Пандемия
(аӊгеме)
Курсташым мыкты мугалим Солталиева Гүлгакынын жаркын элесине арнайм
Автор
Кечки тамак ичилип жаткан. Кубан чыныдагы шорпону ичип бүтүп, адатынча телефонун колуна алды да, бир нерселерди окуп отурду. Аялы Гүлгакы телевизорду тиктеп, “Ала-Тоо-24” каналынан жаӊылыктарды карап отурган. Азыр кайсы каналды бурабагын, баарында “дүйнөлүк пандемия” жана “каронавирус” деген гана эки сөз тууралуу үрөй учурган окуяларды айтып калбадыбы. Бул вирустун Кытай жеринен тарап, андан Европага өткөнү, айрыкча, андан Италия, Испания, Франция, Германия жана да Америка сыяктуу мактанган мамлекеттер жабыр тартып жатканын диктор айтып жатты…
-Ушу вирустун атын “таажы вирус” деп аташып, адамзаттын башына чыгып алар бир балээни ойлоп таап алышты окшойт…-деп Кубан телефонунан окуганын айтып кирди.
– Карачы, Италияда бир суткада жети жүз адам каза болуптур… Бул эмне деген шумдук… Каза болгондорду жерге коюп жетише албай жатышат экен… Ал тургай, алардын сөөгүн туугандарына бербестен эле, ооруканадан түз мүрзөгө алып барып көөмп жатыптыр…
Гүлгакы эмне дээрин билбей, колундагы чынысын столго коюп, диванга чалкалай отура кетти.
-Ыя, айланайын, кудай! Ушундай да болобу? Каза болгон жакынына адамдык ариетин жасап, түбөлүк жайына өз колу менен узата албай калуу-эмне деген тозок, ыя? Бул пандемия- адамдын адамдык наркын да жоготот го минтип отурса..?
Кубан оор күрсүндү.
-Биздин базарларда ун кымбаттап, баасы эки эсе көтөрүлүп кетиптир…
-Ооба, бүгүн мектепте мугалимдер да кеп кылып жатышты. Кечээ дем алышта базарга барышса, ун талаш дейт… Бир кап ун эки миӊ сомго, бир кило чеснок эле сегиз жүз сомго чыгыптыр дейт… Биз деле базарга барып, керектүү тамак-аштардан алып алалы… Кокустан, карантин бизге да кирип калса, эшикке чыга албай, ачка калбайлы бала-чака менен…
Гүлгакы аялдык кылып, өйдө турду да, муздаткычын ачып карап койду.
Кубан дагы деле телефонунан көзүн албай сөзүн улады.
-Ооба, дал сени жазган го биякка…-деп адатынча, Гүлгакыны тамашага чалып, борсулдай күлдү,- “кыргыздар оорудан эмес, ачка калуудан коркушат” деп…
-Пейилибиз ач калбасын, кардыбыз ачса тоюнат, Куба. Кантсе да, карантинде үйдө отуруп калсак, эки-үч жумага жетерлик бир нерселерди камдап алсакпы деп атам да… Анан Гүлгакы жүзүнө бата тартып, кудайдан тынч күндөрдү, бала-чакасынын амандыгын тилеп, идиш-аякты жыйноого өттү.
-Биз го, жашарыбызды жашап келатабыз, балдарыбыз менен неберелерибиздин ырыскысын кенен берсе экен кудай…
Ошентти да, неберелери Данел менен Байелди уктоо алдында бети-колдорун жуундуруу үчүн ванна бөлмөсүн көздөй алып кетти.
Кубан милицияда иштеп жүрүп отставкага чыккан полковник наамы бар, бойлуу, бир аз толугунан келген салабаттуу, сымбаттуу мырза. Гүлгакы экөө университеттин экинчи курсунда эле үйлөнүшүп, бала-чакалуу болуп, окууну бүткөн соӊ, Кара-Балта шаарына келип туруп калышкан. Бири-мектепте мугалим, экинчиси шаардык ички иштер бөлүмүндө орган адамы болуп келди. Кубан бир канча жыл болуп калды, отставкага чыккан. Гүлгакы болсо кырк эки жылдан бери мугалимчилик кылып, пенсияга чыкса да мектебинен кеталбай, дагы эле болсо шаардын чоӊ гимназиясында кыргыз тили, адабиятынан сабак берип келет. Чарчаса да, үйгө келген соӊ анысын унутуп, кайрадан окуучуларын ойлоп, ошолорго бир нерсе үйрөтүп, таалим берейин деген ниетте иштеп келет. Жаш мугалимдердей күч-кубаттуу, кээде тамашалай чалып, “ой, алтындарым, мен азыр отуз жашымдагыдай элемин…” деп шаӊкылдап күлүп калганычы.
