КЫРГЫЗДАР
Кырк томдук
12-ТОМ
Тарых, маданият
Түзгөндөр: Кеңеш ЖУСУПОВ, Каныбек ИМАНАЛИЕВ, Жылдыз БАКАШЕВА, Макелек ӨМҮРБАЙ
Томдукта кыргыз тарыхына, руханий жана материалдык маданиятына арналган фольклордук чыгармалар жана макалалар топтолду.
ОКУРМАНГА АЛКОО
Кыргыздар байыртан бери тарыхтын узак жолун басып келген эл. Алар Түштүк Сибирдеги, Орто Азия чөлкөмүндөгү көчмөн элдердин ичинен эң улуусу болуп тарых барагында жазылган. Муну кытайдын эски жазмалары тастыктап турат. Кытайдын улуу тарыхчысы Сыма Цяндын (б.з.ч. 145 же 135-86) «Тарыхый жазмалар» («Ши-цзи») эмгегинде б.з.ч. 201-жылда кыргыздардын ордолуу журту жөнүндө маалымат айтылат.
Кыргыз эли өткөн доорлордогу көчмөндүк турмушунда нечендеген алааматты, кордук-зомбулукту көрдү, заманага мүнөздүү болгон уруулук, эл арасындагы жер талашкан, мал талашкан жаңжалдарды, кандуу майдандарды баштан кечирди, Ата Журтун коргогон эрдиктерди жасап келди. Алар дээринен апааттан качкан, баскынчылыкка барбаган, коргонуучулук жоокердик ыкмасын колдонуп, Ала-Тоодон Саянга дейре куштар сыяктуу улам көчүп-конуп, байырлап жашады. Алар табият ка сыйынып, асмандагы жылдыздар аркылуу сапарга аттанып, улуу көчкө жүрүшкөн. Асманжылдыз боюнча күндү-түндү, айды, жылды белгилешкен, аба ырайын билишкен. Көк Теңир байыркы бабалардын ыйыгы, жомогу, сыры болгон. Көчмөндүк жоолашкан заманда кыргыздар Жер-сууну тирүү жанга орток энчи деп баалашкан соң, Алтай-Саянга чейинки жолдогу улам ээлеген конушу алардын Ата Журту катары ардакталган, аны жоодон кан-жанын төгүп, эрдик менен коргоп турган.
Мына ушундай тарыхый узак жашоосунда жана баскан жолунда кыргыздар артында бай маданий мурас калтырды. Кыргыздардын рухий маданиятына тили, аңызы, дүйнө таанымы, адеп-аклагы, өнөрү, адабияты, салты, сулуулукка баамчылыгы, тарбиясы, агартуусу, укугу, мамилеси, илими кирери белгилүү. Ал эми материалдык маданиятына элдин кийим-кечеси, турак жайы, тамак-ашы, үй буюмдары, кол эмгеги, унаалары жана башкаларын айтууга болот.
Кыргыздар бейпил замандарда бөлөк уруулар, эл менен маданий жана соода байланыштарды жүргүзгөн. Тан доорунун жазмаларында байыркы кыргыздар кытай өлкөсүнө далай саам элчилерди, соодагерлерди жана жаштарды окууга, өнөр үйрөтүүгө жибергенин, маданий байланыштарды уюштурганын баяндайт. Улуу жибек жолунун удулунда жашаган кыргыздардын Күн Чыгыш жана Батыш өлкөлөрү, Тибет, Византия, Иран, Араб жана башкалар менен маданий, соода байланышы болгонун бир гана жазма тарыхта эмес, кыргыз тилинин, дининин, салтынын, эпосторунун, кол өнөрчүлүгүнүн мол тажрыйбасы далилдеп турат.
Эзелки кыргыз бабаларыбыз өздөрүн каадалуу элбиз дешкен. Ушу береги ишеними кыргыздардын акылмандыгы, салт туу ырым-жырымы, жорук-жосуну, каада-салты, мырзалыгы байыркы жана бай экендигин ырастайт.
Байыркы кыргыздар ири салтанаттарды, майрамдарды, той-аш сыяктуу шаң күндөрдү, ырым-жырымдарды өткөрүшкөн. Ар кайсы жерлердеги урууларга, кошуна-колоңдорго, кандыктарга кабарлар, жарлыктар, чакырыктар кетип, кыргыздардын башы чогулуп, ага башка элдерден меймандар келип, каадалуу мааракелер болгон. Салттуу элдин каадасалттары көргөзүлүп, ат, төө жарыштырылып, улуттук оюндар уюштурулуп, бакшылар бийлеп, комуз чертилип, ыр ырдап, бата айтылып бир нече күндөп шаан-шөкөт өткөн.
Теңирге, Умай энеге, жаратылышка сыйынганда, кыргыздар курмандык чалып, түлө өткөрүп, нечендеген жөрөлгөлөрдү жасаган. Балдардын тоюнда, жаштар үйлөнгөндө, сапарга чыкканда, жолоочулап келгенде, жолго чыгарда, көчкөндө, жер которгондо, жаңы жыл тоскондо, элдик майрамдарда илгертен келаткан каада-эрежелери, шаңы сакталып элдин аброю, маанайы көтөрүлгөн, бата, тилек айтылып, ырлар ырдалган. Ушул жөрөлгө-жосунду жалпы жонунан элдик мурас деп атасак сөздүн көркү жарашыктуу болгудай.
Бабаларыбыз нечен кылым элдик мурастарды жашоотирилигине пайдаланышып, кандай азаптуу күн башына түшсө да, сабырдуулук менен чыдап, каада-салтсыз, ырымсыз жашаган эмес, анын барк-баасын жоготпой кылымдан кылымга этият сактап келишкен. Алардын эрдигине, акылмандыгына ар бир кыргыз, келечек муун таазим этүү керек.
Бабалардын оозеки түрүндө жашаган элдик мурасы ооздон оозго, атадан балага айтылып келип, XIX кылымга чейин ак кагаз бетине сыйган эмес. Араб арибин үйрөнгөн кыргыздардын айрым алгачкы сабаттуу молдолору, билимдүү атуулдары эл тарыхын жана маданиятын XIX кылымдын аягында кагазга жаза баштаган. Элдик мурасты чагылдырган кээ бир кол жазмалар ХХ кылымда барк алынбай, изилденбей, советтик идеологиянын капшабынан басмадан жарык көрбөй келген. Республика кийин эгемендүүлүккө чыкканда гана басмадан жарыяланып, жалпы окурманга маалым боло баштады.
Ырас, XIX–XX кылымдарда кыргыздардын жерин, элин, тарыхын жана маданиятын дүйнөлүк окурмандарга тааныштыруу максатында изилдөө жүргүзгөн орус, венгир, немис, казак ж.б. акпейил окумуштуу-этнографдары, изилд өөчүлөрү болгонун унутпоого тийишпиз. Өкүнүчтүүсү – алардын эмгектери толугу менен кыргыз тилине алигиче которулбай келе жат каны.
Ошондой эле өздөрү адис аалым болушпаса да улуттун тарыхына, маданиятына жеке демилгеси менен берилип, Ата Журтту жөө-жалаңдап кыдырып, сөз, акыл, каадасалт, ырым-жырым, буюм-теримдерин, кол өнөрчүлүк өнөрлө рүнүн түрлөрүн, оозеки чыгармачылыгын, санжырасын бирден чогултуп, илимий-популярдуу эмгектерди жазган кыргыз атуулдары чыкты. Алардын оозеки чыгармачылык менен санжыранын негизинде жазылган эмгектери, дүйнөлүк илимий эмгектин аброюна жетпесе да, негизинен, улуттук маанайда өз эли үчүн жазылган баяндоолору, божомолдору баамдуулугу, молдугу, даректүүлүгү, тилекниеттери азыркы өткөөл заманда, улуттун маданияты биротоло дүйнөлүк илимий калыпта изилденбей жатканда, элдин көбү маданияттан мурда материалдык дүйнөгө ык койгон кезде, маданияттан четтеп бараткан окурманга зор табылга.
Кыргыз маданиятынын тарыхы жөнүндө буга дейре нечендеген ар кыл эмгектер, китептер жарык көргөн. Маданияттын кээ бир тармактары боюнча айрым изилдөөлөр, энциклопедиялар бар болсо да, азыркы окурман кыргыз рухий дүйнөсүн ар кайсы эмгектерден издешип убара тарт ышат.
Китептин түзүүчүлөрү буга дейре кыргыз маданияты боюнча басмадан жарыяланган далай эмгектерге жана табылган кол жазмаларга абай салып, орундуу жерлерин топтоп, иреттеп, ушул китеп басмага даярдалды. Айрыкча, каада-салт жана материалдык маданият боюнча китептерден алынган түшүндүрмөлөр, аныктамалар, баяндоолор кыскартылып же толукталып тематикалык жагын байытуу максатында редакцияланды. Кыргыз маданиятынын байыркылыгын жана мол экендигин далилдөө максатында, эзелки улуттук аңыз, «Саймалуу таш» сүрөт галереясы, балбал таштагы байыркы руна сымал жазмаларыбыз, Энесай доорундагы түркүн маданиятыбыз, жоокердик өнөр жөнүндөгү баяндоолор окурманга тартууланды.
Бул китепти түзүүдө бөлөк элдердин маданиятынын өсүп-өнүккөнү жөнүндөгү чыгармалар түрткү болду жана жыйнакка кыргыз илимпоздорунун, жазуучуларынын, маданият изилдөөчүлөрдүн эмгектери пайдаланылды.
Өзгөчө маданият изилдөөчүлөр Амантур Акматалиевдин этнографиялык эмгектери, Таштанкул Бөрүбаевдин «Кыргыз тамак-ашы», Кеңеш Жусуповдун «Кыргыздардын байыркы маданияты», Кыргыз улуттук илимдер академиясынын чыгарган «Каада-салттар. Ак баталар» (29 т.) китептери орчундуу эмгек болду. Ошондой эле китептин соңунда пайдаланган бир нече адабияттын тизмеси берилди.
«Кыргыздар» – нака илимий китеп эместигин окурманга баса белгилемекчибиз жана андай максатты көздөгөн жок. Айрыкча кийинки учурда маданий мурастарыбызды билипүйрөнүүгө солгун тартып баратканда жашоо-тиричилигибизге, рухий дүйнөбүзгө жардамы тиер деген ак тилекте бир нече эмгектин негизинде популярдуу жыйнак түзүлдү. Азыркы тапта айрыкча китепке таңсык жаштарга, студенттерге, дегеле элибиздин маданиятына кызыккан жалпы окурманга пайдалуу деп ойлодук. Бул эмгек келечекте буюрса кыргыз маданиятынын илимий-популярдуу энциклопедиясын түзүүгө да өбөлгө гана болоруна ишенебиз.
Ушу китеп менен эле жалпы элдин маданияты, мурасы толугу менен текши чогултулуп, басмадан жарык көрдү деген ойдон алыспыз. Дагы биздин колго жетпеген китептер, жарык көрө элек кол жазмалар арбын экенине көзүбүз жетет. Ал эми бул китепти тактап, толуктап кайра басмадан чыгаруу келечектин иши. Кандай да болсо, эң алгачкы окурман колуна тийген жаңы эмгек – рухий чоң олжо.
Окурманга дагы эскертерибиз: китепте кыргыздардын байыркы жана орто кылымдагы, XIX–XX кылымдардын башындагы рухий маданияты боюнча гана сөз жүрүп, ал эми ХХ кылымдагы кыргыз маданиятынын тагдыры, өсүп-өнүгүш жолу жөнүндө кеңири кеп козголбоду. Анткени советтик замандын тарыхы жана маданияты жөнүндө эмгектер, китептер өтө жетишерлик эле басмадан жарык көрдү.
Авторлор
ТАРЫХ
БАБА-ТЕК БАЯНЫ
Байыркы Ата конуш. Кыргыздар эң байыркы эл экендиги анын санжырасы, оозеки фольклору жана дүйнө элдеринин даректүү жазмалары тастыктап турат. Кыргыздар жөнүндө эң алгач маалымат кытай (ханзу) тарыхынын атасы Сыма Цяндын (б.з.ч. 145–86-ж.ж.) «Ши-цзи» («Тарыхый жазмалар») эмгегинде айтылат. Анда кыргыздардын түпкү тарыхы хундар, динлиндер менен байланышы бардыгынан кабар берет, бирок ата конушун так айталбаган.
Кыргыздардын адепки Ата конушу б.з.ч. доорлордо Монголиядагы Кыргыз көлдүн (Хирхис ноор) айланасы болгон. Алар жоокерчилик заманда жер шартына жараша жана тышкы жоодон коргонуп, бирде Энесайга, Хакасияга, бирде Тывага (Тувага) көчүп, элдигин, хандыгын сактап турган.
Байыркы кыргыздар б.з.ч. жана жаңы доор башталышында (б.з.ч. II кылымдан б.з. XII к.) ортосунда Түштүк Сибирдин төрт жеринде хан ордосун – Алтайдын Дөөлөс көлүнүн тегерегинде, Хакасиянын Алтын көлү менен Уйбат талаасында, Монголиядагы Кыргыз нур көлүнүн аймагында курган. Алтай, Саян, Көгмөн (Көкмөл) тоолорунун кокту-колотторунун, Энесай, Орхон дарыяларынын куймаларынын, Байкөл, Кыргыз нур, Сүткөл, Дөөлөс көлдөрүнүн сырларын, сулуулугун, кеңдигин, оттуу экенин, кечмеликке кайсы жерде ыңгайлуу экенине дейре кыргыздарча билген эч бир көчмөн уруу болгон эмес. Кыргыздар мал-жанга касиеттүү мол жерлерди башка элдерден элден мурун чалгындап, көзөмөлдөп Ата Журт кылып алышкан. Бу далилге Түштүк Сибирдин тоо-талаасындагы жүргүзүлгөн археологиялык табылгалар, балбал таштар, эстелик таштагы руна жазуулар, байыртан бери аталып келаткан жер-суу аттары, жергиликтүү элде сакталган уламыш, салттар, тил, этнографиялык окшоштуктар жана улуттук оозеки тарых-санжыра күбө болуп турат.
Кээ бир окумуштуулар кыргыздардын атамзамандан ата конушу Теңир-Тоо (Ала-Тоо) болгонун далилдешүүдө. Алардын пикиринде байыркы кытай жазмалары көчмөн элдин турмушун даана билбегендиктен кыргыздардын урук, урууларына бөлүнгөнүн бөлөк эл катары кабыл алышканын, тил өзгөчөлүгүнө жараша бурмаланган так эмес маалыматты жазып калтырган деп эскертишет.
Жалпы божомолдо, узак аралыкта байыркы кенен, ээн жаткан жердин шартында көчмөн элдердин хандыгы, жоокерчилиги мыкты өнүгө элек учурда кыргыздар эрте баш көтөрүп тирленип, күчтүү кол күтүп алган. Ошондуктан, малдуу-жандуу кыргыздар ата мекеним деп, илгертен Теңир-Тоодон баштап, Алтай, Саянга, Көгмөнгө чейинки аймакты ээн-эркин чардап өтүшкөн.
Кыргыздар жөнүндө маалымат. Байыркы көчмөндөр, Орто Азиядагы уруулар, кыргыздар, алардын кошуналары жана бабалары жөнүндөгү маалыматтар эзелки Персия, Иран, Византия, Армения, Кытай ж.б. элдердин жазмаларында сакталган. Айрыкча византиялык жазма эмгектерде кыргыздардын сак, хун, түрк, эфтелиттер, тохарлар, скифтер жөнүндө көбүрөөк маалымат чогултулган. Кытай жазмаларында, б.з.ч. Сыма Цяндын («Тарыхый жазмалар»), Бань Гунун («Хань сулалесинин тарыхы») жана эски кытай династияларынын жылнаамаларында кыргыздар, динлиндер, усундар, хундар жөнүндөгү маалыматтарды окуса болот. Өтөмөнчө Кытай жазуу булактарында Түштүк Сибирь, тактап айтканда, Энесай, Орхон, Алтайдагы кыргыздардын тарыхы жөнүндөгү маалыматтар өтө баалуу. Дүйнөлүк тарыхчы окумуштуулар кыргыздар жөнүндөгү маалыматты байыркы кытай жазмаларынан алышат.
Жалпысынан алганда, байыркы доордон бери аты жазуу жүзүндөгү тарыхый жылнаамаларда белгилүү кыргыздар өздөрүнүн узак жолду басып өткөн тарыхында башка түрк уруулары менен жуурулушуп, Борбордук жана Орто Азиянын (азыркы саясий термин боюнча – Ички жана Борбордук Азиянын) бир далай түрк эмес элдеринин өкүлдөрүн ассимиляциялап келген. Алардын байыркы тарыхынын Чыгыш Теңир-Тоолук баскычы б.з.V к. акырына чейин созулган.
Орто кылымдагы кыргыздар жөнүндөгү ар кандай маалыматтар араб, перси булактарынан табылган, анда араб окумуштуулары Ибн Хордадбек (IX–X к.к.), Ибн Хаукал, Ибн ал-Асир (XII–XIII к.к.), персия тарыхчылары Саид Гардизинин (XI к.), Рашид ад-Дин (XIII к.), түрк тилдүү элдерден, мекендешибиз Махмуд Кашгари (XI к.), Жусуп Баласагуни (XI к.), тарыхчы Мухаммед Хайдар (XV– XVI к.к.), Мухаммед Садык Кашгари (XVIII–XIX к.к.), Түштүк Сибирдин тарыхы, жери, эли, тили жана рухий мурасы жөнүндө кыйла далилдүү маалыматтарды жазышкан.
Кыскасы, кыргыздардын тарыхынын эң эзелки жана оболу орошон баяны дүйнөлүк жазмада сакталып келген. Ал учурунда басма беттеринде жарыяланып, учунан толук жандырылып чечмеленбеди, ага саясий, идеологиялык жолтоолор болду. Азыркы кыргыздардын эгемендүүлүк заманында элдин алмустактан берки тарыхына, маданиятына жаңыча изилдөөгө, так иликтөөгө жол ачылды.
Жоокерчилик заманда. Кыргыздардын өткөн дооруна ой жүргүзсөк жеңгенден анын жеңилгени көп экен. Бул ошол элдин башынан далай кыйынчылык, азап-тозок кечиргенин, сабырдуулугун, эрдигин жана акылмандуулугун айтып турат. Байыркы кыргыздар башка элдер менен тике жоолашкандан оолак качкан, чыр-чатак, чабышты болтурбоого, тынчтык, келишим ыркы менен астейдил чечүүгө умтулган. Каардуу, күчтүү жоолорго белек-бечкек, алым-салык берип башын куткарган. Непадан жоо мындай амалга көнбөсө кыргыздар конуш, журт которуп элин сактап калган. Ага да болбой ажаан душман эрегишип кол салса, бала-бакыра, кары-картаң, аялдарды алдын ала токой-тоого качырып, эр азаматтары эл-жерин коргоп, кара жанын карч уруп салгылашкан. Кокус жоокерлери тыйпыл кырылса, кыргыздардын аман калгандары он беш-жыйырма жыл балдары төрөлүп, чоңоюп, торолуп, жигит болуп колуна курал алганча жер безип, жат көзгө урунбай же башкалардын кол алдында жашаганга бел байлап, качан эрлер жетилгенде, кол күтүп алганда кайрадан ачыкка чыгып, башка кошуна-колоңдор, чоң элдер менен мамилесин куруп кирген. Эзелтеден кыргыз бабалардын канчалык күчтүү колу болсо да, жоону жеңерине көзү жетип турган күндө да эч качан бейпил жаткан бөлөк элге, өлкөгө баскынчылык менен биринчи кол салып, ач көздүк кылбаганы, бүлүк түшүрбөгөнү элдин духунун күчтүүлүгүн жана адеп-ахлак, маданиятынын жетиктигин аныктайт.
Кыргыздар кырылган доорлор. Б.з.ч. 201-ж. Хундардын кыргыздарга жортуулу.
´ VI к. экинчи жарымы көк түрктөрдүн кыргыздарды багынтканы.
´ 711-ж. Түрк каганы Тонукөктүн кыргыздарды багынтканы.
´ 758-ж. Уйгур каганынын чапкыны.
´ 795-ж. Уйгур каганынын кыргыздарды чапканы.
´ 814-ж. Уйгур каганы кыргыздарды чапканы.
´ 1207, 1218, 1227-ж.ж. Чыңгыз хандын чабуулу.
´ 1916-ж. Орус падышачылыгынын баскынчылыгы.
Көчмөндүк. Кыргыздар байыркы көчмөн элдердин катарына кирет. Илгеркилер да журт, жер которуп жүргөндөрдү көчмөн дешкен. Мындайча айтканда, байыркы доордон орто кылымга чейинки, Теңир-Тоого отурукташканга чейинки жашоосу көчмөндүк доор болуп саналат.
Көч жүрүшүндө кыргыздардын сарамжалдуулугу, эрдиги гана көрүнбөстөн, алардын элдик жүзү, биримдиги, акылмандыгы, өнөрү, маданияты ажайып ачылган.
Көч. Кыргыздар жаздоого, жайлоого, күздөөгө, кыштоого журт которуп же жол сапарына карата бир күндүк деп жакын арага, бир нече күндүк болуп алыска көчүшкөн. Көчкөн элдин көптүгүнө, салабаттуулугуна карата кичи көч, чоң көч болуп аталган. Жер шартына карата жатакка, бөксө жайлоого, төр жайлоого көчүшкөн.
Көчмөн эл деп тарыхтан атак алып келе жаткан кыргыз эли өзүнүн көчүү маданиятын калыпташтырган. Көчүү кыргыздарда малчылык түйшүктүн ажатынан улам болгон. Дагы бир жагынан алганда, кыргыздар табияттын сырын эрте өздөштүрүп, күндүн узаруу, кыскаруусу (күн кайтты, узарды деген ат менен) төрт мезгилдин алмашуусун кудум куштар сыяктуу туюп, ошого жараша чарбасын жайгаштыруу сарамжалынан улам көчүү турмуш ыңгайын тутандырып алган. Жайлоо маданиятын жаратууда кыргыздардын зор салымы бар десек боло берет.
Кыргызда көчүүнүн өзүнчө салтанаты бар. Көбүнчө уруулар, айылдар чогуу көчүү салты, жардыларды журтка таштабоо асыл жөрөлгөсү калыптанган. Кыргыздардын Энесайдан көчүүсү тарыхый жазмаларда, эл оозеки чыгармаларда кеңири баяндалат.
Уруулардын баш кишиси жыл эсептегич «айды аркандап, күндү күрмөп» жүргөн акылман адамдардын кеңеши боюнча качан көчүүнү чечим чыгарган. Көбүнчө чоң көчүү жылдын төрт мезгилине карайт: жаздоого көчүү (төл алуу); жайлоого көчүү (жайыт жеш); күздөөгө көчүү (малдын этин чыңоо); кыштоого көчүү сыяктуу көчүү жөрөлгөсү калыптанган. Андан бөлөк айылдан айылга көчүү, өтөктөн өтөккө көчүү сыяктуу бирин-серин көчүүлөр да дайыма болуп турган. Көчүүнүн шааншөкөтү анын көчүп баруу аралыгына карай, айчылык жерге көчүү, күнчүлүк жерге көчүү, же конуш которуу сыяктуулар белгиленген.
Кичи көч. Журт которгон кичи көчкө алдын ала даярдык көргөн. Көч башчысы минүүгө ылоо, жүккө көлүк даярдап, эл камын көрөт. Айыл эркектери боз үйдүн жыгач-ташын таңышса, аялдар жууркан-төшөк, каз анаяк, боз үйдүн жип-шуусун, кийиздерин түрүп жыйган.
Ал күнү айылдын желесине кулун байланбаган. Жылкыдагы жоош тай, байтал бээ унаага кармалып, ээр токуму токулган. Төөлөргө, аттарга, өгүздөргө жүк артылган соң, айыл аксакалы көч баштаган. Журт таза кармалган.
Көч жаңы журтка жакындаарында алдыда көч баштаган жер уусун билген аксакал жаңы конуш жайын чалат. Жаңы конушта ар бир үйдүн орду, айылдын жайылышы даярдалат.
Боз үйлөр тигилип, желеге кулундар байланып, деми тынчыган соң, айыл аксакалы жаңы журтка конуш жайлуу болсун деп бата кылып, арбактарга арнап кан чыгарып түлөө берет, үй-үйдү кыдырып даам сызышат.
Улуу көч каадасы. Байыркы кыргыздардын даңазалуу улуу көчү болгон, аны каркыралуу көч дешкен. Бул айлап алыска көчүү, Теңир-Тоодон Алтай, Саянга чейинки көч жолу.
Узак жолго эрте кам көрүлөт. Эл башчысы билермандарды, аксакалдарды чакырып тамак берип, көч жөнүндө келгендер менен акыл курган. Улуу көчтүн кайсы күнү сапарга чыгарын, ай-жылдыздарды карап, мал эсебин алган соң, жарлык айткан. Мындай улуу көчкө түп көтөрүлө аттанышкан. Каза таап, сөөк жерге жашырыла элек үй гана көчпөй калган.
Улуу көчтү кыргыздар далай ирет башынан өткөрдү. Алар бирде Теңир-Тоодон Алтайга, Алтайдан Көгмөнгө, Көгмөндөн Хакастарга, Хакастардан Тувага көчүп-конуп жүрүшкөн. Алар улуу тоолор арасында кайсы жери оттуу, кайсы жери ысык-суук, суусу качан кирерин, кайсы жерде кечмелиги бардыгын жакшы билишкен.
Улуу көч шаңдуу жүргөн. Бул бир эле жер которуу машакаты эмес, бул эзелтен келаткан майрам, салт болгон. Көчтүн шаанисин ырчылардын ыры, жарчылардын чакырыгы, добулбастын кагылышы, сурнайдын тартылышы ого бетер шаңга бөлөгөн.
Көчтөн мурда алдыга жигиттер субай-салт жылкыны айдаган.
Көч алдына баатырлардын тобу түшкөн. Андан соң жасалгалуу ат, же жорго минген, кундуз тебетейине, бөркүнө каркыранын канат-куйругун тагынган каркыралуу, ары чачы он өрүм, саамай чачы алты өрүм, бешкөкүл кыз-кыркындар, жасанып кийинген шөкүлөчөн селкилер, келеңгер чачпактуу элечекчен келиндер, казанбак элечекчен байбичелер, тай минген балдар чубайт. Андан кийинки сапта жүктү төөгө, атка, өгүзгө, топозго жүктөшкөн жигиттер бир четтен козголот.
Көч кабарын билген мурдараак отурукташкан жол боюндагы айылдын кишилери жаңы көчүп бараткандардын алдынан тосуп, өтө жакындары, дос-тамыр, куда-сөөк болушса алдын ала бышырган эттерин, боорсокторун, актарын дасторконго жайып күтүп турушат. Непадан бейтааныш болсо, кымызын, айран-сүтүн, каймагын, сары май, курут, бышырган нанын ак пейилден сунат.
- Көч көркү болсун!
- Көчүңөр байсалдуу болсун!
- Жолуңар шыдыр болсун!
Колдоочуңар Кыдыр болсун! – дешет жол боюндагылар.
- Айтканыңар келсин! Силерди Теңир колдосун,– деп аксакалдар, жигиттер аттан түшүп, аялдар, балдар ат үстүндө ак нандан ооз тийишет.
- Жол узак, жолдон калбайлы! – дейт көч ээси.
Көчкө көз салган арттагы баатырлар келет.
Ак алып чыгуу. Ата-бабадан келе жаткан асыл салттардын бири. Алыстан көч менен куда-сөөк келатса, жол боюндагы айылдын келин-кыздары бурала басып, колдоруна ак толтурган (кымыз, айран, чалап ж.б.) аяк-чыны кармап, ошол жүргүнчүлөрдүн алдын тосо чыгышат. Суусун сунушат. Көчтөгүлөр да адатта сыпайы алып, аттын ыйык жалына тийгизип, суусундарын кандырышат. Ыракматтарын айтып, баталарын берип, көч шарт жөнөй берген.
Журтту тазалап кетүү. Кыргыздар жаңы конуш которордо, же алыска көчөөрдө көчкөн журтту тазалап, акыр-чикирлерди өрттөп, көөмп кеткен. Көчкөн журттун көркү – тазалыгы дешкен кыргыздар. Айрыкча мындай милдетти аялдар жасаган. Жыл сайын ал журтка келип конгондо ошол жай жаңыланып көрүнгөн.
Эл ичинде баамдоо: көчүп кеткен эски журттан улам, мурунку үй ээсинин шашып же шашпаганын, аялынын камбылдыгын, тегерегин таза кармоодон адамкерчилигин, ыйман-сырын билсе болот.
Кошуна милдети. Жаңы конушка көчүп келгенин көргөн жакын-арада жашагандар бейтааныш болсо да салт боюнча келип: «Конушуңар куттуу болсун!» – деп, жүктөрдү түшүрүүгө жардамдашкан. Боз үйүн тигишип, эмеректерин киргизип, мал-жанга кол кабыш этишкен.
Жаңы тигилген үйдө очок күйүп, шартка жараша казан асылган ж.б. сыйлар көрсөтүлгөн.
«Көчкө бата». Көбүнчө жүк жүктөлүп болуп, көч башы төөнү жолго тартканда берилген. Мында батадагы көчтүн көрктүү болушун каалаган сөздөргө караганда, көчтүн көркүнө абдан маани берилгени байкалып турат. Көч жүктөгөндө эр азаматтар аябай мыкты жүктөшкөн. Кимдин жүгү ооп, жүгү жолдо чубалса, аны өтө айыптуу, намыстуу иш көрүшүп, көчүүнүн сарамжалдуулугуна байкас кылышкан.
Кыргыздар бала-бакырасынан көчсө, коңшусу көчсө, же көчкө жолукса аны бата ыры менен узаткан. Көчкө бата берген ыр мындай нускада айтылган.
Көч көрктүү болсун,
Жүк жуктуу болсун, Унаа кабыл болсун, Айлана адил болсун!
Кызың кылыктуу болсун,
Уулуң урматтуу болсун,
Келиниң келбеттүү болсун,
Жер-суу, тоо-таш
Олуясы колдоп, Конушуң олжолуу болсун!
Оомийин!
«Конушка бата». Көчүп барган жерди конуш деп атап, жаңы конушту кудум жаңы салган имаратты куттуктагандай куттукташып, казанга май кайнатып, жаңы конуш майлуу-сүттүү болсун деп ырымдашкан. Жаңы конуштун дасторконуна маанилүү баталар берилген. Ал баталар «конушка баталар» деген топту түзгөн.
Кыргыз баталарында көчкө, конушка кыска ак тилек айткан сөздөр да бар.
Конушка: түндүгүң бийик, керегең бек болсун (жандырмагы: айтканың келсин, жолуң болсун).
Конушуңар олжолуу болсун (жандырмагы: олжосуна орток болуңуз).
АТА ТЕК СҮРҮШТҮРҮҮ
Байыркы насил. Байыртадан жакшылыкты-жамандыкты башынан кечирген бабаларыбыз: «Тегиңди билесиңби балам» – деп кичүүлөргө, бала-бакырага собол айткан. Албетте, кыргыз баласы эс тарткандан жок дегенде жети атасынын дарегин билүүгө милдеттүү болгон. Байыркы доордон XX кылымдын башына чейинки жашаган кыргыз аксакалдары оро-парадан кабылган уланга: «Жети атаңды билесиңби, айтып бер» – деп капилеттен колуңдан шап кармашкан. Алар кийинки тукуму байыркы бабалардын дайынын, тегин улуулардай билсе экен деп өтө тилек кылышкан.
Санжыра. Кыргыз элинин илгертен келген рухий мурасы-санжырасы, оозеки тарыхы жана илгертен өздөштүргөн илими. Кыргыздын кылымдардан аты өчпөй укумдан тукумга дареги белгилүү болуп келе жаткандыгына эң оболу оозеки тарыхынын-санжырасынын салымы баа жеткис. Санжыра эл атын өчүрбөй, муун менен муунду, кылым менен кылымды байланыштырган рухий үзүлбөс чынжыр.
Элибиздин оозеки санжырасы кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенден кийин ыр, дастан, эскерме, баян жана мурас катары ого бетер өнүккөн.
Эл арасынан журт, уруу тарыхын, салтын жана улуу инсандарынын эрдигин саймедиреп, сөз менен кулакка уютуп айткан чечен, көсөм, олуя, санжырачылар чыккан. Алар калк арасында өтө кадырлуу болуп, сый-урмат көрүшкөн.
Өткөн доордо жазмасын жоготкон кыргыздарда санжырачылардын ысымдары уламыштарда гана эскерилет. Алар калк ичинде бирде ырчы, дастанчы, чечен, акылман жана жомокчу деп айтылып калды.
Санжыра жеке бир кишинин эле өзүмчүл ой-кыялы эмес, ал деген илгертен берки кудум ар булактан кошулган өзөндөгү дайра сыяктуу же аары чогулткан бал сыңары, нечен бабалардын акыл, ой-тилегинен, даректен, чындыктан уютулган, төл сөз менен эргип, кооздолуп жазылган тарыхый көркөм чыгарма.
Санжыра боюнча чечмелөө. Бабаларыбыз жоругандай, биздин эң түпкү атабыз кыргыз болгонун эч ким тана албайт. Ошондон бери бизге кыргыз деген сөз өтө ыйык, акыл-ыйманыбыздын мазары, улуттун зоболосун оболоткон бийик куту.
«Кыргыз» деген сөздүн жаралышын байыркы аңызда, санжырада ар кандай божомолду жорушат.
Эзелки кыргыздар дүйнөдөгү кызык окуяларды, татаал жорук-жосунду, жандыктардын жашоо-тиричилигин, табияттын көрүнүшүн жана адамдын ички ой-кыялын сөз менен даана, так сүрөттөп айтышкан, буга тил байлыгы жетишкен. Кыргыздар бир нерсеге ат ыйгарганда накта даана ат койгон. Ошондуктан бабаларыбыз өз улутунун төл атына келгенде, жөн жерден атабагандыр, алардын сөз дүйнөсүндө биз али түшүнө элек касиет-кусуру, сыры бар.
Небактан келаткан элдик оозеки чечмелөөдө кыргыздын аталышы кырк кыздан таралгандан улам айтылган аңыз. Кайсы бирлери кыргыз деген кыр-кырларда жашагандыктан чыккан сөз дешет.
Кыргыздар наристеден кагандарына чейинки уулдарына ысым ыйгарганда, ага астейдил маани беришкен, бабалардын салтын сактап, жарашыктуу, тариздүү наам атак же ысымдарды ыраа көрүшкөн. Зили алар кыргыз деген атты өздөрү гана тандашкан, бөлөк бирөөлөрдүн шылдыңдап койгон аттарына эч моюн сунбайт эле, жол бербейт эле, ага алардын акылы, кубат-күчү жана акылмандыгы жетишкен.
Неси болсо да, кыргыздын теги жөнүндө көп аңыз чечмелөө, уламыш, жоромолдор, жомоктор, баяндар арбын. Тастыктаганда зили санжырачылардын жана оозеки чыгармалардагы кыргыз кырк уруудан куралган эл экен деген аныктама чындыкка жакын.
КЫРГЫЗ УЛУТ АТЫНЫН АТАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨГҮ УЛАМЫШТАР
Кыргыз улут атынын аталышы жөнүндөгү уламыштар
кыргыздар ичинде эң кең таралган, эртеден айтылып келе жаткан уламыштар эсептелет. Алар төмөнкүдөй:
«Кырк жүз» уламышы. Бул уламышта кыргыздар кырк уруу элден куралган экен, алардын жалпы саны 40 жүз эл болгондуктан, «Кырк жүз» эл деп аталыптыр, ал сөз кийин кыскарып барып «Кыргыз» болуп айтылып калган деген мазмунда айтылат.
«Кырогуз» уламышы. Илгери кыргыздын түпкү бабасы Каракан деген болгон экен, андан Огузкан деген уул төрөлүп, андан 24 бала болуптур, бул 24 бала ойноп жүрсө бир көк бөрү пайда болуптур, аны өлтүрмөк болушса, ал бөрү туюп калып, Теңирге жалынып, асмандан катуу жаан жаадырып, топон-суу балаасын келтириптир. Ошол 24 баладан жалгыз бирөө тоого качып кутулуптур. Огузкандан калган ошол бир бала «Кырогуз» аталып кетиптир да, ал сөз кийин кыргыз болуп айтылып калыптыр.
«Кыркез» уламышы. Кыргыздын түпкү бабасы түрк экен. Андан бир нече бала төрөлүптүр. Бир баласы чечек оорусуна чалдыгыптыр, аны бир ээн жерге алып барып салган экен, ал кайыптын кызы менен той жасап, бир балалуу болуптур, ал баласына: «Кыр кезип жүргөн кезде төрөлдүң» деп «Кыркез» деп ат коюптур. Ошол «Кыркездин» тукум-уругу тез эле көбөйүп бир эл болуп чыккан экен. Кийинчерээк ал эл «кыргыз» аталып калыптыр.
«Кырк кыз» уламышы. Бир заманда ханзу (кытай) райондорунан түндүк тарапка кырк ханзу барып, ошол жерде жашаган ууз (огуз) элинин жигиттери менен той жасаган. Ошолордон тараган урпактар «кырк уз» же «кырк кыз» болуп аталган, ал аталма кийинчерээк «кыргыз» болуп айтылып кеткендиги айтылат. Бул уламыш «йуан тарыхы» жувурапиялык (географиялык) маалыматтарда жазылып калган.
Байыркы ата-тек: Нух, Йафес, Туран, Түрк, Түтөк хан, Элчи хан, Диб-Баку хан, Күйүк хан, Аланча хан,
Кара хан, Өгүз хан, Тоо хан, Кыргыз хан, Сафаршаа, Шааданбек падыша, Алхан, Рашидин ак хан, Апалхан, Шаршенбай, Эршенбай, Буракан хан, Камбар хан, Кашык хан, Аргын хан, Алыхан, Арслан хан, Калыйдин бий, Кылмый бий, Шафыр бий, Тимуш бий, Арстан бий, Атан бий, Шүкүр бий, Санкин бий, Сарыбай, Муратбай,
Телкозу, Калпакбай, Көктемиш, Газы бий, Домбул бий, Долон бий, Бозуул, Акуул.
Байыркы уруулар: Катаган, Багыш, Могол, Карачоро, Тейит, Жоокесек, Дөөлөс, Бостон, Нават, Болгон, Нойгут, Сурама, Окчу, Каракалпак, Шыбаа, Серпи, Эдигер, Бадам, Кыдырша, Кызыл аяк, Мундуз, Кушчу, Кылыч тамга, Айсак, Каба, Дабат, Кырчак, Толоо, Жетиген, Саяк, Сапыран, Көлөп, Ардай, Тоту, Шаңкай, Көкүн, Такыдак, Калча, Байчоро, Жанчоро.
Байыркы кыргыз урууларынын ар биринин өзүнчө бийлик башчысы, туусу, эн тамгасы, мөөрү болгон.
XX кылымдагы кыргыз уруулары – Оң канат: Катаган, Саяк, Адигине, Мункуш, Татай, Черик, Коңурат, Азык, Окчу, Алач, Думара, Багыш.
Сол канат: Басыз, Жетиген, Кылычтамга, Кытай, Чоңбагыш, Жедигер, Мундуз, Карабагыш, Кушчу, Саруу.
Ичкилик: Бостон, Тейит, Жоокесек, Дөөлөс, Кыдырша, Каңды (Каңлы), Кесек, Абат, Оргу, Нойгут, Кыпчак,
Найман, Керей, Дуулат, Жалайыр, Мерке.
Баш атадан балага чейин.
Бабалар: Урпактар:
Баш ата Бала
Түп ата Небере
Тек ата Чөбүрө (Чүрпө)
Кеп ата Кыбыра
Бек ата Эбере (Чебере)
Жээк ата Эгене
Көп ата Тегене
Сак ата Убара Жото ата Агана Жете ата Абара
Жоңкоң ата Чагана
Бабага Бегене
Абага Өркөн
Баба
Чоң ата
Ата
Кыргыздар жазма тарыхта. Ал эми тарыхчылардын илимий жактан аныктамасы али да болсо күдүк сыяктанат, бир пикирге келише элек. Алар тилдик өзгөчөлүктү эске алып, «кырк жүз», «кырк эр», «кара чачтуу эр», «кыргын» сөзүнөн улам божомолдуу кайталашат.
Кыргыздар ыйык ысымды эзелтен сыймыктанып, ардактап намыс менен, аны коргоп да алып жүрүшкөн. Байыркы жазма тарыхка үңүлсөк кыргыздарды бөлөк элдер, айрыкча кытай жазмалары боюнча алсак, ар түрдүүчө чакырышкан экен: хягас, гяньгунь, гэгэсы, хягя, цзегу, кигу, цигу, киликидзы, хэргис ж.б. ушул сыяктуу.
Улут дареги. Ал эми илимпоз тарыхчылар, изилдөөчүлөр кыргыздын эң алгачкы жаралган дооруна ар кандай көз карашты, бааны беришет. Айрым изилдөөчүлөр беш-алты миң жылга жеткиришсе, айрымдары андан саал азайтып айтышат. Эзелки Чыгыш жазмаларында, айрыкча Кытайдын эски жазмаларында кыргыздардын уруу, эл болуп, хандык күткөн даректерине 2200 жылдан ашык мезгилди айтышат. Ага чейинки эл тарыхын, маданиятын кылымдар боюнча сыдырып карасак, улутубуз жөнүндөгү узак даректер али да болсо тактала, изилдене элек, көмүскөдө арбын.
Окурманга накыл. Урматтуу окурман, сен касиеттүү кыргыздын баласы экендигиңди эсте, ата тарыхы байыртан үзүлбөй келатканын тут, ата конушун тааны. Эмне үчүн булак башаты соолбой, тамырыбыз куурабай келатканын бил. Кылым карытып, ары-бери дүрбөп эптеп эле жашап, жан багып келаткан бечел эл эместигин сез. Бул ата-бабанын зээни, рухий дүйнөсүнүн, маданиятынын сыйкырдуу күчү Жер эненин, Теңирдин касиети менен бирге экендигин түк унута көрбө. Сен башка элден кыйын же өзгөчө эмессиң, эгер тегиңди билсең, өзүңдү башкалардан кем санабайсың жана башкаларды өзүңдөй көрөсүң.
ЖООКЕРДИК ӨНӨР
Биздин заманга чейинки доордон Монгол чапкынына чейинки мезгилде Борбордук Азияда нечендеген элдер, уруулар жашап өттү. Далайларынын аты чыкпай, күчтүүсүнө жем болду. Кай бири бийликке жетпеди. Тыңдары хан ордосун курду. Санап кетсек, байыркы хундар 300 жыл, сянбилер 200 жыл, моюндар 100 жыл, тобалар 200 жыл, жужандар 150 жыл, түрктөр 200 жыл, уйгурлар 100 жыл, кидандар 200 жыл бийликте турду. А кыргыз бабаларыбыз Борбордук Азияда 80 жылдай хан тактысында көк асабасын желбиретти. Ошончо көчмөн элдердин ичинен б.з.ч. доордон бери эң узак өмүр сүргөн, тарыхта изин өчүрбөй келаткан эски калк кыргыздар.
«Кыргыздарды тыйпыл кырып салдык, жер менен жексен кылдык, ордосун сапырдык, жер үстүнөн ыпым жоготтук» деген кербез сөздөр тарыхта көп айтылган. А бирок кыргыздар жер үстүнөн эч качан жоголгон эмес.
Анын керемет күчү эмнеде болду экен?
Кыргыздар эзели башкаларга эч жамандык каалабаган, кыянаттык кылбаган, башкага жемин жедирбеген сак, катылгандын катыгын берген, эрдик менен эл-жерин коргогон, намыскөй жана жаалуу душмандан өчүн алып турган жоокер эл эле. Чапкынчыны кыргыздар өтө катуу жазалаган. Байыркы бабалардын айрыкча акылмандыгы, кыраакылыгы, эрдиги жана жоокердик өнөрүн мыкты өздөштүргөнү аны XX кылымга жеткирди.
Илимпоздор эл тарыхын изилдегенде айрыкча согушка көбүрөөк көңүл бурушабы, айтор, кыргыз тарыхына саал абай салсак, эзелтеден калайыктын көргөн күнү уруш-согуш, жедеп эле калаймандан башы чыкпагансыйт. Элдин тагдыры көбүнесе майдан менен өткөн, селдей каптаган жоого көкүрөгүн тоскон, баскынчылардан азап чеккен, журтунан куулган, жер ээлигинен айрылган. Ошондуктан көз жашын төккөн кайгылуу ыр, кошок, дастан, эпостор ырдалса керек. Бабалардын керээзи, осуяттары жана эрдиги көбүрөөк айтылган белем.
Өткөн тарыхка сабырдуулук менен ой сыдырсак, деле урушпай өткөн же майдандан качып, коңулга аман жашынып калган көчмөн эл болгон эмес, андай элдердин өмүрү кыска болгон, тарых барагынан небак өчүп калган. Ал эми байыркы көчмөн бабалардын турмушунда бейпил чардап жашаган күндөрүнөн кыжаалаты, муң-кайгысы, урушу ашкере арбын болгон, кайсы эл күчтүү чыкса, алдуу болсо ошонун арааны, даңазасы жакшы жүргөн. Ошондуктан кыргыздар күчтүү баскынчы уруулардын, элдердин курчоосунда жашагандыктан бабаларынын, кошуналарынын жоокердик өнөрүн, алардын тажрыйбасын байыркы доордон эле үйрөнүшкөн. Кыргыздардын байыртадан бери ооздон оозго айтылып келген элдик чыгармаларында – ырларында, поэмаларында, эпосторунда жана санжырада өздөрүнүн баскан жолун, эрдиктерин, кыжалат кезде жол тапкан акылмандарын жана жоокердик өнөрү нүн сабактарын айтып келген.
Байыркы кыргыздардын кайгылуу уруштарынын даректерин санжырадан, уламыштардан, оозеки чыгармалардан, эпостордон, таштагы руна жазууларынан жана башка элдердин тарыхый жазмаларынан табабыз.
Уруштар уруктардын, уруулардын жана элдердин ортосунда жүргөн, алар кыска жана узак мөөнөттө болуп турган. Согуштун чыгышынын себептери ар кыл болгон. Көбүн эсе жер талашуу, малды, дүр-дүйнө талап алуу, кул, күң олжолоо жана душманын багындырып алым-салык алып туруу негизги максат эле.
Илгерки көчмөндөрдүн жашоосундагы жоокердик өнөрдү азыркы түшүнүк менен салыштырып кароо жана баа берүү жарабас. Бүгүнкү күндө кыргыздардын урушка байланыштуу көп сөздөрү, жоо-жарактары бир нече доор ичинде урунбагандыктан элде сакталбады, кээси гана энциклопедиялык сөздүктөрдөн же ажайыпканадан табылып калды.
Жоокердик өнөргө байыркы кыргыздар эрте машыккан. Алар Орто Азия аймагында, Византия, Иран өлкөлөрү менен Борбордук Азияда, Түштүк Сибирде, кытайлар, хундар, жужандар, түрктөр, уйгурлар менен урушуп, башынан көп кыйынчылыктарды өткөргөн соң, жоокердиктин тажрыйбасы улам өсүп отурду. Борбордук
Азияда кыргыздардын улуу мамлекети, бийлиги аз жылга созулса да көк асаба туусун көтөрүп, тулпарын тоо-түзгө ойнотуп, отузга жеткен көчмөн урууларды сурап турган учуру болгон.
Байыркы бабалардын жоокердик өнөрүн абайласак ар бир жыйырма-отуз жыл аралыгында урушту, жаңжалды сөзсүз башынан өткөрүп турганын көрөбүз. Байыркы доордо кимдин куралы, жоокердик өнөрү күчтүү болсо эле бийликке такка отурган эмес. Бийликке жетүүнүн жана аны сактап калуунун айла-амалдары, жолдору арбын эле. Көчмөн уруулардын, анын ичинде кыргыздардын негизги максаты – жоокерлердин санын көбөйтүү жана элдин башын бириктирүү болгон. Кагандар, байлар, бийликтегилер төрттөн кем эмес аял алууга жетишкен. Айрыкча кагандар, жол башчылар күчтүү уруудан, өлкөдөн кудасөөк, тамыр күткөн. Бир муун отуз жылдын ичинде жетилгенде ар бир үй-бүлөдөн отузга дейре жоокер чыгарган учурлар жолуккан. Ырас, арасында башка уруулардан, элден кулдар, колго түшкөндөр курама аскерге алынган. Мындай салт замандын тажрыйбасынан чыккан. Бул урууну, улутту сактап калуунун айла-амалы, жолу болчу.
Эр жеткенге чейин кыргыз баласы жаштайынан жоокердик өнөрдү эрте өздөштүргөн. Кыргыздардын уландары он эки жашында балакатка жетилип кан төгүлгөн кармашка, майданга түшкөнү улуу эпостордо, санжырада айтылат. Боз бала атка чапчаң минип үйрөнгөн, ат чабышка катышкан. Өтө чыйрактары торпок минген, азоо тай үйрөткөн, көк бөрүгө катышкан, ордо ойноп, жаа тартып, аңчылыкка машыккан. Жоокердик турмушка көнүп, согуш оюндарын ойношкон, эрдик ырларды ырдашкан, аскердик анттарды жатташкан жана аларга атайы насааттар айтылган. Кыргыз уламыштарында айтылат: илгери жоолашкан эки уруунун майданга даярданып жатканын билиш үчүн атайы тыңчылар жиберилген. Санжыра боюнча тыңчылар – бакшылар, малын жоготумуш болгон жылкычылар жана чоочун элге күйөөгө чыккан, төркүнүнө боор тарткан аялзаттар болгон. Албетте, сырттан барган тыңчылар адегенде ошол айылдын балдарынын оюндарына көзү түшкөн. Эгерде балдары жоокердик өнөрүн ойноп жүрсө, анда ошол айылдын чоң кишилери майданга камынып жаткан болот. Эгерде айылдын бала-бакырасы бейпил оюндарга алагды болсо анда кошуна жайбаракат жатканы деп жорушкан.
Салбырын. Айрыкча байыркы кыргыздардын хандары, баатырлары шаан-шөкөт менен кийик, жырткыч бар жерге салбырынга чыгышкан. Топ-топ болуп кийик, бугу, аюу, жолборс атышкан. Эр азаматтар күч сынашкан. Салбырын бир айдан үч айга чейин созулуп кеткен. Бул тынчтык күндө жоокерлерди чыдамкайлыкка, шамдагайлыкка, амалга, мергенчиликке машыктыруу эле. Кыргыз эр-азаматтарынын эр сайыш, эңиш, жамбы атмай, көк бөрү, күрөш, аркан тартмай, тыйын эңмей, ордо, шабиет, теке чабыш, укурук салмай, кыз куумай, найза ыргытмай, жөө оодарыш, кылыч чабышуу, оодарыш, төө басты, кара казык ж.б. жоокердик ыкмаларды үйрөтүүчү оюндары болгон. Бул жөнүндө «Манас» эпосунда кызыктуу сүрөттөлөт.
Кыргыздын жоокерлери жаштайынан согуш өнөрүн да улуулардын, акылмандардын, баатырлардын сөздөрү, акыл насааттары менен өсүп чоңойгон. Улуу сөздөр алар үчүн жобо, ант, мыйзам менен тете болгон. Жоодон качкандын башы алынган.
Жоокердик ыкма. Көчмөн кыргыздар согуш өнөрүнүн үч ыкмасын: казатка аттанууну, чабуул коюу жана коргонууну өтө кылдат өздөштүрө билишкен.
Байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздардын жашоосунда башка уруу, эл менен урушуу, жоого аттануу жөнүндө ажо өзүнүн кол башчылары, акылчылары, акылмандары менен кеңешип туруп, калайыкка жарлык айткан. Жер-жерлерге уруу башчыларына кат менен чабармандар кеткен. Кол башчылары, аксакалдар, акылчылар хан ордосуна жыйылган.
Кол башчыны каган көтөргөндөй ызаат менен шайлашкан. Кол башчынын сөзү эки болгон эмес. Ал алдынала токой арасына усталарга жоо-жарагын жасатып, эр жигиттерден кароол коюп, жоокерлерди жортуулчуларды бекиткен. Алыскы жолго шайдоот, тың, сергек азаматтардан кайгуулга жиберилген, бир канча күндүк жолун алдын ала чалып келишкен, көбүнчө жоонун аскерин жалгыздап кармап же жылкычыларын тутуп, алардан сырды, амалды билгенге аракеттенишкен.
Каган ооруктун камын жеп, акылман карыдан оорук башы шайлаган. Кары-картаңдын, аялдардын, бала-бакыранын камын ойлошкон. Аларды эгерде жоо келатса токой, тоодогу атайы жасалган коруктарга жеткиришкен.
Уруу башы, ар бир жоокер өздөрүнүн урушка даярдыгынын камын жеген. Майдан алдында үйрөнчүк жоокер он башы, жүз башы, миң башы, түмөн башчыларынын үйрөтүүсүнөн өткөн. Ажо да согуш майданында жоокер катары кол башчыга баш ийген. Каган да, саадакчы да, жаачы да, найзачы да бирдей укукта болгон. Кол башчы аскерий тартипти чыңдап, жебекте жалпы кароосун өткөрүп, санак жүргүзүп сынак кылган. Муну «Манас» эпосунда айрыкча «Чоң казатта» мыкты айтылган. Кыргыз жоокери узак жортуулга же урушка аттанаарда эң оболу минген атынын камын көргөн, анан кийим-кечек, жоо-жарагынын камын жеген. Күлазыгына куурулган эт, кургатылган кымыздын үрпүн, курут, талкан, сүзмө, актаган таруу ж.б. алган.
Кыргыздардын санжырасында, оозеки чыгармаларында жоокердик өнөрдүн салтын, ыкмаларын бабаларыбыз бекем сактаганы айтылат: алар дароо эле душманды капилетте басып алууну жек көргөн.
Кыргыздар бирөөлөрдү ач көздүк жана зулумдук менен басып алган эмес. Адегенде журт башчысы, өзүнүн акылчылары, кол башчылары, баатырлары, бийлөөчү төбөлдөрү ж.б. менен бүтүм чыгарышкан. Андан соң калайыкка каган жардыгы кеткен.
Баатыр жөнүндө. Баатыр алтоо, бай төртөө, кедей сегиз, бий жалгыз, кул тогуз» деген эски ой-санат бар. Демек, баарынан кул көп, анан кедей, анан баатыр, анан бай, анан бий.
Баатыр алты түргө бөлүнгөн. Биринчиси – октон, чоктон кайтпастан, алды-арты, аз-көбүнө карабастан, жоо миң киши болсо да жалтанбастан тоодон кулаган таштай чимирилип жалгыз качырып, күндүз, мейли түн болсун, аң-кемерди көзгө илбестен жоого тийип, жоону кайтакайта аралап салышып, быт-чытын чыгарып качырат. Же өзү талкаланат. Мындай баатырларды «Адам шери» деп атаган. Андай эрендер кыргызда боло келген. Экинчиси – жоодо жаралуу болуп калса да, маселен, колу сынса, мойнуна тагып-асып коюп, буту сынса канжыгасына байлап салып урушкан. Жаратка өтө чыдамдуу, башынан аккан кан көзүн көрсөтпөй каптаса да шыпырып коюп, согуша берген. Суусап кетсе атынын терин жалап жүргөн. Мындай баатырды «Кара көк же Көкжал» деген. Үчүнчүсү – жоонун ыгына жараша урушуп, эби келген жерде жалгандан качырымыш болуп, жоонун аты талып, өздөрү чарчагансып бириндеп калган чакта кайта качырып сайып алат. Жоонун аз-көбүн билмекке качырткы салат. Жоо качырып, чарчатар жагын көздөйт. Эгер жоодон чындап качып калса, аты чабал жолдошторун алдына, тандамал жигиттерин артына коюп, анын соңунда өзү түшүп, жоону жолдошторуна аралатпастан улам-улам тосуп согушуп, илгери жибербейт. Тоолуу бийик бек жер болсо аттуу, жөөлүү болуп (ит урушун салып) согушат дейт. Эгерде, жолдошунун аты жүрбөй калган болсо, жоодон ат түшүрүп, аны мингизип ала жөнөйт. Мындай баатырдын жолдошторуна чоң пайдасы болгондуктан, согушта андай баатырларга карамалап, аскер көп пааналайт. Макталуу баатырлар ушул болуп, буларды «Илекор баатыр» деген. Төртүнчүсү – жанына жолдош албастан, алыс-жакынга жеке өзү жүрүп, жылкы алат. Жоосун жоолойт. Андайларды «Жеке баатыр» деген. Бешинчиси – өзүнө башка жолдоштору баатыр жана теңтуш болсо, алар менен бирге жүрүп, өзү жоодон коркуп качайын десе да жолдошторунан уялып качпастан урушуп жүрүп, ошого дагдыланып, кийин баатырлыкка чыгат. Мындайларды «Ээрчиме баатыр» атаган. Алтынчысы – «мен дагы элдей эмесминби, тигилерден кантип кем болоюн» деп анык баатырларды туурап жоону качырып, дайым жоого түшөт. «Айласыз баатыр чочкого чабат» деген ушундан калган. Кыргыздарда жоокердик жана баатырдык тууралуу миңдеген ой саналат, аңыз, макал-лакап, нускоо, айтым, санат, ыр, күү, дастан бар.
Оң, сол жөнүндө. Кыргыздардын оң, сол жана ичкилик болуп аталышы, жоокердик өнөрдөн улам чыкса керек деген пикирлер бар. Оң канат, сол канат болуп бөлүнүү б.з.ч. көчмөн элдерде, кыргыздарда пайда болгон. Ким биринчи болуп колдонгону азырынча талаш. XVI кылымдагы эстелик «Мажму ат-таварих» байыркы бабалардын оң, сол болуп бөлүнгөнү жоокердикке байланыштуу экендигин айтат.
Жоокер куралы. Байыркы кыргыз бабалардын жоокердик куралдарын эми Бишкектин, Алматынын, Сиандын, Улан-Батордун, Новосибирскинин, Кызылдын, Абакандын, Омскинин, Бийскинин, Иркутскинин ж.б. шаарлардын ажайыпканаларынан көрө аласыз.
Байыркы көчмөн кыргыздар жоо куралдарын атам заман дан эле жасай билишкен. Темирди башка элден эрте табышып, куралдын түрлөрүн баптап жасашкан.
Байыркы Кытайдын тамга куумай тарыхчы-изилдөөч үлөрү кыргыздар жөнүндө минтип жазышкан: «Кыргыздар алп денелүү, ак жүздүү, көк көздүү, коңур чач келишет. Адамдары баатыр болуп, кошуна элдер алардан коркушат. Алтын, темир, калай кендери бар. Алардын адаты боюнча ар ирет жамгыр жааганда темир жыйнап алышат. Темирди «кешел» деп аташат. Жасаган шамшарлары, кылычтары өтө курч келет. Дайыма түрктөргө алып барып сатышат. Урушта жаа, тууларды колдонушат. Атчан жоокерлеринин бут жагы ачык болуп, көкүрөк тарабын тегерек калкан менен коргошот. Калкандан жебе, кылыч өтпөйт… Жоого аттанганда бардык урууларды, көз каранды элдерди бирге аттандырат…»
Бекеринен кытайлар: «Кыргыздардын кылычы кериктин терисин шылып түшөт» – деп айтпагандыр. Бул апыртма деле эмес. Байыркы кыргыздардын аңызында, санжырасында жана эпосторунда жоокердик куралдар өтө даңазаланып айтылат.
Байыркы кыргыздардын жоо-жарактарынын шайланганын окумуштуулар мындай сүрөттөшөт: «алеңгир жаа, иймек жаа, жазы калкан, үч кырлуу сыр жебелер» кыргыз жоокерлеринин негизги жоо-жарагы болгон. Кармаганга оңтойлуу болушу үчүн жана анын эки учун ортоңку иймегин каңылтыр менен капташкан. Саадактарга ашталган темир тыктар кылоолоп курчутулуп, кууш же жазы капталдарына майда көзөнөкчөлөр шиш бүдүрлөр жасалган. Мындай жебелер атканда алыска кетип, дал тийген. Ат үстүндө баратканда жоокерлер алардын учун төмөн каратып, кайыңдын кабыгынан жасалган саадактарга салып, киселүү куруна асып, белине байлап жүр үшкөн.
Аламан жапырыкта, жиреме чабуулда кыргыздар шыргай саптуу сыр найза, эки миздүү селебе кылыч, тинте, айбалта колдонушкан. Найзанын тыгы темирден кылоолоп, сүйрү келген, аштоосу узун болгон, кылыч менен тинтенин сабына тээк жасалган, айбалтанын миз жагы кууш, уңгусу бийик болгон. Мындан тышкары кыргыздар бетме-бет уруштарды бир миздүү кыңырактарды, сабы миз жагын көздөй саал ийилген сүмбөдөй түз канжарларды пайдаланышкан.
Кыргыздардын согуш өнөрүнүн гүлдөп өсүшү VIII–IX кылымдарга туура келет. Буга азыркы күндө археологдор тапкан тарыхый эстеликтер күбө. IХ кылымда кыргыз каганы 30 миң найзакер, 70 миң саадакчы, жеңил атчандарды күткөн доор эле. Алп Сол Кан атанын мезгилинде темирди тешчү жебелерди, найза учтарынын көп түрдүүлүгү, тез учкан жебелер ошол кездеги элдердин эч кимисинде болгон эмес.
Байыркы кыргыздардын мекени болгон Монголиядан Ала-Тоого чейинки жерлердеги көрүстөндөрдөн археолог-окумуштуулар жоокерлердин көптөгөн куралдарын, куржундарын жана ээри менен кошо көмүлгөн аттардын сөөгүн табышты. Окумуштуулар жоо-жарактардын аттарын божомол менен жазышкан, алар нака элдик аталышына туура келбейт. Чынында жоо-жарактарынын эски аттары унутулуп барат. Найзалардын эле бир нече түрлөрү болгон: кызыл түп сыр найза, кыргагы темир найза, болот учтуу сыр найза, комколуу найза, куу найза, сарала барак найза. Ошондой күрсү, чарайна, ак доол, кыяк, селебе, чокмор, айбалта, күпсөр, жекей боз, зулпукор, ач албарс, жойкума, буулум, таш кесер, шалк этме, ак кисе, чоюн баш, карыпчы, оройпа, накери сыяктуу жоо куралдарын жана кийимдерин ушул күндө ажайыпканадан да таба албайсың.
Кыргыз жоокерлери алына, чеберчилигине жана уруштун ыңгайына карата өздөрүнүн жоо-жарактарын тандашкан.
Усталар. Жоокерлердин жоо-жарактарын кыргыз усталары кылдаттык менен чебер жасашкан. Бизге жеткен маалыматтарга караганда кыргыздар темирди Түштүк Сибирь менен Орто Азиянын тоолорунан казып алышкан, токойлордо, устаканаларда темир эритип узанышкан.
Байыркы бабалардын жоо-жарактары кытайда, арабдарда, монголдордо, түрктөрдө, уйгурларда даңаза болуп, жогору бааланган.
Санжырада, эпостордо жана элдик ырларда мындан миң жыл мурда, Энесайда төкөр уста Бөлөкбай деген жашаган. Анын атагы көчмөн түрк урууларында, маңгул, кытай, уйгурга тараган. Ал кыргыз кагандарына, кол башчыларына, баатырларына жоо куралдарын жасап берген. А тургай эр Манаска Айбалтаны, Сыр найзаны, Ач албарс кылычын жасаганда ага көмүрчү Каратаз уста жардам берген деген уламыш бар.
Бөлөкбай уста сары карагайдан кыйып, саратандын ысыгында алты ай бою кумга бөлөп жаткырып, чарайна менен чаптап, пил териси менен каптап, колдон тайып кетет деп кош тутам жерин төрт кырдуу кылып, колго жылуу болсун деп кой макмал менен тыштап, улатпай учун болоттон чыгарып, мизин бөрү тил кылып, чагарагын алтындап, орто жерине айчыктап сайдырган, тийген жери ырбасын деп учун ууга чылап, көз жаш менен сугарып, узундугу кырк кез болот учтуу Сыр найзаны жасаган. Учун кайкы чыгарып, булак суусуна сугарып, түнкү желге мизин учтаган, шиберге койсо өрт кеткен, шилтегенде таш кескен кылыч жасаган. Дагы бир жерде Ач албарсты алтымыш темир уста, курал жасоочу кырк чебер уста алты айда жасаганы айтылат.
Ал эми көөрүкчү Каратаз мукаба гүлдүү Сыр найзаны камыштан, желимди тарамыштан, сыртын сырдап жасаган, тартса чоюлган, жанчышкан душманга сойлогон, кармай калган душмандын беш манжасы кыйылган. Каратаздын кылычы жасаганга, курч темирди эриткенге көп токой кыйылып, көп өгүздөр кырылган. Аны сугарганда аккан суу бууланып соолуган. Ага кырк алты уста узанган. Кылычты түн ичинде суурса өрттөй жанып кызарган да, уруштуу күндө узарган. Ажыдаар заарына үч ай таштап чыңаган. Тоого чапса таш кескен, бойго чапса баш кескен, шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен.
Бөлөкбайдын Чаңшы, Шогур сыяктуу замандаштары, шакирттери болгон, айлакер усталардын зергерлик өнөрүнүн даңазасы улук эле. Алардын жасаган кылыч, найза, саадак, жебе, чокморлору, шалк этме, алтын-күмүш азем буюмдары, ат жабдыктары, камчысы, темир комузу, темир туулгасы, кычкачы, ат такасы, капканы, эр кемерлери ат жалына жеңил сезилген көчмөн урууларында өтө баалуу болгон.
Байыркы бабалар кары-жашына карабай ар бири жоокер болгон, милдетти баары сезген. Жоокер, баатыр деген ардактуу кесип эле. Жоокер жараксыз жүргөн эмес.
Жоокерлерге эстелик. Теңир-Тоонун, Саян, Алтай тоолорунун аскаларынын апай бетинде байыркы сүрөтчү (бедизчи) бабаларыбыз баатырлардын жасаат-турпатын ташка чегишкен. Алар жоо куралдары менен Батыштын айтылуу рыцарларына кудум окшош. Ээрине, тердигине айбанат менен өсүмдүктөрдүн элесин күмүштөн жасатып, үртүктөгөн атчан жоокер, колу-бутун калканч менен шакшактаган. Башына темир туулга, үстүнө темир тордон бадана соот кийген, көкүрөгүндө темир чарайна бар, ай балта, кылыч, ийме жаа асынып, сол колуна калкан, оң колуна желектүү найза сундурган, сүрдүү, айбаттуу кыргыз жоокери.
Энесайдагы (Сулекеде) кыргыз жоокерлеринин сөлөкөтү аскага чегилген. Бир атчандын колунда мүйүз жаа. Дагы бир сүрөттө: тулку боюна бадана соот кийген, көкүрөгүнө тегерек калканды тоскон, куруна кылыч менен саадагын илген жана оң колуна шалк этмесин кармаган жоокер. Ал түпөктүү жаасын душманга карай сундуруп баратат.
«Улуу мамлекет» кезегинде (IX к.) кыргыздардын жоо-жарактары темирден жасоо өнөрү мыкты өөрчүгөн.
Кыргыздар арасында жоо-жарак катары колдонулган кош миздүү түз, узун кылычтар, темир калкан, алыска учкан жебелер, найзалар, ай балталар, шамшарлар, жаалар пайда болот. Жебенин эле 14, жаанын 24 түрү жасалган: алеңчир, чоюлма, омкормо, кыркырама, калкыма, саадакча, ийилме, созулма, ышкырма, түпкүчтөй, көк саадак, каптама, үндүү жебе, томпок жебе, чимирик жебе, жылан тил жебе, ызгыч жебе. Туулга кабырчактуу жана каңылтыр калкандар колдонулган. IХ–Х кылымдарда куралдануу боюнча кыргыздар Борбордук Азиянын башка көчмөн элдеринен озуп турган, буга уйгурларды тизелеткен салгылашуусу күбө.
Тан-шунун айтуусунда, байыркы кыргыздар хандык (императордук) жасалган жабдыктарды башкаларга белекке жасап беришкен. Түрктөрдүн ооматы келгенде кыргыздар хандык буюмдарды алым-салык катары төлөп турушкан.
Жоокер кийими. Байыркы кыргыздарда жоокердик сырт кийимди, чапанды тон деп да атай беришкен. Жоокерлер майданга көк адеми тон, чопкут тон, күрөөкө соот, күрмө, көк нөкөр, бөрк, ак күбө, көк күбө, жекей боз, чайинки, беш кадырга, карыпчы сыяктуу кийимдерди кийишкен.
Жоокерлер жоо куралынан башка ар түрдүү тондорду, чапан-чапкыт, соот-чопкут, олпок, жаргак шым кийишкен, белге кемер курчанышкан.
Жоокер тулпары. Байыркы убакта көчмөн тиричиликте болсун, бейпил жана бейпай күндөрү болсун, кыргыз баласынын күнү күлүк жылкы жаныбар менен бирге өткөн.
Кыргыз жоокерлери бөтөнчө аттарын бапестеп тапташкан, кээси бирден, кээлери экиден ат күткөн. Аттарын алдын ала суутуп, таң ашырып такалашкан жана эн тамга басышкан. Көчмөн кыргыздарда «ат – адамдын канаты» деген, ошондой эле жүздөгөн байыртадан келаткан макаллакаптар, учкул сөздөр бар.
Уруш маалында, майданда, кырчылдашкан талаада аты менен жоокердин сүйлөшкөнү, оор жарадар болгондо минген аты ээсин аяп, көз жашын төгүп жанында турган, жоо келгенин сезип уйкудагы ээсин кишенеп, тиштеп ойготкон тулпар жарадар жоокерди жерге жата калып, жонунан тиштеп үстүнө мингизген. Тулпар жөнүндө нечендеген аңызды, уламышты, макал-лакапты оозеки чыгармадан, санжырадан өтө көп жолуктурабыз. Жоокер чаалыгып-чарчаганда, эрме чөлдө каны катканда, жанталашып атынын күрө тамырын тилип, канын ичип, жанын сактап калган учурлар бар. Ошондуктан Камбар атанын тукуму жөнүндө кыргыздарда өтө мыкты окуялар, сындар, керемет сөздөр айтылып келет.
Кыргыздар жоокерчилик учурда жеңил атчандар жана оор жарактуу атчандар кошуунун күткөн. Жоокерчиликтин ишинде оор жарактуу атчандар майданга катышкан, ал эми жеңил атчандарды тез чабуулга, буктурмага пайдаланышкан. Түштүк Сибирдеги эзелки кыргыздардын көрүстөндөрүнөн куржундардын көп табылышы, ошол элдин көчмөндүк турмушунда жылкыны көбүрөөк урунганын жана жоокердик жашоосун айтып турат.
Майданга аттануу. Майданга аттанар алдында өргүүдөн кыргыз кошуундарынын алдында чечендер тилин сайратып, акындар ыр ырдап, санжыра, эпостордон үзүндүлөр айтылып, жоокерлердин көңүлүн көтөрүшкөн. Айрыкча, кыякчы-комузчулар «Ураан», «Байге», «Кайра качпа», «Найзасал», «Олжо» сыяктуу жоокерди намыстанткан, дем берген күүлөрдү чертишип, сурнай тартышкан.
Кыргыздар казат алдында ыйык тоого чыгып, Теңирге, Жер энеге сыйынышчу.
Ар бир жоокер өзүнүн уруусунун жана жалпы кошуундун желеги, ураанын жатка билген.
Байыркы доордо кыргыз элинин (мамлекеттин) жана ар бир уруунун башкалардан айырмаланган асаба туусу, тамгасы жана урааны болгон.
Эзелтен Теңирге тайынган кыргыз эли асман түспөл үндө көк асаба тууну күткөн. Элдин ыйык тумар – куту хан ордосунда сакталган. Кыргыздар асабаны ыйык туткан, аны чанда гана ордунан козгошкон. Жамы журт туу алдында орошон окуяларда гана чогулган: жаңы каган шайлаганда, же жоокерлер чоң казатка аттанганда калайык туу алдынан антташып сыйынышкан. Кыргыздар туунун жыгылышын өлкөгө караңгы күн түшүшү же жеңилиши катары баалашкан. Ошондуктан ар бир кыргыз баласы кан-жанын кыйып тууну коргогон, аны сактап калуу жана ыйык тутууну эң биринчи парзым деп түшүнгөн.
Байыркы доорлордо ар бир уруу өз тамгалары басылган, түрдүү түстөгү тууларды күтүшкөн. Ал эми желек менен байрактар майда топторго бөлүштүрүлгөн.
Жоокер майданга аттанар түнү токулуу атын мамыга аса байлап, ай балтасын ээрдин кашына илип, найзасын боз үйдүн боосуна кыстарып, түнү сак уктаган.
Акыры күткөн күн келди, кылкылдаган кошуун алдында, туу түбүндө ак боз атчан каган ак сапарга аттанууга даярдык кылат, кыска ураан таштайт.
Жалпы жоокерлердин антын каган алдында кол башчы жар салат. Жоого аттанган жоокерлерге, баатырларга туу кармаган акылман карыя нуска айтып бата берет…
Эрөөл. Адетте кыргыздар эки жоо беттешерде байыртадан жоокерчиликтин наркы болуп келген эрөөлгө чыгууну аздектеп келишкен. Эрөөлгө эри чыкпаса, бул эл жоокердик наркты билишпейт экен дешкен кыргыздар. Эгерде эки эр сайышта, жеңилген жак ат тартуулап, айыбын тартып алдыга түшсө, жеңилгендигин моюнга алышса, анда кошуундар тынчтык жол менен тарашкан.
Добулбас, сырдоол кагылып, керней тартылып, ышкырган кош жебе белги берип, ураан чакырып, майкан башталган.
Уламада кыргыз колу экиге: оң канат жана сол канат болуп бөлүнгөн.
Майданга аттанганда жана согушканда көбүнчө уруууруу болуп согушкан.
Жоо амалы. Жоонун түрүнө карап, кыргыз колу ар түрдүү айла-амалды колдоно билишкен. Адегенде жоонун санын билиш үчүн «качырткы» ыкманы колдонушкан. Эгерде жоо арбын болсо, «буктурма» ыкмасын жасашкан. Жоон топ жоокерди буктурмага коюп, жарым-жартылай кармашка кирген, күч кайтканда артка качымыш болгон, бөтөн жоо куугунга алганда баягы буктурмадагы кол качыргандарды капталдан соккон. Мындай согуш амалдары кыйла.
Санжырада жана тарыхый даректерде адегенде жаачан, найзачан, калканчан жеңил атчандар чапкылап келип, асмандагы күн бетин көрсөтпөгөн жебе огун жаадырышкан. Саадакчандардын аркасынан найзакерлер каптаган. Олпок ичинен чопкут тон кийген, карууга темир калкан, колго кыргагы темир сыр найза алган найзакерлер негизги соккуну урушкан.
Байыркы көчмөн доордо атчан жүрүп урушкандар артыкча жеңишке жетишкен. Сактардын, хундардын, кыргыздардын, түрктөрдүн, уйгурлардын ат жалында жүрүп, Батышка жаңжал салганы, улуу Кытай сыяктуу өлкө менен майкандашып турганы жана алардын сансыз күчтүү колуна туруштук бергени – атчан жоокерлердин кудуретинен болсо керек.
Байыркы кыргыздар б.з.ч. II кылымда эле 30 миң чоро (жоокер) күткөн. Алар узак согушта качкан, чагылгандай тез чабуулдарды, ат араба үстүндөгү урушту, тезинен жеңишке жетишти эңсешкен. Түз жерлердеги урушта жеңил жана оор арабаларды колдонушкан. Оор арабаларды өгүздөргө, төөлөргө сүйрөтүп, ага тамак-аштарын, жоо-жарактарын жүктөшкөн. Анын тегерегинде бир нече арабакечтер, жоо куралдарын кайтарган сакчылар, ашпозчулар, кайгуулчулар, жоокерлер жүргөн. Байкоодо кыргыздар хун доорунда б.з.ч. эле араба күткөн.
Баатырлык. Эрегишкен жоо менен баатырлар намыс үчүн жерим, элим деп өткөндөгүнүн кегин кууп, кашык каны калганча салгылашкан.
Кыргыз жоокерлери бет алдынан жарадар болгонду эрдик дешкен, артынан жарадар болгонду кордошкон, «коркок качып баратып ок жеди» дешкен. Өлүмгө намыс, эрдик менен жалтанбай барганды сыймык көрүшкөн. Кызыл кыргын түшкөн майдан талаасын «Манас» эпосунда таасын сүрөттөйт.
Эпосто каңгайлар (кытайлар) кыргыз жоокерлеринин жоо кийимдерине жана аттарына абдан көз арткан. Каза тапкан же колго түшкөн көчмөн жоокердин ат-тонун адеп тоногонго шашышкан.
Жоону жеңген кыргыздар талаадагы эрлердин сөөгүн жерге жашырган. Жоокерлерди көмгөн жер кийин мазар болгон.
Энесай кыргыздарынын каганы майданда эрдик көрсөткөн кошуун башчыларына, жалтанбас баатырларына, атуулдарына «Ишбара» (баатыр), «Билге» (акылман), «Алп», «Эркин», «Кылыч», «Арстан», «Бөрү», «Чагыр» (бүркүт) деген атактуу наамдарды берген. Ошого жараша энчи, олжо бөлгөн. Мындай атак-наамды алгандардын коомдогу жашоосунда көп азаттыктар берилген. Алардын эрдиги ыр, дастан, күү болуп элге тараган.
Жоокер намысы. Жоокердик өнөр бейпил жыргал замандын шарапатынан улам өнүгүп-өскөн жорук-жосун эмес, ал бейпай, күрдөөл күндүн кесепетинен өөрчүгөн. Көчмөн заманда жоокер бабаларыбыз жаш-карысы дебей оор мүшкүлдө кара жанын ала качпай азаптан да, өлүмдөн да коркпогонго тарбияланган. Алар баштарына түшкөн каргашалуу күндөрдү чабыш, сапырык, күрөш, чабуул, жапырык, салгылаш, майкан, уруш, казат, согуш, майдан ж.б. деп ар түрдүү атай беришкен. Жоокердик заманда кыргыздар мындай азап-тозоктун бардыгына чыдады. Эзелтеден хун, жужаң, түрк, уйгур, кидан, кытайлар менен далай ирет келме-кезек салгылашты. Алсызын жеңди, күчтүүсүнө багынды. Теңиримдин пешенеге жазганы ушу экен деп кайгысын ичине жутуп, тирүүлүккө тобо кылды. Акыры бабалар бир жорукка чыдабаган: жерин таштай качканды, эң оор күнөө, кайгы, өлүмгө тете көрүшкөн. Бул акыйкат сөз.
Келишим. Зили кыргыздар согуштун болбой калышын каалаган, жоосун жактырган. Эгерде өчөшкөн жоо акыл токтотуп, эсине келип, ат, бүркүт, кыз тартууласа, жоого эрегишкен эмес. Мындай жарашуулар байыркы көчмөн доордо көп болгон. Бейпилдик келишимин кыргыздар алгач жазмасы жок доордо, кан чыгарып, канжар мизин жалашып, талды кыйып антташкан. Кат жазышып мөөр басышып, айланасына ак чачып, касам ичишип, Теңирге тайынышкан же ат, бүркүт, кыз жана баалуу буюмдарды тартуулашкан… Энесай жазмаларында кыргыздардын 27 жолу казатка киргенин, анын 14 жолу кыргыздардын жеңиши менен аяктаганын айтат.
Ордо. Байыртан берки кыргыз жигиттеринин согушчу жөнүн өрнөктүү элестеткен улуттук оюн. Башка көчмөн элдерде оюндун мындай түрү жок.
- Тегерете чийип – камал, чеп, коргон шаар сыяктуу; 2. Дал ортосу – борбор жаки жыйырмак (туу түбү);
- Калың чүкөнү тигип, ортосуна абыдан бир чоң чүкөнү жаки ордодон оңой менен атып чыгара албай турган кылып чүкөнүн сыныгын коюп, аны «кан» деген. Бул аныгында «кан» жаки туу түбү;
- Канды тегерете коюлган көп чүкө кандын аск ери;
- Ордо атуучулар эки бет болуп чүкө калчашып, кимисинин чүкөсү консо, ошол жак биринчи кезекте атат. Бул күчтүү жоо, мисалы, күчтүү жоо калаага чабуул кылганы.
- Ар бир ордо атуучу кишиге беш чүкө тийиш болуп, үч аткан оюнга ээ болот, мисалы, беш аскердин үчөө согушка киргени;
- Чийинден өтпөстөн коргон сепилден атышканы;
- Эгерде аткан чүкөсү чийинден чыкпай калса, ал аткан оюну өлөт – согушка киргендин өлгөнү;
- Эгерде аткан чүкөсү чийинден чыгып турса, оюну өлбөстөн ата берет. Мисалы, беттешкен жоосун өлтүрө берген сыяктуу;
- Чийинге жакын келген казайт (казаман), жекеге чыккан же кароолго чыгып келген жоону өлтүргөнү;
- Атылган чүкө чийинден чыгып, чийиндин ичине эки кадам томпою чүкөгө жакын жатып калса, бир бутун тамандап, чүкөнү олтуруп чертет, мисалы, аты өлүп, жоо менен жөө согушуу, жаа менен эмес колмо-колмо согушуу;
- Черткен кишинин сыртында – денгелинде чүкө калган болсо оюну өлөт. Мисалы, жоо сыртынан курчап кеткени;
- Бир жакы үч чүкө черткен соң канды чертишке уруксат – кандын кароолун өлтүрүп канга кол салганы;
- Четке, чийинге жакын келген чүкөнү кайта тооруп атып алат; муну «тоорумак» дейт – четке келген жоону кайта байлап кеткени, четтеп жалгыздап жүргөндү өлтүрмөгү.
- Беш чүкө үч атканга жарайт – беш аскердин үчөө согушта, экөө кошто болгону;
- Үч чүкө эки атканга жарайт – үч аскердин экөө согушта, бири кошто болгону;
- Бир чүкө бир атканга жарайт – жоодон кырылып, бир киши калса да согушуу;
- Бир жактын теңинен көбүнө оюн жетпей калса, калганы чокондосо, жеңилгенге эсеп – көбү кырылып, аттан ажырап, жөө калганда жеңилгени;
- Каны бар жакта бир чүкө, бир оюну болсо да жеңилбестен атышат – кан өлмөйүн, жаки колго түшмөйүн жеңилбегенге эсеп;
- Томпою чүкөгө тие жатып, томпойду аларда чүкө кыймылдап калса, жоо өлбөстөн аман калып, атуучуну өлтүргөнү;
- Кан ордодо турганда канга бет алдыра атат – качан болсо канга, тууга бет ала согушуу керек;
- Чекеге келген чүкөнү кыйгай атып алат – бу да болсо чекеге жалгыздап келген жоону өлтүргөнү мисалында.
Мына ушул сыяктуу ар бир оюндун ар башка өзүнчө тажрыйбасы бар.
Эр жигитке осуят:
Эр даңкын эл чыгарар.
Эр жигит менен бөрү азыгы – жолдо.
Эр намысы – эл намысы.
Эр төрөгөн эл өлбөйт.
Эрди жоо үстүндө көр.
Эл болбосо, эр болбойт.
Элге ылайык эр туулат, эрге ылайык ат туулат.
Энеден безген эр эмес, жоодон качкан шер эмес.
Элди баккан жер өлбөйт, эр төрөгөн эл өлбөйт.
Эрин коргоп жоо сайган – баатыр атка конот.
Баатырга таяк да жарак.
Баатыр өлсө бир өлөт, коркок өлсө миң өлөт.
Баатыр болсоң душмандан качпа.
Баатыр болсоң – шер бол, коркок болсоң – жер бол.
Баатыр жол баштайт тар жерде, чечен сөз баштайт ар жерде.
Баатыр жоодо таанылат, чечен тойдо таанылат.
Баатыр өлсө да куралын таштабайт.
Баатыр элин, каз көлүн сагынат.
Баатырдык тилекте эмес жүрөктө.
Баатырдын жоодо өлгөнү – элине шыпаа.
Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун.
Жигит үйдө туулат, жоодо өлөт.
Жигит өлөр жерине күлүп барат.
Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
Жигиттин уялганы – өлгөнү.
Ат өлсө ээри калат, эр өлсө эли калат.
Ат – эрдин канаты.
Жоо аяган өзү өлөт.
Жоо качканда баатыр көбөйөт.
Жоо кыстаса баатырга бар.
Жоо чапкан алпка айып жок.
Жоодон алып качкан жан арам.
Журтуна батпаган дүйнөгө батпайт. Эр жигит үйдө туулат, жоодо өлөт, Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
Эр жигит өлөр жерине күлүп барат.
Эр ажалы элден.
Эр жигиттин башы канжыгада, каны көөкөрдө.
Эрди намыс өлтүрөт.
Эрендер элдин четинде, үзөңгүдөн жан берет.
Эчкиче бакырып өлгөнчө, койчо онтоп өл.
Атты аркан байлайт, эрди ант байлайт.
Атты ашуудан сына, эрди алааматтан сына.
Жаздыкта өлгөн жаман ат, жоодо өлгөн салтанат.
Өзүңдү эр дедиңби, майданга аттан.
Жаманды эл четинен жоо алат.
Жоого жаныңды берсең да, сырыңды бербе.
Жөнү жок багыныш – эр жигитке өлүм менен тең.
Колдон намыс кетиргенче, канжыгадан баш бериш керек.
Коркконго бир ок да көп, баатырга жүз ок да аз.
Коркок миң өлөт, баатыр бир өлөт.
Уят – өлүмдөн катуу.
Эр ачкадан өлбөйт, арынан өлөт.
Жаны барда жалынган жаман эрдин белгиси. Жатып өлгөнчө атып өл.
Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт.
Баатыр өлсө аты калат, коркок өлсө даты калат.
Баатырдын баш ийгени – өлгөнү.
Өз башыңды доого берсең да, жолдошуңду жоого бербе.
Колдон намыс кеткенче, канжыгадан баш кетсин.
ЭЛДИК ЖЫЛ ЭСЕП (КАЛЕНДАРЬ)
Кыргыздар алмустактан улуу табиятка жандаш, шайкеш мамиледе жашашканды ыйык көргөнү – жаратылышты, кубулуштарын пир туткандыгынан, асмандагы жылдыздарга, мезгилге карата бир айга, жылдарга аяр ат койгонунан, дүйнө таанымынан дапдаана ажайып турат.
Табиятка сыйынган кыргыздар энелик доордон бери Асмандагы элүүдөй жылдыздарга өздөрүнчө ат таап койгондорун бөлөк өнүккөн элдердикине салыштырып көргөндө эч бир кынтыгы (кемтиги) жок, анан да кийинки дүйнөлүк астрономия илиминин түшүнүктөрүнө да дал келип, так, туура баа берилип турат. Асмандагы ай, жылдыздар бабаларга азыркы тил менен түшүндүргөндө географиялык картасы, компасы жана элдик календары болгон. Көчмөн элдердин ичинен он эки жылдык айбанаттар циклин кыргыздар биринчи ойлоп табышкан. Алар байыртан келаткан өздөрүнүн жыл эсептөөсүн (календарын) чыгарышкан. Ай, жылдыздардын жылышына карай бир күндүк айдын, жыл мезгилинин санактарын чыгарышкан, абалын байкашкан, адам мүнөзүн, тагдырын аныкташкан, ыңгайлуу учурун тандап жолго чыгышкан, жоого аттанышкан, жылды тосушкан, жашоо тиричилигин өткөрүшкөн.
Мезгилди, жылды жана мүчөлдүү жыл сүрүүнү байыркы Кытай, Египеттиктерден кем эмес билишкен кыргыздардын элдик астрономия илими эзелтен өнүккөн десек болот.
Кыргыздар алмустактан бир күндүн, бир айдын, бир жылдын эсеп кысабын так чыгара алган.
Бир күндүн элдик маалы. Азыркы түшүнүк менен далилдегенде бир күндү жыйырма төрткө, кээ бирөөлөр 34 маалга жеткиришкен.
Бир күндүн жыйырма төрткө бөлүнгөн маалы: таңкы бүлбүл, таң куланөөк, таң атуу, күн чыккан, күн көтөрүлгөн, шашке, чоң шашке, жалган түш, чак түш, түш оогон, эрте бешим, бешим, кеч бешим, күн батар, күүгүм, иңир, түн кирген, эл жатар, түн ортосу оогон, түн каракчы, таңга жуук, таңкы үрүл-бүрүл.
Бир күнгө түшүндүрмө. Таң каракчы, таң дүмпөйүү, таң куланөөк, таң кылаюу, таң аппак атуу – бул бешөө таң тууралуу ич ара бөлүнүшөт.
Анан күн чыккан, күн тоо баштарына тие баштаган, күн көтөрүлгөн, күн жакшы тийген кез. Бул төртөө экинчи көргөн убакыт.
Шашке (күн көтөрмө бою көтөрүлгөн),
Улуу шашке (күн аркан бою көтөрүлгөнү),
Жалган түш, анан чак түш (күн төбөдө турганы),
Түш кыя (күн төбөдөн бир аз кыңкайганы),
Түш оой баштаган, сарт бешим (күн чак түштөн көтөрмө бою кыңкайганы),
Кыргыз бешим (күн батаарга аркан бою калганы),
Ала көлөкө (тоо баштарына көлөкө түшө баштаганы),
Намаз дигер (тоо баштарындагы көлөкөлөрдүн узара баштаганы),
Күн батаар (күндүн нуру тоо башына илиниши),
Күн батканда намаз шам, бүрүл (таанылар-таанылбас, кез байланган чак),
Эл аягы басылган (эл орунга отурган учур).
Ак шам, иңир, үрүл-бүрүл, намаз куптан, тамак ичээр, тамакты текши ичкен эл жатаар, эл текши жатканда, уйкуга кирээрде, эл текши уктаганда, оор уйкунун ортосуна жакын.
Жылдыз толгон учур, түн, түн бышкан кез, сопу садык, үркөр чыккан учур, үркөр көтөрүлгөн учур, үркөр баткан учур. «Тараза жылдыз батканда, таң агарып атканда» – Таң заары (зоору), Апак-шапак.
Элдик убакыт өлчөмү. Кыргыздар күндүзгү маалды боз үйдүн түндүгүнөн түшкөн күндүн нурунан улам эсептешкен. Убакытты насыбай атым, көз ирмем, бээ саам, жарма бышым, эт бышым, жарым түн, түш жарым, бир күн, күнү-түн. Мындан башка жарма ичкенче, отуруп турганча, кийим кийгенче, кирип чыкканча өңдүү салыштырмалуу убакыт өлчөмү болгон.
Ай эсеби. Жалган куран (февраль), Чын куран (март), Бугу (май), Теке (июль), Баш оона (июль), Аяк оона (август), Тогуздун айы (сентябрь), Жетинин айы (октябрь), Бештин айы (ноябрь), Үчтүн айы (декабрь), Бирдин айы (январь).
Айларга түшүндүрмө. Эмне себептен ай эсебине көбүнчө кийиктерди киргизген?
- Куран деп кыргыз эликтин текесин айтат. Элик сентябрде (тогуздун айы) жүгүрүп жана токтолот. Жалган куранда жаңыдан бала түйүлөт. Бооз-кысыры жалган, арсар чагы. Ошол себептен жалган куран дейт.
- Чын куранда бала көтөрүп алган үчүн ал айды чын куран дейт.
- Бугу баш оонанын аягында ышкырат (ызгырык) дейт. Бугунун ызгырыгындай деп, анын үнү өтө уккулуктуу болуп кезген чагы. Бугу айында туулган үчүн бугу дейт.
- Кулжа жетинин айында жүгүрүп, бештин айында токтолуп, кулжада тууйт, андыктан кулжа дейт.
- Теке бештин айынан 20сынан абдан озгону 30на жете кезет. Үчтүн айынын башында жүгүрөт. Бул болордо 15 күн кеч жүгүрөт. Үркөр тууйт, андыктан кулжа дейт.
- Бугу баш оонанын аягында, аяк оонанын башында башы оогон жакка кетип, кезип жүрөт. Ушул себептен баш оона десе керек.
- Аяк оонада бугунун аягы тынбай маралга кыйгач жүгүргөн чагы болуп (замандын далай оозуна жараша күндөрдө бир аз илгери-кийин жылышы болмогу мүмкүн) калган үчүн бул айды аяк оона десе керек.
Бир пикир ойго келет: уй – бугудан, кой – аркар-кулжадан, эчки – эчки-текеден, жылкы – куландан таралганына караганда буларды жапайысынан кармап, колго көндүргөн калктын эң түпкүсү кыргыз болбосун.
- Тогуздун айы. Көбүнчө кыргыз эң байыркы эски замандан бирөөгө ызаттап мал-бул берсе, кудалыкка мал алып барса, тогуздап барган. Маселен, 9 атка байге саюу, ханга тогуздап тартуу менен баруу (хан тартуусу тогуз деген макал) жана илгерки катындар элечегин тогуз кабат, же жети кылып оронуп ошол адет боюнча бул айды тогуздун айы десе керек.
- Жетинин айы. Жети ата-бабасын билүү, жети кылым өткөнчө жети атасынан бери турган деп жетини бел кылып эски кыргыздар сүйлөгөн. Ушул себептен бул айды жетинин айы десе керек.
- Бештин айы. Бешенең бештен деп беш санатты артыкчараак көргөн. Ушул үчүн бештин айы десе керек.
- Үчтүн айы. Үчтөн кийин чүч деп жана үч чапканча таяк көтөрүү өлгөндүн үчүлүгү, конокко үчтөн бириктирип тамак берүү адеттерин жүргүзө келген мурунтан берки кыргыздын расими. Ушул себептен үчтүн айы деп киргизген чыгар.
- Бирдин айы. «Туулмак бир, өлмөк бир, сөз бир» деген. Ошондуктан айга киргизилмеги мүмкүн. 1, 3, 5, 7, 9 деп бүткүл баарысын алым кылып эсептеп, так эсептебеген. Маселен, 2, 4, 6, 8, 10 айга кошпогону кыргыз так эсепти жолу туюк, алым эсептин жолу ачык пайдалуу деп билет. Муну тогуз корголдун алым корголун алып, так корголун албагандан билим тажрыйба кылууга мүмкүн. Так корголдон туздун (тос сөзү болорго керек) эки корголунан башканы жебейт.
ЖЫЛДЫН АР АЙЫНА ЭЛДИК МҮНӨЗДӨМӨ БЕРҮҮ
Январь (бирдин айы). Кыргыздар үчүн чилде айы. «Кел бери» айы деп аталган. Анткени согум жапырт союлуп жана башка жайлата камдалган азык-түлүктөр бар учур. «Конок-аяк келсе экен, сый көрсө экен, согум этинен жешсе экен» өңдүү кыргыз пейили кенен ташталган учуру.
Февраль (жалган куран) «шыбырашма айы» деп коёт. Согум эти азайып, «эмне кылабыз? Эт салалыбы, же жеңил тамак эле берелиби?» деген кез. Алабакандагы эттин чаркы байкалып калган учур.
Март (чын куран) «үзүмчүлүк айы» же «жалдырма айы» мал арык кези. Камдалган азык-түлүктөр түгөнө баштап, сарамжалдуулар гана сүрдү узун сарыга Ноорузга сактаган учуру. (Ал – сары кар түшүп, күн узарып, кемпир чубактап турган кез. «Бирөөлөр узун бойлуу сары киши келип консо, баягы узун сары ушул адам тура – деп, катып жүргөн сүр этин бүт салып берип коюптур» деген күлкүлүү уламыш айтылууда).
Апрель (бугу). Айткандай, актын айы, илгери чыңыртып бээ байлаган. Мал көккө, эл акка тоюна баштаган. Жер бети көрпөлөйт. Мал төлдөп бүтөт.
Май (кулжа) «көктөм айы». Беш түлүк түгөлү менен телчип, муунуна кирет, желин булактап, желе ыңкып, айран-сүт көлдөп, эл-журттун акка ого бетер боору агарган учуру. Сүттү ирегеден ит ичпей калган кез. Эжигей, чөбөгө кайнатуу ошондо кызуу башталган.
Июнь (теке), июль (баш оона). Толукшуган ак жай.
Чөптөр жетилет. Айлананын ыраңы өзгөрөт. Мал семирет. Шерине желет. Үлүш берилет. Чанач-чанач сүзмө куюлат, кап-кап курут кургатылат.
Август (аяк оона) – ал да жай айларына кирет. Т.а., «семизчилик айы» деп айтылат. Жайлоодо аш-тойлор бериле баштайт. Элдик таң-тамашалар өтөт. Чөп бышкандыктан, сүт азыктары күчтөнөт, кымыз кызгылт тартып, ачуусу пайда болот. Мезгил күзгө тартып, конуштар сары журтка айланып, токчулуктун, бардарчылыктын ооматы укмуш келип турат.
Сентябрь (тогуздун айы), октябрь (жетинин айы) – бардык жерде бышыкчылыктын жыты укмуштай урган айлары. М.а. «ак төөнүн карды жарылган учур». Эл жайлоодон түшө баштайт, жергеде токчулук.
Кыргыз аймагында арпанын орулушу менен дан жыты мурунга урат. Ал бышыкчылыктын белгисин берет. «Дандын жакшысы да арпа, начары да арпа» – дейт. Арпанын жакшысы – эл данга эрте тоюнат. Арпанын начары – буудай, таруу өңдүүлөр бышканда аны анча карабай, атка жем кылып илип калат. Арпа талканы күлазык болуп саналат.
Кыргызда: «Чөптүн жакшысы да шыбак, начары да шыбак» – дейт. Анткени шыбак да эрте өсөт. Ал аркылуу мал көккө бат тоюнат. Башка чөптөр чыкканда мал шыбакты карабай коёт.
Күздө түшүм толук жыйналат. Эгин-тегиндер жаргылчакка, тегирменге тартылат.
Ноябрь (бештин айы), декабрь (үчтүн айы). Кыш камылгасы ойдогудай улантылат. Муну жер шартына жараша согум айлары дейбиз. Айыл ичи «кан жыттанган» учур болот.
Жылдыздар:
Алтын (Темир казык),
Чоң жетиген (Жети каракчы, чоң аюу),
Чолпон жылдыз (Сүмбүлө, Алтын жылдыз, Ак жылдыз),
Ай чолпону (Сары жылдыз, топурак),
Кызыл жылдыз (От жылдыз),
Үркөр (Элек жылдыз),
Чычкылуу жылдыз (Суу жылдыз, Таң жылдыз, Кичи чолпон),
Саманчынын жолу,
Жашыл жылдыз (Кара күч, Эшек кырган),
Кербен саба,
Темир казык,
Балбылдак жылдыз (Жарык жылдыз, Көкөтөй жылдызы),
Кошоктолуу кош музоо (Аркар же Үч аркар, Толтойдун огу, Тараза жылдыз),
Кичи аюу,
Чидер жылдызы,
Мерген мылтыгы менен ити,
Кичи жетиген жылдызы (Кичи аюу жылдызы),
Бука жылдыз,
Эгиз жылдыз,
Кош өлүм (кыз жылдыз),
Бөйөн жылдыз,
Пери жылдыз,
Чычкан жылдыз,
Аркандаган ат,
Тараза жылдыз,
Толтойдун огу.
Задиак 12 топ жылдыз:
Козу жылдыз тобу,
Уй (Уу) жылдыз тобу,
Босого (Эрентир, Арандыз) жылдыз тобу,
Саратан (Кучык, Кучук) жылдыз тобу,
Арстан жылдыз тобу,
Сүмбүлө (Сүнпүлүк, Буудай башы, Жаркырак) жылдыз тобу,
Тараза (үлгү) жылдыз тобу,
Чаян (чадан) жылдыз тобу,
Жаа (Иа) жылдыз тобу,
Теке (Улак, Оглак) жылдыз тобу, Көнөк жылдыз тобу, Балык жылдыз тобу.
Табиятка мамиле. Байыркы көчмөн бабаларыбыз табиятка жана анын койнундагы жапайы айбанаттарга, канаттууларга, өсүмдүктөргө этият мамиле кылуу тасмиясын калыптандырган. Муну биз азыр эле атын атаган санжыра-дастандардан, миңдеген жомоктордон, аңыздардан, уламалардан, болумуштардан, ой-санаттардан, үлгү сөздөрдөн, накыл кептерден, осуят-насыяттардан ачык-айкын баамдайбыз. Ал элдик оозеки чыгармаларда Улуу Табиятты жана анын койнундагы айбанаттарды, канаттууларды, курт-кумурскаларына чейин аман сактоо, бардык жан-жаныбарларды коргоо, аларга этият мамиле жасоо ойлору кеңири чагылдырылган. Аларда Ата Мекен табиятын эң оболку көрктүү, кооз келбетинде кийинки урпактарга кыпынын коротпой, бүлдүрбөй мураска калтыруу ниети оголе күчтүү.
Жаратылыш менен жаны бирге кыргыздар жер үстүндөгү кыбыр эткен жаныбарлардын жүрүм-турумуна, өсүмдүктөргө, күндүн чыгыш-батышына, шамалдын, булуттун жүрүшүнө карап, айдын жаңырганын, тоголушун байкап, жылдыздардын тоголушун эсептеп, күндүн, айдын, жылдын аба ырайын, мезгилди, кандай абалда жана жердеги өзгөрүүлөрдү алдын ала боолголошкон.
Алар жер титирөөнү, аба ырайынын кескин өзгөрүшүн, эл-жерге жут алып келүүчү бороон-чапкынды, мезгилсиз жаан-чачынды же кургакчылыкты, табият кырсыгына байланышкан ар кандай апааттарды алдын-ала айталган. Буга кылымдардан кылымга топтолгон элдик тажрыйба, акыл-эс менен улуу туюм мүмкүндүк берген.
IX кылымдагы кыргыз календары (такмыны). Кыргыздар жыл башын «баш ай» атаган жана үч айды бир мезгил деп атаган. Ар бир жыл 12 жаныбардын аты менен аталган. Бул «мүчөл» делинген. Бир жылды 12 айга айрып, алар 1 – баш ай, 2 – корук ай, 3 – күкүк ай, 4 – чилде ай, 5 – сарыча ай, 6 – кыркүйөк ай, 7 – мизам ай, 8 – карача ай, 9 – казан (согуш) ай, 10 – канжар ай, 11 – акпаң ай (кара ай), 12 – чил ай (соң ай) деп атаган.
Аңыз. Тарбиялык мааниси өтө зор улуу чыгармаларды жарата билген элибиз Күн, Ай, Жылдыздар туурасында жүздөгөн эмес, миңдеген эң кызык аңыздарды айтк ан! Аймансарынын (радуганын) биздин элде «Жез кемпирдин кылычы» жана «Асан-Үсөн» деген эки аты бар да, ал жагдайында элибизде эки түркүн эң мыкты аңыз өкүм сүрөт. Бири-бирине окшобогон бул аңыздар тээ эң байыркы энелик доордо пайда болуп, ошондон бери эл ичинде айтылып келатат. «Жез кемпирдин кылычы» деп атыле кыйкырып тургандай анда карапайым калкка каарын төгүп, эл-журтка ар дайым жамандык кылып келген жез кемпир тууралуу сөз болсо, экинчисинде тээ энелик доордун баш чендеринде дүйнөгө келген Асан-Үсөн деген эгиз балдар жайында кеп болот.
Үркөр жылдызы. Жылдыздар тобунун эң ирдүүсү Үркөр (Элек жылдыз). Байыркы көчмөндөр Үркөрдүн батыш тараптагы көк жээкке жакындаганынан жаздын келгенин билген («Үркөр жерге түшпөй жер кызыбайт»); жай чилдесинде бул топ жылдыз таң атаарда гана көк жээктен бир аз жогорулап көрүнгөн («Аяк оонада Үркөр таң менен бирге чыгат»); жай бүтөр кезде «Үркөр таң алдында чыгып, шүүдүрүм түшүп, жер салкындайт»; күзүндө Үркөр көк жээктен бийиктеп кетет, ошондо «Үркөр төбөгө келип калыптыр» деген; түн бир кыйла узарып, кыш ортологондо «Үркөр төбөгө келип, кыш теңдеп калыптыр» деген ата-бабалар. Жыл мезгилдерин башка жылдыздар тобу менен да аныктаса болот, антсе да Үркөр «үркүп чыккан байталдай» болуп, түнкү асманда өзгөчө бөлүнүп турат. Үркөр менен Айдын абалы боюнча жылдын эмес, айдын да кандай болорун аныктаган. Мындай эсепти «тогоол» деп атаган.
Чолпон жылдызы. Чолпон жылдызын кыргыздар ыйык жылдыздардын бири катары көрүшкөн. Элдин баамында Чолпон жылдызы ар айдын тогузунда жерге түшөт дешкен. Чолпон жылдызы суук көздөн колдойт дешип жалгыз уулу же сулуу кызы болсо мойнуна, билегине тогуз кызыл мончок тагышкан.
Илимпоздордун айтуусу боюнча Чолпон жылдыз жердин «кенже карындашы». Кыргыздар жайлоого чыгар жана андан түшөр мезгилди чолпон чыгар мезгилге туташтырган. Эл ичинде ооздон оозго өтүп келаткан накыл сөз бар: «Чолпон көрүнсө – жүк артуу керек» деген. Ошентип, илгерки көчмөн бабалар күн ысый элек салкында көчүп, жаңы журтка жеткен.
Саманчынын жолу. Байыркы кыргыздар көктө Асман
Дыйканы туруп, жердегидей эле эгин эгет деп болжошкон, андыктан жанагы Саманчынын жолу көчмөндөрдүн түшүнүгүндө саман көтөрүп бараткан дыйкандын жолу. А Саманчынын жолу түндүктөн түштүктү көздөй созулган кездерде аны «Куш жолу» деп да тергеп койгон. Барымтага бараткан алыс жолдо, эл дайыма Саманчынын жолу артында же оң жакта болгудай кылып бастырган.
Жылдыз саноочулар. Байыркы замандарда кыргыздарда жылдыз саноочулар эл ичинде өтө барктуу болушкан. Алардын ай, жылдыздарга карата айткан божомолдорунда эл башчысы, кол башчылары өтө маани берип, алардын айтканы боюнча журт которуп көчүп, сапарга чыккан, казатка аттанган. Алар ааламдагы жылдыздардын кыймылдарын байкап, ар бир адамдын же жаңы элдин тагдырын, келечегин алдын ала айтып берген.
Эсепчи (баамдоочу). Бул – айрым адамдардын жекече касиети. Башкалардан айырмалануучу кандайдыр бир баамы. Журт көзүнө бөтөнчөлөнүп көрүнүүсү. Мисалы, табыпчылык, тамыр кармоочулук, төлгө тартуучулук, бал китеп алуучулук, бакшычылык, көзү ачыктык, бирдемелерди аңдай, дааналай билүүчүлүк, ошого акыл-ою жетүү чүлүк, андай кереметтерин эл арасы таануучулук Кыргыз Атада жеринен болгону айтылып келгени.
Эсепчи жылдыздардын чыгышын, батышын, чилденин өтүшүн, беш тоголдун тогошун, үркөрдүн көчүшүн, асмандагы аба толкундарын, жылдын келерин, жаздын кандай чыгарын алдын-ала билип турган. Алар «Кыш катуу, жаз эрте чыгат», «Кыш жумшак жаздын мойну узун», «Быйыл кой үстүндө боз торгой жумурткалайт». Көрпө тебетей менен шыпырып, жуккан чөптү көрүп, «малга токчулук болот» дешчү экен.
Элдик жылдыз саноочунун болжолу. «Ай чалкалап жаңырыптыр, кышында суук, бороон чапкын болот». «Ай чалкалап жаңырыптыр, жайкысын кургакчылык болот». «Ай короолоптур, аягында тос, жут болбой май тезинен сүт берет». «Күн короолоптур көкүрөгүңдү тос, кар жаап кысымчылык болот». «Эртең менен Күн кызарып чыкса – эгинди тоо чапкандай күйүн, кечинде кызарып батса – катының эркек туугандай сүйүн» деген.
Ок жылдыз (Метеор). Асыресе, «ок жылдыз» байыркы көчмөндөрдүн түшүнүгүндө «өлгөн кишинин жаны» болгон. Эзелки көчмөндөрдүн баамында, ар бир жылдыз жердеги кишилердин жаны эле да, ал өлгөндө анын жаны – жылдыз жерге учуп түшөт имиш. Илгерки көчм өндөр көктөгү жылдыздар адам тагдырына таасир этет деп билген.
Дагы бир аңыз боюнча көктөн учуп түшкөн жылдыздар «кагара» деген шайтанга периштелер аткан мылтыктын же жаанын огу. Шайтан азгырган адам күнөөсү жок кишини өлтүрөт көрүнөт. Ошондо, өлгөн кишини аңдып турган кагар шайтан тигинин жанын тозокко алып кетмек болгондо периштелер ага тоскоолдук кылып, асмандан жылдыз атып түшүрөт имиш.
«Ок жылдыздын» же «куйруктуу жылдыздын» (комета) күтүлбөгөн жерден пайда болушу жамандык катары кабыл алынган. «Куйруктуу жылдыз» көрүнгөн жылы кокустан жут же ачарчылык болуп калса эл буга «куйруктуу жылдыз күнөөлүү» деп эсептеген.
Кыргыздар «ок жылдыз» учкан учурларда түлөө берген. Эртеси эл чогулуп, түнкү кубулушту талкууга алып, «ок жылдыз» асмандын кайсы жагынан учту, кандай учту, кайсыл тарапты көздөй учту такташып, анан бир жыйынтыкка келген. Адатта, «ок жылдыздын» учушу алдыда келаткан согуштан кабар берген, алиги асманда учкан «куйруктуу жылдыз» ушул үчүн «ок жылдыз» атан ган го.
Эл мал союп, Көкө Теңирден жакшылык тилеп, түлөөсүн бергенден кийин «ок жылдыз» кайсы жактан учса, кайсы тарапка учса ошол жакка, ошол тарапка аскер топтоп, күч чыңаган. Ошол тараптагы чет өлкөлөрдөн кабар алып, эл аралык абалды тактаган. Мунун баары тең элдин аман-эсенчилиги, бейкуттугу үчүн өтөлгөн.
Ай, жылдызга курмандык чалуу. Мындан сырткары, биздин эл ай-жылдыздарга арнап ар бир адам да өз алдынча курмандык чала келген. Эгерде кайсы бир киши чычкан жылы, арстан айында төрөлсө, чычкан жылы келген кезде алиги киши ошо асмандагы Чычкан жылдызына арнап жыл башында сөзсүз түрдө бир малдан курмандык чалган. А арстан айы жылыга келет го, ошо келген сайын ал асмандагы Арстан жылдызына арнап да үзгүлтүксүз курмандык чалып турган. Ким кайсы жылы төрөлсө, кайсы айда төрөлсө, өзү төрөлгөн жылдын жана өзү төрөлгөн айдын атын алып жүргөн. Жылдыздарга арнап курмандык чалган. Бул – байыркы кыргыздардын түбү түптүү салттарынын бири эле!
Илгерки кыргыздар Айга гана эмес, Жылдыздарга да мал атаган. Ал «курмандык» эмес, «түлөө» деп аталган. Мындай «түлөөлөр» «ок жылдыз» (метеор) учкан учурларда болгон.
Ай таасири. Байыркы кыргыздар киши төрөлгөн айды так, даана белгилөө үчүн да өзүнчө зодиак (бул сөз байыркы грек тилинде «айбан» дегенди билдирген) белгилерин колдонгон. Зодиак дегени он эки бөлөк топ жылдызды ичине алган, планеталар жүрүүчү кырчоого, бул он эки топ жылдыздын ар бирөөнүн өз аты бар эле, алар: Козу жылдыз тобу, Уй (уд) жылдыз тобу, Босого (эрентир) жылдыз тобу, Саратан (кучык) жылдыз тобу, Арстан жылдыз тобу, Сүмбүлө (буудай башы) жаркырак жылдыз тобу, Тараза (үлгү) жылдыз тобу, Чаян (чадан) жылдыз тобу, Жаа (йа) жылдыз тобу, Теке (оглак) жылдыз тобу, Көнөк (ит) жылдыз тобу, Балык жылдыз тобу болучу. Айталык, 21 же 22-марттан 20 же 21-апрелге дал келген зодиак белгиси Козу жылдызына туш келгендиктен береги мезгилде төрөлгөн балдар «Козу айында туулду» деп эсептелинген. Ошентип, Уй, Босого, Саратан, Арстан, Сүмбүлө, Тараза, Чаян, Жаа, Теке, Көнөк, Балык зодиак белгилеринин астында төрөлгөн балдар береги жылдыздардын атынан «баланчанчы же түкүнчөнчү айда туулган» делип айтылып кала берген.
Кыргыздар мезгилди ай боюнча санашкан. Ай жаңыдан чыкса, ай жаңырды, «айдын бир жаңысы», «эки жаңысы»… деп санай беришкен.
Аян. Эгерде ай тутулса, аны журт башчысы мерт болот дешкен, жаманчылыкка жорушкан. Айга колдорун созуп, жаратканга жалынып курмандык чалып, аксарбашыл айтышкан.
Жылдыздарга мал атап, түлөө өткөргөн. Ар айдын бири, ону, жыйырмасы шамал-жаан болот.
Ай менен үркөр же сары жылдыздын тогосунда суук болот, шамал чыгып, жаан жаайт.
Беш тогол айланасында жана 22-марттан 27-мартка чейин болгон мезгил алмашуу мезгилинде сары кар түшөт.
Ай чалкалап жаңырса, элге тынчсыз, өзүнө тынч болот деген.
Ай короолосо аягыңды тос, жут болбой мал тезинен сүт берет.
Күн короолосо күрөгүңдү тос, кар жаап кысымчылык болот деген.
Жыл эсеби. Кыргыздар да он эки жылды жаныбарлардын аты менен атаган: Чычкан (жыл башы), Уй, Барс (жолборс), Коён, Улуу (Үлүл, Жаян, Балык), Жылан, Кой, Мечин, (маймыл), Тоок, Ит, Доңуз.
Изилдөөлөргө караганда кыргыздар жыл эсептөөнү мезолит доорунан бери санашкан.
Биринчи жыл башы чычкан, бүткүл чычканды эгинге, этке, башка тамакка эң залалдуу айбан, кокустан тамакка араласа ал тамакты жеген киши ооруйт деп билишет. Чычканды кырып жок кылуучу душманы ар чычкан (нар чычкан, арс чычкан) деп билет. Ушул үчүн нар чычкандын бизге пайдалуу досубуз деп аны жыл башына киргизмеги мүмкүн.
Карыялардын айтуусунда чычкан менен төө жылга кирмекке талашып, чатакташкандан кийин башка айбанаттар мындай деген: күндүн чыкканын кимиңер мурун көрсөңөр жылга ушул кирсин дегенде, төө таң атканча уктабастан, жатпастан күн чыгышты карап турганда чычкан мени булар жектеди, төөнүн бою чоң күндү мурун көрбөйбү деп акыл кылышты. Эми кандай айла кыламын деп таң атканча ары-бери жүгүрүп, эптеп төөнүн кулагына чыгып алсам, күндүн көзүн мурун көрбөйүнбү деп, күн чыгарда төөнүн кулагына чыга калып, анан кире качып кеткен. Төө таппай калып, чычкан жылга кирип калган үчүн төө чычканды күлдөн издеп, көбүнчө күлгө оонаганы ошондон дейт.
- Уй чарбага, жан сактоого бүткүл малдардан биринчи пайдалуу, 2–3 ай болбосо калган тогуз, он айчалык сүтүн берет. Дыйканчылыкты өгүз менен иштейт. Бүткүл чарба малдарда карышкырга кайрат кыла турган биринчи болуп уй саналат, уйдун букасы түгүл инек уйлары дагы кайрат кылат жана башка малга окшоп талаага калбастан үйгө өзү келет. Ошондуктан жылга киргизмеги мүмкүн.
- Барс (жолборсту дагы барс деп айтат) эски кыргызда келе жаткан бир адеп, эгерде катындын баласы баатыр боло турган болсо ал катын жолборстун жүрөгүнө, этине талгак болот. Жолборсту бүткүл айбанаттар баатыр деп билгендиктен жылга киргизмеги мүмкүн.
- Коён. Жок кайрат – баш айрат, ыгы келсе коёндой коркок бол деген жана жапайыдан баксаң коён бак, ал ондогон бөжөк тууйт, деп чарба жагын ойлоп жылга киргизүү мүмкүн.
- Улуу ажыдаар, дракон кытайдын герби, ажыдаардай коркпос, качпас айбаттуу бол деп жылга киргизсе керек.
Улууну кыргыз жаш деп да коёт.
- Жылан. Эң эски кыргыз жыланга табынган, жыландай эстүү, сак, куу, акылдуу, жүргөнүн билгизбеген жан жана бүткүл курт-кумурсканын баштыгы болгон себептен жылга киргизмеги мүмкүн.
- Жылкы. Чарбалык жагынан көчмөн болгон үчүн жылкысыз оокаты начар болгондуктан жана жоо ала албагандыгы үчүн аны жылга киргизүү мүмкүн. Жылкы жыттуу деп жылкы эти, кымызы кыргызда биринчи даражадагы кесип (тамак).
(Жылан, жылкы жылдары каатчылык болот дешкен бабалар).
- Кой. Бүткүл чарба малда койдон пайдалуусу болбогондуктан жылга киргизүү мүмкүн.
- Мечин (Маймыл) бүткүл жан-жаныбарларда адамга окшош үчүн эстүүлүгүнө карай киргизүү мүмкүн.
- Тоок. Бүткүл жер жүзүндөгү канаттуудан тооктон пайдалуусу жок. Уй сүтүн бергендей тоок жумурткасын берет. (Үч айдан башка жумурткалайт). Этинин таттуулугу, адамды таштап уча качып кетпегендиги жана убакытты көбүнчө күн бүркөктө билип бергендиги үчүн башка бүткүл канаттууну калтырып, тоокту киргизмеги мүмкүн.
- Ит. Бүткүл төрт аяктуу жырткычтан адамзатка жолдош өзүн жана малын багып берип, аң тиштеп бергендиги үчүн жылга киргизсе керек.
- Доңуз. «Камандай качырганынан кайта тартпа» деген макал бар. Эски заманда кыргыз чечек оорусунан абдан корккон. Чечектен аман калуу үчүн эгерде элди чечек каптаса, чечек чыкпайт деп доңуздун этин дары катарында жеген. Доңузду кыргыз кара кийик деп да айткан жана тукуму тез өсүп, көптөн тууган үчүн жылга киргизсе керек. Доңуз жылы токчулук болот дешкен бабалар.
Тарыхчылардан 12 жылга айбанатты киргизген кыргыз деген сөз бар, эгерде 12 жылга айбанатты кыргыз баштап киргизген болсо, эң эски кыргызды, мындайчасынан айтканда, кыргыздын түбү тоок, коён, улууну жылга кошконуна караганда аларды көчмөн эмес, маданий журттан болууга деп айтуу мүмкүн.
Байыркы кыргыздар санжырада бир кылымды – жүз жылды «сом» деп аташкан.
Жыл мезгилдери. Жыл мезгилдери – кыш, жаз, жай, күз болуп, төрткө бөлүнгөнү менен жыл мезгилдери өз ара бир топ бөлүкчөлөрдөн болорун өткөн ата-бабалар өзгөчө такташкан. Ар жыл сайын 13-декабрда токсон күнгө созулган токсон мезгили башталат.
Ар жыл сайын 22-декабрь эң кыска күн болсо, 22-июнда эң кыска түн болот. 8-январда 40 күнгө созулган кыш чилде башталса, 8-июлда 40 күнгө созулган чай чилде башталат. 18-августта жай чилде мезгили аяктайт.
Кыш чилденин жан-жөкөрлөрү: 40 күнгө созулган кыш чилденин алты жан-жөкөрү болот.
Кыш чилдесинин алты жан-жөкөрүнүн бирин кыргыздар «Кырдач» деп атап калышкан. Кыш чилдеси өзүнүн биринчи жан-жөкөрү «Кырдачка» катуу талап коюп, төмөнкү ыр саптары менен кайрылып: «Семиздин майын алам, арыктын шайын алам», – дейт имиш.
Жаным «Кырдач» камчыдан, Кайрат кылып алчудан. Мал майлуу калды, Баарысы жайлуу калды. Бука булкунуп калды, Буура жулкунуп калды. Төө комдуу калды, Кой жүндүү калды.
Жылкы жайылбай калды,
Чыңырыгы тыйылбай калды.
Тоолуу райондордо кыш мезгили ноябрь айында эле башталып калат, 40 күндүк кыш чилдесине чейин эле, башкача айтканда, 8-январга чейин төрт түлүк мал алда канча арыктап калат.
Кыш чилдесинин экинчи жан-жөкөрү «Адынын алты уулу» делет, 14–20-январга чейин жүрөт. Орустардын «Крещенские морозы» деген улуу күнү мына ушул 19-январга туш келет. Муну чечмелегенде 19-январь күнү бир идишке суу куюп койсо бир жыл бою сапатын бузбай сакталат экен. 20-январь менен 26-январь күндөрүндөгү жети күндү «Жединин жети уулу» деп атап калышкан. Кыш чилдесинин ызгаардуу суук күндөрү күчүндө болуп, бул күндөрү суук басаңдабайт.
27-январды кыш чилдесинин «Каңтар» мезгили дешет, муну чечмелегенде – кыш чилдесинин чок ортосу же кыш мезгилинин биринчи жарымы бүтүп экинчи жарымына өтүшү. Ушуга байланыштуу казак эли январь айынын аталышын «Каңтар» деп атап калышкан.
28-январь менен 11-февраль аралыгындагы он беш күндү «үт» мезгили дешет. Ушуга байланыштуу өзбек эли февраль айынын аталышын «Хут» дешет.
«Үт» мезгилин кыргыздар эзелтеден эле так билишкен. Себеби так ушул он беш күндүн ичинде кардын жаашы өзгөчө терең болгон. Ошондуктан кыргыз эли бул он беш күндүк мезгилди өзгөчө так аныктап алышкан. Натыйжасында «Жакшылыгына алса үт, жамандыгына алса жут» деген накыл сөздү калтырышкан. Башкача айтканда, жутка алып келүүчү он беш күндү Үт деп атап, жут боло турган жылдарда ушул он беш күндүк «Үт» мезгилинде гана олчойгон калың кар жаап коёрун ата-бабалар нечен жолу байкашкан.
12-февраль менен 17-февраль күндөрүндөгү алты күндү кыш чилде мезгилинин акыркы алты күнү болгондуктан муну кыргыз эли эзелтен бери эле «Апкыт-сапкыт алты күн» деп атап, кыш чилде мезгили толук аяктайт. Ал эми 18-февралда кыш чилдеси бардык аймакта толук чыгып кетет.
Чындыгында 90 күнгө созулган «Токсон» мезгили башталгандан кийин 25 күн өткөндө 40 күнгө созулган кыш чилде мезгили башталат. Демек, кыш чилде баштала турган күн 8-январь болот.
Кыш чилде аяктагандан кийин дагы 25 күндү эсептеп койсок ал күн 13-март болот. Демек, эки чекеси 25 күндү камтып 50 күндү жаратып жатса ортодогу 40 күндү (чилдени) кошуп койсок туура 90 күн болот да үч айлык кыш мезгили жаралып калат.
Токсон чыккандан кийин жер кыртышына дем кирип амал жүрө баштайт. Кыргыздар: «Токсон чыкканда томуктай тоң калбайт» – деп бекеринен айтышкан эмес. Бак-дарактардын бүчүрлөрү борсоюп чоңоё баштайт. Ушул себептен өзбектер март айын «Амал» деп атап калышкан.
Дагы бир айта турган өзгөчө нерсе жазында айдапсебүү мезгилинде соко айдап кеткен айдоолордо чака курттар чардайып жатканын көрүп жүрөбүз го. Ошол чака курттар жетилип сары коңузга «Саратанга» айланып массалык түрдө учуп калган мезгилди, июнь айын өзбектер «Саратан» дешет. Ал эми Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында саратандар июль айында уча башташат.
Демек, июль айында боло турган кубулушту эске алганда жай Саратан мезгили, 40 күндүк ысык аптап июль айынын башында башталат. Жазгы күн менен түндүн теңелүү учуру 21-мартта болсо, күзгү күн – түндүн теңелүүсү 23-сентябрга туура келет.
Элдик жыл эсеп:
13/XII – токсон түшөт. 22/XII – эң кыска күн. 8/I – кыш чилде башталат.
18/II – кыш чилде аяктайт.
13/III – токсон аяктайт.
21/III – жазгы күн-түн теңелет.
22/VI – эң кыска түн.
8/VII – жай чилде башталат.
18/VIII – жай чилде аяктайт.
23/IX – күзгү күн-түн теңелет. Бир жылда 365 күн бар.
* * *
20-февраль. Чилденин чыгышы.
5-март. Суурдун чыгышы.
10-март. Аюунун которулушу.
15-март. Кемпирдин кейиши. 20-март. Токсондун чыгышы.
15-апрель. Беш тогоол.
30-апрель. Күкүк чакырык.
4-июнь. Жай чилденин түшүшү.
Жай чилденин бөлүнүшү:
Чымыран.
Буулан-дуулан.
Толгон (мийзам).
Саратан.
Сайроон.
18-июнь. Үркөрдүн чыгышы.
10-сентябрь. Каркыранын өтүшү.
15-сентябрь. Кыргыектин өтүшү.
6–7-октябрь. Кыш кыроосу.
17-октябрь. Бугунун ооз чайкаары. Үшүк.
25-декабрь. Чилденин түшүшү.
Кыш чилденин бөлүнүшү:
Кырдач.
Апкыт-сапкыт.
Ады.
Жеди.
Үт.
Тогоол. Ар ай сайын жаңырган асмандагы айдын үркөр топ жылдызына жакындашуусу «тогоол» деп аталат. Маселен, жазында март айында асманда Чын куран атындагы айы жаңыра турган болсо, ошол жаңырган ай сөзсүз түрдө беш күн өткөндөн кийин гана Үркөр топ жылдызына жакындашат. Илгеркилердин сөзү менен айтканда тогошот. Ошондуктан чын куран айына беш тогол деген сөздү кошуп, «Чын куран беш тогоол» деп аташат. Тактап айтканда, ар жыл сайын июнь айы жаңыргандан жыйырма үч күндөн кийин Үркөр топ жылдызы менен тогошот. Ошондуктан, Теке 23 тогол деп аталып калган. Калган ай аттары да ушундай негизде бөлүнөт.
Үркөрдүн ай менен тоголушу айдын анык кайсы ай экенин билмекке тогоолду көбүнчө кыштын күнү артыкча таптиш кылат. Бештин айында безилдеген суук деп ноябрь айы болуп, тогоолду ушул айдан чындап текшере баштайт. Бул ай 13дө тогошот. Үчтүн айы үркөр менен 11де тогойт. Бирдин айы тогузунда тогойт. Жалган куран жетисинде тогойт. Чын куран бешинде тогойт. Бугу үчүндө тогойт. Кулжа биринде тогоп, үркөр жерге түшүп, кайтадан кырк күндөн соң чыга келет.
Жаңырган айлардын тогоол аттары. Жалган куран (жейрен менен эликтин эркеги) же беш тогоол (ай жаңыргандан бешинчи кечте Үркөр топ жылдызынын астына Ай келип тогошкон кез, ал үч күнгө созулуп, биринчи күнүн – «тогошту», экинчи күнүн – «үй же айыл конду», үчүнчү күнүн – «өрүп чыкты» дешкен) – март, чын куран же үч тогоол – апрель, бугу же бир тогоол – май, кулжа же жыйырма үч тогоол – июнь, теке же жыйырма бир тогоол – июль, баш оона (элик, бөкөн, жейрендин ургаачысы, же телки) же он тогуз тогоол – август, аяк оона же он жети тогоол – сентябрь, тогуздун айы же он беш тогоол – октябрь, жетинин айы же он үч тогоол – ноябрь, бештин айы же он бир тогоол – декабрь, үчтүн айы же тогуз тогоол – январь, бирдин айы же жети тогоол – февраль.
Мүчөл жылдын, жаңы жылдын эсеби. Кыргыздар илгертен ай жылынын календарын колдонуп келишкендиктен бүгүнкү күн жылынын же Григориан календарын билишкен эмес. Кыргыздар ай жылынын календарын мүчөл жылдын календары деп атап келишкен.
Кыргыз эли ар айга өзүнчө ысым ыйгарган. Эми так ошол мүчөл жыл, же ай жылы асманда «Жалган куран жети тогоол» айы жаңырмайынча башталбайт.
Ар дайым асманда «Жалган куран жети тогоол» айы жаңырбай туруп мүчөл жыл башталбайт. Тактап айтканда, кыргыз элинин жаңы жылы келбейт. Борбордук Азияда элдердин эң байыркысы кыргыз эли болуп жаткандан кийин, кантип эле эң байыркы Улуу элдин жаңы жылы болбой калсын. Кыргыз элинин ар жыл сайын белгилеп келген атайын жаңы жылы болгон. Өзгөчө айта турган нерсе, байыркы ата-бабаларыбыз кыргыз элинин жаңы жылы ар жыл сайын асманда «Жалган куран жети тогоол» айы жаңырган күнү гана болорун такташ үчүн, ар бир айга өз-өзүнчө ат коюп алышка аргасыз болушкан. Тарых барактарына көз жүгүртсөк, мындай улуу өзгөчөлүк кыргыз улутунан башка улуттардын биринде да бол богон.
Мүчөл жаш. Адам баласы он эки жашка чыкканда бир мүчөл жашка толот, алтымыш жашка чыкканда беш мүчөл жашка толот. Мына ошентип, айбанаттардын аты менен ар бир адам ар он эки жылда бирден мүчөл жашка толуп турушат. Изилдөөлөргө караганда кыргыздар мүчөл эсептөөнү беш миң жыл мурда чыгарткан.
Өткөн ата-бабаларыбыз балага түйүлдүктөн беркини да бир жаш катары эсептеп койгондуктан он үч жаш бир мүчөл болуп калган. Бирок мүчөл жашка толуу салтанаты кары дебей, жаш дебей ар жыл сайын асманда «Жалган куран 7 тогоол» айы асманда жүргөндө гана мүчөл жашын белгилеш керек. Себеби кыргыз эли кылымдардан бери эле «Жалган куран 7 тогоол» айын жыл ажыраш айы, жыл тогошуу айы деп белгиленип келген. Ошентип күн жылынын календары боюнча 31-декабрь жыл ажыраш күн, жыл тогошуу күн делинип келсе, ай жылынын жана мүчөл жылдын календары боюнча «Жалган куран 7 тогоол» айы жыл сайын жыл ажырап, Ай-жыл тогошуу айы болуп эсептелинип калган.
Кыш чилдеси 40 күн
Кырдач – алты күн
Апкыт-сапкыт – алты күн
Ады – апты күн
Жеди – жети күн
Үт – он беш күн
Жай чилдеси
Чымыран
Буулан-дуулан
Толгон (мийзам)
Саратан
Сайроон
Үрөн себүү. Кыргыз эли байыртадан бери эле ар бир жаратылыш кубулуштарына өтө тыкандык менен мамиле жасап келген. Алар жаз айларында «айга карап айдап сеп» деген жаңы накыл калтырышкан.
Түшүмүн тамырынан берүүчү өсүмдүктөрдүн үрөнүн качан гана асмандагы ай толуп кичирейе баштаганда себишкен. Мындай өсүмдүктөргө жер жаңгак, сабиз, пияз, картошка ж.б. кирет. Ал эми түшүмүн сабагынан берүүчү өсүмдүктөрдү асманга ай жаңырган күндөн тартып себишкен. Мындай өсүмдүктөр коон, дарбыз, ашкабак ж.б. кирерин баарыбыз билебиз.
Өзгөчө айта турган нерсе асмандагы ай жаңыра турган жана ошол айдын он беш жаңысы (толо турган күн) күнү эч кандай айдап-себүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Ушул күндөрдө асмандагы айдын фазасы алмаша турган күн болгондуктан, бул күндөрдү ата-бабаларыбыз «Арсар» күндөр деп аташкан. Бирок бул күндөрү да үрөн себилип калган күндөр болгон. «Арсар күндөрү» себилип калган үрөндөр чыкпай калып, чыкса да түшүмдүүлүгү кескин азайгандыгын ата-бабаларыбыз байкаган.
Байыркы ата-бабаларыбыз дан эгиндерин Үркөр топ жылдызына карап туруп себишкен. Ушуга байланыштуу «Үркөр батты, кош жатты» деген накыл сөздү калтырышкан.
Маселен, кылкандуу дан эгиндерин ар жылы Үркөр топ жылдызы батып кеткенге чейин сээп бүтүп коюшкан. Ал эми Үркөр топ жылдызы ар жыл сайын асманда «Кулжа 1 тогоол» аттуу ай жаңырганда батып кетет. Үркөр батып кеткенден кийин бардык жерде кылкандуу дан эгиндерин себүүнү токтотуш керек, антпесе бышпай калып кар алдында калышы мүмкүн же түшүмдүүлүгү азаят. Үркөр баткандан кийин же болбосо «Кулжа 1 тогоол» аттуу ай жаңыргандан кийин кара эгиндерди эгүүнүн мөөнөтү келет. Кара эгиндердин түрүнө жүгөрү, таруу, конок, күрүч ж.б. кирет.
Белги. Жолборс жана коён жылдары кыш мелүүн келет.
Доңуз жылы кыш ызгаардуу келет.
Жылан, мечин жылдары жай ысык, кургак келет.
Кой жана уй жылдары жаанчыл болот.
Жөргөмүш ыкчамдап иштесе күн ачык, жылуу болот.
Аба ырайы шамалдан билинет, шамал соккон жактан жамгыр же каар жаайт.
Чыгыштан урган шамал эч убакта жамгыр же кар алып келбейт.
Чымын-чиркейлер малды, адамды тажаткыча тынчсыздандырса жамгыр келет.
Кумурскалардын уюгуна жашынышы – катуу жамгыр болордун белгиси.
Жылан, жылкы жылдары каатчылык күтүлөт.
70 жылда бир ирээт, же 40 жылда бир ирээт асманда куйруктуу жылдыз көрүнүп, каатчылык болот.
КЫРГЫЗДАРДЫН БАШКАЛАРДАН ЭҢ БИРИНЧИ ЖАСАГАНДАРЫ, ОЙЛОП ТАПКАНДАРЫ
Үч бурчтуу миздүү таш куралдарын биринчи урунган.
Итти, жылкыны, уйларды, койлорду колго биринчи үйрөткөн. Бугу, элик, текелерди үйгө багышкан.
Сөөктөн ооздук, үзөңгүнү жана башка буюмдарды биринчи жасашкан.
Темирди биринчи табышкан жана кылыч, канжар, жебе, найза учтарын темирден жасашкан.
Калай, жезди биринчи таап урунушкан.
Мыс, алтын, күмүштөн табак, билерик, сөйкө, шакек, топчуну биринчи жасашкан.
Ташка кооз сүрөттөрдү, адамдардын, айбанаттардын элестерин биринчи чегишкен.
Шым (чалбарды) биринчи кийишкен.
Айбанаттардын терисин биринчи иштеткен.
Жүндөн, териден кийимдерди, үй-тиричилигине керектүү буюмдарды биринчи жасашкан.
Ийикти жасашып, токуучулукка биринчи киришкен.
Сүттөн түрдүү тамакты биринчи жасашкан.
Соко менен жерди биринчи айдашкан.
Көөрүктү биринчи табышкан. Устачылык өнүккөн.
Боз үйдү, ак калпакты биринчи ойлоп табышкан.
Көчмөн уруулардан биринчи болуп оттук ташты энесайлык кыргыздар табышкан.
Асманда түшкөн ок жылдыздардан (метеориттен) зулпукар, наркескен, кыңырак куралдарды «ак келтени», «очогорду» жасашкан.
Асемдүү, алтын, күмүштөн ат токумдарын – ээрди, жүгөндү жана кемер курду биринчи жасашкан.
Кушту биринчи таптаган, башка эл башчыларына биринчи куш тартуулаган.
Арпа, буудай, тарууну биринчи жасашкан.
Жыл эсебин биринчи чыгарышкан. Жылдыздарга ат койгон. Күн, ай, мезгил, жыл жана мүчөлдү, жыл сүрүүнүн ыкмасын биринчи колдонушкан.
Комузду, темир комузду, кыл кыякты биринчи ойлоп табышкан.
Шакардан биринчи самын жасашкан.
Жашоого, табиятка байланышкан 99 пирди, ыйыкты ойлоп табышкан.
Кымызды биринчи ачыткан. Саба, көөкөрдү, көнөктү биринчи жасашкан. Кымыздан, айрандан, бозодон биринчи шарап тартышкан. Таруудан биринчи бозо жасашкан.
Бешикти биринчи жасашкан.
Чоор, най, комузду биринчи табышкан.
Шахматты, тогуз коргоолду биринчи ойлоп табышкан.
Ичикти, тонду, тебетейди биринчи кийишкен.
Жылкы сүтүнөн биринчи бал кайнаткан.
Аялдар элечекти биринчи кийишкен.
Мал алмашуу, соода-сатыкты биринчи жүргүзгөн.
Темирден болот алышып, кыңырак, ак тинте, айбалта, устара, темир соот, калкан, албарс кылыч жана музыкалык аспаптарды жасашкан.
Оюм-чийимге ыйык кереметти биринчи түшүрүшкөн.
Кытайларга жоокердик кийимдерди кийгенди, курал жасаганды жана урунганды биринчи үйрөткөн.
Каза болгон жоокерди биринчи катырмага алышкан.
Дөңгөлөктүү арабаларды биринчи жасашкан.
Күнгө, көккө, жерге биринчи курмандык чалган.
Каган, хан деген мамлекет, эл башчысын биринчи эркин шайлашкан.
Алтын, күмүштөн, калайдан, канзааданын, канышанын кийимин биринчи жасашкан.
Ышкырык жааны биринчи ойлоп табышкан.
Аялдар эркектер менен кошо биринчи майданда согушкан.
Кайыкты биринчи жасашкан.
Биринчи жазуусу болгон. V–IX Руна жазуу менен ташка ырды, кошокту биринчи чегишкен.
Кыргыз-кыпчак байыртадан 40 тыбыштуу тамганы дүйнөдө биринчи иштеп чыккан. Кыргыздар Улуу Дөөлөт (империя) күткөн.
Энесай кыргыздары түрк тилинде сүйлөгөн тайпалардын ичинде эң алгачкы туруктуу календарга (такмынга) ээ болгон. Балбал таштарды (сын ташты) эстелик коюшкан. Чийне (лыжаны) табышкан.
Музыкалык аспаптарды: сыбызгы, добулбас, баңдулуу, шыңгырама ж.б. жасашкан.
Теңирге сыйынуунун жол-жобоосун, эрежелерин, тартиптерин, сөз кереметин урунушкан.
Эпосту жараткан. Арстанбек Буйлаш уулу 500 күү чыгарып черткен.
Ыбрай Туманов 200 күүнү черткен. Саякбай Каралаев жарым миллион сап «Манас» эпосун жатка айткан.
МАДАНИЯТ
РУХИЙ МАДАНИЯТ
Байыркы маданияттан кабар. Ар элдин өткөн тарыхы жана энчилүү маданияты болору чындык. Тарых – элдин алмустактан берки баскан жолун, өткөн жашоо тиричилигин, тагдырын жана азыркысын кабарласа, маданият ошол элдин рухий жана материалдык казынасынан кабар берет.
Маданият – адам баласынын жашоосундагы ой-санаасынын, кыялынын, таалим-тарбиясынын, тиричилигинин, эмгегинин сулуулугун жана жаратылыш менен болгон мамилесин аныктаган түшүнүк. Ошол доордун, элдин жана жеке адамдардын акыл-эси, рухий өсүш деңгээли маданият аркылуу маалымдалат.
Кыргыз тилчилеринин берген аныктамасында «маданият» араб сөзүнөн кирген, ислам доорунан бери колдонулат. Байыркы эне тилибизде маданият түшүнүгү жалпы мааниде айтылган.
Маданият рухий жана материалдык маданият болуп экиге бөлүнөт. Рухий маданиятка – адамдардын аңсези минин зээндүүлүгү, адеп-ахлагы, дүйнө таанымы, агар туучулугу, тарбия-таалими, укугу, философиясы, жүрүм-туруму, эстетикасы, илими, өнөрү, адабияты, аңызы, диний ишеними ж.б. кирет. Ал эми материалдык маданиятка адам баласынын кол менен жасаган бүткүл турмушу, эмгек куралы, кийимдери, үй-жайы, мындайча айтканда, архитектура, дизайн жасалгалары, байланыш, техникалык өсүштөрү, жол байланышы ж.б. камтылат.
Маданияттын алтын казынасын эл түзөт жана кылымдан кылымга көкүрөгүндө сактап келет.
Ар элдин саясий-социалдык өсүшүнө, коомдун өнүгү шүнө жараша башкалардан өзгөчөлөнгөн маданияты болот. Эл ичинен маданиятты алгач баштоочулары, таланттары чыгат, алардын ысымдары кийинки муундарга даңаза болуп айтылып калат. Маданияттуу, зээндүү муун дун өкүлү улуулардын жараткан эмгегин асыл мурас деп айтышып ардакташат.
Байыркы тарыхы мол кыргыз эли башынан бай маданият күткөн. Кыргыз маданияты, негизинен, Орто Азия жана Батыш Сибирдеги көчмөн элдердин орток жаралган маданий мурасынан калыптанган. Кыргыздардын рухий дүйнөсү башкаларга деле ачык болгон, андыктан алар бөлөк элдин маданият үлгүсүн да тез кабыл алган, байыркы маданиятынын өсүшүнө ар түрдүү көчмөн жана кошуна элдердин таасири тийген.
Болжолдоп айтканда, отуздай уруулар менен катнашта жашаган байыркы кыргыздардын маданиятынын алтын доору VII–IX кылымдар болгондугу такталды. Кыргыздар Таң сулалеси, сактар, хундар, дөөлөстөр, үйсүндөр, жужандар, тибеттиктер, түргөштөр, түрк, уйгур сыяктуу көчмөн жана отурукташкан элдер, уруулар менен мамиле курган. Ошондой эле Жибек жолу аркылуу өткөн Иран, Афганистан, Индия, Сирия, Византия, Араб ж.б. батыш өлкөлөрүнүн маданияты менен да кабардар болушкан. Далилге таянсак: кыргыздардын тил байлыгына эзелтен башка тилдерден кирген сөздөр арбын, кытай, түрк, монгол ж.б. элдердин сөздөрү жолугат. Кыргыздардын элдик бедериндеги (орнамент) оюктарында Чыгыш менен Батыштын жана башка көчмөн элдердин кол өнөрчүлүгүнүн таасири бардыгын байкоого болот. Ошондой эле дин ишениминен да, каада-салт, алгачкы жазуу боюнча да биргелик, ортоктоштук, окшоштуктар кыйла көп.
Улуттук маданияттын өнүгүп-өсүшүнө, калыптанышына далай мезгил жана тарыхый, социалдык шарт керек.
Байыртан берки кыргыз тарыхын изилдеп көрсөк, элибиз кайсы доордо кандай материалдык жана рухий маданиятка жетише алганын же кабарсыз калганын азыр ачык абайлай алабыз. Биздин бабаларыбыздын байыртан берки түзгөн, укумдан-тукумга калтырган аялуу рухий асыл мурастары бар: кунарлуу сөз өнөрү, орошон оозеки чыгармачылык, ырлар, дастандар, эпостор, накыл, акылмандык, бай санжыра, дин ырасымы, сырдуу эпиграфика, таштагы руна керээз жазуулар, ар кандай балбалдар, эзелки шаар калдыктары, асемдүү архитектура, куттуу боз үй, кооз күмбөздөр, кол өнөрчүлүк, чебер уздардын өнөрү, көчөттүү оюулар, залкар күүлөр жана башкалар – бул элибиздин накта тарыхы, дүйнөгө ызааты, көз карашы жана элибиздин нарктуу бай маданияты.
Улутубуздун байыркы тарыхын жана маданиятын оозеки санжыралардан, элибиздин аңызынан, уламыштын байыркы кытай, араб, тибет, монгол жазууларынан, таштагы чийүү сүрөттөрдөн жана рун жазуулардан табабыз.
Тарыхчылардын, изилдөөчүлөрдүн маалыматында кыргыз элинин эзелки маданиятынын узак жолдорун: байыркы энесай доору жана орто кылым (Караханийлер) деп бөлүп караган жөндүү.
Дүйнөлүк тарыхты карасак, кайсы доорду, кандай өлкөнү албайлы, «аалам колумда, мен күчтүүмүн» деген не бир менменсиген империянын, кагандыктын ордосу акыры жүрүп чабылган, адамдары кырылган, дүйнөсү таланган. Баягы эрдемсиген күчтүн, баягы опсуз байлыктын дареги жок, тыйпыл болгон. Ал эми талкаланган элдин мол маданияты сакталып калган, аны кырып жоготконго душмандын күчү, чама-чаркы жеткен эмес. А маданият булак башатындай жылжып, секин гана токтобой аккан улуттук ырыскы кут, ал өтө бек жерде – адамдардын жүрөгүндө сакталган, анын алтын тамыры Көк Теңирде, Жер эне кучагында. Бабаларыбыз байыркы рухий маданиятыбызды кайда, кантип сактап калууну билишкен. Бир жарымын кара таш бетине түбөлүккө чегип калтырса, калганын жүрөгүнө жашырыптыр, ырга айлантып калың калкка жар салыптыр. Адамзаттын рухий дүйнөсү оттон күчтүү, башкага баш бербеген жеңилбес касиети, элге канат болгон энчиси бар экен.
Азыркы заманда маданият деген рухий улуу кенч жашайт. Буга кичине да, үлкөн эл да, өлкөлөр да салымын кошкон. Ал адамзаттын байыртадан азыркы мезгилге чейинки маданият үлгүсүнүн табылгасы. Байыртан улуттук зоболосу оболоп, эл, мамлекет жана өз маданиятын сактап келген кыргыздар аздыр-көптүр дүйнөлүк маданиятка рухий табылгасын кошо алды.
Археологиялык изилдөө. Биздин элибиздин эзелки жа шоосун жана маданиятын таап, эскилигин өлчөп, жашын эсептей турган археология деген илим багыты бар. Аны грекчеден которсо, «байыркы жөнүндө илим» деп окулат.
Кылым сырын билген археологдор жер астында жер каймактагандан бери көмүлүп жаткан кабырды таап казып, байыркы адамдардын ата конуштарын, оокат-тиричилигин, элдин кайсы доордо жашагандыгын, турмушун, кандай адамдар болгонун жана коом тарыхын аныктап айтып беришет. Археологдор байыркы адамдардын жер үстүндө эки миллиондон ашык жыл жашагандыгын кабарлайт, таш доорунан берки мезгилден камтыйт.
Дүйнөлүк илимий чөйрөгө кадыр-баркы бар окумуштуу археологдор С. В. Кисиев, А. П. Окладников, А.Н. Бернштам, С. М. Абрамзон жана башкалар Түштүк Сибирди жана Ала-Тоону кыдырып, кыргыздардын байыркы тарыхы менен маданиятынын жаңы даректерин таап, ачылыштарды жасашып, улуттук илимдин өсүшүнө зор салым кошту. Ал эми ХХ кылымда Түштүк Сибирдеги, Монголиядагы байыркы баба конуштарында кыргыз окумуштуулардын изилдөө сапарына (экспедицияга) катышпагандыгы, элдин байыркылыгын изилдешпегени өкүндүрөт.
Доорлор жөнүндө баян. Эрте палеолит доорунда (б.з.ч. 800–140 миң жылдыктар) – адамдар үңкүрдө топтошуп жашап, жалаң кара курсактын камын гана көрсө, ортоңку палеолит доорунда (б.з.ч. 14–40 миң жылдыктар) адамдын акыл-эстүү боло баштаганы сезилет. Алар аңчылыктан улам териден кийим кийип, найза, бычак жасаган жана жаратылышка сыйына баштаган. Соңку палеолит доорунда адамдардын жашоого карата күрөшү күч алат, айбанаттан коргонот, бириндегендер баш кошуп, урукка уюшуп, акыл-эс кирип, ойлонуп күн көрөт, бара-бара теңсиздик күчөйт, аялзаттын, эненин (матриархат) бийлигинин доорону сүрөт.
Ортоңку таш доору. Ортоңку таш доору (мезолит б.з.ч Х–VI миң жылдыктар) адамдардын акылы жаа менен жебени табат. Эл-жер тандоону билип, журт которуп көчө баштаган. Алгачкы көчмөндөр пайда болгон.
Неолит доорундагы маданият. Кыргыз жеринин неолит мезгилинен (б.з.ч. V–III миң жылдыктар) Сары-Жаз дарыясынын боюндагы Ак-Чуңкур чоң үңкүрүндө сакталган букалардын, эчкилердин жана жыландардын кызыл боёк менен тартылган бабалардын эң алгачкы өнөрү – сүрөттөрү табылган. Дагы малдын сөөктөрү, жаа, жебе сыяктуу куралдар, таштан жасалган балта, балка, кетмен, орок жана коломтонун орду чыкты. Ошол кезде эле сөөктү, ташты жылмалоо, сайкалдоо, аркалап кесүү, көзөө чеберчилиги болгон экен. Жыгачты, кайышты иштетип, чоподон идиш жасаптыр. Адегенде жезди, бара-бара колону иштетишкен. Аялдар жерди иштетип, дыйканчылык кылууга өтүп, жан-жаныбарды өздөрүнө үйүр кылып багып, мал чарбачылыгын өстүргөн.
Коло доорундагы маданият. Доорлорду улам берилеп жакындатып сүрүштүрсөк, узакка созулган таш доорунан кийин коло дооруна (б.з.ч. III миң жылдыктан б.з.ч. Х–VIII кылымдарга чейинки мезгил) туш келебиз. Бул доордун артыкчылыгы – таштан темирге, уруктан урууга өтүү учуру. Коло доорунда кыргыз тоолорунда, аскаларында чегилген «Саймалуу таш» чийүү-сүрөттөр пайда болгон. Ташка көчмөндөр малчылыгы, аң уулоосу, жер которуусу ж.б. иштери чегилген. Коло доорунда элдин өнүккөн мезгили болгон, жез, калай, күмүш, алтын казуу, карапа жасоо, найза, айбалта, шамшар, араба, таш чегүү жана аялдардын жасалгаларын жасоо өнүккөн. Көрүстөндөрдөн колодон жасалган канжар, орок, кыма, көсөө жана башка эмгек куралдары табылган. Каза тапкан үй-бүлө көрүстөнгө чогуу көмүлгөн. Ата бийлигинин (патриархат) үстөмдүгү орногон. Уруулар куралып, бай жана жарды болуп бөлүнө баштаган. Бул доордо ташка, аска бетине сүрөттөр (петроглиф) пайда болгон мезгил.
Андрон маданияты. Археолог окумуштуулардын аныктамасында байыркы коло доорун жашоо-тиричилигине ылайык Андрон маданияты деп аташкан. Бул маданияттын аталышын окумуштуулар эстеликтер табылган Сибирдеги бир кыштактын атынан улам алышкан. Андрон маданиятынын эң баалуу эстелиги «Саймалуу таш» чийме-сүрөт көркөмканасы (галереясы) кирет.
Өткөн доорлордо бабаларыбыз байыркыдан бери тары хый жана маданий кеңири жолду татыктуу басып өттү. Ошол доорлордун бардыгынын из-дарегин, мурастарын ата-журтубуздун аймагынан, Орто Азия менен Түштүк Сибирден таап, аны кыргыздарга тиешелүү экендигин далилдеп чыгышты. Ошентип биздин Ата Мекенибиздин аймагында жер каймактагандан бери адам баласынын жаралгандан бери жашоо-тиричилиги өксүгөн эмес. Ушуну унутпайлы, Борбордук Азия адамзат пендесинин алгачкы бешиги, биринчи адамдардын буту баскан касиеттүү жер.
Андрон маданияты коло доорундагы элдин жашоо тиричилиги, материалдык байлыгы жана маданиятынан кабар берет. Археологдор Андрон маданияты учурундагы тургун жайлардан, көрүстөндөн, жер кепеден чоподон жасаган идиштерди, алтын буюмдарды, сөйкөлөрдү, билериктерди, мончокторду, бычактарды табышты.
Андрон маданиятынын эстеликтери Алтайдан да, Казакстандан да, Уралдан да, Теңир-Тоодон да табылды. Байыркы кыргыз урууларынын негизги маданияты Андрон маданиятына жана Түштүк Сибирь (Шибер), Орто Азияда жашаган элдердин өнөрү менен рухий дүйнөсү бири-бирине тектеш жана өтө окшош. Алар мал күтүп, дыйканчылык кылган, жер төлөдө жашаган, отко сыйынган, согуштук арабалары болушкан, чоподон карапа идиш жасашкан, өрмөкчүлүк өнүккөн, терини, жыгачты иштетишкен. Ошондой эле тоодон кен казып, жез, калай, коргошун, алтын, металлды табышкан, эмгек шайманын колдонушкан. Мыкты жоо куралдарын жасашкан.
Чуст маданияты. Кыргыздын түштүгүнүн эли мээрман, мээнеткеч, ал эми жери кооз экенин байыртадан эле Батыш-Чыгыш саякатчылары, изилдөөчүлөрү, тарыхчылары зар какшап келишкен жана жазмаларында калтырышкан. Байыркы доордо эле берекелүү жерди ар түрдүү уруулар байырлап, тиричилик өткөргөнүн азыркы күндүн окумуштуулары тастыктап турат. Чынында азыркы күндө ошол элдердин аттарын бирден санап так айтуу кыйын, даректери аз. А бирок жамы элден Чуст маданияты деген мурас калган. Бул жердин атынан улам алынган. Береги эки сөз элдик маданият узак жашарын, кудуреттүүлүгүн жана жоголбостугун айтып турат.
Чуст маданияты Ош шаарынын тегерегиндеги жана Чыгыш Фергана аймагында, далай кылымдарда (б.з.ч. 2 миң жылдыктын акырынан б.з. VI–VII к.к.) бир нече уруулардын жашоо-тиричилигинен улам пайда болгон. Чуст маданиятынын эстеликтери Өзгөн, Карасуу, Куршаб, Ноокат аймагынан да табылды. Негизги тургун жайлары Намангандагы Чуст кыштагы, Ош шаарына жакын Айым кыштагынын тегерегиндеги кирпич менен дубал тосулган жердеги жай, Дарверзин, Чымбай жана башка жерлер.
Оштогу Сулайман тоосунун атагы б.з.ч. эле Орто Азия, Фергана, Чүй, Согду, Чыгыш Түркстанга жайылган. Манихейчиликке берилгендер Сулайман тоосуна жөө-жалаңдап жол басып сыйынып келүүгө өз вазийпасы катары көрүшкөн. Сулайман тоосу Орто Азиядагы диний, маданий идеологиялык борборлордун бири болуп калган. Сыйынганы келгендер тоо этегине чоподон, кыштан, пахсалап жер төлө, жыгачтан алачык жасашып, коруулар баштаган, бара-бара тоо курчамы бүткөн соң тектир-тектир турак жайлар түзөңгө түшүп, катары көбөйгөн. Азыр байкасак, бир-бирине өтмө салынган жер төлөлөр, жайлар жалпы жамааттын үйү үчүн кызмат кылган көрүнөт.
Ош шаарынын негиздөөчүлөрү Чуст коому, коло доорунда эле сууларды бойлой чоподон там салган, урууларга бөлүнгөн, манихейчилик көз караштагы дыйкандар жамааты эле. Байыркы кыргыздар сыяктуу табияттын күчүнө от, күнгө сыйынган чусттуктар кийинчерээк ислам динине ооп кетишкен.
Чусттуктар колону эриткенди мыкты билишкен, куралдарды жасашкан, ташты мыкты чегишкен. Алар эгинин, жер-жемишин, кооз кумараларды, жаргылчагын, сокбилегин, сокосун, кол орогун, бычагын, барсканын, кетмендерин, жоо-жарактарын, ат жабдыктарын тоодон түшкөн көчмөндөргө сатып турушкан. Көчмөндөр аларга мал, тери буюмдарын, жүндөн жасалган кийимдерин алмаштырышкан.
Чусттуктар негизинен дыйканчылык менен жан ба гышкан, мөмө-жемиштерин өстүрүшкөн жана кой-эчки күтүшкөн.
Чусттуктар кол өнөрчүлүгүн мыкты өнүктүргөн, айрыкча Орто Азиядагы карапаны, кооз буюмдарды, күзгү, шуру-мончок, сөйкөлөрдү мыкты жасашкан.
Коло доорунун эң жетишкен ийгилиги аскага тартылган «Саймалуу таш» сүрөттөр Андрон маданияты, Чуст маданияты учурунда жаралгандыктан, ошол доордогу Фергана өрөөнүндөгү калктын жашоо-тиричилигинен, диний ишениминен, үрп-адатынан, маданиятынан көп маалыматты берет.
Маданияттын калыптанышы. Байыртадан берки кыргыз элинин жашоосу жана маданияты эзелтеден эки жерде орун-очок алган: бир канаты Орто Азия, Теңир-Тоодо, экинчи канаты Түштүк Сибирде, Энесай, Алтай жана Орхондо (Монголияда) өнүгүп өстү. Муну кыргыз аңызы, санжырасы, элдик оозеки чыгармалары далил менен айтып келген. Бир кезде совет доорунда кыргыз элинин байыркы тарыхы менен маданиятын окуп-үйрөнүүгө, жазууга тыюу салынганын эми эскерсек сабак болот. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин мурдагы илимий көз караштар тайкы, жаңылыштык экени билинди. Бүгүн жаңы илимий ачылыштар, акыйкат изилдөөлөр жүрүп, тарыхый чындык айгинеленүүдө. Айрыкча, кийинки жаш окумуштуулар кыргыздардын Түштүк Сибирде, Орхон, Энесай боюнда, Алтайда жашагандыгын илимий негизде так көрсөтүп, далилдеп беришти. Бул кыргыз тарыхын таануу илиминдеги чоң жаңылык болду.
«САЙМАЛУУ ТАШТЫН» СЫРЫ
Түп бабалардын келерки муундарга калтырган тарыхый жана маданий мурасынын бири Тогуз-Торо аймагында «Саймалуу таш» деген байыркы жазма эстелиги.
Теңир-Тоо кыркаларында деңиз деңгээлинен үч миң метр бийиктикте Көгарт деген ашуу бар. Кышында жол жабылат, бурганак уруп, ашууну кар басып, муз тоңот. Жайкысын жол ачылганда ат, топоз менен эл жайлоого чыгат.
Ал эми «Саймалуу таш» жолдон обочодо, көздөн далдоо, буйта жерде. Эл атайы камынып, унаа менен эстеликти көрүүгө, тайынууга келишет.
Окумуштуулардын аныктоосунда «Саймалуу таш» аскасындагы чегилген оймо-чийме сүрөттөр биздин заманга чейинки доордо эле, коло доорунда пайда болгон.
Бабаларыбыздын адепки өнөрү, ташка түшүргөн галереясы байыркы доордогу үмүттөрүн, уруулардын ой-тилеги, аң-сезими жана табиятка, сулуулукка болгон мамилесин көрсөтүп турат. Элибиздин коомдук өсүшүнөн, социалдык-экономикалык жана рухий турмушунан, көркөмдүк өнөрүнүн башатынан, дүйнөгө, динге карата көз карашынан, маданиятынан кабар берет.
Кыргыздар «сайма» деп көркөм өнөрчүлүктүн, узчулуктун эң жогорку чебер түрүн атаган. Сайманы кыргыз аялдары териге, кездемеге, жибекке не бир түрлөнтүп, кооздоп сайышкан, улам кийинки шакирттерине астейдил үйрөтүп келишкен.
