып, же болбосо жалаң гана кошомат кылган, жагымпоз сындар жазылып башталган, адабияттын да, жазуучунун да, окурмандын да тиби алмашкан мезгилде жазуучу-окурман-сынчы мамилеси токтоду. Мына ушуну менен адабияттын функциясы баштагыдай баалуу болбостон, коммерциялык жагына басым коюу орун алып, жогорку маданияттын ордун телевизиондук жеңил-желпи программалар, мелодрамалар ээлеп калган учурда буга чейин эмгектенип келген адабиятчы-сынчылардын кѳбү башка сферага ѳтүп, кээ бирлери саясатка аралашып, илимий иш менен алектенбей калган ал мезгилде К.Асаналиев гана адабияттан алыстабастан, баштагыдай күжүрмѳндүктѳ иштѳѳсүн улантып, эч качан адабий процесстен алыстабастан, сынчылык ѳнѳрүн таштабастан, адабиятка берилген бойдон, ѳмүрүнүн акырына чейин ага болгон ишеничинен кайтпаптыр.
“Я научилась просто, мудро жить” – деп, Анна Ахматова айткандай, К.Асаналиев жаш кезинде атак-даңкка жетип, кызмат тепкичинен да ѳйдѳлѳп, кѳп ѳтпѳстѳн “куугунтукка” кабылып, бир канча жыл кызматсыз, адабий чѳйрѳдѳн алыс жүргѳн оор күндѳрдү башынан ѳткѳргѳнү, тагдырына туш келген мына ушул жолду, ушул татаал жолду басып ѳтүү кандай татаал болгондугун ачык айткан. Кандай кыйынчылыктарды башынан ѳткѳрбѳсүн коюлган талапты каршылыксыз аткарган эмес, Советтик идеологиянын талаптарын кыңк этпей аткарган адамга айланган эмес, буга адабиятчылык да, инсандык да касиети жол берген эмес. Мындай мүнѳзү кызматсыз жүргѳн учурунда бешенесине бир келген “кырдаалды” пайдаланбаганынан байкалат: “Кызматсыз калган кезимде “Биринчи” ѳзү чакырып жатат. Ушул сыяктуу кырдаал мындан ары эч качан түзүлбѳйт да, жаралбайт. Бул дагы ѳзүнчѳ бир тагдыр. “Биринчиге” ауденцияга жетүү – асманга жетүү менен барабар. Демек, ушундай абалда ѳзүнѳн-ѳзү түзүлүп, жаралып жаткан кырдаалды максимум ѳз кызыкчылыгыма пайдаланыш менин милдетим. Мен үчүн ошол учурда максимум кызыкчылык – кызмат экендиги талашсыз. Түшүнүктүү, ѳзүнѳн-ѳзү жаралган ситуацияны дал ушул ыңгайда, дал ушул максатка багыттап, пайдалануу муктаждыгы биринчи орунга чыгат. Ушундай ситуацияда мен канттим, кандай абалда турдум, кеп ушунда. Бул, же менин турмуштук мажирѳөлүгүм, же билбейм… эмне экенин, мен макала жана эки аңгеме жѳнүндѳгү ѳз позицияман кайтканым жок, Биринчинин күткѳн оюна ыңгайлаша албадым. Сынчы айткандай, Күнѳстүү кыргыз жеринде үч күн тынымсыз жүргѳн “бороондон”, же таяк, таш эмес, ок тийгенде да “Каңк” этип койбогон “сарала иттен” кандайдыр бир идеологиялык – саясий подтекст, аллегория издеп, авторлорго саясий күнѳѳ коюуга мен батына албайт элем” (Асаналиев К. Адабий айкаш. – Б., 2008. 248-249-б.).
Башка бирѳѳ болгондо бул учурду колунан чыгарбас эле! К.Асаналиевдин жазуучуларга, чыгармачыл инсанга, дегеле адамзатка жасаган мамилеси, адамды түшүнүүгѳ жасаган мамилеси мындай ишке жол бербейт эле. Анын адабиятчылык, илимпоздук касиет-сапаты кѳркѳм чыгармага жеңил-желпи, үстүртѳн мамиле жасоого такабастан, чыгармачылыкка олуттуу мамиле жасоого, чыгармадан, же автордон саясий күнѳѳ, идеологиялык ката издебестен, автордун позициясын тереңирээк ачууга, чыгарманын идея-максатына масштабдуу караганга аракеттенген. Анын негизги ѳзгѳчѳлүгү мына ушунда.