Эми минтип жакындан бери дүйнөнү дүрбөлөӊгө салган “таажы илдети” Кыргызстанга да келип, Нооруз майрамынын алдында карантин жарыяланды. Иш токтоду, эл көчөгө чыкпай калды. Көчөгө чыккан менен барар жериӊе, керек болсо, базарга да, дарыканага да уруксат менен же врачтын кагазы менен барасыӊ… Баарынан мурда үйдө отурган балдарга кыйын болду. Көчөгө чыкпаса бугу чыкпаган балдарга, телефондон же телевизордон бирдеме окутуп көр. Айла жок, Билим берүү министрлиги ушундай ишти баштады. Мектептерде окуу токтоп, мугалимдер балдарга телефондон сабак түшүндүрүп, телефондон жооп алып, телефондон баа коюп, отуз-кырк окуучу менен түн жарымына чейин телефондон сүйлөшүп отурмай башталды.
-Гүлгакы, айланайын, арыз жазып эле мектебиӊден кетип калчы, бай болгур… Сен болсоӊ, эртеден кечке, түнкү саат үчкө чейин телефон чукулап отурсаӊ, эки неберем менен мен бир көзүм менен телевизордон сабак окуп, бир бутум кухнядан чыкпайт… Ушундай да жашоо болобу?
Күйөөсүнүн бул нааразылыгы бир канча күндөн бери кулагынын кужурун алган Гүлгакы эмне дээрин билбеди. Айтканы туура да. Эриккенде эшикке чыгып эркин дем алып, жашоосуна ыраазы болуп анан аялына жылуу көз караш менен кайра үйгө кирип келген эркектин үйдө канча күн бою камалып бекер отуруп калганын элестетчи… Ошентсе да, Кубан эркек болгону менен колу ийкемдүүлүк кылып, анча-мынча тамакты жасап да жиберет. Анан да, биринчи класска жаӊы барган эгиз неберелери Данел менен Байелдин да телесабактарына жардам берип, мугалим болуп кетет. Анан бир убакта тамаша айтып күлкү салды:
-Ай, мугалим эжей, – деди Гүлгакыга кайрылып, – сен болсоӊ, тапшырмаларыӊдын жообун телефондон текшерип алып жатасыӊ… А бул менин балдарымдын тапшырмаларынын жообун телевидениенин кайсы билерманына, же генералдык директоруна жиберебизби?!
Анын бул сөзүнө жайдары Гүлгакы шаӊкылдай күлүп, неберелерин эркелетип кучагына кысты.
Иши кылса, ушундай. “Мамлекеттин бул аракети – миллиондой тентектерди бош койбой, бүгүнкү кыйынчылык кездерде кароосуз таштап сала да албай, эптеп көз алдында кармап туруу айласы да…” деп Кубан эки тентегин карап койду.
-Чоӊ ата, качан паркка барабыз…? – деп Данел айтса, Байел:
-Чоӊ ата, ватутка качан түшөбүз… – дейт, демитип.
-Карантин бүтөрү менен барабыз, балдарым… – деп сооротот Кубан.
-А карантин качан бүтөт..?
Ошентип отурушса, Кубандын телефонуна Бишкектен курсташы Султан чалып калды.
-Кандайсыӊар, жакшы турасыӊарбы?
-Жакшы…Өзүӊ кандайсыӊ?
-Жалпы эл кандай жашаса, биз деле ошентип жашап жатабыз…Мен Гүлгакы менен сүйлөшсөм дегемин…Мына бул карантин кезинде мектеп балдарына алдыӊкы тажрыйбалуу мугалимдердин сабактарын тартып жатканбыз, видеосабак кылып… Гүлгакыдай мугалимдер керек… Аны кандай болсо да, Бишкекке алып кел…
-Аны курсташыӊ менен өзүӊ сүйлөшчү… Азыр берем… – деди да телефонду Гүлгакыга сунду, – Султан экен… Академиядан… Видеосабак тартабыз дейт…
-И-и-ий, ушунда маалдабы? -, деп Гүлгакы кабагын бир бүркөп алып, кайра жарк этип гүлдөй ачыла калды.