Калың эл ташка сайма сайбасын билишсе да өрөөндөгү чегилген ажайып сулуулукту көрүшкөн, өнөрдүн баалуулугуна баа беришкен, кейпи «Саймалуу таш» деп жерге атты кийинчерээк коюшса керек. Биринчи жолу тоо койнундагы «Саймалуу ташка» кабылып, эзелки маданиятты өз көзү менен көргөн адам ушунча жүз миңдеген таш бетиндеги сүрөткө таң калышы ыктымал: «эмне үчүн, кимдер чегип, кандай мээнет кылган жана ташка кандай куралды пайдаланган» деген суроо келет. «Саймалуу ташка» жайкысын түнөгөн адам түнкүсүндө аскалар арасынан ар кандай сырдуу добуштарды, сыйкырдуу жарылууларды, кагылышууларды угат. Бул жорукту кээ бир атеист окумуштуулар кечке күнгө аябай ысыган базальт таштар түнкү суукта жарылат деп жорушат. А сырдуу дүйнөгө кызыккан адамдар бабалардын касиети, руху ойгонуп атат дешет.
«Саймалуу таш» тоосундагы чачылып жаткан нечен миңдеген сүрөттөр (петроглифтер) он гектар жерди ээлейт.
Кадам сайын жылмакай таштардын апай беттеринен түр күн сүрөттөрдү, эстеликтерди көрөсүз: адам, тоо эчки, теке, аркар, бугу, ат, бука, илбирс, карышкыр, доңуз, түлкү, ит, жыландын сөлөкөттөрү. Коло доорундагы «Саймалуу таш» оймо-чиймесинде тематикалык сүрөттөр да арбын жолугат. Алардын эң көрүнүктүүлөрү: адамдын тоо эчкиге жаа менен аңчылыгы, бийлеп жана күрөшүп жаткан адамдар, өгүз чегилген буурсун менен жер айдоо, кайсы бир таштарда жоокерлердин арабасы тартылган, кейпи жылкы жаныбарлардын пайдасын, жоокерлердин эрдигин даңазалоо болсо керек.
Кээ бир таш беттеринде Күндүн сүрөтү чегилген. Күндү кармаган, Күндү кийген адамдар. Скиф-сак аңызында (мифтеринде) падышанын бийлиги – Күн кудайынын жиберген шыбагасы деп айтылган. Сактар Күн кудайына сыйынышкан, ал эми падышаны Жердин кудайы дешкен. Ошондуктан сактардын падышалары күндүн нурун элестеткендей, алтын менен кооздолуп жасалгаланган кийимдерди кийишкен. «Саймалуу ташта» адам күндү элестеткен сүрөттөр да бар. «Саймалуу ташта» кош өгүз чегилген сокону кармаган адамды көргөндө коло доорунда эле байыркы уруулар жер айдоону, эгин эккенди билгенине ынанасың.
Айбанаттардан, үй жаныбарларынан башка сүрөттөрдүн ичинде жыландарга окшогон, чагылгандай ойсоңдогон издер кетет, муну окумуштуулар «Тоонун жолу» же кыргыз уздарынын тили менен айтканда «кыял» деп коюшат. Ушул кезге чейин кыргыз уздары «кыял» деген оюмун саймага, шырдакка, килемге, ал эми усталары ат жабдыктарга, кемерге, кылычтарга, жыгачтарга түшүрүп келишкен. «Саймалуу таштагы» сүрөттөрдү кыргыздардын алгачкы жазуусунун, эн тамгаларынын, улуттук оймо-чиймелеринин, кол өнөрчүлөрүнүн байыркы башаты дегенге ылайыктуу жана ар түрдүү доордогу эмгектердин үзүрү.
Байыркы бабалардын «Саймалуу таш», Энесайдагы аскалардагы сызуу-чиймелериндеги эн тамгаларда жана руна сымал жазмаларында христиандардын крест белгисин (кыргызча «жагалмай тамга») да жолуктура аласың.
Байыркы көчмөндөрдүн, анын ичинде кыргыз урууларынын эн тамгалары кийинки доордо кандайча батыштагылардын ыйык белгиси, символу болуп калгандыгы та бышмак.
«Саймалуу таштагы» сүрөттөрдүн усулу, окуясы жана кынапталышы ар түркүн. Мына жеке же тобу менен турган, же үрккөн жапайы айбанаттар, үй жаныбарлары («айбанаттардын стили»), аңчылык, бийлеген бакшылар, араба айдап, топоз минип бараткандар, сыйкырдуу сүрөттөр, Күндүн элеси, каймана (символдук) белгилер, үй оокаттары ж.б. толгон нерселерди таба аласың.
Байыркы тектеш жашаган бабаларыбыз – алгачкы сүрөтчү чеберлер негизги ойду адамдардын тегерегине байлаган, анын турмушун, чөйрөсүн, салтын, сыйынган сыйкырдуу дүйнөсүн чагылдырган. Мындайча айтканда, «Саймалуу таш» – тоодо мал менен жашап өткөн бабалардын сүрөт менен ташка жазып калтырган маданияты.
«Саймалуу таш» бир эле кылымдын, же бир эле уруунун эмгеги эмес. «Саймалуу ташка» окшош сүрөттөр, сюжеттер, бакшы элестери Орто Азияда, Минусинскиде (Миң-Суу), Энесайда, Алтайда, Тувада, Монголияда да табылган. Бул сак, үйсүн, хун, түрк, кыргыздардын байыркы түп маданиятын далилдеп турат. Көчмөн уруулардын сүрөт доору алардын күнүмдүк жашоосуна, чарбасына, маданиятына чоң өзгөрүүлөрдү, таасирлерди тий гизген.
Биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыкта жана биздин замандын алгачкы кылымдарында жашаган скифсак этностору, алардын урууларынын кубаттуу биримдиги, алгачкы мамлекети жөнүндө байыркы перси, грек, кытай тарыхчылары, саякатчылары жазып калтырган. Айрым окумуштуулар бийик тоодогу ыйык жай индоирандык кудайларга, Ноорузду тосууга жана байыркы кудайларга, пир, пайгамбарларга сыйынган жер болгон деген божомолду айтышат.
«Саймалуу таш» эстелиги окумуштуу археолог А.Н.Бернштамдын божомолунда б.з.ч. 21-жылдарда пайда болгон дегени биротоло тактала элек. Андагы сүрөттөр 120 миңге жетет. «Саймалуу таш» жөнүндө маалымат илимпоздор дүйнөсүнө ХХ кылымдын эң башында та раган. Мындай сүрөттөрдүн галереясы дүйнөнүн башка жерлеринде кездеше элек.
Ачык асман алдындагы «Саймалуу таш» ибадатканасын азыр кыргыз окумуштуулары дүйнөлүк илимпоздор менен биргелешип изилдөө, аны коргоо жөнүндө маселелерди көтөрүп жатышат. «Саймалуу таш» жөнүндө даректүү фильмдер тартылды, буклеттер, альбомдор жана китептер чыгарылууда. Бишкек шаарында «Саймалуу таш» деген чакан ажайыпкана – музей ачылган.
АҢЫЗ (МИФ)
Табиятка табынуу. Байыркы кыргыздар көктө Теңир колдойт деп, Жер энеде табият менен эриш-аркак, шайкеш жашоого, аны ыйык тутууга, андан кудуреттүү, күчтүү ыйык касиетти табууга эзелтен ыклас койгон.
Байыркы кыргыздар табият менен дайым бирге болгон, дүйнөнү бүткүл турпаты менен кабыл алган, андан күнү да, түнү да бөлүнгөн эмес. Табиятты өзүнөн улук сезген, ага багынган, ага каршы чыкпаган. Ал өзүн табияттын бир мүчөсү сыяктуу сезген, аны сыйлаган, сыйынган. Кыргыздардын жашоо-тиричилигин чечмелеп айтканда, көр оокат, кара курсактын түйшүгүнөн кутулары менен табиятка сүкүт салган, өзүн аман сактоонун жолу – табиятка табынуу деп боолгологон, өзүнүн бактысы, ыракаты – табият менен шайкеш жашоодо экендигин аңдап билген.
Көчмөндөр боорукер эл, табиятка жакын, анын ырлары бүт табияттын сулуулугун, кереметин даңазалаган. Ошондуктан алар табиятка аяр мамиле кылышкан.
Табият – адам баласынын жакшылыгын дайыма кайрыйт: пенденин пейил-кунуна жараша, тазалыгына жараша башына бакыт үйөт. Теңир табиятты адамга бир гана жыргал жашоосу үчүн ыйгарган эмес, анда адам эмгектенсин, тиричилик түйшүгүн түшүнсүн, сулуулугуна суктансын жана баа-баркын билип, сырын ачсын деп берген.
Табият менен эриш-аркак жашоонун шарапатынан байыркы көчмөн кыргыздар андан көптү үйрөндү, рухий олжолорго жетти, касиет-сырын түшүндү, акыл-ою байыды, рухий дүйнөсү, ниет-зээни тазарды, көзү ачылып, көңүлү өстү, адам баласынын турмушун, мамилелерин таза сактоого умтулду, өз элинин кимдигин билди, адамгерчиликтин, сулуулуктун, боорукерликтин, өмүрдүн баалуулугуна көзү жетти.
Бекеринен кыргыздар уулдарынын, урпактарынын, уруусунун аттарына айбанаттардын аттарын коюшпаса керек.
Эрте жаздагы кургакчылыкта жана кеч күздө, сонор түшкөндө, урук-уруулар же үй-бүлөлөр чогулуп, суу жээгине же тоодо ак боз бээни назир тайып, ак чүпүрөк төшөгөн жыгач идишке аккан канын тосуп алышкан. Ар бир үйдүн ээси идиштеги канга колун малып, үй-бүлөнүн ар биринин чекесине сүрткөн, белги коюп ырымдаган. Анан эл карысы: «Айланайын, Теңир, айланайын Жер, айланайын Суу! Саат-сабырдан сакта, оору-сыркоодон сакта! Мал-жан аман болсун!» – деп Жаратканга, Жер-Сууга (Жер энеге) сыйынган.
Жер эне. Кыргыз мифтеринде «Жер эне» деген түшүнүк «топурак» дегенге барып такалат.
Мифтик түшүнүк боюнча, адамзат топурактан жасалган, топуракка кирип жатат, топурактан ырыскы алып жашайт деп түшүнүлгөн. Ошого кыргыздар «Жер энени» (топуракты) ыйык деп билет.
Адамзат эненин курсагынан Жер эненин кучагына түшүп, киндик каны топуракка төгүлөт. Кыргыздар киндик кан төгүлгөн жерди ыйык көрөт. Төрөлгөн конушка мүмкүнчүлүгү болсо дайыма оонап турса, дени таза жүрөт деген түшүнүк менен төрөлгөн конушка оонайт. Узаккы сапарга чыкканда туулган жердин топурагынан чымчып алып өзүнө жоро, касиеттүү колдоочу катары алып жүрөт. Туулган жерди жамандабайт, теппейт.
Күнөөсү болсо, кылмыш өткөрсө, «жер сорот» деген түшүнүк болгон. «Карымбайды жер соргон» деген мифтик баянга окшош мифтер айтылып «Жер эненин» ыйык образы жаралган.
Жер энеге алкыш:
«Алас, алас, алас!
Айлуу-Күндүү Теңирим! Сарсанаага салбагын, Саналууга бербегин. Тартышканга салбагын, Талашканга бербегин. Кийимиңе кир жукпасын, Кирпигиңе чаң тийбесин. Белесте атың үркпөсүн, Бешикте балаң коркпосун. Айылыңда кырсык болбосун, Аякта чайың соолбосун! Алтын баштуу Ата Жер,
Эмчек баштуу Эне Жер, Амандыкты улап тур, Эсендикти сурап тур!
Күнгө табынуу. Кыргыздар «Эмне улук?» деген соболго минтип жооп берген:
«Теңир улук, Күн улук, Төбөсү ачык Көк улук,
Жан-жаныбар бүт улук. Жарык улук, от улук.
Ордо күткөн журт улук, Төшү түктүү жер улук, Адам улук, жан улук».
Кыргыздардын жакшы алым-сабак макалы бар:
«Тирүү жандын атасы – Күн,
Энеси – Жер Каны – Суу,
Жаны – Аба».
Ошентип бабалар Күнгө сыйынышкан. Хандын ак ала ордосунун эшиги күн чыгышты карап тигилген. Күн чыкканда ага жүгүнүшкөн. Күнгө акарат кылышкан эмес. Сак доорунда (б.з.ч.) күн баш адамдарды аска бетине тартышкан. Адамдын башы күн болгону – улуу кереметти (символду) айтып турат.
Айга табынуу. Ай болсо малдын көбөйүшүнө, адамдардын тагдырына таасир этет дешкен. Ай жаңырганда, ай нака толгондо жортуулга чыккан же иш камылгасын башташкан.
Кыргыздар ай жаңырганда жүгүнүп, алкыш айтып, минтип сыйынышкан:
«Ай көрдүм, аман көрдүм,
Айдын мунарынан,
Жердин кучагынан,
Жегерлик дан,
Бир кыштык саман көрдүм.
Жесирге – жемиш,
Жөөгө – улоо,
Жалкоого – мээнет,
Жалгызга – эркек,
Иштерманга – кут,
Ушакчыга – уу,
Ак ниетке – туз,
Баарыга кайыл заман көрдүм. Айдан аман,
Жылдан эсен бололу. Келерки ушул күнгө Өсүп-өнүп тололу.
Бакылга – тар,
Бапылга бай ай бол!»
Сууга табынуу. Бабаларыбыз: «Суу – мал-жандын өмүрү адамды тазалайт» дешип ыйык көрүшкөн.
Бул жөнүндө элибизде берегидей накыл айтылат:
«Суу атасы – булак.
Суу, кудукка сыйын, булгаба.
Жер – казына, суу – алтын.
Булактын көзүн ач.
Суу башынан тунат.
Суу жашоонун булагы.
Суулуу жер – бейиштин төрү. Тамчы суу – өмүр азыгы. Суу сыйлаган зор болор, Суу кордогон кор болор.
Агын сууну сабаба,
Аккан сууга түкүрбө, Жаман түшүңдү сууга айт, Суу менен агып кетсин».
Байыртадан берки акылман ырчылар «Аккан суу» жөнүндө ою терең ыр чыгарганы жөн эместир.
Отко табынуу. Кыргыздар арчадан от жагып табынган, аны касиет көргөн. Айрыкча, жазында, жаңы жыл келгенде оттон балдарды секиртишип, жамандыктан тазалашкан. Бекеринен бабаларыбыз От эне – үйдүн ыйыгы, ой, дене, дилди тазартат, оору-сыркоодон колдойт деген. Үй ээси – от агасы, журт ээсин – от башы дешкен. Бейтап адамдарды от менен аластап дарылашкан. Жаңы келинди адеп: «От эне жалгайгөр» – деп отко май чачып жүгүнтүп, отко киргизет. Бабалар очоктон аттабаган, суу төкпөгөн жана түкүрүп, акарат кылбаган. Наристе жаңы төрөлгөндө үйдөн от беришкен эмес. Жолоочуну, ооруп калгандарды, жоодон келгендерди от менен аластаган. Байыркы бабалар жылкыны дарт чалса, Камбар атанын тукумун алоолото жаккан эки оттун ортосунан айдап өткөргөн.
От жамандыкты айдап кетет, кудурети күчтүү, тазартат дешкен. Элде баласыз өткөн ата-эненин «оту, коломтосу өчтү» дешсе, өтө заардуу каргыш айтканда, «отуң өчүп калсын!» деген.
Боз үйдө от жагып отурганда олуя карыя: «Оттун түтүнү бийикке, тогуз кабат Көк Теңирге кетти, ысыгы жети кабат Жер энеге жетти» – деп айтчу. Эл калкалаган От эне деген сөздүн чыгышында жабык сыр, терең ой бар. Ал эми отко байланышкан канча ырым-жырым, накыл сөз, макал-лакап, ыр, тилектер эл ичинде айтылат:
«Отко сыйын,
Отту теппе, шамалды сөкпө.
От дегенден ооз күйбөйт.
Очокту аттаба.
Отту бутуң менен ичкертпе. Отко түкүрбө,
Отту тегеренбе.
Күлгө сийбе.
Отко жакын ыш күйөт, Энеге жакын кыз күйөт.
Намаз шамдан кийин үйдөгү отту талаага алып чыкпа.
От менен суу – тили жок жоо, Оттун күлүн тебелебе, сапырба. Түнү чок алба».
Энесайлык кыргыздар көчмөн уруулардан биринчи болуп оттук ташты таап, тиричиликке колдонушкан. Кыргыздардыкынан бөлөк жерде бул сыяктуу таштар жок дешкен жолоочулар.
Байыркы кыргыздардын чыракты, отту таң атканча өчүрүшпөгөнүнө караганда, анын сыйкырдуу ишеними, ыйык мааниси да болушу ыктымал. Кыргыздардан от жагылган үйгө асмандан кут түшөт дешкен ишеними болгон. Бабалар От энеге алкыш айтышкан:
«Бай сабааны туттурган, Байгер журтту журттаткан.
Улуу сабаа туттурган,
Узун желе буулаткан, Ысык-Көлгө түшүргөн, Киндик кескен От энем. Күкүрт таштын башынан Күркүрөп күйгөн От эне. Күн аяздын жеринен Күбүнүп күйгөн От эне.
Оттун башы обо күл,
Анын байын байлайлык, Отуз эки Ак буркан
Анын жайын жайлайлык».
Тоого табынуу. Бабаларыбыз тоого чыгып, садага чаап, конуп-түнөп анын ээсине тайынышкан. Сактардын доорунда Теңир-Тоодогу «Саймалуу таштагы», Алтайдагы, Аглактагы, Монголиядагы Хайт Ценхер үңкүрүндөгү чийме-сүрөттөр буга күбө. Илгерки санжыраны, оозеки чыгармаларды жана жазма тарыхты изилдесек, кыргыздар Теңир-Тоо, Алай, Алтай, Көгмөн (Саян) тоолоруна тайынышып-сыйынышып, сайраң (майрам) өткөрүшкөн экен. Анткени кыргыздар Алтайды «Алтай-Кудай», ыйык Тоо жана бейиш жер катары көрүшкөн. Ага жетүүнү самашкан. Ала-Тоодон Алтайга, Көгмөнгө нечен күндөп, ат соорулап айлап жол жүрүп келип, аны бир көрүп кетүүнү, сыйынууну сыймык жана парз көрүшкөн бабалар. АлаТоолуктар Алтайды «алты ай» деп жол жүргөн күндүн санагы катары жорубастан, «Алтын ай» деп, алтындуу аймак катары, жердин соорусу деп эсептешкен. Алтайды эңсеген нечен ырлар, дастандар, күүлөр чыгарылган.
Теңирчилик дининде кыргыздар Улуу Тоо ыйык дешип, аны ниет-тилектин, акылмандыктын, сулуулуктун туу чокусу катары ардакташкан. Кыргызда бакшылык доорунан берки нур сөз бар: «Улуу тоого чыккан барбы, улар үнүн уккан барбы?» Бул максатына жеткендердин рухий дүйнөсү таза жана ыйык болушканын далилдейт.
Байыркы бабалар булут баскан Улуу Тоого сыйынышкан. Асман тиреген ак карлуу чокусун аскар тоолордун ээси дешкен. Ар бир уруунун бакшылары эзелтен Улуу Тоого устаты менен кошо чыгып, ага жасаган дабын көрсөтүп, чимирилте кагып, ак чачып, арча күйгүзүп, аластап табынып, сындан өтүшкөн.
Улуу тоого чыккан кыргыздар малга-жанга жана элге жакшылык, ынтымак, ыйман, береке, өмүр жана бейпилчилик тилеген. «Тилесең тилек кабыл келет» дегенди айтып келишкен.
Бабаларыбыз улуу инсандарынын сөөктөрүн, кабырын кыл чокуга, тоо бетине коюшкан. Байыркылар өздөрү колдоочуларынын, пирлеринин, ыйык туткандарынын элесин, кыймыл-аракетин ташка чегишкен. Тоого канчалык көп сыйынышса, ошончолук жакшылык берет деп ишенишкен. Тоо жөнүндө өтө кооз уламыштар менен болумуштарды чыгарган. Тоонун касиетин билгендер ыйык тоонун жан-жаныбарларына аңчылык жасашкан эмес, а тургай анын жанынан кыйкырбай, сөгүнбөй, кобурабай өтүшкөн.
Көлгө табынуу. Табиятка жана анын кубулуштарына сыйынуу – бул элдин суу жүрөктүгүнөн же мажүрөөлүгүнөн чыккан эмес. Муну кыргыздар адамдын денеси менен санаа-дээрин тазартуунун жолу жана айлана-чөйрө менен эриш-аркак, шайкеш жашоо деп билишкен. Теңирге сыйынган ыкласмандар, диниятчылар, бакшылар сүкүт салуунун ырахат-лаззатын, андан кандай кудурет – илеп мээр аларын байыртадан мыкты билишкен. Биздин бабаларыбыз кооз, күч бере турган касиеттүү жерди тандаганды, табият сулуулугун билген, ошону менен коюндаш жашаган. Жер көркүн көл ачат дешкен. Эзелтеден көлдөрдү ыйык көрүшкөн жана алар жөнүндө сонун уламыш, ырларды жаратышкан. Кыргыздар ак кууларга окшош көлсүз жашай алышкан эмес. Алар сулуу өзөн, ажайып тоолор, оолуккан шар сууларды, кыйма-чийме адыр тоолор, тунук көлдөрдү бойлой жашаган. Көлдөрүнө кооз аттарды беришкен. Мынакей байыртадан бери бабалардын байырлаган көлдөрүнүн аттары: Алтын көл, Кыргыз нуру, Кыргыз көл, Айдың көл, Бай көл, Сүт көл, Сонор көл, Көкөндөр, Кыз көл, Аян көл, Ала көл, Көк көл, Жылуу көл, Ак көл, Ыйык көл, Аксүт көл, Ысык көл, Соң көл, Чатыр көл, Сары-Челек ж.б.
Дагы эмнеге табынган? Кыргыздардын теңирчилик дининин негизги вазийпасы табиятты ыйык көрүп, ага сыйынуу болуп эсептелет. Алардын сыйырга, кирпиге, сагызганга, бүркүткө, арчага, ак кайыңга сыйынганын чет элдик саякатчылар айтып кетишкен. Бул сыйынуулар эң эски, теңирчиликке чейин деле өздөрү сырын билбес жаратылышка сыйынуунун доорунан бери келаткан болушу да ыктымал.
Кыргыздар ошондой эле жылдызды, чагылганды, куюнду, жамгырды, булакты, көлдү, арашанды, арчаны, чычырканакты, мажүрүм талды, ит мурунду, кайыңды, шаркыратманы ж.б. табият кубулуштарын, ажайып кооз жайларды жана дарактарды касиеттүү деп эсептешкен. Ошол ар бир мазарга табынуунун ырааты, айтар ниет-тилек сөздөрү, алкоолору, жол-жобосу болгон.
Кыргыздар жер-сууга, жаңы туулган айга, жаратылыштын кубулуштарына, көрүнүштөрүнө, түрлөрүнө жана жан-жаныбарга байланыштуу пирлерди аздектешкен.
Ата-бабанын арбагы. Ата-бабанын арбагына таюу кыргыз рухунун баштапкы түшүнүктөрүнүн бирөө эсептелет.
Кыргыздардын мифтик түшүнүгүндө адам өлгөн менен анын арбагы ошол эле боюнча калат. Ал арбак ошол адамдын сөөгү коюлган чөйрөдө жүрөт. Ал урпактарынын, туугандарынын тиричилигине көз салат, билип турат. Арбакка тайынса анын атына атап «түлөө чалса» арбак ар дайым колдоого даяр турат деген ишеним болгон.
Арбакка таюу, аны ыйык билүү кыргыздарда тээ мифтик доордо, атап айтканда, айбандарга тотемдик сыйынган доордон башталса керек. Себеби кыргыздар көрүстөн дөргө кулжа, бугу сыяктуу ыйык жаныбарлардын мүйүзүн коюшкан. Бул ата-бабанын арбагын ыйык тутунуп тайыганын күбөлөйт.
Кыргыз мифтеринде ата-бабанын арбактары бала-бакыраларын, кийинки урпактарын колдоп, аларды кырсыктан жылоолоп чыккандыгы жөнүндө баяндар айтылат. Алар жөнүндө наристе элестетилген көркөм адабияттар жаралган. Ата-бабанын арбагына табынуу мифтик түшүнүктүн наристе элестетүүсү менен көркөм адабиятка көтөрүлгөн түрүн «Манас» эпосунан ырааттуу жолуктурабыз.
«Манас» эпосунда Манастан кийинки кырк төрт баатыр жоого аттанганда, кандайдыр бир оор абалга кабылганда Манастын күмбөзүнө түлөө өткөрүп, арбагына тайыган. Манастын арбагы аларды колдоого алган. Айтылган бул эпостон улам кийинки урпактары Манасты баш кылып, ата-бабаларынын арбактарына дайыма кайрылып турган. Арбактар да аларды оор абалдан куткарып, кырсыктан сактаганы баяндалат.
Ата-бабанын арбагы колдоого алганы кыргыз түшүнүг үндө эки түрдүү эсептелет. Биринчи түрү, арбагын чакырса, арман кылып эсине алса, ашкере көрүнүп келип колдоого алат деп элестеткен.
Демек, кыргыз рухунда ата-бабанын арбагына таюу, сыйынуу, андан көмөк күтүү абдан кенен орун алган. Ошого кыргыздардын мифтик баяндарында «ата-бабанын арбагы» жөнүндөгү көркөм элестетүүлөр арбын кезигет.
Пирлер.
Адам Ата (Кудай, Алла Таала) – адамзат пири.
Көкө Теңир – асмандын, Көктүн пири.
Күн Теңир – Күндүн пири.
Жер эне – жердин пири.
Кыргыз ата – кыргыз элинин пири.
Умай эне – аялзаттын, наристенин, молчулуктун пири.
Калкаман – элдин пири.
Элеман – журттун пири.
Кыдыр ата – (Кызыр ата, Жылаңач Ыйык, Ак Кудай) – адамды колдоочу, жөлөөчү, бакыт-таалай бере турган жакшылыктын, бейпилдиктин, жолду ачуунун пири.
Малабай – малдын пири.
Ай эне (Ай Теңири) – Айдын пири.
Үркөр ата (Жылдыз Теңири) – жылдыз пири.
Тоо Теңири (Көйкап) – тоонун пири.
Жел кайып (Айдар) – шамалдын пири.
Дөөлөт куш ( Кыдыр Илияс) – бакыттын пири.
Күлдүр ата (Чагылган, Адам Тотой) – булут, жамгырдын пири.
Очок эне (От эне) – оттун пири.
Секелек сары кыз (Асан шайыр) – сүйүүнүн пири.
Ак Тайлак (Коркут) – бакшылыктын пири.
Имам-мазам – соодагерликтин пири.
Баба-дыйкан (Боз кептер) – эгиндин, дандын пири.
Кырк-чилтен (Кырк чоро) – жоокерчиликтин, эр азаматтын пири.
Шайык баба (Бакай ата) – акылмандыктын пири.
Өтүкан (Тастар ата) – тоонун пири.
Сулайман (Сувай, Мүрөк суу, Бай эне, Сустай хан) – суунун пири.
Камбаркан – күүнүн, үндүн пири.
Ак бугу – намыстын, темирдин пири.
Асан Кайгы – боорукерликтин пири.
Байтерек (Чынар) – дарактын пири.
Аяз ата (Чилде баба) – сууктун пири.
Жез тырмак (Желмогуз, Зыяндаш) – жамандыктын, кара ниеттиктин пири.
Кырдач – чилденин пири.
Бүбү Батма – ыр-күүнүн пири.
Ордо кыз – оюндун пири.
Куланчы (Шаңгыр бий) – аңчылыктын пири.
Дөөтү ата – устачылыктын, темирдин пири.
Ак байбиче – кайберендин пири.
Шамерден (Шахимерген) – жигиттин пири.
Шаймерден – жыландын пири.
Коросон ата – эмчиликтин, оору-сыркоонун пири.
Эрлик хан (Жердик кан) – Кара жердин астындагы, төмөнкү дүйнөнүн, жаманчылыктын пири.
Алп кара куш (Буудайык, Чегир баян) – куштун пири.
Тулпар (Дулдул, Желмаян) – күлүктүн пири.
Какчеке (Карачеке) – чүкө, оюндун пири.
Зеңги баба (Зеңги ата, Ай мүйүз, Үзөңгү баба) – уйдун пири.
Чие ата – чычкандын пири.
Чолпон ата (Кербе хан) – койдун пири.
Кумайык (Кувагыш, Сырттан) – иттин пири.
Камбар ата – жылкынын пири.
Ойсул ата (Желмаян) – төөнүн пири.
Жоломан – жолдун пири.
Каным бий – токойдун пири.
Кара чаян – курттун пири.
Черте баян – чиркейдин пири.
Кумпа баян – кумурсканын пири.
Солтон мерген – суурдун пири.
Ак мүйүз – топоздун пири.
Кайберен – кийиктин пири. Куланчы – аңдын пири.
Улукман – табияттын пири.
Ибрагим Халилулла – там, топурактын пири.
Пери – сулуулуктун пири.
Чегир баян (Чекир баян) – чымчыктардын пири.
Чоюн кулак – жаман жосундун пири.
Жылаңач ыйык – эрдиктин, кыйынчылыктын пири.
Шыйпаң ата (Чычаң ата, Шыгыр) – эчкинин пири.
Дулдул (Желмаян, Шүдүңгүт) – күлүктүн пири.
Сук – ач көздүн пири.
Баян жабыр – жырткычтын пири.
ТАШТАГЫ БАЙЫРКЫ ЖАЗУУЛАР
Байыркы бабаларыбыз ташты жазма китеби сыяктуу асемдеп ардакташкан, сонун оймо-чийүүлөрүн, сүрөттөрүн жана эң кымбат асыл сөздөрүн, акыркы керээз, кошокторун, муңун ташка ыр сымал чегишкен. Байыркы ырларын, насааттарын, осуяттарын, санжырасын жана керээзин ташка чегишкен бабалар таш бетинен эч убакта өчпөйт, түбөлүк калат дешкен экен, алардын чеккен жазуу, сүрөттөрү он беш кылымдан бери өчпөй келатат. Жазуулар бар таштарды көрүстөндөргө, киши буту тепсебеген таза жерге, бийик чокуларга, чек арага, жол боюна коюшкан. Тирүү урпактар түп атаны, жети атасын билсин, насаат-керээзин уксун, эсине сактасын, өзүнүн адамдык вазийпасын түшүнсүн деген кудурет-күчтөн уюган ташчакырык эмеспи.
Балбал таштар бир учурда улуу инсандарга коюлган эстелик гана болбостон, ошол элдин жер аймагынын чеги да, географиялык картасы да, жолу да болуп калган.
Жазуусу болгон бабаларыбыз Ала-Тоодо, Энесай боюнда, Алтайда, Орхондо (Монголияда) тарыхта изин, маданий мурастарын калтырышкан. Азыр Батыш Сибирдин талаа-түзүндө кыргыздар жөнүндө жазылган 120 таш (моло), Монголияда 200дөн ашуун балбал таш эстелиги жатат. Ошобереги кыргыздардын калтырган таштагы эзелки эстеликтери бүгүнкү заманда элибиздин байыркы тарыхын муңдуу ырдап турат.
Байыркы бабалардын улут катары калыптанышы, алгачкы күчтүү хан ордосун күткөн жери жана эне тилинин сөз уюткусу Саян-Алтай болгон.
Балбал таштар. Байыркы көчмөн кыргыздар көрүстөндөргө таш эстеликти Алтай, Энесай, Орхонго чейин коюшкан. Ала-Тоодон башталып, Монголияга чейин созулган бейиттерди жергиликтүү хакас, алтай, тува элдери атам замандан бери бир ооздон «Кыргыз хур» («Кыргыз көрүстөндөрү») деп аташат.
Монгол элинин эски бир аңызы (мифи) бар. Кылымдардын бир кылымында, жылдардын бир жылдарында, илгери бир заманда дөө адамдар жашаган экен. Бу дөөлөр да картайып, а дүйнө кетчү экен. Алар өлгөндө таштар менен көмгөн, салт ошондой. Көрүстөндөрдүн таштары обо болуп калган. Мына ушул «Кыргыз хуру» деп аталган. Ошол дөөлөрдөн кийин адамдар улам майдаланып келатат…
Чын эле Монголиядагы «Кыргыз хуру» айрыкча тоолордо, ашууларда, тоо этектеринде тегерете таш менен курчалган. Ал эми Хакасияда бийик бугу таштары менен тосулган. Балбал таш эстеликтерин алыстан караганда очоюп отурган кемпир сыяктанат. Ага жакын келгенде гана анын касиетин, сырын түшүнөсүң, өмүр, өлүм, мезгил, бабалар жөнүндө ойго батасың.
Кыргыздардын таш эстелиги б.з.ч. доордон башталып, бешинчи кылымдарда өнүккөн. Балбал таштар – кыргыздардын алгачкы айкели. Эстеликтер эзелки бабалардын акыл-эсинен, чыгармачылыгынан, өнөрүнөн кабар берет. Көчмөн доордогу өздөрүнүн жашоо-тиричилигин, салтын, жоокерчилигин жана кошуна элдердин турмушун, маданиятын баяндайт. Буркан таштарда аялзатынын да кебетеси чегилген.
Айкелчилер негизги кудайлардын бири, төлдүн жана түшүмчүлүктүн кудайы, аялзаттын колдоочусу Умай эненин элесин ар түрдүү чеге билишкен. Аны караганда ойчул, сабырдуу жана боорукер эненин жүзү көзгө урунат. Эстеликтер ар түркүн, айрым балбал таштарда мурутчан адамдын сол колуна курал, оң колуна идиш алган, же эки колуна тең идиш кармаган, же куш, күзгү, музыкалык аспап алган эстеликтерди көрөбүз. Кээсинин чачы артына өрүлгөн, кулагында сөйкө, мойнунда мончок, баштарында топу, ак калпак, тебетей, туулга кийген, бел куруна канжар, кылыч, баштык, оттук байланган адети бар. Байыркы кыргыздар баш кийими менен кемер куруна өтө маани беришкендей, бу жасалгасына карата эл ичиндеги баркы билинет.
Негизинен, балбал таштар IX кылымдарда көбүрөөк курулган, божомолдо Минусинск өрөөнүндө жоо майканы улам алмашып, эл көп кырылган түрү бар. Бу кылымдарда кыргыздардын таш айкелдери башкаларга караганда арбын.
Энесайдан кээ бир башы жок моло таш бедиздерди жолуктурасың. Эмне үчүн деген суроо туулат. Божомолго караганда, бу аймакта Теңирчилик, бакшылык диндерди жек көргөн башка диндердин адамдарынын колунан келген, өч алганы болуш керек. Мындай божомолду тарыхчылар да айтышат.
Жазуулар баяны. Энесайдагы таш эстеликтер каганга, эл башчысына, баш вазирге, аскер башчыларына, баатырларга, элчилерге жана байларга гана тургузулган, төбөлдөрдүн көрүстөндөрү бийик таш тосмолор менен курчалган. Кыргыздар өзгөчө баалуу казынаны бейитке өтө асемдеп бекитишкен.
Энесайдагы таш жазуулардын мазмуну V–ХII кылымдарда жашаган кыргыздын саясий-социалдык турмушунан жана рухий маданиятынан кабар берет. Андагы жазууларда акылмандары кара журтунан айрылганынан, Теңирге, Күнгө сыйынганынан, элине ак кызмат өтөгөнүнөн, кырк жыл мамлекеттик төрө болгонунан, тышкы жоону кантип жеңгенинен жана өлкөнүн, хан бийлигинин кандайча кулагандарынан кабар айтат да, келечекте бириккиле, алданбагыла деп үгүт жүргүзүшөт. Баатырдын согушканын, жоого жалтанбай киргенин, майданда мыкты эрлери жанында болгонун, арманын, калың жоо менен кармашканын, кол башчысы өлтүрүлгөнүн, жети, элүү тогуз, жетимиш эрди өлтүргөнүн, минген атына ыраазы болгонун айтышат. Көпчүлүгү жер, суудан, журтуна, күндөн, курдаштан, туугандан, уулдан, канышадан, жеңеден, жарак-жабдыктан ажыраганына кейиген. Ал эми ач көзүрөөктөрү алтындан, ээр-токумдан, малынан, жылкыдан, бийликтен ажыраганын жаздырган.
Энесай кыргыздарында таштагы жазууларды карап туруп, андагы адамдардын кайсы кылымга таандык экенин, таржымалын, кары-жашын, даража-наамын же байлыгын жоруп билсе болот.
Ташка чегилген улуулар. Түштүк Сибирде табылган таш эстеликтерде руна сымал жазуу менен мына бул адамдардын ташка аты чегилген: Култудун, Текеш, Алтын тамган, тархан Жалсака бек, Күлчүр, Таган, Элтууган тутук, Жаш Акбаш, Күч Кыяган, Йигин алп, Туран, Күнү Тирик, Күлүк Чур, Ток Бөгүт, Төр Апа, Билге Чикшен, Элчи Чур, Күчтүү Барс, Улуг Шад, Кул Тутук, Жарык
Тегин, Беле Тугма, Алп Урул, Ынаң Уграч, Удур Чигши Ур, Эрен Улуг, Эсин, Алту, Шайтун Тархан, Карсхан, Сабык-Басар, Эзгене, Өкдеминал, Анар Шубуш, Күмүл Уге, Аза Тутук, Алп Көкшин, Төлөш билге, Акбаш, Ынал Өге, Этрүк, Күлүк Йиге, Тоглук Хан, Кара жаш, Багыр ж.б.
Ал эми ошол доордогу Түштүк Сибирдеги табылганы Таластын эстеликтериндеги хандар менен баатырлардын, төбөлдөрдүн аттары менен салыштырсак, бирдей окшош чыгат. Мынабу Талас эстеликтериндеги ысымдар: Удун, Кара Барс, Огул Барс, Кара Чур, Туган, Огом, Шаа, БекЧур, Чур, Өзин, Кутлуг, Агын-Чур, Кыяган, Агул, Кара Йазмаз, Күч Өге, Кулуг, Кый, Эл Тууган тутук, Тум Кула, Тучайан, Умач, Илбилге Катун ж.б. Талас өрөөнүндө жыйырмадан ашык руна жазуулары табылды. Мобереги Энесай кыргыздарындагы аттарда «Чур» деген сөз, бизче «хан», «бек», «төрө» деген ардак наамды билдирет.
Ураан. Тирүүлөргө кайрылган сөздөр таш мамыга чегилген: «Түрк бектери, түрк элим бу каганыңдан, бу бектериңден, жериңден, сууңдан айрылбасаң, түрк эли, ошондо өзүң жакшы жашайсың, үйүңдө болосуң, муңсуз бо лосуң!»
«Бектери, эли түзсүздүгү үчүн табгач элинин бузукулугунан, азгырганы үчүн ага-инини кайраштырганы үчүн, бектүү элди жоолаштырганы үчүн, түрк калкынын элдүүлүгүнүн биримдиги үчүн учуп кетти…»
Бедизчи. Кыргыздардын айкелдерин өтө чебер уста, Теңирге сыйынган, ар түркүн эл-жерди кыдырып, маданиятын көрүп-билип келген, кытай, түрк, уйгур жазмасын билген таланттуу адамдар жасашкан. Бедизчилер таштардын түрлөрүн: борпоңун, катуусун, кайсынысы кандай жарыларын, канча жылга чыдарын ажыраткан жана аны чебер иштете билген. Алар таштарды букар таш, балбал таш, моло таш, сын таш, соку таш, шумкар таш ж.б. деп бөлүшкөн. Айрымдары таштагы жазуулардын алдына өз ысымдарын чегип коюшкан.
Эстеликке коюлган ар түрдүү таштар өтө алыстан, айрымдары жыйырма, жүз чакырым жерлерден ташылып келинген. А дегенде улуу тоолордон түзөңгө түшүрүлүп, анан төөлөргө, өгүздөргө кышында сүйрөтүп, жайкысын карагай устундун үстүнөн тоголотуп отуруп, мерчемдүү жерге жеткиришкен.
Кыргыздардын жакут таштары болгон. Ал түнү жарык берип тургандыктан кыргыздар чырак ордуна урунган. Жакутту көчмөн уруулардын ичинен кыргыздар гана таба алышкан. Ага кызыккан элдер көп болгон, БатышЧыгышка кыргыздар жакутту кымбат сатышкан.
Байыркы жазмабыз болгон. Байыркы кыргыздар б.з.ч. доордо сактар сыяктуу Талас жана Орхон жазууларын сүрөт (пиктографиялык) жазууларын урунган. «Саймалуу таш» жана Монголиядагы Аршан-Хад тоосундагы, Алтайдагы Аглакты тоосундагы таш бетиндеги жазуу-чиймелер муну ачык далилдеп турат.
Кыргыздардын сүрөт-поэмалары улуттук бедерлүү (орнамент) өнөрү, бедерлүү өнөрдөн эн тамга (идиографиялык) жазуулар пайда болду. Ар бир эн тамганын жаралышы узак мезгилди камтыды жана далай мээнетти талап кылды. Нечен сырларды ичине катты.
Кыргыздардын уламыштарында мурдагы доордо таштагы сүрөттөрдү шар окуган адамдар болгон экен.
Эн тамга. Элдин санжырасында айтылгандай, адегенде сак, хун доорунда эле кыргыздардын хандарынын, бектеринин, байларынын, уруктарынын, урууларынын жеке эн тамгалары болгон. Бара-бара Энесай доорунда эн белги (тамганы) Орто Азия жана Сибирдин кыргыздарынын уруулары түгөл күткөн. Эн белги, төрт түлүк малдын кулагына, санына басылган. Бабалар уулдарына энчи бөлүп берсе, энин кошо ыйгарган. Малга коюлган эн белгилер мындайча: шара тилик эн, жырык эн, сырга эн, тешик эн, бакан эн, чолок эн, оюк эн ж.б.
Кыргыз урууларынын тамгасы биротоло калыптанганда береги эн белгилер тамга атына көчкөн.
Энесайдагы Кемчик-Жаргактагы табылган таш жазма Иола Бага наамына жеткен эр бабанын ташындагы жазмада: «… Алты жүз тамгалуу атым бар эле» – деп айтылган.
Каган энчиси. Байыркы кыргыз санжырасында каган ар бир урууга эн белгини (мөөр, касиет белгини), ураанды, сыйынар дарагын, сапар кушун энчи бергендей өзү бөлүштүргөн. Айтсак, басыз уруусунун эн белгиси керки тамга, кылыч тамга, дөөлөстөрдүкү, солтонуку, саруунуку ай тамга, кош тамга, мундуздардыкы кырк тамга, ача тамга, ичкиликтердики (каңгылардыкы) орок тамга, чоң багыштыкы үч тамга, кош тамга, бугу, азык, черик, солто, карабагыш, моңолдор, сарыбагыш, баргыныкы жагалмай тамга, саяктыкы кайчы тамга, сол канаттыкы кашка таман тамга, кушчунуку күн тамга, жедигердики кылыч тамга, кыпчактардыкы алип, кош алип тамга, аваттардыкы босого тамга ж.б. болуп кете берген.
Мындан башка кыргыз урууларынын тамгасында кез тамга, бакан тамга, тарак тамга, тумар тамга, аркар тамга, көсөө тамга, найза тамга, ок тамга, балта тамга, кош сызык тамга, жебе тамга, саадак тамга ж.б. тамгалар болгону да аңыздарда, уламыштарда оозеки чыгармаларда жана санжырада айтылган.
Ыйык тамгалар. Кыргыздар өздөрү сыйынган кудурет ээсине Умай энеге – жагалмай тамга, Күнгө – дөңгөлөк тамга, Заңги бабага өгүз тамга жана башкаларга окшоштуруп ыйык тамгаларды чыгарган. Буга мисалды «Саймалуу таштан» келтирсек болот. Тамгалар мазар тоолордун таштарына, сыйынуу үйүнө, балбал таштарга асемдеп чегилген. Булар бабалардын пирлерге, ыйыктарга сакралдык (символдук) белги, тамга ыйгарганын далилдеп турат.
Байыркы бабалар бир кезде төрт жакка созулган Күн жолу деп аталган крест (чачылма) эн тамгасын күтүшкөн. Бул тамганын кооздугуна же маани-маңызына суктанышканбы, айтор, батышчылар кийин ага символдук улуу сөөлөт беришип, сыйынып-чокунуп калышты.
Ар бир эн тамга айрыкча жылкы менен төөдөн башка малдарга, таш эстеликтерге, элчилик каттарга, келишимге, жоокерлердин ат жабдыктарына, желектерге, чек арадагы белги таштарга, балбалдарга, жыгачка мөөр катары басылган. Эн тамга басылган жыгач аманат кат алыс жакка кабарга жөнөтүлгөн.
Кыргыздардын ар кайсы өлкөдөн, Кытайдан, Тибеттен окуп келген зирек адамдары өздөрүнүн улуттук жазуусун табууну ойлошкон. Алар өз доорунун алдыңкы аң-сезимдүү, сабаттуу атуулдары жана үгүтчүлөрү болушкан.
Байыркы бабаларыбыз алгачкы тамгаларды, жазууларды кайдан алды, кимден үйрөндү деген собол болору бышык.
Рун тарыхы. Руна сымал жазуунун кыргыздарга жетишинин тарыхы деле узун жомок. Окумуштуулардын божомолдоосунда Арамей жазуусу адегенде ташка чегилип, жыгачка оюлуп, Скандинавия өлкөлөрүндө, анан Швеция, Норвегия жана Германияга, Батышка тараган. Андан Орто Азиядагы согдулуктарга, андан Таластагы кыргыздарга жеткен. Байыртадан эле, тактап айтканда, согдулар, он эки эли, бухарлыктар, түргөштөр, кыргыздар Орто Азияда, Теңир-Тоодогу аймакта шаарлары канатташ, жамакташ болгондуктан катташып жашаган.
Скандинавия жана Батыш өлкөлөрү колдонгон руна жазуулар ар өлкөдө башка-башка мааниде, ыйык символдук касиетти жана сырдуу түшүнүктү берген. Байыркы аңыздарды кучагына камтыган. Кээ бир тамгалардын аты аңыздардагы кудай-пирлердин аты менен аталган. Рунаны батыштын көптөгөн өлкөлөрү пайдаланган. Руна мистикалык, акылмандык, сыйкырдык, алдын ала айтуу чулук, төлгөчүлүк, дарыгерлик, каргыштын, көзү ачыктын милдеттерин аткарат деп түшүнүшкөн. Байыркы Скандинавиялык 24 футарканын ичиндеги рундарга берилген мааниси боюнча аттары: кудайларга байланыштуу – «кудай», «дарыянын кошулушу», адамдарга жана жашоосуна байланыштуусу – «мал», «жол», «шам», «белек», «даңк», «кубаныч», «ат», «там», «адам», «жайлоо», «түшүм», «жер», «мурас», табиятка байланыштуусу – «мөндүр», «муз», «күн», «кайың», «суу» ж.б. кете берет. Андан башка эски Скандинавия, байыркы герман тилинде рундардын өзүнчө аттары бар. Рундар менен ырлар жазылган.
Негизинен, кыргыз тамгасы менен батыш руна тамгалары бири-бири менен бардык жагынан дал келип байланышкан.
«Рун» сөзүнүн байыркы түп мааниси түндүк-батышта «шыбыроо» деп берилсе, ирландиялыктарча «купуя сыр», «жабык» деген маанини берет. Ал эми руна тамгаларын жазган, окуган адамды акылман, сыйкырчы, касиеттүү дешкен. Ал тургай тамгасы менен жазылган нерсе да ыйык, сыйкырдуу деп ардакталган.
Байыркы Скандинавия аңызында кээ бир кудайлардын өздөрүнө байланыштуу мистикалык руналары болгон. Аларга ыйык катары, улуу күч катары кайрылып сыйынышкан.
Бийликтин, акылмандыктын, сыйкырлыктын, согуштун пири Один жөнүндө Скандинавия – Герман мифол огиясында кеңири баян айтылат. Один тамгасы – «ансуз» – F.
«Ансуз» – (один) ыйык рунанын бири, аңызда токтоолуктун руну, жолго чыккандар акыйкаттыкка, бейпилдикке кабылат. Бул руна акылмандыкка жол тапканга, эргүүгө жана сабап зикир чалууга (экстазга) жардам берет. Акылга жол ачат. Ал эми ушу «ансуз» рунасы ба йыркы кыргыздын «к» тамгасынын ордуна жүрөт.
Дагы бир тамганын таржымалы: «опила» – («Мурас») тамгасы аңыздар боюнча ыйык рундардын бири, байланышка жол ачат, ааламдын борбору, үй-бүлөнү колдойт, тазалыкка чакырат. «Опила» руну бабалардын байыркы жазуусундагы «Б» тамганын бир түрү болуп калган.
Футарка тамгасында «Манас» деген руна бар. Рунанын жазылышынын эки белгиси болгон. Анын маани-маңызы – адам жана адамзаттын орду.
«Манас» – ыйык түшүнүк. Бул рундун сабагы, керемет (символдук) белгиси жана сыйкырдуу жылдызы башка рундардан айырмаланат. Ойчулдук багытта – «Манас» өлүм менен адамдын (микрокосмос) байланышын баяндайт.
Рунда адам дүйнөнүн борбору болуп калат. Мындан Кудай нурунун учкуну бардык адамда бар деген түшүнүктү берет. Ар адамдын колдоочусу, бир бирине милдети жана өз ара жоопкерчилиги болот. Бул рун адамга күч-кубат берген, рухун жашарткан, акыл жолдорун айткан жана жашоосуна төлгө да болгон белги.
«Ат» деген наамды алып жүргөн «Манас» рухунун ордуна бабалар негедир «М» (ЛТ) тамгасын алышкан экен.
Мына ушул байыркы Скандинавия руналарынын көбү – мистикалык, көз боочулук, сырдуу касиеттерге ээ болгон. Руналардын мааниси аңыз, уламыш, теология, сыйкыр менен байланышкан. Рундардын авторлору (чыгарып урунгандардын) көзү ачылган, элдик салтты, оозеки чыгармачылыкты, аңызды, бакшылыкты билген таланттуу адамдар болгон.
Орто Азияда арамей-согду жазууларына кыргыздар кызыкты. Ал убакта Орто Азияга кеңири тараган башка кытай, перси жазмалары болсо да тенирчилик динге дилин койгон кыргыздар скандинавиялык рунду жактырышты. Алардын байыркы сүрөт (пиктографиялык) жазууларга, улуттук эн тамгаларга, бедерлүү (орнаменттүү) өнөрдүн оймо-чиймелерине үндөшкөнү жана айрым аталыштарынын окшош болгону кыргыздарды өзүнө тартса керек.
Байыркы доордун кыргыз бедизчилери, билимдүүлөрү жана бакшылары кыргыздардын тамгаларына да руна сыяктуу аңыздык түшүнүктөгү сырдуу жана касиеттүү, ыйык маанини, аттарды беришкен.
Рундун пайда болушу. Тагдыр-ырыскысы ушу экен, кыргыздын пешенесине V–VI кылымдарда Борбордук Азияда көчмөн элдердин ичинен биринчилерден болуп өз жазуусу пайда болгон. Божомолдордо рун сымал кыргыз жазмасы элден мурда Таласта конуш тапты. Муну дүйнөгө белгилүү окумуштуулар далилдешкен. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, алар тамгаларын, байыркы чийме-сүрөттөрдү, бедерлерди руна сымал тамгаларын турмуштук чындыктан алышкан. Айтсак, i (и) тамгасын жаанын жебесинен улам «ок» деп окушкан. Боз үйдүн сүлдөрүнө окшогон «Л» тамгасын «эп» деп, «үй» деп окуган экен.
Бабаларыбыз «Теңир» деген ыйык сөздү мобинтип жазган: r Ү У h
Кыргыз деген мобундай жазылган: r Y Ч У h
«Кыргыздардын санжырасында, эң биринчи таш бетине түшүрулгөн 40 тамганы «бака бут» (бакот, кытайча жазмада – ред) тамгалар дешкен. Окумуштуулардын баяндоосунда, байыркы кыргыздардын Талас, Орхон-Энесай жазуусунда кыргыз урууларынын 15 тамгасы кирген дешет. Бул эсеп аздык кылат.
Окумуштуулардын ойлору. Адис окумуштуулар Энесайдагы жазуу эстеликтерине Таластагы ташка жазылган жазуулар өтө окшоштугун тастыкташты. Элден мурда пайда болгон Энесай жазуулары Орхон жазууларынан бөлөкчө тамгалары, чиймеси менен айырмаланат. Алар жазуу усулу боюнча Алтай же Жети-Суу жазууларына окшош.
Байыркы Скандинавиянын жана Батыш өлкөлөрүнүн руна чегилген таштары, андагы жазуусу жана чечмелеген сыры кыргыздардын илгерки балбал таштары, жазмалары менен окшошуп турат. Чындыгында эле VI–ХII кылымдардагы Теңир-Тоодогу, Таластагы, Энесайдагы, Алтайдагы, Монголиядагы кыргыздардын балбалы жана андагы жазуусу Борбордук Азиядагы элдердин ичинде учурунда сырдуу, табышмактуу жазма болуп саналган.
Байыркы заманда кагаз өтө таңсык болгон соң, жыгачта оюлган мөөр, белги, кайың кабыгына жазылган кат, ырлар, керээз ар үйдө ыйык кут, төлгө, тумар сыңары куп сакталган. Ыйык тамгалар жоокер куралдарына, асыл буюмдарга, желек, асабаларга, ат жабдыктарына жазылган. Кыргыз каганы Кытайдан алтындан кымбатка келген жибекке ишеним кат жазып, кошуна урууларга, элдерге жана ыраакы өлкөлөргө жиберген. Көбүнесе, кыргыз каттарына кытай тилиндеги котормосу кошо тиркелген. Бакшылар өтөмөнчө балбал таштардагы жазууларды ыйык дешкен, байыркы тамгаларды даптарга, кийимдерине, музыкалык аспаптарына, таягына жабыштырып же жазып жүрүшкөн.
Байыркы бабалардын рухий маданияты, мурастары, жорук-жоосуну жана жол-жобосу биздин доорго XX кылымдын муунуна абалкыдай жетпеген. Болжолдо, байыркы бабалар Энесай жазууларын жалпы элдин жапырт билишине кызыкпаган көрүнөт. Көптүн ичинен журт башкарган каган кеңешчилери, кол башчылары, элчилери, уруу башчылары сыяктуу ак сөөктөрү, бакшылары, бедизчилери билсе жетиштүү деп камаарабаган. Бул алардын баскынчы жолго түшпөгөнүн жана агартуучулук тажрыйбанын жоктугун айтып турат. Кыргыздарга эң негизгиси – каза тапкан кагандарга же баатырдын көрүстөнүнө балбал турса, таш бетинде жазуу чегилип калса болду, анын аты Теңирчиликте түбөлүккө сакталып калды дешип, бек ынанышкан экен. Бул куру дымак кыргыздын эл башчысынын, эң акылмандарынын жана бакшыларынын чоң кайгылуу жоготуусу, жаңылыштыгы эле.
Рунду ким тапкан. Муну катардагы эле киши ойлоп табалмак эмес. Көчмөндүк турмушта жебе атышты, атка миништи, согуш өнөрүн, оюнду үйрөнсө болмок. Түбү терге, учу кылымга сиңген улуттун аңызын, сүрөт жазмаларын, эн тамгаларын, бедерлүү өнөрүн түшүргөн, динине ишенген рухий маданияты бай, билимдүү адам гана өз элинин тамгасын чыгара алмак.
Кээ бир изилдөөчүлөрдүн божомолунда кыргыздын руна сымал жазмаларын, тамгаларын алгач ойлоп тапкан жана ташка чеккен адамдын бири «Бөлөкбай билгич», «Бөлөкбай бедизчи», «Бөлөкбай төкөр уста» деген киши болгон. Анын ысымы элдик оозеки чыгармачылыкта да, санжырада да эскерилет.
Энесайлык кыргыздардын доорундагы бедизге тамга чеккен уста Чаңшы (билги), Шогур деген атактуу чебер кара усталар-бакшылар болгон. Алардын ысымдары Энесайдагы, Алтайдагы, Орхондогу балбал таштардын бетинде чегилүү калган.
Бөлөкбай төкөр устанын бакшылык символдук өз тамгасы болгон. Ал Орхон, Алтай өрөөндөрүнө Хангай, Өтүкөн тоолорунан, Гоби чөлүнө чейин, Жети-Суудан Ысык-Көлгө чейинки ата жолу менен кербендерге кошулуп, ат, төө жетелеп, ээн-эркин каттаган. Бөлөкбай эң мыкты куралдарды гана жасабастан, балбал таштарды мыкты чеккен уста болгон.
Кыргыздарга чакырык. Энесайдагы эзелки кыргыздын таш эстелигиндеги мобул жазууну ким чеккени, же кимге арналганы белгисиз. А бирок бабалардын эң акылманы жолдон өткөн жолоочуга, өзүнүн кийинки тукумуна, урпактарга калтырган улуу чакырыгы, түбөлүккө кагып турган коңгуроосу болсо керек:
«Бирикпей өткөн тарыхты Бирдикте кыргыз билип ал. Өскөнүңдү жөлөп ал,
Өлгөнүңдү төлөп ал».
Таштагы керээз. Кыргыз санжырасында айтылгандай, кээде таш бетинде айкели, жазуулар чегилип жол боюна коюлган VII–VIII кылымдардагы эстеликтер, балким жолоочуга, же кербенчиге, же майданга аттанган жоокерге айткан бата-тилеги:
«Теңирим ачсын жолуңарды Тегиз кылсын колуңарды. Өмүрүңөр узун болсун, Эгиниңер кызыл болсун.
Алганың менен тең кары, Ак калпак кыргыз тең жары. Санаган акыл, оюңарга
Мен курмандык жолуңарга».
Энесайда Тор-Апа Ичреки сыяктуу эл, журт башчыларына, баатырларга 648-жылы эстелик коюлган. Таш бетине кагандын өз атынан керээз чегилген.
А дүйнө кайтыш болгон кыргыздын таш бетине керээз-коштошуу жазуу ошо доордо кадимкидей салтка айланган. Энесай аймагындагы Бегредеги, Элегештеги, Алтын-Көлдөгү, Барлыктагы, Кызыл-Чырпадагы, Кежлиг-Хобудагы, Абакандагы, Тувадагы жана Сужидеги (Монголиядагы) эстеликтеги сөздөрдүн усулу, мазмуну ыр түзүлүшү жана ойлору бири-бири менен шайкеш болуп, окшошуп турат.
Жаш акынга эстелик. Энесайдагы алгачкы таш жазуулар өтө даражалуу хандарга, бектерге, байларга коюлар эле. VII кылымда бир жолу Уюн Архан деген жерде жаш Акын аты бар, жомокчу-акынга таш эстелик коюлган. Жаш Акындын аты 1350-жылдан бери Энесайдагы ташка жазылган бойдон турат. Энесайлыктар акынды анда «акун» дешкен.
Жаш Акын таланттуу төкмө жана жомокчу экен. Балким, улуу «Манас» эпосун баштап айткандын биридир?! А мүмкүн, Ырамандын Ырчы уулунун, Жайсаң Үмөт уулунун устаты болушу ыктымал.
Кыргыздардын бул акынды өтө ардактаганынын далили – таш эстеликтин башкалардын башында турганы. Жаш Акындын көрүстөнүнө коюлган таш бетиндеги ырды бөлөк бирөөлөр чыгарганы белгилүү. Неси болсо да байыркы кыргыз поэзиясынын алгачкы үлгүлөрү таш бетине жаш Акындын ыр керээзи чегилген:
«Беш азаматтан, шадыман, Энедеги элимден айрылдым. Эр үйүм Агда турур.
Айтылуу акунмун мен Жаш акун ардак атым менен».
Жазуу тагдыры. Түрк кагандыгы (VI–VII) Түштүк Чыгышта бийликке келгенде Кыргыз кагандыгынын байлыгына, жерине гана көз артпастан, жазуусуна, маданиятына көз артты. Түрк каганы VIII кылымдын башында Орхон боюнда кыргыздарга көрүстөнгө балбал тургузууга, таш бетине өз тилинде керээз жазууга тыюу салды. Кыргыз жазуусун түрк жазуусу деп жарлык атады. Түрктөр да, уйгурлар да кыргыз бедиздеринин баштарын чабышты, жазууларын сууга ыргытышты, жерге көмүштү, аскадан кулатып жексен кылышты. Ошондон соң кыргыз рун сымал жазуусу түрктөргө (VIII к.) карлуктарга, уйгурларга (IX к.) тарады.
Кыргыз жазуусунун тагдыры ушундай кейиштүү жолду басты. Бир кылымдан ашуун өмүр сүрдү. Баягы бакшылар айтып жүргөн керемет, касиет, сыйкырдык таш бетинен күбүлдү. Кыргыз кагандыгы, жоонун жазасын Теңирим берсин деп, султан жана акылман эл, ары карап ыйлап, бери карап күлүп, тирликке белин бууп, үстөмдүк кылган түрк жазуусуна өтүүгө, түрк тилинде сүйлөөгө аргасыз барган.
Нечен кылымдар жол баскан өжөр жана акылман кырг ыз элинин карт тарыхындагы мүлдө жоготуусу – анын өз жазмасынан кол жууп айрылганы. Андан бери ай бөксөрүп, күн өттү, арадан нечен кылым өттү, доор өттү. Ошончолук катаал тагдырды башынан кечирсе да, касиеттүү кыргыз дагы эле элдигин жана тилин, салтын, рухий маданиятын – кутун жан үрөп сактап калды.
Байыркы кыргыздар алгачкы жазуусун урундан жоготкон соң, түрк, уйгур жазууларын, ХII кылымда хакания жазуусун, ХIV–ХVIII кылымдарда чагатай жазуусуна өткөн. ХIХ–ХХ кылымдарда кыргыздар араб арибине, латын араби жана кири графика 36 тамгалуу жазууну пайдалана баштады. Арым тилчи окумуштуулар башка боордош элдер сыяктуу латын арибине кайрадан өтүүнү сунуш кылышууда.
Кыргыз тамгасын изилдегендер. Түштүк Сибирдеги руна сымал жазууларга жана моло таш эстеликтерине Батыштын окумуштуулары XVII – XIX кылымдарда эле кызыга баштаган. Саякатчы Д.Г. Месершмидт XVIII кылымда Сибирь таш жазууларын, руна сымал жазмасын батышка көрсөткөн. Андан кийин чыгыштаануучулар А.Ремюзе, Ю.Клапрот, М.Кастрен, А Гейкель кызыккан эле.
Тарых изилдөөчүлөр байыркы кыргыздар б.з.ч. эле пайда болгон арамей-согдунун эски жазуусунан таасир алган деп божомолдошкон. Руна сымал жазууну 1893жылы биринчи чечмелеген Дания окумуштуусу Вильгельм Томсен болгон, ал кыргыздын ыйыгы Теңирди биринчи окуган. Маданияты жок деген көчмөн элдердин байыркы жазмасын батышка XIX кылымда биринчи жар салган.
ХIХ–ХХ кылымдардагы дүйнөгө атагы белгилүү орус окумуштуулары В.Радлов, С.Малов, С.Киселев ж.б. Энесайдан алгачкы кыргыз жазуусу деп илимге жаңылык ачышкан. Ал эми кыргыздын ХХ кылымдагы кээ бир көз карама саясатчылары, үгүтчүлөрү, а тургай айрым окумуштуулары: «Энесайдагы кыргыздардын мамлекети болгон эмес, рун сымал биздики эмес, маданиятыбыз ага өсүп жете элек болучу» дешип, рухий ырыскысынан кечкен күндөрү болгон.
Насыйкат. Ар башка доордо жашап өткөн бабалардын санжырасын, ой-тилегин, жеңишин, кайгысын билүү, алардын баскан жолунан, тагдырынан, осуятынан, тажрыйбасынан сабак алуу, тарыхын, маданиятын, мурасын, жолун улап кетүү, асырап ыйык тутуу – бизден кийинки жаш муундун ыйык парзы экенин унутпайлы. Аны унутсак, бабалар бизди кечирбейт.
Муну эсиңе тут.
«Энем мени он ай көтөрдү!
Ал мени өз элиме алып келди.
Мен жер үстүндө өзүмдүн каармандыгым менен бекилдим.
Көп сандаган душмандар менен кайраттуу салгылашты, азыр элимен кетип, аны өкүттө калтырып отурам. Аттигиң ай!
Инилериңизге жана агаларыңызга төөлөргө жүктөлгөн кербендерден белектерди жөнөтүп туруңуз.
Мен, Барсбег, жер бетинде көргөндөрүмө, иштериме жана эрдигиме тойгон жокмун.
Сиз атасыз эле баатыр болдуңуз!
Тайгандарыңыз илбээсиндин артынан түшкөндө, сиз конуштардын жанынан өттүңүз.
Өлүм деген инилерине жолобо-оо.
Барс, бизди таштап кетпе! Аттигиң-ай!
Биздин наамыбыз мындай – биз умай бектербиз, биз өз урук-уруубуздун баатыр жоокерлерибиз! Аттигиң-ай!
Алты эркекти өзүң менен кошо албадың!
Тулпарыңды өзүң менен албадың!
Оо, менин кымбатым! Оо, менин асылым!
Бизди таштап кетпе!..
Бизди мурдагыдай эле кубант.
Оо, алтын Сунганын кул-кутаны, илбээсини көбөйө бер! Өз урпактарыңды жарат!
Менин Барсым аттарын жана өгүзүн, бүткүл бул дүйнөнү таштап кетти, ал сапар тартты!
Аттигиниң ай!
Менин аскердик эрдигиме, агаларымдын жана инилеримдин урматына бул түбөлүк эстелик орнотушту.
(Энесайдагы Алтын-Көлдөн табылган Барсбектин таш
эстелигинен)
- * *
«Сизге элиме күнчүйлөрүмө, уулдарыма, букараларыма айтам: Мен 60 жашымда силерден айрылдым. Аты Элтурган тутук деген мен боломун. Мен теңиримдин элге жиберген элчиси элем. Алты тайпа элге бек болгон элем». (Уйук Тарлыктагы таштагы жазуу)
«Сиз эр жигиттей эрлерим, менден калган курдаштарым (анда бирге болгон курдаштарым), миңге жеткен эрлерим, сиз кулдарым, жаатташтарым жок катымды (наамымды), тиктеш үчүн менин мурдагы жети курдашым тышкы жакка (чет тарапка) жоголду. Менин Йола деген наамым чыкты. Сиз курдаштарым, жолдошум, кандаш туугандарым, мен аттардын алдында жүрүүчү атымды минип жана алдыңарда кеттим (каза таптым). Бага деген мансапка жеткен эр элем. Алты жүз тамгалуу атым бар эле. Менин жаа, жебем, кийимим, жаркырап турган сары алтыным, кийимдерим… Кымбаттуу дүнүйөм, жолдошторум (мен өлдүм)».
(Энесайдагы Кемчик жаргактагы жазуу)
- * *
Төбөдө Көк Теңири,
Төмөндө кара жер жаралганда, Экөөнүн арасында Адам баласы жаралган.
Жуканы топтоо – оңой, Ичкени үзүү – оңой.
Кол кошулса – күч өсөр.
Өлүмдөн уят катуу.
Көрөр көзүм көрбөстөй,
Билер акылым билбестей болду.
Терс айтылса, мээрсиз болор, Оң айтылса, мээрим берер.
Ичи – ашсыз, Сырты – тонсуз
Өмүрдү Теңир берер.
Адам баласынын баары өлгөнгө туулган.
Көп деп неге коркобуз, аз деп неге басынабыз. Кан болуп, жок элди мүлктүү кылдым, жарды элди бай кылдым, аз элди көп кылдым, же бу сөзүмдө ката барбы? Түрк бектери эми муну эшитиң.
(Байыркы рун жазуусундагы бабалардын
ташка чегилген накылы)
* * *
Мен Төр-Апа Ичрекимин[1].
Он бешимде тарбияга алынганмын.
Муңканып каныман да айрылганмын.
Мен силерди, ай, күнүмдү көрбөй калдым. Үч уулумдан айрылдым, кантейин,
Кайрат кылалы.
Сегиз аяктуу тулпар минип, Узак жолду көп жортком.
Кантейин, мындан дагы кол жуудум.
Кайгым ушу – жарык менен караңгыны сезбей калдым.
Он беш жашка келгенде Табгач каганга барганмын.
Эрдик менен тапкан алтын, күмүшкө Табгачтан жасалгалуу ат, катын алдым.
Жети бөрү өлтүрдүм.
Барс, көкмөккө[2] кол барбады.
Баскан жер, ичер суудан калдым. Муң басты,
Журтуман, күнүмдөн, курдаштан, Силерден айрылдым.
Калкым менен, ханым бирге көрөр күнүм болбоду.
Алтымыш жети жашымды көрбөй калдым.
Жат жердеги далай адаштардан,
Ал жактагы силерден, азиз курбулардан,
Түбөлүккө кош айттым»
(Бегредеги таштан В. Радлов жандырган жазуу)
[1] Ичреки – даража, ички чин.
[2] Көкмөк – эликтин чаарчыгы.
ТЕҢИРЧИЛИК ДИНИ
Бу тирүүлүктө ар адамдын башына сөзсүз оор соболдор келет: «Мен киммин? Кайда барам? Кантип жашайм? Жашоодогу максатым эмне? Түйшүк, кайгыдан кантип кутулам?
Андай суроолорго жер каймактагандан бери жооп табыш үчүн эс-акылы бар, алдастабаган ар адам Кудайга, же ыйыктарга, же табиятка кайрылып, сыйынып келген.
Илгерки бабаларыбыз көчмөндүк жашоо-турмушунун запкысынанбы, же табиятка коюндаша жашаганынанбы, же жараткан берген сергектигиненби, айтор, Теңирдин кудурет-кусурун башка элдерден эрте тааныган. Теңирге тайынууга бабалар күн ызатынан кийин өткөн деген божомол бары чындык.
Кыргыздар алмустактан (неолит доорунан) берки аңызында, дүйнө таанымында ааламдагы жашоо-тиричилик үч катмардан: үстү – Көк асмандан, ортосу – Жер үстүнөн жана төмөнкүсү – төшү түктүү кара жердин астынан турат деп жедеп ишенишкен. Алар Көктү, жер-сууну Көкө Теңир башкарат, а кара жер астын Эрлик хан (Жердик кан) тейлейт деп караманча ынанышкан. Эзелки кыргыздар адамзат менен жаратылышты көзөмөлдөгөн дагы тогуз Теңирге: Күн Теңирине, Ай Теңирине, Жылдыз Теңирине, Жер Теңирине, Суу Теңирине, Тоо Теңирине, От Теңирине, Баба (арбактар) Теңирине, Кан (согуш) Теңирине табынган. Ыйыктардын эң ыйыгы, Теңирлердин улугу Көкө Теңирдин буйругу менен кыбыр эткен жан-жаныбарга, желге ыргалган чөптөн Чынар Терекке, тамчы суудан дайрага дейре өсүп-өнүп тиричилигин улантат дешкен. Теңир Көктө, ал жактан жерди коргойт, атпай журтка бейпилдик жиберет, жоо-жоболоңдон колдойт; ханга адилет бийлик, акылмандык берет, ар пенденин бешенесине жакшылык ыйгарат; оорудан, жинден, өлүмдөн сактайт; адамдын өмүрүн узартат, күч-кубат берет, жолун ачат; кымындай күнөөңдү, а түгүл жиниң келгенин билип турат, дили жаманга жаза берет, жолун торгойт деп ылым санашкан. Илгеркилер буюрган насибин ооз тийгенде да, жолго чыкканда да, тойдо отурганда да, жоого аттанганда да, деле башка нечен жакшылык менен жамандык, кыйынчылык менен шаттык башынан өткөндө ири алды Теңир Ата ыйыкка сыйынган, Жаратканга биротоло ишенип, непир алпейим кундуу сөздөр таап жалбарып, тилек айтып, чын ыкластан ырым-жырымдарын жасашкан.
Теңирчиликтин өткөн жолуна сереп салсак, анын өнүгүп өсүш жолу жөнүндө төмөнкүдөй таржымал чийилет: эң алгачкы аңыз, көз боёочулук, сыйкырчылык, ырым- жырым жол-жоболорунун жаралышынан, бакшылык үгүтүнөн, андан соң өркөнүбүз өсүп, акылыбыз жетилген сайын адамдын денеси менен жанынын бөлүнүшү жөнүндө түшүнүк (анимизм) кеңейип, жалган дүйнө, чын дүйнө ажырымы ачылып отуруп, акыры жогорку күчтү, адам өзүнүн акыл-оюн, кудуретин, мүмкүнчүлүгүн таанууга жол ачылган. Соңунда уруулардын башы кошулуп, социалдык түшүнүк кеңейип, эски жомок бүтүп, уруулук коомдон улуттук мамлекеттик коомго өткөн кезде, көп кудайдан (политеизмден) бир кудайды тануу (монотеизм) жолу ачылган.
Ал эми бабалардын дүйнө таанымынын баскан жолу: бир же көп кудайды ыйба карап, назар салып ага ишенген, табияттан башка да сырдуу күч бардыгына ынанган, адамдын жалпы көз караштарынан, байыртан берки түпкүлүктүү диний аңдоосунан, ырасым-адаттар санатынан, ыйык ишенимден жаралган жана өсүп-өнүккөн. Акыры Теңирчилик дини табияттагы жана коомдогу көрүнүштөрүн, чындыктын мыйзамченемдүүлүктөрүн, касиеттерин аңдатып түшүндүргөн, адамдын аң-сезимин, жүрүм-турумун түз жолго салып келген. Жалпылатып айтканда, дин – адам баласынын жашоосунда кара жаны, өмүрү жана кайгысы менен өлүмдү жеңиш үчүн болгон узаккы күрөшү десе да жарашат. Ал бабалардын уюткулуу акыл-ою, аруу сезими, кең дүйнө таанымы, чалкар рухий дүйнөсү – салттуу тарбия жолу.
Кыргыздардын б.з.ч. II кылымда эле Теңир динине сыйынганын байыркы кытай жазмалары тастыктайт. Буга чейин эле кыргыздардын түпкүлүктүү эл болуп, калыптанган дини бардыгы чындык. Анткени ошол доордо кыргыздардын Алтайда Көкө Теңирге сыйынган ибадатканалары болгонун дагы эле кытай жазмалары далилдеп жатат.
Энесайлык кыргыздардын (V–ХII) атайы тоопканасында (сыйынар үйүндө) түштүктү карап, кыркаар тартып отурушуп, жыттуу нерселерди коюшуп, жай жобурашып сыйынышкан экен. Муну Х кылымдагы саякатчы Мысар дагы тастыктайт.
Кытай тарыхчыларынын айтуусунда кыргыздар менен кошуна алакалаш, ирегелеш жашаган огуздар, хундар да, сактар, динлиндер, үйсүндөр да (усундар), дөөлөстөр да
ж.б. көчмөндөр Теңирге сыйынышкан экен. Кытайдын VI кылымдагы «Вэйшу» жылнамасында: «Бешинчи айдын ортоңку он күнүндө журтту жыйнап, өзөн боюнда асман рухуна арнап курмандык чалат» – деп айтылган.
Байыркы бабаларыбыздын көкө Теңирге сыйынганын бизге жеткен аңыздар аркылуу баяндап, элестетип көрөлү. Адегенде алар ыйык тоого чыгып, назыр тайып, от жагып аластап дасторконго айран, ак быштак, курут жайган. Кээ бир кезде кыргыз ханы да өзү тайынуунун башында туруп, жол-жобосун, жосунун жасаган. Андайга бакшыларды катыштырган эмес. Кээ бир зарыл учурда гана тайынууга ак сарайдын ыйыгы – бакшыга уруксат берилген.
Алкыштоону каган ак шырдакка ак чачып, көктү карап колун жайып тилек кылган:
«О көкө Теңир!
Тогуз жалбырактуу ыйык кайың сайдык, Теңир!
Тогуз козу биз сойдук, Теңир!
Жакшылыкты жерге, элге жалга Теңир!
Жамандыкты жерден, элден качыр Теңир! Жашообузду оңдо, Теңир!» –дешип, калган-каткан даам-ырыскыны улуу отко ташташкан.
«Сыйынсаң сый аласың, сыйынбасаң бир балээге кабыласың» деген нарктуу сөз эл ичинде байыртан айтылат. Кыргыздардын Теңирге сыйынганы «Манас» эпосунда да айтылат эмеспи: «Кийингени көк темир, сыйынганы бир Теңир». Кыргыздар бала-бакырасына, келиндерине: «Теңирим жалгасын» – деп жакшылыкка алкаган. Бирөөлөрдүн алдында антташканда же каргыш айтканда: «Төбөсү ачык Көк урсун, төшү түктүү жер урсун!» – деп айтышкан. Башка бирөөлөргө нааразы болгондо «Кудай Теңирин тааныбай калды», «Теңирге койдум», «Теңир ургур, Теңир соккур», «Кудай аны каргасын, Теңир тепсесин» дешкен. Же бейпилчиликте акыл-насаат айтканда: «Теңирге сыйын», «Теңирди сакта», «Теңирге тетири иш кылба», «Теңирим бар», «Теңир күбө», «Теңирден башка кудурет жок», «Теңирим бир жааса, терек эки жаайт», «Бекерден теңирим безер» ж.б. нускалаган.
Байыркы кыргыздар адамдын жаны, руху өлбөйт дешкен. Ошондуктан көзү өткөн бабалардын кудуреттүү арбактары урпактарын оору, кырсыктан, балээ, жалаадан сактайт деп караган. Теңирге табынган ар бир кыргыз баласы ата-бабалардын арбагы улуу, ыйык касиет деп сыйлап, аларды ыраазы кылыш үчүн кадыр үстүнө мазар куруу, эстелик орнотуу парз экенин билген. Ата-энени, бабаларды көзү тирүүсүндө жана көзү өткөндө арбагын сыйлабаган урпактардан бактысы ачылбайт деп ынанышкан. Ата-бабанын арбагын сыйлоо жөнүндө нечен макал-лакап, осуят сөздөр, уламыштар, жомоктор, ырлар, дастандар, эпостор жана улуу «Манас» эпосунда да айтылат. Атабабанын арбагына арнап кыргыздар миң түркүн ырымжырымдарды, сыйынууларды, табынууларды өткөрүшкөн.
Энесай кыргыздары, бабаларынын ибадатканасына, көрүстөндөрүнө, мазарларга, мололорго барып бир жерге топтолуп, арбактарга сыйынып, аларга арнап малды курмандыкка чалган. Бабалардын мүрзөлөрүнө барып, жыгачтарга ар түрдүү түстөгү чүпөрөктөрдү байлашкан. Ата-бабанын арбагы тирүү жандарды жаман ой-санаадан, каргыштан, шайтан-шабырдан, бөөдө кырсыктан, оорудан, жаман ойдон, жоруктан, кордуктан сактайт дешкен.
Теңирчиликтин таралышы. Көчмөн элдердин жашоотиричилигинен улам жаралган Теңирчилик дини Чыгыш-Батыштын, Африканын айрым элдерине жайылып, кылымдар бою жашап келген. Бул динди бөлөк диндерге адеп кандай киши, кайсы эл чыгаргандыгы жөнүндө так маалымат жок. Алсак, Теңирчилик дини байыркы Кытайга көчмөндөрдөн тараганбы, же очогу ажактап конуш которуп, көчмөндөргө келе-келе жукканбы, азырынча ачык айтышка шаа жетпес. Чыгыш аброюнун түркүгүн түзгөн байыркы кытайдын рухий маданияты, дини, философиясы, ырым-жырымы жана адеп-аклак сабагы байыркы көчмөн кыргыздардыкына көбүнчөсү окшошуп жаткандыгы бизди ойго салат.
Тарыхый чындыкты тактап келсек, Теңирчилик дининин уюткусу да жана башка көчмөн элдердин маданиятына, диний ишенимине от тамызгы берген байыркы кыргыздар болгон.
Теңирчиликтин максаты. Кыргыздардын рухий маданиятынын жана оозеки чыгармачылыгынын алгачкы үлгүлөрү жана өсүп-өнүккөн мезгили Теңирчилик доорунда пайда болду жана негизин түздү. Теңир дининин асыл мурасы калктын рухий казынасын түзөт. Улуттук дүйнө тааным – улуттук рухтун кайнар булагы.
Кандай дин болсо да акыйкат чындыгы менен түпкү максаты, ошол аркылуу философиялык, адеп-ахлактык, эстетикалык илимдери болору маалым. Башка диндер адамды тигил дүйнөдөн көрүүчү азаптан коркуу, коргоо, куткаруу вазийпасы болсо, Теңир дининин түпкү максаты – адамды бул дүйнөдөн жарпы жазылып, өмүрдү эстүү ыкыбалда башкарууга жана жумшай билүүгө чакыруу болуп эсептелет. Кыргыз баласы Теңирге тынымсыз кулдук уруп, тиленип отура бербейт: ал бардык кудуреткүчүн Теңир берген касиетти бекер кордобой пайдаланууга, өзүнө каниет алып жумшоого умтулат, өмүрүнүн ырахатын, маани-маңызын жер бетиндеги тиричиликке байланыштырат, жарык дүйнөдө көзүн ачууга бардык мүмкүнчү лүгүн тиричиликке жумшаганга дилгирленет. Улуттук дүйнө тааным эл турмушун, адат-салтын, рухий маданиятын өстүрүп, иретке салып, жетилтип, мезгил менен доорлордун элегинен өткөрүп алып өтөт.
Биз нечен кылым бабалар табынып-сыйынган Теңирчилик динин илим катары изилдесек, анын ичинен рухий маданияттын бир нече алтын шооласы, тамыры чубалып чыга келет.
Кыргыздар, айрыкча энесайлыктар, Теңирчилик динине ХII кылымга чейин сыйынышты.
Теңирчилик кийинки доорлордо. Байыркы Теңирчиликти туу туткан кыргыздар ислам динине аргасыздан кирген соң, теңирчилик баягы күчүн биротоло жоготподу. Ал ислам динине кошумча толуктоо, күч-кубат болуп, Теңирчиликтин далай ой-санаттары, салттары адеп-ахлак жол-жосундары, үлгүлүү сабактары, акылмандыгы, накыл сөздөрү кийинки доордо мусулман кыргыздарына, жашоо-тиричилигине өгөйлөбөй өтүп кетти.
Орто кылымдан баштап кыргыздар ислам динине сыйынышып, мусулманчылыктын салт-жосунун кармашат, куран окуп, орозо кармашып, ажылыкка барышып, битир-садага беришип, мечиттерде намазга жыгылышат. Ошондой эле көөнө доорлордон келаткан ата наркын сактап, арбактарга табынуу, Теңирге, Жер-Сууга, табиятка тооп кылуу жана бакшылык, түш жоруу, төлгө салуу, жылдыздарга кароо ж.б. жөрөлгөлөрүн жасап келишет.
Байыркы көчмөндөрдүн рухий маданиятында Теңирчилик буга дейре дүйнөдөгү белгилүү диндерден парасат, кудурет-кусуру эч кем эмес касиеттүү, терең бутактаган дин болуп жетилсе да, айрыкча ХIХ–ХХ кылымда, эч баабаркка алынбай, дүйнөлүк рухий маданияттын, илимдин даражасында саналбай, кайдыгерликке кабылды. Эзелтен жашап келген көчмөн элдердин тарыхын, маданиятын жана рухий дүйнөсүнө текебер караган батышчыл илимпоздор дагы эле башка диндерге теңебей, унутулуп бараткан өзүнчө болор-болбос майда диний ишеним, агым катары баалашат, а тургай Теңирчиликти бакшылык (шаманизм) менен алмаштырып жүрүшөт. Алардын кыргыздардын мурда дини, философиясы, деле маданияты болгон эмес деген кыйбат сөздөрү эми жалганга чыгып отурат.
Теңирчилик диндин осуяты. Теңирчилик доорунда жашап өткөн бабалардын осуяты, жашоо тиричилиги, жол-жобосу, кылык-жоругу, салт-адаты, насаат, осуят, керээздери кийинки муунга үлгү катары калат. Айрыкча бабалардын нарктуу, ой-санат, накыл сөздөрү азыркыларга жупунудай угулганы, сезилгени менен насили асыл ойго, ак тилекке жана акылмандыкка алтындай уютулган касиеттүү жана сыйкырдуу кымбат осуят. Убагында алардын осуят сөздөрү бөбөккө мээр сөз, эр азаматка ант (шерт) сөз, аялзатка үлгү, улгайганга нускоо, кутман карыяга месел сөз болуп айтылган. Ар бир көчмөн баласы жаштайынан карыганча ата-бабасынын осуяттарын турмуштагы айтылган милдет парзын эч унуткан эмес, көкүрөккө жат сактап, баш ийип, ызат кылып аткарган.
Илгертен берки тарыхта изи өчкөн элдер менен кошо чыккан кыргыздар хандыгын, элдигин жоготпой алиге жашап калышына Теңирчиликтин да шарапаты тийди дээр элек.
Байыркыдан калган осуят. Көк асмандагы кудуреттүү Теңирге табын, жараткандын жардыгын бил! Теңирдин ак жолуна түш!
Жер-Сууну ыйык тут, боордоштой ылым сана, шайкеш жаша. Жер энени көзүң менен көрүп, жүрөгүң менен таанып, аны ыйык сакта. Кудурети күчтүү пирлерди, олуяларды ыйык күт!
Момундун ишин Теңир мактайт. Теңир бергенин Теңир алат. Тең бөлгөндү Теңирим сүйөт. Ата-бабанын арбагына, улуу касиеттерине сыйын! Алар сенин колдоочу жана жол көрсөтөрүң!
Теңир алдындагы парызыңды, карызыңды сез жана касиетин ардакта.
Тирүүлөргө бала, ата, пенде катары бабаларга, убарлашка жана келечек муунга төлөмөрсүң.
Берегилерди жадыңа түй: дайыма кишичилик милдетиңди (адамкерчилик) бил. Адал жаша. Оюңду тазарт. Адептүү бол. Ичиң тар болбосун. Бар-жокко каниет, топук кыл. Ыймандуу, боорукер, жоомарт, ак көңүл бол. Арам ойдон, арамдыктан кач, карасанатай болбо. Намыскөй бол. Намысты өлгөнчө колдон түшүрбө. Жерди корго, тууңду сакта. Дос, душманды айыр. Бал сөзгө, жалтырак дүнүйөгө алданба. Антты бузба. Ата кегин ал!
Салт, наркты сакта. Атаны, улууну урматта. Улууга сый, кичүүгө урмат көрсөт.
Акылмандык – калканың. Акылга баш ий, жакшыга жанаш. Сөз кунун баркта. Кан сөзүн, эл сөзүн, атанын жана улуунун сөзүн жерге таштаба.
Башканын никесин бузба. Энени, аялзатын сыйла.
Калыс бол. Чынчыл бол. Өзгө-жатка болсун акыйкаттан тайба, ушак, калп айтпа.
Ач көз болбо. Башканын дүр-дүнүйөсүнө көз артпа.
Сабырдуу бол. Кыялыңды оңдо. Ачууңду бек карма.
Ниет пейлиңди таза алып жүр. Жаман ойдон, жаман жолдон кайт.
Адамга, кыбыр эткен тирүү жанга жакшылык жаса. Тирүүлүктү ая.
Жабык көзүңдү ач, устатыңа ишен. Акыл көкүрөгүңдү өзүң жар.
Дүйнөнү өзүң тааны. Өзүңдүн оюң менен ишиңди тең, таза алып жүр.
Аалам жашоосу чексиз. Адам өмүрү кыска, узак да. Сен өз жолуңду тап. Ал сени жаратканга Теңирге түз алып барат.
Теңир колдосун!
БАКШЫЛЫК ВАЗИЙПАСЫ
Бакшылык. Эбактан бери Теңирчилик дини көчмөн элдин жашоосуна, маданиятына, акыл-эс, ой жүргүзүү сүнө, жан дээринин, сезимдин байышына, бири-бири менен мамилесине, тарбиясына, ыйыктыкты, сулуулукту, дүйнөнү таануусуна, көкүрөк туюмду тазалоого жана сергек, бакубат жашоого жол ачкан.
Теңирчиликтин үгүтчүлөрү жана жайылтуучулары бакшылар (шамандар) болушкан. Алар уруудан урууга, элден элге өтүп, жер кыдырып, Теңирчиликтин осуяттарын, ой-санаттарын айткан жана сыйынуунун жол-жобосун көрсөтүп, үйрөткөн.
Орто Азия менен Батыш Сибирь аймагында байыркы көчмөн уруулардын эң эски жана байымдуу дини теңирчилик жана кийинки үгүтчүсү бакшылык (шаманизм) болгон.
Б.з.ч. VI кылымда эле бакшылык жосуну жана таасири байыркы көчмөн сак, хун, кыргыз, үйсүн, дөөлөстөрдөн VI кылымдарда кытайларга ооп барышы ыктымал. Бул учурда кытайлар менен көчмөндөрдүн ортосунда элчилик, соода жана рухий-маданий байланыш күчтүү эле.
Көчмөн бабалардын байыркы жашоосунда бакшылык сырдуу, касиеттүү, элге зарыл өнөр болгон. Бабаларыбыз бакшы Теңирдин, Көк асмандын элчиси, периштелердин, пирлердин, арбактардын тилин түшүндүргөндөр дешкен. Теңир менен сүйлөшкөн кудурети бар адамдар деп ынанышкан. Алар наадандык менен караңгылыкты айдайт деп ишенишкен. Бакшылар элдик поэзияны, дарыгерликти, асман-жылдыздар аркылуу жылды эсептөөнү, жылдыз иликтөөнү, теологияны, көз боёмочулукту (гипнозду) билген, өз доорунун сабаттуу, таланттуулары болушкан. Дабына сүрөт тартып, сырын, сөзүн, тамгасын атын башкалардан жашырып, таасирдүү жана Теңир сүйгөн аттарды коюшкан. Бала төрөлгөндө бакшылар ат койгон. Муну улуу «Манаста» да тастыктайт. Бакшылар балдардын атына жараша тагдыры болот дешкен. Бакшылар уста, окутуучу, ойчул, ырчы, мүнүшкөр, саяпкер, чечен, дарыгер, көзү ачыктар, салтты үйрөткөндөр болушкан.
Теңирчиликте дүйнө аалам – жогорку, анда кудайлар, ыйыктар жашайт, ортоңку дүйнөдө адамдар жана астыңкы дүйнө – өлгөндөрдүн жери делип бөлүнгөн. Бу байыркы дүйнөнү тааныткан түшүнүктү эл арасына теңирчиликтин үгүтчүлөрү бакшылар (шамандар) жайган.
Адам баласы жаралганда жарык көрүүгө, ага жалынууга, жакшы ой-тилегин ишке ашырууга, алдыга озууга, бийикке чыгууга, акылдуу болууга, акылмандыкка жетүүгө, ыйыктыкка, асыл сулуулукту табууга жана аны өзү үчүн, адамдар үчүн жумшоого умтулуп келген. Ушул тирүүлүк, ой-тилектин асыл тазалыгын, улуу максатын Чынар Теректи (Дерево жизни) же Улуу Тоону символ кылып, кыял менен элестетип келишкен. Акындары ыр арнашкан, сүрөтчүлөрү келбетин тартышкан.
Энесайдагы эл башкарган кыргыз кагандарынын көбү бакшылык милдетти аткарышкан. Хан сарайынын өз бакшысы болгон.
Байыркы көчмөн элдердин бакшыларын ислам доорундагы дубана, дербиш, календер менен салыштырып карабоо керек, алардын ортосунда өтө көп айырма бар. Дубаналар сопулук жолдогу адамдар.
Бакшынын жашоо-тагдыры оор болгон, татаал жолду баскан. Көбү ата кесибин кууган, өнөр укумдан тукумга өткөн. Айрымдары кесипке жеке эмгеги же устаты аркылуу жеткен. Алардын көбүнүн өздөрү ооруп жүрүп, көздөрү ачылган.
Бакшыларды ак бакшы, кара бакшы деп бөлүшкөн. Кара жиндүү бакшылар көбүнчө талмалуу же илешкени бар кишилерди карашкан. Адетте жиндерин чакырып, арбак менен сүйлөшүп, камчы, бычак же комуз, дап менен ооруну куушкан. Айрымдары күзгү менен же жиндери аркылуу дарылашкан. Тиш ооруганда, жылан чакканда өлөң менен бадик айтып эмдешкен. Оорулуу адам менен малдын оорусун башкага көчүрмөккө куу сөөккө дартты байлап, алыска ташташкан.
Байыркы бакшылар ноокас адам жаткан боз үйгө кишилерди чогултуп, эшик, түндүктү жаптырып, комуз чертип, зикир чалган же дапты кагып, майда коңгуроолорун шылдыратып, чарк айлана үйдү тегеренип, короодогу малдардан секирип, түндүккө чейин чыгып, жинин чакырган. Колдоочулары күчтүүлөрү арбак менен сүйлөшкөн, ордунан так секирип, оозу-башын кыймылдатып, көзүн алаңдатып, өзүнчө алка-шалка түшүп, аса таягын силкилдетип, көрүнгөндү камчы, таягы менен сабап ийип эбелек атып, акыры эси ооп жыгылып, көптү бабырап сүйлөгөн.
Илгеркинин «бакшы» аталган окумуштуулары адамдарга жабышкан оору кандайдыр бир тышкы күчтүн таасири менен болорун баамдашкан. Жаратылыштагы заттардын ээси, пирлери болот деген түшүнүк боюнча, оорулардын да ээси болот, ал ээлерин таап, адамга жармашкан ооруну айдатып чыгарууга болот деген түшүнүк менен ошого ылайык көркөм, касиеттүү сөздөрдүн тизмектерин курап чыгышкан. Ошол касиеттүү сөздөрдү бакшылардын «чымындары» аткарып, адамга жармашкан илдет, ооруларды айдап, кууп чыгат деп түшүнүлгөн. Ошондуктан бакшы ар кайсы заттардын пирлерин (ээлерин) чакырууну негиз этип куралган. Алардын эм-дом аракеттери жабышкан ооруга илдетке сүр көрсөтүү аракеттерин иштеген.
Аракет менен сөз касиети эм болот деп түшүнүлгөн.
Бакшы жазында, көктөм маалында арчадан албууттанта от жактырып, сапырылган жалындан секирткен, өзү оттун кызыл чогун жылаңайлактанып алып кечип кеткен. Отко бычакты кызартып, тили менен жалаган.
Бакшы адамга келээр жакшылыкты, коркунучту, кырсыкты, жоонун келишин, баланын төрөлүшүн алдын ала айткан, жаан-чачындын болорун, уурунун келээрин ж.б.у.с. аяндарды бажыраган.
Алтайдагы кыргыздардын бакшыларынын колдоочуларынын бири жан-жаныбар, Актайлак, куштар деп эсептешкен. Айрыкча маралды башкы колдоочу, а тургай түп бабабыз деп айтышкан.
Байыркы доордогу бакшылар менен кийинки, жалаң Теңирге ишенген кыргыздардын V–Х кылымдардагы бакшыларынын айырмасы асман менен жердей өзгөрүштөргө дуушар болду. Кийинкилер зор рухий өнүгүүгө жетишти. Кошуна катнаш уруулардын динине, салтына жана маданий дүйнөсүнө таасири тийди, алардын үгүтчүлүк вазийпасы өстү.
Удулу келгенде айтууга бап келди: бакшылык (шаманизм) Теңирчиликтен бөлүнгөн дин эмес, ал ошобереги Теңирчиликтин бир бутагы, аны өздөштүргөн, улаган агым. Бакшылык кесип жана өнөр катары көөнө кыргыздардын арасында айрыкча VIII–Х кылымдарда өтө өнүгүп күчөгөн. Өнүккөн Теңир дининин бакшылары жер-сууну ыйык көрүүгө, ата-бабалардын арбагын урматтоого, салтты ыйык тутууга, таштагы жазууларга сыйынууга үгүтчүлүктү жүргүзүштү. Алар адамдарды акылмандыкка, рухий тазалыкка, адамгерчиликке үндөгөн. Дүйнөнүн ажайып кооздугун таанып-билүүгө үйрөткөн, рухий өсүшүнө чакырган, тазаруунун жолдорун, табияттан күч-кубат алуунун сырларын айтышкан. Тенирчиликке көчмөндөр турмушунда адамдын рухий дүйнөсүн, ой-кыялын сыдыргылап, байыта турган жолу болсо, бакшылык адамдын денесин тазарткан, жорук-жосунун ылгаган жана жакшы жолго түшүүнүн ачык, түз жолу сыяктанат.
V–ХII кылымдарда Батыш Сибирь элдериндеги манихейчилик, буддалык, ламалык диндерге моюн бербей Теңирчилик динин жана бакшылык көчмөндөр арасында Энесай, Орхондо өсүп-өнүккөн. Кийинки кыргыздар Теңир Тоого көчкөндө Орто Азияда тамырлаган ислам дини бакшылыкка бут тосту.
А Теңирчилик дини ислам менен кыйла жагынан жолжобосу, жосуну жана идеялары карама-каршы келбегендиктен эриш-аркак жашап, көчмөндөрдүн рухий дүйнөсүнөн орун алды. Кыргыз аңызын, санжырасын, оозеки чыгармачылыгын жана кытай жазмаларын изилдей келсек, байыркы бакшылар кийинки доордо, исламдын үгүтчүлөрүнүн бут тоскондугунан бакшылыктын үгүтчүсү катары, рухий, ой акылмандыгы (философиясы) унутулуп, элдик дарыгер, эмчи-домчу, бүбү катары бизге жетти.
Акыркы кылымда изилдөөчүлөр Теңирчилик дин экенин далилдеп, ал эми бакшылыкты (шаманизм) динби же дин эмеспи дегенге чейин баргандар чыкты.
Ырас, бүгүнкү күндө Теңирчилик диндин үгүтчүсү бакшылык жосуну илгеркидей дабаасы даарыган, зоболосу сонун болгон абалга жете албастыр. Ал эми анын тарыхы, философиясы, керемет сыйкыры жана адамды рухий жактан тазарткан сырдуу жол-жобосу, тажрыйбасы кийинкилерге ачылууга тийиш.
«Шаман» сөзү. «Шаман» сөзү тунгус-манчжур тилинен ооп кирген, анын мааниси да негизинен түндүктөгү майда уруулардагы эмчи-домчулукту түшүндүрөт экен. Ал эми «бакшы» деген сөз биздин кулагыбызга төл сөздөй жагымдуу угулганы менен инди тилинен кирген «бхикшу», мааниси «окутуучу», «устат» маанисинде айтылат.
Байыркы кытай жазмалары кыргыздар шамандарды «кам» («кянь») деп аташкан дейт. Бул сөздүн мааниси башка түрк тилдүү элдердин аңыздарынан жолукпайт. Байыркы индустардын аңызында «сүйүүнүн кудайы» дейт экен. Ал «үмөт», «сүйүү», «сезим ыкласы» дегенди билгизет имиш.
Бакшылык жапондордо. Ошончодон «Кэми» (ками) деген сөз бир гана жапон калкында сакталып калыптыр. Аларда синто дининдеги ыйык түшүнүктүн бири. Алар ыйык жанды, пирлерди аташкан. Камилер кебете-кешпирлери суук, коркунучтуу күчтөр болушат. Жапондор ыйык жайларда жана жеке үйлөрдөгү камилерге сыйынышат. А мүмкүн аңыз-уламыштарда айтылгандай, жапондор Энесай боюндагы түрк тилдүү көчмөн элдердин арасынан бир кезде адашып, жер безип жапан болуп кеткен боордоштордон болуп жүрбөсүн?! Жапондордун аңыздарында да кыргыздардын илгерки аңыздарына окшогон болмуштары, пирлери бар. Кыргыздар күнгө сыйынгандай, жапондор да күнгө таңды-кеч табынышат. Жапон аңыздарында биринчи императору Күн кудайы болгон деген имиш бар.
Бүбү жөнүндө. Эркектерден да, аялдардан да бакшылар чыккан. Аялдарды «бүбү», «бөө» деп аташкан. Кыргыздар илгерки тентек балдарын «бөө келатат» деп сес көрсөтүшкөн, кейпи бакшы аялдан улам чыкса керек. Каргалыдан (Узун-Агачтагы) 1939-жылы бакшы (бүбү) аялдын сөөгү табылганда анын төрт жүздөн ашуун баалуу алтын, күмүш, шуру, бермет сыяктуу дүр-дүнүйөсү бар экен.
Бакшы тилек. Байыркы шамандык таасир боюнча ооруган адамга «бакшы ойнотуу» болуп келген. Ал бакшылар өзүнчө эркекче уйкаштуу айтым менен пир чакырып, «илдетти айдатуу» аракетин жасашкан. Мында да пирлерден тилек тилөө, сүрлүү пирлерди чакырып, андан күч тилөө айтымы айтылган. Төмөндө тилектин үлгүсүн окуйлу:
Ой, тоодон бир тоого учкандар,
Ой, жылан бир камчы туткандар, Ой, жандыра суу ичкендер, Ой, Азирети Сулайман пирим.
Ой, дулдул, атам, дөө, пери мейман, Ой, Сулайман аттуу суу чилтен мейман.
Ой, ошол суу башы Сулайман мейман, Ой, Анжиянда ак жылан мейман, Ой, Самарканда нар жылан мейман.
Ой, кабазыр, мүдүр, каяшар мейман, Ой, султан бир мүдүр, Ой, башыр мейман.
Ой, кара бир көздүү,
Ой, ширин бир сөздүү, Ой, келте бир ойлуу,
Ой, шына бир тиштүү, Ой, кочкор мүйүздүү,
Ой, дөө, пери мейман.
Ой, муз тоодо жатып семирген мейман, Ой, муз тоонун музун кемирген мейман. Ой, томоголуу сарала куштун, Ой, томогосун алып коё кел мейман.
Ой, ак буура келди буркурап, мына ай, Ой, бириңен бириң ыйба кылбагын мейман.
Ой, чоң олуя улук кум мазар,
Өзүңдөн медет тилеймин бүгүн,
Ой, Кең-Колду баскан ак буура атан, Өзүңдөн медет тилеймин бүгүн.
Бакшы көрүм ыры мына ушул сыңары алдында перилерин чакырып, соңунан мазар чакырып ырдалат. Ырлардын мазмунунан кыргыздардын мифтик таанымын байкоого болот.
Бакшы көрүм ырларынын варианттары көп. Мазмундары кенен, кээ бирлери аралатып терме, насыйкат берип айтат. Бакшы көрүм ыры аткаруучу муңдуу обону бар.
Бакшы бий. Кыргыздарда эң алгачкы бий өнөрүн бакшылар чыгарышкан. Алар комуз чертип, дап менен бийлеген. Кыргыз бийлеринин аттары болгон: «Бакшы бий», «Талма бий», «Жин бий», «Шатыр бий», «Калмак бий», «Толкун», «Учма», «Жагалмай», «Созулма бий», ж.б. Анын көбү азыркы доорго жетпеди. Жогорудагы бийлердин түрлөрү Түштүк Сибирдеги якут, хакас, алтай, Тува ж.б. көчмөн элдерде сакталган.
Теңирчиликтен нускоо. Теңирчилик доорунда бакшылардан башка эл ичинен акылмандар, ойчулдар, жайчылар, жылдыз саноочулар чыгып, Көк Теңирге, жашоо-тиричиликке, табиятка, адамга карата накыл сөздөрдү, ойсанаттарды, ырларды, дастандарды, аңызды, уламышты, эреже-жоболорду жаратышты. Булар нечен кылым өткөн соң, алыстан угулган коңгуроо сымал ысымдары бара-бара унутулуп, биздин доорго жобо, үлгү, осуят, керээз, накыл, макал-лакап жана ыйык сөз болуп жетти.
Нускоо.
Көкө Тэңирге табын, Жараткандын жардыгын бил, Тэңирдин ак жолуңа түш!
Баарынан Күн улук, Күнгө сыйын.
Эрте туруп, Күнгө таазим эт.
Күнгө күлүп салам бер.
Таң менен турсаң, ырыскыдан куру калбайсың.
Таң менен таза жуун, күндү таптаза тосуп ал.
Теңир алдындагы парзыңды, карызыңды сез, касиетин ардакта.
Үйдү чыгышты каратып тик – күн чыкканда үйгө кут кирсин.
Чыгышты карап түкүрбө, ушатпа, суу чачпа, ачууланба, сөгүнбө.
Чыгышты тээп жатпа.
Өлүктү көргө койгондо чыгышты баштантып жаткыр.
Күн менен Айды карап сөгүнбө, түкүрбө, ушатпа.
Отту бутуң менен ичкерилетпе.
От дегенден ооз күйбөйт.
Коломтону аттаба.
Күн баткан соң от бербейт.
Күүгүмдөн кийин үйдөгү отту талаага алып чыкпайт.
От көсөгөн ыштайт.
От менен суу тили жок жоо.
От жаккандыкы, тон тиккендики.
Очоктун күлүн тебелебе, сапырба.
Күйүп аткан отко куралды (бычакты, кылычты, найзаны ж.б.) жалаңдатпа.
Түнү чок алба.
Миздүүнүн (бычактын) мизин өйдө каратып койбо.
Токойду өрттөбө.
Ырыскы татарда дайыма колуңду чайы.
Таңкы тамакты таштаба.
Таңкы насиптин алдын башкага бербе, үй ээси катары өзүң ооз тий.
Дасторконду тетири салба.
Чайдын чамасын киши баскан жерге төкпө.
Чөмүч менен итке тамак куйба.
Нанды сындырганда бетин өйдө каратып кой.
Нан менен ооз же кол аарчыба.
Нан менен бычак аарчыба.
Тамакка сын такпа.
Чыныны чертпе, казанды калдыратпа.
Жалгыз даракты кыйба.
Куу сөөктү кармаба. Кудукка түкүрбө.
Аккан сууну сабаба.
Булактын көзүн ач.
Дайыма адамгерчиликтүү бол, кишичилик милдетиңди бил.
Адал, ак жаша, адептүү бол.
Бар-жокко каниет, топук кыл.
Пейлиңди оңдо.
Кошоматчыга, ниети карага, ыймансызга мал сойдурба.
Ыймандуу, боорукер, жоомарт, ак көңүл бол.
Аш куюлган аякты, чайды оң колуң менен узат.
Нанды көмкөрөсүнөн койбо.
Сабадагы кымыздан ооз тийбей башкага бербе.
Өз үйүңдө союлган малдын башын бирөөгө көтөртүп ийбе.
Бар туруп жок дебе.
Аш куйчу аякты аттаба.
Тамак ичип бүткөндө өзүңдөн улуудан мурда кол аарчыба.
Супараны тебелебе, улагага илбе.
Арам ойдон, арамдыктан кач.
Улууну урматта, кичүүнү ызаатта.
Карыларга жөлөк, кичүүлөргө өбөк бол.
Жардам, көмөк, ынтымактан качпа.
Таза жүр, таза иш кыл.
Күлкүңдү агытпа, напсиңди тый.
Алыс сапардан кайткан кишинин башынан үч жолу суу тегеретип түкүртүп төгүп, идишин эшикке көмкөрүп кой.
Колго суу куйган балага алкоо айт.
Кир сууну жолго төкпө.
Суу көтөргөн баканды аттаба.
Жамандык кылба жандууга.
Намыскөй бол.
Эл-жерди корго, тууңду сакта.
Дос, душманды айыр.
Бал сөзгө, жалтырак дүйнөгө алданба.
Атаны, улууну урматта.
Жаман түштү ойгонор замат: «Ушул түшүм ушу түн менен, ушул кара суу менен кетсин» – деп, суу менен оозуңду үч жолу чайкап, түкүрүп кой.
Жаман түшүңдү сууга айт, суу менен агып кетсин.
Жакшы түштү ойгонор замат: «Түшүм түш келбей, туш келсин» – деп, көктү карап туруп, бата кылып кой. Түштү жаманга жоруба, жакшыга жору.
Түшкө суу кирсе – өмүр, камчы – бийлик, жылан менен бит – байлык, нан менен тамак – токчулук, дөөлөт.
Кир кийим кийбе, ар дайым таза жүр.
Улууга сый, кичүүгө урмат көрсөт.
Акылга баш ий, жакшыга жанаш.
Сөз күнүн баркта.
Кан сөзүн, эл сөзүн, атанын жана улуунун сөзүн жерге таштаба.
Энени, аялзатты сыйла.
Колуңду тамчыга жууба.
Караңгыда кыз баланы сууга жибербе.
Караңгыда күзгү караба, чач тараба, жылдыз санаба.
Түн ичинде мал сойбо.
Караңгыда ак сураба, түш жоруба, үй шыпырба.
Караңгыда бөтөн бирөө эшикке келип чакырса өз атыңды айтпа.
Караңгыда сыртка бөрксүз чыкпа. Калыс бол.
Өзгө, жатка болсун акыйкаттан тайба. Чынчыл бол.
Ач көз болбо, башканын дүйнөсүнө көз артпа.
Сабырдуу бол. Кыялыңды ондо.
Ниетиңди таза алып жүр.
Жаман ойдон, жаман жолдон кайт.
Күлгө шыпырынды салба, шыпырынды менен күлдү кошо чыгарба.
Шыпыргыны тике койбо.
Шыпырынды жерге отурба.
Шыпыргы менен чаппа.
Беймаал күл төкпө.
Адамга, кыбыр эткен тирүү жанга жакшылык кыл.
Тирүүлөрдү ая.
Устатыңа ишен.
Бу жарыкчылыктан өз жолуңду тап, ал сени Жаратканга – Теңирге алып барат.
Таң атарда жолго чыксаң чык, күн батарда чыкпа.
Узак сапарга чыгарда ачууланба.
Жолуңдан кур чака көтөргөн аял чыкса кайра кайт.
Жолуңдан мышык өтсө тебетейиңди бир тегеретип коюп, сапарыңды ула.
Баш кийимди тетири каратып кийбе.
Баш кийимди сатпа, алмашпа, жоготпо.
Баш кийимди ыргытпа.
Баш киймиңди жөнү жок тегеретпе.
Каза болгон кишини мүрзөгө койгондо, ороп барган буюмду (кийизди) жети күн түнү менен сыртка жайып кой.
Тирүү кишинин башына жаздыкты оң кой.
Мүрзөнү колуң менен көрсөтпө.
Ата-энени ардакта, колуңан келгенче өмүр бою сыйла.
Эмгек кылсаң, ишиңди гүлдөтө бил.
Бирөөгө жамандык кылба, каргыш тукум кууйт, аны балдарыңа калтырба.
Эмгек кылбай берекет жок, ырыскы өзүнөн өзү кирип келбейт.
Келин жаңы келип, босогону аттаганда: «Алдыңды бала, артыңды мал менен дан бассын!» деп, төбөсүнөн ылдый аяктап дан куй.
Келинди отко кийиргенде май жедир.
Жаш баланы мактаба, күзгүгө көрсөтпө, салмагын ченебе, татынакай дебе.
Балага жаңы кийим кийгизгенде бетинен өөп кой.
Бешикти тээп жатпа, өбөктөбө, баспа.
Бешикти экөөлөп көтөрбө.
Атың аксаса баланын сийдиги менен жуу.
Наристенин бетине ай тийгизбе.
Баланы жуундурган сууну караңгыда сыртка төкпө. Баланын таманынан өппө.
Эгерде таманга, колтукка без чочуса эгиз төрөгөн аялга ачкарын үч жолу эмдетип кой.
Сынык күзгүгө көрүнбө.
Колуңду кежигеңе жаздап жатпа.
Жаш болсоң желбегей жамынба.
Салааңды кайчылаштырба.
Көсөө менен мал кайтарба.
Малды теппе, башка чаппа, сөкпө.
Итти жөнү жок урба.
Жаш бутакты сындырып, уяны бузба, жаш (көк) чөптү үзбө.
Кишилерге бирдей мамиле кыл.
Темирди булгаба.
Жер таянып отурба.
Жаагыңды таянба.
Колуңду оозуна салба.
Боюңду карыштаба.
Адамга арам буюрбайт, жукпайт, өзүң сиңирип кетсең да балдарыңдан чыгат.
Керегени теппе, тээп жатпа.
Жакшы кишиге ит бербе.
Эки атчандын ортосунан өтпө.
Жыйылган жүккө отурба, жатпа.
Курал-жарактарды аттаба.
Ооз-кесир сүйлөбө.
Кишиге артыңды салба.
Даам таткан кудугуңду булгаба.
Жалгыз сөөктү кайнатпа.
Мейманды эшиктен тос.
Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба.
Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартпа.
Душмандын чырагына май тамызба.
Өз элиңе чыккынчы болбо.
Туугандын колтугуна суу бүркпө.
Бирөөгө курал кезебе, анты болот.
Боюңда болсо, капка отурба.
Аял мандаш токунуп отурбайт.
Аял эркектин үстүнөн, кийиминен аттабайт, баспайт. Чоң жолдо жаткан буюмду алып четке кой, соопко каласың, ээси издесе таап алар.
Улуулардын алдында озунба, каткырба, капталдан качырып сүйлөбө.
Бирөөнүн кайгысына кубанба.
Себепсиз мойнуңа куруңду салба.
Күн баталекте жатпа – ал жамандыктын белгиси Аласаңды жөнү жок кыстаба.
Бирөөнүн ак никесин бузба.
Берген антыңдан кайтпа.
Элдин салт-санаасын тебелебе.
Ууру кылба, ушак сүйлөбө.
Аманатка кыянаттык кылба.
Бирөөнүн байлыгына көз артпа.
Өзгө, жатка калыс бол, арамдыктан алыс бол.
Бирөөнүн үйүнө курал-жарагыңды, камчыңды ала кирбе.
Бирөөгө жакшылык кылсаң, ал акыры өзүңө кайрылып келет.
Жакшы болом десең, жакыныңан жан тартпа.
Жашыңдан жаман жолго баспагын, адамдык сапатыңды сактагын.
Арстандай күчүң болсо, түлкүдөй куулукту үйрөн.
Арткан ашты иттен аяба.
Темирге заара кылба.
Балаңдын ыйманын жашынан тиле.
Алган чачыңды тебелендиге таштаба.
Үй ичинде ышкырба, үйдү айлана чуркаба.
Тырмагыңды отко салба.
Аркан чыйратып атканда түбүнөн өтпө.
Кишиге көңүл айтып келатып башка үйгө кирбе.
Эртең менен жаман сүйлөбө.
Ата-бабанын арбагына сыйын.
Жер-сууну ыйык тут.
Намыскөй бол, аны өлгөнчө колдон чыгарба.
Дос-душманды айыр.
Салт-наркты сакта, аны коргой бил.
Антты бузба, ата кегин ал.
Кесирленбе, сынтакпа – ал айланып өз башыңа түшөт.
Ниетиң оңолсо оюң да, сөзүң да, ишиң да оңолот.
Бирөөнүн үйүнө барсаң бута атымдай калганда аттан түшүп, дабыш чыгар.
Амандашпай, ал-жай сурашпай сөз баштаба.
Үйүңө келген кишини эшикке чыгып тосуп ал, атын ал, чөп сал, өзүн үйгө кийир.
Конокко куюлган же берилген даамдан, адегенде, өзүң ооз тий.
Аялдар үйдүн эпчи (апче же ала, эже) жагына, эркектер ээр жагына отурат.
Аял киши конок отурган үйдөн чыкканда босогодон артын салбай, алдын салып (арты менен) чыгат.
Эт бышканда сорпону байбиче, а этти үй ээси биринчи ооз тиет.
Элге эт тартылганда үй ээси: «О, Көкө Теңир, жалгай көр! Элден бар болгон ырыскыңды аяба! Мал-жанга тынчтык бере көр!» – деп бата кылат. Тамак желип бүткөндө да ошентет.
Жети атаңды санай бил, билбесең кулсуң.
Эл салтын сыйла.
Улуу болсоң кичик бол.
Аялдар айгыр, эркектер байтал, уй минбеш керек.
Келин кайын ата, кайын энесин, күйөөсүнүн бир туугандарынын жана эже-карындаштарынын баарын тергеши зарыл, улуулардын алдынан кесип өтпөй, айланып өтүшү керек, булар ызааттуулуктун белгиси.
Жамандыкка малынба.
Сүйлөгөндө шашпай, так сүйлө, аз сүйлө, саз сүйлө.
Эл-жерге жат болбо ж.б.
ЭНЕСАЙ МАДАНИЯТЫ
Түштүк Сибирдеги б.з.ч. II кылым, б.з.ч. Х кылымга чейин жашаган бабалардын доорун жана маданиятын жалпысынан «Энесай маданияты» деп атаганыбыз жөндүү.
V–IХ кылымдарда сай-сайлаган элдин башын бириктирген кагандары, баатырлары чыгып, кыргыздар согуш өнөрүн өздөштүрүп, черүү күтүп, өркөнү өсүп, дөөлөттүү эл болуп калган. Алар көчмөндөрдүн ичинен биринчилерден болуп кен казуу, темир иштетүүнү билишкен, жерди сугарып, мол түшүм алып, дыйканчылыкты өздөштүрүшкөн. Жоого минер аттары короодо, кылычы колдо болуп турган.
Кытай окумуштуулары энесайлык кыргыздардын Таң доорундагы жайдары жашоосу жөнүндө мыкты баяндама берген: «… Апай Тоонун астындагы тектирде аппак боз үйлүү айыл четинен төөлөргө жүк жүктөлүп, аттардын куйругун түйүп, жолборстон кээжим жаптырып, жолоочулар узап баратышат… Жайкы саратанда закымдаган теребел учу-кыйырсыз кең жайлоодо балкыйт, төрт түлүк мал тоо этегинде, кыркаларда, мелүүн күндө салкындап жатты. Ак калпакчан, шырылган чапан, бирок атка жабыша минген алп мүчөлүү атчан укуругун сүйрөтүп, колунда камчы, жайлоодогу малын айдап, аркы-терки чапкылап жүрүшөт. А кышкысын болсо жаа жебесин асынып, найзасын жанга алып, кушун колуна кондуруп, тайганын ээрчитип көз жеткис жайлоодо аң уулап жүрүшөт… Ал эми балыкчылары болсо себетин жонго асынып, балык сайчу айрысы менен Энесайдын бетиндеги музду көзөп, балык кармашат. Кечте балык кармап кайткан кыргыздар, топ-тобу менен чанага түшүп, муз менен кардын үстүндө куштай сызып, оюн тамаша курганга өтүштү…»
Энесайдагы кыргыздар мал-мүлктүү, оокаттуу, бай жашаган, ак сөөктөрү кырлуу, чокчогой учтуу, алтындан зээр баскан калпак кийген. Жоокерлери, эрлери киселүү кур курчанышкан. Эркек, аял дебей бирдей сырга тагынышкан. Таштык доорунун башталышынан (б.з.ч.) бери жылкынын башы же сөлөкөтү жасалган кичине коло тумарларды тагынышкан. Мунусу – кыргыздардын жылкы жаныбарды башка жандыктардан «Ат – эр жигиттин канаты» деп жанындай көргөндөрүн далилдеп турат. Эр менен аттын кошо көмүлгөнү азыркы күндө археологдор тарабынан далилденип туру.
Санжыра боюнча тогуздап мал берип, кыз алуу, куда түшүү, айып тартуу энесайлык кыргыздардын доорунан бери келаткан адеп. Муну кээде «тогуз-тогуз сыйлык» деп айтышчу экен. Мындай өтө кадырлуу учурда – каган алдына барганда, же тегиндер куда-сөөк күткөндө, же чоң олжолуу жеңиштерде элге олжо бөлгөндө колго түшкөн кулдар, күңдөр тартууга кеткен. Айтсак: каганга тартуу алып бара турган болсо, тогуздап – тогуз кыз, тогуз эр, тогуз тон, тогуз бүркүт, тогуз аргымак ж.б. деп отуруп, белек башын санаса жүзгө жеткирген экен.
Көчмөн элдер социалдык турмуштун жашоо тажрыйбасын жана жазма тарыхты карасак, башка элдерден мурда эки кабат боз үйдү, шымды, ат жабдыктарын – үзөңгүнү, чынжырлуу жез коңгуроолуу ооздукту, жүгөндү, ээрди, аяк капты, сабаны, чаначты, кара аякты, тулганы, арча бешикти, арабаны, кайкы кылычты, жаанын жебесинин түрлөрүн кыргыздар биринчи пайдаланган. Мунун көбү байыркы көчмөн кыргыздардын энчисине тиешелүү.
Барсбек доору. Көгмөндү байырлаган кыргыздар VI кылымдын аягында Барсбекти хан көтөрүштү.
Барсбектин бабалары Теңир атага, Умай энеге тегиз сыйынган тектүү жердин тукумунан Умай бег деген уруудан чыккан. Атасынан жаштайынан төрт бир тууганы менен жетим калып, өзүнүн зиректигинен, тыңдыгынан элге аралашып, баатырдык даңазасы өсүп, эрте жетилген, эл оозуна кирген эр болчу. Ал Миң-Өзөнгө тайган агытып, бүркүт салып, салбуурундап жер безип көңүл ачканды жактырган.
Энесайлык кыргыздар эл (мамлекет) башчысына элтебер, ажо, тегин, каган деп атап, наам беришкен.
Кыргыз санжырасы боюнча сыдырып келсек, «бөрү жатындашын жамандыкта таштай качат, барс боордошун таштабай чогуу өлөт» деген кыргыздар Барсбек хан шайланганда атын өзгөртүп ардак наам ыйгарган. Барсбек саны кеткен кыргызды сай-сайдан таап, куну кеткен кыргызды кыр-кырдан издеп чогултуп, элдин башын кошкон, жоодон жалтанбаган, кылычынан от жанган, ажарынан нур чачкан алп баатыр эле.
Чыгыш-Батышта эч кимден жалтанбаган түрк билермандары Барсбекке Ынанчу Алп Билге деген даража ыйгарышкан. Мунун артында кыйдылык бар эле. Биринчиден, түрктөр кыргыздан чочулашып, экинчиден, энесайлык кыргыз кагандарын айла-амал менен Таң империясына сокку урууга үгүттөгөн. Акылман кыргыз каганы бу азгырыкка көнбөдү.
Кыргыздардын эрдигине Таң империясы ыраазы болгон. Байыркы Кытайдын тарыхый жазмаларында («Жалпы хансу кыргыздарда») кыргыз эли жөнүндө мындай маалымат беришкен: «Кыргыздардын жери жазда суулуу болуп, кышта калың кар каптап жатат. Барып-келиш өтө кыйынга турат… Элдери тоо таянып конуш алган. Алп денелүү, кызыл жүз, коңур чач, көк көз келишет. Адамдары өтө баатыр келип, конушуна элдер коркунуч ичинде турушат… Кундуз, суусар кийим кийишет. Тамакты колу менен жешет, салт-санаасы негизинен түрктөр менен окшош…»
Көгмөн тоо (Көкмөл тоо) жарыктык кыргыздардын бак-таалайына бүткөн, арашан суусу мол, кышкысын жылуу, жайкысы салкын, тоосунда тоодак, аркар, кулжа, бугу жайылып, чер-токоюнда кушу сайраган, кундуз, кишке толгон, көлүндө өрдөк, каз, аңыр уялаган, зоокасында кийиги чубаган, суусунда балыгы шыкалган, бейиш жер эле. Эли Көгмөн (Көкмөл) жайыгын «Жашыл тоо» деп аташкан.
Көгмөн капчыгайын өрдөгөн жалгыз гана жол кетчү. Жолоочу өзөндү чытырман токойду аралап, кыйма-чийме суу кечип, аскага арчадан жасалган асма жолдон атын араң жетелеп өтүп, ажайып жайыкка туш келчү. Жайык Көгмөндүн жайылган төрү кош алакандай, уч жагы айлампа, бийик зоолор менен тосулуп, «Темир капка» аталчу. Мергенчилер билген бир гана ашуу болгон.
Кышкысын Көгмөнгө келчү өзөндүн жолу жабылаар эле. Тоо башындагы ак кар, көк муз жазында эрип, суу кирип, анан тартылганга чейин кишилер катташпаган.
Көгмөн кыргыздар кышында санаасы тыңгылыктуу болуп тай союп, кара таруудан бозо салып, кымыздан тарткан шарабын ичип, күрүч көжө жеп, өздөрү эккен буудайын моло ташка бастырып, тегирменге тарттырып, нанын чайнап, балык тутуп, токчулук баскан эл тойлоп, усталар жаандан кийин жер бетине агылып түшкөн темирден өткүр жоокер куралын жасап, келерки жайдын камын көрүп, эч капарсыз чардап жатчу.
Чапкын. Энесайлык кыргыздар Түрк кагандыгына албан салыкка темирди, өткүр жоокер куралдарын – жебе, кылыч, найза, канжар, калкан жасап берип туруучу. Эми түрк каганы ошол куралдар менен өздөрүн жанчмай болду.
711-жылы кыраан чилдеде, жол билбеген жоо кайдан келет эле деп бейкапар жаткан кыргыздарга түрк каганы жыйырма күн жол жүрүп, Саян ашуусун ашып, Ак-Термелди өрдөп, кагандыгын селдей басып калды.
Кыргыз каганынын алтын ордосу чабылды, аккан суудай каны төгүлдү, тополоңу тоз болду, көк желеги жерге түштү, тыйпыл чабылган кыргыз кагандыгы далай жылга алсырап, эли мөгдүрөп, маданиятынын зоболосу өчтү.
Барсбек кошогу. VIII кылымда Барсбектин азасына жазылган «Алтын-Көл таш жазууларындагы» Миң-Өзөндө (Хакасияда) табылган ташка чегилген кошоктон:
«Он ай боюна көтөргөн эле мени энем! Элиме мени тууп берген эле энем. Жериме мен эрдигим менен бек болдум.
Сансыз жоо менен салгылаштым, эми элимди кайгыга салып кете бердим. Атаганат!
Агайындарым тоо көтөргүс белек берчү элеңер.
Жер бетиндеги ишиме, эрдигиме мен Барс көзүм тойбоду.
Атасыз баатыр элеңер! Ажал өзүң жок болгун тукумуң менен! О, Барс, бизди таштап кеттиңби? Атаганат!
Биз Умайбектербиз – уруубуздун эр жүрөктөрүбүз – биздин ата-салтыбыз ушул! Атаганат! Алты эрди кошо ала жатпадың! Тулпарыңды жаныңа сойдура жатпадың! О, кымбатым! О, кенчим! Бизди таштап кетпесеңчи!.. Сен барда кубанчыбыз эле.
О, Суңганын алтын чер-токоюнун илбээсини, көбөйө бер! Укум-тукумуңду көбөйтө бер! Менин Барсым атын да, букасын да албастан өтүп кетти бу дүйнөдөн! Атаганат!
Менин жоокердик эрдигиме, агаларымдын жана инилеримдин аброюна арналып мага ушул түбөлүктүү эстелик коюлду».
Тапу Алп Сол доору. Андан отуз жыл өтпөй, бая тыйпыл жоголду деген кыргыз кагандарынын эрлери жетилип, кайрадан башы биригип, урматы өсүп, туусун оболотуп, черүү күтүп калган.
Нечен кылымдар бою тарыхта аты өчпөгөн кыргыздардын зоболосу көтөрүлүп, маданияты өскөн, гүлдөгөн доору, кой үстүнө торгой уялаган заманы энесай мезгили, Тапу Алп Сол ата кагандыкка келген учуру. Бул кезде кыргыздар Борбордук Азиядагы көп көчмөн уруулардын ичинен башы эрте биригип, Кытай сыяктуу чоң өлкө менен соода-сатык, маданий байланыш жасап, салтты катуу кармаган, күчтүү аскер кол күткөн, жазуусу чыккан, Теңирчилик динине ишенип, бакшылык да күч алган жана рухий маданияты түптөлгөн ордолуу журт болуп калган. Мурда Түрк каганаттыгы Борбордук Азияда чамгарактаса, эми Уйгур каганаты кыргыздардын чекесине чыккан чыйкан болду.
Уйгур кагандыгына кыргыздар оор салык төлөр эле. Кагандык басып алган уруулардан олжо алып, салык менен гана чектелген эмес, алар ошол элдин кулк-мүнөзүн, динин, адат-салтын өзгөртүүгө, уйгурча сүйлөөгө, жашоого мажбурлаган. Уйгур кагандыгынын негизги дин ишеними манихейчилик эле.
Кыргыз бабаларынын башына кандай оор күндөр түшпөдү. Не деген апат күндөрдү өткөрбөдү. Далай күчтүү императорлор, кагандар кыргыздарды чапты. Канча кыргыз тукумун курут кылдык дегени менен кыргыздар тымызын аккан булактай кайрадан жанданып чыгат. Жыйырма жылдан кийин кайрадан жаңы муун жетилгенде баягы кыргыздар карт тарыхта башын көтөргөн экен. Теңир колдогон, кудуреттүү эл таш жарып чыккан арча тамырына окшоп жер үстүндө кайрадан пайда болду. Бара-бара сай-сайлаган кыргыздар баш кошуп, журту түптөлдү. Бая атасыз калган жетимдер эр жетилди. Ордо курула баштады. Эми алым-салыктардын оордугу жанга баткан, ата кегин кууйм деп намысына кирген кыргыздар көчкүдөй сүрдүү, күчтү эле.
Хан көтөрүү салты. 818-жылы Энесай кыргыздары Тапу Алп Солду каадалуу кагандыкка көтөрүшөт. Көчмөн уруулардын каган көтөрүүсү эски салтты сактап, нарктуу өткөрүлгөн.
Жан-жөкөрлөрү Алп Солдун башына оюу-кыюулары алтындан басылган ак калпак кийгизип, мойнуна жибек ороп, белине алтын кемер курчап, шаан-шөкөт менен ак кийизге отургузуп, катар тизилип жарданып турган калктын кыйкырык-сүрөөнү, айгайлаган кубаттоосу, жалпы ырдын коштоосунда күн багытты карай тогуз жолу айланта көтөрүп чыгышты.
Ак боз атка минген ажонун мойнундагы чубалган жибек тасманы кагандын жолу деп тартышты. Анан каган элди канча жыл башкарарын, кагандык жарлыгын айтат. Бул анын элге айткан анты эле. Атайы жакшылыкка арналып багылган жылкы үйүрүндөгу кызыл бээни садага чабышат.
Мурунку бабалардын жолун улап, кайран Көгмөн жерин кайрадан эби менен ээлеген, жети өзөндө кыргызды эптеп жүрүп эл кылган, тентиген жыйып журт кылган Алп Сол баатыр эле.
Алп Сол каган Көгмөндү илгертен ыйык ата конушу деп ардактаган. Ордо корук менен тостурган. Башка башчылары үчүн үч канат, беш канат үйлөрдө, хан ордосун айланта курчап жайгашкан. Хандын он канат боз үйүн алтын боз үй дешчү, көп жасалгалары алтын-күмүштөн эле. Мындай чоң ордо метече (мийджи) деп аталган.
Кыргыз каганы душманга каршы шаарга, айыл четине жана белгилүү жерлерге жаа түрүндө чеп курду, чептин сыртына терең аң казып, ага суу толтурулду.
Алп Сол ата бейпил күндө көптүн тилине кирген, элди колго ала билген, боорукер, сабырдуу, сүрдүү, сөзгө чебер, көсөм эле. Ал уйгур, кытай, түрк тилдерин билген, жазууларын окуган, далай динди түшүнгөн. Жаш кезинен бедизчиликти үйрөнгөн. Кыш күндөрү суусар тебетей, жайкысын алтын түймөлүү, тик төбөлүү, кайырма ак калпак кийген, белине өткүр шамшар байланган. Эл башына кыйынчылык түшкөн күндө көкүрөгүн окко тоскон, кара жанын канжыгага байлаган, калкым дегенде жалтанбас жанкечти эле. Ал тегерегиндеги алдуу-күчтүү кагандыктар, боордоштор менен күлүк ат, тулпар, куш тартуулап, куда-сөөк, дос-тамыр күтүп, камыр-жумур мамиле кылган. Анын бир аялы тибеттик кол башчы кызы, бири карлуктардын йабгусунун кызы болгон, экөөнү тең миң жылкыдан калың берип алган. Алп Солдун он короо кою, сансыз жылкысы болгон.
Алп Сол каган ар бир уруу жана тайпалардын башчы акылмандарын ордого жыйып, элдин абалын, адам менен малдын санын, азайып-көбөйгөнүнүн эсебин алчу. Андан кийин улуттук оюндар, майрам үч күнгө созулчу. Калайык өз мекенинин ыйыктыгын жана аны коргоону сезди, кубаттуу аскер күттү. Кагандын бийлиги ыйык болду. Эл ичи аймактарга бөлүндү, салыктар убагында чогулду, олжо-белектер түшүп турду жана кыргыздар башка уруулар менен соода сатыкка ээн-эркин өтө баштады.
Энесайлыктардын турмушу аябай эле оңолду, мырзалар, байлар жана боз үйлөр көбөйдү. Уюк Туран деген байдын 6000 жылкысы болгон. Барлак, Элегей, Ачур деген байлардын малдары сансыз эле. Булардын дайыны таштагы рун жазууларда сакталган.
Кыргыздардын байып, башка эл менен ынтымак мамилесине, алым-салык төлөбөй, баш бербей кеткенине ичи тарыган уйгур каганы Бао-Инин жинденип, кыргыздарга улам кол жиберип, чабуул коюп турду.
Алп Сол каган кыргыз хандыгын чыңдады, Миң-Суунун чет жакасындагы майда уруктардын башын бириктирди, мамлекеттик бийликти борборлоштурду, 100 миңге жетээр кол күттү, аскер тартибин, жоокерлик өнөрүн, өлкөнү башкарууну кайрадан жаңыча түздү.
Зирек каган кыргыздын тың уулдарын Кытайдан, Уйгур кагандыгынан, Тибеттен окутту, өнөр, кесипти үйрөттү. Эстүүлөрү өнөр, тил үйрөнүп, башка элдин жакшы салт, маданиятын билип келишти. Кыргыздар боз үйдөгү кампаны сыртка кенен салышты, сугатчылык жүргүзүштү, букаралар карапа бышыруу, темир эритүүнү өркүндөтүштү, чоң кайыктарды жасашты.
Күн чыгыштан Күн батышка чейинки жерлерге даңазасы улуу коңгуроодой угулуп турган айкел Алп Сол хан ата 22 жылдай алтын тактыда отурду. Кыргыз ажосунун даңазасы Алтайдан Теңир-Тоого, Алайга жетти. Акындар кыргыз каганы – акылман, баатыры жөнүндө дастан, ыр, күү чыгарышты.
Акыры жүз миң атчан аскери бар Алп Сол каган өткөндөгү өчүбүздү алабыз деп 200 миң аскерлүү Уйгур кагандыгына кандуу казатка аттанды.
Айлакер Алп Сол хан бу казатка катуу даярданган эле. Ал майданды өзү башкарды. Жоокерлердин көбү ар кайсы уруулардын башчыларынын балдары эле. Каган алдында барымтага келгендердин көбү он башы (он беги), жүз башы (жүз беги), миң башы (миң беги) кызматын аткарышкан. Аларды «Турнак» деген наам менен чакырышкан. Кокус ушу кепилдикке келген балдардын аталары, уруулары Кыргыз кагандыгына каршы козголоң чыгарса же жоого бирге жоокер чыгарбай чогуу аттанбаса, кара ниет иш жасашса, баягы ак жүрөктөнгөндөрдүн балдарынын (турнактардын) башы алынган.
Кыргыздар он беш күндүк жол басып, уйгурлардын хан ордосу Орхондогу 125 жыл турган Кара-Корумдун (Кара Баласагун) ар кайсы дарбазасынан чабуул койду. Айыгышкан кызыл кыргын, кара сүргүн, майкан башталды. Бири-биринин согуш өнөрүн билген атчан жоокерлер катуу кагылышка кабылды.
Кыргыз жоокерлери согушта каза тапканды эрдик дешээр эле. Байыркы кыргыздар рун күлпөң таш жазууларында согуш менен өлүм жөнүндө кыска, даана жана акылмандай ыр менен сүрөттөшкөн:
«Каның суудай акты, Сөөгүң тоо болуп жатты.
Бек уулдарың кул болду, Күлгүн кызың күң болду. Тизелүүнү бүктүрдүк,
Баштууну эңкейттик».
Тарыхта биринчи жолу Уйгур каганаты катуу талкаланды. Кыргыздар колуна курал кармабаган кары-картаңга, аял-балдарга тийбеди.
Таң сулалесинин императору кыргыздардын жана Кытай падышачылыгына умтулган жөн билгилигине ыраазы боло «Кыргыздардын сыйлыктары жөнүндө» деген бир сүрөттүү китеп жазууга жарлык түшүрдү. Китептин кириш сөзүн Таң сулалесинин баш вазири Лий Дейи өзү жазган. 846-жылы Таң Вузуң элчиси Лий Шини кыргыз кагандыгына көп белек тартуулап аттандырат. Алп Сол каганга «Цзун-ин-Сюн-у Чен-Мин Каган» («Ата бабасы баатыр, өзү адал жүрөк каган») деген атак ыйгарган, чөлкөмүн кеңейткен. Элчи менен кошо Таң падышасы кыргыз каганына кат жолдогон.
Кыргыз ажосу Алп Сол хан ата 847-жылы а дүйнө кеткен. Кыргыз акылмандары, кол башчылары акылдашып Алп Сол кагандын сөөгүн кийин жат жоо кордобосун деп, амал-айла ойлоп, момуя менен арчанын ширесине катырды, кабырын терең каздырып, чарайнасын жакуттан коюп, чеке-белин таш менен көтөрттү, жан кишиге айтпай, жат көзгө билдирбей, жашыруун тулпары менен кошо асемдеп көмүшкөн, үстүнөн сан жылкыны кайракайра өткөрүп, биротоло жик билгизбей жерди таптатып салышкан. Андан тай чабым жердеги талаа-түз көрүнгөн төө өркөч тоонун үстүнө Алп Сол хан атага өзүнчө таш менен бышкан кыштан ибадаткана салышкан. Төбөсүн жука карапа менен жаап, тегерегине терең аң казып, суу толтурган. Ибадаткананын ичине бабалар аскага чегилген сүрөт-жазууларын, тамга-белгилерин чегишкен. Калайык журт көп чогулса ибадаткананын сыртында сыйынышкан.
Кыргыздар жат душман көрсүн деп Алп Сол кагандын сөөгүнүн ордуна жалган тулу өрттөшкөн. Энесайлыктардын салты боюнча ибадаткананын алдына укурук бою таш айкелин тургузган.
Кыргыздар мурдатан адатка айланган түрк менен уйгурлардын салтын бузду, жеңилген кагандардын балбал эстеликтерин хан атанын катарына койбоду. Алп Сол кагандын катарына анын эрдик менен курман болгон баатырларынын балбалы тизилди. Алп Сол кагандын кабырынын алдына эки кочкордун жана таш баканын бедизи чегилип коюлду. Ал кездеги Кытай жана азиялык көчмөн элдеринде, урууларында таш баканын айкели узак өмүрдү жана түбөлүк жашоонун каймана маанисин түшүндүрчү. Бедизчи таш бетине Алп Солго айтылган керээз кошокту чекти.
Кыргыздар уйгурларды жеңгенден кийин хандык ордосун Энесай боюнан Селенга дайрасына жакын Туман аймагына (Таннуолага), эзелки жерине Монголияга кайрадан көчүрдү.
Кыргыздардын Уйгур кагандыгын талкалаган Алп Сол хан ата жөнүндө элдик таланттар аңыз, дастандар, күүлөрдү чыгарышты. Кыргыздын улуу эпосунун алгачкы башаты ушул Уйгур кагандыгы менен болгон чоң казаттан кийин айтыла башталса керек. 840-жылдагы улуу майдандын окуясын эң алгачкы кыргыз сүрөтчүлөрү, бедизчилери Монголиядагы Чыгыш Гоби аймагындагы Барун Бичигдин аскасына кыргыз баатырларынын сүрөтт өрүн чеккен экен. Андагы чегүү ыкмасы, жоокердик кийими, ат жабдыктары жана өң-алаты кудум эле кыргыз жоокерине куюп койгондой окшош. Ушул ташка тартылган сүрөттө Алп Сол атанын кебетеси болушу ык тымал.
Жазма баяны. Энесайлык кыргыздардын эң баалуу рухий байлыгы – алардын башка көчмөн уруулардан мурда жазмасы болгондугу. Франциянын тарыхчысы Шавумуни: «Тээ жаңы эранын бешинчи кылымында эле кыргыздар орхон-энесай жазуусун колдонгон» – деп айтканы акыйкат сөз.
Ошондой болсо да кыргыздардын арасында түрк кысымына чейин да, кийин да, IX кылымда руна өз жазуусун калың элге окутуу жүргүзүлө баштаган. Кытай, түрк уйгур тилин билген кыргыздардын ичинен чыккан бектер, элчилер жана бакшылар улуттун маданий мурастарын үгүттөп киришкен.
VIII кылымда Түрк кагандыгы кыргыз жазмасынын негизинде руна жазмасын өздөштүрүп, кыргыздарга күчтөп түрк жазуусун жана тилин зордоп окутушкан. Ордо жеринде кыргызча кат жазууга жана сүйлөөгө тыюу салынган.
Кыргыздар руна жазуусун кыйынчылыкка карабай XII кылымга чейин сактап келген.
Чаа-Тас маданияты. Энесай доорундагы бир учурду
«Чаа-тас» («Согуш ташы») маданиятынын доору деп коёт. Минусинск ойдуңундагы мүрзөлөрдөн табылган маданий эстеликтерге айрыкча маани берилет. Кыргыз маданиятындагы «Чаа-тас» доорунун (VI–VIII к.к.) деңгээлин көр сөткөн маданий эстеликтердин чеги Саян тоосунан башталып, Алтай, Минусинск ойдуңуна чейинки кең аймакты ээлеп жатат.
«Чаа-тас» доорундагы таш коргондор, элдик буюмдар, жоокердик курал-жарактар, кийимдер, ташка чегилген сүрөттөр, жазмалар жана сөөк коюунун каада-салты аркылуу байыркы энесайлык кыргыздардын социалдык жашоо-тиричилиги, жалпы маданиятын көз алдыга элестетебиз. Кыргыздарда «Чаа-тас» доорундагы кеңири тараган карапа идиш болгон.«Кыргыз кумараларынын» дайыны далай элдерге кеткен.
Кол өнөрчүлүк. Энесайлык кыргыздардын темир устачылыгы, зергердик өнөрү, боз үйү, аялдардын асемдүү жасалгаларын, ат жабдыктарын жасоо өтө өнүккөн. Байыркы тарыхый жазмаларды, тарыхый сүрөттөрдү карап келгенде сак, хун, үйсүн, дөөлөс, түрк тарыхына абай салсак алардын кадимки кооз ээрлери болгон эмес. Көчмөн уруулардын ичинен улуттук ээрин эң алгачкы чапкан кыргыздар болушкан. Кыргыздардын ажолору (кагандары) кушбаш ээрдин кашын алтындан жасатканын санжырада, элдик оозеки чыгармалардан, «Манас» эпосунан окуйбуз.
Эң мыкты усталарды, эң кымбат буюмдарды жасаган чеберлерди каган ордосуна иштеткен. Кыргыздар атам замандан алтынга бай болгон. Жеринен алтынды табууну жана баалуулугун билишкен. Муну байыркы грек тарыхчысы Феофилакт Симокатта (VI–VII к.к.) далилдейт. Элүүгө чукул алтын оюусу менен кооздолгон кемер курларды курчанган байлар болгон. Байыркы кыргыздар менен кошуна көчмөн уруулардын чабышы алтындан улам башталган учурлары көп. Ошондогу казына-кенч катылган казанактардан кагандын алтын тагы, алтындан уютулган канаттуу тулпар, төө, куштардын бедиздери жер астынан табылган.
Түрк чежиресинде (санжырасында) Энесайдагы кыргыздардын шаарынын жанында күмүш кен болгонун, аны иштеткенин айтат. Кыргыздардын урунган казанаягы, идиштери, кашыктары жана кутулары бүтүндөй күмүштөн болгон. Кыргыз усталары, зергерлери ат жабдыктарын, ээрлерин, жүгөн-куюшкандарын, жоокер куралдарын, аялдардын шакек-мончокторун, бычактын, камчынын саптарын, оттук таштын каптарын, кемер курларын ж.б. бүтүндөй күмүштөн жасаган.
Байыркы кыргыздар, темирди камырдай жуурган мыкты усталар кесиби боюнча зергер, куюучу, уста, кыруучу, бедизчи ж.б. болуп бөлүнгөн.
Байыркы кыргыздардын жана көчмөндөрдүн эң чоң жетишкендиги – темирди дүйнөдөгү башка элдерден эрте таап алгандыгы. Андан ат жабдыктарын жасап, жер айдаганга колдонушкандыгы. Кыргыздар жоокер куралдарын – кылыч, найза, жебени жана зоот кийимдерин жасашкан. Кыргыздардын темир таап, курал жасаганын үйрөнгөн тентек элдер Батышты көздөй чоң казатка аттанып, уктагандарга чуу салганы тарыхта белгилүү эмеспи.
Хакасиянын Уйбат талаа-түзөңү байыркы көчмөн бабалардын кышкы жана жайкы утурумдук конуш жайлары болгон. Тарыхый эстеликтер мында арбын: эски сокмо сепил чептердин урандыларын, хан ордосунун казылган ордун, топ-топ тизилген корукталган төбөсү чыккан, кыйшайган таштардын катарын, ар тарабынан казылган көрүстөндөрдү көрөсүң.
Деле Түштүк Сибирде байыркы баба көрүстөндөрү өтө көп. Чет өлкөлөрдүн окумуштуу-археологдору байыркы кыргыздардын тарыхын жана маданиятын көрүстөндөрдөн табылган эстеликтер боюнча изилдеп, илимге жаңылык ачып беришти. Алар байыркы кыргыздардын шаар урандыларынан, көрүстөндөрүнөн өрттөлгөн сөөктүн калдыктарын, карапа буюмдарды, кемер курларды, асыл курал-жарактарды, соко, жаргылчак, соку, сөөк кетмен, балта, чопо жасаган калыпты таап чыгышты. Байыркы кыргыздар кесе, чыны табак, тамак салар, тамак куяр жалтырак идиштерди мыкты жасаган. Мындай табылгалар Алтайда, Орхондо да, Тувада да эң арбын.
«Чаа-тас» маданиятынын кийин IX к. Кыргыз мамлекетинин, согуш өнөрүнүн, маданиятынын гүлдөп өскөн, жетилген мезгили болгон: кагандыкта рун жазмасы жана дүйнөлүк диндер тарайт; кыргыз кагандары мамлекетке акча киргизүүгө аракет кылат; шаар куруу жана дыйканчылыгы өсөт; кыргыз маданиятынын эстеликтери Борбордук Азияга кеңири тарайт.
Байыркы шаар жөнүндө. X кылымдагы араб саякатчысы Истахри Абу Исхак Ибрагим «Худуд ал-аалам» деген китебинде (982-ж.) кыргыздардын жери, тили, үрп-адаты жана шаарлары жөнүндө алгач маалымат айткандардын бири. Ал эмгегинде «Кыргыз хан» деген шаар болгонун эскере кетет. Бул Ала-Тоодобу, Алтай, Орхондогу шаарбы, так айтылбагандай. Балким, изилдөөчү чоочун жазмадан алгандыр же оозеки кабарга таянгандыр. Абай салсак, IХ–Х кылымдарда кыргыз каганынын ысымы бир гана Алп Сол атына коюлган сыяктанат. Мүмкүн, кыргыздар 840-жылы Уйгур кагандыгын жеңгендин урматына Орхондо же Тенир-Тоодо өз каганынын атына татыктуу ордо борборун – шаарын атаган чыгар? А балким, бул азыркы күндөгү Кытай өлкөсүнө тиешелүү Манас сыяктуу шаардыр.
Байыркы кытай жазууларында энесайлык кыргыздарда «Ийлан-Чжоу» деген шаар болгону айтылат. Балким, ал «Йуан тарыхында» 1270-жылы айтылган «Түп-Терек» деген байыркы шаар болуп жүрбөсүн? Ал эми түрк санжырасында кыргыздардын Алакчын деген шаары курулганын, анын тегерегинде ала жылкы, күмүш көп болгонун кабарлайт.
Испан саякатчысы араб ил-Идриси (XII к.) кыргыздар жашаган жерлердин бекемдигин, дубал менен жыш курчалган, тегерете аң казылганын баяндайт. Азербайжандын улуу акыны Низами «Искендернаама» поэмасында кыргыздардын бейишке окшош шаары бардыгын жазган.
Элдин рухий байлыгы. Кытай жазмаларында, энесайлык кыргыздар акылман улут, алар сөзгө чечен, баары текши ырчы келет дешкен. Чындыгында, энесайлык кыргыздардын мазмуну бай аңыздары, ашыктык ырлары, кошоктор, поэмалар ж.б. элдик чыгармалары ошол доордо жаралган. Майда эпостор, дастандар айтылган.
Кытай жазмалары («Жаңы Тан жылнаамалары») айткандай, энесайлык кыргыздар чоор, добулбас, сурнай, керней, ооз комуз, чыңыроон, кыяк, коңгуроо, жылаажын, зыңгырама, балдап, балман, дап, жазнай, жекесин, наама, чаткан ж.б. кырктай музыкалык бай аспаптары болгон. Кытай жазмаларына ишенсек, кыргыздын адегенде ичке саптуу, сүйрү баштуу, кайкы моюндуу, үч кылдуу, а тургай төрт кылдуу комузу болгон. Комуздун жаңы түрү V кылымда гана өзгөргөн. Залкар күүлөрдүн алгачкы үлгүлөрү Энесайда жаралган. Кыргыз комузун хундар да черткени тарыхта белгилүү.
Байыркы Энесай кыргыздарынын колдонмо-жасалга өнөрчүлүгү – оймочулук, саймачылык, өрмөчүлүк, чий чырмоочулук, зергерчилик, килемчилик, терини, жүндү иштетүү ж.б. кол өнөрү мыкты өнүккөн. Кыргыздардын жүндөн, териден жасалган шырдактары, жер төшөктөрү, килемдери Борбордук Азияда баа эле. Кыргыздардын байыркы оюулары биздин алгачкы сүрөтүбүз, эн тамгаларыбыз, аңыз, символдук түшүнүгүбүз жана акылмандыкка, ойчулдукка, сулуулукка карата ой жүгүртүүбүз, кыялыбыз болгон, кийин руна жазмабызга негиз түзгөн. Кыргыздардын элдик өнөрчүлүгүндө эки жүздөн кем эмес оюулары бар экендиги белгилүү.
Кыргыздардын килеминин жасалышы жөнүндө «Манас» эпосунда:
«Кырк жылы сууга чыласа,
Кыярып түрү оңбогон,
Кырк жылы селге кетсе да, Кылк этип чети койбогон» –
деп, алтын түрдүү килем болгонуна баа берип айткан жери бар.
Оюн-тамаша. Энесайлык кыргыздарда майрамдарда, чоң той-тамашада маш ойноо (цирк) пайда болгон. Талаатүздүн шибер-тулаңында төө ойнотуп, жолборсту колго үйрөтүп, ат үстүнө отургузуп, кээсин тартылган аркандын үстүнөн бастырган, жигиттер чабандостук чебер өнөр көрсөтүшкөн.
Кыргыздардын байыркы улуттук оюндарынын эки жүздөн ашык түрлөрү болгон. Аксакал карыялар тогуз коргол, упай ойношсо, жаштар шайыр-шаттык оюндарын – селкинчек, кыз куумай, ак чөлмөк, сармерден, акыйнек, жоолук таштамай, алты бакан, дүмпүлдөк, тыйын эңмей, эр жигиттер жоокер оюнун – балбан күрөш, эр оодарыш, буура жөөлөштүрүү, шер оюну, жолборс жылмалоо, жамбы атуу, ат оюну, аркан тартуу, эр сайыш, улак тартуу, ордо ж.б. оюндарын өткөрүшкөн. Жалпы той-аш майрамдарда күлкүлүү оюндарды (таз сүзүштүрүү, төө чечмей ж.б.) өткөрүлгөн. Майрам ат чабыш менен аяк таган.
Тамак-ашы. Кыргыздар байыркы көчмөндөр сыяктуу эле мал этинен, актан, дандан далай даамдуу, жагымдуу жана мүнөздөп ичкенге ар түркүн тамак-ашты жасашкан. Илгертен алардын кымыздын тунмасынан тарткан күчтүү шарабы болгон.
Байыркы кыргыздар мейман күткөндө, ак пейилден дасторкон жайганды чоң каада-салт көрүшкөн жана ызаат үлпөткө алдын ала камданышкан, кудай коногунан колундагы каткан-күткөн оокатын, ырыс-кешигин эч аяган эмес. Үйүнө бир келген адамга сый-урмат көрсөтүп, насиптен даам таттырып узаткан. Колунда жок томаяктар өткөн жолоочунун чаңкаганы кансын деп кара аякка суу куюп, жол боюна коюшкан.
Кыргыздын аялдары майданга, казатка чыккан жоокерлерге же сапарга аттанган эр азаматтарга далай күнгө бузулбас, күч-кубат берүүчү насипти: курут, талкан, таруу, күлазык, мээр чөп камдап беришкен.
Жыл сүрүштүрүү. Түштүк Сибирдеги көчмөн элдердин ичинен кыргыздар жылды сүрүштүрүп, күн-жылдыздарды байкоодо, он эки айды айбанаттардын аттарына бөлүшүү боюнча б.з.ч. эле биринчи пайдаланганы тарыхта небактан маалым жана элдик эпостордо, санжырада, руна жазмаларында белгилүү.
Энесай доорундагы кыргыздар алтын, күмүш сөлкөбайларды жасап, ага руна жазууларды түшүрүп, өздөрүнүн ички жана сырткы соода-сатыгын жөнгө салып, өнүккөн өлкөгө айланууга, мамлекеттин болочок өсүшүнө аракеттер жасашты. Даңазасы алыска кеткен кыргыздар Монгол чапкынына чейин баягыдай кандуу майданды башынан өткөрбөй жашады.
Эзелки Энесай маданиятынын негизги пайдубалы өтө ыйык болгондуктан жана бекем уюгандыктан канча кылымдан бери эч жоголбой, унутулбай чынар теректей улам өнүгүп-өсүп отуруп, ХХ кылымга дейре жетти.
Элдин маданиятын унутпаган улуттун келечеги кең, суру (духу) күчтүү, өмүрү узак болорун баба тарыхы какшап айтып турат.
Муну эсиңе тут.
Мен Яглакар деп аталган уйгур жеринен келдим.
Мен кыргыздын уулумун. Мен – бойламын, жогорку сотмун.
Мен бактылуу бага-тархандын ага буйрукчусумун (кеңешчисимин).
Мен жөнүндө кеп-сөздөр жана сурамжылоолор күн чыккандан күн батканга чейин айтылган.
Мен бай болгом. Малым үчүн он жайытым болгон. Менин малым сансыз эле.
Менин жети иним, үч уулум жана үч кызым болгон. Мен уулдарымды үй-жайлуу кылып бөлдүм.
Мен кыздарымды калыңсыз эле күйөөгө бердим. Менин насаатыма (манихейчилик дин кызматкерине) жүз эркек жана жашаганга турак жай бердим.
Мен жээндеримди жана неберелеримди бердим. Мен эми каза болдум.
Менин уулум! Менин устатымдай (манихейлик дин кызматкеримдей) кайраттуу бол! Ханга кызмат өтө! Эрктүү бол!
Менин улуу уулум жортуулга кеткен. Мен аны көрбөй калдым. Уулум…
(Суджидеги (Монголиядагы) кыргыз каганынын керээзи)
КЫРГЫЗДАРДЫН БАШКА ЭЛДЕР МЕНЕН МАДАНИЙ БАЙЛАНЫШЫ
Байыркы касиеттүү бабаларыбыз Борбордук Азияда уруктан уруу курап, уруудан улутка жетилип, орошон хандык күтүп, түндүгүн көтөрүп, көк асабасын колдон түшүрбөй, канча заман карытып өкүм сүрдү. Ала-Тоодон Орхонго чейинки узак жолду баскан тиричилик турмушунда нечендеген боордошторду, ниеттеш-акыреттик досторду жана башка кошуна-колоңдорду күтө алды. Майда-чоңуна карабай аларды өздөрүндөй көрүп, сыйлап, каада сактап, саясий, маданий, соода-сатык жана элчилик мамиле курду. Кыргыздар башына кандай күн түшсө да, ажыдаардай айбат күткөн кагандардын, күчтүү жоонун көзүн карап, кошоматтанып же күнкор болуп, жалдырап, же чөгөлөп жашаган эмес. Өз кадыр-баркын, абийир-намысын ыйык туткан, кудурет-күчүн билген уюткулуу журт катарында кошуна уруулар, элдер менен алакада болуп, алардын күчтүү-алсыздыгына карабай, көчмөндөрдүн нарктуу салтын сактаган, аскер-куралына чиренбей, адилет, адамкерчилик, боорукердик, ырайымдуулук, сабырдуулук менен мамиле кылган жана башкаларды ошондой касиет күтүүгө, нарктуулукка, намыска чакырган.
Байыркы сактар менен. Борбордук Азиянын көчмөн уруулары жалпы адамзаттын рухий маданиятынын тарыхына өз салымын кошту: аңыз, байыркы аска таштардагы оюу-сызуусу, оозеки поэзиясы, баба тарыхын баянд аган санжырасы жана саймалуу таш, моло эстелик тери…
Орто Азия, Чыгыш Түркстан, Казакстандагы эң байыркы көчмөн уруулар – сактар. Сактар бир нече уруунун бирикмесинен турган. Сактардын бир канаты Каспий деңизинин этегине мал багып, көчүп жүрүшкөн. Аларды илгерки гректер «скифдер» дешсе, персилер «сактар», ал эми кытайлар «сэ» деп аташкан. Сактар согуш өнөрүн мыкты өздөштүргөн, байыркы Азиядагы негизги тарыхый окуяларга активдүү катышкан уруулардын бири болгон.
А чындыгында, байыркы сактар биздин булак башатыбыз, түп тегибизге кирет. Божомолго караганда сактардын учурунда чыккан кыргыздын, үйсүндөрдүн, каңлылардын, найман, дөөлөстөрдүн, алтайлыктардын, кыпчактардын теги бир элден болушу чындык.
Орто Азиядагы сактар «шуштугуй калпакчандар» (тиграхауддар) деп аталган, дагы бир аты «азиялык скифдер» деп коюлган. Шамшар байланып жүргөн сактар байыркы көчмөн элдердин жүнү тирүүсүнөн, жоо десе эт-бетинен кеткен калк болгон. Чындыгында сактардан кийинчерээк чыккан скиф уруулары да бар. Алар Кара деңиз боюн, ага чектеш жерлерди мекендешкен.
Жети-Суу, Орто Азиядагы сактардын, кыргыздардын, үйсүндөрдүн (усундардын) ызаат-ырааты, салттары окшош. Алардын тили да алтай тобуна кирет. Сактар өз доорунда өтө жоокер эл болгон. Жер бетинде «менден кудуреттүү жок» деген Персиянын падышаларынын сазайын колуна берген. Атка минген сак баласы өзүн атуулмун деп эсептеп, эли-жери үчүн курман болгонду эрдик көргөн, жанын кыйган. Көчмөн элдер мекенин коргоп, намыс менен жан кыйган азаматты баатыр деп эсептешкен. Ошондон улам «баатыр» деген даңктуу наам ыйгарылган.
Сактардын аялдары эркектерден калышпаган, жарыша жоого аттанган, камкөйлөрү, эл башкарган акылмандары чыккан.
Чыгыш-Батышты алатополоң түшүргөн, көчмөн элдердин жоокердик өнөрүнө үлгү көрсөткөн сактар акыры алсырап, көп бөлүгү көчмөн боордошторуна кошулган. Ошондогу бир бөлүгү Ала-Тоодо «сак кыргыздары» аталган, экинчи канаты Алтай тарапка ооп, журт которуп кеткен. «Манас» эпосунун окуясын салыштырып келгенде кудум сак доорун, эрдиктерин эске салат.
