Кыргыз маданияты жана адабияты оор жоготууга учурады. 88 жаш курагында Филология илимдеринин доктору, профессор, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун жана журналисттер союзунун мүчөсү, КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Үсөнбек Асаналиев узак оорудан улам бул дүйнө менен кош айтышты.
Түрколог, котормочу, акын, комузчу – Үсөнбек Асаналиев 1932-жылы 14-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Даркан айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1956-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1956-1959-жылдары Даркан орто мектебинде мугалим болуу менен эмгек жолун баштаган. 1959-1969-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун илимий кызматкери болуп иштеген. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тил илими кафедрасынын окутуучусу. 1985-жылы Эл агартуунун отличниги, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер ардак наамдары менен сыйланган. 1967-жылы “Лобнор тилинин кыскача грамматикалык очерки” аттуу кандидаттык диссертациясын жактаган илимий окумуштуу. 1990-1993-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин кафедра башчысы. 1993-2001-жылдары Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде эмгектенип, университеттин доценти, кафедра башчысы болгон. 2002-жылдан аталган университеттин “Ардактуу профессору”. Ал эми 2001-жылдан тарта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорунун кеңешчиси, кыргыз тили илими кафедрасынын профессору. 2004-жылы докторлук диссертациясын жактап, филология илимдеринин доктору деген наамга ээ болгон. Илимий эмгектери: Лобнор тилинин кыскача грамматикалык кыскача очерки. Ф., 1964-ж., Талас районунун жазуу эстеликтери. Б., 1993-ж., Орхон-Енисей жазууларына машыгуу. Б., 1994-ж., Тунгус-манжур, монгол, байыркы түрк жана кыргыз тилинин кээ бир лексикалык параллелдери. Каракол, 2003-ж.
Жарык көргөн китептери: “Сөз сөөлөт” (1999-ж.), “Ой оомат” (2000-ж.), “Кеп-кербен” (2002-ж.), “Арзуу” (2003-ж.), “Акылман үкү” (2004-ж.), “Жакшы сөз – жан азыгы” макал-лакаптар жыйнактары, “Ак сөз арыбайт”, “Хакас эл жомоктору” (1974-ж.), “Чыгыш элдеринин макал-лакаптары”, “Орус эл жомоктору” (1985-ж.), “Белорус эл жомоктору” (1987-ж.) котормолорунун автору. Сөөлөттүү сөздүү, афоризмдердин ар кандай темадагы жыйнактарынан турган “Накыл сөз – жүрөккө жакын сөз” деген китептин, “Кең-Каркыра”, “Карамолдону эскерүү”, “Кашка-Суу”, “Сагыныч”, “Өмүр” аттуу күүлөрдүн автору.
1959-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасы менен сыйланган. 2002-жылдан бери Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн персоналдык пенсионер. Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу.
Филология илиминин улуу нускоочусу, насаатчы, илимпоз инсан Үсөнбек Асаналиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу жакындарына, бир туугандарына, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
КРУЖС Башкарма мүчөлөрү