– Оо, академик курсташ! Өзүӊ кандайсыӊ? Биз жакшы элебиз. Керелден кечке телефондон сабак өтөм. Тамак да ичмей жок, кырк жылдан берки чарчаган көзүм менен түнгө чейин телефондон балдарга түшүндүрүп, кайра сурап, баа коюп, суй жыгылып жатам… Анан эмне кылабыз… Досуӊ пенсияга чыгып кетчи дейт, мен балдарымды кыйбайм… Жакшы күндөрдө өз балдарымдай көрүп окутуп жүрүп, кыйын күн келгенде кантип таштап кетем… Угуп жатам… Видео-сабакпы… Иий, алтыным, эми сен ишенип мени сунуш кылсаӊ, кантип жок дейм… Бишкекке барганча, ушул жактан эле тартсакчы… Өзүмдүн мектебимден… Өзүмдүн классымдан… Өзүмдүн окуучуларым менен..! Сүйлөштүк э… Макул, үч күндөн кийин күтөм… Рахмат, Султан, алтыным… Мен дайым даярмын… Баягы жыйнакты да топтоп жатам…
Кубандын “Курсташыӊ менен өзүӊ сүйлөш” дегенинин жөнү мындай: Султан, Кубан, Гүлгакы баары – курсташ, бир университетте окушкан. Султан азыр Билим академиясында иштейт, профессор. Курсташтардын өткөндөгү шеринесинде Саткын, Бактыкан, Бүбүсара, Айсалкын деген курсташтары: “Ай, Султан, Гүлгакыны айрыкча сыйлайсыӊ, билебиз… Мына эки жылдан бери сенин сунуштарыӊдын негизинде Кыргыз тили коомунун, андан кийин Мамлекеттик тил комиссиясынын төш белгилерин алды Гүкүш… Эми мынча болду, Эмгек сиӊирген мугалим наамына деле аракет жасайлы… Арабыздан канча доктор чыктыӊар, эми эмгек сиӊирген мугалим, Эл мугалимдери чыкса жаманбы?” дешкен.
Ошондон кийин Султан менен Гүлгакы мындай деп макулдашышкан. Гүлгакы канча жылдан берки тажрыйбасынын негизинде мыкты сабактарынын үлгүлөрүнүн жана тарбиялык сааттарынын иштелмелеринин жыйнагын топто-деп макулдашышкан. Гүлгакы аларды жыйнаса, Султан аны редакциялап, Кубан болсо “Мен генералдык спонсору” болоюн деп убадалашышкан… Ал тургай, биринчи жыйнакты август айында даярдап, сентябрга карата басууга берели…” деп бүтүмгө келишкен.
Арадан бат эле үч-төрт күн өтүп, Гүлгакынын сабагын тартмакка Академиядан атайын кызматкер, ЭлТР телеканалынан оператор, режиссёрлор келип, “Кара-Балта шаарынын А.Макаренко атындагы №10 гимназиясынын жаӊычыл кыргыз тили, адабияты мугалими Солталиева Гүлгакынын улуу акын А.Осмоновдун чыгармачылыгы боюнча көрсөтмөлүү сабагы мыкты деӊгээлде тартылды” деген кабар шаардык билим берүү бөлүмүндө да, Билим академиясында да атайын сөз болду…
Гүлгакы сабагын берип коюп, келген меймандарын узатты да, үйүнө келатты. Көӊүлү көкөлөп, маанайы гүлдөй ачык эле. Жолдуката эмелеги сабактагы акын Алыкулдун саптары эсине келип, көӊүлүндө кайра-кайра кайталана берди…
“…Ах, дүйнө, биздин күндөр кандай таттуу,
Бүгүндөн эртеӊкибиз ырахаттуу!
Ушундай сонун күндө өлгөндөргө,
Карачы, кандай гана аянычтуу…!”
“Мактанып жатып, сабагым кандай болду экен…Эртеӊ Султан “Сенден ушуну күттүм беле? Сенин кырк жылдык тажрыйбаӊ кайда, курсташым!” деп телефон чалбаса эле болду…” деп ойлонуп келатып, күн салкын болгонуна карабай, чекесинен тер чыгып кетти.