Эски санжырада сак деген көчмөн элден кыргыз таралат. Алар азыркы кыргыздардын мекенинде, киндик каны тамган жер Ала-Тоодо, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Орто Азияда жайгашкан.
Теңирге сыйынган сактардын башын бириктирген баатыры Улус деген адам болгон. Андан бери үч миң жыл өттү. Улус жөнүндө көп ыр, уламыш, жомок калган. Аюу менен алышып, жолборсту куйругунан кармап жерге чапкан баатырын жамы калкы тоо башына алып чыгып, ак кийизге салып, кан көтөрүшкөн. Кагандын боз үйүнүн түндүгүнөн туу чыгарышкан. Сактар байыркы бабалардын көрүстөндөрүн ыйык туткан, падышанын топурагын өтө бийик үйүшкөн, ага жылкыны назир тайып, жалыныпжалбарып, дартын айтып сыйынышкан.
«Сак» деген куштун канатын түшүндүрөт. Сактар куштун канатын тагынган.
Бүгүн XX кылымда «Байыркы сак (скиф) алтын казынасы» делинген Түштүк Сибирдин көрүстөндөрүнөн эки-үч кылымдан бери казылып-уурдалган, акыры ак падышага белекке кеткен сактардын укум-тукумунан жыра талашып алган маданий эстеликтер чет өлкөлөрдүн көргөзмөлөрүндө көчүп жүрөт. Ажайыпканадагы көргөзмөгө нөөмөт менен киргендер ошо береги маданий мурастардын байыркы кыргыздарга тиешеси бардыгын эстешээр бекен?
Сактардын алтындан уютуп жасаган бугусу, кою, иткушу, элиги, топозу, кушу жана жейрен алган илбирс б.а. «айбанаттар усулу (стили)» делинген эстеликтеринин жасалышын абайлап карасак, алардын аздектеген асем сулуулугу, ашкан сонундук түшүнүгү: кыймылда, күчтүүлүктө, чындыкта окшойт. Сактар согушта жеңишке тез жеткенди жактырган, жайбаракаттыктан качкан, өмүрлөрү да шамалдай өткөн. Алар өз жашоосун, идеалдарын, алтын, күмүш, жез, чоюндан жасалган эстеликтеринде чагылдырышкан. Алсак, ат үстүндө чаап бараткан алтындан уютулган жоокердин кебетесин, аттардын сөлөкөттөрү, ушу күндө Араван районундагы Айырмач тоонун аскаларында чеккен сүрөт катары сакталуу.
Сактардын доорунда аттардын жүгөнү жасалган эле, жылкы жаныбар адамга баш ийип калган. Ал эми сактар үзөңгүнү, куюшканды, көмөлдүрүктү билген эмес, тердик ордуна жумшак кооз төшөнчү салып же жайдак чаап кете берген. Сактардын көрүстөндөрүнөн табылган курал-жарактарынын, жабдыктарынын, маданий эстеликтеринен улам, бабалардын негизги жашоосу жоокерчилик менен майданда өткөн деген ойдо болосуң.
Сактардын «айбанаттар стили» деген дүйнөлүк маданиятка кирген: чылк алтын кийимдерин, алтын камчысын, күмүш кемер курун, калканын, жылма таштагы сүрөттөрүн, бугу кебетесиндеги таштарды, ат жабдыктарын, таштан, сөөктөн, колодон, териден ж.б. жасаган эстеликтерин эки кылымдан бери археологдор Түштүк Сибирден, Монголиядан, Алтайдан, Ысык-Көлдөн, Чүйдөн, Нарындан таап келатышат. Ар бир көчмөн элде эзелтеден жан-жаныбарларды, эн тамганы, шарттуу белгини, эстетикалык идеал кылып алуунун өзүнчө өзгөчөлүгү бар. Айталы, илбирс, жолборс, карышкыр, бүркүт жана башка жырткычтарды, алгыр куштарды жоокерчиликтин, согуштук кесиптин идеологиясына каймана түрдө пайдаланган.
Тизгиндери күмүштөн, тулкусу алтындан жасалган канаттуу, куйрук-жалдуу, ак моюн аттар күткөн сактардын отко, жылкыга жана күнгө сыйынганын далилдейт. Байыркы Орто Азия менен Түштүк Сибирде жашаган сактар баштаган көчмөн элдер бугуну желге жеткирбеген күлүк жаныбар деп асыраган. Аны жакшылыкка, кооздукка, бейпилдикке, сулуулукка, табиятка, жакындыкка жорушкан. Алар бугу жөнүндө мыкты аңыздарды, уламышты, ырларды жаратышкан, сулуулугун ташка чегишкен. Бугулардын сүрөттөрү илгертен бери кыргыздардын хан таажысы менен алтын тактысында, кылыч сабында, кемер курунда, ат жабдыктарында, боз үй жасалгаларында, балбал таштарында, сандыктарда, көөкөрлөрдө, карапа идиштерде, бакшынын дабында, күзгүдө, аялдардын чолпу-шакектеринде чөгөрүлүп, чегилип жана оюлуп келген. Ал эми кыргыз элинин санжырасында байыркы бугу уруусу нечен кылымдан бери айтылып келатат.
Байыркы сактардын, көчмөндөрдүн «айбанаттардын стили» деген маданий мурасын кээ бир батышчылар биздики дегенге чейин барышууда. Кайсы бирөөлөр башка элдин маданиятын олжолоо менен жасалма барк күтүүнү, белектерге байыркы маданияты бар эл сыяктуу көрүнгүсү келет. Баары бир анткенде элдин улуулугу, нарктуулугу, маданияттуулугу же рухий зоболосу көрүнбөйт, кайрадан ошол элдин аброюна шек келтирерин, салака болорун тарых айдан ачык көрсөтүп коёт. Өзүн көрсөткүсү келгендер байыркы сактардын ата конушу Орто Азия, Казакстан, Чыгыш Түркстан болгонун этибар албай, маданияты эзелки мекенинде сакталуу турганын көргүсү келишпей, болгону – жоокер сактардын батышта кийинчерээк калтырган маданий мурастарын бетине кармашат.
Ата-бабалардын байыркы мекенинде жашап келген боордош элдердин тарыхы, салты, маданияты, өнөрү шуштугуй калпак кийген сактардыкы менен тыгыз байланыштуу. Алардын өнөрүн жана маданиятын кийинки элдер – хундар, кыргыздар, үйсүндөр, каңлылар, дөөлөстөр, кыпчактар ж.б. өздөштүрүп, улам өркүндөтүп кетишкен.
Сактардын «айбанаттар стили» деген эстеликтеринин кээ бир аңыздарынын окуясын, сүрөтүн, элестерин, оймолорун кыргыз элинин узчулук, кол өнөрчүлүк өнөрүндө, ат жабдыктарында, жоокердик куралдарында жана оймочиймеде азыркы күнгө чейин урунуп келишүүдө.
Гундар (күндөр) менен. Хундар (гун, сюнъ) б.з.ч. 1-миң жылдыктын башы ченден тартып биздин замандын IV–V кылымдарында улуу тоолорду байырлаган, эң эски көчмөн эл. Алар Чыгыш маданиятын, Азиядагы көчмөн элдердин маданиятын түштүк орус талаасына, батышка эң эрте тараткандардан. Алар батыштагыларды уйкудан ойготкондор, келечеги жөнүндө ойлонууга түрткүнчү, жаңыча жашоого чакырык болгондор. Алар Чыгыш-Батыш маданиятына жол ачкан.
Кытай жазмаларында хундардын кыштоосу Лобнор, Тарим өзөнүнүн бою болсо, жаздоосу Алтай, Каңгай тоолору, жайыты Түндүк Муз деңизине чейин жеткени айтылат. Көчмөн хундар Алтай тоолоруна, Жети-Суу тегерегине жыйналып эгин эгип, кен казып, темир, күмүш, алтын эритип жашоосун өткөрүшкөн. Мындайча айтканда, Кытайдын түндүгүндө талаа-түздү, ээн жайыктарды ээлеген ар түрдүү көчмөн урулар б.з.ч. эле хун деген уруулар биримдигин, феодалдык мамлекетти түзгөн. Ошондон баштап хундар менен кошулуп жашаган кыргыздардын байыркы тарыхы кытай жазмаларында жанаша айтылып келет. Биздин баамда эзелки эки элден ата теги бир эл. Бул кезде кыргыздар Кыргыз-Нур көлүнүн (Монголия) жээгинде, Орхон бойлорунда КараШаар деген ордо түзгөн.
Хундардын жашоо тиричилиги, салты жана рухий маданияты кадимки эле сактарга, кыргыздарга, үйсүнд өргө, дөөлөстөргө, түрктөргө окшош. Айрыкча жер чалып көчкөндүгү, мал асыраганы, боз үй, жылкы асыроо, чабыш, кол күтүү, жерди иштетүү, кең казып алуу, маданият, согуш өнөрү, он канат, сол канат, чордондук (ичкилик) топ болуп бөлүнүшү кудум кыргыздардыкындай.
Хун төбөлдөрүнүн бийликти башкаруу тажрыйбасы жана маданият жаатындагы таасири кыргыздардан тийгенби, же кыргыздардан жашоо тиричилик жакшы жактарды өздөрүнө алганбы, айтор, эки элдин окшош жактары көп. Кытай жазмасындагы даректер боюнча хундар да, кыргыздар да б.з.ч. III кылымда тең ата, экөө тең көчмөн, малдуу, коңшуларга кадыресе кадыры бар, кубаттуу өлкө көрүнөт. Б.з.ч. III кылымда эле кыргыздардын өзүнчө мамлекети болгонун Кытайдын байыркы тарыхчысы Бан Гу (32–92-жж.) жазган. Эрегишкен өч болбосо да, улам озуп кеткенин бири төбөсүнөн басып турган көчмөндөрдүн турмуштук өчөштүгү бар эле. А бирок, хундар жазма тарыхта бир нече кылым мурда жазылып калган. Теңирге сыйынуу, боз үйдү тигүү, кымызы, зергердик, кол өнөрчүлүк, таш жаргылчак, буурусундар, салты, акимчиликке бөлүнүшү, карыга болгон ызааты, туугандык, жамаатташтык мамиле, аксакалдар кеңеши, башчыларынын курултайдык чечимдеринин күчтүүлүгү, жүз башы, миң башы, түмөн башы болуп аскердик, аймактык, акимдик башкарууга өткөнү нечен кылым бою кыргыздардын жашоо турмушунда сакталган.
Б.з.ч. 58-жылдардан баштап, эки тарапка бөлүнгөн хундардын ичинде талаш күчөйт. Ич ара ыркы кеткен хундар Батыш жак, Түндүк жак болуп экиге бөлүнөт.
Түндүк хундар батышка ооп, төрт жүз жыл ичинде далай тайпаларды каратып отуруп, Арал, Эдилге (Волгага) чейин жетип, көчмөн элдердин башын кошуп, жаңы хун бирикмесин курууга жетишкен. 435-жылы хундардын атагын чыгарган Атылла Мундузук (Мундуз уулу) болду. Жыйырма төрт жыл батышка чуу салды. Анын кол башчылыгы менен хундар Дунай боюндагы жерлерди ээлеп, Чыгыш Рим империясына, Түндүк Италияга чейин жортуул жасап, канаты жайылган күчтүү мамлекет орнотту.
Үйсүндөр менен. Үйсүндөр (усундар) б.з.ч III кылымдан бери жана б.з. V кылымына чейин Борбордук Азия менен Теңир-Тоону байырлаган көчмөн калк экендигин Кытай жазмалары тастыкташты. Алардын ата конушу Алтай менен Чыгыш Теңир-Тоонун ортосундагы Жунгария ойдуңу эле. «Үйсүн» деген сөздүн мааниси «көп үйлүү уруу» деген түшүнүккө чукул. Анткени ошол кезде үйсүндөрдүн 120 миң боз үйү болгон. Мындай көп боз үйдү ошол доордо Энесай кыргыздары гана күтө алган.
Кытай жазуусунун ыңгайы боюнча «үйсүн» – «карганын урпактары» деп окулат имиш.
Жоокер үйсүндөрдүн жашоосунда согуш көбүнесе кесепет гана алып келбестен, дүр-дүнүйө, сансыз мал жана күң, кул олжологон. Кээ бир чоң чапкында ар бир үйгө бирден кул тийген учуру да болгон.
Тарыхый жоромолго караганда үйсүндөр менен Энесай кыргыздарынын зили, теги бирге, тарыхта үзөңгүлөш, эриш-аркак жүргөн куттуу эл. Тили, рухий маданияты, салты жана жашоо-тиричилиги окшош, сөөктү жашырганы, табиятка– айга, күнгө тайынганы, бабалардын арбагына табынганы, курман чалуусу, жыл санагы бипбирдей. Эки элдин тең уруулары он беш уруудан турган. Үйсүндөрдүн ичинде: кыпчак, чоңбагыш, найман, ногой, дөөлөс, огуз, коңурат, садыр, нойгут, дулат, азык, чөбөй, албан, барскан… деген уруулар жолугат. Оң канат, сол канат болуп бөлүнгөн. Байлары беш миңге чейин жылкы күткөн, көп аял алган. Күйөөсү өлгөн аялды кайнисине баш байлаган.
Кыргыздар менен узак мезгилге чейин жайлоону бирге жайлап, ураанды бирге айтып, тойду орток тойлошуп, жоого чогуу аттанып, тууну бирге сайышкан, олжону тең бөлүшкөн, алака-ынтымакта бирге болушкан.
Кээ бир окумуштуулар үйсүндөрдөн кыргыз тараган дешкен, бул жаңылыштык. Тескерисинче, кыргыз санжырасында үйсүндөрдүн бабасы сак, үйсүндөр кыргыздардын урпактары деп аталат. Неси болсо да үйсүндөр менен кыргыздар бир боор эл.
Кытай императору У-ди б.з.ч 116-жылы Чжан Цянды үйсүндөргө экинчи жолу атайы элчиликке жиберген. Ал үч жүз аскер, жан-жөкөрлөрү жана белек-бечкеги менен үйсүндөрдүн борбору Ысык-Көлдөгү «Жигу» («Чигу») шаарына келип түшкөн. Шаарды мурда сактар негиздеген эле. Аны кытайлыктар «Кызыл коргон» дешсе, жергиликтүү калк «Кызыл суунун базары», «Кызыл өрөөн» дешчү. Чигуда кытай бийкеси үчүн үйсүн каганы чыгыш үлгүсүндөгү ак сарай куруптур. Буга караганда кытайлыктар менен соода, маданий байланыш мыкты жүр гөн. Үйсүндөрдүн борбору аркылуу Улуу Жибек жолу өтөр эле. Үйсүндөрдүн Ысык-Көлдөн башка Чүйдө, Таласта, Жети-Сууда бир далай шаарлары болгон. Шаарларында адеми ак сарайларды, мунарталарды, мыкты үйлөрдү, коруктарды кыштан, жыгачтан, таштан салышкан.
Үйсүндөрдүн тагдыры жөнүндө окумуштуулар ар түрдүү көз карашта. Бирөөлөр кыргыздардын Теңир-Тоодогу отурукташкан канаты үйсүн аталган, Энесайга барган канаты кыргыз аталган деп айтып жүрүшөт. Ошол доордо качан энесайлык кыргыздардын экинчи ата конушу Теңир-Тоого келе баштаганда, күч алып, жанданып, баягы эски тонун чечкендей мурунку үйсүн атын жоюп, өз улутунун эзелки даражалуу кыргыз атын алып биротоло чакырган көрүнөт.
Дөөлөстөр менен. Өткөн тарыхта айрыкча Борбордук Азияда байыркы көчмөн уруулардын тарыхына, маданиятына ар түрдүү көз караштардын болушунан чочулобоо керек.
Дөөлөстөр деле уруу катары хундардан мурда түзүлгөн, кытай жазмасында алардын ичинде уруулар көп болгону, бирикмесинде кырктан ашуун уруу болгондугу айтылат.
Дөөлөстөр бийик дөңгөлөктүү арабалар менен талааларда көчүп жүргөн, бийликти, бирөөнү басып алууну көксөбөгөн, ток пейилдиги кыргыз менен тектеш туугандыгын, кулк-мүнөзүн, жашоосунун окшоштугун көрсөтүп турат. Дөөлөстөр кең пейил, кенендикти, сөздү, акылмандыкты, бейкуттукту сүйгөн, ак сөөк, мырза эркиндиги үчүн күрөшкөн, аксакалдарга баш ийген, ынтымактуу, боорукер журт. Алардан акылман аксакалдар көп чыккан. Урууну аксакалдар башкарган. Дөөлөстөр менен кыргыздар бирибирине жамандыкта көз салышкан, жайлоону улагалаш тандаган тектеш уруулардан.
Тарыхтагы даректерди териштиргенде («Вий жылнаамасында»): «Дөөлөстөр куда түшкөндө бодо малдан калың берүүнү жакшы көрөт. Куда түшкөн соң, сөзүнөн кайтпайт. Бала бойго жеткенде той жасайт. Күйөө бала кыз жакка арабага кошулган ат алып барат. Кызды атка мингизген соң, атты үркүтөт. Кыз аттан жыгылбаса той жасайт, эгер аттан жыгылып кетсе, той бузулат» деген кабарды жазган.
Тарыхтагы дөөлөс изин издесек, деле бардык жерде кыргыздар менен бирге жүрөт: жоосу да бир, казатка да бирге аттанат, жеңилсе бирге жеңилет, бири кордук көрсө, экинчиси колун берет, колго түшкөнүн кантип куткарып алуунун айла-амалын издеп, торгойдой чырылдашат.
Кыргыз санжырасы боюнча дөөлөстөрдүн эн тамгасы ай тамга болгон. Дөөлөстүн ай тамгасы Алтай, Энесайдагы көчмөн элдердин арасында кеңири белгилүү болгон.
Тарыхка акыйкат караганда, кыргыздар менен дөөлөс төрдүн эзелки жашоо-тиричилиги, маданияты, салты, тили, дили бир. Таңшунун маданияты боюнча «кыргыздар, динлиндер (дөөлөстөр) менен аралашып кеткен» деген жазуу бар. Тарыхта кыргыздар намыскөй, тууганчыл эл, башка диндеги салты, тили, маданияты бөлөк элдерге боорун берген эмес.
Түштүк Сибирдин Тоолуу Алтайдын саясий картасын карасаңыз, Дөөлөс көлгө («Телецкое озеро») көзүңүз түшөт. Дүйнөдөгү сейрек жолугар өтө кооз көлдөрдүн бири. Көл тунук, терең, анын тунук бетине тоолор, карагайлар чагылып турат. А тоо бети нечен түстүү боёк менен боёлгон, кудум көпөлөк канатындай, гүлгө оронгон жайыктай, илгертен уз эне жасаган шырдак бетиндей.
Нечен миң жылдап өзүн жоготпой келген суру күчтүү көчмөн элдин жашоо-тиричилиги ушундай: тирүүлүктүн улуу сахнасы зылдын кара ташындай бекем бойдон калып, ал эми андагы оюнчулары улам алмашып турган.
Таң сулалеси. Чыгыштагы өнүккөн элдер күчтүү көчмөн уруулар менен алакалаш, теңир-тоолук жана энесайлык болуп бөлүнүп жашаган кыргыздардын маданиятына башка калктардын цивилизациясынын таасири тийгени белгилүү.
Байыркы Жети-Суу, Ала-Тоо жайлаган кыргыздардын маданиятына көбүнчө согду, ислам маданиятынын таасири күчтүү болсо, энесайлык кыргыздарга Кытай жана башка көчмөндөрдүн маданиятынын таасири арбын.
Мындай көрүнүштүн айырмачылыгын кыргыз тилинен, салтынан, дининен, оозеки чыгармаларынан жана рухий маданиятынан байкоого болот.
Улуу Кытай империясы менен байыркы көчмөн кыргыз уруулары дайыма эле согушуп турган эмес. Алардын жайдары күндөрү да, мээрман жылдары да, бейпил кылымдары да болгон, кыз алышып, куда-сөөк күтүшүп, соода жүрүп, тил кат жазышкан, каадалуу той-тамаша өткөрүшкөн, байланыш борборлору түзүлүп, атайы базарлар уюштурулуп, шаан-шөкөттү биргелешип курушкан алпейим замандар арбын болгон. Кытай империясынын көчмөн урууларга үстөмдүгү да, зомбулугу да күчтүү болгону ырас. А кыргыздар андай эл аралык мамилеге акылмандык менен чыдады, моюн бербей, тизе бүкпөй, жер карабай, көчмөндүктүн суру бар эл эмеспи, тең ата болсо, достошсо кол сунуп, өз наркын, аброюн же сөөлөтүн жоготпой, бирөөгө намысын тепсетпей нечен кылым сактап келди. Кытай мамлекети да өрттөн жалтанбаган, жоодон тайманбаган кыргыздар менен кадыресе эл, мамлекет катары саясий, соода жана маданий байланыштарды үзбөй келген. Кыргыздар менен кытайлар бири-биринен мамлекеттик бийлик тепкичтерин, тартибин, жеке согуш өнөрүн гана үйрөнбөстөн, идеологиялык, рухий маданияттык байланыштарды да бири-бирине жасашкан, тил, салт, дин жазуу, адеп-ахлак ж.б. дүйнө тааным байланышы бир элден экинчи элге өтүп турган. Улуу жибек жолу менен элчилер, жолоочулар, соодагерлер, тилмечтер, бакшылар, акылмандар, бедизчилер, темир усталар, сүрөт чүлөр, даос акындары жана башкалар чек арадан чек арага, өлкөдөн өлкөгө өтүп аралап кете беришкен. Буларга өлкөлөрдүн чек арасында тоскоол анчейин болгон.
Ошондуктан байыркы көчмөн кыргыздардын рухий маданиятына Кытай маданиятынын таасири болгону акыйкат сөз.
Түштүк Сибирдеги көчмөн уруулардын кичинеси же чоңу болобу, ошол доордогу Чыгыш тараптагы эң күчтүү, эзелтен орун-очок алган жана маданияты өнүккөн Кытай империясы менен ар бири өз алдынча астейдил мамиле курууга ашыгышкан, Кытай империясы көчмөндөрдүн баарысынын эле чекесинен сылап, алаканына кешик салып, жыргатып койгон эмес. Далай көчмөн уруулар күчтүү жана алдуу Кытайга тизе бүктү, кээлери сансыз эл ичине сиңип кетти, кээлери жерин таштай алыска оолак качты.
Кытай империясынын кудурет-күчүн, сырын жана мүмкүнчүлүгүн көчмөндөр ичинен эрте түшүнгөн кыргыздар болду. Алдуу кезде анын көптүгүнө карабай жан аябай согушуп да көрдү. Бул жөнүндө кыргыздардын улуу «Манас» эпосунда жана жазма тарыхта жазылып калган. Бейпил күндө кыргыздар Кытай империясы менен кадыресе ызаат, тең аталык мамиле жасады. Айрыкча Таң сулалеси (618–907) кезинде Кытай империясы менен Кыргыз кагандарынын ортосунда жакындык мамиле курулганы тарыхта ачык жазылуу.
Чет элдиктер да жолдогу кыргыздарга куру келбеди, алар да өз өнөрүн, маданиятын, жашоо-ыгын, буюмдарын, кол өнөрчүлүгүн, салтын, музыкалык аспаптарын, ыркүүлөрүн ала келишип, өз маданиятын гана үгүттө бөстөн, башка диндердин тилин да үйрөнүп кайтышкан.
Таң сулалеси доорунда кытайдын тарых жазмаларында кыргыздар жөнүндө жана алардын өз ара мамилеси жөнүндө башка доорлорго караганда кеңири маалымат учурайт. Таң жазмаларында кыргыздар «шиа жас» деген жазылышы менен айтылары бирдей жазуулары бардыгы жөнүндө кабар айтат. Ал кездеги кытай жазмаларында Кыргыз кагандыгы Кытай империясынын түндүгүндөгү Тяньдэ чебинен 150–200 чакырымдай алыстыкта, Алтайдагы Цоцзяшан тоолорунда жайгашканын кабарлайт.
Айрым кытай жазмаларында («Жу сулалеси тарыхы», «Түндүктөгү хандыктар тарыхы», «Шам убагындагы эстеликтер») кыргыздар жөнүндө ар кандай аңыздар калган. Тарыхый жазмаларда мындай дейт: «Түрктөрдүн ата теги сак элинен болуп, хундардын түндүгүндө турган. Уруу аксакалы Аланбек 17 бир тууган экен. Анын бирөө Ниша Чоро бөрүдөн туулган болуп, Аянбек сыяктуулардын себебинен эли кырылып, дөөлөтү жоюлган. Ниша Чоро өз икимты (кудурети) менен шамал чакырып, жамгыр жаадырат экен. Ал эки аял алыптыр. Айтууларга караганда Жаз периси жана Кыш периси кыздары экен. Аялдары бойкат болуп төрт бала төрөптүр. Анын бирөө ак казга айланып кетиптир. Дагы бирөө Абакан, Кэм (Энесай) өзөнүнүн аралыгында мамлекет куруп, өзүн кыргыз атаптыр».
Бул жазуулар кыргыз санжырасы сыяктуу же тарыхчы-изилдөөчүлөрдүн бирөөлөрдөн уккан апыртма баянындай угулат.
А тарыхый чындык далилдегендей, кыргыздар хундардан да, түрктөрдөн да улуу. Биздин заманга чейинки III кылымда хундар жаңыдан жазма баштаганда кыргыздар нарктуу эл тукуму болгон. Ал эми түрк жазма тарых бетинен 542-жылы гана алгач айтылат эмеспи.
Таң доорунда кыргыздар жибектин өлкөсү менен өтө тыгыз мамиле курду, көбүнесе соода жана маданий мамиле курууга ыкласы күчтүү эле.
VII кылымда, айрыкча Сюань Цзяндын 630-жылдагы миссиясынан кийин энесайлык кыргыздарга Кытай маданиятынын таасири күчөгөн. Кытайдын жибеги, кагазы, фарфору, коло сөлкөбайы, жез идиштери, коло тумарлары, күзгүлөрү көчмөндөр арасында баа болчу. Кыргыздар Таштык маданияты учурунда эле кытай күзгүсүн өздөрү жасай баштаган экен.
Таң доорунун учурунда миллиондой калк жашаган Түндүк Кытайдын борбору Чаньандын көчөлөрүнөн, үйлөрүнөн бир миңге чукул кыргызды, көчмөндөрдү көрүүгө болор эле. Кайсы бирлери элчиликте иштесе, айрымдары кытайча окушкан, өнөргө, кесипке үйрөнгөн кагандардын, бектердин, байлардын балдары эле. Көбү соода жасашкан, «жер чапчып» турган аттары, бугунун мүйүзүн, жыпарды, дары чөптөр, аң терилер, кийизден жасалган кийимдер, дарылыкка айбанаттардын өттөрүн, кайыңдын уюлуна чейин алып барышкан.
Кытай көпөстөрү көчмөндөрдүн кийимдерин, айрыкча кымбат баш кийимдерин сатып алууну жана кийгенди сөөлөт көрүшкөн. Андан тышкары күмүш кемер кур, ичик, тонду, жашоо тиричиликке керектүү буюм-тайымдарды сатып алышкан. Сарайда император оркестри көчмөн элдердин ырларын, музыкасын салтанаттарда ойноп турган.
Түндүк Кытайдын чек арасындагы көчмөндөр үчүн Яньжан сыяктуу шаар-базарлар атайы курулган. Бул шаарларга көчмөндөрдүн соодагерлери көбүнчө кытайлыктар жактырган ак боз аттарды алып барышкан. Кытай сүрөтчүлөрү көчмөндөрдүн өздөрүн да, аттарын да сүрөткө келиштирип кооздоп тартып беришкен.
Кытай империясы 632-жылы Энесай кыргыз каганына Ван Йихуң дегенди атайы элчи кылып жиберген. Кийин 643-жылы Кыргыз кагандыгы да элчисин Таң империясынын борбору Чаньянга жиберген болчу. Элчи Таң императору Тайзунга суусар терисинен жасалган тон жапкан жана суусар терисин тартуулаган.
Таң доорунда кытай императору, төбөлдөрү жана аскерий башчылары кыргыздардын эрдигине, намыс көйлүгүнө жогору баа беришкен. Таң императору Таңшу Ан-Зуң: «Кыргыздардын куралдары өткүр, өздөрү жалтанбаган жоокер экен» – деп таң берип айткан.
Таң доорунда Кытайдан соодагерлер, бедизчилер, дыйкандар кыргыздарга келип бирге иштешип, кыз алышып, карым-катнаш, маданий байланышты чыңдап, тил үйрөн гөн, эң көп кытай күзгүлөрү боз үйгө илинген жана алтын, күмүш сөлкөбайлар кыргыздын чөнтөгүнөн чыккан мезгил болгон.
Кытайдын кол өнөрчүлөрүнүн чеберлери, усталары кыргыздарга карапа, кайык жасоону, дыйкандары жерди иштетип, жер-жемиш өстүрүүнү үйрөтсө, кыргыздар аларга темир устачылыгын, атка жүрүүнүн өнөрүн, мал багууну, аңчылыкты үйрөтүшкөн.
Таң доорунун императору кыргыз кагандарына мындай каттарды жазышкан: «…Кыргыздар менен урукташ-тектеш болгондугубуз жана жерибиз ирегелеш болгондуктан мээр-шап катыбызды улантып, көңүл көксөөлөрүбүздү кең тутуп, нарк-нуска боюнча иш көрүп, заң-закүндү күчөтүп, эмне үчүн сыйлашып өтпөйбүз? … Мурда алыстагы чек арада жашап, арабызды күчтүү коңшу элдер бөлүп тургандыктан нарк-нуска боюнча иш алып баралбадык. Ошого карабастан алар баатырдыгын көрсөтүп, чек ара кылкаларын тынчтандырып, он миң чакырым алыста туруп да бизге кошулууга адалдыгын билдирип, кат-кабарлары үзүлбөй келип турду. Бизди жат көрбөстөн ак ниетин ар убак сактап келишти. Ошол үчүн эрекче жарлык түшүрүлүп, адал, ак ниетибизди билдирип, сыймык наамды ыйгарып, мансап атагына дайындаш жарлыгын түшүрсөк. Муну кийинки урпактарга калтырсак…»
648-жылы кыргыз каганы Элтебир Ишбара ата Таң сулалесинин борборуна атайы сүйлөшүүгө, көп тартуу менен барат. Император Таң Тайзуң кыргыз ажосун өтө урмат, каада-салт менен ызааттап тосуп алган. Конок алуу асеминде Тайзуң аябай кубанып, салтанаттуу коногунун ишаратында жан-жөкөрлөрүнө минтип айткан: «Түрктөр менен болгон салгылашууда булардын салымы өтө зор, бүгүн Элтебир төрүбүздө конок болуп отурат, биз абдан сыйлоого акылуубуз». Император кыргыз ажосуна аскерий даражалуу наам Баш Сангун (ага генерал) деген наам жана Тутук Буйругу деген жогорку даражалуу мансап берген.
Элтебирге көрсөтүлгөн ызааттан кийин кыргыздар албан салык төлөө менен бирге өзүнчө аскер күтүп, өзүн өзү коргоо жана чек араны көзөмөлдөө боюнча келишимге макулдашкан.
Ошондон баштап Энесай кыргыздары менен Кытай империясынын ортосунда саясий, соода жана маданий байланыш жүз жылга чейин үзүлбөгөн. Ушул жылдар ичинде кыргыздардын он бир атайы элчиси Кытай ак сарайында алмашып турган.
Кытай жазмаларында («Таң жылнаамасы») император Чжун-Цзун бир жолу кыргыз элчисин чакырып, урмат көрсөтүп: «Силердин хан тукуму менен менин тегим бир. Башка багынгандарга караганда эрекче орунда турасыңар» деген.
Байыркы замандан бери дүйнөнүн канбазарында жибек, алтын баа болгон дешип деле даңаза кылышат. Буга кошумча байыркы көчмөн элдер менен Кытай империясынын базарында тулпардын куну жибектен өйдө турган. Ырас, кыргыз орток базарга жалаң эле тулпарды алып барган эмес. Ал башка кошуна-колоңдон сооданын жол-жоболорун үйрөндү: тери, жүн, темир, курал, жылкы алып барып, бал, шарап, гөзө, дары, жибек алып турган.
Байыркы кыргыздар нечен жолу кытайлар, калмактар, уйгурлар, тибеттиктер, түрктөр менен жер, мал, укук, бийлик, эркиндик талашкан. Бул окуялар айрыкча кыргыз элинин залкар эпосу «Манаста» бар. Кыргыз башка кошуналардай кытайлардын ширин сөзүнө, шарабына, жибегине алданбады, ошонун кулу болбоду. Азганакай жоокер эл ат үстүндө жүрүп, чабышса чабышып, жарашса жарашып, элдигин жоготпой, нечен кылымды басып келди.
Жеринен кытайлар көчмөндөрдү жеңгенде таш эстелик койгонду каада көрүшкөн. Ага аттан эстеликти кошо коюшкан. Биздин доорго чейинки хан мезгилинде курулган Хо Цюй бил кол башчысынын Ганьсуда эстелиги бар. Кол башчы хундарды айла-амал менен жеңген. Ага император У-ди таштан эстелик койдурган. Ташта чегилген тогуз ат хундарды тебелеп баратат.
Жетинчи кылымдагы Кытайдын амалдуу императору Таң Цзуңдун он күлүгү жөнүндө тарыхта бар. Кыргыздардын ошо күлүк тукумундагы аттарын 647-жылы орто жолдон курыкандар беришкен. Ушул эле жылы кыргыз аттарынын тукумунун 100 күлүгү Кытай императорунун ак сарайына айдалып келген. Алардын тамгасы кыргыз жылкысы экенин айтып турган.
Тай Цзуң өзү сынчы болбосо да жылкылардын көркүнө карап, колго түшкөн түрк кулдарга көрсөттүрүп жүрүп, он күлүктү тандатып алды.Император аларга өзүнчө кытайча аттарды атады.
Акыры императордун түрктөрдөн, көчмөндөрдөн алган күлүктөрү мыкты чыкты. Император бийлик талашып, жоолашкан душмандарына каршы атактуу күлүктөрдү алмак-салмак минип, теңтайлашканды багынтты. Ошондо Таң Цзуң күлүктөргө ыраазы болгон. Ал аттарынын ар биринин сымбатына, кыялына, күчүнө, мүнөздөмө берип, сулаленин эскерүү китебине жаздырып жүргөн, ар бирине арнап ыр, обон чыгарткан. Кээ бирөөнүн сүрөтүн ташка чектирген. Кийин көрүстөнгө асемдеп койдурган.
Таң доорунда эле көпчүлүк кытайлар жылкыны көрбөгөн жаны ыйык кол жеткис нерсе катары карашкан. Түрк элинин, айрыкча кыргыздардын жылкысына кытайлардын көзү түшкөн. Орто кылымдагы сүрөтчүлөр аттарды периштедей келиштирип, императорду канаттуу аттардын ортосуна коюп тартышкан. Кытай императору атты аң уулоого минип чыккан, жогорку төбөлдөрү, кол башчылары жер камдап, аны корушуп, аздектеп багышкан. Атка суктанып, аны токуп мингенди укмуш урмат, үлпөт, эрдик көрүшкөн.
Таң доорунда императордун беш миң жылкысы Лунью жайытында оттогон. Императордун үч миң жылкысы мурункудан мурас калган, а калган эки миңи көчмөн дөрдөн колго түшүрүп алган олжо болучу. Мындай жылкыны кыргыздардын орто төбөлү күткөн эмеспи. Кыргыздардын айрым ак сөөк байларынын бир нече миңдеген жылкысы болгону тарыхта маалым.
Кытайлар адегенде монгол жылкыларын алышкан. Баа мыбызда монголдор колго үйрөткөн тарпандар болсо керек. Мойну кыска, куйругу узун жылкылар эле. Аны ат ордуна минүүгө жараган эмес. А кытайлар байыркы сак, үйсүн, кыргыз, түрктөрдүн, дөөлөстөрдүн аргымак тулпарларын эңсешкен. Түндүктөгү күлүк аргымак, тулпар минген, жоокер элдерди көргөнү кытайлар «Ат – өлкөнүн согушка даярдыгы», «Атты теңир шыпырса, анда күндүн бүткөнү» дешип, алдын ала коркушкан. Кытайлар негизинен аттарды, жылкыларды кошуналарынан, түндүктөгү көчмөндөрдөн чай, жибекке сатып алган.
Алган аттары келишимдүү күлүк, бышык болгон. Ошондон улам кытайда «Кайык – түштүктө, ат – түндүктө» деген лакап чыккан.
Таң доорунда кытайлар түндүк көчмөндөрдөн белектерди императордун ак сарайына жакын жерге кармашкан. Куштарга, тайгандарга, аттарга ажайыпканадай суктанышкан. Жоодон колго түшкөн көчмөндөрдүн аттарын өздөрүн жалдатып таптаткан, байгеге кошкон, аттарды кабар, бекет байланышка пайдаланышкан. Өлкө ичиндеги соодагер, майда адамдарына ат минүүгө уруксат беришкен эмес.
Кыргыздар Яньжан шаарына келип, кытай базарынан жылкысын, куралын, жүнүн жибек менен чайга, күзгүгө, шарапка алмаштыруу үчүн кыйла узак жол басыш керек эле. Ошончо убара болгондон көрө ортомчуларга, алыпсатарларга же уйгур, түрк, тибетиктер, курыкандар менен соодалашканы оңтойлуу болгон. Тарыхтагы жазууларды аңтарсак, кыргыздар кытай императору Гао-Цзундун учурунда – 676-жылы, Сюан-Цзундун тушунда – 724, 725, 747, 748-жылдары жылкы менен соода жүргүзгөнүн билебиз.
Кыргыз кагандыгынын акыбалына жараша кытайлар менен мамиле өзгөрүп турду. VII кылымдын аягында Чыгыш Түрк кагандыгы Кыргыз кагандыгын алсыратып, анын Кытайдай өлкө менен мамиле курганын көрө албай бут тосуп турган.
Тарыхтын барактарын ачсак, кыргыздар Кытай императору Гао-Цзундун учурунда (650–683-ж.ж.) эки элчилик жиберишкен, 647-жылы бир жолу гана жылкыны Кытайга алып барып соода жүргүзгөн. Падыша Жуңзундун доорунда 705–711-жылдары кыргыздардан Кытай сарайына бир гана элчилик барган.
Кытайлар менен кыргыздардын маданий байланышы Уйгур кагандыгы күч алганга чейин өксүгөн жок. Айрыкча император Сюан-Цзундун тушунда (713–755-ж.ж.) Көгмөн тоосундагы кыргыз каганы төрт жолу падыша сарайына элчилигин жиберип, белек-бечкек тартуулаган. Таң доорундагы жазмаларда Кытай империясында кыргыздардын элчиликке барган адамдары Алдыяр, Жети Инал, Олобектегин, Иликтемир, Аткурак, Артык ж.б. болгон.
Император Сюан-Цзун түндүктөгү чоң шаардын четине көчмөндөргө атайы жер бөлүп берип, бакса менен коруп, жылкы базарын уюштурушкан. 748-жылы тогуз огуздар, кыргыздар, шивейлер биригип алтымыш төрт атты сатыкка алып барганы кытай жазмаларында калган. Кытайлар көчмөндөрдүн аттарын кымбат баага сатып алып, кокус тааныбай калабыз дешип чочулап, көчм өндөрдү туурап, өздөрүнчө эн белги койдурган. Аттын санына карабай, кайсы жерине жашын, кайдан алганын, эми кимдики экенин, кызматынан бери жазышкан.
Кытай төбөлдөрү, мырзалары алган аттарын ак сарайдын алдындагы сөөлөткө минишкен. Ар бир жүз жылкыга бирден жылкычы болгон. Кийин кытай төбөлдөрү асемдүү аттарды баккандарга катуу жаза колдонгон. Кокус ат алыста жүрүп өлүп калса, анын себебин атайын барып билишкен, аттын терисин көрсөтүшкөн. Кокус ат ээн талаа, эрме чөлдө өлсө, алакан отундай терини, басылган эн белгисин кесип, ала кетишкен. Атты жоготкондун жонунан бамбук таяк менен отуз балак алган, кокус өлүп калса, аттан бир канча эсе көп кунун төлөт түргөн.
758-жылы кыргыздардын Кытай империясындагы элчилик байланышы сууй түшөт, ага Уйгур кагандыгынын кыргыздарды багынтканы себепкер болгон. Бу жолу Уйгур кагандыгы кыргыздарды сексен жылдан ашык кол алдына кармады. Кыргыздар акыры Алп Сол ажонун учурунда аларды биротоло жеңгенден баштап, кайрадан Кытай менен байланышты жандандырды.
846-жылы Таң Вузуң (814–846) элчиси Лий Щини Уйгур каганатын талкалаган Кыргыз каганы Алп Солго ыраазы болуп, көп белек тартуулап аттандырат. Элчи менен Таң падышасы кыргыз каганына кат жөнөткөн. «Падышадан кыргыз каганына урматтуу салам. Мына азыркы маал жаз кирип жаткан кез. Күн жылымдап калды. Өзүңүз да ден соолукта, бакыбат турат деп ойлойм. Жоокуусол (элчиңиз) келди. Жиберген катыңызды жана тартуу кылган аргымак аттарды тапшырып алдык. Мен баарынан кабардар болдум. Кан, өзүңүз тескей тоо өңүрүндө эрдик көрсөтүп, күчтүү жоокер менен түндүк жактын каарманы болуп жатасыз. Өзүңүз бүт эле акылмандык менен жөндөмгө толгон экенсиз. Өзүңүздүн ак жүрөктүгүңүз жана кеменгерлигиңиз менен калың элибизди жетектеп, бөтөн уруулар ичине да даңкыңыз чыгып, чек арадагы бирге бектиктер арасында кадыр-баркыңыз көтөрүлдү. Сиздин атайын элчи жөнөтүп, урмат үчүн аргымактарыңызды тартуулаганыңыз, өзүңүз баштаган элдин ак ниетин көрсөткөнүңүз, бул Сиздин ак жүрөк экениңизди билдирген изги иш деп билдик. Мен (бүгүн) ордо тагыма келип эле сиздин катыңызды окудум, окуган сайын ичимден кубанып, жөн эле тамак ичүүгө да үлгүрбөй кеттим. Сиздердин биздин сулалага болгон ак жүрөк түгүңүздөрдөн кеп башталса, көөн көтөрүлүп, көшөлүп уйку басат. Мурдагылардын ишине кайрылсак, Жингуан жылдарында (627–650) Сиздердин мамлекеттен ордого дайыма тартуулар келип туруучу экен. Падыша да (Сиздердин баш кишиге) мансап-даража берип турган, кадыресе келгендер падышанын улуу урматына ээ болушкан (ханыш) жана мол тартуу алып кетип турушкан. Кийин как ушул эмдиге чейин, узак бир мезгил кабар-атар жок болуп кеткен иш адамды таң калтырып жүргөн болучу. Көрсө, уйгурлар аралыкта бөгөт болуп жүргөндүктөн, ошондой болгонун кайдан билелик. Мына эми Сиздер жиберген кат баяндан Сиздердин кандай улуу иштерди жасаганыңыздарды билип, кубанып отурабыз. Сиздер кол курап, көп жылдар өзүңөрдү белендеп туруп, мөөртүн келтирип кол баштап чыгып, бат эле мурдатан муздап турган кегиңерди алып, көкүрөктүн бүгүн биротоло чыгарып алыпсыздар. Уйгурлардын ордосунун ойрондолушу мамлекет арасында бөгөт жоюлуп болду…
…Дегинкиси, сиз илгеркиге окшош эле уландуу биздин сулала менен жакшы өтүшүңүздү үмүт кылам. Жакындык мээр, коңшулук сый менен сиз-биз менен жүрсөк, дайыма өз ара эңсешип турсак, арабыздын алыстыгы эч качан билинбейт. Жоокуусол дароо кайтып кете турган болуп калгандыктан, бул катты өтө узартып жаза бербедик. Ал эми азем өткөрүп падышалык буйрукту жеткирүү ишин Сизге мындан соң атайын элчилик жиберип жарыялатам. Бул иштен өзүңүздү кабардар деп ойлойм.
Хуйчаңдын 3-жылы (843-ж.) жалган куран айынын ортосу».
(Кытай падышасы Вузуңдун кыргыз каганы Тапу Алп Солго жазган катынан үзүндү).
Улуу Жибек жолу. Б.з.ч. экинчи кылымдан б.з. ХV–ХVI кылымдарга чейин Ыраакы Чыгышты (Кытай ж.б.) Алдыңкы Азия, Түндүк Африка, Жер Ортолук деңиз боюндагы өлкөлөр менен байланыштырылган соода кербен жолдорунун жалпы аталышы. Ал Сиандан (Кытай) Ланчжоу аркылуу Дуньхуанга өтүп, экиге бөлүнгөн (Түндүк Теңир-Тоо жолу). Турпанды басып, Теңир-Тоонун түштүк этеги менен Батышты карай Кашкар, Фергана, Орто Азиянын башка жерлерин аралап кеткен кербен жол, андан ары Алдыңкы Азияны карай бет алган.Экинчи кербен жолу Лобнор көлүнүн бою, Такла-Макан чөлүнүн түштүк чети менен өтүп, Жаркентти (Йаркенд) басып, Памирди ашып, Бактрияга, андан Парфия, Индия жана Жакынкы Чыгышка жеткен. Түндүк Теңир-Тоо Жибек жолу Кыргызстандын аймагында Талас, Түп, Жыргалаң өрөөндө рүнөн Ысык-Көлдү бойлой Чигу, Барскан ж.б. шаарлар аркылуу өткөн. Түштүк Теңир-Тоо жолу менен сапар тарткан кербендер Борбордук Теңир-Тоону Музарт же Бедел, Алай тарапты Тоң-Мурун, Терек-Дабан ж.б. ашуулар аркылуу ашкан. Ушу жана Кыргызстандын аймагында Сикул (Ысык-Көл), Суйаб, Баласагун, Сарыг, Өзгөн, Ош ж.б. шаарлар аркылуу өткөн. Соодада адегенде Жибек кездеме жана жибек буюмдар басымдуулук кылгандыктан «Жибек жолу» аталып калган.
Караханий каганаты менен Чыгыш Түркстан, ЖетиСуу жана Фергана аймагын мекендеген ар түрдүү улуттан куралган (чигилдер, йагмалар, уйгурлар, кыргыздар, басмылдар, түрктөр, тухсилер, карлуктар, каңлылар, аргулар, тургештер, согдулуктар, ангарлар, ябакулар, кыпчактар, кенжектер, тогуз-түркмөндөр ж.б.) уруулардан Карахан каганаты (Х–ХШ к.к.) пайда болгон. Алардын эң негизги күчтүү уруулары көчмөн түрктөр, уйгурлар жана карлуктар эле.
Теңир-Тоодогу Караханийлер кагандыгы өзүнүн экономикалык күч-кубатынын жана маданиятынын гүлдөп турган мезгилине жеткен. «Кара» деген сөз кыргыздарда орто кылымдардан тартып улуу, баатыр, чоң, эбегейсиз күчтүү, күжүрмөн, кайратман ж.б.у.с. маанилерди берип келген.
Карахан – Улуу хан, Улуу падыша дегенди билд ирет.
Караханий доорундагы элдер ар түрдүү динге манихейчиликке, будпарастыкка, христиандыктарга, исламга, теңирчиликке ишенишкен. Түрктөр X кылымда эң алгачкылардан болуп ислам динине оогон, буга демилгечи Караханий каганатын негиздеген Сатук Буура Абд ал-Керим Карахан (908–955) болду. Ал Кашкарда туулуп өсүп, бийликке жеткен. Сары байрактуу, мыкты куралданган тартиптүү атчан черикти (аскерди) түзүп, Орто Азияны багынткан, Кашкардан Сыр дарыяга чейинки элди мусулман динине киргизген. Кийин бийликке келген Караханийлердин кагандары (гуркандары) эки кылымдан ашуун мезгилдин ичинде тез-тез алмашып турган.
Шаарлар. Караханийлердин Теңир-Тоодо, Сары Өзөн Чүйдө Чыгыш архитектурасынын усулунда шаарлары курулду. Х–ХII кылымдарда Орто Азиядагы мусулман архитектурасынын көркөмдүк-эстетикалык деңгээли көтөрүлдү. Чоң шаарлардын ичинде кыш, мрамор, таш кеңири колдонгон чакан шаарчалар, сырткы жана ички капталдарында кооз оюктар, сүрөттөр түшүрүлгөн ак сарайлар, ар түрдүү диндеги ибадатканалар, медреселер, аскер үйү, оорукана, кербен сарай, мончолор, түркүн устаканалар жайгашкан.
Караханий заманында Түркстан, Жети-Суудагы негизи ири шаар, азыркы Токмок шаарынын түштүк-батыш тоо тарабындагы Баласагын эле. Улуу Жибек жолдорунун удулу болуп даңазасы алыска угулган Караханий мамлекетинин борбор шаары «Күз ордо», «Куш Ордо», «Күз Улуш» деп аталган, бул «Тескейдеги ордо калаа» дегенди түшүндүрөт. Х–ХI кылымдарда Баласагын шаарында арбын тилди билгендерди, көп жазууларды окугандарды ардакташчу. Анткени мамлекет ичинде сириянын, уйгурдун, арабдын, кытайдын, согду жазуулары пайдаланылган.
Архитектура. Бүгүнкү ХХI кылымга чейин Баласагын шаарынан жалгыз архитектуралык эстелик-мунарасы сакталуу турат.Сырткы оймо-чиймеси асемделген мунаранын бийиктиги 24 метр келет, ички тепкичтери менен төбөсүнө чыкканда Чүйдүн капкайдагы өрөөнү көрүнөт. Учурунда мунарадагы асан чакырык ат чабым жерге жетип турган.
Өз ара эрегишип, бийлик менен мансап талашкандын залакасынан караханийлер кийин эки жаатка бөлүнүш көн. Чыгыш карахандыктардын борбору Баласагын (кийинчерээк Кашкар), а түштүктөгүлөрдүн Өзгөн (кийинчерээк Самарканд) болгон.Чыгышта негизинен түрк, чигил тилинде сүйлөгөн, түштүктө тажик тили үстөмдүк кылган.Илим тили негизинен араб тилинде, поэзия, тарых география фарсы тилинде жүргөн.
Карахан мамлекети Кытай империясы жана Батыш мусулман өлкөлөрү сыяктуу акчаны жүгүртүүнү билишкен жана күмүш тыйынды чегип, соодага чыгарышкан. Ош, Баласагын, Барскан (Ысык-Көлдө), Шельжи (Таласта), Самаркандда, Кашкарда, Ташта (Ташкентте), Отрарда, Бухарада ж.б. шаарларда динар (тыйындар) жасалып турган.
Караханийлердин доорунан кийинки кылымдарга калтырган архитектуралык мурастары – Ала-Букадагы Шах-Фазил күмбөзү, Өзгөндөгү үч күмбөз, Ат-Башыдагы Кошой коргон.
Базар. Тоо таянган кыргыздар ай жаңырганда чеп менен корголгон шаарга таңга жуук базарга мал айдап түшкөн. Шаардык базар не бир дүнүйөгө толгон: бир катарда калай, жез, соконун тиши, айры, орок, кетмен, жез кумган, така, коңгуроолор, казан, чыны. А башка ыптада курал саткандар – кылыч, жебенин учтары, найза, айбалта, туулга, темир калкандар, а бир жагында – карапа, бышкан кыш, аяк, чырак, шам, табак, азык-түлүк сактай турган, киши кошо бата тургандай чоң карапа идиштер, чоподон жасалган оюнчуктар көзгө түшөр эле…
Көчмөн кыргыздар ар тилде бажылдаган базарга кой, жылкы, уй, төө, жүн, тери, ала кийиз, шырдак, чий жана алгыр куш сатышат, өтпөсө карапа, жез идиштерге, шараптарга, ат жабдыктарга, кемер курга, күзгүгө, унга, кооз буюмдарга, жер-жемишке, кабактан жасалган идиш чакчаларга алмашышат. Шаардын сырт жагындагы сарттардын арзан кербен сарайларына түнөшүп, мечитке, күмбөздөргө, ибадатканаларга сыйынышып, мончолоруна жуунушуп тоо тарапка жөнөп кетишкен, аймагында жана Аксуу деген шаарды ээлеп, чигилдердин түндүк жагында жашаган. Азыркы кыргыз окумуштууларынын тактоосунда кыргыздардын түндүгүндөгү бир уруу болуп эсептелген.
Энесайлык кыргыздар Теңир-Тоодогу ата конушуна көчүп келе баштаганда социалдык, маданий жашоо турмушунда кызыктай жаңы өзгөрүүлөргө дуушар болду. Энесайлыктардын Тан, Тибет сулалелери, хун, түрк, уйгур каганаттары менен эриш-аркак болуп, көчмөндөр менен кагылып-согулуп, соода-сатык, маданий мамиледе жүрүп, тиричилиги кыйла жакшырып, рухий дүйнөсү өсүп калган. Алар Теңир-Тоодон отурукташып, дыйканчылыкты да, соодагерликти да өздөштүрүп кетишкен.
Теңирчиликке нечен кылымдар бою тутунган кыргыздар ислам динине дароо өтө койбоду, эки диндин окшош жагы көбүрөөк дал келген соң, жаңы динди секин-секин кабыл алды. Кыргыздардын маданиятына өзгөрүүлөр кирди, тилинде, салтында, оозеки чыгармасында, музыкасында, кол өнөрчүлүгүндө жана жалпы эле маданиятында жаңы табылгалар, жаңылыктар, кошумчалар пайда болду.
Кыргыздар шаардык жашоону жерибей кабыл алып, орток жазма адабий тилди, жазууну өздөштүрүп, рухий байлыгы кеңейди.
Х кылымда Орто Азиядагы Ала-Тоо, Теңир-Тоо, Түркстандагы Караханий аймагындагы түрк тилинде сүйлөгөндөр түрк тилин жандандыруу күч ала баштады. Анткени бул аймакта буга дейре VIII–IХ кылымдарда араб-фарсы тили, дини жана жазмасы орун-очок алып, үстөмдүк кылып калган эле. Улуттук аң-сезими козголгон кыргыз, уйгур, казак, карлук, кыпчактар сыяктуу түрк тилинде сүйлөгөндөр түркчө жазууга өтүштү. Бул максатты ишке ашырууда таланттуу, билимдүү, маданияттуу, патриот инсандар чыга баштады. Буга Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашкарлыкты айтса болот.
БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАРДЫН ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ
Б.з.ч. доорлордо эле кытай эски жазмаларында калган кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы түр жана мазмуну жагынан өтө бай келет. Кыргыздар жараткан элдик адабият тарыхый жактан: эң алгачкы доор адабияты, ортоңку доор адабияты, ортоңку, кийинки доор адабияты деп үч чоң доорго бөлүнөт. Ал эми түр жагынан: кара сөз түрүндөгү аңыздар (мифтер), уламыштар, жөө жомоктор, санжыралар, ыр түрүндөгү дастан, эпостор болуп эки чоң топко бөлүнөт.
Эң алгачкы доор адабиятында кыргыздардын дүйнөнү, жаратылышты таануудагы элестетүүсү ошол доор адабиятынын негизги мазмуну болуп наристе кыял (фантазия) адабияттын көркөм каражаты болуп келген.
Ал эми ортоңку кыргыз адабият доорунда улуттар менен улуттар, уруулар менен уруулардын кагылышы негизги мазмун болуп, баатырдык образ жаратуу адабияттын көркөм каражаты болуп эсептелген.
Кийинки доор кыргыз адабиятында реал турмуш, кишилик тиричиликтин түрдүү жактарын камтыган, инсанат турмуш тажрыйбаларын баяндаган мазмундар, түрдүү татаал образды жараткан көркөм каражаттар болгон.
Эң алгачкы адабият доору. Эң алгачкы кыргыз адабият доору адамзаттын баштапкы коом дооруна тушташ келет.
Баштапкы коомдо эле тубаса баамчыл адамзат дүйнөгө, жаратылышка баар салып, заттардын, кубулуштардын жаратылышы жөнүндө наристе элестетүүсүн тил аркылуу өз ара баяндашып, өз баамдарын көркөм адабият менен түшүндүрүүгө аракеттенишкен.
Ошону менен баштапкы адабият негиздери жаралган.
Эң алгачкы кыргыз адабиятынын түшүнүгү баштапкы коомдун наристе түшүнүгү болуп, адабияттын негизги мазмуну дүйнөнү ааламды жаратылышты наристе баамдап, аны наристе элестетүү менен түшүндүрүүдө мифтик чыгармалар болуп эсептелет.
Эң алгачкы кыргыз адабиятынын эрекчиликтери: биринчи, көп кудайлуу, көп ээлүү рухка ишенүү аркылуу сыйынуучу көптөгөн образдар жаралган. Экинчи, дүйнөнүн жаратылыштын, заттардын пайда болуу, жаралуу себептерин наристе элестетип ошол наристе элестетилген нерселерге көркөм образ берип сүрөттөө болгон, үчүнчү баштапкы кыргыз адабиятындагы окуялардын кагылыштары кайчылыктары адамдар менен адамдар ортосундагы кагылыш кайчылык болбостон табияттан тышкары сыйкыр күчтөр (дөө, желмогуз, албарсты ж.б.) менен адамзаттын кагылышы табият мүчөлөрүнүн, заттардын өз ара байланышы сүрөттөлгөн, төртүнчү, сөз касиетинин күчүнө чын бүтүү, сөз касиети кандайдыр бир натыйжа берет деп ишенүү менен түрдүү окуялар баяндалган.
«МАНАС» БАЯНЫ
Эпостордун бөлүнүшү. Кыргыз эпостору көлөмү жана идеялык-көркөмдүгү боюнча экиге бөлүнөт: биринчиси – улуу «Манас» (үчилтиги) эпосу, экинчиси – кенже эпостор.
Жанрдык жана доордук жагынан кыргыз эпостору үч түрлүү: Биринчиси – аңыздык (мифологиялык) эпос («Кожожаш», «Эр Төштүк»);
Экинчиси – баатырдык эпос: «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Курманбек», «Жаныш-Байыш», «Эр Табылды», «Жаңыл мырза» ж.б.
Үчүнчүсү – социалдык-турмуштук же лирика-эпикалык эпостор: «Сарынжи-Бөкөй», «Олжобай менен Кишимжан» ж.б.
«Манас» эпосуна аныктама. Кыргыздар «Манасты» «жомок» деп атап, ушул аталардын жомогун кылымдардан бери улам кийинки урпактын оозуна өткөрүп, дилине кыт кылып куюп келген. Кыргыз тилинде «жомок» деген сөз окуялуу баян, окуя деген мааниде болуп, бир нерсени жомоктотуп айтты, жомоктотуп сүйлөдү, жомок болуп калды дегенге окшош сөз айкаштарында «жомок» белгилүү окуяны майдалай баяндап бергенге тете. Ошондуктан, ата-бабанын баянын айтып келген «Манас» жомок деп айтылып, кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн (адабиятынын) жөрөлгөлүү термини катары урунулуп келген. Ал эми жомоктун кара сөз түрүндө баяндалуучу түрүн «жөө жомоктор» деген термин менен түргө бөлгөн, «Манас» эпосу уйкаштуу, ыргактуу, обондуу, жорго айтылгандыктан, аны тиги «жөө жомоктон» айырмалуу көргөн. Азыр да эл ичинде ыр менен оюн-шоок болгондо: «Жөө келбей аттуу кел» – деп коёт. Айтмак, кыргыз көркөм өнөр тарыхында жөрөлгөлүү адабияттык терминдин көч башы катары «жомок» сөзү эсептелет. Ал эми «Манас» жомогу кийинки дүйнөлүк адабият секисинен көргөндө, «эпос» деген термин менен аталып, дүйнө эпосторунун тизмегинде «Манас» эпосу айтылып кетти. «Эпос» деген сөз грекче сөз болуп, «баян, сөз, жомок» деген маанини берет экен да, ага кыргыздын тарыхта колдонулуп келе жаткан «жомок» адабияттык термини калыпка куйгандай дал келет. Ошого дүйнөлүк салт боюнча «Манастаануу» илиминде «Манас» эпосу деп атоо дүйнөлүк терминге туура келет.
«Манас» эпосуна баа. «Манас» эпосу кыргыз элинин тарыхы гана эмес, анын этностук курамы, турмуш-тиричилиги, жүрүм-турум нормалары, адамдын оң жана терс сапаттары, көз караштары, жаратылышты байкоолору, диний, медициналык, географиялык жана башка түшүнүк төрү, поэтикасы жана тили, башкача айтканда, эл турмушунун бардык жактары кеңири планда чагылдырылган нукура эпикалык, энциклопедиялык чыгарма.
Алгачкы жазма маалымат. «Манас» эпосу тууралуу алгачкы жазма маалымат ХVI кылымда Кыргызстандын түштүгүндө жашап өткөн Сейф ад-Дин Аксыкентинин «Маджму ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») деген эмгегинде учурайт. Анда Манас, анын атасы Жакыпбек, душманы Жолой жөнүндө айтылат.
«Манас» жана тарых. «Манас» эпосун эл жараткан, эл өзүнүн басып өткөн тарыхый жолдору, аталарынын жомоктору менен жараткан. Албетте, «Манас» эпосунда кыргыздардын жалпы эле тарыхында болуп өткөн окуяларын көрөбүз. Мында айта турган бир нерсе, «Манас» кыргыз тарыхында, кандайдыр бир же эки доордун гана чагылдырылышы эмес, анда ар бир доор окшобогон калыпта (бирдери көп; кайсы бири аз) чагылдырылган. Албетте, алыскысы улам аз, кийинки окуялар басым баяндалган деп айтсак, эпостун баянына төп келет.
Кыргыздардын тарыхы ханзу жазмаларында арбын жазылып калган. Кадыресе, тээ эртеден, биздин санактан мурдагы 200 жыл алдында тунгуч ирет ханзу тарыхынын ата башы тарыхчысы Сыма Цяндын «Тарыхый эстеликтер» деген китебинде «Кыргыз мамлекети» деген баян айтылган. Ошондон баштап карасак, эпосто айтылган Манас жана анын ата-бабаларынын бийлик курган (Манастын кан көтөрүлгөнү) окуясы бул Сыма Цяндын баянына төп келет. Мындан бөлөк, «Манас» эпосунда айтылган «Алмамбет жомогу «баягы эле тарыхта жазылган Ноён Сангун Ли Линдин кыргыз жергесине барып, ошол жерге жерденип, элденип калганы тарыхта жазылган баянды көркөм чагылдырып тургансыйт. Эпосто Алмамбет жана анын уулу Күлчоронун кыргызга өткөргөн кызматы ошондой эле санактан мурда кыргыз жергесине барган деп Ли Линдин тарыхта жазылган баянынын көркөм берилиши деп айткыбыз келет. Кыргыз тарыхында биримдүү бийлик куруу, өз мамлекетин, элин коргоо тарыхый чындык эпосто көркөм чагылдырылган. Кыргыздар баатырды, эрдикти аябай даңазалаган. Ошого кыргыздардын баш кишисинин мансабы «Эр» деп аталган да («Жаңы таңнааманы» караңыз) «Эр Манас» деп айткан. Мында «хан, хакан, каган» деген мансап аталуудан мурда «эр» колдонулган. «Манас» эпосунда кыргыз тарыхынын урунтуктуу окуялары арка көрүнүшүндө турат деп айтууга болот. Ал окуялар тээ биздин санактан мурдагы кыргыздар менен хундардын кагылышы (Сыма Цян тарыхында «Хундар кыргызды багындырды» деген баян бар). Андан Ли Лин Сангундун кыргызга барышы (Алмамбет сыяктуу); андан соң кыргыздар байыркы телелер уруу бирикмесинде, каңкылар уруу бирикмеси сыяктуу уруулар менен болгон биргелештик жана кагылыштар «Манас» эпосунда Манастын ички жети кан, сырткы жети кан уруу бирикмесинин көрүнүшүн элестеткен.
Кыргыздардын уйгурлар менен болгон кагылышы, 840-жылы алардын Ханбалык ордосун талкалап, бүткүл Түндүк жакка өз бийлигин орноткону ханзу тарых жазмаларында өтө айкын жазылып калган. 843-жылы Чаңан ордого Жав Фан: «Кыргыздар Бешбалык калаасын чаап алды» деп кабарлаган («Жаңы таңнаама», «Уйгурлар баянын» караңыз) ошол кезде бүгүнкү Жымсар «Бейтиң» (Бешбалык – Түндүк ордо) аталса, Кыргызстандагы Суйаб калаасы «Нантиң» (Түштүк ордо) аталган. Демек, кыргыз тарыхында 840-жылдан 940-жылга чейин улуу окуялар болуп, күчтүү мамлекет куруп, барча элдерди башынан бийлегенин, Таң ордосу менен элчилик жиберип, кат алышып байланыш жасаганын жайсаң Ли Диунун «Таң падышасынын кыргыз хаканына жазган каттары» деген баянында анык көрүнүп турат. Кыргыз бийлиги Х кылымдын соңунда Кидан (кытай) бийлигинин күчөшү менен алсыздап, кыргыздар «Манас» эпосунда айтылган «Бирөө кетти Эренге, бирөө кетти Тереңге» болуп тозуган. Мында кыргыздарды кидандардын «Жолой» аттуу бийлөөчүлөрү (Жолой Абожи, Жолой Тайчы сыяктуу) 930-жылы Энесай өрөөнүн чаап алган, андан соң 1124-жылы Жолой Тайчы Кыргызстандын Баласагын калаасын «Күчтүү ордо» деп атап, ал жерге Каракидандар мамлекетин «Батыш Ляо» деген ат менен курган. Ошентип кидандар (Жолойлор) кыргыздарды 200 жыл чамасы (931-жылдан 1130 жылдар) басынтып алган. «Манас» эпосунда айтылган «Кытай» мына ошол байыркы кидандарды көрсөтөт да, алардын баш кишилери (Йелүй) кыргыз тилинде «Жолой» болуп айтылып, эпосто баяндалган.Эпостогу баатырлык көрүнүштөрдүн көбү мына ушул доорду арткы көрүнүш кылып чагылдырган. Арийне, «Манас» эпосунда «Чоң казат» окуясы мына ушул доорду элестетет. Ал тургай эпосто айтылган «Бейжин, Бээжин» ушул доордо «Шаңжин» («Түп Бейжин») деп аталган азыркы ички Моңгулдагы «Лин Хуан» байыркы калаасы болгондугу далилденип жатат. Бул калаанын байыркы кебетеси, айланасы эпостун «Чоң казат» бөлүгүндө сүрөттөлгөн баян жана «Чоң казат жүрүшүндө басып өткөн жуграпиялык жолдор кереметтей окшойт. Кыргыздар тарыхындагы урунчуктуу тарыхый окуянын бирөө «Чынгызхандын жортуулу» болгон. Ал кыргыздарды 1207-жылы багынтууга жетишкен. Кыргыздардын бул багынуусу өз алдынча бийлик курулмасынан айрылып калуусуна алып барган чоң окуя болгон. Моңгулдардын, кийин калмактардын көз карандысында жүргөн кыргыздардын «Манас» эпосунда моңгул, калмактар менен болгон чабышы абдан таасын чагылдырылган. Ошондон баштап, XVII кылымга чейин болгон 4–5 жүз жылдык мезгилдеги кыргыз турмушу «Манас» жомогу болуп, адабий секиге көтөрүлүп айтылып калган.
«Манас» эпосунда айтылган Эсенкан, Алооке, Коңурбай (моңгулдардын «Жаңгыр» эпосунда эң чоң баатыр), Жолой сыяктуу адамдардын ысымдары тарыхта өткөн адамдар болгон, жазма тарыхтарда кенен учурайт.
Бейжин, Каңгай, Энесай, Алтай, Оркон, Ыбырсыбыр, Талас ж.б. сыяктуу жер аттары жазма тарыхтарда жазылып калган.
«Манас» эпосунун негизги окуялары. «Манас» эпосу камтыган окуяларынын молдугу менен көлөм жагынан абдан кеңири өнүккөн, бирден окуя ушул эпос деп аталган деңиздин бир айрык суу куймасы катары эпостун мазмунун толуктаган. «Манастын» окуялары адабияттык термин боюнча «сюжет» деп аталат. Жалпы жонунан айтканда, «Манастын» окуялары үч чоң топ боюнча баяндалат.
Уруш окуялары. «Манас» эпосу баатырдык жомок болгондуктан, албетте, окуялардын көбү согуш, салгылашуу болгон.
Согуш окуялары эпосто согуштун чыгуу мүнөзүнө карай: өз жерин, Мекенин басып жаткан жоону сүрүп чыгаруу согуштары (мисалы, Алоокени кууп чыгуу); элди чаап келген, басынтып каптап келген жоону майтарып, эли-жерин коргоо согушу (Коңурбай, Жолойлор менен болгон согуш); уруу көмөктөштүгүндөгү (сырткы жети кандын) эли-жерин жоо басып келгенде көмөккө барган согуш (Манастын Карманапка көмөгү); тынчты алган жоону түбүнөн тынчытуу үчүн жортуулга аттануу согушу («Чоң казат»); ички уруулардын кагылышындагы согуштар, (ички жети кандын) Манас урпагынын ички кагылыштары (мисалы, «Семетей» бөлүмүндө) негизинен ички согуш болуп, эл ириткилери эл-журтту кактаган өктөмдөр (Абыке, Көбөш, Кыяз, Толтой) менен болгон (Семетей, Күлчоро, Сейтек) согуштары сыяктуу согуш окуялары баяндалган.
Бирок мында, атайын айтып коё турган бир нерсе, «Манас» эпосу жалаң гана согуш окуяларын баяндаган «уруш жыйнагы» эмес.
Турмуш окуялары. «Манас» кыргыздардын энциклопедиясы (билим китеби) деп айтылган сөздүн нугу мына ушул окуяларын көздөп айтылгандыгында. Турмуш дегенде бүткүл эле бир улуттун жашоо маданиятын түшүнүү абзел. «Манас» эпосунда кыргыз турмушунун «жакшылык турмушу» менен «жамандык турмушу» бүт баяндалган. «Жакшылык турмушта» бүт эле элдин маданиятындагы жетишкендиктерин: турак жай маданияты (сыр коргон ордо маданияты); жемек-ичмеги, той-төркүнү (Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Семетей, Айчүрөк жана Сейтек сыяктуулардын улуу махабаты сыяктуулар); майрамсайрандары; «кан көтөрүү» салтанаты; өмүрлүк достошуу (Манас менен Алмамбет ж.б.) салтанаты; жеңиш тою сыяктуулар, андан бөлөк өнөр жайы, кол өнөрчүлүгү, курал-жарак жасоо өнөрү; мал күтүнүү, уучулук өндүрүшү сыяктуу турмуш окуялары арбын. «Жамандык турмуш» да «Манас» эпосунда аябай жогору белеске көтөрүлгөн окуялар менен берилген. Эл мүңкүрөп тозуп, басынып турган оор күндөр «жамандык турмуш» окуяларынын чоң желесин тартып турат да, бүткүл эле эпостун окуяларынын өзөгүн эл башына түшкөн оор күн окуялары түзүп тургансыйт. «Жамандык турмуш» окуяларынын курамы элдин оор күнү, баатырлардын, эл башчыларынын өлүмү сыяктуу эки чоң танап менен тартылган. Манастын төрөлүү доорундагы кыргыздардын көргөн күнү тукум-курут болуп кетүү алдында турган, бүт бойкат аялдардын курсагы жарылып, ымыркайлар кабакка ыргытылып, элдин каш кайтарар чамасы жок тозуп, эптеп жан сактап турган окуясы баяндалат. Андан бөлөк Семетейдин төрөлүшүндө, анын балалык чагындагы «жамандык турмуш» окуялары өзөктү өрттөгөн түрдө берилген. Ал тургай «Сейтек» бөлүмүндөгү Кыяздын элге салган кордугу «жамандык турмуш» окуяларынын үлгүсү катары көрүнөт.
«Манас» эпосунда «жамандык турмуш» өлүм окуялары менен да берилген. Бүткүл эле «Манас» эпосу баатырлардын өлүм-казасы менен трагедиялуу (күйүттүү) аяктап, элдин ичинен чырайлуусу, баатырлардын ар-намысты өлүмдөн жогору баалаган түшүнүгүн көрсөтүп бере алган. Манас баштаган баатырлардын «Чоң казаттагы» өлүмүн баяндаган окуяны уккан адамдын бардыгы өзөктү өрттөгөн күйүттү тартарында шек жок. Жакыптын Семетейдин колунан мертиниши,Семетейдин Канчородон (өзү баккан чоросунан) мертиниши кыргыз философиясында (ойчулугунда) өтө терең түшүнүктү көрсөтө алган.
Корутуп айтканда, эпостун окуяларында элдин оор күнүн баатырлардын өлүмүн баяндаган окуялар бүткүл эпосту курап, эпос ушул окуялардан улам жаралгандай (Ырчы уул Манас баштаган баатырлардын өлүмүнөн кийин «Манасты» бирөө илгертен бери айтылып бышкан, эпостун жалпы жомоктук баянынын жээктиги болуп тартылып келген окуялар. Андай окуялар «салттык окуялар, жөрөлгөлүү окуялар, же турактуу окуялар» деп аталган. Мындай окуяларды бардык эле манасчылар айтпай өтө алган эмес. Андан бөлөк дагы «демеп» айтылган окуя лар болгон. Аны ар кайсы манасчы өз жөндөмүнө карай кошуп айткан окуялар эсептелет.
«Манас» эпосунда жөрөлгөлүү окуялар мына булар:
«Манас» бөлүмүндө. 1. Манастын төрөлүшү жана балалык чагы; 2. Кырк чоронун куралышы жана алгачкы эрдиктер; 3. Манастын кан шайланышы; 4. Мекенди жоодон бошотуу; 5. Кыргыздын Ала-Тоого көчүшү; 6.Алмамбеттин жомогу; 7. Манастын Каныкейге үйлөнүшү; 9. Көкөтөйдүн ашы; 10. Чоң казат; 11. Манастын өлүмү.
«Семетей» бөлүмүндө: 1. Семетейдин балалык кези
(таятасындагы кездер); 2. Семетейдин элине келиши; 3.Семетейдин ички ириткилерди тындым кылганы; 4.Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү; 5. Канчоронун чыккынчылыгы; 6. Семетейдин өлүмү.
«Сейтек» бөлүмүндө: 1. Сейтектин төрөлүшү; 2. Сейтектин түбү-жайын билиши; 3. Сейтектин Кыяз менен согушу; 4. Күлчоронун айыгышы; 5. Сейтектин баатырдык согуштары; 6. Сейтектин үйлөнүшү; 7. Сейтектин үр-перилерге көмөккө барганы жана дөөлөр менен согушу; 8. Сейтектин Таласка келип хан болушу.
«Кененим» бөлүмүндө: 1. Кененимдин төрөлүш ү жана кан майданга аттанышы; 2. Кененимдин төрт баатырды куткарышы; 3. Жүйрүн дөөнүн жомогу; 4. Кененимдин Чыныкени алышы; 5. Семетей баштаган баатырлардын кайып болушу; 6. Кененимдин кереметтүү согуштары.
«Сейит» бөлүмүндө: 1. Эр Сейиттин Карадөөнү союшу; 2. Көк күмбөз жомогу; 3. Сейиттин Желмогуз менен согушу; 4. Сейиттин дөөлөр менен согушу; 5. Сейиттин өлүмү.
«Асылбача-Бекбача» бөлүмүндө: 1. Асылбача-Бекбачанын бешик тою; 2. Асылбачанын алгачкы эрдиктери;
- Асылбачанын хан болушу, кыргыздардын жыргалы; 4. Асылбача менен Кызылкыздын жомогу; 5. Асылбачанын өлүмү; 6. Бекбачанын Лопнурга аттанышы; 7. Тогуз кандын чабуулу; 8. Бекбачанын Көйкаптагы жомогу; 9.Бекбачанын Манас баштаган кырк төрт залга берген чоң ашы; 10. Бекбачанын өлүмү.
«Сомбилек» бөлүмүндө: 1. Сомбилектин маңгыттар менен согушу; 2. Сомбилектин Шүкүрлүү тоосуна барышы; 3. Сомбилек менен Тынымкандын тою; 4. Сомбилектин жараланышы жана өлүмү.
«Чигитей» бөлүмүндө: 1.Чигитейдин жоого аттанышы; 2. Чигитейге келген кырсыктар; 3. Чапкынчылардын кол курашы; 4. Чигитейдин өлүмү.
«Манас» эпосунун тарбиялык мааниси. «Манас» элдик адабияттын эң ири эстелиги катары кыргыз тилинин калыптанышында, анын диалекттеринин жакындашында, грамматикалык нормаларынын такшалышында, сөздүк курамынын байышында баа жеткис роль ойногон.
«Манастын» тарыхый-маданий мааниси анын кылымдар бою кыргыз элинин этикалык нормаларынын, улуттук мүнөзүнүн калыптанышына олуттуу таасир тийгизип келгендигинен да көрүнөт. Эпос адамдардын бири-бирине болгон өз ара мамилелериндеги этикалык нормаларды даңазалайт, ушундан улам ал биздин күндөрдө да өзүнүн тарбиялык маанисин жоготкон жок. «Манас» эпосу элдик оозеки чыгармачылыктын дүйнөлүк мыкты үлгүлө рүнүн арасында татыктуу орунда турат.
«Манас» эпосу – кыргыз элинин рухий маданиятынын көрүнүктүү эстелиги. Ал кыргыздардын тарыхын, этнографиясын жана жалпы эле турмушунун ар кандай тармактарын изилдөө, үйрөнүү үчүн алмашкыс булак.
Эпос кыргыздардын мифологиясы боюнча кызыктуу маалыматтарды берет. «Манаста» жаныбарлар жөнүндөгү мифтер басымдуулук кылат, анда жаратылыштагы ар түрдүү кубулуу, сыйкырчылык, түр өзгөрүүлөр айтылат. «Манас» эпосунун эл аралык мифологиялык аналогиясы катары ит баштуулар жөнүндөгү мифти (кыргыз фольклорунда «итаалы») эсептесек болот.
«Манаста» диндин байыркы түрлөрү жөнүндө маалыматтар чагылдырылган. Бул жерде Алтай жана Түштүк Сибирдин бардык элдеринде кездешүүчү тотемизм, жаратылыштын кубулуштарына жан-жаныбарлардын, Умай эне касиетине, арбактарга сыйынуу, фетишизм, шаманизм боюнча маалыматтар арбын кездешет.
Эпосто кыргыз элинин салт-каадасы боюнча баалуу этнографиялык материалдар кездешет. «Манаста» жаңы төрөлгөн балага ат коюу, баласын башка бирөөлөргө убактылуу багууга, тарбиялоого берүү жана ага байланыштуу ырым-жырымдар көрсөтүлгөн. Эпосто чагылдырылган эмчектештирүү салты да көңүл бурууга арзырлык.
«Манас» эпосунун көлөмү. Көлөмүн билүү максатында «Манас» айттырууда алдын-ала камылга иштетилип, обочо жерге үй тиктирип, бир канча бодо жандык союшка белендеп, калыстарды, эл аксакалдарын чогултуп олтуруп, айлап «Манас» айттырганда, ошондо ким «Манасты» көп айтарын, көлөмүн белгилешип, көлөмдүү айткандарды «чоң жомокчу, чоң манасчы» деп аташкан. Ким канча ай, же нече түн бою айта алганы менен эпостун көлөмүн белгилешкен. «Манас» эпосу кагаз бетине түшүрүлгөндөн кийин анан аны канча сап айтты деген өлчөм менен айта турган термин жаралган.
«Манас» эпосунун көлөмү аябай чоң, мазмуну мол экенине дүйнөлүк илимпоздор XIX кылымдан баштап көңүл буруп, башка дүйнөлүк эпостор менен көлөмүн салыштырып, бой теңештире баштаган. 1856-жылы кыргыз жергесине келип «Көкөтөйдүн ашы» бөлүгү менен гана таанышкан Чокан Валиханов «Манас» эпосунун көлөмүнө кайрылып: «Кыргыздар «Манасты» үч түн бою укса да айтып түгөтө алгыс, «Семетейге» да ошончо убакыт жетишсиз деп айтышат…» деген.
«Манас» эпосунун жаралуу доору жөнүндө таамай изилдеген А. Бернштам: «Шахнаме» көлөмү жагынан «Илиададан» сегиз эсе көптүк кылса, «Манас» бир эле вариантында «Шахнамеден» беш эсеге арбын, демек, «Илиададан» кырк эсе көп» – дейт. Ушул күндөгү маалыматтарга кулак төшөп көрсөк, Саякбай Каралаевдин айтымында кагаз бетине түшкөн «Манас» эпосунун бардык көлөмү 400 554 сап, Сагынбайдан бир гана «Манас» бөлүмү 180 378 сап (башка бөлүмдөрү жазып алынбаган), Жусуп Мамайдан 300 000 сап кагаз бетине түшкөн. Бул үч манасчы «Манасты» эң көлөмдүү айткандар катарында саналат. Ал эми ушул күнгө чейин «Манас» эпосунун түрдүү варианттарынын кагаз бетине түшүү көлөмү миллион сапка жеткирип маалымдаган басма сөздөр бар. Жуңгодо 1950-жылдардан баштап төрт жолу «Манас» чогултуу жумушу колго алынып, бардыгы 600 000 сап «Манас» материалынын жазылгандыгын кабарлап келет.
«Манас» эпосу кагаз бетине түшө электе көзү өтүп кеткендер: Назар, Чоюке, Тыныбек, Келдибек, Акылбек, Жусубакун, Темир, Эшмат деген илгери чоң жомокчулар болгон экен. Алар «Манас» эпосун канчалык көлөмдө айта турганына кагаз бетинде далил көрсөтө албайбыз. Ал тургай Сагынбай Орозбаковдан бир гана бөлүм кагаз бетине түшкөн, Эшмат Маметжусуптун «Семетей» бөлүмү гана кагаз бетине (толук эмес) түшкөн. Салыштырмалуу түрдө дүйнөгө даңазалуу эпостор гректердин «Илиадасы» 15693 сап, «Одиссей» 12110 сап экенин гана көрсөтсөк, көлөм салыштырмасы көрүнөт.
Эпосту жазуудагы убакыт. «Манас» эпосунун көлөмдүүлүгүн, аны жазып алуусуна кеткен убакыт менен да бир ырастап көрсөтүүгө болот, алып айтсак, залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунан «Манастын» биринчи бөлүгүн 1922-жылы кагаз бетине түшүрүүнү баштап, нечен айлап, жылдап жазып, 1926-жылы төрт-беш жылда зорго жазып алуу иши байыган (албетте, аралыкта үзүлүп турса да). Ал эми залкар манасчы Саякбай Каралаевдин «Манас» эпосун жазып алуу иши 1931-жылы башталып, алды-кийин болуп, 1947-жылы байыган. Саякбайдан айттырып жазып алуу ишине 16 жыл кеткен. Ал эми залкар манасчы Жусуп Мамайдан «Манас» эпосун жазып алуу жумушу биринчи жолу 1961-жылы башталып, 1964-жылга чейин алты бөлүгү төрт жылда жазып алынган. Экинчи жолу 1979-жылдан 1982-жылга чейин дагы эки бөлүктү толуктап жазууга үч жыл кеткен. 1982-жылдан 1985-жылга чейин башкалар жагынан кагаз бетине түшкөн өз айтымын (вариантын) өзү баштан аякка көрүп, толуктап, өз колу менен кайра кагаз бетине түшүрүп, (кээ бир бөлүмүн) дагы үч жыл сарпталган. Ошентип, Жусуп Мамайдын «Манасы» кагаз бетине түшүрүлгөн убакыт 10 жыл болгон (аралыкта үзүлгөн убакыт эсептелбегенде).
Жогоруда айтылган манасчылардан «Манас» эпосун кагаз бетине түшүрүлгөн убактардын өзү эле эпостун көлөмүнүн деңиздей чалкып жаткандыгын, аябай мол экенин көрсөтүп бере алат. Алар күндөп, айлап эмес, он жылдап айткан.
«Манас» эпосунун көркөмдүгү. Эпостун көркөмдүгүн төмөнкү жактардан көрүүгө болот:
- Эпосто көркөм образдар жаралган. Эпосто жаралган образдардын эң түптүүсү баатырлык образ болуп, ал Манас жана анын кийинки урпактарынын эрдиктеринен көрүнгөн, кыргыздын баатырлары «намыс» үчүн жаралып, намыс үчүн өлө турган кыргыз философиясы менен образ жаралган. «Жан кетсе кетсин, намыс кетпесин» деген акылман сөз кыргыздардын баатырларын белендеген. Кыргыздар тарыхында баатырлыкты даража, мансаптан жогору коюп, эл ичинен ким «баатыр, эр, алп, дөө, эрен, берен, ноён, таркан» болсо, ошол эл башкарган, элге ээ болгон. «Манас» элден мурда «Эр Манас» деп аталган, «эр» деген сөз жөн эле «эркек» деген сөз эмес, ал өзүнчө мансап болгон, кийин анан башка элдер катары «кан, каган» деген аталмаларды кабыл алган.
Баатырлык образдын эң башкысы Манас болуп, анын төрөлүшү бөтөнчө, өсүп-жетилүүсү өтө ылдам (тогуз жашынан баштап эр сайышка жарайт), денеси олбурлуу, жеген тамак-ашы, суусундугу жөн адамдардан нечен эсе артык болгон (бир тайдын этин, нечен чанач кымызды бир маалкы оокатына жумшаган), уйкусу бөтөнчө (найза менен жамбашка сайса чымын чаккандай тоготпойт), Манас айкырганда чээнде жаткан аюунун өтү айрылат. Булар Манастын тышкы көрүнүшү, кыргыздар тозупбасынып жатканда мына ушундай бирөө керек болгон, аны эл өзү тапты. Баатырлык образдын эң бийик жери баатырлардын дөөлөр, алптар менен беттешкен жерлери эле. «Манас» эпосу баатырлардын образына мына ушуларды кошуп бере алган.
Баатырлык образдан: Манас, Чубак, Сыргак, Алмамбет, Балта дөө, Кошой, Шыгай, Көкчө, Семетей, Күлчоро, Сейтек, Куялы, Кененим, Сейит, Асылбача, Бекбача, Сомбилек, Чигитей сыяктуулар болгон. Баатырлыктын терс образынан: Коңурбай, Жолой, Нескара, Алооке, Көңтөй сыяктуулар баатырлыктын типтери болуп эсептелген. Эске алчу нерсе, «Манас» эпосунда жоо жактын баатырлары аябай айлалуу, күчтүү болуу жагы менен Манас баатырдын баатырдыгы ачып берилген. Ал эми оң кейипкерлердин баатырлык образында андагы жетишсиздиктери, энөөлүктөрү, кенебестиктери көрсөтүлүп, баатырлык мүнөз айкын чыгарылган. Баатыр Манастан баштап, элден эң эле бөтөнчө адам катары каралганы менен кээде жөн эле карапайым адамдар катарындагы турмуш-жоруктары кошо берилип (алып айтсак, Манас чоролорунун атын отко коёт, жубайы Каныкейге нече жолу таарынат), инсандык сапаттары көрсөтүлүп, элдин ичинен чыккандыгы анык байкалат. Эпосто мифтик (аңыздык) образдар берилип, дөөлөр, желмогуздар, сыйкырчылар, перилер, кайып болуу сыяктуу көрүнүштөр өтө кылдат берилген. Анын негизи кыргыз жомокторунан алынган.
- «Манас» эпосунда акылмандык образ көркөм берилген. «Манас» эпосу кыргыз акылмандыгынын мөмөсү катары каралат. Мында бүт эле кыргыздардын кыялы, санаасы, тилеги чагылган. Манас баштаган акылмандар тобунун образы жаралган. Манастын акылмандыгы – ал акылмандарды жанына чогулта алгандыгында. Алып айтсак, Балта, Бакай, Кошой, энеси Чыйырды сыяктуулардай көсөмдүк акыл катары чогултса, кийин Каныкей, Алмамбет сыяктууларды атайын кабылдап, өзүнө жаңы акылмандыктарды тарткан. Манастын Алмамбетти кабылдашы азыркы замандын сөзү менен айтканда «чоң жаңы техниканы, озот идеяны» кабыл кылган менен барабар жумуш болгон. Аны менен өз образында акылмандык касиет аша берген. «Семетейде» да Бакай, Каныкей, Айчүрөк сыяктуу акылмандар тобу бар. Андан кийинки урпактарда, ошонун жолун жолдоп, баатырлык менен бирге акылмандык касиет болгон. Эпостун кайсыл эле баянынан болбосун, «акылман, аяр, амалкөй, кыяр, манттуу, айлалуу, көсөм» сыяктуу образдарды жолуктурганы болот. Андан бөлөк, «сыйкырчы, изчи, төлгөчү» деген сыяктуу мифтик акылмандар образы жаралган. Айтор, «Манас» акылмандарды, акылды даназалаган эпос болгон.
- «Манас» эпосундагы тил көркөмдүгү жаралган. «Манас» эпосунун тили кыргызга жалпы орток эле болуп калбай, кадыресе кыргыз тилинин көрөңгөсү деп каралат. Андан стилистикалык ыкмалардын өтө чоң үлгүлөрү берилген. Апыртуу, опсуз чоңойтуу менен, эсепсиз кичирейтүүнү чегине жеткирген. Окшотуусу бүт эле кыргыздын табият карашын көрсөтүп турган, кайталоо эпоско берметтей жарашкан болуп да эпостун бирден бир өзгөчөлүгү бышкан, талкууланып турактанган эпостук салттык саптар аябай көп болуп, алар жалпы эле угармандарды моютуп келет. Эпосто өзгөчө мүчө жалгоо адаты сакталган (мисалы, баратыр, жатыры) келе бергени. Эпос бүт эле жорго сөздөр менен уйкаштуу айтылган.
- «Манас» эпосунда элдик адабияттын үлгүлөрү бүт колдонулуп, көркөмдүккө каражат болуп берилген. «Манас» эпосунда кыргыздардын жөө жомоктору, санжырасы, макал-лакабы, аңгемелери, сүйлөшмөлөрү, айтор, бардык үлгүлөрү бар. Булар эпостун көркөмдүгүн белеске көтөрүүгө каражат болгон. Болуп да эпостогу ак тилектер, баталар, каргыштар, анттар эпоско табылгыс элдик материалдардан болуп эсептелет. Айтор, В. В. Радлов айткандай «темирдин чамындысы магнитке жабышкандай» кыргыз эл ооз адабиятынын бардык нарктуу үлгүлөрү «Манас» магнитине жабышып чыга келген.
- «Манас» эпосунун көркөмдүгү анын обону жана жансоо аракети менен ачылган. «Манас» эпосу өзүнө гана таандык обон менен аткарылган. Анын обону баян мазмунуна карай өзгөрүп, ар бир сөздө ар бир обон түртм өктөп, куюлуштурулуп чыгарылып турат. Обонсуз айтканда, эпос көркөмдүгүнөн көрүнө албас эле. «Манас» эпосунун көркөмдүгүнө жарашкан дагы бир нерсе, аны айтканда жансоо, ымдоо, обдулуу сыяктуу аракеттер болгон. Бул чеберлик бүт эле «Манас» эпосунун көркөмдүгүнө тыгыз байланган.
- «Манас» эпосунда күйүт абдан көркөм берилген.
«Күйүт» адабий терминде «трагедия» деп аталат. Эпос бүт эле күйүт менен аяктап, эпосто трагедиялуу көрк өмдүк, асем өнөр аябай бийиктен берилген. Баатырлардын өлүмү, элдин башына түшкөн каранкүн, басынуучулук эпосто абдан көркөм берилген.
«Манас» эпосундагы акылмандык. Улуу «Манас» эпосун укпаган жана сүйбөгөн кыргыз баласы болбосо керек. Сөзгө ышкыбоз байыркы бабаларыбыз да эпостун эң оболку айтылышын угуп калышкан. Эпостун алгачкы башаты кыргыз элинин эр жүрөк баатырына арналган дастан болгону ырас. «Манас» эпосунун алгачкы айтыла баштаган доору жөнүндө илимпоздор ар кандай мезгилдерди божомолдошот. Кээ бири Манас баатыр окуясы эпос болуп б.з.ч. мезгилде айтылган, ага күн (гунн) доорундагы Адылдын (Аттиланын) жана башка эл, кол башчыларынын жоруктары, окуялары баяндалган дешет. Айрым изилдөөчүлөр «Манас» эпосунун чыныгы окуялары жана алгачкы калыптанып айтылышы VI–IX кылымдар деп божомолдошот. Тарыхый жылнамаларга, санжыраларга, элдик оозеки чыгармаларга сереп салсак эпостун накта жаралыш мезгили энесайлык доор деген божомол ынанымдуу. Эпосто Барсбек каган (VIII к.) жөнүндө даңаза дастаны, Тапу Алп Сол атанын (IX к.) эрдиги камтылган.
«Манас» эпосунун аткан таңы – байыркы кыргыздардын эрдигин жана акылмандыгын кылымга жар салган көркөм чыгарма.
Улуу «Манас» эпосунун баштоочулары Жайсаң Үмөт уулу (VII–VIII к.к.), Ырамандын Ырчы уулу (VIII–IX к.к.) илимий изилдөөчүлөр аныкташты. «Манас» эпосунун миң жылдап айтып келаткандыгы үчүн анын көлөмү да дүйнөлүк эпостордон бир нече эсе артык болуп турат.
Манас деген ысымдын мааниси байыркы көчмөндөр арасында, манихейчиликте, будпарасчылыкта жана рун жазмаларында рухий ыйык түшүнүктү билдирген.
Кыргыздарга «Манас» эпосунун бактысына буйрулушу жана кут-ысымдын келиши кокустук эмес. Алар Теңир алдында адеп-ахлагы сүттөй аппак, колдогону кудуреттүү, пешене жылдызы күйүп жанган, табиятка таазими ачык, каада-наркты жолдогон эл болгон.
Улуу эпостогу Манас кара күчтүүлүгүнөн, алптыгынан, баатырдыгынан, жоодон элдин өчүн алгандыгынан эл башы, каганы болгон жери жок. Ал жаштайынан көчмөн, чыгаан устаттардын таалим-сабагынан өтүп, нускоосун угуп, жолун жолдоп, эл-жерин сүйгөндүктөн, чилдей тараган элдин башын коштуруп, калктын камын ойлогондуктан, кошуна, боордош элдер менен тил таба билгендиктен, калыс сөзүнөн, акыйкаттыгынан, айкөлдүгү нөн, жигердүү даанышмандыгынан улам хан шайланган. Ал мындай адебин, ыйык, кыраакы касиеттерин өлөр-өлгөнчө, бардык учурда сактап жүрүп өмүр сүрдү.
Манастын аяр Бакай абасы, акылга дыйкан кеменгер Кошой агасы сыяктуу нарктуулар, кыраан жан жолдош, акылман, кеңешчилери болду. Уруу аксакалы Байжигит, «кой оозунан чөп албас» кара тилдүү, тилге жүйрүк кара жаак, жетимиш уруу тил билген, жетимиш түрлүү эл көргөн чечен Ажыбай, капилетте сөз, кысталышта жол тапкан, кылымга чечен үлгүлүү Эр Үрбү сыяктуу чоролору болгон. Эр Манас Бегиш, Көйүш деген аярларды, Кара Төлөк төлгөчүсү, Агыдай далычыны күткөн. Кайсы бир эпос айтуучулар Манастын хан ордосунда 60 акылчысы болгонун эскерет. Алар эл ичиндеги ынтымак-ырысты кармап, душман, жоо менен мамилесин чечүү үчүн өлүмгө башын байлап элчиликке барышкан. Бул акылман чоролор Манастын үзүлгөнүн улаган, чачылганын жыйнаган, ийрисин түзөгөн, «сайып жүрүп бак кылган, салып жүрүп там кылган, аркада жүрсө сан колдой, астыда жүрсө акжолтой» кеңешчи-насаатчылар эле.
«Манас» эпосунда бай Жакып уулун сегизге чыкканда, тентек кезинде, койчу башчысы Ошпурга алып барып тарбияга берет. Кээ бир изилдөөчүлөр Жакып кытай, калмактардан коркконунан же Чоң жиндинин жини кагылсын, койчулук кесипти билип, эр жетилсин үчүн Ошпурга берген деп мүчүлүш божомолдошот. Акыйкаттыкта андай жоромол жеңил-желпи карагандык. Байыркы Чыгышта, Кытайдын императору болобу же Борбордук Азиянын көчмөн урууларынын эл башчылары, кагандары болобу, айтор, бегинен шерлерине чейин, зирек балдарын мыкты акылман устаттарга окутууга-тарбиялоого берген. Тарыхта бул бештен белгилүү. Байыркы уруулардын кагандарынын же бек, байларынын турмуштук тажрыйбасына кайрылсак, балдарын күчтүү элдин тилин билүүгө, аскерий өнөрүн, жеке кармаштын ыкмаларын үйрөтүүгө, «эр жигитке кырк өнөр аздык кылат» деп толгон-токой өнөрдү үйрөтүшкөн. «Манас» эпосундагы Жакып да ошол нарксалтты сактады. Эпостун окуясына, уулуна жана ошол доордун тарыхына сергек көз жүргүзсөк Манасты тарбияга алган койчу башчысы Ошпур жөнөкөй жан эмес, же эптеп жан баккандардан көрүнбөйт. Ошпур койчу башчысы деп аталганы менен ички дүйнөсү башкача адам: жаштайынан жамандыкты башынан көп кечирген, жашоого бышык, сөзгө сараң, айтканынан кайтпаган, өз турмушуна каниет кылган кайраттуу, эмгекчил, көк, көп тил билген, бакшы десе бакшы, карылуу, эр тебишти, канжар кол сайышты билген устат. Манас баатыр Ошпурдай устаттардан кытай, калмактардын жана көчмөн дөрд үн эрдик өнөрүн, тилин салтын, акылмандыгын жаш кезинен үйрөнгөн. Манастын бир устаты койчу башы Ошпурдун кийин ага акыл кошор ишенимдүү чоросу болуп отурганы бекер жерден эмес.
«Манас» эпосунда баатырдын адамкерчилиги, кең пейилдиги, жөнөкөйлүгү жана акылмандыгы көп жерде сүрөттөлөт.
Манас баатыр кытай, калмактын ханы Орго менен катуу салгылашат. Кара ниет Орго айгай салат: «Кыргыз деген ким эле? Дүнүйөгө толсо да кыйратайын тим эле». Бул майкандашууда миңдеген жоокер эки тараптан кырылат. Орго хан өлөт, колу качат. Кыргыздар жеңишке жетет.
Эртеси Орго хандын катыны Санамкүл эки баласын ээрчитип тартуусу менен эр Манастын алдына келип, балдарынын жанын сурап алдына түшөт.
Айкөл Манас Санамкүлдүн эрдигине ыраазы боло, акылман сөзүн айтып, балдарынын күнөөсүн кечирип, баласын ордосуна аманат чоролукка энесинен сурап алат. Ал эми Орго хандын элин талоодон сактап, мунапыз берет.
Алтайлык калмак-мангулардын урушунда кыргыздар алсыздарга болушуп, аларды куткарып, олжо, мал бөлүп, үйсүздөргө үй берип, Манас баатыр жоокерлерин ыктыяр менен кошунга кошуп алган.
Эзелки кыргыз мекенин басып алган, элин зордоп, жерин кордоп жашаган кытай, калмак башчысы Алоокенин Ала-Тоодо чардап, Алооке майда урууларга күн көрсөтпөйт. Көп аскер жыйнап кыргыздардын үшүн алат. Эр Манас Алоокенин сүрүнөн коркпойт. Алоокенин хан ордосуна Манас жарашмакка барат. Айлакер Алооке Манасты сарайдагы маш оюн курган жырткычтардын ажайыпканасына алып кирип, ажыдаар, жолборс, даңгыт, желмаянга талатмак болот. Жырткыч айбанаттардын Манастын айбатынан качып, катыла албай корккондорун көргөн Алооке аргасыздан багынат. Жалбарып жанын сураган Алоокенин күнөөсүн Манас баатыр кечирип, акылман сөз айтып, элин кырбай Ала-Тоону согушсуз бошотот. Ошондо Алооке баласы Боокени, агасынын баласы Абышты Манастын хан ордосуна аманат таштап, Ала-Тоодон көчө качып, эптеп жанын куткарат.
«Манас» эпосу баатырдык эпос деп аталганы менен, аны акылмандыктын да эпосу деп атаганга жарашкыдай касиет сүрү, суру бар. Анын ичинде уюган улуттук рухий кут жатат. Байыркы манасчы – баштоочулар айткандай, жалаң эле баатырдыкты баяндабастан, ошол элдин тарыхын, санжырасын, салтын, динин, табият менен шайкештигин, акылмандыгын, башка элдер менен элчилик мамилесин, уруу баштарынын бириктирүүсүн бирдей көркөмдүктө айтышкан. Элге кээде кара сөз менен түшүндүрмөлөрдү кошушкан. Манастын жетилүү учурундагы мындай салт кийин унутула баштаган. Монгол доорунан кийинки манасчылар ыңгай, шартка жараша элдин духун козгош үчүн эрдикти, баатырдыкты, сурду даңазалашканга көбүрөөк маани берип кетишкен сыяктанат.
«Манас» эпосун келечек изилдөөлөрдө далай аңызды, аалам, космос, табият менен байланыштагы, диндик түшүнүктөгү маанилүү окуяларды, уруулардын ортосундагы мамилелерди, баатырлардын эрдиктерин, согуштун жүрүшүн, себептерин ачуудагы окуяга, ойго, даанышмандыкка бай жерлерде башка элдердин эпосторунун тажрыйбасындагыдай, кара сөздө мистикалык, философиялык жагдайды кеңейтүүгө жана түшүндүрмөлөрдү, чечмелөөлөрдү жүргүзүүгө көбүрөөк маани берүү керек.
Манас эпосундагы накыл сөздөр
Наадан балдар билбейт го, Акыры ушу жалганда, Өмүр сүрүп турбасын.
Жалганда жаның бар болсо, Бакыр да болсоң паашасың.
Төгүн жалган дүйнөдө Өлбөй тирүү ким калат?
Туулуп өскөн жер калат, Түбөлүк жашар эл калат.
Миң күнчөлүк бейиштен, Бир күнкү жарык күн артык.
Ар качандан бир качан, Жамандын жаны аялуу.
Туулмак бар, өлмөк бар,
Жакшылык менен жамандык, Туш-тушунда көрмөк бар.
Адырмак тоого бел керек, Азаматка эл керек.
Элди баккан жер өлбөйт, Эр төрөгөн эл өлбөйт.
Өзөктө күйгөн өрт жаман, Өздөн чыккан жат жаман.
Акыл деген керемет.
Акылы бар адамдын, Акылы алыс жүгүрөт. Акылсыздын баарысы, Ай-талаадай түңүлөт.
Төгүлгөн жерде жин калат,
Жуулган жерде кир калат, Акыры жалган дүнүйө Ажал жетсе ким калат.
Танаптуу жерде бөз калат,
Кыяматтын журтуна
Кыйла сонун сөз калат. Акыры заман журтуна, Айтышууга кеп калат.
Жүргөнүм менин талаа экен,
Дүйнө ээси бала экен,
Артында бала жок болсо, Дүнүйөсү курусун, Бузулуп калган калаа экен.
Өлтүрүк сөз – өлгөн сөз, Жалган айткан жаман сөз. Куу дүйнөнүн түбүнө Куусаң кантип жетесиң? Курулай корко берсең сен, Куураган бойдон кетесиң. Эр азамат болгондо, Намыс үчүн жараткан.
Арстан эрдин башына Алтымыш мүшкүл бир келет. Өз жаманын билбестен Өзгөгө кылат чоң милдет.
Чапкан балта өтөбү, Чакырлоонун ташына. Нелер келип, не кетпейт Эр жигиттин башына.
Мурункулар айткан кеп: Бир адамдан ырыскы,
Бирөөгө ырыс болбойт деп.
Башка адамдын дүйнөсү, Башкага дүйнө болбойт деп.
Жазуудан артык жан өлбөс, Тактада жатып жан өлбөс. Адам улуу кайда өлбөс, Өлбөгөн пенде не көрбөс.
Өлбөй турган жан болбойт, Өлүмдөн качкан жан оңбойт.
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, Бөлүнүп калды кыргыз деп, Бөлөк элге кеп кетет.
Бүгүн көргөн эртең жок, Ушундай экен дүйнө бок.
Түбүндө бадыраң темир курч болбойт, Башка өскөн адам журт болбойт. Курама темир курч болбойт, Кутурган иттер журт болбойт. Абийирдүү киши ирикпейт,
Дүйнөдө акылсыз иттер бирикпейт.
«Манас» эпосунун варианты. Оозеки айтылып, кулактан кулакка өтүп, кылымдарды карытып келген «Манас» жомогу абдан көп варианттуу болгон. «Вариант» деген термин латынча «өзгөргөн түрү» деген мааниде болуп, кыргыз салттык адабий терминде «айтымы» дегенге төп келип: «Сагынбай Орозбактын айтымы, Жусуп Мамайдын айтымы боюнча» – деп колдонулуп жүрөт. «Манас» эпосунун айтымынын (вариантынын) жаралышы анын оозеки таралганында десек, дагы бир жагынан жомокчу, манасчылардын көп болгонунан деп айтсак болот. Эпостун түбү, нугу бир жерден чыкканына карабай, бүткүл эле улут сүйгөн бул жомокту ооздон-оозго «алмончок» кылып алып кетип түпкү окуяны көрөңгө кылып, ар бир жомокчунун өзүнүн чыгармачылык жөндөмүнө карай, улам молуктуруп отурган (ал жалгыз варианттуу «Илиад ага» окшобойт), ошого ар бир жомокчунун айтканы бирден айтым (вариант) болуп калыптана берген. «Манас» жомогунун көп варианттуу болушу мунун чыгармачылык жолун көрсөтүп турат. Ал ар бир доордо бир нечелеген варианттуу болуп, түпкү көрөңгөгө жаңы саамалык куюлуп олтурган. Биринчи вариант (айтым) Ырамандын Ырчы уулу болсо, эмки биздин колубузга тийген Сагынбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулунун, Жусуп Мамайдын айтымдары болуп олтурат. Бул нече кылым (миң, жыл) ичиндеги «Манас» эпосунун канча варианты болгонун боолголой албайбыз. Бирок жазма маалыматтарда «Манастын» биринчи бөлүмүнүн 34 варианты, башка бөлүмдөрүнүн 80ден ашуун варианты бар (караңыз, Кыргызстан «Кыргыз адабиятынын тарыхы», 2-том, 48-бет) делип кетет. Жуңгодо 1957-жылдан бери чогултулган «Манас» варианты 70тен ашуун, 600 ООО сап болгон.
«Манас» эпосунун варианты үч түрдүү: бирөө, «Манас» толук көлөмүндө бүт салттык окуяларды камтыган вариант; экинчиси кайсы бир бөлүмүнүн (мисалы, «Семетейдин») бир канча варианты; үчүнчүсү, бир бөлүмдүн ичиндеги белгилүү бир окуянын бир нече варианты (мисалы, «Көкөтөйдүн ашы», «Манастын төрөлүшү» сыяктуу варианттары) болуп кетет. Азыркы кагаз бетине түшкөн жагдайга караганда «Манастын» толук варианттарын Саякбай Каралаев, Мамбет Чокморов, Шапак Ырысменде, Жусуп Мамайлар айткан. Булардыкы «Манас», «Семетей», «Сейтек» боюнча толук варианттарга кирет. Ал эми мында айта турган бир нерсе, залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулу «Манастын» толук вариантын бүт билген. Бирок кагаз бетине түшүрүүгө үлгүрбөгөн. Андан тек «Манас» бөлүмүнүн өтө мол айтылган варианты кагаз бетинде калган.
Дагы өзгөчө белгилей кете турган вариант Жусуп Мамайдын айтымы (варианты) болуп эсептелет. Жусуп Мамай – агасы Балбайдын чогулткан материалына негиз «Манас» эпосун үйрөнгөн. Ар кандай бир манасчы өзүнөн мурдагы «жомокчу, манасчылардан» үйрөнгөн сыңары, Балбай чогулткан, болуп да Жусубакун айткан вариантты Балбай кагаз бетине түшүрүп бергенин Жусуп Мамай үйрөнүп айткан. Жусуп Мамай кырк жашынан баштап эле «Манас» эпосун эл ичинде айтып жүргөн. 1961-жылы эл оозеки адабиятын чогултуунун мамлекеттик, Шынжаң уйгур автоном райондук группасы Акчий ооданынан барганда Жусуп Мамай «Манас» эпосун толук айта турганын байкашып, аны Кызылсуу Кыргыз автоном областынын башкы калаасы Артышка чакырып келип, «Манасты» айттырып, атайын жазып алуучу дайындап, кагаз бетине түшүрө баштаган. 1964-жылы дагы бир жолу чакыртып келип (Артыш шаарына) толуктап жазып алган. Ошондо «Манас» эпосун алты урпакка чейин айткан. Ошондой аралыкта үзгүлтүккө учурап, 1979-жылы Жусуп Мамайды Бейжинге чакыртып барып (Борбордук улуттар институтуна) кайрадан жазып алуу ишин улантып, «Манас» эпосунун сегиз бөлүмүн (сегиз урпагын) кагаз бетине түшүрө баштаган. 1982-жылдан 1985-жылга чейин үч жыл ичинде Жусуп Мамайга «Манастын» бардык бөлүмдөрүн (1961-жылдан баштап айтылган) кайрадан толуктап, кагаз бетине түшүрүлгөндөрүн соңку салыштырып чыгуу милдети өзүнө жүктөлгөн. Ошол кезде Жусуп Мамай өзүнүн варианты боюнча кагазга түшкөн нусканы өзү кайта баштан карап, кээ бир бөлүктөрүн кайрадан кагаз бетине түшүрүп, байланыштуу орунга «Шинжаң оозеки адабияты» коомуна тапшырган. Мында өзгөчө айта турган нерсе ушул күндө «Жусуп Мамай жазгыч манасчы» деген далилсиз сөз кээ бир басма сөздөрдө (Кыргызстандан) айтылып келет. Жусуп Мамай «Манас» окуяларына негиз жазып чыккан деген түшүнүккө келүүгө болбойт. Жусуп Мамайдын айтымы тээ илгертеден эле келе жаткан «Манас» эпосунун толук үлгүсү болуп, эпостук эрежеге – көркөмдүгү, эпостук салты бүт түшөт. Манастын сегиз урпагы боюнча айтылган бул толук вариантта ар бир бөлүгүндө Манастын руху айтылып, «Манас» эпосу ушул кийинки урпактардын бабалардын даңазалоосу менен толукталып турат. Алдыңкы үч бөлүмүнөн кийинки бөлүмдөрү бүт дээрлик Манас бабасынын баатырдык ишин улап, Манас күмбөзүн, Манас арбагын ыйык тутунуп, ошол ыйык жерге уюушуп турган улуу рух айтылат. Анда тил көркөмдүгү аябай сонун берилип, каруу-жарактардын аттары, жер-суу, өсүмдүктүн аттары, макал-лакаптар, турактуу бышкан эпостун саптары кезигет. Илгерки бөлүмдөрүндө күдүк боюнча калган нерселер корутунду катары кийинки бөлүмдөрдө айтылат. Алып айтсак, Алмамбеттин окуу жайы, анын сыйкырчылык сырлары, «Кененим» бөлүгүндө айтылат. Жоокердин согуштук өнөрү «жетимиш эки жөө машы, алтымыш эки ат машы» «Асылбача-Бекбачада» сонун баяндалат. Мурдагы Манас бабалары аяк басып бакпаган жерлерге кийинки урпактар барат. «Манас» энциклопедиясына Жусуп Мамай айткан кийинки бөлүктөр да көп билимдерди кошо алат. Кийинки урпактар азыр Жусуп Мамай айтымы менен гана кагаз бетине түшүп отурганы менен айтууга караганда, Саякбай Каралаевде «Кенен, Алымсарык, Кулансарык» деген бөлүктөрүнөн айткан (15000 сап). Дагы көптөгөн манасчылар «Кенен, Сарык» дегендердин атын атаган. Айтор, Жусубакун манасчынын оозуна жетип, Балбайдын калеми менен кагаз бетине түшүп (Балбай – «Манас» жазып алуучу), Жусуп Мамай айтымы менен элге тараган. «Манас» эпосунун кийинки бөлүктөрүн «жерүү» кез менен эмес, «алынуу» кез менен окугандын зор пайдасы бар. Ал эми Жусуп Мамай вариантынын түрдүү жактарын изилдөө алдыбызга туура тартылып турган жумуш эсептелет. Айтарлуусу, Жусуп Мамай варианты жаңыдан куралып чыккан эмес, тээ илгерки манасчылардан уланып бизге Жусуп Мамай аркалуу жетип олтурат. Жусуп Мамай «Манасты» өз обону, аракет-нускоосу, салттык айтылышы менен айтып келет. Ал «Манасты» курап, жазып чыккан эмес. «Манасты» айтып берген. Соңку кезинде өзүнүн толук вариантын кагаз бетине (башкалар жазган) кайра карап, кээ бөлүгүн өзү кайра кагаз бетине түшүрүп жазып өткөргөн. Мындай жумуш илгерки манасчылардан Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахман уулу), Шапак Ырысменде уулдарында да болгон. Алар да өз варианттарын кагаз бетине түшүрүп тапшырган. Айтмакчы, азыр Жусуп Мамайдын варианты (сегиз бөлүм) жалгыз вариант болуп, көзгө «чоочун» көрүнгөнү менен, эгерим «Манас» чогултуу, жазып алуу жумушу эртеде башталган болсо, Жусуп Мамай айткан кийинки бөлүмдөрдүн (төртүнчү бөлүмдөн кийинкилердин) варианттары да кагаз бетине түшүп, бир нече варианты болор эле. Ал эми вариант жөнүндө айтылган сөздөрүбүздү майнаптасак, «Манас» эпосу көп варианттуу эпос катары, анын бардык варианттары «сары майдай сакталуу» керек. Вариантардын бардыгы өз калыбында басмадан чыкса, «Манас» эпосун изилдөө жайыты ого бетер кеңип, пайдалануу наркы бийиктей бермек.
«Манас» эпосунун таралышы жана манасчылар. «Манас» эпосу кыргыз улутунун жалпы эле адамына бүт жалпылашкан. Кадыресе, кыргыз рухуна айланган. Кыргыздын жети жашар баласынан баштап, Манас баатырдын түспөлүн, дене курулмасын, aл тургай канчалык тамак, оокат жей aлa турганы, канчалык уктай ала турганына чейин билет. Улам кийинки муундар Манас урпагыбыз деп айтып, Манасты реал өткөн адамга окшош көрөт. Анын андай болушу «Манас» эпосунда баяндалган «жарымы чында» өздөрүнүн жакшылык-жамандык турмушун, салт-санаасын эч кандай өзгөрүүсүз баяндап, элдин дилин көрсөтүп бергенинен. Ал эми «жарымы төгүндө» аңыздык, фантазиялык баяндардан көркөм үзүр алып, эл эпосту (жомокту) жалпы кабыл алгандыктан, кылымдар бою «өчкөн сайын өөрчүп» эл рухуна айланган. «Манас» эпосунун кыргыз элинин ичиндеги баркы-баасы аябай жогору болгон. Ал түгүл, Манас күмбөзүнө тооп кылуу, «Манас» эпосунун кагаз бетине түшкөн бөлүгүн илип коюу, анын алдынан ылаңдаган малды чубатып өткөрүп «эр Манастап ураан чакырып, «Манас» кыргыздын ураанына айланган. Мындан «Манас» эпосунун кыргыз элине жалпы эле тараганын, жалпылашканын, «Манас» тили кыргыздын жалпы улуттук адабий тилинин негизи болуп калганын көрүүгө болот. «Манас» эпосун кыргыздарга жалпы жайылуу, таралуу, жалпылашуусун бүгүнкү заманындагы кагаз бетине түшкөн варианттардан (айтымдардан) да көргөзүүгө болот. Эртеде «Манас» эпосун кагаз бетине түшүрүп, эпосту чогулткан В.Радлов эпостун (1862-жылы) үзүндүлөрүн Ысык-Көл айланасынан, анан Текестен чогулткан. Азыр басма сөздөрдө Кыргызстандын түндүк-түштүгүнөн сексенден ашуун манасчыдан эпостун варианты чогултулган (караңыз, «Манас» энциклопедиясы) Жуңгодо 1957-жылдан баштап 1982-жылга чейин «Манас» эпосун чогултуу жүрүшүндө бүткүл эле кыргыздар жашаган жерлерде «Манас» эпосунун варианттарынан 70 нече вариант жазылып алынган, жалпы (600 000) сап эпостун материалы чогултулган, дагы эртеде кагаз бетине түшкөн кол жазмалар табылган. Афганстанда жашаган кыргыздардан «Манас» эпосунун варианттары чогултулуп, басмадан жарыяланган (караңыз, Реми Дор «Памир кыргыздары»). Дегинкиси, кыргыздар чогуу жашаган жерлер болсо эле, мейли кайсы уруусу болсун, «Манас» эпосу болгон.
Манасчылар. Кыргыздын жөрөлгөлүү адабий термининде «жомокчулар» деген менен айтылып келген. Кийин «манасчылык кесиби» калыптана баштаганда, «манасчы» деген термин пайда болгон. Ал эми, эртедеги манастаануучулардан Ч. Валиханов менен В.В. Радлов манасчыларды «ырчы» деп да тааныштырган. Бирок байыртадан бери «Манас жомогун айттырабыз. Манас айтты» деген атайын сөз айкаштары келген да, «Манасты ырдатабыз» деген сөз салтта айтылбаган. Ал эми «Манас» эпосунун тексттик баяны да «ыр» (поэзия) талабынан көрө жорго сөз менен жомоктотуп айтылган» жомок баянына жакын. Ошого «Манас» айткандарды «жомокчу, манасчы» деп жөрөлгө боюнча атасак, ажары ачылат.
«Манасчы» дегенде, «Манас» эпосунун негизги окуяларын сактап, айтуучулук салтты бузбай, эпостун өзүмдүк обону, баяндоодо коштогон кыймыл-аракети менен кошо айтып, өзүнүн чыгармачыл курбатына жараша, устатынын айтымын (вариантын) аткарган, же алымча-кошумча кошуп, өз вариантын калыпташтырган элдик жомокчулар «манасчылар» болуп эсептелген. Манасчылар эпосту айтуу көлөмүнө карай, «манасчы» жана «чоң манасчы» (жомокчу жана чоң жомокчу) деп аталган. «Манас» эпосун толук айткандар, же бир бөлүмүн толук айткандар, обонун, кыймыл-аракетин толук өздөштүргөндөр чоң манасчылар болгон.
Манасчылык кыргыз көркөм өнөрүндө өзүнчө бир өнөр болуп, ушул өнөр аркылуу бир үй-бүлөнү, же бир урууну бага турган өндүрүш кесипке айланган. Чоң чогулуштарда «Манас» айтканда, алдына ат, үстүнө тон жапкан. Чоң манасчылар эл кыдырып, «Манас» айтып үйүрлөгөн жылкы айдап келген (караңыз, улуу манасчы «Сагынбай» аттуу 1992-жылы Бишкектен чыккан «Ала-Тоо» журналынын арналуу китепчеси) ошондуктан, «манасчылык кесибин, өнөрү» деп аталып калган.
«Манасчылык» өнөрдүн биринчи белгиси, «Манас» эпосунун негизги окуясын билген болот. Экинчиси, эпостун тилин билип, анын кылымдардан бери бышып турактанган салттык саптарды толук өзүндөй айта алуу керек. Үчүнчүсү, белгилүү чыгармачылык жөндөм зарыл. Төртүнчүсү, «Манастын» айтылуу обонун өздөштүрүп, кандай мазмунду кайсы обон менен жеткире алуу, мазмунуна карай жаңсоо, нускоо, шилтөө, обдулуу сыяктуу аракеттер менен аткара алган өнөр болот. Бешинчи талап, бүткүл эле кыргыздын салт-санаасын, элдик адабиятын, эл тарых, санжырасын жетик билгендикте. «Манасчылык» кесибин туткандар ушул өнөрү менен элдик өнөрпоздордун кадырлуусу эсептелет. Манасчы, жомокчу деген атак эл тарабынан берилет (кандайдыр бир уюм жагынан эмес), эл берген атак чыныгы жана зобололуу болот.
Манасчылар «манасчы» болуп чыгуу үчүн чыныгы үйрөнүү баскычын өткөрөт. Ал үчүн өзүнүн мурдакы устатын ээрчип, анын жумушунда болуп жүрүп, устаты «Манас» айткан соорундардан үйрөнөт, кадыресе, устаты атайын үйрөтөт. Же болбосо, өзүн жашырып устатка көрүнбөй тымызын үйрөнүп, «Манас» айткан жерлерге тымызын барып жүрүп өздөштүрүп алат. Бул манасчылардын көбүнө мүнөздүү болуп, аны манасчылардын өзүнөн мурдагы үйрөнгөн устатын көп айтпагандыктарына карай айтууга болот. Өзүн жашырып тымызын үйрөнгөн манасчылардын бардыгы «түш көрүп», «түшүмдө аян берип» деген сыяктуу сөздөр менен өзүнүн манасчы болгонун «кайыбынан» деп түшүндүрүүгө аракет жасашат. Адам баласы зээн коюп үйрөнүп, берилип калган нерсе түшкө кирүүсү чындык. Өңүндө жаттап, баатырлардын элесин көңүлүнө тартып жүргөн манасчылардын түшүнө Манас же анын урпактары кирүүсү сөзсүз чындык. Түшүндө көргөнүн унутпай айтуусу абдан мүмкүн. Бул «Манасты» үйрөнүү баскычы болгон. Манасчылардын экинчи баскычы, көрүнүүгө чыгып, секин-аз чогулуштарда, андан соң чоң чогулуштарда «Манас» айтып такшалуу баскычы болгон. Мындай баскычты манасчылардын кээлери кырк жаштан кийин: «Манас» айт деп шек берген эле, эми айта баштадым – деп түшүндүрүшөт. Такшалуу баскычы эл алдынан өтүп, «жомокчу, манасчы» деген атакка ээ болуу болгон. Манасчылардын үчүнчү баскычы, арбытуу, чыгармачылык жөндөмгө салып, өз алдынча вариант жаратуу болуп, манасчылардын бул баскычын «Манас» изилдөө» баскычы десе да болот. Себеби кээ бир манасчылар баатырларды өлүмгө ыраа көрбөй, «кайып болуу» жагына ой салса, кээ бир манасчылар Манастын ата-санжырасын кууп, эпостогу баатырлардын ата-энеси, туугандары, тага-жээни сыяктууларды тактап, улам эпостогу кейипкерлердин урук-тукумун иликтеп издеп, эпоско кошуп олтурган. Ошого «Манас» эпосунун варианттарынын кээ бир бөлүмдөрү узунураак (мисалы, Кыз Сайкал кээ бир варианттарда бир, эки жерлерде жолукса, кээ бирөөлөрдүн варианттарында толук баяндалат), «Эр Төштүк уулу Коён алп» да баяндалган. Кээлеринде кыска баяндалган мындай болушу, манасчылар үйрөнүү баскычында бир эле устаттан угуп үйрөнбөй, айтор, көптөгөн манасчылардыкын угуп, ошондо ээлеген материал негизинде такшалган баскычына өткөндө, изденүү аркылуу көптөгөн каражаттарды кошуп айтып, эпосту ого бетер тактоо, түптөөгө аракет жасап, соңунда өзүнүн варианттарын калыптандырган.
Ушул күнгө чейин көптөгөн манасчылар өткөнүн боолгологону болсо да, бирок басма сөздөрдө жарыяланып эл эсинде жүргөн манасчылардан төмөнкүлөр гана айтылып келет.
- Уламышта айтылып калган манасчылар: эпостун өзүндө айтылган Ырамандын Ырчы уулу болуп, бул «Манасты» жараткан «жомокчу» болушу мүмкүн деген уламыш бизге жеткен. Мындан бөлөк Жайсаң ырчы деген да «Манас» эпосун жараткан алгачкы манасчылардан болушу мүмкүн деген уламыш бар. Андан соң «Токтогул ырчы, Толубай сынчы» тушунда Токтогул чоң жомокчу болушу мүмкүн деген уламыш бар. Булар уламыш боюнча айтылган манасчылар деген тобун түзөт.
- Эл эсинде калган, бирок алардын айтымдары толук кагаз бетине түшүрүлүп жетпеген (аз бөлүгү гана жеткен) манасчылар:
- Келдибек Барбоз уулу (1800–1888); 2. Балык (Бекмурат) Кумар уулу (1799–1887); 3.Тыныбек Жапиев (1846–1902); 4. Чоюке Өмүров (1863–1925); 5.Нармантай Чоңбаш (бул маалыматтарды караңыз: «Кыргыз адабиятынын тарыхы», 2-том, 146-бет, 2002-жыл. Бишкек).
3) Варианттары кагаз бетине түшкөн, «Манас» эпосун толук айткан манасчылар: 1. Шапак Ырысмендеев (1863– 1956); 2.Сагынбай Орозбак уулу (1867–1930); 3.Жаңыбай Кожеков (1869–1942); 4. Багыш Сазанов (1878–1958); 5.Жакшылык Сарыков (1880–1934); 6. Молдобасан Мусулманкулов (1883–1961); 7. Иса Жумабек уулу (1884–…?); 8. Актан Тыныбеков (1888–1951); 9.Саякбай Каралаев (1894–1971); 10. Мамбет Чокморов (1896–1973).
(Жогорку маалыматтарды «Кыргыз адабиятынын тарыхы», 2-том, «Манасчылар» бөлүмүнөн караңыз, 2002-жыл, Бишкек); 11. Жусуп Мамай (1918–2014); 12. Темир Турдумамбет; 13. Эшмат Мамбетжусуп (1860– 1963), 14.Жусубакун Апай (1884–1922); 15. Осмон Маты (1906–1970).
«Манас» айтуу. Кыргыз элинде «Манас» айтуу жана «Манас» угуу өтө оорактуу иш катарында каралат. Ар бир айылда манасчы болгон. «Манас» айтуу, демейде «Манас» айтуу» жана атайын «Манас» айттыруу» деп эки түрдүү болгон. «Манас» айтуу бейпилчилик күндөрдө бир айылда манасчыны айттырып үзүр алуу, же чоң той, мааракелерде манасчыга «Манас» айттыруу болгон. Мындай жагдайда манасчыны чакырып келип айттыруу, же болбосо кыдырып «Манас» айтып жүргөн манасчы келип айтуу жагдайларда айтылган. Aл эми атайлап «Манас» айттыруу дегени, манасчыларды сыноо, айтуу көлөмүн чендөө максатында эл аксакалдары калыстарды чогултуп, атайын үй тиктирип, азык, оокат, союш камылгасы менен ар кайсы жерлердеги манасчыларды (чоң манасчыларды) чакыртып келип «Манас» айттырган. Мындай «Манас» айттыруу эки ыңгайда болгон, анын бири бир эле бөлүмдү бир нече манасчыга айттырып баа берүү, экинчиси, бир бөлүмдүн окуясын бир манасчыга, андан аркы окуясын дагы бир манасчыга улап айттырып көргөн. Мындай айттыруу «Манастын» ким канчалык көлөмдө, кандай көркөмдүктө айта тургандыгын билүү максатында атайын уюштурган кесиптик, манасчылар чогулушу болгон. Чоң манасчы, жомокчулар мына ушундай чогулуштарда иргелген. Демейдеки айылдарда «Манас» айттырууда көбүнчө «Манастын» кайсы бир бөлүгү айтылган. Толук айттырууга убакыт, чоло табылбаган. «Манас» эпосун нечен түндөп айттыруу менен толук угууга болбогон. Аны нече айлап-жылдап айтып бүткөн.
Угармандар. «Манас» угармандары манасчыдан эпостун салттык обону, айтуу, нускоо, жаңсоо, обдулуу аракеттери менен угууну жактырышкан. Айылга манасчы келгенде, «Манас» айттырган айыл кудум чоң көлөмдөгү театрда көргөндөй, сахналык чыгармаларды көргөндөй ынтаа, кызуулук менен угушкан. Угармандар эпостун окуясындагы кайгылуу турмушка бирге кайгырып, кээ бирөөлөр ыйлашып олтурган. Жеңиштүү, кубанычтуу окуяларды укканда бирге кубанышып, бирге үзүр алган. Согуш, салгылашуу окуяларын укканда так ошол майдандагы көрүнүшкө тике катышып жаткандай парызда бирде обдулуп, умтулуп бүт угармандар кандайдыр ичтен аракетте болуп турган кебете пайда болгон. Эпосту угуп жатканда, ар кандай бөлөкчө шыбыр-күбүр болбогон. Бардык ички-тышкы кыймыл токтоп, жапжалгыз манасчынын доошу, аракети бүт айылды бийлеп турган. Чоң манасчылар келип «Манас» айткан айылдын аянты толуп, үйгө сыйбай талаада угушкан. Эгерим жаан жаап, шамал чыгып калса да, эч ким угуучу жерден кетип калбаган.
Манасчынын алдына дасторкон жайылып, чөйчөккө эритилген сары май белен коюлуп турган. Манасчы карыкканда сары май менен тамак жумшартып, айтуусун уланта берген.
Эпостун жазылышы жана басмага чыгышы. «Манас» эпосун чогултуу, кагаз бетине түшүрүү, басмадан чыгаруу жумушу «Манастын» жаралуу дооруна салыштырганда абдан кеч башталган жумуш эсептелет. «Манас» эпосун чогултуу жумушу илгери жомокчулардын жумушу болуп, алар өздөрү «Манас» үйрөнүү максаты менен өзүнүн мурдакы манасчыларды угуп, көөдөнгө чогултуп, аны кайра ооздон-оозго өткөрүп жүргөн.
«Манас эпосунун жазмага түшкөн тарыхы манастаануу илиминде бир нече саамалыктар менен баяндалып келет. Анын эң эртедегиси, «Орхон-Энесай таш жазмаларында» эпостун баяны сымал саптар бар. Мүмкүн, «Манастын» өзү болбосо да, кыргыздын жомоктук үлгүсү ошол ташка чегилген саптарда бар деген көз караш жок эмес. «Манас» эпосу жөнүндө кагазга түшкөн баяндын эң алгачкысы «Мажму ат-таварых» деген автору белгисиз (бирок Ферганалык Сейф-ад-Дин Аксыкенттин жана анын уулу Нооруз Мухаммеддин кол жазмасы боюнча жеткен) китеп болуп (чама менен 1503–1514-жылдарда) анда «Манас» эпосу жана Манас баатырдын баяны айтылган. Манастын Жолой менен болгон согушу, aл тургай Жакып жөнүндө баян айтылган. Бул баян «Манас» эпосунун кагазга түшкөн биринчи варианты деп каралып келет. Андан кийинки маалымат Чокан Валихановдун «Манасты» кагаз бетине түшүргөндүгү болуп, 1856-жылы кыргыз жергесине келип «Манас» эпосунун бир окуясы – «Көкө төйдүн ашын» кагаз бетине түшүргөн, бардыгы 3320 сап. Анын 910 сап котормосу 1904-жылы СанктПетербургда жарык көргөн.
Андан соң «Манас» эпосун В.В.Радлов кагаз бетине түшүргөн. Ал 1862-жылы Текестен бугу уруусунан, 1869жылы Ысык-Көлдөн сарыбагыш жана солто урууларынан «Манас» эпосунун үч бөлүмүнүн негизги окуяларын кагаз бетине түшүргөн. Андан бөлөк «Эр Төштүк», кыргыз кошоктору сыяктууларды жазып алган. Мында «Манас» боюнча 11376 сап жазып алган. Анын ичинде «Манас» бөлүмү 9449 сап, «Семетей» бөлүмү 1421 сап, «Сейтек» бөлүмү 506 сап болгон.
Муну 1885-жылы «Түндүк түрк урууларынын элдик адабияттарынын үлгүлөрү» деген желелеш жыйнагынын 5-томунда жарыяланган (Бул вариант 1997-жылы «Кызылсуу Кыргыз басмасы» жагынан «Карт дастан» деген ат менен басмадан чыкты).
Венгр окумуштуусу Г.Ф.Алмаши 1900-жылы кыргыз жергесине келип жүргөн кезде «Манастан» үзүндү жазып алган, ал 1911-жылдары жарыяланган жана кыргыздарды, «Манасты» тааныштырып макала жазган.
Орус сүрөтчүсү Б.В.Смирнов 1903–1904-жылдары кыргыз жергесинде болгон кезде «Семетейдин» кыска окуясын кара сөз иретинде жазып алып, 1914-жылы Москвада жарык көргөн.
Жогоркулар «Манас» эпосун жазып алуу, чогултуу, башка элдерге тааныштыруу жумушунун босого аттар жумуштары болгон. Болуп да «Манас» таануу илими дүйнөгө эшигин ачкан саамалык катары көрүнгөн.
«Манас» эпосун атайын максаттуу түрдө чогултуу, кагаз бетине түшүрүү жумушу 1920-жылдардан кийин башталып, арналуу уюмдук көз караш менен иш башталган.
1920-жылдары «Манас» эпосунун кагазга түшүрүү абалы. Чоң жомокчу Сагынбай Орозбаковдун «Манасын» жазып алуу иши 1922-жылы башталып, биринчи бөлүм «Манасты» жазып алуу жумушу 1926-жылы байыган.
Тыныбектин «Семетейден» үзүндүсү 1925-жылы араб тамгасы менен Москвадан басылып чыккан. Анын баш сөзүн Ишенаалы Арабаев жазып, «Тыныбек жомокчунун «Семетейи» деген ат менен китепче кылып чыгарган.
1930-жылдарда «Манас» эпосунун кагазга түшүрүү абалы. 1930-жылдарда чоң жомокчу Саякбай Каралаевдин айтымы, Шапак Ырысмендеев, Тоголок Молдо, Акмат Ырысмендеев, Багыш Сазанов, Актан Тыныбеков сыяктуу манасчылардын айтымдары кагаз бетине түшүрүлгөн.
1940–1950-жылдарда «Манас» эпосунун басмадан чыгуу жумушу Кыргызстанда алгачкы саамалык катары башталган. 1940–1943-жылдары «Манас» сериялары деген желелеш китептен экөө басмадан чыкты. Ал 1946-жылы орусчага которулуп, Москвада жарык көргөн.
1958–1960-жылдарга чейин Кыргызстанда «бириктирме вариант» деген ат менен «Манас» (биринчи, экинчи китеби 1958-жылы), «Семетей» (1959-жылы), «Сейтек» (1960-жылы) басмадан чыккан.
1978-жылдан баштап, Кыргызстанда чоң жомокчулар, манасчылар Сагынбай Орозбаков жана Саякбай Каралаевдин айтымдарын түп нускасы боюнча чыгаруу жумуштарын баштаган. 1982-жылга чейин Сагынбайдын айтымындагы «Манастын» төрт китеби басмадан чыккан. Саякбай Каралаевдин 1982–1984-жылдарга чейин «Манасы» эки китеп, 1985–1987-жылдарга чейин «Семетей» эки китеп, 1990-жылы «Сейтек» бөлүмү жарык көргөн.
«Манас» эпосун кагазга түшүргөндөр: 1. Чокан Валиханов, 2. В.В.Радлов, 3. Кайым Мифтаков, 4. Ыбрайым Абдырахманов, 5. К.Жумабаев, 6. К.Ыдырысов, 7. К.Кыдырбаев, 8. К.Ысмаилов, 9. Балбай Мамай уулу, 10. Ху Чжен Хуа, 11. Ли Йу Фа Чжун, 12. Пазыл, 13. Сакен Өмүр, 14. Үсөнаалы Алымкул сыяктуу адамдар «Манас» эпосун жазып алуу, чогултуу, басмадан чыгаруу жумуштарына катышып, эпостун бүгүнкү турактуу басма сөз формасында, урпактан урпакка улана берүүсүнө аябай салым кошушкан. Андан бөлөк да эпосту жазып алуу, чагын варианттарын кагаз бетине түшүрүү ишине жүздөгөн адамдар катышкан. Бирок биз жогоруда атаган адамдар «Манасты» жазып алууда орошон эмгектери барлар деген максатта атайын айтылды.
«Манас» эпосун изилдөө. Манастаануу XIX кылымдын соңунда Ч. Валиханов менен В.В.Радловдун «Манас» менен таанышуусунан башталып, кылымдардан бери манасчылар изилдеп, иликтеп келген «Манас» жомогу дүйнөлүк илимпоздордун изилдөө темасына өткөн. Мурдагы манасчы, жомокчу «Манасты» иликтеп, изилдөөсү тек эпосту толуктоо, кемелдендирүүнү максат кылышып изилдеген. Изилдебей, эпостун жалпы окуясы менен таанышпай, санжыралык баянын мыкты билбей туруп, анын айтылуу обондорун, жаңсоо кыймылдарын иреттеп билбей туруп, манасчы, жомокчу болуу кыйын эле. Ошого «Манас» изилдөө жөнүндө сөз болгондо, алды менен манасчы, жомокчулар изилдеген дегенди айта кетүүгө ти йишпиз.
Бирок «Манас» изилдөөсү өзүнчө илим катары анын жан-жактылуу жактарына кайрылып изилдөө иши дагы эле Ч. Валиханов, В.В.Радловдор менен башталган. Алар «Манас» эпосуна биринчилерден болуп аныктама берип, эпостун мүнөзүн белгилеп беришкен, ошондон соң «Манас» эпосу негизинен, төмөнкү жактардан изилденген жана тааныштырылган.
- «Манас» эпосун тааныштыруу максатында изилденген. Эпос океандай чалкып жаткандыктан, аны жалпы эле элге, эл арага тааныштыруу, таанытуу ажаты болгон. Ошондуктан мындай изилдөөнүн колго алынышы зарыл эле.
- «Манас» эпосуна аныктама берүү, мүнөздөө, изилдөө жүргөн. Мындай изилдөөнүн натыйжасында «Манас» эпосу» кыргыз элинин энциклопедиясы», «кыргыз рухунун туу чокусу», «баатырдык эпос» деген аныктамалар берилип, дүйнөдөгү эпостор катарында бою, ою улуу болуп турууга жетишти.
- «Манас» эпосунун жаралган доорун иликтеп изилдөө боюнча изилдөөлөр болгон. Бул изилдөөнүн майнабы эпос менен кыргыздын тарыхын кууп, баяндоого жетишкен.
- «Манас» эпосунда айтылган баяндарга негиз кыргыздын маданиятын изилдөө, издөө жүргөн. Мындай изилдөөнүн мааниси абдан зор болуп «байыркыны азыркы үчүн иштетүү» руху боюнча ушул кездеги «Кыргызтаануу» илимине «Манас» эпосу далил болууга жетишкен. Алып айтсак, кыргыз тарыхы боюнча сөз болгондо алды менен «Манас» эпосундагы баянга кайрылуу, андан накыл көрсөтүү, кыргыздын кол өнөрчүлүгү, турак жайы, кийимкечек, жемек-ичмек маданияттарынан сөз козгогондо «Манас» эпосунан далил көрсөтүү, аны мисалга тартуу менен бекемдөө болду. Болуп да кыргыз тили жалпы эле кыргыздын тилдик маданиятын изилдөөдө «Манас» эпосу көрөңгү болуп калды. Мына булардын бардыгы эпостун кыргыз маданиятын изилдөөнүн натыйжасы деп айтууга болот.
- «Манас» эпосунан кыргыздын ой-санаасын, кыялын жашоого, дүйнөгө болгон көз караштарын издеп, ошол жагын иликтеген изилдөөлөр да алгачкы арымда башталган. Болуп да диний ишенимдерин «Манас» эпосундагы акылмандыкты изилдөө абдан натыйжа берет.
- «Манас» эпосу менен дүйнөлүк башка эпосторду салыштырып изилдөөдө, дүйнөлүк эпостор менен көлөмүн, эпостук түзүлүшүн, болуп да окшоштук жактарын салыштырган эмгектер жаралды.
- «Манас» эпосу боюнча ондогон илимий талкуу, чогулуштар өтүп, «Манас» таануунун жайыты кеңирген. «Манас» боюнча чоң чогулуштарды атап көрсөк:
1952-жылы 10-июнда «Манас» боюнча Кыргызстанда чоң илимий чогулуш болуп, буга төрт жүздөн ашуун адам катышкан.
1990-жылы Жуңгодо бүт мамлекеттик «Манас» боюнча илимий чогулуш болуп өткөн. Буга жүздөн ашуун адам катышкан.
1994-жылы Үрүмчүдө «Манас» эпосунун эл аралык илимий чогулушу болуп, 10 нече мамлекеттен 80ден ашуун адам катышкан.
1995-жылы Бирлешкен мамлекеттер уюму «Манас» жылы» деп белгилеп, Кыргызстанда өтө чоң маараке – «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы белгиленген. Ошол байланыш менен ондогон илимий макалалар жыйнактары жарык көргөн. «Манас» эпосунун изилдөөсү дагы бир жолу эл аралык белеске ат койгон.
- «Манас» эпосун изилдөө боюнча ондогон арналуу китептер, миңдеген макалалар жарык көргөн.
- «Манас» эпосун изилдөөчүлөр «Манас» эпосу XIX кылымдын соңунда изилдөөнүн бети ачылгандан тартып азырга чейин өзүнүн изилдөө кошуунуна ээ болду.
Азыркы «Манас» таануу илиминде манас изилдөөчүлөрдөн төмөнкүлөрдү атасак, эмгегине жараша айткан болобуз. Алар: Ч. Валиханов, В.В.Радлов, К.Мифтаков,
М.Авазов, Реми Дор, Г.Жирмунский, Г.Рахматуллин,
Б.Юнусалиев, С.Абрамзон, Георг Алмаши, А.Бернштам,
Х.Карасаев, К.Кырбашев, С.Мусаев, К.Тыныстанов, Р.Кыдырбаева, Хатто, Ху Чжен Хуа, Ла Йиц, Луй Фа Чжун, Шац Ши Чжин, Сакен Өмүр сыяктуулар болуп, булар «Манас» изилдөөдө өзүнчө кошуундун башындагылар эсептелет. Мындан бөлөк да нече жүздөгөн авторлор «Манас» боюнча макалалар жазып келет.
Майнап сөз, «Манас» изилдөөсү боюнча бараандуу эмгектер жазылып, изилдөөчүлөр кошунунун карааны көрүнүп калганын жогоруда айттык. Бирок «Манас» таануу илими жаш илим болуп изилдөө али тереңине тартыла элек.
Анын себеби «Манас» эпосунун варианттары толук басмадан чыгып болуна элек. Дагы бирөө «Манас» эпосу дүйнөдөгү чоң тилдерге толук вариант боюнча жогорку деңгээлде которулуп бүткөн жок. Ошол себептүү «Манас» изилдөөсү «бечел калды» деп айтууга тийиштүүбүз.
«Манас» эпосунун котормосу. «Манас» эпосун башка тилдерге которуу Ч. Валиханов менен В.В.Радловдон башталган, ошондон кийин эпостун котормосу орус, герман, ханзу, англис, уйгур сыяктуу тилдерге которулгандыгы жөнүндө маалымат бар.
Эпоско аалымдардын баасы. «Манас» суу какшыганда туз чогулган сыңары, темирдин чамындысы магнитке тартылган сыңары өз алдынча уламыш менен жомоктор, тарыхый эскерүүлөр, ырлар жана аңгемелер жалпы көрүнүштүн бөлүкчөлөрү катары кабыл алынып, канчалык майда бөлүктөрдөн турса да, элдин мүлдө ой-тилегин, улут-рухунун урагыс биримдигин түзүп турат» (Василий Радлов, 1862-жылы, Текес).
«Манас» – Манас баатырдын тегерегинде чогултулган кыргыз мифтеринин (аңыздарынын), жомокторунун жана уламыштарынын энциклопедиялык (билим китеби) жыйындысы. Муну ээн талаанын «Илиадасы» десе болот (Чокан Валиханов, 1858-ж., Ысык-Көл).
«Орто Азия элдеринин эпосторунун ичинен кыргыздын эпосу «Манас», мүмкүн, элдин күчүн, анын эркин башкалардан бөтөнчө ачып берет. Башка эпостордон ал көлөмдүү гана болбостон («Шахнамэден» алты эсе, «Илиададан» кырк сегиз эсе чоң, баарыдан мурда өзүнүн элдик руху менен жогору турат».
«Манас» эпосу элдик көркөм чыгармачылыктын туу чокусу, эстелиги гана болуп калбастан, ошондой эле байыркы башаты 820–847-жылдарды камтыган, кыргыз урууларынын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүн баяндаган кайталангыс тарыхый повести да болуп эсептелет» (Александр Бернштам, 1942-ж., Москва).
«Манас» трилогиясындай (үч бөлүмүндөй) поэтиклык эстелик башка бир дагы элде жок. Ал ошонусу менен ого бетер баалуу, кыргыз элинин дүйнөлүк маданият кенчине кошкон баа жеткис салымы (Саул Абрамзон, 1952-ж., Москва).
«Манас» эпосу – байыркы кыргыз рухунун туу чокусу. «Манас» «Манас» болгондон берки эпостон тамчыга тамчы кошулуп, сөзгө сөз, ойго ой кыналып, байыркы кыргыз журтунун бүткүл чыгармачылык кубатын Сагынбай өз дилине сыйгызып тургандай көрүнөт. (Чыңгыз Айтматов, 1978-ж., Талас).
«Манас» кыргыз улутунун амалий турмушунда ынтымактыкты чыңалтып кайратка шык берип, улуттун оорагын көтөрүп тура турган кайнар булагы.
«Манас» кыргыздардын чыдамкайлык, эч качан басынбоочулук улуттук рухун көрсөткөн. Кадыресе ал кыргыздардын аябай ак көңүл, баатыр улуттук мүнөзүн көрсөтүп берген» (Лан Ииң, 1995-ж., Бейжин).
«Манас» эпосу кыргыз урууларынын өткөн кылымдардагы этнографиялык турмушунун жана коомунун далай кылымдар бою башынан өткөргөн реалдык тарыхый окуяларын да көркөм чыгарма аркылуу билдирген баян болуп эсептелет. Граждандык тарыхта кыргыздар жөнүндөгү маалымат б.э.ч. II кылымдан, б.а., эки миң жол мурда башталат. (Болот Юнусалиев, Кыргызстан).
XX кылымда «Манас» эпосу. XX кылымдын 30-жылдарынын ортосунда жана 50-жылдардын башында совет коомунда өкүм сүргөн идеологиялык-саясий куугунтуктоо компаниялары улуу эпостун тагдырына далай терс таасирин тийгизди. Эпостун элдүүлүгүнө шек келтирилип, улутчулдуктун уюткусу катары ага ар кандай идеологиялык жалаа жабылды. Элдин жана маданияттын байыркылыгын изилдеген таланттуу аалымдар жалган жерден жазаланды. Ошону менен «Манастын» миң жылдыгын өткөрүү боюнча алгач 30-жылдарда, андан соң 40-жылдардын акырында көтөрүлгөн идея ишке ашкан эмес. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы 1995-жылы август айында салтанаттуу түрдө өттү.
Кенже эпостор. «Кенже формадагы» эпостор да баатырдык менен каармандыкты даңазалоого арналган. Буларда коомдун социалдык-турмуштук проблемалары лирика-романтикалык маанайда баяндалат. Кылымдар бою айтылып келген эпостордун жаралуу мезгилин аныктоо мүмкүн эмес. Алар ар башка доорлордун окуяларын камтып, көп электен өтүп, акын аткаруучулардын таланттары менен байыган. Фольклордук чыгармалар оригиналдуулукка, улуттук, эстетикалык, бүтүндүккө жетишкен. Көпчүлүк дастандарда демократиялык идеялар чагылдырылган. Эпостордо көбүнчө уруучулук коомдук-түзүлүш чагылдырылып, адам менен жаратылыштын өз ара байланышы ар кандай формада көрсөтүлөт, мифтик айбанаттарга сыйынууну баяндаган учурлар да кездешет.
Кенже формадагы эпикалык чыгармалардын арасында баатырдык жана социалдык-турмуштук дастандар бар. «Эр Төштүк», «Кожожаш» өңдүү дастандар мифологиялык-жомоктук негизде курулуп, байыркы доордон кабар берет. «Эр Табылды», «Курманбек» дастандарында кыргыздардын кийинки учурлардагы уруулук чыр-чатактары, чет элдик баскынчыларга каршы күрөшү баяндалат. «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи-Бөкөйдө» кыргыз урууларынын тарыхындагы ар кандай доордун социалдык-турмуштук проблемалары романтикалык маанайда чагылдырылган.
Эмгек ырлары. Эмгек адамды жараткан, анын акылэсин өстүргөн. Адам эмгектин натыйжасында табиятты өзүнө баш ийдирүүнү үйрөнгөн. Ошондуктан элдик оозеки чыгармачылыкта эмгек ырлары – эң байыркы, эң көп жашаган жанр. Өткөн мезгилдерде элдин чарбачылыгына, тиричилигине байланыштуу эмгек ырлары пайда болгон. Алар темин ырлары же дыйканчылык, мергенчилик жөнүндөгү ырлар, «Оп, майда», «Темин ырлары» эмгектин жүрүшүндө пайда болуп, дыйкандардын тилегин, ой-санаасын чагылдырган. Бул өңдүү эмгек ырлары байыркы коомдогу анимисттик көз караштын негизинде чыккан. Эмгек ырлары өзүнүн көп жашаган өмүрүндө, ар бир жаңы өзгөрүүлөргө, кошумчаларга учураган.
Кыргыздын эң байыркы доордо жаралып, биздин күндөргө чейин жашап келген эмгек ырларына «Оп, майда», «Бекбекей», «Шырылдаң» кирет. Булардын ичинен өтө мүнөздүүсү «Oп, майда», анткени бул ырда байыркы эмгек ырларына мүнөздүү болгон «оп» деген кайырма сакталып калган.
«Орой-орой басканың, Ороо толсун оп, майда. Орокчунун балдары, Нанга тойсун оп, майда. Кырча-кырча басканың, Кырман толсун оп, майда.
Кырманчынын балдары,
Нанга тойсун оп, майда».
«Оп, майданы» күзүндө кырман баскан дыйкандар беш-алты жылкыны же уйду, же эшекти теминге кошуп алып, тегеретип эгин бастырган учурда ырдашкан.
Кыргыз эли көбүнчө мал чарбачылыгы менен күн көрүшкөндүктөн, ага байланыштуу да көптөгөн чыгармаларды жаратышкан. «Бекбекей» ырында короо күзөткөн кыз-келиндер койчулардын, алардын үй-бүлөсүнүн тилегин айтышкан. Кыз-келиндер күндүз кой саап, козу байлап, түнкүсүн короодогу койлорду ууру-бөрүлөрдөн кайтарышкан. Алар, биринчиден, уктап калбай короону сак кайтаруу үчүн, экинчиден, түндү көңүлдүү өткөрүү үчүн үн алышып, «Бекбекей» ырын ырдашкан.
Лирикалык ырлар. Кыргыздардын маданиятында элдик оозеки поэтикалык чыгармачылык кеңири роль ойногон. Анда элдин тарыхый тагдыры, өзгөчөлөнгөн байыркы маданияты, эмгеги, үмүтү, тилек-максаты, жаратылышы, каада-салты поэтикалык бийик деңгээлде кеңири чагылдырылган.
Нечендеген кылымдарда ар кандай тагдырга туш келген элибиз фольклорго өтө бай. Эмгек процессин камтыган – эмгек ырлары, салт-кааданы чагылдырган салт ырлары, элдик ырым-жырымдарга ылайык эм-дом ырлары, лирикалык-секетпай, күйгөндөр, мелдеш-айтыштар да түгөнбөс казына. Кыргыздар басып өткөн узак тарыхый жолдо кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы да өнүгүп келген. Оозеки көркөм чыгармалардын өзүлөрүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар. Алардын пайда болуусу, сакталып өмүр сүрүүсү атайын эрежелерге баш иет. Аталышында эле таасын көрүнүп тургандай, элдик оозеки көркөм чыгармачылыктын эң негизги белгиси анын материалдарынын оозеки жаралып, укумдан-тукумга өтүп, оозеки улангандыгында. Көлөмдүүсүбү же чаканыбы, ар бир чыгарма алгач ирет жеке адамдар тарабынан чыгарылат. Ошол көркөм материал мазмуну жана формасы жактан башкалардын да купулуна толсо үйрөнүү, эсте сактап калуу жолу менен ооздон-оозго өтүп, көпчүлүккө тарап элдик мүнөзгө өткөн. Кийин бирөөдөн экинчиге өтүп, оозеки айтылганда алар алымча-кошумчаларга учурап өзгөртүүлөр, тактоолор киргизилген. Натыйжада, алгач чыгарган адамдын аты унутулуп, андай чыгарма көп адамдардын элегинен өтүп, толукталып, жалпы элдин энчисине айланган.
Адамдын ички сезимин, ой толгоолорун көбүнчө ыр түрүндө баяндаган көлөмү чакан ырларды лирикалык ырлар дейбиз. Лирика деген түшүнүктүн түпкү теги гректердин «лира» аттуу музыкалык аспабынын атынан келип чыккан. Байыркы гректерде ошол лира аспабынын коштоосу менен аткарган чыгармалар лирикалык ырлар деп аталган. Ыр түрүндөгү майда чыгармаларды кыргыздар «кара ыр», «калыс ыр» деп экиге бөлүп айтышкан. Элдин оозеки көркөм чыгармачылыгында негизинен оң менен терс, жакшы менен жаманды баяндап турган дидактикалык мааниси зор, чоң-кичинеге мааниси бирдей таандык калыс ырлардан (санат, насыят) күндөлүк эл турмушунун түрдүү көрүнүштөрүнө, учурларына тыгыз байланышкан кара ырлардан (айтыш, мактоо, кордоо, арноо, арман, сүйүү ж. б. ырлар) башка да белгилүү учурларда үрп-адаттык түрдүү атайын эрежелерине ылайык айтылуучу салт ырлары (ырым, жактоо, керээз, угузуу, көрүшүү, оюн ырлары, бешик ырлары ж.б.) бар.
Лирикалык ырлар тематикалык мүнөзүнө жараша эмгек ырлары, турмуш ырлары болуп бөлүнөт. Турмушта лирикалык ырлардын тарбиялык мааниси зор.
Салт, үрп-адат ырлары. Кыргыздар коомдук түзүлүштүн баскычтарына, күндөлүк тиричиликтин түрлөрүнө ылайык узак жылдар сакталып, элге сиңген үрп-адаттарга, каада-салттарга бай. Ушул каада-салттардан улам кыргыз эли жашап келген тарыхый доорлордогу таптык, уруулук мамилелерди, экономикалык турмушту, дүйнөгө көз карашты көрөбүз. Ошону менен бирге, бул каада-салттарга ар бир доордун диний көз караштары кошо кирген. Кыргыздын фольклордук чыгармаларынын ичинен үрпадатка байланыштуу чыгармалар көп. Ошондуктан аларды үрп-адат ырлары дейбиз. Үрп-адат ырларына кошоктор (киши өлгөндө, кыз узатканда айтылган), керээз ырлары, арман ырлары, сүйүү ырлары, жарамазан, мактоо ырлары, бешик ырлар, оюн ырлары кирет. Үрп-адат ырлары эл арасында кеңири таралган.
Кошоктор – өкүнүү, күйүү маанисинде ички сезим менен муңдуу айтылуучу кайгылуу ыр. Кошоктор экиге бөлүнөт. Алардын бири киши өлгөндө кошула турган кошоктор, экинчиси кыз узатканда кошула турган кошоктор. Кыргыз фольклорундагы үрп-адат ырларынын ичинен кошоктор – өзүнүн чыгышы жагынан байыркы жана эл арасына кеңири таралган жанрлардын бири. Байыркы Орхон-Энесай жазууларынын тексттеринен да кошок, керээз түрүндө айтылган сөздөр кездешет.
Кошокчулар ыр чыгарган акындар сыяктуу таланттуу аялдар. Алардын ырды дароо чыгарышына кошок күүсүнүн узакка созулушу жана сөздөрүн өтө жай, муунга бөлө айтылышы мүмкүндүк берген. Бир аял же кыз кошок кошкон учурда башка аялдар унчугушпайт. Эшикте жүргөн эркектер да анын кошогуна кулак төшөшөт. Өлгөн кишиге арналган кошоктун мазмуну ошол кишинин тирүүсүндөгү коомдук турмуштан алган ордун айкын көрсөтөт. Ошондуктан кошок ырлары коомдук мааниге, таптык мүнөзгө ээ болгон.
Кошоктун экинчи түрү – кыз бергендеги кошоктор. Кыз узатуудагы кошоктун мааниси, биринчиден, кыз үй-бүлөдөн, туулган жеринен ажырап, жат, чоочун жерге баратканына кайгыруу сезимин билдирет, себеби эски заманда кыздар мурун көрүп билбеген, көбүнчө өзүнө теңтуш эмес кишиге эрксиз калыңга сатылган. Анын келин болгондон кийинки укуксуз ал-абалы эненин көңүлүнө кайгы салбай койгон эмес. Кошоктун бул түрү көрүшүү, коштошуу деп аталат. Мында акыл-насаат сөздөрү кеңири камтылган.
Айтыш ырлары. Кыргыз элинин аш-тойлору, майрамдары акындарсыз өткөн эмес. Акындык өнөр кыргыз элинде өтө жогору бааланган. Натыйжада, оозеки элдик чыгармачылыктын төкмөчүлүк өнөрү күчтүү өнүккөн. Төкмө акындар ой жүгүртүүсүнүн тездиги, баамчылдыгы, өзгөчө таланттуулугу менен айырмаланган. Элибиздин толуп жаткан оюн-зооктору менен катар акындарды айтыштыруу да кеңири жайылган салт болгон. Эки ырчынын акындык дареметин салыштырып, бирин бири жеңүү максаты менен ырдаган ырлары айтыш ырлар делип айтылган. Айтыш ырлары акындардын чеберчилигин айгинелеп, бул жанрдын өсүшүнө түрткү берген.
Керээз ырлары. Кыргыз элинде өлүм алдында жаткан киши артында калуучу үй-бүлөсүнө же башка ишеничтүү кишисине өзүнүн акыркы оюн, акыл-насаатын, аласабересесин айтып кетүү адаты болгон. Тирүү калгандар ал адамдын өлөрдөгү айткан сөзүн иш жүзүнө аткарууга аракет кылган. Ошон үчүн ал киши эстен танып бара жатканда, үй-бүлөдөгү, же айылдагы жакындары: «Эмне айтасыз?» – деп сураган. Өлүм алдында жаткан кишинин тирүү калгандарына айткан акыркы сөзү керээз деп аталган. Керээз өлөр кишинин өз бүлөсү жөнүндө же өлгөндөн кийинки ага жасалуучу зыйнат жөнүндө айтылган акылнасааты же тапшырмасы болгон. Мындай керээздерди көбүнчө эл башкаргандар, эл акындары, Эл баатырлары айта турган. Көпчүлүк үчүн маанилүү болгон керээздер ыр түрүнө айландырылып, элге тараган. «Манастын Каныкейге айткан керээзи», «Көкөтөйдүн Бокмурунга айткан керээзи», «Ормон хандын керээзи», «Балбай баатырдын керээзи» ж. б. буга күбө. Тамаша, мыскыл иретинде айтылган керээздер да бар.
АСЫЛ МУРАС
Маданияттын бир асыл мурасы «Музыка» деген грек сөзү кыргыздардын тил казынасына XX кылымда гана жалпы түшүнүктө колдонула баштаган. Оболку доорлордо кыргыздар азыркы түшүнүктөгү музыканы ыр, обон, күү деп сезишкен. Алар жашоо тиричилигинде дүр-дүйнөнү ыр менен чагылдырган, атап айтканда, эмгек учурунда, бешик терметип бөбөк алдейлегенде, тойлордо, айтымдарында, секетпай, арзуу ырларында, журт которуп нарктуу көч жүрүшүндө, элдик дастан, эпикалык чоң эпосторду айтканда, бакшы бийлеринде жана башка убактарда ар кандай сөз курамын ыргакка келтирип, үн кайрыктарына айлантышкан. Жашоо тиричиликке жараша чын ыкластан сүйүнгөндө, бийлегенде, кубанганда, кайгырганда, ыр жамактаганда музыканын алгачкы жөнөкөй өзөгү обон чыгарылган. Обондордун эң алгачкы ыргактарынын башталышын – элдик салт, ырым-жырымдардын жана да бакшы-бүбүлөрдүн жорук-жосундарын байкаса болот.
