Убакыт
Убакыттан күтпө көмөк, мамиле
Узаганы узаган ирмем сайын.
Жетпей калдың жаштык, өткүр демиңе,
Жыргамайбы, жалооруубу, шул жайың.
Өмүр сага жаз да болду, күз болду.
Өмүр ысык жай тартуулап, кыш келди.
Журт сүрөгөн жолуң адеп түз болду,
Жасап келдиң нар көтөргүс иштерди.
Ата болдуң бүлөң менен журтуңа,
Ак эмгектин татып нак бал-даамын,
Калганың жок орто жолдо умсуна
Кадырыңды көкөлөтүп балдарың.
Эми минтип сыйды көр да, төрдө бол
Эл сураган ак батаңды жаадырып.
Канткен менен сыноосу мол өрдө жол –
Күйпөктөбө, майдаларча таарынып.
Бул курбалым, өткөндөр тарых болгон,
Бердик. Алдык – убакыт марттыгынан.
Бешенеге түзөтпөй жазып койгон
Бир чымчымдап шорунан, шаттыгынан…
Кел, эс ообой мен сунган чайга кара,
Кылым көчүн көтөрүп, жүзүң жарык.
Убакыттан уткандай турсуң жана –
Ушул бакыт – жашоонун балын татып!… ( 07. 06. 2020 )
Түш экен
Токтолгондон, баш да иштеп үнөмдүү,
Тирүүлүктө көп айтылып жакшы кеп.
Койгон кадам эч туюлбайт, күмөндүү –
Катын-калач кужулдашпайт, башты жеп.
Оо, оболку дардаң чактан из калбай
Опурулуу, чаң ызгытуу жоголгон.
Бир карасаң бүтпөгөн эч иш калбай,
Баарысы тур. Сый-ургаалга оролгон.
Кол чабуулар, дүркүрөгөн, бүтпөгөн
Көлкүп, балкып ээригендей бүт денем,
Көл-шал тердеп, ич кийим суу. Ойгонсом –
Көкөлөтүп салыптыр ой, түш деген!…
( 07. 06. 2020 )
Аскаралы ага
Калемдешим Аскаралы Ражабалиевди урматтап
«Гумжардамын…» эч кимден аябаган
Гапаровдук мектептин мүдүрүндөй.
Мээриминде өксүктөр… саялаган –
Миң сыноону жеңгендей, мүдүрүлбөй.
Ушак-айың ааламын тээп салган.
Умтулуусу туптунук, дүйнө кезмей,
Толкун өпкөн Зар-Таштай* жээк калган
Терметкени сансыз ой, чулу сөздөй!
Дили таза, тарбия-теги терең.
Деңиз-мухит өңдөнүп дымып турган.
Ар бир ирмем майдандай жеткис ченем
Аруулуктан алдыга жылып турган.
Майнабы мол күндүздү күндүз күтүп,
Машакаттуу түн жиреп, майышпаган.
Жашоо-турмуш. Миң түйшүк, ага түтүп
Жан-сезимдин төрүн түз арыштаган.
Жулунгандар азыр мол – уят калып,
Жигериңди эзчүүдөй ууга чылап:
Топту жарган саяпкер сыяктанып –
Төгөрөккө нур чачкан өчпөс чырак
Экендигин сезсе да Гапаровдой *
Эңилбеген Чындыктай чокту кармап,
Аскар агам тандоосу – таза жолдор –
Ата Журтка койгон бүт, өзүн арнап!
( 20. 06. 2020. Кулунду айылы )
* – Зар-Таш – Зардалы-Сох суусунун боюндагы акындын туулган айылы.
* – Кеп, кыргыздын кеменгер, өзгөчө назик-чебер жазуучусу, баарыбыздын устатыбыз Мурза Гапаров туурасында болууда.
Күн жолунда
Издер калды мөөр сындуу, кум басып,
Идиректүү, көзгө толбой айрымда.
Чиймеледим күн бүталбай, түндү ашып,
Чөгүп кетмей, көп туюлуп кайруумда.
Мындай чакта, көп окудум китебин,
Мага чындап устат болгон лөктөрдүн.
Кызыл жүрүп, андай чакта суз өңүм –
Күтүлбөгөн ой түрмөгүн бөктөрдүм.
Ошондонбу, таң да атпай зарыккам
Окучуудай курдаштарга жаңы ырдан.
Жыргал коштоп Күн жолунда карыккам
Жанчылсам да туюк-күтүү, жабырдан…
Оо, мындайда жалгыз үмүт – жакшы сөз
Оштугумдан угам делген нур тилек.