Үч көчө өтүп үйгө келсе, эшик кулпулануу.. Кубанга телефон чалса, жолдо келатам деди. Неберелерди үйгө калтырып, сыртынан бекитип кетиптир. Аӊгыча, ал дагы келип калды.
-Кайда бардыӊ, ботом? Этияттасаӊ боло…- деп кейип сүйлөндү Гүлгакы, Кубан машинасынын түшүп жатканда.
-А сен өзүӊчү…Сабакка тартылганыӊа кейибейм го… Эл ичинде пандемия күчөп жатат күн санап… Ашыкча бир кадам жүрүүгө болбойт… Алып кет десеӊ, бара калбайт белем… Этиятта, өзүӊ дагы, байбиче…
Гүлгакы күйөөсүнө тынчсызданып жатса, күйөөсүнүн ал жөнүндө тынчсызданып жатканына ичи жылып, “демек, биз мурдагы тынч күндөрдөн да азыр бири-бирибизге өзгөчө жөлөк болушубуз керек” деп ойлоп, кайра ага муӊайым карады:
-Мен го, мен. Алты саным аман-соо… Сен деген бир ирет инсульт алган адамсыӊ… Сен дагы этиятта, алтыным…
-Банкоматка барып, акча алдым. Келин менен бала да үйдө отуруп калышты да. Балдарды өзүӊөргө алгыла дедим. Экөөнө жаӊы бут кийим алып берип, эртеӊ жеткирип келели…
Үйгө кирип, Гүлгакы чай кайнатканча, Кубан телефондон фейсбукту ачып отуруп, санын бир чаап, кейип калды:
-И-ий, кайран Ташыкем ай! Кайран ташыкем ай! – деген Кубандын үнүн угуп, Гүлгакы кухнядан чыгып келип, босогого жөлөнүп туруп калды,- Ташбоо байке каза болуптур…
Аны угуп, Гүлгакы тызылдап ыйлап жиберди:
-И-ий, байкуш байкем! Жайындагы жолугушууга келгенде эле өӊү башкача болуп, арыктап калыптыр эле… Байкуш байкем, айыкпас дартка тушуккан экен да…
-Кайрат кыл, Гүкүш… – деди Кубан, – Ташыкем сага гана эмес, баарыбызга жакын адам эмес беле…
-Сөөгү Москвада калат го… Минтип, аэропорттор иштебей, самолёт учпай жатканда… Жанында жалгыз Жеӊишгүл куурады го… Олдо, кудай ай! “Ала-Тоомдо ай далым жатар бекен!” деп айтыптыр Москвага кетип жатканда” дешти эле…
Ташбоо Жумагулов деген элибизге аты белгилүү болуп калган адам дагы булардын курсташы эле, курсташ болгондо да, Гүлгакынын айылдашы, бир тууган байкесиндей урмат кылган адам эле …
Ошол күндөрдө карантиндин тартиби күчөгөндөн күчөдү. Анын эрежелерин күн же түн бузган адамдар жоопко тартылып жатты. Шаардын кыймылы биротоло токтоп, бир туугандар катташпай, ата-бала көрүшпөй калышты… Дагы да жакшы, телефон бар экен, байланышып, ал-абалын сурашып турушат.