Кыргыздарда элдик деп аталган нечендеген сөз менен ыр айкалышкан шардана жана создукма ыкмадагы обондор байыртан эл арасында жашап келатат. Чындыгында алардын көбүнүн адеп чыгарган обончулары болгон, доор алмашкандан улам аттары унутулуп, улуттук кулк-мүнөздү, кыял-көңүлдү, салт-каадасын, усулчу дасмияны чагылдырганы эл арасында сакталып калган. Кыргыз музыкасында байыртан берки эл тарыхы чагылдырылган. Ар бир доордо эл башына түшкөн кыйын кезеңдер, шерлердин, дааналардын, башчылардын өмүрү жана журт тагдыры ыр-обондо, комуз күүсүндө баяндалат.
Кыргыз эл музыкасынын негизги жанрларына эпос, эмгек, үрп-адат (диний, үйлөнүү, той ырлары, кошок), лирикалык ырлар, күүлөр кирет.
Элдик музыка. Кыргыз эл музыкасы – элдин маданиятын, дүйнөгө көз карашын, турмуш тиpичилигин, тарыхын, этностук жана эстетикалык идеяларын чагылдыруучу баа жеткис мурас. Анын тамыры байыркы замандардан башталат. Кыргыз музыкасы жөнүндөгү алгачкы жазуу маалыматтары бир катар адабияттарда кездешет. Кытай саясатчысы (Сюань-Цзянь 630-ж. азыркы кыргыз жеринде болуп, жергиликтүү эл жөнүндө: «Мени тосуп алууга арналган той кулакка жагымдуу, жүрөк менен көңүлдү эргиткен лирикалык күү менен башталды»,– деп белгилеген. Бирок ушул убакка чейин байыркы кыргыз музыка өнөрү тууралуу кабарлаган буюм, маданият эстеликтери табыла элек. Кыргыз элинин музыкалык фольклору кагаз бетине түшүрүлбөгөндүктөн, искусствонун бул тармагын тарыхый мезгилдерге бөлүү өтө кыйын. Кыргыз эл музыкасы түрк элдеринин, айрыкча казак, хакас, түркмөндөрдүн музыкасына жакын. Башка чыгыш элдеринин (мисалы, өзбек эл музыкасынан) музыкасынан айырмаланып кыргыз музыкасы элдик жана элдик профессионалдык искусство болуп бөлүнгөн эмес. Жанрдык жагынан жалпыга жеткиликтүү бир өңчөй келип, стили бир жактуу болгон.
Кыргыздарда өзүнчө музыка теориясы, улуттук музыкалык-поэтикалык өнөр жөнүндө илим, тажик элдериникиндей музыкант-окумуштуулар күүнү ансамбль менен аткаруу салтка айланбаган. Кыргыздарда айтышуу ыкмасындагы аткаруу кеңири тараган. Ыр бир үн менен аткарылып, аспаптык музыкада комуздун жана кыл кыяктын эки кылынын жардамы менен эки-үч добуштуу үндөштүк жаралган. Фольклор оозеки түрдө гана жашап, ал эми эл музыканы жаттап алуу жолу менен бири-биринен үйрөнүшкөн. Ошондуктан тигил же бул музыкалык чыгарманы аткарган адам аткаруучу гана эмес, ошол күүнүн жаңы вариантын жаратуучу да өзгөчө бир түрдө калыптанышын жана өнүгүшүн шарттаган.
Музыка изилдөөчүлөр. Элдик ырлар кыргыздардын музыкалык чыгармачылыгынын басымдуу бөлүгүн түзгөн. XIX к. орус жана чет элдик окумуштуу-саясатчылар, чыгыш искусствосунун изилдөөчүлөрү (Ч.Валиханов, В.Радлов, Н.Пржевальский, Г.Алмаши, Н.Северцов, Ш.Капью ж.б.) кыргыз эли ыр чыгарууга жана ырдоого өтө жөндөмдүү экендигин белгилешкен. Алсак, орус географиялык коомун изилдөөчүлөрдүн бири А.Левшин 1820-ж. Борбордук Азияга жасаган саякатынан кийин кыргыздардын ыр маданияты жөнүндө: «Ар кимиси көзүнө эмне чалдыкса, ошонун тегерегинде ыр жаратат. Ар бири өзүнчө төкмө ырчы», – деп жазган.
Ырлардын түрлөрү. Лирикалык жана турмуш-тиричилик ырларына: балдар, жаштар ырлары, сүйүү ырлары, оюн, сатиралык-азил, жаратылыш жөнүндөгү кайрыктар кирет. Сүйүү лирикасынын түрлөрү секетпай менен күйгөн ырлары кеңири тараган. Алардын сөзү гана айырмаланып, обону көп учурларда окшош. Муңайым, кыялкеч маанайдагы арман ырлары да лирикалык кайрыктар тобуна кирет. Той-тамашаларда ырдалчу ырлар обонунун шаңдуулугу, ыргагынын тактыгы менен айырмаланган.
Төкмө акындардын чыгармачылыгы кыргыз элинин вокалдык музыкасынын өзгөчө катмарын түзөт. Чебер төкмө өзүнүн профессионал вокалдык жана поэтикалык бай таланты менен өзгөчөлөнгөн. Төкмө акындар манасчылардан айырмаланып, ырды комуздун коштоосунда аткарышат. Комуз көп учурда акындын үнүн кайталап, куплетти баштоодо, аяктоодо жана алардын араларында обонду кайрып турат.
Элдик музыкалык аспаптар: Комуз, үйлөмө чоор, балдыркан чоор, чогойно чоор, ышкырык чоор, чопо чоор, туулга чоор, сурнай, сыбызгы, керней, мүйүз керней, жезнай, чымылдак, дилдирек, урма добулбас, доол, нагыра, чилдирман, кабак, кылдуу чертме комуз, тартма комуз, кыл кыяк, наама, тилдүү какма темир комуз жана анын бир түрү жыгач ооз комуз, дилдирек, аса-муса, шылдырак, аса таяк, коңгуроо, жылаажын, жекесан, зуулдак, жалдырак, чыңырткы, бапылдак, ышкырык, жезнай, коңгуроо, чаткан, быргы, наама, нагыра, бандулу, ка мыш, терек ж. б.
«Манас» эпосунда жыйырмадан ашык музыкалык аспаптар жөнүндө маалымат берилет. Кээ бир чилдирман, нагыра, чаңырык сыяктуу музыкалык аспаптардын аттары «Манастан» башка эч жерде кездешпейт.
Элдик аваздык аспаптар. Кыргыздар ар түрдүү аспаптарга ойной жана ошолордун коштоосунда ырдай да, бийлей да билишкен. Андай аваздык аспаптарга комуз, темир комуз, жыгач ооз комуз, чоор, сыбызгы, чыңыроон, кыл кыяк, добулбас, сурнай, керней өңдүүлөр кирет.
Кыргыз эли коңшулаш элдердин рухий дүйнөсүнөн өз бөтөнчөлүгү, оригиналдуулугу менен айырмаланган, жогорку көркөмдүктөгү маданий мурас жарата алган. Анын өзгөчөлүгү, өз алдынча стилге ээ экендиги музыкалык аспаптардан ачык көрүнөт.
Кыргыз элинин байыркы музыкалык аспаптарынын бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген негизги өзгөчөлү гүнүн бири – бул алардын бир эле мезгилде күнүмдүк турмушта, ырым-жырым, үрп-адаттарында ж. б. кеңири колдонулуп келгендигинде.
Кыргыз эли эзелтен колдонуп, пайдаланып келген музыкалык аспаптар анын турмуш-тиричилиги, салтсанаасы менен тыгыз байланышта болгону жалпыга белгилүү. Ал аспаптардын сырткы түзүлүшүнө, жалпы көрүнүшүнө элибиздин социалдык, чарбалык карым-катнашы, улуттук бөтөнчөлүгү, эстетикалык, философиялык көз карашы, көркөм өнөрдү баалай билүүсү өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Ошондуктан аспап өткөн замандын музыкасына баа берүүдө, анын тарыхый өзгөчөл үктөрүн туура түшүндүрүүдө бөтөнчө мааниге ээ. Себеби аспаптын өзү же анын калдыктары (археологиялык эстеликтерде, сүрөт-чиймелерде, кол жазмаларда, эскерүүлөрдө болсун) көптөгөн кылымдар бою жашап келе жаткан элдик музыканын колго кармалчу, көзгө көрүнгөн бирден бир күбөсү.
Элибиздин өткөн тарыхын, маданиятын, кылымдарды камтыган салт-санаасын, эстетикалык касиетин, көркөм дүйнөсүн үйрөнүүнүн негизги булактарынын бири болгон музыкалык аспаптардын баалуулугу, керектүүлүгү мына ушунда.
Колдо болгон маалыматтарга караганда байыркы Энесай кыргыздарынын музыкалык аспаптары жөнүндөгү эскерүүлөр Тан дооруна тийиштүү жазуу даректерине барып такалат. Ал маалыматтар VII–X кк. камтыйт. Мындай маалыматтар өзгөчө өткөн кылымдагы географсаякатчылардын, тарыхчы-этнографтардын сапардагы кезде жазган эскерүүлөрүндө, илимий эмгектеринде арбын кездешет. Алсак, П. П.Семенов-Тянь-Шанский, Н. А.Северцев, Ч. Валиханов, Ф. В. Поярков, Г. С. Загряжский, С. Э. Дмитриев ж.б. элибиздин турмуш-тиричилигинин өзгөчөлүгүн сыпаттоо менен катар анын музыкалык аспаптары жөнүндө да маалыматтарды беришкен.
1870–1883-жж. жергебизде болуп кетишкен музыканттар А.Эйгор, француз саякатчысы Ш.Капью элибиздин бир нече музыкалык аспабы тууралуу жазуу менен гана чектелбестен, аткарылган күүлөрдүн кээ бир үлгүлөрүн нотага түшүрүп калтырышкан.
Музыкалык аспаптардын ичинен кыргыз элинде кеңири тараганы баарыга белгилүүсү комуз жана кыл кыяк.
Комуз – кыргыз элинин чертме кылдуу музыкалык аспабы. Түрк элдеринде тартма, кылдуу жана какма аспаптарынын кобус (хобус), комыс, кобус (хомуз), кумуз деп аталган аспаптары бар. Бул комуздун эң байыркы музыкалык аспап экенин далилдейт. Комуз өрүк, алмурут, карагай, арча, жапан тал, алмурут өңдүү экме жана жапайы жыгачтардан чабылат. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кыйылган жыгач сомдолуп, сууга кайнатылып, анан ышталган. Комуз: баш, моюн, тулу, чара, капкак, тепкек, үч кулак, үч кылдан түзүлөт.
Кулагы өрүктөн, арчадан же мүйүздөн жасалат, ал эми кылы көбүнчө эки тиштүү кыргыз койлорунун ичегисинен жасалган. Муздак сууга салынган ичегини сыдыргы менен тазаланган соң, ийик менен оңго ийрип, анан аябай кере тарттырып кургатышкан. Залкар комузчулар кылды добушуна жараша өтө кылдаттык менен тандашкан. Кээде бир койдун ичегисинен бир кыл гана жасалган.
Кыргыздардын карт тарыхына жараша анын музы калык аспаптарды урунуу тарыхы да абдан узун болуп да, комуз музыкасын урунган тарыхы абдан эрте экени белгилүү. Ошого комуздун жана комуз күүлө рүнүн жаралышы жөнүндө аябай сонун уламыштар айтылып калган. Тарыхый маалыматтарга караганда комуз Миландыдан мурдагы I кылымда кыргыздын өз ичинде эле эмес, хансуллаласынын бийлигиндеги орто жунгуга чейин тарагандыгы. Таңсуллаласы доорунда ал ордо музыкаларынын катарында жапонго (жапания) соогат кылынгандыгы жазылган.
Комуз дарегин эски кытай жазмаларында б.з.ч. доордо эле айтылат. Аны Энесей кыргыздары урунган экен. Комузчулардын санагында кыргыздарда миңден ашык комуз күүлөрү болуптур. Маданият изилдөөчүлөр бир эле акын, комузчу Арстанбек Буйлаш уулу 500гө чукул күүнү черткен жана чыгарган деп айтышат.
Комуздун жаралышы боюнча айтылган уламыш кыргыздар ичинде жалпы таралган жана түрдүүчө варианттар айтылып келет.
Илгеринин илгеркисинде сүйгөн жигитинин өлүм күйүтүнө чыдабай, токой, талаа кезип басып кеткен Камбаркан аттуу кыз токойдо кургап жаткан карагайдын боорунда тартылып куурап кыл болуп калган түлкүнүн ичегисине көөн буруп карап калат. Ал шамалдын эпкини менен доош салып турган экен. Камбаркан кыз ал кыл болуп калган түлкүнүн ичегисин алып, аны башка бир сомдолгон жыгачка тартып, күйүтүнө коштоп үн чыгарып чертип калат. Ошол жасаганы күйүтүнө аралжы болуп, бир кыйла жеңилденип калган имиш. Бирок ал жасап алган нерсесине ат койбоптур. Аны колуна алып талаа кезип, токой аралап чертип жүрө берген экен.
Бир күнү талаа кезип, адатындай жасаган нерсесин чертип бир жерде отурса, «комуз как» деген бир чөп куурап, зыркар шамалдын эпкининде зырылдап доош чыгарып турат экен. Анын доошунан «комуз как» деген үн чыккандай болуптур. Камбаркан колундагы чертип олтурган муңду «комуз как» чөптүн доошуна окшоштуруп, бул да «комуз как» болсун деп атап коёт. Ошондон барып «комуз» аталып, «как» түшүп калган экен. Демек, комузду Камбаркан кыз жаратыптыр. Анын туңгуч черткен күүсү «Камбаркан» күү болуп калган экен.
Башка бир уламышта Камбаркан деген акын, музыкант, ойчул жана хан увазири болгонун айтат. Ал токойдо сейилдеп жүрүп, карагайдын боорундагы өлүп калган түлкүнүн чубалып куурап калган ичегисинен зирилдеген добуш чыкканын угуп, ошол кийин комузга кыл такканына себеп болуптур, анан Камбаркан күүсү жаралыптыр деген болумушту айтышат.
Күү баяны. Күү кыргыздын аспаптык музыкасынын жалпы аты. Ал негизинен жыгач ооз комуз, комуз, кыл кыяк, чаткан, сурнай, сыбызгы, темир комуз, чоор күүлөрү болуп бөлүнөт. Күүлөр эпостук чыгармалардын мазмунун, коомдук турмуштагы окуяларды, жаратылыш таасирлери чагылдырылган.
Күүлөрдүн эл арасына кеңири тараганы комуздуку. Бир эле күүнүн бир нече үлгүлөрү бар. Мисалы: Камбаркандын 120дан ашык түрү бар экендиги айтылат.
Күүлөрдүн эң байыркылары деп обондун негизинде чыккан обон күүлөрдү болжоого болот.
Залкар күүлөр. Комуз музыкасындагы негизги жанр – залкар (кара) күүлөр. Кыргыз күүлөрү турмуш таасиринен олуттуу окуялардан же адамдын ички сезимдеринен улам жаралат. Алар ойго бай сабырдуу кайрыктарга ээ болуп, кол ойнотулбай, бир калыпта чертилген. Залкар күүлөр аткарылганда арасына ыр же сөз кошулган эмес. Эл арасында бааланган залкар күүлөр: «Көкөй кести», «Сынган бугу», «Ибарат», «Насыйкат», «Чаржайыт ботой» ж.б.
Залкар күүлөрдү чыгаргандар жана аткаргандар: Музооке Жаманкара уулу (1802–1878), Күрөңкөй Боккөтөн Шааке уулу (1853–1925), Белек, Бурулча Осмонбек кызы (1840–1916), Абак, Капал, Кайду, Жантакбай, Чоңчыгышбай, Арстанбек Буйлаш уулу (1824–1878), Токтогул Сатылганов (1864–1933), Мураталы Күрөңкөй уулу (1860–1949), Ниязаалы, Айдараалы Бейшүкүр уулу (1815–1934), Атай Огонбаев (1900–1945), Карамолдо Орозов (1833–1960), Ыбырай Туманов (1888–1967), Эр кесары Бекбазар уулу (1884–1966), Шекербек Шеркулов (1902–1980), Чалагыз Иманкулов (1889–1980) ж. б.
Тарыхый-даректүү дастан күүлөр. «Манас» күүлөр байыркы Култегинге арналган күүлөр, эпостук дастан күүлөр, «Курманбек», «Эр Табылды», «Эр Табылды жалгызы», «Каныкейдин арманы», «Семетей күү», «Семетейдин шумкарын Айчүрөктүн ала качканы», «Алмамбеттин арманы», «Жаңыл мырза», «Мендирман», «Эски Бөкөй», «Култегин», «Жаныш-Байыш», «Гүлгаакы», «Шырдакбектин Боз жорго», «Аккочкор Каңкы», «Айхан», («Кетбука»), «Саринжи-Бөкөй», «Кыз Дарыйка», «Жусуп менен Зулайка», «Кожожаш», «Зулайканын кошогу», «Ак Мактым», «Ак Мөөр», «Бекарстан», «Баатыр Карагул», «Карагул ботом», «Аксаткын менен Кулмырза», «Чоң Ормон», «Балбай баатыр», «Жөө Тынай», «Аюке Майтык», «Мамыр» ж.б.
Кыл кыяк – улуттук кылдуу, жаалуу музыкалык аспап. Ал негизинен кулак, чара, моюн, куткун, тээк жана башка бөлүктөрдөн турат. Тулкусу көк арчадан, өрүктөн, сом жыгачтан чабылат. Узундугу – 65–70 см. Моюну кыска, беренеси жок. Добуш чыгаруу чарасы тең бөлүнгөн алмурут сыяктуу. Анын жарымы төөнүн териси менен капталат. Алдына туурасынан кичинекей ичке жыгачтан бертик (төшөгүч) коюлат. Капкактын ортосунан төмөн карай ичке кайыш тартылып, чарасына бекитилет. Кыл кыяктын аягы санга коюп тартуу үчүн ылайыкталып ичке келет, башында карама – үч бурчтук формасында эки ача жыгачтан куткуну кайыш же булгаарыдан эки тилинип жасалып ага кыл тартылат. Аспапты аттын куйрук кылы тартылган жаа менен жанып ойнойт. Кыл кыякка добушу бийик, мукам, уккулуктуу болуш үчүн эки асый жылкынын куйрук кылы (60–70 талдан ашпаган) тагылат. Адатта кылды аспапка тагаарда аны самындап жууп, тарап, карагайдын чайырын (дабыркайын) кайнатып сүйкөйт. Ойноор алдында да кылга чайыр сүйкөлөт. Кыл кыяктын түрлөрү дүйнөгө, айрыкча түрк элдеринде кеңири тараган. Алардын ичинен кыргыздын кыл кыягы тембри, добушу, күүлөнүшү, жалпы формасы, чабылышы, тартылышы жагынан казактардын кыл кобызына, кара калпактардын кобызына, тывалыктардын иглесине, хакастардын ыыхына, алтайлыктардын иклемине окшош.
Кыл кыяктын коңур добушу адамдын үн интонациясына өтө жакын. Анда адамдардын ар кандай турмушун, согуштук жүрүшүн баяндаган күүлөр тартылат. Адамдардын күлгөнү, ыйлаганы, кошкону, баланын, келиндин, кемпирдин, чалдын үндөрү, жан-жаныбарлардын аракети, табигый көрүнүштөрү так тууралып баяндалат.
Кыл кыяк көбүнчө кенже эпосторду айтуучулардын, жомокчулардын жана элдик ырчылардын коштоочу аспабы катары пайдаланылган. Кыл кыякта өзүнө мүнөздүү обон, күүлөр менен бирге комуз, темир комуз күүлөрү да тартылат.
Кыяктын кылына май тийсе, үн бербей калат. «Бууранын терисинен капкагым болсо, сүйкөгөнүм карагайдын чайыры болсо, жайдын саратанында тартса боздоор элем» – деп, кыяк айтыптыр деген уламыш бар.
Кыл кыяктын көңдөйүнө, тепкектин алдына тирөөч коюлат. Демек, жалпысынан ойноого укмуштай мүмкүнчүлүк берет.
Чоор– бул элдик аспаптар үйлөмө аспаптардын түрлөрүнө кирет.
Чоор – элдик үндүү аспаптардын эң байыркысы. Ал негизинен өрүк, карагайдан жасалат. Мурун куурайдан да, шилбидеи да чоор жасалган. Аларга койдун кызыл өңгөчүн каптап, чоордун эки башы ачык болгон Чоорду жасоо жана аны тартуу – жеринен сейрек көрүнүш. Натыйжада, чоорчулар аз. Азыр анын аягы тыйылып баратат. Үч-төрт гана үн чыгып, айрым обондор чоорго келүүчү эмес. Чоор кийин жокко чыгып баратышы төгүндөлбөйт. Мына ушуларды эске алып, аны жакшыртуу үчүн ноталык түзүлүшүнө ылайыктап кайра өзгөртүп жасоого чеберлер узанышууда. Мында аспапка үн, көрк жана форма берүү көңүлдүн башында турат. Ооздон чыккан жел түтүк аркылуу чоордон үн берүүчү тешиги үйлөнүп, жеңил үн чыгарууга мүмкүндүк түзүлүүдө. Ошондо чоордун ичиндеги «жөнгө салгыч» оңго же солго буралып, чоордогу үн берүүчү тешикти издейт. Эгерде бул жөнгө салгыч толук өз милдетин аткара албаса, анда «жардамчы жөнгө салгычтын» буроосун бошотуп, оңго же солго айлантып узартып, же кыскартып, чоордун үнүн издеп табууга болот. Бул «жардамчы жөнгө салгыч» жез түтүгүнөн жа салат.
Жылаажын – желпинүү аркылуу үн чыгарып, көбүнчө алгыр куштарга тагылуучу кичинекей коңгуроо. Адатта, уук учтук боз үйдүн эшигин ачып-жабууда эпкин менен термеле түшөт. Ошол эпкин менен жагымдуу үн берген жылаажынды жасоо үчүн курч темир керек. Анын ичине тил салынат да, төбөсүнө бүлдүргү тагышат. Koңгypoo түбү ачык болот. Ал эми тай-кулунга, алгыр куштарга тага турган коңгуроонун түбү туюк келет да, кичине тешигинен жел кирип, ал үн берет.
«Тайчы» күүсү жөнүндө «Тайчы» кыргыздардын байыркы комуз күүсү болуп, анын жаралышы жөнүндө төмөнкү уламыш айтылып калган.
Илгери жоокерчилик заманда кыргыздын «Мактым сулуу» аттуу кызы болгон экен. Ал ай десе, ай эмес, күн десе, күн эмес сулуу экен. Анын чачы кырк кулач экен. Терекке асып туруп тарап жууйт экен. Ошол чач жууп жатканда, бир тал чачы чоң дайрага агып кетиптир да, дайранын тегинде суу бойлоп жүргөн жоонун баатырлары Чынарстан тайчы, Бекарстан тайчы дегендердин атынын мойнуна оролуп калган экен. Алар чачтын узундугуна таң калып кандай адамзаттын чачы экенин сурамалап жүрүп, соңунда Мактым сулуунун чачы экенин билип, кыргызды чаап Мактым сулууну алып кеткен экен. Мактым сулуу Бекарстан тайчыга тиет экен. Бирок Мактым сулуунун качуу оюн өзгөртө албаптыр. Күндүз жоокерлер жылдырбай кайтарып, түндөсү тайчы чачын колуна ороп жатчу экен. Мактым сулуу кача албай жүрүп «Апал-Үпөл» аттуу эгиз кыз төрөптүр. Бирок дагы эле качуу ниетинде экен. Бир күнү тайчы арак ичип мас болуп калганда аттын куйругунан чач кылып колуна ороп коюп, атын минип улуу суудан өтө качкан экен. Тайчы эсине келип эртеси караса Мактым сулуу улуу дарыянын өйүзүндө туруптур. Тайчы өтүп бара албай өйүздү карап какшап боздогон экен. Тайчы жоокерлерин, бүткүл малын улуу сууга айдатып кирип агып өлгөн экен. Кыргыздар Мактым сулуунун жоодон куткарган күүсүн түбөлүк унутпай, «Тайчыдан тайчыбек Арстан тайчы» деп чертип калган экен.
«Карагул ботом» күүсү жөнүндө. «Карагул ботом» кыргыздардын как күүлөрүнүн бирөө болуп, ал мындай жаралган деген уламыш бар: Карагул бир мергендин уулу экен, Карагулдун атасы адис мерген болуп, кийиктен он оңко тургузган экен. Ага кайберендин ээси нечен жолу эскертме берсе болбой кайберендерди кыра берген экен.
Бир күнү Карагул атасы аңга кеткен жакка утурлай барып, бир күңгөй бетте кийик тонун тетири кийип алып кийик болуп ойноп жүрсө, атасы аңдан жолу болбой келе жаткан экен да, балдыркандын түбүндө кыбырап ойноп жаткан баланы алыстан кийик экен деп атып алган экен. Ошондон барып караса, өзүнүн баласы Карагул экен. Мергенчи күйүткө чыдай албай «Карагул ботом» деп зарлап какшап ыйлап, аны комуз менен чертип калган экен. «Карагул ботом» күүсү ошондон жаралган имиш. Кыргыздарда баласы өлсө «ботом» деп ыйлайт.
«Насыйкат» күүсү жөнүндө. Кыргыздардын комуз күүлөрүнүн ичинде жүрөктү элжиреткен, кандайдыр бир тарыхты сыдыра баяндап сызып чыккан «Насыйкат» аттуу күүнү чоң комузчулар чертишип, жалпы кыргыздарга белгилүү болуп жүрөт. Ал эми ушул күүнүн чыгышы жөнүндө мындай уламыш айтылат.
Илгери бир заманда кыргызды жоо басып алып, аны тукум курут кылып жиберүүнү көздөп, ар кай жерге тоздурган экен. Анын ичинде эң биринчиси комузду жоготуу, комуздун үнүн кыргыздын көкөйүнөн өчүргөндө анан, кыргыз башка элге оңой сиңип кетет дегенди жоонун бир акылманы ойлоп тапкан экен. Жоонун каны бүт жер бетинде комуз үнү чыкпасын, ким комуз чертсе башы кесилсин деген өкүмүн чыгарган экен. Ошондой кордуктуу замандын бир күнү жоонун өкүмдарлары аң уулап, бир алыскы колоттун башында жүрсө, бир нерсенин үнү угулуптур, алар барып караса, жалгыз бир абышка ошол колоттун башында олтуруп алып комуз чертип олтурган экен. Ал өкүмдарлар абышканын аты-жөнүн сураса Сүйүнбай деген кыргыз экен. Алар: «Комуздун үнү чыкса баш кесилет деген өкүмдү укпагансыңбы?» – деп сурашса, ошону угуп-билгендиктен ушул жерде чертип отурганын айтыптыр. Өкүмдарлар чалды байлап, комузун мойнуна асып алып эли-журтуна сабак болсун дешип, калкты калың чогултуп, абышканы дарга асмак болушат. Дарга асуунун алдында абышкадан: «Эмне талабың бар, айтып кал» деген экен. Абышка: «Мен как ушундай бир чогулушту күттүм эле, өлөр алдымда бир күү чертип алсам» – деп суранган экен. Өлөр адамдын өтүнүчү кабыл болуп. Сүйүнбай чал «Насыйкат» күүсүн чертип, комузду, комуз күүсүн эч кандай жоо жогото албай турганын, ал ата-бабадан бери уланып келе жатканын айтып, калың эл-журтка комузду, күүнү урпактан-урпакка улап айтуу жөнүндө «Насыйкат» күүсүн калтырган экен.
Кыргыздын комуз күүлөрүнүн уламыштары өтө эле көп, ар бир карт күүлөрдүн бирден уламышы айтылып калган. Күүлөрдүн уламышы ошол күүнүн эмне себептен чыккандыгы жөнүндө маалымат берилсе, дагы бир жагынан кыргыздын тарыхынан элес берет.
КЫРГЫЗДАРДЫН ЭЛДИК МАЙРАМДАРЫ
Байыркы кыргыздарда бир жыл ичинде нечендеген майрамдарды өткөрүшкөн. Алардын көпчүлүгү Энесай доорунан бери эл арасында уланып келатат. Атактуу майрамдары – «Жаз майрамы», «Күз майрамы» деп аталган. Жаратылыш менен эриш-аркак жашаган эл, анын ыйыктыгына, кооздугуна жана берешендигине байланышкан майрамдарды шаңдуу өткөрүшсө керек. Энесай доорундагы майрамдардын аты, шаан-шөкөтү, жорук-жосуну кийинчерээк унутулуп, кыргыздар Теңир-Тоого келгенден баштап, той деп аталып, элге тарап кеткендей. Азыр тойлордун түрлөрү 50дөн ашып кетти.
Нооруз майрамы. Эл ичинде «Нооруз майрамы» сыяктуу каадалуу майрамдар бар.
Нооруз майрамын өткөрүү жалаң кыргыздарга гана таандык эмес, түрк улуттарынын бардыгы ушул майрамды өткөрөт. Ал гана эмес Иранда да Нооруз майрамы майрамдалат. Ал эми кыргыздын жөрөлгөлүү майрамын өткөрүү тарыхы башкалардыкынан бир кыйла узун. Нооруз майрамы шамсия жыл эсеби боюнча ар жылы жыл башында өткөзүлүп, ал жаңы жыл деген маанини берет. Демек, жыл болгон соң анын жыл эсеби болот. Кыргыздар түрк улуттарынын ичинде күн, ай, мезгил, жылдарды жана он эки мүчөлдү эң алгач, ары эң кемелдүү колдонуп келген байыркы улут болуп эсептелет.
Байыркы кыргыздар жогоркудай жыл эсептөө башталгандан тартып ар жылы ошол күнү куттуктоо кыймылдарын өткөзүп, бул чоң мааракени майрамдап келишкен.
Ушундай жыл эсептөөнүн башка улуттарга таралышына ээрчий байыркы түрк улуттары аны колдоно баштаган.
Илгерки Жаңы жыл. Биздин эл Жаңы жылды жазында көк чыккан кезде тосуп алгандыктан жылдын башы күн-түн теңелгенден кийинки Козу жылдыз тобу көрүнгөн күнгө туура келген. «Арсар айдын» жаңырышына байланыштуу «жалган куран» айы жазында ары-бери ооп тургандыктан байыркы бабаларыбыз Жаңы жылды алиги Козу жылдыз тобу жаңырган алгачкы күнү тоскон! Бул салт эч качан өзгөргөн эмес. Жаңы жылды биздин байыркы бабалар Чоң көжө жасап, жаңы кымыз менен тоскон!
Нооруздун пайда болушу. Нооруз майрамынын келип чыгышы кыргыздардын жыл эсеби менен байланыштуу. Мындайча айтканда, Нооруз майрамынын пайда болушу алды менен кыргыздардын жыл эсебинен келип чыккан деп карайбыз.
Ошондой эле Нооруз майрамы кыргыздардын эмгек өндүрүшү менен байланыштуу. Кыргыздар Нооруз майрамында жети түрдүү данды кошуп көжө жасашат. Ары айыл-апасын чакырып көжөнү чогуу ичишип, жаңы жылда мал-жандын амандыгы үчүн тилек тиленет. Нооруз майрамы менен тең эле жаз жарышы башталып, төл алуу мезгили болот. Ошондуктан, майрам мезгилинде кыргыздар өздөрүнүн өндүрүш тажрыйбаларын алмаштырып, жаңы жылдагы ой пикирлерин ортого салат.
Нооруз майрамы кыргыздардын салттык майрамы болуу менен катар байыркы замандан тартып, азыркы заманга чейин болгон аралыкта өзүнүн өнүгүү, өзгөрүү жана көтөрүлүү, басаңдоо тарыхын басып өттү. Нооруз майрамы алгач кыргыздардын жыл эсебинин пайда болгонун гана куттуктоо кыймылы болуп эсептелсе, кийин тарыхтын өнүгүшүнө ээрчий ал акырындап отуруп, кыргыздардын өндүрүш, диний ишеними менен тыгыз байланышып, ага кыргыздын ак тилеги сиңди. Ошентип, бул майрамдын мазмунуна доор түсү үзгүлтүксүз кире баштады.
Нооруз жана тарых. Кыргыздардын Нооруз майрамы кайсы доордон бери өткөрүлүп келгендиги тууралуу азырынча так маалымат болбосо да, кыргыздардын кем дегенде сүй сулаласы (581–618-жылдар) доорунан тартып Нооруз майрамын өткөрүп келгендиги, таң сулаласында Нооруз майрамын өткөрүү кыргыздарда абдан өөрчүп, кийин бул майрамды тек кыргыздар гана эмес, башка түрк улуттары да өткөргөндүгү маалым. Таң доорунда кыргыздар Нооруз майрамын чоң салтанат деп эсептечү, ал эми алар Нооруз салтанатында кең кеткен Энесай жайлоолорунда арстан ойнотуп, төө чаап, ат үстүндө түрдүү чеберчиликтерди көрсөтүшчү. Нооруз салтанатынын көлөмү абдан чоң болуп, ага тек бир-эки гана айыл катышпастан, бүткүл кыргыз уруулары катышып, майрам аябай кызыктуу өтчү.
Айрыкча кыргыздар жана башка түрк улуттары ислам динине киргенден кийин исламдын диний майрамдары (орозо айт, курман айт сыяктуулар) алардын негизги майрамдары болуп калды.
Нооруздун дагы бир бөтөнчөлүгү. Адатта, бул мусулман майрамы күн-түн теңелген чакты күтөт. Бирок муну бир күндө эле жасап, «болду» деп коюуга болбойт. Ал да аймактык өзгөчөлүктөрүнө шартташат. Кыргыздардын көпчүлүгү тоолук аймактарды мекендешкен. Күн-түн теңелген чакта ак кар, көк муз жаткан учуру да болот. Мындай аймакта бул күндө көжө кылып, бири-бирин сыйлашат. Ал «Чоң көжө» деп аталган. Үйдү арча менен аластап желдетип, үй ичин күбүп, жыйнап-тирдеп алышкан. Ал тапта жакада Нооруз гүлү чыгат. Дыйканчылык башталат. Буудайдын көгү чыгат. Сүмөлөк жасоого мүмкүнчүлүк алат. Бул даамды элге ооз тийгизүү аркылуу майрамдык жышаана өз максатына жетет. Улуттук таңтамашаларды өткөрүүдө тоодо-ойдо жашаган элдин Ноорузу эки жумага дейре созулат. Бул бири-биринин абалын сурашууга, дасторкон жайышууга, тоодо жаз толук келип, үрөн себишүүгө үлгүрүүгө себеп болот.
Нооруз жана дин. Нооруз майрамы жана байыркы кыргыздардын диний ишеними менен да байланыштуу. Байыркы кыргыздар бир түрдүү башталгыч динге ишенишип, суу, тоо пирлерине, айрыкча от пирине сыйынышып, күн пири «умай эне» дешип, аны жаандагы бардык нерсенин башпаанасы деп карашкан. От пири кишилер арасындагы бала-каза жин шайтандарды жок кылат деп эсептешкен. Ошого алар көөнө жылды узатып жаңы жылды тосуп алчу Нооруз майрамында ак тилегин айтышып, бардыгы кечиндеси «алас-алас» айтышып, оттон секиришкен. Эртеси таң атары менен үй ээлери ысырык салып, үй-бүлөсүнүн жана мал-баранын башынан үч жолу тегеретип, короону үч айланып, бала-каза жана жин-шайтандардан сактанган.
Тазалануу. Жаз жакындаганда кар алдынан шаша,жамырап чыга келген Ноорузгүлдүн өңү көк сыя сыяктанат. Бул – жаз майрамынын белгиси. Тээ, мурунку заманда да кечинде от улуу жагылып, ага баары чогулушуп: «Алас, алас, ар балээден калас!» – деп, оттон аттай, тегерете айланган, секиришкен. Кыдыр ата, Умай эне үймө-үй кыдырып, бардарлар балдарга, кембагалдарга ыйык, улук белек берген. Арийне, бул уламышка өттү. От улуу күйө баштаганда, аксакалдар да кол кармашып, отту айланышкан. Бул – жаңы жылдын оту. Арча, адырашман түтөтүшкөн. Отко май салышып, жыт чыгара ысырыкташкан. Ушинтип үйдүн, короо-жайдын айланасына «Алас, алас, ар балээден каласты» айтып чыгышкан. Үйдүн ичи тазаланган. Албетте, майрам болгондуктан оюн-зооктор уюшулат, шайырлар топтолгон. «Манас» айтуулар болгон.
Сүмөлөк жасашкан. Ал – дан түшүмү.
Адамдар бири-бирине эң жакшы каалоо-тилектерди айтышкан. Бул күнү касташкандар, урушкандар бирибирин кечирип жарашкан.
Жыл ажыратуу. Бул «Жыл ажыратуу» майрамы кийин ислам дини кабыл кылынып арап-парсы сөздөрү киргенде «Нооруз» – но (жаңы)+руз (ай) деген сөз менен алмашылып, кыргыздарда «Нооруз майрамы» деген салт калыптанган. «Нооруз көжө» жасап майрамдаган. Бирок дале «Жыл ажыратуу майрамы» деген кыргыз айылдарынын кээ бирөөндө сакталып айтылууда. «Жыл ажыратуу», «Нооруз майрамы» кыргыздардын улуттук жөрөлгөлүү майрамы болуп, бул эски жылды узатып, жаңы жылды тосуп алуу мазмун кылынган майрам болгон. Кыргыздар «Жыл ажыратууну» чын куран айында өткөргөн. Чын куранда чыңыртып кулун байлайт» – деп жаздын башы, «жер айрылып көк чыккан, желин айрылып сүт чыккан» жана жаныбарлардын ойгонгон (чээндикелери) мезгилине туура келген. Ошого «Жыл ажыратууну» бүткүл табияттын мыйзамченемине өлчөп эсептешкен.
Чоң көжө эл оозунда «Нооруздама», «Чоң көжө», «Норуз-аш» деп аталган бул оокат жазда, эски жыл менен жаңы жыл тогошкон учурда ж.б. Нооруз айы жаңырган күнү (азыркыча 22–23-мартта) жасалчу. Ушул күнү айылдуу айылы менен чогулуп, чоң казанга жетиден кем эмес даам салып көпкө кайнатып, чогуу отуруп шаани менен ичишкен.
Чоң көжөгө күрүч, нокот, түктөлгөн арпа, буудай, жүгөрү, ар кыл акшактар ун-талкан, акталган таруу, конок, маш, сүр эт, жаш эт, ич май, сары май сыяктуу азыктарды эски жылдын кагынчыгы катары чоң казанга аз бөксө суу куюп алып, элден мурда эт, анан улам бирден даам салып отуруп, көпкө кайнатып бышырат. Дан азыгынын маңызы эзилип чыгат. Эт сөөгүнөн шылынып, шору чыгат.
Чоң көжө ар түркүн азык кошулгандыктан даамдуу болот. Ага пияз, сарымсак, тоонун татымал чөбүнөн кошуп, калемпир-мурч сепсе ого бетер даамына келет. Аны айылдуу айлы менен ооз тийишкен. Мурда чоң көжө бышканча алас кылып, жыл ажыратып, Жаңы жылды белгилешкен.
Сүмөлөк. Сүмөлөк – ыйык тамак. Кайнап жаткан казан түбүнө тартып кетпеси үчүн 42 таш салынган. Ал – Манас атанын чоролорунун касиеттүү сүмөлөгү. Б. а., согушкан чоролордун арбагына арналган. 61 же 63 чакмак таш салынган. Ал Муканбет пайгамбардын жашы үчүн арналган. Мында балдарыбыз пайгамбар жашына чыксын деген ырымы жатат. Сүмөлөккө мал мууздалбайт. Башка тамактар жайнайт. Сүмөлөк (өсмөлөк) кайнай баштагандан тартып, «Сүмөлөк ыры» ырдалат. Улуу майрамда элдик таң-тамашалардын бардык түрлөрү көрсөтүлгөн.
Баба дыйкандын урматына, жаздын зыйнатына жасалган бул эзелки оокат азыр да айрым аймакта бар. Ал өндүрүлгөн буудайдан жасалат. Дандуу жакшы (өзгөчө кайракы) буудайдан чактап алып, тазалап жууп, 1–2 күн жылуу сууга чылап коёт. Буудай жибигенде суусун сарыктырып төгүп, күндүн нуру тийбегендей далдаа, жылуу жерге дагы 3–4 күн койсо, буудай өнүп, угут болуп, тытышып калат. Ошондо сокуга жанчып (же эт тарткыч машинадан өткөрүп) алып үстүнө азыраак суу куюп, аябай аралаштырып, касага сүзүп алат. Калганын сокуга салып дагы жанчып (же эт тарткычтан дагы өткөрүп), үстүнө жылуу суу куюп, суусун дагы сүзүп өзүнчө коёт. Калганын дагы бир жолу ушинтет. Бирок үчөөнүн суусун үч башка коёт. Чоң казанды какшытып, пахта майын чүчүтүп, ага буудай ун салып, бир-эки аралашкан соң сүмөлөктүн биринчи сүзүндүсүн куюп, кайнап чыккандан тартып аралаштырат. Казандагы коюлуп келгенде экинчи сүзүндүнү, анан үчүнчүсүн куюп, көпкө кайнатат. Түбүнө тартып, күйүп кеткенден сак болуш керек. Тынбай аралаштырып турган оң. Күйүп кетпес үчүн 20–30 даана жаңгакты бүтүн салып койсо да болот. Сүмөлөк бышканда коймолжун тартып, илээшип калат. Аны 3–4 саат муздатып, анан ичишет.
Нооруз көжөгө берген бата.
Бакыттуу баш берсин, Узун өмүр жаш берсин.
Улустун улуу күнүндө,
Уулуң консун уяга,
Кызың консун кыяга,
Дөөлөтүңдү ашырсын,
Душманьң сынып басынсын, Жөөлөгөн бели басылсын. Менин берген бул батам, Улуу күнгө сактап жүргөн сүр батам. Оомийин!
* * *
Келди Нооруз Болду Аалам аласал.
Күндүн нуру төгүлүп, Кылды жерди гүлдүү шаң, Өлбөгөн кулга болду жаз.
Мына майдан Жаркыраган жашыл жаз.
Келди Нооруз, Жер жашарды карасаң. Доола байдан Толуп жатат аласаң.
Бербесе бай, Бар го Кудай Алып берет сыйынсаң. Келди Нооруз, Биздер күткөн мурунтан. Жер энебиз нан берет, Жан алыңча урунсаң.
Тилек кылгын, Шилеп бергин, Мээр төгөт сыйынсаң. Оомийин!
Улустун улуу батасы
Улусуң оң болсун,
Ак мол болсун, Кайда барсаң жол болсун.
Улус күн, бакты апкелсин,
Төрт түлүк акты апкелсин. Улус күн, береке берсин, Балаа-жалаа жерге кирсин. Оомийин!
- * *
Көлүгүң миништүү болсун, Көңүлүң улустуу болсун. Өмүрүң ырыстуу болсун, Пейилиң жугуштуу болсун. Кудай жолу кабыл болсун, Ар бир нерсең азир болсун. Кеткениңди келтирсин, Кемтигиңди толтурсун. Бак-дөөлөттү Кудайым Насип этип болтурсун. Оомийин!
- * *
Кудай жалгасын, Бак карасын, Кыдыр даарысын.
Айда аман,
Жылда эсен кылсын. Үйдөгү, тыштагы
Мал, башты өсөөр кылсын. Көңүлүң тынсын, Көлдөрдөй тунсун.
Оомийин!
Аластоо. «Жыл ажыратууда» (Ноорузда) «аластоо» салты болуп, короо четине алоо жагып, балдар эски чийди өрттөп (эски чийди жаздын алды менен өрттөп койсо, жаңы чий жакшы өсөт) аластаткан. Аластаганда «Жыл ажыратуу» (Нооруз) батасын айтышып аласташкан. Өрт ар кандай нерсени тазартат. Эскини күйгүзүп салып, жаңыга алоодой жол ачат, «өрттөй» тууштуу болот деген «отко сыйынуу» ишенимин кыргыздар кылымдардан бери алып келе жатышат.
Кыргыздар «Жыл ажыратууда» «аластоо», арча менен ысырыкташып «Нооруз айтымын» айтып, андагы ак тилек-каалоолорду «арча ысырык» менен бирге үй башына жайышкан. «Нооруз батасы» мына ушундай шарт астында айтылган майрамдык ак баталардын башы болгон.
Алас, алас, алас, Ар балээден калас.
Нооруздун ушул күнүндө,
Арча түтөп ар үйдө, Шаттык күлкү жаңырып, Шаң жаңырсын көктөмдө.
Урматына Нооруздун,
Семизинен кой сойдук, Дасторконго нан койдук,
Каймак менен май койдук.
Кызыл салган чай куйдук.
Ар түрдүү гүлдөн чогулткан.
Аары жыйнаган бал койдук. Мал, башыбыз көбөйүп, Тоо-талаага шаң толсун. Ак тилектер айтылып, Арзанчылык мол болсун. Тынчтыкта жашап элибиз, Байлыкка толсун жерибиз. Ынтымак орноп ар үйгө, Ак таңдай болсун пейлибиз. Кудайга тобо дейли биз, Аман болсун элибиз.
Аппак болсун дилибиз.
Омиийн!
Орозо айт
Орозо тууралуу. Бул – диндик ырым-жырымдын мерчемдүүсү. Ар жылдын он эки айынын бирөөсү – орозо ай, ооз бекитүү айы. Мусулманчылыкта отуз күндүк орозо, беш убак намаз – тирүүчүлүк парзы. Адатта, оорулуулар, өтө карылар, тирүүчүлүктө ар кандай шарттуу себептери барлар орозо кармоого болбойт. Ошондой эле орозо кармоо – адамды кыйноо эмес. Алла Таалага ыклас таштоо. Бирөөлөрдөн сезүүсү, коркуусу, ийбаа кылуусу, таасири да эмес. Тек өзүн эркин кармап, орозо тутуусу – дене бойдогу, ойдогу ар кандай ыпластыктардан арылуусу, жеңилденүүсү.
Отуз күндүк орозо ар жылына өзгөрүлүп, т.а., 10 күн жылып кармалууда.
Зоор ичүү. Бул – уктап тура калып, каш карая электе тамак ичүүсү. Орозочу кечке тамак ичпөөсү.
Ооз ачуу – көз байланып, эл орунга отурган чакта туздуу суу менен оозду чайкоосу, тамак ичүүгө киришүүсү. «Шам намазын» окуусу, орозочулар ооз ачууга жапырт отуруусу.
Ооз бекитүү. Бул – 30 күндүк орозону тутуусу. Айрымдар ар айдын башында үч күн, ортосунда үч күн, аягында үч күн ооз бекитүүсү. Мындай шарт менен орозо кармоосу адамдарда ар бир айда да болушу ыктымал. Ал – динге, өз эркине, зияратына байланышуусу. Орозо учурунда бир кыйынчылыкка тушукса, оозун ачып жиберүүсү, ал күнөөгө жатпоосу. Ошондо «оозун ачып» жиберүүсү – ооз бекитүүнүн зияратынан эрксизден чыгып кетүүсү. Арийне, айрымдар чыдай албай да, бир күнөөгө батып да оозун ачуусу – ал орозо фасийвасын бузуусу. «Орозодо бир жылдык тапкандарыңдын үчтөн бирин жумшооң тийиш»,– дейт. Демек, орозо кармоо – эркиндик, мусулмандар үчүн майрамдай сезилүүсү.
Орозону кармоонун жол-жобосу. Орозо кыргызча «тыйылуу» дегенди билдирет. Эмнеден тыйылуу? Белгилүү убакта тамак-аш жегенден, суу ичкенден өзүн өзү тыюу. Ошол эле учурда кеңири маанисинде бирөөнүн көңүлүндө азар берүүдөн, калп айтуудан, уурулук кылуудан өзүн өзү тыя билүү дегендик. Ниетти агартуу, тынчтык, ынтымак, боорукердик, кечиримдүүлүктүн үлгүсүн көрсөтүү дегендик.
Пайгамбарыбыздын айтышы боюнча ооз ачууда, таттуу ширин, отко бышырылбаган азыктардын колдонулушу керек. Мисалы, алма, өрүк, сыяктуу жер-жемиштер. Алар жок болсо суу менен ачкан оң. Пайгамбарыбыз ооз ачууда курманы жактырчу экен. Кайнак суу же чай менен ачууга болот.
Ооз жабууда тоё тамактанган оң. Себепсиз түрдө бир күн ооз ачып алган адам орозого алтымыш күн карыздар болот. Карызын өтөгөн соң гана орозонун бузулган жеринен канча күн калса, ошону улантып тутууга тийиш.
Орозо күндөрүндө жаңы төрөгөн аялдарга, ооруларга, эгер иштебесе үй-бүлөсүн багууга мүмкүн болбой турган оор жумуштагыларга жана сапардагыларга ооз ачып жүрүүгө уруксат берилет. Бирок алар кийин мүмкүнчүлүктөрү болгон убакта карызын кайтаруусу зарыл.
Орозо кармаган адамды ооз ачууга тамак бергендер да кезигет. Муну иптар деп аташат. Иптарга орозо кармаган адамды чакырып тамак, чай берүү сооп ишке жатат.
Ооз бекиткендеги дуба: Алла-таала үчүн чын ыкласым менен рамазан айынын орозосун таң аткандан күн батканга чейин кармоого ниет кылдым. Ооз ачканда айтылуучу дуба: «Оо, жараткан Алла, орозону сен үчүн кармадым, сенин берген ырыскың менен оозумду ачтым. Оо, кечиримдүү жараткан Алла, менин мурунку жана кийинки күнөлөрүмдү кечире жүр». Туздан татып, суудан үч уурттап оозун ачат.
Шектик (Четтик). Бул – орозо кармоонун (ооз бекитүүнүн) мурунку күнү. Ар ким өз үйүнө жыт чыгарып, колдо бар даамын жасоо, дасторкон жайып, кошуна-колоңдорун чакырышып, ичип-жеш. Күрүч Мекенин жана пайгамбардын сүйгөн тамагы делингендиктен, сооп үчүн палоо, шобуло ж.б. даярдоо – мусулман элинде басымдуулук кылуусу… Ошентип шектик (четтик) өткөрүүсү.
Айбашы. Бул – айт болордун мурунку күнү жыт чыгаруусу, май токоч, самсы, боорсок жана башкаларды жасоосу. Орозо айтта жасалган токочторду ар бир арбакка өз-өзүнчө арнап атап, куран окуусу. Акыркы бекитилген орозо оозун ачкандан соң, ошол насипти дасторконго коюусу.
Арбакка жыт чыгаруу. Орозо айт – маркумдардын Айты. Мусурманчылыкта Айт күнү арбактар келет. Тирүүлөрдөн үмүтөтөт. Маркумдарга багыштап тоок, коён да болсо курмандык чалуубуз парз. Этин эл жейт, жаны арбакка тиет. Адалдан түгү жок, ж.б. багыштоого ылаажысы болбой калса, малдын майын тезек, көң, куурай, чий ж.б. сүртөт, майсиңди кылат, түтүн чыгарышкан. Ошого маркумдун арбагы ыраазы.
Курмандык чалуу. Бул – айттарга арнап, жандык мууздоосу. Орозо айтка чалынган мал арбактарга арналуусу, эмне жандык болсо деле, соопчулукка жарай берүүсү. Курман айттагы мууздалган мал үй ээсине арналуусу, бата тиленүүсү. Малдын жашы алты айдан кем болбоосу, эч жеринен кемтик табылбоосу.
Курмандыкка чалынуучу малдар айбашы күнү кечинде, же айт күнү эртең менен эрте чалынуусу (мууздалуусу). Айт намазына түшүүчүлөр ал жерден тараары менен үйүйлөргө кирүүсү, даам ооз тийүүсү, куран окуусу, бата тилөөсү.
Айт айттоо. Бул – мусулманчылыкта дин майрамы. Ага даярдалган дүйүм тамак-ашты кыдырып, ошол үйдөн жеп-ичиш, куранды арбактарына багыштоосу, бата тилөөсү.
Демек, Айт экиге бөлүнөт: «Орозо айт», т.а., арбактарды эстөөбүз, ага карата зыйнат көрсөтүүбүз, бул – куран окуу Айты. «Курман айт» – тирүүлөрдүн Айты. Ага куран окушпайт. Үй ээсине арналуусу, ага ак бата кылуубуз…
Бирок мунун андай жол-жоболору гана эмес, кээлерибиз үчүн Айт болуучу күндөрүбүз белгисиз да калган. Айбашы унутулган.
Айттардын баркы-баасын илгеркилер чыгаруучу. Алар ат менен ар айылга барышчу. Кыз-келиндерибиз өзүнчө жарашыктуу кийинип, жасалгалуу ат, жорго минишип, Айт шаңдана турган. Айттарда курмандыктар арбын чалынуучу, «Бир адам 40 үйгө кирсе, бир койдун этин жейт» деген ишеним бар эле.
Жарамазан. Кыргыз элинде жарамазан айтууда жаш жигиттер түн ортолорунда чогулуп алышып, бардыгы өгүз, эшек, ат минишип, бир ырчы-акынды ээрчишип, айылды, түндү түрө кыдырышып, көбүнчө зоор маалында, айрыкча, малдуу, оокат-кечелүү үйлөрдүн эшигине тура калышып, уулун, кызын, небере-чөбүрөлөрүн тиешелүү жагымдуу сөздөр аркылуу макташкан. Башка улуттардын жарамазан ырдоолоруна караганда кыргыздардыкы динге анча аралашпай, өтө угумдуу келип, уйку-соодогу адамдарды көшүлтүп, антип мактоонун күчтүүлү гүнөн көгөндөгү козу-улактардан чечип берүүлөр чыккан. Тай жетелетип, торпок айдаткан. Айрым сараң байларды ошол замат кордоп кетүүлөрү болгон.
Жарамазанды орозонун он бешинен кийин айтат. Илгери аны акындар-жамакчылар ар кимиси өз деңгээлине жараша айткандыктан, жарамазан ар кайсы жерде ар түрдүүчө сакталып калган. Жарамазан айтуу – бул диний осуяттарга кирбейт. Андыктан аны элибиздин улуттук өзгөчөлүгү катары кастарлаганыбыз жөн.
«Ушул үйдүн түндүгү кайың бекен?
Бизге берер жоолугу дайын бекен? Ушул үйдүн түндүгү арча бекен?
Бизге берер жоолугу парча бекен?
Үйүң-үйүң үй экен, Үйдүн көркү чий экен. Саба көркү бээ экен, Сандык көркү жүк экен.
Жарамазан айткандын жайы бардыр, Жайып алган куруттун майы бардыр. Орозобуз кудайга жооп болор, Жарамазан айтканың сооп болор.
Курут берсең туруп бер, Бети-колуң жууп бер.
Бычак берсең кындап бер,
Кындап берсең чындап бер.
Улак берсең албайбыз, Убалына калбайбыз.
Козу берсең чанбайбыз, Койго кошуп айдайбыз.
Бука берсең айдап бер, Булкулдатпай байлап бер.
Калабаны салбасын, Карынымды жарбасын…» –
деп, тамашага чаап ырдайт. Ал эми жарамазан айткандарга ырымдап бирдеме берсе, алар бата беришет
Балдар ай,балдар ай!
Байга бата берелик, Байдын көөнү жай болсун, Чайнаганы май болсун! Байбиченин ичкени Кызыл памил чай болсун. Кыздарынын кийгени Кызыл күрмө шай болсун. Балдарынын мингени Кара кашка тай болсун! Не тилесе, Кудай тилегин берсин Орозосу кабыл болсун! Оомийин!
* * * Жарамазан батасы:
Миңгениң жорго тай болсун, Ичкениң кызыл чай болсун, Дүнүйөсү шай болсун. Карышкырдай көздүү бол, Адам тапкыс сөздүү бол.
Аппак үйүң, ак үйүң чатыр болсун, Ушул үйдө бир уулуң баатыр болсун. Аппак үйүң, ак үйүң ордо болсун, Ушул үйдө бир уулуң молдо болсун.
Бай көңүлү жай болсун, Балдарыңдын мингени,
Жорго кара тай болсун.
Ал желенин башына,
Ат жүгүрүп жетпесин, Бул желенин башына, Бут жүгүрүп жетпесин. Бөдөнөдөй төлчүл бол,
Бөрү аяктуу жолчул бол.
Эр-намыстуу элчил бол. Оомийин!
* * *
Уулуң күчтүү болсун, Кызың иштүү болсун! Балаңдын атын Жайнак кой, Биринин атын Тайлак кой. Көнөчөккө толтуруп, Кердениңе каймак кой. Каймагыңды жеп койсо, Керегеңе байлап кой!
Кызыңдын атын Сырга кой,
Кыздын жолу сыйда кой,
Чөйчөк толо ууз кой,
Бармакка ченеп аш ичсин, Ууздай таза кыз болсун. Сыргасындай шыңгырлуу Чоңойгондо уз болсун.
Көңүлүңүз жай болсун,
Көөнүңүз кызыл чай болсун! Оомийин, аллооу акбар!
* * * Жаңы тууган Ай дагы Батайын деп баратат. Астымдагы тай дагы Азайын деп баратат. Кашымдагы курбум да Уктайым деп баратат.
Каран калсын кымызы,
Кара суусун берсе да Ууртайын деп баратат.
Ташыркап төрт туягы Тайымдын жону талыды. Кар-кар, кар-кар жар айтып Кайран бир үнүм карыды. Калдыратпай табагын Кана жеңе ылдам чык. Жарамазан жарылдап Жан ыргалып турган чак. Кана, кана, канакей, Мен тербелдим мынакей. Өрөгөйдөн сөрөгөй, Жеңекем эркек төрөгөй. Ак кочкордой уулун, Ак бешикке бөлөгөй. Жолдугун алып жар айткан, Жолуна түшүп жөнөгөй.
Ак бар! Ак бар!
Оозумдагыны о Кудай аткар, Оомийин аллоу акпар!
- * *
«Ырамазан батасы». Кыргыздар ислам динин кабыл алгандан кийин орозо кармоо адатына көнгөн. «Ырамазан» деген сөз арапча бир канча маанилүү тыбыштардан куралган сөз болуп, башкы тыбышы «ра» рахмат деген мааниден, «м» мехчирет (кечирим), «за» замин (жалчуу), «н» нусрет (кепил) деген маанилерде болуп, «куран тушкөн ыйык ай» деген жалпы маанини берет. Ал эми «жарамазан» деген ырамазанды «жар салуу, жар чакыруу» деген мааниде. Кыргыздарда орозо айында «ырамазан, жарамазан» айтып, орозо кармангандарга ак тилек, жакшы каалоо тилешип, баягы эле кадимки шырылдаң айткан салтка окшош, үй сайын кыдырып «соогат, питир»үмүт кылышкан. Ар бир үйдөгүлөр өз жагдайларына жараша «ырамазан» айткандарга нерсе беришип ыраазы кылган. Ырамазанчылар өздөрүнүн жакшы каалоолорун алик алгандарына ак баталарын беришип кайткан. Ырамазан батасы мына ушундай шарт алдында берилип, майрамдык салт баталардын катарынан орун алган. Орозо айт майрамы калыптанган.
- * *
Ырамазан батасы
Он эки айда бир келген орозо жан, Орозоң кабыл болсун туткан адам.
Жарамазан айтып келдик жапсарыңа,
Орносун кут береке баштарыңа, Жарамазан айткан менен ким тойгон бар, Нускасын байыркынын ким койгон бар? Нускасын байыркынын коюп кетип, Акыретке барганда ким оңгон бар? Жар Мухаммет айтып өткөн жарамазан, Аппак үйүң, ак үйүң чатыр болсун.
Ушул үйдө бир балаң баатыр болсун,
Баатырдыктын пайдасы кайра болсун, Кыл көпүрө кыямат жайда болсун. Оомийин!
* * *
Бай-байбиче мал менен, Карындагы май менен.
Койчусу коюнунан чыксын, Жалчысы жанынан чыксын. Уул, кызы көп болсун, Убайымы жок болсун.
Жакканы арча болсун, Жамынганы барча болсун. Жегени жүзүм болсун, Өмүрү узун болсун.
Айдаганы кой болсун, Чайнаганы май болсун, Ичкени инди чай болсун. Короосуна кой толсун, Өрүшүнө жылкы толсун. Казаны толо аш болсун, Үйү толо баш болсун.
Этеги толо берзент болсун,
Алганың менен кошо карып, бактылуу болгула.
Оомийин аллаху акпар!
- * *
Ырамазан жар болсун, Жакшылыгың шар болсун. Алганыңдын кийгени, Кымкап, жибек, шай болсун. Балдарыңдын мингени, Кара кашка тай болсун. Тоодак этин ашагын, Токсонго чыга жашагын. Улар этин ашагын, Узак өмүр жашагын. Оомийин!
- * *Атсалоому алейкум жаткан байлар, Алтын менен күмүшкө баткан байлар. Ырамазан айтып келдик эшигиңе,
Ак кочкордой бала берсин бешигиңе.
- * *Жашыл болсун үйүңдүн төтөгөсү, Зерден болсун кызыңдын көшөгөсү. Кызыл болсун үйүңдүн төтөгөсү,
Кымкап болсун кызыңдын көшөгөсү.
- * *
Балдар бата бериңер, Байдын көөнү жай болсун. Балдарынын миңгени, Мала кашка тай болсун. Болчу, болчу, болчу бол, Бөдөнөдөн толчу бол.
Сагызгандан сакчы бол,
Куйрук менен боор же,
Аркаңда жылкың жайылсын, Кабыргасын, карта же, Казы, карта тарта же.
Курман айт
Бул айт, орозо айтынан 70 күн өткөндө болот. Молдолордун айтканына караганда: «Илгери, илгери Ибрахим деген пайгамбар болгон имиш. Аны кудай жакшы көрөт имиш. Бир күнү бериштелер кудайга: «Сиз эмне бул Ибрахим пайгамбарды мынчалык артыкбаш жакшы көрөсүз?» – дешип сураптыр, анда кудай: «Ал менден эч нерсесин аябайт, ошондуктан жакшы көрөм» – дептир. Анда бериштелер: «Эмесе, баласы Исмаилди сиз үчүн курман кылып көрсүнчү» – дешиптир. Кудай Жебрейилди жиберип: «Баласын мен үчүн курман кылсын» – деп сураптыр. Ибрахим пайгамбар баласы Исмаилге Алла Тааланын буйругун айтат, ал сөз айтпастан макул болот. Атасы чоң бычакты алып, баласынын колу-бутун бууп, «Кудайым сенин жолуңа» – деп чалып жиберет. Бирок кудайдын буйругу боюнча Жебрейил бычакты Исмаилдин тамагына өткөрбөй кармап турат. Ошондо бериштелер раазы болушат. Ибрахим байгамбар ачууланып бычакты жанындагы ташка чабат, ал ташты жөн эле балтыркандай таарып түшөт. Мына ошондо асмандан чыгырык мүйүз көк кочкор түшүп келет. Ибрахим байгамбар аны курман чалат. Мына ошондон тартып Курман айт келип чыгат. «Кыямат кайым болгондо,– деп айтышат молдолор,– курман чалган мусулмандар аны минип, кыл көпүрөдөн чагылгандай өтүп кетишет, ошондуктан аксак-тексек эмес семиз, соо малды курман кылыш керек». Курман айттын намазы айтка даярдык, аны өткөрүү тартиби орозо айтынын дал өзүндөй болот. Мунун айырмасы ар бир түтүн курман чалууга милдеттүү. Жети киши биригип бир төө, үч киши бириктешип бир уй, же бир киши бир кой курман чала алышат.
Чама. Байыркы кыргыз тилинде «Чама» деп аталган дагы бир майрам болгон. Ага каган баштаган уруу башчылары катышкан. Алар бир жерге чогулуп теңирге, арбактарга сыйынып ар кандай ырым-жырымдарды кылып, курмандыкка жылкыларды, койлорду, өгүздөрдү чалышчу. Мындан башка «обо» (мазарларга) жана атабабаларынын мүрзөлөрүнө барышып, аларга коюлган жыгачтарга көк, кызыл, ак сары чупүрөк байлашкан. Башка түстөгү чүпөрөктөргө уруксат берилбеген. Кыргыздардын мазарларга чүпөрөк байлоо салты ошол мезгилден калса керек.
Энесайлык кыргыздардын байыртадан калган салты жана ажонун түзгөн тизмеси боюнча жогоруда айтылган майрамдарда ар бир уруунун жана тайпалардын аксакалдары жыйналып, аларга караштуу элдин абалы, адам жана малдын саны, түшүмдүн көбөйгөндүгү, азайгандыгы жөнүндө каганга эсеп өткөрүшчү. Андан кийин ар кандай оюндар көрсөтүлүп, майрам үч күн, үч түнгө созулчу экен.
Үлүш. Жайлоо майрамы. Жай саратанында жайлоого чыккан ар бир айыл үч-төрт күн, алгачкы кымызды жыйнап мал союп, башка айылдарды чакырып, кымыз, эт берет. Бул колунда барларга жараша өткөрүлөт.
Чечкор. Бул – баба-дыйкан ырымы. Эгилген эгин бышып, ага орок салынарда, кызыл кырманды сузарда кырман үстүндө жандыктын канын күрөккө тосуп мууздоо. Этин бышырып, кырманчыларга берүү. Албетте, бул кызылга кырман толсун, мол түшүмдү күрөп алалы деген тилек кылуу ырымы-жырымы болуп саналат. Ал төмөнкүдөй учурларда жасалган. Үрөн сепкенде:
«Бу – жетим-жесирге, Мунусу – карып-мискинге. Бу – ач-арыкка,
Мунусу – алсыз-карыпка,
Булар – курт-кумурскаларга,
Мунусу – сурамчыга,
А бул – тилемчиге,
Булар – саламчыга
Калгандары – бизге, сизге, мага». Кыскасы, уучтап сээп жатканда, мына ушундай энчилөөлөр болгон. Бул – баба дыйкандардын ырым-жыр ымы.
Ал эми эгин бышканда:
«Береке бер эгинге,
Белсенип кызмат биз кылсак,
Эмгек кетпес тегинге,
Байчечекей, шиберлер
Бажырайып бүрдөсүн, Бачым эмгек кылгандар, Карыны тоюп гүлдөсүн».
Эгин оргондо:
«Бол, жигиттер болгула, Ор, жигиттер, оргула.
Чал, орогум, чалгының, Арпа, буудай таштабай
Боого байлап салгының».
Темин басуу учурунда:
«Майда-майда, мапмайда, Майдалансын атты айда. Оп майда, оп майда,
Тилек кылдык Кудайга,
Береке бер буудайга,
Далым күйдү бу жайда,
Баба дыйкан бар болсо
Бир карашаар ал жайга», – дешкен.
Андан ары эгин сапырарда минтип айтышкан:
«Орток, орток, кел орток,
Айдар кел, Айдар кел, эй, айдай кел Талкан жеген баланы
Байлай кел, ээй, байлай кел».
Албетте, баба дыйкандардын Чечкор майрамын кайрадан калыбына келтирүүбүз зарыл.
Жаңы жылдын майрамы. Бул – эл аралык майрам. Дүйнө жүзүндөгү календарь боюнча ар жылы декабрдын (үчтүн айы) 31-күнү жумурай журт жаңы жылды тосот. Ага карата балаты кооздолот. Аяз ата небереси менен балатыга келет. Жаңы жылды тосуп алууга журтчулукка кайрылат, куттуктайт, эл менен болот.
Түнкү саат 12де жаңы жыл келет. Жумурай журт чыдамсыздыкта күтүп алат. Мамлекет башчысы жалпы элди жаңы жылы менен куттуктайт. Жаңы жылда эсенаманчылыкта болуп, жакшы ийгиликтерге жетишүүлөрүн каалайт. Элде айтылат: «Январда «туулмак бир, өлмөк бир». Адам дүйнөгө бир келет. Артында из калбаса ошол арман. Жалгызды жараткан өзү колдойт. Бирдики – бирдикке, экиники – элге», – дейт. Бул «кудай – теңирим өзүн жардык бол, жардам бер» дегени.
Жаңы жылга бата:
Жаңы жыл бакыт жыл болсун, Кийгениң кызыл болсун.
Өмүрүң узун болсун,
Малың ток,
Убайым, кайгың жок болсун. Көгөн толо козу,
Желе толо кулун болсун.
Малың базарлуу,
Уулуң назарлуу, Кызың ажарлуу, Элиң кызырлуу болсун. Насибиң таша берсин,
Душманың кача берсин, Кудайым узак өмүр жаза берсин. Оомийин!
ЗАЛКАРЛАР ЧУБАТУУСУ
Кыргыздар насилинен акылман жана жоокер калк. Ааламды түшүнүп, жашоо-тиричиликке кабатыр, жолукканга насаат, осуят айткан, көңүлүн эргитип, оюн байыткан, ниет-тилегин тазарткан, адамды ак жолго салган, улуттун байыркы рухий маданиятын негиздеген жана өнүктүргөн улуу хандары, кол башчылары, акыл кошчу аксакалдары, айкөл баатырлары, акылмандары, көсөм дөрү, даанышмандары, чечендери, сынчылары, бакшылары, ырчылары, табыпчылары, төлгөчүлөрү, чеберлери болгон. Алардын сөздөрү элди, Теңир, Теңирчилик, ата-бабанын арбагын сыйлоо парзы жөнүндө ыр менен да, кара сөз менен да куюлуштуруп, адамды ынандырып, жанын безеп накыл айтышкан. Алардын кээ бирлеринин гана элдик аңызда, санжырада, уламышта, оозеки чыгармаларда, таш бетиндеги жазууларда ысмы калды. Көпчүлүгүнүн аты тумтак унутулду, айткан накыл сөздөрү орток мураска айланып кала берди.
Улуу инсандардын ысымдарын, эрдигин жана накылкерээзин улам кийинки муундар унутууга акыбыз жок. Биздин парзыбыз: толкун сымал улам келген жаш муунга бабалардын накылын айтып, коңгуроо кагып эскертип турууга милдеттүүбүз.
Бабалардын аңызында, санжырасында тээ алгачкы акылман Улус хан болгон деген кеп бар. Кыргыздардын эзелтен келаткан аңыз, санжырасында б.з.ч. IV–II кылымдарда жашаган сактар, хундар, күндөр, үйсүндөр, дөөлөс төр, кыргыздар боордош ымалалаш эл болгон. Алардын бир ордосу Сары Өзөн (Чүй), Асман Тоо (Теңир Тоо), Туздуу Көл (Ысык-Көл) эле. Бир кезде көчмөн уруулар биригип, сак хандыгына баш ийген. Кулалы таптап куш кылган, куюккан жыйнап журт кылган Улус деген акылман чыккан. Анын эрдиги, акылмандыгы, чечендиги кыргыз санжырасында айтылып калган.
Аңызда, кыргыз санжырасында Батышты багындырган Хун падышасы Атылла Мундуз уул кыргыз болуп айтылат.
Кыргыз уламыштарын, элдик оозеки чыгармаларын жана санжыраны жакшылап изилдеп көргөндө, ХI–ХII кылымдарда энесайлык кыргыздардын улуу инсандары көп: Угуз кан,Теңир Тагай,Кара Чоро, Калач хан, Качы бий, Алтай баатыр, Бекей, Чекир, Азык, Эр Болот, Турумтай, Дөөлөт хан, Эсенгелди, Кожомбай, Дөөлөт, Турду хан, Муса, Амантур, Баткан, Ызак, Темир, Алпар, Элтууган, Шаабото, Кожом, Мамбеталы, Алым арстан, Карга арстан, Акбото, Кубат хан, Дөөлөс, Дуулат, Нарбото, Шералы, Эралы, Кадырбай, Турдубай, Кабыл Турду, Кылыч баатыр (Деңиз хан), Урумкан, Аалы, Саалы, Даана баатыр, Эр Мамыт, Тайбука, Кожокан, Маркан, Жедигер, Бекболот, Абыл Жетинал, Алдыяр, Алообектегин, Артык, Арысайнал, Жанкороз, Кабылан, Алымкан, Шадыкан, Алымбек, Мырзабек, Медербек, Сатыгул, Азымкул, Кенен, Өмүр, Терең, Кожом ж.б. Энесайдагы аялзаттан чыккан акылман, чечен, акындар: Шербет, Муңайбас, Айнуру, Канымбүбү, Сайкал, Кызалма ж.б.
Кытайдын эски жазмаларында сакталган тарыхый улуу инсандар: Гйеси бей, Гюйбашо бей, Али бей, Шыбоуют Ачжан, Чур Тардуш, Инанчу Чур, Төлө Шыту, Жөө Ок Сол, Абыл жана башкалардын ысымдары аталат. Бул ысымдардын көбү кытай тилинде бурмаланган жана жазуу өзгөчөлүгүнө байланыштуу так эместиктер бар.
Кыргыздын санжыралары боюнча байыркы теңиртоолук кыргыздарда Абабий, Ыдырысшаа, Күйүкдү, Жамгырчы, Шаабай, Көкөтөй хан, Бай, Кебек Бактыяр, Баймурза, Була, Чолпон-Ата олуя, Арстан баба, Көкбөрү,
Көккоён, Султан, Шыбыр чечен, Бука, Сарбантаз, Үрпү, Кошой, Эр Агыш, Таргын, Эр Бакыш, Шамурат, Ашырхан, Ырыс, Токтогул, Толубай сынчы, Санчы сынчы, Жээренче чечен, Алдар Көсө, Кожоберген, Тобокел хан, Эр Эшим ж.б. дааналардын дайны эскерилет.
Кыргыздардын байыртан берки аңызында, уламыштарында, санжыраларында оозеки чыгармаларында жана жазма тарыхында сөз берметин жамгырдай төгүп, тил безеп айткан адамдар көп болгондугу айтылат. Энесайлык кыргыздарда санжыра боюнча Жайсаң ырчы, Эменей акун, Карыке чечен, Камбаркан комузчу, Турдубай ырчы, Асанкайгы ойчул акун, Нуралы акун, Карыке чечен, Алыбек акун, Сатыбалды ырчы, Эсенгелди чечен, Эмил акылман, Таштанбек ырчы, Чарыша чечен, Коңур акун, Бактыбай акун, Үмөт ырчы, Токтогул ырчы, Карыбай акун, Кетбука ырчы ж.б. акун (акын), ырчы, чечендер, комузчулар өткөн. Алардын ырлары, насааттары, осуяттары укумдан-тукумга, ооздон-оозго өтүп отуруп, элдик ырларга, дастандарга, терме, санат-насыят ырларына, макал-лакапка, накыл сөздөргө айланып кеткен. Алардын кээ бир гана ырлары бизге жетти. Байыркы кыргыздардын доорунда сөздүн кун кусуру аябай күчтүү эле. Ооздон чыккан сөздөн жаңылган оңбогон. Чечен деген сөзгө таланттуу, кайраттуу жана жалтанбас адамдар гана татыктуу болушкан. Алар сөздүн касиетин, ийкемин, ыраатын, маданиятын, байлыгын жакшы билишкен.
Кыргыздар чечендерди да сөздүн баамы боюнча бөлүп: чечен, жөө чечен, кур чечен, акыл чечен, тил чечен деп да айтышат.
Ат үстүнөн түшпөй, белинде курун чечпей жүрүп Чыгыш Батыштагы сапырган «Менин тулпарымдын туягы тийбеген жер калган жок, кылычымдын мизи тийбеген эл калган жок» деген Атылла кандын (V кылым) Каратөлөк жана Байсак деген чечендери, акылчылары кыргыз болуптур.
Жалпы түрк элдерине орток болгон улуу инсандар ойчул, комузчу Коркут ата (VII к.), окумуштуу, философ Абу Наср – ал-Фараби (IХ–Х к.к.), акын, окумуштуу Алам-ад-дин ал Жаухари (Х–ХI к.к.), окумуштуу Абу Райхан ал-Бируни (Х–ХI к.к.), философ, дарыгер Абу-ал- Ибн Сина (Х–ХI к.к.), окумуштуу Махмуд Кашкарлык (XI к.), окумуштуу Жусуп Баласагын (XI к.), Сопу акын Кожо Ахмет Ясауи (Кулкожакмат XII к.), Сопу акын Сулейман Бакыргани (XII к.), акын, ойчул Ахмет Жүйнеки (XII к.), Арыстан Баб, Жусуп Хамадани шайыктар кыргыздардын да рухий байлыгына маданиятына жана адабиятына салым кошушкан.
XVIII–XX кылымдардагы кыргыздардын таланттуу инсандары: акындар Алдаш Белек уулу (1720–1780), Калыгул Бай уулу (1785–1855), Балык Кумар уулу (1799–1887), Жөжө Каржабай уулу (1808–1895), Молдонияз Эрназар уулу (1823–1896), Арстанбек Буйлаш уулу (1824–1878), Чоңду Койчуман уулу (1826–1912), Эсенаман Жалгаш уулу (1823–1913), Солтобай Токтоболот уулу (1834–1918), Нурмолдо Наркул уулу (1838–1920), Жаныш акын (1843–1889), Нышан Молдо (1846–1916), Жеңижок Көкө уулу (1860–1918), Жумамүдүн Молдо (1862–?), Калмырза Сарпек уулу (1866–1910), Молдо Кылыч Шамыркан уулу (1866–1917), Байгабыл ырчы (XIX–XX), Үмөталы Эсенаман уулу (1876–1917), Алдаш Молдо (Алдаяр) Жээнике уулу (1874–1930), Тоголок Молдо (Байымбет) Абдырахманов (1860–1942), Токтогул Сатылганов (1864–1933) Эшмамбет Байсейит уулу (1870–1926), Коргоол Досуев (1882–1962), Калык Акыев (1883–1953), Барпы Алыкулов (1884–1949), Актан Тыныбеков (1887–1951), Осмонкул Бөлөбалаев (1888–1967), Алымкул Үсөнбаев (1894–1963) ж.б.
Манасчылар: Келдибек Карбоз уулу ( XVIII к.) Акылбек (1840–1920), Назар,Тыныбек Жапый уулу (1846–1902), Найманбай Балык уулу (1883–1911), Кенжекара Калча уулу (1859), Шапак Рысмендеев (1863–1956), Сагынбай Орозбак уулу (1867–1930), Жазыбай Кожеков (1869– 1942). Багыш Сазанов (1878–1958), Жакшылык Сарыков (1880–1934), Молдобасан Мусулманкулов (1883–1961), Дуңкана Кочукеев (1886–1981), Ыбырайым Абдрахманов (1888–1967), Саякбай Каралаев (1894–1971), Мамбет Чокморов (1896–1973) ж.б. Куудулдар: Жоошбай Борсол уулу (1840–1919), Көкөтөй Тото уулу Карачунак Шылдыр уулу (1862–1933), Куйручук (Кудайберген) Өмүрзак уулу (1866–1940), Бекназар Арзымат уулу (1884–1953), Шаршен Термечиков (1895–1942), Айдараалы Бейшүкүров (Айдараалы Жөргөлөк) (1851–1934) ж.б. Кыргыздардын береги бабалары эр жүрөк, сабырдуу, боорукер, намыскөй, акылман жана таланттуу эл башкаруучулары болушкан. Байыртадан ысмы, даңазасы Чыгыштан Батышка жеткен, ай туяктуу ат минген, шилтесе кылыч мизинен от жанган баатырлар эле. Алар элим, жерим деп өмүрүн курмандыкка чалып, келечек тукумун аман өссүн, жашоосу бейпил, таалайы, өркөнү өссүн деп, жерин жат душмандын буту баспасын деп өмүрүн күрөш менен өткөргөн.
Кыргыздардын өткөн доордогу эл башкарган улуу инсандары (XIX кылымга чейинки тарыхтагы белгилүүлөр):
Ниша Чоро б.з.ч. III кылым,
Акбото Арстан III кылым,
Ногойкан IV кылым,
Кубат баатыр IV кылым,
Адыл баатыр V кылым,
Ишбара Ажан VII кылым,
Тор Апа Ичреки VII кылым,
Барсбек Каган VII–VIII кылым,
Калач Хан VIII кылым,
Тардуш Ынынчу Чур VIII кылым,
Кешикбий VIII кылым,
Кол Жасак бий VIII кылым,
Умай бий VIII кылым,
Авабий Тапу Алп (Сол) IX кылым,
Алп Арстан XI кылым,
Ырыс-Инал (Арыс) XIII кылым,
Еди-Инал XIII кылым,
Корлуп хан XIII кылым,
Мамык хан XIII кылым,
Тайбука хан XIII кылым,
Жанкороз XIII кылым,
Алым Арстан XIII кылым,
Домбул бий XIV кылым,
Муратай бий XIV кылым,
Долон бий XIV кылым,
Байгара бий XIV кылым,
Жедигер хан XV кылым,
Ахмет хан XV кылым,
Көчүм хан XVI кылым,
Cултан Халил султан XVI кылым,
Мухаммед хан (Тагай бий ) XVI кылым,
Иренек XVII кылым (Энесай кыргыздарда), Акбото бий XIX кылым, Ормон хан XIX кылым.
ДААНАЛАРДАН БИР САБАК
Улус хандын накылынан
– Дүйнөдө ким күчтүү? Дүйнөдө учкул кайсы? Баатыр деген эмне? Коркок деген эмне? Жакшы деген эмне? Жаман деген эмне? Жаманга дабаа кайсы?
Дүйнөдө даанышман падыша күчтүү, падышага кол астындагы эл баш иет. Ага жандуу-жансыз баары багынат. Дүйнөдө учкул-даанышмандын касиеттүү сөзү. Даанышмандын сөзү өлбөйт. Эл арасында учуп жүрө берет. Баатыр деген даанышмандын оң колу жана элдин таалайы. Коркок деген эки көзү бар сокур, кулагы бар дүлөй, тили бар дудук, элге-журтка пайдасыз адам. Жакшы деген даанышмандын булагынан суу ичкендер.
Жаман дегендер өпкөсүн колуна кармап көккө ыргыткан мактанчаак, көйрөңдөр. Жаманга дабаа – алдап катарга кошуу же коркутуу, андан башка дабаа жок.
Атыллахандын (Атилланын) накылы:
Баатырың миң болсун, бийиң бир болсун, Ошондо эл болот.
Бийи миң, баатыры бир болгон эл, Эл болбойт.
Байыркы руна сымал жазуулардан:
Төбөдө Көк Теңири, Төмөндө Кара жер жаралганда, Экөөнүн арасында Адам баласы жаралган…
Жуканы топтоо – оңой, Ичкени үзүү – оңой,
Кол кошулса – күч өсөр.
Өлүмдөн уят күчтүү.
Көрөр көзүм көрбөстөй,
Билер акылым билбестей болду. Жырак (алыс) болсо, жаман сыйлык берер, Жакын болсо жакшы сыйлык берер. Терс айтылса, мээрсиз болор, Оң айтылса, мээрим берер. Ичи – ашсыз, Сырты – тонсуз.
Өмүрдү теңир берер.
Адам баласы баары өлгөнгө туулган.
Көп деп неге коркобуз, аз деп неге басынабыз.
Кан болуп, жок элди мүлктүү кылдым, жарды элди бай кылдым, аз элди көп кылдым, же бу сөзүмдө ката барбы?
Түрк бектери эми муну эшитиң.
Улукмандын жүз насыйкаты:
Улукман акимдин бу насыйкаты өзүнүн баласы үчүн. Эй, атанын уулу, авал атаң – кудайың экенин тааны.
Насыйкаттан эмне уксаң оболу ошого карап иш кыл.
Сөздү өлчөмү менен сүйлө.
Калкыңдын кадырын бил.
Бирөөнүн акысын жебе.
Сырыңды сактап тут.
Жоро-жолдошуңду пайда, зыян тартканда сына.
Досуңду кыйын күндө сына.
Акмак менен наадандан алыс кач.
Зирек жана билимдүү дос күт.
Изги ишке чындап кириш, туруктуу бол.
Аялга ишенбегин.
Кеңеш кылсаң түз жана билимдүү кишилер менен кыл.
Сөзүңдү далилдүү айт.
Жаштыкты оңой олжодой бил.
Жаштыгың барда эки ааламдын ишин бүтүр.
Дос жаранын урматтап күт.
Досуңа да, касыңа да кашыңы ачык тут.
Ата менен энени канымет бил.
Устатыңды атаңдай артык сана.
Капчыгыңа карап иш кыл.
Ар иште токтоо бол.
Жоомарттыкты өзүңө өнөр кыл.
Мейманга каалашыңча кызмат кылгын.
Киши үйүңө киргенде көзүң менен тилиңди тый.
Кийим, боюңду таза тут.
Калкың менен катар жүр.
Балаңа илим менен адеп үйрөт.
Ыгы келсе ат чаап ок атканды үйрөт. Оң буттан кийип, сол аяктан чеч.
Ар кимге өзүнө жараша мамиле кыл.
Түндө сүйлөсөң акырын жана жумшак сүйлө, күндүз сүйлөсөң жан-жагыңа карап бак.
Аз жеп, аз уктап, азыраак сүйлөгөндү адат кыл.
Өзүңө каалабаганды бирөөгө каалаба.
Иш кылсаң орду менен кыл.
Үйрөнбөй туруп устаттык кылба.
Катын менен балага сыр ачпагын.
Бирөөнө түгөл ишене бербе.
Жаман адамдан жакшылык күтпө.
Ар ишти акылга сал.
Бүтө элек ишти бүттүм дебе.
Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба.
Өзүңдөн улууну шакаба чекпе.
Улууга акыл айтпа.
Билимсиз топорго бийлик бербе.
Сурап келсе кол каратпа.
Өткөн чатакты эске салба.
Киши изгилигин өз изгилигиң менен чаташтырба.
Малыңды санатпа.
Туугандан кол үзбө.
Калыс адамга кайбаат айтпа.
Жеке камыңды жей бербе.
Калкың түшкөн багыттан сен да калба.
Оозу-мурдуңду чукуба.
Калкыңа карап таш ыргытпа.
Эл көзүнчө какырынып түкүрүнбө.
Эстесең оозуңа алакан тут.
Калк алдында какшанбай сүйлө.
Эл көзүнчө мурдуңду көөлөбө.
Калжың кошуп кайран сөздүн баркын кетирбе.
Калкты калк алдында жер каратпа.
Кейпи жакпайт деп кишини айыптаба.
Айтылган сөз кайрылбайт.
Шылдың сөздөн сактан.
Киши алдында мактанба.
Эр болсоң аялдай сыланба.
Балаңдын ою менен боло бербе.
Тилиңди тишиңе кат.
Колуңду силкпей сүйлө.
Ар кимдин урматын тааны.
Жакшыга жанаш, жамандан адаш.
Көзү өткөндү жамандаба.
Колуңдан келсе арыздашпа.
Күч териштирбе.
Изгилердин ишинен күнөм издебе.
Өзүң экпегенди киши дасторконунан жебе.
Иш баштасаң ашыкпай аягына чык.
Дүнүйө үчүн башыңды машакатка малба.
Өзүңдү тааныбасаң да өзгөнү тааны.
Ачууга алдырсаң да сөзүңдүн артын байкап айт.
Жең менен мурдуңду сүртпө.
Күн чыккан соң, уктаба.
Каратып коюп тамак жебе.
Жол жүргөндө улуудан озбо.
Сүйлөшүп аткан сөзгө кыпчылба.
Тизеңди жазданба.
Оң-солго алактабай бет алдыңды карап бас.
Башыңа иш түшпөсө жылаңач минип чаппа.
Конокто отурсаң, бирөөнө ачууланба.
Конокко иш кошпо.
Эсиргенге сөз айтпа.
Ишсиз, абройсуз адамдар менен кошуна болуудан кач.
Ар кайсы ишке аброюңду сала бербе.
Ыксыз бой көтөрбө.
Бирөөнүн кусаматына калба.
Майдан жолдо маңыроо болбо.
Бычаксыз, жүзүксүз, акчасыз жүрбө.
Өзгөнү пайгамбар тута бербей, өзүңдүн баркыңа жет. Бирөөгө бой көтөрбө.
Теңири Таалага ыраазылык менен тирлигиңди өткөр.
Напсиге эрк менен, калкыңа ынсан менен, улууга кызмат менен, кичүүгө шапаат менен, бакырга жоомарттык менен, дос-жаранга насаат менен, душманга чыдам менен, нааданга сүкүт менен, ааламга таазим менен тирлигиң кыл.
Бирөөнүн малына сук артпа.
Малым азайды деп чөкпө, малым көбөйдү деп көппө. Улукман үч миң сөз насыйкат айтты, Алардан болгону үч сөз шайлап алгын.
Экисин эсиңе тут, бирин унут.
Жана да Алла Таала менен өлүмдү ар убак эсиңе тут, көр тиричиликтеги ыза, күлкүңдү унут.
Азирети Улукман жана минтип айтты: Сүкүт жети касиет тутат деди.
Кийимсиз зыйнат (сырт турпат, кийген кийим зыйнатка тиешесиз. Чын зыйнат андан бийик).
Падышалыксыз мухаббат (Акка болгон ышкы, мухаббат күч-бийликке карабайт, андан бийик).
Мээнетсиз ийбадат (Акка тооп, сыйынуу-табынуу изги, чын ыктыяр иш.
Ал күч (мээнетсиз ишке ашаар нерсе).
Кыймасыз коргон (Тозуксуз коргон, өзүнө өзү коргон).
Азар тилөөдөн каластык (Себеп-шылтоодон, арыпган, андан бийик).
Урматтуу жазуучу периштелердин жазуусунан кутулмак (Адамдын оң, сол ийининде анын ак, кара ишин, ооздон чыккан жакшы, жаман кебин тынымсыз жазып турган эки периште бар делет).
Сүкүт салган адам, б.а., өзүнө үнсүз чөгүп, ак жолуна түшкөн жымжырт пенде периштелердин ошол жазуусунан кутулган, арылган болот.)
Айыптардын жабылмагы (сыртка эч нерсесин чыгарбай жабык, жашыруун калган пенденин эми Ак жолунда арууланмагы).
«Манас» эпосунан:
«Кулалы таптап куш кылдым. Курама жыйып журт кылдым, Куюккан жыйып эл кылдым».
- * *
Жердин өзү дөңгөлөк, Жеткен жан келер жөрмөлөп. Төртүнчү кабат асманда
Күнүң менен айлар бар.
- * *
Ар бир жылдыз, ай, күндөн, Чоңдугу да кем эмес.
Алдындагы кара жер,
Дарыя канча, таш канча, Ушунчаны көтөрүп, Акы албаган кандай эр.
- * *
Наадан балдар билбейт го, Акыры ушу жалганда, Өмүр сүрүп турбасын.
Өлгөндө болдуң топурак.
Жалганда жаның бар болсо, Бакыр да болсоң паашасың. Төгүн жалган дүйнөдө Өлбөй тирүү ким калат?
Туулуп өскөн жер калат, Түбөлүк жашар эл калат.
- * *
Бендеге келет бир кезек, Заманыңды кылып өт. Нөөмөт эрге бир тиер, Өнөрүңдү кылып өт.
- * *
Миң күнчүлүк бейиштен, Бир күнкү жарык күн артык.
- * *
Ар качандан бир качан Жамандын жаны аялуу.
- * *
Нелер келип не кетпейт, Эр жигиттин башына. Ачуу – шайтан, акыл – дос, Акылыңа акыл кош.
Бешенеге жазганды, Качан да болсо көрөбүз.
- * *
Биздин элдин наркы бар, Билсең сөздүн баркы бар.
- * *
Адырмак тоого бел керек, Азаматка эл керек. Элди баккан жер өлбөйт, Эр төрөгөн эл өлбөйт.
- * *
«Өзөктө күйгөн өрт жаман, Өздөн чыккан жат жаман.
- * *
Төгүлгөн жерде жин калат, Жуулган жерде кир калат. Акыры жалган дүнүйө Ажал жетсе ким калат.
Танаптуу жерде бөз калат,
Кыяматтын журтуна
Кыйла сонун сөз калат. Акыры бир күн өлөрдө, Ажал жетти деп калат.
Атышуу жерде чеп калат, Акыры заман журтуна Айтышууга кеп калат!
- * *
Акыл деген керемет Акылы бар адамдын Акылы алыс жүгүрөт. Акылсыздын баарысы Ак талаадай түңүлөт.
- * *
Жүргөнүм менин чала экен,
Дүнүйө ээси бала экен,
Артында бала жок болсо, Дүнүйөсү курусун, Бузулуп калган калаа экен.
- * *
Бала болсун мал менен, Аргымак болсун жал менен. Ар ким ишин кылбайбы Өзүнө туштук ал менен.
- * *
Жамандык кылба, жан кыйба, Жесир калган баарысы.
Жетим уул, тул катынга, Жетилсин сенин урматың.
- * *
Урунбай жүргөн тоо барбы, Урушпай жүргөн жоо барбы.
- * *
Өтүрүк сөз – өлгөн сөз, Жалган айткан жаман сөз. Убал кылбай бирөөгө Укканыңды айтпагын. Башкага тийип болорбу, Пашаага тийип оңорбу? Карага тийип болорбу, Ханга тийген оңорбу?
- * *
Болсо бала шок болсун, Шок болбосо жок болсун.
- * *
Ак жазганын көрбөйбү, Ажалдуу жан өлбөйбү, Өлгөн жан кайта кобобу.
- * *
Кейиген менен болобу, Сабыркоодон не чыгат, Сарсанасын коёлу.
- * *
Куу Дүйнөнүн түбүнө Куусаң кантип жетесиң? Курулай корко берсең сен
Куураган бойдон кетесиң.
- * *
Ыраактан кетер жол барбы?
Ынтымак салар эл барбы? Боору жазы жай барбы?
Баш калкалар бай барбы?
- * *
Улууну кичүү сыйласа Атадан калган салт ошол.
- * *
Сактын саны калат.
Мурут бар жерде сакал бар. Заманында суусар бөрк, Кимдер ыргап кийбеген. Колдо дөөлөт барында, Кимдер жыргап жүрбөгөн.
- * *
Туулмак бар, өлмөк бар,
Жакшылык менен жамандык, Туш-тушунда көрмөк бар. Аманат берген куу жанды Ажал жетсе өлмөк бар.
- * *
Жолдо болсун изибиз, Жоодон болсун ишибиз!
Көктө болсун жаныбыз, Көөкөрдө болсун каныбыз.
- * *
Көңкү кыргыз балдары,
Көөсөрүң болсо калыңар. Көсөлүүң болсо барыңар! Башыңды байлап өлүмгө, Чачыңды байлап өрүмгө.
Аягың байла кишенге,
Айылда жүргөн өлбөйм деп, Аманат жанга ишенбе.
- * *
Эр азамат болгондо Намыс үчүн жараткан.
Атадан не үчүн тубамын
Аманат жаным чыкканча Намыс жолун кубамын. Аңдасаңыз билерсиз Аманат дүйнө жалганын.
- * *
Ит ичпей турган ашынан үмүт кылат. Арстан турган жерге аюу жолобойт.
- * *
Арстан эрдин башына Алтымыш мүшкүл бир келет. Өз жаманын билбеген Өзгөгө кылат чоң милдет.
- * *
Каза жетсе, күн бүтсө, Кайда да болсо өлөрбүз! Чапкан балта өтөбү, Чакырлоонун ташына. Нелер келип, не кетпейт Эр жигиттин башына.
Аттангандан тартынба, Айтууга калсын артыңа.
- * *
Өкүмү күчтүү бир кудай Өлбөс кылып койсочу Өрттөнүп кеткен адамды!
- * *
Мурункулар айткан кеп:
Бир адамдын ырыскы,
Бирөөгө ырыс болбойт деп, Баштагылар айткан кеп:
Башка адамдын дүйнөсү, Башкага дүйнө болбойт деп.
- * *
Аманат койгон дүйнөгө, Наадандар кылат кыянат. Акыры жалган сөз эмес, Артында болот кыямат.
- * *
Жазуудан артык жан өлбөс, Тактада жатып жан өлбөс. Адам уулу кайда өлбөс, Өлбөгөн пенде не көрбөс.
- * *
Өзү кадыр алданын Өкүмүнө ким көнбөс.
- * *
Төгүлбөй турган кан болбойт, Өлбөй турган жан болбойт.
Өлүмдөн качкан жан оңбойт.
- * *
Куру кайрат – баш айрат. Калк туткасы хан болот, Казат – улуу жол болот.
Хан кайрылып конгон соң, Канткенде жылдыз оң болот.
- * *
Ат кубаты жал менен,
Адамдын күчү мал менен,
Дарынын күчү бал менен,
Булуттун күчү жел менен,
Буудандын күчү тер менен,
Улуктун күчү эл менен,
Дыйкандын күчү жер менен, Кыяндын күчү сел менен, Катындын күчү эр менен.
- * *
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, Бөлүнүп калды кыргыз деп, Бөлөк элге кеп кетет.
- * *
Карап турсам дүнүйө
Кайгырган эрдин шору экен, Калкынан азган кор экен, Кыйышкан эрдин шору экен!
Элдүүнүн баары эр экен,
Элинен азган жигитке
Эртелеп өлүм эп экен,
Калктуунун баары эр экен, Канча айтса кеби эм экен!
- * *
Ажал берсе кудурет
Асмандап булут минсе да, Очогор огу жетпейби, Өлүм орток, жан бирге.
- * *
Эрегиште эр өлөт.
Кулалы кетет жерине, Кутурган кетет тейине. Тели куш учат жерине, Тентиген кетет тейине.
- * *
Казгалдак деген кайран куш, Кайрылып учат талаа үчүн. Кимдер оюн бөлбөгөн,
Карындан чыккан бала үчүн. * * *
Эр чекишип бекишет.
Айтса арман арылбайт, Арман кылсаң табылбайт. Телегейден тең өткөн, Телегей журтуң көп өткөн. О дүйнө кеткен эгиздер Өпкүлөсөң табылбайт.
- * *
Он сегиз миң ааламдан Ааламды бузган шер да өткөн. Алтындан кылган сом балтаң, Аларга өксөгөн менен айла жок. Өткөндөргө көп өксөп Жолукпа чердүү балаага. Эчен бир дөбө жер өткөн Ал эмес атабыз Адам тең өткөн.
Эчен бир сендей хан өткөн, Өткөнгө өксөгөн менен айла жок, Кеткендерге кейиген менен пайда жок.
- * *
Түбүндө бадыраң темир курч болбойт.
Ушу башка өскөн арам журт болбойт. Курама темир курч болбойт,
Ушундай кутурган иттер журт болбойт.
- * *
Абийирдүү киши ирикпейт, Дүйнөдө акылсыз иттер бирикпейт.
- * *
Тагдырда болсо ким көрбөйт, Ажалы жетсе ким өлбөйт.
- * *
Бүгүн көргөн эртең жок, Ушундай экен дүйнө бок. * * *
Жусуп Баласагын (XI)
Парасат кайда болсо улуулук шондо, Билим кайда болсо, бийиктик шондо. Билим кадырын окуган билер, Зер кадырын токуган билер. Жоомарт малга кайгырбас, Билимдүү иште жаңылбас. Кылыч эрди күзөйт, Калем эрди түзөйт.
Нааданга төрдөн орун тийсе, кор көрөр,
Даанышманга босогодон орун тийсе, төр көрөр.
Кичилик кымбат эмес, кишилик кымбат. Улук болсоң, кичик бол. Башыңа соолук тилесең, Тилиңе мыктап кишен сал.
Адамды эки нерсе картайтпайт:
Бири – жакшы мүнөз, бири – жакшы сөз. Тил менен напсини тыя билгин, Касиетти боюңа жыя билгин. Айтылган асыл сөз, Ооздон чыкса бакыр болот. Айтылбаган сөз – кулуң, Айтылган сөзгө өзүң кулсуң. Тил босогодо жаткан арстан, Байкабасаң, башыңды жейт.
Жаман иштин алдын ал, Эл тентегин тезге сал. Жакшы кул – бооруң, Жаман кул – жооң.
Достошуу оңой, сыйлашуу кыйын, Жоолашуу оңой, жарашуу кыйын. Шарапка мас болгондон, Дөөлөткө мас болгон жаман.
Бек – ичкилик ичпес,
Бирөөгө жамандык ойлобос Адал киши болуу керек.
Бул эки кылмыштан качкандын куту качат.
Жетимге, жесирге, үйсүзгө каралаш, Сокурга, карыга, аксак-тескекке көмөктөш. Жакшы атың чыкса, алкыш аларсың, Жаман атың чыкса, каргыш табарсың.
Ачуу келсе, акыл кетер.
Акылдууну акмак этээр. Кылычтан кан тамар, Калам мал табар.
Жамандык озбойт, Жакшылык тозбойт.
«Кут бир келет – бакпасаң кетип калат, Бак бир конот – үйлөсөң өчүп калат.
Билимдүүгө окуу жолдош, бир тууган,
Түркөй айдайт кулагынын сыртынан,
Билимдүүгө окуу, кийим, аш болот, Билимсиздер ушак менен дос болот». Түрк тили эң акылман, макалга бай, Түшүнгүн кары сөзүн айткан мындай: «Бактылуум! Дөөлөтүңө чиренбегин, Балаадан алыс болуп жүрсөм дегин. Аккан суу, жүргөн желдей бакыт турбайт, Эч качан айлампасы анын тынбайт.
Бакыт-кут, өзгөрүлмө, бапа болбойт, Жылмышып жерге түшүп, учса конбойт. Ким китепти окуй билсе күтүнө, Эки дүйнө жарык берер ишине. Жаралгандын бардыгы муңдуу дечи, Муң билбес жараткан жалгыз өзү.
Тагдыр катаал болбойт десең өзүңө, Тилиң тиштеп, сак болгунуң сөзүңө. Сен өзүңө курам десең жыргал күн, Сөздү коюп, эмгектенгин күнү-түн.
Баары өтөт, түбөлүктүү – жакшы атак, Жакшы адамдын ишин айтып макташат.
Бул дүйнөгө далай эрлер келишкен, Жашап-өнүп, кез келгенде өлүшкөн. Бек болсоң да, кул болсоң да бүт баары, Өлөт бир күн, артта калат аттары.
Окуу – түндө алдыңдагы шам чырак,
Билим алсаң мандай ачык жаркырап.
Өнөрдү ачуурканба, айласы көп.
Билимден ачуурканба, пайдасы көп. Ачуу жеңсе, акыл качат өзүңдөн,
Ачуулуу жан акылы кем көргө тең, Ачуу – душман, акыл – дос адамга.
Ачуулансаң орой, осол сен анда. Жакшы адам жылдар өтсө карып койбойт, Мактоо менен жаманды түзөп болбойт. Жамандар – өкүнүчтө калат карып, Жакшынын өмүрү узун, ою жарык!
Кайгы-муң жамандарды коштоп жүрөт. Жаштык өтөт көз ирмемде – баалай бил, Кармасаң да өмүр бүтөт – билип жүр. Эр адамга аракет, кайрат керек, Кек, кастыкты алыска айдаш керек. Керек болсо кайрат, ынтаа экөө тең, Ал экөөнүн тең болгону эрде жөн. Жыргалыңдын артынан кырсык кирет, Кубанычты кубалап кайгы жүрөт. Сыймыкка, даңкка тете – кыраакылык, Куруткан далайларды – шалаакылык. Илимдүү илимдүүнү тааный билет, Акылдуу акыл баркын баалап жүрөт. Айкөл бол, бакыт деген айныма азап, Бүгүн турса жаныңда, эртең качат. Бактылуум! Дайым жолдуу жашайм десең Жакшы иштерди жаратып жүргөнүң жөн!
Эгерде бийлигиң күч, болсоң да улук, Кулаш бат, көз ирмемде колдон чыгып. Сөз тазасы, акылдуулук белгиси, Акылсыз жан айбан менен тең киши.
Төрөлгөндүн баарында – өлүм да бар,
Жараткан жазгандан соң жолун табар, Шамалдай токтолбостон өмүр өтөт. Кандай күч токтотууга алы жетет! Бактым бар деп кубанба: келет-кетет, Дөөлөт бар деп ынанба: толот-бүтөт.
Адамдын көңүлү жылкы мүнөз:
Бирде семирээр, бирде арыктаар.
Ооба, дөөлөт күлүк, кийик жапайы, Кармаган соң бекем байла сен аны.
Бек кармасаң – ал качалбайт эч жакка.
Бир бошонсо – кайра илинбейт тузакка! Бактылуу – өз бактысын баалай билсин, Ар кандай жаман иштен алыс жүрсүн! Бакыт шарты: дайыма таза жүрүү, Чалынбастан күнөөгө өмүр сүрүү.
Бактылуу даңкы менен өсүп толот, Даңк нуру – ай нуруна окшош болот. Бакытка сен ишенбе, ал алмашат, Көрүнөт, бирок дароо бат жоголот. Тобо кыл жаратканга момун адам, Жүз эсе пайда аласың, өзүң андан. Жакшылык кыла келген жакшы адамдар Алардын адамзатка мээри тамар.
«Жаманга дабаа жок» – дейт байыркылар. Коомго – жат, элге – жут жан ушулар. Жакшылык – өзү жакшы, баасы кымбат, Аңдан да аны жасоо кымбатыраак. Жакшы иштин жолу татаал, тайгалак, Дилгир жетет, а жалкоолор кур калат. Жакшы иш жасоо өтө кымбат абыдан, А наадандар жакшы иштен кур жалак. Жамандар болбос ишке кегин сактайт, Жакшынын атын булгап, ушак таштайт. Жакшылык жасап көнгөн жасай берет, Таарынычты унутуп, мээрим төгөт. Жамандыктын аягы өкүнүч болот, Жамандыкка – жакшылык кылган жакшы. Көп сүйлөсөң ойлонбой кырсык келет, Акылдуу сөз ар дайым пайда берет. Ойлоп сүйлө сөзүңдү айта турган, Сураса жообуң болсун таамай ылдам. Көп тыңшап, аз сүйлөгүн орду менен Кемибейт акыл-ойду арка кылган.
Тилин кармай билгендер билим алар, Маңыз жандар билимди кайдан табар.
Тирүү жанга эки нерсе керектир,
Бири – тили, бири – дили ак көңүл, Туура сөздөн чексиз пайда табарсың, Жалган сөздөн каргыш, сөгүш аларсың.
Жаткан – турар, турган кайра жыгылар.
Жалган – өчөр, чарчагандар – тыныгар. Эй, тирүүлөр: туталанып буулукпа, Тирүү жүрүп, өлүм барын унутпа.
Белгилүү да төрөлгөнгө – өлүм бар,
Тике турган акыр бир күн куланар. Асмандагы күндө дайыма батуу бар,
Сүйүү – күйүт, таттуусуна ачуу бар.
Уяткарба, таш боор деп, бул сөзүм ак: Сени кыйнаар шум дүйнө катуураак. Көзүңдү ач, менден кийин сенде кезек, Шум дүйнөнүн алдоосу, жалганы кеп. Ажал – бул тирүүлөргө ачык эшик, Тирүүлөр кутулган жок качып өтүп.
Өмүр эмне, өлүм эмне? Ойлочу!
Кайдан келдим?
Кайда барам?
Болжочу.
Неге туулдум, акыры өлөр болгон соң? Неге күлдүм, кайгы күтүп турган соң? Коркунучтуу эч нерсе жок ажалдан, Төрөлгөн соң, өлөт экен арадан. Өлүм деген уч-кыйыры жок көк деңиз, Түбү терең чыгарбас түшкөн жанды.
Акыл жокто, чынында жүрөк өлүк!
Акыл – чырак, түндөсү сокурга – көз. Денеге – жан, үндөбөс дудукка – сөз. Тетик адам жол бербейт ач көздүккө Акылдууга жаңылуу болбойт иште.
Ар иште акыл-эстүү болуу керек.
Акылдуу өз ишинен убай көрөт. Наадандар – мөмөсү жок дарак сымал, Ач жанга анын кандай пайдасы бар? Ким жөнөкөй, баарыга мээрим төгөр, Андайдын оозу – асел, сөзү – шекер.
Жылдыздуу ак дил адам бакыт табат.
Жакшы сөзгө ийинден жылан чыгат.
Он нерсе эр жигитке керек деген:
Көзү курч, кулагы сак, жүрөгү кең.
Акылдуу, келишимдүү, сулуу, чечен.
Билимдүү, эстүү, токтоо, ишке бекем. Эгер өзүң соопчулук издесең, Эң биринчи – эл кызматын иште сен. Тилим бар деп ой келди сүйлөй бербе, Айткының айтар сөздүн орду келсе. Акылмандар аз сүйлөйт, билем аны, Ашык сөз алып келет өкүнүчкө!
Оору жолдош өлүмгө жолун туткан, Өлүм болсо – өмүргө чексиз душман.
Акындардын тили кылыч – миздүү өткүр,
Уккуң келсе учкул сөз, ою көркөм, Алардын акыл-ою деңиз сымал, Сөз бермети, каухары өнүп чыгар. Ак жол менен жүрөмүн деген киши, Акылман адал тутсун ошо өзү. Аялдын акылдуусун тапсаң, эгер Төрт тарабың тең болот түгөл.
Ушунча сансыз жандар кирген экен. Кара жердин карыны тойду бекен? Кара жердин катмарын көрсө ачып, Канча асыл жандарды алган катып! Канча бектер жатышат топурак болуп, Канча билгир жоголду түпсүз соолуп. Билип болбойт бекпи, же кул экени, Кедей, байбы – өлүмгө бир экенбиз! Бүгүн сен кумарды тыя албасаң, Жакшылыкты көрбөйсүң сен эч качан! Напсиңди тый, дайыма алып колго, Мына ошондо чыгасың туура жолго. Жетсе да атак-даңкың, төбөң көккө, Кирип жатар орунуң кара жерде.
Өмүр өтөт ирмемде унутпагын,
Өткөн күнгө алданба, учуп өтөт, Бактыңа ишенбе, өтүп кетет!
Жакшылыкка жакшылык кылуу керек.
Бир иш кылсаң, он эсе кайрып берет. Чындык ачуу болсо, чыдоо керек, Чындык сөздөн өзүңө пайда келет. Бетке айтылган сөздөрдө заар болбойт, Андан ашкан асыл сөз кайсы делет. Адамды баалоо керек иши менен, Адам иши өзүнө жараша экен. Иши жакшы адамдын өзү жакты, Иши бузук адамды бузук деген. Баарын угуп, алгының керектүүсүн, Өзүңдөн сүрүп ташта керексизин!
Биринчи – ойдо сөздү таамай айткын, Экинчи – заңдын жолун бекем баккын. Үчүнчү – жоомарт болгун, ишке шайлан, Төртүнчү – баатыр болгун тартынбаган. Акылман насаат сөзүн айтып кеткен:
«Адам өлөт, жакшы аты өлбөйт» деген. Билим алсаң, урмат-сый алып келет, Билим сага – акыл-ой, кубат берет! Билимсиз жүрөк, тилдин пайдасы жок Билим өнөр, өмүргө суудай керек. Көктө Теңир өзүңө көмөк болсун, Тагдыр буйруп тилегиң кабыл келсин!
Ак пейил, ак көңүлдүү такыба адам!
Узак өмүр, бак-таалай тилейм сага!
«Жаштыкты кор тутпагын турса колдо.
Жаштык өтөт, көз ирмемде – баалай бил. Кармасаң да өмүр бүтөт – билип жүр.
Жаштыгыңды болбос ишке коротпо
Тобо кылып, жаман ойду жолотпо…» Орундуу сөз акыл-эстен от алат, Орунсуз сөз ийиниңден баш алат. Маңыз сөздүн көрө албадым пайдасын, Көп сүйлөсөң чалынасың сен бачым. Көп сүйлөбө, а көрөкчө так сүйлө, Түмөн сөздүн – оң мааниси бир сөздө. Бийлик, атак адамдарга тил берет, А ашык сөз, уят кылат, өлтүрөт.
Көп сүйлөсөң: «Кур бабырак» – деп коёт, Унчукпасаң «дудук» деген ат коёт. Тил такта, башың аман болору чын, Сөздөрүң накыл болсо, өмүр узун. Түбөлүккө өлбөйм десең сен эгер, Ачык сүйлөп, ак ишиңди улай бер.
Киши кымбат эмес, кишичилик кымбат. Боюң жапыс болсо да, Оюң бийик болсун.
Жакшы сөз жан-дилиңди ийгизет ээ, Жаман сөз амалсыздан күйгүзөт ээ. Адил сөз пайдасын көп тийгизет ээ, Кыңыр сөз башка балээ үйгүзөт ээ. Уят деген – бузбайт дилди эзели, Уятсыздык эрдин энсиз кесепи.
Кор болосуң, кач жаман иш чуусунан,
Ал бир жылан адам өлгөн уусунан Азгырылып алтынга бузулбаса, Ал киши периште бир пейли таза. Атак деген аалам кезер, эл кезээр, Аты калса, бул дүйнөдө өлбөс эр. Чыдамкай бол, жанга азап батканда, Максатына чыдамкайлар жеткен да. Адамдарга керек жакшы касиет, Ага келип бардык нерсе баш иет. Эл бийлөөгө өнөр керек миң түмөн, Шондо гана сүрүлмөкчү түптүмөн. Жакшы тартип орнотконду сыйлайт эл, Тартип жокто бир уучка сыйбайт эл. Эмне сепсең – ошол өнүп чыгат ээ, Ынтымак сеп – элге майдай жагат ээ. Акча үчүн ар ким иштейт, Акыйкат үчүн ким иштейт. Аккан суу токтобойт, Убакыт токтобойт. Бакыт да токтобойт, Өмүр да токтобойт. Өмүр чиркин өтөт тез, Түбөлүккө калат сөз.
Тил адамдын даңкын чыгарат.
Адам ал аркылуу бакыт табат. Тил адамга жапа да чектирет, Абайлабаса башын жарат.
Өз башыңды өзүң ажалга дуушар этпес үчүн сөзүңө сак бол.
Өз тишиңди өзүң сындырбас үчүн тилиңе сак бол.
Жакшы болгуң келсе, жаман сөз айтпа. Көп сөздүүлүктөн мен пайда да, жакшылык да көрбөдүм.
Көп сүйлөбө.
Сабыр кыл, ар сөзүңдү салмактап айт.
Он миң сөздүн түйүнүн он сөз менен чеч.
Адам эки нерсе аркылуу картайбайт:
Биринчиси – кайрымдуу иши.
Экинчиси – мээримге толгон сөзү.
Кашкарлык Махмуд Иби Хусейн (XI):
Кыш азыгын даярда, Берекелүү жай келгенде.
Күздүн келери жазда белгилүү.
Адептин башы – тил.
Кеңешип иш кылса береке, Кеңешсиз иш кылса кедерги.
Эгер келсе үйүңө карып-мейман, Бар дүнүйөңдү кой алдына мээрман. Сараң үй ээси мейманын ууру тутар Бергенин милдет кылып, жүзгө урар.
Күн ордуну түн басар.
Дүнүйө күнүң төмөндөтөр, Эрдин күчүн алсыратар, Элден эрди четтетээр.
Бакыт белгиси – билим менен акыл. Ызаат көрсөт конокко Даңкыңды жайсын алыска. Идиште шарап болсун, Көз жашындай түбү толсун. Кайгынын жүзү оңсун, Оюн-күлкү үйгө консун.
Бузулду бул замандар,
Күч алды көп жамандар. Илим, билим жоголду, Азайды мыкты адамдар. Куш канаты менен, Эр аты менен. Алымчы – арыстан, Беримчи – чычкан.
Дос жолунда турбады, Насаат, акыл сунбады. Ук, эне-атаны Сөздөрүн кадырла. Мансап, дүнүйөң көбөйсө, Бой көтөрүп кутурба.
Сук адамдар мал-мүлккө умтулар Өлүмтүккө талпынгандай кузгундар. Көрктүү тонуң өзүңдө болсун, Ширин ашың өзгөгө болсун. Киши аласы ичинде, Жылкы аласы сыртында. Күчтөндү билегим, Аткарылды тилегим. Көбөйдү билимим, Бирок өмүр түгөнөр.
Такыр айтпа суук сөз, Кара ниет, бетпак сараңга. Багалбастан тоокту, Куш таптайм деп сүйлөбө. Куш аңга бийиктен төмөн түшөт, Аалым сөзү элге бүтөөр. Кеткен малга ачынба, Ага азыраак күйүнгүн.
Жаралган зат дүйнөдө түбөлүк калбас,
Бир гана аалам, жылдыз, ай, күн дайым чыгар. Көрктүү конок – өзүңө, Таттуу ашың – досуңа. Тутсаң, конок абийирлүү Жайсын кабар ааламга.
Баатыр – майданда, аалым – аңгемеде сыналат.
Улук болсоң, сылык бол.
Чырайына караба, Ырайына кара.
Азыгы бар арыбас. Эгилбесе – өнбөс,
Тилебесе – бербес.
Безериден ырыс безер.
Ток өскөн, тез картайбас.
Зомбулукка кирсе эшиктен,
Акыйкат чыгат тешиктен, Күн көзүндө тешик жок, Бек ишинде кешик жок.
Жоомарт болсоң элден алкыш аласың, Сараң болсоң, каргышка сен каласың. Кылгыртса да май жакшы, Күйдүрсө да күн жакшы. Жашында тырышкан – Картайганда жыргайт.
Түсүнө караба, ишине кара. Көп сөздү угуп болбос, Балбал ташты жыгып болбос. Атасынан акыл алса, Тентек уул токтолор. Кекти кечир жолуңан, Адилдикти саяла.
Кишилик менен кичүүлүк – улуулуктун белгиси. Баатыр – жоодо сыналат, Жоош – жайда сыналат. Өзү жебей мал жыйып сараң болсо, Андан кийин күнү караңгы болот. Белгиси болсо жолдон жаңылбас, Билими болсо сөздөн жаңылбас. Билимдүүнүн сөзүн тыңда,
Айтканын үйрөн, ишке ашыр.
Иассави Кулкожо Акмат (XI–ХII):
Эй, момунум, таатым бар деп таянбаган, Аманаттыр, азиз жанга ынанбагын,
Арам иштен жыйган малга кубанбагын.
Акыретте кере кулач жылан болуур.
Билдиң бекен адам өлбөй калбаганын, Бу дүйнөнүн опаасызын, жалгандыгын.
Дүйнө – топур, анда калуу – армандыгын, «Алла» десең, көз жашыңды нөшөр кылуур.
Тарикатта түрлүү адеп билмейинче
Напси менен кан майданга кирмейинче, Ышкы жолуна өзүн даяр кылмайынча, Акыйкаттын анык сырын билип болбос.
Ышкы дартын билген киши дүнүйө тебээр. Жарандардын басып өткөн изин өбөөр,
Махабаттын шоогуна эзип жашын себээр.
Жашын төкпөй рийасатта соолсо болбос. Анык билгин, бу дүйнө барча калктан өтөр-а, Ишенбегин малыңа, бир күн колдон кетер-а. Атаң, энең, тууганың агып кетээр кыяндай, Төрт аяктуу жетпес жер бир башыңа түшөр.
Дүнүйө үчүн кам жебе,
Актан озго бар дебе,
Киши малын бир жебе, бейиш жолу күтөр.
Аялың да, балаң да, эч ким болбос арача, Карып болуп кайран баш, өмүрүң бир күн өтөр-а. Кулкожакмат таат кыл, өмүрүң билбейм эче жыл, Асилиң билсең сасык суу жана сазга житер-а. Мээримиңден тыш калтырба мен карыпты, Арам баспай, ыйлап дуба кылайын Саа.
Тун терметип зар-зар айтып таң атканча.
Кирпик какпай ыйлап дуба кылайын Саа. Босогоңдо боздоп зарлап, белим байлап,
Жан сыздатып жүрөк боорум эзип кыйнап, Жакам тутуп өткөн ишке чындап ыйлап, Ыклас салып ыйлап дуба кылайын Саа.
Көңүл багы көктөм кезде билбей жүрдүм, Өмүр жазы өткөн кезде эми туйдум. Дүнүйө жерип дин жолуна кадам койдум, Булбул болуп муңдап дуба кылайын Саа. Бу жолдорго жанды асырайм деген кирбейт, Жан асыраган бу жолдорго кирсе зилдейт. Пайда-зыян, тапкан-жогун айрып билбейт, Айрып-таанып, ыйлап дуба кылайын Саа.
Кулкожакмат напси тоодон чыгып ашты,
«Фана филла» максатына жуукташты, Жүрөк боорун ылай жууруп, кынап ташты, Тизилип-эзилип ыйлап дуба кылайын Саа. Үйүм-үйүм дебегин, Үйүң калар күн болор.
Малым, малым дебегин, Малың калар күн болор. Үйүм-үйүм дебегин, Үйүң талаа чырпыгы. Малым, малым дебегин, Малың талаа чымчыгы.
Жээренче чечендин накылы (ХIV–XV)
- Ээ, чеченим, бул дүйнөдө үчөө: агып жаткан суу, асман тиреген тоо, ааламды жаркын нурга бөлөгөн күн өлбөйт дейт, чынбы?
- Жок, алар да өлөт.
Кычырап кыш келип, борошолоп кар жааса, тоонун башын ак басат – өлбөгөндө не болду. Арылдап аккан дайра жок, булактын көзүн муз басса, суу өлбөгөндө не болду. Асманда булут ойноктоп, нурду жерге жеткирбейт – күн өлбөгөндө не болду.
- Андай болсо, атасы өлгөн не болот?
- Атасы өлгөн аскар-зоосу ураган менен тең болот. Куудай сакалын агартып, кузгундай көзүн кызартып, кыйналганда дем берип, төрдө отурса атакең – аскар-зоо болбогондо не.
- Энеси өлгөн не болот?
- Энеси өлгөн – элин жоо чапкан менен тең болот. Каргадайдан чоңойтуп, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, көлөкөңдөн айланса – эл болбосо не болот.
- Баласы өлгөн не болот?
- Өзөгүн өрт алган менен тең болот. «Ата» деп турса келгенде, «атаке» десе өлгөндө, жүрөгүңдү жылытып, эркелеп турса көргөндө – өзөк болбой не болду. Өрттөнгөн өзөк-тукум жок, өчкөнү болот отуңдун.
- Катыны өлгөн не болот?
- Аял – эрдин учса канаты, консо куйругу болот. «Эр эгиз» деп эрди-катынды айтат.
Атасы өлсө – жетим дейт, баласы өлсө – как баш дейт, катыны өлсө жесир дейт. Карыганда жесирликти аялэркекке бербесин.
Акыл Карачачтын накылы (XIV)
- Тулпарды уйга сатса не болот?
- Атты эшекке сатса не болот?
- Туйгунду каргага сатса не болот?
- Башы ачык адамды наадан кулга сатса не болот?
- Тулпар тушунда, күлүк күнүндө, күч бербеген тулпардан – сүт берген уй жакшы.
- Пайдасы жок туугандан, пайдасы тийген жат жакшы.
- Чабал аттан – чарчабаган эшек жакшы.
- Канаты жок туйгундан – канаттуу карга жакшы.
- Карга конгон, кузгун тойгон каздын тарпынан үксүйүп үмүт кылган туйгун оңчубу, эртеги салтта, эски наркта, мындай шумдуктуу жорук болчубу?!
Асан кайгы (ХIV–XV)
Таңдайлашкан доо келсе
Маңдайлашкан жоо келсе,
Калк адында беттешип,
Калыс кебин айтпаса,
Калк камчысын чаппаса Чечендиктен не пайда?
Элим-элим дебесе,
Өйдө-төмөн удургуп,
Көчүп-конуп жүдөгөн,
Элдин камын жебесе,
Улук алды чыкпаса,
Улуу сөздөн айтпаса, Акылмандан не пайда?
Акыл кетсе башынан
Маңдайында шор болор, Эр азамат кор болор.
Ачуу – душман, акыл – дос,
Ачуу түбү кем болор.
Ачууну тыя албаса Агайынды арбаса Ар душманга жем болор. Ынтымак кетсе ыдырап, Журт башчысы дел болор. Адыр-адыр ак талаа Козголбосо ным болор. Алтын капка ак калаа, Корголбосо шор болор. Атадан калган алты сөз Айтылбаса кор болор.
Ай караңгы түн болор, Асыл жаның күм болор.
Ток кадырын ач билер, Сөз кадырын айткан билер.
Жоо кадырын баскан билер, Соо кадырын оору билер,
Муң кадырын күйгөн билер, Эл кадырын азган билер. Эр кадырын эл билер, Хан кадырын калк билер. Башынан өтүп көрбөгөн, Жаман, жакшыны кайдан билер. Ат кадырын биле албайт, Алыска сапар жүрбөгөн. Калк кадырын биле албайт, Адилетсиз сүйлөгөн. Журт кадырын биле албайт, Акыл айтса көнбөгөн.
Куштун табын биле албайт,
Ак шумкар таптап салбаган, Кадим-каада биле албайт, Жакшыдан нуска тийбеген. Бул дүйнөдө не карып, Айтылбаган сөз карып. Каз, өрдөгү болбосо, Айдын чалкар көл карып.
Улук адал болбосо,
Убара болот эл карып.
Аргымакты жаман деп, Бууданды кайдан табасың? Агайыңды жаман деп, Тууганды кайдан табасың? Акимиңди жаман деп Адилди кайдан табасың? Алганыңды жаман деп, Сөздү кайдан табасың? Уулуңду жаман деп, Урматты кайдан табасың? Карыяңды жаман деп, Кадырды кайдан табасың? Ата Журтуң жаман деп, Как талаада каласың.
Адам өлсө өлүк,жан өлбөйт.
Сабырдын түбү сары алтын, Саргарган жетер муратка, Сабырсыз калат уятка.
Жар башында жапалак, Жапалак көрсөң атып өт.
Бай мактанса бир жуттук, Баатыр мактанса бир октук.
Мүнөзү жаман адамга,
Кайрылып барып жугушпа, Жакшы көргөн кишиңди, Жалган айтып суутпа.
Кээде душман өз болот. Айтышып келчү доо болот, Атышып чыгар жоо болот. Күчтөн тайбас көп болот, Кылыч кеспес тил болот.
Багып жүрөр ага жок, Бапестеген ата жок, Жетим баатыр кантти экен?!
Карап алар эри жок, Кайрылып коёр деми жок, Жесир баатыр кантти экен?!
Таңдайынан сөз чыккан Чечен баатыр кантти экен? Отурган жерде жылалбай Бечел баатыр кантти экен? Күнү-түнү онтолоп, Кесел баатыр кантти экен?
Чапаны жок жылаңач
Кедей баатыр кантти экен? Таза мөлмөл, асыл сөз Ой түбүндө жатаар… Ой түбүндө жаткан сөздү Эр толкутуп чыгарар.
Калкка назар салбаса, Башын байлап барбаса, Баатырлыктан не пайда. Журтка кадыры тийбесе, Байлыгыңдан не пайда. Калыстыгың болбосо Акимдигиң не пайда.
Калыгул Бай уулу (ХVIII–XIX)
Эл жакалай конбосо, Бетегелүү бел карып. Улук адил болбосо, Убара болот эл карып.
Уй пул болор, Кул бий болор.
Атасынан баласы кыйын чыгар, Айылын жоодой талаган жыйын чыгар. Каркыра катары менен жүрөр, Кадырын билген киши билер.
Шамал минсең жетпессиң,
Санасаң менен өмүргө,
Санасан айла таппайсың, Ажал менен өлүмгө.
Күмүш ээр ак кабак, Күлүккө тынчы болбосо, Күмүшүн алып отко жак.
Ырыс алды – ынтымак, Ынтымагың болбосо,
Алдынан таяр алтын так.
- * *
Улук сөздөн ырды айтам. Өткөн өмүр учкан куш, Өкүрсөң келбейт ал кайтып. Азамат эрдин жакшысы – Азыраак сүйлөп көп тыңшайт.
- * *
Көкүрөк чечен болбосо, Көзү көрүп не кылат. Аргымак мойнун ок кесет, Азамат мойнун жок кесет.
Ишенимдүү жакшы атты,
Көтөрүлгөн тууга мин, Кулак тунган чууга мин.
Кайгысыз киши карыбайт, Калп айткан киши жарыбайт. Жакшы болсоң жердей бол, Баарын чыдап көтөргөн. Таза болсоң суудай бол, Баарын жууп кетирген.
Арстанбек Буйлаш уулу (XIX)
Өзөндүн көркү тал болот,
Өрүштүн көркү мал болот, Аялдын көркү эр болот, Аргымак көркү жал болот. Башың барда мал дөөлөт, Бар болгонуң зор дөөлөт. Тилиң барда тил дөөлөт, Тиричилик өзү зор дөөлөт. Бул дүнүйө жалганда Өлбөй тирүү ким калар. Айры-айры жол калар,
Арманың ичте мол калар,
Айтылбаган сөз калар, Айрылбаган бөз калар, Ачылбаган сыр калар.
Аз күнчүлүк өмүрдө Аркы-терки теминип,
Аргымак атың жоорутпа, Алабарман сөз сүйлөп, Азамат көөнүн оорутпа. Сөзү октой жамандан Жакын жүрбөй оолакта. Карынын сөзүн капка сал, Калк оозунда нуска бар. Тагдырына келгенде, Калат экен алтын баш.
Канча кайрат кылсаң да, Кайрылбайт экен жыйырма жаш.
Устаранын мизиндей
Оодарылган дүнүйө, армандуу дүнүйө.
Булут минсең жетпейсиң,
Мурункунун наркына,
Буркурайсың түтүндөй, Бул замандын артына. Байыркынын миңгени Кылтылдаган ат болгон, Кыргызга ким чак болгон?
Баатырлары көп болгон,
Байыркыга сөз болгон,
Кыраандары көп болгон, Кылым арта сөз болгон.
Жомогу жолдо айтылган Жоругу жолдо камтылган.
Баркташып эл менен жүргөндүн,
Байсалдуу өмүр сүргөндүн,
Тажысы түшпөйт башынан,
Тактысы кетпейт астынан, Башына келип бак конот, Кашына келип журт конот. Айтса кулак илбесе Акылсыздын белгиси.
Адамдын көөнүн оорутпай, Аста-секин кеп айтыш, Асылдыктын белгиси.
Топту жарып сөз айтыш
Чечендиктин белгиси. Ата Журтун ардакташ Азаматтын белгиси. Азамат баркын билбеген, Наадандыктын белгиси. Андай менен бир жүрсөң, Адамдын келет өлгүсү.
Кайратың тоону бузса да, Кашыгың көлдү сузса да,
Оозуңдан чыккан сөзүңө,
Зоо куланып учса да,
Эл менен сен адамсың, Элден чыксаң жамансың. Кабарың күнгө кетсе да,
Жылдызга колуң жетсе да,
Жараткандын дүйнөсү
Бүт колуңа өтсө да,
Эл менен сен бийиксиң, Элден чыксаң кийиксиң. Тоо бузулуп, таш урап,
Тозулбаган жерде жок.
Чайпалбаган көлдө жок, Чалыкпаган жанда жок, Бөксөрбөгөн сууда жок. Бөлүнбөгөн элде жок.
Түгөнбөгөн кенде жок, Түйшөлбөгөн пенде жок. Терең акыл, кең пейил, Термелбеген элде жок.
Жакшыга жаман жеткен жок,
Шар аккан сууда өткөөл жок, Күйүттүү ишке бушман жок, Өлүмдөн кыйын душман жок. Түбү жука адамдар, Төгүлгөн сөздү айта албайт. Мээнет менен жан багыш Адамдыктын белгиси.
Сөздүн ыгын билбесе,
Сөөдүрөп топто сүйлөсө, Тантыктыктын белгиси. Айтса кулак илбесе, Акылсыздыктын белгиси. Убада сөзүн унутуу –
Эсерликтин белгиси. Ата Журтун ардакташ, Азаматтын белгиси.
Алтын-күмүш кармаса Арамдыкка барбаса, Зергерликтин белгиси.
Бейпай сөздү сүйбөгөн, Жакшы адамдын белгиси.
Өрнөктүү өмүр баштаган, Артына нуска таштаган Акылмандын белгиси.
Башкага элин сатпаган,
Бар жакшысын мактаган, Журт намысын сактаган, Көсөмдүктүн белгиси.
Кызылы өчсө өңүңдүн, Күчү кетсе белиңдин Карылыктын белгиси. Насыя айтыш балдарга Карыянын белгиси. Ынтымак болсо элиңде Кут конордун белгиси.
Көңүл сүйгөн жер болсо,
Айткан сөзүң эм болсо,
Акындын келет келгиси, Бермет сөздү тергиси.
* * *
Тирүүлүктө агайын Бириңе бириң кадырлаш. Өтүп кетсе өмүрүң Экинчи кайра табылбас.
О, армандуу дүнүйө,
Башы бүтүн айда бар, Ботосу өлбөс кайда бар? Көзү бүтүн күндө бар, Кызы өлбөс кимде бар? «Адеби жок ырчынын Артында жаман сөз калат. Ачык нуска ырчыдан Ааламга кетчү кеп калат».
Чоңду Койчуман уулу (ХIХ–ХХ)
Жамгырсыз калса жер карып,
Жакшысыз калса эл карып,
Аялсыз калса эр карып,
Соолуп калса көл карып,
Суу жетпесе чөл карып, Ак мөңгүсүз төр карып,
Ачылып калса көр карып,
Тумансыз калса жел карып, Мөндүрсүз болсо сел карып, Мөңгүсүз калса бел карып. Кези-кези келгенде, Карынын сөзүн сыйлап өт. Кези-кези келгенде Досуңду жоодон сактап өт. Кези-кези келгенде Темирге күмүш чаптап өт. Кези-кези келгенде Аккан суудай шарылда. Кези-кези келгенде, Шамал болуп арылда.
Кайрат-күчүң барында, Каптаган өрттөй жалында.
Молдо Нияз (XIX)
Хандарга болот так деген, Кара болбойт ак деген.
Насыя болбойт нак деген, Санаркоо болбойт сак деген.
Жууса кетет кир деген,
Жолго салат пир деген. Өксүгү болот өлүмдүн, Өкүмү күчтүү залимдин.
Жамгыр жаап жаз болот, Жакшынын сөзү аз болот. Жанына адам жолобой, Жамандын баркы пас болот.
Жеңижок (Өтө) Көкө уулу (ХIХ–ХХ)
Замандар өтөт, эл калат, Кандар өтөт, калк калат. Укум менен тукумга, Уланышкан нарк калат.
Канча заман өтсө да, Кадырланган салт калат. Бирөөгө кең, бирөөгө Тар экенсиң замана. Бирөөгө жок, бирөөгө Бар экенсиң, замана. Бирөөгө бак, бирөөгө
Зар экенсиң, замана.
Жарык дүйнө – бейиши,
О дүйнөдө бар бекен, Ушунун бир тамчысы. Билип туруп чын сүйлө, Бейиш мына бул дүйнө. Байыстабай бир азга, Өткөнүн көрчү дүйнөнүн. Артынан жоо куугансып, Көчкөнүн көрчү дүйнөнүн. Кирген суудай шаркырап, Акканын көрчү дүйнөнүн.
Карып кетет кайран жан,
Караанын дагы көрсөтпөй, Каякка кетет зирек жан?
Эскирип кетет ээсиз жан, Элесин деги көрсөтпөй,
Эсиңе түшөт зирек жан.
Ак боз аттай зуулдап,
Аккан суудай шуулдап, Кирип кетет турбайбы.
Ааламда жайы белгисиз, Акылың деги жетиксиз Эрип кетет турбайбы!..
Күн менен түн камчылап,
Өтүп жаткан, дүнүйө Бири күйсө, бирөөбү Өчүп жаткан дүнүйө.
Өлүм менен коркутуп, Сызык кылган дүнүйө. Булбулдардын сайраган, Үнү сонун дүнүйө. Жаман жүрөк жок болот, Ойдон күлүк ой болот.
Баарынан кесел кор болот,
Сулуунун көркү бой болот. Өмүр таттуу көрүнүп, Өтө берет турбайбы. Акылмандын айтканы, Кыска болот турбайбы. Эмгеги менен элине Нуска болот турбайбы. Өмүр менен өлүмдө, Күрөш болот турбайбы.
Өлмөйүнчө кор болбойт, Жакшы адамды жандаган.
Тоголок Молдо (ХIХ–ХХ)
Кара өзгөй болбой жоо болбойт,
Шагылы болбой зоо болбойт, Шайыры болбой эл болбойт, Пейили жакшы кем болбойт. Өткөн өмүр, учкан куш, Колуна келбейт ал кайтып. Туйгун качса туурунан, Тууруна конбойт ал кайтып. Жаман болор жигиттер, Жакынына кас болот.
Жарды болор жигиттер, Дөөлөтүнө мас болот.
Жакшынын жакшылар билер сымбатын, Жаман кайдан билсин арзан менен кымбатын.
Токтогул Сатылганов (ХIХ–ХХ)
Жакшы сөзү болбосо, Карынын көркү болобу?
Алганың сулуу болгон соң, Аркырап беттен алган соң, Сулуулугу не пайда? Өмүрүңдүн ичинде, Өлбөгөнгө миң кызык.
Бул дүнүйө бекерсиң,
Бир күнү өтүп кетерсиң, Опосу жок дүйнөнүн, Түбүнө ким жетерсиң.
Келериңде дүнүйө
Толукшуп чыккан айдайсың, Кетериңде дүнүйө Суу жүрбөгөн сайдайсың.
Дүнүйө чиркин ушундай, Колуңдан качкан кушуңдай! Өлбөй тирүү калбайсың, Жан аманат, ойлоп бак.
Ыркырашпа тирүүңдө Ырыс алды – ынтымак.
Уят айтпа улууга. Жакшы адамдын белгиси Эл камы үчүн жүгүрөт. Жаман адам белгиси Өз камы үчүн бүлүнөт.
Жакшы аялдын белгиси Колдогу шумкар түлөктөй. Ар мүчөсү келишкен – Тартып койгон сүрөттөй.
Намысы үчүн жоо сайган,
Баатырдын көркү урушта.
Уяты бар адамдын, Нуру болот бетинде.
Кайраттуу болор жигиттин
Оту болот көзүндө,
Ушакчы болгон жигиттин, Урматы болбойт элине. Туура сүйлөп, түз жүрсөң, Кадырың болот калкыңа. Ары жок ишке барганча, Артык көр андан өлүмдү.
Жигиттин көркү ачылат, Айнектей сулуу жар менен. Аргымакты жаман деп, Бууданды кайдан табасың? Агайынды жаман деп, Тууганды кайдан табасың? Жолдош болбо коркокко, Жүк артпагын торпокко, Иш кылдырба чоркокко.
Көңүл калар кеп айтпа,
Оору менен картаңга,
Бузуку менен муңдашпа,
Уятсыз менен ымдашпа, Акмак менен сырдашпа. Азамат болсоң, жаш балдар, Ачык айтып, ак сүйлө. Бирде бар да, бирде жок, Опосу жок шум дүйнө. Алмадай болгон башыңды, Алып тынат куу дүйнө. Кайран өмүр барында,
Балалыктын чагында,
Гүлкайырдай гүлдөп ал, Күлгүн жашың барында.
Карылык кууп жеткен соң,
Кайран өмүр өткөн соң, Кара чым басып денеңди,
Каларсың жердин жайында…
Күүң барда иштеп көп, Күлүп-жайнап эр жигит. Өлбөй тирүү калбайсың, Жан аманат, ойлоп бак. Аз өмүрдүн ичинде, Амандашкын күнүгө.
Өлбөгөнгө табылат, Аздыр-көптүр дүнүйө. Колдон келсе тартынбай, Кайрылгыла карыпка.
- * *
Жакшы адамдын белгиси – Жашырбай айтат билгенин.
- * *
Душманыңдан жалтанып, Кайра тартып коркпогун.
- * *
Кайраттуунун алдынан, Каршы душман өтө албайт.
- * *
Жакшы адамга наалуу жок. Кары да бол, жаш да бол, Кадырлашкын тирүүңдө. Калат го бир алтын баш, Казылган көрдүн түбүңдө. Өзөнгө элим толсочу, Өмүр өтпөс болсочу. Жашка ажал келбес болсоңчу, Жакшы адам өлбөс болсочу. Эрдин көркү эл менен, Эмгегиң менен элге жак.
Калмурза Сарпек уулу (ХIХ–ХХ)
Ырыстуу элдин алдына Ырчы келет какылдап.
Ырысы жок адамга Доочу келет шакылдап.
Ырчынын сыны ыр болот, Ырдап кеткен жерине Ырыс менен кут конот. Күлүк кетсе из калар,
Күлдү журтта сөз калар,
Күйүт түшсө калкыңа,
Кадеми арткан пашага, Калка болуп ким барар, Айласын анын ким табар.
Торконун көркү уз болот,
Тойдун көркү сөз болот,
Тополоң түшкөн эл болот,
Азамат көркү ат болот,
Адырдын көркү мал болот,
Аштын көркү туз болот,
Айылдын көркү кыз болот,
Жайлоонун көркү жаз болот, Жаман адам коркулдап, Өз элине кас болот.
Сынчынын сөзү сын болот,
Ырчынын көөнү ыр болот, Көкүрөгү көрбөсө, Көз көрүүдөн не пайда. Өскөн элин көрбөсө, Өзгөрүүдөн не пайда.
Өнөр, билим билбесе, Өзгө уруудан не пайда.
Эшмамбет Байсейит уулу (ХIХ–ХХ)
Кеп айтпагын жаманга, Кеңешпегин нааданга. Кези жок жерден кекээрлеп, Кесири тиет адамга. Дүркүн-дүркүн дүркүндө, Дүйнө өтөр бир күндө.
Алты күн атан болгуча,
Бир күн буура болуп зиркилде.
Өмүр, жашоо – бардыгы, Келбейт экен бүркүмгө.
Чын акылың жетишсе, Чыныңды бурба күкүмгө. Бул жашоонун чоң жолу, Сала берет түркүмгө.
Эсиң барда эр жигит, Энеңдин сүтүн актагын. Эси жок жанга акшыйып, Эргип бекер жатпагын.
Эзелден бирге досуңдун, Эсирип баркын сатпагын. Асылдыктын белгиси, Аралашпа чаң менен.
Эл үчүн жигит туулат,
Эл үчүн белиң буулат,
Эр жигит чыдайт намыска, Элинде кыйын иш болсо. Өлүм деген аткан ок.
Молдо Кылыч Шамыркан уулу (ХIХ–ХХ)
- * *
Оодарылган дүнүйө Орнобогон түбөлүк.
- * *
Жигит болсоң абайла, Убал кылба жаныңа. Тазалагын жолуңду,
Тарта жүргүн колуңду.
- * *
Кетти канча далай сөз, Кара көзгө көрүнбөй. Акындардын абазы,
Домбуранын үнүндөй.
- * *
Тили жүйрүк акындар, Сөзү сайдын ташындай.
- * *
Пейли тардын куну жок.
- * *Жаман болсо катының, Ичтен жеген митедей. Тил албаган балаңыз,
Бел ашпаган арыктай.
- * *
Ызаты бар боз балдар, Күйүп турган чырактай. Ызаты жок боз балдар, Кургап калган булактай.
- * *Жаман сөз калар так болуп, Көкүрөккө айыкпай.
- * *Тил байланар бир күнү, Тиричиликке кубанба. Көңүлүңдү алдатып, Бул дүнүйөгө жубанба.
- * *
Өзү акыл билбеген,
Айткан сөзгө кирбеген, Тил билбеген макоодой.
- * *
Сөз бербеген жөө чечен, Учуп жүргөн камгактай. Пайдасы жок чечендик,
Чөп чыкпаган кургактай.
- * *
Кур талаага семирбе, Болбос ишке асылып, Бекер куру теминбе.
- * *Байкасаңыз дүйнөнү, Баяны жок түбүндө. Канча жакын көрсөң да, Аяны жок бир күндө.
- * *Башка түшкөн өкүмдөн Жан-жаныбар кутулбас.
- * *
Жакшылык менен жамандык,
Баары актан болгон соң,
Сабырлык кылмак жарашар.
- * *Ыкыбалуу кишилер, Адилеттен айныбас.
- * *Жамандардын адаты, Жакын досун оңдурбас.
- * *
Азаматтын жаманы – Иттен жаман качкандай. Айткан сөзү адамга, Ай балталап чапкандай.
- * *Азаматтын артыгы – Зымга тарткан күмүштөй. Сырын тышка чыгарбас,
Таптап койгон кылычтай.
- * *
Анык чечен акындар,
Жазгы жааган жамгырдай.
- * *
Адетте жок иш болор, Адам пейли бузулса. Өзүбүздөн көрөлүк, Береке журттан кысылса. Адеттеги иш эмес,
Ай менен күн тутулса.
- * *
Оору көңүлүн ким ачар?
Ал сураган тең ачар. Черленген эрдин кайгысын, Алдейлеп сүйгөн бала ачар.
Адамы жигит арышын, Алма моюн, жалкы чач,
Жаркылдап күлгөн жар ачар.
Уул кайгысын ким ачар?
Алдындагы мекени,
Артындагы баанасы, Ата менен эне ачар.
Үмөтаалы Эсенаман уулу (ХIХ–ХХ)
Баланын чындап актары, Эненин эмчек сүтү экен. Жер дүйнөнү өзгөрткөн, Адам ата киши экен. Адамзат пендеңиз, Дүйнөгө келген куш экен. Жамандыкка жакшылык, Карама-каршы туш экен. Далбастап жыйган дүнүйөң, Бир гана көргөн түш экен. Канча эсептеп көрсөң да,
Кылымдын жашы жүз экен.
Артында калса жакшы сөз,
Бу да бир чыйыр из экен. Адамзатка сыйлашуу,
Бизиң менен сиз экен.
Туура сүйлөп ак жүргөн, Акылмандын иши экен.
МАТЕРИАЛДЫК МАДАНИЯТ
Көчмөндүк турмушту атам замандан башынан кечирген кыргыздардын материалдык маданиятка өтө бай жана эң байыркы болуп эсептелет. Жашоо шартына ылайыкташып жасаган боз үйлөрү, кийген кийимдери, тамак-ашы, оокат-тиричилиги жана алыс сапарга жолоочулугу, малжан менен мамилелери ж.б. толгон турмушу ошол элдин тарыхый өнүгүшүн, рухий дүйнөсүн көрсөтүп турат.
Далай мезгилди, жерди жана узак жолду басып, көчмөндүк жашоону кечирген кыргыздардын материалдык маданиятына башка конушуна, боордош уруулардын, элдердин жана өлкөлөрдүн таасири тийгендиги байкалат. Кыргыздардын материалдык маданиятындагы (үйжай жасоо жана жасалгалоодогу, кийим, үй тиричилик буюмдарындагы, тамак-аш даярдоодогу, ошондой эле жөрөлгө-салттары менен рухий маданиятынын башка көрүнүштөрүндөгү жакынкы мезгилге чейин сакталып келген өзгөчөлүктөр алтай, хакас, тыва (тува), казак ж.б. кээ бир элдерде учурайт. Бул алардын маданиятынын окшоштуктарына жана өз ара карым-катышта болгонун ырастайт.
Энесай доорундагы кыргыздар менен Ала-Тоодогу жашаган кыргыздардын материалдык маданияты ар түрдүү өнүккөнүн жана өзгөчөлүгүн археолог окумуштуулардын, маданият изилдөөчүлөрдүн эмгегинен дайын болгон. Азыркы күндө да Кыргызстандын Түштүк жана Түндүк тарабында, Памирдеги, Кызыл Суудагы, Алтайдагы жашаган кыргыздардын материалдык маданияты ар түрдүү экендиги, өзгөчө айырмачылыгы бардыгы көрүнүп турат. Айрыкча, кыргыздардын эзелки материалдык маданияты жөнүндөгү кабарлар байыркы Кытай жазмаларында көп жолу эскерилет. Ошондой эле XIX–XX кылымдардагы кыргыздардын турмушун, материалдык маданиятынын ар түркүн көрүнүшүн жана пайдаланышын орус жана батыш саякатчылары, изилдөөчүлөрү басма сөзгө баалуу далилдерди калтырышты.
КЫРГЫЗДАРДЫН ТАМАК-АШТАРЫ
Кыргыздардын улуттук дасторконуна жайылган тамак-аш берекелүү, даамдуу жана экологиялык жактан тазалыгы менен башкалардан айырмаланат. Байыртадан бери кыргыздарда негизинен эт менен сүттөн жасалган тамак-аштын түрү 100дөн ашат. Кыргыздар төө, топоз, жылкы, уй, кой, эчки жана кайберендердин эттерин жешет, алардан нечен түрдүү тамак-ашты жасашат. Эл ичинде тууралган этке камыр, пияз аралаштырган нарын (бешбармак) сыяктуу сый тамак бар. Тойлордо, мааракелерде жылкынын эти, ич эттери дасторконго кошо коюлат. Жоокерчилик заманда казатка, салбурунга, алыска жолго чыкканда күлазыктын түрлөрүн алдын ала даярдап алышкан. Непадан жоокерби, жолоочусу болобу, өтө ачка болсо, минген атынын күрөө тамырына түтүк сайып, канын ичкен же бышырып жеген.
Кыргыздар малды союп жиликтегенди жана бышырган эттин устукандарын меймандарга жана келгендерге кандайча тартууну мыкты билишет. Кыргыздар койдун, эчкинин, уйдун, топоздун, төөнүн, бээнин сүтүнөн айран, жуурат, сүзмө, курут, быштак жасашат. Алардын көп түрлөрү бар. Айрыкча кыргыздар кымыз ачытып ичкенди өтө жакшы көрүшөт, анын да бир нече түрлөрү бар. Илгерки кыргыздардын кымыздан арак тартканы байыркы кытай жазмаларында айтылат.
Илгертен табыптар, бакшылар, бүбүлөр, тамырчылар, дарыгерлер, жаратылыштын миң түркүн өсүмдүктөрүнөн дары-дармек жасашып элди дарылашкан. Жер-жемиштердин мөмөлөрүн тамактын даамын чыгарганга пайдаланышкан. Бозодон арак тартышкан. Кымыздын, чекендинин ашынан бал кайнатышкан.
Кыргыздын тамак-аштары малдын азыктарынан жана нукура дандан тургандыктан чөп отуна карата күчтүү, абдан кубаттуу келет. Бүгүнкү учурда кыргыз тамак-аштарын изилдөө-иликтөө, жандандыруу максатында жайылган дасторкондун айрым унутулган түрүн кайра эске алуу, аны сактоо алдыбызга тургандыктан жаш муунга түшүндүрүү аракеттери абдан зарыл болуп турат.
Кыргыздын тамак-ашы. Сары казы, кыйма жал, керткен жал, ташкордо, керчөө, чучук, карта, муздак ич эт, кыйма боор, жөргөм, тил, сүр эт, сүр кабырга, бүтүн бышырылган кыргоол, тооктун муздак эти, куурдак, куурулган тоок ж.б. дасторкондун дайым көркү.
Күлазыктын чийки, илгертен эле бышык, кошкон, аралаш, күлазык деген түрлөрү бар.
Ташкордонун бүкүлү таш кордо, асма, думбалама, жапма деген түрлөрүн жоокер эл илгертеден пайдаланышат. М.: эски нарын «алашак», үйүрмө, келдемиян, мээ нарын, сүр нарын, ак дөбө, шапшыма, күрүч нарын, күлчө нарын, нанды нарында деп булар бир топко бөлүнөт.
Тууралган этти жылкынын этинен, бодонун, алашак селделүү, мээлүү, казы-карталуу тууралган эти, ич эттин тууралган бешбармагы, кайберен жаш малдын этинен жасалат, сүр тууралган эт, балык, бешбармак.
Чучуктун түрү: кабырга чучук, иймек чучук, түндүк чучук, сүр чучук, тоңдурма чучук, карта чучук, кан чучук (буга казыга кан кошулат).
Сары жүрмө: жаңы сары жүрмө, сүрсүгөн, тыккан сары жүрмө, май чучук.
Ич эт: карын, боор, бөйрөк, кадимки жөргөм, майлуу жөргөм, быжы, олобо.
Куурдак: тоңдурма куурдак, сарыктырма, куурулган куурдак, төө куурдак, кийик куурдак, кара куурдак, борпошо, солкулдак.
Кебек (шашлык), көммө кебек, жапма, буулама, май кебек, кабырга кебек, «бый-пый» кебек, керчөө шишкебек, боор шишкебек.
Сүттөр: кой, эчки, уй, топоз, төө, бээнин сүтү болот. Каймак, камкаймак, коймо каймак, тарткан каймак, ачкыл каймактар.
Айран май, каймак май, сары май, кошкон май, чөбөгө.
Айрандын да түрлөрү: нак айран, коютмак, бышкан айран, кам айран, келегей айран, көк айран.
Сүзмө: жаңы сүзмө, кургаткан сүзмө, кайнаткан сүзмө.
Куруттар: май курут, чий курут, эжигей курут, иримчик курут.
Быштак: ууз быштак, иримчик быштак, такта быштак, эжигей, эттүү эжигей.
Кымыз: тундурма кымыз, саамал, чайкаган кымыз, ачыган кымыз, кымыран кымыз, төө кымыз, уй кымыз, көөрчөк.
Нандар: шыбама, казан нан, загыра нан, калама, көмөч, коруштуу, пияз көмөч, каттама, тандыр нан, патир нан, бурама нан, чаңгели, күлчө, шырман нан, сейдене нан, сүмөлөк нан.
Жупкалар: чабаты, челпек, май челпек, чөрөк, сүртмө, катырма ж.б.
Май токочтор: чарчы боорсок, сайма боорсок, ачкыл боорсок, чий боорсок, кыртылдак боорсок, көөкөр боорсок, картошка боорсоктор.
Куймактар: кер куймак, куймак, сүзмө, булама, чалмакей ж.б. май каттамалар.
Чайлар: куурма чай, актаган чай, каймак чай, май чай, сүзмө чай, убай чай, самоор чай, бал чай, мурч чай, таттуу чай, кошкон чай, кам, муздак чайлар, көк чай, жакна чай.
Муздак оокаттар: чагыр сорпо, атала, кара жарма, максым, бозо. Көөлөгөн талкан, мыкчыма.
Кесме: шортек кесме, куйкум кесме, туурамыш кесме, түймөч, тоок кесме, сүт кесме, бээ сүтүнөн кесме, кыйма кесме, жашылча кесме, карандай кесме, камыр кесме, үзмө аш.
Милдеттүү тамак. Уюшуп тамак ичүүнүн бир түрү, тактап айтканда, ал бересе тамак. Бирөөдөн сый көрөсүң. Атайын кадырлап чакырып тамак берет. Шарты келгенде ага жооп кылып, ошондой дасторкон жайып, колуңан келген сыйыңды жасайсың. Мына ушундай мамилелери менен тамак-аш ичишкен жоро-жолдоштор жакшы санаалаштар болуп калышат. Дасторкон адамдарды жакындаштырат. Мындай сапатка ээлер, кадыр тутуулар, куда-сөөк күтүүлөр, алды-беркилердин тирүү болсок, бир дөңдө, өлүү болсок бир чуңкурда бололу сымал касиеттери артылат. Албетте, тамак ичүүлөрдө кыял-жоруктары шайкеш, асылкеч, бирдей мүнөздөгү адамдар тандалат.
Жайыл дасторкон. Бул – тамак-ашым менен, куу казан эмес, май казан, дайыма эл келип, ичип-жеп турса, келди-кеттибиз көп болсо дегендик. Мунун баары үй ургаачысына байланышат. Илгертен эле колунан иш келген узга, үй оокатын мыкты тирдеген, келгендерге кабагыкашы жарык, аш-тамагын койгон аялзатына да арналат.
Күлазык. Берекелүү ток азык, көпкө бузулбаган жеңил жагымдуу азык. Байыркы көчмөн турмушта, жашоо жакадан, бөрү этектен алып турган тынчы жок заманда кыргыз эли тутуртабастан, улам конуш оодара берген. Ошондой мезгилде азыкты да ошол турмушка ылайыктуу камдаган. Көбүнчө семиз уйдун этин кургатып, аны майда туурап, талкан аралаштырып, жакшы идишке сактаган. Андан даамдуу тамак жасап жеген. Жылкынын этинен жасаган эмес. Анткени ал какшып, тез бузулуп кеткен. Таруунун талканына, эгиндин талканына бал, сары май кошуп, күлазык камдаган.
Илгертен кыргыздар жоокерлик заманда казатка, жолоочулукка аттанганда узакка көчкөндө күлазыкты камдашкан. Күлазыкты ар түрдүү жасашкан. Негизинен, эттен жасаган жана ар түрдүү дары чөптөр кошулган. Анын чийки, бышык, аралаш деген түрлөрү бар. Жолоочулукта, талаа жеринде от жагып, таш кордо жасай коюу оңой болгон, анда асма, думбалама же жапма деген түрлөрдү колдонушкан.
Кул жебес. Малдын абдан чүйгүн эти. Буга казы, карта, жал, чучук сыяктуу ширин эттер кирген. Албетте, муну илгери колунда барлар, байлар, малдуу адамдар жеген. Колунда жоктор муну жей албаган.
Тай эти. Тай эти күчтүү, тамак катары белгилүү. Дарычылык катары, териси адамдарды түтөктөн сактайт.
Мурундан кан түтөктөгөндө мурунду ат жалынын алдына катып, бир аз тер менен дем алып турганда мурун каны басылат, дароо адам өз абалына келип, чыйрала түшөт. Мындайда адам өзүнүн тер тебетейин жыттаган учурлар да болот.
«Кой короо колоңсо жыттанып калды» – деп урматтууларга тай, жабагы, ээмп турган кулун союу салты жеринен бар, тай эти күлазык. Аны карыялар мындайча баяндайт: тай эти сөөгүнөн шылынат. Бычак сыртындай жукалап кесилет. Аны түндөсү канынын шүйшүнүн качыра желдетет. Күндүзү алдына жалбызды төшөп, үстүнө чий жайып ар бир тилимин бири-бирине беттебей, тийгизбей, курт, чымын жолотпой кургатат. Өрүк кагы сымал катуу кургаган этти жаргылчакка тартат. Салмагына салмак талкан кошуп аралаштырат. Талаа-түздө жүргөндө бул күлазык болуп эсептелет. Муну ысык сууга өлчөмү менен чалганда укмуштай даам берип, ток болот. Аябай кордогон бозого талкан умачтайт. Бул да күлазык. Мында бир табак ысык сууга бир кашыгын салса, көбүргөн-жабырган аш болумдуу тамак келип чыгат.
Күчала. «Кучала ичтиң беле?», «Күчаладай күчү бар» өңдүү сөздөр айтылат. Күчала – күч аласыз деген түшүнүк. Ал – тамырлуу өсүмдүк. Өзү топчудай тегерек көрүнөт. Сүткө гана эритип, кургатып, тоскокко айландырып, бир чай чыны сүткө чымчып кошкон күчаланы кайнатканда сүт эрмен даамданат. Ал ички илдетке даба болот. «Кымызың тим эле күчала болуптур», «Бозоңо кучала салгансың го?» дешет ичкендер.
Албетте, бул суусундуктардын өтө күчтүү ачыганын билдирет. Камдуулар күчаланын бир өлчөмүн мейизге аралаштырып, мисалы, марлиге (илгери чүпүрөк) түйүп, саамал кымызга салып ойдогудай бышып, сабааны жылуулап койсо, эртең менен үстүнөн сүзө куюп, тунмасын жутса, ошол күчалага барабар. Муну корлогон бозого да так ошондой аз өлчөмүндө салып ачытат.
Ак кодол. Экинчи күч бере турган өсүмдүк – ак кодол. Мунун тамырын кымызга салып да ачытат. Дарылык касиети да бар. Илгеркилердин көп аялдуулугу, көздөрүнүн курчтугу, чырымталы жаш, кырчалуу келиши, тиштеринин бүтүн болуусу, күүдөн-күчтөн тайбоосу – ушундай дарылык да, дабаалык да касиеттери күчтүү даамдарды ичип-жештен турат.