Оодарылып түн кеталбай туру сез –
Оомат коштоп, апкелчүдөй нур шилеп!…
Ана, мага кол созгондой аткан таң:
«Акыным!..» – дейт эң биринчи бет маңдай.
Алакан чаап, кадимкидей сансыз шам –
Аруу жолдон баштап бара жаткандай!
Күн жолунда, Күн жүрүштү улуулап,
Кудуреттүү чыңалуудан наар алгам:
Ыр ааламы – ырдап бүткүс сүйкүм бак –
Ырыстуу бир пендесине жаралган…
Үмүт улуу…
Эзелтеден элдин бузуп эсебин
Эзе келген сыяктанат акча, мүлк.
Ишенимдүү турган менен кечээ күн –
Илең-салаң согот жүрөк пака-пүк…
Үмүтсүздүк ой-сезимди жанчкандай
Үшкүрүүм… ышкыруудан өчкөндөй.
Миллиондордон ырыс-мээрим качкандай
Магнаттарга дүйнө тегиз көчкөндөй.
Көздөн учкан көк жээктер дарексиз.
Калак бошоң, суу жирешке кубат жок.
Пайдасы жок буюмдайбыз керексиз –
Паравоздой күч кайнаган курак жок.
Момун калкым, көнгөн мөгдөш жол менен,
Мокогондой курч учуру, таймашы.
Айланып шул кете берет жол деген –
Акыл-эстен алдырба, түк, айла шу?!
Үмүт – улуу тирек, үл-бүл жанган от
Үзүл-кесил жанды, жанды узактан.
Келе жаткан мол-береке жыл болот –
Калк көксөөсүн нак куткарар тузактан!..
Жашасын сүйүү…
Ачуу сезим алып коюп акылды
Ата-бала кагылышкан кез уят.
Муң коштогон мартабалуу батымдуу –
Мунун түбүн жүрөк-дилден тез туят.
Ал да бир чак капаланган, кайнаган,
Алы келбей шайтан жолун бууганга.
Арсыздардын сүрөөнүндө жайнаган
Айнып акыл, кол көтөрүп тууганга…
Күч ташкандай, туйбай өмүр өчөрүн
Кандашынын кайгысынан эр болгон,
Бир туугандык – айкөл сезим кечээрин –
Башын муштайт… бир ирмемге шер болгон.
Жалгыз гана жашоо турса аманат
Жанды жанчар, кара туман жоголсун.
Сүйүү жашап ата-бала, ДОС-жарда –
Салабат сөз, сабыр дилге оролсун!
Алтын коргон
Ысык менен сууктун уюлунда
Ыйык бакыт – бөбөгү мамак соргон.
Асыл-заадам Энем дейм туюмумда –
Адамзатка түбөлүк алтын коргон!
Жалгаштырган муунга муундарды
Жан түгөйдүн жигердүү коштоосунда.
Чүрпөсүнө сездирген уят-арды
Чын, таптаза дил-жүрөк аштоосунда.
Миң азапка макулдай перзент үчүн
Мертинерге туш келип турса деле.
Берет түптүз акыркы демдей күчүн –
Боор этинин бактысына курсант ЭНЕ!
Алыстанбы жакындан жагым кабар
Айлап-жылдап күттүргөн үмүтүндөй.
Бактылуулук оттору дайым жанар –
Бөбөк-тайдын борсулап күлүшүндөй.
Бейиш, бакыт Энелер таман алды –
Бул башталуу Жер менен чогуу бүткөн.
Абайлап күт – Энеңдей заманаңды –
Абийириңдей эн белги – чыдап, түткөн!?.
Мендик чөөгүн
Өз дартымды сактап, катып ичимде
Өбөк тартар төрт-беш саптай ыр калат.
Ойдогум бул, бөтөн көчтөн ишим не
Озгон болуп дуулдашса бир тарап.
Курак жетти, кезек жетти дебестен,
Көрбөй, укпай жашагандай сезилем.
Байкоо салсам мага жоктой теңешкен
Болбогонго тартам ыза, эзилем.
Жалгыздыкты, коколой баш жеңишти
Жамаса да жабыштырбай каккым бар.
Сөгүнбөстөн, сыйым менен жол үстү-
Сай-өзөндө буркан-шаркан аккым бар!
Мунун деми – отум өчпөй турганы.
Мендик чөөгүн кайнаганы кайнаган.
Чакырыктай, өйдө-ылдый буулануу –
Черди жазар мүрөк сууга айланам!…
Ыйман сүрөп
Корком андан – намыс да, уят калбай
Колдогондой кош колдоп, күлгөн болуп,
Куйрук кыскан машкелер сыяктанып
Көч соңунда түк турбайм, үргөн болуп.