К.Асаналиев кыргыз элинин совет доорундагы учурун сүрѳттѳѳдѳ адабият, маданият баары саясий аренага айланганын, турмуштун ѳзү саясий программага айланып, идеал, эстетика, адамдын ѳзү маани-маңызы эч нерсеге арзыбай калган учурду да башынан ѳткѳргѳндүгүн, коомдун ѳзү трагедиялуу болгондугун ачып кѳрсѳткѳн. Бул чындыкты ар кандай жолдор менен кээде күнүмдүк кѳр тирликтин ѳзүн сүрѳттѳѳ менен, кээде ой-жүгүртүү, кээде эске түшүрүү менен реалдуулуктун ѳзүн ачып берүүгѳ жетишкен. Мына ушундай изденүүлѳрдѳн кийин “Адабий айкаш” – инсандын жеке турмушу менен бирге элинин тарыхын чагылдырган уникалдуу эмгек болууга жеткен.
“Адабий айкашты” окуп отуруп, сынчынын кеменгерлигине дагы бир жолу баа бересиң, биринчиден, мемуар жанрынын табиятын, теориясын абдан жакшы ѳздѳштүргѳнү ачыкка чыкса, экинчиден, кыргыз элинин ХХ кылымдагы маданий-тарыхый ѳнүгүшү тууралуу керектүү, зарыл маалыматтар так, эч бурмаланбай обьективдүү берилгени, XХ кылым кыргыз элинин тарыхында ѳзгѳчѳ орунду ээлейт, дал ушул мезгилде кыргыз эли маданий жана адабий ѳнүгүүгѳ ээ болгон, айрыкча экинчи жарымында адабият менен искусство алдыга кеткендиги, ошол эле мезгилде оош-кыйыш окуялар да болгондугу, булардын кыргыз элинин тагдырына кандай таасир бергендиги тарыхый фактылар менен автордун ѳзүн-ѳзү аңдоосунун негизинде ачылып берилген. Автор эркин ойлонуп, эркин жазган, инсандык ѳзүн-ѳзү аңдоого жол ачуу менен кѳркѳм текст менен документалдуу тексттин ортосундагы ажырым жоголуп, автор ойлоп тапкан, же ойдон чыгарылган чындыкты чагылдырбастан, реалдуу чындыкты чагылдырган. Же, Г.Гачев айткандай, “альтернативдүү адабиятты” жараткан. Жанрдын талабына ылайык ѳзгѳчѳ кѳркѳм дүйнѳнү түзүүгѳ жетишип, даяр штампка салып жазган эмес. Реалдуу чындык автордун интерпретациясында ѳзгѳчѳ дүйнѳнү жаратууга чейин ѳсүп жеткен.
К.Асаналиев келечек муун өткөндү, азыркы учурду туура түшүнгѳнгѳ жана келечекке туура багыт алыш үчүн ѳткѳндү так билүүгѳ тийиш экендигин жакшы түшүнүп, ѳзүнүн башынан ѳткѳн тагдырын, элинин тарыхын чындыктуу жазуу эң башкы экенин, чындыкты эч жасалмалабастан берүүнү максат кылып, ошол чындыктарды обьективдүү берүүгө, калыс берүүгө бүт күчүн жумшап, окурмандары менен чын жүрөктөн сыр төгүшөт, маектешет. Доор тууралуу, сүйүүсү тууралуу, ар кыл кездешүүлѳр тууралуу, турмуш тууралуу философиясын, дегеле баарын обьективдүү баяндап, батырган. Мемуар жазууда ѳтѳ обьективдүү болгон, коомго да, ѳзүнѳ да, ѳзүн курчап турган айлана-чѳйрѳдѳгү таланттуу адамдарга да, адабий процесстин ѳзүнѳ да, эгерде чыгармалар талданып жатса ага да обьективдүү мамиле жасаган. ϴзү айткандай, “профессионалдык ар-намысынан” эч тайган эмес. ϴзү дайыма адабий майданда, адабий талаш-тартыштардын ортосунда жүрсѳ да, адабий талашка түшкѳн чыгарма болбосун, жеке инсан, чыгармачыл инсан болбосун, ал учурдун, адабий атмосферанын чындыгын айтканга умтулуп, калыс пикирин айтканга аракеттенген. Маселен, Шүкүрбек Бейшеналиев менен болгон мамилеси тууралуу да, Узакбай Абдукаимовдун “Майдан” романы талашка түшкѳн талкуу тууралуу да, Чыңгыз Айтматовдун адабиятка келишинен тарта ал тууралуу талаш-тартыштарда, кескин, курч айтылган сындарда да, Түгѳлбай Сыдыкбеков менен болгон