Тынч күндөрдүн кадыры эми билинди. Тынч күндөрдөгү беймарал өткөргөн бейпил күндөр, беймарал, сары санаа жок, эртеӊки күндөн тынчсыздануу деген жок, бирөөдөн шексинүү деген жок, жолугушканда беймарал бакылдап сүйлөшүп, кубанычтуу кучак жайышып көрүшүп, күндө той, күндө майрам, күндө шерине болуп, бала-чака, дос-тааныш менен күлүп-жайнап жүргөн күндөр көздөн учту… Ошонун азабынан “Таштоо байкем” деп сыйлаганы менен, анын сөөгүн үйүнө, Бишкекке апкелишкенде да, бир дагы курсташы өбөктөп өкүрүп барып, жолдоштук ариетин жасай албады. Бири да барып топурак сала алышпады… Жеӊишкүлдүн кара жамынып отурган күнүндө бир ооз кайрат сөз айта алышпады…
ХХХХХ
Арадан апталар өтүп, ай айга алмашып жатты. Күн сайын эртеден кечке сүйлөп турган радиону Кубан бүгүн өчүрүп таштады. Керелден кечке пандемия тууралуу какшап отурган радионун үнү бүгүн Кубандын жүрөгүнө тийди белем. Демейде, күндө саат 11де Саламаттык сактоо министрлигинин күн сайынкы абалды билдирген маалыматын атайын күтүп угар эле. “Кечээкиден бүгүн вирусту жуктургандардын саны азаяр бекен”, “ооруканалардан айыгып чыккандардын саны көбөйөр бекен”, “каза болгондор жок” деп айтар бекен? -деп күтөр эле. “Жакында вирус биротоло ооздукталат”. “Жакында вирусту жеӊип чыгабыз!” деген бир ооз сөздү зарлап күтөр эле… Анын ордуна, “Бишкекте, Ошто, Нарында, Кара-Колдо ооруканалар бейтаптарга толуп кетти”, “оорулууларды кабыл алууга орун жок…” деген жүрөк өйүгөн сөздөр айтылууда… Ошентсе да, кийинки күндөрдө элди кубанткан, элге дем-күч берген жылуу сөздөр, телеэкрандан жана фейсбукка чыга баштады. Ал: патриот-ыктыярчы жаштардын жардамы, акчалуу айрым адамдардын мамлекетке көмөгү, аба менен дем алдыруучу эӊ зарыл каражаттарды, эӊ зарыл дары-дармектерди таап апкелип жаткан эр-азаматтардын эмгеги эле…Албетте, бул чыӊалып, жан дүйнөсү букка толуп, чыдоонун чегине жетип, көзүнө толгон жашын ирмеп ийсе төгүлүп кетер кезине келген адамдарга канчалык дем, канчалык күч-кубат эле!
Бир күнү Гүлгакынын тамагы кычышып, дене табы ысып, түндө жөтөлүп чыкты. Эртеси эртеӊ менен эрте Кубан экөө шаардык поликлиникага жөнөштү. Ал жерде адамдарды кабыл алуу кыйын экен, врач менен жолугууга мүмкүн эмес. Киребериштеги посттогу медайымдар менен сүйлөшүп, күндүзгү стационарга жөнөтүлдү. Кечинде келгенинде деми кысылып, жөтөлү күчөп калыптыр. Гүлгакынын күндөгү жарык маанайы чөгүп, шаӊкылдаган күлкүсү жок…
-“Сахарым” дагы көтөрүлүп кетиптир… – деди кечки дарысын ичип жатып. Эртеси күндүзгү стационарга шайы жок зорго барды. Барары менен аны реанимацияга жөнөтүштү. Ага эки өпкөсү экөө теӊ сезгениптир-деп диагноз коюшту. Шаштысы кеткен Кубан эмне кыларын билбей, далбастап калды. Бир жагынан кызы, бир жагынан эки уулу эбелек болушуп, атасынын көзүн карап калышты. “Эми атабыздын дагы оорусу кармап калса эмне кылабыз…” деген коркуу сезими балдарын чоочутуп жиберди.
-Үрпөӊдөбөгүлө, алтындарым,- деди Гүлгакы реанимацияга кирип баратып, төшүн кагып демигип турса дагы, – Мен жакшы элемин, көп болсо, эки-үч күндө чыгармын. Балдарым, секетиӊер болуп кетейиндерим, атаӊарды карагыла, макулбу? Атаӊарды… Оорусу кармап калбасын… Бул күндөр да өтөт…Тынч күндөр келет. Заман оӊолот. Ошондо баары кайрадан жакшы болот. Баарыбыз кайра чогуу болуп, Данел менен Байелдин туулган күнүн өткөрөбүз…
Ошентти да, кушеткага акырын жатып, Кубанга жана уулдарына жылмая карады. Анан көздөрүндөгү кылгырган жашын көргөзбөй, башын ары бурду.