Жапма челек. Бул жашырып, башкаларга көрсөтпөй, ичкен тамак. Илгери кымыз эли көчмөн абалда жашаган кезде эгин тартыш болгон. Нан аз болгондуктан көбүнчө жарма, бозо, эчкеме сыяктуу суюк тамак ичкен. Көбүнчө эчкеме жасап, аны башкаларга бербей, өз бүлөсү менен гана ичкен. Анткени эчкеме бозо сыяктуу болот. Айырмасы ага угут салчу эмес. Ошондуктан аны элге чакырып бергенден да үй ээси уялар эле. Жашырып өзүлөрү гана челектин үстүн жаап коюп иче турган.
Сайсагызган. «Сайсагызган сайда экен, сан жылкы колхоз байда экен…» деген ырды угабыз. «Сайсагызган жаны жай албаган, боз таркылдактын көлөмүндөй куш» – дейт. Бул Таласта, Кетмен-Төбөдө, Чаткалда, Алайкуу тарапта кездешет. Кудай акы, аны көрбөппүз. Ал өтө сак, атып алуу да кыйын дешет. Даана таанып, колго бир тийсе, жаңы гана саалган бээнин сүтүнө бир түн, бир күн койсо, кара көгүш нерсе сүткө калкып чыгат имиш. Аны жешке болбойт. Ал уу болуп эсептелет. Мына ошондон соң жүнүн жулуп, таза союп, ичеги-кардын алып куйкалап, эки ташка асты-үстү жалпайта бастырып, жатак алдырат. Анан эки сокмо чийдин ортосунда шамалга мээлүүн кургатат. Ал бир жарым ай чамасында как болуп калат. Аны да тай этиндей жаргылчакка тартат.
Күлазыктарды сактоо. Адатта, эжигейден, куруттан, эттен, дандан даярдалган күлазыктар, ийленген тулуптарда мыкты сакталат. Бир буудайдай бүртүгүн тил алдында чанда салып, ширесин чыгара кез-кез шимип отурат. Күчтүү тамакты астырып кой. Ичтейди карышкырдай ачтырат. Тамак же, кары денең кайра жашарат – дейт карыялар.
Кайберен чөп. Сырын беш манжаларындай билген мергенчилердин баамдоолорунда тоо текелердин өзүнчө эрөөлдөрү болот. Жеңгени ошол кайберендерге тукум берүүгө укук алат. Ага баш ийип, башкалары эчкилерге жолобойт. Дегинкиси тандап тукум алуу – кайберендердин шарты.
Ал теке жылдыз карап, жүгүрүү учурун күтөт. Эчки-чебичтердин бир тобу кууттан чыгат. Теке арыктайт, дарманы сооло баштайт. Ошол эчки-чебичтер байыр алып турган жерде аска чөбү болот. Ошону теке барып жейт. Андан кайра кубат алат дагы, кайрадан күүлөнөт, кууту уланат. Муну Көл, Нарын тарапта «текечөп», «кайберен чөп» дешет. Болумуштарга караганда бул чөптүн тамыры мээр чөпкө (женьшенге) салыштырганда он эсе күчтүү имиш. Тоо текенин, кайберендердин өтүн ичип, этин жесе, адамдарга укмуштай кубат берээрин мергенчилер көп айтат.
Күчала, ак кодол, кайберен чөбү, тайдын, сайсагызгандын эттери жана башка биз айтпай кеткен күлазыктар, карт денени жаштай кармоочу тамак-аштар иликтөөизилдөөнү, унутулгандарын кайрадан күн тартибине алып чыгууну талап кылат.
Түймөч кылуу. Күз башынан ойдогудай семиртилген малды союп, этин чыпчыргасын коротпой кардына шыкай салып (кичине туз кошуп), муздак жайга тоңдуруп коюп жазда, үзүмчүлүктө (узун сарыда) ачып, тамак кылып оокаттануу. Ошондо койбу, эчкиби, уйбу, сөөгүн шылып алганда сулп эти өзүнүн карынына баткан. Жазда кызыл болуп, өтө сонун сүрсүп, жешке ширелүү болуп калган.
Түймөч кылуу – этти майдалап туурап, тузду өткөрө татытып, кууруп алуу; куурулган майда этти кесме аралаштыра чала кууруп, карынга ж. б. идиштерге салып алуу. (Бул ичкилик, анжияндык кыргыздарга мүнөздүү болгон). Булар «аш катык» деп аталат. Албетте, мындай эт азыктары талаа-түздө жүргөн, жоокерчилик кылган кыргыздар үчүн жарым күлазыктык милдет аткарган.
Талкан – күл азыктарынын бири. Андан жарма жасалат. Анын сүт жарма, кара жарма, сорпо жарма, максым ж.б. түрлөрү токчулукту билдирген. Талкан – асыл тамак. Чалмакей чалуу (сүткө талкан чалып, суюгураак кылып ичип-жеш), каймакка, сары майга талкан мыкчып берүү, сүзмөнү эзип, талкан чалып ичүү. Талканы барлар ток турат дегенди туюндурат. Даамдын бул түрүн даярдоо анча кымбат эмес. Чийки дан казанга куурулат. Сокуда күйшөлөт. Эгер арпада чар болсо, калбырдан өткөрүлөт. Таза дан иргелет. Т.а., талкандын даана жердиги арпа болуп саналат. Мындан сырткары буудай талканы, жүгөрү талканы бар. Буудай күйшөлбөйт. Тегирменге тартылчу талкандык арпа анча өткөрө куурулбайт. Ал анткени сууга кайнатылат. Жаргылчактык талкан бышыгыраак куурулат. Себеби ал максымга чалынат, сүткө көөлөнөт, каймак майга мыкчылат. М.а. талкан жасоого анчалык билим, зор тажрыйбанын зарылдыгы жок. Энелерибиз даярдап, канааттандырып келген азыктын азыр күн тартибине келиши керек. Суу тегирмен чуркатуу – дөөтүлүк милдет. Жаргылчак тартуу – феодализмге чегинүү эмес. Ар нерсе турмуштук зарылчылыктан, адам өзүн өзү тейлөөдөн келип чыгат.
Мурункулар бүкүлү дан, туз, суу, май болсо андан тамактын бардык түрлөрүн байыткан. Алар кийинкилер унутуп бараткан куурма чай, кошкон май, олобо, эжигей деген элдин эзелтен берки тамагын жасашкан. Куйрук боор, жөргөм, конок, таруу, сулуу, буурчактык тамакты жасаганды жакшы билишкен.
Атадан калган тамак. Бул – адам баласында жеринен айтылуучу сөз. Ар бир элдин өзүлөрү сыймыктанаар, башкалардан түп-тамырынан айырмалана алуучу маданиятынын бири – алардын тамак-аштары. Ал алмустактан бери мурас катары келүүдө, жеп ичилүүдө. Жер шартына, элинин кесипчилигине ж.б. жагдайларына жараша тамак-аштарынын бөтөнчөлүктөрү байкалат да, демек, негизинен элинин жалпылыгын түзөт. Мында «элдик» деген сөз ар нерсенин байыркылыгын баамдатат. Кыргыз Ата үчүн мал чарба азык-түлүктөрү башкы орунда турат. Бул бештүлүктүн асырашына, тоолуу көчмөндүүлүккө тыгыз шартташкан.
Кымыз. Эт, сүт, андан даярдалган түрдүү даамдары аркылуу жашоо-тиричилиги өз багытында барган. Эт, сүт, кымыз, бозо – кыргыз тамак-аштарынын ата башы. Булар мезгил тандайт. Мисалы, кымыз ачытуу – жайкы жайлоо тамагы. Ал адатта, козуну союп, этин ак сорпо кылып бышырып, ага чейин кымызды кыдырып ичип, табак тартылып, т.а., этти майда туурап, чыктуу кылып, ирээти менен улуулата табакка кол салуу, ыракаттана отуруп, маданияттуу жеш, ак сорпосуна кымыз кошуп, «ак серке» (чагыр) кылып ичиш, суусаса, кайра кымыз жутуш – бизде мүнөздүү көрүнүш. Кышта согум союш, бозо ачытыш – булар атадан калган тамак.
Тамактын кадыры карының ачкан кезде, төшөктүн калыңы уйкуң келген жерде. Ар нерсенин өз учуру болот. «Ач кадырын ток билбейт», «Ток бала, ач болом деп ойлобойт. Ач бала, ток бала менен ойнобойт». Ошол сымал тамак адам үчүн биринчи дымак. Курсак ток чактары тамакты тандап, баркына жетпей эринип, ичип-жеш бар. Анда тузу, майы даярдалышы, алдыга келиши, баары теңделет. Андайда пендечилик кылып, ысырапчылык бар. Ал эми ач курсакты тойгузууда кызыл кекиртектен өткөнү эсеп болот. Ошого топук тиленет, тобо кылынат.
Ысык оокаттар. Кыргыз оокаттарынын адимиси да, абзели да, сыймыгы да, чүйгүнү да – ысык оокаттар.
Биздин улуттук тамактануубузда, бөтөнчө ысык оокаттарда өтө орчундуу орунду ээлеген – эт. Наарын, үйүрмө, куурдак, олово, чучук деген оокаттар (эгер коруш кайнасын эске албасак) жалаң гана май менен эттен болот. Ал эми бешбармактар, палоолор, айрым камыр оокаттар, быжылар да теңме-тең эт. Эт дегенибиз накта белоктун, майдын эч нерсеге алмаштыргыс аминокислоталардын, витаминдердин, минерал туздардын жана экстрактивдик заттардын булагы эмеспи. Этке кошулган дан, өсүмдүк азыктары кыргыз тамак-аштарынын сапатын жакшыртып, калориясын арттырып салары белгилүү. Себеби данда, жашылчада, мөмө-чөмөлөрдө, ар кыл аш-көктөрдө углеводдор, витаминдер, минерал туздар, ферменттер, азыраак болсо да белоктор, түркүн микроэлементтер, кант тар, эфир майлары, кыскасы, адамдын организмине эң керектүү химиялык заттар бүт бар. Демек, кыргыздын улуттук ысык оокаттарынын калориясы жогору келип, адамга жагымдуу болору шексиз.
Коюу оокаттардын кушкер даамдуу жана жакшы жасалышы болсо азык-түлүктөрдүн сапатына жараша тандоо менен аны кунт коюп бышырууга түздөн-түз байланыштуу. Анткени азыкты жасаар оокатка ылайыктап тандоо жана тандалган азыкты ойдогудай бышыруу – бул ашпозчулук өнөрүндөгү эң негизги касиет.
Элибиз өзүнүн коюу оокаттарын да башка оокаттардай эле кууруп, кайнатып, демдеп, буулап жана оттун (же чоктун) табына кактап бышырып келишкен. Азыр деле ушундай жолдор менен бышырат. Бирок электроэнергия, газ жана оокат бышырууга туруктуу кирген техникалык прогресс тамак-аш даярдоону көп жагынан өзгөртүп, өстүрүп койду. Демек, тамак-аш бышыруудагы буткүл илимий-техникалык жетишкендиктер биздин калкка мындан нары да демөөр болору түшүнүктүү.
Устукандар. Аш, той берип же мейман күтүүдө тамак берүү салтынын эң бийик жери устукан тартуу. Аны союш сойгон учурда берет. Туздаган же сүр эттен да устукан болгону менен союш союлгандагы шааниге жете бербейт.
Устукандар жылкы, уй жана жандык малдын жиликтеринен болот. Конок күткөндө жылкынын учасынан башка жиликтерин чаап (тең бөлүп) салат. Жылкынын учасы баарынан улук болот. Аны эң кадырлуу мейманга өзүнчө табак жасап, казы-карта, чучук кошуп бүтүн коёт.
Уйдун эки жамбашы баарынан улук. Бирок уйдун бардык мүчөсүн бөлүп салат. Жылкы, уй союлуп, аш, той, майрам сыяктуу мааракелерде устукан (б. а., бышкан этти) жасаган адисти эл ичинде бөкөөл деп атайт. Ал коноктун санына, жашына карап шыбага бөлүштүрөт.
Ал эми жандык малдын этин устукандоо болсо бодо малдан өзгөчөрөөк болот. Конок күтүп, кой сойгондо эң мурда жаш шорпо берилет. Анан баш тартылат. Баш баарынан улук болсо да көп жерлерде өз алдынча устукан катары жүрбөйт. Анткени баш эң кадырман, сый адамдын алдына коюлган менен жалпы олтургандарга таандык. Анын куйкумун баарына ооз тийгизүү салт.
Баштан кийин куйрук-боор алдырат. Андан кийин устукан тартылат. Устуканды илгертен бери кабыргадан башташкан. Олтургандар ак сакалдата бирден (сырттуусу жетпесе кара) кабырга алган соң жилик тартат. Баштан кийинки улук устукан мурда куймулчак экен. Бул эзелки салт азыр да айрым райондордо өз күчүндө.
Куймулчактан кийин сан жиликтер, б.а., эки жамбаш, эки кашка жилик, эки ашыктуу (чүкөлүү же жото) жилик улук.
Сан жиликтен кийин кол жиликтер, б.а., эки күң жилик, эки далы, эки кары (укурук) жилик.
Эгерде куйрук-боор алдыргандан кийин кабырга тартуунун кажети болбой калса, анда тыштуу кабыргалар кол жиликтерден улук устукан болуп эсептелет.
Жиликтердин соңунан карчыга, аркалар, омурткалар жүрөт. Бирок арка-моюн конокторго тартылбайт. Аны үйдөгү бала-чака жейт.
Жандык малдын жилигин тең бөлүп, бышканда бир жиликтин эки башын эки устукан катары тартуу да айрым аймактарда көптөн бери тажрыйбаланып келе жатат. Кайберендин эти да жандык малдыкындай устукандалат.
Кылымдардан бери элибиз этти шыбагага бөлүп жиликтеп, устукандап жегени анык. Ошол кылымдардан берки тажрыйбага, салт-наркка, элдик классификацияга караганда ар бир устукан өзүнчө тамак болууга акылуу. Ага карабастан, биз устукандарды жалпы баандап, үстүртөн жазуу менен гана чектелмекчибиз.
Рас, атадан балага өрнөк болуп келген устукан тартуу расмиси бүгүн да өмүр сүрүүдө. Турмуш-шартка карап өзгөрүп, жакшырып жүрүп отурган бул салт ар бир кыргыз баласына керек. Себеби конок күзөтүү ар бир үй-бүлөнүн башында бар. Конокто болгондо «өз устуканын өзү таанып алуу» ар бир кишиге милдет. Ошон үчүн устуканды тарта, тааный билүү баарыга парыз.
Баш – тегиз куйкаланып, таза жуулуп, 1,5–2 саат кайнап, жакшы бышкан койдун башынан жолун билген көсөм кишилер отуздан ашуун мүчө чыгарат. Сонундукка гана болбосо анчалык мүчөнүн барына токтолуунун кажети деле жок.
Мээ – баш менен кошо бышкан мээни чыгарып, пияз, сарымсак туурап аралаштырып, шорпо менен кошо берет. Бышкан мээни эзип, шорпого, бешбармакка кошот.
Бодо малдын, өзгөчө уйдун мээсин чыгарып, зире, калемпир-мурч сээп, пияз-сарымсак туурап, касага түйүп бышырат.
Мээни майга кууруп да жейт. Ал жагымдуу оокат болуп эсептелет. Бөтөнчө улгайган адамдар мээни жакшы көрөт.
Нарындар. Нарын кыргыз калкынын эзелтен бери жеп келаткан эски, кадырман тамактарынан. Ал тууралуу жомоктордо, эпостордо жана элдик ырларда не бир сонун фольклордук маалыматтар бар.
Нарын – туураган эттен болот. Ушул кезге чейин карыялар, туураган этти «нарын» дешет. Аны уйдун, жылкынын, топоздун, төөнүн, жандык мал менен кайберендин жакшы бышкан жаш жана сүр этинен майда туурап, шорпо, пияз, сарымсак кошуп жасайт.
Нарынды көбүнчө жигиттер аткарат. Аны майда тууроо, албетте, конокту сыйлоо. Аларга эт жегизүү, тактап айтканда, нарын кылып берүү. Нарын – улуттук тамактын ана башы. Этти куш тилиндей майда туурап, чык кошуп, аралаштырып (чыктап), жегиликтүү кылуу. Нарын кылып жеште чыгын куюп, улуулата уурташчу. Бул тууралган этти жумшартуу үчүн куюлган сорпонун, желген эттен кийинки маңызы.
Айрым аймактарда аш-тойлордо сорпону төгүп таштап, кургак эт жешет. Жандыктын эти менен бодонун этин табактап тартуунун айырмалары бар.
Союш союлуп, конок күткөндө адегенде шорпо берип, устукан тартып, анан нарын берүү менен сый тамакты корутундулайт. Демек, ал ар бир сыйлуу дасторкондо болуп келген. Нарынды касаптан алган эттен да жасайт.
Нарын жасоо негизинен окшош болгон менен аздыркөптүр айырмачылыкка ээ.
Этти жеш усулу. Этти куш тил кылып туурап, чыктап жеш. Нарын жешти карыялар нашаасын келтирүүчү. Чийки этти бузуунун, этти устукандоонун, деле малды союунун маданияты боюнча журтубуз укмуштай каада-салтка эгедер. Ал – атадан балага келе жаткан асыл тартип. Албетте, буга тоолук турмушта күтүрөп бештүлүктү күтүү, негизги азык-түлүктү малдан алуу, демек, жашоонун булагы мал аркылуу экени менен түшүндүрүлөт. Тартылган табакта эмне устукандар болору отурган адамдарга шартташат. Куш тил кылып эт тууроо, жаш өзгөчөлүгүнө карата устукан алдыруу, чык сунуу – эзелки маданият. Мында эске алар нерсе: эт жеп, туурап жаткан өз колун кайра-кайра жалабашы, ошол жалаган кол кайра табакка кирбеши; эт туурап бүткөндө колун майлыкка аарчып, этти чык менен аралаштырып, анан табакка кол салышы; ар бир адамга улуулата чык келмейин, туураган этти жешке киришпөөсү; чыкты улам ууртап, ашыкпай жай олтуруп, улуулардын жешин, жутушун күтүүсү; эт желип бүткөндөн кийин гана өз колун өзү жалашы, анан майлыкка аарчышы. Мына ушундай аруу сапаттар нарынэтти жештин маданиятын түзүүсү.
Эски нарын – эски убакта нарынды бодо малдын жана кийиктин жалаң этинен көбүрөөк жасашкан. Азыр болсо ага ар кыл коруш кошот. Коруш нарынды кош даам кылуу менен каллориясын арттырат. Аш болумдуулугун жакшыртат.
Бодо малдын бышкан кара кесек этин нарын тартып майда туурайт. Шорпого тоо пияз, сарымсак туурап, чык жасап бир кайнатып, тууралган эттин үстүнө куюп, аралаштырат да дасторконго коёт.
«Алашак» – алашак деген нарын көбүнчө койдун жаңы этинен жасалат. Бөлөк эттен жасаса да үстүнө койдун куйругун тууроо керек. Үстүнө куйрук туурап койгон үчүн алашак деп атайт эл.
Жакшы бышкан этти майда туурайт да шорпого көк калемпир, пияз, сарымсак туурап, калемпир-мурч сээп, чык жасап куюп аралаштырат. Койдун бышкан куйругун керте туурап, даяр нарындын үстүнө үймөлөп салып, дасторконго коёт.
Алашак нарынга сөзсүз ак серке кошуп берүү керек.
Ак дөбө – нарындардын эски түрү болгон ак дөбө төөнүн этинен гана жасалган.
Төөнүн чучуктуу жиликтеринен чагып (тең бөлүп) салып, бышканда сулп этин туурап, ага тууралган пияз кошуп, чык куюп аралаштырып, үстүнө сөөктүн чучугун үймөлөп салып дасторконго коёт. Жилик ысык кезинде чучугун табакка силкип алып, тоңуп кетпес үчүн жылуу жерге коё турган жакшы.
Ак дөбө майлуу болгондуктан куршуган айранга азыраак гана шорпо кошуп, ак серке жасап берген оң.
Улуттук сый оокаттын эң абзели болгон бешбармактар нарындан бөлүнүп чыгып, өз алдынча оокат катары калыптанган. Ошол үчүн аны ушул кезге дейре айрым карыялар «кесме-нарын», «нарын» деп коюшат.
Эзелки оокат нарындын түздөн-түз уландысы болгон бешбармактардын жасалыш ыкымы (технологиясы) жалпысынан нарынга окшош келгени менен ага сарп болгон азыктардын составы көбөйүп, рецепттик нормалары өзгөрүп кеткен. Дан, эт, жашылча сыяктуу ар түркүн азыктардын айкалышынан улам жаңы сапатка көтөрүлүп, азыркы кыргыз дасторконунан туруктуу орун таап, биротоло эң кадырлуу сый оокатка айланды.
Рас, нарынга камыр, кесме кошуу илгертен бери эле болуп келген. Бирок аларды нарын дешкен. Себеби алардын негизи тууралган эт эле. «Бешбармак» деп кечээ отузунчу жылдардын башында гана атала баштаган. Адегенде, кол менен жегенин тамашалап, мыскыл иретинде «бешбармак» дешсе, кыркынчы жылдары бул тамашалуу ат мүлдө кыргызга тарап кетет. Кошул-ташыл даамы жагып, заты да, азилдүү аты да жамы кыргызга тез жайылган бул оокат 30–40-жылдардын беделинде элибиздин тиричилигине терең сиңип, аты адабий тилибизге биротоло кирип кетти. Азыр, анын мыскылдуу атынын алгачкы мааниси деле унутулуп калды.
Улуттук тамак-аштардын катарынан кадырлуу орун алган бул адими оокатты элибиз жалпы жонунан «бешбармак» деп атап коюп, үйдөн анын эң эле көп түрүн жасап жешет. Айрым бир түрүн республикабыздын ресторандары, кафелери жана ашканалары да жасап жүрүшөт. Даамын, сапатын жакшыртуу үчүн ар кыл коруш кошуп, бешбармактын артынан ак серке берүү сыйкечтик жакшы нарк.
Жылкынын тууралган эти кыргызда өткөрө барктуу. Себеби тууралган соң ал жегиликтүү, ары даамдуу болуп чыга келет. Камыр (кесме), чык кошулса ого бетер даамына чыгат. Анан калса аны тууроо да алда канча оңой.
Жылкынын этин бышканда чыгарып, жылуу туурайт. Эгер сөөгү чагылган болсо шорпосун тундуруп алып, ага орто зубала камырдын кесмесин салып, бышканда чыгарып, тууралган эттин үстүнө салат да, мурдатан даярдалган чыкты куюп аралаштырат. Үстүнө жал, жая жана картаны бөртө туурайт да дасторконго коёт.
Бодонун этинен бешбармак – уйдун, топоздун жана төөнүн этинен да бешбармак жасалат. Аталган бодо малдын эти ширелүү келип, жагымдуу болот. Кесме, чык кошулса ансайын даамы артат.
Бодонун эти көптө бышат. Бышканда чыгарып, табы кайтканда нарын тартып туурайт. Тундурулган нак шорпого кесмени бышырып, сүзүп, тууралган этке салат. Даярдалган чыкты куюп аралаштырып, үстүнө сары жүрмө туурап, коноктун алдына коёт.
Эгерде төөнүн этинен жасап, үстүнө жилигинин чучугун кошсо, аны эл оозунда «ак дөбө бешбармак» деп коёт. Бирок бешбармактын бул эски түрү азыр көп жасалбайт.
Алашак-бешбармак – алашак-бешбармак койдун этинен болот. Жакшы бышкан койдун этин майда туурайт. Шорпосуна кесмени бышырып, сүзүп, тууралган этке кошуп, чык куюп аралаштырат. Мурда майда тууралган даяр куйрук-боорду үстүнө салып дасторконго коёт.
Куш этинен бешбармак – улар, күрп, каз сыяктуу ири канаттуулардын этин мүчөлөп салып, бышканда эки санынын, төшүнүн этин алып, кадимкидей туурайт. Шорпосуна кесме бышырып, тууралган эт экөөнү аралаштырып, чык куюп, бешбармак жасайт.
Куш бешбармак бешбармактын соңку жаңы түрлөрүнөн. Ал кушкер, даамдуу, жагымдуу болот. Шорпосу да даамдуу. Аны тооктун, кыргоолдун жана өрдөктүн этинен да жасашат.
Чык – бул нарын эт берүүдөгү ар бир адамдын алдына чыныга куюлган сорпо. Этти ошол сорпого малып жейт деген түшүнүктү берет. Куйрук-боорго туз аралаш сорпо берүү, карта, жал, казынын кыртышын, чүйлүү этти ошол чыныдагы сорпого кесип, ирээти менен улуулата сунуп жешүү. Эт жеп жатканда сорпону ууртап туруу, эт майда туураганда ага сорпо куюу. Тууралган эттин түп чыгын ичүү салт болгон. Нарындын чыгына кыргыздарда татытылган туздан башка пияз, калемпир, мурч, лавр жалбырагы жана башкалар кошулган эмес.
Элдик нукура тамак-аштарда эттин сорпосу гана чыктык милдет аткарат. Мурч, калемпир, пияз өңдүүлөр башка элдердин: татар, өзбек, тажик, уйгурлардын таасири аркылуу кыргыздарга келгени билинип турат. Элибиз сорпого башка даамдарды аралаштыра берген эмес.
Чыктардын түрлөрү – чык деп биздин эл мурда куйрук-боор, чучук, сары жүрмө, манты, палоо сыяктуу бышкан майлуу тамактарга аралаштырып берүү үчүн атайын жасалгандарды түшүнчү.
Куйрук-боордун чыгы – нак шорпого ачуураак болгудай туз татытып, сарымсак, пияз, көк калемпир, лавр баригин кошуп бир кайнатып алат да корушун сүзүп салып, калемпир-мурч, ачык суу сээп, үстүнө куйрукбоорду туурайт.
Нарындын чыгы – нарын үйүрмө жана бешбармак үчүн атайын чык даярдалат. Пиязды, сарымсакты, көк калемпирди майда туурап, үстүнө шорпо куюп, калемпирмурч сээп, лавр жалбырагынан салып думбалап, пиязын жетилгенче буу чыгарбай өзүнчө кайнатат. Кесме бышып, тууралган эт экөөнү аралаштыргандан кийин үстүнө даяр чыкты куюп дагы аралаштырат. Үйүрмө менен нарынга болсо эт тууралганда эле чык куюп аралаштырган оң.
Аксерке. Бул – жандыктын, төтөн, жаш эттин сорпосуна белгилүү өлчөмдө кымыз катыктоо. Сапырылып, ыкчамыраак берилген аксерке кычкыл келет. Майлуу этти сиңирүүгө жардам берип, ичкенде карчыт чыгат. Айрым аймактарда муну «чагыр» дейт.
Аладөң. Бул – жандыктын, төтөн, жаш эттин сорпосуна белгилүү өлчөмдө айран, сүзмө, курут катыктоо. Бул да майлуу тамакты сиңирүүгө көмөктөшөт. Көпчүлүк аймактарда аладөң менен аксеркени анча айырмалай билишпейт. Сорпого кымыз кошуп ичүү сырт жерлеринде гана бар.
Бозсерке. Бул – сорпого белгилүү өлчөмдө бозо кошуп сапырып, ыкчамыраак кылып берүү. Мында да ак серке, аладөң сымал кекиртекти кырып, өтө кычкыл келет да, желген этти тез сиңирүүгө жардам берет.
Карадөң. Бул – жылкынын жылуу сорпосуна белгилүү өлчөмдө муздак суу кошуп ичүү. Албетте, мурун ата-бабалардын доорунда эт жешке байланышкан мындай даамдарды ичүү күн тартибинде туруучу. Кийин минтип, аладөң кылып ичүү тыйпыл жоюлду десек болот.
Куйрук-боор. Бул – козу-койдун куйругуна боорду аралаштырып туздап, кабаттай кармап жеш. Боор бат бышкандыктан аны солкулдак чагында чыгарып алат. Куйрук жумуру болгондуктан анын ойдогудай бышышы үчүн бишкектеп да коёт. Эт тартылары менен куйрук-боор өзүнчө табакка келет. Куйрук да, боор да сыйда кесилет. Боорго караганда куйрук калыңыраак алынат. Көпчүлүк жерлерде негизи чыланган тузга малынып желет. Же асыл тамакка абалы туз татытыла келип коюлат. Жайдары (куйруктуу) койлорду баккан аймактарда куйрук-боорду салттуу-барктуу тамак катары баалашат. Муну айрым жерлерде туз татытпай эле сунуп жүрүшөт.
Жем-жебес. Башка мусулман элдеринде жылкынын азык-түлүктөрүн анча барк алышпайт. Союшпайт, этин жешпейт. Анын да өзүнчө себеби бар. Кыргыз баласы анын этин, айрыкча ички эттерин ардактуу тамак көрүшөт. Күл азыктар жылкынын этинен жаралат. Куйрук-жалынан аркан, чылбыр өңдүүлөр эшилет. Териси талпак болот. Ага жүн сабалат. Жерге төшөөгө да жарайт.
Жем-жебес жабагы. Анын этин жешке союусу. Т.а., кулун желеде байланбайт. Жайды-жай энесинин сүтүн эркин оттойт. Ойдогудай семирет. Ал алты айында жабагы аталат. Аны согум кылат. Наркыбызда чучуктай семирген муну куда-сөөктөргө, кадырлуу адамдарга арнап соёт. Демек, жем жей электе союлгандыктан «жем жебес» деп аталат.
Балгам. Бул – илгерки асыл тамактардын бири. Жаш багылан кара козуну (болжолдо 15–20 күндүк) союп, этин бээнин сүтү кошулган кымыранга (айрымдар кымызга) кайнатат. Кадимкидей сапырылып, чийкөбүгү алынат. Ак сорпого айланат. Арчанын отунун жагат. Кичине «бүлк-бүлк» этип кайнап жаткан жерине дембе-дем жаңы саалган бээнин сүтүнөн куят. Куюп, арчанын жыгачы менен аралаштырып отуруп эт өз табында узак убакыт кайнайт. Болжолдо таңды атырып, күндү батырат. Жаш багыландын сорпосу соолот, эти шылынат. Сөөгү да балыктыкындай жумшарат.
Илгери билермандар, журт башчылары муну атайын каадалуу, баалуу тамак катары бышыртып жешкен. Баамыбызда, балгам – балжуурандай, балдай таттуу деген сөздөн калса керектир деп таңсык кылышат.
Жаабөйрөк. Бул жүнү кыркылбаган улакты союп, карчыганын кош канатын, кыр аркасын, бөйрөк майын албай, чалкасынан казанга салып бышыруу. Ошондо бөйрөк май карчыганын майына сиңди болуп бышат да, албетте, май жегичтерге андан бетер ширелүү жана жегиликтүү келет. Күздөгү кыркылбаган улактын этинин дарылык касиети бар. «Ата-а, кыркылбаган улактын этин жесек…» – деп таңсык кылышат. Мында жаабөйрөк эттеги эрмендин даамы, жыты эске түшүп турат.
Талаа-түздө даярдалган тамактар. Байыркы элдин катарында келе жаткан кыргыздардын жашоо-тиричиликтери тоо-таштарды маанектеп, суу чайпалтып кечүүлөрүнө, ашуу ашып көчүүлөрүнө, тактап айтканда, мал чарбачылыгын арка-бел тутууларына шартташкан. Беш түлүктү арбын күтүп, анын азык-түлүктөрү күндөлүк турмуштун негизин түзөт. Эт, сүт тамак-аштын чордону болгон.
Мындан көптөгөн даам даярдалган. Канжыгасында кол чаначы, куржуну дайыма байлалуу кыргыздар жол азыктарын ала жүрүшкөн. Жоокерчилик ага мүмкүнчүлүк түзгөн. Мындан сырткары ээн талаа-түздөрдө мал союлуп, андан тамак даярдашкан. Алардын айрымдары туурасында учкай маалымат.
Таш кордо. Бул – эттен даярдалган тамак. Малды же кайберенди союп, сулп эттерин ажыратып, жукалай кесип алат. Жазы, жука ташты таш тулгага асып, отту улуу жагып, абдан ысытат. Жука кесилген этти ошол таштын үстүнө жабат. От-жалындын күчү менен эт кургап, бирок майланыша чыктуу бышып, анын даамдуулугу, ширелүүлүгү артылат. «Таш кордо жегендей суусап» деген кеп айтылган. Бул анын күчтүүлүгүн, денени ысытып, аш болумдуулугу артылганын баамдатат. Таш кордо – ташка бышкан тамак.
Жер казан. Бул – абалы жерди чуңкурайтып, суу куюп, союлган малдын өз карынына этин салып, отту улам жагып, боркулдата кайнатуу, Мында эттин өзүнүн суусу, каны менен кайнайт. Карын күйбөйт. Тамак чыктуу, кургак бышат да, таш кордодой укмуштай жегиликтүү келет.
Думбулоо. Бул – бодону, төтөн, жылкыны союп, этин устукандары менен кошо терисине жылчыксыз ороп, отту үстүнө улуу жагуу. Эттин майы, суусу аркылуу териси күйбөй, ич ара боркулдап кайнап бышуу. Таш кордодо, жер казанда бышкан тамактай мунун да даамы, күчү, ширеси мыкты болот.
Тоо-ташты байырлап жашаган кыргыздар душмандардан коргонууда, жоого аттанууда казандарын байлана жүрүшкөн эмес. Сууга кайнатылганга караганда корго бышкан тамак тузду аз талап кылат. Тузсуз эле керчөө, шыйрак куйкалап жешкен. Май чучук, бөйрөк, керчилдек, көк боор өңдүүлөрдү корго кактап бышырышкан. Казандагы этке караганда чийкирээк болсо да ширелүү, даамдуу болгон. Сиңимдүү келген. Бул ташка кактап бышыруунун, жерге суу куюп кайнатуунун, думбулоонун (териге ороп бышыруу) бизге жеткен эң жөнөкөй түрүнөн болуп саналат.
Кыргыздар: «Талас жеринин тамагы таттуу» – дейт. Мисалы, ууга чыгуу учуру келип, кийик атканда өтүн чийкилей дароо иче коюу салт бар. Ал адамга кайрат берет. Боорун отко кактап, шүйшүнүн төрт салаадан чыгара кесип жешкен. Ал көздүн курчу үчүн керек. Жиликтерин отко кармай коюп, жарым-жарты бышуулай эле чагып, даамын таткан.
Быжы – кыргыздын эң кушкер, эски тамактарынын бири. Аны жаңы союлган жандык малдын көбүнчө койдун жаш этинен, боорунан, канынан, ич майынан майда туурап, ага күрүч, талкан (же ун), тууралган пияз, сарымсак, татымал чөп кошуп, калемпир-мурч сээп, аны таза жуулган кара жана майлуу ичегиге, мөөнгө, жумурга, ошондой эле тогуз кат менен чөйчөк карынга куюп жасайт. Эт, ич эт, ич май, ичегинин, күрүч, талкан менен сарымсак, пияз, татымал чөп, калемпир-мурчтун даамы чыккан быжы ары жегиликтүү, ары аш болумдуу жана күчтүү оокат болот. Быжыны биздин эл кайнатып, кууруп жана бууга бышырат. Быжынын, туурамжысынын коюулугу боткодон суйдаңыраак болбосо ичегиден өтпөй убара кылышы мүмкүн. Ошондуктан коруш кошуп туурамжысын даярдап жатканда коюулугуна көңүл буруу зарыл.
Олобо. Эзелки тамактардын бири болгон олобону эл оозунда азыр «куйган өпкө» деп да коёт. Аны союш сойгондо быжы менен кошо жасашчу. Ушул азыр да олобону биздин эл көп жасап жейт. Демек, ал жамы кыргызга маалым оокат. Олобону жандыктын, көбүнчө койдун өпкөсүнө сүт куюп жасайт.
Олобо жасаш үчүн жандыктын өпкөсүнө бычак тийгизбей таза сактап союу керек. Өпкөнү жүрөгү менен чыгаргандан кийин үйлөп, бүтүндүгүн текшерип, анан муздак сууга сала турат. Куярда өпкөгө батышынча жылуу суу куюп, агарганча өпкөнү кустурат. Суу менен ичин тазалаган соң май салынып, тузу өткүл татылган жылуу сүттү куя баштайт. Сүттү ар бир өпкөгө батышынча куят. Кустуруп жатканда өпкө канча литр суу жутса, сүттү да ошончо литр жутат.
Өпкө сүткө каныкканда бир да жеринде темгили калбай, агарып калат. Каныккан (толгон) өпкөнүн кекиртегине ылайыктап, ичкелеп эт кесип, кекиртекке сойлотот да 4–5 жеринен ничке жип менен кырча бууйт. Куюлган даяр өпкөнү кеңири баткыдай казанга салып: 45–60 мүнөткө чейин акырын кайнатат, бышкан соң аз суутуп, кол күйбөгүдөй болгондо кыя кесип дасторконго коёт. Койдун өпкөсүнөн жасалган олобо биздин элде жогору бааланат.
Күрптүн бышкан эти – күрп үй канаттууларынын эң зору болгондуктан анын айрым мүчөсүн бөлүп бышырат. Күрптү бузуу жолу да тооктукуна окшош. Бирок айрым бөтөнчөлүктөрү да бар. Маселен, күрптүн эки санын сөзсүз экиден төрт бөлүү керек. Төшүн, учасын, канаттарын да экиге бөлөт. Тооктун этинен күрптүн этин көбүрөөк кайнатат.
Жапан канаттуулардын бышкан эти – жапан канаттуулардын ичинен улар, жапайы каз-өрдөктүн, кыргоолдун этин тазалоо, бузуу, бышыруу бакма канаттуулардыкындай эле.
Кекилик, чил, чүрөк, суксур, соно, кашкалдак, таан, бөдөнө, көгүчкөн сыяктуу парандалардын этин тазалоо бакма куштарга окшош болгон менен аларды бузуу жагынан айырмасы бар. Аталган парандалар чакан болгондуктан чоңураактарын эки саны менен учадан бүктөп экиге ажыратат. Бөдөнө, көгүчкөн сыяктуу чакандарын бүкүлү бышырат.
Кышкы согум. Кышкы согумдун чучугунан же картасынан жазында же жайында жеш үчүн алып калган аш, тамакты кыргыздар «унга сактаган чучук, карта» деп коюшат.
Өткөн заманда кыргыздар көчмөн турмушта тиричилик кылган кезде, кышкысын согумду көп соё турган. Анткени жазга жакындаганда мал арыктайт. Союуга жараган мал калып жарытпайт. Ошон үчүн кыш кирээри менен семиз бээ союп, анын чучугун, картасын, жалын көбүнчө жазга калтырар эле. Семиз кой союп, анын сөөгүн алып таштап, карындын ичине сулп этин салып, тактанын алдына киргизип коё турган. Жаз башталып, кар ээриген кезде тоңгон семиз эттен бүлөсүнө тамак жасап берчү. Ал эми семиз бээнин чучугу менен картасын, жалын күн жылый баштаганда, каптын ичиндеги ундун арасына салып коё турган. Ал ундун ичиндеги сүрлөр жайкы ысык маалга чейин бузулчу эмес. Мындай этти кыргыздар «узун сарыга сактаган» деп айта турган. Унга салынган сүрдү көбүнчө кадырлуу адамга, айрыкча ата-энеси бар адамдар унга сакталган чучукту же картаны тиши жок карыларга берчү.
Согум биринчи кар жааганда союлчу. Эттин баарын жиликтеп, туздап, чыгдандын ичиндеги сереге илчү. Ортодогу оттун үстүнө да илип, түтүнгө ыштап, абдан тоборсугандан кийин аларды чыгдандын ары жагына, ала баканга илип койчу. Андай сүрсүгөн эт көпкө сакталчу, даамы да жакшы болор эле. Кыргыз жылкынын этинен, койдун этин сүрсүтүп, көпкө сактачу. Жылкынын этин көбүнчө жаш кезинде жей турган. Ошон үчүн «сойгон жылкың семиз чыкса, жети күн үйүңдөн чыкпа, уюң семиз чыкса, жети күн үйүңө жолобо» деген накыл да чыгарган.
Илгери айрым аймактарда, кышкы согум этинен «түймөч» кылуучу. Көбүнчө Талас тарапта кара кой союп, чыпчыргасын калтырбай «калжа» кайнатса, кызыр эмдүү тай союп, «силкиме» кайнатып, кыштык азыктарын даярдап алуучу. Мында белгилүү өчөмдө суу куюп, туз салып кайнатып, ага сейдене чөп, аталгы чөп, талзын чөп жана кызыл гүл жана башкаларды салып бышырууда жыты буркурап, чай менен ичип-жеште ичтейиң абдан ачылчу, суукка да байымдуу кылуучу.
Чучуктар. Биздин калктын жылкы этинен жасаган эң чүйгүн тамактарынын бири чучук. Аны жылкы союлчу аш-тойлордо, согум сойгондо көп жасайт.
Чучук кыргыздын жакшы көргөн тамагы. Аны кыштай сактап жейт. А тургай эл оозунда жети жылдап сактаган чучук тууралуу уламыштар бар.
Чучук жасоо анчалык кыйын эмес. Ал үчүн жылкынын казысы, кабыргасы, картасы, ичегиси, туз, калемпир-мурч, пияз, сарымсак, зире, жапайы сарымсактын уругу керек. Жасалган чучукту бышырып жаткан учурда чебердеп акырын кайнатуу зарыл. Кайнап жатканда ичегинин ашкере көөп чыккан жерин ийне менен сайып турбаса ичеги жарылып кетиши ыктымал. Чучукту 1–1,5 саат чамасында бышырат.
Кабырга-чучук чучуктардын эң кадырлуусу кабырга-чучук. Аны аш-тойлордо жасап, көбүнчө кадырман конокторго тартат.
Ал үчүн жылкынын кабыргасын бирден тилип, учун казысы менен кошо чыгарат. Туз татытып, кабырганын үстүнө калемпир-мурч салып, пияз, сарымсак туурап, саамга думбалап коё турат. Коруш сиңген учурда кол күйөөр-күйбөс жылуу сууга бир аз малып коёт. Жылкынын таза жуулган ичегисинин бир башын кабырганын бир учуна чейин кийгизип каптап, бөксө жерине казыдан кесип, керек болсо туз, калемпир-мурч сээп, тууралган пияз менен сарымсакты кошот. Ичегинин кабыргага кийилген учун бек бууп, экинчи учуна чий (же учталган чыбыкты) төөнөп, эки башын бириктирет. Жасап бүткөндөн кийин корушу сиңгиче 2–3 саатка чейин тындыра турат. Анан казанга салып бышканча (1,5–2 саат) кайнатат. Бышкан кабырга-чучукту ысык же муздак жейт.
Иймек чучук – иймек чучук жылкынын ичегисинин көбүнчө жоон учуна жасалат: адегенде жылкынын нак казысы менен узатасынан ичке тилинген этке туз, калемпир-мурч сээп, тууралган пияз, сарымсак кошуп, корушу сиңгиче думбалай турат. Кошулган коруш сиңип калганда туз татытылган жылуу сууга салып жибигенче коёт. Жибип келгенде зире, мурч, сарымсак урук сээп, ичке тилинген эттин сыртынан казыны ороп, таза жуулуп, мурдатан даярдалган ичегиге каптап, эки башын бириктирип, чий (же чыбык) өткөрүп, бек бууп, казанга салат. Эгер казы этке оролбосо анда экөөнү кабатташтырып ичегиге батырып салуу керек. Же сүбөөдөн казы, эт аралаштырып, ичегиге чактап жоонураак тилип алуу зарыл.
Жасалган чучук бышкандан кийин, ал ысык да, муздак да тартыла берет. Ага салат, эт, нан кошо берүү ылайык. Эт кошулгандыктан иймек чучук көңүлгө тийбей жегиликтүү келет.
Түндүк чучук – түндүк чучуктун жасалышы негизинен иймек чучукту жасоого эле окшош келет. Эгер сүрсүтүү керек болсо коруш кошпойт. Калган жагынан (б. а. жасалышы жана бышырылышы боюнча) иймек чучуктан айырмасы жок.
Түндүк чучук деп аталышынын себеби, ичке ичегинин ичине нак казы салып, ийип байлаганда түндүккө окшоп тегерек алкак болуп калат.
Сүр чучуктар – согум сойгон учурда чучукту сүрсүтүү үчүн атайлап жасайт. Кышкысын болсо тоңдурма чучук да жасалат. Тоңдурма чучук бир топко сакталгандыктан өзү эле сурсүп калат. Демек, экөөнүн айырмасы жок. Бирок тоңдурма чучукка эт, сарымсактын уругу, зире, бүкүлү мурч кошулат. Сүр чучук накта казыдан тузду кем татытуу менен жасалат. Нак майдан жасалган чучук көпкө туруштук берет. Сүрсүгөндөн кийин аны жайкысын ун же талкандын ичине көөмп сакташкан. Азыр муздаткычтар болгондуктан аны сактоо алда канча оңой. Кургатып алса да болот.
Карта чучук – жылкынын картасын көп учурда жөн эле салып бышырат. Ал чучук ордуна жүрөт. Айрым кездерде таза жуулган картаны туздап, калемпир-мурч сээп думбалай турат да анан эт, тууралган пияз, сарымсак кошуп картанын ичине тыгып, эки башын бек бууп, анан казанга салат да, бышкыча кайнатат. Аны муздак да, ысык да жесе болот
Сары жүрмөлөр. Уй, топоз жана төөнүн майлуу ичегисин сары жүрмө дейт биздин эл. Сары жүрмөнү таза жууп, туздап, оодарып коёт. Сүрсүтсө андан да жакшы болот.
Сары жүрмө бодо мал сойгондо жылкынын чучугуна тете бааланат. Аны элибиз негизинен үч түрдүү жол менен пайдаланат да, ысуулай оокаттанат.
Жаңы сары жүрмө – жаңы союлган бодонун сары жүрмөсүн таза жууп, туз, калемпир-мурч сээп оодарат. Ичине тууралган пияз, сарымсак салып, эки учун чучуктай кылып бек бууп, казанга салып 1,5–2 саат бою бышырат. Сары жүрмөнү дайыма ысык жейт.
Май чучук – койдун майлуу ичегисин алып таза жууп, туз, калемпир-мурч сээп, оодарып, үч бөлүп кармап, анан учтарын бириктирип өрүп, анан эки учун бек байлап казанга салат. Бышканда керте-керте кесип, дасторконго коёт. Май чучукка жашылча салатын берген дурус.
Жогоркудай жол менен жасалган май чучукту сүрсүтүп алса да сонун болот.Май чучукту сонундукка жейт. Сүрсүгөнүн туурап, керек учурда суюк аш кылат.
Ич эт. Кыргыздар илгертен эле ич эттен нечен түрдүү оокаттарды жасап, аны жалпысынан «олобо-быжы» деп атаган. Бирок ич эттен жасалган оокаттардын ичинен казы-карта, сары жүрмө, чучуктан бөлөгү кадырлуу конокторго тартылбайт. Анткени ич эттен жасалган оокаттар канчалык кушкер, даамдуу, жагымдуу, нары кубаттуу (каллориялуу) болбосун, биздин эл эмнегедир аны конокко берүүнү ылайык көрбөйт. Бул эзелтен келаткан салт. Мейман күткөндө же аш-тойлордо ал сыйлуу оокат катары анчейин этибар алынбаган менен союш союлганда айыл-апа чогулуп алып, сонундукка олобо, ар кыл быжыларды жасап жешкен. Демек, ич эттен болгон оокаттар кыргыздын чүйгүн, сый оокаттарына толук кошулбаса да күндөлүк тамактардын катарында болуп, элибиздин тамак-аш өнөрүнө өз таасирин тийгизип келген.
Ич эттен жасалган тамактардын көпчүлүгү азыр унутулуп кетти. Калкыбыздын жадында калгандары ар түркүн коруш менен коштолуп, дан, күрүч, жемиш кошулуп, мурдагыдан алда канча даамдуу жана жегиликтүү болуп, ар тараптан байып алды.
Жөргөмдөр. Жөргөмдөр кыргыздын тамактарынын бири. Аны жандык малдын ич этинен жасайт. Жөргөм үчүн жандык малдын кара ичегиси, карды, өпкөсү, карын майы керек болот. Адегенде кара ичегини артып, таза жууп, муздак сууга салып коё турат. Анан карынды төгүп, сууга көлбүтүп, шапшып таза жууйт. Ысык суу менен бир нече ирет чайкап, даяр болгондо ичке тилип, кара ичегиге кошуп салып коёт. Өпкөнү ичке кылып, чубалта тилет. Баары даяр болгон соң, калемпир-мурч сээп, корушу сиңгенче тындыра турат. Анан кара ичегиге тилинген карын менен өпкөнү чалып, өрө баштайт. Өрүлгөн жөргөм чубалып узун болот. Узун бойдон казанга салып, туз татытып, бышканча кайнатат. Бышкан соң ар кыл кылып кесип, табактарга салып, керегинче шыбага жасайт.
Ысык аштар. Кыргыздын улуттук ашканасында түркүн аштар, ар кыл шорполор, кесмелер ж.б.у.с. өтө көп. Алардын ар бири эле өз алдынча оокат катары белгилүү. Ошондой эле коюу жана кургак оокаттарга да кошо берилет. Кыскасы, калкыбыздын күндөлүк оокаттануу рационунда ысык аштар орчундуу орунду ээлейт.
Ысык аштарды биздин эл негизинен эт, сүт жана дан азыктары менен жашылчалардан жасайт. Ага пияз, ашкөк, түрп, сабиз, кызылча, көк жана кызыл калемпир, ачык суу сыяктуу коруштар, татымалдар кошулат.
Кыргыздын ысык аштары кайнатуу жана кайна-корушун кууруп алуу сыяктуу эки жол менен жасалат. Ушул улуттук өзгөчөлүктөрүнөн улам ысык аштарды «кайнатма» жана «куурма» деп экиге бөлүп койгон.
Куурма ысык аштардын корушун адегенде кызыган майга кууруп алып, анан суу куят. Ал эми кайнатма ысык оокаттар болсо нак шорпого, сүткө же карандай сууга бышырылат. Мындай бөтөнчөлүктүн өзү эле башка элдердин улуттук аштарын жасоодон кыргыз оокаттарын айырмалап турат.
Шорполор. Шорпо элибиздин эң сүйгөн оокаттарынан. Аны жасаганга биздин эл өтө уста. Шорпону этти суута салып кайнатып жана эт менен коруш-кайнасын майга кууруп жасайт. Бул эки түрүн тең эзелтен бери кыргыздын ар бир аймагында ар башка үлүш кошуп, шорполордун не бир сонун түрлөрүн жасашат.
Жаш шорпо – жаш шорпо деп эл жаңы союлган жаш этке жасалган шорпонун бир түрүн айтат. Ал үчүн жаңы союлган койдун же уйдун жаш этин бүлөгө чакталган сууга салып, тузун кемирээк татытып, бышканча (1–2 саатча) кайнатат. Шорпо даамдуу жана таза болуш үчүн чий көбүгүн калпып, улам сапырып, тузун көрүп туруу зарыл.
Жаш шорпо биздин элдин эң жакшы көргөн оокаты. Аны көбүнчө кой союп, көп эт салып жасайт. Айрым аймактарда шорпого даамы чыксын үчүн таза жуулган ич эттен жөргөм кылып салып коёт.
Жаш эттен көп салынып, шору жакшы чыккан жаш шорпо бүткүл шорпо аттуулардын мыктысы, даамдуусу.
Куйкум шорпо – куйкум шорпону кой-эчкинин куйкаланган баш-шыйрагынан, керчөөсүнөн, куйкалап сойгон койдун этинен гана жасайт. Анын негизи куйкум эт.
Койдун таза куйкаланган башы менен шыйрагын жакшылап жууп-тазалап, башты бузуп, чайкап, эт жана ич этинен кошуп, казандагы сууга салат да, тузду кем татытып улам сапырып, чий көбүгүн алып, 1,0–2 саатча кайнатат.
Куш этинен жасалган шорпо – биздин эл тоок, өрдөк-каз, кекилик-чил, улар, кыргоол, күрп сыяктуу канаттуулардын этинен да эң сонун шорполорду жасайт. Аталган канаттууларды мүчөгө ажыратып, сууга салып, туз татытып, бышканча кайнатат да жуп чыгарарда коруш кошот.
Балык шорпо – кыргыз көлдөрүнүн, дарыяларынын балыгынын эти даамдуу келет. Ошон үчүн балыктан да кайнатма шорпо жасашкан.
Жакшы тазаланган жаңы балыкты муздак сууга салып акырын кайнатат. Балыктын эти эзилип бышкан кезде балыкты чыгарып, шорпосун сүзүп, коруш кошуп, дагы бир аз кайнатып, анан дасторконго коёт.
Куурма шорпо – эт, жашылча жана башка корушун кууруп, ага суу куюп бышырса куурма шорпо болот. Калкыбыз куурма шорпонун көп түрлөрүн жасайт. Куурма шорпо кызгылт түстө келип, кушкер даамы менен адамга сиңимдүү жана ток болот.
Күлчө (кекиртек) – кыштын күнү шорпого, жайдын күнү сүткө калыңдыгы бир эли болуп бышкан камыр.
Кесмелер. Кесме кыргыздын даамдуу, аш болумдуу, ары топуктуу ысык оокаты болуп эсептелет. Аны жылдын бардык мезгилинде жасайт. Мейли эртең мененки нанүчтөдө, мейли түшкү же кечки оокатта болсун, кесме жасала берет. Анткени кесмени суюк жана коюу жасайт. Негизинен суюк ысык аш болгону менен кесме кээде коюу ысык тамакты да айырбаштайт. Кыскасы, кесме кыргыздын күндөлүк тамактануусунда негизги орунду ээлейт.
Күрүч оокаттар. Кыргыз калкынын оокаттануусундагы негизги азыктардын бири болгон күрүчтөн ар кыл палоолор, ширин күрүчтөр, шөөлалар, ботколор жана түркүн күрүч-аштар жасалат. Быжы, толтурма сыяктуу көп оокаттар да күрүчсүз болбойт. Табыпчылык (элдик медицина) өнөрүндө болсо дарылык касиети бар күрүч жогору бааланып, андан жасалган кордо, шөөлү, жуумал сыяктуу түркүн тамак-аштар мүнөз (диета) оокат катары белгилүү. Кыскасы, улуттук күрүч оокаттардын мүнөз оокаттык касиети айкын, ажайып даамы, жагымдуу жыты бар, аш болумдуу, сиңимдүү жана топуктуу экени баарыга маалим.
Күрүч – организмге пайдалуу заттарга өтө бай. Анын бул абзел касиетин кылымдардан берки тажрыйбасынан баамдаган эл гана «дандын төрөсү күрүч» деп аташы ыктымал.
Күрүчтүн үрөнү, актала электеги каралай даны шалы деп аталат. Шалыны сокуга, ак жувазга, азыр электрожувазга актагандан кийинкисин гана күрүч дейт. Шалы эгүү кыргыз жеринде байыртан бери келатат. Суусу мол, жайы ысык өрөөндөрдө жакшы болгон шалы азыркы Ош, Чүй өрөөндөрүндө өстүрүлүүчү. Жерибизде бышкан чилги (жергиликтүү) күрүчү болгон. Бүткүл Түркстан аймагына даңкы кеңири жайылып, элдик ырларга дейре кирип кеткен Өзгөн күрүчү бүгүн да барктуу. Аны эл оозунда «күрүчтүн төрөсү» деп коюшат.
Эзелтен колго өстүргөн чилги күрүчтөрдүн ичинен биздин эл: дөөзире, арпа-күрүч, буудай-күрүч, кызыл күрүч сыяктуу бир нече түрүн (сортун) билген. Аталган күрүчтөрдүн үрөнү эл ичинде азыр да кадырлуу. Алардан жасалган оокаттар да даамдуу келип, адамга сиңимдүү, отурумдуу. Эски чилги күрүчтөр өстүрүлгөн аймактарына карап аш болумдуулугу, дандуулугу жана сырткы көрүнүшүнө жараша өз ара айырмаланат.
Илгери күрүч издеп ат арытып, атайы шаарларга түшүшсө, азыр айылдык дүкөндөрдүн дээрлик баарында күрүч заты кап-кабы менен тирелип турат. Демек, молчулук, барманчылык өкүм сүргөн ушундай бакдөөлөт кезде ар бир үй-бүлө күрүчтүн каалаган сортунан көңүлү сүйгөн оокатты жасап жегенге толук шарты бар.
«Шакарап» – кыпкызыл болуп жакшы бышкан жаңы помидордон таза жууп, кээсин узунунан, айрымын кыясынан жука туурайт. Кабыгы аарчылган баштай пиязды шакекче түрүндө жука туурап, помидордун үстүнө салып, туз сээп, абайлап аралаштырып, 5–10 мүнөтчө коё туруп, тузу сиңгенден кийин гана салат салгычтарга же талинкелерге салып, үстүнө аш-көк жана тууралган көк пияз менен кооздоп, калемпир-мурч сээп, дасторконго коёт.
Палоолор. Кыргыздын «Шырдакбектин боз жорго» деген бир эски күүсү бар. Аны: «Илгерч-илгери Шырдакбек деген кыргыздын ханы болуптур. Анын Каныш деген эрке айымы бар экен. Аны кырк кабат куш-төшөктүн үстүнө отургузуп, ак койдун эти суук болот деп, күнүнө кырк кара кой сойдуруп, жилигин чактырып, чучугуна палоо демдетип берчү экен» – деп, айтып чертишет комузчулар.
Шырдакбек XVI кылымда жашап өткөн деп болжолдошот тарыхчылар. Уламыш менен илимий божомолго саресеп салсак, биздин эл ошондон бери палоо жасап жегени байкалат.
Болжолду коюп, бүгүнкү кыргыз дасторконуна назар салганда деле палоо деген оокат эң чүйгүн, сый оокаттардын бири экенин баамдоого болот. Ал нарын, бешбармак сыяктуу эле улуттук оокат. Ошол үчүн аш, той сыяктуу мааракелер, майрамдар, конок күзөтүүлөр палоосуз өтпөйт. Аш-тойдо болсо мейли бээ, бодо же кой сойсун, көпчүлүккө эт менен кошо палоо тартылат. Кыскасы, палоо дегенибиз азыр массалык мүнөзгө ээ болгон эски оокат.
Арийне, палоо бүткүл Азияга кеңири тараган оокат. Биздин эл аны жакалаш жашаган боордош калктардан үйрөнүшү ыктымал. Бирок канатташ элдер палоону кандай жасаса ошол бойдон эле ала койгон эмес. Элибиз аны өз турмуш-тиричилигине, салт расмилерине, оокаттанган азыгына, ашканасына жараша ылайыктап, ыңгайлаштырып кабыл алган. Натыйжада, палоолор ирегелеш элдердин палоосунан таасын айырмаланып, улуттук мүнөзгө ээ болуп кеткен.
Каллориялуулугу жана аш болумдуулугу жагынан палоо нарын менен бешбармактан да ашып түшүшү мүмкүн. Себеби анын составында май, эт, күрүч, сабиз, пияз жана түркүн коруштар бар. Аталган азык-түлүктөрдө болсо белоктор, майлар, витаминдер, углеводдор, минерал туздары жана организмге пайдалуу заттар мол болору баарыга маалим.
Майын дак кылуу – палоо жасоонун негизги ыкмаларынын бири. Палоону сары майга, малдын ич майына жана өсүмдүк майларына жасоого болот. Кандай май болсо да кунт коюп, ыклас менен кылдат дак кылуу парс. Өзгөчө өсүмдүк майларын көпкө чүрчүтүп, жакшылап дак кылбаса анда жагымсыз жыт-жыбыр болушу мүмкүн. Ал жыт палоону айнытып, жытын бузуп коёт. Мурда пайдаланылган майга да палоо жасоого болбойт. Эски майды урунган да жарабайт. Жаңы сызгырылган ич май болсо сызыгын сөзсүз алып салуу зарыл.
Сары майга жасаганда да сак болуу парз. Анча дак болуп кызый электе пияз салса же өтө кызытып жиберсе палоосу ойдогудай болбойт.
Май сызгыруу палоо жасоонун башталышы. Кылдат сызгырып, убагында пияз, сабизин салып куурубаса, майынан айныган палоо кийин канча аракеттенсе да ордуна келбейт, ойдогудай палоо болбойт.
Өзгөн палоо – «Өзгөн палоо» жеш үчүн күрүчү эле эмес суусу да Өзгөндүкү болуш керек. Антпесе палоо «Өзгөнчө палоого окшобой калат» деген тамаша кеп бар эл оозунда. Чынында эле Өзгөнчө палоо кыргыз палоолорунун эң мыктысы. Ал Өзгөндүн чилги күрүчүнөн гана жасалат.
Өзгөн күрүчү катуу болот да дем жегенде аябай узарып, керилип кетет. Нары ширелүү келип, бышканда даамдуу, ширин болот. Бирок өтө эле кербес күрүч. Ошол үчүн аны эл оозунда «күрүчтүн төрөсү», «төрө күрүч» деп тамашалап коёт. Мындай атагы алыс кеткен күрүчтү сууга уютканда, зирбага кайнап жатканда жана демдээрде чын ыклас менен кунт коюп кылдат болуу зарыл. Анткени анын «жашырын сыры», касиети күрүчүндө жана ашпоздун усталыгында. Күрүчтүн «тилин» таап, сууну, отту билгичтик менен пайдаланып, сак турбаса палоо айнып калышы ыктымал. Өзгөн күрүчү сортуна карап демделет.
Куйрук баскан палоо – палоонун бул түрүнүн жасалыш ыкымы башка палоолорго эле окшош. Айырмасы, зирбага суу куйгандан кийин койдун боорун, куйругун кошо салат. Зирба бышканда күрүч салып, сорукканда куйрукту кошо демдейт. Боорду болсо күрүч салаарда алып коёт. Бышканда чыгарып, куйрукту керте, боорду кыя туурап, чыкка салып «куйрук-боор» жасайт да палоо менен кошо дасторконго коёт.
Керчөө баскан палоо – кыргыз палоолорунун бул түрүнө сөзсүз 2-3 керчөө болуш керек. Койдун жакшы куйкаланып, таза жуулган керчөөсүн куурубай эле бүкүлү бойдоп зирбага салат.
Жасалыш ыкымы болсо жогорку палоолордон айырмасы жок.
Эл ичинде керчөө палоо үчүн керчөөнү атайлап чогултушат. Бир керчөө гана болгон учурда сулп эт же устукан кошуп жасап жүрүшөт.
Чучук баскан палоо – бул палоону жасаш үчүн бир же эки чучуктун болушу зарыл. Эгер чучуктар чийки болсо зирбага салып бышырат. Бышык чучукту күрүчүн демдээрде гана кошо демдеп коёт.
Зирбанын жасалышы, күрүчтү уютуу, зирбага салуу жана демдөө калган палоолордон айырмаланбайт.
Куш этинен палоо – биздин эл бакма канаттуулар менен жапан канаттуулардын этине көп палоо жасайт. Алардын ар бирин өз өзүнчө атайт. М: «Тоок баскан палоо», «кекилик баскан палоо», же «бөдөнө палоо», «улар палоо», «кыргоол палоо» ж. б. у. с. Рас, алардын аталышына жараша өз ара айырмачылыктары бар. Бирок ар бир палоо жалпы кыргыз палоолорунун санын эле арбытбаса, сапатына анчейин салым кошо албайт.
Куш-палоолор кыргыз палоолорунун эң таттууларынын бири. Өзгөчө «тоок палоо», «бөдөнө палоо», «күрп палоо», «жөжө баскан палоо», «кекилик баскан палоо» дегендер эл ичинде өтө кадырлуу. Анын үстүнө канаттуулардын эти да таттуу келип, адамга отурумдуу болот.
Маараке палоо – эл оозунда ашта же тойдо зор өлчөмдө жасалган палоонун түрүн «маараке палоо» деп атайт. Ал көбүнчө өсүмдүк майына жасалат. Этсиз зирбаны кууруп, үстүнө суу ордуна көп учурда мурда бышырылган эттин шорпосун (жылкы болсо зардептүү шорун) куят. Маараке палоо этсиз жасалып, табакка салганда гана мурда бышырылган устуканды кошуп берет. Эгер жылкы союлса бир-эки кесимден чучук, казы-карта ар бир табакка кошо тартылат.
Мөмө палоо – азыраак эт туурап, өрүк как, мейиз, пий алма, жаңгактын жана бадамдын маңызын кошуп палоо жасаса «мөмө палоо» болот. Кээде мейиз менен өрүктү кошуп жасайт. Бул палоо этсиз да жасалат. Аны эл ичинде «мейиз палоо», «өрүк палоо» же «маңыз палоо» деп да коёт. Ар биринин өзүнчө бөтөнчөлүктөрү бар.
Камыр оокаттар. Кыргыз калкы кадимден бери эле камырдан ар кыл ысык оокаттарды жасап жеп келгени тууралуу эл оозунда не бир сонун ырлар, учкул сөздөр, уламыштар бар. Ушул азыр да биздин элдин күндөлүк оокаттануусунда камыр кошулган тамактар орчундуу орунду ээлейт. А турсун «бешбармак» сыяктуу чүйгүн тамак сый оокаттар да камырсыз болбойт. Ар кыл күлчөтайлар, мантылар, лагмандар, чүчпаралар жана оромолордун негизи камыр. Коюу оокат эле эмес кыргыздын ысык аштарында да камыр көп колдонулат. Ошондой эле түркүн нандар, самсалар, токочтор, боорсоктор сыяктуу кургак оокаттар да жалаң камырдан жасалат. Демек, атам замандан бери эле өз оокатына камырды мыкты айкалыштыра билген биздин эл камырга уста элдердин бири.
Күлчөтай. Нагыз улуттук эски оокаттарыбыздын бири күлчөтайлар. Ал элибиз дан чарбасын өздөштүрүп, өз оокаттануусуна камырды пайдалана билген учурдан бери келаткан эзелки тамак. Эл оозунда аны «шылпылдак», «торпок кулак» ж. б. у. с. тамашалуу аттар менен атайт.
Күлчөтайлар союш союлуп, устукан тартылган учурда нарын же бешбармактан кийинки орунда жүрөт.
Устукан үчүн жиликтер же тыштуу кабыргалар боло берет. Эт сүр, же жаш болгонуна карабайт.
Устукандуу күлчөтайлардын артынан ак серке берүү ылайык.
Манты. Кыргыздын абзел тамактарынын бири манты. Аны биздин эл ирегелеш жамааттардан үйрөнгөнү менен бүткүл Азияга белгилүү бул оокатты өз ашканасына, улуттук тамактануусуна ыңгайлаштырып өзгөртүп, өзүмдүк кылып алган. Маселен, мантынын жасалышында, бышырылышында жана коруш-кайнасында эле башкалардыкынан өзгөчөлөнгөн байкаларлык айырмачылыктар бар.
Илгери мантыны жыгач касканга бышырчу. Азыр болсо заводдон атайын чыгарылган ар кыл чоңдуктагы алюминий каскандар дүкөндөрдө бар.
Эт манты – адегенде жакшы ундан камырын жууруп, тыныктырып коёт. Анан семиз койдун этин майда кылып, колго кырча туурайт да, ага жука тууралган пияз, ич май же куйрук май, аш-көк, көк калемпир, сарымсак, жусай кошуп, калемпир-мурч сээп, үстүнө туз татыган бир стакан ысык суу куюп тузун ырастап, аябай аралаштырат да, анан даамы сиңишкенче думбалап коё турат.
Аңгыча тыныккан камырды чарчылап кесип, столдун бетине бирден жайып, ар бирине бир кашыктан даяр этти салып түйө баштайт. Түйүш үчүн адегенде эки карама каршы бурчтарын бириктирип, бекем кармап, анан түйүлгөн мантынын эки учун эки-экиден бириктирүү зарыл. Түйүлгөн манты сүйрүрөөк абалга келет. Аны майланган калактарга тизип, суусу кайнап турган касканга кабаттап коёт да, ар бир калактагы тизилген мантынын үстүнө жылуу суудан сээп, каскандын капкагын жаап, 30–45 мүнөт кайнатат.
Манты бышканча анын үстүнө салгыдай пияз туурап, аны муздак сууга жууп, калемпир-мурч, ачык суу сээп думбалап турат. Мындан сырткары атайы чык жасап, бышкан мантыга кошо берсе да болот.
Май манты – карын майга сулп этти кырча туурап, ага тууралган пиязды кошуп, туз татытып аябай мыжып, калемпир-мурч сээп, тууралган аш-көктү кошуп, аябай аралаштырат да думбалап турат.
Калган жасалышы, бышырылышы жана коруш чыгы жогоркудай эле болот.
Манты-палоо – адегенде жогоркудагыдай жол менен манты жасайт. Анан палоо басып, жуп демдээрде даяр чийки мантыны палоонун үстүнө кошо демдейт. Палоонун демине бышкан манты ширин болот.
Ич эттин мантысы – боор, бөйрөк, карын, карын май, сулп эт – баарын колго кырча туурап, ага тууралган пиязды, сарымсакты ж. б. коруштарды кошуп, аябай аралаштыруу керек. Камыры, түйүлүшү жана бышырылышы жогоркулардан айырмасы жок. Чык же тууралган пияз кошо берген дурус.
Лагман. Орто Азия элдерине кеңири белгилүү болгон ламгандын бир нече түрү биздин элге таралган. Негизинен, жамаатташ элдер жасап жеген лагманга окшош. Бирок эти көбүрөөк. А тургай жилик, кабырга. карчыга, арка-моюн сыяктуу устукан кошуп да жасайт. Лагмандын негизи камыры менен соусунда болуп саналат. Камырын жумуртка кошуп катуу жууруп, көпкө ийлеп, анан тыныктырат. Андан соң созот же кесме сыңары чубалтып кесет.
Созмо лагман – созмо лагман үчүн адегенде мыкты ундан камырын жууруп алат. Аны созуп, узун-узун болгондо дак болгон өсүмдүк майы менен майлап, өйдө-ылдый силкип, муздак сууга чайкап чыйрыктырып, анан кайнак сууга салып, бир кайнаганда чыгарат да кайра муздак сууга сала турат.Соус үчүн этти, түрптү, пиязды, сарымсакты, капустаны, картошканы туурап, калемпирмурч сээп кууруйт. Суу куюп, кайнап чыгаарга жакын жусай менен көк калемпирди туурап, лавр жалбырагын, ашкөк салып, отту тартып азга коё турат да, камырын чоң чыныга, же тарелкага салып, үстүнө соусун куюп, дасторконго коёт.
Кесме лагман – лагмандын бул түрүн да жогоркудай жол менен жасайт. Камырын да жогоркудай эле жууруп, бирок узун кылып кесмече кесет да өзүнчө бышырып, үстүнө сары май куюп, абайлап аралаштырып, кесе-кесеге бөлүп салат да сайын куя баштайт.
Оромо. Оромо биздин элдин көптөн бери жасап жеген оокаттарынын бири. Аны адегенде карын майга, жайган камырга жана аткулакка ороп жасашкан. Кийинчерээк жүзүмдүн жалбырагына, капустага ороп жасашчу болду. Улуттук ашканабызда ал азыр кадыресе оокат катары баркталат, бааланат. Анын курамында камыр, эт, май, жашылчалар, аш-көктөр жана коруштар бар. Оромону көбүнчө этке жашылча кошуу менен жасап, буулап кайнатып жана отко кактап бышырат. Элдик ашканада анын бир нече түрү бар.
Куурма оокаттар. Куурдак – кыргыз журтунун атам замандан берки улуттук чүйгүн оокаттарынан. Аны ар кандай кырдаалда, а тургай жыл мезгилине жараша жасашкан. Маселен, кеч күздө согум союшуп, өз майына этин кууруп, кардына салып тоңдуруп коюшуп, кыш бою ашкатык кылышкан. Эгер согумга бодо союлса көп учурда сөөгүнөн этин шылып, ич этинен башкасына пияз, сарымсак кошуп, ич майына чалараак кууруп, таза жууп, туздап, үйлөп кургаткан өз карынына майы менен куюп тоңдуруп алышчу экен. Согум жандык болсо ич эти менен баш-шыйрагынан бөлөгүн кууруп, карынына салып тоңдурушкан. Консервалоонун элдик түрү болгон мындай тоңдурма куурдактан сырткары биздин эл ыраак сапарга, узак көчкө, алыскы жайлоолордогу малчыларга, аңчыларга ылайыктап да куурдак жасашчу. Ал куурдактын баары тең эт менен майдан болуп, ага тоо пияз, сарымсак, согон сыяктуу жапайы татымал чөптөр кошулуп жасалчу тура.
Шишкебеп. Шишкебеп эзелки оокат. Аны жасаш үчүн катуу жыгачтан атайылап шиш жасашып, ошого сайып, чокко кактап бышырышкан. Шишкебеп мергенчилердин, аңчылардын жана малчылардын оокаттануусунда олуттуу орунду ээлеген. Эзелки шишкебептин айрым түрлөрү элдик ашпозчулук өнөрүнө биротоло кирип, улам жакшырып жүрүп отурган.
Мурда карандай этти жыгач шишке сайып бышырса, кийинчерээк этке коруш кошуп, ачык суу, калемпир, мурч сээп думбалап, темир шишке сайып бышырат. Азыркы кезде чок ордуна атайын электро-вертелдер бар. Бирок оттун табына кактап бышыруучу байыркы ык негизинен сакталып калды. Себеби оттун, чоктун табына кактап бышыруу – оокат бышыруунун өзгөчө бир эски, эл тажрыйбасында сыналган түрү. Шишкебептин бир нече түрүн тандап алдык. Аны бышырып жатканда бат-бат оодарып, тегеретип карап турат. Бышканда ачык суу сээп, пияз, салат кошуп берген мунасып.
Куурулган кан – ич майды майда бөртүп, чала сызгырып, сызыгы кызарарда пияз салып, аздан соң майда бөртүп тууралган этти, боорду туз себелеп биртике кууруйт. Эттин чети кочкул тартканда, мурдатан алып койгон канга азыраак туз сээп, уюганын эзип жиберип казанга куюп, баары бышканча буулап кууруган дурус. Чыгарарда калемпир-мурч сээп коюу керек.
Кебеп. Калкыбыздын улуттук ашканасында оттун табына, кызыган тандырга жана какшыган казанга жаап, отко кактап бышырган эзелки оокаттардын бири – кебеп. Оттун табына бышкан мындай оокаттардын өзгө чөлөнгөн кушкер даамы, жагымдуу жыты бар, аш болумдуулугу мыкты, каллориясы жогору, кубаттуу оокат.
Кебепке эт, коруш, аш-көк, май жана жашылча керек болот. Улуттук салтта кебептерге нан, салат, чай кошо берүү элдик ашканада демейки адаттардан.
Кебептерди эл оозунда шишкебек дейт. Анткени аны көбүнчө шишке сайып бышырат. Шашлык болсо элдик оокатка шишкебептен алда канча кеч кирген. Кебептин тандырга, какшыган казанга, кызарган ташка жаап, аткулакка ороп, корго көөмп бышырган эзелки түрлөрү да бар. Койчулардын, аңчылардын жасаган кебеби да көп. Алардын айрымдары элдин эсинен чыгып калган.
Актан жасалган оокат. Адамдар сүттү оокат катары өз тиричилигине пайдаланууну жапайы жаныбарларды жаңыдан колго үйрөтүп жүргөн эң байыркы кезден баштаган. Колго үйрөнгөн мал адам баласына сүт, эт берди. Этин жеп, сүтүн таткан адам мал күттү, мал чарбасын өнүктүрдү, аны тиричиликтин бир булагына айлантты. Ошентип, атам заманда эле сүттүн аш болумдуулук сапатын, кайталангыс касиетин адамдар өз тажрыйбасынан аңдап билген. Ошондон бери карай сүт адамзаттын өмүр жолун коштоп келатат. Азыр да адам туулган күндөн тартып сүт менен азыктанып, өмүрү өткөнчө сүттөн кол үзбөйт. Демек, сүт адамзаттын эң эле байыркы жана негизги оокаттарынын бири. Аны биздин эл жалпысынан «ак» деп коёт. Бабабыз Кыргыз атадан баштап мал багып, малчылыкты кесип кылып, малдын артынан көчүп-конуп, тиричилигин көчмөндүккө айланткан калкыбыз жандыктан кой-эчкинин, бододон уйдун, топоздун, бээнин, төөнүн сүтүнөн көп эле түрдүү оокаттарды жасап келген.
Сүт. Табият эненин эң аруу оокаты – сүт. Аны биздин эл уйдан, топоздон, төөдөн, бээден, кой-эчкилерден саап алышкан. Саалган сүттү чийкилей ичишкен. Бышырып каймактатышкан, уютуп айран, жуурат жасашкан, кымыз кылышкан. Сүзмө, эжигей, курут сыяктуу оокаттар да сүттөн болгон. Демек, актан болгон бүткүл оокаттардын башаты – сүт.
Калкыбыз өз тиричилигинде урунган төрт түлүк малдын сүтү составы жана кубаттуулугу жагынан айырмалангандыктан ар бир малдын сүтүн өз алдынча караган дурус.
Койдун сүтү – кой сүтүнүн мүнөздүү даамы, жыты бар, пайдалуу заттары мол, майлуулугу жогору. Андан каймак, айран, жуурат, эжигей, быштак жасалат. Азыр анчейин колдонулбай баратат. Мурдатан оокаттанууга кеңири кошулган кой сүтүнөн азыр да айыл-апада айрым тамактар жасалууда.
Эчкинин сүтү – эчкинин сүтү составы жактан уйдун сүтүнө жакын, бирок майлуулугу мол. Белогу, минерал туздары (өзгөчө кобальт тузу) көп, витаминге бай. Андан көп нерсе жасалат. Дамаамат бышырып урунат.
Уйдун сүтү – сүт аттуулардын адилинен, жагымдуусу жана эң мыктысы уйдун сүтү. Уйдун сүтүнөн 16 түрлүү тамак жасалат: айран, курут, сүзмө, жуурат, каймак, чалап ж.б. Чийки жана бышык урунулат.
Топоздун сүтү – уйдун сүтүнө бардык жагынан жакын болгон топоздун сүтүнө 8%ке чейин май бар. Андан жуурат, каймак, май алынат.
Төөнүн сүтү – өзгөчө даамы бар, төө сүтүндө бардык аш болумду заттар менен бирге фосфор кычкылтеги жана кальцийдин тузу көбүрөөк. Андан айран, төө кымыз жасалат. Азыркы кыргыз наркында анчалык колдонулбайт.
Бээнин саамалы – бээнин сүтү (саамал) негизинен кымыз болот. Кээде аш да жасалат. Анда белок (1,0–2%), азоттун ар кыл кошулмалары (2%), өзгөчө «С» витамини көп. Дарылыгы бар.
Сүттөн болгон бардык тамак-аштар ургаачылар тарабынан жасалган. Сүт тамактарын аз колдонгон аймактарда жаш балдары дандын кемчилдигинен жүдөп баратса, илгери жер эңгелчекти (жер курту деп аталат) кууруп, жаргылчакка тартып, кадимкидей талкан кылып майга, сүткө, каймакка көөлөп берген. Дан жыты, жер курту жок болсо көпчүлүк жерлерде ышкындын боткосунун уругун жана жөргөмүштү (таруудай суунун жээгинде өскөнү) сүткө кичине себээлеп берип соо роткон.
Каймак. Каймак – кыргыздын эң байыркы чүйгүн оокаттарынын бири. Аны май алуу үчүн жана каймакты тамактануу үчүн жандыктын же бодонун (уй, топоз) сүтүн бышырып же чийки коюу жолу менен алышкан. Азыр болсо ар бир үйдө сепаратор бар, ага сүттөн тартып алышат. Республикабыздын сүт өнөр жай ишканалары, са тууга чыгарып жаткан «каймакка» да каймак алуунун элдик эски түрү негиз болуп берген. Кыскасы, каймак алуу, май чогултуу азыр алда канча оңойлоп, прогресске ээ болду.
Жалпысынан, каймак деп аталган менен ал ич ара бир нече түргө бөлүнөт. Ар бир түрү жасалышы, даамы, багышталышы жактан айырмачылыктарга ээ. Аталышы да ар башка. Элдик ашканада көп жасалчу 5–6 түрүн ылгап алып, өзгөчөлөп бердик.
Кам каймак – кой-эчкинин, уйдун же топоздун сүтүн саары менен кам бойдон жайпак идишке куюп муздак жерге 4–6 саат коюп, үстүн калпып алса кам каймак болот. Чийки сүттөн алынган мындай каймактын өз даамы бар, демейдеги каймактан суйдаңыраак болот. Ал бат ачыйт. Аны көбүнчө май чогултуу үчүн гана алышат. Ар кыл оокаттарга урунтат, жаңы кезинде мыкчыма жасайт, талкан көөлөйт. Кээде ачкыл каймак алыш үчүн да атайылап да жасайт.
Коймо каймак – каймак алуунун эң эски түрү болгон коймо каймак үчүн нак сүттү бышырып, бир аз кайнатып жайпак табактарга куюп, кылдат жерге 6–8 саатча коюп коёт. Анан үстүн чебердеп алып, конокко берет.
Кыргыз эли күү-челек, сепаратор чыкканга дейре ушундай жол менен каймак алып, андан май сызгырышкан. Коймо каймак каймак аттуунун жегиликтүүсү, эң таттуусу болгон менен чөбөгөсү көп, майы азыраак түшөт.
Коймо каймакты азыр жегиликке гана жасабаса, анчалык пайдаланылбайт. Бирок калориясы жогору, аш болумдуу оокат.
Тарткан каймак – ынак сүттү сепараторго чийки же бышырып тартып алса тарткан каймак деп аталат. Каймак чогултууга же ачкыл каймак алууга багышталса сүттү кам тарткан дурус. Каймактай жеш үчүн сүттү бышырып, жылымык болгуча муздатып, анан сепараторго тартат. Тартылган бышык каймак даамдуу келип, сактоого да ыңгайлуу болот. Ал ачыбайт, 2–3 күнгө дейре бузулбайт.
Ачкыл каймак – ачкыл каймак деп мурда 2–5 күнгө дейре табигый түрдө өзү ачыган каймакты аташчу. Андан көбүнчө каймак май чалып алыша турган. Азыр аны каймактын үстүнө айран куюп, муздак жерге коюп, атайы ачытуу жолу менен да алып жүрүшөт. Ачкыл каймак ар кыл оокаттарга коруш катары пайдаланылат. Өнөр жайында иштелген бир түрү «сметана» деген ат менен са тылат.
Тартылган 1 кг ынак каймакка эки темир кашык айрандан уютку салып, муздак жерге 24 саат койсо ачкыл каймак болот.
Бал каймак – эски табарик оокат. Аны мурда коймо каймакка ун чалып, бал кошуп кайнатып жасашчу. Азыр көбүнчө тарткан каймактан жасалат. Ал таттуу жана аш болумдуу.
Тартылган жаңы каймакты үстүнө майы бөлүнгөнчө сызгырат. Аңгыча биртике каймакка буудай ун, сүт, бал (болбосо набат, кант же шекер) кошуп, ундун бөл төгүн жок кылып көпкө чалып, даяр болгондо сызгырылып келаткан каймакка кошуп, тынбай аралаштыруу менен бышырат. Даяр бал каймакты көбүнчө ысуулай жеген дурус.
Май. Кыргыз эли өз оокат-тиричилигине малдын ич майы менен өсүмдүк майларынан бөлөк ар кыл сүт майларын урунат. Айран-сүттөн, каймактан май алуунун ыгын эл эчак эле иштеп чыккан. Ар кыл сүттөн алынган сары май дасторкондун көркүн ачкан. Күндөлүк оокат жасоодо кеңири колдонулган. Карынга, идиштерге куюлган сары майлар узун кыштан жай саратанга дейре «аш катык» болгон. Ошентип, сүттөн алынган май кыргыз ашканасында илгертен эле болуп келген. Азыр да айылдарда эскиче жол менен май алышат. Эл оозунда аны бышкан май деп коёт.
Каймак май – «Каймактар» деген параграфта жазылган жолдор менен чогултулган каймакты күүгө, аз болсо саал идишке куюп муздатып, майы түшкүчө чалат. Майы түшкөндө каймактын суусунан ажыратып майды тоголоктоп алат.
Каймак майлардын ичинен уйдун каймак майы өзгөчө бааланат. Анткени анын ар кыл витаминдери көп келип, жагымдуу жыты, өз алдынча кушкер даамы бар. Бардык каймак майлар кубаттуу (калориялуу) сиңимдүү жана аш болумдуу келет. Аны эл оозунда жууган май деп да коёт.
Каймак майдын кыйгылын, таттуусун, шоколаддуусун жана туздуусун сүт өнөр жай ишканалары жасап, көптөгөн дүкөндөрдө сатылууда.
Каймак май күндөлүк оокаттанууга кеңири колдонулуп келген. Азыр да ал кыргыз дасторконунун көркүн ачып турат.
Сары май. Каймак майды сызгырып алганда биздин эл сары май деп атайт. Аны жайдан күзгө дейре чогултуп алып карынга, сатил идиштерге чөбөгөсүнөн бөлүп куюп алат. Оокатка урунтат, ынак түрүндө жейт.
Сары май ар бир дасторкондун көркү. Аны ар кыл оокаттар менен кошо берет. Ал калориясы жогору болсо да организмге жеңил сиңет.
Кошкон май – бал менен сары майды кошуп сызгырып алганды кошкон май деп коёт. Ал үчүн адегенде даяр сары майды эритип, толук эригенде балды куюп, толук аралашканча аралаштырып турат, даяр болору менен оттон чыгарып, идишке куюп тоңдуруп алат. Мындай май жегиликтүү, кушкер жеңил ширин болот. Ал көпкө бузулбай турат.
Чөбөгө – каймак майды сызгырганда чөбөгөсү кызарып келгенде алса, чөбөгө таттуу болот. Чөбөгөнү көбүрөөк алсын үчүн сызгырып жаткан майга кээде атайылап каймак куят.
Чөбөгөнүн кыйгыл даамы, жагымдуу жыты бар. Аны көбүнчө май сызгырганда алат. Айрым кездерде чөбөгө үчүн атайылап каймакты сызгырган учур да болот.
Айран. Элибиздин эзелки ак оокаттарынын бири – айран, жуурат. Аны кой-эчкинин, уйдун жана топоздун сүтүнөн жасашкан. Уйдун сүтүнө төөнүн сүтүн аралаштырып, айран уюткан учурлар да болгон.
Айран – бул адам баласынын ынак сүттү өзгөртүп жасаган биринчи оокаты. Демек, айранды алгачкы коомдордо эле билишкен. Ошол үчүн дүйнө элдеринин көбүндө айранга окшош ачкыл сүт оокаттар азыркыга чейин бар. Бирок алардын баарынан кыргыз айраны айырмаланып турат.
Уютуу – айрандын негизи. Сүттү бышыруу, жыл мезгилине карап мерчемдүү жылуулукка чейин муздатуу, уюткунун чени, анан уюп жаткан учурда «чочуп» калбас үчүн кылбат жерге коюп, жылуулап жабуу сыяктуу «сырлар», энеден кыз-келинге, муундан муунга кылымдар бою үйрөтүлүп келген жалпы нарк-нуска болгон. Айран уютканды кичинесинен үйрөнүп билбеген кыргыз аялы азыр жокко эсе.
Айран – дарылыгы бар мүнөз оокат. Анын составындагы таза белоктор, сүт кычкылтеги, пайдалуу микробдор, витаминдер, антибиотикалык касиетке ээ. Ачкыл даамы, жагымдуу жыты бар айран адамдын тамакка көөнүн чаптырып, ичеги-карындын маңызын көп бөлүп чыгарат да, оокат сиңирүүгө зор көмөк берет. Айран жана ага окшош ачкыл сүт азыктарынын дарылык кудуретин элдик медицинадан тартып медициналык илимге дейре аныктаган. Ошол үчүн азыркы врачтар мындай ачкыл сүт азыктарын түркүн ооруларга сунуш кылышат. Дарылыгын жогору баалашат.
Сүзмө, курут сыяктуулар да айрандан алынат. Демек, айран бүткүл ачкылы аз азыктарынын негизи болуп эсептелет. Элдик ашканада белгилүү болгон анын бир нече түрү бар.
Жуурат. Койдун сүтүн бышырып, суутуп, табына келгенде кылбат жерге жылуулап жаап коюп, уютса жуурат болот.
Мурда койдун ынак сүтүнөн уютканды гана жуурат десе, азыр аны эчкинин жана топоздун сүтүнөн да уютат. Элдик медицинада ал айран аттуунун эң кубаттуусу катары бааланат.
Ынак айран – уйдун же топоздун ынак сүтүн бышырып табы кайтканда жаңы айрандан уютку салып, 4–6 саат уютса ынак айран болот. Аны оокат, суусун катары ичип, ар кыл аштарга катык кылат.
Коютмак – ынак айранга жаңы саалган жылуу кам сүттү кошуп аралаштырып, бир жаңкеп талкан чалып койсо «коютмак» деген оокат болот. Аны талкан чалбай ичсе да боло берет.
Бышкан айран. Жогорудай жол менен уютулган ынак айранды муздатып, күүгө бышып, түшкөн майын алып, айранын куюп алса бышкан айран болот. Анын бүдүрү эзилип, суюк болуп калат.
Бышкан айран суусун жана катык болот. Көпкө сакталат. Азыр сепаратор чыкканы, бышкан айран унутулуп баратат.
Кам айран – уйдун таза чыпкаланган жаңы ынак сүтүн чийки бойдон жылуу кезинде азыраак уютку салып 4–5 саат уютса кам айран болот. Бул – мүнөз оокатка кирет. Кээде кам айранды бышып, майын алып, бышкан айран жасашкан.
Келегей айран – ынак сүттү бышырып, табы ылымжылымык болгондо аз уютку салып, чала уютуп алса келегей айран болот. Анын дарылыгы бар.
Сүтөмүк айран – бышкан ынак сүт демейдегиден жылуураак болгондо жаңы айрандан 3–4 тамчы гана уютку салып, 3–4 саатча коюп, сүтү эми имерилип айранга айланып келатканда аралаштырат. Сүтөмүк айранды көбүнчө мүнөз оокат катары жасайт.
Көк айран – сепараторго тартылган сүттү бышырып, кадимки айран сыңары уютканды эл оозунда көк айран деп коёт. Аны ар түркүн оокатка коруш, катык кылат.
Суусун жана оокат катары ичилет. Сүзмө жасалат.
Көөрчөк. Бул – айранга жаңы саалган сүттү кошуп ичүү. Чаначтагы айрандын үстүнө төтөн уйду, эчкини талаада саап, чаначтын оозун бек кармап, бүркө аябай аралаштырат. Айран менен сүттүн ортосунан бир татымдуу даам пайда болот. Талаа азыгы делген муну мал кайтаргандар көп жасап иче турган.
Аны ичүүдө биз бир гана түрүн билип жүрүппүз. Көрсө, көөрчөк ачытуу дегени да бар. Мында кымызга эчкинин жаңы саалган сүтүн кошуп ачытат экен. Илгери койчумандардын тамагы аталган мында кымызды, сүттү бир топ чайкап, таштын булуңуна ороп койгондо, мөөнөтү келгенде ал ачып боржоктоп, ичкиликтүү келген.
Сүзмө. Жуураттын, айрандын бардык турлөрүнөн сүзмө жасалат. Бир-эки чака айран баткандай кылып алдырагыраак матадан эки кабаттап баштык жасап, ага айранды куюп, 1–2 күн койсо айрандын сары суусу сарыгып, баштыкта калган коюусун сүзмө дейт. Сүзмөнү жаңы жана куршуган айрандан жасай берет. Даяр сүзмөнү кайнатып, кургатып, туздап алып, кышты кыштай аш катык кылышкан. Бул байыркы ыктар азыр да айылапада кеңири колдонулууда. Сүзмөнү республикабыздын сүт өнөр жай ишканалары өздөштүргөндүктөн шаардык дүкөндөрдөн кышы-жайы өксү болбойт.
Сүзмө – бузулбас оокат. Андан аш катык, түркүн оокаттарга коруш, эзилгени суусун болуп, андан чалап кылып ичишет. Элдик ашканада анын айрым түрлөрү бар.
Курут. Элибиздин актан болгон эзелки оокаттарынын адимиси да, абзели да курут. Ал эч бузулбаган, ток, кубаттуу кургак оокат. Аны эзип, аш катык, коруш кылат. Эзилгенине май салып же каймак куюп, нан туурап, өзүнчө оокат катары да ичишкен. Айрым түрлөрүн күлазыкка кошуучу. Ыраак жолдо, көчтө, узак кышта, ачарчылык жылдарында элди азыктанткан курут бүгүн да калк ичинде көп жасалат. Жакшы жасалган курут жылга дейре бузулбай тура берет. Алып жүрүүгө жеңил, бардык тарабынан көчмөн тиричиликке ылайыкташкан, эчен кылымдык тажрыйбадан сыналган курут бүгүн да элибиздин оокаттануусунда зор мааниге эгедер.
Курут сүзмөдөн болот. Сүзмөнү жакшылап куюу, кайнатуу, туздоо, ар кыл коруш кошуу, талаптагыдай тоголоктоп жасап, кургатып алуу – курут жасоонун негизи. Куруттардын элдик ашпозчулук өнөрүндө кеңири белгилүү болгон түрлөрүнөн төртөөнү өз алдынча айырмалап бердик.
Эзген курут – кургак курутту чайкап, ысык сууга салып, саамга думбалап коюп, анан эзе баштайт.
Эзилген суюгун улам бөлүп куюп алып турат. Эзип болгон соң ысытып, кесеге куюп үстүнө сары май салып, дасторконго коёт. Ага жапкан нан же жупка берген дурус. Эзилген курутка боорсок, токоч, чабаты, нан сыяктуу кургак оокаттарды туурап койгон мунасып.
Куруттап – адегенде жүгөрү талкандан тузу кем кылып суйдаң жарма жасайт. Ал бышкан кезде үстүнө орточо эзилген даяр курутту куюп, бир кайнаган соң чыгарат. Табы кайтканда кеселерге куюп, үстүнө сары май салып, нан же боорсок, токоч менен дасторконго коёт.
Убай – эзилген курутту ысытып, кеселерге куюп, үстүнө жаңы каймак кошсо «убай» деген оокат болот. Аны боорсок, жупка менен берген оң.
Жай курут – сүзмөнү куюп, чогулганда казанга салып, биртике айран кошуп, туздап, кайнатат. Коюу, ак массага айланганда чыгарып, муздаган соң тоголоктоп, кышадан же чийден сере жасап, ага жайып, курутту 5–6 күн кургатат. Демейки камылгага дайыма жай курут жасалат. Аны көбүнчө эзип ичкен оң.
Чий курут – чий курутту көбүнчө кой-эчкинин, уйдун, топоздун ынак айранынан сүзмө кылып, аны кайнатып, тузун дадил салып, майда тоголоктоп чий сереге кургатат. Чийдин темгили түшүп кургаган курут кооз көрүнөт. Ынак сүзмөдөн жасалган соң жегиликтүү келет. Аны сонундукка жегенге, сапарга жана эзгенге жасайт.
Май курут – ынак айрандын сүзмөсүн курут үчүн кайнатып жатканда каймак же каймак май кошуп, тузун өткүлүрөөк салып, чий курут сыңары жасайт. Май курут демейдеги куруттардын баарынан майлуу келип, даамы кушкер болот. Аны көбүнчө күлазык катары алыс сапарга жөнөрдө жасашкан.
Эжигей курут – кой-эчкинин же топоздун сүтүнө эжигейдин уюткусун салып кайната берсе сары суусу бөлүнүп, эжигейи бириндеп калат. Сары суусун сарыктырып, кемирээк туздап, ага сүзмө, азыраак каймак кошуп аралаштырып, бир кыйлага кайнатып, оттон чыгарып тыныктырып коюп, анан абайлап майда тоголоктойт да сереге жайып, бир нече күн кургатат.
Эжигей курут – курут аттуулардын таттуусу. Анда эжигейдин, сүзмөнүн, каймактын даамы бар, тузу кем, жегиликтүү. Ошол үчүн аны көбүнчө кургак жеш үчүн атайлап даярдап алышат. Сапарга, узак кышка азык, алыстагы кыз-кыркынга белек болчу эски табарик оокат эжигей курут азыр сейрек жасалат.
Эжигей – эски абзел оокаттардын бири. Аны көбүнчө койдун, кээде эчкинин жана топоздун сүтүнөн жасайт.
Эжигейдин негизи – уютку. Аны койдун кара уузун саап алып, жылуу кезинде куршуган айрандан уютку салып, козунун таза жуулган жумурунун туюк учуна куюп, оозун бек бууп, 2–3 күнгө дейре көлөкө жерге илип коёт. Кара ууз уюп, курушуп, сары суусунан бөлүнүп калат. Аны кургатып алса жыл бою уютку болот.
Эжигей көбүнчө жаз, жай, эрте күз айларында көп өлчөмдө жасалып, айылы менен сонундукка жешкен чүйгүн оокат. Ал үчүн койдун ынак сүтүн казанга куюп, жылымык болуп келгенде эзилген уюткуну салат. Сүт заматта калдайып уюп чыгат. Толук уюганын билиш үчүн жыгач кашыкты улам малып турса, сүттүн иримчиги кашыкка жабышпай калат. Уюусу жеткенде отту күчөтүп, сары суусу такыр соолгонго дейре (5–6 саат чамасында) аралаштырбай кайната берет. Түбүнө тартып кетпес үчүн казандын түбүнө төрт жеринен чий сойлотуп койгон оң. Бышканда өңү саргыч ак тартып, сал-сал болуп калат.
Эжигей тууралуу ар кайсы аймакта ар кандай түшүнүктөр бар. Бышкан уузду «ууз эжигейи» (илгери талаада мал тууса, малчылар түтүк куурайга саап, эки учун бүтөп, оттун табына кармап, ууз бышырып ичүүчү экен). Быштакты «быштак эжигей», чөбөгөнү «чөбөгө эжигей» деген маалыматтар Алай, Алайкуу ж.б. тарапта арбын айтылат. Мында эжигей кайнатардан бир нече күн жумурду ачытып, аны кургатып да алат. Эжигей кайнай баштаган учурда жаш этти (төтөн козунун этин) кошо бышырса, эт өтө ширелүү болот.
Эжигейди куруттай кургатып, жаргылчакка тартып, тулуп баштыктарга салып, кышка сактай турган. Аны сары майга, же каймакка кошуп, мыкчып жегенде өтө кубаттуу келген. Эжигей күлазыктардын катарына кошулат.
Эттүү эжигей – эжигейдин бул адими түрүнүн бышырылганында жогоркудан эч айырма жок. Бирок уюп келгенде козунун туз сиңген жаш этин жилик-жилиги менен салып бышырат. Өз сөлүнө жана жаш эттин шоруна бышкан эжигей даамдуу келет. Этти чыгарып, устукандап, эжигейге кошо тарткан дурус. Эттүү эжигей асыресе кадырлуу меймандарга арналып, көп жасалган.
Быштак. Кыргыздын илгерки оокаттарынын бири быштактар көбүнчө ууздан, ириген сүттөн, иримчиктен, кээде сүтөмүк айрандан жасалчу. Азыр болсо атайын ачыткылары бар.
Эжигей, иримчик (творог) сыяктуу эски оокаттар жалпы, жонунан быштактын тобуна кирет. Мындан сырткары быштак деп аталгандардын да түрлөрү бар. Аны жалаң ынак сүттөн гана жасайт.
Ууз-быштак – бодо же жандык малдын уузун чогултуп бир кайнатып, азыраак туз салып уютуп койсо, быштак сары суусунан бөлүнүп калат. Муну ууз-быштак деп коёт да, көбүнчө өз үй-бүлөсүнө, бала-чакага даярдайт. Ал майлуу жана ток оокат.
Иримчик быштак – ирийин деген ынак сүттү кайнатса сары суусу менен быштагы бөлүнүп чыгат. Сары суусу соолгончо акырын кайнатып каймак куюп, шекер сээп, өңү агыш-сары болгончо бышырат. Улам аралаштырып турбаса түбүнө тартып кетиши ыктымал. Бышканда иримчик быштак саргыч тартып үбөлөнүп, бириндеп чачырап турат. Даамы ширин келет.
Такта быштак – такта быштакты кой-эчкинин өткүл туз салынган жылуу ынак сүтүнө сүзмөнүн ачыган сары суусун куюп, жылуу сүт уюп келгенде алжырак мата жайылган жайпак табакка коё турса быштак суусунан ажырап, бат эле калдайып калат. Эл оозунда муну уюткан быштак деп да коёт. Бул туздуу келет.
Быштактын түрүнө кирген менен андан даамы жана жасалышы жагынан, кубаттуулугунан байкаларлык айырмаланган илгерки оокат – иримчик. Аны азыркылар «творог» деп орусча атап жүрүшөт.
Иримчикти ынак же тартылган сүттөн жасайт. Ал үчүн сүттү бышырып, табы абдан кайткан соң айрандан же ачкыл каймактан (сметана) 3–4 кашык куюп, сүттү абайлап иритет. Ириген соң кашык менен саамга аралаштырып, анан ачыганча жылуу жерге коё турат. Сүт толук ирип, көгүш сары суусу бөлүнүп чыкканда аны таза касага (марли) куюп, сүзүп алат. Сары суусу такыр тамбай калганда иримчикти алым муздак жерге сактаса иримчик 1–2 күнгө дейре бузулбайт.
Иримчиктин составында сүт белогу, май, сүт кычкылтеги жана башка пайдалуу минерал заттар бар. Ошол үчүн анын кубаттуулугу жогору, аш болумдуулугу мыкты, дарылыгы бар мүнөз оокат.
Иримчикти ынак түрүндө жейт. Андан ар кыл оокаттар да жасалат. М: мөмө, таттуу кошуп, ачкыл каймакка, сүткө эзип, оромо, чүчпара сыяктуу оокаттарды жасоого болот. Анын түрлөрү көп.
Кымыз. Кыргыздын кадимден келаткан байыркы суусун-оокаттарынын абзели – кымызды бээнин, төөнүн, уйдун жана кой-эчкинин сүтүнөн жасайт. Аны сабаага, арча челекке жана карапага ачытышкан. Азыр сатил идиштерге да жасашат. Элдик ашпозчулук өнөрүнүн ири ийгилиги болгон кымызды сүт заводдору да өздөштүрүп, өнөр жайлык негизде өркүндөтүп, дүкөндөргө чыга рууда.
Кымыз тууралуу жазма маалыматтар байыркы дүйнөнүн көп элдерине белгилүү болгон. Биздин жыл санакка чейин жашаган скиф уруулары кымызды жамаатташ жашаган көчмөн элдерден үйрөнүшкөн. Азия менен Европадан келген саякатчылар көчмөндөр арасында болушуп, кымыз тууралуу маалыматтарды жазып калтырышкан. Бирок анын дарылык касиети кийинчерээк гана илимий жактан далилденип, жалпыга белгилүү болду. Кымызда оңой сиңчү белоктор, майлар, углеводдор, минерал туздары, витаминдер, ферменттер жана антибиотикалык заттар бар. Ал оокат сиңирүүнү жакшыртып, кандын көбөйүшүнө көмөктөшөт, организмдеги зат алмашуу процессин оңдойт. Кымыз ичкендин көңүлүн көтөрүп, организмди чыңдайт. Ошол үчүн врачтар аны ар кыл оорулууларга сунуш кылышат. Кымыз курортторун, атайын санаторийлер куруп, кымыз менен дарылоо республикабызда жылдан жылга жакшырып баратат.
Кымызды оокат, суусун катары пайдалануу менен анын дарылык касиетин турмуштук тажрыйбасынан атам заманда эле аңдап билген кыргыз эли азыр кымыздын бир нече түрүн жасайт. Кыргыз кымызы жамаатташ казак калкынын, тектеш башкыр жана айрым Сибирь элдеринин кымызынан аталышы гана эмес жасалышынан да байкаларлык айырмаланып, өз алдынчалыкка ээ. Кымызда көрөңгөлөнгөн күнүнө жана жыл мезгилине жараша 1%тен 4,5% ке чейин спирт болушу мүмкүн.
Кымыз бээнин сүтү (саамалы) – кыргыз кымызынын негизи. Бээ – «чыңыртып кулун байлаган чын курандан» (азыркыча апрель айынан) тартып кеч күзгө чейин саалат. Кечигип тууган бээлер кышкысын да саадырат.
Бээнин саамалында 6%тен ашуун сүт канты, 2%ке дейре май, 2%ке жакын белок ж. б. азот кошулмалары, өзгөчө «С» витамини (1л саамалда 100мг чейин) көп болгондуктан аны көрөңгөлөп ачытуу оңой. Анткени саамал ирисе да коюлбайт.
Көрөңгө – кымыздын эң негизги ачыткысы. Саамалды кымыз кылган көрөңгө. Аны күзгү кымыздын үрпүн чогултуп, ышталган чаначтын түбүнө сактайт. Жаз болуп, бээ саанга киргенде ошол коюу үрптү саамалга (же кайнатылган жылымык сууга) эзип, үстүнө саамал куюп, эки-үч күндөп ачытып, көпкө бышып, кымызды көрөңгөлөп алат.
Көрөңгөнүн экинчи түрүн тоңдурма кымыз же тоңдурма көрөңгө деп да коёт. Аны кышкы (же кеч күздөгү) кымыздан (үрпү менен) муздак жерге кыштата тоңдуруп коёт.
Көрөңгөнүн бул эки түрү тең ыңгайлуу келип, кыргыздын кымыз жасоо тажрыйбасында кылымдап сыналган.
Кымызга саамал менен көрөңгөдөн бөлөк кымыран же жылуу суу кошулат. Сабадагы көрөңгөнүн үстүнө табы кайткан саамал куюлган соң бир сааттан ашуун бышып, анан саамалды жылуу ороп коёт. 3–4 сааттан соң дагы бышат. Кымыз жетилип, куяр кезде дагы бышуу зарыл. Канча көп бышылса кымыз ошончолук жагыштуу, сиңимдүү жана таттуу болот.
Кымыздын күндөлүк көрөңгөсү – куя турган саамалдын төрттөн бирине дейре болот. Саамалга кошулчу кымыран алтыдан бирине жакын. Бышылган кымыз 8–10 саатта жетилет. Көрөңгөсү теңме-тең болсо, бышуусу жетилген соң 2–3 саатта эле кымыз табына келип калат.
Кымыз көрөңгөлөнгөн күнүнө, жыл мезгилине карап, ич ара бир нече түргө бөлүнөт. Бир күндүк кымыз – жаш кымыз, эки күндүгү – күчтүү кымыз, үч күндүгү – өткүл кымыз деп аталат. Үч күндөн өткөн соң кымыз какырым даамданып, саамал кошпосо айнып калат. Өтө ачыган кымыздан илгери арак тартышкан. Эрте жаздан жайдын толугуна чейинки кымыз ууз-кымыз деп айтылып, элдик тажрыйбада ар кандай ооруга дабаа катары бааланат. Анткени бээлер ууздан арыла элек, чөп жашаң кез. Кымыз ошого жараша таттуу келет. Жайдын толугунан күзгө дейреки кымыз гүл кымыз делет. Элде кээде кызыл кымыз деп да коёт. Чөп муун алып, гүлү төгүлүп, күчүнө келип турган убактагы гүл кымыз – кымыздын күкүктөнүп турган күчтүү учуру.
Чөп бышкан күздөн кышка чейин кымыз сөөк кымыз деп аталат. Бул учурда байып бараткан бээнин сүтү коюу келип, кымыран көбүрөөк кошулат. Сөөк кымыз коюу, күчтүү жана ток болот. Ынак кымыздын мындан сырткары да өз ара түрлөрү бар.
Тунма кымыз – жогоркудай жол менен ачытылган кымызды эртең менен бузарда бышпай туруп, үстүндөгү тундурмасын бөлүп куюп алса, тунма кымыз болот. Ал эң күчтүү келет.
Саамал кымыз – жакшы ачып, бышуусу жетилген кымызга бир саам (4–5) саамалды куюп, бир саатча бышып, 1–2 саатча тыныктыра туруп, анан куйса саамал кымыз болот. Ал таттуу, ичимдүү жана жагымдуу болот.
Чайкаган кымыз – бир күн туруп, жакшы ачыган кымызга бал кошуп чайкап, саамал кошуп, көпкө бышып 2–3 күнгө дейре ачытып койсо кымыз өтө күчтүү болуп калат. Ичкен адам кызыйт. Ошол үчүн аны көп учурда ичкиликтин элдик бир түрү катары баалашат.
Ачыган кымыз – жакшы бышылган жаш кымызга саамал, талкаланган мейиз, набат кошуп, баарын ак касага түйүп, чаначтын түбүнө салып, бир нече күн ачытат. Мейизге ачыган кымыз күчтүү келип, мас кылат. Аны үч, беш, жети күндүк кылып ачыткан. Эң күчтүүсү – жети күндүгү. Ал кадырлуу меймандарга, той-тамашага багышталган.
Кымыран кымыз – кымыздын бул түрүнүн теңи бээнин саамалы болсо, теңинен көбү уйдун сүтүнөн жасалган кымыран болгон. Бышканы жана ачытканы кадимки кымыздай эле. Көрөңгөсү ынак кымыз.
Кымыран кымызды илгери жалгыз бээлүү жардылар көп жасашкан. Азыр болсо бээ байый баштаган күндө көп жасалат.
Төө кымыз – төөнүн сүтүнө ченеп муздак суу чабыштырып, бээнин ынак кымызынан көрөңгө салса төө кымыз болот. Ачытканы менен бышканы бээнин кымызынан айырмасы жок.
Уй кымыз – уйдун сүтүнө үчтөн биринчелик суу куюп кымыран кылып, аны бышырып, ынак кымыздан көрөңгөлөп жасаса уй кымыз болот. Ага күн алыс 1–2 л саамал кошуп турса уй кымыз жагыштуу келет. Бышканы жана ачытканы ынак кымыздын өзүндөй.
Көөрчөк – койдун, көбүнчө эчкинин сүтүнө кымыран жасап, ынак кымыздан көрөңгө салып кымызга ачытып, бышып жасаса көөрчөк болот. Кезек-кезек саамал кошуп турса көөрчөктүн көрөңгөсү бузулбайт. Көөрчөктү жакшы ышталган чаначка жасаган дурус.
Дандан жасалган тамактар. Кыргыздын кургак оокаттары жалаң дан азыктарынан гана жасалат. Арпа, буудай, жүгөрү, конок, шалы, нокот сыяктуу дандан алынган ун-талкандар байыртан бери эле калкыбыздын күндөлүк оокаттарында орчундуу орунду ээлеген негизги азыктардан болгон. Аларды сокуга чийкилей түктөп, кууруп алып актап, адырата жаргылчакка, тегирменге тартып акшак же ун, талкан кылышкан. Адыра менен акшактар түктөлгөн арпа, буудай же жүгөрүдөн, акталган күрүч, таруу жана коноктон, талкандан ар кыл аштар, ботколор, дүйүм оокаттар жасалган. Ундан түркүн камыр оокаттар болуу менен көбүнчө нан жасалган.
Актаган таруу – конок. Бул – таруудан, коноктон жасалган тамак. Абалы тарууну – конокту кууруп, сокуга күйшөп, кабыгын (кебеги) желпип, сапырып алат. Таруу – конок да дасторкон үстүнө коюлат. Аларга бал, шекер, май, каймак кошуп, кошкон май кылат. Сүткө көптүрүп алат, каймакка, сары майга мыкчып желет.
Аш болумдуулугу күчтүү, сыйлуу тамактардын бири, булар күлазыктардын катарына кошулат.
Талкан. Бул – элдик тамак, эгинден пайда болгон азык. Буудай, арпа, жүгөрү казанга куурулат. Демек, куурулган дан сокуга күйшөлгөндө түгү чыгат. Ал сапырылып, жаргылчакка, же тегирменге тартылат. Электен өтүп, кебеги алынат, акшагы желге сапырылат, же желпүүр табакка желпинет. Мындан акшактуу талкан пайда болот.
Тегирмендик талкан чалараак, жаргылчактык талкан бышыгыраак куурулат. Элибиз арпа талканды күлазык катары баалашат. «Дандын жакшысы да арпа, жаманы да арпа. Чөптүн жакшысы да шыбак, жаманы да шыбак» дешет. Себеби арпа даны башка дандарга караганда элжуртту бышыкчылыкка, токчулукка эрте жеткирет. Буудай бышканда буудай токоч болот. Арпаны анча карабай, көбүнчө атка жем кылып алабыз.
Шыбак да эрте чыгат. Мал эрте тоюнат. Башка чөптөр чыкканда шыбакты мал карабай калат. Бирок мал кыштата кайра шыбакка жайылат.
Талкан – жарманын жаны. «Сүткө көөлөгөн талкан», «каймакка мыкчыган талкан», «сары майга мыкчыган талкан», «кошкон майга кошулган талкан», жармага, сорпого, сүткө ж.б. чалынган талкан, «шыгыратма талкан» (май аралаш сорпого чалынган чалмакей талкан) деп айтылат.
Талкан – ток азык. Аны жасоого айрым аймактарда бүгүн маани берилбөөдө. Күркүрөгөн күздө талкан тартып алуу – бууракандаган жарманы жылдын төрт мезгилинде үзбөө токчулуктун белгиси.
Жарма. Бул – чалып кайнатуу аркылуу бышырылган суюк тамак. Абалы казандагы суу ысытылат. Ага белгилүү өлчөмдө талкан чалынат. Бөлтөксүз бышышы, талкандын казан түбүнө тартпашы үчүн улам сапырылып, аралаштырылып турулат. Бышаары менен оттон чыгарылат. Бат суутууда сузгу менеп сапырылат.
Жарманын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: кара жарма (митаам жарма). Буга туз кем татылат, карандай сууга бышат. Аны ачытууда жылуулай челекке куюп, уучтай ун салынат. (Чалууда үч-беш айрысы бар жыгач чалгыч колдонулат). Анын ачыткысы ачыган жарма болот. Ал «ачкыл жарма», «максым» деп аталат. Ачытуу үчүн жылуу жайга коюлат.
Сүт жарма – сүткө талкан чалып бышырылат. Буга туз татытылбайт.
Сүзмө жарма – кара жармага, сүзмөнү эзип кошуп ичүү.
Сорпо жарма – эттин сорпосуна бышкан жарма. Буга да айран, кымыз, сүзмө, курут катыктоого болот.
Бадырак – буудайды, арпаны, жүгөрүнү, буурчакты кууруп жасаган бүкүлүү кургак тамак. Буудай бадырак даана бадырак, ал күйгүзүлбөй кызыл куурулат. Арпа бадырак (кабыгы күйгүдөй өткөрүрөөк куурулуп, сокуга күйшөп, кебегин сапырып алуу), жүгөрү, буурчак бадырак (абалы данды көптүрүп кууруу).
Буудай чөкмөлөп берүү – эриген сары майга, куйрук майга бадыракты кошуп ууртап, чайнап ичүү. Илгери балбандарды чоң аш, тойлорго алып чыгуу үчүн таптоодо муну көп берген.
Саксай – таруудан же коноктон майга бышырган тамак.
Ун – унду арпа, буудай, жүгөрү сыяктуу данды тазалап, тегирменге чийки тартып алат. Жүгөрүнүн унун эл оозунда загыра деп, буудай же арпага жүгөрүнү теңдеп кошуп тарткан унду намыкта деп айтат. Азыр түркүн сорттогу ак буудайдын уну ар бир азык-түлүк дүкөнүндө тирелип турат.
Ун бул дүйүм камыр оокаттар менен нан, май токочтор, жупкалар сыяктуу кургак оокаттардын негизи.
Камыр – камырды арпа, будайдын унунан, жүгөрүнүн загырасынан жууруйт. Азыркы кезде көбүнчө буудай унунан жасалат. Загыра, асыресе арпанын уну унутулуп баратат.
Кыргыздын улуттук ашканасында илгертен эле камырдын ийиккен (пресное) жана ачыган түрлөрүн билген. Ийи канган кадимки камырдан кесме, манты, чүчпара, самса, лагмандан бөлөк жупканын түрлөрүн, каттамаларды, айрым боорсок-токочторду жасашкан. Ачыган камырдан болсо ар түркүн нандарды бышырышкан. Азыр ачыткы кошуп да камыр жасап жүрүшөт.
Унду сүткө жууруп, каймак, май, жумуртка же кант кошуп, атайлап жасалган камырдан патир нан, боорсоктор, нан токочтор жасашкан.
Жакшы ийленген, ойдогудай ачыган же ар кыл коруш кошулган камырдан жасалган кургак оокаттар кыргыздын наавайчылык өнөрү менен элдик кулинариясынын эзелтен бери өркүндөп келатканына күбө.
Камырдан жасалган кургак оокаттар даамдуу жана аш болумдуу. Составында ундан бөлөк эт, май, сүт азыктары, жашылча, жумуртка, татымалдар, коруш болгондуктан кубаттуу жана калориялуу.
Улуттук ашканабызда камырдан болгон кургак оокаттарды негизинен оттун табына кактап жана майга бышырат. Тапка бышкан кургак оокаттарды казанга жана тандырга жабат. Майга бышкан оокаттарды чүчүгөн ысык майга салып, кызарганда алат. Көмөч казанга жасап, духовкага коюп бышырган түрлөрү да бар. Кыскасы, кыргыздын камырдан болгон кургак оокаттарынын элдик түрлөрү өтө көп.
Нан. Кыргыз наны загыра менен буудай унунан жуурулуп, ачыган жана ачыбаган камырдан жасалат. Көмөч казанга, казанга жана тандырга жабылат. Жасалышына, бышырылышына, унуна жана камырына карап түргө бөлүнөт.
Казан нан – какшыган казанга жабылып, оттун табына бышкан нандын баарын бириктирип «казан нан» деп атадык да, бул түрлөрүн айырмалап бердик.
Калама – буудай унунун ачыган камырынан үзүп алып, жукартып жайып, какшыган казанга эки бетин катырып алат да чокко тикесинен коюп, калап бышырат. Калама наавайчылыктын (нан бышыруунун) эзелки түрлөрүнөн. Аны көп учурда шашылышта бышырат.
Көмөч нан – нан бышыруунун эзелки түрү болгон көмөч нан ар кыл ундун ачыган камырынан көмөчтанга (эл оозунда көмөчтан деп да коёт) жасалып, чокко көмүү менен ага түркүн коруштар кошулат.
Көмөч нан жумшак, кубаттуу жана ток болот. Анын бир нече түрү бар.
Көмөч – бул элдик тамак, токочтун (нандын) бир түрү. Камыр каламадай катуураак жуурулат. Үбөлүксүз беш манжа менен алешем тапталып, очоктогу тезектин, көңдүн анча чоктуу эмес коруна көмүлөт. Ал карала болуп кетпегендей оттун табына бышат. Күлү сүртүлөт. Жылуулай каймакка, сары майга мыкчып жеш менен баркы артылган. Кордун табына бышкандыктан көмөч күчтүү тамактардын катарына кирет.
Май көмөч – көмөчтүн бул чүйгүн түрүнүн камыры жогоркулардан айырмасы жок. Камыр жууруп жатканда майда тууралган ич май кошуп коёт. Башка коруш аралаштырса да болот. Жасалышы менен бышырылышы башка көмөчтөргө окшош.
Каттама көмөч – көмөч аттуулардын аруусу каттама көмөч. Анын камырына жумуртка, пияз кошуп, сүткө жууруп ачытат. Камыр ачыгыча сулп этти кырча туурап, ага ич май, пияз, сарымсак, калемпир-мурч сээп коёт. Ачып чыкканда жукартып, какшытып майлаган көмөчтанга салып, анын үстүнө туурамжыны салып, дагы бир кабат камырды жукартып салып, четтерин бекитет. Эң үстүнө көмөчтандын үстүнкү пайын көмөрүп, бышканча чокко көөмп коёт. Мындай көмөч сый тамакка кирет.
Тандыр нан. Тандырга жабылган нандын бардык түрүн жонунан тандыр нан деп коёт. Тандыр нан үчүн көбүнчө камырдын ачыганы пайдаланылат. Жасалышына жана бышырылышына карап тандыр нан бир нече түргө бөлүнөт.
Тандыр нан – демейде, күндөлүк оокаттанууга багышталган кадимки тандыр нан жакшы ачыган буудай камырдан болот. Камыры казан нандын камырындай жуурулат.
Нан жасалып бүткөн соң тандырга от коюп кызытат, Кызыган тандырдын ичинде кара ыш калбай, текши кызарат. Чогун ортосуна үйүп, кызыган тандырга туздуу суу сээп, буусу тараганда колго жеңче кийип, нанды тандырга жабыштырат. Нан кызарып бышканда чыгарып, ысык кезинде бетине жумуртка кошулган сүттөн жука шыбаса нандын бети жылтылдап, кооз көрүнөт. Тандыр нан көпкө катпаган, ток жана аш болумдуу келет.
Патир нан – тандыр нандын адимиси болгон патир нан той-ашта, мааракелерде, майрамдарда жана конок күтүүлөрдө көп жасалат. Анын камыры сүткө жуурулуп, май, жумуртка кошулат. Патирди жасап жатканда чеккич, ачкыч, түтүк ж. б. катуу нерселер менен түр салат. Бетине сейдене, зире, зирк себет. Бышырылышы, чоңдугу, калыңдыгы кадимки тандыр нандай эле.
Бурама патир – бурама патир тойго мунасып. Камыры жогоркудай жол менен жуурулат. Жасалышынан гана азыраак айырмасы бар. Даяр камырдан чактап үзүп алып, чоюп, тегиздеп бурап-бурап жууруп нан жасап, чеккич жана башка менен ар кыл түр салып, үстүн каймак менен жука сүртүп, зире, сейдене, зирк, көкнар уруктан бириндетип сээп, анан кызыган тандырга жабат.
Чаңгели – патир нандын эң зору. Аны да атайлап тойго, мейман күтүүгө жасайт. Чаңгелини жасап жана бышыра билгендер гана кызыган тандырга жабат. Себеби көлөмү чоң болгондуктан этияттык жана билгичтик керек.
Күлчө – патир нандын эн кичинеси күлчө. Аны көбүн эсе жолго сапарга алып жүрүш үчүн жасайт. Камырына май, кант, жумуртка кошуп, туз татытылган ынак сүткө катуу жууруйт. Жасалышы кадимки патирлердей эле болгон менен көлөмү чакан. Аны тандырдан чыгары менен салкын жерге коюп муздатып, анан бириндетип кургатып коёт.
Шырман нан – тандыр нандын мыктыларынын бири шырман нан. Анын камырын даярдоо башкалардан айырмаланат. Адегенде бир жаңкеп бүкүлү нокотту жанчып, үстүнө бир чымчым анис кошуп суу куюп көпкө кайнатат. Нокот эзилип, суусу соолуюн дегенде илээшкен коюу чык калат. Ошол чыкка ачыткы, бир аз ун кошуп жууруп 10–12 саат койсо ачыткысы жетилет. Ошол ачыткыны жылуу сүткө эзип, жумуртка чагып куюп, кант, май, туз салып, талкаланган зире, бүкүлү сейдене сээп катуу камыр жууруп, 7–8 саат коюп ачытат.
Ачыган камырдан чактап үзүп алып чакан нан жасайт. Чеккич менен кооздоп, тандырга жабаарда бетине тегиздеп айран шыбайт. Шырмандын чоңдугу күлчөдөй, бирок жукараак келип, бети кызыл, кооз, жыттуу жана жумшак нан болот.
Сейдене нан – кадимки нандай кылып жасап жатканда сейдене сээп, кызыган тандырга жаап, бышканда бетине сүт шыбап коёт. Сейденени камырга кошуп да жууруйт. Май жыттуу, даамдуу болот.
Сүмөлөк нан – даяр сүмөлөктү жылуу сууга аралаштырып, ачыткыны эзип, тузун кем татытып, ун салып жууруп ачытат. Ачыганда нан жасап, жабат.
Сүмөлөк нан жазда сонундукка, жаздын, Баба дыйкандын урматына көп жасалат. Аны көбүнчө ысык бойдон, майга мыкчыма кылат.
Жупка. Калкыбыздын ачыбаган камырдан жасаган абзел эски оокаттарынын бири – жупка. Анын чабаты, челпек, сүртмө, катырма сыяктуу түрлөрү бар. Аталгандардын баарында жасалышы же бышырылышы жагынан жалпылык бар. А тургай өтө окшош. Ошентсе да ар бири өзүнчө жасалып жана аталып келген.
Жупканы – буудай ундан катуу камыр жууруп, биртике тыныктырып, анан чендеп үзүп алып үбөлүккө салып, аябай жукарганча жаят. Жайылган зубалаларды улпактап, тегиз, көтөрүңкү идишке жая сала берет. Жайып болгондо какшыган казанга улам бирден каттап салып, жети-сегизден жуптап бышырат.
Май токоч. Улуттук нандын эзелкилеринин бири, абзел жана чүйгүнү май токоч. Эл оозунда, аны жалпысынан «боорсок токоч» же «май токоч» деп атайт. Ага ар кыл боорсоктор, токочтор, каттамалар, куймактар кирет. Аталган кургак оокаттар жалаң буудай ундун ачыган жана ачыбаган камырынан жасалат. Камыры түрдүүчө жуурулат, башкача айтканда, бири суйдаң, экинчиси жумшак, үчүнчүсү катуу. Аларды бышырыш үчүн мурда сары май, ич май, өсүмдүк майы урунтулса, азыр ар кыл маргариндер, кошмо (комби) майлар пайдаланылат.
Май токочтун камырында, жасалышында жана майга бышырылышында жалпы окшоштуктар болгон менен ич ара таасын айырмачылыкка эгедер. Алардын баары тең жегиликтүү, ток, кубаттуу, аш болумдуу оокаттар.
Боорсок – кыргыздын шаан-шөкөткө, мааракелерге арналган чүйгүн кургак оокаттарынан. Аны демейде да көп жасайт.
Боорсок көбүн эсе ачыган камырдан жасалат. Өз ара кыйла түрлөргө бөлүнөт. Камыры жумшак жуурулат. Ал ток, аш болумдуу оокат.
Чарчы боорсок – боорсоктун демейде көп жасалуучу бул түрү ачыган камырдан болот. Камыры жумшак жуурулат. Ачып чыкканда камырды чактап үзүп алып, жукартып жайып, узатасынан тилип, ар бир тилимди кыйгачынан чарчылап тегиз кесет. Кесилип даяр болгондо казанда кайнап жаткан майга салып, кызарганда сузгу менен алып, майын сарыктырып, табакка сала баштайт. Боорсоктун ар бир салымы майдын көп-азына жараша болот. Көлөмү да муктаждыкка, камырдын ачыганына, ундун сапаты таасир берет.
Чий боорсок – боорсоктун бул түрүнүн камыры бөлөкчө жуурулат. Унду ынак сүткө май, кант кошуп катуу жууруп ачытат. Камыр көтөрүлүп чыкканда тоголоктоп үзүп алып, жукартып, жоондугу чыпалактай болгудай узатасынан тилип, бурап-бурап туруп кесет. Ар бир чий боорсоктун чоңдугу бармактай болот. Мурда аны чийдин үстүнө тоголотуп, чийдин изин түшүрчү. Азыр тим гана кесип, кайнаган сары майга бышырылат.
Бышкан чий боорсок майда, катуу келет. Аны көп учурда жолго алып жүрүшкө ылайыктап бышырышкан. Тузу ырас, май кошкон, сүткө жуурулуп, сары майга бышкан чий боорсок көпкө чыдаган. Аны кээде күнгө коюп кургатып алышкан кездер да болот.
Кыртылдак боорсок – бул боорсоктун камыры каймак, кант кошкон сүткө суйдаңыраак жуурулат. Ачыганда колго жумшартып кыя кесет да кайнаган сары майга салып, кызарганча бышырат. Суйдаң камыр жука жайылгандыктан кызыган майда бышкан боорсок кыртылдап калат. Муну сонундукка бала-чакага атайлап жасайт.
Көөкөр боорсок – жогоркудай коруш кошкон сүткө катуу жууруп ачыткан камырдан көөкөрдүн түспөлүн жасап, кадимки боорсокчо бышырат. Мындай боорсокту мурда уул (сүннөт) тойго арнап көп жасашкан. Азыр майрамдарда жасалат.
Токоч – камыры кадимки боорсоктукундай кылып катуураак жууруп, ачыганда жукартып жаят. Ортосунун эки-үч жерин көзөп тилип, кайнап жаткан майга салат. Бир бети кызарып бышканда экинчи жагына оодарат. Аны бирден бышырат. Ал жумшак жана ток оокат.
Май токочтун бир нече түрү бар. Айырмалап, түрлөп жасаса ар бир ашпоздун эркинде.
Куймак. Куймак кыргыздын эски, чүйгүн оокаттарынын бири. Аны жылдын бардык мезгилинде жасай берет. Ал аш болумдуу, сиңимдүү жана кубаттуу оокат.
Куймактын камыры суйдаң жуурулуп ачытылат да жалаң сары майга гана бышырылат. Анын камырына, жасалышына жараша түрлөрү бар.
Самса. Самса ачыган камырдан жасалып, ичине ар кыл туурамжы коруш-кайна салынып, казанга же тандырга жабылат. Майга бышырылган учурлар да кезигет. «Коён кулак», «Балыш» деген айрым оокаттар да жасалышы боюнча самсага жакын, бирок майга бышырылат.
Самсанын бышырылышына карай казанга жабылгандарын казан самса, тандырдыкын тандыр самса дейт эл оозунда. Туурамжысы, жасалышы боюнча ал бир нечеге бөлүнөт.
Суусундук. Кыргыз калкынын күндөлүк оокатынын ажырагыс бир бөлүгү – суусундук. Элдик ашпозчулук өнөрүнүн тажрыйбасы менен блюдаларды классификациялоонун жалпы эрежелеринен улам, аны ысык, муздак суусундук деп экиге бөлүп кароого болот. Ысык суусундук катары ар кыл чайларды атаса, муздак суусундуктарга түркүн суусундар, чүлүлөр, ширелер, шербеттер жана кыргыздын арашан (минерал) суулары кирет.
Чай. Кыргыз журтчулугу чайды илгертен билет. Алар чайды жамаатташ элдерден, коңшулаш шаарлардан сатып алып турган. Сатып алган чайларын өз аңдоосуна жараша сорттоп, өзүнчө атаган. М: ак куйрук чай деп цейлон чайын, кара каптал чай деп кытай чайын аташкан. Булардан бөлөк инди чай (Индия чайы) көк куйрук чай (көк, байховый), бамил (фамильный) чай, такта чай, сүмбө чай сыяктуу түрлөрүн билген. Чар тараптан сатыкка келген накта чайлардан бөлөк тоодо өскөн ар кыл чай куурайлардан, татымал чөптөрдөн, мөмөлөрдөн чай жасап ичишкен.
Ааламдагы бардык элдер сыяктуу эле кыргыздар да чайды өз турмуш-тиричилигине, каада-салтына, чарбачылыгына, ашканасына жана оокаттануусуна жараша өзгөртүп, анын өз бетинче түрлөрүн иштеп чыккан.
Айрым оокаттар. Кыргызда муздак оокат менен ысыктын, суюк аш менен коюу тамактын ортосунда болгон айрым оокаттар бар. Маселен, ысык боорсок, куймак, май токоч же ысык нан менен айран, жуурат, кымыз жана жарма берилген. Мындай тамактардын негизи муздак болгон менен ысык боорсок, ысык куймак ж. б. у. с. кошулуп эртең мененки нануштаны, а тургай түшкү оокаттын ордуна да жасалган. Бир-эки маалкы оокаттанууга жарап берген мындай тамактар өзүнчө шыбага болууга толук акылуу. Анткени аталган тамактар менен биздин эл азыр да оокаттанат. Ырас, мындай жеңил оокаттар көбүнчө жай мезгилине мүнөздүү.
Кымыран – кыргыздын эң эски суюк оокаттарынын бири кымыранды кой-эчкиннн, уйдун, топоздун сүтүнөн жасайт. Аны өзүнчө оокат катары жана кымыз айранга коруш сыңары урунтат. Ал мүнөз оокат катары да белгилүү.
Куурма чай – куурма чай жасаш үчүн адегенде эленген унду сары майга (койдун куйрук же бөйрөк) майына кууруп алат. Куурулган ун болсо бир нече жолу чай болот. Анан чайды коюу демдегенден кийин чамасын тундуруп салып, аны чайнекке (же казанга) куюп ага сүт кошот. Анан куурулган унду себелеп чалып, туз татытып, бышканча чайнекке кайнатат. Бышканда чыныларга чай сыңары куят.
Куурма чайга нан, жупка, боорсок, токоч же куймак кошо берилет.
Ширчай – ширчайдын жасалышы жана рецеби куурма чайдан айырмасы жокко эсе. Бар болгон өзгөчөлүгү: чайды каймакка жасап, бышканда бал (набат же кант) кошот. Туз салынбайт. Нан же жупка менен берген дурус.
КЫРГЫЗДЫН КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮГҮ
Кыргыз элинин жасалга-колдонмо өнөрү байыркы доордон эле калыптанып өнүккөн. Үйдөгү өндүрүш жана кол өнөрчүлүк өнүгүшү жалаң эле үй тиричилигине жана турмуштук зарылчылыкка шартталбастан, элдик сулуулукка, кооздукка, өнөргө умтулуусуна да байланыштуу болгон.
Кыргыз маданиятынын мыкты өнүккөн негизги бир тармагы болгон көркөм кол өнөрчүлүгүнүн нечен доорду карыткан салттуу тарыхый жолу бар. Элибиздин кол өнөрчүлүгүндөгү ар бир оюмда, көчөттөрүндө дүйнө таанымы, рухий маданияты жана көөнөрбөс мурасы жатат. Аны элдин мол мурасынан – кездемелердеги, жиптердеги, терилердеги, кийиздердеги, жыгачтардагы сакталган чеберлердин нечен жылдык, кылымдык эмгектеринен көрө алабыз.
Кыргыздарда негизинен мал чарбасына байланыштуу үй кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Кой жүнүнөн кездеме токуу үчүн жип ийришкен, ал эми терисинен тон менен жылуу шым тигишчү. Жүндөн боз үйлөрдү жаба турган, кийиз жасашкан. Кийизден кийим-кече, баш кийимдерин, төшөнчүлөрдү ж. б. жасачу. Бут кийим, кийим-кече, идишаяк үчүн териден өтө жөнөкөй жол менен булгаары, ал эми жыгачтан боз үйдүн кереге-ууктарына, түндүгүн, эшигин, ээр, такта, идиш-аяктарды жасашчу. Темирден болсо түрдүү курал-жабдыктарды, эмгек куралдарын, күмүш менен алтындан турмуш-тиричиликте колдонулуучу ар түрдүү кооздук буюмдарын жасашкан.
Кол өнөрчүлүктүн чеберлеринин атадан балага, энеден кызга өткөн эмгектери заман узаган сайын жаңыланып, береги доордо кебелбей жетти. Усталардын, уздардын, зергерлердин кубанычта, дилгирликте, сүйүү менен жасаган эмгектерин дил коюп караган кооз оймо-чиймелердин, оюктардын, оюмдардын көчөттөрүнөн өтө бай, сулуу, назик экендиги, ой-кыялынын тереңдигин байкайсыз, мүлдө рухий олжого батасыз.
Кыргыз кол өнөрчүлүктүн буюмдарынын жасалгасына жана жасоо ыкмаларына карата оймочулук, саймачылык, килем токуучулук, өрмөк согуучулук, бычып-тигүүчүлүк, чий чырмоочулук, ат жабдыктары үчүн өрмөчүлүк, териге наар түшүрүүчүлүк, зергерлик, мүйүзчүлүк, жыгаччылык, эшүүчүлүк, түймөчүлүк, бедизчилик жана боёочулук болуп бир нече түргө жетет.
Кыргыздардын эбактан берки көркөм кол өнөрчүлүгү элдин жашоо тиричилигине, табиятка, дүйнөгө жана күнүмдүк жашоосуна жасаган мамилесин, дүйнө таанымын, сулуулукка кумарлануусун билгизип турат. Кол өнөрчүлүктүн айрыкча боз үй жасалгаларында, кийим-кечелерде, эмеректерде, идиш-аякта, ат жабдыктарында, эр жигиттин кемер курларында, жоо-жарактарында, бакшылардын даптарында колдонгон көркөм оюм-чийими, көчөттөрү өтө кооз сырдуу элестерди берет, бирине бири шайкеш, куп жарашат, аземдүү сүрөттөрү терең ой-сезимге балкытат. Кол өнөрчүлүктүн чеберлери мурдагы устаттардын бай тажрыйбасын байытып, улуттук маданияттын терең үлгүсүн, кенчин түзгөн. Айрым маданият изилдөөчүлөрдүн салыштыруусунда эл ичинде сүрөттү «тилсиз поэзия», айкелчиликти (скульптураны) «үнсүз муза» десе, көркөм оюм менен көчөттү «кызыл поэма» деп айтабыз дешет.
Оймо-чиймелер элдин демилгеси менен ой-кыял чабытын көрсөткөн эң сонун көркөм мурас, жасалганын өзгөчө тармагы. Алар өтө көп түрдүү, ар биринин өзүнчө кооздугу бар.
Жүндөн жасалган буюмдар. Кыргыздардын чыгармачылыгында жүндөн жасалган көркөм буюмдар да негизги орунда ээлеген. Кийиз – көчмөн адамдын тиричилигинде эзелтен эле анын турак жайы менен төшөнчү-орунун, кийим-кечеси менен ат жабдыктарынын, эмерегинин ажырагыс бөлүгү болуп келген. Шырдак менен ала кийиз кыргыз элинин кийизден буюм жасоодогу зор чеберчилигинин далили. Алар да кыргыздардын жасалга-колдонмо өнөрүнүн негизин түзөт десек болот. Элдик чеберлер байыртадан келе жаткан көркөмдүк принциптерди өнүктүрүү менен катар өздөрүнүн жеке чыгармачылыгы аркылуу жаңылыктарды да киргизип, оймо-чиймелердин мазмундарын байытып, кеңейткен.
Оюм. Кыргыз оюмдары бирде элдик буюмдар сыңарындай, бирде эски жазуу түспөлүндөй, же жаратылыштын жылт эткен бараанындай, же жан-жаныбар, айбанат караанындай, бирде өсүмдүк, гүлдөрүнө окшошкон элести берет жана ой-кыялдын чексиз кумарына балкытат. Кыргыз оюмдары илгертен берки элдин дүйнө таанымын, ой акылын түз менен чагылдырып турган аманат мурас.
Көркөм оюндардын түрлөрү көркөм көчөттөрдү түзөт, көчөттүн негизги каражаты оюм, ал эми оюмдан көчөт жаралат. Көркөм оюм, көркөм көчөт деп жарыша айтыла берет.
Кыргыз маданиятын изилдөөчүлөрүнүн айтымында кол өнөрчүлүктө урунган оюм, көчөттөрдүн түрлөрү эки жүздөн ашуун. Ырааты менен санай келсек, берегилер жан-жаныбарга байланыштуу оюм-көчөттөр: ит куйрук, мүйүз, кочкор мүйүз, куш тырмак, карга тырмак, бугу мүйүз, чычкан изи, чымын канат, тай туяк, кош мүйүз, сыңар мүйүз, каркыра, теке мүйүз, ит таман, кочкорек, эчки туяк, тайлак таман, козу тиш, жолборс таман, мышык таман, бото моюн, кыңыр моюн, чаян, ала күлүк, аркар туяк, кой көзү, кой шыбак, каз аяк, чаян куйрук, куш канат, кардыгач, чалгын, жагалмай канат, элик мүйүз, кулжа мүйүз, тоо теке, ак бугунун мүйүзү, куш, тай туяк, жолборс көз, ыскыт ж. б.
Өсүмдүктөрдүн элесин берген оюм-көчөттөр: байчечек, бадам, гүл, күн карама, жарты шак, күлкөптө, карагай бутак, мандалак баш, кызгалдак, тал барки, айгүлү, топчу баш гүлү, ачылып жаткан гүл, мажирөө тал, тал жалбырагы, балаты ж. б.
Адамдардын буюмуна карата урунган көчөттөр: бычак учу, ара тиш, табак, чагармак, ала мончок, ара тиш, жээк четтик, казан кулак, тарелка, ашкана, кыйгач, тогуз төбө, кош кайкалак, тумарча, иймек, капкан, килем, кулпу, шапат (көөкөр өңдүү), шапалак, нокто башы, дагыра, пашайы, айрыча, чөмүч, кычкач, көөкөр, кумара, ачкыч ж. б.
Адам мүнөзүнө, кылык-жоругуна, өнөрүнө жана ар түрдүү кереметтерге каймана маани берген оюм-көчөттөр: бармак боочу, бармак башы, кыз, жүрөк, жарты омуртка, таңдай сайма, колтук, омуртка, илме дос, алтын көз, ара тиш, кабырга, кытай, таракча, бармак боочу, тумарча, секиртме сайма, кайкалак, тескери кайкалак, кош кайкалак, ала мончок, тамаша, күйдүм, өнөр, комуз тили, көөкөр, ийрек, тегерек, жарым бадам, аламыч, чоң, жалпы, кыял, көптүрмө сайма, ак этек, ортолук , жарым кыял, тикме сайма, тогуз төбө, үч көз, үч тиш, чагармак, өрөжө, мүшкүл, беш мубурчык, салбай, кыйкач, машаты, нампар, кырк шак, жарты кырк шак, көк кашка, сегиз писте, кылыч, кыңыр моюн, тогуз дөбө, борбордук оюм, четтик, баргекче, кырк мойлок, алтымыш жиптүү ай, токсон жиптүү тор, жарым кыял, милте, ортолук, басыткы ж. б.
Усталар урунган оюмдар: чаар чапкы, чуңкур такта, тоок көз, чымчык көз, кар чапкы, кайчы кулак, кыял ачакей, мүйүз оюу, чаян түйүш, зооткер ж.б.
Уздардын шырдакка салган оюм көчөттөрү: бадам, акыл, кыял, кочкор мүйүз, табак, бармак башы, бычак учу, ит куйрук, мүйүз, жарым кыял, ала мончок, чымыр канат, куш канат ж.б.
Уздардын таарга соккон оюусу: чагырмак, тумарча, чычкан изи, таздар боо, кереге баш чалгыч, тоок көз, кажаты ж.б.
Уздардын чийге соккон оюусу: куш канат, каркыра, туура мүйүз, кош мүйүз, сыңар мүйүз, ит таман, ит куйрук, тогуз төбө, омуртка, мирек, табак оюу, чөмүч баш, бадамча, кереге көз, ала мончок, комуз тили, килем көчөт, сайма көчөт, чымын канат ж.б.
Уздардын килемге түшүргөн оюм көчөттөрү: карчыга, түр, роза, дилбар, гүлбахар, ашкана, бармак, бармак боочу, кайкалак, сыңар мүйүз, тайлак, нанпар, түймө, кылыч байлоо, күлүк кыял, сөйкө ж.б.
Боёк кооздугу. Элдик кол өнөрчүлүктүн чебери эмгектерин көркүнө келтириш үчүн атайы өздөрү боёк жасашып, түрлүү-түрлүү кооз түс, өңдү табышкан.
Көркөм кол өнөрчүлүктө териге, жүнгө, кездемеге өң берүүчү боёктор жергиликтүү өсүмдүктөрдөн – ышкын, чөөл, томор боёо, чүкүрү, анар, тал, карагай, чычырканактын тамыры, чалкандын тамыры, жаңгак кабыгы, кызыл пияздын кабыгы, көбүл өңдүүлөрдөн алынган. Боёкторду даярдоодо ар бир уз мурдатан келаткан салтын улап, өз тажрыйбасын пайдаланышкан. Адис чеберлердин болжолунда өсүмдүктөрдүн сабагын, тамырын, жалбырагын жана кабыгын ар түркүн мезгилдерде, ар кандай убакта, айрыкча кечинде чогултканын айтышат. Ошондой эле өсүмдүктөрдү кайсы маалда чогултуп алуу жана кургатуунун ыкмалары арбын. Кыргыз жеринде Ала-Тоодон Алтайга чейинки аралыкта боёк болуучу бай өсүмдүктөрдү табууга болот. Чеберлердин колдонгон буюмдарындагы боёктор далай жылга өңүнөн оңбогон. Ал эми кайсы өсүмдүктөрдүн кандай кол боёгу алынарын да мыкты туюшкан. Мисалы, ышкын жана анын кургатылган тамырынан кочкул сары, чие чөптүн тамырынан кызыл, пияздын кургак кабыгынан кызыл-сары, козу кулактын жалбырагынан кочкул-кызыл, карагайдын жана шилбинин кургатылган кабыгынан сары өң пайда болот.
Гүлдүү түстөгү кездемелерди же жиптерди, терилерди, кийиздерди керектүү өңгө келтирүү үчүн чебердин айлаамалдары, көп жылдык тажрыйбалары болгон. Алсак, кызыл көктөн кызгылт-көк, кызыл күрөңдөн күрөң-кызыл, кызыл сарыдан кызгылт сары, кызыл карадан кочкулкүрөң, кызыл жашылдан күрөң, сары кызылдан кызыл, жашыл, сары кызгылт көктөн киргил-күрөң, сары көктөн жашыл, сары күрөңдөн ачык күрөң, сары карадан кара, жашыл карадан жашгылт кара, жашыл кызгылт көктөн күрөңдөн кочкул-күрөң, көк боздон чымкый көк, күрөң боздон кочкул-күрөң, боз кызылдан күрөң бозомук, боз жашылдан бозомук жашыл, боз сарыдан саргыч жашыл, жашыл түстөр пайда болот дешет.
Арийне мыкты чеберлер кийиз боёкко кылдат мамиле кылышат. Түстү тааный да, ички бөтөнчөлүктөрүн ача да билишет. Алсак, ток кызыл деп күрөң кызылды айтат. Ал эми саргыч кызылды «ач кызыл» дешет. Күлгүн кызылды «пушту кызыл» дешет. Көк өңдү кара көк-коюу көк деп бөлүшөт. Ач көк болсо суюгураак келет. Ушундай эле жашыл түстү да бөлүп аташат. Демек, шырдак, ала кийиз оюмдарына ач кызылды ток (коюу көк) менен же тескерисинче, ток кызылды ач көк (суюгураак көк) менен беттеп, буюмдун жүзүн ачат.
Байыртан бери кол өнөрчүлүктүн чеберлери жаратылышка, мал-жанга, буюмдарга, ыраңга жана тиричиликке карата урунган түс, өңдүн жана боёктун жүз сексенден ашуун түр түспөлдү билишкен. Алар булар: сары, кер сары, күрөң сары, кызыл сары, ачык сары, сары ала, сары чийкил, көк ала, саргыч, сур, ак сур, кара сур, күлгүн кызыл, күлгүн көк, ак сары, ак саргыл, бөртө кызыл, ачык көк, ачык кызыл, чаар, чаарала, кызыл чаар, кара чаар, көк чаар, чымкый ак, чымкый кара, чымкый жашыл, чымкый көк, чабдар, чамбылала, ач кызыл, ач чаңгыл, чаңгыл, көк чаңгыл, боз чаңчыл, чаңкай боз, кызыл буурул, ак чамбыл, киргилт, мала кызыл, кара сары, жашыл, жашылала, жапжашыл, агыш, ак, ак жуумал, ак кызыл, көк жашыл, буурул, ала буурул, кара буурул, боз, ак боз, бозомтук, бозомук, бозоруңку, бозум, бозала, көк, мала көк, көк кызыл, көк ала, кара көк, көпкөк, көкмөл, көкчүл, көгүш, көгүлт-кызгылт, кер, кертору, кер сары, кызыл, кызыл-тазыл, көк кызыл, кара кызыл, сары кызыл, кызыл буурул, кызгылтым, көгүш, кызгылт, кызылсымал, кызылала, кызгылтым, кызыл тору, куу, купкуу, куба, куба сур, ак куба, жээрде, таргыл, чабдар, чаарала, чаар, кызыл чаар, кара чаар, көк чаар, ала, ак ала, карала, буурул, кара буурул, агыш, күрөң, кара күрөң, мала, мала кызыл, күрөң кызыл, куйкул, куйкул сары, кубакай, кубаң, кубарыңкы, көк кылаңгыр, күлгүн кызыл, күлгүн көк, кула, кула жээрде, ак кула, ак чаңгыл, көк чаңгыл, боз чаңгыл, кара, кара буура, кара боз, кара тору, карагер, каралжын, капкара, апапак, акактай ак, акактай сары, агыш, агала, кочкул сары, кызылыраак, коңур, кырмызы, кырмызы кызыл, чийкил кызыл, сары чийкил сапсары ж.б.
Боз үй. Кыргыздардын турак жайлары көчмө жана туруктуу болот. Көчмөндүк турмушта кыргыздардын жашоо тиричилиги боз үйдө өткөн.
Бабалардын байыртадан берки боз үйү негизинен элдин материалдык маданиятына кирет. Ал эми ага байланыштуу сөздөр, каада-салт, жосундар, аңыз, керемети (символдор) бүтүндөй рухий дүйнөгө байланышкан. Ошондуктан боз үйдү – улуттук рухий дүйнөнүн табылгасы, кенчи, дүйнөгө көз карашы, дүйнө таанымы катары баалаган оң.
Улуу Теңирчилик доору көчмөндөрдүн, кыргыздардын ырыскысына боз үйдү жаратты. Байыртадан бери кыргыз баласынын оокат тиричилиги жана өмүрү боз үйдө өттү. Боз үйдү көчмөн элдердин ичинен кыргыздар б.з.ч. эле биринчи ойлоп тапкан. Археологдор Алтайдагы Пазырык дөбөсүнөн б.з.ч. V–III кылымдарга тиешелүү боз үйдүн калдыктарын, ар түрдүү боёкко салынган шырдак оюктарынын калдыктарын табышкан.
Табияттын ар кандай кырсыгына ылайыкталып, тегерек жасалып, коломтонун ортого түшүшү, түтүндүн түндүктү көздөй созулуп турушуна баа берсек, бабалардын архитектуралык акылмандыгы жатат. Боз үй жеңил десек жеңил, чечкенге, тиккенге оңой, жайында салкын, кышында жылуу, жөнөкөй. Акылман бабалардын улуу эстелиги, ыйык куту жана өнөрчүлүгүнүн туу чокусу.
Кыргыздардын табият менен шайкеш жашагандыгына, жакындыгына боз үйдөн улам байкаса болот, боз үйдүн түндүгүнөн көк асман, күндүз күн, түнү ай көрүнөт. Сыртка чыкса кең дүйнө шарт ачылат. Чагылгандын чартылдаганы, шамалдын улуганы, дарыянын шоокуму, куштардын сайраганы даана угулуп турат.
Кытай жазмаларында боз үй жөнүндө маалыматтар биздин заманга чейинки доордо эле айтылган. Сыма Цянь: «Көчмөндөр (кыргыздар) эшигин чыгышты карап тигилген тегерек боз үйдө жашайт» деген.
Боз үй азыркы кебетесиндей дароо эле жаралган эмес, нечен доорлорду карытып, улам жаңы табылга кошулуп, жыгачы, кийизи, жип-шуусу, ички жасалгалары улам түрлөнүп, барган сайын көркүнө чыгып отурган. Кыргыздын боз үйүн жасоо кол өнөрчүлөрдүн бардык чеберлери – теричи, жыгач уста, темир уста, саймачы, оймочу, зергери, уздары катышкан. Кыргыздар боз үйдү күнүмдүк тиричиликке, сый-сөөлөткө жасашкан жана жоокерчиликте урунушкан, анын түрлөрү көп: турак үй жана жорук үй. Адетте турак үй канаты боюнча айырмаланат: чоң үй, кичине үй, конок үй, ашкана, кара үй. А жорум үй жоокерчилик заманга ылайыкталып жасалган.
Боз үйдүн эң чаканы жана оңою кереге уук баштарын кайчылаштырып жасаган алачык болот. Анын түрлөрү бар: жапма алачык, сайма алачык, орой кош, кара алачык, көтөрмө, жолум үй, кеп, камсоо, ак тигер, ит арка, кошмо, чыканак сойломо ж.б. болуп саналат. Жоокерчиликте көчүп-конууга ылайыктуу «куш үйдүн», малчылар «жолум үйдү», «аш үйдү» жатакчылар пайдаланышкан.
Андан кийин боз үйдүн жабыгына карай үзүктү, көтөрмө туурдукту, уук-керегеге карай ак үй, чоң үй, ак өргөө, ак ордо, ак ала ордо (хан үйү) болуп кете берет.
Улуу «Манас» эпосунда «Көкөтөйдүн ашындагы» кыргыздардын Каркыра жайлоосуна үч жүз миң боз үйдү тиккендиги эң мыкты сүрөттөлгөн.
Боз үйдүн эшиги күн чыгыш жакка каратылып тигилет. Боз үйлөр чоң-кичинесине карата алтымыш баштан жүз баш деп керегенин башына карата бөлүнөт. Сапатына карай тор көз, ара көз, жел көз деп керегенин көзүнө карай айтылат. Үйдүн ичи төр, улага, эр жак, эпчи жак деп төрткө бөлүнөт. Төргө кадырлуу меймандар, карыя аксакалдар, эпчи жакка казан-аяк кармаган аялдар, эр жакка эркектер, улагага кичүүлөр отурушат.
Байыркы кыргыздардын боз үйлөрү жасалыш үлгүсү боюнча үйсүндөрдүн үйү жана кыргыздардын боз үйү делип аталган. Кийинки кылымдарда калмак (монгол) боз үйү кошулду. Булардын сырткы көрүнүшүндө аз эле айырмаланганы менен ички жасалгасы ар башка. Кыргыздардын боз үйүнүн керегеси кенен, ууктары узун, түндүгү бийик келет.
Кыргыз боз үйлөрүнүн жыгачтары негизинен талдан, түндүгү арчадан жасалат. Көлөмү боюнча төрт канат, алты канат кээ бир ажолордун, байлардын ак өргөөлөрү отуз, кырк канатка жеткен учурлары бар. Байыркы Энесай кыргыздарынын араба боз үйлөрүнүн узундугу тогуз кулачка жеткен, муну ондон ашуун өгүз төөлөр сүйрөгөн. Боз үйдүн негизги жыгачтары – кереге, уук, босого таяк, түндүк, каалгадан турат. Адегенде кереге жайылып, аштарына уук учугу менен чалып байланат. Босого таяк орнотот. Бакан менен түндүк көтөрүлөт, уук сайылат. Илгерки доордо кыргыздарда ак өргөөлөргө ат үстүнөн эки-үч балбан туруп түндүктү көтөрүшкөн учурлар болгон. Чий тартылган соң, туурдук, үзүк, эшик тыш, түндүк жабуу жа былат.
I
Илгерки бабаларыбыз теңирим жакшы көргөндүн боз үйүнүн түндүгүнөн кут түшөт дешкен. Кыргыз рухунда кут касиеттүү делип, байыркылар ага сыйынган. Ал адамдарга, эл-журтка жакшылык, бак-таалай, ырыскы алып келет, жамандыктан сактайт деп ишенишкен.
Кыргыздар түндүк көзүнөн асмандагы айды карап, жылдыз санап, космос менен, ай менен, аалам менен байланышкан. Күндүзү боз үйдүн түндүгүнөн түшкөн күндүн илебинен жылынып отуруп, асмандагы булутту, куштарды узатып, тегеренген нурдун жарыгынан улам бир күндүн мезгилин эсептешкен. Кыргыздар боз үйдүн ичинде отуруп күндүн убактысын отуздан ашык маалга бөлгөн.
Боз үй ичинде бүткүл кыргыздын байыртан бери тарыхы, тиричилиги, салты, маданияты, тили, дили, акылмандыгы, ой-акылы жатат.
Кыргыздын боз үйүндөгү ырым-жырымы күчтүү болгон: керегеге бутту артпаган, түндүктү, баканды аттабаган, отко суу куюп өчүрбөгөн, чөмүч менен итке аш куйбаган, тулганы, отту теппеген, шамалды сөкпөгөн, досторконду тескерисинен салбаган, күйгөн отко түкүрбөгөн, жылдыз санабаган, эшикти тээп ачпаган, босогого туруп бой кербеген, үйдө ышкырбаган, үйдү айланып чуркабаган ж.б.
Ар бир үй-бүлө айыл же уруу үчүн аркан, чылбыр эшүү, кийиз басуу, сабаны ыштоо, конуш тандоо, түндүк көтөрүү, өргөө көтөрүү, отко май салуу, от алуу, эшик басар, көчүү сыяктуу салттар майрамдагыдай шаңдуу өтүп, тилек айтылып, бата беришип, ыр ырдалып, оюнзооктор уюштурулган.
Кыргыздар жакшылык айтканда, «Түндүктөн түтүн үзүлбөсүн», «чамгарагың көтөрүлсүн, очогуң өчпөсүн, түндүгүң бийик, керегең бек болсун», «коломтоң сапырылбасын», суук кабарды билгизгенде, «айыл кызыл кереге болду», «кызыл уук болду» дешкен. Ал эми каргыш айтканда «түндүгүң түшсүн» деген сөздөрдү айтышкан.
Эл оозунда боз үйдүн жабдыктары символ катары, колдонулган, мисалы, адамга баа бергенде «ууктай узун», «керегеси май болду», «бакандай азамат», «чийдин түбүн тешкен жигит» ж.б. дешсе, кээде макал-лакап түрүндө «уугум сага айтам, уулум сен ук, керегем сага айтам, келиним сен ук», «кызы бар үй, кымызы бар саба» деп, кээде тамсилдер, табышмак түрүндө «жетимиш кемпир жер тиштейт» деп айтышкан.
Хакасиянын Уйбат деген ажайып түздүгүнөн археологдор ХХ кылымдын аягында байыркы кыргыздардын ыйык жайы, ажонун хан ордосунун эки кабат, бир-бирине өтмө кош боз үйдүн ордун казышты. Айтууларга караганда боз үйдүн алдында арстандын таш айкели жаткан экен. Ажонун ордосу айланта чеп менен курчалган. Байыркы маалыматтар, уламыштар боюнча кагандын боз үйүн «алтын боз үй» дешкен, анткени көп жасалгаларына алтын, күмүш пайдаланылган.
Байыркы көчмөндөрдүн боз үйүнүн жасалышына, жеңилдигине, жасалгасына жана архитектурасына Батыш-Чыгыш өлкөлөрүнөн келген саякатчылар, элчилер жана соодагерлер аябай суктанышкан. Бардык жагы жарашкан боз үйгө арналган бир нече тарыхый жазмаларда мактоо сөздөр жана жазуулар бар.VIII кылымда Таң доорунда жашаган Кытайдын элдик акыны Бо-Цзюйи нин боз үй жөнүндө ызаат менен суктанып, даңктап жазган ыры бар.
Боз үйгө ак чачуу. Кыргыздар эртең менен дайыма ак (айран, сүт) менен Ак кудайга чачык жасаган. Адегенде ата, эне, улуулар ата-энеге, от кудайына үч сапар айран чачкан. Үч жолу эр жакка, үч жолу түндүктү көздөй Ак кудайга чачкан. Дагы эрмен же арча күйгүзүп, от менен аластаган.
Жаңы тигилген боз үйгө жүгүнүү. Боз үй – ата-бабалардан бери кут түшкөн жай. Тигилип бүткөндөн кийин байбичелердин нускоолору менен келин-кесектер жүгүнүп, босогону аттаган. Аны карыялар алкаган. Батанын мазмуну: «Алдын бала, аркасын мал бассын, ак этек жүйүр болуп, орун-очок алсын» дегени. Май, нан, ак алып кирип ооз тийишет. Мал мууздалып, акыры тойго айланат.
Кутмандуу Кыргыз Атанын ушундай жышаандары аркылуу адеби, ыйманы, каадасы, салты, үрп-адаты, ырымы, жырымы, эм-дому өзүнүн багыты боюнча өрчүп келген.