жеке мамилесинде да, же болбосо Түгѳлбай Сыдыкбековдун Аалы Токомбаев менен болгон мамилеси, Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун мамилеси тууралуу да, курч саясий талаш-тартыштарда да, “Манас” эпосуна жасалган саясий мамиледе да, эпоско карата айтылган вульгардык сындын күчѳп турган кези тууралуу да калыс айтканга аракеттенген. Дайыма ситуацияны түшүнгѳнгѳ, саясий атмосфераны баалаганга аракеттенген. Мына ушул жагдайлар автордун обьективдүүлүгүн айгинелеп турат. Пикирибиздин тууралыгын К.Асаналиев жаңы университетти бүткѳндѳгү деңгээли кандай болгонун Узакбай Абдукаимов тууралуу айтканы менен бекемдесек болот: “Мен ал кишини ошол учурдагы ѳзүмдүн гана бийиктигимен, ѳзүмдүн гана ошол кездеги тар, бир беткей түшүнүгүмдѳн карап кѳрүп, ошол ѳлчѳмдѳн гана бүтүм чыгарган экемин. Эгер менин адабий жолумдагы эң биринчи кездешкен адам Узакбай Абдукаимов сыяктуу интеллект, кылдат сезимдүү ар тарабын максаттуу ойлогон сабырдуу адам жолукпай, кандайдыр бир чалагайым, адабий мансапкор бирѳѳ болуп калган болсо, билбейм менин ошондогу драмалуу кырдаалдагы адабий, ал турмак адамдык тагдырым кандай чечилет эле…” (Асаналиев К. Адабий айкаш. – Б., 2008. 72-б.). “ϴзүмдүн гана бийиктигимен, ѳзүмдүн гана ошол кездеги тар, бир беткей түшүнүгүмдѳн карап кѳргѳн экемин” – деп, ѳзүнѳ баа берип жатат. ϴзүбүз тууралуу адабий деңгээлибиздин, билимибиздин тѳмѳндүгү тууралуу кѳпчүлүгүбүз эле минтип туура айта алабызбы?. Чындык ушундай! Анан кантип улуу ойчулду калыс, обьективдүү адам деп баа берүүгѳ болбосун?
Улуттук адабият улут алдындагы нукура, накта милдетин аткаруу үчүн чоң маданияттын эшигин кагуу керектигин, улуу үлгүлѳрдѳн үйрѳнүүнүн зарылдыгын, тагыраак айтканда, дүйнѳлүк маданиятка, жалпы адамзаттык наркка жетмейинче накта милдетин аткара албастыгын атайы бѳлүп кѳрсѳткѳн. ϴзүнүн бир кездеги агам деп сыйлаган, анын айтканын закон катары кабыл алган, “анын чыгармасы боюнча диссертация жазгандан кийин” аны коргошум керек деп чечкен жакшы санаалашы Түгѳлбай Сыдыкбеков менен мамилеси “Батийна” романынын жарыкка чыгышы менен бузулганын, чындыгында “чыгармачыл мамилени” бузгусу келбегенин, бирок роман тууралуу оң пикир айта албагандыгын, буга адабиятчы-сынчылык жана инсандык мүнѳзү жол бербегенин “Батыйна” романы кѳркѳмдүк жактан жаңы сапаттык деңгээлге кѳтѳрүлѳ албагандыгын, “Зайыптар” трилогиясынын экинчи китеби “Ашуу” кѳркѳмдүк жагынан “Курбулар”, “Сыр ачуу” “Батыйнадан” да тѳмѳн түшүп, кандайдыр бир жаңылык алып келбегендигин, жазуучунун “Тоо арасында” романынан кийин чыгармачылык “кризиске” такалганын ачык айткан. Мемуар жазып жаткан учурунда эмес, ал мезгилде (60-жылдар) Т.Сыдыкбеков атактуу жазуучу болуп турганда, экѳѳнүн ортосундагы сый мамиле абдан курч кезинде, ѳзү жаңы эле жактап келген, жаш кандидат болсо, Сыдыкбеков Улуу жазуучу болсо, романга оң маанидеги макала жазыш керек деген принципте макала жазмак, эгер ушуга “сынчылык түшүнүгү” жол берсе, бирок андайга барган жок, макала сѳзсүз сын аспектисинде болорун аң-сезиминде сезип-туюп, андай макала жазбаптыр. Улуу жазуучу менен мамилеси бузулуп калуудан да коркпоптур. Мына ушундай кашкѳй мүнѳзүнѳн эле обьективдүүлүгү ачылып жатпайбы!
