Расул ГАМЗАТОВ:
АДАМЗАТТА ЭҢ НЕГИЗГИ ҮЧ ЫР БАР
Адамзатта эң негизги үч ыр бар,
Абдан шаңдуу, анан дагы бүтүн зар.
Ал үчөөнүн бирөө артык баарынан –
Эне ырдаган бешик ыры бу жыргал…
Экинчи ыр – дагы эле эне ырыбы?!
Кармап көрүп муздактыкты чыныгы,
Баласынын табытында озондойт…
Үчүнчүсү – бардык ырлар тиги-бу…
Эдуард АСАДОВ:
БЕЛГИСИЗ ЖООКЕР БЕЙИТИ
Белгисиз бир аскер жаткан бейит дөң!
Андайларга Волга, Карпат көрүстөн.
Жоокер жандар чуңкур казып, бир кезде,
Күрөк менен жүрөктөрдү көмүшкөн.
Жол боюнда жашыл кемер азалуу,
Максат, үмүт, толкундануу, санааны
Жашырган ал жашыргандай койнуна,
Мекен сакчы белгисиз бир баланы.
Бул жер билет ким согушкан майданда,
Ким досунан айрылганын жаңжалда.
Ал касирет каргашаны туюнтту,
Казган кезде эң акыркы “жанга арга”.
Жүрүш арты жүрүш, согуш кайрадан!
Качан келмек кыйындыксыз бай заман?!
Такта жана карандаштын сыныгы,
Ушу эле го колдоруна кармаган!
“Жан дептердин” эң акыркы барагы,
“Иван Фомин” башка сөз жок да-а дагы.
Ылдыйыраак эки кыска сан турат,
Туулган күнү, өмүрүнүн аягы.
Эки жума жамгыр жааса өч бардай,
Калат жалгыз ным, кара-көк, нес жандай
Көк жыттанган жука тактай көк карайт,
Адам аты жазылбаган эч кандай.
Такта үчүн түмөн жаштар согушкан.
Так ушул жер, дайра жээги толуп кан,
Жашыл дөңчө, өрөөн гүлү кыпкызыл-
Белгисиз эр бейитине жолуккам…
Мекен эстейт шейиттерин кубаттуу,
Энеси да унутпаган сыяктуу.
Өлбөйт, тирүү, жоголушпайт эч эле,
Алар дайым энелерге мурат, туу!
Баатырлыкта жокко чыгуу жарабас,
Ошондуктан өлсө шер жан аябас.
Сардар башчы санаганда аскерди,
Санап кетет тирүүлөргө аралаш!
Коёт шондон эстеликке жүрөкчө,
Волга менен Карпат жакта бүт өлкө.
Тирүү гүлгө күнү, түнү жаркырайт,
Беш такандуу жылдыздары тии көктө.
Нурун жаят шаң – салтанат, ок чочуп…
Жолугуу үчүн кол бергендей коштошуп.
Аркасында белгисиз бир жоокердин,
Кремл тыптынч жыргайт оюн-зоок тосуп…
Өрттөй күүгүм, шоолаң жеңиш эрк кошот,
Жаз күнүндө мукам үнү көрк кошот.
Ыракаттын белгисиндей от күйдү,
Улуу жалын, баатыр каны – өчпөс от!
И.Бунин
БУЙТКА ЖЕРДЕН ЖОЛУГУШТУК КОКУСТАН…
Буйтка жерден жолугуштук кокустан,
Басып кеттим чагылгандай оту учкан.
Караңгынын түнт – түнтөйүн жок кылып,
Кара кирпик нуру түндү чочуткан.
Күрмөсүнүн желден жеңил салмагын,
Жазгы шамал көтөрдү, көз бардадым.
Жүзүн көрүп, чагылышкан көз көрүп,
Конбой кеткен бакытымды кармадым.
Жан эргиткен караш менен жылытты,
Жел аргыдан бетин катты. Курутту…
Буйтка жакка житип кетти… Жаз эле…
Бирок мени кечирди да – унутту.
“Жүз өлөң” долбоорунун алкагында:
Азыркы казак адабиятынан
Максат ЕРЕЖЕП 1979-жылы 13-мартта Алматы облусунун Кеген районунун Акай айылында дүйнөгө келген. Кесиптик- техникалык колледжин аяктаган. Ырлары республикалык, райондук гезиттерге жарыяланып турат.
ОРТО…
Эр жигитке…
Төш көтөргөн, жарабас.
Бай эмесмин, кедей эмес, ортомун.
Кайгы менен кубанычы аралаш,
Жолоочумун,
…өз жолумда жортомун!
Таш калаанын…
тандоосунан өтө албай,
Айыл жакка буруп кетем, ат башын.
Арман, Мурат, Максаттарга жете албай,
Орто жолдо,
Калган күндөн сактасын!
Мага таандык…
бийигим бар, чыгарга.
Тоосуз орто көрүнөт оув жат, маган.
Табияттын сырдуу сырын угарга,
Али далай,
ортолордон бак табам!