Баланы түндүккө көтөрүү. Наристени түндүктү каратып, өйдө көтөрүү – ата-бабадан илгертен келаткан жөрөлгөнү набаттуу байбичелердин жасаган ырымы. Чоң сүйүнүчтү кабыл алуусу. Боз үйдүн түндүгүн ыйык сезүүсү. Кудайым, Теңирим ушул үйдүн чамгарагын сага буйрусун дегени. Аман болсун, чоңойсун, эр жетсин, ушул үйдөн кетпесин өңдүү алкоолор – Умай эне сыяктуу байбичелердин оозунан чыгуусу.
Босогону бойлобо. Бул – боз үйдүн босого таягынан келип чыккан. Аяк босого, баш босого, таяк босого. Т.а., боз үйдүн эшиги каалганы бекитүүчүсү. Эми ошону адам киргенде тең бойлошпой, тып отура калуу салты.
Босогону кемирбе. Бул – үйгө кирип, үйдөн чыгып баратканда аяккы босогону басып өтпөөсү. Б.а., шарт аттап кирүүсү. Анын өтмө мааниси бар. Антип атайын ныгыра басып өтүүсү – ал адамдын ичинде кектин, кузаматчылыктын бардыгы.
Босогодо турганда. Адамдар бири-бири менен учурашууда, атайын кол беришүүдө же үйгө кирип, же үйдөн чыгып жүздөшүүсүндө айрым учурда босогодон чыкпай же кирбей жатып эле, кош-пеш айтышкан учурлары бар. Албетте, бул адептүүлүккө жатпайт… Мында босогону аттап, же ары кирип, же бери чыгып, анан коштошуулары керек.
Боз үйдүн негизги жабдуулары – узанылуучу жана узданылуучу көркөм буюмдардын жалпы аталышы. Мында үй жыгачка негизинен уук, кереге, түндүк, босого-таяк, каалга жана бакан кирет. Үзүк, туурдук, түндүк жабуу биригип келип, боз үйдүн өрө кийизин түзөт. Боз үйдүн эшик чийи, канат чийи, чыгдан чийи болот. Үйдүн жипшууларына эшме, сызма боолору кирет да, ансыз боз үйдүн жабдуулары бекитилбейт.
Түндүк – «Аталар түндүгүн көтөрүп, энелер уугун улаган», бул – боз үйдүн очогу, түтүн чыгуучу, жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз үйдүн түндүгүн кармоо ар бир эле чебердин колунан анча келе бербейт. Уук, кереге матоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү андан ашып түшөт. Түндүк боз үйдүн тигилишинде тең салмакты кармап, анан көз тойгондой көркөм көрүнүшү аркылуу сынакай калктын элегинен өтөт. Түндүкчүлөр жеринен сейрек учурайт. Бул болсо өнөрдүн өтө кылдаттыгын, татаалдыгын, сыпаалыгын жана оордугун аныктайт.
Түндүктү жасоодо чеберлер бутагы жок кайыңды да тандашат. Адегенде ички бети чабылат. Жай мезгилде отуз күндө жыгач табына келе кургайт да, өзүнүн тезине салынат. Түндүк тези да кайыңдан жасалат. Аны беш-алты киши араң ийип, аркан-кендир байлап, башын куушуруп бириктирет. Анан анын сырткы кабыгын аарчып, дагы он беш күнчө кургатылууга коюлат. Көзү да үшкү аркылуу көзөлөт.
Кээ бир түндүкчүлөр буга турпан талды пайдаланат. Аны кыркып келип, жара чаап узундугу 3 метр, кыкка көөмп койсо, жыгач эки күндө былкылдап жибийт. Аны тезге коёт. Ага эки-үч адамдын колу керек. Тезден чыккан түндүктү жер казыкка кагып, ошого жатак алдырат. Андан кийин тегиздеп чаап, бурама аркылуу карматып көзөйт.
Көпчүлүк жерлерде түндүктүн негизги жердигин талдап, теректен тандашат. Түндүктүн төрт талаасына кооздук үчүн шакек коюп, ага түрлөнтүп, оюм-чийим түшүрүү нускасы да бар.
Темирден жасаган төрт кырдуу, учу учтуу, жыгачты көзөй турган курал «чулгуур» менен түндүк тешиктери көзөлөт.
Түндүктүн жыгачы кайыңдан да, кара талдан да, өрүктөн да тандалат. Талдан жасалган түндүк жеңил көрүнөт. Кайыңдын түндүгү, кара жыгачтын түндүгү салмактуу келет. Ошол түндүктү «тепме түндүк» дейт. Ага уук да жакшы сайылат. Муну кыйып келээри менен аарчый коюп, сомдоп кургатып алып, он күндөй сууга салса ным араң өтөт. Корго салаары менен чөп тырмоонун дөңгөлөгүнө жатак алдырат. Ал бир айда барып кургайт. Түндүк боз үйдүн өлчөмүнө карата аныкталат. Мунсуз үйдүн сыны чыкпайт.
Түндүк жабуу – боз үйдүн өрө кийизинин бир түрү. Ал түндүктүн чоңдугуна жараша бычылат. Төрт бурч болжолдо 2х2 метрдей болот. Үзүктөй, туурдуктай эле «жээктелет». Анын төрт бурчуна тагылган төрт эшме боону бел кырчоого байлайт. Тастар жип деп аталган алдыңкы эшик жактагы боо бош ташталат. Түндүк жабууга бакан тирегенде тешибеске тастар жип кадалган бурчунун ич жагына калың тумарча кийиз тигилет. Тастар боо түндүктү жаап ачып турат. Түндүк жабууну чүпүрөк менен ичтеп, ага кооз шырдак оюму да берилген.
Түндүк жабуунун төрт бурчунун ички тарабына үч бурчтуу кийиз тигилет. Ал «калтача» деп аталат. Күн жааган чакта үйдүн ичинен бакандын учун киргизип, түндүк жабууну көтөрүүгө шартташкан.
Ак өргөөлөрдүн түндүк жабуусунун ичи адими кездемелерден астарланып, ага да шырдак оюмдарын түшүргөн.
Түндүк тартуу. Көчмөндүүлүктө кыргыздар жайдыркыштыр боз үйдү маанектеген. Адатта, эрди-аял үйдүн ыпча бөйрөгүндө жаткан. Үйдүн эшиги күн чыгышты караганда эркек кереге тараптан орун алат. Аял коломтону өчүрөт. Уктаарда түндүктү жабууну алга тартат да, эр бүлөнүн сол ыптасында болот. Бул аялдын эрте турушка, түндүктү артка тартууга, уй саашка, от жагышка оңтойлуу келет.
Боз үйдүн ички жайланышы. «Ыпчада» туруучу эркектин ат жабдык, куралы, жарагы, «эпчеде» аялдын урунган оокаттары, буюмдары – чыгдан, саба, табагы турат.
Казан-аяк, ашканадан өйдө көшөгө (уул-келин тартып жата турган жай) жайлашат. Төр, жүк, кийим-кечек, ала бакан үй ээсинин жайынан кийин ээр-токум орун алат, анан эшик, ортодо коломто-тулга турат.
Боз үйдүн ичинин ашкана тарабы «эпче», эр бүлө жайлашкан тарабы «ыпча» деп бөлүнөт.
Боз үйдү тигүү – элибизде үйдү тигүүнүн да өзүнчө жол-жобосу сакталган. Үйдү тигүүдө конуштун шартына карай орун тандалат. Үйдү сууга жакын, жол тарапты беттеп, шамалга каршы келбегендей түз жайга тиккен.
Илгери үйдүн эшигин чыгышты караткан.
Боз үйдү тигүүдө оболу төр керегеси жайылат. Анын канаттары оңго жана солго керилет. Бири-бирине ашталган кереге саканак ортолору атайын сызма жана эшме жип саканак таңгыч аркылуу арчындалып бекем тартылат. Канат керегелердин бир жак учу боз үйдүн босого-таягы да босого таңгычына ушундайча бекитилет. Тегеректеле канат керегелер жайылгандан кийин, кереге чалгыч салынат да, эки жагындагы жел боолорунун башы бакан (ал түндүк бакан деп аталат) менен кошо түндүктүн чок ортосундагы чамгарагынан ачасына аштай бир адам кармап, үйдүн чок ортосуна туруп, өйдө көтөрүп берет. Түндүктүн көзчөлөрүнө ууктардын адегенде ар кай жерине туш-туштан сая башташат. Бир нече уук сайылып, уук боолор кереге баштарына байлангандан кийин түндүктү ошол ууктар көтөрүп калат.
Боз үйдүн жыгачы турган соң, эшик тыштын чий чырмакталган узун учунун атайын керилген сызма түндүктөн илинип, түндүк босогого казык бош чалынат. Андан кийин жабык башты, тегиричти жаап, кереге таңгычты керегенин белинен жүгүртүп, эшик таякка курчай чымырата таңып алат. Канат чий керегеге курчалат. Боз үйдүн канат чийи экөө болот. Анын аралары кереге көздөрүнө, учтарындагы эшме чыйрак жиби эшик босогого бекит илет.
Үйдүн кош туурдугу (тутуусу) да кадимки канат чий өңдүү керегеге жабылып, туурдуктун бел кырчоосу курчалат. Туурдуктун сызма, терме, букары боолору ууктарга артылып келип, кереге көздөрүнө байланат.
Үзүктү жабууга үч киши керек. Оболу анын боолору ичине келтирилип, үзүк тумарча кылынып, үч бүктөлөт да, ортосундагы адам бакан менен орто белинен өйдө шап көтөрөт. Үзүктүн үстүңкү жээктери түндүктүн түбүнө такалат. Анан четки экөө үзүктүн эки этегин ылдам жайып кетет. Үзүктүн сырткы эшме боолору уук-кереге көздөрүнөн арта салынып келинип, бел кырчоо жипке илме тартылып, кайра керегенин түбүнөн ичкери карай өткөрүлүп, керегенин төртүнчү көзчөсүнө илмектүү байланат.
Түндүк жабуу сыртын карай эки бүктөлүп, боз үйдүн артынан бир адам эле так өйдө көтөрүп, бакан менен жабат. Анын төрт боосунун бирөө үйдүн артына, экөө эки капталына бел кырчоого байланат. Алдыңкы жиби түндүк жабууну алга-артка тартууга жана түрүлгөн эшикти байлап коюуга ылайыкталып, беркилерден жоонураак келет.
Ошентип, үйдүн бардык жабуусу жалаң ача бакандын жардамы менен жүргүзүлөт. Жаз жана күз мезгилдеринде үйдү тигер замат сыртынан сол жана оң капшытына казык кагып, аркан менен бастырат. Бул шамалдан сактайт. Төргө казык кагып, ага эки жел боону катуу тартып байлаган учурлар да болот. Үйдүн ортосунда коломто жайлашат да, төрдөн улагага жакын келет. Коломто чок ортодо болсо, түтүн жакшы чыкпайт. Ошондуктан боз үйдүн алдыңкы үзүгү арткы үзүгүнө караганда тез карарып кетет.
Боз үйдүн жасалгалары – боз үйдүн кооз жасалгаларынын бири – жабык баш. Анын этегине тегирич улай тигилет. Тегирич менен түймөсү бар жабык баш: төркү (аркы), алдыңкы (маңдайкы) болуп экиге бөлүнөт. Көркөм көчөт түшкөн эшик чий, канат чий, чыгдан (ашкана) үйдүн жасалгасына кирет. Боз үйдүн ички көркү өрмөкчүлүк аркылуу жүзөгө ашат. «Кажары» (букары), «беш кеште», «сызма» деген түрлөрү бар. Кереге таңгыч, саканак чалгыч, кереге чалгыч, үзүк боо, туурдук боо, жел боо (түндүк боо) өңдүүлөр кирет. Мунун ичинен «эки жүздүү терме» жана «бир жүздүү терме» деп бөлүнөт.
Боз үйгө туш кийиз (туштук) тартуу – эзелтен берки салт. Анын боолору ууктун билегине тагылат. Боз үйдүн кире беришиндеги оң ыптада аяк кап кереге көзүнө илинет. Андан ары чыгдан тартылат. Керегеге, же аш алабаканга көөкөр, көнөчөк, көнөк, чыны кап улай илинсе, жакшы жарашат. Күзгү кап – текченин илиниши үйдү ого бетер көрктөндүрүп жиберет. Азыр коломто болбогондуктан, үйгө шырдак менен ала кийиз салынат. Көрпө көлдөлөң, курак, сайма төшөктөр төшөлөт.
Боз үйдүн жүгү да өзүнчө кооздук берет. Жүк жыя билүү кыз-келиндердин чеберчилигин айкындайт. Жүктүн астындагы такта, ага жабылган терме таар, калы килем, сандык, жагдан, күмүш ала бакан, андагы ат жабдыктар, улуттук кийимдер элдик узчулук менен зергерчиликти таасын көрсөтүп турат.
Боз үйдүн чечилиши – оболу түндүк жабуу сыйрылат. Боолорун кырчоодон чечип, төркү (арткы) үзүктү, анан алдыңкы (маңдайкы) үзүктү сыйрат. Үзүк үч бүктөлүп коюлат. Мындан кийин жабык баш тегиричи менен түрүлүп (томолоктоштурулуп) алынат. Бел кырчоо алынып, эки туурдукту сыйрып, аларды төрт бүктөйт. Канат чийлердин боолорун чечип, өзүнчө түрөт. Түрүлгөн чийлер өз боолору менен арчындалып таңылат. Эшик чий кошо сыйрылып, бул өзүнчө оролот. Эми уук чечиле электе ала бакан (түндүк бакан) аркылуу жел боосун каттай кармап тиреп, түндүктү так көтөрүп алат.
Боз үйдү жүктөө – боз үйдүн туурдугу төрт бүктөлүп, үзүк үч бүктөлүп, унаанын белине коюлат. Эки бөлүк жүктөө мезгилинде унаанын бели коюлат. Эки бөлүк жүктөө мезгилинде унаанын бели талыбашы үчүн иреттүүлүк сакталат. Бир унааны адегенде эле сылай артып койбойт, үй эмеректери бир эле чакта кезеги менен бардык унааларга артылып кетет.
Көчтү жүктөөдө аягында идиш-аяктарга кезек келет. Алардын үстүнөн казан көмкөрүлөт да, түндүк жабуу менен чүмкөлүп, унаанын бели тартылып, тулга бастырылып, аягында түндүк көмкөрүлөт.
Боз үйдү сактоо – мурун босого-таякка таштан, дөңгөчтөн же кыштан бут кылып, үстүнө керегелерди жаткызат. Анын үстүнө ууктарды кынаптайт. Үстүнөн канат чий, ашкана чий, эшик чий коюлат.
Боз үйдүн жабууларын жана жабдууларын күбөдөн сактоодо кургак жайга кармап, кез-кез күнгө жаюу, желдетүү зарыл. Азыр оролгон кийиздин араларына нафталин сээп коюп да жүрүшөт.
Ак өргөө – бул жасалгалуу боз үй, үйдүн көлөмдүүсү. Күнөстүү Кыргызстанда салтанаттуу тойлордо, «Малчылар күндөрүндө», эс алуу жайларында жана урматтуу меймандарга карата атайын тигилген боз үйлөр Ак өргөө болуп саналат. Ал мурун обочо, бийигирээк жайга тигилген. Актыгы, чоңдугу менен кооздугу аркылуу берки үйлөрдөн айырмаланган. Өргөөнүн жасалгасына атактуу усталар «кылдырлач» жана уздар катышат. Ак өргөөнүн чаканы «алты канат», чоңу «он эки» канатка дейре жеткен. Ак өргөөгө чыгдан тартылбайт, от жагылбайт. Ак өргөөнү көтөрүүдө айлакер зергерлердин, суусун ичкен жыгаччынын, кайкач бармак оймочунун, эшмечинин, түймөчүнүн, чырмакчынын, бычмачы-тикмечинин аруу колдору катышат. Ичинен тегерек «Тегирич илинет да, чоңу сыртына кыдырата тартылып, ак өргөөнүн төрт жери кооз «төтөгөлөнөт». Анын эң чоңу «ак сарай» деп аталат.
Чоң үй, чоң аш. Бул – бир атанын балдарынын сыймыктанар, конок-аяк көп аттанып түшүп, казан аяктуу (тамак-аштуу), кирди-чыктыларга кел-бери үйү. Ушундан улам «чоң үй – чоң аш» деп айтылат. Илгери чоң үйгө байдын үйү, бир туугандардын улууларынын, балдарынын үйү кирген. Чоң үйдүн берки мааниси – кичи үй. Ал – бир туугандардын кенжелеринин үйү. Чоң үй «чоң түндүк» деп да айтылат. Чынында, үйдүн өзү бараандуу тигилип, «чоң түндүк» деген салыштырмалуу маанини түшүндүрөт. Келиндери тарабынан «чоң үйдөгү акем», «чоң үйдөгү энем», «кичи үйдөгү уул» өңдүү ызааттоолор, тергөөлөр айтылып келген.
Төр – бул үйдүн жүгүнүн тушу. Меймандардын отура турган куттуу орду. Боз үйдүн «эпче» тарабы менен «ыпча» тарабынын ортосу. Адатта, үй ээси өз орунун бербейт. Кичүүбү, улуубу төрдө отуруу наркы бар. Негизи үй ээси эл барда өз төрүндө өзү отурбайт, келин-кесектери улууларынын, уяттууларынын төрүнө өтүшпөйт. Бул – ызаат, сыйлоо, эски адепти сактоо. Ал турсун улуулар үйдө отурса, кичүүлөр алардын үстүнө кирбөө ыйманы мындан мурун бар болгон.
Түндүк калтыруу. Кыргызда мындай бир сөз бар: «Түндүк кимдики?» Ал ар кандай шартта айтылат. Эгер ошол үйдө отуруп, адамдар өйдө-төмөн тартыша түшсө: «Тек отур, түндүк сеники эмес. Өз үйүңдө чечишип ал, өз чамгарагыңды ойлой отур» – дейбиз. Түндүк, т. а., отурган үй сеники же меники эмес, ал – атадан балага, бабалардан калуучу мурас. Ошол мурасты сактагандар түндүккө эгедер. Алсак, кыргызда эркек балдары беш-алтоо болсо, бир баштан улуулата үйлөнтөт. Үйлөнтүп, бир аз байыр алар менен ата-энеси аны бөлүп чыгарат. Өзүнчө түтүн булатууга куштар болот. Анын энчисин берет. Үйлөнгөнү бир баштан ушинтип бөлүнүп кете берет. Акыры кенже уулу колунда калат. Демек, ал – үй ээси, түндүк ошонуку, каада-салт боюнча ата-энесинин сөөгү ошондон чыгат. Бул – чоң аталардан келе жаткан бүтүм. Анын боз үйдү күтүүсү, аны кийинки муундарына дал өзүндөй өткөрүп берүүсү. Түндүк калган үй барктуу, касиеттүү, чоң үй, чоң аш көрүнүп, той-аштарда урматталат. Учалар ошол түндүк калган үйдүн тукумуна тартылат.
Азыркы боз үй тагдыры. Азыркы XX–XXI кылымда кыргыздардын көпчүлүгү отурукташып, шаарлардагы көп кабаттуу тамдарда, кыштактардагы жер тамдарда жашашат. Мал чарбалуу тоолуу айылдарда жаз, жай, күз боз үйдө жашаганды жакшы көрүшөт. Бардык эле тоолуктардын боз үй күтүүгө шарты болбосо да, небактан уланып келаткан ата салтын сактап, боз үйдө жашоо – улуттук рухий маданиятты ыйык тутуу деп эсептешет.
Зергер. «Зер» деген перси-иран тилинде «алтын» деген маанини жөндөйт. «Кер» дегени адамдарга таандык. Кыргызча баяндаганда алтын, күмүштү, жезди урунган, андан ар кандай аземдүү кубулган буюмдарды кооздоп жасаган уста зергер деп аталат. Эл ичинде зергерчилик кесип нускалуу өнөр, кол өнөрчүлүктүн башаты.
Байыртан бери кыргыздарда атактуу зергерлер жашап өткөн.
Зергерчилик асыл металлдардан алтын, күмүш, нейзильбер, мельхиор, датчалбас, жез, мис, коло калай, кара темир өңдүүлөрдөн кооз буюмдарды жасоочулук өнөрү. Кыргыздарда айрыкча күмүш кармоочулук-эзелтен келаткан устакерчиликтин асыл тармагы.
Зергерчиликте күмүштү жана башка түстүү металлдарды кармоонун негизги ыкмаларына «жашытуу», «жалатуу», «эритүү», «зоот түшүрүү» (себет төгүү, сыя төгүү), сирке төгүү (таруулатуу), «чапкылоо», «көркөм куюу», «тордоо», «тогуз төбөлөө», «кертүү», «согуу», «ийүү», «эшүү» (чыйратуу) өңдүүлөр кирет.
Күмүштүн наркка өтүүчү түрү «жамбы» болгон. Куйма күмүш, сом күмүш, куйма алтын, сом алтын – булар жалпысынан «жамбы» аталат. Элдик зергерлер кооздук, асем жасалгаларын жасоодо байыркы техниканы XX к. чейин сактап келишкен. Айрым усталар металлга оюу түшүрүп, калыпка металл куюп, наар түшүрүп, асыл таштарды бүртүктөсө, экинчилери алтын-күмүш зымдарын кооздоп ийүү чеберчилигин өздөштүргөн. Дагы бирөөлөрү ат жабдыктарды, кемер-курларды, булгаарыны, жыгач буюмдарын, боз үйдүн жыгачын жасоого адистешкен. Жергиликтүү зергерлердин күмүш билерик, шакек, сөйкө, чачпак жана башка жасалгалары аялдардын кийимдерине көрк берип турган.
Уста. Алтын-күмүштү, темирди, мүйүздү, терини иштеткен, узанган чебер. Ал бир эле темир эмес, ат жабдыктарын: өрүмчү, кайыкчы, кайышчы, жыгаччы, кырмачы, ээрчи, түндүкчү, уук кереге матоочу, мүйүзчү болуп кооз буюмдарды жасайт. Уста кол өнөрчү эң барктуусу. Талаадагы темирден өзүнө аруу буюм жасап алган усталар эл арасынан көп чыккан. Алардын эмгегин эл жогору баалаган.
Кырмачылар байыркы эң жөнөкөй куралдар менен табак, кесе сыяктуу жана башка жыгач идиштерди жасашкан. Элдик жыгач усталардын боз үйдүн каалгаларына, жүк жыюучу такталарга, сандык жана түрдүү кутуларга түшүргөн рельефтик жана контурдук кооз оймолору көз жоосун алат. Кыргыз элинин улуттук маданиятын, ажырагыс бөлүгү болуп калган элдик өнөр элдин байыркы маданиятын, мүнөзүн жана рухий дүйнөсүн, көркөм ой жүгүртүүсүн, этностук байланыштарын чагылдырган тарыхый дарек катары абдан баалуу.
Устачылык. Темир, жез, мис, мүйүз, сөөк, жыгач, тери, кайыш, таш ж.б. буюмдарды кармоочулук өнөр, элдик кол өнөрчүлүктүн негизги түрү. Элдик усталардын бөтөнчөлүгү алардын устануудагы терең сырдуулугу, көп кырдуулугу. Илгертен устачылыктын пири Дөөтүнүн жолуна түшкөн, касиети колдогон, эл-журтка белгилүү устачылыктын өзгөчө жолу бар.
Куракчылык. Курак – түрдүү түстөгү кездеменин, теринин, кийиздин, таардын өөнүнөн кураштырылып жасалган буюм жана буюмду жасоо ыкмасы.
Куракчылык – бычмачылык-тикмечилик өнөрүнүн бир түрү. Бул термин айрым аймактарда «курама» деп да аталып жүрөт. Анын негизги себеби, бир боордош өзбек, тажик элдери менен бул ичкилик кыргыздардын эзелтен этнографиялык тыгыз байланышта экендигин күбөлөндүрөт.
Куракчылык – илгертеден калган жасалга өнөрү. Ал – ата-бабадан калган салт. Көркөм кол өнөрчүлүктө үнөмдүүлүктү сактоонун негизги шарты. Илгертен курак ыкмасы менен кооздолгон жана өтө кылдаттык менен пайдаланылган буюмдарга кадимкидей колдонможасалга үлгүлөрү кирген. Курак кыздардын себинин да негизин түзөт. Уздар мындан жууркан, төшөк, жаздык, көшөгө, табак кап, кашык кап, күзгү кап, чай туткуч, текче, дасторкон өңдүү буюмдарды жасашкан. Курак буюмдары жүктүн көркүн чыгарат. Курак ат жасалгасын түзгөн. Илгери кулакчын кылып жасап, аттын башына кийгизишкен. Демек, кулагынан куйругунун учуна чейин курак менен жасалгаланган атка мингизип алып, күйөөгө узап жаткан кызга чоң энеси насаат ырын айткан. Курак буюмунун жердиги элдик аш-тойлордон жана кыз берип, уул үйлөнгөндө аларга тигилген кийимдерден, даярдалган септин кыркындыларынан болгон. «Тилеги – ушул адамдардай узакка жашап, уул үйлөсөк, кыз берсек» деген ниети курактан сезилип туруучу.
Кырмачылык – бул – челек, аяк, чөйчөк, табак, сузгу, кашык өңдүү ашкана идиштерди кырып жасоочулук жана кооздоочулук. Мында абалы жасалуучу буюмдун, же идиштин көлөмүнө жана ыңгайына карата жыгачы тандалат. Аларды жөнөкөй сомдошко керки менен балта керектелет. Идиш-аякты жасоодогу кол дүкөнү – бир учу түркүккө такалып, экинчи учу кыруу жыгачка кагылган беш темир мыктан азуусу бар ок жыгач. Аны «кырма» (дүкөн) дейбиз. Кыруучу курал «ийги» – метрдей таяктын башына бекитилет. Кыруу учурунда таянычка ийгини басып турган жыгачты «туур» дейт. Кырманы (дүкөн) айлантып турган кош жыгачты «тепки» деп, эки бутун алмак-салмак эпилдетип тынбай баскан адамды «кырманын (дүкөндүн) тепкичи» дешет. Ал кырмачынын шекити болот. Кырма идиштерине түшкөн кооздук жалпысынан «кеште» деп аталат.
Кырмачылыкта байтеше көп колдонулат. Кырылып бүткөн буюм илгери өз кырындысы менен жымсалданган. Мындай буюмдар кыргыз жергесинин ашкере чырайлуулугун, түгөнгүс түптүү байлыгын, ал эч бир жайда кайталангыс экендигин, мындай жыгачтардан уникалдуу нерсени көп жасоого ойдогудай жагдай түзүлгөнү даана баамдалат.
Үзөңгү. Ат жабдыгынын бир бөлүгү. Унаа үстүндө тыкан, түз жана тең салмакта жүрүүдө, аттанып-түшүүдө бутка таканч болуп, теминүүгө ылайыкташат да, ээрдин эки капталына тагылат. «Коло үзөңгү», «жез үзөңгү», «күмүш үзөңгү» (күмүш жалатылкан) деп аталат. Үзөңгү жыгачтан да, мүйүздөн да жасалган. Мунун бутка таканч таманы (теминчеги), эки жак капталы (жаактары), боо өткөрүүчү тешикчеси таралгасы болот. Үзөңгүнүн ээрдин оң жак жана сол жак капталына кайыштан каттай боосу (үзөңгү боо) болот. Үзөңгү көбүнчө калыпка куюлат. Үзөңгү куюу үчүн жасалуучу калып негизинен беш бөлүктөн турат. Үзөңгү колодон да эритилет. Бирок куюлуп жаткан колонун суюктугу муздап келе жатканда да сынбасы үчүн буюм эки бөлөк куюлат. Үзөңгүгө сары жездин жана колонун тазасы керек. Таза жез тунук келет. Үзөңгү түрдүүчө кооздолот колдо куюлган үзөңгүгө күмүш жана башка түстүү металлдарды жалатууга, анын бетин торчолоого болот. Үзөңгүнү «теминги» деп айтат. Ал теминүүдөн, унааны айдоодон улам айтылган.
Билерик. Бул – зер буюмунун эни ар кандай көрүнөт. Дегинкиси, жазыраак билерик көркөм көрүнөт. Билериктин да шакектей өзүнүн калыбы бар.
Андан муунак-муунак болуп чыккан күмүш билерик түспөлүн жараткандан кийин мунун эки башын атайын чарчылап, төрт кырдап, ага тиешелүү чапкылар менен «көзчөлөп», «жылдызчалап» кооздук түшүрүлөт. «Сыя төгүп», оюм-чийим түшүргөн билерик жукараак, бирок эндүү болушу зарыл. Мунун таманы тегерек келип, ага түшкөн оюмдар шакектикине, чолпунукуна окшошот. Бермет, акак таш, айнек өңдүү асыл жана ага тете заттарды чөгөрүп, тегерете торчолоп кармалган билериктер айыл арасында көп кездешет.
Жердиги жука билерикти жазы алып, жалаң чапкылоо менен кооздук берүүнүн түркүн сырлары бар. Аны майдалап көркөмдөп отуруу килем көчөттөрүнө окшошуп кетет.
Ат жабдык. Атка токуп, минип кетүүгө керектүү буюмдардын жана шаймандардын жалпы аталышы: ээр, үзөңгү, канжыга, жүгөн, нокто, чылбыр, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, желдик, тердик, ичмек, көрпөчө, ат жабуу, үртүк, камчы, канжыга кирет. Аталган буюм-тайымдардын ар биринин өзүнчө аткара турган милдеттери бар. Жасалышы жана санжырасы жагынан эркектердин ат жабдыгы, кыз-келиндердин ат жабдыгы деп аталат. Көчмөндүк турмушта зергерлер ат жабдыктарын алда эмедей көркөмдөп сынпостогон жана шөкөттөгөн. Ат жабдыктары негизинен «өрмөчүлүк» менен «кайышчылык» өнөрлөрү аркылуу жүзөгө ашат.
Усталарды «зергер», «ат жабдыктарынын чебери», «ээрчи», «өрмөчү», «кайыкчы» жана кайышчы деп бөлүшөт.
Элдик чебер. Буюм-кечеги түрдү буруп, өнөрдүн даана табиятына таандык көркөмдүктү өзүнүн табитиндей берүүгө умтулган, кооз үлгүлөрдү жараткан, аны тараткан өздүк көчөт көчүрүүчүлөр, түр түшүрүүчүлөр, оюм берүүчүлөр элдик чеберлер деп аталат. Алар ар түрдүү көркөм көчөттөрдөн жаңы ыргактарды таап, жаңы мазмундарды кошуп, көркөм буюмдарды жүзүнө чыгарат.
Жыгач уста. Жыгачтан ар кандай буюмдарды жасаган чебер кесиби боюнча, «уукчу», «керегечи», «түндүкч ү», «ээрчи», «тактачы», «комузчу уста» болуп бөлүнөт.
Жыгаччылык. Өрүктөн, алма жыгачынан, кайыңдан, талдан, шилбиден, табылгыдан ар кандай буюмдарды жасоону өздөштүргөн элдик көркөм кол өнөрчүл үктүн бир түрү. Жыгач буюмдары жашоо-турмуш ыңгайына карата: боз үйдүн жыгачы, тиричилик эмеректери, ашкана жана аземдүү буюмдар болуп бөлүнөт. Ар бир жыгачтын өзүндө жекече иштетүү касиети бар. Жыгачтын ар кандай шартына карап кооздукту берүү өнөрү кыргызда байыртан бери келген.
Ээр. Кыргыздардын алмустактан бери урунган ат жабдыктарынын эң орчундуусу, ал карагайдан, талдан, теректен, кайыңдан жасалат. Ээрдин «оймо ээр», «аштама ээр», «курама ээр» деген түрлөрү чабылат. «Ак каңкы» деген эр ээри болот, бул жоокерчилик заманда кеңири колдонулгандыгын оозеки чыгармачылыкта, санжырада жана эпостордо айтылат. Аны ар эңиште, улак тартышта, тыйын эңиште ж. б. улут оюндарында, жол жүргөндө жана салбурунда атка токушкан.
Илгертен берки усталардын ээрди чабуудагы жыгачтарды тандоодо, аны кургатып чабууда жана ээрди көркөмдөп жасалгалоодо эң көптөгөн бай, жекече ыкмаларды, үлгүлөрдү, тажрыйбаларды колдонуп келишкен. Усталар «чоң ээр», «орточо ээр», «кичине ээр» деп көлөмү боюнча үчкө бөлүп узанышат. Ээрди уйдун, төөнүн терисинен бапестеп далай түйшүктөнүп жүрүп каптайт.
Бешик. Кайың, арча, тал, тыт жыгачтарынан жасалган, наристени терметип уктатаар жыгач керебетче. Наристенин бейпилдиги жана уктоо ыңгайына бардык шарт түзүлгөн. Көчмөндүк турмушта бешикти жыгылса сынбаган, көчкөндө өңөрүп жүрүүгө өтө оңтойлуу болгон. Бешик илгертен бери уста бабалардын биргелешкен көркөм өнөрү.
Бешикке бөлөө салты – элибиздин каадаларынын бири. Төшөнчүсү, жамынчысы, жаздыгы, күлтүгү, шимеги, мончогу, шылдырак оюнчугу – баары толугу менен даярдалып, таэнеси тарап алып келген.
Соку. Бул – жыгач идиштеринин бири. Муну менен данды түктөйт, таруу, конок актайт, данекти, ышкын түптү жана башкаларды жанчат. Бул идишти чеберлер арчанын, талдын, кайыңдын жана ушу сымал катуу жыгачтардын дөңгөчүнөн жасашат. Оозу бир аз кенен, түбү бир аз куушураак, чуңкурая оюлуп жасалат. Сокунун сокбилеги (жанчууру, баласы) идиштин көлөмүнө карай ылайыкталып, сокуну салмак менен күйшөөгө шартташат. Анын ортосунда көзөнөгү бар. Ал эптүү эки туткалуу жоон шыргый болот. Соку да табак, челек аяк, чөйчөк идиштериндей муунакчаланып кештеленген. Анын күч менен күйшөөдө жыгылбагыдай аягы (таманы) тегерек келип, орунтуктуу жасалат.
Комуз. Ак калпак кыргыз элинин байыртан берки чертме кылдуу үндүү аспабы. Комуз мындан эки миң жылдан ашуун мурун эле Энесай кыргыздарынын музыкалык аспабы болгону белгилүү. Ал өрүк, жаңгак, ак чечек, алмурут, тал, терек, карагай, арча сыяктуу мөмөлүү жана мөмөсүз токой жыгачтарынан чабылат. Комуз чабууга чеберлер көбүнчө керки, бычак, ийги, үшкү, түрпү, өгөө өңдүү жөнөкөй куралдарды пайдаланышат. Сууга кайнатылып, сары суусу, чайыры чыккан жана ыштатылган жыгач бек да, добуштуу да болот. Аспап ар кандай формада чабылып, анын моюну ичкерип кетет. Комуз башы, тулкусу, чарасы, моюну, капкагы, куткуну, тепкеги (тээги), үч кулагы (өрүктөн, арчадан, мүйүздөн), анан үч кылдан турат. Адегенде жалпы түспөлү көрүнгөн комуздун ичин оюу керек. Аны ченөө үчүн өзүнчө үлгүсү «искенени» (бул да жыгач устанын жалпак, бир башы курч куралы) колдонулат. Элдик аспаптын жалпак бетине капкактык жука тактай жабылат. Мындан кийин моюн чыгарып, эми үч кулакты тагууга да ченебегендей чеберчилик зарыл.
Комуз тээги тыкан коюлуп, кылын керип тагаары менен добуш берет.
Комуздун жаралышына негизинен жыгач менен кылга байланыштуу болот. Кеп комуздун көлөмүндө эмес, жыгачтын касиетин жакшылап билүүдө.
Комуз чабууда абалы анын жыгачы тандалат. Башка жыгачтарга караганда өрүктөн чабылган комуз нарктуу жана баалуу.
Айрым усталар өрүк жыгачын декабрь айларынын ортосунда (кыргызча айтканда «токсон түшкөндө») кыят. Мында өрүк жыгачы боюна тартып, өсүшүн токтотуп турган учуру болот. Узанган учурда да, пайдаланган кезде да ал жыгач жарылып кетпейт. Анын кабыктарын аарчып, сомдоп, жерди чуңкурча казып, ага суук түшкөн чактагы ат тезегин салат. Ошого жыгачты көөмп, үстүнө тезекти төгө берет. Ал бир кезде өзүнчө бууланып түтөп, комуздун ширесин тартат. Жыгач жазга дейре жатып, ойдогудай кургайт. Муну да чабылуучу ээрдей, шамал тийбес жайда бир жыл жатат. Ошондон кийин чебер чаба баштайт.
Эгерде тоо карагайы болбосо Сибирь карагайынын чайыры жогун тандап, ошондон комузга капкак даярдоого да болот.
Азыр элдик үндүү аспаптын ата башы ушул комуз болгондуктан, муну жасоо тууралуу чеберлердин арасында ар кандай пикирлер бар.
Комуз чабууда өрүк жыгачынын чайырын чыгаруу үчүн сууга кайнатып эле ары-бери чаба салууга түк болбойт.
Айрымдары өрүктүн жыгачын туш келди мезгилде эле кыя бербейт. Аны боюнан суу качып калган мезгилде, боюна суу тарай электе кыркуу керек. Өрүк жыгачынын ичинен да абдан жакшы үн берүүчү өрүктү тандай билүү негизги максат.
Илгерки кыргыз комузу көбүнчө боз үйдүн ичинде чертилүүчү. Ырчылар аны менен ат үстүндө жар чакырган. Ошондо комуздун үнү өз чөйрөсүндө жакшы милдет аткарган.
Комуздун тилин табууда – жердик (жыгач), уста, комузчу – үчөө бириксе гана аспаптын таасын үнүн таба алышат. Мындайча айтканда, эки комузчу, эки уста – төртөө өнөктөш отуруп, бирөө чертип берсе, бирөө байкап кемчиликтерин устага айтып туруусу зарыл.
Байыркы заманда эле (комуз) башка улуттар жашаган аймактарда, ал түгүл чет элдерге да тараган. Тан (династиясы) доорунда кыргыз эли Тан падышасына белек катары бир комуз беришкен. Кийин падыша ал комузду япондорго сыйлык катары тартуулаган. Комуздун уккулуктуу үн чыгарышы ысык-суукка, басымга, нымдуулукка жараша болот. Эртең мененки салкында комуздан абдан уккулуктуу үн чыгат. Себеби, абалы температурасы, басымы нымдуулугу күндүн мезгилине жараша алмашып турат.
Уз. Аялзатынын көркөм буюмду жаратуучу чебери, кылдаты. Ага оймочу, саймачы, түймөчү, чырмакчы, бычмачы, токуучу, өрмөкчү ж.б. элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн салттарын сактап кармагандар кирет.
Узчулук. Оймочулук, саймачылык, түймөчүлүк, чырмачылык, бычмачылык-тикмечилик, эшмечилик, токуучулук, өрмөчүлүк өнөрүндө жумшак нерселерди кармаган кыз-келиндердин көркөм чеберчилиги. Алар кийимге, таарга, териге, кездемеге, буюмга жана үй жасалгаларына келбет, тариз, түз, түр, кооздук берет.
Шырдак. Кыргыздарда килем сыяктуу көркөмдөлүп жасалган кийиз буюмдарынын кооз түрүнө кирет. Мындан түрдүү өңдөгү оймолонуп кооздолгон кийизди беттештирип, «милте» («жээк», «ыскыт», «басыткы») коюп, жөрмөбөй шырылып, жерге төшөлүүчү көркөм үлгүнү көрөбүз. Койдун тазаланып сабалган кылчык күзгү (кээде күзгү менен жазгы жүндү аралаштырып), ак менен кара жүндөн өзүнчө жука, бышык кийиз уютулуп, бычылган кийиздин бирөө оюм, экинчиси кошумча көрк берип түшөт.
Элдик көркөм өнөрдө шырдак байыртадан бери кыргыз калкынын тарыхы менен өзөктөш өнүгүп келди. Азыр ар бир кыргыз баласынын үйүндө шырдак салынган.
Ар бир аймактардын өз ара өзгөчөлүктөрүнө, түбөлүк туткан кесипчилигине жана жеринин жекече шартына ылайык шырдак оюмдун өзүнө таандык жана бири-бирине окшоштуктары билинип турат. Шырдакты «оймо теке», «ободо» деп да аташат. Бул шырдактын өңүнө карап айтылган сөз. Шырдак үйдүн ичине кенч катары баркталат. Өнөр кийизден чыгат. Аларга ар кандай оюмдар түшөт. Оймочу-шырдакчы бирөөлөрдүкүн көрүп, өзүнүкүн ага салыштырып, алымча-кошумчалап, элдик көркөм оюмдардын таасиринде жекече элестерди берет. Оюмдун элесинде ойлоп табуучулук жана чыгармачылык айдан ачык байкалып турат.
Шырдакчылыкта боёк башкы каражат болгондуктан кийиз оюму менен анын өңүн чече билүү уздун көркөмдүк табитин көрсөтөт. Шырдак оюмга кыргыздын көркөм оюм аттууларынын бүтүндөй түрү пайдаланылат: «кыял оюму», «мүйүз оюму», «бармак боочу оюму», «карга тырмак оюму» ж.б. кыргыздын илгерки кызыл шырдагы көркөмд үктүн өтө чегине жеткен. Ак кийиз буюмдарынын аттуусу – баштуусу катары каралган.
Көшөгө. Бул – үйдүн бир капшытын бөлүп, далдалап турган буюм. Абалы жөнөкөй эле болуп, боз үйгө шартташкан. Ал да бара-бара кооздоло баштайт. Жука кездемеден тигилет да, үстүңкү кыюусуна илмектер кадалып, ага ичке бүчүлүктөр өткөрүлүп, илмектин эки учу ууктарга, мыктарга кере тартылып байланат. Көшөгө кыздын себи менен кошо келет. Жаңы үйлөнгөндөр салт боюнча көшөгөнүн ичине жатышат. Буга да узчулукка таандык сайма көчөттөрү көбүнчө илме сайма менен түшүп, туш кийиз өңдүү үйгө жасалга берет.
УЛУТТУК КИЙИМ-КЕЧЕК
Улуттук кийим – элдик маданияттын негизги көрүнүштөрүнүн бири. Ал калктын турмуш-шартынын, чарбачылыгынын зарылдыгынан улам жаралып, туруктуу келип, көп кылымдар бою жашап келүүдө. Мына ушул туруктуулукка гана таандык болгон өзгөчөлүк аркылуу кайсы бир элдин байыркы же кийинки мезгилдеги маданияты жөнүндө сөз козгоп, ага карата айрым ойлорду айтууга болот. Мындай мураска кыргыз эли да бай. Элибиздин улуттук кийимдеринин бай үлгүсү, чебер тигилиши, асемдүү кооздугу эзелтеден эле даңаза болуп келүүдө. Алар тууралуу маалыматтар жазма адабияттарда өтө эле сейрек кездешкендиктен, элдик оозеки чыгармачылыкка кайрылууга туура келет. Элдик казынанын ыйык мурасы катары бизге келип жеткен кыргыз элинин баатырдык эпосторунун улуттук кийимдердин ар кандай түрлөрү, алардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө бай маалыматтарды жолуктурабыз.
Кийим жарашыгы. Ар бир улуттун кийим-кечек кийүү маданияты – кылымдарды жырткан маданият. Ал – ата-бабалардан бери сындан өткөн жарашыгы, кооздугу, адамдардын жаш өзгөчөлүктөрүн даана аныктаганы. Чоң кийимдерди бычып-тигүү узчулук, түпкү энелердин, чоң энелердин, таэнелердин чыгармачылык күчү, талбас изденүүлөрү көпчүлүктүн көз кырында турган. Муну ар дайым аздектеп кийип, таберик катары сезип, бул үлгүлөрдү кийинки урпактарга каада-салт катары жеткирүү эмне деген эмгек?! Кыргыздардын кийимдеринин үлгүлөрү жогорку кооздукка жеткен. Муну өз элибиз кийгенде укмуштай сындуу жарашат. Ошондой эле башкаларды тууроо бизге андай улуттук татымдарды таптакыр бере албайт.
Урунган кездемелери: абайы, ак кадек, атлас, барча, баркыт, боз башайы, буулум, дарайы, дүрүйө, жибек, кете, кымкап, келеңкер, кырмызы, камка, манат, макмал масаты, малта, ноолан, суп, саринжи, торко, торгун, тукаба, тубар, чүштө, шайы, ырапыс.
Тиккен кийимдери: көккүбө, күрөөкө, көкжеке, накер, күрмө, тон, көйнөк, малакай, тебетей, мангил, мүнсөк, жыга, чабдар, өтүк, жекесан, сарпайы, чалбар, шым, белдемчи, чыптама, чепкен, чокой, кемсел ж.б.
Ак калпак. Калпак, ак калпак кыргыздардын улуттук керемети жана ыйык асыраган кут белгиси. Улуттун намысын жана аброюн аздектеген калпакты эркектер гана кийип жүрүүгө татыктуу. Баш кийим назиктикти, жеңилдикти, сыйдалыкты, кооздукту далилдеп турат. Алмустактан бери кыргыз баласы баш кийимин башынан түшүрбөй, жерге таштабай, ыплас жерге койбой, ыргытпай, тепсебей, чоочундарга бербей аздектеп, таза астейдил туу тутуп, сыймыктанып кийишкен жана атадан балага аманат калтырган мурасы катары асырап сакташкан. Илгери кытайдын каадалуу сүрөтчүлөрү саякатка, соодага элчиликке барган калпакчан кыргыздарды аттары менен сүрөткө тартышкан. Б.з.ч. Византия, Иран, араб миниатюра чыгармаларында жана саякатчылары, тарыхчылары ак калпакчан элдер жөнүндө маалымат калтырышкан. Түштүк Сибирде (Шиберде) ачык айтканда Алтайда, Хакасияда, Монголиядагы аскаларга, таштарга калпакчан кыргыздардын кебете-келбеттери чегилген. Бул тарыхый даректер кыргыздардын байыртадан ордолуу журт, азыркыча баяндаганда, олуттуу мамлекетти күткөн, салабаттуу, барктуу, маданияттуу жоокер эл экендигин далилдеп турат.
Калпак асиресе ак кийизден жасалгандыктан ак калпак аталган. Анын үстүнө кыргыздар ак дегенди ыйык тутушкан эмеспи.
Кыргыз уз аялдардын колунан жаралган ак калпак жаратылыштын ыңгайына, турмуштук шартка жана адамдардын даражасы, жашына, салабатына жараша ар кандай көлөмдө, түстө жаралган. Анын эл ичинде бир нече түрлөрү: жоокер калпак (черүү калпак), баатыр калпак, бай калпак, бий калпак, бек калпак, кан калпак болуп айтылат. Кыргыздардын уздары өз өнөрүн көрсөтүш үчүн койдун жүнүнө эчкинин тыбытын, төөнүн жүнүн кошуп жоокер калпагын, аш-тойлорго, салтанатка, сөөлөткө киер жигитке өзүнчө, жаш адамга өзүнчө, карыгандарга өзүнчө, ажого өзүнчө кыргагына алтындын суусуна тосулган жибектен оюм, көчөт жарашыктуу саймаланган. Төрт талаасында, эки тарабында шара тилиги аба ырайынын ар кандай абалына жараша айры калпак, тилик калпак, туюк калпак жасалган. Непадан күн теке маңдайдан тийсе, калпактын алдыңкы кыргагын, күн кежигеден тийсе калпактын арткы кыргагын, күн эки капталдан тийсе эки жагын түшүрүп алууга оңтойлуу. Күз, жазда жылуу, күн ысыкта салкын болгон. Илгерки ак сөөктөр кайырма кырлуу, чокчойгон учтуу, алтындан зээр баскан калпак кийишкен. Эзелтен эл ичинде ак калпактын баа-баркын даңазалаган нечендеген акындардын ырлары, улуулардын насаат сөздөрү жана макал-лакаптары бар.
Азыр ар бир уздун изденүүлөрүнө жана жаңыча узданууларына жараша калпактын ар кандай тариздеги үлгүлөрү жасалууда. Ак, кызыл, көк, жашыл өңдүү баш кийимдердин талааларына жана жээктерине түркүн көркөм көчөттөр келтирилет.
Баш кийимди сатпа. Кыргыздын ак калпагы – баш кийимдердин ана башы. Ал – улуттук белги. Ала-Тообузду символдоштурат. Учур-шартка карай калпакты, тебетейди, элечекти, топуну баштан албай кийип жүрүү парзыбыз бар. Демек, баш кийим сатуу – башыңды сатуу. Бирөөлөргө бутташтырып жиберүүгө да түк болбойт. Атайын арналып жасалган аларды жыртылганча кийүү – баш кийимдерди барктообуз. Баш кийим эскирип баратса, бала-бакыра атасыныкы, агасыныкы, таяке, таятасыныкы катары жерге таштабай, жырта кийип коюшкан. Өнөр жай негизинде баш кийимдерди чыгаруу, сатуу, көрүнгөндөргө кийгизип жиберүү өңдүү обу жоктук кийинки жылдары ашынып кетти. Алар ак калпакты мончолорго, сугатка кийип, жылуу деп алдына төшөп кор кармап жатканын көргөндө жүрөк-жүлүндү аралап өтөт.
Эркек кийими. XIX к. башында эркектердин эски үлгүдөгү ич кийими катары боору ачык көйнөк, дамбал жана башкалар эсептелген. Көйнөктү ак боздон же матадан кементайга окшош бычып, этегин тизеден төмөн түшүрүп, жеңи колдун учун жапкандай балбырата тигишкен, алар кайырма жакалуу же жакасыз болгон. Эркектердин шымы ар түрдүү материалдардан: бир өңчөй же жол-жол издүү колдо согулган таардан, жумшак ийленген кой терисинен, булгаарыдан, аң терилеринен жана кездемеден тигилген. Кооз жибек жип менен тигилген, жумшак ийленген тери кандагай шымдар жалаң байларга гана тиешелүү болуп, аны аш-тойлордо, аңчылык кылууда, оюн-тамашаларда кийишкен.
Сарпайы кийгизүү. Бул – биринчиден, сырт кийим. Экинчиден, бүт кийимдин аталышы. «Тукабадан сарпай кийгизип, туугандыгын билгизип»,– деп да айтылат. Кымбат кездемеден тигилип, урматтууларга, куда-сөөктөргө ж.б. урматтуулар тарабынан баштан аяк кийгизилүүчү кийими, каада-салт күтүүнүн жогорку чеги болгон.
Малакай – көбүнчө карыяларга мүнөздүү баш кийим. Ичи түктүү болгондуктан башта жылуулукту сактаган. Ошондуктан, карыялар көбүнчө жатаарда кийишкен, малакайчан бастырып да жүрүшкөн.
Топу – жеңил баш кийимдин бир түрү. Жердиги кара кыжымдан, трайкеден болот. Карыялардын топусу калпак, тебетейдин ичинен кийилип, «ичмек топу» деп аталат. Ал кийимди кирдетпейт. Топу кирдесе, жууп турат. Жердиги ак сурптан, же болотнайдан тигилген карыялардын тепчиме ак топусу такай төрт бүктөлүп, сыртк а чыкса сыйда жанында ала жүрүп, сөөлөт катары ки йилет.
Такыя топу – тестиер кыздардын топусу. Жердиги жашыл, кызыл, көк түстөгү кездемелерден болот. Мунун «бүйүрмө топу», «кайырма топу», «макабат топу» өңдүү түрлөрү бар. Баш кийимди тигүүдө, кийүүдө аймактык бөтөнчөлүктөр билинет.
Тебетей – кыргыз элинин баш кийимдеринин негизги үлгүсү. Анын жасалыш ыкмаларында бөтөнчөлүктөрү бар. Ошону менен бирге аймактын айырмачылыктары да көрүнөт. Тебетей кийүү бардыкка таандык. Ал жаш өзгөчөлүктөрдү да аныктайт. Бөбөктөр, жаш балдар, тестиерлер, уландар кийүүчү кадуусу ичкерээк келет да, тышталган кездемелери аркылуу жаштыкты, күлгүн куракты баамдатып турат. Элүүлөрдү эңиштеп, алтымышты аркалган адамдардын тебетейлери айырмаланат. Карыялар тебетейди бөрк деп да аташкан.
Саксагыраак тармал кара көрпөдөн, сүлөөсүн, түлкү өңдүү аң терилеринен кийишкен. Анын тышы кара кездемеден тигилип, ал барктуу көрүнгөн. Ал казанбак тебетей болуп саналат. Суусар тебетей, кара көрпө, сыйда түлкү тебетей орто жаштагыларга ылайыкташкан. Ал кара, күрөң кездемеден тышталган. Жигит, мырза тебетейлердин тышы жашыл, көк болгон. Ошентип, илгеркилер баш кийимдерди барктуу-нарктуу кийишкен.
Балдарга түлкүнүн бачикисинен, жаш козунун көрпө сүнөн ийленген. Кыз балдардын баш кийимдеринин мерчемдүүсү тебетей болуп саналат. Баркыт, чий баркыт, тукаба, жибек өңдүү жердиктерден төбөсү шырылып же шырылбай тигилген. Жээгине көбүнчө кундуз, кээде суусар, айрым убактарда, шартка жараша жүнү кыска козунун тармал, улактын жылбырска көрпөлөрдөн да колдонулат. Тебетейдин төбөсү конус тибинде, жээги ичке томпогой, томолок же жазы тегерек болгон. Ошондо беш көкүл кыздар эки жаагына бештен жаак саамай, артына тегиз жайлашкан он өрүм өрдүрүп, тебетейлерди кийип алганда көрктүү, сымбаттуу өтө татынакай көрүнгөн.
Чачкап. Кыз-келиндердин олоң чачтарын жаба турган буюм. Кийинчерээк муну колдонуу мааниси тарыды. Аны кайрадан жаңыртып, кармообуз зарыл. Азыр ал чач өстүрүүгө жана аны тагынууга кызыгууга да шартташат.
Элечек (Илеки). Баш кийимдин бир түрү. Ак кездемеден тегерете кат-кат болуп оролгон аялдардын бул баш кийимин баш кеп, сала коймо, ээк алмай, астыңкы жана үстүңкү тартма, тумарча, бадал сыяктуу негизги түрлөрү бар. «Кеп такыя элечек» чечкенде анын кеби бузулбас үчүн астынан кийилет. Кийип-чечүүнү жеңилдеткен элечектин «сала коймосу» (желке жагы) менен «ээк алмайы» болот. Элдик салтта аялдар муну жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык кийишкен. Улгайгандардын элечеги жөнөкөй оролуп, көлөмдүү көрүнөт. Сыртынан чоң ак жоолук менен жабылган. Аза күткөн (же жесир) аял кара бүркөгөн элечек кийген. Ал эми өлгөн кишинин жакын туугандары аны өткөнчө элечектин ээк алмайынын бир жаагын бошотуп да жүргөн.
Колуктулар кийген элечектин маңдайы шуруланат. Бул «шуру тартма элечек» деп аталат. Элечектер кээде күмүш калдыркан, күмүш желбирөөчтөр менен да чебер кооздолуп, укмуштай кыргакталат. Элечек формасы, кооздолушу жана кийилиши, калк арасында таралыш таржымалы боюнча жергиликтүү өзгөчөлүктөргө ээ. Ургаачылардын (колуктунун, жаш келинчектердин, келиндердин, зайыптардын, улгайгандардын, байбичелердин) сыймыктана кийүүчү, санжыргалуу сезилүүчү баш кийими. Мунун жасалышында ээк алмасы, жыкмасы, куйрулчугу (куйрукчасы), кыргагы, ичке каты болот. Жаш өзгөчөлүгү, аймактык бөтөнчөлүктөрү, шартка карата жердиги жагынан айырмачылыктары билинет. М.а. колунда барлардын салынган элечектерине шуру бастырылат, кыргагы күмүштөн тартылат. Кездемеси кенен оролот, баалуу келет. Укмуштай суйкаланып, «Алыбек алына жараша» колу тартыштардын элечектери жөнөкөйүрөөк оролушу менен, «кедейлик кемтик эмес» делип, бул баш кийимди кийүү салты сакталат.
Элечек күндөлүк жашоо-турмушта такай салынбайт. Айткандай, көч үстүндө, аш-тойлордо, куда-сөөк тоскондо, алар менен бир ырахаттуу отурууда, айылчылоодо ж.б.у.с. каадалуу жайларга барганда, асемдеп тосуп алуучу чөйрөлөрдө элечек салынуу нарктуу болуп эсептелет. Калган учурлары жоолук салынат. Элечек текчеде күзгү кап менен бир бүтүмдү түзүп, жүктүн эпче тарабында (уул-келин жатуучу жайга) этиет сакталат. Ичине толо жумшак нерселерди салып коёт. Ал кебин бузбайт.
Бул баш кийим кийин жантаслим болгондо маркумдун өзүнө бычылат. Эрине да жумшалат. Арабиялыктар, дербиштер, эшен-молдолор талаа-түздөрдө жүргөндө ак селделери өзүнө даяр кепин болору шексиз. Ошон үчүн элечекти бирөөлөр кийбейт, эч качан башкаларга белекке бербейт. Ыйык, кир кол менен кармагыс баш кийим болуп эсептелет. Элечекти эки адам оройт. Казак калкы элечек салынууну байыркы эл Кыргыз атадан үйрөнүшкөн.
Байбичелер казанбак элечек салынган. Ошондой эле «сурп элечек» (суп элечек) да мүнөздүү болгон. Суп – пахтадан токулган ак кездеме. «Стамбул элечек»– Стамбулдан (Түркиядан) чыккан кездемелер алынган. Төтөн, орто муундагы аялдар каз элечек салынган. Такыя элечек – жаш келиндердин элечеги. Ал – шуру тартма элечек.
Шөкүлө – конус формасында тигилген кыргыздын кыз-келиндеринин элдик баш кийими. Өтө кооз, аны күйөөгө аттанган кыз ата-энесинин төрүнөн кийип чыгат. Шөкүлөнүн төбөсү кулакчасы же жаагы, желкеси болот. Шөкүлө мурун ак кийизден тигилсе, кийин ортосуна жүн салып, сырты кызыл же кызыл кочкул, жашыл же кочкул жашыл, көк же көк кочкул манаттан, ноотудан тигиле баштайт. Ар кыл матадан ичтелип, ага кундуз, түлкү, суур өңдүү аң терилери кыюуланат. Кийин баркуттан шырып тигип да жүрүшөт. Төбөсүнө же каптал тарабына тоту куштун, кыргоолдун, каркыранын, үкүнүн канаттары тагылат. Шөкүлөнүн төбө алкагына зер чөгөрүүгө болот. Мында шурулар арбын колдонулат. Бул желбирөөчкө, тумарчага, жаак мончокко, чач учтукка өткөрүлөт. Ал элечектин тартмасындай ушул шөкүлөгө бөтөнчө азем берет. Шөкүлө – салттуу баш кийим. Ал салт боюнча кийинки сиңдилерине сакталат. Демек, кыз турмуштанган жерине кийип барып, үч-төрт күндөн кийин шөкүлөнү кайра төркүнүнө берип жиберет. Бул баш кийим боз үйдө текчеде (секичек, текичек) турган, же болбосо сандыкта сакталат.
Шөкүлөнүн көз уялткан көркөмдүгүнө желбирөөч, сөйкө (сырга), бой тумар, акак мончок (моюн мончок), төөнөгүч сыяктуу кыз-келиндердин зер буюмдары айкалышып турат. Шөкүлө кийген колукту ак кууну элестетет да, ага кемсел шымчан, кемер курчан, ак калпакчан күйөө укмуштай жарашат. Шөкүлө жээгине илгери көбүнчө кундуздан жээк түшүрсө, эми көбүнчө шартка жараша норка жээктелет. Анын үстүнө көйкөлгөн узун ак жоолук жабылат. Мурун шөкүлөнүн жээктерине чеберлер жылбырска (чычкан жүнүнө окшош), же ара туулган кулундун терисин да пайдаланышкан. Минтип, ар түрдүү терилерден болушу, албетте, кызды күйөөгө чыгарган үйдүн жашоо шартына байланышкан. Кундуз жээктелген шөкүлө байлыкты көрсөткөн. Азыр үйлөнүү тоюна элдик салтты сактап, шөкүлө кийүүгө кызыгуулар көбөйүүдө.
Кеп такыя. Бул – элечектин ичинен салынган кийим. Моюну талыганда элечегин алып коёт. Жеңил-желпи кеп такыясы менен жүрө берет. Аялдар, байбичелер көчкөндө, аш-тойлордо, мааракелерде, айылчылаганда элечегин кийген. Башка убактарда жоолук салынган. Жылуулук үчүн жоолуктун алдында кеп такыя кийген. Кеп такыянын жаактары, куйрулчугу элечектен чыгып турган.
Жоолук – аялзатынын баш кийими. Мында кыздар жоолукту артка бууган. Келин болгондон тартып, алдына салынган. Кыз менен келин ушундан айырмаланган. Эмне үчүн жоолук салынабыз? «Ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн!» Бул – колукту кайын журтунун босогосун аттаары менен алкаган сөз. Ал ак жоолугуңду кир чалбасын, бир жерден орун ал дегенди да түшүндүрөт. Демек, жоолук салынуу мусулманчылыкта ыймандуулукту, адептүүлүктү, уяттуулукту тартуулайт.
Жаш улгайган сайын ургаачылардын бети-баштары өзгөрүлө баштайт. Арыктайт, эт качат. Жаак-моюнду бырыш басат, чачтар агарат, карылык келет. Мына ушундай өөнчүлүктү жоолук көрсөтпөйт. Элечек кийүүдө да мындай жагдай эске келет.
Сырт кийимдер. Сырт кийимдердин бардыгы халат сыяктуу келип, жакалуу же жакасыз эле өтө кенен тигилген. Кийимдин жакасын көрпөдөн, аң терилеринен жасашкан. Анын четтерине кара сатин, баркыт же кара көрпө бастырылып кооздолгон. Кышкы сый кийими карышкыр, сүлөөсүн, кундуз терилеринен жасалып, сырты нооту менен тышталган ичик болгон. Кышкысын териден жасалган тон кийишкен. Кыргызстандын түндүгүндө жана түндүк чыгышында ак же каралжын жүндөн жасалган кементайларды кийишкен. Ак кементай колунда барлардын арасында кеңири таралган. Аны кооздоп, баркыт менен кыюулап жасашкан. Колго ийрилип, жүндөн токулган таардан жеңи узун, жакалуу же жакасыз, узун жана кенен чепкен тигишкен. Жылуулук мезгилдерде кийилүүчү тыгыз кездемеден тигилген орнотмо жеңдүү, чөнтөктүү, адамдын денесине ылайыкталып тигилген биринчи сырткы кийим бешмант деп аталган. Сырт кийимдер кездемеден да, таардан да, териден да бычылып-тигилип, аларга: ичик, чепкен, чапан, кементай, кемсел, чыптама, кош этек, шым өңдүүлөр кирет.
Чапан – сарпай, чапан. Кыргыздар ичтелип, ичине жүн, кебез салынбай тигилген сырт кийимди чапан деп кийген. «Бачайы чапан», «сатин чапан», «нооту чапан», «мата чапан», «баркут чапан», «трайке чапан» деп, жердигине карата айтылып, жукараак кебезден, жүндөн жалатылып, шырылып, чепкенден кыскараак тигилип, кийүүгө жеңил болгон. Жердиги адамдардын жаш өзгөчөлүгүнө карата тандалган.
Ичик – элдик салттуу сырт кийим, ал кездемеден тышталат, териден ичтелет.
Көрпө ичик – козунун саксагы улгайгандарга ылайыкташат. Кашкулак ичик, бөрү ичик, сүлөөсүн ичик, илбирс ичик (кашкулактын, карышкырдын, илбирстин терилеринен ичтелет) буларды эркектер, сөөлөттүүлөр кийишет.
Жакалары ичине өңдөшөт. Аял ичиктердин тышы тукаба, баркыт, кыжымы менен тышталып, көбүнчө түлкү, суур өңдүү аң терилери, козу-улак өңдүүлөрдүн терилери менен ичтелет. Элибиздин каада-салтында ичик кайда болсо баш кийит катары бааланат. Чынында, ичик жасоо кыйын. «Ичик тиккендин ичи ооруйт» деген кеп бар.
Ичиктин кара, күрөң, боз өңдө болушу улгайгандарга таандык. Кыз-келиндерге кызыл, көк, жашыл, күлгүн кездемелер менен тышталган кийим жарашык берет.
Тон. Карыяларыбызга өңдөлгөн тон, көөлбүп, тармал кара көрпө менен көбөөлөнүп («жака келсе жайкалат, көбө келсе көйкөлөт»), өтө жарашык ыйгарат. Өңдөлгөн тон – бордолгон тон. Ал аппак келет. Ышкын түпкө боёлгон тон да жаш өзгөчөлүктөрүн ылгап турат. Аны элдин басымдуу көпчүлүгү кийишет. Кийинчерээк уздар башкалардын таасиринде бүйүрмө тонду арбын тигип, ал жаштарга мүнөздүү болуп эсептелет.
«Тоң жылуусун ээси билет», «Тогуз катар торкодон, Токту акемдин түгү өттү» деген накыл бар. Тонду жаш өзгөчөлүктөрүнө карата тигип киет. Жоого аттанарда кийүүчү тонду туулга тон, же чарайна тон деп аташат.
Кементай. Бул – жердиги жүндөн жасалган сырт кийим. Кылдап уютулган кийизден жасалып, орто жаштан беркилерге бап келет. Сөөлөттүүлөргө ого бетер жарашат. Ак олпок – жоодо кийип чыгуучу кементай. Жаштар жака – белдерине, жең учтарына адими кездемеден көбөөлөтүп, аны кештелеп (саймалап) кийип чыккан. Негедир азыркы уздар мындай аттуу-баштуу кийимди тигүүгө, аны салттуулукта кийүүгө кызыкпоодо. Албетте, кементай кийүүнү унутпоо керек.
Кемсел – тышы кездемеден, кыжымыдан, баркыттан ж. б. ичи жука кездеме менен ичтелген бул сырт кийим ичик, чепкен өңдүүлөрдүн ичинен кийилген. Улгайыңкы тарткандардын кемсели көбүнчө трайкеден, чий баркыттан болгон, жаштардыкы, кыз-келиндердики, жаш жигиттердики кийимдин жердигинин назиктиги аркылуу айырмаланып, алар көк, кызыл, күлгүн түстөрдү тандап алган. Мындан кийин өңүрүнө, этек-жеңдерине көркөм көчөттөр түшүрүлөт.
Эскерте кетүүчү нерсе, азыр меймандарга, урматтууларга, мааракеси барларга чепкен, чапан жаап жүрөбүз. Эмнегедир анда жаш өзгөчөлүктөрү эске алынбайт. Туш келди саймаланган кийимдерди ыроолойбуз. Андай алабарман көрүнүштөр каада-салтка коошпойт.
Кемселге кемер кур аябай жарашат. «Күмүштөн кемер курчанып, күндөй бетин нур чалып» – деп, акак таш чөгөрүп, «тогуз төбөлөнгөн» курдун тогоосу (калканынын чепкенден чыгып туруусу) адамды ого бетер нурлантып жиберет. Кыздарга, жаш келиндерге кызыл, жашыл, көк кымкап кемселдер, ага тагылган күмүш топчулар, узун чач, тебетей, такыя элечек эмне деген көрктүүлүктү көрсөтөт.
Шым. Илгеркилерге териден ийленип тигилген кандагай негизги үлгү болгон. Тери шым (чалбар) өңдөлгөн. Ичи түктүү болот. Карыяларга ылайыкташкан. Жаргак шымды кештелеп (кештелүү шым деп аталат), жаштар кийген. Балбандар балбанга түшөрдө теке шым (көбүнчө тоо текенин терисинен) кийгизген. Шымга сөзсүз ычкыр (ич кур) тагылат. Анын эки учуна папик жасалат.
Белдемчи. Ургаачылардын белден ылдый тартылуучу бул кийимдин жердиги адамдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата тандалат. Азыр ал таз баркыт, чий баркыт, трайке, нооту, ланпук кездемелерден тигилип жүрөт. Кыз-келиндерге көк, кызыл, жашыл түстөр ойдогудай ылайык келет.
Жаштардын белдемчилери сөзсүз саймаланат жана шууруланат. Жээгине кундуз бастырылат. Байбичелер тартынуучу белдемчилер жылуулук үчүн, көбүнчө кебез, кийиз, жүн, жаңы же ара туулган козу-улактын өңдөлгөн терилери менен ичтелген.
Баатырлардын жоо кийимдеринин бири катары алды жактан тартылып, жоокерлер казатка аттанганда, ичти сактоо үчүн да белдемчи тартылган. Анын жердиги металлдан, каткан териден (шириден), катуу шырылган калың кийизден, катталган кең булгаарыдан болгон.
Чыптама – чыптаманы кыз-келиндерибиз кош этек менен кийген. Бул – жеңсиз кыска кийим. Анын чермей, өпкө тон, кармооч деген башка да аттары бар. Чыптама кынаптала тигилип, денеге көрк кошуп турат. Көгүчкөн төштөнүп, бели кыпчаланып, этеги жамбашты жая кененделип кетет. Көйнөктүн кош этектери көлбүп, кызкелиндер кылактай басып, ал өзүнчө ак куудай көрүнөт. Өңүрүнө сайма көчөттөрү түшүп, жердигине көк, кызыл жашыл, күлгүн түстөрү тандалган.
Кош этек. «Бул – кыз-келиндерибиз кие турган көйнөк. Ал көбүнчө ак, сары, көк жибектен тигилип, мурда этекжеңдери кызыл-тазыл кылып кооздоого айрыкча көңүл коюлган. Кийинки учурда күндөлүк турмушта дайыма улуттук татымда элдик кийим-кечектерди кийүүгө анча маани бербей келебиз.
Бешмант – кемселдин бир түрү. Аны «беш бел» деп да айтат. Этеги төгүлүп, бели беш жеринен кыналып, тизеден беш эли узун болот. Кийүүчүнүн жаш өзгөчөлүгүнө карай бутта мөкү, башта кеп такыя, элечек же кундуз тебетей, мына ушундай кийген кыз-келиндер менен жүрүм-турумдун ортосунда кандайдыр бир катыш жасайт. Көчөгө, айылга кийилүүчү кийимдер бир жагынан адамдын өзүн улуттук маанайда коңур кармоого, же тескерисинче, шайыр-шаттуу, көңүлүн көтөрүңкү кылууга, сүймөнчүлүктү туудурууга өбөлгө түзөт. Кыз-келиндер узун кош этектүү бешмант кийип баратса, баскан-турганы кадимкидей өзгөрүлүп, кыймыл-аракеттери өзүнөн өзү назиктеле түшөт.
Көк жеке. Бул – эркектердин баалуу, сымбаттуу кийими. Аны чеберлер эл башкаруучуларга атайын арнап ултарышкан. Ултаруу бут кийимдерине узануу-уздануу аракети. Көк жекенин такасы кээде көңдөй жасалып, жылаажын салынып коюлган.
Жасалгалуу өтүктөр, дегеле бут кийимдерди алтын, күмүш чөгөрүп кооздоо ыкмалары II–VI кылымдарда Борбордук жана Орто Азияда, Жакынкы Чыгыш аймактарында жашаган көчмөндүү элдерде айрыкча таралганы тарыхтан маалым. «Көк жеке» деп аты калып, өзү унутулган бул өтүк кара малдын терисинен иштетилген. Булгаарыдан жасалып, бүтүндөй кайыш менен тигилген.
Чепкен. Бул – баш кийиттердин бири. Муну кыргыздар (карысы, байбичеси, жигиттери, келин-кыздары, балдары) жапырт кийишкен.
Суп чепкен – адими чепкен. Ал баарынан барктуу болгон. «Тепме чепкен» кийишкен, койдун күзгү жүнүнөн кармалган. «Пиясы чепкен» өтө жеңил, ийрилип согулат. Адамдар дөөлөтүнө, байлыгына карап «нооту чепкен», «бөз чепкен», «баркыт чепкен», «чий баркыт чепкен», «кымкап чепкен», «барча чепкен», «трайке чепкен», «кыжымы (тукаба) чепкен» кийишкен.
Кийинки чактарда жаштардын чепкенинин өңүрүн, жакаларын, жеңдерин саймалоодо. Чепкен кийүүдө да биз жаш өзгөчөлүктөрдү сактап тиктирбей, табылганын кийип же ылайыктуу үлгүлөрдү тандай албай жатабыз. Бул башкы кийиттин жердигин уздар таардан да, кездемеден да тандашат.
Суп чепкен төөнүн жүнүнөн чарык жиптей ичке ийрип, аны оңго-солго чыйратып, өрмөк аркылуу таңдайлаштырып, эндүү согуп, муну бычып, жалаңкат ичтеп тигилген. Аны «төө чепкен» деп да атайт. Кийим мала күрөң тартып, ачык маанайды берет да, ошончолук бышык болот. Койдун жүнүнөн, кебезден ичкерээк ийрип, жалаң бир өңдө же эки-үч өңдө күзүктөп, аркак салуу аркылуу согулуп да чепкен тигилет. Чепкен чапандан көөлгүй кенен тигилет да ичтелип, ага жүн менен кебез калыңыраак салынат. Буга бүчүлүк менен топчу кадалат. Азыр чепкен-чапан, чапан-чепкен аралаш мааниде колдонулууда.
Мал чарбачылыгын арка тутуп, көчүп-конуп, жашоотиричиликтерин өткөргөн кыргыз элинде жалаң жүндөн жасалган чепкен наркка өткөн. Тепме чепкенди «таар чепкен» деп айтат. Тепме чепкенди – өрмөктө кезек согулган таарды кайнатып, кадимки кийиздей киргизип, тепкилеп, басып сыйдалата жасаган. Пиясы чепкен жеңил да, сыйда да болот. Кездеменин жердигине карата – боз чепкен, нооту чепкен, чийбаркут чепкен, баркут чепкен, кымкап чепкен, парча чепкен, трайке чепкен деп айтылат. Булар тигилишине карата басма чепкен, шырыма чепкен, жалаңкат өңдүүлөргө бөлүнөт. Аялдар үчүн тигилген чепкендин жердиги адими кездемелерден тандалат. Анын жакасына, өңүрүнө жана этек-жеңдерине баалуу аң терилери бастырылат. Мында үй ичинде, эс алуу жайларында дөөлөт катарында жүрүүгө шартташкан. Мунун жердиги кара, жашыл, көк, кызыл тас баркуттан жана чий баркуттан тандалып, анын өңүнө карата көркөм көчөттөрү түшүрүлгөн.
Өтүк. Муну илгери сөөлөттүүлөр кийишкен. Кийинчерээк бут кийимдердин ичинен өтүк көбүрөөк ултарылып, жапырт кийилип калды. Орто жаштан беркилер, күлгүн курактан аркылар улуттук кийимдер менен бир бүтүмдү түзүп кийүүгө ылайыкташкан өтүктү ултаруучу чеберди өтүкчү дейбиз. Мурун кызыл булгаары өтүктү кычырата кийип, күмүш кемерди кара кемселге курчанып, жоргочон, же жакшы ат менен алчактата бастырганда кооздукка кооздук берет.
Маасы. Бул өкчөсү жок кепич менен кийүүчү бут кийимдин жердиги шабырадан, көңдөн болуп, чеберлер адамдын жаш өзгөчөлүктөрүн эске ала ултарган. Кийин бодонун терисин жыдытып, малмага салып, талкууга коюп, андан чыккан кайышты көңгө айландыруучу чеберчиликтери тыптыйпыл жоголуп кеткени өтө өкүнүчтүү.
Маасынын жаш-кары (жигиттердин башкасы) жапырт кийген. Мында кары байбичелерден, улгайгандардын маасысы кара көңдөн болуп өтө жөнөкөй көрүнгөн. Ал илгери көбүнчө кепич менен кийилген. Кыз-келиндердин маасысына сайма көчөттөрү «кыялдана» түшүп, ага азия көлөчү жарашат.
Кепич. Кол булгаарыдан кармаган бүчүсүз бут кийим. Өтүкчүлөр кепич жеңил болсун үчүн такасынын ичин көздөй кылып ултарышкан. Жигиттердин жана келинкыздардын кепичтерине «наар» түшкөн, «чийме сынпоздогон». Бут кийимдерин ултаруу үчүн мыкты жердик катары жылкынын тарамыштары чыйратылат.
ЭЛДИК ДАРЫГЕРЛИК
Элибиз канча кылым жашаса, элдик медицина (дарыгерлик) ошончо жашка чыкты. Ошончо узак жашоо жолун басып өткөн элдик дарыгерликтеги эмчи, домчулуктун, тамырчылыктын, сыныкчылыктын, табыпчылыктын да өзүнүн элине таандык дары-дармектерди даярдап, аны пайдалануусунда өз издери бар. Кыргыз дарыгерлери дартты «ысык», «суук», «чарбасын» деп бөлүшөт. Алар ден соолук үчүн күн нурун, таза абаны, булак суусун, багылан козу, кыркылбаган эрмен жеген улактын, туу калган бээнин казы-картасынын, бал кымыздын (саамал), айран, жуурат, эжигейди, мүнөз – диеталык оокаттардын (кордо, митан, айрандын сары суусун, жарма, чабаты, жупка ж.б.) дары чөптөрдүн, минерал заттардын (көк таш, сымап, мумия) ал гана турсун жерде, сууда жүргөн, көктөгү учуп жүргөн канаттуу куштардын эмнеге дары экендигин беш колдорундай билген. Оорулуу жанга алардын тийгизген таасирин туура баамдап дарылашкан.
Табыпчылык. Кыргыз элинде илгертен табыпчылык кылган адамдар көп болгон. Эл ичинде аларды бакшы, дубана, бүбү, тамырчы, канчы, терчи, учуктоочу, дарымчы, тилмечи, кайрычу, канчы ж.б. деп чакырышкан. Табып – оорунун атын билет. Тамырчы адамдын ысык, суугун туят. Дарыгер табыпчылыктан пайда болот. Табыпчылык – тээ эзелтен өнүгүп келе жаткан элдик өнөр. А дегенде элге белгилүү табыпкерлер дарыны сактай турган жайды, идиштерине өзгөчө көңүл бурушкан. Мисалы: куук (ума) – эркек козу же улакты алты айлык (жүгүрө элек) кезинде союшкан. Сойгондон кийин дароо улактын же козунун умасын алып тазалап, ийлеп, сайдын ташын күйгүзүп, андан алынган акиташ менен өңдөп, даярдап алышкан. Мындай баштыкчада даярдалган дарылар жогорку сапатта өзүнүн күчүн жоготпостон, көпкө чейин сактоого мүмкүн болгон. Ошондой эле дарыгер табыптын дарыны ийлеп, ийге келтире турган териден даярдалган «жаргак», «жыгач сокусу», «өлчөө кашыгы» болгон. Бул куралдарын табып өзүнүн эң жакын адамына же жакшы көргөн шакиртине калтырып кеткен, айрым учурларда өткөрүп берген.
Сыныкчы. Сынган буттан шакшакты алганда кийин эрмен, ак кодол, шыралжын менен буулаган. Ошондой эле «карасан» деп коюшат элде. Алдын алуу үчүн элдик дарыгерлик – мумияны арчанын ашы менен кошуп, ийлеп ага пайдаланышкан. Жети түрлүү чөптү көп колдонуп келишкен (мамыры, эрмен, ак кодол, шыралжын, көкөмерен, шыбак, уу коргошун). Уу коргошун оорулууну сырткы оорудан коргосо, жети чөптүн кошулмасы ички шишикти жоёт дешет. Уу коргошунду сөөктөгү мите куртту жоготуу үчүн кулгуна жарага салып койгон жана тез-тез көзөмөлдөп турган. Оорулуунун оозунан ак көбүгү чыкканча тартышкан. Андан соң уйдун сүтүн берип турган. Себеби ууну кесет дешкен. Андан кийин эрмен, шыбак, шыралжын менен буулоосун уланткан. Элдин оозунан угуп калабыз, кээ бир учурларда: «Жети чөптү миңден бир ооруга дабаа дешсе, үчөөнө – үч эгиз»– деп коюшат. Бул сөз бекеринен эле айтылбаса керек.
Элдик акылмандар. Тээ жер каймактагандан бери элибизде алдыдагыны алдын-ала айталган эчендеген элдик акылмандар, көз ачыктар, олуя кишилер, ар кандай эсепчилер, жылдыз саноочулар, жайчылар менен билгелер өттү. Алар тээ эзелтен бери калыптанып калган элдик тажрыйба, түшүнүк баам боюнча ар кандай кубулуштарына карап туруп, алдыда келе жаткан табигый кырсыктарды алдын-ала айткан олуя кишилер эле. Алар табият койнунда туулуп өскөн эң байыркы көчмөндөрдүн эн акыркы атактуу эсепчилери же олуялары болучу.
Бакшы. Кара жиндүү бакшылар жинди болгон жана талмалуу, же «илешкени» бар кишилерди көрүчү. Адатта бакшылар оорулуу кишилерди көргөндө жиндерин чакырып, чарк уруп көрөт. Бака-шака түшөт. Чымындардын чакырып, өткөн олуя-машаяктардын атын атап, жер-суудагы мазарлардын аттарын айтып кыйкырат. Отту чоң жактырып коюп, оттон секирип, оорулуу кишиден аттап, аны какыс-кокус кылып ургулап, отко орокту салып, кыпкызыл болуп кызарганда тили менен чыркыратып жалайт. Эки кишиге өзүнүн эки колун эки жакка кердирип тарттырып туруп, эки далынын ортосуна жаргылчактын ташы менен өзүн койгулаттырат. Айтор, өкүрүп-бакырып үйлөрдү, кепелерди тегерене жүгүрүп, короодогу малдын үстүнөн секирип, алдыларынан өтө качып, жинди болгондордун жинин, талмалуу болгондордун талмасын, илешкени барлардын илешкенин куба лачу.
Дубана. Дубана да чарк уруучу, бирок бакшычылап жин, чымынын чакыруучу эмес, көнүмүш катары ал кудайга, пайгамбарга сыйынат, аят окуйт, келме айтат.
Дубана чарк урганда, көбүнчө айылдын эркектерин жыйып алып, баарысына даарат алдырып, оору жаткан үйгө чогуу отургузуп алып, иллалла айттыруучу. Өзү да бирдемелерди айтып, чарк уруучу.
Бүбү. Аялдардан чыккан бакшы, дубаналарды бүбү дешчү. Бүбүлөрдүн табыпкерлиги деле бакшы, дубаналардыкындай. Ооруну чарк уруп көрөт.
Тамырчы. Эң башкысы тумоологон, ооруган кишини тамырчынын айтымы боюнча багып, тамырчынын айтымы боюнча тамак берүүчү.
Тамырчылар билектен тамыр кармап: – Ысыгы бар экен,– деп суу ичирүүчү, же сууктап калыптыр деп күчтүү тамак берүүчү. Тамырчылардын айтымы боюнча бир ай, эки ай жалаң суу ичип жата берген оорулар көп болучу. Суу ичкен кезде ысыктап калат деп ооруга бир чымчым дан, бир тиштем эт да, ууртам сорпо да берүүчү эмес. Тамырчылар, кабыргасынан сезгенген келте жана ошол өңдүү оорулар менен ооруган кишилерди он, он беш күн жалаң суудан башка бербей, арыктатып жилигин үзүп туруп, анан ашка аралаштыруучу. Алды менен оору кишиге бир нече күнү чаңыт жарма, анан кийин бир нече күнү коймолжун жарма берип, акырындап сүлө сабактап отуруп ашка аралаштырып, тамакты бир нече күнү ылгап ичирүүчү.
Териге алуу. Табыптар же жөн эле тажрыйбалуу кишилер кээ бир ооруларды көрүп: «Сууктап суугу ашынып кеткен экен» – деп, бардар киши болсо тай сойдуруп, тайдын терисин сыйырары менен оору кишини териге ороп таштайт. Колунда жогураак болсо койдун терисине алат да, тамакты күчтүүлөп берет. Мындайча дарылоону териге алуу деп коюшат.
Учуктоо. Бир жери ооруй калган киши болсо: «Учуктап жибергиле» дешип калышуучу. Мындайча учуктайт: эки же үч кычкачты, кычкач болбосо орокту отко салып кызартат. Ооруп калган кишини жылаңач босогого отургузуп коюп, кызарган темирди ооруган кишиге жакын кармап, кызыган темир аркылуу муздак сууну оору кишиге шаркырата, шуулдата бүркөт. Кызарган темир сууп, оору киши калчылдап титирей баштаганында, төшөккө жылуулап жаткырып коёт. Муну учуктады деп коюшат.
Дарымчы. Дарымчы жараларды дарымдайт. Адегенде жараны байлап, жаратты катуу оорутуп, кишини өкүртөт. Дубалап бүтүп, жараны кайра чечет. Дарымчылар эгер жылкы курт болсо муну да дарымдоочу. Жылан, кара курт чакса, тилме, оозул болсо, тиш ооруса аларды да дарымдоочу. Дарымчылардын колдонгон ыкмаларынын көбү кишилерге түшүнүксүз болучу.
«Чопо, чопо, чопо дарым
Чопо дарыма ширин дарым», –деп бирдемелерди айтып, күбүрөп, шыбырап, муздак суу менен шуулдатып бүркө берүүчү. Илгери бир дарымчы жылан чаккан кишини дарымдап, чаккан жыланды дубалап келтирип, аны менен арбашкан дечү. Ошондо жылан тикесинен туруп киши менен арбаша берип, жеңилгенден кийин жыгылып өлүп калыптыр дегенди да айтышчу эле. Кыргыздар дарымчыны кыйын кадырлашуучу, ага ишенүүчү.
Тилме. Тилме көбүнчө бетке, мурунга чыгат көрүнөт. Дарымчылар тилмени устаранын учу же болбосо наштар менен чегип, кичине-кичине шүүшүн чыгарып, анан шакар сыйпап, дарымдап коюшчу. Дарымчынын касиетиби же чеккен устара, наштарыныкыбы, же шакарыныкыбы анысын ким билсин, оорулар ырбабай эле айыгып кетүүчү.
Кайрычу. Кайрычу деген жара көбүнчө колдордун баш жагына чыга турган жара окшойт.
«Кайрычу турбайбы» дешип, шибегени отко абыдан кызартып алып, оорусуна чыдабай боздоп жаткан кишинин жарасын сайып кайрыганда боздоп жаткан кишилердин жаны сеп алып тынчып, ошону менен эле айыгып кеткенин көрөр элек.
Канчы. Табыптардын кээ бирөө канчылык кылат. Канчылар кишинин ооруган жеринен кан алат. Канды наштар, уйдун мүйүзүнөн жасалган кортык менен алат. Андай кишилерди канчы дешет. Канчылары азыркынын киши сойгуч догдуруна мүнөздүү эмелер болууга тийиш. Канчы кишилердин колу эптүү келип, кээ бир туюк жараларды да тилип айыктырып жиберүүчү.
Ошентнп жыйынтыктап айтканда, илгери кыргызда бакшы, бүбү, дубана дегендер болучу экен. Аларды касиеттүү чымыны, жолдошу бар кишилер деп койчу. Кандай айыктырат дегенде, алар илээшкен дарты бар кишилерди көргөндө касиеттерин, чымындарын чакырып алып ошолор аркылуу илээшкен дартты кубалатып чыгат деп түшүндүрүүчү. Табыптарды болсо чымыны деле жок, бирок оорунун жайын билген тажрыйбалуу кишилер катары эсептөөчү. Адатта табыптарга тамырчы, канчылар кирүүчү. Дарымчыларды – сыйкырчы, суубакеч деп атоочу.
Албын. Ашуунун белдеринде, сырт жерлерде аба жетпей кишинин деми кысылып кыйналат. Кыргыздар муну «түтөк» деп айтышат. Түтөк деген Албын аттуу шайтандардын бир түркүнү болуп, алар кыздар болот имиш. Ага уяттуу булганч сөздөрдөн айтылып турса уялып кача баштап, түтөккөн киши эс алат экен. Сырт жерлерине мал багып баргандардын жандарына талкан, өрүк, мейиздерди ала жүрүп, түтөккөндө татып-жыттаса болот деп колдонгон.
Ыйык көтөрүү – бала элирип ыйлаганда бир кой же эчкини ыйык көтөрөт, ал малды балага шилекей алыштырылат. Эгер бул ыйык көтөрүлгөн малды башкага керек кылмакчы болсо, анда ошол башка малга дагы шилекей алыштырылып коюлат, акыры ыйык көтөрүлгөн мал союлуп, түлөө кылынып элге берилет.
Мант байлоо – колго, бутка же башка бир жерге көз жара түшсө жибектен колго, бутка, моюнга байлайт. Муну «мант байлоо» дейт. Бул мант өзү түшөт.
Кабыргадан түкүргөндү (ооруганды) Көк аттуулар (жан алгычтар) атып кетти деп ишенилген да, суу ичирген. Чагылгандын огун таап алганда кабыргадан түкүргөн (ооруган) кишилерге эзип ичиришкен.
Бертик – кишинин колу же буту сынып, же бертинсе, зайыбы же энеси айыл кыдырып, үйгө кирбестен тешиктен сузгу, чөмүчүн сунуп сурайт. Ун, талкан салып берилет. Ал берилген тамакты бертинген киши жеш керек. Ошондо бертингени айыгып кетет.
Учуктап коюу. Эгер адамга суук тийип калса, темир кычкачты отко салып кызарта ысытып, ооруган адамды тышка алып чыгып, желбегей чапан жаап коюп ысык кычкачты бет маңдайына кармап, муздак сууну ууртап алып, кээ бир кемпирлер кычкачка бүркөт. Ысык темирге тийген суудан ысык буу чыгып, денени каптайт. Мына ушул эм-дем менен ооруну элдик медицинада дарылашат.
Дартка даба жандыктар жана чөптөр
Жылан. Түрүнө карай пайдаланган, айрыкча мар, боз келте (ак дары). Кургатып алып талкалап, айрым жерлерде нанга кошо тандырга жаап алышкан. Жыланды спирт менен да кошуп иштетсе болот. Бирок өтө тактык, этияттык керек.
Сагызган. Элибиз сагызганды пайдаланганда эркекургаачысына көңүл бурган. Оң канаты сол канатынын үстүндөгүсү – ургаачысы. Сол канаты оң канатынын үстүндө болсо – эркеги. Айрыкча аялдардын ооруларына өтө чоң жардам берет. Чаңкоосу канбагандарга, чочуп ойгонгондорго, ысытма кеселдерине, көкүрөктү жумшартууда пайдаланышат.
Сайсагызган. Сагызганды иштете алгандар гана билет, кандай пайдалуу экенин. Атып алгандан кийин бээнин сүтүнө бир күн кармоо керек. Андан соң тазалап, кургаткандан кийин сокуга же жаргылчак менен тартып, майдалап алуу керек. Бул анемияга табылгыс дары. Кан басымына, боор ооруларына өтө тактык менен тамырын көзөмөлдөш керек.
Бака. Элибиз бакаларды кур бака, кашка бака, таш бака, кызыл колтук бака деп бөлүп айтышат. Дарыгерликте ар түрдүү ички жана тышкы дарттардан арылууда пайдаланышкан. Мисалы, кызыл колтук баканы ичирип, ошондой эле майдалап алып, жараларга себүү керек. Кашка баканы жараттарга тирүүлөй тартуу жолу менен пайдаланса болот. Таш баканын жумурткасын бөйрөк ооруларына, жаш балдарды эмдөө үчүн көп пайдаланышкан. Кургатып алуунун жолун жакшы билүү керек.
Кийик от. Баш ооругандар кара чай (памил) менен кийик отту бирме бир аралаштырып, чай сыяктуу демдеп ичсе абдан пайдалуу. Суу менен спирттеги тундурмасын тырышканга пайдаланса болот.
Кымыздык. Тамырынан жасалган ачытма, тундурмалар ичтин катуу түйүлүп кармап ооруган жана өнөкөт ооруларына пайдасы тиет. Ошондой эле күзүндө, эрте жазда кымыздыктын тамырын казып алышып, суусундук үчүн сок даярдап алышкан. Айрым кездерде кымызга ачытса да пайдасы тиет.
Кожогат. Жалбырак, тамырын заара айдоочу, бөйрөк, өт ооруларына, таш ооруларына көп пайдаланышат.
Каакым. Тамакты сиңирүү боюнча эң бир табылгыс зат. Андыктан жалбырагынан, тамырынан салат жасаса болот, өт ооруларына, өнөкөт ич катууга, боор ооруларына өлчөм менен пайдаланса болот.
Миң тамыр (бака жалбырак). Жалбырагын суук тийген жерлерге жабыштырып таңып койсо жакшы жардамы болот. Жараттардын тез айыгышына, какырык чыгарууга чоң жардамы бар. Ичеги – карын ооруларына жалбырагын кайнатып берүү менен аны казал ооруларына пайдаланса болот. Уругун кайнатып ичсе ич каткан кезде пайдаланса жакшы жардамын берет.
Уйгак. Бул өсүмдүк жасалган тундурма, түшкөн чачты токтотууга жардам берет. Жалбырагын кол, бут ооруларына пайдаланса болот.
Уу коргошун. Бир кар жаагандан кийин гана жыйнап алса болот. Уу коргошунду пайдалануу үчүн тамырдын согуусуна көп көңүл буруу керек. Элибиздеги табыптар кулгуна жараларга көп пайдаланышкан. Уу коргошунду пайдалануунун жоопкерчилиги күчтүү.
Чалкан. Өт, боор жана тундурмасы кан токтотуучу каражат катары колдонулат. Уйгактын тамыры менен кошуп кайнатып, чачтын түшкөн жерине компресс кылуу керек.
Арча. Арча элибиздин тарыхы менен тутамдаш кошо жашап келет. Арчанын сууда чирибей көпкө чейин чыдай тургандыгын билип, илгертен эле тегирмен иштетүүгө пайдаланышкан. Шак жалбырактарынан үй, короо жайларды аластап турушкан. Ал эми тобурчагы өпкө оорулары үчүн табылгыс дары. Сокуда жанчып оорулууга өлчөм менен боткого кошуп кайнатып берсе жакшы. Боюнда барларга, жаш балдарга мүмкүн эмес. Жыныс бези шишигенде уйгакты кошуп пайдаланса болот. Кызыл арчанын мөмөсүн (ашын) 3 маал өзүнчө пайдаланса, же бал менен аралаштырып жесе болот. Жыныс бези менен бөйрөк кошо ооруган болсо мүмкүн эмес. Тундурмасы денесинде кычыткысы барларга чоң жардам берет. Тиш тазалай турган таякчаларды жасап алса, тиштин түбүнүн бекем болуусуна таасири күч.
Бөрү карагат. Мөмөсүн, тамырын пайдаланат « Суук» ичүүлөргө чоң жардам берет.
Долоно. Мөмөсү менен гүлү жүрөк-кан тамырларынын айрым ооруларын дарылоодо пайдалуу. Ошондой эле тукумсуздукка да жардамы тиет.
Күчала. Кыл табыптар балдардын көк жөтөлүнө күчаланын гүлүн пайдаланган. Ошондой эле кымызга кошуп ачытылган ачымасы – куяң, кол, бут ооруларына пайдалуу. Чебер табыптар өлчөм менен алы жокторго, көпкө жатып калган ооруларга, оорусуна жараша пайдаланат.
Табылгы. Оту аябагандай таптуу отун болуп саналат. Табыптар аны кайнатып жасоо ыкмаларында табылгынын оту, арчанын оту ж.б. деп бөлүп айтышат. Мына ошол дары кайнатууда көп керек. Ошондой эле ышынан алып, айыккыс сырткы жараларга пайдаланса болот.
Чычырканак. Мөмөсүнөн май бөлүп алып, ичеги-карын ооруларына, күйгөндө, жарылганда, үшүк алганда, дем алуу жолдорун дарылоодо пайдаланылат. Ал эми чырпыктарынын учтарын кайнатып, «суук» ичкендерге берсе болот.
Чырмоок. Элдик дарыгерлер чырмоокту майдалап мурундун каңылжарын дарылоодо түтүнүн пайдаланышкан. Айрым учурларда шашкалактоонун негизинде бир жерин кесип алса, анда чырмооктун жалбырагын ушалап, ошол жерге кошо таңып салса, тез айыгат. Миң тамыр менен бир эле өлчөмдө кошуп ашказандын жарасына пайдаланса болот.
Шыбак. Шыбактын бир нече түрү бар: кой шыбак, ак шыбак, шыралжын, мамыр шыбак. Аларды элдик медицинада түрүнө карай пайдаланышат. Мисалы, кой шыбагын өпкөнүн ириңдеген оорусуна демдеп, сары май менен кошо берген. Айрым ириңдүү жараларга да колдонсо болот. Ал эми шыралжын жана мамыры шыбагын ооздогу жагымсыз жыттан арылууда, тиштердин эти оюлган кезинде майдаланган күкүмдөрүн сепсе болот. Ошондой эле ичеги-карын оорусуна белгилүү өлчөм менен пайдалануу керек.
Сагаса гүлү. Кыргыздар муну чекенде деп айтат. Дары өсүмдүктөрдүн түркүмүнө кирет. Толгон өлкөлөрдө өсөт.
Орто Азияда, айрыкча Кыргызстанда көп.
Тоо беттерине, көбүнчө кургак талааларга чыгат. Составында эфирдин алколоиди бар. Илгерки замандан бери эле бул өсүмдүктүн күлүн насбайга кошот. Сагасанын (чекенденин) күлү кошулган насбайды чеккен адамдын көңүлү көтөрүлүп, жаны жай алып, сөзмөр болуп калат.
Алтын тамыр. Элибиз алтын тамырдын дарылыгын өтө жогору баалашат. Түрдүү ооруга көпчүлүк мезгилде ачытма түрүндө, ичеги-карын, айрым ооруларын айыктырууда ролу чоң.
Адырашман. Элибиздин көпчүлүгү адамдарды үй-жайларын ысырыктоо үчүн гана пайдаланышып, дарылык касиетин билбейт. Анын суудагы кайнатмасы безгек, невростония, түтүнү сасык тумоого (гриппке) каршы эң бир табылгыс иштетүү болуп эсептелет. Адырашмандын уругун күчтүү табып-дарыгерлер бөйрөк таштарын түшүрүүгө пайдаланышат.
Боз (ак) топурак. Боз (ак) же талаа кумун (суу куму болбойт) жай саратанда обочо, шапата (сквозняк) эмес жерди тандап 20–30 см. тереңдик казып, өтө майдалоо керек, тез-тез аралаштырып турулат. Майдаланган топурак (кум күнгө ысыгандан кийин) баш жакты көлөкөлөп (бетке күн тийбегендей) алуу керек. Алдын-ала таза, эттен куурулбай даярдалган шорпо ичип (уйдун, тооктун эти болсо ого бетер жакшы), кайсыл жери ооруса ошо ооруган жерин көмүүсү керек. Бул процедура 3–5 күн, андан кийин 5–6 күн сөзсүз түрдө дем алуу менен, экинчи мөөнөтүндө 3–5 күнгө эс алуусу зарыл.
Мындай учурда муздак суу ичүүгө, сууга түшүүгө, жуунууга тыюу салынат.
Жашылча жемиштерин жегенге, ачык жел соккон жайда эс алууга, ачык машинага түшүүгө мүмкүн эмес.
Ошондой эле төмөндөгүлөрдү эске алуу керек: боор, жүрөк, каны ашкандарга, жараларга мүмкүн эмес.
Дарыланып жаткан учурда ооруну бир сыйра козгойт. Андан кийин экинчи курсту зарыл түрдө алуу керек. Оору лууну бир киши ар дайым кошо жүрүп көздөп туруусу зарыл.
Дагы: муздак эч нерсе, суусундук, пиво, кымыз ичүүгө болбойт.
Дарым ырлар. Ооруну жубатуу, абалына аралжы болуу максатында айтылган касиеттүү сөздөрдүн уйкаштуу тизмеги дарым ырлар деп аталат.
Дарым ырлар кыргыздардын эң баштапкы түшүнүг үнөн улам чыккан. Баштапкы коомдун адамдары «касиеттүү сөздөр сырткы дүйнөгө, заттардын, кубулуштардын теңирлерине, ээлерине өтөт, алар ошол сөздөрдү угат, адамдын денесине жабышкан илдеттерди сууруп чыгат, ал эми жабышкан оору, илдеттер да сөз касиеттерин угат деп түшүнүлгөн.
Дарым айтып, эм-дом жасоочулар «Дарымчы» деп аталган. Алар өз кезинин акыны, чечени, сөздүн кыюусун табуучулардан болгон, алар оорунун себебин мифтик наристе элестетүүчүлөрдөн болуп, ооруну, анын себептерин көркөм наристе элестетип түшүндүргөн. Жанына ошого жараша касиеттүү сөздөрдү курап, көркөмдүк сөз күчү менен илдетти, ооруну кубалап, сууруп чыгуу болот деп ишенген, ошондой ноокастарды ага чын бүтүргөн. Ошол бек ишенүүдөн оору өзүн жубаткан, жеңилденген. Дарым ырларынын байыркы эски адабияттан экенин, анын айбандарга, түрдүү заттарга адамча сүйлөп, аларды да адамча касиетте элестеткени болуп эсептелет. Алып айтсак, жылан менен арбашуу (дуба айтышуу), түрдүү курттардын атын таап, алар адам жана айбандарды чакканда сөз күчү менен атын атап, сууруп чыгуу болгон. Мисалы, жыландын аты «чак-чур» башка илдеттердин, курттардын (азыркы микроб аттары) «быжы-быжы», «келең-келең», «бадик», «гүлапшан», «албын» сыяктуулар болгон, дарымды айтканда ошол ооруга кайсы курт илдет жабышканын билип, анын атын атап айта алса, эң күчтүү дарым эсептелген.
Жогоркудай түшүнүктөрдөн улам, кыргыздардын дарым ырлары пайда болгон. Ал дарым ырлар барган сайын көркөмдөшкөн, касиетин мурдагы ашкереликтен купуялыкка өткөн, ошого азыркы өнүккөн коомдо дарым ырлары ооруга ашкере айтылбастан «дарымчы» ичинде купуя айтып, «сүф» деген сырлуу касиет жаралган. Кыргыздардын дарым ырларын угуп көрсөк, анын тил өзгөчөлүгү ыргактуу касиетинин көркөм адабият экенин билүү кыйын эмес. Мында айтып коё турган бир нерсе, кээ бир дарымдардын сөздөрү тетирисине карай ырдалган, анын себеби эм-дом сырлуу болуусун, сөздөр түшүнүксүз болгондо касиеттүү болуусун көздөгөн болсо керек.
Кыргыз дарым ырларынын мазмунуна караганда, дарым ырлар «эмчилик» пайда болуудан алда канча мурда, кадыресе, түрдүү чөптөрдүн дарылык касиеттерин баамдоодон мурдагы кездерде чыгып, колдонулуп калганын билүүгө болот.
Арбашуу ыры. Арбашуу кыргыздардын дарым ырларынын ичинде эң байыркысы болуп, адам, айбандар эч кандай айырмасыз деген төмөнкү түшүнүктө пайда болгону көрүнөт. Анткени арбашуу дарымчы киши менен жыландын эрөөлгө чыгуусу болуп эсептелет. Жылан адамды чакканда дарымчы анын уюгун таап дарым айткан, жыланды ийнинен чыгарып арбашууга чакырган:
«Чакчурсуң, Чаккан чубурсуң,
Кан атаңда доом бар.
Кармашамын бери, чык! Алты атаңда доом бар,
Арбашамын бери чык!»
Бул айтылган дарым жыланды кудум эле адам катары сөз уга турган, күрөшө ала турган таанымда мамиле жасап турат.
Киши менен жылан арбашканда, экөө бирин бири тиктеп, көз ирмебей, тынык чыгарбай, демдерин ичтерине тартып, ичтеринен дарым айтып арбап турат дейт, кимдин дарымы күчтүү болсо, тигинин курсагы жарылып кетет имиш, жылан менен арбашуу кээ бир койлордо да болот имиш.
Кыргыздардын дарым ырларында арбашуу ырлары бир кыйла көп жана кызыктуу болгон. Булардын ичинен үлгү катары эки түрүн көрсөтөбүз.
Чакчурсуң,
Топчурсуң,
«Алты атаңда доом бар, Арбашамын бери чык!
Баштарыңды чыгар. Балжыратамын,
Тилдериңди сун.
Жанчып өтөмүн, Чакчурсуң, Чаккан чубурсуң. Алты атаңда доом бар, Арбашамын бери чык!
Быжы-быжы-быжымын.
Мен быжынын кенчимин,
Алабата күлүмүн, Арбоочунун өзүмүн.
Доолашайын бери чык! Таятаңда сөзүм бар Айтышайын бери чык! Ажыдаар ак жылан, Арбашайын бери чык!
Алтымыш баштуу, жүз кездүү,
Боору кызыл келеңкер Жер кендеги чакчурсуң, Жетип барып тапчумун! Сенин атың Чакчур, Чакчурсуң, топчурсуң!
* * *
Кереч, кереч кер жылан,
Керегедей бир жылан,
Майруң-туйруң бир жылан, Мама желим кыз жылан,
Убай жылан, чубай жылан, Ок жылан, чок жылан.
Кара тоонун боорунан, Илек-илек келет, Кайт жылан.
Сүрө, сүрө, сүрө чык!
Сүйлөшөйүн бери чык!
Чоң атаңда доом бар,
Сырты чаар келеңкер, Шыбыратпай шыдыр чык. Быжы, быжы-быжымын, Быжылардын кенимин.
Долононун чогумун,
Табылгынын огумун,
Такыр сени койбоймун!»
Дарымчылардын арбашууда айтканы ушулар болгон. Мында бул ырларды дем чыгарбай иштен шыдыр айткан. Соңунда жыландын атын таап «Чакчур» деши менен жыландын курсагы жарылып өлөт имиш. Кыргыз дарым ырларындагы «арбашуу» ырынын жөн-жайы ушундай болуп, мында да сөз касиетине ишенүү наристе тааным аркылуу айтылган көркөм адабият экени анык көрүнүп турат.
Уулуу шишиктерге дарым ыры Кара курт же жылан чакканда уулап шишип кетет. Ошондо кыргыз дарымчылары төмөнкү дарымды айтып эм-дом кылган.
«Талмакир, салмакир,
Сенден малмакир,
Ала быжы, кала быжы,
Быжы, быжы, быжы чык, Быжырабай бери чык!
Курту болсо кууруп чык, Дарты болсо сууруп чык, Сүф! Сүф! Сүф!
Килең, килең, килеңди,
Баа кайып тиленди, Тилең, тилең, тилеңги, Изи чаар килеңги.
Килең, килең, килеңги,
Боору чаар килеңги, Менин атым алда чык, Алий болсо калбай чык!
Сүф! Сүф! Сүф! Быжы, быжы, быжы чык, Тула бойдо калбай чык! Заарыңды жайбай чык!
Турумтайдай түлөп чык, Жабыр көрүп жүдөп чык!
Ууңду жайбай чык!
Суф! Сүф! Сүф!»
Уулуу шишикке ушул дарымды айтып, кызыл жип менен эки жагынан байлап салган.
Мант байлоо ыры. Тиш оору көбүнчө курт түшкөндөн болот деген да, ал куртту байлап чыгуу дарымы ойлоп табылган. Тиштеги куртту байлоо дарымы «мант байлоо» деп аталган.
Дарымчы мант байлаганда, демин ичине тартып, төмөнкү дарымды бир сыйра айтканда бирден сүф түкүрүп отурган. Ошону үч кайталап, түкүргөндө курт байланды деп түшүнүлгөн, ошого дарымчы да, оорулуу да чын бүткөн, оорусу жеңилдегендей сезилген. Ал «мант байлоо» дарымы мындай ырдан түзүлгөн.
«Айдан түшкөн алтын курт,
Күндөн түшкөн күмүш курт, Күүлүү болсоң куруш, Каба болсоң тырыш!
Каба бара мен болом, Эрте түкүргөнүм кечке жетпе!
Кеч түкүргөнүм эртеңкиге жетпе!
Сүф! Сүф! Сүф!
Түйдүм, түйдүм мант. Түйө албасам мага мант, Жараны жарган мант.
Куртту куруткан мант,
Жараны жарган мант,
Куртту куруткан мант,
Илдетке шыпаа берген мант,
Сүф! Сүф! Сүф!»
Албын ыры. Абасы бийик жерлерде түтөк өтө күчтүү болгон. Адамдар түтөккөндө көгөрүп деми чыкпай жыгылган. Ошого аралжы болуу үчүн түтөккөндүн дарымы «албын» пайда болгон.
Албын дарымы түтөккөн адамды ортого коюп, кызулан тегеректей отурушканда, дарымчы албын айткан. Албын өтө сонун уйкаштуу уят сөздөрдөн куралган болуп, албынды абдан ылдам, шыдыр айтканда, уккан кыз-улан дуу каткырышкан, ошондо тигил түтөгүп деми чыкпай калган адам да бырс күлүүгө жараган.
Демек, албын деми чыкпай калган адамды алаксытып күлкү аркылуу, анын нервин дүүлүктүрүп, эсине келтирген.
Албын абдан уят сөздөрдөн куралгандыгы үчүн, бул жерде андан бир куплет үзүндүнү үлгү катары көрсөтө кетип, толук басма бетине жарыялабоо дурус деп карадык. Албын мындай айтылып башталат:
Албын, албын, албынтай, 20нын башы жалбынтай. Кара шок ортомой,
Капчыгайы короодой.
Күрдү ыры. «Күрдү» сук киргенде, кирне киргенде айтыла турган дарым ыры эсептелет. Күрдүнү, дарымчы эмчи-домчулар аткарышат.
«Күрдү» дарымынын айтылып калышын мындай бир жомоктон маалымат алабыз. Бир аял бар экен. Алар кышкы сүрүнө эчтеке таппай, айласыздан бир серкесин союп алышыптыр. Күйөөсү күнүгө талаада аңчылыкта жүрөт экен. Катыны баякыл серкенин майына сокто кылып жеп үйдө отурат экен. Эри катынынын серкесинин майын уурдап жеп жүргөнүн байкап эле жүрүптүр. Бир күнү аялы серкенин майын көп жеп алып, күптүү болуп жатып калыптыр. Ошондо эри: «Сага «кирне» (кирди) деген илдет жабышыптыр, аны мен «кирнелеп» сакайтам» дептир да:
«Кирдү байдын күз серке, Күркүрөбөй чык серке.
Алдуу байдын ак серке,
Аш болбогон май серке, Айдап жатам чык серке! Дейди болсоң тешип кет, Кайып болсоң качып кет! Чык, күрдү, чык күрдү!» –
деп тебетейи менен катындын башы-көзүнө жазгап, отурган сайын кайыш кур менен кара санга шыбаган экен. Ошондо катыны серкенин майын жеп ооруганын өзү билип, аны эри кереметинде билип алганына таң калып, андан ары серкенин майын уурдап жебес болуптур. Өзү да андай оорубай калыптыр.
Ошол «кырды» (май кырды) сөзү «күрдү» дарымы болуп айтылып калган имиш.
«Күрдү» дарымы кыргыздардын дарым ырларында бир кыйла басым орунда турат. Анын ар түрдүү айтылыштары бар.
«Чык күрдү, чык күрдү!
Каркыраган каманга бар, Күркүрөгөн тегирменге бар. Оттон кирсең отко бар, Суудан кирсең сууга бар.
Сапан, сапан, сапанга бар, Азынаган айгырга бар, Жаман чапанга бар.
Аңгиреген эшекке бар,
Араң жүргөн ноокаста эмне бар!
Чык күрдү, чык күрдү!»
Күрдүнү айтып жатканда, пахта же башка нерселер менен эмдеп-домдоп ооруну сылап жубатат.
Учуктоо ыры. Учуктоо дарымы кыска айтылып, тамак ооруганда тамак көтөрүү, жүрөк көтөрүү сыяктуу жеңилжелпи ооруларды эмдеп-домдогондо айтылат. Учуктоо дарымынын ыры мындай болгон:
«Эмчилер өткөн, Эми бизге калган. Домчулар өткөн, Дому бизге калган.
Менин колум эмес, Умай эненин колу, Ооруңду көтөрө албайт. Кара жер өзүң көтөр,
Кайт! Кара жерге кайт!»
Колдун алаканын тамакка же жүрөккө тийгизип, аны кайра жерге таптап-домдоп жогорку ыр айтылган.
Кутурган итти дарымдоо. Кутурган итти көргөндө төмөнкү дарымды (ырды) айтса, ал ит адамга асылбай жатып калат имиш.
«Такай, такай,
Ширин такай
Кардың карпай,
Жүнүң үрпөй,
Тишиң ырсай,
Так жан! Кутургур,
Сүф! Сүф! Сүф!»
Көз үндөө (үйлөө) ыры. Көз ооруганда төмөнкү дарымды айтып үйлөгөн.
«Кара көздө ак болбосун, Ак болсо туруп болбосун. Жуурканда жең болбос, Жең болсо кийип болбос. Көлдө көпүрө болбос, Көпүрө болсо өтүп болбос. Кара көздө ак болбос Ак болсо туруп болбос.
Сүф! Сүф! Сүф!»
Көз үндөө дарымы кыргыз эл ооз адабиятында жаралган философиялык ыр катарында саналат. Бул көз дарылоо шылтоосу, ошол соорунда аткарылуусу менен башка ырлардан айырмаланган. Мында соңунда айтылган домдолгон аракет «сүфдөн» башкасы бүт эле көркөм ой, адабий чыгарма экени кашкайып көрүнүп турат.
Бадың ыры. Бадың оорунун ээси болгон бадың оорусу кызыл чыгуу, чечек чыгууну көрсөтөт. Дарыгерликтен эч кандай түшүнүк ала электе бул ооруларды сөз күч аркылуу оорунун ээсине айтып, аны домдоп чыгарып жиберүү наристе аракет колдонулган.
Бадың айтканда ноокас кишини жаткызып коюп, эки дарымчы эки ээрге курулай минип, бири-бирине жон тийгизишип отуруп бадиктин обону менен айткан.
Бадик дарымынын түшүнүгүндө адам денесинин сыртына чыккан кызыл чечек «бадик» аталган, ичке чыкканы «күлапшан» деп аталып, бадик дарымы ошолорду айдап чыгуу, кууп жиберүү максатында ойлоп чыгарылган ыр эсептелет. Төмөндө бадик менен күлапшандан үлгү катары бир нускадан көрсөтөбүз.
Бадик.
«Мен бир дарым айтайын, бадик баштап, Жакшыны айтып, жаманды жолго таштап.
Ушул турган адамга эми консун.
Томоюлдун белинде токсон миң кол,
Адашкандын алдына казылган жол.
Кокуйлаган бир куш бар эмне ошол?
Чечүүнү сен билбесең мен айтайын:
Кокуйлаган ошол куш кууң ошол.
Мен төмөндөн келгенде билип келдим, Кыл моюндуу сары атты минип келдим. Бадик экен атыңды билип келдим.
Көч бадик, көч бадик, каймалга көч, Жылкы ичинде мөңкүгөн тайларга көч. Көч бадик, көч бадик каймалга көч, Өз алдынча ойногон маймылга көч. Көч бадик, көч бадик, айбанга көч, Өз алдынча ойногон шайтанга көч. Көч бадик, көч бадик булуңга көч, Эки энени тел эмген кулунга көч. Көч бадик, көч бадик булакка көч, Эки энени тел эмген улакка көч. Көч бадик, көч бадик көчүрөмүн, Бадик болгон атыңды өчүрөмүн. Көч бадик, көч бадик, көчкөндөй көч, Куурай оту күл болуп өчкөндөй көч. Көчөрүнө келгенде жан салбай көч, Көчүү жайың билбесең мен айтайын:
Көсөө менен көчүккө түрткөндөй көч, Муздак сууну бетиңе бүрккөндөй көч, Көмүр болуп күйгөн от өчкөндөй көч, Майлуу сорпо бетиңе бүрккөндөй көч. Көч бадик, көч бадик,
Бурулуп калба бадик, Омурткага оролуп алба бадик.
Кабыргага кадалып калба бадик. Көч бадик, көч бадик ойлорго көч, Ойлор отун оттогон койлорго көч. Көч бадик, көч бадик бийикке көч, Бийик отун оттогон кийикке көч.
Көч бадик, көч бадик кыйырга көч, Эки мүйүз, төрт эмчек сыйырга көч. Көч бадик, көч бадик мунарга көч, Мунар отун оттогон уларга көч.
Көч бадик, көч бадик чүрчүткө көч, Он эки куйрук, он чалгын бүркүткө көч. Бадик кетип бардыр муштай болуп, Мен аркадан кууймун куштай болуп.
Көч бадик көчүрөмүн.
Бадик болгон атыңды өчүрөмүн».
Күлапшан.
«Шалдыр-шулдур шарапшан, Сенин жайың Бадакшан, Кетпейсиңби күлапшан. Жети буудай азыгың, Жебейсиңби кулапшан. Жети айлык жолуңа, Жетпейсиңби кулапшан. Алты буудай азыгын, Албайсыңбы кулапшан.
Алты айлык жолуңа, Барбайсыңбы кулапшан. Кара эчкини сойдуруп, Кан кылдырган кулапшан. Кара тувар жамынып, Эм кылдырган күлапшан. Сары эчкини сойдуруп,
Кан кылдырган күлапшан, Сары тувар жамынып, Эм кылдырган күлапшан. Тооктордун бабасы, о,
Чучу ата деген бай,
Буга көчкүн кулапшан.
Суулардын бабасы, о,
Толтой мерген деген бар,
Заман акыр болгондо, о,
«Чуйк» – деп жерге кирген, Буга көчкүн күлапшан.
Түлкүлөрдүн бабасы, о,
Шимшимиян деген бар,
Буга көчкүн күлапшан,
Бөрүлөрдүн бабасы, о,
Жасоол, бөкөөл деген бар, Буга көчкүн күлапшан.
Бадакшанда бир жигит, О, бадик айтат,
Ичке чыккан күлапшан,
О, тышкы кайтат!»
Бадик дарымы эки дарымчынын ошентип алым-сабак айтып, эм, дом кылуусу менен аткарылат. Бадик дарым ырын ар кайсы дарымчынын айтуусундагы сөз тексттери бирдей эмес, бирок орток мазмуну «Бадик көч», башка бир нерселерге көчүп кет деген негиз болот. Ал эми мында дин ишеним сөз төркүндөрүн изилдөөдө бадик ырынын илимий наркы жогору турат.
Бадик дарымы эмки адамдарга оору сакайтуучу касиеттүү нерсе болбой, элдик көркөм адабият катары эсептелип калды.
КЫРГЫЗДАРДЫН ЖАН-ЖАНЫБАРГА КАРАТА МАМИЛЕСИ
Байыртадан кыргыздар табият койнунда шайкештикти бузбай эриш-аркак ыйык тутуп, жан-жаныбарына кара санабай, салакасын тийгизбей, аздектеп эркин жашаган. Ырас, жан-жаныбарларга кыргыздар аңчылык маалында, салбурунга чыкканда гана зыян кылышкан. А бирок андай жолго жаныбарлар субай салтаң кезинде гана барышкан, аларды атарда Теңирге, жан-жаныбарлардын колдоочуларына жалынып, уруксат сурап, керектүү учурда гана атышкан. Дүр-дүйнөгө, байлыкка мансапка ашынган ач көздөр гана жан-жаныбарларды аёосуз кырганды шааншөкөт көрүшкөн. Жалпы эл болсо жан-жаныбарды, кийиктерди ашкере мерт кылгандар жараткандан, Теңирден өз жазасын алат деп ишенишкен. Мындайга ишенбегендерге, деле тукумга өрнөк болор деп, кыргыздын акылман таланттуулары «Кожожаш» сыяктуу дастандарды жараткан. Бул дастан элдин табиятты жана андагы тирүү жандыгын сактоого ибарат (сабагы) катары какшанган улуу чакырыгы эле.
Кыргыздар илгертен жан-жаныбарларды Камбар атанын тукуму, жылкы жаныбары, Кумайык пирдин тукуму итти, Буудайык пирдин тукуму кушту жактырып, колго үйрөткөн. Булардын ар бирине өзгөчөлөнгөн багуу, таптоо ыкмасын, эрежелерин, сын-сыпаттоо баасын берген, колго үйүр кылгандагы жана урунуудагы ар кыл түйшүктөрдү башынан өткөрүшкөн.
Аң уулоо. Бул чарбачылык кыргыздардын ата-бабасынан келе жаткан кесиби катары XX к. чейин кеңири сакталган. Аң уулоодо мылтык, капкан, тузак пайдаланылган. Андан сырткары мүнүшкөрлөр: бүркүт, куш менен аң уулашып, аларга карышкыр, түлкү, коён, кекилик, чил жана башкаларды алдырышкан. Кыргыздар илгертен бери тайган агытып, мергенчилик кылган. Эл ичинен талыкпаган, көзгө атар мергендер чыккан. Аң уулоо менен кесип кылгандарды мергенчи деп аташкан. Мергенчи – айылдагы эң кадырлуу адамдардан болгон. Айрым мергенчилер аң уулоо менен бир айылды баккан.
Аңчылыктын эң мыктысы – ит агытып, куш салуу болгон. Бүркүт, ителги, куш кармоо, таптоо, салуу биздин элде эң жогорку деңгээлге жеткен. Тайган менен көбүнчө түлкү менен коёнго аңчылык кылынган. Күзүндө аңчылыкка мергенчилер топ-тобу менен жөнөсө кыш, жаз, жай айларында бириндеп барган, анткени жаз, жай учурунда аңдардын эркегине гана мергенчилик кылынган. Бул кезде уядан жумуртка, ийинден төл алууга тыюу салынган да, аңчылар кош бойлуу, төлдүү ача туяктууларга тийген эмес. Бабаларыбыз өзүлөрү аңчылык кылган кайберендердин жашоо-шартын, жайытын, түнөгүн, алардын качан жүгүрөрүн же үйүгүшөрүн жакшы билген. Ушуга жараша аңчылыгын кылган.
Аркар, кулжа, текелерге кээде ондон да көп киши чогуу чыгышкан. Анда жердин уусун билген мерген кийиктерди үркүтүүгө атайын кишилерди жиберген, аларды айдакчылар дешкен. Ал эми калгандары болсо, колдоруна мылтык алып ыңгайлуу жерлерде жашырынып, үрккөн кайберендерди алдынан тосуп атышкан. Алар тозоттогулар деп аталган. Аткан кийиктерди ууга барган кишилердин санына жараша улуулата тең бөлүшкөн. Аткан кишиге – башы, төшү, териси тийген. Кийиктердин боорун карын майына кошуп, туздап чокко кактап бышырып жешкен. Ал эми теке атышса анын өтүн ичишкен. Текенин өтү адамга күч-кубат берет, дарылыгы бар деп эсептелген. Кийиктин ичеги-кардын тайгандарга беришкен. Кийик бодочо союлуп, алардан уча чыгарылган.
Шыралга. Мергенден келе жатканда алдынан жолуккандар шыралга сурашкан. Аларга атып алышкан кайберендин этинен сөзсүз бөлүшүп беришкен. Бербесе намыс, уят, кийинки аң уулоодо жолу болбой калат деп эсептелген. Кээде аткан кайберендин этин «шыралгага» таратып берип, үйүнө куру кол келген мергенчилер да болгон.
Салбурун. Кыргыз элинде илгертен айтылып келе жаткан «Жандоочу кийик аттырат» деген макал бар. Көп киши катышып узак убакытка созулган аң-уулоону салбырын же салбурун деп атаган. Андагы мылтыгы жок мергенчилерге айдакчы болуп, жардамдашып жүргөндөрдү салбырынчы деп коюшкан. Ууга бир аз эле киши чыкса, андагы айдакчы болуп жүргөндөрдү карасанчы деп атаган. Кийик атып, аны бөлүштүргөндө карасанчылардын шыбагасына сан тийген. Ошондон улам мергенчилердин салтында «Санчыга – сан» деген лакап калса керек.
Аң уулоодо пайдаланылган итти кыргыздар тайган деген. Аны күчүк кезинен сөөк, чийки эт бербей, итке талатпай, эр жүрөк кылып кастарлап багышкан. Тайгандардын кырааны жолборс, эң мыктысы кумайык деп аталган. Кыргыздарда кумайыкты көк жору тууйт, туугандан үч күнгө жете киши көрсө кумайык (тайган) болуп, андан өтсө жорунун балапаны болот деген ишеним болгон. Кыргыздар атты кандай таптаса тайган менен кушту да ошондой эле аздектеп таптаган.
Аң уулоого бүркүт менен кушту да пайдаланышып, бапестеп таптап асырашкан. Куш таптап, куш салган адамдар мүнүшкөрлөр деп аталган.
Аңчылык кесип өспүрүмдөрдү атты чаап баратып жааны таамай атууга, ат үстүндө шамдагай жүрүүгө үйрөткөн. Ушундан сырткары, аңчылык менен бүтүндөй айылды багууга боло тургандыгын, ал үчүн жапайы аңдар менен илбээсиндердин «тилин билиш» керек экендигин, аңчылык үчүн атты абдан жакшы күтө билиш зарыл боло тургандыгын баамдап чоңойгон эл. А түпкү тегинде, мына ушунун баары аны жоокер кылып тарбиялоодо эбегейсиз эмгек сиңирген!
Бүркүт
Бүркүт жөнүндө: Бүркүттүн эркегинин салмагы төртбеш килограмм, ургаачысыныкы алты-жети килограмм болот. Сегиз килограммдык бүркүттөр өтө сейрек учурайт. Бүркүт эки канатын жайганда үч метрге чейин жетет. Андыктан мүнүшкөр бүркүт кондурган колун балдакка коюп, балдакты минген атынын ээрине такап жүрөт. Бирок бүркүттү колуна балдаксыз кондуруп аң уулаган карылуу кишилер болгон. Мүнүшкөрдүн мингени бүркүттү колго кондуруп жүрүүгө көнгөн жоош, карылуу, шайдоот ат болот.
Негизинен, бүркүттү бийиктен салат. Бийиктен бүркүт төмөн карай күүлөнүп жакшы учат жана качкан аң даана көрүнөт. Бүркүттүн көзү өтө курч болот. Бүркүтчү көрбөгөн 7–8 км. алыстагы аңды бүркүт көрөт.
Бүркүт таптоо. «Бүркүт салсаң Алтайдын кызыл түлкүсүн киерсиң, карчыга салсаң калжа жеп каңкайып басып жүрөрсүң, жазга жакын калганда атыңдын башын мүлжүүрсүң» деген макал бар. Бүркүт чын куранда үйүгүшөт. Бугунун аягына жакын зоого, жаки чөлгө тууйт.
Тоңдурма калбайт. Бир, экиден артык туубайт. Кулжада жарат, текеде канат-куйругу чыгат. Жайдын ортосунда учурат. Балапан чагында атасы алып келген жемин энесине берип,аны энеси баласына берет, өзү уясына жакын барбастан обочо отурат. Жемди дайым энеси берет, баласы учарда атасы жакын келет. Жаңыдан талпынганда жакын жерге ары-бери учуруп жүрүп, аз-аздан алыстатып, машыктырып көндүрөт. Илбээсинди, аңды ата-энеси алып берип үйрөтөт. Кышка жете уясынан көп алыстабайт.
Бүркүттү балапан кезинде жетилип учарына аз калганда уясынан алып же учуп жүргөн бүркүттү торго камап колго үйрөтүп таптайт. Бүркүт бийик аска-зоолорго уя салып, тууп, балапан басып чыгарат. Кыргыздарга алгыр куш, бүркүттү тор жайып кармаган кишини «саятчы» дейт. Уядан алынганы «уя бүркүт», «уя бала» же «кол бала», торго кармалганы «тор бүркүт» деп аталат. Бүркүттү колго үйрөтүп таптай баштаганда бутуна ичке кайыштан боо тагып, башына томого кийгизип кондурат. Бүркүт, алгыр куштарды таптап салган адамды «мүнүшкөр» дешет. Жалаң бүркүт таптап аң уулаган киши «бүркүтчү», томого тиккен адам «томогочу» деп аталат. Бүркүт отурган туур жыгачтан үч буттуу болуп чабылып, үстүнө кийиз капталат. Туурду тоо текенин мүйүзүнөн да жасашат. Мүнүшкөр бүркүттү колго кондурганда анын курч тырмактары өтүп кетпесин деп колго калың кайыштан тигилген мээлей киет.
Бүркүттүн жашы:
Балапан.
Бала бүркүт – бир жылдык.
Бозум же Бозум түлөк – эки жаш.
Таш түлөк – үч жаш.
Кум түлөк – төрт жаш. Ым түлөк – беш жаш.
Ыл түлөк – алты жаш.
Барчын – жети жаш.
Андан ары экинчи барчын (сегиз жаш), үчүнчү барчын (тогуз жаш) деп уланып кете берет. Колдогусу кырк, кырк беш жашка, жапайысы жүзгө чыгат.
Бүркүт сыны. Кырааны – канаты сары, жүнү тегерек, буту ич жагына ийри, көзү ак, канатынын мөрүсү калың, буту ичке, балтырына тутам батпайт. Буту көк, тумшугу көк, көзү чуңкул, ургаачысынан айырмасы билинбейт. Бүркүт уядан алынып, андан шаңшычаак көп чыгат. Торго түшкөнү шаңшыбайт.
Бүркүттүн экинчи түрлүү сыны: көзү чоң, жүндүү, өзү да чоң, ийиндүү, көкүрөгү кең, мойну сары, жүнүнө кыроо турбайт. Куйругу узун, жүнү шоодурак, аркасында ак жүнү болот. Жемсөөдө он чакты кызыл жүнү бар. Көзү кызгылтым, кабагы бийик, көзүнүн чарасы кең, көзү кызыл, куму жайнап турат, шыйрагы ичке, саны жоон, шыйрак жүнү кызыл, көзүнүн ичинен буу чыгып турат. Көк тумшук, көк аяк, тумшугу узун, кечил, төш сөөгү миздүү жана кырлуу болот. Жемсөө чуңкур, беш салаа батарлык кең жондору болуп, жүнүнүн учу ичке болсо, кыраан карышкыр алуучулар ушул. Учуп бара жатканда бүркүттүн кыраан, жаки жаман экенин билген сынчылар болгон.
Кол бала менен торго түшкөн бүркүттүн табы бирдей болот. Жалтанбаган, коркпогон баатыр бүркүт көбүнчө уя баладан (кол бала) чыгат. Кара түлкүнү бала бүркүт алат. Тор бүркүтү кайпактап чыга берет.
Табы: бүркүттү он күндө эт менен семиртип, кайтарганда этти жууп, ак жем кылып берип, өпкө берип коё (кыл) берип, балтыр эти балкылдаганда он беш күндө салууга болот. Ысык жерге койбостон, салкында асырайт. Чыргаа менен үндөккө келтирет.
Түлөтүү. Абдан арыктатып, жилигин үзүүгө жакындатып, кайтадан жакшы семирткенде таза түлөйт. Кыраан эмес, байлооч жаман бүркүт болсо да түн ичинде жанына карышкыр жолобостон качат. Эч убакта бүркүттү томогосуз койбойт. Илбээсин, аңды сегиз-тогуз чакырым жерден көрүп, бүркүт кагынат, бутуна дулай чыгат. Маңка болот, айыкканы аз болот. Сезгенген дартка бүркүттүн өтүн ичет.
Чөл бүркүтү. Эки мүрүсү калың, жүнү көбүнчө саргыч, сырткы жүнү терек жалбырак, көзү чекир, буту көк, шадылуу, көкүрөгү жагдайыңкы, жоон, көчүгү шыймыгый, тумшугу көк, тырмагы узун болот. Уя бала болсо, бүркүттүн жалкысынан жаман көп чыгат. Кандай гана болбосун жогдорлуу бүркүт кыраан болот. Жогдордун учу ичке, андан аркы учу жазы болсо кыраан ушул!
Кыраандыгы: Бүркүт каман, кулжа, аркар, эчки-теке, элик, жээрен, карышкыр сүлөөсүн, түлкү алат. Сарколдо аюу, Шаярда бугу алган бүркүттөр болгон. Бээнин кардын жара тепкен жапайы бүркүттү көргөндөр бар. Кыргыз бүткүл жан-жаныбарда бүркүттөн өткөн баатыр жок деп билет. Алардын билген атактуу бүркүттөрү: Индистандын көк аяк, Оролмо тоонун ак ийин (кулун менен тай алат), Иленин чөлү (карышкыр, кийик алат), Алайдын ак көзү (не түрлүү кыраан чыгат), Аркалыктын бүркүтү.
Жеми: Түлөк бүркүттү бир жарым айда салууга болот. Таптаганда ар үчүнчү күндө эртең менен жаш этти сууга салып, кирин кетирип, катуу кылбай, жумшартып берет (муну ак жем дейт). Жылкы, кой, коён, кекилик – ушул төртөөнөн башка эт берилбейт. Жылкы эти өтө пайдалуу болот. Бүркүт ооруп калса жылкынын жаш этин берет. Бүркүт семизирээк болсо көп оорубайт жана алуу жагы жакшы болот. Чакмак уруш ошолордо кездешет. Уй эти жакса да көңүлүн карартат.
Бүркүттүн түрү. Бүркүттүн түрү алтымыш бешке айрылып, анын ичинде кыраандары он тогуз урукка бөлүнөт. Буудайык, Алп кара куш, Муз мурут (керген бүркүттө баш кыраан), Кара жүндүү кабырык, Чөл, Чөгөөл, Карала, Капкара, Кара көө, Куу кашка, Коңур чегир, Шашкалаң сары,Үч ала, Иби кыз, Куу Чегир, Бай кашка, Бай коңур, Баатыр кашка, Чокунун карасы.
Бүркүттүн түрлөрү:
Ала-Тоонун ак ийин (же Оролмо тоонун ак ийин). Кыраан бүркүттүн түрү. Кулун-тайларга кол салат. Эки ийнинде чоң ак жүндөрү болот. Адам жетпеген аска-зоолорго уя салып, балапан басып чыгарышат.
Алайдын ак (же ала) көзү. Алгыр бүркүттүн бир түрү. Көздөрү эчкинин көзүндөй кыткыл-кыткыл тартып турат, жүндүү, саяндуу жана тыбыттуу келет.
Аркалыктын бүркүтү. Кыраан бүркүттүн түрүнө кирет.
Баатыр дордок (же дордоң). Тумшугу ичин көздөй имерилип оркойгон алгыр бүркүттүн түрү.
Баатыр кашка. Башында кашкасы бар, алгыр бүркүттүн бир түрү.
Бай кашка. Кыраан бүркүттүн түрү.
Куу кашка. Кыраан бүркүттүн түрү. «Баатыр кашка», «Байкашка», «Куу кашка», башында кашкасы бар бүркүттөрдүн өзүнчө тобу).
Бай коңур, Коңур мырза, Коңур чегир. Бул үч бүркүт бир тукумдагы эң алгыр бүркүттөр. (Кыргыздын мифологиясында алгыр куштардын колдоочусу «Чегир баян» деп аталат.)
Бай чегир (же Май чегир). Жүнү узун, үрпөк баш туурда жана колдо тынч отурган алгыр бүркүт. Мүнүшкөрл өр бул бүркүттү кирешелүү деп эсептешет. Илгерки ишеним боюнча Бай чегирге аң алдырбай эле, үйдөгү туург а отургузуп койсо өзүнөн өзү киреше түшүп турган.
Куу чегир. Өтө кыраан, бир сырдуу жана ачуулуу бүркүт. Бирок муну мүнүшкөрдүн мүнүшкөрү гана тапка келтирип салган. Эгер аңды ала албай калса, кайра ээсине кол салчу экен. Эски бүркүтчүлөрдүн ишениминде Куу чегир отурган туур, кондурган мээлей дайыма куурап турат жана ээсине, анын үй-бүлөсүнө зыян алып келет деп бул бүркүттү таптап салгандар чанда учураган. Май чегир менен Куу чегир бир тукумдан болушат.
Бака баш кыраан бүркүттүн бир түрү.
Берен. Бүркүттүн эң алгыр түрү. Өздөрүнчө төмөнкү түрчөлөргө бөлүнөт:
а) Баш берен. Кыраан бүркүт.
б) Берметтүү берен. Тырмагында муунак-муунак ша-
кекчелери болот. Бул да кыраан.
в) Орто берен. Кыраан бүркүт.
г) Көк камчы берен. Өтө учкул, канат-куйруктары, жүндөрү учтуу, кайраттуу келет. Түлкү ж.б. аңдарды алыстан «теминип, камчыланып», канатын сабап барып алат.
Бөксөнүн аласы. Кыраан бүркүттүн бир түрү.
Үч ала. Өңү-түсү агала алгыр бүркүт. Сейрек кездешет. «Агала барчын тынарым, алгыр бүркүт кырааным», – деп айтылат.
Жанбоз (же Жанпоз) жүнү эжигейдей сары. Канаткуйругу жана боо тагары кыска, тууралжын, балтыры жоон, уурту салаңдаган, көзү кызыл, мойну узун жана колго оңой конуучу алгыр бүркүт.
Келтебоз (же Келебоз). Келбети негизинен Жамбоздукуна окшош. Айырмасы Келтебоздун канат-куйругу бир аз кыскараак, өңү коңур боз, жар кабак, ак боз жана каңшарлуу болот. «Келтебоз салсаң кеңирсиң, Жамбоз алсаң жарырсың», – деп ата-бабалар айткан. Экөө тең кийиктерге тайманбай кол салышат.
Жоон билек. Балтыры, боо тагары жоон илгир бүркүттүн бир түрү.
Жылан көз. Анча алгыр эмес. Түлкүлүк алы бар. Башы-көзү жыландыкына окшоп көрүнөт.
Иби кыз «Карала таштын Иби кыз, табын тапсаң күндө кыз, таба албасаң мээлейиңди алып, көчүгүңдү кыс», – деп илгерки мүнүшкөрлөр айтчу экен.
Атактуу алгыр бүркүт. Тумшугу, буттары, канат-куйругу көгүш тартып турат. Көрүнгөн айбандарга жулунган, өтө өжөр, өлүмдөн кайра тартпаган бүркүт. Айрым маалыматтарда Индиядан Гиндикуш, Памир тоолору аркылуу учуп келет. Мунун дагы бир аты «Бөрүчү». Бул бүркүт жөнүндө: «Бөрүчү, бөрүчү, бөрүчү бүркүт өлүүчү», – деп ылакап айтылып калган.
Карачык. Башка бүркүттөргө салыштырмалуу олбурлуу, көлөмдүү жана мүнөзү ачуулуу, өңү капкара, жүнү кайраттуу. Желкесиндеги узун тал жүндөрү аркасына чейин жетип турат. «Карачыкты аң уулоого алып чыксаң, томогоңду ала чык», – деп айтылат. Илгери ууга чыкканда бул бүркүткө томогону көп катпай көзүн ачык алып жүрүшкөн. Карачыкты тапка келтирүү кыйыныраак, анткени менен өтө кыраан, карышкырга жана тоодогу кийиктерге тайманбай кол салып алат.
Качырган аңды жаза кетирбей алып, ээси олжолорду (түлкү ж.б.) канжыгасына байлана берет. Ошондуктан «Канжыгалуу кара сеңсел», – деп аталат. Бүркүт, куштарда 12 тал куйрук болсо, бул бүркүттүн түрүндө кошумча он үчүнчү ичке тал куйрук өсүп турат.
Канжыгалуу кара кер. Түлкүлүк бүркүт. Канатынын алдында эки тал жүн узун-кыска болуп кадимки канжыгадай көрүнөт.
Керегендүү кара көз. Акылдуу кыраан бүркүт. «Аң качсын, анан алам», – деп турат. Керегендүү (алдырбас, мант берген, жазгырган) түлкүлөрдү жаза кетирбей алат.
Кер чагыр. Узун бойлуу, канатынын мүрүлөрү калың, жар кабак, жылан баш жана көзү кер кыраан бүркүттүн түрү.
Молор. Жем басары узун, тумшугунун учу өтө курч, маңдайы кашка, башы томолок, моло сыяктуу алгыр бүркүт. Өңү күрөң саргыч, маалыматтарга таянсак Ат-Башынын Босого жайлоосундагы Ош-Талдын аска-зоокаларында уя салып, балапан басып чыгарышат.
Бүркүттөрдүн эң зору, кырааны. Канат-куйругу узун, жайык (канатын жайганда эки метрден ашат), кайраттуу, катуу жана тыбыттуу келет. Буттары жоон, чеңгели шадылуу, тырмактары курч, көздөрү табылгынын чогундай кыпкызыл болот. Өтө сейрек кездешет, оңой менен колго түшпөйт. Эски мүнүшкөрлөрдүн айтуусунда бийик тоолордогу ак кар, көк музга уя салып чын алателек болуп кар кете баштаганда балапандарын басып чыгарат. Сууктан, таноосунан кайчылашып чыгып турган узун муруттарына муз тоңуп турат. Силкинип, кагынганда катуу, кайраттуу канат-куйругунан чыккан калдыраган, шалдыраган үндөн жакын жердеги кийиктер чочуп дыр коюшчу экен, эгер колго үйрөтүлгөнү болсо мындай шуудурттаган катуу үндөн короодогү койлор, желедеги жылкылар үркчү дешет. Андыктан: «Калдыр канат, муз мурут», – деп аталат. Эчки-теке, аркар-кулжаларды бөктөрүп зоодон-зоого, кырдан-кырга көтөрүп учуп балапандарына алып барып берет деген аңыз кептер аталат.
Кыялы чатак, жаңжалдуу бүркүт. Табына келтирип таптасаң карышкыр, түлкү ж.б. аңдарды алган кыраандардын бири. Эгер табынан тайсаң ээси менен кармашып, короодогу кой-козуга кол салып, жанына шимшип барган итти алып жейт.
Ормо жарма. Текөөрү абдан курч, алган аңын бат эле мойсоп жеп жиберген илгир бүркүттүн бир түрү.
Сары (же Сарала). Анча алгыр эмес.
Шашкалаң сары. Аңды көргөндө колдон коё бергиче талпынып, шашкалактап жиберет. Айрым авторлор кыраан бүркүттөрдүн катарына кошсо, башкалары алгырлыгы анча эмес деп эсептешет.
Сары уңкуй. Өңү жана көзү сары, балтыры өтө жоон, сейрек кездешчү, эң кыраан бүркүттүн бир түрү. (Биздин пикирибизде «Сары», «Шашкалаң сары», «Сары уңкуй» сары түсү менен айырмаланган бүркүттөрдүн өзүнчө тобу). Башка бүркүттөргө караганда манжаларындагы шакекчелери арбын болот (шакекчелери үч же андан ашык болсо кыраандыктын белгиси).
Сыргак. Көңөсүндө тик кеткен жырыгы бар, эң кыраан бүркүттүн бир түрү. Өңү-түсү кара, кабагы бийик, көздөрү кара тегерек жана тумшугу узун, ороктой ийилип курч болот. Жогдор жүндөрү узун, ичке, саңоор, боор жүндөрүнүн учтары ак чаар болуп кооз көрүнөт. Өз ара төмөнкү түрчөлөргө бөлүнөт:
а) Баш сыргак. Кыраан бүркүт.
б) Жан сыргак. Кыраан бүркүт.
в) Желбегей сыргак. Эки канатын коё берип денесине
тыкан алып жүрбөгөн кыраан бүркүт.
г) Желдүү сыргак. Таноосундагы жырыгынан тили көрүнүп туруучу, тырмагында шакек сыяктуу муунагы бар кыраандын бири.
д) Кыл сыргак. Саңоорунда кыл сыяктуу эки ача үлүгү
болот. Бул да кыраан.
е) Сөөк сыргак. Сыргактардын эң кырааны.
ж) Сын сыргак. Текөөрүндө сым сыяктуу муунак-муу-
нак кобулу бар кыраан бүркүт.
з) Аяк сыргак. Сыргактардын эң начары, алгыр эмес бүркүт.
Тоо карасы (же Чокунун карасы). Балтыры жоон, өңү кара алгыр бүркүттүн бир түрү.
Төө комдот (же Баш койкоң төө комдот). Аң уулоого чыкканда төөнүн жүгүн табат. Андыктан «Төө комдот» деп аталат. Бүркүттүн зору, илгири. Ал аңды ителгидей тебет, текөөрү курч, катуу болот, тепкендери соо калбайт.
Чөгөөл. Алгыр бүркүттүн түрүнө кирет.
Чөл бүркүтү (же Айтылуу чөл). Чөлдө уялап балапан басып чыгарган кыраан бүркүттүн бир түрү (орусчасы «Степной орел»).
Чөл сары. Көзү кызыл, өңү саргыч же саргыч боз, буттары балапандыкындай сары, балтыры, боо тагары жоон, кыска алгыр бүркүт. Бул да чөлдү байырлайт. Түлкү, коён, суур гана эмес жейрен, эликтерди алып жейт.
Бөксөнүн чөлү. Алгыр бүркүттүн бир түрү. Бөксө, талааларды мекендейт.
Иленин чөлү. Кыраан бүркүт. Карышкыр, кийиктерге кол салып алат деп айтылат. (Биздин пикирибизде бүркүттүн аталышы Казакстандагы «Иле» дарыясы менен байланыштуу. Бул бүркүт «Иле» дарыясы аккан талаа-чөл тараптан учуп келгендиктен «Иленин чөлү» деп аталат.)
Ышкынчы. Эң начар, кичинекей бүркүттүн түрү. Ышкындын башын эңип жейт. Айрым мүнүшкөрлөрдүн айтуусунда кадимкидей чөп да жейт экен. Чычкан аңдып, жору-кузгундардан тарп талашат.
Байлооч бүркүт. Эч нерсе ала албаган жердиги начар бүркүт. Мындай начарлар бардык бүркүттүн түрүнөн чыгат. Башка жапайы бүркүттү кармоо үчүн тордун ичине «жем» таштап байлоочту жетер-жетпес кылып байлап коёт. Ошондуктан «Байлооч бүркүт» деп коюшат.
Суу бүркүтү. Ала-Тоо жергесинде уя салып, балапан басып чыгарышат. Кыргызстандын Ысык-Көлү менен Чүй өрөөнүнө «Ак куйрук суу бүркүтү» жана «Узун куйрук суу бүркүтү» (кичирээк болот) октябрдын аягында учуп келишип, суудан балык жана суу куштарын алып жеп, кыштан чыгып, апрелде кайра учуп кетишет. Аң уулоого жарабайт.
Куш, чүйлү, тынар таптап салуу. Ургаачысы куш, эркеги чүйлү аталып, туйгун түш, чүйлү, тынар кыргый бир уруктан саналат. Булардын ичинде туйгундан соң балким туйгунчалык кыраан тынар (кара кашка тынар) атагын алып, абдан кыраан болот. Булар башкалардай эмес, келгин куштан саналып, мында кыштап калганы болсо, аны «кыштоочу» дейт. Уяда аз гана кармап, көбүнчө торго кармайт. Кушта атактуу кыраанын: «Туурук таман, туз көз» – дейт.
Куштун кырааны. Куштун кырааны тоодон каз, куу алат. Түлөк куш кыйды, акылдуу болот. Куштун жашы жети-сегизден өтпөстөн өмүрү кыска болот. Кушту буктурмага үйрөтүп салганы көп болгон. Кандай куш болсо да кекилик, чил, кыргоолду ала берет. Кушту алтыдан он эки күнгө чейин таптап салууга мүмкүн, жемине жылкы, кой этин жана алдырган илбээсиндин этин берет. Муздак бербестен бардык жемин жылуу жегизет. Куш артыкча учкул болуп, ушул куш көбүнчө тегеректен чыгат. Куштун кырааны сындуу, мүрүсү калың жүндүү, барак төштүү болуп тик олтурат. Кушка тоодак алдыруу четтен чыгат. Кыргыздын мүнүшкөрү күйкөгө кекилик, чил, борбашка чымчык алдырат. Бүркүт, ылаачын, ителги шумкарча кушка томого каптабайт. Тигилер аңды тээп алса, куш, чүйлү, туйгун, тынар, кыйгыр илип алып отуруп калат. Жаки өлтүрүп кетет. Эгерде алалбаса артынан куубайт, тигилер өлгөнчө кууйт.
Ителги шумкарды таптап салуу. Шумкар ителгиден таралып, канаттуу бүркүттөн соң, балким, кээ чакта туйгундан дагы кыраандыгы артылып кетет. Шумкар топтуу тоодак, куу, казды алууга жарайт. Эски сөздө ителги (шумкар) тегирмендин ташын сындыра тээптир дейт. Аныгында кыраан шумкар бүркүттү жыга тебет. Түлкү алганы болот. Коёнду тепкенде башы жарылып кетет. Туйгун куш чүйлү салганда бирди алып гана отуруп калат.
Шумкар жөнүндө. Шумкар, ителги, ылаачындын кыраандары эч убакта азга ыраазы болбойт. Өлтүрө тээп, жүзү болсо да кырып таштайт. Эң соңкусунда тепкенинин жанына түшүп отуруп, этинен тоё жеп тим болот. Жапайы ителги, шумкардын кыраандарын ээрчип, тамак жемекке жүргөн ителгилер көп болот. Шумкар алты урукка бөлүнөт: Байпактуу шумкар, Күйкө шумкар, Канды бүркөөр, Кара шумкар, Ак шумкар, Ителги.
Шумкардын ичинде макталуу кырааны күйкө шумкар болуп, колго чанда түшөт. Булардын башы сыргак кобулдуу мурундан саналат. Сөөк сыргак дегени кобулду сыртынан салат. Атактуу кыраан куу шумпай ылаачындан чыгат. Балким, күйкө шумкардан кыраандыгы артык болсо болор. Тим болбосо тең болор. Ителги менен ылаачындын ортосунан баар туулат. Шумкар абдан суук, бийик тоонун башындагы зоолорго тууйт. Бийик зоого туугандыктан уядан баласын алууга өтө кыйын. Бүткүл канаттууну салууга таптаганда көбүнчө уйкусун алып, этине келтирет.
Ителгиге (шумкар, ылачын) томого кийгизет. Куш, чүйлү, туйгун, кыргый, тынар тамакка ысаптуу жана заңдаганга абдан таза болот. Бир жерине дагы жугузбайт. Ителги (шумкар), бүркүт, ылачын, турумтай сук жана ачкарак, булганч, кара борчо болот. Таза шумкарлар анчалык болбостон, туйгун катарында болот.
Беш түлүк. Беш түлүккө – өркөчтүү төө, жалдуу жылкы, мүйүздүү уй, куйруктуу кой, чычаңдуу эчки кирет да, бодог топоз, арчын топоз кошулат.
Тоолуктар мал чарбачылыгына байланыштуу төө да, жылкы да, уй да, топоз да минишкен. Балдарга торпок, тай, мамалак ылайыкташкан. Топоюп торпок, мамалак, татырактатып тай минишип, айыл ичинде жүрүшү – өз учурунун көрүнүшү. Муну өзүлөрү музоо, кулун, мамалак, жабагы чактарынан эле үйрөтүп, минүүгө куштарланышкан. Улуу-кичүү болуп, торпок, мамалак, тайга толо учкашып, өздөрүнчө ойношкон. Негизи, илгери өгүз, аттарды токуп, минүүчү көлүк кылуучу салты болуучу. Өгүз, аргын топозду кедейлер минүүчү, отун-суу алуучу. Көч жүктөөгө, эгин-тегин артууга үйрөтүшкөн. Төөгө, уй-топозго, жылкыга жүк артууда үйрөтүүчү жекече жагдайлары бар. Жүктөп адыр-адыр көчүүнүн, суу чайпалтып көчүүнүн да элдик ыкмалары бар.
Камбар ата тукуму. Жылкы. Бул – малдын Камбар атасы, сыңар туяктуу жаныбар. Анын жаңы туулганы кулун, жарым жашы – жабагы (ургаачы жабагы, эркек жабагы), бир жашы тай, ургаачысы тай байтал. Бир жарым жашы кунан чыкма, эки жарым жашы бышты чыкма ж.б. айтыла берет. Бул башка малдарга да тиешелүү болот. Ургаачысы эки жашары кунан байтал, үч жашары бышты байтал деп аталат.
Жылкы быштысында айгыр салынат. Адатта, ургаачысы быштысында тууйт. Байтал бээ (1-туут) – «бышты бээ» делет. Кээде кунан байталдар да төлдөйт.
Жылкы асый чыкма, бир асый, эки асый чыкма, үч асый чыкма деп арылап айтылат да, мал тогуз асыйында толот. Сары таман ат, сары карын бээ деп жылкынын 8–10 жыл жашоолорун, толгон чагын аныктайт.
Жылкы ичте бодо малындай тогуз ай көтөрөт.
Кыргыздар эгиз кулун тууган бээни, кунан байтал чагында тууп койгондорун, уй-топоздорду да анчалык жакшылык эмеске жорушат да, бирөөсүн бирөөлөргө ырымдап берип койгон.
Жылкынын сүттүүлүгү убакыт өткөн сайын демейт. Сүттүү бээни «көөкөр эмчек» дейт. Мындан кымыз жасалат. «Кымыздын ийи бишкекте» (макал). Мында ал аябай бышылат.
Жылкы үйүрүн, кулунун кишенеп чакырат, жоктойт. Аңгилер, айгырлар үйүрүнө азына. Бизде нукура кыргыз жылкылары, англиялык таза кандуулары менен арг ындашкан кыргыз жылкыларынын жаңы тукуму асыралууда.
Жылкы – сапар малы, т.а. ал алыс жолдун мингичи.
Жылкы – мыкты көөлүк (жүк жүктоого шартташкан).
Кыргыздардын ата салтында аттан ат тандалат.
Жылкы таптоо өнөрүн саяпкерчилик деп айтат. Аттын ээр-токумдарын, ат жабдыктарын ат жасалгалары деп коёт.
Жылкыга бетеге, тулаң, доңуз сырты өңдүү тоо жайыттардын чөптөрү күлазыктай туюлат. (Ат жабдыктарына узануу өзүнчө өнөр болуп саналат.)
Ат минүүбүз да жаш өзгөчөлүктөрүбүздү аныктайт. Элибиздин каада-салтында жылкылардын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата мамиле болгон. Алсак, кулун желеде байланып, тайында үйрөтүлөт да, бөбөктөр (6–10 жаштагылар) минет. Ошого карата чак ээр-токумдары жасалган. Ал айырмач деп аталат. Кунан тестиерлерге таандык мингич болгон. Быштыны боз уландар, жаш жигиттер минишкен Мында малдын да, адамдын мүчөсү чыгып, келбетине келишип болукшуп, бой тартып турган кези элестелет. Жылкынын сөөгү курч. Ошондуктан, мал узакка жашайт. («Манаста» «Ат чабышта» алтымыш асыйында Тайтору чыкканы айтылат.) Жылкы быштысынан тартып чоң байгелерде аттарга кошулуп чабылган.
Үйүрдөштүрүү – бул жылкы малына карата айтылат. Демек, бир желеде, мисалы, 5–7 бээ, тай, кунан, байтал болот. Ошого карата жазда жалына кебез байлап, быштысынан баштап айгырды коё берүүчү. Ал үйүрүн көздөп, айдап кетүүсү, башка жылкыларды үйүрүнө жолотпоосу, желесиндегилерди өзү таанып, үйүр алдыруусу. Бөтөн үйүргө жибербөөсү. Жакшы айгырлар өз желесин күзөтөт, ууру-бөрүлөрдөн сактанат. Дөңдөргө чыгып, туш-тараптарды чалып турат. Түрдүү караандарга айбат кылат.
Таштакта чуркаган аттын туягы, жүрөкчөсү жабыркайт. Улам ташка тийсе, ысыган туяк өзү да, бир эли болсо да артка калып, арымы кетип кала берет.
Кыргыздын каада-салтында бирөөлөргө үйүрүнөн ажыратып, аянычтуу азынатып, алдыга айгыр тарткан эмес. Сай күлүктөрүбүз бирөөлөргө белектелип берилүүчү эмес. Ардактуу меймандарга ат тарткан, үстүнө чепкен же ичик жапкан. Жорго мингизген, торко кийгизген. Акыйкатта, күлүк – жалпы элдики. Ал калдайган калыс журтчулуктун намысына жараган. Күлүк менен жорго бирдей бааланбайт. «Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин» – деп эр азаматтын алдындагы жанга тынч, жагымдуу миңгич.
Ат. Түрк тилдеринде сүйлөгөн уруулардын элдик оозеки чыгармаларында адамдар менен сыйкырдуу касиетке ээ болгон жаныбарлардын байланыштары жөнүндө өзгөчө көп айтылат. Бу ишеним айрыкча алтайлыктарда, якуттарда, хакастарда көп кездешет. Узак убакыт бою көчмөн турмушта жашаган кыргыз эли атты биринчи катарга коюп, аны акылдуу айбан катары эсептешкен, абдан баркташкан. «Ат – адамдын канаты» деген кыргыз макалы бекеринен калган эмес. Адамдардын байыркы тотемдик ишенимине негизделген кереметтүү жаныбарлар жөнүндөгү мифтик түшүнүгү тулпар аттардын образына толук саналып калган.
Беш түлүктүн Камбар атасы, жарыктык – жоого бир барган, жоону сайса бир сайган, адамзаттын жан жолдошу, душманга алдырбаган, ай-талаада ээсин ара жолдо калтырбаган, ээр качкылык кылбаган, ээсин маанектеген, душманды алдын ала сезген, чокуранып ээсин ойготкон, айрым жерлерде коёндон жапыс, үстүндөгүсүн кыргыйдан илгич кылган асыл мал.
Жылкы быштысында бычылат. Жылкы семизи жалынан билинет.
Ат минүү салты
Ат тушоо (жылкыны тушоо) – тушоодон улам чыккан. Бул – чылбырды, жипти, эки колунан (бутунан) кууштура тарта күрмөй байлоо. Кайра чече коюуга оңтойлоштура илмектүү ала чалуу.
Тутамыш салуу – аттын алдыңкы эки бутунун даяр илмегине мүйүз, жыгач тогоо илине турган кайыш өрүмдү топчулай коюу.
Чидер – ат тушамыш, чидерлөө – аттын үч бутун тушоо. Эгер аны жип, чылбыр аркылуу тушаса ал атты үч буттап коюу, бул бир эсептен «атты отко коюу» деп аталат.
Атты аркандоо. Бул – аргамжылоо, казык кагып, ага аркандын четин казык бош чалып, бир учуна эки алдыңкы бутун тушоо. Аттын бир бутун байлоо – карыялардын айтымында, малдын бутуна кан түшүрөт. Аркандалууда ат казыкты бош айлана оттойт. Аркан казыкты ороп калбайт.
Атты сугаруу. Мында сугаруунун бир канча түрлөрү бар. Жем илүүнүн алдында шар сууга (таза болбосо ат ичпейт) ооздугун чыгарып ичирүү. Жем илүүдөн кийин сугаруу малдын бутуна «жем түштү» кылат. Аксап калат. Жолдо тер чыгып келе жаткан атты «көкүрөк басты» кылып сугаруу зарыл. Атты сугарууда басмайылды бошотуу керек. «Жолдо сугарып алам» кылбай, бастырарда суу ичирип алуу шарттуу көрүнөт.
Атты суутуу. Ал – алыс сапардан келген атты аса бай лап, таң ашыруу, таң аппак атканда жайдакталып турган атты отко коюу. Суутуу алдында атка бир аз чөп чалдыруу.
«Талаш кылып суутуу» – тер чачкан атты күүгүмталаш отко коюу.
«Аттын көкүрөгүн бастыруу» – болжолдо үч-төрт чай кайнамдан кийин отко коюу.
Ал эми чабылуучу күлүктөрдү суутуунун тажрыйбалары башкача болот. Табынан тайдырбай асыроонун ыкмалары ар дайым жадыда жүрөт.
Баланы атка мингизүү. Бул – тоолуктарга мүнөздүү көрүнүш. Абалы, айырмач ээр токулган тайга баланы мингизип, жетелеп алуусу. Бара-бара 5–6 жаштардагы бала тизгинди өз алдынча кармап, бастырып кетүүсү. Ушундай шартта айылчылоо, көчкөндө көч менен жүрүүсү, аш-тойлорго, той-тамашаларга атасын, чоң атасын, агасын ээрчип баруусу.