Автор мемуар жанры – бул ойдон чыгарылган, же автордун фантазиясынан жаралган кѳркѳм чыгарма эместигин жакшы сезип, мындай чыгарма жазуудагы милдетти эсинен чыгарбастан, мемуарын жараткан. Чыгармадагы баяндалган окуялардын чындыктуу экендиги мемуарды окуп баштаганда эле сезилип, окурманды ушул жол менен ээрчитип отуруп, автор реалдуу чындыкты чындыктуу жазгандыгы, чындыкты айтууда жакшы жагын гана айтуу менен чектелбестен, ачуу чындыкты, терс, жаман жагын да жашырбай айткан. Мемуардан турмуш жалаң гана жакшы нерселерден турбастыгы, адам баласынын тагдырында жакшы да, жаман да эриш-аркак жүрѳрү сыяктуу реалдуулук ачыкка чыгат. Мына ушунусу менен окурмандардын сүйүүсүнѳ айланууга жетишип, чындыктуу жазылгандыгы менен окурмандарды ѳзүнѳ тарткан. Тактап айтканда, окурмандарды тажаткан эмес. Маселен, кантип адабиятчы болуп калгандыгынын оң жана терс жагын: “Кеп, жалгыз менин керт башымда эмес. Маселенин түйүнү, бир эле мен эмес, мага окшогон бир нече муун бирдей жашап, бирдей тартипке кѳнүп, бирдей жол-жобого баш ийип, ал турмак бирдей ойлонуп, (айрыкча коомдук турмуш маселелери боюнча), бири-бирибизге коендой окшош болуп ѳскѳнүбүздѳ. Натыйжада, канчалык деңгээлде бирдей ойлонуп, канчалык деңгээлде бири-бирибизге окшош болгонубузду улуттук мартаба, жалпы элдик сыймык маанисинде түшүндүк” (Асаналиев К. Адабий айкаш. – Б., 2008. 30-б.) – деп, ачык айткан. ϴзү тууралуу мына ушинтип айтып жатканынан эле байкалгандай, жеке тагдырынан сабак алуусу да, жеке турмушуна тиешелүү маалыматтар жымсалданбай, ачык жазылган. Автордун ѳзүнүн башынан ѳткѳргѳн окуялар чындыкка жараша ачыкка чыккан, тактап айтканда, автобиографиялык чыгарма жазуудагы ыйык, бузууга болбой турган жол-жобо – чындыктан тайбай жазуу керек деген мыйзамдан автор чыгып кеткен эмес.
“Адабий айкаштан” кыргыз адабиятындагы ар кандай кырдаалдар болгондугу, кыргыз совет адабиятынын кандай ѳнүккѳндүгү жана адабий процесстеги ѳз ара жиктелүү, акын-жазуучулардын ѳз ара мамилелери, ич ара бѳлүнүү сыяктуу маалыматтарды кеңири ала алабыз, тагыраак айтканда, кийинки муун үчүн кызыктуу да, таң калыштуу да моменттер ачыкка чыгат. Маселен, кыргыз адабий турмушунда Аалы Токомбаевдин орду, ролу кандай болгондугу тууралуу чындыктуу маалыматтар, акындын улуттук адабияттын ѳнүгүшүнѳ кандай таасир бергени тууралуу бир окуяны айтканын окуп кѳрсѳк маселенин түйүнү чечилет: “1958-жылы Москвадага кыргыз искусствосунун жана адабиятынын декадасында мурда эч ким билбеген, аты чыга элек Ч.Айтматовдун “чуу чыгарган” ийгилигинен кийин кыргыз жазуучуларынын арасында экиге жиктелүү процесси башталат (“Токомбаевчилер-Айтматовчулар”). Жазуучулар союзунун жаңы председатели – Токтоболот Абдумомунов. Эки паритет-секретарь бар болчу: Ш.Бейшеналиев жана С.Эралиев. …Бул тарапка келген жазуучулар бѳлүнүп, жиктелип, тандап, же Ш.Бейшеналиевдин, же С.Эралиевдин кабинетине гана киришчү. Кыргыз жазуучуларынын “экиге бѳлүнүшү” дал ушинтип башталган. Ш.Бейшеналиевге киргендер – “Токомбаевчилер”, С.Эралиевге киргендер – “Айтматовчулар”, бул түшүнүктүү” (Асаналиев К. Адабий айкаш. – Б., 2008. 81-б.) – кыргыз адабиятындагы парадоксту мына ушундайча түшүндүргѳн. Жѳн эле тѳраганын жанына атайы эки кабинетти бѳлүп, эки башка секретарь шайлап, анан бѳлүп койгондой. Бул парадокс эмей эмне? Дал ушул бѳлүнүш кыргыз адабиятында 90-жылдарга чейин уланып келгени баарыбызга маалым. Кеп бѳлүнүштүн ѳзүндѳ эмес, улуттук адабияттын мына ушундай “бѳлүнүүчүлүк” касиетинен улам “дүйнѳлүк чоң үйгѳ, улуу маданиятка” (К.Асаналиев) кире албастан “жергиликтүү чындыкка” байланганга гана калтырып коерун тарых ѳзү тастыктабадыбы!