Сын саатынын…
Коңгуроосу кагылат.
Орто мектеп, орто билим алганым.
Билгенимден билбегеним көп али,
Өмүр өзү
окутат да калганын!
Ырга толо…
Сырга толо, нар-көөдөн.
Отурамын тоолорумду – так кылып.
“Улуу Талаа диплому” бар менде,
Кырда жүрүп,
кой багуучу,
ат минип!!!
АРЧА
Жыпарын жутуп арчанын,
Көк кыя тоону аңсадым!
Жан багыш үчүн кам көргөн,
Күндөрүм окшош, чарчадым…
Сергитип ойду, мээмди,
Көтөрдүң көңүл күүмдү!
Ниети жаман балээден,
Аластап турчу үйүмдү?!
Пендеңе тынчтык сунгунуң,
Бардыгын сактап тургунуң?!
Көрөйүн сени төрүмдөн,
Жапжашыл арча, жыйгының!
Жараткан сени, Кудайым!
Жакшылык апкел ылайым!
Жарташка бүткөн арчадай,
Бийиктеп мен да, турайын!!!
ТОО БУЛАГЫ
Таңдай катса, чаңкатпай койчу дагы,
Жабыркасаң, жаныңды соо кылары.
Чымыратып жиберер тамырыңды,
Касиетиңден айландым, тоо булагы!
Сенин мөлтүр тамчыңдан наар аламын.
Тириликте тамырдай тараламын.
Ыйык сууңдан тамшанып ичкен сайын,
Кайта келип өмүргө жараламын!
Кашка булак, кайтадан туулайын?
Туулайын оңумдан тууп Айым!
Арылайын бойдогу булганычтан,
Тазалачы жанымды, жуунайын?
Эңсеп келдим, арбыды ыраактан муң.
Сага гана мөлтүрүм,
сыр ачканмын.
Чабытыма дем берчи кайнар көзү,
Башат алган ырлар го булактардан!
Түгөнмөкпү адамдын арман, муңу?
Татыбастыр тамчыңа,
Жалган куну.
Өлөң-Өмүр үзүлүп кетери анык,
Сендеги суу тартылып калган күнү…
ОЙ ТУҢГУЮГУ
Коюу муң конуп булуттуу,
Санаамды чарпып, силкиди аа?!.
Жалгандын жалган экенин,
Жеңүүсү кыйын күлкү да.
Чегине көрбө, бирок да,
Сабырым менин, жүр, атта.
Жалгандын жалган экенин,
Жеңе албас асти, ыйлап да…
Чабасың али далайга,
Кайгырбай чыда заманга!
Кудайдын Кудай экенин,
Унутпоо керек анан да.
…Улукта жаның аманда!!!
КОМУЗДУН ҮНҮ…
Комуздун үнү…
Огуздун күнү кечеги.
Аласалган дүнүйө,
алай-дүлөй өтөрү.
Четсиз да чексиз,
Ушундай жайык талаада,
Кербенин керип,
Сак менен Гундар көч эри.
Комуздун үнү…
Улутту Улуу талааны!
Бабалар кечкен,
зулум доор шумдук арааны…
Камгактар каңгып,
бөрүдөй жорткон бороондон,
Боз талаа боздоп,
боз инген боздойт жаралуу.
Комуздун үнү…
Казактын көчү – “Ак таман”.
Чууруду далай,
тар жолдо тайгак каптаган.
Алаамат, ач кез,
Көрсө да кордук шумдукту,
Алашым аман,
Каадасын, салтын сактаган!
Комуздун үнү..
Зарлуу да муңдуу, кайгылуу.
Кан менен келген,
жеримдин бар, байлыгы.
Улутум сактап,
Рухумду ойгот Кудурет,
Асмандап турсун,
Алаштын арстан ар бири!
Комуздун үнү…
Коркуттун көрү – азалуу.
Ар кимдин бар го,
алдынан тоскон ажалы.
Кызыктуу болуп турса да,
Кайыры жок эч кимге,
Өмүрдүн ушул,
Кызыл да, жашыл базары.
Комуздун үнү…
Көңүлдүн чери күү менен.
Аманат кылган,
урпакка Улуу сый белең!?
Сөөмдөй жерде,
сөөгү жатат бабамдын,
Сатылып кеттиң,
Өрт чалып зарлайт бул денем…
“Жүз өлөң” долбоорунун алкагында
Азыркы казак адабиятынан:
Эржан Жумабек – акын, 1987-жылы мурунку Семей облусунун Аякөз калаасында дүйнөгө келген. “Серпер” жаштар сыйлыгынын ээси, докторант, Маданият ишмери, эл башынын “100 жаңы ысым” жобосунун жеңүүчүсү.
КАЗАК ДЕГЕН КУДАЙДЫН КАРА ӨЛӨҢҮ
(Англичанга казакты тааныштыруу)
Казак деген бир эл бар билесиңби?
Кудай мурас – ээлесин ыр эсиңди!