Кантсе да, ошол күндөр өтө оор жана кайгылуу өтүп жаткан. Эки күн мурда көчөнүн ылдый жагындагы портер такси айдаган Данияр байке “өпкөсүнүн сезгенүүсүнөн” деп каза болду. Сөөгүн моргдон эле коюучу жайына узатыптыр. Кийинки күнү кварталдык комитеттин карындашы өтүп кетиптир. Ошол күнү түш ченде маӊдайкы үйдөгү шоопур Дүйшөндүн аялы каза болуптур… Ар кимиси өз жанынын айласын издеген кошуналар биринин да жамандыгына барып, сөөк койгонго катыша алышпады… Ал тургай, кошуналык кылып, үйүнө үн чыгарып барып, көӊүл айта алышпады… “Ар ким өзүлөрү түшүнүшөт”… “Шарт ушундай да…” дешип мүӊкүрөштү аргасыз… “Башкага эмес, мындайда адам өзүнө өзү ишенбей калат тура” деген ой келди Кубанга. Ошентип, жүрөктүн үшүн алган бир коркунучтуу сезим жакынкы эле аралыкта айланып жүргөнсүп сезилди…
Үчүнчү күн дегенде кандай айла кылышканы менен Гүлгакыны врачтар бери кайрый алышпады. Кубан аны ачылып турган терезеден гана оозу менен да, мурду менен да аппарат менен дем алып, шайы жок жаткан кезин акыркы ирет көрүп калды. Түш ченде врачтар телефон чалышып, Гүлгакыны Воронцовкадагы ооруканага алып баруу керектигин айтышып, реанимобель менен алып кетишти. Жанында кичүү уулу кошо кетти. Бирок Гүлгакы Воронцовкага жетип –жетпей, үзүлүптүр. “Ата-а-а” деп бакырган уулунун үнүн телефондон угуп эле эмне болгонун түшүндү Кубан…
Жадырап күлгөн, күлкүсү шаӊкылдап, “алтыным” деген сөздөн башканы айтпаган, жайдары жүз Гүлгакы бир ирет жалт карап алып, тетири бурулуп кеткендей болду… Экөө баш кошуп жашап келген бактылуу кырк беш жыл дал ушундай сезилди ага…
Жер астын-үстү болуп, Кубандын жүрөгү зырп эте, отурган жеринен оодарылып кете жаздады. Ошентсе да, өзүн карманды…
Мындайда акыл токтотуш керек…Өлүктүн зыйнаты деген бар… Адамдык ариет деген бар… Элдик нарк деген бар… Бирок, азыр Кубан алардын эмнесин кыла алат… Ушунча жыл бирге коюндаша жашап, беш наристе таап, эркелетип-жыттап тарбиялап өстүрүп, беш неберени чоӊойтуп берип, өз кара жанына карай албай кете берген асыл адамына эмне деген зыйнат, эмне деген ариет, эмне деген акыркы жолку кызматын жасай алат… Мындайда сөөктү үйгө бербейт врачтар… Аны кайсы талаага жалгыз таштайт… Кубандын туулуп-өскөн жери, Гүлгакынын келин болуп түшкөн жери Көлдүн Шаты айылы болсо, Кара-Балтага кызмат менен келип, канча жыл ошол жердин суусун ичип, эли менен эл болуп, бирге эмгек кылып, дос-тууган күтүп, өз эл-өз жериндей болуп калса да, мына мындай шартта асыл курбусунун сөөгүн каякка калтырат, эртеӊ небере-чөбөрөлөрү келсе каяктан издеп табат…
-Балдарым, апаӊардын сөөгүн айылга алып кетели…- деди бир кезде башын көтөрүп. Ал бул кезде кыйла кайратына келип, сабыр тутуп, өзүн бекем кармап калган эле. “Мен бирдеме болсом деле, айылга алпарып койгула дейт элем да” – деди оюнда.
Ээрчишкен эки машина түнү менен Көлдүн Түп айылын көздөй жай жүрүп отурушту. Эки-үч жерден эс алышты, рулда бараткан улуу жана кичүү уулунун уйкусуна карап, жай жүрүүнү чечти. Анткени анын жөнү бар. Бишкектен чыкканда айылдагы инисине телефон чалып, болгон ишти түшүндүргөн. Сөөктү врачтар айткан эреже менен алып баратат, эми дагы врачтардын эрежеси боюнча коюу керек. Адагендеги иш: үйгө сөөк түнөбөйт жана мүрзөгө койгондо атайын кийим кийген адамдар коюшу керек. Ошол үчүн Кубан сөөктү эртеӊ мененки саат сегизде айылга жеткирди. Иниси түнү менен мүрзөнү каздырып, эртеӊ мененки саат сегизге даяр кылып коюптур…
ХХХХХ
Кубандын телефону эки күнү иштеген жок. Султан жана шеринелеш, курсташ -достору кайра-кайра чалышып жатып, үчүнчү күнү гана табышты. Султанга болгон ишти айтып берди. Экөө бири-бирине угулар-угулмаксан үн менен акырын сүйлөшүштү.