К.Асаналиевдин залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго карата мамилеси кандай болгону баарыбызга белгилүү го. Так айтканда, Ч.Айтматовду ачкан К.Асаналиев го, “Айтматовдун адабий жолунун магистралдык башталышы” аңгемелери менен башталганын байкоо менен улуу жазуучунун эстетикалык табитин илгиртпей түшүнүп, ал мезгилдеги адабиятка жаңыдан киришкен жаш жазуучунун жазуучулук талантын баалай билген экен. Мындай чоң жыйында доклад окуу “адабий дебюту” болгондугуна, сын жазууга киришкенине кѳп болбогондугуна карабастан жазуучулук жѳндѳмдү байкай алгандыгын баса белгилеп, айырмалап кѳрсѳтпѳсѳк болбойт. Дал ушундай сынчылык дарамети ѳмүрүнүн аягына чейин уланган, акын-жазуучулардын дараметин, табитин байкап, жазган сын-макалалары кыргыз адабий-кѳркѳм процессине ѳз таасирин тийгизип келгени айныксыз чындык го. Ушундай ѳңүттѳ уланган адабий жолунда сүрѳткерлердин чыгармачылыктарына жогорку эстетикалык табитте, дүйнѳлүк улуу жазуучулардын багынткан бийиктиги менен караганга аракеттенген.
Кыргыз элинин ХХ кылымдагы тагдырын, адабий, маданий чѳйрѳдѳгү оош-кыйыштар, илим, билим тууралуу ой-жүгүртүүсүндѳ эмне үчүн кыргыз коому бирдей жол менен ѳнүгүүгѳ бет алгандыгын: “Ал эми биз болсок, социалисттик идеология канчалык күчүнѳ кирип, ѳркүндѳгѳн социализмди карай бет алып турганда, кыргыз интеллигенциясынын согуштан кийинки мууну капарына эч нерсе албай, кандай кѳрсѳтмѳ, жол-жобо жарыяланса, аны дал ошол туруш-турпаты менен кабыл алып, эч каршылык кѳрсѳтпѳй, ар бир тамгасы, ар бир сѳзү, ар бир фразасы кынтыксыз экенине ишенип, кынтыксыз кабыл алып турдук. Чынында адам катарында ѳзүнчѳ ойлонуу жѳндѳмүнѳн, адамдын адамдык эң негизги касиетинен кемип, бѳксѳрүп баратканыбызды байкаган эмеспиз” (Асаналиев К. Адабий айкаш. – Б., 2008. 31-б.) – деп айтканынан улам кыргыз элинин тандап алган жолунун башынан эле калпыс болгондугу, мезгил ѳткѳн сайын ого бетер чиеленип, татаалдашып, жакшы менен жамандын ажырымы барган сайын түзѳлүп отуруп, ѳзүнүн апогейине жеткендиги мемуардын аягына чыкканда ачыкка чыгат. Ушул доордо тѳрѳлүп, ушул доордо окуп, мыкты окумуштуу, алдыңкы адабиятчы, ойчул деңгээлине чыкса да ал доордун кемчилигин ачуудан, ачык айтуудан чегинбестен, доордун чындыгын ачып кѳрсѳткѳн. Турмуштун кыйын кырдаалына капталып, бирок ошондо да адамдык касиет-сапатын жоготпогон, кыргыз элинин тагдырына күйүп-бышкан инсандын сыр ачуусу болгон. Мына ушунусу менен мемуар башка чыгармалардан айырмаланып турат. ХХ кылымдагы кыргыз тарыхын драмалуу сүрѳттѳгѳн “Адабий айкаш” бул доордун документи десек аша чапкан болбойбуз деп айтсак да жарашат.