Үй-бүлөлүктөгү кубанычтардын бири. Бала көнүгүп, ат жалын жеңил сезип, кийин-соң аттын кулагы менен тең ойноосу. Ушул жаштардан баштап, ат оюндарына машыга бериши. Демек, ат үстүндө бала жыгылбашы үчүн айырмачтын эки капталына баланын балтырын кыспагандай жалпак жыгачтар бекитилет, үзөңгү ордуна теминүүгө көбүнчө териден же кийизден кооздоп жасалган буюм болот.
Атты токуу (ээр-токумду атка токуу). Бул – унааны минүүгө даярдоо. Мында, абалы, ат белине ичмек салынат. Анын үстүнөн тердик орун алат. Ат жабуу жабылып, кош желдик бастырылып, ээрди чыгарып, аны бир аз артка жылдырып, куюшканын салып, алга жылдырып, көмөлдүрүктү тагып, көрпөчө үч каттай ээр үстүнөн орун алат. Көрпөчөнүн төрт тарабына быштаны менен бастырыла басмайыл тартылат Көмөлдүрүк андан мурун бекитилет. «Манастан калган басмайыл, ак быштындап тарттырып» – эпосто ушундайча сүрөттөлөт. Мындан сырткары чаблану болот. Алдынан ээрди бекитет. Акырында нокточон атка жүгөн катылат.
Атка минүү. Мында ат туура тартылат. Сол бут сол үзөңгүгө илинет. Ат жалын же ээрдин кашын сол кол менен кармап, көтөрүлүп чап ээрге өбөктөй барып отурат. Атказуучу болсо аны сол колтуктан өйдө, жеңилдете көтөрүп коёт. Аттанар менен шарт бастырып кетүү салт болуп саналат.
Атка бастыруу. Кыргыздар талаа-түздөрдө, адыр-белестерде, ашуу-белдерде, арбын жүргөндүктөн атка жеңил жүрүүнүн сырларын билишкен. Т.а., алар ат үстүндө туурда отурган кыргыйдай жыйнактуу, этек-жаканы кымтылана, шайдоот көрүнгөн. Өйдөдө бастырып баратканда, ат жалына өбөктөйт, ылдыйда артты карай чалкалашкан.
Тумар тагуу. Жакшы малга да айрым «суук көздөрдүн» жана көзү курчтардын ниети чапкан. Аттардын моюнуна көз мончок, тумар таккан, «Көз тийди» болбогон. Соорусунун үстүндөгү үртүгүн албаган. «Моюнуна тумар тактырып, көрбөс жайга бактырып» – дейт.
Ат чалдыруу. Бул – атчан баратып, ара жолдо түшүп, аттын ооздугун чыгара коюп отко коюу. «Ак жайда ат алты эле жолу чалса тоёт» – дешет. Чөп чалдыруунун эки мааниси бар, күлүктү чубатууга салардын, т.а., чабардын, же таң ашырардын алдында кичине чөп берүүсү, денебоюн бир аз чыйралтып алуусу.
Чоң дабандарды ашып баратканда, алай-дүлөйлөрдө, таш-корумдарда, музда, сазда тизгинди бош таштап, аттын жайына коюшкан. Топ атчандардын ар биринин жекече бөтөнчөлүктөрү билинип турган.
Урматтууларга, улууларга жол бошотуп, үч-төрт кадам алар алдыдан, чок ортодон орун ала бастырышкан. Кичүүлөр, бала-бакыралар тегеректеп жүрүшкөн. Улуулардын, урматтуулардын минген аттары да бакубат келип, адам менен кошо атты кадырлоо сезимдери пайда болгон. Сөөлөттүүлөрдүн мингендери өңү-түсү жагынан айырмаланып, алыстан эле кимдер келе жатат, кимдердин кишиси экендиги айкын билинген. Ал өзүнчө көрк болуп көрүнгөн. Эр шаңы тээ алыстан кимдер келатканы таанылып турган. Ошон үчүн «Жандай салып бастырса, жакшы атка жол жокпу?» деген накыл айтылган.
Аттарга таандык мүнөздөмөлөр.
Сары таман ат. Ал – аксакал ат, бар турпаты, келишими – сөөлөттүүлөр минүүчү жылкы баласы. Сынчылар: «камыш кулак», «муз каптал», «сом туяк», «казан көм көрүк» ж.б. бөлүп, жылкыларга баа берет. Негизи сары таман аттын туягы тегерек болот. Чулу туяк, чулу жигит. Бул – таштай катуу деген мааниде. Андай аттар алыска чаалыкпай, ташыркабай барат.
Жүйрүк. Бул – ат мыктысы, күлүк. Илгери аш-тойлорго күндүк жол чуркап, коо жарган жарыштарда төө баштаган байгелерди алган жылкы.
Ошондуктан, жүздөн жүйрүк чыгат. Миңден тулпар чыгат. Эгер табын билип чапса, калбыр өпкө, жез канаттар Камбар ата тукумунан көп чыгары белгилүү. Чынында, жылкыдан башка мал сыналбайт. Кыргызда баатыр, күлүк, ат, сулуу кыз улуу сындан өтөт. Мындан сымбаттала, нарктала, айтыла, артыкча барктала турган эчтеке жок.
Тулпар. Камбар ата тукумунан өтө күлүгү, өтө мыктысы, чыдамдуусу. Сыртынан жүдөө, бою пас, буту-колу жоон, кашка тиши кадоодой, маңдайы жарык.
Дулдул. Ат чарчабасы, чаалыкпасы, тоо-таштарда, талаа-түздөрдө күндөп-түндөп минсе муюбасы, жылкынын мыктысы, жалы төгүлгөн жылкы.
Жүрүмал. Ат мыктысы, жүрүшү бар, алыс жол сапар чеккенде, үстү адамга мамыктай тынч, эр-азаматтын аркалуу аты.
Жорго. Карылуу мал, камчы эти менен салат. Мунун чоң жоргосу – дубанды бузган жорго деп аталат.
Жорток. Турган жеринен желген жылкыны айтабыз.
Чарс. Азоо чалыш, «кыялы» чатак, чакчаңдап турган жылкы, кошкурук атат.
Чынкор. Чөптү аз жейт, чөп баштарын чалат. Тандап өп-чап жегендиктен арык, ичке көрүнүп, кабырык болуп турат.
Какбаш. Ээндеп оттойт, жалгыз жүрүүнү сүйөт. Жылкылар келсе, сүйүңкүрөбөйт. Жанына жылкы жолотпойт, кажып тиштеп турган мал. Анан жатак, жалакай, улакчы, качкы, тиштээк, тарпан, чакар деп айтылып кете берет.
Жатак. Табияты жоош, кабелтең, баскан-турганы кашаң.
Жалакай. Жылкынын жукасы, бат арыктайт, өрүшү ырас болсо, бат семирет. Мингичтиги анча эмес, айыл арасында аяк улоо кылса, баскан-турганы тың.
Улакчы. Бул – улактык ат, карылуу, төрт сан келет. Ойдогудай суутса, улакка улам тер чачкан сайын талбай чуркайт.
Качкы. Мындай аттарды «ээр качкы» дешет. Колдон бир бошонсо, ээсине жеткирбей, чылбырын сүйрөп, улам оттоп барат.
Ээн жерде ээр качкылык кылуу коркунучтуу, ээсин ай-талаада калтырат. Негизи, ай-талаада ээсин маанектеп оттошу зарыл.
Тиштээк. Бала-бакыраларга чунаңдап, алдына келүү чүлөрдү жумшак тиштеп, айгыр сымал жаалданып, айгырлар менен маташат. Бирин бири жеңет. Майып да кылып коюшат.
Бедөө ат. Угушубузча, илгери жол тарткандар бедөөлөрдүн төөсүнө минип, чөлдөрдү арткан. Арабдардын жолго жүрүүгө өтө бышык аттары да болгон. Кыргыздардын аякка баргандары бул аттарды да минишкен. Бара-бара бедөөлөрдүн өстүргөн аттары «бедөө ат» деп аталып кеткен.
Тарпаң. Ал – ат жаманы. Мунун тукуму Аравиядан чыккан дешет. «Ат жаманы тарпаң, тарпаңдап жүргөнү да жаман». «Кечке эле тарпаңдап иш кылат. Анысы арыбайт» – деп, адамдарга да карата айтылат. Тарпаң – жапайы жылкылардын бир түрү. Жүрүшү кашаң, бышыктуулугу начар болсо керек. Булар зоологдордун айтымдарында, илгери Прут дарыясы менен Урал (Жайык) дарыяларынын аралыгында жашаптыр. Анын эки түрдүүсү бар: бири талаа, чөлдү, экинчиси токойлорду мекендейт. Өткөн кылымдарда тукумун мергенчилер үзүп койгон.
Кыргыздар да Алтай, Енисей, Орхон бойлорунан быякка көчкөндө ара-чолодо мингич, көлүк кылууга асырашы ыктымал деген божомолдоолор бар. Өңү кара сур келген жылкылар.
Жылкынын касиеттери. Жылкылардын жүрүш-ту рушунда басык, желет, желе жүрүш, таскак, текирең, таскак, жолжүрүш (койжорго), жорго, чапма жорго.
Суу төгүлгүс жорго, суу чайпалбас жорго, көшүткөн жорго, чоң жорго, дубанды бузган жорго ж.б. айтыла берет. Жоргону камчы эти толук кезде салдырат.
Тулкара «Манаста» айтылат (күлүктүн күлүгү, муюбас, чарчабас, чаалыкпас деген маанини берет).
Жылкы «Жалы катуу, чөйчөгү бар», «ак эттүү», «кара эттү» деп айтылат.
Жылкынын куйрук-жалы тай кезинен кыркылат, тай, кунандын жалы кыркылып, ыйык жалы калтырылат. Байталдарга болсо көкүл коюлат. Эркек тай, кунандардын куйругу чолок кыркылат. Жылкы быштысынан баштап куйрук жалы төгүлүп турат. Кысыр калган бээнин жалкуйругу байталдыкындай кыркылат. Ал – кысыр калгандыктын белгиси, «бээ туу калды» дегендик.
Кыргыздын бүткүл дээрлик оокаты көчмөн болуп, бардык тиричилиги жылкыга байлангандыктан жана жоо менен эч убакта жөө эмес, дайыма ат үстүндө урушкандыктан күлүк аттын кадыры өтө чоң болгон.
Бир ат үчүн кыздан, катындан кечкен, бир күлүк үчүн эки эл бузулуп, канчалык кан төгүлгөнүн көрөбүз. Атты жанындай көрүп, кооптуу заманда үйгө кийирип, кишен салып баккан.
Кыргыздар жакшы атынын башын бийик жыгачтын башына илген.
Сынчы. Сынчылар кишини жана атты гана сынап, башка малды сынабаган. Күлүк же чобур болорун кулун жана тай кезинде сынап билген. Үйдө олтуруп тыштагы аттын баскан дабышынан күлүк болорун баамдаган. Жоокерчиликте жалгыз жанын атына тапшырган. Кээ бир ат ээси уктап калса, суук кишинин элесин алса, ээсин чапчып, же тиштеп ойготкон.
Аттын жаш же кары бээден туулгандыгын билген. Байгеге чапканда аттын чыгарын, байгеге илинерин же каларын туйган. Күлүктү он сегиз түргө, бүркүттү алтымыш беш түргө бөлгөн. Аттын канчалык жерге жүгүрөрүн билген. Сынчы күлүк аттын бир түрлүү сынын мындайча сыпаттаган: «Саадактап саны салынган, илбирстей ичи тартылган, бөрү кулак, бөкөн сан, бууданга чалыш ат экен. Кулун сындуу, куран сан, кулжа моюн төгөрөк, куланга чалыш ат тура. Кашка тиши кадоодой, кара тили бүлөө дөй, телегейи тегиз тарамыш, кара кушу калкандай, жазы жаак, кең маңдай, жото жилик жонгондой, жонуна жатып конгондой, балык эти баладай, туяктары чарадай. Кар жилиги кадоодой, музга тууп, ташта өскөн тоо кайыптан жалгашкан, кыска бакай, тик далы. Экинчиси: Эшек туяк, элик баш, эңчер бойлуу, жагак төш. Кара саны түрүлгөн, ээрди шалпык бото көз, чымыр туяк, үкү аяк, өйдө-ылдыйды ылгагыс. Тайган иттей кыржыктап, бүткөн бою тарамыш. Көмкөргөндөй карчыты, жупжумуру мойну түз. Балык эти балкылдап, боору сырты тептегиз. Арпа сыйбас азуусу, коюлданган кашка тиш. Энөө жерде эликтей, өргө чапса учкан куш. Тарткан жаадай зыркырап, дайра көчсө кебелгис. Уюл-уюл капкан бел, төө толорсук, тайган төш. Каман жаак, алма баш, үлбүр сагак, үч чоку. Туу чокуда кулагы, уй куймулчак, тик жамбаш. Чакмак эти түрүлгөн, кара эти жок кагелес. Чымыр туяк, тик бакай, айчылыкка арыгыс, күндөп-түндөп жүрсө да чарчабаган талыгып. Шымаланган эликтей, кулун куйрук болсо туш, тал-тал көкүл сыйда жал, таап алган армансыз. Үчүнчүсү: Октолуп ок жыландай жумуруланып, ээлигип, кыйгач карап кужурланып, элирип чымын учса көктү карап, көрүнүп учар куштай оюн салып, чуу чыкса камырабай моюн созуп, «чү» десе учкан куштай канат сызып, айкырып алды-арты дүбүр болсо, козголбос турганынан жүрөк сезип. Чолпондой көзү жайнап, ичке сагак, сүмбөдөй тулку бою сырттан жарап, оозун керип, көп эстеп, улутунуп, ойноктоп, жерди чапчып, асман карап. Муз бөйрөк, бели кыска, бирдей сүбөө, түпөктөй туу куйругу, өркөч бийик. Тең келбес кайберендер кулан-кийик, кайрылып эки азуу көмөкөйгө. Көрүнүп копшогондой жото жилик, узун жамбаш, кең соору, алчак басык. Кылыксыз бөрү желиш, тарамыш тула бою сын сөөктүү. Тайган төш, камыш кулак, боору жарык, жүгүрсө закым болуп көзгө илинбей» деп кетет ал сын.
Атка сын. Бедөө – узун, аяк-келбети келишкен, өтө күлүк, асыл жылкы. Буудан деп чыгаан күлүк, тулпар атты айтат. Бедөө менен карабайыр жылкынын тукумунан чыккан түр.
Баатыр, эр жүрөк кишини сүрөттөгөндө да буудан деген эпитет колдонулат. Буудандын баштапкы байыркы маңызы ашкере айбаттуу, кыраан, күлүк, баатыр маанисинде болуп, кийин доор алмашкан сайын көбүнчө чаалыкпас тулпар аттын, аз учурда баатыр адамдын эпитети катарында гана айтылып калган окшойт.
«Бакай ат» деген ошол буудандын экинчи аты.
Карабайыр – тулкусу жоон күлүк, күчтүү, чыдамдуу жылкы.
Аргымак – көрүнүшү келишкен, бийик бойлуу, узун аяк, ченде жок күлүк.
Жорток – жортуп-жортуп, өнкөң-дөңкөң этип желген жылкы. Мындай жылкы мал кайтарганга гана жарайт.
Бурак. «Токулуу тулпар бурагым, маңдайымда чырагым» («Семетей»). Бул жылкы баласы. Дин жолунда тигил дүйнөдө минип жүрүүчү өлүк малы. Башка мааниси, асмандагы кудайга Мухамбет пайгамбарым атайын минип барган күлүк. Чарчабас-чаалыкпас жылкы тукуму. Жылкыны өлүктүн кара ашына, чоң ашына ж.б. союшу ушундай шартка да тогоп түшүндүрүүсү.
Ат таптоо. Ат таптоо эки түрдүү болуп, ыраңга семирген атты таптап байлоо жана колго семирген атты таптоо. Ыраңга семирген атты таптоо экинчисине караганда өтө кыйын болгон. Илгерки заманда чапкан атка жем бербестен, боз от, бетеге оттотуп, кээ чакта бээнин сүтүн берип, мамыга көбүрөөк байлап коюп таптаган. Муну «куу мамы» деген. Атты чабар этине келди деген белгилери бир нече түрлүү болуп, биринчи – тери калбайт, экинчи – майы калбайт, үчүнчү – каны толук, арык болсо да эти, сыны, сөөгү семиз аттыкындай болгон. Төртүнчү – сууту абдан кандырылат. Этине абдан келген аттын белгиси өз мүнөзүнө жараша болуп, кээ бири магдырап, кээ бири чакчаңдап турат. Алардын баарында түнкү бил белгиси кандай болсо да, кандай суутса да, канчалык чөпкө тойсо да таң ашырылган. Чабар күнү суу ичпейт, чапкан аттын жинигип өлмөгү, ачкалык, жаки семиздик, жаки тер калгандыктан болот. Бул үчөө бирден жок болсо да жана ичинде бузугу болбосо, канчалык алыска чапса да майып болбогон. Аттын табы катуу, жумшагы болуп, эгерде семиз болбосо, жаки тер калса да, кыштын күнү чабылган ат майып болбогон. Бузулган күлүк атка үч түрлүү даба кылган: Биринчи – арыгынан эрте көктөмгө агытып семиртүү. Экинчи – кышында карга арыгынан агыта берүү. Үчүнчү – күкүрт, көбүнчө, карандыз берүү. Жанын таштап чуркай турган аттардын соорусу балкылдап калбастан, жабышып калат. Чоң тер алганда барышкелиш жыйырма беш чакырым болуп, кулактын учунан тер акса, ошончолук калың жабууда жүрүп, чүү десе аягы буйдалбастан анда-мында бир тийип, жулунуп ала качат. Тер алганда ат кандай күүлүү болсо, эртеси байгеге ошондой жүгүрөт. Чыгар аттын белгиси – жүнү типтик болуп, бузугу жок болсо, сийдиги тунук болот. Колго семиртип чабылган атты күзүндө көккө бир байлап семиртип, кайта кайтарат. Жеми көбүнчө арпа, таруу болуп, эгерде этинен ооп баратса буудай берет…
Тулпар аттары: Жаркызыл, Казчара, Суркийик, Акмоюн, Жармаңдай, Мээнеткөк, Тоокара, Наркара, Каражой, Акилик, Акбакай, Көкчолок, Желтаман, Музбурчак, Туучунак, Желкайып, Малтору, Желкара, Оркызыл, Эгизкара, Карткүрөң, Таркызыл, Акборчук, Желкызыл, Тоотору, Алкара, Кылжейрен, Ачбуудан, Чалкуйрук, Көктеке ж.б.
Аттарга мүнөздөмө: Байге аты, мээси жок күлүк, көйкашка, туу куйрук, тизгин кактыр, коо бузган күлүк, кер ооз ат, тунук күлүк, тууча, тукур ат, көзгө толгон ат, чалыш, орошон күлүк ат, өрү калган ат, калбыр өпкө, кактооч ат, шам кулак, көк чеке болгон ат, тул казан ат, күн какты болгон ат, эдөө ат, жүзөктөй болгон ат, кашка ат, тул кара ат, ай кашка ж.б.
Жылкынын өңүнө карата: Жылкынын өңүн кыргыздар үч жүзгө жеткирет. Кыргыз тилинде жандуудан жылкы жаныбарга гана ошончо сөз ыйгарылса керек. Көбүнчө кош сөздөр: ак сур, кара сур, тор кашка, көк кашка, жээрде, сур, көк, кер, тул кара, кер тору, ала, ак боз, буурул, кызыл тору, ала бурул, көк кызыл, сары ала, сары кызыл, кара күрөң, кула жээрде, кызыл буурул, ач кызыл, ак саргыл, чабдар, таргыл, чөпкер (чаар), чабдар, жейрен ж.б.
Денесиндеги түктүн көпчүлүк кылы кызыл-көк болуп, чекит-чекит, теңге-теңге кара, агы аралаш болсо, же ак менен сур аралашып кетсе – ошол буурул. Түгүнүн көгү басым келип, теңге-теңге актары аралаш болсо – ошол көк буурул. Кызылы басым келип, же кызылы менен карасы аралаш болсо – кызыл буурул. Куйрук-жалы ак, башка жагындагы түгү саргыч болсо – ал чабдар. Саргыч, ак түктүн арасын жол-жол кара, күрөң, кызыл түк аралап басса – ошол таргыл. Кызгылт, сары түгү аралаш болсо – ошо күрөң. Оозу-мурду, тумшук-бакайы, ичи-карды ак, агыш болсо – ошо чөпкер. Булардан сырткары сур, ак тукур, ак кирпик, ала аяк (ала пайча), ак куйрук, чобур, тукур, ак тумшук, ак таноо, ала быкын, мойнок дегендери бар…
Жалпы сыпаттоо: Эл ичинде аттын кулагын бир канчага бөлүп айтышат: бөрү кулак, ай кулак, шам кулак, шала кулак, калкан кулак, боорсок кулак, суур кулак.
Аттын куйругу боюнча: союл куйрук, туу куйрук, кыл куйрук, сопол куйрук ж.б.
Жылкынын оорусуна карата: жаталак, жоор, аксак, сынык, тура, көр, керең, ноконо, чыгалак, учун, келпиң, ылаңдоо, без эмчек ж. б.
Жылкынын турпатына, кыял-мүнөзүнө: азоо, жоош, чалпоо, кыял кески, өкүм, кашаң, үркүнчөөк, үзөгөн, кур бээ, тур бээ, бошоң бээ, сары карып, ак көңүл ж.б.
Басыгы боюнча: жай басык, текиреңдетип, сылтып, аксап, атыраңдап, таскактап, жорголоп дейт.
Жүрүшү боюнча: калмак жүрүш, бөкөн жүрүш, бөрү желиш, кара желиш, бүлкүлдөк желиш деп айтылат.
Жылкыга карата ырым-жырым. Илгери айылдын салт билген карысы малды, жылкыны, ит-куштан, ууружоодон сакташ үчүн ырым-жырымын жасаган. Ала жети ташты алып, киши кебетесин коргошундан куюп, аны матага ороп, баштыкка түйүп, кут жасаган. Ага суу сээп, сууну жылкыга чачкан. Кут болсо, бир эле адамды эмес, малды да коргойт дешкен эле. Кыргыздар кийинки жылдарга чейин эле күлүктү жаттын көзү тийбесин деп көкүлүнө көк мончок, жалына үкүнүн жүнүн байлап, соорусун көргөзбөй жабуулашкан.
Күлүктү токуу. Чоң чабыштарга кошууда чубатуудан соң аттын үртүгүн алат. Эми ээрди жеңилдете токууда, аттын башын күн чыгышты каратат. Саяпкер өзү токуйт, Ат-Башы, Нарын, Көл тарапта күлүктү жайдак минип чаппаган. Ошол тапта күлүктүн алдынан адам, айбан баспоосу тийиш. Байкоосуздан баскандар кайра артына тартуучу. Бул – абалтадан калган расиминин негизги мазмуну «күлүктүн алды торолбосун, биринчи чыгып келсин» дегени. Күлүккө бата берүүдө да, анын алдында эч жан турбашы керек.
Ат жөнүндө макал-лакап.
«Ат – аттан соң жат».
«Айгыры ала болсо, кулуну кула болот».
«Карып калган бээден кайкуулга минер ат туубас».
«Ат ээси менен, баш мээси менен».
«Эр жигит бирде мырза, бирде кул, күлүк ат чапса күлүк, сатса пул».
«Атка бербес кунан бар, кызга бербес жубан бар».
«Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы».
«Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны».
«Акыр заман – аттан ажыраган жерде».
«Ат – адамдын канаты».
«Ат муратка жеткирет».
«Ат башына күн тууса, ооздук менен суу ичет, эр башына күн тууса өтүгү менен суу кечет».
«Айгырды кандай салсаң, айгырды ошондой минерсиң».
«Ат баспайм деген жерин үч басат».
«Жата берсе ат арыйт, жүрө берсе жол арбыйт».
«Аты жоктун буту жок».
«Элин сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас ат болбос». «Ат сыйлаган жөө баспас, эр сыйлаган эшикте калбас».
«Жакшы аттын жалын сакта, жакшы эрдин кадырын сакта».
«Атты арыганда көр, эрди карыганда көр».
«Эрдин аты эрге тең».
«Ат жакшысы кермеде».
«Күлүк ат чапкан сайын арбытат».
«Аты жок адам канаты жок куш сыяктуу».
«Эки бээлүү эл сактайт, жалгыз бээлүү жан сактайт».
«Эркенин жашы, жоргонун тери кургабайт».
«Тулпар тушунда, күлүк күнүндө».
«Аттын баары тулпар болбойт, куштун баары шумкар болбойт».
«Аргымак аттын куйругу, бирде жибек, бирде кыл».
«Султан сөөгүн кордобойт, тулпар сөөгүн оордобойт».
«Ат арыганын билбейт, кунас карыганын билбейт».
«Жаман атты жал басат».
«Жалы барда жалынган жаман аттын белгиси». «Тай атка чыкса, ат азаттыкка чыгат».
Беш түлүктүн айырмачылыктары жана өз ара бөтөнч өлүктөрү: Кыргыздар малга ойдогудай сын-сыпаттоолорду бере билишкен. Ооба, беш түлүк өркөчтүү төө, жалдуу жылкы, мүйүздүү уй, куйруктуу кой, комдуу топоз, чычаңдуу эчки үй малы делингендиктен анын айырмачылыктары, өз ара бөтөнчөлүктөрү бар.
Төөнү буйласынан (мурунунан тешилип өткөрүлгөн жип), жылкыны ноктосунан, уй-топозду мурунтугунан (мурунун тешип, жыгачтан чүлүк өткөрүлүп, ага байланган жип), мүйүзүнөн да жетелейт.
Төө боздойт, жылкы кишенейт, уй мөөрөйт, топоз коркулдайт, кой маарайт, эчки мекиренет.
Төөнү «чөк» деп, жылкыны «кыруу-кыруу», «чү-чү», (кээде жекече «мо-мо-мо» деп, жем баштыкты, чөптү көрсөтөт), уйду, топозду «өш-өш», «мө-мө», койду «кыройткыройт», «кош», эчкини «чек» деп айдайбыз.
Кыргыздар үчүн төө да, жылкы да, уй да, топоз да мингич жана көлүк (жүк артуучу) болгон.
Төөнүн анжамасы кому, чому, жылкынын ээр-токуму болот. Уй-топоздордо жүк артууда ыңырчак ээри токулган.
Төө чөгөрүлөт, тизделет. Ат мамыда, уй-топоз казыкка байланат. Кой-эчки короодо, кулун желеде, козу-улак көгөнгө көгөндөлөт.
Аттарды кермеге (узун түркүккө байланган аркан) кармаган, уйларды мүйүздөп, казыкка байлап сааган.
Төө, уй, топоз, кой, эчки – кепшөөчү малдар. Төө, кой-эчки корголдойт, жылкы тезектейт, уй, топоз омполойт. Уйдун, топоздун кургаган тезегин жампа, уютулган көңүн омпо, койдун уютулган корголун кой көңү дейт. Кой-эчкинин, төөнүн көңү таптуу келет, короодон көң чаап, тезек терип, от жагып, оокат кылуу кыргыздарда илгериден басымдуу болгон.
Тезек, көң жагууда тезекти тегерек калайт. Ортосунда майдалап жагылган жыгач отун «тамызгы» деп аталат.
Жылкы тунук суу ичет. Суу ичүүдө, чөп чалууда, абалы жыттап алат. Өзүн таза кармап, жыт-жыбыры бар тоютту жебейт, жерди оттобойт. Талаа жеринде ээсин байырдайт. Аба ырайын сезип, ылымта жерге алдын-ала келип турушат.
Төөнүн жүнү ийрилет да, өрмөктө согулат. Төө чепкен, пыясы чепкен, суп чепкен ж.б. таар кийимдер төөнүн жүнүнөн ийрилген. Жип койдукундай бардык үлгүлөрдү тигүүгө, жамоого чыйрак келет. Төөнүн чуудасынын дарыгерлиги бар. Териси калың келип, чылгыйында ээр капталат. Малмага салынат, талкууда ийленет. Шири, көн идиш буюмдары кармалат. Жамбаш, жилик сөөктөрүнөн буюм-тайымдар, аспаптар, куралдар, шаштар, балдак, ж.б. жасалат.
Чүкөсү (томпою) ордо оюнуна керектелет.
Жылкынын жүнү «түк» деп айтылат. Кулун, тайдын терисинен камчы өрүмдөрү үчүн көк тилинет. Талпак жылкынын терисинен болот. Ал алдыга салууга, жүн сабоого шартташат. Анын куйрук-жалынан жип-шуу (аркан, чылбыр, көтөрмө, желе жип, бел кырчоо ж.б.) эшилет.
Уйда да түк болот. Мунун териси да малмага салынып, талкууга коюлуп, көн-шири буюмдары жасалат. Усталар андан да белек-бечкектер үчүн жакшынакай мүйүз жана сөөк үлгүлөрдү жаратууда.
Топоздун куйругу кыл, териси кылтак келет. Ал эшмечиликке байланыштуу буюмдардын жердиги болуп эсептелет. Уй, топоздун териси бирдей бааланат.
Койдун жүнү – кол өнөрчүлүктүн негизги жердиги. Козунун жүнү кийиз уютууда данакер болот. Козунун кыркылбаган терисинен саксак, андан көлдөлөң, ичикке ич жасалат. Койдун терисинен тон бычылат. Адатта, койдун жото жилигинен (чүкөлүү жилиги) шимек, наштар (кан соруучу аспап) өңдүүлөр жасалат. Чүкөсү – ордо, упай оюндары үчүн керектелет.
Эчкиде тыбыт, анан кылтак бар. Абалы, тыбыты таралып алынган соң, кылтагы кыркылат. Тыбыт баалуу жердик. Ал алтын наркында турат. Кылтагынан жылкыныкы, топоздуку сымал жип-шуу эшилет. Койдун терисинен бир маанилүү айырмасы: эчкинин терисин туюк сыйрып, чанач (кол чанач), серке чанач, чоң чанач (эркек чанач) жасалат. Улактын териси тулуп болот. Чүкөсүн чыймыт дейт.
Малдын өңү-түсү. Жылкынын өңү-түсү тууралуу бабалардан келе жаткан атоолор бар. Жээрде бээ (өңү кызыл), тору ат (куйрук жалы кара, өңү кызыл), каракашка, торкашка, керкашка, жээрдекашка, карагер, карасур, суржорго, кержорго дейбиз. Ак атты ак боз ат, боз ат, кызыл ат деп тергешет. Күрөң ат, кара бээ, кээде куланы сары менен, керди сур өң менен алмаштырабыз.
Ача туяктуулардын ички белгилери. Төө малынын өңү-түсүн белгилөөдө жылкыдан башка «ак» деген түс айтылат. Мисалы, энчилүү түрдө «Мукамбет пайгамбардын ак төөсү…», «Жакыптын ак тайлагы» делет…
Өңү боюнча да айтылат. Мисалы, сарыатан, бозинген, каранар. Ээси менен да кошо айтылат. Касымбектин кара буурасы, Сапанбайдын сары буурасы, Эшимбектин бозатаны, Кыдырназардын кара нары.
Кыял-жоруктары боюнча да айтылат. Кишичил буура, Бакайдын бакырчагы… Төөгө боз, сары боз, кара өң баарынан мүнөздүү келет. Аркалуудан оонабас төө, кой, эчки, топоз, уй, азуулуудан кепшебес жылкы болуп саналат.
Уй малы өз өңү-түсү боюнча айтыла берет. Мында сур, кер, карагер, тору, сары, жээрде, кула сымал түстөр айтылбайт. Ал өңдөр мала, кара кызыл өңдөр менен алмашат. Мисалы: мала уй, кара уй, кызыл уй, ак уй, кашка уй, сарала уй, чаар уй, токол уй. Топоздун өңүтүсүн атоосу уйдан бурулуп кетпейт.
Койдун өңү-түсүндө кызыл, көк, кара, ак, боз өңдүү гана атоолор болот. Мисалы, кызыл кой, ак кой, кара кой, боз кой… Мында сары, мала, сур, кер өңдүү өңдөр айтылбайт.
Эчкиде деле ушул сыпаттоолор бар. Бирок «сур» деген түс бар. Мисалы, сурэчки, кара сурэчки, сурчебич, сур улак, минтип айтыш кайберендерден улам чыкса керек.
Түшүнүктүү болсун үчүн беш түлүктү так айтууда мал, мисалы, жазында бир жашта болсо, ошондон баштап «чыкма» деген сөздү дароо айта албайбыз. Т.а., мал бир жарым жашка чыкмайын, күн мурун «жазга чыгат» деген болжолдоо айтылбайт.
Кунан, бышты, асый, бир асый, эки асый, үч асый… деп, белгилөө бардык түлүккө таандык. Албетте, ич ара айырмачылык аталыштары бар.
Беш түлүктүн ич ара туут жана куут айырмачылыктары
Туура, төө он эки ай ботосун, бээ, уй, топоз тогуз ай кулунун, музоосун, мамалагын, кой, эчки улагын, козусун беш ай бойдо асырайт. Албетте, бул такма-так аныктама эмес. Шартка жараша бир аз мурун-кийин туулушу ыктымал – деп, башында баяндап кеттик элек. Ал аба ырайына шартташат. «Бото салды», «кулун салды» «музоо салды», «мамалак салды», «козу, улак салды» дейт. «Ичтен ара түштү» өңдүү түшүнүктөр бар.
«Туубай калган мал», «кысыр калган мал» деп айтылат.
Туу калды (туу бээ) – кысыр калган бээ. Жылкыда «кысыр эмди» – туубай калган бээни тайы эмес, желеде турса айтылат.
«Эки энеге тел эмди» – бул бир кулун же музоо, мамалак эки бээни, эки уйду, эки топозду эмүүсү.
«Төл башы» – түлүктүн биринчи туулган ботосу, кулуну, музоосу, мамалагы, козусу, улагы.
«Кенже туума» – беш түлүктүн эң акырында туулган төлү. Мал бирди (жалкы), эгиз, үч эм, төрт эм тууш керек. Эгиз тууш койго, үч эм, төрт эм тууш эчкиге, жалкы тууш жылкыга, төөгө, уйга, топозго мүнөздүү.
Салтта, наркта, эчки анча бааланбай, кедейчиликтин малы катары каралган. Бирок жашоо-турмушту бат тирдентет. Ага караганда кой жогору бааланган. «Эчки сойду», «улак сойду» дегенге караганда «кой сойду», «козу сойду» деген жакшы салтка, наркка жатат.
Малды «ургаачы тууду», «эркек тууду» дейт, «төрөдү» дебейт, «Төлдөдү» дейт.
Жылкынын жыныстык белгисин «бычты», төө, уй, топоз малын м.а. ача туяктууларды «биттеди» дейбиз.
Кыргыздар адептүү, салттуу эл болгондуктан уяттуулуктун жогорку чегин сакташкан. Малдын жыныстык катыштарын айтууда да аны сылык туюндурууга туура келген. Мисалы, төөнүн өз ара жыныстык катыштарын «каюу», жылкыныкын «карады» (көздөдү), уйдукун, топоздукун «какты», кой, эчкиникин «кууду» (жүгүрдү) дешкен. Бээ айгырдан токтоду (боозуду), уй, топоз, кой, эчки букадан, кочкордон, текеден «качты» (боозуду) деп айтышкан.
Мал жөнүндө
Төө. Төө баласын он эки ай көтөрөт. Кыргыздар мурда боюнда бар аялга төөнүн этин, сүтүн берген эмес, себеби аял баласын көбүрөөк көтөрбөсүн деп ырымдашкан.
Төөнүн ургаачысы – инген.
Эркеги: тукум улай турганы – буура, бычылганы – атан.
Баласы – тайлак, бото деп аталат.
Уй – бодо мал, ача туяктуу, кепшөөчүлөргө кирет. Малдын Зеңги бабасы. Анын жаңы туулганы – музоо (ургаачы музоо, эркек музоо), алты айдан ашканы – моюнча (ургаачы), тана (эркеги), бир жашары – торпок, (тай торпок, тай кунажын, букачар), эки жашары – эркеги оопаз, ургаачысы – кунан кунажын, үч жашары – бышты оопаз, (бышты оопаз же өгүз), ургаачысы бышты кунажын, (бышты уй) деп айтылат да, андан аркысы саан уй, асый өгүз, инек өгүз ж.б. болот. Эркеги бир жашында биттелет. Уйдун тукуму, адатта эки жашында тууйт.
Уй күлүгүн шүдүңгүт дейт. Бизде жергиликтүү кыргыз ую, «Алабаш», «Ала-Тоо» аттуу ж.б. менен тукумдашкан уйлар асыралат.
Казык түп. Адатта, уй-топоздор казыкка байланат. Кагылган казыктар канчалык көп болсо, уй, топоздун бардыгын баамдатат. Бирөөлөрдүн малын багып, төлдөтүп, семиртип, сергитип кайра ээсине кайтарып берүүдө мынчалык малдан торпок-тана таштап кетүү жөрөлгөсү бар. Бул казык түп деп аталат. «Желетүп», «Көгөнтүп» да ушундай маанини берет.
Саздак, өлөңдүү-шибердүү жерлер – анын мыкты жайыты. Кардын сары суусун жакшы шимирет. «Өлөңдүү жерде өгүз семирет» (макал). Уйду үч маал саайт. Асыл тукумдары күнүгө жыйырма литрдей сүт берет. Уй сүтүнөн уй кымыз ачытылат. Анын куруту, быштагы, айраны, жуураты, сүзмөсү, чөбөгөсү, сары майы жагымдуу азык. Шаа мүйүз, өгүздөргө жүк артылган.
Уй да мингич, көөлүк болгон. Уй семизи комунан билинет.
Уй тукумуна бир жашынан бука салат. Букачар – бир жаштагы бычылбаган торпок.
Зеңги баба малы ичте төлүн топоздой, жылкыдай мөөнөттө көтөрөт. Саалып жүрүп, бир аз байып, анан төлдөп коёт. Уйдун сүттүүлүгү карыган сайын бир аз кемийт. Мында сүтү суюк, сүтү коюу уйлар бар.
Уй, адатта, жалкы тууйт. Кээде эгиз тууган уйлар да кездешет. Анын бирөөнү ырым-жырым (жакшы жорук эмес) катары үй ээси башкаларга карматып жиберүүчү.
Уй мөөрөп, музоосун чакырат, жоктойт…
Топоз. Бул – тоолуу жерге байыр, ача туяктуу, кепшөөчү мал. Мунун жаңы туулганын мамалак (эркек, ургаачы), бир жаштагы мамалак (эркек, ургаачы), эки жаштагысын ноопаз топоз же кунажын топоз, андан ары бышты, асый, эки асый болуп айтылат. Инек (өгүз топоз), тубар топоз, саан топоз дейбиз. Топоз бир жашында биттелет. Ал, адатта, эки жашында тууп, бир жашынан бука салынат. Топоз да уйдай, жылкыдай мөөнөттө ичте бала көтөрөт.
Топоздун сүтү коюу, майлуу, ары күчтүү келет.
Элде: «Топоздун жууратына улак тыгылыптыр, сүтүнүн каймагынын үстүнөн момолой чычкан жорголойт» деген кеп бар.
Топоздун семизин «комдуу топоз» дешет. Топоздун сүттүүлүгү асыйынан демейт. Топоз, адатта, жалкы тууйт. Эгиз тууган бир мамалагын уйдукундай, жылкыныкындай бирөөлөргө ырым-жырымдап, карматып жиберет.
Топоз мамалагын чакырууда коркулдайт, чала мөөрөйт.
Топоз-тоого чыдамдуу мал, демек, ал колду карабайт. Карсыз жайыттарда, кыштын кыраан чилдесинде муюбай оттоп, өзүнүн жашоо тиричилигин жүргүзө берет.
Топоздун эти, ич майы, бөйрөк майы кор келет. Себеби этинин кесими кичирээк, үрпөйүп турганы менен нык эмес, бышкан этин нарын кылып туураганда көпшөгүрөөк көрүнөт. Байкаган адам топоздуку кыйгылыраак даамданат. Малдын баш сөөк эти да чакан болот. Илгери үч маал саан берүүчү. Мурун колдо үйрөтүлүп, багылып, саалып, миңгич кылынуучу топоздордун кыял-жоруктары жөн эмес эле, бул малды кармаш, айдаш союш кыйын.
Аны атып союшка туура келет.
Топоздо кадимкидей жал бар. Малдын кылтагы, жогдондору, уяң жүндөрү болот. Бирок ал көпшөгүрөөк туюлат.
Кой. Бул малдын Чолпон атасы, ача туяктуу, кепшөөчү жаныбар. Ал – майда жандык. Анын жаңы туулганын козу, (ургаачы козу, эркек козу), эркеги бир ай, бир жарым айдан кийин биттелип, мындан козу кочкор коюлат. Бул – токтусунда тууйт дегенди билдирет. Ал алты айдан кийин эркегин шишек деп, бир жашында борук болот. Ургаачысын токту, эркегин эки жашында эки тиштүү, үч жашында төрт тиштүү, төрт жашында төгөрөк ирик, беш жашында чар ирик дейт. «Кунан кой» деген ирикти туюндурат. Ал эми эки жаштагы ургаачысын кысыр калды, андан аркысы соолук кой аталат. (Коомдук чарбада төл алууга байланыштуу 1-туут, 2-туут, 3-туут, 4-туут, 5-туут, 6-туут деп, андан карысын этке тапшырышкан). Мунун сүтү коюу, жуураты күчтүү, эти нык келет. Анын азык-түлүгүнүн сапаты, аш болумдуулугу башка малдардай жердин шартына байланышат. Бизде климатыбызга байланыштуу кылчык жүндүү, жарым кылчык жүндүү, уяң жүндүү, жарым уяң жүндүү койлор асыралат. Анын эти, сүтү, сүзмөсү, куруту, сары майы, каймагы, чөбөгөсү, эжигейи, жүнү, сөөгү, мүйүзү, көңү, кыскасы, турмуштиричиликте азык-түлүктүүлүгү артылып турат.
Койдун оту-чөбү жылкы малдыкындай. Кой семизи жонунан билинет.
Койдун жазгы жүнү ийирүүгө м.а. өрмөчүлүккө, килемчиликке, түймөчүлүккө, саймачылыкка, чыгармачылыкка ойдогудай шартталат. Күзгү жүнү, төтөн, кийиз уютууга ж.б. кармоого мүмкүндүк берет. Териси ашатылат. Андан кийим-кечектер тигилет.
Кой төлүн эчки сымал беш ай чамасында көтөрөт. Андан жалкы да, эгиз да, үч эм да туулат. Кой маарап козусун чакырат, жоктойт.
Койдун жапайы ургаачысы аркар, кочкорун кулжа дешет. Козусун козу эле деп, жаштарга бөлүнүшүндө үй малынан анча айырмасы баамдалбайт.
Адатта, кадырман конокторго кара кой, кара козу союш нарктуулукту билдирет. Кара кой күндүн нурун өзүнө тартат. Эти ширелүү келет.
Эчки. Бул – ача туяктуу кепшөөчү жаныбар. Эчкинин жаңы туулганы улак (ургаачы улак, эркек улак). Эркеги бир, бир жарым айында биттелет. Улагында теке салынат. Бул – чебич чагында тууйт дегендик. Эчкинин эркегин серке, ургаачысын чебич дейт. Эки жаштагыларынан баштап тубар эчки, эчки, эркегин эркеч деп атай берсе болот. (Коомдук чарбаларда төл алууга байланыштуу 1-туут, 2-туут, 3-туут, 4-туут деп айтылуучу).
Эчкинин сүтү менен эти аш болумдуу. Ал жердин отуна байланышат. Сүттүү эчкилерди «мөөн эмчек» дейбиз. Эчки кой сымал төлүн курсакта беш ай көтөрөт. Анан төлдүүлүгү артып, көбүнчө эгиз, үч эм, төрт эм тууйт. Бизде эчкинин Ангар (тыбыттуу), жергиликтүү (кылтактуу) тукумдары асыралат. Алар бадалдуу, тоо-таштуу жерлерди байырлайт.
Эчки шыбакты, терскенди, бак-дарактардын бүрлөрүн, жалбырактарын, төтөн, эрменди жакшы көрөт. Эрмен оттогон эчкинин эти, сорпосу эрмен даамданат, жыттанат. Анын дарычылык касиети зор. Карын майы калпактай, бөйрөк майы табактай болот. Себеби бул мал семиздикти ичине жыят. Улак кеч күздө бөтөнчө тулуптай семирет. Кыркылбаган улактын эти дары. Андан жаабөйрөк кылып бышырышат.
Негизи, ача туяктуулардын (төө, уй, топоз, кой-эчки ж.б. кайберендер) эттери сүрсүтүүгө бөтөнчө шартташкан. «Жылкы сойсоң, үч күн баса жат, уй сойсоң үч күн кача жат» – дейт. Анткени туздалган эт үч күндө ширесине келет. Тоолуу алкактардын малдарынын эттери даамдуу, калориясы күчтүү. Бетеге-тулаң оттоп, шар суу ичип, шор жалаган малдын эти чыйралып турат.
Эчкинин териси койдуку сымал ашатылат. Андан түрдүү кийим-кечектер, буюм-тайымдар жасалат. Эчки улагын мекиренип чакырат, жоктойт. Эчки семизи моюнунан билинет.
Жылкы тукуму. Ургаачысы – бээ, үч-төрт жаштагысы – байтал.
Эркеги: анын ичинен тукум улоочусу – айгыр. Бычыл ганы – ат. Бир-бир жарым жаштагы жылкы баласы – тай, бир жарым, эки жарымдагысы – кунан чыкма, үч-үч жарымдагысы – бышты чыкма. Үч жарым жаштагысынан жогоркусу – асый. Ал эми баласы – кулун, жабагы деп аталат. Жылкы баласын сегиз ай көтөрөт.
Айбандар, канаттуулар жөнүндө: Ит. Иттин ургаачысы– канчык, эркеги – дөбөт, баласы – күчүк.
Мышыктын эркек, ургаачысы тең мышык деп аталат, баласы – мый.
Ал эми күчү адал, сүтү арам – эшек тукумун кыргыздар аз урунат. Баласы кодик деп аталат.
Жапайы жырткычтар: Илбирс, жолборс, сүлөөсүн, мадыл, карышкыр, күрөң аюу, карсак, ачкүсөн, түлкү, чөө. Бул жаныбарлар өтө азайып кеткен.
Кайберендер: аркар – ургаачысы, эркеги – кулжа.
Кийик: ургаачысы – эчки, эркеги – теке.
Бугу: ургаачысы – марал, эркеги – куран.
Кара кийик: эркеги – каман, ургаачысы – мегилжин.
Мындан тышкары жергебизде кулан, жейрен, сайгак болгон, азыр жок.
Териси баалуу жаныбарлар: Түлкү, карсак, кашкулак, суур ондатр, ачкүсөн, кундуз, суусар, тыйын чычкан.
Жогоруда аты аталган жаныбарлардын көпчүлүгү азайып, жоголууга дуушарланууда.
Үй канаттуулары: Тоок: ургаачысы – мекиян, эркеги – короз, Балапаны – жөжө, чыбый.
Күрп. Каз. Өрдөк. Индоутка (башка тилден кирип, бирок кыргыз лексикасында колдонулуп, кыргызчасы жок).
Зазырга. Көчмөн мезгилинде кыргыздар канаттуу багышчу эмес. Кийин гана союз мезгилинен баштап бага баштадык.
Жапайы канаттуулар: Бүркүт. Жору. Ак кажыр. Кара чакылдак. Аксары. Айры куйрук. Көк кулаалы. Бөктөргө. Чоң үкү. Бадырган. Ителги. Куш. Шумкар. Туйгун. Тунжур. Ылаачын. Чүйлү. Турумтай. Кыргый. Жагалмай. Күйкө. Борбаш.
Бул ийри тумшуктуу канаттуулардын көпчүлүгү башка жакка ооп кетишкен, себеби биздин жерде алар азыктана турган нерселерден тартыштык жаралып, ошондуктан айрымдары жок болуп кетти. Ийри тумшуктуу канаттуулар жөнүндө азыраак маалымат: Илгери кыргыздарда куш таптаган мүнүшкөрлөр көп болгон. Алар таптаган куштун бардыгы ийри тумшук куштардын катарына кирген. Мүнүшкөрчүлүк бизде жогору бааланган. Азыр бул өнөрдү аркалаган адамдар сейрек.
Кузгун. Ала карга. Кара карга. Чар карга. Көк карга. Сагызган. Чөкө таан. Күкүк. Күүгүм боз. Кызыл тумшук таан – бул түз тумшуктуулар тарп, таштанды, чычкан, курт-кумурскалар менен тамактанышат, мындайча айтканда, «жаратылыш санитарлары». Кээ бирлери аба ырайына, жыл мезгилине карата тоолордон алыстабай жашашса, кээ бирин айыл-кыштактардан эле жолуктурууга болот.
Суу куштары: Ак куу. Каракунас. Каз. Аңыр. Өрдөк. Кылкуйрук. Соночүрөк. Ак чардак. Ызгыт. Тартар. Кашкалдак. Безбелдек. Чулчук.
Суу куштары аз, кийин көпчүлүгү жашоо-шарттары оордогондуктан, башка жакка ооп кетишкен.
Кургактагы илбээсиндер: Тоодак. Улар. Каркыра. Турна. Кекилик. Чил. Каракур. Кыргоол. Карабоор. Көгүчкөн. Бактек. Бозтек. Бөдөнө.
Илбээсин куштардын айрымдары дагы жерибизде жашоо кыйын болуп кеткендиктен башка жакка ооп кетишкен.
Майда чымчыктар: Кара чыйырчык. Ала чыйырчык. Майна чыйырчык. Сасык үпүп. Сары барпы. Боз таркылдак. Ала дунган. Таш доңкулдак. Чакчыгай. Торгой. Жылкычы кучкач. Эжеке бээ саа. Таталбек. Боз чыйпылдак. Айсары. Чоң тумшук. Шиш тумшук. Кызыл чок. Боз кашка. Таранчы. Тоо таранчы. Кара таш. Котуракай. Короолу. Каршыгач. Чабалекей. Булбул. Көк тамак. Куркулдай. Чырылдак. Үкү баш. Мукуру. Дирилдек канат.
Сайроочу чымчыктар: Булбул. Торгой. Чабалекей. Көк тамак. Кара чыйырчык. Карала барпы. Саркоролу.
Таталбек. Кызыл чок. Чакчыгай.
Сайроочулар көмөкөй менен тилин дилдиретип сайрашат. Айрымдары канаттарын кагып турат. Жалпы эле майда чымчыктар айыл чарбасына зыянкеч курт-кумурс каларды жок кылышат.
Жерде жашоочулар: Уулуу жылан. Боз жылан. Суу жылан. Кескелдирик. Курбака. Кызыл бака. Таш бака. Кирпи. Билерик. Кош аяк чычкан. Келемиш чычкан. Арс чычкан. Мумуя чычкан. Сокур чычкан. Жертешер чычкан. Үй чычкан. Момолой чычкан.
Сууда жашоочулар (балыктар): Сазан. Көк чаар. Каражон. Коюж. Бакабаш. Майчабак.
Кыргыздар балыктардан ушуларды гана ажыраткан. Көчмөн элибиз тамак-аш жаатына балыктарды колдонгон эмес.
Тайган таптоо
Уламыш. Эл ичинде айтылган уламыш боюнча тайгандын кырааны жорунун жумурткасынан жаралат. Жору басып чыгарган күчүктү адам үч күнгө чейин көрүп алып калса, андан эч бир аң качып кутула албаган алгыр тайган өсүп чыгат. Жорунун дагы аталышы кумай. Кыргыз эли тайгандын айбаттуу алгырын кумайдан жаралган ыйык ит деп «Кумай+ыйык» деп ат беришкен. Мына ушундай уламышка байланышкан тайган – Кумайык байыртадан бери келаткан аңчы иттин тукуму экенин айгинелеп турат. Кыргыз уламышында асманга уя салып жумуртка тууп жашаган «умай» деген дагы бир куш учурайт.
Тайган жолборс менен аюуга кол салып, каман, илбирс, бугу, марал, аркар-кулжа, эчки-теке, карышкырды тобу менен ооз омурткасын, жаки жото жилигин былчырата тиштеген. Бир серпип өтүү менен толорсугун сууруп таштаган. Алгыр тайганы бар айылга түн ичинде эч убакта карышкыр келбейт. Кыргыз күлүк ат, бүркүт, шумкарды кандай көрсө, тайганды да ошондой ардактайт.
Жолборс алган тайгандар болгон. Тайгандын анык кыраанын Кумайык деп, кыргыздын билишинче аны көк жору тууп, туугандан үч күнгө жете киши көрсө кумайык (тайган) болуп, андан өтсө жорунун балапаны бойдон калат. Таза тайганды тайганга, жаки түркөй иттин жакшысына салыштырганда башка дөбөткө буздурбас үчүн чагышар замат муздак сууга салып алат. Күчүк жагынан сөөк бербейт, чийки эт бербейт, итке талатпастан, эр жүрөк кылып асырайт.
Тайган сыны: Кыраан болор тайгандын сыны: кабагы тик болот. Тумшугу узун, ичке. Көзү кызгылт. Сырты оңтой түз. Моюну жумуру. Оозу өтө чоң. Бели кыска. Эки жамбаштын кошкон эни төрт эли, жаки андан да кең. Толорсугу тик. Беш манжа – таманы кууш, кичине. Туу куйругунун түбү жоон болот. Таза семиргенде кайта конок көжө берип байлап, салар чакта шорбакта берет.
Тайгандын күлүктүгү. Тайган аңчы кууганда орто эсеп менен саатына 60–80 км ге чейинки ылдамдыкта чуркайт. Жакын аралыкка катуу чуркаганда саатына 90 км, б.а., секундасына 15 метрге чейин чуркайт. Тайгандын чуркаган ылдамдыгы жер шартына жана жагдайга жараша болот. Түзгө караганда тоолуу жерлерде жана калың карда тайгандын ылдамдыгы албетте азыраак.
Тайганды ууга көндүрүү. Тайгандарды бир жашынан тартып кой ашык, куу ашык тайгандарга кошуп талаа, тоого алып чыгып, жер таанытып ууга көндүрө баштайт. Сөөгү катып, булчуңдары өсүп жетиле элек жаш тайганды катуу чуркатып, көп кыйнабайт. Адегенде майда жапайы жаныбарларды, бара-бара жырткыч айбандарды тиштегенге, бийик тоолордогу эчки-текелерди кууп-кармаганга акырындык менен көнүктүрүп үйрөтөт.
Иттин жашы. Кыргыз тилинде иттин жашын айтканда атайын колдонулуучу сөз айкалыштары бар. Бирок муну азыркы көпчүлүк кыргыздар билишпейт.
Иттин жашы: күчүк, бир жаш, эки жашка чыккан итти – көк ашык же ак ашык, үч жаштагысы – кой ашык, төрт жаштагысы – куу ашык, беш жаштагысы – экинчи куу ашык, алты жаштагысы – үчүнчү куу ашык деп улантыла берет.
Тайгандын жашын аныктаганда жогорку сөз айкалыштары менен катар «кар башы» деп да айтылат. Бир жаштагы тайган бир же жаңы кар басты, эки жаштагысы – үч кар басты деп саналып кете берет.
Кыргыз тайганы. Нукура кыргыз тайганы эчен замандан бери табигый тандалуунун жана элдик селекциянын натыйжасында бийик тоого, ак кар, көк музга, жалама тик беттерге, шагыл-ташы куюлган боорлорго, аска таш ка жана талаа-түзгө ылайыкташкан, өйдө-ылдый учкан куштай зыпылдап бирдей жүгүргөн аңчы ит болуп жаралган. Тайгандын мүчөсүндө ашыкча эс нерсе жок, сындуу, кыймылы элпек, жүрүшү жеңил, денеси чымыр, чыйрак болуп сыпайы, пейили ток, акылдуу, ошону менен катар кыраакы, кыраан, сүрдүү тайбас болот. «Тайган окторулуп түйүлө чуркаганда арткы эки буту эки шалпаң кулакка жетип, тырмактары менен кулактарын каната тытып таштайт. Бул артыкчылык чыгаан күлүк тайгандын белгиси болуп эсептелет» – деп илгертеден эл арасында айтылып келген кеп бар. Алгыр тайгандар ууга чыкканда ээсинин асты жагында желе-жорто жойлой жүрүп, аңды алыстан байкап, аярдап басып, алдыртан аңдып, атырыла чуркап карышкыр, түлкү, чөө, суур, кашкулак, доңуз, элик алып, кийикти жарга камап берет.
Илгери жайы-кышы тоо койнунда көчмөн турмуш өткөргөн кыргыз менен кошо, жүргөн тайган жарым-жартылай жапайы абалда жашоого мажбур болгон. Жоокерчилик заманда ар дайым тайганга тамак берип бапестеп бакканга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ачка жүргөн учурларда тамакты аргасыз өзү таап жеген. Табияттын татаал тандалуусунан өткөн тайгандар гана жашап кете алышкан. Тайгандын камдуу, күчтүү жана жүндүүлөрү аман калып, чабалдары менен калың жүнү жоктору кыштын оор сыноосунан чыкпай калышкан. Узак убакыттагы тоонун климаты менен табияттын талабына ылайыкташуунун натыйжасында таза тукумдагы тайган негизинен кара же каралжын түстө, жүндүү, айрыкча боор жана колубуттарынын бучкак жүндөрү узун келип, кыш алдында жүн түптөрүнө тыбыт өсүп чыгат. Кара түстүү калың жүн күн нурун өзүнө тартып сиңирип, жылуулукту жакшы сактап, тайганды кыштын чыкыроон суугуна байымдуу кылат. (Байкасак таза тайган менен топоздун көп окшош жактары бар жана экөөнүн негизинен кара же каралжын түстөгү тыбыттуу калың самсаалаган жүндөрү жайкысын салкын, кышкысын суук, абасы суюк бийик тоо шартында калыптанганынын белгиси.) Таза тайгандын дагы бир артыкчылыгы жүнү түлөп бүткөндөн кийин жапайы жаныбарлар сыяктуу жайдын акырында жана күзүндө кара эти толуп, керектүү өлчөмдө май топтоп, кышка даярдана баштайт. Таза тайган кыштан каржалбай комдуу чыгат.
Тайганга мүнөздөмө: Тайган – Кыргызстандын тоолуу шартында калыптанып байыр алган байыркы аңчы иттин тукуму. Тайган бийик тоо, аска-зоолорго, ак кар – көк музга, калың токой-бадалдуу жерлерге жана талаа-түздө аңга чыгууга ылайыкташып, учкаяк күлүк, шамдагай, кыраан, айбаттуу, алгыр, жытчыл, из кубар келип алыс аралыкка чарчабай чуркайт жана тоодогу катаал шарттарга бышыккан чыдамдуу, чыйрак (деңиз деңгээлинен 2–4 миң бийиктиктеги аңчылык), сак кулак, кыраакы болот. Тайган менен аркар-кулжа, эчки-теке, элик, карышкыр, түлкү, чөө, доңуз, суур жана кашкулакка ууга чыгат.
Тайганды бүркүт менен да кошо салат.
Кыргызстандын жер шартынын ар түрдүүлүгүнө байланыштуу тайгандын тоого жана түз өрөөнгө ылайыкташып калыптанган эки түрү кездешет. Тоолуу аймактардагы тайгандар узун жүндүү, тулку бою чымыр келип, негизинен кара түстө болот. Түз өрөөндөгүсүнүн дене түзүлүшү жукараак, көбүнчө куу түстө, жүндөрү суйдаң, бирок айрым мүчөлөрүндө узун жүндөрү сакталып калган.
Тайгандардын сымбаты. Эркек тайган менен канчыгынын айырмачылыгы айкын байкалат. Эркектери өңдүү, сүрдүү, кайраттуу.
Жүрүш-турушу жана мүнөзү: сыпайы, ток пейил, кыймылы элпек, шамдагай. Жөн жүргөндө камаарабас токтоо, бирок аңды көргөндө айбаты ашып ыргыштап, чакчарылып турат. Ууга чыкканда желип-жортуп чабыттап, жыт искеп, из кууп, аңды алыстан байкап, аярдай басып, алдыртан аңдып, качкан аңды аткан октой атырылып чуркап кууйт.
Түсү: кара (негизги түс), көк, мала (ар кандай кошумча түстө болушу мүмкүн), куба, чаар. Каралжын түстөгүлөрдүн тумшук, маңдай, колу-буттары менен төшү агала (ала аяк, ак төш) же ошол эле мүчөлөрү жана көздүн үстү куйкул (төрт көз) түстө болушу ыктымал.
Жүнү: жумшак, узун, калың, кыш алдында жүндүн түптөрүнө тыбыт өсүп чыгат. Тумшук, маңдай, жону менен белиндеги жана төрт шыйрактын астынкы тарабынын төмөн жагындагы манжага чейинки өскөн жүндөр узун эмес. Билек, сан, бучкак жүндөрү узун, бужугур айрым учурда учтары кайрылып тармалдашып турат. Желкесиндеги моюн жана омуроо менен билектеги жүндөрү жакшы өсүп, шыйракка чейин түшкөн. Сан, бучкак жүндөрү узун келип шыйрактын арткы жагын жаап турат. Дене капталынан төмөн карай өскөн жана боор жүндөрү узун, калың келет. Кулагындагы жүндөр жумшак, бужугур болуп ылдый салаңдап турат. Манжаларынын арасында кылчык жүн өскөн жана куйруктун салаң жүнү анча узун эмес. Жүндөрдүн мындай жайгашып өсүшү тайганга гана тиешелүү.
Териси, булчуң эти, сөөгү, териси бышык, чоюлчаак, бырышсыз, булчуң эттери өтө чымыр, айрыкча арткы буттары менен бел жагындагы булчуңдар жакшы өнүккөн. Сөөгү бекем, бирок оор эмес.
Башы: узун, как баш. Төбөсүнөн караганда баштын жогорку бөлүгү (мээ кутусу) жазы келип, тумшукту көздөй үч бурч шынаа сымал болуп кетет. Төбөсү менен желкеси анча томпоюп чыкпайт. Маңдай менен тумшуктун ортосу тик эмес, жылма. Тумшугу түз же саал кочкор тумшук. Тумшугунун узундугу баштын жогорку бөлүгүнө барабар. Уурту салаңдабай, эриндери жаак сөөктөрүнө тыкан жабыша жайгашкан. Кулактары жука, шалпаң кулак, кулагынын жүндөрү бужугур, сөөм келет. Көздөрү бакыракай, күрөң же кара күрөң түстө болот. Мурундун учу чоң, жазы, кара түстө. Тиштери бекем, ирдүү, апакай, кыналышкан. Мойну узун, эки капталынан бир аз кысыңкы, жука. Көөдөнү кенен, карчыга кабыргалары жоон, жону түз, жазы, булчуңдуу, өркөчүнүн артында анча чоң эмес чуңкурча бар. Бели бекем, учкай, томпогураак, соорусу жазы, узун, жантык. Ичи тартылган, кескин түрдө капшырылып кирип кетпейт. Астыңкы колдору сөөктүү, булчуңдуу. Астынан караганда арткы буттары түз жана катар турат, чымыр, булчуңдуу. Толорсук мууну бышык, оркоюп чыгып турат, шыйрагы кыска жана ашыкча жантык.
Куйругу: жоон эмес, узун эмес, кылыч сымал формада, куйрук учу кайрылып чагарак болуп кетет. Куйрук аягындагы омурткалар кайрылып тегерек болуп өскөн дүктөн толук жазылбайт. Куйруктун чагарагы толорсуктан төмөн түшпөй адатта андан өйдө болот. Жөн турганда куйругу түшүп турат. Басканда куйругун жондун деңгээлинде, андан өйдө көтөрүп жүрөт. Куйруктун салаң жүнү анча узун эмес. Тайганга карата таамай айтылган таасын сөздөр:
«Ит кырааны тайгандыр, тайганды таптап салгандыр». «Табам десең тайган тап, жакшы таптап, жакшы бак».
«Табын билсең тайгандын табылганы таалай бак».
«Туйгунду күтпөй тайган күт, тайганды багып тойгун журт».
«Туйгунду салбай тайган сал, тайганды салган тапкан мал».
«Азуулашып алышкан, кандарын суудай агызган, алгырлыгы бир башка, Кумайыктын түрү бар».
«Алгырлыгы артыкча, карышкырдан кайра тартпаган тайган, иттин асылы».
«Алгыр болсо тайганың, алтындан алып каргы так».
«Тайган ууга чыкканда желе-жорто чабыттап, чарчабайт да чаалыкпайт, анан эч бир кутултпайт».
«Тайгандарын каңшытып, бүркүттөрүн шаңшытып алты-жети ай жоголуп, салбурун кетип калбасын».
«Тайгандарын каргытып, аргымагын аргытып, салбурундап жүрүшкөн – бабалар салтыдыр».
«Каргылап тайган ит алып, кара барчын куш алып».
«Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт».
«Ит агытып, куш салган, салбурундап жер чалган – бабабыздан калган иш».
«Тайган аңды алыстан байкап, алдыртан аңдып, качкан аңды атырылып чуркап кууп жетип тиштейт».
«Тайгандын көркү айдакта».
«Тайган карышкырга бой алышып барбай, амал менен алат».
«Кынжылуу же кынжылалуу тайган».
(Кынжы. Илгери кыргыздар жыгачтан (табылгы тал чыбык ж.б.) кынжы жасап, каап албас үчүн тайган, дөбөттөрдүн же кармап келген карышкыр ж.б. жырткыч жапайы жаныбарлардын тумшугуна кийгизип коюшчу.)
КЫРГЫЗ ЖЫЛ ЖАНА АЙ САНАГЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ ТОРОҢ ЖУМАЕВ, жыл санакчы
АЙ, КҮН КАЛЕНДАРЫНЫН ЖАРАЛЫШЫ
Кыргыз Республикасында Ай-Күн календарынын жаралышы, кыргыз элине көптөгөн жаңылыктарды алып келди. Япония, Индия жана башка Чыгыш өлкөлөрү сыяктуу эле кыргыз эли да чыгыш элдеринин катарындагы эң байыркы эл экени аныкталып турса, бул жаңылыктардын эң орчундуусу экени, Ай-Күн календарында даана көрүнүп турат. Ошол Чыгыш элдеринин ичиндеги жападан жалгыз кыргыз эли гана ар ай сайын жаңырган асмандагы Айларга кылымдардан бери эле өз-өзүнчө ат коюп алышкан. Демек, илгертен бери эле кыргыз эли боюнча асманда аты жок Ай болбойт.
Кыргыз эли боюнча ар жыл сайын өзүнүн кезегинде «Жалган куран 7 тогол» деген аттагы Ай асманда жаңырбай туруп, кыргыз элинин жаңы жылы башталбайт. Өткөн социалисттик коомдо ар ай сайын жаңырган асмандагы Айлардын атын жапырт унутуп калгандыгыбыздын кесепетинен, март айынын кыргызча аталышын жалган куран деп жарыялап алып, кыргыздын жаңы жылы 21-мартта, Ноорузда башталат деп одоно адашып алдык. Бул адашууга эч ким күнөөлүү эмес. Бул адашуу өткөн коомубуздун, доорубуздун энчиси экени айтпаса да түшүнүктүү. Себеби өткөн доордо асмандагы Айдан кабар алган бир да киши болгон эмес.
Ар жыл сайын асманда жаңырган «Жалган куран 7 тогол» деген аттагы Ай жаңырганда гана жалпы чыгыш өлкөлөрү менен бирге Кыргыз элинин да жаңы жылы башталат. Демек, Ай жылынын же Мүчөл жылдын биринчи айы, ар жыл сайын жаңырган асмандагы «Жалган куран 7 тогол» деген аттагы Ай экенин унутпайлы. Ал эми март айынын кыргызча аталышын жалган куран деп жарыялап алып, календарь жок болсо деле кыргыздын жаңы жылы 21-мартта, Нооруздан башталат десек, анда бул одоно жаңылыштык экени оркоюп эле көрүнүп калат. Себеби календары жок Ай, Күн календарынын жаралышынын натыйжасында, эми мындан ары Күн жылы менен Ай жылынын ортосундагы чек ара толук ажыратылат. Маселен, январь айы келип калса эле Ай жылы да кошо келбейт. Ай жылы же Мүчөл жыл башталыш үчүн асманда «жалган куран 7 тогол» деген аттагы Ай жаңырыш керек. Маселен, 2003-жылдын 31-январында төрөлгөн ымыркай жаш балдардын мүчөл жылы жылкы боюнча эле калат. Себеби, 31-январь жылкы мүчөл жылынын акыркы күнү. Ал эми 2003-жылдын 1-февраль күнү төрөлгөн ымыркайдын мүчөл жылы кой болору айтпаса да түшүнүктүү. Себеби 1-февраль күнү асманда мүчөл жылдын биринчи айы болгон «жалган куран 7 тогол» деген аттагы Ай жаңырып жатат. Ай жылынын же Мүчөл жылдын акыркы айы болуп ар жыл сайын жаңырган асмандагы «Бирдин Айы 9 тогол» деген аттагы ай болот. Кээ бир жылдарда гана мүчөл жылдын акыркы Айы болуп асманда он үчүнчү ай болуп жаңырган «Арсар ай» деген аттагы ай болуп калат. Маселен, 2004-жылдагы Маймыл мүчөл жылынын акыркы он үчүнчү айы, 2005-жылдын 10-январы менен 8-февраль аралыгындагы күндөрдө асманда боло турган «Арсар ай» деген аттагы ай болот.
Күн сайын ар бир инсанды айлана-чөйрө, жаратылыш менен байланышта болуп, жаратылыш менен эриш-аркак болууга чакыра турган жер жүзүндөгү бирден бир календарь деп колубуздагы Ай, Күн календарын атоого болот. Себеби адам баласы жаратылыштын кичинекей эле бир бутагы. Ошондуктан ар бир адам жаратылыш менен ар дайым бирге, эриш-аркак болуп жашаш керек. Маселен, ар бир ай сайын жаңырган асмандагы Айдын «Ай арасы» жана «тогол» деген аттардагы Ай мезгилдери бар. Колубуздагы Ай-Күн календарына көз жүгүртсөк, асмандагы айдын мезгилдери, жыл бою кайсыл күндөрдө болуп өтө тургандыгы жөнүндө өзгөчө так маалыматтар көрүнүп турат. Демек, ар бир инсан асмандагы Айдын эки мезгилин билип алса, ал инсан жаратылыш менен байланышта, эриш-аркак болгондугунун эле дал өзү. Анын үстүнө колубуздагы Ай-Күн календары, чыгыш элдеринин календары болуп жалпы жонунан аталганы менен асмандагы Айдын эки мезгили, Ала-Тоо аймагында гана так байкалат. Ал эми ошол эле учурда асмандагы Айдын эки мезгили башка өлкөлөрдө толук байкалбайт. Ала-Тоо аймагын мекендеген байыркы көчмөн кыргыз эли гана асмандагы Айдын эки мезгилин өзгөчө так билип алышкан.
Толук унутулуп кеткен ата тарыхын, ата мурастарын калыбына келтирүү багытында, колубуздагы Ай-Күн календары эгемендүүлүктүн баалуу табылгасы, баалуу белеги экени кашкайып эле көрүнүп турат. «Айга карап, айдап сеп» деген ата-мурас сөзү өткөн ата-бабалар, асмандагы Айдын, тамак-ашка керектелүүчү жашылча, аштыкка тийгизген таасирин так билишкен. Маселен, түшүмүн тамырынан берүүчү аштыктарды себүүнү асмандагы Ай толгондон кийинки күндөрдө гана башташкан. Түшүмүн тамырынан эмес, жогорку сабагынан берүүчү аштыкка жарай турган үрөндөрдү себүүнү, асмандагы Ай жаңыргандан кийинки күндөрдө башташкан. Ал эми дан эгиндеринин тобундагы ак эгиндер деп аталчу буудайды, арпаны, сулуну, жаз айларында асманга «Кулжа 1 тогол» деген аттагы Ай жаңырганга чейин же Үркөр топ жылдызы батканга чейин сээп бүтүп коюшкан. Себеби ар жыл сайын асманда «Кулжа 1 тогол» деген аттагы ай жаңырганда гана Үркөр топ жылдызы батып кетет. Дан эгиндер тобундагы кара эгиндер деп аталчу тарууну, конокту, жүгөрүнү, шалыны Үркөр топ жылдызы батып кеткенден кийинки же асманда «Кулжа 1 тогол» деген аттагы Ай жаңыргандан кийинки гана күндөрдө себүүгө кезек келген.
Ысык-Көл областы баш болгон тоолуу райондор 1999жылы жаратылыштын жагымсыз мыйзамченемдүүлүктөрүнө капысынан кабылып калышканы эсибизден кете элек. Бийик тоолуу райондор ошол жылы жазында ак эгиндерди Үркөр топ жылдызы батып кеткенден кийинки күндөрдө сээп калышкан. Билбестиктин кесепетинен, бийик тоолуу райондор Үркөр батып кеткенден кийин деле буудайды себе бергендиктеринин натыйжасында, ошол жылы күзүндө буудай бышпай туруп калып, калың кардын алдында калган. «Үркөр батты, кош жатты» деген өткөн ата-бабалардын сөзүн сыйласак, ошол жылы үркөр баткандан кийинки күндөрдө буудай себишти бүт аймакта токтотуш керек болчу. «Буудай сепсең күздө сеп, күздө сепсең жүздү сеп» деген ата-баба сөзүнүн мазмунуна токтолсок, бийик тоолуу райондор буудайды күзүндө гана, күздүк түрүндө сеп деген мааниде. Себеби бийик тоолуу райондор күздүк буудай бышпай калып, кар алдында калды деген ушак сөз жомокто да жок нерсе. Колубуздагы Ай-Күн календарынын түп нускасына көз чаптырсак, кара тоголок белгиси бар күндөрдө, башкача айтканда, жыл бою кайсы күндөрдө асманда Ай жаңырып калары жөнүндө, ошол жаңырган Айлар сары тоголок белгиси бар күндөрдө, асмандагы Ай толуп калары жөнүндө гана «Кулжа 1 тогол» деген аттагы Ай жаңырганда Үркөр топ жылдызы батып кетери жөнүндө баалуу маалыматтар бадырайып эле көрүнүп турат.
Ай-Күн календарындагы бул маалыматтар жалгыз эле дыйкан чарбалары үчүн зарыл керек болбостон, жалпы Кыргызстандагы жашоочулар үчүн дагы зарыл керек нерсе. Себеби Кыргыз Республикасынын бардык районшаарларында аз да болсо, кичинекей болсо да огороду жок үй-бүлө жокко эсе.
2002-жылы жарык көргөн, 2003-жылга арналган, колубуздагы Ай-Күн календарынын жалпы көрүнүшү, көркөм түстө болуп, жаңыдан жаңырган асмандагы Айды, Ала-Тоо аймагын, 2003-жылдагы Кой жылын чагылдырып, мүйүздүү кочкордун сүрөтү көрсөтүлүп, 2002-жылдагы эл аралык тоо жылын даңазалап турат. Республикалык масштабда, калкыбыздын калың катмары кеңири колдоно баштай турган бул календарды, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында жаралган баалуу табылга деп атоого болот.
Байыркы көчмөн кыргыз элибиздин көрөңгөсү, бабаларыбыздын баа жеткис табылгасы, белдүү белеги – бул асмандагы айлардын атын тогол аты менен кошуп атоо болуп эсептелинет.
Тогол деген түшүнүктү чечмелесек – бул тогошуу, жакындашуу дегенди билдирет. Маселен, ар жыл сайын март айынын көпчүлүк күндөрүндө асманда болуучу «чын куран 5 тогол» деген аттагы айды түшүндүрө турган болсок, асманда чын куран айы жаңыргандан кийин беш күн өткөндө, так ошол Ай Үркөр жылдызына тогошуп, жакындашып калат. Муну тогошуу дейбиз. Ушул себептен асмандагы бардык айлар тогол аттары менен кошо аталып калган. Байыркы көчмөн кыргыз эли жаратылыш менен күндүр-түндүр эриш-аркак болгон. Жаратылыштын жагымсыз жагдайы күтүлө турган күндөрдү алар күн мурунтан эле жадыбалдай жатка билишкен. Маселен, асмандагы Айдын «Ай арасы» жана тогол деген аттагы ай мезгилдерин алар эч качан унутушкан эмес. Ушул ай мезгилдери боло турган күндөрдө, күн бүркөлүп, аба ырайында өзгөрүүлөр боло тургандыгын алар эң жакшы өздөштүрүп алышкан.
Теңирчиликти жападан жалгыз кыргыз эли кылымдардан бери баалай билишкен эл болгон. Теңирчиликтин жападан жалгыз өкүлү – бул табият. Табиятты кыргыздар туу тутуп, ага жолтоо болбой, ыйык деп баалап, анын мыйзамченемдүүлүктөрүнө баш ийип барктап келишкен.
Кыргыз элинин көчмөн турмушу гана кыргыз элин Теңирди терең билүүгө аргасыз кылган. Көчмөн турмуштун оор түйшүгү гана адамдарды бири-бирине жардамдашууга, кол-кабыш кылууга, боорукерликке, ыймандуулукка, кайрымдуулукка үндөгөн. Бул жакшы жөрөлгө, көчмөн элдердин гана дөөлөттүү табылгасы болгон.
Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө боюнча Күн жылы жана Ай жылы же Мүчөл жылы деген бар. Календары жок жыл болбостугун, ар бирибиз унутпайлы. Демек, бүткүл дүйнө элдеринин эл чарбасында кеңири колдонулуп жаткан Күн жылынын Күн календары же Григориан календары жана Ай жылынын Ай календары же Мүчөл жылдын эле календары бар. Башка мазмундагы календарлар деле аз эмес. Бирок ал календарларды эл чарбасында колдонууга мүмкүн эмес. Маселен, мусулмандардын «хижрө» жылынын календарын эл чарбасында колдонууга болбойт. Себеби бул календарь дин кызматкерлерине арналган календарь экен.
Калктын калың катмарына кеңири маалым боло баштаган колубуздагы Ай-Күн календары кыргыз эли үчүн зарыл керек нерсе. Себеби ак кар, көк муз мекендеген бийик тоолуу мекенибиздин аймагында жыл бою тез-тез өзгөрүлүп туруучу континенталдуу климат мүнөздүү.
Ар бир инсанды жаратылыш менен күн сайын эришаркак болууга чакыра турган Ай-Күн календары Ала-Тоо аймагындагы жашоочулар үчүн өзгөчө керектелет. Себеби тоолуу аймактын климатын, аба ырайын, ай мезгилдерин, жыл мезгилдерин билип алуу ар бир адамга керек нерсе. Маселен, машина айдоочулар, МАИ кызматкерлери – жыл ичиндеги кайсы күндө күн бүркөлүп, аба ырайында өзгөрүүлөр болорун билип алышса, бул календарь жаратылыш жөнүндө календарь экенин, жаратылыштын жагымсыз жактары качан болорун күн мурунтан билүү дегендик. Демек, бул календарь аба ырайына байланыштуу болгон ар кандай кокустуктардын алдын алуу, ар кандай автожол кырсыктарын профилактикалык жол менен кыскартуу жана адам өмүрүн сактоо дегендик.
АЙ-КҮН КАЛЕНДАРЫ ЖАНА ЖАЗГЫ АЙДАП-СЕБҮҮ
Жаз айларында түшүм тамырынан эмес, жогорку сабагынан берүүчү, тамак-ашка керектелүүчү жашылча жер-жемиштерди – помидор, бадыраң, баклажан, капуста, ашкабак, коон, дарбыз жана башкалардын үрөнүн асмандагы Ай жаңыдан жаңыргандан кийин, он беш жаңысы болуп, толуп калганга чейин сээп бүтүп коюш керек. Ушуга байланыштуу эл арасында айтылып калган төмөндөгүдөй ыр саптары бар.
Ай жаңырып толгуча, Он төрт жаңы болгуча. Үрөн сепкин ушунда, Түшүм жыйнар учуна.
Коон, дарбыз, анделек, Бадыраң, зире баарын сеп. Асыл байлап шагына,
Арбыйт түшүм бактыңа.
Арбын түшүм ашатат, Айдасаңар ашкабак.
Ал эми түшүмүн тамырынан берүүчү үрөндөрдү жержаңгак, сабиз, пияз, кызылча, картошка жана башкаларды асмандагы Ай толгондон кийин, он беш жаңысынан ооп, түнкүсүн кечигип корголоп тийип, кичирейе баштаган күндөн тартып себүүнү башташ керек. Ушуга байланыштуу эл арасында кылымдардан бери калган төмөнкүдөй ыр саптары бар:
Ай корголой баштаса, Айдар үрөн башкача. Түшүм берер тамыры, Сабиз, пияз, дагысы.
Айдай бергин айдошко, Аппак, кызыл картошка. Шат түшүмү ушунча,
Шалгам менен кызылча.
Дан эгиндеринин тобундагы ак эгиндер деп аталчу арпаны, сулуну, буудайды жаз айларында асманда «Кулжа 1 тогол» аталыштагы Ай жаңырганга чейин же Үркөр топ жылдызы батканга чейин сээп бүтүрүп коюш керек. Себеби ар жыл сайын асманда «Кулжа 1 тогол» аттуу Ай жаңыргандан кийинки күндөрдө гана себүүгө кезек келет.
Өткөн ата-бабаларыбыз үркөр топ жылдызы батып кеткенден кийин кылкандуу дан эгиндерин себүүнү бардык аймактарда токтотушкан. Себеби «Үркөр батты, кош жатты» деген ата-баба накыл сөзүн алар бекеринен айтышкан эмес. Ата-бабаларыбыз жаратылыштын ыйык мыйзамченемдүүлүктөрүнөн буйтап кетпес үчүн ар дайым сак болушкан.
«Кулжа 1 тогол» аттуу Ай ар сайын эле бир күндө жаңыра бербейт. Демек, Үркөр топ жылдызы да ар жыл сайын эле бир күндө батып кете бербейт. Маселен, 2003- жылдын 1-майында, 2004-жылдын 19-апрелинде, 2005-жылдын 8-майында, 2006-жылдын 27-апрелинде «Кулжа 1 тогол» аталыштагы Айлар асманда жаңырат. Так ушул жылдардын ушул үркөр топ жылдызы да батып кетет. Демек, 2003-жылы болсо, жаз айларында кылкандуу дан эгиндерин себүүнү 1-майга чейин бүтүп коюш керек. Ал эми кара эгиндер деп аталчу эгиндерди сепкенге 1-майдан кийин гана мөөнөт келет.
Мына ошентип, дан эгиндеринин үрөнүн себүүдө караманча асмандагы үркөр топ жылдызынын гана таасирин так билишибиз зарыл. Ал эми тамак-ашка керектелүүчү жер-жемиш, жашылчалардын үрөнүн себүүдө асмандагы Айдын гана таасирин так билишибиз керектелет. Асманда Ай жаңыра турган күнү асмандагы Ай он беши жаңысы болуп толуп кала турган күнү бардык аймакта айдап-себүү иштери жүргүзүлбөш керек. Себеби ошол күнү асмандагы Айдын фазасы алмаша турган күн болот. Ошол күнү башка чарбалык жумуштарды аткарсак деле аздык кылбайт. Маселен, арык тартуу, шак тартуу, огородду отоо чөптөрдөн арылтуу жана башка иштер менен алек болушубуз керек. Чындыгында күздүк буудайдын артыкчылыгы арбын. Себеби күздүк буудай талаалары жазында кар кетери менен эле жапжашыл көйкөлгөн талаага айланат. Күздүк буудай көйрөң келет. Ар бир түбү шыраалжындай, чийдей болуп чайпалат. Жазында отоо чөптөр баш баккыча күздүк буудай тизеге көтөрүлүп кетет. Ошондуктан, күздүк буудайдын күзүндө суюгураак себиш керек. Күзүндө чыккан күздүк буудайды мал жеп койсо деле мейли. Себеби күздүк буудайдын жазында чайлай турган тамыры эсен да. Бирок жазында күздүк буудай талааларына эч качан мал жолотпош керек. Ардактуу академигибиз Жамин Акималиев күздүк буудайдын мекени деп Ысык-Көл облусу баш болгон республикабыздагы бир катар бийик тоолуу райондордун атын радиодон бир нече жолу айткан. Күздүк буудай июль айынан баштап түмөндөгөн мол түшүмдү бере баштайт.
Ушул себептен ата-бабаларыбыз «буудай сепсең күздө сеп, күздө сепсең жүздү сеп» деген накыл сөздү алар бекеринен айтышпаса керек.
Колубуздагы 2003-жылга арналган Ай-Күн календарын жалгыз эле бийик тоолуу айыл жерлеринде эмес, бардык аймактагы дыйкан чарбалары толук билип, муну өздөштүрүп алышса, сепкен үрөндөрүнөн төмөндөгөн түшүм болуп, мол түшүмдүн даңктуу ээлери болору анык эле чындык нерсе.
Кудай буюрса 2003-жылдын 1-январынан баштап республикабыздын калкынын калың катмарына Ай-Күн календары тарай баштады. Бул жакшы көрүнүш.
Астрономия илиминин негизинде жаралган Ай-Күн календарынын өзгөчө тактыгынын натыйжасында ушул күнгө чейин орун алып келген айыл чарба багытындагы бир топ адашуулар, эми мындан ары өзүнөн өзү эле такталып, кылымдардан берки анык чындыктар өз ордун таап келет. Бул деген ата тарыхы, ата мурастары билимилимдин негизинде өзүнөн өзү такталды дегендик.
Дүйнө элдеринин ичинен жападан жалгыз кыргыз эли гана асмандагы айларды өз-өзүнчө ат менен кылымдардан бери эле атап келишкен. Демек, кыргыз эли боюнча асманда аты жок Ай болбойт. Мунун өзү кыргыз эли чыгыш элдеринин катарындагы эң байыркы эл менен даңазаланып турат. Кыргызстандагы дагы бир өзгөчөлүк асмандагы Айларды тогол аты менен кошо аташкандыгы. Тогол деген сөздү чечмелесек, маселен, ар жыл сайын март айынын көпчүлүк күндөрүндө асманда «Чын куран 5 тогол» аталыштагы Ай болот. Ушул себептен март айынын кыргызча аталышы чын куран болуп калган. Алып айтсак, чын куран аттуу Ай жаңыргандан кийин беш күн өткөндө, так ошол жаңы жаңырган Ай үркөр топ жылдызына тогошуп, жакындашып калат. Муну тогошуу дейбиз. Демек, жыл бою ар сайын жаңырган асмандагы бардык Айлар үркөр топ жылдызы менен тогошпой, жакындашпай калуу деген болбойт. Ушул себептен кыргыз эли боюнча асмандагы бардык айлар тогол аттары менен кошо айтылып калган.
Ай-Күн календарынын түп нускасына көз чаптырсак, асмандагы Айлардын «ай арасы» жана «тогол» аталыштардагы Ай мезгилдери боло тургандыгына байланыштуу кара тоголок күндөрдө (числолордо) асманда Ай жаңырып «ай арасы» деген Ай мезгилдери болсо булут баскан күндөрдө «тогол» Ай мезгилдери болуп күн бүркөлүп өтөт. Ал эми сары тоголок күндөрдө ошол асмандагы жаңырган Ай он беш жаңысы болуп, топтолуп калат. Демек, бул календарда жыл бою кайсыл күндөрдө күн бүркөлүп кала тургандыгы так көрсөтүлүп жатса, эл чарбасында пайдалуу жактары арбын экени кашкайып эле көрүнүп турат.
Колубуздагы Ай-Күн календары жалпы жонунан Чыгыш элдеринин календары деп аталат. Бирок бул календарда Ала-Тоо аймагыбызда гана толук байкалуучу асмандагы Айлардын, «ай арасы» жана «тогол» аталыштардагы Ай мезгилдерин кыргыз эли кылымдардан бери байкап келишкен.
2003-жылды Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы деп жарыялап, Бириккен улуттар уюму тарабынан колдоого алынышынын өзү эле тарыхыбыздагы эң олуттуу окуялардын бири болуп тарыхта алтын тамга менен жазыла тургандыгы айкын болуп жатса, Ай-Күн календарынын маани-маңызы, даңкы ого бетер көтөрүлөт. Себеби көк асман жамынган көчмөндүү кыргыз эли эң байыркы чыгыш элдеринин бири болуп Ай, жылдыздар, айланачөйрө, табият, жаратылыш менен кылымдардан бери эле эриш-аркак, коюн-колтук эл экени да тастыкталып жатат.
Чындыгында колубуздагы Ай-Күн календарын эч ким олуя болуп же окумуштуу болуп ойлоп тапкан жок. Бар болгону ата-бабаларыбыздын орду-түбү менен караманча толук унутулуп кеткен календары эми кайра калыбына келип, кыргыз эли үчүн зор табылга болуп олтурат. Чыгыш элдеринин бири болгондуктан кыргыз эли да кылымдардан бери эле Ай-жылынын календарын колдонуп келишкен. Бирок кыргыздар Ай жылын Мүчөл жыл деп атап калышкан. Маселен, Кой Мүчөл жылы 2004-жылдын 22-январында, Тоок Мүчөл жылы 2005-жылдын 9-февралында башталат ж.б. Демек, мындан аркы келечектеги жылдарда Күн жылы менен Мүчөл жылдын ортосундагы чек ара ишенимдүү деңгээлде ажыратылат.
Мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп биздин республикада гана Ай-Күн календарынын жаратылышынын өзү эле зор окуя.
Быйылкы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөө курулай шаңдануучулук, ураандардын алдында өтпөй, ата-бабалар баскан жолду төкпөй-чачпай болгонун болгондой фактыларга таянып, дүйнөлүк коомчулуктун алдында так көрсөтө алсак экен деп тилеймин.
БЕРДИБЕК ЖУМАБАЕВ, Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти
КЫРГЫЗ ЭЛИНИН БАЙЫРКЫ ҮРКӨР-АЙ ЖЫЛ САНАГЫН МУРАСТОО ЖӨНҮНДӨ
Жыл санакты мурастоо, аны ЮНЕСКОдо каттоо төмөнкүлөр менен негизделет:
- Убакыт эсептөө системасынын башталыш объектисинин түптүүлүгү.
- Суткалап убакыт эсептөөсүнүн жетишээрлик тактыгы.
- Жыл мезгилдерин жылыштырбоосу.
- Айларынын, күндөрүнүн аттарын эстеп калууга ыңгайлуулугу.
- Элдин тарыхынын байыркылыгын чагылдыруусу.
- Улутка тиешелүүлүгүнүн четке кагылгыс болуп далилдениши.
- Жыл санактын мамлекеттик турмуштун тажрыйбасынан өтүшү.
Кыргыздар түзгөн жыл санактардын ичинен ушул талаптардын баарына бир гана Үркөр-ай жыл санагы жооп берет. Анын ар бирине кыскача токтоло кетели.
- Убакыт ченөөнүн башталыш объектилигине Үркөр тандалып алынган. Топ жылдыздар Күнгө караганда өтө алыс жайгашкандыктан, алардан эсептөө системасына башталыш тандоо, астрономиялык жагынан негиздүү деп эсептелет. Анткени Күнгө караганда алар асманда туруктуулукка ээ.
- Үркөр-ай жыл санагынын (1-таблица) бир жылы 365 сутканы түзүп, ага «Эсепчини жут алган» деген бир сутка ар бир бешинчи жылы кошулуп, жыл санактын жогорку тактыгын камсыз кылган.
- Кыргыздардын кайберендер (куран, бугу, кулжа, теке) атындагы Күн-ай жыл санагы [1] жыл мезгилдеринин жылышына алып келгендиктен, ага 11 суткалык «арсар айды» жыл сайын кошуп турууга аргасыз болушкан (2-таблица). Жыл мезгилдеринин жылышына алып келбеген, 13 айлуу болуп түзүлгөн Үркөр-ай жыл санагында мындай ылайыксыздык жок.
1-таблица
Үркөр-ай жыл санагы | |||
№ | Айдын аталышы | Мөөнөтү | Сутканын саны |
1. | 25 тогоол | 01.05-28.05 | 28 |
2. | 23 тогоол | 29.05-25.06 | 28 |
3. | 21 тогоол | 26.06-23.07 | 28 |
4. | 19 тогоол | 24.07-20.08 | 28 |
5. | 17 тогоол | 21.08-17.09 | 28 |
6. | 15 тогоол | 18.09-15.10 | 28 |
7. | 13 тогоол | 16.10-12.11 | 28 |
8. | 11 тогоол | 13.11-10.12 | 28 |
9. | 9 тогоол | 11.12-07.01 | 28 |
10. | 7 тогоол | 08.01-04.02 | 28 |
11. | 5 тогоол | 05.02-04.03 | 28 |
12. | 3 тогоол | 05.03-01.04 | 28 |
13. | 1 тогоол | 02.04-29.04 | 29 |
2-таблица
Күн-ай жыл санагынын жыл мезгилдерине ылайыкталышы | |||
№ | Айдын аталышы | Мөөнөтү | Сут-н саны |
1. | Баш оона (март) | 21.03 – 19.04 | 30 |
2. | Жалган куран (апрель) | 19.04 – 18.05 | 29 |
3. | Чын куран (май) | 18.05 – 17.06 | 30 |
4. | Бугу (июнь) | 17.06 – 16.07 | 29 |
5. | Кулжа (июль) | 16.07 – 15.08 | 30 |
6. | Теке (август) | 15.08 – 13.09 | 29 |
7. | Аяк оона (сентябр) | 13.09 – 13.10 | 30 |
8. | Тогуздун айы (октябр) | 13.10 – 11.11 | 29 |
9. | Жетинин айы (ноябрь) | 11.11 – 11.12 | 30 |
10. | Бештин айы (декабрь) | 11.12 – 09.01 | 29 |
11. | Үчтүн айы (январь) | 09.01 – 08.02 | 30 |
12. | Бирдин айы (февраль) | 08.02 – 09.03 | 29 |
13. | Арсар ай | – 21.03 | 11 |
- Айлардын аттары жалаң кезеги менен келген 25, 23, 21, 19, 17, 15, 13, 11, 9, 7, 5, 3, 1, так сандарынын (1-таблица) жана жумадагы күндөрүнүн аттары 1-күн, 2-күн, 3- күн, 4-күн, 5- күн, 6-күн, 7-күн деп күндөрүнүн ырааты менен аталгандыктан (3- таблица) эстеп калууга, эсептөөлүк жана технологиялык моделдерди түзүүгө ыңгайлуу.
- Автордун Саймалуу таштагы петроглифти (1-сүрөт) чечмелөөсүнөн алынган маалыматтар боюнча, байыркы кыргыздардын Үркөр-ай жыл санагы 1-майда, жазгы чөптүн чыгышына, кудайга арналып майрамдоо менен башталган (сүрөттө май айына туура келген бугу баштап бара жатат), демек, чөптүн кеч чыгышына караганда, ал мезгил арий эли түндүктө, географиялык жогорку, суук кеңдикте мындан 4000–5000 жыл мурда жашаган убактарга туура келет. Жыл санактын байыркылыгы, кыргыз элинин байыркылыгын ырастайт.
- 1-сүрөттө үркөр-ай тогоолдору, Үркөрдүн «кулпудагы» мезгили, куран, бугу, кулжа, теке айлары, таасын чагылдырылгандыктан, жыл санактын кыргыздарга таандыгы эч күмөн санатпайт, анткени башка элдерде мындай түшүнүктөр колдонулган жыл санактар кездешпейт. Жыл санактын кыргыз элине болгон таандыгын элдин оозунда сакталып келген Үркөр-ай жыл санагы жөнүндөгү эсепчилердин эмгектериндеги маалыматтар да ырастайт [2].
- Кыргыздардын бабалары гуздар болгондуктан, ал эми гуздардын бабалары арий эли болгондуктан жана булардын мамлекеттеринин болгондугу тарыхта таасын жана байыркы деп табылгандыктан, Үркөр-ай жыл санагы миңдеген жылдар бою бабаларынын мамлекеттик тажрыйбалык сыноосунан өткөн.
Кыргыздардын Үркөр-ай жыл санагынын Саймалуу Таштагы петроглифтерде чагылдырылып калгандыгынын далилдери жөнүндө маалымат берүүгө туура келет. Ал петроглифтердин 1-сүрөттөгүсү «Күн баштардын» жыл санактарга тиешелүү экендигин, ал эми 2- сүрөттөгүсү Үркөр-ай жыл санагы жана анын жыл башы жөнүндөгү маалыматтарды камтыйт. 1-сүрөттө «Күн баш» деп ата-
«Күн баш» деп аталып жүргөн 1-сүрөттөгү лып калган, эсепчилердин иштеп петроглифтин чыккан Үркөр-ай жыл санагынын чечмелениши. негизи чагылдырылган. Ал 28 күн, 13 ай деп окулат, анткени сыртынан баштап окусак, адегенде 28 чачыны санайбыз (жаракадагы эрте желип бараткан бир чачысы менен), андан кийин чачылар чоң тегерек менен кошулуп күнгө окшошуп, күн деген кыргыздын сутка деген маанидеги сөзүн берет. Демек, биринчи – 28 сутка (күн) деген түшүнүктү алдык. Ал 28 сутка адамдын башы кылып тартылган, демек, ал эсепчинин чыгармачылыгы, жетишкендиги дегенди билгизет. Андан кийинки борбордогу «Күн баш» 13 ай деп окулат, анткени аны да сыртынан баштап окусак 12 чачыны санайбыз, ал чачылар жарык эмес тегерек менен туташкан, демек, ал күн эмес ай деген сөздү берет, анткени ай күндөй өзү нур бөлүп чыгарбайт, чагылтат. Ал чачылардын бирөө эки эсе узун, демек, мындан 13 ай деген түшүнүктү алабыз. Ал 13 ай түшүнүгү да адамдын башы кылып тартылган, ал да адамдын чыгармачылыгы дегенди билгизет.
Эми эки түшүнүктү бириктирсек 28 күн, 13 ай деген чулу түшүнүк келип чыгат. Арийне, бабаларыбыздын бул түбөлүктөөсүндө тогоол жыл санагы жөнүндө сөз болуп жатат, анткени Үркөр-ай тогоолдору 27,32 суткадан турат (мындай түбөлүктөөдө калдыгы жазылбайт), ал эми жогоруда айтылгандай 12 чачынын бирөөнүн эки эседей узундугунан келип чыккан 13 саны 1-таблицадагы Үркөрай жыл санагындагы 13 айды чагылдырат.
Күн баш кылып адамга окшоштурулуп тартылганы да бекеринен эмес, анткени жыл санактын ээси күнгө сыйынган, тогоол жыл санагын түзгөн кыргыз эли. Сүрөт адамдын башынын жана бутунун түспөлүн берип жаткандыгы арийне, ал адамдын жетишкендиги катары чагылдырылган. Сүрөттүн жөнөкөйлүгү, тыкандыгы, адамга жеткиликтүүлүгү, ошол эле учурда ага камтылган маалыматтын көптүгү адамды таң калтырат, анткени анда жылдыз, күн, ай (космостук тело), адам, күн (сутка), ай (месяц), жыл, тогоол, үркөр, сыйынуу, мекен, улут, жетишкендик, жыл санак түшүнүктөрү камтылган.
Мындай таштагы байыркы сүрөттөрдү «күн баш» деп окшоштугу гана боюнча чечмелеп жүрүшкөн, ал эми өз маанисин жогоруда негизделген чечмеде тапты. Бабалардын таштарга тарткан сүрөттөрүндө эки негизги максат бар десек болот. Биринчиси, өздөрүнүн жетишкендиктерин бизге жеткирүү. Эгерде сүрөт аркылуу эмес белгилүү алфавит аркылуу жеткирүүнү тандап алышкан болсо, анда биз аны Эквадордогу алтын китептеги алфавит менен берилген маалыматтарды эмдигиче түшүнө албай жатканыбыздай, бул маанилүү маалыматтан да кабарыбыз жок болмок. Бул даанышмандыктын накай өзү. Экинчиси, кандайдыр бир апааттар жөнүндө урпактарына эскертүү калтыруу. Мында бабалардын 1-максаты ишке ашты, анткени биз аларды түшүндүк.
Бул сүрөттө ченебеген бай, маанилүү, кыргыздарга гана тиешелүү маалыматтар камтылган. 2-сүрөттө 6 Үркөр-ай тогоолдору жана аларга ылайык келген кайберендер атындагы айлар сүрөттөлгөн, демек, ошол кезде Үркөрай жыл санагы менен Күн-ай жыл кайберендер тартылган 2-сүрөттөгү петроглифтин «Күн баштар» жана санактары бир жыл санакка бириктирилген.
Маалымат ал кезде чечмелениши. кыргыздар Ала-Тоо аймагындагы бир мамлекетте жашап, бир жыл санак колдонушкандыгы жөнүндө белсемдүү кабар берет.
Сүрөттөгү маанилүү маалыматтын бири болуп, бугунун баштап бара жаткандыгы аркылуу жыл санактын биринчи айынын чагылдырылышы эсептелет. Баштап бара жаткан жаныбардын бугу экендиги мүйүзүнүн бутакташканынан көрүнүп турат. Демек, бириктирилген жыл санакта май айы бугу деп аталган. Бугудан кийин кулжа, андан кийин теке тартылган. Сүрөттө курандын сүрөтү бар. Ал эми жалган курандыкы таштын урап калган бөлүгү менен кеткен болуш керек.
Бул сүрөттө берилген дагы бир негизги идеяга ошол кездеги бугу айы жылдын кайсыл мезгилин чагылдыргандыгынын көрсөтүлгөндүгү кирет, анткени бугу туптуура үркөрдүн «кулпуга» кирген учурунан баштап чыгып жатат.
Тагыраак түшүндүрүүдө, асман чүмбөтүндө Үркөр айдан кичине болгондуктан, Үркөр айдын ичине тартылган жана Үркөрдүн жылдыздарынын 5тен 7ге чейинкиси эле көрүнөрү да таасын чагылдырылган, анткени тогоолдордун биринде үркөрдүн 5 жылдызы, биринде 7 жылдызы тартылган. 13 чачыны санап, ал туташып турган тегеректи ай десек, 13 ай деген түшүнүктү алабыз. Ортодогу жылдызчалар жылдызды билгизип тургандыктан жана 5тен 7ге чейинки чачы 5тен 7ге чейинки жылдызды билгизип, алар Үркөрдү чагылдырат. Анда сүрөттө 6 Үркөрай тогоолу жөнүндө сөз болууда. Демек, эки түшүнүктү кошуп, 13 айлуу Үркөр-ай жыл санагынын 6 тогоолу, кайберендер атындагы беш айлык мөөнөттү түзөт жана жыл санактын биринчи айы бугудан башталат деген чулу түшүнүктү алабыз. Сүрөттүн эки тогоолунда Үркөр көрүнбөй калган, ал да аябай так, анткени жаз менен жайдын ортолорунда (б.а., кайберендер атындагы айларда) Күн Үркөргө жанашып калат да, күндүз Үркөр күндүн нурунан көрүнбөйт. Үркөрдүн бир эмес, эки тогоолдо көрүнбөй калганы, сүрөттү чеккен эсепчилердин кайсыл доордо жашагандыгы тууралуу так маалымат берет. Эки пунктту жыйынтыктап, сүрөт Үркөр-ай жыл санагынын биринчи айы бугудан башталарын, жыл санак 13 айдан турарын жана жыл санактын 6 тогоолунун ортосундагы 5 айы кайберендер аттарынан аталгандыгын түшүнөбүз.
Үркөр-ай жыл санагы кыргыздардын бабаларынын эң байыркы арийлер түндүктөгү географиялык суук кеңдиктерде жашагандагы мамлекетинин жыл санагы экендиги жөнүндө айтылды (мындан 4000–5000 жыл мурдагы). Анын эч бир элде жок технология менен жаралган универсалдуу жыл санак экендиги белгиленди. Анда мамлекеттик жаңы жыл тосуу майрамы 1-майда башталган.
Бабалардын андан кийинки убактардагы мамлекеттик жыл санагы тууралуу маалымат, Саймалуу таштагы петроглифтерди чечмелөөдөн кийин белгилүү болду (мындан 3500–4000 жыл мурдагы). Андагы айлардын аталыштарындагы кайберендер менен Үркөр тогоолдорунун биригип тартылышы мыйзамченемдүү, анткени арийлер Ала-Тоого жер которгондон кийин, мергенчиликке шарт түзүлгөн. Бул убактарда арийлердин 1-майдагы жаңы жыл майрамы сакталган, анткени 2-сүрөттөгү петроглиф те бугу баштап бара жатат.
Гуз элинин өз урпактарынын арасындагы кармаштан улам, III б.з.ч. кыргыздардын кырк уруусунун 16 уруусу байыркы бабаларынын жергеси болгон Энесайга жер которушат [1]. Кытайдын тарыхый маалыматтарынын биринде келтирилген «Алардын Теңирге арнап мамлекеттик деңгээлде курмандык чалып сыйынуусунун эң маанилүүсү күзгү сыйынуусу эле, анда алар жылын жыйынтыктап, уруу башчыларынын жыйынында маанилүү чечимдерин кабыл алышат, андан кийин төө жарыш, арстан кармаштарды өткөрүшүп, эс алышат» деген маалымат энесайлык кыргыздарга тиешелүү. Анткени тарыхый маалыматты ырастап, анда, биринчиден, Теңирий таанымды тутунган элдин теңдикке болгон ишеними жатат (күн-түн теңелүү), экинчиден, түшүмдөрүнүн чогултулушун белгилөө күз айларына гана мүнөздүү, үчүнчүдөн, күз айлары шааншөкөткө ылайык бышыкчылыктуу, салкын убак, төртүнчүдөн, жасалган ишти күзүндө жыйынтыктап алып, анан шайлоо уюштуруу акылга сыят.
Күзгү бышыкчылыктын, түшүмдүүлүктүн өзү эле адамга майрамдык маанай таңуулап тургандыктан, Угуз хандан бери эмгектеринин үзүрүнө болгон кубанычтарын бөлүшүүгө, жыйынтыктоого чакырган майрамын буйрук менен жокко чыгаруу акылга сыйбайт, ал заманбап шартта да кыргыздардын күзгү тойлору аркылуу элдин байыркы салтын эске салууда.
Бул убактарда ала-тоолук кыргыздардын жаңы жыл майрамы жазгы күн-түн теңелүүдө болгон десек жаңылышпайбыз, анткени бышыкчылыктуу Ала-Тоодо дыйканчылык эбактан бери өнүккөн жана экономикалык маселелерге күчтүү таасирин тийгизген жазгы мезгилди кошуна элдериндей ызааттоо маанилүү маселеге айланган.
Кыргыздардын мамлекеттик саясатындагы дагы бир чоң өзгөрүү 618-жылы болуп өткөн, анткени Кытайдын кийинки тарыхый маалыматтарында «Алар күзгү майрамын жазгыга 618-жылы которушту» деген маалымат катталып калган. Ошол убактарда кыргыздар эки бөлөк аймакты жердеп жашашчу эле, аталган маалыматтар кайсынысына таандык экендиги белгисиз.
Тарыхчылар ал маалыматтардын энесайлыктарга таандык экендиги жөнүндө жазышат. Анысы анык болсо, анда энесайлыктар 618-жылы ала-тоолуктар менен бир жыл санакка токтоп, бир датага жаңы жыл майрамын белгилешкен.
Ошентип, кыргыздардын бөлүнүүсүнө тийгизген таасирден улам 820 жыл унутулуп калган 1-майдагы бабалардын эң байыркы мамлекеттик жаңы жыл майрамына кайтып келүү шарты биздин замандын 618-ж. түзүлгөн.
Арийне, адамзаттын мамлекеттик, экономикалык, илимий, эл аралык, экологиялык ж.б. алакаларын бардык өлкөлөр үчүн жалпы убакытка макулдаштыруу маселелери, көпчүлүк мамлекеттерди орток жыл санак катары Григориан жыл санагына өтүүгө мажбур кылган. Кыргыз Республикасы дүйнөлүк өнүгүү менен кадамдаш болуу үчүн заманбап шартта Григориан жыл санагын колдонушу керек, ал талаш жаратпайт.
Ал эми кыргыздардын бабаларынын эң байыркы, айлары тогоол аталышындагы, Үркөр-ай жыл санагын калыбына келтирип, улуттук статуска алуусу, бабаларынын байыркы мамлекеттүүлүгүн мурастап калышына жатат.
Анын калыбына келтирилиши 1-таблицада келтирилди. Таблицанын экинчи мамычасында айлардын аталыштары берилген, алар Күн-ай жыл санагындагы кайберендердин аттары сыяктуу эле өзгөрбөйт. Үчүнчү мамычада айлардын мөөнөттөрү Григориан жыл санагынын даталарына салыштырылды. Төртүнчү мамычада суткалардын санынын орточолонгон мааниси колдонулган. Акыры ушундай таблицаны бабаларыбыз алышкан, анткени сандардын гармониясы бара-бара суткалардын гармониясына алып келген. Заманбап шартка ылайыктоодо, айлардын атын, мисалы, 1 тогоол, 3 тогоол айларын «1дин айы», «3түн айы» деп атагандай которуп атап алсак болот. Ошондой эле айлардын ирээтин жыл башынан 1дин айы, 3түн айы, 5тин ай, 7нин айы, 9дун айы, 11дин айы, 13түн айы, 15тин айы, 17нин айы, 19дун айы, 21дин айы, 23түн айы, 25тин айы деп кабыл алууга болот, анткени андай аталыштар деле бабаларда тажрыйбаланган. Ошондо жаңы жыл 1дин айында, б.а. 1-майда башталат.
Жыл санактын күн санагына мисал 3- таблицада келтирилген, Ай жаңырган күндөр күн санакта сөзсүз Айдын элеси түрүндө көрсөтүлөт, анткени ал Күн-ай жыл санагындагы аба ырайынын бузулган күндөрүн камтыгандыгы жөнүндө кабар берет.
Кыргыздардын жыл санактарды түзүүдөгү системалуу ой жүгүртүүсүнө мисал келтире кетүү керек болот. Күнай жыл санагында Күн менен Айдын тогоол учурунда Ай эки күндөй көрүнбөй калат, ал мөөнөттү эсепчилер «Ай арасы» деп аташкан. Ал убакта түлөөгө даярданышып, Айдын жаасы чыга баштаганда түлөө өткөзүшүп аны тосуп алышкан. 1-таблицадагы Үркөр-ай жыл санагы 365 сутканы түзөт. Анын 1 тогоол айынын 29-суткасы «Жыл арасы» деп аталып, жаңы жылга кошулуп, эки күн майрамдалган. Дагы бир «Эсепчини жут алат» деген күн ар бир бешинчи жылга кошулуп турган деген уламыш элде жашап калган. Демек, ушул күн эсепке алынбай калганынан улам, качандыр жазгы тогоолдун келишинен жаңылыштык кетип, жазгы чоң жут малдан, адамдан жоготууга учураткан.
Ала-Тоодогу байыркы Кыргыз мамлекетин түзгөн Угуз хан экендиги менин 2010-жылкы «Кыргыз дүйнөтаанымы» эмгегимдеги маалымат мындан 3500 жыл мурдагы мезгилге, А.А.Киселёвдун гениалогиялык эсептөөсү боюнча да кыргыздардын Орто Азиядагы бабасы мындан 3500 жыл мурдагы мезгилге, Балыкооздун санжырасы боюнча да Угуз-Уйгур мамлекети мындан 3000–3500 жыл мурдагы мезгилге, Саймалуу таштагы петроглифтин чечмелениши боюнча кыргыз мамлекетинин мындан 3500–4000 жыл мурдагы мезгилге такалгандыктары менен далилденет.
Демек, кыргыздын Ала-Тоодогу Үркөр-ай жыл санагы мындан 3500 жыл мурда, 1-майда башталган деп, жыл санагыбызды улап кете берсек болот. Анда 2020-жылдын 1-майында жыл санагыбыздын, б.а., Орто Азиядагы Кыргыз мамлекетинин 3500 жылдыгын белгилөөгө болот.
Ошентип, эң байыркы күн нурунан жаралганбыз деген кыргыздардын арий бабаларынын салты боюнча 1-майда күнгө, жазга арналган жаңы жылын тосуу майрамын, байыркы бабаларынын күзгү түшүмдөрүнүн, эмгегинин үзүрүн көрүүнү Теңирден суранган күзгү күн-түн теңелүүдөгү майрамын 23-сентябрда, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн зор маанисине байланышкан 21-мартта «жер жарылып чөп чыксын, желин айрылып сүт чыксын» дешип, дүйнө элдери менен бирге жазгы күн-түн теңелүү майрамын майрамдашкан. Абу Дулафтын маалыматындагы (X кылым б.з.) кыргыздардын үч майрамы ушулар.
КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты
КЫРГЫЗ АЙ, КҮН КАЛЕНДАРЫ – КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ДАГЫ БИР КЕМЕНГЕРЛИГИ
Дүйнөдө төрт календарь бар (Григориан, Мусулман, Еврей жана Кытай календарлары) бешинчи календардын ээси – кыргыз эли.
Дүйнөдөгү теңдеши жок сөз мунарасын «Манасты» куруп, миң жылдан бери архитектурасы эч өзгөрбөгөн Боз үйдү жана добушун котормочусуз чет элдиктер түшүнгөн комузду жараткан кыргыз эли, байыркы түрк цивилизациясынын башында туруп, «Орхон-Енисей жазмасынын» (ошол доордо өз жазмасы болгон дүйнөдө саналуу эле улуттар бар болчу) башында турган кыргыз эли, эми дагы бир кыргыз кереметинин – байыркы кыргыз Ай, Күн (Үркөр) календарынын автору, жаратуучусу экени тууралуу айткым келди.
Кыргыз эли эзелтен Айга карап аба ырайын боолгоп, Жылдызга карап жолго чыгып, Үркөргө карап аштык айдап, Чилденин ар бир күнүн айра билип, тогоолго карап тиричилигин кылып келген байыркы көчмөн элдердин бири.
Ошол себептен «Айга карап айдоо сеп», «Айдан аман, жылдан эсен», «Ай караган текедей», «Үркөр батты, кош жатты», «Жылдызга карап сапар тарт» деген кептер калган. Эзелтен ата-бабалар: «Күн менен Айга карап сөгүнбө, түкүрбө, ушатпа», «Толгон айды кол менен жаңсап көрсөтпө» – деп осуят айтып келишкен. Жаңырган айга карап минтип тилек айтышкан:
«Жесирге – жемиш,
Сараңга – жут,
Жетимге – жеңиш,
Ушакчыга – уу,
Жөөгө – улоо,
Ак ниетке – туу,
Жалкоого – мээнет,
Бакылга – тар,
Жалгызга – эрмек,
Бапырга бай ай бол, Иштерманга – кут, Оомийин, алло акбар».
Айга мамиле
Баарыбызга жарык берген Күндүн ыйык экенине шек жок. Бирок эртеңки Күн кандай чыгат, Күн жылуу болобу же сууктайбы? Ал бүгүнкү Айдын чыгышына же жаңырышына жараша болот. Муну алмустактан терең түшүнгөн кыргыз эли байыркы заманда эле ымыркайга ысым койгондо эле «Ай» деген түшүнүктү кеңири колдонушкан. Маселен, Айгүл, …Айбийке, …Айсулуу, …Ай ганыш, … Айнур, …Айтурган, …Айтолгон, …Айсалкын, … Айым кан, … Айсары ж.б.
Айга ыйык мамиле кылып бул жөрөлгө, ырым-жырымдар болгон. Айдын жаңырышын көрөрү менен аялзаты аны алкап, жүгүнүп коюш шарты бар. «Бала-бакыра, эл-журт аман-эсен болсун», «Аялдардын алдын мал бассын, артын бала бассын», «Айдан аман чыгалы» өңдүү бата-алкоолор айтылат.
Айдын туулушу – жан-жаныбарга төлгө. Эгер ай кырданып калса, ал айдын жаныбар үчүн ачыктагы, жаандын жаашы, ысык-суугу ойдогудай болушу.
Ай казан сымал асылып калса, өзүнчө тынч, жан-жаныбарга, журтчулукка анча тынчы жоктугу. Күндүн көзү көрүнбөй жаанчыл, бороон-чапкын болоору. Жаанчыл, жут, суук, тумандуу келет. Албетте, бул – элдин баамдоолорунан өткөн далилсиз чындык.
Жаанды болтурбоо, же жаанды токтотуу үчүн түлөө берүү ушундай шарттардан улам пайда болот.
Тилчи жана фольклор жыйноочу агайыбыз Жээнбай Мукамбаев элибиздин Айга байланыштуу төмөндөгүдөй сөздөрүн, табылгаларын жазып алып, бизге калтырып кеткен экен:
Ай башында жамгыр болсо – ортосунда же акырында жаан болор.
Ай чалканча тууса – өзүнө тынч, элге бейтынч.
Ай тууганда чалканча тууса – анда жаанчыл, кырыдан тууса – кургакчыл.
Ай бузулса – тезинен бороон күт.
Ай короолосо – аягыңды камда, күн короолосо – күрөгүңдү камда.
Ай короолоп нур жакындан төгүлсө – жамгыр күт, нур алыстан төгүлсө – эки-үч күндөн кийин жаан.
Ай кандай жаңырат – ошого карап күн же түзөлөт, же бузулат.
Ай чалкасынан тууса – күн салкын.
Ай чалкалай тууса – ушу айда аязга, жүстөмөн тууса – жаанга.
Ай чалк өйдө тууса – ай бою аяз, жер карап тууса – ай бою жамгыр.
Ай тике тууса – жамгырлуу болор.
Ай тууганда үч күн аяз болсо – ай бою аяз, үч күнү бузук турса – ай бою бузук.
Ай тууганда төртүнчү күнү аба кандай болсо – ай бою ошондой.
Ай жаңы туугандагы төл – ургаачы болор, толгондогу төл – эркек болор.
Ай тууган айдын бешинчи күнүндө жел жүрөр.
Ай ортосунда жамгыр башталса, аягынча жамгыр.
Ай толук толгондо сап болуп жалтырап турса – аба жакшы, караңгылап, кубарып турса – жамгыр болор.
Айдын он беши жарык, онусу – ак тоок; он беши кара, онусу – кара тоок.
Асман узакка ачык болуп келсе, айдын жаңырышы менен жамгыр болор.
Жаңы ай ичке тууса – ай бою күн ачык болор.
Жаңы тууган айдын учу үлбүл көрүнсө – салкын болор.
Жаңы ай саргылт тартып калың тууса – бүтүн ай жоош болор.
Жаңы ай өтө ачык жалтырата тууса – ай салкын болор. Жаңы ай тууганда жел башталса – ай бою жел жүрөр. Жаңы ай жүзүн жуубай келбес.
Жаңы ай чалк өйдө тууса – өзүнө жайлуу, элге жайсыз (бороон-чапкын, жаан, шамал болор); тик-түз тууса – өзүнө жайсыз, элге жайлуу.
Кышта ай короолоп тумандап турса – салкын; кызгылт тартып көрүнсө – жел, ошол кышта кар да көп болот.
Кышында ай чалкалап көрүнсө – кар көп болор.
Өткөн ай жаансыз болуп, жаңы ай жамгыр менен башталса – анда ай өз жүзүн өзү жууганы.
Узак сапарга же айдын биринде, же он бешинен кийин чыккан. Чоң ишти да же айдын биринде, же он бешинен кийин башташкан.
Элдик наркты каада туткандар Айга карап заара кылбайт, Ай тутулган түнү жумуш кылбайт. Эң жакын жаныбарлары жылкыны – ай туяк деп, кара малды (бодону) ай мүйүз деп Айга жакындатып атайт.
Тиши ооруган адамды дарымдаганда «Айдан түшкөн алтын курт, күндөн түшкөн күмүш курт» деген магиялык сөздөр менен башташкан. Карганганда актыгыма Ай күбө деп айтып, же эки адам түнү бир нерсеге шерттешсе, жанындагы адамдарды эмес, Айды ортого коюп, мына асманда Ай турбайбы, Ай күбө деп айтышкан. Сүйүшкөндөр да Айды күбөгө ортого койгон. Эң жек көргөн адамга карата: «Булут баскан күндөй бол», «Ай чыкпаган түндөй бол» – деп айтышкан. Жусуп Мамайдын вариантындагы «Манас» эпосунда «Жарык кылган түндөрдү, асманда тийген Ай урсун» деген каргыш учурайт.
Айдын абалына карап мүнөздөп тамак ичүү, дарыдармек кабыл алуу, той өткөрүү, көчүү-конуу, чөп оруу, малды биттөө, куут өткөрүү ж.б. иштер жүргүзүлгөн. Ар айдын биринде, онунда, жыйырмасында күн бүркөө, шамал, жаан-чачын болот дешкен.
Ай элдин календары катары кызмат аткарган. «Ай жаңырган күнү болчу», «Бүгүн Айдын үчү экен», «Ай тууган күн», «Айдын он беши» ж.б. сөздөр менен күндөрдү аныктаса, ошол күндөрдүн ичиндеги мезгилди (азыркы саат сыяктуу) «Ай чыккан кез», «Ай аркан бою көтөрүлгөн», «Ай кыядан өтүп баратат», «Ай баткан убак» ж.б. деп айтышкан. Айдын тогузунда жолго чыкса, ат аягына оор дешкен да, ал күнү сапарга аттанбаган.
Бул багытта мен сыйлаган инсандар Торон Жумаев, Бердибек Жумабаев, Абакир Калыбеков, Анарбай Темиркулов, Түгөлбай Казаков, Кусейин Исаев, Асан Ормушев ж.б. көп макалаларын, ой-пикирлерин жарыялап келишет. Жакында алар менен пикир алышып, эми бул багытта иреттүү иш алып барууну туура таптык. Эң ириде кээде ар башка аталып келаткан ай аттарын тактап алалы дедик.
Байыркы «гидрометцентр»
Ата-бабаларыбыз айдын жаңылышына карата аба ырайын боолгоп айтышкан. Мисалы, кыргыз тарыхчысы Б.Солтоноев мындайча жазат: «Ай чалкалап жатса өзүңө тынч, элге тынчы жок, кыйгачтап жатса өзүнө тынчы жок, элге тынч». Маселен күздө 14-октябрда сууктун түшүүсү боюнча кыргыздар келерки кышка мүнөздөмөнү минтип беришкен: «Жыңайлак аякка өзүм барам, тону жокко салам айт». Башкача айтканда, ушул күндөгү аба ырайына карап, кыштын кандай болорун боолгошкон.
«Беш тогоол өтпөй – бел чечпейт», март айынын экинчи жарымында Ай менен Үркөр топ жылдызы бири-бирине тогошот. Ошондо кыргыз белин чечип, жеңилденип төшөккө жатып эс алат. Мал көккө тоюп калат. Ал эми жаздын мойну узарып кетсе жутчулук болгон. Жазында күн кайсы күнү бузуларын билип, эл-журту алдын-ала эскертип, ал тургай сел жүрө турган күндү да боолголой билишкен. Жазгы жер айдоодо түштөн мурун сепкен эгин бышат. Түштөн кийин себилген эгинди үшүк алат деп билгендер болгон.
Бала кезибизде кемпир-чалдардан «Үйгө үт кирди» (күн узарып көк чыга баштаганы), «Чилде», «Сумбула», Токсондун түшүшү же «Токсон чыкпай тоң эрибейт», «Тогоол», же 13-февралда илгеркилер «Үт жакшысын алса үт, жамандыгын алса жут» деген кептерди көп угуп, бирок аларга терең деле маани бербесек керек. Ошол себептен кыргыз баласынын түшүнө Ай же Күн кирсе аны да Тогоол деп аташкан. Көрсө, кыргыз эли илгери негизинен тоо койнунда жашап, көбүнесе малчылык жана мергенчилик, дыйканчылык менен күн көрүп, бүт жашоо тирлиги жаратылыш, табият жана аба ырайы, ай, күндүн чыгышы менен тыгыз байланышкан экен. 13–19-августта Сумбула түшүп, суу бууйт. Мал кулун, же музоо сала турган маал «Сумбула» жылдызы чыккандан кийин суу ташкыны токтойт. Ошол себептен төмөнкүдөй ыр калса керек:
Суунун пири Сулайман, Суукту сурайт Кудайдан.
«Сумбула» жылдыз туулду,
Суу ташкыны буулду
Жай чилдедин сайранын Сулайман ата кууду.
Ал эми кыш чилдесине байланыштуу «Адынын алты уулу» (14–20 январда), «Жединин жети уулу» (20–26-январь), «Каңтар» (чилдесинин кап ортосу), «Үт» (28-январь – 11-февраль) үт, ал эми 12–17-февралды «Апкыт-сапкыт алты күн» деп мүнөздөмө беришкен.
Ал эми июль айындагы 40 күндүк аптапты «Саратан» деп аташып, ал 40 күндүк жайкы чилде күндөрүнө туш келет.
Жай чилде июнь айынын аягы же жыйырмасында түшөт. Жай чилдесинде айрым жаныбарлар чээнге кирет. Жылкы ылаалайт, уй сайгактайт, кой жуушайт, эчки чабалактайт, ит акактайт ж.б. жаныбарларда кыймыл башталат. Эгин өсүмдүктөр ысыктан күйүп кетишет да түшүмү начарлайт.
Жайкы чилде бүтүндөн Жай атанын Үп деген байбичеси ысыкты алып келет. Ысык катуу болуп, эгин дан байлап, жакшы баш ала албай калат, же күйүп кетет. Чөптөр да жакшы өнө албай куурайт. Мындай абалды «үп» жүрдү деп билишкен.
Кыргыз байыркы жыл санагында Үркөр жылдыз тобу өзгөчө мааниге ээ. Эң ириде Үркөр таң алдында чыгат. Кыргыз элинде ар бир айдын аталышы айдын Үркөр жылдыз тобу менен тогошуусу боюнча аныкталат. Кыштын узун түнүн Үркөргө карап өлчөгөн.
Кыргыздар асмандагы сан миң жылдыздын ичинен эки жылдызды гана Үркөр жылдызы менен Күтпа жылдызын аба ырайын жана багытты билүү үчүн кеңири пайдаланышкан. Үркөр менен Айдын тогошконуна карап, жаздын эрте келишинен үмүт кылышкан. Жылкычылар кышкы ызгаарда жылкы четинде жүрүп Үркөргө карап түндүн кайсы маал экенин аныкташкан. Үркөр төмөндөп, жамбаштап калса анда жаз жакындап калды деп болжошкон. Кыскасы, Үркөр убакытты билдирүүсү – саат, аба ырайын билдирүүсү – жайчы болгон.
Ал эми Кутпа жылдызы эң ириде түнү жол жүргөндө ошого карап багытты аныкташкан. Ал көчмөндөрдүн компасы, адатта, дыйканчылык айдап, себүү мөөнөттөрү Үркөргө байланыштуу болгон. Маселен, Үркөр көрүнмөйүн эгин сугарбайт, Үркөр чыккан соң чөп ката баштайт, ошондо кымызды дары катары ичүү токтойт. Үркөр күүгүмдө батыштан көрүнсө жаздын келгени, түндүктөн көрүнсө кыш келгени ж.б.
Маселен, тогоол – бул түшүнүк дүйнөдө казак (улуу жүзүндө гана) менен эле кыргызда бар. Кыргыз элинин Ай, Күн санагы негизинен Үркөр жылдыз менен Тогоолго байланышкан. Элибизде «Беш тогоол болбой бел чечпейт» деген лакап тегин айтылбаса керек. «Тогоол» деген жөнөкөй тил менен айтканда Үркөр топ жылдызы менен Ай, Жер бир сызыкка туш келип калуусу, же башкача айтканда, тогошуусу.
Байыркы жыл санакка 7 негиз
Демек, биздин ата-бабалардын астрономиялык ой-чабыты өтө терең болгон. Маселен, Саймалуу таштагы сүрөттөрдүн биринде Жылдыз менен Ай, Күндүн тогошуусу даана чегилген. Демек, 1500–3000 жыл илгери эле кыргыз эли өзүнүн Ай, Күн санагы болгон деп айтууга толук негиз бар. Бул биринчи далил.
Экинчиден, кытайлардын Тан доорунда эле жазма булактарда минтип баяндалат: «…кыргыздар түрк элдеринин ичинен Күн, Ай, мезгилдер жана он эки жылдык циклин (мүчөл) эң алгач, ары такталган түрүндө колдонуп келген байыркы улут болуп эсептелет». (Хи Жикоң. Нооруз тарыхы/ Кыргыздар IV.T.Б.1997 581-б.)
Ал эми байыркы кытай жазмаларында кыргыздар тууралуу минтип эскерилет: «Жылдын башын «Баш ай» дешет. Үч айды бир мезгил эсептейт. Он эки айбандын аты менен айтылган жыл санагы бар. Алып айтсак, 3-жылды «Жолборс» деп айтат. Абасы суук, чоң дайралары муз тоңот. Эгиндеринен сулу, таруу, арпа, буудайлар бар. Тегирмен менен ун тартышат. 3-айда эгин эгишип, 9-айда түшүм алышат. Эгинден тамак-аш жасашат, ичимдик ачытышат (арак), мөмө, жашылча болбойт. Малынын ичинде жылкылар абдан чоң болот, алышканда кайсы күчтүү болсо, ошону айгыр салышат. Андан бөлөк төө, уй, кой сыяктуу малдары бар. Байлары кадыресе миңден көбүрөөк болот. Жапайы жаныбарлардан кулан, куран, аркар-кулжа, бөкөн, бугу-марал, кара куйрук (элик) болот. Кара куйруктун түспөлү бугуга окшош болуп, куйругу узун, ары кара келет. Балыктын узундугу 7–8 сөөм (чи) келе турган, кээ бирөөлөрүнүн кылканы жок, оозу тамагынан алдында боло турган балыгы болот. Канаттуулардан каз, өрдөк, карга, сагызган, ылаачын, бүркүттөр; өсүмдүктөрдөн карагай, кайың, четин, тал, бадал болот. Карагайлары эң эле бийик болот дейсиң, тым эле башына жаа тартса, жебе жетпейт. Кайыңы эң эле көп болот. Кендерден алтын, темир, калай болот». (Ханзу жазмалары, «Кыргыздар» Шинжаң эл басмасы, 2004. – 395-б.)
Үчүнчүдөн, «Манас» эпосунда илгери эле кыргыздар жыл сүрүп, тогоолду санап, өз улуттук календары бар экени минтип айтылат:
«Оң чекеден Күн чыгып,
Сол чекеден Ай чыгып, Үркөрүң келип төбөгө
Тогоол болуп алыптыр».
«Чын куранда (апрель) чыңыртып кулун байладык», «Бирдин айындай чоголуп» (кыштын айы январь, февраль. Күн кыска, түн узун өтмөгү узак болгон).
Же болбосо Семетей мүчөл жашка келип, бирок өзүнүн ким экенин билгизбей акылман Бакайга жолукканда, ал жыл сүрүп айкөлдүн урпагы келер жыл экендигин мындайча айтат:
«Жыл эсебин алайын,
Жылды катка салайын,
Ал эле чычкан, ал эле уй,
Ал эле жылкы, ал да барс, Ал эле коён, ал жылан
Ал эле тоок, а да коён».
Төртүнчүдөн, Байыркы Орхон-Енисей жазууларында ай, күндөр тууралуу мындай жазуулар да айтылат: «Үстүндө теңири кан, ажыдар (жылан) жылда жетинчи айда күчтүү алп каганымдан айрылып калдыңыздар. Билге (акылман) Тачам – мен, сен өлгөндөн кийин ээ болдум (сенин) дүйнөңө (асыл буюмдарыңа). Суу, жер (ата мекен) теңири үт… Табгачка кирер эле». Белгилүү окумуштуу Абель Ремеюз 1820-жылы эле жыл санакка айбанаттар менен атап, цикл түрүндө (мүчөл менен) эсептөөнү кыргыздар киргизген деп бүтүм чыгарган (Бартольд В.В. Кыргыздар. / Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча. – Б., 1997. 32-б.).
Бешинчиден, улуттук Ай, Күн жылсанагы элдик оозеки чыгармаларда жана санжыраларда айтылат. Айрыкча, Үсөйүн ажы Талып Молдо жана Белек Солтоноевдин жазып калтырган эмгектеринде жеткиликтүү баяндалган.
Мындан тышкары 1911-жылы Уфа шаарында басмадан чыккан казак-кыргыздар үчүн «Алипбе» китебинде (автору И.Арабаев болгон): «Жыл айлары – жалган куран, чын куран, бугу; жай айлары – кулжа, теке, баш оона; күз айлары – аяк оона, тогуздун айы, жетинин айы; кыш айлары – бештин айы, үчтүн айы, бирдин айы» – деп көрсөтүлгөн.
Улуттук Ай, Күн календары тууралуу окумуштуулар С.М. Абрамзон, К.Юдахин, В.В.Радлов, К.Сейдакматов кайрылышкан.
Алтынчыдан, ошондой эле Жусуп Баласагындын «Кут билим» дастанында Ай, Күн жылсанагы тууралуу минтип жазылат:
Он эки топ жылдыз бар түнкү чакта, Баарынын оруну бир жана башка.
* * *
Кой жылдыз Үркөр менен катар келет, Эгиздер Саратан менен жакын жүрөт.
* * *
Артында Арстан, Буудай, Тараза бар,
Жаа менен Чаян жылдыз кошуналар.
* * *
Андан соң Теке, Конок, Балык келет,
Чыкканда түнкү асманга жарык берет.
* * *
Үч белги жазга төбөл, үчү жайга, Үчү – күз, үчү – келет кышкы жайга.
Атактуу түрк аалымы Махмуд Кашгари да минтип жазат: «Барс – түрк санак жылынын (12-жылдын) бирөө (жолборс жылы). Жыл саноодо түрктөр жаныбарлардын 12 түрүн алып, 12 жылдын атын ошол жаныбарлардын аттары менен аташкан. Ошону менен тарых эсебин башташкан, кайсы жылы кимдер менен согушкан, кандай окуялар болуп өткөн». (М.Кашгари, Түрк тилдеринин сөздүгү. – Б., 2011, 603-бет.)
Жетинчиден, байыркы Орхон-Енисей жазмаларында «Кой жылы», … «мечин жылы» деп, «…тогузунчу айда», …жетинчи айда» деп жазылат.
2-эстелик
- Отуз улан сакчылары мечин (маймыл) жылдын он алтысында…
- Атым (Б. Эр атым) Карачур, ардак атым Кар(а) жазбас
- Алты уялу (алты уруумду) айланып кезип, сиңдимди жибердим.
- Кара чур-а, кула атым, кар(а) жазбас.
- Кара чур сиздерден, өз туугандарынан айрылды-а!
- Үйдөгү аялынын аты Тучайан-а.
- Уулунун аты Кара чур.
- Уулунун атасы – Огурты-а? (Огом ша). 7-эстелик
- Жылан жылы, онунчу айда.
- Ин Өз Ынанчу Беш-Балыкка
- Барармын
- Кут болсун, алып барсын.
Ал эми кызыл кыргыз тарыхчысы Б.Солтоноев илгери кыргыздар 24 саатты 33 маал менен атап келгенин жазат:
- Таң каракчы – предрассветная мгла, утренние сумерки.
- Таң дүмпөйүү – появление рассвета.
- Таң куланөөк – чуть забрезжил рассвет.
- Таң кылайуу – забрезжил рассвет.
- Таң аппак атуу – полный рассвет.
- Күн чыккан – солнце взошло.
- Күн тоонун башына тие – когда солнце только-только касается вершины гор.
- Күн көтөрүлгөн – солнце поднялось.
- Күн текши тийген – солнце осветило все.
- Шашке – позднее утро.
- Улуу шашке – время перед полуднем.
- Жалган түш – время ближе к полудню.
- Чак түш – ровно полдень.
- Түш кыя – время сразу за полуднем.
- Түш огоон – после полудня.
- Сарт бешим – время, следующее за полуднем, полуденная молитва (бешим – название молитвы – А.С.).
- Кыргыз бешим – время, следующее за бешим.
- Ала көлөкө – ранний вечер, время перед заходом солнца.
- Намаздигер – время перед самым заходом солнца, молитва предвечерняя (дигер – название молитвы).
- Күн батар – солнце зашло.
- Күн батканда, намаз шам – время после захода солнца (шам – название молитвы, намаз – молитва – А.С.).
- Буурул күүгүм киши таанышар таанышпас – сумерки.
- Киши таанылаар – вечерняя темнота, когда человека трудно распознать.
- Киши таанылбас – когда невозможна узнать человека.
- Эл аягы басыла – когда люди успокоятся.
- Намаз куптан – время вечерней молитвы ( куптан – название молитвы – А.С.).
- Тамак ичер – время ужина.
- Тамакты текши ичкен – когда все поужинали.
- Эл жатар – время после ужина, люди укладываются спать.
- Эл текши жатканда – когда улеглись люди (спать).
- Уйкуга кирерде – перед сном.
- Текши уктаганда – когда все спят33. Оор уйку – когда все спят, глубокий сон.
- Түн ортосуна жакын – около полуночи.
- Түн ортосу – полночь.
- Түн ортосу оогондо – за полночь.
- Таңга жакын – перед рассветом.
- Таңга маал – на рассвете.
Менимче, 24 саатты 38 маалга бөлүп айткан, балким, дүйнөдө кыргыз эли гана болсо керек. Убакытты 25ке бөлүп айткан:
- Зоор,
- Насбей атым,
- Бээ саам,
- Чай кайнам,
- Жарма бышым,
- Сүт бышым,
- Эт бышым,
- Түш жарым,
- Жарым күн,
- Жарым түн,
- Күнү түн,
- Бир күн,
- Эки күн,
- Үч күн,
- 4 күн,
- 5, 6, 7 күн,
- Жарым жай,
- Бир ай,
- 12 ай,
- Жарым жыл,
- 2, 3 жыл ж.б.
- Бир жылда 366 күн бар экенин билген,
- Бир жылда төрт мезгил бар экенин,24. 100 жыл бир кылым болорун билишкен.
- Адамдын жашын жыл сүрүү менен так айткан же эсептеген.
Биз көчмөндөр оюндарын өткөздүк, көчмөндөрдүн каада-салты, ашканасы жана философиясы жөнүндө айттык, бирок көчмөндөрдүн эң негизги жетишкендиги – өзүнүн Ай, Күн календары болгондугу тууралуу жетиштүү айтылбай келет. Тогоол деген сөз кыргыздарда гана бар.
Ай, Күн календары эмне үчүн керек?
Бул биринчиден, ата-бабаларыбыздан калган мурас.
Дүйнөдө төрт календарь бар: Григориан календары, Мусулман календары, Еврей календары жана Кытай календары.
Дүйнөдө бешинчи календарь жараткан кыргыз элин даанышман эл катары дүйнө калкы билиши ылаазым, аны бүгүнкү дүйнөдөгү илим билиш керек.
Экинчиден, Кыргызстандын 60–70% эли айылдарда жашайт, а бул календарь малчыларга, дыйкандарга, мергенчилерге, туристтерге (эң зарыл алдын-ала аба ырайын биле турган эбегейсиз салттуу билим).
Үчүнчүдөн, өзүбүздүн ичибизде эле кала бербеш үчүн Григориан календары менен кошо эле өзүбүздүн календарды таркатышыбыз керек, «Улуттук жыл санак» тууралуу мыйзам кабыл алып, анан ЮНЕСКОнун материалдык байлыктардын тизмесине каттоодон өткөзүшүбүз керек.
Мындан кийин кыргыздын Ай, Күн календарын Үркөр календары деп атасак ылайыктуу болчудай.
Кыргыздардын байыркы жыл санагы кийиктердин куут мезгилдерине (Куран, Чын Куран, Бугу, Кулжа, Теке) байланышкан дүйнөдөгү жападан жалгыз жыл санак. Демек, бул айларда ушул жапайы жаныбарларга аң уулообоо керек деген керээз жатпайбы.
АБАКИР КАЛЫБЕКОВ, Ж. Баласагын атындагы КУУнун обсерватория башчысы
ЭЛДИК ЖЫЛ ЭСЕПТӨӨ КӨӨНӨ ТАРЫХТЫН КҮБӨСҮ
Мүчөлдү мүлдө кыргыз билсе
Кытай тарыхынын байыркы кол жазмаларында түрк элдеринен кыргыздар эң алгач так календарды колдонушкан деген маалымат сакталып калган. Жыл эсептөөдө жаныбарлар менен аталган 12 жылдык цикл (мүчөл жыл) башка элдерге кыргыздар аркылуу таралган деп эсептешет. Мүчөл жылдар байыркы доордогу зодиак алкагындагы топ жылдыздардын аталышы болгон, кийин батыш элдеринен келген аттары менен алмаштырылган. Элдик календарь боюнча 12 жылдык цикл байыртан бери кыргыздардын чарбачылыгында колдонулган жана жашаган аймактарда таралган жаныбарлардын аттары менен берилген: чычкан, уй, жолборс, коён, балык, жылан, жылкы, кой, маймыл, тоок, кара кийик. Кыргыздардын жыл эсеби жөнүндө кытайлардын Таң доорунда (IV–IX к.к.) жазылган «Тынч Аалам – кыргыздарда» деген китепче… кыргыздар түрк элдеринин ичинен күн, ай мезгилдер жана он эки жылдык циклин (мүчөл) эң алгач, ары такталган түрүндө колдонуп келген байыркы улут болуп эсептелет.
Мүчөл жыл аттарынын келип чыгышы жөнүндө кыргыздарда уламыш айтылып келет. Теңир ата жылдыздарга ат коёрдо 13 жаныбар чогулат. Эсепке так болсун үчүн 12 жылга эле ат коёлу деген бүтүмгө келишет. Эртең чыгып келе жаткан күндү ким биринчи көрсө жыл башына коёлу, эң акырында көргөн жылга кирбей калсын деп кеңешет. Чыгып келаткан Күндү менден мурда ким көрмөк эле деп төө камарабайт. Төөнүн төбөсүнө чыгып алган чычкан: «Мен көрдүм» – деп биринчи чыйылдайт. Чочуп кеткен төө «бап-бап» деген бойдон сүйлөй албай калып жылга кирбей калган имиш. Мүчөл жылдын 12 жылдык цикли Юпитер планетасынын 11.86 жылдык айлануу мезгилинде байланышкан. Бул планета асман курунда 13 топ жылдыз аркылуу өтөт. Астрономия илиминде бул топ жылдыздардын көпчүлүгү жаныбарлардын аттары менен берилип, зодиак алкагы деп аталат. Байыркы гороскоптор түзүлгөндө 13-топ жылдыз Жыланчы (Змееносец) кирбей, ага жанаша жайгашкан Чаян (Скорпион) киргизилген. Кыргыздардын мүчөл жылдар циклинде Юпитер планетасы ар бир жылы төмөнкү топ жылдыздарда жайгашат: скорпион – чычкан, стрелец – уй, козерог – жолборс, водолей – коён, рыба – балык, овен – жылан, телец – жылкы, близнец – кой, рак – маймыл, лев – тоок, дева – ит, весы – доңуз мүчөл жылдардагы жаныбарлардын аттары-зодиак алкагындагы топ жылдыздардын кыргызча аталыштары, кийин батыш элдеринин аталыштары менен алмашып, мүчөл жылдардын мааниси түшүнүксүз болуп калган.
Кыргыздардын элдик календарынын түзүлүшү жазуу түрүндө сакталбагандыктан көп талаш-тартыштар болуп келген. Кара-Көлдүк врач Тороң Жумаев Кытайлык кыргыздардын тарыхчысы Үсөйүн ажынын, Б. Солтоноевдин жана элдик жылдыз саноочулардын маалыматтары боюнча ай-күн календарын тактап берди. Календарь боюнча талаштартыштарга чекит коюлгандай болду. «Ай арасы», «тогоол» жана Күн календары менен Ай-Күн календарынын айырмачылыктарын ачып берди. Көп жылдык изилдөөлөрүн жыйынтыктап «Кыргыз элинин улуттук календары» (Бишкек, «Мурас» 2008) аттуу эмгегин жарыялады.
Ай-Күн календары боюнча 2008-чычкан жылы 7-февралда башталган. Бул кытайлардын жыл эсеби боюнча жаздын башталышы деп эсептелет.
Ай-күн календары 2008-чычкан жылы
№ | Айлардын аталышы | Ай жаңырган күн | Айдагы сутка саны | Ай менен үркөр тогошкон күн | Тогоолдун аталышы |
1. | Жалган куран | 7.II | 29 | 14.II | 7 тогоол |
2. | Чын куран | 7.III | 30 | 11.III | 5 тогоол |
3. | Бугу | 6.IV | 29 | 8.IV | 3 тогоол |
4. | Кулжа | 5.V | 29 | 6.V | 1 тогоол |
5. | Теке | 3.VI | 30 | 3.VI–30.VI | тогоол көрүнбөйт |
6. | Баш оона | 3.VII | 29 | 27.VII | 23 тогоол |
7. | Аяк оона | 1.VIII | 29 | 24 .VIII | 21 тогоол |
8. | Тогуздун айы | 30.VIII | 30 | 20.VIII | 19 тогоол |
9. | Жетинин айы | 29.IX | 30 | 17.X | 17 тогоол |
10. | Бештин айы | 29.X | 29 | 13.XI | 15 тогоол |
11. | Үчтүн айы | 27.XI | 30 | 11.XII | 13 тогоол |
12. | Бирдин айы | 27.XII-25.I | 29 | 7.1 | 11 тогоол |
Бул календарда айлардын аттарын жыл санакчылар кийиктердин туут мезгилдери менен байланыштуу түшүндүрөт. Бирок кийиктердин эркегинин аттары менен берилиши куут мезгилдери байланыштарын далилдейт. Бул календарда кыргыздардын ай аттары гана кытайлардын ай-күн календарына которулуп колдонулуп калган.
Кыргыздар өзүнүн өнүгүү жолунда ар түрдүү доорлордо ар кандай календарларды түзүшүп жана колдонуп келген:
- эң байыркы аңчылык доорунда пайда болгон кийик-
тердин куут-туут мезгилдери менен байланышкан алгачкы элдик календарь;
- Үркөрдүн чыгышы-батышы жана Ай менен того-
шуусуна негизделген, бир кыйла такталган. Ай-Үркөр (тогоол) календарында ай аттары тогоолдор менен аталып, кийиктердин куутуна болжолдуу дал келүүлөр болгондуктан алгачкы ай аттары сакталып калган;
- ХХ кылымга чейин колдонулган күн жылы менен Айдын фазаларын дал келтирүү максатында түзүлгөн ай-күн календарын Т. Жумаев тактап, элге тартуулады;
- Күндүн Асман сферасында топ жылдыздар боюнча кыймылына жана жыл мезгилдерине негизделген күн календары.
Элдик календардын өзгөчөлүгү Ай менен Күн жылынын дал келүүсү боюнча жылдын оор же жеңил болорун алдын-ала айта алышкан. Аба ырайынын өзгөрүшүнүн мезгилдүүлүгү «ай арасы» жана «тогоол» менен аныкташат. Ай арасында, б.а., ай жаңырганда Жер, Ай жана Күн бир түз сызыкта жатат. Бул мезгилде Ай менен Күндүн тартылуу күчүнүн аракетинен океандарга пайда болгон ташкындын деңгээли жогору болот. Мындай өзгөрүү атмосферадагы абанын циркуляциясына жана булуттардагы тамчылардын биригүүсүнө да таасир этери бышык. Байыркы мезгилден берки көп жылдык байкоолордон Ай жаңырган мезгилде аба ырайынын өзгөрөрү аныкталат. Жаңырган Айдын дискасынын жайгашуу абалына карата «ай аңкак» же «жаанчыл» болот деп айтышкан.
Жаңырган Айдын ар түрдүү абалда көрүнүшү айдын айлануу тегиздиги Жердин тегиздигине 5 градуска жантаюусуна байланышкан.
Кыргыздардын эң байыркы календары аңчылык доорунда пайда болгондуктан кийиктердин куут мезгилдери менен Айдын жаңырышы жана Үркөр менен тогошуусуна байланыштуу эсептелген.
Төрт миң жыл мурда Чалма (Дракон) топ жылдызында жазда күн-түн теңелгенде Үркөр чыккан. Байыркы кыргыздын элдик календары боюнча Үркөрдүн таң алдында биринчи көрүнүшү менен жыл эсеби башталган. Ай менен Үркөрдүн жакындашуу күнү менен аталыштары келип чыккан. Айдын жылдыздарга салыштырмалуу бир толук айлануусу 27,3 суткага барабар. Үркөр чыккандан кийин Ай жаңырган. Ай 23 күн өткөндө Үркөргө жакындашат. Ошондуктан бул ай 23 тогоол деп аталган. Синодикалык айдан (29,5 сутка) сидерикалык ай болжол менен 2 суткага кем болгондуктан, айлар 21 тогоол, 19 тогоол, 17 тогоол д.у.с. аталган. 3 тогоол айында Үркөр Күнгө жакындап батып кетет да 1 тогоолдон 23 тогоолго чейинки аралыкта 2 тогоол көрүнбөйт. Ошондуктан бул Арсар ай аталган. Бул календарда айдын узактыгы айдын жаңырышына карабастан тогоол менен эсептелгендиктен шарттуу түрдө 28 суткага барабар болуп калат. Үркөр чыккандан кайра чыкканга чейин, б.а., жылдыздык жылдын узактыгы күн жылынан 1 суткага кыска. (Үркөр жылынын) 364 суткасы 13 айга так бөлүнүп, ар бир ай 28 суткага барабар болот.
Кыргыздын Ай-Үркөр (тогоол) календары 2008–2009-ж.ж.
№ | Айлардын аты | Ай жаңырган күн | Ай менен
Үркөрдүн тогошу |
Ай перигейде | Тогоол аталышы | Ай аттарынын кийиктердин
жашоосуна байланышы |
1. | Жалган куран
(Абал куран) |
3.VII | 27.VII | 30.VII | 23 тогоол | Сибирь кураны июндун орто-
сунан июлдун ортосуна чейин жүгүрөт |
2. | Чын куран
(Жан куран) |
1.VIII | 26.VIII | 26.VIII | 21 тогоол | Борбордук Азия кураны июлдун ортосунан ав-
густтун ортосуна чейин жүгүрөт |
3. | Бугу | 30.VIII | 20.IX | 20.IX | 19 тогоол | Бугу сентябрьоктябрда жүгүрөт |
4. | Кулжа | 29.IX | 13.X | 14.X | 17 тогоол | Кулжа ноябрь-октябрда жүгүрөт |
5. | Теке | 29.X | 13.XI | 14.XI | 15 тогоол | Тоо эчки ноябрьдекабрда жүгүрөт |
6. | Баш оона | 27.XI | 11.XII | 12.XII | 13 тогоол | Оона (огоно-жейрендин текеси)
декабрь-январда жүгүрөт |
7. | Аяк оона | 27.XII | 7.I | 7.I | 11 тогоол | Огоно-жылыш оор жеңилине
карата куут мезгилин бир айга чейин өзгөртөт |
8. | Тогуздун айы | 26.I | 4.II | 7.II | 9 тогоол | |
9. | Жетинин айы | 25.II | 3.II | 7.III | 7 тогоол | |
10. | Бештин айы | 26.III | 31.III | 2.IV | 5 тогоол | |
11. | Үчтүн айы | 25.IV | 27.IV | 28.IV | 3 тогоол | |
12. | Бирдин айы | 24.V | 24.V | 26.V | 1 тогоол | |
13. | Арсар айы | 22.VI | 20.VI | 24.VI | Тогоол көрүнбөйт |
Бизге жеткен ай-күн календарындагы ай аттары кийиктердин эркегинин аттары менен берилип, туут мезгилдери менен байланыштырылат. Ай-күн календарында жыл башы 7 тогоол менен башталып, жыл ортосунда 23 тогоол келип, иреттик сан менен берилген ай аттары тогоолго дал келбейт. Тогоолдордун катары да жана кийиктердин аталыштары да ай-күн календарына ылайык эмес. Эгерде ай аттарын куут мезгилдерине дал келтирсек тогоолдор боюнча да иреттүүлүк сакталат. ХIII к. Моңолдор империясынын доорунда Кытайлардын Ай-Күн календары колдонулуп, Ай-Үркөр календарынын ай аттары маанисине карабастан которулган.
Байыркы аңчылар ууга чыгуу убактыларын кийиктердин куут мезгилдерин Айга карап аныкташып, ага жараша ай аттары келип чыккан. 2008-жылы 23 тогоол 27-июлда болгондуктан бул ай жалган куран (КРС Юдахинде жалган куран – абал куран, чын куран, жан куран деген варианттары да берилген) аталган. Ай аттары менен кийиктердин куут мезгилдери дал келет. (БСЭ. Животных VI том. Кыргызстандын Кызыл китеби менен салыштырып көрүңүз). Баш оона жана аяк оона деген ай аттары жейренге байланышат (таблицаны караңыз). Жейрендин текеси эски өзбек тилинде ухуна, моңолдор огоно деп аташат. «Ай караган текедей» лакабынан мааниси ушул кубулушка байланышкан. Келгин куштар узак учуу багытын жердин гравитациялык талаасынын чыңалыш векторунун багытын сезүү менен аныктары илимде белгилүү. Кийиктер да Ааламдан келген гравитациялык жана электромагниттик толкундарды туюк сезимдер менен туюп вегетация мезгилдерин өзгөртүшсө керек.
Ай-Үркөр (тогоол) календары доорунда пайда болуп мал чарбалыгында иштегендер Ай-Күн календары менен айкалыштырып, ХХ кылымга чейин колдонушкан. Дыйканчылык жумуштары жыл мезгилдеринин өзгөрүшүнө тыгыз байланышкан. Ошондуктан жазгы жана күзгү күнтүн теңелүү, жайкы жана кышкы күн токтолуу күндөрүнө так байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында күн календары түзүлгөн.
Кыргыздардын Күн календары
IV–VI к.к. кыргыздардын Энесай доорунун тарыхы таш жазууларда жана кытайдын жазма булактарында кеңири чагылдырылган. Кытайлык кыргыз тарыхчысы А.Байтур, кытай тарыхчылары Ян Рунли, Хы Жихон ж.б. кыргыздар колдонгон күн календарын изилдеп: «… кыргыздар маданият жагынан өнүккөн, жазуусу бар, сөздүк казынасы мол, бадиз оймочулук (скульптура) бир кыйла өнүккөн эл болгон» – деп жазышат. Кыргыздар түрк элдеринин ичинде эң алгач бир кыйла толук жыл сүрүү ыкмасын колдонгон. Энесайлык кыргыздар күн менен жылдыздардын тогошуусу, айдын жаңырышы сыяктуу кубулуштарга негизделген жылды 12 айга бөлүп эсептешкен. Айлар: 1-баш ай, 2-көктөм ай, 3-күкүк ай, 4-чилде ай, 5-саратан ай, 6-кыргый ай, 7-мийзам ай, 8-карача ай, 9-согум ай, 10-каңтар ай, 11-акпаң ай, 12-соң ай деп аталган.
Кытайлардын Таң доорундагы (VI–IX к.к.) жазма булактарда «кыргыздардын эсебинде жыл башы Нооруз деп аталып, эң кеминде 581–618-ж.ж. тартып» майрамдашат. Мындайча айтканда – Нооруз майрамынын пайда болушу менен кыргыздардын жыл эсебинде күн календары колдонула баштаган. Таң сулалеси (кытайлык династия) доорунда бул майрамды өткөрүү абдан өөрчүп, башка түрк элдерине таралгандыгы маалым. Фергана өрөөнүндө жана Теңир-Тоонун дыйканчылык өрөөндөрүндө жашаган кыргыздар Күн календарын колдонгондугу тууралуу кеңири маалыматтар бар. Өткөн кылымдагы атактуу кыргызтаануучу С.М.Абрамзон кыргыздар колдонгон элдик календарларга кеңири изилдөө жүргүзгөн. «Түштүк» кыргыздарда колдонгон айлардын аттары зодиактын 12 белгисине ылайык келип, күн календарын колдонгондугун ырастап турат. Үт (февраль), соор (апрель), саратан (июнь), асат (июль), сумбула (сентябрь), акрап (октябрь) К.К. Юдахиндин Кыргызча-орусча сөздүгүндө (Ф., 1963.) ай аттары жана григорий календары да көрсөтүлгөн.
Кыргыздар колдонгон күн календары жөнүндө «Манас» энциклопедиясынын 2-томунда төмөнкүчө маалымат берилген. «Тараза жылдыз» боюнча жылдын жаңырышын, анын жаанчыл же кургакчыл болушун аныкташкан. Жыл ичиндеги 365 күндү 4 мезгилге бөлгөндө 91 күндөн тийип, калдык калган 1күндү Таразанын күнү деп эсептешкен. Бул күн 20-мартка туура келип, жыл башы катары эсептешкен. «Жаз башталарда Күн Тараза топ жылдызындагы үч жылдыздын ортосунан батат», – деп жазган. Бул маалымат боюнча Кыргыздын күн календарынын түзүлүшү төмөнкүчө болгону такталды.
Ар түрдүү күн календарынын түзүлүшү
Григорий календары боюнча
айлардын даталары |
Омор Хаямдын күн календары | Энесай кыргыз-
дарынын календа- рында ай аттары |
Кыргыздын Күн
календарындагы ай аттары |
Суткалар саны | ||
Күн календарында ай аттары | Айлардагы
сутка саны |
Жыл башынан баштал-
ган сутка сандары |
||||
21.03 | Фарвардын | 31 | 31 | Жаңы ай | Козу | 30 |
21.04 | Ордибахшет | 31 | 62 | Көктөм ай | Совур | 30 |
22.05 | Хордад | 31 | 93 | Күкүк ай | Жаваза | 31 |
23.06 | Тир | 31 | 124 | Чилде ай | Саратан | 30 |
23.07 | Мордад | 31 | 155 | Сарча ай | Асат | 30 |
23.08 | Шахривер | 31 | 186 | Кыргый ай | Сумбула | 31 |
23.09 | Мехр | 30 | 216 | Майзам ай | Тараза | 30 |
23.10 | Абан | 30 | 246 | Карача ай | Акраб | 30 |
22.11 | Азер | 30 | 276 | Согум ай | Жаачы | 31 |
22.12 | Дей | 30 | 306 | Кантар ай | Улак | 30 |
22.01 | Бахман | 30 | 336 | Акпан ай | Конок | 30 |
21.02 | Эсфенд | 30 (29) | 365 (366) | Соң ай | Үт | 31 |
Көпчүлүк мамлекеттер колдонуп жаткан календардагы ай аттарын элдик календардагы аттарга алмашып колдонуп жатышат. Эртеби-кечпи дүйнө элдери Ноорузда жаңы жыл башталган күн календарына өтүшөт. Ошондуктан Кыргызстанда Григорий календарындагы ай аттарын кыргызча аттары менен алмаштырууга убакыт жетти. Үстөл календарларга жана айрым учурларда гезиттерде ай аттарын ай-күн календарындагы аттар менен алмаштырып жазган учурлар кездешет. Мындай алмаштыруу акылга сыйбаган көрүнүш. Григорий календары жана ай-күн календары бири-бири менен айкалышпаган системалар. Жылдардын узактыгы жыл эсептин башталыштары, айларга бөлүнүшү бири-бирине дал келбейт. Колдонуп жүргөн календардагы ай аттарын кыргыздын күн календарындагы аттар менен алмаштырууга ыңгайлуу. Жыл санактын башталышы менен гана айырмаланып, айлардын узактыгындагы айырма 1–2 күндү гана түзөт. Энесай доорундагы жана ХХ кылымга чейин колдонгон ай аттарын азыркы календарга төмөнкүчө колдонууну сунуштайбыз. Март – козу, апрель – көктөм, май – үркөр, июнь – саратан, июль – асат, август – сумбула, сентябрь – тараза, октябрь – акрап, ноябрь – согум, декабрь – каңтар, январь – чилде, февраль – үт.