-Болор иш болду… Жайына коюп келдим…
-Кубан, бизди кечир… Кыйын күнүӊдө жаныӊа караан болуп тура албадык…
-Түшүнөм… Азыркы абал ушундай болуп калбадыбы…Таарыныч жок…
Ошол ирмемде Султандын көз алдына мындан тээ илгерки, Гүлгаакынын ак көйнөкчөн, ак жоолукчан, татынакай сулуу студент кези элестеп кетти. Анда жаӊы эле биринчи курсту аякташкан кез эле да. Экинчи курска сентябрь айында келишери менен студенттерди Кайыӊдынын четки айылдарынын бирине кызылча чапканга айдаган. Алардын арасында арыкчырай сары чийкил бала Султан да бар эле. Бир күнү кыздар “ванный день” дешип, дем алыш суранышып, башы-көзүн, кирлерин жуушкандай болгон. Мурунку күнү жаанда иштешип, ылай болуп калган шымын жууш үчүн Султан кыздарга самын сурап барат. Алдынан чыккан татынакай ак жуумал кыз: “Мага апкелип бериӊиз, мен кирлериме кошуп жууп коём” дейт сылык кайрылып. Султан уялбай эле шымын кызга апкелип берет. Баарынан кызыгы эртеси болот. Эртеси Султандар иштеген топту Кайыӊдынын эӊ четки айылына которуп жиберет. Барып эстесе, шымы калып калыптыр. Студенттерди алып барган машина менен Султан кайта артка жөнөйт. Орто жолго келип калганда, бир ак көйнөкчөн кыз колунда кичинекей түйүнчөгү бар, алдынан чыгат. Карай салса – Гүлгакы. Ушунча жолдо жалгыз коркпостон жөө келаткан экен. Машинаны шашылыш токтотуп, Султан жерге түшүп, кызды убара кылганы үчүн кечирим сурайт. Анын ошондогу наристедей таптаза жүрөгү, эч нерсе кошулбаган аруу адеби жана эрдиги таӊ калтырды. “Эч нерсе эмес-дейт кыз жылмайып, -сизди талаа жерде шымы жок кыйналабы деп…”… Ошол сөздү айтып, уялыӊкы жер карап калганда, Гүлгакы Кайыӊдынын кызылча айдаган кеӊ талаасына асмандагы апакай булуттан үзүлүп түшө калган бир үзүм апакай гүлдөй болуп кулпуруп турду.
Кызды машина менен жеткирип келип, Султан өзү беш чакырым жерге жөө кетти… Кийинки жумада Султан Гүлгакыны атайын издеп келет. Келип сураса, бир кыз айтат акырын шыбырап: “Сен Гүлгакыга экинчи келбей жүр, ал Кубан экөө сүйлөшүп жүрбөйбү… Билбейсиӊби… Кубан азыр курулуш отрядында эмеспи…”
Шыбырап айткан бул сөз Султанды башка чапкандай угулат. Кубан менен бир группада окуган, эӊ жакын досум деп жүргөн Султан үчүн бул окуя өтө осол сезилет… Андан бери арадан канча жылдар өтсө да, шеринелеш болуп канча ирет жакшылыктарында бирге жүрүшсө да, дос-аяш болуп канча катышып келатышса да, бул окуя тууралуу экинчи ирет сөз болгон жок. Гүлгакы менен Султандын ортосунда калды…
Султандын оюн Кубандын сөзү бузуп жиберди:
-Баары бар, жалгыз гана курсташыӊ жок…
-Аргабыз жок… Кайрат айтам… Эӊ биринчи – эми өзүӊдү кара… Балдарга бел бол…
-Ооба…
-Тынч күндөр да келер… Ошондо жолугарбыз…
-Эмнесин айтасыӊ, досум,- деди ошондо Кубан оор күрсүнүп,- өлбөгөн адам жок экен го, бирок кыйын күндө өлгөн жаман тура…Адам өлсө да жакшы күндө өлгөнү жакшы тура…
ХХХХХ
…Гүлгакы каза болгондон он-он беш күндөн кийин республикада пандемияда вирус жуктурган жана андан көзү өткөндөрдүн саны кыйла кыскарып, сакайгандардын саны өсүп, бул илдет артка чегине баштаган абал аз-аздан байкала баштады!
(Аӊгеме реалдуу окуялардын негизинде жазылды)
5-август, 2020-ж.