Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев “Манас жана “Манас” эпосу” тууралуу жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул долбоорго айрым манасчылар, манастаануучулар каршы пикирлерин билдиришүүдө. Алардын катарында адабиятчы, сынчы, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун сын секциясынын башчысы Садык Алахан: “Жаңы мыйзамдын эч кандай зарылдыгы жок, 2011-жылдын 28-июлунда кабыл алынган “Манас” эпосу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына эле айрым толуктоолорду киргизүү керек” деген пикирин билдирди. Төмөндө адабиятчы Садык Алахандын пикирин толугу менен окуй аласыздар.
Урматтуу калайык калк, айтпай коюуга мүмкүн болбой калгандыктан айта турган пикир болуп калды бул. Баарыбызга белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Исаковна Отунбаева кол койгон “Манас” эпосу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы” деген Мыйзам 2011-жылы 28-июлда кабыл алынган. Жети беренеден турган бул Мыйзамда улуу сөзүбүзгө байланыштуу орчундуу маселелердин дээрлик баарысы камтылган десек болот. Бул Мыйзамдын “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, коргоо жана калкалоо жаатында мамлекеттик иштер” деп аталган 4-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасында “Манас” эпосунун үчилтигинин тексттерин жана анын ар түрдүү калган бардык бөлүктөрүн жок кылуудан, бурмалоодон, өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн, тарыхый контексттен алып салуудан коргоону камсыз кылуу” баса белгиленген. Атпай журт күбө болгондой, улуу эпосубузду болуп көрбөгөндөй бурмалаган, түп тамырынан бери өзгөртүп салган Бүбү Мариям Муса кызы дегендин айланасына чогулуп алышкан жайсаңчылар деген топ чыгып, улуу эпосубуздун “ХХI кылымдагы жаңы вариантын” жараттык дешип, 10 китептен турган текстти жарыялашты. Бул жайсаңчыларды дал өзүбүздүн арабыздан чыккан кыргыздар эле колдоп турушту каңырыкты түтөтүп. Алардын эң көрүнүктүүлөрү азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, кинорежиссёр Эрнист Абдыжапаров, басмакана ээси Жумадин Кадыров, журналист Темирбек Токтогазиевдер болду. Буларга каршы күрөшүү оңойго турган жок. Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев башында турган КРнын Эл жазуучусу, адабиятчы Кадыркул Даутов, чыныгы дыйкан илимпоз Омор Сооронов, нукура интеллектуал, белгилүү публицист Эсенбай Нурушев, ушул саптардын ээси катарында турган адабиятчы окумуштуулар, даңазалуу тарыхчылар, эң башкысы, атпай журт өзү улуу сөздүн тазалыгы үчүн жапырт көтөрүлдү. Бул иште бизге дал ушул 4-пунктча чоң таяныч болгон. Натыйжада, жети жылга созулган бул күрөштүн аягына 2017-жылдын 1-ноябрында КРнын Жогорку Соту чекит коюп, “кайыптан алынып, кагазга түшүрүлгөн” делген 10 томдукту “экстремисттик китеп” деп тапкан. Экинчиден, 2011-жылкы Мыйзамдын 5-беренесинин 2-пунктунда минтип так-даана жазылып турат: “Мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана менчиктин түрлөрүндөгү объектилердин жана алар тарабынан чыгарылган продукциялардын аталыштарына “Манас” терминин колдонуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте уруксат берилет”. Демек, “Манас” эпосу менен Манас баатырдын жана башка баатырлардын ысымдарын арак-шарапка, башка нерселерге коюуга тыюу салышыбыз керек деген тыянак ойлорду дал ушул 5-берененин 2-пунктуна кошумча пунктчалар түрүндө жазсак болот… Самат иним, экөөбүз саламыбыз түз адамдарданбыз. Бирок, сен улуу эпос тууралуу тескери пикирдеги топко ык тартып кетпейт деген ишенимдемин. Ошондуктан “Манас” эпосу тууралуу жаңы мыйзамдын эч бир зарылдыгы жок. 2011-жылкы Мыйзамга эле айрым кошумчаларды киргизип, толуктоолорду кошуп койгонубуз оң… Мен “жаңы мыйзам” деген шылтоо менен жайсаңчылар сыяктуу бузуку идеяны алып жүргөндөрдү, элдин элдигине доо кетире тургандарды тымызын колдогон, аларга арка-жөлөк боло турган, түпкүлүгүндө келип улуу эпосубузду ичкериден ирите турган идеяларга жол ачып бере турган пункттар жазылып кетеби деп жүрөксүйм. Болбосо эң сонун Мыйзамдын ордуна башка мыйзам жазуунун кандай зарылчылыгы бар?.. Атпай журтту дагы бир жолу бир муштумдай болуп биригип, толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү ойду колдоп берүүсүн суранат элем.