ЖУМАКАДЫР КАРАМОЛДОЕВ, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору
КЫРГЫЗ АЙСАНАГЫНЫН ЖАРАЛЫШЫ, ТАБИЯТТЫН КУБУЛУШТАРЫ, БИЙИКТИК АЛКАКТУУЛУКТУН АЙЫРМАЧЫЛЫГЫНА, АТА-БАБАБЫЗДЫН САЛТ-САНААСЫНА, ЭПОСТОРУНА ТААНДЫК
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде табигый билим берүүнүн концепциясынын долбоорунда: «Табигый циклдеги предметтерди окутуунун натыйжасында билимдүү окуучуларды гана даярдоо эмес, турмушка жарамдуу болгон компетенттүү инсанды даярдап чыгаруунун бүгүнкү күндө маанилүү болушу» деген бөлүк эң керектүү. Турмушта эң негизги категориялардын бири убакыт, мезгил болуп эсептелинет. Ушуга байланыштуу кыргыздын жылдык мезгилдерин таануу, ошондой эле айлардын аталыштарынын пайда болгонун негиздүү айырмалап билүү мезгилдин талабы. Азыркы учурда айсанакты чечмелөөдө көптөгөн варианттар бар. Алардын ичинде терең талдоого алынган варианттары да жолугат, атап айтсак тогоолго, жаныбарларга, жылдыздарга байланыштуулар. Тилекке каршы, сунушталып жаткан айсанактардын далилдери, көпчүлүк учурда далилдүү болбой, божомол катары сунушталат.
Табигый илимдин жетишкендиктери бүгүнкү күндө эбегейсиз чоң, ошого карабастан окуучуларды кыргыздардын нукура, мурас катары калган жана калыптанган руханий байлыктарын кенен талдап окуучуларга жеткизүү замандын талабы. Бүгүнкү күндө эң негизги байлыктар болуп эпостор эсептелинет, ошого жараша биз алгач Манас, Семетей, Сейтек, Кожожаш, ошондой эле миң жыл мурун билимдүүлүктүн үлгүсү болгон Ж.Баласагын жана анын «Кут алчу билим» китебин кыргыздын айсанагында колдонууну туура таптык. Чыгармада он эки айга мүнөздөмө түз берилбесе дагы, жылдын ар кайсы мезгилине кайрылып сүрөттөгөн. Ж.Баласагындын бул эмгегине кайрылганыбыздын дагы бир чоң себеби бар. Залкар жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков кириш сөзүндө: «Бул азиз китеп – билик тереңдик негизинде – билим деңизи болуп берсе – каниет деген акын тилегине, бүгүн мына тогуз кылым күбө болуп отурат» – деп, сый-урматтоо менен белгилеген.
Китепте адамкерчилик, илим-билимдүүлүк, мамлекеттүүлүктү сактоо маселелери терең чагылдырылгандыгына байланыштуу, айсанактын мамлекеттүүлүккө, социалдык мамилелерге, таалим-тарбияга байланыштуу болгон көрүнүштөрдү далил катары пайдаландык. Учурунда Жусуп Баласагын белгилегендей: «Бул китептин атагы артык. Чин (Түндүк Кытай) акылмандарынын санат сөздөрү менен Мачин (Түштүк Кытай) даанышмандарынын ырларына сугарылып жаратылган бул китепти окуган жана урматтаган адамдын өзү урмат-сыйга ээ болуп, зоболосу көтөрүлсүн. Мачиндин акылман жана окумуштуу билермандары чыгыш тараптагы Түркстандын элдеринде бограхан тилинде жана түрк сөзү менен мындан жакшыраак ыр жыйнагын эч ким түзбөгөндүгүн ырастап жатышат. Бул чыгарманы: «Чиндин төрөлөрү «Такывалык жыйнак» деп аташты, Мачиндин өкүмдарларынын мурасчылары «Мамлекет түркүгү» дешти, Чыгыш өлкөлөрдүн акимдери «Өкүмдарлар зыйнаты» деген ат беришти, ирандыктар – түрктөрдүн «Шах китеби» деп коюшту, айрымдар болсо «Өкүмдарларга осуят китеп» дешип, турандыктар муну «Кут алчу билим» деп аташты».
Жалпысынан алганда, аталган китеп кыргыздардын миң жылдан ашык убакыттагы жашоо турмушун, эл аралык жана ич ара мамилелерин, социалдык абалын, карым-катнашты көрсөтүп турат.
Мейкиндиктин тынымсыз кыймылын, асман курунун он эки белгиси менен жети планетасы туурасындагы бөлүктү бир аз кыскартуулар менен бергенди туура көрдүк:
«Жаратты эрки менен аалам, жерди, Ааламга жарыктыка Күн, Ай берди. Тегеренме асманды жасап койду, Түбөлүк тынымы жок, айлампалуу. Көк асманга чачып койду жылдызды, Кара түнгө каршы койду күндүздү.
Айрым жылдыз түнкү көктүн саймасы,
Да бирлери – көктү коргоп айланчу,
Кээ бири – адамдарга сабак турмуш, Кээ бири – жасап койду жолчу жылдыз.
Жылдыз оту – бири – бийик, бири – пас, Сан жылдыздын бири – жарык, бири – аз. Баарынын эң үстүндө Сатурн – ал, Эки жыл сегиз айлык мөөнөтү бар. Юпитер – экинчиси. Жерди карап, Асман курун он эки ай айланат. Үчүнчүсү – опурталдуу Марс болот, Ал караса жашоо, өмүр токтолот.
Төртүнчү Күн болуптур эсебинде, Сулуулук чачып турат бүт дүйнөгө. Бешинчи – көркү артык Чолпон жылдыз, Көргөндө кайгы-муңду унутарбыз. Койчуман жылдыз турат андан ары, Ой-тилек аткарылат көрсөң аны. Баарынан эң жапызы – Айдын өзү, Күнгө каршы турганда толор кези! Он эки топ жылдыз бар түнкү чакта, Баарынын оруну бир жана башка. Кой жылдыз Үркөр менен катар келет, Эгиздер чаян менен жакын жүрөт.
Артында Арстан, Буудай, Тараза бар, Жаа менен Чаян жылдыз кошуналар.
Андан соң Теке, Көнөк, Балык келет,
Чыкканда түнкү асманга жарык берет» – деген саптар айтып турат.
Демек, мындан миң жыл мурун мейкиндикти жана мезгилди камтыган түшүнүк биздин элге таандык болгон.
Асмандан Жерге түшсөк, табияттын мезгилдери Ж.Баласагындын айтуусунда төмөнкүдөй берилген: «Үч белги жазга төбөл, Үчү – жайга, Үчү – күз, Үчү – келет кышкы айга».
Кыргыздар жылдын төрт мезгилин илгертеден бери: «Жаз – аракет, Жай – берекет, Күз – киреше, Кыш – чыгаша» – деп, мүнөздөгөн.
Кытайлык окумуштуу Макелек Өмүрбай, Ж.Баласагын атындагы университеттин «Университет» гезитине 2017, №3 жарыяланган макаласында төмөнкүдөй баяндайт: «Сыма Цяндын тарыхында 2200 жыл мурда, Кыргыздар мамлекет курган, бийлик жүргүзгөн мамлекети болгон экен, сөзсүз календары болуш керек». Ушул эле булакта: «12 ай төрт мезгилге: жаз айлары – жалган куран, чын куран, бугу; жай айлары – кулжа, теке, баш оона; күз айлары – аяк оона, тогуздун айы, жетинин айы; кыш айлары – бештин айы, үчтүн айы, бирдин айы» – деп белгилеген.
Чынында эле мезгилдин сапарына жараша жашоо турмуштун агымы дал келип, биздин эл айлана-чөйрө менен ылайыкташып, табигый мыйзамдарды сыйлап аны менен гармонияда жашаганга үйрөнүп келген, ага 2200 жылдан ашык мамлекеттүүлүк убакыт далил (Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхынын негизги доор жадыбалы – жыл санамы. Бишкек, 2003).
Мезгил жана мейкиндикти айкалыштырып, ошону менен бирге жер бетинин өзгөчөлүктөрүнө ыңгайлашып анын белектерин ченеп алып, тозокторун кайраттуулук менен которуп жашаган калк туруктуу жана татыктуу өнүгөт.
Кыргыздын Айсанагын тиешелүү багытта колдонсок биз кыргыз тилинин өзөгүн, андагы фундаменталдуу көрсөткүчтөрдү сактап айланасына калктын социалдык абалынын өнүгүүсүнүн, келечегин бекемдей алабыз. Аталган ойду белгилүү акын илимпоз З.Иманалиев төмөнкү ыр саптар менен баяндайт:
«Жыл келбейт алды жакка биз барабыз, Жаңы деп ошол жылга байралабыз. Жараткан жанды койсо өз жагына Жаз-күзүн ай жаңыртып айланабыз. Артында калат жылдар, жаңырабыз, Алдыга улуу көчтү дагы улайбыз.
Биз барбыз түбөлүктүү айлампада Мезгилден мейкиндиктен табылабыз».
Жалпысынан алганда, эпосторду колдонуп, алардагы табигый кубулуштарды, өзгөчөлүктөрдү талдап кыргыздын календары – айсанак аркылуу сунуштаганга аракеттендик. Күн-түндүн алмашуусу жердин өз нугунда айлануусуна байланыштуу кыска мөөнөттү көрсөтүп, анын бөлүнүүсү так көрсөтүлгөн.
«Манас» эпосу кыргыз элинин маданиятынын эле туу чокусу эмес, кыргыз элинин табигый дүйнө таанымынын, адам таануунун, социумдун калыптануусунун, коомдук мамилелердин да туу чокусу деп эсептөөгө болот. Aзыркы дүйнө таанууну колдонуп, эпостордогу мурастарга талдоо жүргүзүү керек, же болбосо чечмеленген кубулуштарды азыркы турмушта колдонуу зарыл.
«Кыргыз айларын ким тактайт?» «Эмне себептен ай эсебине көбүнчө кийиктерди киргизген?» деген суроолор бизди да кызыктырды. Себеби он эки айга мүнөздөмө берип кызыккан адистер ага өзүлөрү дагы кайрылып талдап чыгышса болот.
Биздин оюбуз боюнча бул багытта табиятка, анын кубулуштарына, ошондой эле адамдын жана айлана-чөйрөнүн байланышына, мамилесине көңүл буруу зарыл.
Кыргыз айлары эмне үчүн тогуздан баштап бир менен аяктайт жана жалаң так сандардан турат? Бул суроого дагы жооп издегенге аракеттендик.
Кыргыздардын жаңы жылы Нооруздан башталып, күн менен түндүн узактыгы бирдей болуп, жай айларын көздөй күн узара баштайт. Кыргыздар Тараза жылдызы боюнча жылдын жаңырышын (1 күнүн) белгилешип, жыл ичиндеги 365 күндү төрт мезгилге бөлгөндө 91 күндөн туура келет, бөлгөндөн ашып калган бир күндү жылдыз саноочулар Тараза жылдызы деп түшүнүшкөн; бул күн жалган курандын 20сына туура келип, жылдын башталышы катары эсептелген. Жаз башталар маалда күн ушул үч жылдыздын ортосуна барып батат. Кыргыздар күн ушул Тараза жылдыздын орто ченинен оң жагына өтүп батмайынча бир жерден экинчи жерге көчпөй, сак болушкан. Эл көчкө даярданып ар бир табигый алкактарда (чөл, талаа, шалбаа, токой, субальпы жана альпы шалбаасы, аска тоолор, көп жылдык тоң, мөңгүлөр) токтоп жайыттарды сарамжалдуу пайдаланып, кийиктерге мергенчилик кылып (кыргыздар илгертен эле мал чарбасы менен бирге аңчылык кесипти аркалап), азык-түлүктүн айрым түрүн аңчылыктан алган. Аң уулоо куралы колдонулушуна жараша атылма (жаа, мылтык ж.б.) жана капкан, тор, тузак болуп бөлүнөт. Кыргыз элинде тузак, капкан салуу, мергенчилик, мүнүшкөрлүк кылуу, бүркүт салуу, тайган агытуу сыяктуу кеңири тарап, ар бири өзүнчө, жарым жартылай кесип катары эсептелген. Ак карлуу тоого, көк ала зоого бет алышат. Ар бир бийиктик алкактарга токтоп ыңгайлашып (адаптация) түтөк оорусуна чалдыкпагыдай болуп көчүшөт. Мал көктү кубалап от издеп өйдө карай, температура жогорулаган сайын капталдап кете беришет, аларды ээрчип эл-журтун улам которуп жүрөт.
Кыргыздар мекендеген жеринин бети өтө татаал тилкеленген, ар кандай экспозиция (күнгөй жана тескей) климаттын өзгөчөлүктөрүн калыптап так бөлүнгөн алкактуулукка ээ (Кыргызстандын негизги өрөөндөрүндөгү температуранын көрсөткүчтөрүн №1 таблицага жайгаштырдык). Бул жерде айырмачылыктары так көрүнгөн төрт климаттык алкактуулук кездешет.
№1 таблица
Бийиктик боюнча орточо температура
Байкоо жүргүзүлгөн жер | Бийиктик (м) | Кыш t0 | Жаз t0 | Жай t0 |
Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталы | 800 | -5 | 4 | 23 |
Кетмен-Төбө өрөөнү | 800 | -16 | 0 | 25 |
Фергана кырка тоосунун батыш капталы | 2050 | -4 | 1 | 18 |
Суусамыр өрөөнү | 2050 | -21 | -11 | 13 |
Алай кырка тоосунун түндүк капталы | 3000 | -9 | -5 | 12 |
Арпа өрөөнү | 3000 | -23 | -13 | 10 |
Аталган төрт алкактуулукта төрт кайберен (куран, бугу, кулжа жана теке) өз ордун, жашоо чөйрөсүн ээлеп келет. «Семетей» эпосунда бийиктик алкактуулук боюнча кайберендердин таралганы төмөнкүдөй көрсөтүлгөн:
«Токоюнда арал көп Батпай жүргөн марал көп.
Тектиринде теке көп,
Курбусунда кулжа көп, Адырында аркар көп,
Адамында даркан көп».
Мисалга алсак, талаа жаныбары «бөкөн» жөнүндө кыргыздын айсанагында, мүмкүн, ал бийиктик алкактуулука тиешеси жок болгондуктан кездешпейт.
Айта кетчү нерсе, кылымдап кошуна жашашкан көчмөн калктарда (калмактар, моңголдор) «Манас» эпосунда жаңы жылдын келишин «Чаган» деп жаңы жылдын биринчи айын аташкан. Жаңы жыл майрамы мал төлдөп, ак көбөйгөн учурга туура келет. Демек, бул элдердин да жыл мезгилин белгилөө азыктанууга байланыштуу.
Ал эми кыргыздар эмне себептен ай эсебине көбүнчө кийиктерди киргизген? деген суроого кичине түзөтүү киргизип: «Жалаң гана кийиктердин эркектеринин аттарын койгон?» деген суроо коёт элек.
Бул жерде айтып кетчү маанилүү нерсе, кыргыз тилин коргоо маселесине жок дегенде 12 айдын аталышын так билип пайда болушунун себебин окуучулар гана эмес, ошондой эле жалпы калайык-калк билүүгө тийиш деп эсептейбиз. Ошону менен бирге эл аралык колдонууда кенен таралган латынча аттарын келтирдик. Мис.: Жалган Куран – March.
Кыргыздардын (көпчүлүк эле көчмөн калктын) азыктануусу, жогоруда биз белгилеп кеткендей, байыртадан эле мергенчилик менен байланышып келген. Манаста төмөнкү саптар ага күбөө:
«Үч-Аралга барыптыр, Он бир конуп талаага, Оюну калып алыптыр. Алты бөрү, он түлкү Жолдоштору алыптыр.
Эки бугу, үч кулжа Алар атып салыптыр.
Талды-Сууга барыптыр,
Манас аларды карап калыптыр».
Бул жерде белгилеп кетчү нерсе, бөрү менен түлкүнү куш салып алып (терисин бүтүн сактап калыш үчүн), ал эми бугу жана кулжаны (азык катары) атканында болуп жатат.
«Кожожаш» эпосунда төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
«Короодон малды сойдурбай,
Кожожаш этти жегизген,
Аркар менен кулжадан,
Атчу эле тандап семизден, Аскадан аткан эчкиси,
Алдына кулап келген».
Тукумду сактап калыш үчүн ыңгайы келгенде жалаң эркек кийиктерге аңчылык кылып, алардын урматына айларды: куран, жалган куран, бугу, кулжа, теке деп аташса керек. «Олжобайда» (Сопубек Сакетаевдин айтуусу боюнча):
«Атаң тирүү кезинде
Мерген жыйып баруучу
Ак кийик атып кулатып,
Ак шиберге сулатып,
Жаздуу, күздүү эки убак,
Калың элин, көп журтун,
Жыргатып этке салуучу».
Белгилүү тарыхчы Б. Солтоноевдин жазганы боюнча: «Балким, айга бүткүл кийикти киргизип, атак бергенине караганда, аны аңчылык доору заманынан баштап жүргүзсө керек» – дейт. Чынында айдын аттары географиялык бийиктик алкактардагы жашоо чөйрөсүнө туура келип жатат.
«Манас» энциклопедиясында «Кайберен» (кайп, кайып, кайып эрен) – 1) кепшөөчү жаныбарлардын (кийик, кулжа ж.б.) жалпы аты; 2) мифологияда ошол жаныбарлардын ээси, колдоочусу; 3) көзгө көрүнбөй кубулуп жүрүп адамдарды колдоочу кереметтүү күчтөр. «Манас» эпосунда аталган үч маанисинде тең колдонулат. Манас кошуну менен көчүп жүрүп « бугусун, курбудан кулжасын атып, эгиздин (бийиктин) бийигин, эчки-теке кийигин, адырдан аркар үркүтүп» аңчылык кылганы көрсөтүлөт. Эң маанилүүсү «кулжасын атып», «аркарын үркүтүп» деген саптардын аркасында ургаачыларды атпай тукумду сактоо маселеси дайыма көтөрүлүп, баса белгиленип тургандай.
Аталган мезгил көчмөн калктын жоокерлик дооруна туш келип, короодогу малды тарттырып жиберүү кырдаалы дайыма болуп турган. Ошондуктан тоодогу кайберендер кепилдиги бар азык катары сакталып келген. «Манас» эпосунда:
«Аркар, кулжа тоонуку,
Сенин кетип жаткан бул малың,
Айдаса бир күн жоонуку» –
деп кесе айтылган.
Эске сала кетчү нерсе, ал маалда азыркы мергенчилерге караганда курал-жарактарынын мүмкүнчүлүктөрү (мис.: аралык ж.б.) чектелүү болуп, көбүнчө найза, жаа ж.б. куралдарды пайдаланганга байланыштуу мергенчилердин даярдыгы эң жогорку деңгээлде болушу зарыл эле. Мисалы, «Эр Табылдыда»:
Атайын деп Элдияр,
Саадагын алып камданды –деген саптарда, ошол кездеги колдонулган курал жөнүндө сөз болот. Демек, биз жогоруда айткандай колдонулган куралдардын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экени таандык.
Андан сырткары табигый кубулуштарга (туман, жаанчачын ж.б.) көз каранды болушкан. «Семетейде» айтылгандай үн чыкпаган куралды колдонгон үчүн:
«Адыр- адыр жер келет, Ашуусу бийик бел келет.
Аркары жүрөт куюлуп,
Адырдын чөбү суюлуп,
Арыздуу пенде наалыбайт, Аркары адам тааныбайт. Будур-будур жер келет, Бурулуп өтчү бел келет. Бугусу жүрөт куюлуп, Будурдун чөбү суюлуп,
Муңдуулар көрсө наалыбайт,
Бугусу адам тааныбайт» – деп баяндалат.
«Манас» эпосунда көптөгөн маалыматтар келтирилет.
Бул жерде белгилеп кетчү нерсе Манас жүргөн жерлердин аттары жана алардын жайгашкан жерлери так көрсөтүлгөн, мисалы: Бар-Көл, Кер-Көл, Чүй, Муз-Бел, Марал-Башы, Долон, Какшаал-Тоо жана башка көптөгөн топонимдер (жер бети), гидронимдер (суу, көлдөр), ойконимдер (шаар, кыштактар) келтирилет. «Манас» эпосунда келтирилген көптөгөн объектилерди азыркы учурда пайда болуп жаткан эл аралык катнашуу маселелерин чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошону менен бирге Саян деген тоонун аты Саяң-жайлак жер деп берилет, албетте, бул кырка тоо Тянь-Шань же Памирге караганда бир топ эле жапыз келет. Шаарларды алсак, мис: Пекин деп кабыл алынып жүрсө «Манаста» Бээжин, Япония деген мамлекеттин аты Жапан деп аталат. Эпосто: «Андан өтүп барсаң Сыймун арал деген жери бар, жапан деген эли бар, жапандарды башкарган Көтөрүш деген эри бар…» Мүмкүн, жапандардын тарыхый жазмаларында аталган инсан жолугат болуш керек, анын аркасы менен өткөн мезгилди тактап алса болчудай. Биз азыркы учурда «фонарь» деген сөз «Манаста» төмөнкүдөй берилген:
«Мунарга панар жагылды»,
«Эгерде көчүк талдырып,
Эчен миң чырак жандырып, Панардын баарын алдырып, Барпырата жандырып».
Биздин сунуш «фонарь» деген сөз Манастагыдай «панар» деп колдонсок туура болот деген терең ишенимдебиз.
Көкөтөйдүн ашы (Ташкендин ханы кыргыздардын өзгөчө кадырлуу жана белгилүү адамдарынын бири (С.Мусаев, 1986) кыргыздарга таандык жер Каркырада өткөрүлүп, аягында «Манаста» далил катары:
«Көкчө баатырдан ажыраган казактар Сары-Аркага жөнөштү, Музбурчакты жоктоп, каралуу болгон эли Кырымды (Крым), Бокмурундан айрылган Сары ногойлор Ташкенге кайдасың деп жолго түшүштү». Биз келтирген мисалдар көптөгөн Кыргыз эпосторунда жолугат, аларды кылдат иликтеп чыгуу зарыл, салыштырмалуу ачыла элек сандыктай эле.
Баарыбызга белгилүү болгондой, кыргыздардын жаңы жылы жаз айында, тактап айтканда, «Жалган курандан» (Куран – эликтин эркеги) башталат. Күн менен түндүн узактыгы бирдей болуп, андан кийин күн узара баштайт. Көптөгөн чыгыш элдери, анын ичинде кыргыздар дагы, «Ноорузду» айдын 21де белгилешет.
Жалган куран (March) (куран деп кыргыздар эликтин текесин айтат) жаздын эң алгачкы айы. Бул айда күн менен түндүн мөөнөтү теңелип күн узара баштайт. Чыгыш элдеринин бирден бир турмушта эң маанилүү майрамы – Нооруз белгиленип, жаңы жыл тосулат.
Жаздын башталышын Жусуп Баласагын төмөнкүдөй баяндайт:
«Чыгыштан жалын ойноп, боёлду бел, Сулуудай көзүн ачкан ойгонду жер. Күндүн күлгөн чарасы чыга келди, Аалам жайнайт ачылган бермет өңдүү».
«Чыгыштан жаздын атыр жыты келди, Бейиштин жыргалындай мээрим берди…
Элик ойнойт гүлдүн терип баригин,
Марал ойнойт сая кууп шеригин» – деп, жаздын илебин, табияттын, адамдардын жана кайберендердин маанайын так көргөзгөн.
Айсанакта аталган жапайы жаныбарлар: «куран (эркеги) – элик (ургачысы)», «бугу – марал», «кулжа – аркар», «теке – эчки», жалпысынан «кайберен» деп аталат. Жазды кайберендердин ичинен тоолорду этектей жашаган биринчи эликтер, андан кийин маралдар, анан ж.б. кайберендер тосушат.
Курандын чөйрөсү адырлар жана алардын тилкемдери кар толугу менен кете элек учур, «Манас» эпосунда:
«Тоо-тоонун башы жабылды, Чуңкурдан туман табылды.
Бөксөөнүн баары мөндүрлөп,
Жаканын баары жамгырлап,
Арыктын баары жыгындап,
Баскан жериң былкылдап,
Жердин үстү бузулуп,
Кыян жүрдү кылкылдап.
……………………………..
Асмандын бети тутулуп, Тоо тоолордун этеги
Кыян жүрүп бузулду».
«Кожожаш» эпосунда: «Аламык күнгөй, ак тескей» – деп берилет.
Тоолордун күңгөй беттерине күндүн нуру эрте тийгенине байланыштуу капталдарда кар аламык жатып «аламык күнгөй» сүрөттөлгөн. Ушул эле учурда тескей беттерде, бул маалда күндүн нуру кыска мөөнөткө тийип капталдарда кар текши жатып «ак тескей» деп мүнөздөлөт. Кышында кар текши жатып жалган куран айынан баштап эрийт. Жаз маалына жылдык жаан-чачындын көпчүлүк бөлүгү туш келет. Бул учурда «Манас» эпосунда келтирилгендей айрым учурларда: «Алты сай мөндүр-кар, мөндүр аралаш, чаба жааган катуу жамгыр» болуп турган кез.
«Асмандан булут сабалап,
Жерди булут камалап,
Асмандан булут бириндеп,
Жер бетин көздөй зирилдеп,
Бөксөөнүн баары мөндүрлөп,
Жаканын баары жамгырлап,
Караса көзгө илинбей,
Дүйнө жүзү жөө туман,
Кайсы экени билинбей,
Ала канчык шыбыргак
Жер бузулуп тыбырлап, Кокту-колот жер менен
Үйөр агып сел каптап».
Кыргызда «шыбыргак» – кар жаан аралаш жааганды, «Үйөр» – жаз келгенде муз бузулуп, суунун катуу агышы аталат. «Манаста» эрте жаз «баар» деп аталат. Кээде салкын жел маанисинде да айтылат. Бул айда күн менен түндүн узактыгы бирдей болуп, күн узара баштайт. Жаз келип тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлөт.
Азыркы географиялык алкактуулукка ылайык бөксө тоолор тоо этектер алкагы (500–600дөн 900–1200 м.ге чейин) жайы ысык (28Очейин), мээлүүн жана кары аз кышы менен мүнөздөлөт. Бул алкак, өзгөчө Фергана өрөөнүндө субтропикалык климатка түспөлдөш. Бул алкактын жогору жактары жылуу айрым учурларда ысык, кыш мезгили анча суук эмес. Жайкы температуралар +20 – +25О түзөт, кышкылары –4–7О суук болот. Эң жогорку температуралар жайында +44О жетет, бийиктик жогорулаган сайын температура +27–30О чейин төмөндөйт. Кышында эң төмөнкү температуралар –22–30О түзүп айрым жерлерде –40О төмөн болот (Кетмен-Төбө, Чүй). Жылдык температуранын суммасы 3600–4900О түзөт.
Курандын жашоо чөйрөсү XXI кылымда өтө кыскарып, азыркы учурда рельефтин шарттары ылайыктуу болсо айдоо катары, калган жерлер жазгы жана күзгү жайыттар катары пайдаланылат. Эрозияга дуушар болгон жерлер көбүнчө «чаптарды« пайда кылат.
Ала шалбырт болуп элик көзгө көрүнүп-көрүнбөй аңчылыкка шарт ылайык келбей, көзгө «куран» жалган көрүнүп турган маалды «жалган куран» деп атаган чыгар. Бул маал «Кожожаш» эпосунда төмөнкүдөй берилет:
«Ак карлар эрип, суу агып,
Ала шалбырт кези экен,
Карлуу суук кыш кетип,
Жаркырап жылып, жаз келсе,
Калың кар кетип сел болор, Калың кар кетип, кыш өтсө, Капчыгайга эл конор.
Жеринде карлар, муз эрип, Жаз жаркырап күн келди, Айлар өтүп жаз келди».
Эпосто келтирилгендей, бул маалда эл козголуп кыштоолордон четинен капчыгайлардын төмөн жактарына көчө баштайт.
Мергенге тоскоолдук «Манас» эпосунда төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
«Жаан кирди мойнуна, Борошо кирди койнуна.
Көрөрүнө көз калбай,
Сүйлөрүнө сөз калбай,
Кементай ичи кар болуп, Төрө Манас бетине
Төрт элидей муз тоңуп».
Биздин пикирди толуктап КТРдин «Маданият» телеберүү маалында кетмен-төбөлүк мергендин айтуусуна караганда Жалган куран айында «курандын мүйүзү өсө элек болуп, куранбы же эликпи деген ой кетип жалган болсо керек» деп божомолдойт. Бул пикир биздин ойду толуктап тургандай, себеби жогоруда келтирилгендей биздин мергендер көбүнчө кайберендердин эркектерин аткан үчүн бул маалда куран мүйүзү өсө элек кезде курандын ургаачысы эликке окшош болуп турса аны атсакпы же атпасакпы деп бушайман болушкан.
Ала шалбырт болуп, элик көзгө көрүнүп-көрүнбөй аңчылыкка шарт ылайык келбей, көзгө «куран» жалган көрүнүп турган. Мергендер курандын мүйүзү өсө элек болуп куранбы же башка жаныбарбы (эликпи) деп бушайман болушкан. Ошондуктан «жалган куран» деп атаган чыгар.
Кыргыздын айсанагында айлар кайберендердин эркектеринин атынан коюлганы бекеринен эместир, себеби аңчылык доордо мергендер негизинен кайберендердин эркектерине аңчылык кылып, төлдү сакташ үчүн ургачыларына тийбегенге аракет кылышчу.
Акыркы изилдөөлөргө таянсак (Кыргыз атласы, 1987), эң кызыктуусу айсанактагы төрт кайберендин (куран, бугу, кулжа, теке) жашоо чөйрөсү, Ала-Тоонун төрт: өрөөндү тоо этектер бийиктиги (600–1200м, орто бийктиктеги (1200–2200м), бийик тоолуу (2200–3500м), нивалдык – көп жылдык тоң (3500м ден жогору) бийиктик климаттык алкактарга дал келет. Көч башталганда улам бийиктеген сайын аталган алкактардан өтүп, аларда жашоосун өткөргөн кайберендерди жолуктурушат жана өсүмдүк өспөгөн эң бийик аска-зоолорго барып такалышат. Бул жерде баса белгилеп кетчү нерсе аңчылыка тиешелүү талаа жаныбары «бөкөн» жөнүндө эмнегедир кыргыздын айсанагында жолукпайт, мүмкүн, ал бийиктик алкактуулукка тиешеси жок, түздүктүн жаныбары болгондуктан, кездешпейт чыгар.
Биздин оюбуз боюнча бул маанилүү пикир биздикине башка жагынан дал келип, жаратылыштын өзгөрүүсүнө ылайык жандыктардын өзгөрүүлөрүнө айлардын аттары так коюлганын көрсөтүп турат. Мындай пикир биздин туруктуу оюбузча дагы деле чоң экологиялык көз караш жөнүндө, себеби тукум улоо үчүн көбүнчө кийиктердин эркегин атып келишкен, ошондуктан, кыш аяктап калган маалда курандын мүйүзү жок учурда элике окшош болуп аны атпай коюшу мүмкүн эле.
«Чын куран». (April) Курандын мүйүзү өсүп даана, так чын эле эликтин эркегиндей болуп көрүнөт. Малчылар алгач көчө башташат, бул мезгил «Манас» эпосунда: «Чөп көгөрүп жер жайнап, Бетеге, ыраң толгондо, Эл өөдөлөп ошондо, Жайлоого жаңы конгондо, Ат кара тил болгондо (жазында ат көккө тоюшу), Жолум үй (көчтүн астында жүрүп малчылар тигүүчү жеңил үй) тиге конормун» – деп баяндалат.
Ак карлуу тоого, көк ала зоого бет алышат. Ар бир бийиктик алкактарга токтоп ыңгайлашып (адаптация) түтөк оорусуна чалдыкпагыдай болуп көчүшөт. Мал көктү кубалап от издеп өйдө карай, температура жогорулаган сайын капталдап кете беришет, аларды ээрчип эл улам журт которуп жүрөт.
Адамды, жалпы жумурай журтту сыйлоо, урматтоо эң жогорку деңгээлде турган. Тилекке каршы азыркы цивилизациянын айрым жат жагдайлары кедергесин тийгизип, көптөгөн элдик жакшы сапаттар жоголуп баратканы байкалууда.
Чын куран айында кар толугу менен эрип бүтүп аңчылыкка ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Өзөн аккан суу менен,
Адыры жок түз менен,
Кийик оттоп жүрүүгө,
Дүйүм чөптүн баары бар –деп «Кожожаш» эпосунда келтирилет.
ХХ кылымдын 70-жылдары Ж.Баласагын атындагы КУУнун география факультетинин 1–2-курсунун студенттери жайкы окуу практикасын Ысык-Ата суусунун оң куймасы Карагайлуу-Булактын ортоңку агымында өткөрүшчү. Ошол кезде колхозго жардам иретинде адырлардын түндүк капталдарындагы чөптөрдү чапканы алып барчу эле, ошондо мен биринчи жолу куранды, эликти чаарчыктары менен жылгалардын төмөн жагындагы бадалдардан көргөм, эми бир керемет көрүнүш. Андан бери 50 жылдын айланасы болду, азыр алар барбы же жокпу чоң суроо.
Бугу айы (Mai). Бугулар негизинен токой-шалбаа алкактарын ээлеп, чеги ар кайсы жерлерде ар кандай, ошону менен бирге токойдун түзүлүшү дагы чоң айырмаланып турат. Ысык-Көлдө 1800–3000 м көбүнчө карагайлар; Чүйдө 1600–3000 м карагай; Ферганада 1000–2000 м жаңгак-мөмө-жемиш токойлору, андан жогору арча карагайлар ареалдарын ээлеген.
Бугу айынан тарта, эл малдын аркасынан алыскы төрлөргө бет алышат. «Кожожаш» эпосунда:
«Карагайлуу тоо менен,
Капчыгайдан суу аккан,
Жаңырып таштар чуулдайт,
Жан жүрбөгөн коо менен,
Бадалдуу тескей тоо менен, Кууп келе жаткан кез,
Миң бугунун сайында».
Ал эми «Эр Табылды» эл кыялынын чордонунда түзүлгөн эпосунда төмөнкүдөй берилет:
Атка минип эки дос
(Табылды менен Элдияр)
Токойго кирди жол салып,
Чытырман калың бадалды,
Аралап кирди аларды,
Бир баласын ээрчиткен, Көрдү булар маралды. Атайын деп Элдияр,
Саадагын алып камданды.
«Атпачы, досум, маралды, Марал кылбайт залалды.
Балалуу марал турбайбы,
Аны атса кудай урбайбы, Жетим калса баласы, Темселеп куурап калбайбы. Элеңдеп жалгыз жүргөндө, Жырткычтар аны албайбы. Ардактаган жалгызы, Атадан жетим калбайбы» –деп бугу, маралдын табигый жашоо чөйрөсү өткөн жер көрсөтүлөт жана аны менен бирге чоң экологиялык маселени коюп, айлана-чөйрөгө, жан-жаныбарларга кылдат мамиле кылганды, аларды коргоону үйрөтөт.
Кулжа айы (June). Бул айга тиешелүү 22синде, эң маанилүү кубулуш болуп, эң узун күн жана эң кыска түн катталат. Бул суткадан баштап күн кыскарып, түн узара баштайт, алкак негизинен кулжаларга таандык.
Бийик тоолуу шалбаалуу-талаалар 2000–3300м, айрым учурда 3500–3600м бийиктикте жайгашат, жылдык орточо температурасы +10О түзөт, жамгыр көпчүлүк учурда кар түрүндө жаайт. Жай айлары салкын, кышы суук жана карлуу. Кулжа айында температура болгону 11–16О түзөт, кыш суук болот. Үшүгү жок мөөнөт болгону 3–4 айды түзөт. Жылдык температуранын суммасы болгону 600–2600О. Ар кандай чөп өсүмдүктөрдөн сырткары түркстан, сейрек сибир арчасы өсөт. Аянттын 5–10% аска зоолор ээлейт. Ички Тянь Шанда – караган массивдери жайгашат. Бул ландшафттар жайыт катары колдонулат. Үчтүн айында температура –8 –10О суук болот. Бул алкак негизинен кулжаларга таандык. «Манас» эпосунда: «Муз жайлоого көчүп, салкынга конуп …» – деп жашоо чөйрөнү көрсөтөт.
Ал эми «Кожожаш» эпосунда:
Ак мөңгүлүү аскардан, Аркар, кулжа жай алган. Агарган мөңгү зоо менен, Аралаша куду дейт.
Аскасы бийик тоо менен,
Кар кетпеген тоо менен,
Кайберен жүргөн зоо менен, Агарган шамал жел менен, Адам жүрбөс жер менен.
Тура тартып, суу кечип, Туюк бир жалтаң төр менен –кулжанын бийиктик алкак чөйрөсү сүрөттөлөт.
Теке айы (July). Текелер эң бийик тоолуу алкактарды, башкача айтканда, тоолуу тундраны, 3800–4300 м бийиктиктерде жайгашып, Тянь-Шандын бийик тоолуу жерлерин ээлейт.
Аталган айда көч жетчи жерине жетип, барчу жерине барып отурукташып жайланышат. Себеби андан жогору азыркы термин менен айтканда гляциалдык-нивалдык (көп жылдык тоң), аска-зоолуу алкакка такалат.
Теке айында орточо температура +5О төмөн. Ал эми +10О жогорку температура болгону 1500О түзөт, жарым жылдан ашык жаан-чачын кар түрүндө жаайт, өсүмдүктүн бардык түрлөрү жапалдаш болуп өсөт. Аталган ландшафттарда малды жаюу, чоң кылдаттык менен жүргүзүлүшү керек, себеби криогендик (тоңго байланыштуу) кубулуштар ар кандай талкаланууларды интенсивдүү жүргүзүп, кайра калыбына келүү мөөнөтү узакка созулат. Бул алкактан жогору, тоң, суук чөлдөр жайгашат, жаан- чачындын көлөмү 300 мм чейин, көпчүлүк учурда кар түрүндө жаайт. Температура үчтүн айында –21,2О; кулжада +4,3О түзөт. Бул ландшафттар жайкы жайыт катары колдонулат, Кыргызстандын 15% аянтын ээлейт. «Кожожаш» эпосунда:
«Текелер жүрчү зоо менен,
Мискен тоолуу аскага, Мискен деген тоо болот, Адам келбейт бул жерге. Аралайын Мискендин,
Адам жүрбөс тоолорун».
Эң чоң бийиктикти, татаал табигый шарттар көрсөтүлөт.
Келтирилген талдоону «Кожожаш», А. Үсенбаевдин айтуусунда «Олжобай менен Кишимжан», С.Сакетаевдин айтуусунда «Олжобай» эпосторунун негизинде жүргүзүүнү биз ылайык көрдүк, себеби бул эпостордо мергенчинин баскан жолдору, табияттын ар кандай кубулуштары таамай көрсөтүлгөн. Буюрса кыргыздын көптөгөн эпосторунан далилдер жолукса толуктайбыз деген чоң үмүтүбүз бар.
«Баш оона» (August) айынан баштап, бийик тоолуу эчки-теке жүргөн жерлерде сууга муз тоңуп, чөптүн бетиндеги шүдүрүм кыроого айланып мал оттогонго тоскоолдук түзүлө баштайт. Аталган жана башка табигый татаал шарттарга байланыштуу эл малы менен акырындап төрлөрдөн (аюу-төр, ашуу-төр, көл-төр, суук-төр, музтөр, кум-төр ж.б.) төмөн карай, жылуураак жерлерге, түшө башташат. Алыскы төрлөрдөн орто бийиктиктеги жайыттарга түшүп чакан айылдарды түзүп, бири-бириникине баш багып (кыргыздар бул сөздүн маанисин жакшы билишет), көрүшпөй калган убакытта топтолгон сагынычтарды таркатышып, таза абада кымыз ичишип, чайлашып эрикпеш үчүн ар кандай оюндарды ойношуп күн өткөрүшөт.
Баш оона айында эл зерикпесин үчүн ар кандай тамаша оюндар менен күн өткөрүшөт. Чогулуп алып ар кандай үлпөт (биргелешип тамак ичүү) өткөрүп, чайланып (чай ичишип), оюндарды: оромпой, шабиет, чатыраш (дойбу, шахмат сыяктуу оюн) ж.б. ойноп, көңүл ачып күн өткөрүшөт. «Манаста» бул көрүнүш: «Кымыз ичип кызышып, Сөөктөрү ысышып, Ичкенден бою кызышып, Чекеден терин сызышып. Азыркы кептен ташташып, Аңгемени башташып…» – деп келтирилет.
Кымыздан, бийиктиктен баш анча-мынча айланып беймарал маалы болуп, баш ооган жака барган үчүн бул ай бекеринен «баш оона» деп аталбаган болуш керек.
Бул жерде кыргыздар үчүн эң маанилүү болгон кымыз жөнүндө маалыматты келтирип кетүүнү туура көрдүк. «Семетейде» кымыз мезгил боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт экен: Уз кымыз – кеч жазда, күл кымыз – жайда, шылдыраң – күздө. Демек, биздин негизги суусундук азыгыбыздын бөлүнүшү дагы мезгилдин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу экен. Азыктык кымыздын дарылык касиеттерин тиешелүү адистер изилдесе болчудай.
«Кут алчу билимде» жогоруда аталган чакан айылдар «Күз ордо» деп аталып, күз айында жайлоодон түшүп, кыштоого көчкөнчө турук алуучу жайы. Бул учурдагы айрым оюндардын түрлөрү төмөнкүдөй келтирилген:
«Нард, чатыраш оюнун жакшы баксын, Каршысын кармашканда жыга чапсын».
Күз ордо» – бул кыштоого сапар тартып бараткан учур дагы турук алуучу жайы болгон деп дастанды түзүчү Т.Козубеков божомолдойт. Бул божомолду биз дагы колдоп, ага кошумча төмөнкүлөрдү белгилеп кетишибиз керек. Биринчиден, чоң бийиктиктен түздүккө тез түшүү басымга байланыштуу адамды ооруга чалдыктырышы толук мүмкүн болот, ошондуктан организмди бара-бара ар башка басымга көндүрүп, анан туруктуу кыштоого (түздүккө) түшүш керек. Буга медициналык географиянын, спорттук медицинанын, альпинисттерге жүргүзүлгөн көптөгөн изилдөөлөр далил. Экинчиден, бул маалда төмөн жака түшкөндө түшүм жыйылып жаткан учурга туш келип мал-жан аларды тепсеп кетиши толук ыктымал болгон. Жерди иштетүүнү кыргыздар биздин заманга чейинки мезгилде эле өздөштүрүшкөн. Манас баатырдын жер иштеткени, Кыргызстандагы тургун жайлары, эмгек куралдары, сугат курулуштары ж.б. буга далил. «Манас» эпосунда:
«Булутка тийип баштары, Бозоруп турат аскары.
Көккө тийип баштары,
Көгөрүп турат аскары».
Аталган алкактын ландшафттары 3200–3500 м бийиктикте жайгашып, абанын температурасы 0–5О түзүп, Кыргызстандын 15% аянтын ээлейт. Бул алкакта көптөгөн мөңгүлөр фирн талаалары орун алып, аска-зоо кырларда топурак менен өсүмдүк кездешпейт. Сууктун жана физикалык талкалануу процесстери үстөмдүк кылат. Ошондуктан көчүү токтоп, кыска мөөнөткө болсо да убакыт болуп кымыз ичип, бири-бириникине конокко барып, же болбосо баш багып (баш багып деген сөздү кыргыздар жакшы түшүнөт) жүрүшөт. Тамак-аш топтолуп, мал семирип калган маал. «Манас» эпосунда:
«Бээ сойгону бээ союп,
Төө сойгону төө союп,
Кантты кардай омуруп,
Сары майдан томуруп,
Дүнүйөнү жайнатып, Баглан козу, ширин баш Бүлкүлдөтө кайнатып,…
Мамырлап (тынчып, жыргап)жатып калды дейт».
Аяк оона (September). Кыргызда: «Күз – киреше» – деп бекеринен айтылбайт болуш керек. Бийик тоолуу өрөөндөрдө кыштын илеби келип калган учурга туш келет. Аяк оона айы жылдын бирден бир чарбачылык жагынан маанилүү айлардын бири, кышка даярдык көрүү, жыйынтерим маалы.
«Манас» эпосунда күздү «Мыйзам гүл» күзгө жуук жел менен кошо учкан ак түстөгү желе сыяктуу үлпүлдөк нерсе менен байланыштырат жана күз маалы деген мааниде жолугат. «Былкылдак куурай бышкыча, Мыйзам гүлү учкуча. Күз келгиче» деген маанини туюндурат. «Семетейде» бул маал:
«Үч ай бүгүн ай өттү, Сары атан өтүп, күз болду. Саналуу айың үч болду».
«Мыйзам учуп, күз болуп,
Жер семирип түз болуп,
Коон бышып жай болуп,
Жердин баары май болуп,
Эгиндин баары бышыптыр,
Түркүн дүйүм жыгачтын
Мөмөсү жайнап түшүптүр» –деп белгиленет.
Бул айдын 22синде, күн менен түндүн мөөнөтүнүн узактыгы теңелип, эл «Күз ордодон» кыштоого карай түшүп жаткан маал. Жайлата көпчүлүк эл жайлоодо, күз ордодо жүрүп, кышкы короо-жай узак мөөнөткө каралбай калып аны оңдоп түзөөгө көп убакыт, эмгек талап кылынат. Малды түгөлдөп, үй оокатты кылып кошунаныкына чыкканга дагы убакыт болбогон үчүн айдын аты «Аяк оона» деп бекеринен аталбаса керек.
Ошондуктан Ж.Баласагын келтирген жарлыктарды так аткарууну төмөнкү саптарга камтыган:
«Аскер күчтүү колуңда, казынаң мол, Акыл менен билимиң өбөлгө зор! Элиңдин бир милдети – жарлыгыңды, Ыйык тутуп, ар бирин так аткаруу. Экинчиси – так төлөө казына акы, Учурунан өткөзбөй турса жакшы.
Үчүнчүсү – жек көрүп душманыңды Жакшылап урмат кылуу досторуңду. Мындан башка дагы бар илимдүүлөр, Элге түрлүү, ар кандай билим берер. Дагы да муктасиб бар. Эл аралап, Жамандыктан эл ичин таза кылат. Соодагерлер көздөсүн аманатын, Уздар болсо кооз буюм көп жасасын. Дыйкандар жери менен алек болсун, Малчынын мал-салына жайыт толсун. Сага кызмат кылуучу аскериң бар, Милдети – душманыңды талкан кылар».
Калган айлар: тогуздун, жетинин, бештин, үчтүн, бирдин деп аталат.
Бул айлардын аталыштары айрым географтардын болжолу боюнча көбүнчө жашоо турмуш, коомдук саясий, салык маселелерин так чечүүгө байланыштуу болуш керек.
«Семетейде»: «Мыйзам учуп, күз болуп, Аш-той берчүү адамдар, Даярданып калганда» – деп социалдык абал сүрөттөлөт.
Кеч күз, өзгөчө кышты кыргыздар «чыгаша» деп баса белгилешет. Каралып жаткан мезгилде акча бирдиги (валюта) тарай элек учурга туш келип, негизги киреше мал аркылуу келген. Топтолгон малды салык төлөгөн адам өзү түгөл сактап четинен кемитип салыкчыларга өткөрүп турган. Аталган кырдалга Ж.Баласагындын төмөнкү саптары күбөө: «Акылдуулар ачык айткан сөз чынык: Мал табылар, аны багыш эң кыйын».
Кыш маалында малды, айрыкча жылкыны отор башына тапшырышат, аларды жылуу, оттуу жерлерге айдап барып багышат. Малды мындай багуу адатта «оторлотуу» делет. Кээде бир короо кой, үйүр жылкы да «отор» деп аталат.
Күз айларында бирден бир чоң маселе «от май» чечкенге аракет болот. «От май» башка бирөөнүн жайытына малын оттотуп, бакканы үчүн акы төлөө. «Манаста» – Алтайга сүрүлүп барып кен казып, эгин эгип, ченде жок байыган Жакып малын калмактарга таандык жерге жайганы үчүн отуз байтал, беш аттан от май төлөп турганы айтылат.
Бул жерде толуктоо иретинде «Манаста» «Алман» деген сөз жолугат, ал салык, «алым» делип өткөн заманда бийлик ээлери тарабынан шашылыш кырдаалда, зарылчылыка байланыштуу чогултулган. «Манаста» төмөнкүдөй айтылган: «Кыймылдаган малыңдан, Бажыны бачым бергин, – деп. Санабай айдап мал бер, – деп. Алтын, дилде артууга, Кызыл куйрук нар бер, – деп. Кыстап, түшүп турушту».
«Семетейде»: «Кан болгондо Канчоро, Элге өкүм чачты эми: «Миңкарача төө бер деп. Бир миң төөгө чай бер деп, Миң атаңга жүк чыкчу, Кызыл алтын зер бер» – деп, Калкка алым алды эле».
Ж.Баласагында: «Кошун жыйган көп дүнүйө чогултат, Мал дүнүйө зордук менен келет бат» – деп «алманга» так мүнөздөмө берген.
Тогуздун айында салыкты тогуздап чектегенге жана алганга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт, себеби бул айда элдин көпчүлүгү отурукташкан маал, мал-мүлктү толуктаган учур, калың калктын курсагы, пейли ток болуп салыкты (салык – мамлекеттик иш-чараларды жүргүзүүгө, аскер, бийлер ж.б. кызматкерлерди каржылаганга кете турган каражаттар) төлөгөнгө шарт экономикалык (эл ток) жана социалдык (маанайы жарык) негиз түзүлөт.
Эң негизгиси мал-жандын эсебин алып, түгөлдөп кыштоону карай бет алганга даярданышат, себеби салык төлөө учурунда чоң тактык талап кылынат. Белгилүү болгондой салык бул мамлекеттүүлүктүн, анын туруктуулугунун эң негизги белгиси.
«Кут алчу билимдеги» төмөнкү саптар күбөө:
«Өлкөнү не ойрондоп, неден топтойт, Бийликти эмне сактап, эмне жоктойт. Билимдүү, жөндүү жана баатыр жүрөк, Казнаны бөксөртпөстөн кармоо керек. Бар болсо бардык элдин ынтымагы, Ыракат, жыргалы да болот баары».
«Манаста»:
«Арада канча ай өтүп,
Аштык бышкан күз жетип,
Кырманды кенен түзөтүп…,
Кызарып кырман толуптур,
Берен калган ак буудай,
Кызыл кырдай болуптур,
Баба дыйкан аксакал,
Манас уктап турганча Белен кылып коюптур».
Жусуп Баласагын өз мезгилине тиешелүү салык аркылуу каржылануучу мамлекеттик кызматкерлер, аскерлер, илим-билим жана башкалар, мамлекеттин кепилдигин сактоо жөнүндө төмөнкүчө баяндайт:
«Аскербашы да бири, бири хаджиб, Окумуштуу айрымы илим ачып. Бири дайым кеңеш берет салмактуу, Баатырдыктан бири табат атакты.
Андайларга даңк келип, бакыт конот. Иш үчүн үч түр адам тандоо керек,
Үчөөнө тең үч мансап бергин демек.
Эң калыс адам болсун ушул кишиң. Экинчиси, эл үчүн адилеттүү, Ушуга жамы журттун түшөт иши.
Үчөө тең адилеттүү болсо эгер, Эл гүлдөп, бейпилдикте өсүп-өнөр».
«Казына, аскер-бектин күчү, демек, Эки тизгин бир болсо бийлик да бек.
Бул эки күч бар болсо урмат келет,
Жок болсо ушул экөө таажы кетет!»
Окумуштуулардын маалыматтарына таянсак, Кыргыздар байыркы замандарда бир эле учурда 80 миң атчан жоокерди чыгарганга мүмкүнчүлүгү болуп турган (Киселев, 1951). Кыргыздар жылдын жарымын отурукташкан калк экенин белгилүү санжырачынын (М. Дөөлөтбеков, 2014) айтуусунда:
«Ташкендин кыргыздар жашаган бөлүгү кыштын күнү элге толуп калган мезгилде бош калган. Анткени кыргыздын көбү мал чарбасы менен алек болуп, жайкы аптаптан качып, бийик тоолуу жайлоолорго көчүп кетишкен. Шаарга кеч күздө келишип, негизинен, жайлоодо семирген малдарын пулдап, өздөрүнүн муктаждыгына ылайык товарларды сатып алышкан».
Жусуп Баласагын салыкка чоң маани берип, чыгармасында төмөнкү саптар менен мүнөздөгөн:
«Эсеп-чотту китепке жазган жакшы, Эсеп сүйөт жазганды, өтө такты. Жазып жүрсө – киреше, чыгаша так, Жазуу гана барысын коёт тактап. Жыл, айын жана күнүн жазсын даана, Бардыгы өз ордунда болот анда.
Эсеп-кысап иштерин билгениң жөн, Анан да баарын тактап жүргөнүң жөн. Ушундай жүргүзгөндө эсептерди,
Санашат бардык ишти, көктү, жерди».
«Эсеп менен жик чыгарбайт сак адам, Казынаны коротпостон кармаган».
«Казына чачып, топто аскер-эриңди Анда душман сындыра албайт белиңди. Казына эмес – аскер-курал көп болсун,
Бек бай эмес, эли-журтуң ток болсун!»
Акыркы сапка көңүл бурсак, Ж.Баласагын коргонуу маселесине, коомдогу социалдык туруктуулукка өзгөчө чоң маани берген, себеби бул жагдай салыкты чогултуп, казынаны толуктоого негизги кепилдикти алып келген. Казына толук – мамлекет бекем. Бул көрүнүш азыркы учурда дагы актуалдуу.
Калган айлар салыкты жалпы тогуздан экиден кемитип келе жаткан жетинин айына жетини калтырып, кыштын аягында бирдин айында тогуздун бир бөлүгүн төлөйт.
Жетинин айын Ж.Баласагын: «Толук Ай мына кемип батып барат, Жай өтүп, суук кышка калды карап» – деп мүнөздөгөн.
Эң орчундуусу ошол мезгилде негизги валюта болуп мал-жандык эсептелген, ошондуктан салыкты көбүнчө мал менен алып, анын калган бөлүгүн мал ээси малды түгөл сактап салыктын мөөнөтү бүткөнчө багып келет. Жетинин айында суулар тартылып булактардан азыктана баштап, көлөмү төмөндөп жалган куранга чейин азаят. Суулардын агымы жылдык агымдын 5% чейинкисин түзөт. Аңчылыкка шарт түзүлгөнгө чейин кыштан аман-эсен чыкканга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлүп берилет. Аш, тойдун маалы «Манаста»:
«Ат, кунан тандап чаптырып,
Сурнай менен кернейин
Асмандата тарттырып,
Мергендер жамбы атышып,
Чабандес улак тартышып, Көк бөрүдөй жулушуп, Көк буусу чыгып кайышып.
Өпкө кармап таз чабыш,
Анан кийин жөө жарыш,
Балбан күрөш, эр сайыш,
Атала баш, ит тартыш (тамашанын бир түрү, эки кишинин аркан тартышканы). Оюн-күлкү тамаша.
«Сейтек» эпосунда:
«Кар жааганда из чалып Кара барчын куш алып, Салбай турган жер бекен? Өзгөчө оюн кызыкка Батпай турган жер бекен? Көп тамаша оюнга
Канбай турган жер бекен? Кардуу жерден из издеп Чалбай турган жер бекен? Бөлүнүп ордо чын мөрөй, Атпай турган жер бекен? Жаткай оюн, көк бөрү Тартпай турган жер бекен?
Ар кызыкка жигиттер
Батпай турган жер бекен?»
Кыш айларынын ичинде бештин айы өзгөчө орунду ээлейт. Бештин айында кыш мезгили келүү менен чарбачылык иштер кыйындап кыскарыла баштайт. Ар кандай оюн-зоокко убакыт кенен болуп жалаң гана аш-тойлордо эмес күнүмдүк турмушта күн өткөрүүнүн негизги көрүнүштөрүнүн бири болуп калат. Менин (автор) деле балалык кезим өткөн Ысык-Көл районуна караштуу Корумду айылында чоң кишилер бозодон ичип келишип (токчулук жана үшүбөш үчүн) топ-топко бөлүнүп, аянтты кардан тазалап кыйкырык сүрөөн менен ордо атышар эле, айрым учурларда коңшу Сөгөттү, Темир, Бозтери айылдарына барып оюндарын улап келишчи. Азыркы учурда ошол кезде кышында денесинен буу чыгып, боргулданып турган жигиттер Алай, Тапсыз, Мукаш ж.б. жаштары сексенден ашып Корумду айлынын ардагерлери жана көптөгөн чөбүрөлөрдүн бабалары.
«Манаста» ордо оюну жөнүндө төмөнкүдөй айтылат:
«Кырк таман чийип ордону
Атып жаткан кези экен …
Чийип койгон чийинди
Кара баспай, ак басып,
Кыйшыгы жок так басып,
Кадамакты кадашып
Оюн салып жатышты».
С.Мусаевдин баяндамасында ордого тиешелүү «бирдин үчү» атайын термин төмөнкүчө берилет: «Оюнга катышкан адам үч жолу кезек алуу үчүн анын үлүшү катары беш чүкө ордодогу оюнга кошулуу керек. Ошол беш чүкө бирдин үчү деп аталат». Муну келтирген себебибиз айлардын сан менен аталышындагы дагы бир сыр катылгандай.
Салык дагы ошол кезде төмөндөп, беш деген көрсөткүчкө түшкөн маал.
Айдын эң негизги өзгөчөлүгү болуп, 21де жылдын эң узак түнү жана эң кыска күнүнө туш келет. Бул айда сутканын ичиндеги туруктуу орточо температура 0О дан төмөн болот жана суук катуулайт. Жаан-чачын жааган күндүн саны 5–10 сутканы түзөт. Суулардын агымы жылдык көлөмдүн 4% барабар. Түн кыскарып, күн узара баштайт.
Үчтүн айынын өзгөчөлүгү болуп кыргыздар мекендеген жерлер эң суук болуп эсептелинет. Өрөөндүү жерлерде температура – 40–70О суук болсо, айрым жерлерде, мисалы, Суусамыр өрөөнүндө 2060 м. бийиктикте – 21,5О С түзөт. Кыргызстанда абанын эң төмөн температура Ак-Сай метеорологиялык станцияда (бийиктиги 3135 м) байкалып –53,6О С түзгөн.
Үчтүн айында көпчүлүк аймакта чилде түшүп, кыйынчылык келип, бештен дагы эки сан кемитилет. Өрөөндүү жерлерде 4–7О суукту, ал эми абсолюттук минимум –22 –30О суукту түзөт, айрым учурларда –40О төмөндөйт. Кардын катмары калыңдай берет. Ай ичинде жаан-чачын жааган күндүн саны 5–10 күндү түзүп, Кыргызстандын 2\3 аянтында 10–15 мм болуп айрым жерлерде 50–75 мм ге жетет. Суулардын агымы жылдык көлөмдүн 2,5% түзөт.
Салыктын бешинен дагы эки сан кемитилет. Кардын катмары калыңдай берет.
Бирдин айында кыштан аман-эсен чыкканга бир аз калганда салыктын калган тогуздун бир бөлүгүн төлөп кутулат (азыркы демократия өлкөлөрүндө, өзгөчө АКШ, батыш Европада да, салык төлөбөө эң чоң кылмыш деп эсептелинет). Бирдин айында күз-кышта топтолгон кардын калыңдыгы өзүнүн эң чоң көрсөткүчүнө жетет. Айрым жерлерде кардын эң чоң калыңдыгы 150 см жетет. Айдын аягында туруктуу кар кете баштайт. Кар көчкүлөрдүн түшүү коркунучу жаралат. Суулардын агымы жылдык агымдын 2% түзөт. Бирдин айында жаздын илеби жыттанып, жаңы жылга кам көрүү башталат.
Кыш бүтүп жаз менен жаңы жыл, жаңы мүмкүнчүлүктөр, илгери үмүттөр менен жашоо турмуш өз айлампасын улантат.
Бул айлампа далай жылдарды, кылымдарды, мейкиндикти өзүнө камтыйт. Мезгилдин өтүшү «Семетей» эпосунда төмөнкүдөй баяндалат:
«Ошол күндөн ушул күн,
Төккөн кумдай күн өттү,
Эсеп жеткис жыл өттү,
Сай ташындай жан өттү,
Санаттагы кан өттү,
Сыр найзалуу эр өттү,
Санжыргалуу шер өттү, Аты калып, наркы жок, Эчен түрлүү эр өттү.
Ошол күндөн ушул күн,
Коо бузулуп сай болду,
Асты-үстүнө айланып,
Сай бузулуп, тоо болду,
Тоо бузулуп, коо болду,
Калдайып жаткан бул жердин Кайсы жери соо болду?!
Ошол күндөн ушул күн,
Деңиз курган чөл болду, Чөл бузулуп көл болду, Түз бузулуп төр болду. Чокусу көктү тиреген,
Зоо бузулуп, саз болду».
Бул айлампа далай жылдарды, кылымдарды, мейкиндикти өзүнө камтыйт. Ар бир сапты табигый, тарых, социалдык илимдеринин жетишкендигине таянып чечмелесе болчудай.
Жалпысынан алганда, Жусуп Баласагындын «Кут алуучу билим» чыгармасын эл туруктуу жайларга келгенден тартып көчкө чыкканга чейинки мезгилди элге жайылтуу зарыл экенин белгилеш керек.
Биз баяндаган багыттан сырткары, кошумча катары «Кут алуучу билимдеги», азыркы күндө эң маанилүү тил жөнүндөгү көрүнүштү белгилеп кетүүнү туура көрдүк. Кыргыздар табиятка эң жакын болгонуна байланыштуу эл ичиндеги тил салыштырмалуу таза жана тунук болуп келүүдө. Ага Ж.Баласагындын төмөнкү ыр саптары далил:
«Билим үчүн кол создум тынбай өзүм, Сөздү сөзгө кынадым кошуп сезим. Кийик эле түрк сөзү тоодо жүргөн, Үйрөттүм, үйүр кылдым анын өзүн. Сылап-сыйпап бакканда жоошуп калды, Бирок али унутпайт азоо кезин».
Ошондуктан кыргыз тилин түрк тилдеринин ичинен эң байыркы деп аташкан чыгар. Чыгармадагы көптөгөн сөздөрдү, сүйлөмдөрдү колдонуп тилди тазалоо керектигин баса белгилеп кетүүнү туура таптык. Мезгил келди, илим жана билим кандайдыр бир бийиктикке жеткендей болду.
САЛАМБЕК НЫШАНАЛИЕВ, саясат таануучу экономист
КЫРГЫЗ КАЛЕНДАРЫ
Кыргыз эли эң байыркы калк экенибизди тарых илими далилдеп турарын жалпы журтубуз жакшы билет. Бабаларыбыздан баскан жолуна учкай көз чаптырсак, элибиз өз мамлекети болгон Кокон хандыгы 1876-жылы жоюлуп, Россиянын курамына кошулганбыз. Ошондон тартып 115 жыл орус эли менен бирге олжолуу турмуш жолун бастык. Өзгөчө коммунисттик доордо элибиз ар тараптан өнүгүп, болуп көрбөгөндөй бийиктикке көтөрүлдүк. Акыркы жылдардагы тарыхый абал улуттук кайра жаралуу, ата-бабаларыбыз тутунуп келген баалуулуктарды кайра калыбына келтирүүгө жол ачты. Ушундан улам айлардын, аптадагы күндөрдүн кыргызча аталыштарын иретке салууну турмуш өзү күн тартибине коюп олтурат.
Өткөн доордо оюбузга, боюбузга сиңген, орус эли аркылуу бизге батыш европадан келген айлардын аталыштарын пайдаланып келе жатабыз. Буларды орус тилине латын тилдеринде сүйлөгөн элдерден түздөн-түз эле өзгөртпөй кийиришкен. 1. Январь-енеро, 2. Февраль-фефреро, 3. Март – марсо, 4. Апрель – абрил, 5. Май – майо, 6. Июнь –хунио, 7. Июль – хулио, 8. Август – агосто, 9. Сентябрь –септиембре, 10. Октябрь – октубре, 11. Ноябрь – нобиембре, 12. Декабрь – дисиембре. Тилдин трансформациялашуу мыйзамынын өңүтүнөн карасак бул көрүнүш бир эле сөздү ар улуттун тилинде гана айтылышын далилдеп турат. Байыркы Римде согуштун кудайын Марсо деген анын атын март айына, априлис – дарактын бүчүрүнүн ачылышы деген түшүнүктү апрель айына, Майи – жаздын кудайынын атын май айына, биринчи Рим консулунун Юнием Брутомун атын июнь айына, аскер башчы Юлий Цезардын атын июль айына, император Августонун атын август айына чөгөрүшкөн. Юлий календарды реформалаган болсо, Августо ага түзөтүүлөрдү кийирген. Ал эми септем, окто, новем, десем деген сөздөрдүн уңгусу жетинчи, сегизинчи, тогузунчу, онунчу деген гана катар номеринен алынган. Ар кандай башталыштын кудайы Янустун атын январь айына, латын элдери пайдаланып келген тазалануу Февруа майрамы менен февраль айын атаган. Байыркы императорлор өз атынан айларды атап түбөлүктүү эстелик калтырганга аракеттенишкен экен.
Совет мамлекети жоюлуп, саясий эриндикке жетишкенден бизге боордош элдер кийин ар ким өзүнүн унутта калып калган улуттук баалуулуктарын калыбына келтиришип жатат. Алсак, крым татарлары, чуваш жана башкурт элдеринде айлардын аттарын өз тилине которушту. Ал эми бизге боордош казак эли айлардын аттарын атоочу жаңы сөздөрдү кийиришти. Казань татарлары январь айын гана которушкан (Гыйнвар), ал эми он бир айдын аталышы орус тилиндегидей сакталып калган. Түркмөн туугандарыбыз Президентинин, аскер башчыларынын, чыгармачыл акын-жазуучуларынын, көз карандысыздыктын, эне деген ыйык сөздөр менен айларды атап алышты. Мисалы, январь айын – туркменбаши, апрель айын-эне деп атап алышкан. Жаратылыштын шартына жараша, боордош элдердин чилде, кыш, борон, орок дагы ушул сыяктуу орток сөздөрү менен айлар аталып калды. Өзбек эли перс же араб тилдериндеги айлардын аттарын пайдаланып жатышат.
Айлардын аттарын атоодо байыркы кыргыздардын философиясына (дүйнө таанымына), түпөктүү акылына таянып, кунттуу сөздөр менен айларды атасак кыргыз эли барда сакталуучу баалуулук болот эле деген ишенич. Алар жылдын төрт мезгилдерин жаратылыштын мыйзамченемдүү көрүнүштөрүнө төп келет деп эсептешкен. Жаз мезгилин жаралуу (рождение), жай мезгилин жетилүү (зрелость), күз мезгилин картаюу (старение), кыш мезгилин өмүр менен коштошуу (смерть) деген түшүнүктөр бабаларыбыздын илимий-философиялык табылгасы катары бааланып келген. Кылымдарды карыткан өмүр жолунда жаратылыштын ушундай айлампасын кыргыз эли дагы өз дүйнө таануусу аркылуу боюна сиңирип, аны түшүнүп, жашоо шартын бул мыйзамдын талаптарына ылайыкташтырып бүгүнкү күнгө жетти. Адамзат, жан-жаныбар, өсүмдүктөрдүн өмүр сүрүүсүн жараткандын ушул туруктуу мыйзамынын негизинде түшүнүү керек дешкен. Ар бир эл жаратылыштын бирдей болгон көрүнүшүн өзүнүн дүйнө таанымында өкчөп, баалап анан ал көрүнүштү сөз менен туюндурган. Мисалы: кыргыздар «шаркыратма» десе, орус эли кулап жаткан суу (водопад), ал эми испан эли секирип жаткан суу (агуа де солтеро) дешет. Анткени алардын реалдуу дүйнөнү акыл ою менен кабылдоосу бирдей эмес. Биз дагы кыргыз элинин турмуш жолунда тапкан табылга сөздөрү менен айларга ат ыйгаралык деген ниетти көздөп элге мындай аталыштарын сунуштайбыз:
- Манас – январь, 2. Үмүт – февраль, 3. Жандануу – март, 4. Эне – апрель, 5. Көктөм – май, 6. Узункүн – июнь, 7. Жетилүү – июль, 8. Толо – август, 9. Теңдеш – сентябрь, 10. Коңур – октябрь, 11. Камылга – ноябрь, 12. Чыңгыз – декабрь.
Ушундан ой тизмегин уласак, анда кыргыз календарында Февраль айы (жалган куран) жыл башы болуп келген. Аны Үмүт айы деп атасак, мааниси ошол эле кыргыздын философиялык логикасы кыштын акыркы айы, жашоого, өмүргө кунт коюу менен ой чабыттын багытталышын айкындайт.
Март – Жандануу айы десек ал жерге дем кирип, өсүмдүктөр жашоого кам көрүп, жан-жаныбарлар төлдөп, жаратылыш жандана баштайт. Табияттагы бир улуу бурулуштардын мезгили башталат.
Апрель – Эне айы десек, биология илиминде энелик, аталык деген түшүнүктөрдү пайдаланып келе жатабыз, жан-жаныбарларга, адамзатка дагы тиешелүү кунттуу сөз, буларга өмүр берген башкы себепкерди эне деп айтабыз.
Май – Көктөм айы десек, жаратылышты көрккө бөлөгөн ажайып кооздукту, жашоонун керемет касиеттерин тартуулаган учур, жаралуудан өмүр улап жетилүүгө чектештирген убак.
Июнь – Узункүн айы деп бир жазып, бир сөз катары колдонсок ааламдын мыйзамына ылайык эң узункүн, эң кыска түн болгон күн системасындагы туруктуу түрдө кайталанып туруучу көрүнүштүн далили.
Июль – Жетилүү айы десек калкыбыздын дүйнө таанымынан жаралган түшүнүк болору анык.
Август – Толо айы десек бир жылдык циклде өнүгүү процессинин бийиктигин болжогон мезгилди камтыган түшүнүк, ал ар тараптан ойго сыйымдуу чечим болот.
Сентябрь – Теңдеш айы десек, ал дагы күн менен түндүн теңелишин, ааламдагы олуттуу бурулуштун далили болуп атат.
Октябрь – Коңур айы десек, илгертен калкыбыз жактырып пайдаланып келген «Коңур күз» деген касиеттүү түшүнүктөргө оюбузду бөлөйбүз.
Ноябрь – Камылга айы десек, кышкы кыйынчылыкка, өсүмдүктөр жашоосун токтотууга багыт алуу дегенди билебиз.
Декабрь – Чыңгыз айы десек, ал ушул айда жарык дүйнөгө келген, бүтүндөй адамзатка тиешелүү акылман, чыгармачыл көсөм, планетардык масштабда ой калчаган кыргыз элинин кеменгери.
Январь – «Манас» айы десек дагы жакшы жарашат. Анткени жыл бою өмүр өтөгөндө тапкан табылга келечекке уютку-өмүр булагы болуп калат. «Манас» айы десек, ал түшүнүктү коргоонун зарылчылыгы жок.
«Нооруз» (21- март) кыргыздардын майрамы эмес. Буга бир тарыхый далил иретинде 1889-жылы орус падышачылыгынын бийлиги Наманган уездинде эл каттоо жүргүзгөн. Ал уездде жашаган адамдардын саны 200000 болгон. Улуттук курамы боюнча көпчүлүгүн кара кыргыздар, анан тажиктер жана сарттар түзүп турган. Намангандагы тажик улутундагы элдер менен коңшу жашап келген Аксылыктар «Нооруз» майрамы тажиктердин жыл ажыраты дешер эле. Ал убакта эмес кече 1950-жылдары биз мектеп окуучусу болуп калган кезде жыл ажырат майрамы февраль айында болчу эле. Азыркы күндө «Ноорузду» өзүбүздүкү деп майрамдап жатабыз. Бул деген кыргыздар ээрчиме, телиме калк экенинин ачыкайкын далили. Ф. Энгельс: «Бир гана аңкоо адам өзүнүн тегин билбейт» дегени туура. Биздин ата-бабаларыбыз колдонуп келген ошол ыкманын негизинде 2018-жылы, башкача айтканда, жыл башы 16-февралга туура келет.
Ал күндү «Жыл ажырат» дешип майрадашып келген. Ушул эле биздин жаңы жыл кытай элинин жаңы жыл майрамы менен дал келет. Адистиги дарыгер, өзү КараКөл шаарынын тургуну Жумаев Торон агабыз «Кыргыз календарын» илимий жактан далилдеп, Кыргыз илимдер академиясында коргогон.
Ааламдын жашырын сырларын таанып билүүдө илимде абдан такталып дадилденген «күн» жана «ай» календары бар. Биздин галактикада орун алган күн системасында, күнгө эң жакын турган «Меркурий» планетасы 88 суткада, «Венера» 224,7 суткада, «Жер шары» 365,4 суткада, «Марс» 687 суткада, «Юпитер» 11 жыл 314 суткада күндү толук бир айланып чыгат. Жер шары 365 сутка 6 саатта илимде аныкталган эллиписоид фигурасындагы жол менен күндү бир айланып чыгышын «Күн календары» дейбиз. Эллиписоидго эки диогнал тартсак төрт точка аныкталат.
Ал точкалар 21-март, 22-сентябрь күндөрү күн менен түндүн теңелишин, 21-июнь эң узун күн, кыска түн экенин, 21-декабрь күнү эң узун түн, кыска күн болгонун түшүндүрөт. Ай болсо жер шарын айланып турат, ай жаңырып он бешинде толуп кайра он эки ирет жаңырганда 354 суткага барабар болот, аны «ай календары» дейбиз. Күн календары 365 сутка 6 саатка барабар, ай календары 354 суткага барабар. Айырмасы 11 сутка 6 саат. Ошондуктан ар бир төрт жылда февраль айында 29 күн болот. Анткени 6х4=24 саатка барабар же болбосо бир сутканы түзөт. Кыргыз календарында февраль айын жыл башы «жалган куран» деген, анан катары менен «чын куран», бугу, кулжа, теке, аяк оона, баш оона, тогуздун, жетинин, бештин, үчтүн, бирдин айы деп (январды) атап келген бабаларыбыз. Бул аттар 29–30 күндө жаңырып турган айларга тийиштүү. Булардан тышкары «Арсар» деген он үчүнчү ай эки календардын айырмасын түзүп турган 11 сутка 6 саатты күндүн календарына төп келтирген (коррекциялаган) кыргыздын керемет акылмандуулугу болгон.
АНАРБАЙ ТЕМИРКУЛОВ, жыл санакчы, Каракөл шаары
КҮН КАЛЕНДАРГА ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨ
- Жердин орбитасы күндү толук айланып чыгуусу 365 сутка 5 саат 48 минут 46 секунд. Кыргызстанда 365 сутка 6 саат. Дүйнөлүк карта Кыргызстан 436 кеңдикте 726 20% жайланышкан.
- Жаңы күн 7 саат 11 минутада (6 саат 11 минут) башталат.
- Жаңы жыл – таңкы 7 саат 11 минутадан кийин 5 саат 48 минута 46 секунд кошкондон кийин жаңы жыл болот да, б.а., биринчи жылы күндүзү 13 саатта жаңы жылды тособуз. Экинчи жылы күндүзү 18 саат 48 минута 46 секундада белгилейбиз. Үчүнчү жылы 23 саат 37 минут 32 секундда. Төртүнчү жылы таңкы саат 7де белгилейбиз.
- Күн-түндүн теңелүүсү: Күндүн жарык убактысы 12 саат, түндүн караңгы убактысы 12 саат. Күндүн жарык убактысы эртең мененки 7 саат 11 минутта башталып, кечки саат 19 саат 11 минутта күн кечирет. Түндүкү 19 саат 11 минутта башталып, таңкы саат 7де бүтөт.
- Жылдын төрт мезгили:
- Жаз мезгили 93 сутка 17-мартта башталып, 17-июнда аяктайт.
- Жай мезгили 93 сутка 18-июлда башталып,18-сентябрда аяктайт.
- Күз мезгили 90 сутка 19-сентябрда башталып, 17-декабрда аяктайт.
- Кыш мезгили 89–90 сутка 18-декабрда башталып, 16-мартта аяктайт.
- Айлар:
Жаз мезгили 93 сутка: 93 сутканы 3кө бөлсөк = 31 сутка.
- Чын куран айы – 31 сутка. 17-мартта башталып, 16-апрелде аяктайт.
- Бугу айы – 31 сутка. 17-апрелде башталып, 17-майда аяктайт
- Кулжа – 31 сутка. 18-майда башталып, 17-июнда аяктайт.
Жай мезгили 93 сутка: 93 сутканы 3кө бөлсөк = 31 сутка.
- Теке айы – 31 сутка. 18-июнда башталып, 18-июлда аяктайт.
- Баш оона айы – 31 сутка. 19- июлда башталып, 18-августта аяктайт.
- Аяк оона айы – 31 сутка. 19-августта башталып, 18-сентябрда аяктайт.
Күз мезгили 90 сутка: 90 сутканы 3 бөлсөк = 30 сутка.
- Тогуздун айы – 30 сутка. 19-сентябрда башталып, 18-октябрда аяктайт.
- Жетинин айы – 30 сутка. 19-октябрда башталып, 17-ноябрда аяктайт.
- Бештин айы – 30 сутка. 18-ноябрда башталып, 17-декабрда аяктайт.
Кыш мезгили 89–90 сутка.
- Үчтүн айы – 30 сутка. 18-декабрда башталып, 16-январда аяктайт.
- Бирдин айы – 30 сутка. 17-январда башталып, 15-февралда аяктайт.
- Жалган куран айы – 29–30 сутка. 16-февралдан башталып, 16-мартта аяктайт.
Кышкы чилде 12-январда башталып, 21-февралда аяктайт.
- Чилде:
- Кырдач – 6 сутка,
- Адынын алты уулу – 7 сутка,
- Каңтар – 7 сутка ал 31-январда болот,
- Үт – 14 сутка,
- Апкыт-сапкыт – сутка,
Бардыгы 40 сутка. 21-февралда чилде бүтөт.
- Жыл сүрүү – 17-марттан башталып, жылдан кийин 16-мартта аяктайт. Алар: чычкан, уй, жолборс, коён, балык, жылан, жылкы, кой, маймыл, тоок, ит, доңуз.
9.1 Жаз мезгилинде Күндүн жарык убактысынын кыскаруусунан 15 саат 18 минут.
9.2 Жай мезгилинде Күн жарык убактысы кыскаруусунан 15 саат 18 минут күн-түндүн сааттын теңелүүгө чейинки, 12:00.
9.3 Күз 12:00 мезгилден Күн жарык убактысынын кыскаруусу 8 саат 58 минут.
9.4 8 саат 58 минутадан кыш мезгилинде күндүн жарык убактысынан узаруусуна күн-түндүн сааттын теңелүүгө чейин 12:00.
- 128 жылдык циклдан улам эсептебей койсок, анда 86 400 жылда бир сутка айырмачылык болмок.
- 17-мартта апталардын бирине туура келгендиги, аба ырайынын болушу.
- Апта – бир жума: 1.Жекшемби; 2.Дүйшөмбү;
3.Шейшемби; 4.Шаршемби; 5.Бейшемби; 6.Жума; 7.Ишемби.
- Жердин бир жылдык сезону.
- Күндүн Ай менен тутулуусу.
ЗОДИАК КАЛЕНДАРГА ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨ
- Жазгы күн-түндүн сааттын теңелүүсү 17-мартта бир жылда асмандагы Зодиак орбитанын толук айлануусунда сааттын жебеси айлануусундагы ордуна келиши.
- Жаңы күн, жаңы жыл, жылдын 4 мезгили, айлардын күндөрү суткасы так кайталанышы.
- Күзгү күн-түндүн сааттын теңелүүсү.
- Апта – бир жума. 1.Жекшемби – Күн, 2.Дүйшөмбү – Ай, 3. Шейшемби – Марс, 4. Шаршемби – Меркурий, 5. Бейшемби – Юпитер, 6. Жума – Чолпон, 7. Ишемби – Сатурн.
- Зодиактагы айлардын аталышы: 1. Токту – Козу 31 сутка; 2. Букачар – Үркөр 31 сутка; 3. Эгиздер – Босого 31 сутка; 4. Чаян – Саратан 31 сутка; 5. Арстан – 31 сутка; 6. Селки-Сумбула 31 сутка; 7. Тараза – Тараза 30 сутка; 8. Бөйөн-Чаян 30 сутка; 9. Жаачы — Жаа 30 сутка; 10.Текечер – Теке 30 сутка; 11. Суупери – Конок 30 сутка; 12. Балык – 29–30 сутка.
ЖАҢЫ КҮН
Орто Азиянын көп элдери, анын ичинде кыргыз эли байыртан эле жыл сүрүштүрүп, өз алдынча убакытты эсептеген. Ата-бабаларыбыз көөнөрбөс салттардын бири боюнча Нооруз майрамын өткөрүп келишкен. «Нооруз» – фарс сөзү, бул фарсылардын жыл эсебинен оошуп келген. Демек, «Нооруз» – жаңы күн, жаңы жыл сүрүү, жаңы ай, жаңы мезгил, күн-түндүн, сааттын теңелүүсү жана бир жылдык сезон, ал 17-мартта башталат. Календарлардын эң эле талуу жери бул күн-түндүн, сааттын жазгы теңелүүдөгү жер шарынын Түндүк жарым шарындагысы. Ошол моментте (учурда) кубулуштардын абалы табигый процессте болот.
- Жазгы күн-түндүн теңелүүсү.
- Жаңы күн.
- Жаңы жыл.
- Жыл сүрүү башталышы.
- Жаңы мезгилдердин башталышы.
- Жаңы күндүн, аптанын кайсы күнгө туш келгендиги, жылдын аба ырайынын кандай болушу.
- Тогоол – 5 тогоолу.
- Күндүк жарык убакыттын узаруусунун башталышы.
- Каңтардын жер күнгө карай эңкейиши.
- Дүйнө жаңыруусу.
- Жер алдынан жылуулук келиши жана ар нерсеге кыймылга келүүсү.
- Табигаттын бир жылдык сезондун башталышы ушул сыяктуулар. Мындай бир күндө ушунча кубулуштар башка күндөрдө болбойт. Ошондуктан бул – Улуу күндү ардактап тосуп алышкан кыргыз эли. Азыркы учурда илимий китептерде башка өлкөлөрдө жазгы күн-түндүн так сааттын числосу жок экен. Кыргыз гидрометеорологдор оодарма календарга 2010-жылы эми гана жазып жүргүзүшөт. Ошолордун бир далили – күндүн чыгышы 7 саат 11 минута, күндүн батышы 19 саат 11 минута деп, жер күндүн жарык убактысынын узактыгы 12:00 саат деп жазып жүрүшөт. 4 жылдыгын карасак, бардыгы бирдей убакытты көрсөтүп турат. Эмне үчүн кыргыз гидрометеорологдор Ноорузду 17-мартта деп айтышпайт. 21-мартта күндүн жарык убактысынын узактыгы 12 саат 10 минута деп жүрөт. 10 минутага күн жарык убакытка узарып калган. Нооруз күн-түндүн сааттын теңелүүсүндөгү күндү айтабыз да. Майрамдаганды «Төрт» күн кечирээк тосуп жүрөбүз. Бул деген календарыбызда жазгы күн-түндүн, сааттын теңелүүсүн так аныкталбагандыктан айларыбыз, тогоолдорубуз бирде аркада, бирде алдыда болуп жүрөт.
- Тарыхта 1582-ж. «10» күн, 1918-ж. «13» күн жана 325-ж. «3» күндү эске алсак, анда «23» күндүн үч күнүн алсак = 20 күн калат бул жерде (1700; 1800; 1900) кылымдын узак жылын эсептегенден. 20-3 күндү алсак = 17 күн калат бул жерде Никейский соборунун «3» күнү. Ошентип, 17-мартта күн-түндүн жазгы теңелүүсү деп коркпой-этпей айтсак болот.
- Дагы бир далил катары б.з.ч. 45-ж. 2007-ж. аралыгын да жылдардагы табигый жетпеген 11 минута 14 секунда = 674 секунд, 2052-жылды х 674 секунду = 1383048 секунд, 86400 секунд = 16 сутка болот. Ошондуктан 17март жазгы күн-түндүн сааттын теңелүүсү болот.
- Кыргыздын тогоолдору бар. Ошол 5 тогоол астрономияда Үркөр жылдызы 17-марттан бери өтпөйт, себеби күн-түндүн сааттын теңелүүсү. (К.Карасаев. Өздөштүрүлгөн сөздүк, 262-бет.).
- Асмандагы зодиак жылдыздар сааттын жебеси боюнча айланып жүрүп, 17-мартта кайра ордуна келишет. Эми ошол күн-түндүн сааттын теңелүүсүндө узак күн биринчи жылы 365 сутка 7 саат 11 минут, кийин 5 саат 48 минута 46 секунд өткөндөн соң жаңы жыл болот. «Эски жыл ажырады, жаңы жыл жалгады» деген накыл сөз, ушул күнгө дал келет. Экинчи жылы 365 суткадан кийин, жаңы жылдын жалгашы 7 саат 11 минут, 11 саат 37 минута 32 секунд өткөндөн кийин, Жаңы жылды тосолук. Үчүнчү жылы 7 саат 11 минут, 17 саат 26 минут 18 секунд өткөндөн жаңы жылды тосолук. Төртүнчү жылы 23 саат 15 минут 4 секунд өткөндөн жылдын эсебинен тосолук. Бул жерде Кыргыз Республикасында 1 саат алдыга жылдырганын эске алсак, дагы бир саат алдыга жылдырсак, ар бир жылда төрт башка убакыттарда жаңы жылды тосуш керек. Ошентип, Жер – Күндүн орбитасын толук айланып чыгуусун эмне үчүн эске албайбыз? Ар нерсенин өзүнүн ориентири болушу керек го, ал 17-март жазгы күн-түн саатынын теңелүүсү.
Жаңы жылдын биринчи күнү, жылы башталат. Дүйнө жаңырат, ар нерселерге жан кирет жана кыймылга келет. Мына ушул айдагы бир күнү – Улуу күндү кыргыз эли өтө ардактап майрамдашкан. Адамдардын көңүлдөрү шат болуп, кышы бою уктап жаткан табигатка жан кирет, кыймылга келгендиги байкалат. «Жер бетин жакшылык уялаган күн». Арпаны же буудайды түктөп жиберип, таттуу көжө же сүмөлөк бышырышкан. «Нооруз» – жакшылыктын, ишенимдин үмүттөрдүн майрамы, жаңыланган жаратылыштын майрамы. Ноорузду кандай тосуп алсак, жыл ошондой өтөт деп бекем ишенишкен. Тарыхта Ноорузду мындан 2–4 миң жылдан бери тосуп келе жатышат. Кыргыз кечээ 1950-жылдарга чейин Ноорузду жаңы жыл деп эсептешкен эле го. Ал эми азырчы? Салтты, наркты сактабай унутуп, «4» күн кеч тосуп, календарыбызга «Нооруз» элдик майрам деп жүрөбүз. Накыл сөздү кайда катабыз. Оома эл болуп, көп басым жасап, 1-январды жаңы жыл деп тосуп жүрөбүз, же анысы так болсочу. Башка элдин жаңы жылын 90 күн эрте тособуз, өзүбүздүкүнө келгенде «4» күн кеч тосконубуз уят го! 17-мартты жаңы күндүн, жаңы жылдын башталышы болсо, анда жылыбыз, айларыбыз, арсар айыбыз, тогоолдорубуз жана мезгилдерибиз өз ордуна келген болот эле. Ар нерсенин башталышы болуш керек. Жыл сүрүүнү да 1-январга, февраль айларына такап салдык. Бир жылдагы IV мезгилдер бүтпөй жатып жаңы жыл чыгыш элинин жыл сүрүүсүн 1-январь-февралдарга белгилеп жүрүшөт. Жогоруда жыл жөнүндө айтылгандай, жыл сүрүү 17-марттан бери өтпөйт, себеби мезгилдер бүтө элек. Кыргыз этнографиясында жылдын IV мезгилдери жаз, жай, күз, кыш деп ирети менен айтылат. Соңку жылдарда февраль айында Жаңы жыл деп айта башташты. Ал жаңы жыл көчмөн монголдордун Чыңгызхандын небереси император Хабилай монголдордун күзүндөгү жаңы жылын, февраль айына которгондогу жаңы жылы (Цаган) (Д.Сапаралиев). Бул императору Хабилай жыл мезгилдери эске алган эмес. Монгол, кытайлардын жаңы жылын эмне пайдаланабыз? Мезгилдерге күн-түндүн, тогоолдорго жооп бербесе алардын жаңы жылын туу тутуп жүргөндөргө жол болсун!
Илимий китептерде күн-түндүн сааттын теңелүүсү 18–20-марттарда туура келет деп жазылган (КСЭ 2-том, 539-бет).
АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ, педагогика илимдеринин доктору, профессор
ЭЛДИК КАЛЕНДАРЬ. КОСМОГОНИЯЛЫК, АСТРОЛОГИЯЛЫК САЛТТУУ БИЛИМДЕР. ЭЛДИК ЭСЕПЧИЛИК ЖАНА ЖАЙЧЫЛЫК.
Элдик эсепчилик билими, же жылдыз саноо илими, эсепчилер, табыркачылар, азыркы термин менен айтканда, астрономиялык же астрологиялык, космогониялык эмпирикалык билимдер кыргыздардын табияттын кучагында, жаратылыш менен гармонияда жашагандыгынан кабар берет. Элдин Жылсанагы, Күнсанагы, Айсанагы, Жылдыз төлгөөсү – бүтүндөй жаратылыш менен, анын ичинде араш (космос) менен байланыштуу болгон жана алардын негизги принциптери табияттан алынган, аны үчүн сары эсеп адамдар жаратылышка, айлана-чөйрөгө көп жылдар бою байкоолорун жүргүзгөн, бул багыттагы элдик билимдерди өздөштүргөн жана аларды өркүндөтүп кийинки муундарга өткөрүп берген.
Кыргыздар Энесай доорунда эле байыркы ханзуча тарыхый маалыматтарга таянганда түрк тилинде сүйлөшкөн тайпалардын ичинен эң алды менен туруктуу календарга ээ болгон[1] жана ошол календары башка түрк жана түрк эмес кошуна тайпалардын календарларынын түзүлүшүнө уютку болуп берген.
Кытайлардын «Тан шу» («Тан дөөлөтүнүн жылнаамасы» ) деген эмгегинде энесайлык кыргыз тайпалары «ай», «айбашы»[2] дегенди жана он эки жылдык мүчөл циклин, төрт мезгилди ажыратарын жазышкан.
Таластан табылган байыркы таш жазууларында: «Отуз уул сакчылары маймыл жылынын он алтысында кайгыда калышты» – дейт. Демек, мында жыл да (Маймыл жылы), күн да (16) так жазылып жатат.
Саймалуу-Таш (Саймалы-Таш) сүрөт-жазууларында элдик календардын белгилери кездешет, анда «Ноорузда кош айдоо» деп шарттуу аталган сүрөттө жана бир топ жерлерде Айдын жана аны караган текелердин, кулжалардын образдары берилген.
Соң-Көлдөгү эч бир таш жок жерде эле туруп калган Манастын Таш тулгасы деген эстелик мурасты Ай календарынын 19 жылдык циклин аныктоочу байыркы астрономиялык байкоо жайы деп эсептешет. Ошол эле жердеги Манастын Аккуласынын ат мамысы дегенди күн сааты катары убакытты аныктоодо пайдаланган. Мындай белги Ысык-Көлдүн Тоң районуна караган Ала-Баш айлында да болгондугун эски муундагылар эскерип калат. Анда Кырк чоронун ташы дегенди да убакытты билүүдө колдонушкан. Анда Күндүн жүрүшүн бир таштан экинчи ташка дал келтирип карашкан, кайсыл таш менен дал келсе бул убакыт болот дешкен, же күндүн узарып кеткен чекитин, кыскарып жеткен чекитин ошол таштар менен Күндүн туш келгенинен улам билишкен.
Кыргыз элинде, жеринде Ысык-Көлдөн бугулардан
Айманбай уулу Манаке (1830–1914), Кетмен-Төбөдөн Султанаалы казы (1862–1942), Кочкор өрөөнүнөн Эсенбай, Ат-Башыдан Күчүк, алардан башка да ар кайсыл аймактарда Айтыке, Сүтүке, Калча, Айбаш ж.б. элдик астрономдор, эсепчилер болгондугу айтылып келет. Алар эл тарабынан, же бийлик ээлери тарабынан кадырланып, алардын пикирлери менен эсептешип турган. Уруу башчылары мындай элдик метрологдорду өздөрү менен алып жүргөн, аны биз «Манас» эпосунан да кездештиребиз.
Бул багытта Тоголок Молдо, Белек Солтоноев, Ыбрай Абдырахманов, Муса Байгаринов жазган эмгектер белгилүү. С.М.Абрамзон, К.К.Юдахин, Кусейин Карасаев, Касымбек Сейдакматов, Торон Жумаев, Дастан Сарыгулов, Эсенбек Мамбетакунов, Абакир Калыбеков, Алыкул Кененбай уулу, Анарбай Темиркулов, Рыскул Жолдошев ж.б. окумуштуулар элдик календарь боюнча изилдөө жүргүзгөн. Өзгөчө бул багытта шыңжандык кыргыздардан Жусуп Мамай, Султанаалы Борбодой, Эмин Көчкөнбай, Кален Асанакун, Ташполот Токтобек, Анвар Байтур, Макелек Өмүрбай ж.б. инсандар чоң иштерди аткарган.
Ошол эле кезде бул багытта бир катар такталбаган маалыматтар, бири-бири менен чаташкан учурлар бар экендигин айта кетүүгө тийишпиз. Элдик календарды чаташтырбай, үчкө: Жылсанакка, Күнсанакка жана Айсанакка бөлүп караганыбыз бир аз болсо да ылайыктуудан болуп турат.
[1] Байтур А. Кыргыз тарыхы. – Б., 2003. – 155-б.
[2] Жумагулов Ч. Кыргызстандагы эпиграфикалык эстеликтер. 2-бас. – Б.: 2015. – 16-б.
ЖЫЛСАНАК
Жылдардын циклдешип келери дүйнө элдеринде ар түрдүү каралат. Мисалы, кытай элдик календарында 19 жылдык цикл колдонулса, бир катар элдерде 120 жылдык Юпитер-Сатурн цикли кездешет.
12 жылдык Чыгыш календарындагы жылдар мындай[1]:
Чыгыш календарындагы жылдар цикли.
Буларда жыл жаныбарларын тандоо кандай ишке ашкан? Беш түс: ак, кара, көк, кызыл, сары жана беш стихия: металл, суу, дарак, от, жер кабыл алынган. Ошон үчүн циклдеги жылдардын да өзгөчөлүктөрү болот, алсак, 1900-жыл, 1960-жыл Ак металл чычкан жылы деп аталат, 1956-жыл, 2016-жыл Кызыл от мыймыл жылы ж.б.
Мына ушул азыр дүйнөгө Чыгыш календары деп тараган элдик календарь Энесай кыргыздары колдонуп келген жана башкалар өздөрүнө сиңирип алган календарь болуп эсептелет. Кыргыздар жанагы беш стихияны улабай эле бир жаныбардын атын айтып, ошону менен чектелет же дагы майдалап бөлүштүрүүсү болсо да бизге жетпей калды.
Кыргыз эли байыртадан он эки жылдык жыл сүрүүнү колдонуп, ошол он эки жылдык алкакта жылдар кандай циклдешип келерине жараша ат берген. Гунндардын курамына кирген көчмөндөр биздин эранын башында эле он эки жылдык мүчөл санагын колдонуп келгендиги белгилүү. Алардын катары мындай: биринчи жылы – «чычкан»; экинчиси – «уй»; үчүнчүсү – «барс»; төртүнчүсү – «коён»;
бешинчиси – «улуу» (кытайча «лу» – «ажыдаар»);
алтынчысы – «жылан»; жетинчиси – «жылкы»; сегизинчиси – «кой»; тогузунчусу – «мечин» («маймыл»); онунчусу – «тоок»; он биринчиси – «ит»; он экинчиси – «доңуз» («кара кийик»). Бул жаныбарлар эмне үчүн жыл катары алынган?
Биринчиси, булар эл үчүн ыйык катары эсептелген, ошолорго сыйынган, демек, тотем болгон.
Экинчиси, адамдар өздөрүн ошол тотемдери менен параллель койгон.
Үчүнчүсү, адам мүнөздөрү ар кандай болгондой эле ар кандай мүнөздөгү, кылык-жоруктагы жаныбарлар тандалган.
Төртүнчүсү, жыл катары жаныбарларды тандоодо алардын адал-арамдыгы эске алынган.
Жогорудагы төрт чен-өлчөм менен эле бүтпөгөн дагы башка сырлары бар экендигин да эске алууга тийишпиз.
Эмне үчүн мечин, улуу сыяктуу кыргыз жеринде жок жаныбарларды жылга киргизгени да түшүнүксүз.
Бул 12 жылдык циклдин азыр жалпы дүйнөгө тараган календарын карап көрөлү:
Жалпы дүйнөгө тараган он эки жылдык цикл календары.
Жуңголук тарыхчы Анвар Байтур жыйнаган маалыматтар боюнча[2] он эки жылдын катар-ирети мындай:
1-таблица
Энесай кыргыздарынын жыл аттары
(Анвар Байтурдун маалыматы)
Катар келиши | Жыл аттары |
1 (жылдын башы)
2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 (жылдын соңу) |
Күскү (Чычкан)
Уй Барс (Жолборс) Ташкан (Коён) Элү (Ажыдаар) Конт (Жылкы) Жылан Кой Бичин (Мечин, Маймыл) Тагынку (Тоок) Ит Лазгын (Доңуз) |
Кыргыз тилчи Касымбек Сейдакматов жыйнаган маалыматтар боюнча[3] он эки жылдын катар-ирети мындай:
2-таблица
Кыргыздардын жыл аттарынын салыштырма таблицасы (Касымбек Сейдакматовдун маалыматы)
№ | жылдын аты | байыркы түркчө зодиак | орусча зодиак | кыргызча
зодиак |
1 | Чычкан | Козу | Овен | Козу |
2 | Уй | Уд | Телец | Үркөр |
3 | Барс | Эрентир | Близнецы | Босого |
4 | Коён | Кучык | Рак | Саратан |
5 | Улуу | Арслан | Лев | Арстан |
6 | Жылан | Бугдай башы | Дева | Сумбула |
7 | Жылкы | Үлгү | Весы | Тараза |
8 | Кой | Чадан | Скорпион | Чаян |
9 | Мечин | Йа | Стрелец | Жаа |
10 | Ит | Көнөк | Водолей | Көнөк |
11 | Тоок | Оглак | Козерог | Теке |
12 | Доңуз | Балык | Рыбы | Балык |
Элдик эсепчилер жана табиятта көз салган адамдар мына ошол жылдардын ар биринин өзгөчөлүгүн байкашкан. Алсак:
- Жыл башы Чычкан – бул эгинге, этке, башка азыктүлүккө зыян алып келет (Чычкан элден талашып эгинтегинди жеп салат эмеспи).
- Уй – жакшы жыл, токчулук, жаан-чачын мол болот (Уй сүт берет, жоош, бир уй бир үй-бүлөнү багат).
- Барс (Жолборс) – кышы мээлүүн өтөт, мол, жыргалдуу («Барс жылы баарын чач, эч болбосо таруу чач» дешет).
- Коён – мал-жан көбөйөт, төл мол болот (бул жаныбар көп төлдөйт, тез көбөйөт эмеспи).
- Улуу (Үлүл, Жаян, Балык, Ажыдаар).
- Жылан – жыл бою каатчылык, жай кургакчылык, аптаптуу келет (аптапты сүйгөн жаныбар эмеспи).
- Жылкы – бул жылда да каатчылык болот (кыштан, кардан коркпогон, колдон от жебеген жаныбар).
- Кой – тынч, береке болот, кыш каардуу эмес, жаанчыл, эгин, тоют мол болушу күтүлөт (кой тез көбөйөт, жоош, ээсине төлүн, жүнүн берет, айдаган жакка кете берет).
- Мечин (маймыл) – жай ысык, кургакчыл (ысык, кургак жактарда жашайт).
- Тоок – эл, мал-ал көбөйөт (тез көбөйөт, жумурткасы, эти күнүмдүк азыкка жакшы жарайт).
- Ит – ызы-чуулуу, ыркырашкан (ал үрүп, жанды койбогон, бири-бири менен талаша берген макулук эмеспи).
- Доңуз (кара кийик) – токчулук болот, кыш ызгаардуу, бороон-чапкындуу (арам жаныбар, жегенге болбойт, тоо-ташта, тамыр-самыр жеп жүрө берет).
Көп кылымдар бою элдин жашоосунда ким-кимден улуу, же кичүү экендиги, кимдин мүчөл жылы качан экендиги ж.б. адамдын өмүр жашына, тагдырына, эл турмушуна байланыштуу нерселер эсептелинген. Жылдын кандай болуп өткөндүгү жана кандай болорлугу мына ушул жыл сүрүү аркылуу билинген.
Жыл сүргөн кишилер атайын ардакталган, элбашыларды жандай жүргөн. Мисалы, «Манас» эпосунда Семетей ата-тегин, эл-жерин издеп Таласка келгенде аны тааныбай жаткан Бакай мындай дейт:
Токтой тургун кулунум, Эми күн эсебин алайын, Күндү катка салайын. Жыл эсебин алайын, Эми жылды катка салайын.
Ал эле – чычкан, ал эле – уй,
Ал эле – жылкы, а да – барс,
Ал эле – коён, ал – жылан, Ал эле – тоок, ал – улуу,
Ал эле – мечин, а да – кой,
Ал эле – доңуз, ал эле – ит,
Айкөлдөн калган кулунум,
Өлбөй жүрсө Семетей
Быйыл он экиге толгон кез (Семетей, БКВ, 385), – деп жыл сүрүп отуруп Семетейдин келер учуру болгондугун аныктап чыгат.
Жыл катарына аттарын коюу үчүн бир топ жаныбарларды суудан коё берип, кимиси биринчи сүзүп чыккандыгы[4], айрым варианттарда Күн чыкканын биринчи көргөндүгү, анда Төөнүн үстүнө чыгып алып Чычкандын Күндү биринчи көргөндүгү, камарабай Ойсул ата тукуму он үчүнчү болуп калып, жыл аттарына кирбей калгандыгы тууралуу мифтер бар. Алар эми оозеки баяндар, мунун кандайдыр бир илимий сыяктуу негизи да болушу керек эле, бирок эмне үчүн Чычкан баш болуп, калгандары ушул тартипте коюлуп калгандыгын так аныктоо кыйын.
Бурят этнографы В.В.Цыбульский 12 жылдык зоонимдик календардын проблемасын үч өңүттөн карайт: анын пайда болгон жери; пайда болгон мезгили; жаныбарлар менен байланыштырылышы. Мунун ичинен эң эле табышмактуусу жана кызыктуусу «жаныбарлар» цикли деп эсептейт[5].
Бизге жакын калк алтайлыктар болуп, алар жылсанагын «дъыл» дешет (сахалар жаңы жылда келген Аяз атаны ушинтип аташат).
Алтайлар жакшы жылдар, жакшы эмес жылдар деп да ажыратып карайт. Албетте, жакшы эмес жылдарда климат катаал болуп, мал-жан көп чыгаша тартат. Алтайда жыл аттары мындай тартипте кетет: Чычкан (Чыган), Уй (уй же инек), Барс (бар), Коён, Ажыдаар (Улуу), Жылан (Дьылан), Ат, Кой, Жетиген жылдызынын же дарактын жанында турган Адам (Мечин), Тоок (Такаа), Ит (Ийт), Доңур (Какай). Дал ушул жылнаамасын алтайлар жыгачка чегип жасайт же кагазга тартат, ортосуна таш баканын сүрөтүн орнотот.
Алтайлар адамдын өмүр жашын ар түрдүү нерселерге, алардын ичинде жаныбарларга салыштырат: 10 жаш – иттей; 20 жаш – тыйын чычкандай; 30 жаш – карышкырдай; 40 жаш – түптүз, олуттуу; 50 жаш – тик турган айкелдей; 60 жаш – таяктай; 70 жаш – таканчык таяктай; 80 жаш – аралаштыргычтай; 100 жаш – жумурткадай. Алардын дагы мындай ишенимдери бар: кайсыл жаныбардын жылында туулсаң, ага аңчылык кыла албайсың, себеби жамандык келет. Адам үчүн 13, 25 жана 37 жаш өзгөчө кооптуу, ошол мезгилде этият болуш керек, ал эми 37 жаштан кийин коркунуч кетет.
Алтай жылнаамасы.
Алтай жылнаамасынын символдору.
Кыргыздар жаратылыш да, табият да ушул циклдей он эки жылда бир айланып, кандайдыр бир деңгээлде кайталанып тургандыгын билген сыяктанат, мисалы, быйыл жылан жылында каатчылык, ачарчылык болсо, ошол кайра он эки жылдан кийин кайталанып келиши менен окшоштуктар болот дешкен. Ошого карата мүчөл жылдар сүрүлөт. «Мүчөл» деген сөз «мүчө» деген менен байланышкансыйт, адамдын да, жаныбарлардын да негизги он эки мүчөсү бар, жылдар да он эки. Адам кайсыл жылда туулса, анын ошол жаныбарга окшоштугун да байкашкан. Бирок бул чоң сыр, түшүнүп болбой турган кубулуш. Негизи туулган жыл мүчөл жыл болбойт, себеби жыл он эки, а баланын биринчи жылы «нөл» болот да, бир жаштан баштап эсептелет, ошондо он үчкө чыкканда биринчи мүчөлү делет да, кийин он эки жылдан кошулуп кете берет.
Кыргызча жыл сүрүүнүн азыркы календарь боюнча берилиши төмөнкүдөй;
Чычкан: 1924, 1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008
Уй: 1925, 1937, 1949, 1961, 1973, 1985, 1997, 2009
Барс (Жолборс): 1926, 1938, 1950, 1962, 1974, 1986, 1998, 2010
Коён: 1927, 1939, 1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011
Балык (Улуу): 1928, 1940, 1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012
Жылан: 1929, 1941, 1953, 1965, 1977, 1989, 2001, 2013
Жылкы: 1930, 1942, 1954, 1966, 1978, 1990, 2002, 2014
Кой: 1931, 1943, 1955, 1967, 1979, 1991, 2003, 2015
Мечин (маймыл): 1932, 1944, 1956, 1968, 1980, 1992, 2004, 2016
Тоок: 1933, 1945, 1957, 1969, 1981, 1993, 2005, 2017
Ит: 1934, 1946, 1958, 1970, 1982, 1994, 2006, 2018
Доңуз (Кара кийик): 1935, 1947, 1959, 1971, 1983, 1995, 2007, 2019 ж.б.
Адамды ушул жылсанак менен мүчөлдөргө бөлгөн. Мүчөл жылдар кайталанып келип турган. Алар: биринчиси – 13 жаш, андан ары 25 жашка кадам таштаганда – эки мүчөлү, 37 жашы – үч мүчөлү, 49 жашы – төрт мүчөлү, 61 жашы – беш мүчөлү, 73 жашы – алты мүчөлү, 85 жашы – жети мүчөлү, 97 жашы – сегиз мүчөлү ж.б. Муну башкача эсептеген варианттар да бар.
Токтогул районунун Үч-Терек айлынын жашоочусу Анарбай Темиркуловдун эсептөөсү боюнча жыл 17-марттан башталып, кийинки жылы 16-мартта аяктайт[6]. Буга караганда азыр биз 1-январдагы Жаңы жылдан мүчөл жылым келди деп ырымдарын кылып жатпайбызбы, бул туура эмес.
Мүчөл жылдарын колдонуу, жылсанагы – кыргыз элинин билим чектеринин бири болгон жана ал нерсе эл турмушунда ушул бүгүнкү күнгө чейин кеңири колдонулуп келет. Мисалы, жалпы дүйнөлүк календарь боюнча 1941-жыл деп айтылса, кыргыз жылсанагында Жылан жылы делет, анда апаат, каатчылык, ачарчылык болуп өтүүгө тийиш. Ушул жылы совет эли үчүн Улуу Ата Мекендик согуш башталган.
[1] http://calendar.yoip.ru/china-years-calendar.html
[2] Байтур А. Кыргыз тарыхы. – Б.: Бийиктик, 2003. – 156-б.
[3] Сейдакматов К. Кыргыз элинин календардык тїшїнїгї. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 15-б.
[4] Кашкари М. Девони лугат ит тїрк. 1-т. – Ташкент, 1960. – 330–332-бб.
[5] http://student.zoomru.ru/isk/sohranenie-i-razvitieprazdnichnoobryadovoj-kultury/275331.3144484.s5.html
[6] Темиркулов А. Кыргыз календары. – Б.: Улуу Тоолор, 2014. – 14-б.
КҮНСАНАК
Күн – асмандагы эң жарык жана башка планеталарды өзүнө айландырган эң ири тело болуу менен анын көктүн бир жагынан – Чыгышынан Батышына жылышы, таң эрте чыгышы жана кечинде батышы, Жерге жылуулук чачышы кыргыздардын жашоосунда Күнсанагын жүргүзүүнү шарттаган. Элдик салттуу билимдерде Күндүн орду өзгөчө болгон. Бул тууралуу Кадыркул Даутов азыркы илимден түшүнүк албаган, көзү да көрбөгөн Барпы апыздын чыгармачылыгы, тагыраагы анын «Күн» деген ыры тууралуу мындай ой жүгүртөт: «Күндү кошуп ырдаган, көp Баpпы ыpчы жаңылбайт» – деп айткан экен чыгармачылык тагдырын алдын ала көрө билген даанышман акын. Анын чындыгын бул күндө көркөм сын, адабият таануу гана эмес, философия менен табигый илимдер (естественные науки) да далилдеп жатат. Бул жерде мен биофизика илимдеринин кандидаты Али-Аскар Байбосуновдун «Барпынын чыгармаларындагы космологиялык ой жүгүртүүлөр» аттуу кызыктуу жазылган макаласын айтып отурам. Муну Барпынын албан кырдуу алп талантын ачууга салым кошкон эмгек катары баалоого тийишпиз. «Революцияга чейин элде физикалык терминдер белгисиз болгондуктан өтө эле зор энергия бөлүп турчу Күндү «күчтүү от» менен салыштырган (Барпынын «Күндүн нуру белгилүү күчтүү оттон жаралган» деген саптарын айтып жатат – К.Д.), башкача түшүндүргөндө күчтүү оттун жалынынан артык ысыктык болууга мүмкүн эмес эле. Акындын бул түшүнүктөрүнүн, ой жүгүртүүлөрүнүн тууралыгы астрофизикалык ачылыштар менен да далилденип турат»…. «Тагыраак айтканда, материалисттик диалектиканын жолдорун стихиялык түрдө туюу менен илим дүйнөсүндө ачылган фактыларды алдын ала көрө алган дешке болот»[1].
Биофизик-окумуштуу биз токтолуп өткөн Барпынын «Күн» деген санаты тууралуу дал ушинтип жазат. Акындын космологиялык ой жүгүртүүлөрү (сөз азыр Күн жөнүндө) кандай туура экендигин табигый илимдин так жолу менен аныктап, жалпылагандан кийин чыгарган жыйынтыгы. Улуу чыгарманын улуулугу көп кырдуулугу менен көп маанилүүлүгүндө, идеянын түбөлүктүүлүгүндө, мазмун менен форманын шайкелишинде. Анын жаралышы көркөм өнүгүштүн өзүнчө бир жаңы доорун түзөт. Ырчылар поэзиясындагы мына ушундай жаңы доорду мүнөздөп, аныктаган чыгармаларга сөзсүз түрдө Барпынын ушул улуу Күн башында турган Аалам курулушу жөнүндөгү санаттар циклдери да кирет…
…Эмне үчүн акын Күндү биринчи коюп жатат? Мунун чындыгын аздан соң, «Төгөрөктүн топугу – төрт такылет эмеспи, Асман, Жердин арасы – көрк акыбет эмеспи» кайсыны билдирерин атайын өз катары, өз орду менен тизмелеп алып бир-бирден ачып киргенде дагы конкрет көрөсүң («Жерге» жеткенде). Күн ушул саналып өткөн Аалам курулушун кармап турат делчү негизги төрт элементтин баарынан күчтүү, баарынан бийикте, баарына нур жиберет, өмүр берет.
Анын улуулугу ушунча, өзүнүн күн системасын түзүп турат, гравитациялык таасирин тийгизген асман телолору айланасында жылып жүрүшөт. Жөнөкөйлөтүп азыркыча түшүндүргөндө ал системага Күндүн өзү баш болуп канча планеталар, планет-спутниктер, кометалар, метеор телолору, космикалык чаңызгыттар карашат эмеспи. Жер да түздөн-түз ушул алкактын ичинде жашайт, Күндөн жарыкчылык көрөт, азык алат, көрктөнөт, тагдыры байлануу. Түп чындыгы ушул экен: «Күн болбосо көрбөйсүң жарык дүйнө шаңыны»…» Күн нурундай касиет издеген менен табылбайт. Бардыгына Күн себеп, Күнсүз дүйнө жаңырбайт». Бул саптар азырынча абстракттуу көрүнгөнү менен тереңинде реалдуу чындыктын негиздерин алып жүрөт. Али философиялык категориянын аныктамасына, илимий терминге түшүрүлө элек ойлор ошол кездин аңсезим табиятына жараша – жөнөкөй сөз, жөнөкөй туюнтуу ыкмалары аркылуу жеткирилип жатат. Бөлөкчө болбойт да, чечмеленбейт да болчу.
Анткени бар дарамат, реалдуу мүмкүнчүлүк ошол эле. Жогорку даражадагы астрофизикалык телескоптор жана жаңы табылган илимий-техникалык күчтүү аппараттар менен кеңири жабдылган профессионал адистик изилдөөлөр гана Күн жөнүндө жалпы түшүнүктөн чыгып, жалпы бүтүндүктү айтуудан анын курулуш табиятын: ички, тышкы тутумдун ар бир бөлүгүн, ар бир катмарын, ар бир сызыгын жеке-жекеден да, чогуусунан да териштире карап, конкрет белгилерин аныктап, татаал сырларын тактап ачып көрсөтүп бералат.
Кийинки учурларда колдонулуп жаткан Күнтелескоп, күншакек аттуу өзгөчө приборлор болбосо, анда маал-маал күтүүсүз-күтүлүү жүрүп турчу оттуу шамал, магнетизм, радиация, ысыктын жарылып турушу, өтө активдешкен кездери, солнечный удар делчү күчтөр менен күнкоронасы, күнтагы аталган бөлүмдөрдүн кайсынысында кандай өзгөрүштөр жүрүп жатканын кантип жана кайдан билишмек? Талаш жок, булардын Европа, Америка тараптарда ошол кездерде, же алда канча мурда эле болгону илимде маалым эмеспи.
Барпы атайын адистештирилген окумуштуу эмес. Ньютон, Кеплер, Галилейдин Күн системасын, асман телолорун изилдей турган телескоптору менен азыркынын атактуу астрофизиги В.Амбарцумян урунган илимий-техникалык курал-жабдыктардын бир атын да билбей өткөн. Ал Күндүн көлөмү канча, салмагы канча, курамында эмнелер бар, саатына канча чакырым тездик менен айланууда баратканын эсептеп, ченеп, өлчөп бербейт. Жандуу, жансыздын баарына өмүр берип, көрк берип, ак-караны ылгабай телегейге тегиз нурун төгүп турган касиеттүү улуулугун даңазалоодо. Адистик кырынан карасаң, табият өтө марттык менен тартуулаган сергек интуициясы, күчтүү логикасы, тубаса аналитик акыл жөндөмү канчалык алга сүрөбөсүн, Аалам сырларын аныктап билүүгө канчалык тажрыйба топтобосун, баары жаңы аң-сезим баскычына көтөрүлүп, керектүү илимий-техникалык аппараттар менен гана ачып чыкчу «Күн нурундай касиет (физикалык табияты – К.Д.) издеген менен табылбайт»[2].
Мына ушул Барпыдай «сергек интуициясы, күчтүү логикасы, тубаса аналитик акыл жөндөмү» бар кыргыздардан чыккан кишилер Күндү ааламдын борборуна койгон жана Күнсанагын ойлоп таап, жашоосунда кеңири колдонгон. Алар үчүн Күн нуру да, Күндүн бир орунда жылбай турушу да, башка майда-чоң асман телолорун аны айланып жүрүшү да кандайдыр бир деңгээлде эмпирикалык формада болсо да түшүнүктүү болгон сыяктанат, анын жылышын (негизи Күн жылбайт, Жер аны айланып жылат), Жерге нур чачышын убакытты өлчөө үчүн пайдаланган.
Айталык, Манеке эсепчи (1830–1917) жаңы чыккан күндүн шооласы кереге-ууктардын кайсыл жерине кандайча тийгендигине карап күн менен түндүн теңелгенин, биринен бири узарганын, кыскарганын, токтолгонун так айтып бере алчу экен[3]. Кетмен-Төбөдө жашап өткөн Султанаалы казы (1869–1942) күн чыгышты каратып тиккен боз үйүнүн босого тарабына бийик мамы орнотуп, көлөкөсүнө таш белги койгон да күн жылсанагын жүргүзгөн. Ал мезгилдин өтүп жатканын жипке тизилген чүкөлөр менен эсептеген. Ал эми Кочкордон ыман саяктан чыккан Ырай эсепчи Үркөр чыккандан баштап, тогоолдон тогоолго чейин күндө баштыкка бирден коргол салып турган, кийинки толгонго чейин 28 күн өтүп баштыкты бууп илип койгон. Бир жыл ичинде ар бири 28 корголдон турган 13 баштыкка толгон. Бул эсептөө боюнча тогоолдон тогоолго чейин 28 күн өтөрүн, жыл ичинде 13 толук тогоол жана (28х13)+1=365 күн болорун далилдеген[4].
«Өздөрү жашаган тоолорду, ак боз үйдүн түндүгүн «күн өлчөгүч телескоп» катары пайдалана билген, – деп жазат Макелек Өмүрбай[5] тоолук кыргыздар тууралуу. – Мында күндүн узараар, узарып токтош айларын, күндүн эң кыска айларын, күндүн кыскарып токтош айларын эч кандай аспаптык өлчөөлөргө көз карандысыз эле эсептеп чыга ала турган жагдай эл ичинде ушул күнгөче бар эле эмес, жалпылык катары бир болуп турган кези.
Күн эсепчилигинде, биринчиден, күндүн тийиш мерчемдерине карай эсеп чыгарган. Бир күндүк маалдарды батыш жагындагы тоого күн чалуусун карап туруп, күн тоо-тоонун башына чалганда, күн тоонун капталына түшкөндө, күн сайга түшкөндө, күн төбөгө келгенин (түш болгонун) эсептеп билген. Экинчиден, көлөкөнүн түшүүсүнө карай эсеп чыгарышкан. Түш оогондо чыгыштагы тоолордон ала көлөкө самсаалаганда, адам жана заттардын көлөкөсүнүн кейпине (эрте менен узун көлөкө сол жакта, түштө кыска көлөкө как аркада, түштөн кийин көлөкө оң жак капталда) байкоо салуу сыяктуу көлөкөгө карай күнүмдүк маалды байкап, күндөлүк убакытты саат урунбай туруп так биле алышкан. Ал ак боз үйдү өтө өлчөмдүү күн эсептөө куралы кылышкан. Ар бир ак боз үйдүн чамгарагы телескоптук кызматты аткарган. Түндүктөн түшкөн күндүн ордуна карай кайсы маал болгонун билишкен.
Кыргыздар ак боз үйүнүн эшигин ар дайым чыгышты каратып тигишет да, күн чыгыштан чыкканда, түндүктөн түшкөн күн эшиктин кыйгач каршысы, ак боз үйдүн эр жак капшыты жактагы ууктун башына чачырап түшөт, аны күн тийген маал атайт; андан күн ылдыйлап түшүп керегенин башына келет, аны козу түш маалы атайт; ошондон күн жерге, үйдүн ичине түшүп, төр жакты бойлой жылат, төрдүн как ортосуна түндүктүн күнү түшкөндө, чак түш маалы атайт; андан ашкананы көздөй жылып, ашкананын оозуна келгенде эрте бешим маалы болот.
Айтор, ошол жүрүш менен эпчи жактын керегесине жармашып, уугунда башынан күн олтуруп кетет. Мындайча айтканда, эр жак капталдан түшкөн күн эпчи жак капталдан чыгып кетүүсүндөгү жылыш ордун ар бир саат маалы катары эсептеп биле алышат. Мында, күндүн батыш тоо кыркасына отуруу ордун бир нокотко белгилеп, күндө ал нокотко жетпей отурганына карай канчалыктан кыскарып же узарып бара жаткан мерчемин белгилейт. Ал күндүн узарып-кыскаруусун ак боз үйдүн түндүгүнөн түшкөн күндүн орду менен белгилөө ыкмасы да көп билимдерди чогулткан. Күндүн эң узун болгону эр жак жабыктан түшкөн күн эпчи жакка жылганда, коломтону кечип өтүүсүн белги кылган. Коломтону кечип өтмө күн теке айынын 20-күнүнө туура келип, күндүн узарып токтогон кези экенин билишет. Ошондон кийин күн сайын түндүктөн түшкөн күн коломтого жетпей, төр жакка жылып бара жатканын күн улам кыскара баштады деп билишет. Күндүн эң кыска кези бештин айынын 15 караңгысы, «токту тойбос, чөмүч кургабас маалы» болуп, анда күн эр жак жабыктан түшүп, жүктү бойлой, коломтодон алда канча алыс эпчи жактан олтуруп кете бергенине баам салышкан.
Мына ошентип, кыргыздар ак боз үйдү жер шары катары пайдаланып, күндүн түндүк жарым шарга оошуусун ак боз үйдүн түндүгүнөн түшкөн күн коломтого келип кайтуусун мерчем кылып белгилешкен. Күндүн аракетине карай бир күндүк, айлык жана жылдык эсепти билүү кыргыздын айтылуу сары эсеп кишилерине гана таандык эмес, эр-аял бардык эле адамдардын жөнөкөй сабаты катары жалпылашкан».
Мына ушул «боз үй сааты» адамдардын малдарын маал-маалы менен сугарып, от салып, жем берип, бээ саап, ж.б. иштерди кылып, ырааттуу кароосуна, балдарын эмизип, тамак берип, тургузуп, уктатып, таза абага чыгарып багуусуна, бири-бири менен бир маалды белгилеп жолугушууга чыгуусуна, салбурундап мергенчиликке жөнөөсүндө ж.б. тиричилигинде чоң пайда келтирген, дээрлик эрезеге жеткен балдардан тартып баары эле өздөштүргөн жөнөкөй билимдер болгон. «Боз үй саатын» «бузуп албоо» үчүн алардын боз үйлөрү сөзсүз түрдө күн тийген жерге, оозу чыгыш жакты каратып тигилген.
Абакир Калыбеков «Чыгыш күн жылсанагы» деген макаласында[6] мындай деп жазат: «Кыргыздар жылды 365 күн деп эсептеп, ар бири 91 күндөн болгон 4 мезгилге бөлгөн. Калдык калган 1 күндү (20-март) «таразанын күнү» же «нооруз» деп атап, күн эсебине кошулган эмес. «Манас» дастанында «Тараза жылдыз батканда, таң агарып атканда» деген саптар менен жылсанактын кайсы күнү экендигин аныктап турат. Эки миң жыл илгери күн менен түн теңелгенде Тараза жылдыз таң алдында батып кеткен. «Таразанын күнү» аталыш да ушул астрономиялык кубулушка байланыштуу аныкталган».
Бул чиймеде көрсөтүлгөндөй күнсанакчылар мамы кагып, ошонун көлөкөсү менен мезгилди аныкташкан. Күн тийбеген, күн бүркөө учурда мезгилди кандай аныкташкан деген суроо да коюлбай койбойт. Анын да бир жолу болгонсуйт, бирок бизде так маалымат жок.
Ал эми А.Темиркулов Жердин Күндү толук айланып чыгуусу 365 сутка, 5 саат, 48 минут, 46 секунд. Кыргызстанда 365 сутка 6 саат деп көрсөтөт.
Кыргыз эли, азыркыча айтканда, бир сутканы 34 бөлүккө бөлүп аташкан:
Таң аткан кез: сопу садык; таң каракчы; таң дүмпөйүү; таң куланөөк; ак саар; таң кылаюу; таң аппак атуу; короз кыйкырган учур; азан учуру; даарат учуру; багымдат намазы учуру.
Күн чыккан кез: күндүн мурду канаган; күн тоо башына тийген; күн чыккан; күн текши тийген; күн көтөрүлгөн.
Шашке: Улуу шашке; Күн аркан бою көтөрүлгөн; Жалган түш; Чын түш; Күн так төбөдөн тийген учур; Сарт бешим; Кыргыз бешим; Чоң бешим; Кеч бешим; Ала көлөкө түшкөн кез; Намаздигер; Дигер; Күн батаар учур; Намазшам; Көз байланган кез; Ак шам; Үрүл-бүрүл; Намазкуптан; Эки куптан; Тамак ичээр; Мал байлаар; Мейман чыгаар; Жатаар; Эл текши жаткан учур; Уйкуга кирээр учур; Эл текши уктаганда; Оор уйкунун ортосунда; Жылдыз толгон учур; Түн; Түн бышкан кез; Түн ортосу; Түн ооган кез; Үркөр көрүнгөн учур; Үркөр көтөрүлгөн учур; Үркөр баткан учур; Тараза жылдыз баткан учур; Чолпон жылдыз чыккан учур; Таң заары; Апак-шапак ж.б.
«Манас» эпосунда мезгил-маал түшүнүктөрү төмөнкүдөй берилген учурларды кездештиребиз:
Эртеңки таң атканда,
Супа садык чалганда (СО, 3, 224)
Шашкеде келип урушуп,
Түш эңкейген чагы бар (СО, 3, 88)
Кечээ айдаган кечинде (СО, 3, 57)
Бүгүнкү бешим кезинде (СО, 3, 57)
Дигерден мурун кечинде
Кечки бешим кезинде (СО, 3, 397)
Кечинде жолго салганы,
Шамда кирип барганы (СО, 3, 36)
Куптан маалы болгондо (СО, 3, 136)
Түн ортосу болуптур,
Жыбырап жылдыз толуптур (СО, 3, 25).
Мында кыргыздардын убакыт түшүнүгү, биринчиден, асмандагы Күндүн жана жылдыздардын жылуу абалы менен; экинчиден, намаз убактылары (бешим, дигер, куптан) менен өлчөнүп жатат.
VII–VIII кылымдарга таандык Орхон–Энесай жазууларына кирген Күлтегинге арналган эстеликтин чоң жазуусунда мүчөл жылдарга байланыштуу даталар жазылган учурлар кездешет, мисалы, Күлтегин Кой жылынын 17-күнү каза болгондугу ташка чегилген.
Мына ушул мүчөл жылсанак азыркы күнгө чейин кеңири колдонулуп келди. Ырас, арасында башка жылсанактар да пайдаланылды.
Ноокаттык 1884-жылы туулган Мырзалы Мадраимов айткан маалымат КР УИАнын кол жазмалар фондунда (инв. №5166, папке №1, 17–18-беттер) сакталып тургандыгын А.Калыбеков белгилейт1. Анда жыл төрт мезгилге бөлүнгөн:
Жаз: амал (март), соор, жаваза.
Жай: сары атан, асат, сүмбүлө.
Күз: мыйзам, акраб, каве.
Кыш: жады (декабрь), далвы, хут.
Кыргыздар жылды 365 күн деп эсептеп, ар бири 91 күндөн болгон 4 мезгилге бөлгөн. Калдык калган бир күндү (15-март) «таразанын күнү» же «нооруз» деп атап, жыл эсебине кошулган эмес, 16-март жаңы жылдын биринчи күнү деп эсептелген.
Жогорудагы М.Мадраимов Жакынкы Чыгыш элдеринен тажиктер жана өзбектер аркылуу Түштүк Кыргызстанга өткөн жана бир убакта кеңири колдонулган жылсанак тууралуу айтып жатат. Мына ошондо бир күн жыл эсебине кошулбай ашып калып жатат, ал куду тараза сыяктуу тең салмакты кармап тургандыктан «Таразанын күнү» деп аташкан.
АЙСАНАК
Азыркы күнгө чейин тоодо чоңойгон кыргыз балдар Ай тууган учурду карашат, күтүшөт, Айдын канчасы экендигине өзгөчө маани беришет, Ай толгондо эски оорулар козголот деп өздөрүн этият кармашат, жаңы тууган Айды
1 Калыбеков А. Кыргыз жылсанагынын илимий негиздери. – Б.:
- – 59-б.
көрүп бул ай кандай болорун боолголошот. Чалкалап көрүнсө, жаанчыл, тик болсо кургакчыл болот дешет. Үркөр же Сары жылдыз менен Ай тогошкон учурда тогол болот деп, ал учурда мал-жанын этият кармашкан, көчүп-конууну ошол убакка чейин бир жаңсыл кылып алган, же тогол өтүшүн күткөн, эгин эгүү, сугат жүргүзүү, той-аш кылуу, малды жайытка айдоо, төл, мергенчиликке салбурундап чыгуу ж.б. иштер ал мезгилде аткарылбай турган. Ай арасы – кооптуу учур.
Аба ырайын ар түрдүү аймактагылар жер шартына ылайык боолголошкон, же табырка кылган, мисалы, Таластын Талды-Булак айылындагылар Шумкар-Уянын башын булут басса, жаан жаайт дешсе, Ноокат районунун Котур-Булак айылындагылар Алтын-Казык тоосунун кары кеткенде буудай бышат деп орокту башташкан. Эл арасында жылдыздарга, Айга, булуттарга, жан-жаныбарларга, шамалга карап аба ырайынын алдын ала айткан элдик эсепчилер болгондугу, алар элди, малды далай жаратылыштан келүүчү алаамат кырсыктардан, жуттардан аман алып калгандыгы, тоодогуларды чөлгө же башка ыктуу жерлерге көчүрүшкөндүгү айтылат.
Элдик астролог Торон Жумаев кыргыз элинин календарын чыгарды, ал тоголдорго негизделди. Ал элдик «айга карап, айдап сеп» деген накыл кепке таянып, түшүмүн тамырынан берүүчү үрөндөрдү: жержаңгак, сабиз, кызылча, пияз, картошка жана башкаларды качан гана асмандагы айдын он беши болуп, толук толуп, андан ары кичирейе баштаган күндөн тартып себиш керек, ал эми түшүмүн тамырынан эмес, жогорку сабагынан берүүчү үрөндөрдү, маселен, коон, дарбыз, ашкабак, помидор, бадыраң жана башкаларды асмандагы ай жаңыдан жаңыргандан баштап себе бериш керек экенин түшүндүрүп берди[7]. Ал киши 1931-жылдын 2025-жылга чейинки ар бир жылдын качан башталып, качан бүтөрүн эсептеп чыгат, мисалы, азыркы Маймыл жылы 2016-жылдын 8-февралынан башталып, 2017-жылдын 27-январында аяктайт, Тоок жылы 2017-жылдын 28-январынан башталып, 2018-жылдын 15-февралында аяктайт, андан ары, мисалы, Жылан жылы 2025-жылдын 10-январында башталып, 2026-жылдын 16-февралында аяктайт. Эсепчи бир жылда 364, 365, 384, 385 күн болорун санап чыгат[8].
Кыргыздар элдик жылнааманы колдонуп келген жана алардын көбүнө жаныбарлардын атын берген. «Кыргыздардын элдик жылсанагында кийиктердин аты менен аталышы байыркылыгын гана далилдебестен, экологиялык мааниге ээ болгон дүйнөдөгү бирден бир календарь экендигин көрсөтөт» (А.Калыбеков)[9][10]. Бир катар элдик оозеки чыгармаларда жапайы кийиктердин койдой жайылып жүргөндүгү айтылат, демек, байыркы учурда кийиктер менен адамдар бири-бирине жакын болуп, кийиктер адамдарды эш тутуп, адамдар болсо кийиктерди керегинче гана пайдаланып жашаган деп айтууга негиз бар. Мунун бир мисалы, элдик календардагы ай аттарында жапайы кийиктерин колдонулушу болуп эсептелет.
Анвар Байтур жыйнаган маалыматтар боюнча[11] он эки айдын катар-ирети мындай:
3-таблица
Энесай кыргыздарынын ай аттары
(Анвар Байтурдун маалыматы)
катар келиши | ай аттары |
1-ай 2-ай 3-ай 4-ай 5-ай
6-ай 7-ай 8-ай 9-ай 10-ай 1-ай 12-ай |
Баш ай (Жаңы ай, Нооруз ай)
Көрүк ай Күкүк ай Чилде ай Сарыча ай Кыргүйө ай Мизам ай Карача ай Казак ай (Согум ай) Каңтар ай Акпан ай (Кара ай) Чал ай (Соң ай) |
4-таблица
Кыргыздар колдонгон календарлар
(Асыкбек Оморовдун маалыматы)
№ | Байыркы учурдагы ай аттары | Орто кылымдардагы ай аттары | Азыркы ай аттары |
1 | Күкүк ай | Жалган куран | Март |
2 | Чилде ай | Чын куран | Апрель |
3 | Сарыча ай | Бугу | Май |
4 | Кыркүйөк ай | Кулжа | Июнь |
5 | Мизам ай | Теке | Июль |
6 | Карача ай | Баш оона | Август |
7 | Казан (согуш) | Аяк оона | Сентябрь |
8 | Канжар ай | Тогуздун айы | Октябрь |
9 | Акпаң ай | Жетинин айы | Ноябрь |
10 | Чил ай | Бештин айы | Декабрь |
11 | Баш ай | Үчтүн айы | Январь |
12 | Корук ай | Бирдин айы | Февраль |
Жогоруда жазуучу Асыкбек Оморов келтирген таблицадан[12] көрүнүп тургандай, кыргыз эли өздөрү менен жанаша жашаган жаныбарлардын кыймыл-аракеттерин, жашоотиричиликтерин кылдат изилдеп туруп, анан алардын аттарын айларга ыйгарган. Мунун өзү кыргыздардын жанжаныбарларды натуралисттерче байкагандыгын, алардын жүрүш-турушу, мүнөз-кую менен адамдарды, мезгилдерди салыштыра билгендигин, салыштырма ой жүгүртүүлөрүнүн күчтүүлүгүн тастыктайт. Мисалы, азыркы эсеп боюнча 21-июндан 20-июлга чейинки мезгилде саратан айы дешет, бул айдын аты ушул абдан ысык мезгилде учуп чыгуучу жана сайроочу чоң коңуздун аты менен аталып калган. Азыр да эл бул учурду саратан атайт: эгин, чөп бышат, жаңы урулган жерпайды, дубалдарды саратан жедирет, ушул кездеги суу эгинге жагымдуу болот. Жогорудагыдай ай аттары казактарда бир кыйла аралаш сакталып калган учурлар байкалат: март (наурыз), апрель (кокек), май (мамыр), июнь (маусым), июль (шiлде), август (тамыз), сентябрь (кыркуйек), октябрь (казан), ноябрь (караша), декабрь (желтоксан), январь (кантар), февраль (акпан).
Кыргыздар: «Беш тогол болбой бел чечпейт» – дейт, болжолу, 22–27-марттарда кыш жана жаз алмашып, сары кар түшөт, ошондон кийин жердин тоңу кетип, эгин эгүүгө жол ачылат дешет. Асмандан куйруктуу сары жылдыз же 40 жылда бир, же 70 жылда бир көрүнөт, ошол көрүнсө же ачарчылык, же каатчылык, же согуш болорун тажрыйбаларынан байкаган.
Азыр кыргыздардын Айсанагындагы үч чоң башаламандыкты тактоо зарыл.
Биринчиси – учурда колдонулуп жаткан эл аралык календарда кабыл алынган ай аттары менен кыргыздардын Айсанагындагы айлардын дал келбеши, мисалы, февраль айы 1-февралдан 28-февралга чейин, биз муну Жалган куран деп гана коёбуз. Чынында Жалган куран ошол жылы 1-февралдан башталбай калышы мүмкүн. Айсанактагы айлар асмандагы Ай туугандан баштап эсептелет, б.а., Жалган куран айынын Айы 1-февралда туубай калышы мүмкүн. Андыктан эски Айсанакты колдонууда азыркы январь, февраль менен дал келтиребиз дебей, аларды унутуп коюшубуз керек да, асманды – Айдын канчасы экенин, жаңырдыбы, толуп баратабы, кемип баратабы ошону карашыбыз керек. Бул негизги маселе жана андай кылбоо чоң жаңылыштык.
Экинчиси – Ноорузду жыл ажыраш, жыл башы деп, анын датасы катары 22-мартты көрсөтүп, ошондон Айсанакты баштаганыбыз да туура эмес, себеби бардык эле жылдарда 22-мартта Ай жаңыра бербейт, Айсанак Ай жаңырган күндөн гана башталып эсептелет. Т.Жумаев да кыргыз элинин жаңы жылы 21-мартта Ноорузда болот деген түшүнүк туура эместигин, себеби Нооруздун календары кыргыздарда болгон эместигин, аны байыркы ирандыктар колдонгондугун, кыргыздар мурун Ай, Мүчөл жылдарынын жана кийинки мезгилде Григориан календарын колдонуп келе жатышканын жазат[13].
Үчүнчүсү – Айсанакта кайсыл ай жыл башы болот деген маселе. Бул багытта да чаташуулар бир кыйла.
Төртүнчүсү – Айсанак (Ай календары) менен Күнсанакты (Күн календары) аралаштырып алганбыз (Айсанакта жыл он күндөй аз болот). Муну так ажырата турган нерсе – биз жашаган Жер планетасы Күндү 364 күндө бир жолу айланып чыгат, демек, бул бир жыл. Ал эми Жердин жандоочусу Ай Жерди 354 күндө бир жолу айланып чыгат, демек, Айсанак боюнча бул да бир жыл. Мына ушул нерсе так ажыратылышы зарыл.
5-таблица Айсанак
(Султаналы Борбодойдун варианты)
Ай катары (кыргызча) | Кыргызча айсанак | Эл аралык айнаама (Григориан календары) | Катары |
1-ай | Жалган куран | Февраль | 2-ай |
2-ай | Чын куран | Март | 3-ай |
3-ай | Бугу | Апрель | 4-ай |
4-ай | Кулжа | Май | 5-ай |
5-ай | Теке | Июнь | 6-ай |
6-ай | Баш оона | Июль | 7-ай |
7-ай | Аяк оона | Август | 8-ай |
8-ай | Тогуздун айы | Сентябрь | 9-ай |
9-ай | Жетинин айы | Октябрь | 10-ай |
10-ай | Бештин айы | Ноябрь | 11-ай |
11-ай | Үчтүн айы | Декабрь | 12-ай |
12-ай | Бирдин айы | Январь | 1-ай |
Жогорудагыдай тартип-ирет Султаналы Борбодойдун «Кыргыз календары» (Кытай Эл Республикасы, Артыш шаары, «Кызыл-Суу кыргыз басмас ы», 1990) деген эмгегинде берилет.
Ал эми айрым Айсанакчылардын жана аалымдардын классификациясы бир аз башкача.
6-таблица
Айсанак
(Жусуп Мамайдын варианты)
Ай катары (кыргызча) | Кыргызча айсанак | Эл аралык айнаама (Григориан календары) | Катары |
1-ай | Бирдин айы | Январь | 1-ай |
2-ай | Жалган куран | Февраль | 2-ай |
3-ай | Чын куран | Март | 3-ай |
4-ай | Бугу | Апрель | 4-ай |
5-ай | Кулжа | Май | 5-ай |
6-ай | Теке | Июнь | 6-ай |
7-ай | Баш оона | Июль | 7-ай |
8-ай | Аяк оона | Август | 8-ай |
9-ай | Тогуздун айы | Сентябрь | 9-ай |
10-ай | Жетинин айы | Октябрь | 10-ай |
11-ай | Бештин айы | Ноябрь | 11-ай |
12-ай | Үчтүн айы | Декабрь | 12-ай |
Мындай тартип-ирет Жусуп Мамайдын «Бабалардын жыл санагы» («Тил жана котормо» журналы, Үрүмчү. – 1994, №3. – 8–9-бб.) деген эмгегинде берилет. Жогорудагыдай мисалдарды келтирип М.Өмүрбай Жуңгонун Улуу-Чат ооданында жашаган Эмин Көчкөнбай уулу да ушул пикирде экендигин айтуу менен өз изилдөөлөрүн жыйынтыктап мындай позицияны карманат: «Кыргыз ай аттарынын ирет-тартибинин мыйзамы: кыргыз жөрөлгөлүү ай эсепчилигинде, баш ай жалган куран болуп, ал жаз айынын биринчи айы (нооруз айы) болгон; ал жаңыча милади ай санагынын 2-айына (февралга) беттешип келери анык болду. Ошондо, жөрөлгөлүү эсепчиликте, азыркы ай аттары менен мындай көздөштүрүп, тартипке тизилет:
Жалган куран – февраль
Чын куран – март
Бугу – апрель
Кулжа – май
Теке – июнь
Баш оона – июль
Аяк оона – август
Тогуздун айы – сентябрь
Жетинин айы – октябрь
Бештин айы – ноябрь Үчтүн айы – декабрь Бирдин айы – январь.
Демек, ал Белек Солтоноевдин («Кызыл кыргыз тарыхы» ), Султаналы Борбодойдун («Кыргыз календары» ), Касымбек Сейдакматовдун («Кыргыз элинин календардык түшүнүгү» ) пикирлерин колдойт. Ошол эле кезде Х.Карасаев, К.К.Юдахин, Ж.Мамай, К.Асанакун Айсанак жүргүзүүдө ай башын туура эмес баштаганын айтат, бирок азыркы доордун талабын эске алып жыл башын январга ылайыкташтырып алууга болорун да жокко чыгарбайт[14]. 7-таблица
Ай аттары, алардын салыштырма таблицасы (А.Темиркуловдун варианты)[15]
Ай аттары | Ай аттары (байыркы) | Узактыгы | Азыркы айлар менен салыштыруу |
Чын куран | Баш ай | 31 сутка | 17-мартта башталып, 16-апрелде аяктайт |
Бугу | Корук ай | 31 | 17-апрелде башталып, 17-майда аяктайт |
Кулжа | Күкүк ай | 31 | 18-майда башталып, 17-июнда аяктайт |
Теке | Чилде ай | 31 | 18-июнда башталып, 18-июлда аяктайт |
Баш оона | Сарыча ай | 31 | 19-июлда башталып, 18-августта аяктайт |
Аяк оона | Кыркүйөк ай | 31 | 19-августта башталып, 18-сентябрда аяктайт |
Тогуздун айы | Мизам ай | 30 | 19-сентябрда башталып, 18-октябрда аяктайт |
Жетинин айы | Карача ай | 30 | 19-октябрда башталып, 17-ноябрда аяктайт |
Бештин айы | Казан ай | 30 | 18-ноябрда башталып, 17-декабрда аяктайт |
Үчтүн айы | Канжар ай | 30 | 18-декабрда башталып, 16-январда аяктайт |
Бирдин айы | Акпаң ай | 30 | 17-январда башталып, 15-февралда аяктайт |
Жалган куран | Чил айы | 29-30 сутка | 16-февралдан башталып, 16-мартта аяктайт |
Ошол эле жерде изилдөөчү 17-марттан 4-апрель 5 тогоолдун болушун, 15-апрель Күкүк чакырык экенин, жайкы чилденин чак ортосу 3-август Каңтар делерин, жай чилдесинин түшүшү 12-июль болорун, жайдагы маалдар Чымыран, Буулан-дуулан, Толгон (Мыйзам), Саратан, Сайроон деп аталарын, Теке айында Үркөрдүн чыгышы, жайда Каркыранын, Кыргыектин өтүшү болорун жазат. Анын дагы белгилөөсү боюнча күз мезгилинде Кыш кыроосу, Бугунун ооз чайкары, Үшүк деген мезгилдер болот. Кыш чилдеси 12-январда башталып, 21-февралда аяктайт.
Бул изилдөөчү элдик эсепчиликти бир топ мыкты өздөштүргөн сыяктанат, айларды, маалдарды кыйла эле тактап, азыркы айлар менен салыштырып, деталдаштырып берет. Бирок негиздөөлөрүнүн тактыгы дале болсо толук ишендире бербейт.
Маселе келип чыгат: эмне үчүн ай ирети ушундайча тизилип калды?
Ага да М.Өмүрбай жогорудагы эмгегинде жооп издеген:
Биринчи принцип: жазды жылдын башы катары кармануу.
Экинчи принцип: кайберендердин туутундагы кайсыл кайберен эрте тууса аны алдыга тизүү, ал сан менен аталган айларды он сандын ичиндеги так сандарды чоңунан кичинесине карай тизүү.
Үчүнчү принцип: тогоолдун белгилерин чоң-кичине санына карай тизүү принциби[16].
Эмне үчүн ай аттары бирдиктүү эмес, же баары жаныбарлардын аттары менен (жыл аттарындай), же баары сандар менен (Бирдин айы, Үчтүн айы…), же «ооналар» (Баш оона, Аяк оона) менен аталган эмес? Бул да табышмактуу суроо. Аны ар ким ар түрдүү чечмелеп келет.
РЫСКУЛ ЖОЛДОШОВ
[1] Байбосунов А. Барпынын чыгармачылыгындагы космогониялык ой жүгүртүүлөр // Кыргызстан маданияты. – 1978. – 18-январь.
[2] Даутов К. Албан кырдуу, алп акындын дїйнөсї. – Б.: «Басматамга», 2003. – 144–146-бб.
[3] Казакбаев М.Ы. Астроном жана касиеттїї Манаке. – Б.: 1996. – 70-б.
[4] Калыбеков А. Кыргыз жылсанагынын илимий негиздери. – Б.: 2016. – 41-б.; Калыбеков А. Султанаалы казынын обсерваториясы // Кыргыз руху. 7–13-октябрь.
[5] Өмїрбай М. Кыргыз ай эсепчилиги // Ала-Тоо. – 2015. – №3, март. – 143–144-бб.
[6] Калыбеков А. Чыгыш күн жылсанагы // http://www.university.kg/index.
[7] Жумаев Т. «Үркөр» жылдызын же «тоголду» жакшы билүү керек // Тарыхый мурас, 2010. – 15-янв.
[8] Жумаев Т. Кыргыз элинин «Ай-Күн» календары. 2-бас. – Б.: Кутбер, 2014. – 15–22-бб.
[9] Калыбеков А. Кыргыз жылсанагынын илимий негиздери. – Б.:
[10] . – 8-б.
[11] Байтур А. Кыргыз тарыхы. – Б.: Бийиктик, 2003. – 156-б.
[12] Оморов А. Ата-бабалардын жыл санагы // Китепте: Ата-бабалар табериги: Кыргыздын адеп-ахлак, салт-санаа, үрп-адат жана жөрөлгөлөр жыйнагы. Түз.: М.Каримов. – Б.: Бийиктик, 2011. – 576-б.
[13] Жумаев Т. Кыргыз элинин «Ай-Күн» календары. 2-бас. – Б.:Кутбер, 2014. – 6-б.
[14] Өмүрбай М. Кыргыз ай эсепчилиги // Ала-Тоо. – 2015. – №3, март. – 152-б.
[15] Темиркулов А. Кыргыз календары. – Б.: Улуу Тоолор, 2014. – 13–14-бб. (Таблицага биз келтирдик)
[16] Өмүрбай М. Кыргыз ай эсепчилиги // Ала-Тоо. – 2015. – №3, март. – 152-б.
КЫРГЫЗ ЭЛИНИН САЛТТУУ ЖЫЛ САНАГЫ
Кыргыз эли байыртадан эле, мезгил убактысын дыкат эсептеп, аны күнүмдүк турмушунда жана чарба жумуштарына кеңири пайдаланган. Кыргыздар бүгүнкү күнү пайдаланышкан европалык «григориан» календарына, т. а. ХХ кылымдын башына чейин, өзүлөрүнүн он эки жылдык циклдан турган, жаныбарлардын аттары менен аталган салтуу календарын колдонуп келишкен. Бул календарь боюнча, 1ден баштап 12ге чейинки ар бир жылга ар түрдүү жаныбарлардын аттары коюлуп эсептелинген. Бир жыл он эки айга бөлүнүп, алар дагы түрдүү жаныбарлардын аттары менен аталган. Ар бир ай отуз күндөн туруп, төрт жумага (апта) бөлүнгөн. Бир жума жети күндөн түзүлүп, ар бир күндүн өз аталыштары болгон. Кыргыздар ар бир он эки жыл аяктагандан кийин, жаңы циклдин башталган жылды мүчөл (бир цикл) деп белгилешип, жыл саноону кайра башынан баштаган.
Кыргыз элинин салттуу календарынын башаты орто кылымдардан бери эле белгилүү болуп, ал Борбор Азияны мекендеген түрк жана монгол тилдүү көчмөн элдердин жыл сүрүү салттары менен байланышат. Ошондуктан бул календардын түпкү теги, жаралышы Борбор Азиялык көчмөн элдерге таандык болгондуктан, аны көчмөн календары деп да атап коюшат. Орто кылымдарда бул календарь көчмөндөрдөн көптөгөн кошуна элдерге, алардын арасында кытай калкына да тараган. Ал эми кытайлардан жапон, корей ж.б. түштүк-чыгыш элдерине тарап, алардан европалыктарга өткөн. Бүгүнкү мезгилде дүйнө элдери көчмөн календарын «Чыгыш календары» же «кытай, жапон» ж.б. календары деген ат менен билишет.
Тарых булактарына «Чыгыш календарынын» эң алгачкы жазылышы VII-VIII кылымдарга таандык болуп, ал орто кылымдардагы кыргыздардан жазылып алынган. Ушул мезгилдеги кытайлардын «Тан шу» (Тан династия-сынын тарыхы) чыгармасында кытай өкүлдөрү енисейлик кыргыздарга келишип, алардын жашоо турмушу жөнүндө эскерген баяндамаларында, кыргыздардын жыл сүрүү салтын дагы өзгөчө белгилешкен. Мисалы тарых булагында мындай деп айтылат: «Кыргыздар жыл айларын «ай» деп аташат. Жылдын биринчи айын «Маоши ай» (башы ай, ай башы-? Р.Ж.) дешет. Үч ай бириккен жылдын чейреги, төрт мезгилди түзөт.Жылдар болсо он эки белги менен эсептелет: мисалы, биздин(кытайлардын) ИНЬ жылы «барс» жылы деп аталат.» Ошол эле замандардагы Орхон-Енисей аймагындагы көрүстөндөргө коюлган таштардагы жазмаларда да, ушул календардын айрым жыл аттары жазылган. Булардан көрүнүп тургандай, кыргыз элинин салттуу жыл сүрүү календары байыртадан эле калыптанып, эл тарабынан колдонулуп келгендигин билебиз. Ошону менен бирге, көрсөтүлөн фактылардан бул календарь жаралыш теги боюнча байыркы кыргыздарга да тиешелүү экендиги байкалат.
Кыргыз элдик календарындагы жыл аттары төмөндөгүдөй болуп аталган: 1-Чычкан, 2-Уй, 3-Барс, 4-Коён, 5-Улуу, 6-Жылан, 7-Жылкы, 8-Кой, 9-Мечин, 10-Тоок, 11-Ит, 12-Доңуз. Жылдын башы «чычкан» жылы болуп эсептелинип, ар бир он эки жыл аяктагандан кийин, жаңы циклдын биринчи жылы мүчөл жыл болгон. Кыргыздардын түшүнүгүндө жылдын башы болгон мүчөл жыл кандай болуп өтсө, ошол циклдагы он эки жыл да ошол сыяктуу өтөт деген пикир калыптанган. Ушуга байланыштуу элдик каада-салтта мүчөл жылдарды аркандай ырым-жырымдар менен белгилеп, жакшылыктарды тилеп тосуп алуу салты келип чыккан. Адамдардын жашын эсептөөдө биринчи мүчөл 13 (он үч) жаштан башталат. Себеби, туулган бала өзү туулган жылы эле бирге чыкпайт, а кийинки жылы гана бирге толот (жыл эсептөөдө «ноль» саны колдонулбагандыгы үчүн). Ошондуктан адам өзү кайсыл жылы төрөлсө, дал ошол жылы он экиге чыгат. Ал эми жаңы цикл 13(он үч) жаштан башталат. Андан кийин он эки жыл кошулуп эсептелине берет. Мисалы, 13 жаш 1-мүчөл, 25 жаш 2-, 37 жаш 3-, 49 жаш 4-, 61 жаш 5-, 73 жаш 6-, 85 жаш 7-, 97 жаш 8- мүчөлдөр болот. Көрүнүп тургандай адамдын мүчө жашы ар дайым так сандарга туура келет. Кийинки мезгилде элдик календардын унутула баштагандыгына байланыштуу, көпчүлүк адамдарда киши кайсыл жылы туулса ошол жылы мүчөл жылы болот деген туура эмес түшүнүктөр үстөмдүк кыла баштады. Маселен, «чычкан» жылы туулган адамдын мүчөлү «чычкан» жылы, «жылкы» жылы туулган кишиники «жылкы» жылы деген сыяктуу туура эмес көз караштар маалымат басылмаларында байма-бай кездешет. Адамдын мүчөл жашы өзү туулган жылда эмес, андан кийинки жылы болот. Мисалы, «чычкан» жылы туулса мүчөлү «уй» жылы, ал эми «жылкы» туулса мүчөл «кой» жылына туура келет. Анткени жогоруда айтылгандай, адам өзү туулган жылы он экиге чыгып, жаңы цикл кийинки он үч жаштагы жылдан башталат. Салттуу кыргыз элдик календарда бул эсептөөлөр өтө бекем көрсөтүлөт. Элдик ырымдарда адам туулган жыл ошол кишинин он эки жыл (бир цикл) жашаган жашынын жыйынтыктоочу жылы катары майрамдалган (мисалы, «кой» жылы туулган адам үчүн «кой» жылы жыйынтыктоочу жыл болот). Ал эми мүчөл жыл андан кийинки жылга туура келип, адамдар келе турган он эки жыл жакшылыктарды алып келсин деп тилешкен жана ошого жараша ырымдарды жасашкан( мисалы, «кой» жылы туулган адам «мечин» жылында мүчөл жаш ырымдарын өткөрүшөт). Кыргыздарда туулган күндү белгилөө салты жок болгондуктан, мүчөл чыгаруу ырымы боюнча бир жылда туулган адамдардын бардыгы мүчөл жылдын башында б.а. кыргызча жыл жаңырганда (көбүнчө февраль айына туш келет) мүчөл ырымдарын жасашкан.
Жыл ичиндеги айлар он экиге бөлүнүп, алар төмөнкүчө аталат:
1) Жалган куран, 2) Чын куран, 3) Бугу, 4) Кулжа, 5) Теке, 6) Баш оона, 7) Аяк оона, 8) Тогуздун айы, 9) Жетинин айы, 10) Бештин айы, 11) Үчтүн айы, 12) Бирдин айы. Булардагы жети айдын аталышы кайберен-кийик жаныбарлардын эркектеринин аталыштарына байланышат. Ал эми акыркы бешөө катар сандар менен белгиленип, алар ай менен үркөр жылдыздарынын тогошушуна карата аталган. Кыргыз айларын эсептөө айдын чыгышына карата саналгандыгына байланыштуу ар бир айда 30 күн болот. Ошол себептен күн календарындагы айларга салыштырганда кыргызча айлар жылына 8-10 күнгө жылышып артта калат. Кыргыздарга окшоп ай календары менен эсеп кылган араб элдеринде арабча айлар жыл өткөн боюнча тегеренип жылыша берет. Ал эми кыргыздар алардан айырмаланып, бир жылда артта калган он күн үч жылда отуз күн болуп, бир айды түзөрүн эске алышып, ар бир үч жылда он эки айга он үчүнчү «арсар ай» деген айды кошуп эсептегендиктен кыргыз айлары мезгилдик алкактан чыккан эмес.
Кыргызча жылдын башы же жаңы жыл жалган курандан башталат. Азыркы мезгилде кыргызча ай саноо колдонулбай калгандыгына байланыштуу, ошондой эле ай календары менен бүгүнкү пайдаланган күн календарынын ортосундагы айырмачылыктардан улам, кыргыз ай аттары менен григориан айларын атоодо көптөгөн катачылыктар кетүүдө. Мындай каталар кыргызча жаңы жыл жалган куран айынан башталат деген маалымат менен, 21-мартта белгиленүүчү «нооруз» майрамынын айкалышынан улам жаралып, бүгүнкү күндөгү көпчүлүк басылмаларда март айы кыргызча жалган куран айы деп берилүүдө. Чындыгында 21-марттагы «нооруз» жаңы жылы кыргыз элдик календары менен эч кандай байланышы жок. «Нооруз» майрамы кыргыз элине жакынкы чыгыш т.а. иран элдеринен келген жана элдик майрам катары майрамдалып калган. Ал эми кыргызча жыл сүрүү салты байыртадан бери калыптанып келгендиктен, жалган куран айындагы жыл жаңыруу «ноорузга» эч качан дал келбейт. Кыргызча жаңы жыл жалган куран айы жаңырган биринчи күнгө же «ай башына» туура келет. Бул айдын жаңырышы көпчүлүк мезгилде, азыркы февраль айына тушташат жана айдын жаңырышына байланыштуу он-он беш күнгө жылышат. Кыргыз календарын азыркы календарга салыштырып оодаруу боюнча XIX кылымдын экинчи жарымында XX кылымдын башында жашап өткөн Тоголок Молдо, Белек Солтоноев, Ыбрайым Абдырахманов, Муса Байгаринов сыяктуу көптөгөн фольклор билермандары жалган куран айын азыркы февраль айы менен дал келтиришет. Мезгилдик убакыт алкагынан алганда да кыргыз элдик календарында жыл башы болгон жалган куран айы «григориан» календарындагы февравль айына жакындашат (февралдын ичи жана марттын башындагы күндөрдөгү жаңырган ай). Эл ичинде «жалган куранда жалама айран ичилет» деген сөздүн мааниси, кыштын аягында эрте туулган малдын сүтүн пайдалана баштаган мезгилди көрсөтөт. Ал эми жалган курандан кийинки «чын куранда» чыңыртып кулун байланат»дегени, бээнин тууту жаздын башы марттан башталгандыгын кабарлайт. Ошондой эле «бештин айында белдик чечилет» деген сөздө, кой кууту күздүн аягында баштала тургандыгы жөнүндө кеп болуп жатат. Көчмөн кыргыздар кой тууту ызгаардуу кышта эмес, жазында өткөрүш үчүн кочкорлорго белдик тартып коюшкан. Октябрдын аягы, ноябрдын (бештин айы) башында белдикти чечип, куутту башташкан. Койлор апрель, май айларында төлдөшкөн. Эгерде жалган куранды март айы деп эсептей турган болсок, анда койлор жайында төлдөшмөк. Демек, бул фактылар кыргыз жыл эсебинде жыл башы жалган куран айы кыштын аягы февраль айына туура келе тургандыгын көрсөтөт. Кыргызча ай аттары менен «григориан» айларын атай турган болсок анда мындай болот: жалган куран- февраль, чын куранмарт, бугу-апрель, кулжа-май, теке- июнь, баш оона- июль, аяк оона- август, тогуздун айы-сентябрь, жетинин айы- октя-брь, үчтүн айы- декабрь, бирдин айы- январь.
Ар бир ай төрт жумадан турган. Жуманы апта деп да аташкан. Бир жума жети күндөн болуп, ар бир күн төмөнкүчө аталат:
1-күн-дүйшөмбү, 2-күн- шейшемби, 3-күн- шаршемби, 4-күн- бейшемби,
5-күн- жума, 6-күн- ишемби, 7-күн- жекшемби. Жума күндөрүнүн аталышы кыргыздарга иран-перси элдеринен кирген.
Кыргыздардын салттуу жыл санагында жылдын кайсыл мезгилинде кандай аба ырайы болуп, кандай табияттын кубулуштары боло тургандыгы жөнүндө бай маалыматтар камтылган. Алардын көпчүлүгү асмандагы жылдыздарга карап, ошондой эле айдын жаңырышына жана ай менен үркөр топ жылдыздарынын тогошуна карата божомолдонулат. Кыргыздардын элдик календары. –ы бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготпой эл ичинде колдонулуп келет.