Кез келбегем кер какшыкка, мушташка
Кадыр эс жашоо-тирдик, күрөштө.
Болбоду шак көө сүртмөй, ыш таштоо –
Бирөөлөр чын мокотчудай бүлөшсө…
Ийин кыса, четегенден алысмын.
Иш, турмушта калтырбадык ала так:
Ыгын билем жеңер жолдун, намыстын
Ыйман сүрөп, дал ошондон жашоом шат!!!
(08. 06. 2020)
Устат
Чыгармачылыкта, радио-теле ишинде дем берген Бедел Молдобаев агама.
Түздүгү – мылтыктай, сүмбөдөй,
Тууралык, тазалык – туткасы.
Жупуну жашоосу – гүлдөй эй,
Жазмакер жаштардын устаты.
Токсонду тиреп тур, өмүр-жаш,
Тамеки колунда, чок чачкан.
Кыялкеч, ыр жазып, дале жаш
Кубаттуу сакалын ак баскан.
Келбети, кыймылы жайында
Кеп келсе, тууганын мат кылып.
Күрдөөл-береке айылда
Калемдеш агабыз шат, тунук!
Коркосуң талдаштан, жөндөштөн
Көрүнсөң ич дүйнөң аяндай.
Кодогой, мискин деп бөлбөстөн
Кол жаят, батасын аянбай.
Аруу дил, самоосу – нур кандай
Аздектеп ар таңда кут жашын.
Жүз жашты мөлжөлдөп тургандай –
Жайдары, ток пейил устатым.
Алыс сапар
Ыраак сапар. Башталар жер – өз үйүм,
Ырлар табар, ырыс табар, ДОС табар.
Кээ күндөрдөн жүдөө тарта чүнчүйүм,
Кээ бир чакта күч күткөндөй таң калар.
Ырас курак – бүгүн өйдө, башкараак
Ырым коштоп ар бир таңым башталат.
Тилегеним элге тынчтык, амандык –
Туура жолдо тунук ойлор каш кагат!
Боло келген, болгон далай бөгөттөр
Бакыт жолун бапестеген калкымда.
Адил бийлеп берет делген өңгөчтөр –
Айрым кезде жол беришип алкымга…
Аны-муну көрүп турган нарктуу журт
Ала-Тоодой сабыр, салмак сактады.
Аруу үмүт нак силерде, эсте тут –
Алыс сапар… учур чактын жаштары!
Сыракана
( Чын-азили аралаш )
Ачыткыдай, самагансып ыр аны
Аео билбей, сүйүп согом сыраны.
Эсептешүү түк насыя жүрбөстөн,
Эч бир күнү болгон да жок сурануу…
Бош чөйчөктөр тизилишип, чуркаган
Бармен менен биз олтурган тарапка.
Жай-саратан – кыркка жетип турганда
Жан сергитүү бул айныгыс адат да.
Жаңы тааныш, улам-улам көбөйүп
Жыргашкандар үстөл… ташка жөлөнүп,
Бабыраган, жамыраган бир аалам
Бүгүнкүнүн жыргалына бөлөнүп.
Унутулуп тумоо, сыркоо, дарт дагы:
Ушак, чындык чырмалышып калгандай.
Жашоо, түйшүк, туман ойлор баштагы
Житкен сындуу, сыракана – майрам жай.
Шул тургандар тыйыны мол эркектер,
Шугулданып, черин жазар бир тилке.
Шумдугуң кур, бармендер зор замана –
Шаттуу жашоо сыноодобу, бир силке? Ыя-яя…
( 15. 07. 2020 )
* * *
Ичтим кээде, күйүп-түтөп тургандай,
Назик жанды чындап Кудай ургандай.
Бир туйганым – өз үйүмдө таң тосуп.
Баш бырышкан, таш мыйрыйткан кумгандай.
Кыжаалаттык кыйнап көпкө жөн койбой,
Кээде муздап, жай чилдеде тоңгондой:
Кайда жүрдүк, кимдер менен?.. миң суроо
кыйнап туру суу жыгачты жонгондой…
Тереңдик сиңген тунуктук…
…Күтүлбөгөн бороон уруп, көкүрөк
Кайгы-кабар илебинен чыркырап.
«Асыл агай—Бекназаров өттү…» –деп,
Айдарым жел кошо ыйлашып, буркурап… – улуу Жараткан мүлдө ааламдагы адамзат-пенделерине сыноо салган, “Таажы тумоолуу…”, миң сыноолуу күндөрдө байыркы Ош шаарына, чыныгы педагог-агартуучу, жан күйөр адабиятчы, тээ өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан тарта жүздөгөн, миңдеген кесип ээлеринин тунук дилдүү, көсөм-көрөгөч устатына айланган Акжол Бекназаров агайыбыздын окуучуларына, анын кадыр-наркын жогору баалай жүргөн тааныш-билиштерге да суук кабардын шыбыры шыр жетип турган чак.