“Адабий айкаш” жарыкка чыкканда ѳтѳ популярдуу китеп болууга жетишип, кыргыз коомчулугунда бир топ резонанс жаратканы, ушул кезге чейин окурмандардын сүйүп окуган китебине айланып, ѳз окурмандарын таап, окурмандардын китеп текчесинен түшпѳй келатканынын себеби – бул китеп бир гана адабият үчүн эле эмес, кыргыз тарыхын, кыргыз адабиятынын оош-кыйыштуу тарыхын билүүдѳ керектүү китеп болгондугу, ошондой эле, тарыхый, искусство таануу, философиялык, этнографиялык изилдѳѳнүн булагы да боло алары менен түшүндүрүлөт.
Мемуарын жазууда автор автобиография, же окуялардын хроникасын эле колдонуп тим болгон эмес, тарыхый контекстти жеке турмушу менен байланыштырып, ѳзүнүн кыймыл-аракетин тарыхый процесстин бир бѳлүгү катары сүрѳттѳгѳн. Мына ушул үчүн “Адабий айкаш” улуттук адабияттын, дегеле кыргыз коомунун өнүгүш тарыхы үчүн олуттуу мааниге ээ. “ϴзүмѳ миң жолу калп айтсам да, ырыма бир жолу калп айталбайм” – деп, улуу акын Алыкул Осмонов айткандай, К.Асаналиев мемуарын жазууда калпыс айтууга, ѳткѳндү жымсалдатып айтууга барбагандыгын, буга ички маданияты жол бербегендигин байкайбыз. К.Асаналиев эстетикалык табити жогору, интеллектуал болгон. “Табит дегенибиз – ал адамдын ички маданияты, ички сезими, ички түшүнүгү” (Ч. Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдугу. – Б., 2010. 8-т. 25-б.) – деп, Ч.Айтматов айткандай, анын ички маданияты, сезими калп айтууга жол берген эмес. Залкар сынчы жөнүндөгү сөзүбүз да аягына чыгып, жыйынтыкталып баратат. Буга чейин айтууга даай албадым эле, батынып, айта албадым эле, азыр айтууга батынып жатам; К.Асаналиевдин жанында акыл-насаатын угуп жүрүп, адабиятчы катары тарбияландым, жетилдим десем болот; бул улуу инсандан уккан – адабият, чыгармачылык же акын, жазуучу, адабий процесс, тенденциялар, улут адабияты тууралуу сѳздѳрү, пикирлери, көз караштары алар тууралуу ойлорго түрткөн ондогон китептерге караганда кѳбүрѳѳк таасир берди. Кеңешбек Асаналиевдин адабиятка болгон ушунчалык сый-урматы, бийик деңгээли, бийик талаптары, ой-жүгүртүүсү, эстетикалык чен-ѳлчѳмдѳрү менин адабиятка болгон сүйүүмдү ойготту, адабиятчы болуп калышымдын бирден-бир себеби эле агайга байланыштуу, ошон үчүн агайды устатым катары кабыл алам, муну эч кимден жашыра албайм, жашыргым да келбейт… Кеңешбек агай менин Устатым деген сезим кѳкүрѳгүмдѳ дайым жашап жүрѳт!..
Мына, быйыл да жаз келди… Агайдын көзү өткөнүнө он бир жыл болду. Агайсыз өтүп жаткан он биринчи жаз, агай тирүү болгондо 90-жазын жашамак. Бирок, агай жок… Жаз келген сайын ушуну эстейм…“Адабий айкаш” – Кеңешбек Асаналиевдин адабий керээзи, ѳзүнѳ ѳзү тургузган эстелиги деп ойлойм.
Ала-Тоо, №9, сентябрь, 2018, 100-113-б.
Д.Ж.Асакеева
Ф.и.д., К.Карасаев атындагы БГУнун профессору