Ынанасың а балким ынанбайсың,
Ыйлайсыңбы же билбейм күлөсүңбү?..
Ажайыпка ишенбей күлгөндүгүң,
Аза-муңга малынып күйгөндүгүң.
Жетүү үчүн жүрөктүн бейишине,
Тозокторго чыдашты үйрөнгүнүң!..
Бар эл үчүн оту зор тапка кирген,
Бабаларым Күн заңын жатка билген.
Аяк кагып жүргөндө башкалары,
Алтын соот кийишип атка минген!
Барса келбес сапардан кайра келген,
Эки өмүрдү тең көргөн кайран элден…
Эгемендик казакка алтын таажы,
Түбөлүк жол – кыйшайбас балбан ээрден.
Талаабызда обон бар шаңы адеми,
Балабызда мүдөөнүн Қарагери,
Көкүрөгү үндөшкөн табиятка,
Казак деген Кудайдын кара өлөңү!
АЙЫЛЫМ, А-АЙ
Издеп Асан эңсеген кереметти,
Айылымдан адамдар неге кетти?!
Мен да досум экенин байкабапмын,
Гүлгө ырын окуган көпөлөктү…
Ак мүдөөм го алыска аттандырган,
Ата-энемди сагынам шаттандырган.
Оюмда жык жер пири талаам турат,
Ит агытып, куш салган, капкан курган.
Тоолорумду түшүмдө көп көрөмүн,
Али эсимде ат токуп, көрктөгөнүм.
Эвересттин эркеси болуучудай,
Ажалсыз бир ыр жазсам деп келемин…
Айылым, а-ай “сен”, – ии десе, сезим жара,
Мөлтүрлүгүң мактаймын көзүм жана.
Азыр Айды алсам да чамам жетет,
Бирок жүрөк ичинде өзүң гана.
Оор салмагын азаптын көтөрсө адам,
Ойлоруна жан кирет өрт аңсаган.
Аксакалы атанып Алты алаштын,
Бала болуп…
Кайтадан жетем саган!
МЕН СЕН МЕНЕН…
Булак көзүн ачтыргысы келеттир,
Азоо толкун таш бузгусу келеттир.
Көмкөрүлгөн, жамгыр менен сергиткен,
Көпкөк мейкин бастыргысы келеттир.
Эрке Эртиш саал ташкысы келеттир.
(Балээ этекке жармашкысы келеттир).
Акын жаны табияттын сыйкырлуу,
Сырларынан даам таткысы келеттир.
Бирөө таттуу кыялына көмүлүп,
Бирөө ыр-күү тыңдагысы келеттир.
Бооруна келип кеткен ар жанга,
Баркыт бел кол булгагысы келеттир…
Жылдыздардын нур чачкысы келеттир,
Ашык жүрөк үн каткысы келеттир.
Обон салып таңыркатып булбулду,
Кара торгой тыңдаткысы келеттир…
БАК
Байкап, билип мага көңүл бөл эми,
Көпөлөктүн гүлгө тиет кереги.
Байрак бийик желбирешти көп көксөйт,
Мен сен менен болгум келет себеби.
Баарын таштап кетеликчи бир жакка!..
ӨМҮР ТУУРАЛУУ
Өмүр жайлуу билгеним,
Бирде шаттык, бирде муң.
Тууш-досум кашымда.
Аман-эсен жүргөнүм.
Өмүр жайлуу билгеним,
Қуштай учкан күндөрүм.
Айдай, Күндөй экен го,
Ыйлаганым, күлгөнүм…
Өмүр жайлуу билгеним,
Максатым менен биргемин.
Көңүл назик гүл белең,
Үмүт жарык нур белем?!
Өмүр жайлуу билгеним,
Эч нерсени билбедим.
Кетебиз ээ бир күнү,
Келтире албай күрдөөлүн!..
КАТ
Ирээнжиттим…
Куруп калсын акылым!
Наздандың оув, батар Күндөй акырын…
Кош жүрөктүн арасында карыш бар,
Карыш жердин арасы – миң чакырым.
Келечектин нуру боёп жол агын.
Мээ ичинде кыйма-чийме мол агым…
Махабаттын өзүн сезбей жүрсөм да,
Машакатын түшүнгөндөй соо жаным.
Катасын кеч, мендей бошоң кишинин,
Бак жалгаган – бир Ак шаттуу учурум.
Күңүрт үмүт катын жаздым өзүңө,
Кыялымдан шорголотуп куш үнүн…
Атырыңдан көксөткөн жыт аңкыйт-оо!
Жакындасам, жүрөк-демиң чарпыйт-оу!..
Сен кубансаң, көөнүм – комуз күү чалган.
Сен муңайсаң: баш – садака, жан – кыйноо!..
Күн көзүнөн угулганда ак сур үн,
Биз көздөй сок шамал болуп…
Жакшы ырым?..
Сени ойлосом:
жүрөгүнөн добулбас,
Койгулаган бакшымын…
Которгон: Турдубек уулу Садырбек