Мындай азалуу кабар учурунда асыл, аруу тилек агайыбыздын, устатыбыздын рухуна арналган сөз тизмектеринин түрмөгү такыр түгөнгүстөй… Жакшы-жакшы ой тилектерибиз бар эле…Ардактуу агайыбыз өзүнүн 80 жылдык мааракесине мырзалык менен, көп сыноолордун, жоготуулардын коштоосунда даярдык көрүп жаткандай болду эле… Өзү кулпурган өрөөнгө айландырышкандардын сыймыктуу сабында турган Кулунду өрөөнүнүн кермет тарыхы туурасында жазма-баяндарына камылга көрүп жаткан… Өз замандаштары, окуучулары, Лейлек жергесинин даңазалуу уул-кыздары, өмүрү өрнөк инсандары туурасында агартуучулук асыл калеми менен портреттерди, айкелдерди жаратсам деп жүргөн… Анан, эле үй-тиричиликтин, эл-журттун түгөнбөгөн, аягы жок түмөн түйшүгүнө аксакалдар тобунда аралаша жүрүү… Акыл-насаатын сыпайгерчилик менен айтып, күч-кубат берер, демдин тунук булак-башатандай болуучу АКЖОЛ агайыбыз… Билими да, аалам таанусу да өзгөчө терең, өзгөчө тунук… эң башкысы жоомарт, айкөл агартуу майданынын дулдулу болучу…
Шыңга бой, шайыр жылмаюусу ар убак коштогон когуроо үнү, адеп-ахлактын бийик сересинде жүргөндөй майин-мырзалыгы… Мындан ары агайыбыз Акжол БЕКНАЗАРОВду нуска-аңызга айлантып айтып, айтып, кайра-кайра жазып, жазып жүрөрдөн башка айлабыз калбагандай, асманыбыз түнөрүп, каңырык түтөп турган чак… Улуу Жараткан агайыбыздын акыретин берсин, жайы жаннатта болсун! «Кош…» дегенге көңүл чапай турган менен, тунжурап башты ийген бойдон, Акжол Бекназаров агайыбыздын асыл элесинин алдында кайра-кайра кайталап баш ийгенибиз ийген… Руху, нускасы окуучуларын коштоп, алар барда ар дайым жашай берет!!!
Ош шаары, август, 2020-жыл.
Ой
Бөтөндөргө таарынбай да теңелбей
Бүт күчүмдү жумшап ишке, намыска.
Эң топуктуу жашоо кечкен пендедей
Эл калыс деп, чыккам өмүр-жарышка.
Ата-энеден, тектен улуу тарбия:
Аруу жолдо билим берди, күч берди.
Шарактаган күлгүн чактар болду да
Шам жаккандай… күттүк далай иштерди.
Доомат жоктон, жагым ырдай ыроолош,
Дем бергендей жаркын маанай жаралып,
Куракта шул, кол кармашкан пенде-дос
Коломтомдон турса болду тап алып.
( 20-23-июль, 2020 )
Үлгү агай
Акылгөй, чебер калемгер, кеңешчим Касым Сулаймановго
Үрүл-бүрүл жаңы келчү таң менен
Үн жаңырат, мээрим толгон шаң менен,
Дароо тааныйым – Касым агай Созоктон—
Дил толкуткан ар бир сөзү бал белем!?
Үзүр таап эмгегинен, калемден
Үлгү болуп улуу менен кичүүгө.
Таазим эте башты ийип келем мен—
Тектүү инсан – кутман чайын ичүүдө.
Андан билим, андан таалим алгандар
Ала-Тоомдо эң бактылуу, зор жандар.
Жаштык чакта жолукпадык неге дер –
Жан тынчытпас менде суроо, арман бар;
Шүгүр айта бул күндөргө табышкан,
Шыбыры жок, кыйкырам мен алыстан:
– Ширөөсүнөн алган кымбат Касыкем,
Шыдыр жолду көктөй турган намыстан!
Азамат бол
Сүйрөлүп артта калып калганды
Сиңиралбайм сезимиме түк, такыр.
Аруу дилге үйгөнчөктү арманды
Андан өйдө болуп калуум, күл ташыр.
Куйрук кыскан байкуштарды көргөндө
Каным кайнап, өксүп, кейип кетемин.
Жанын аяп, жалбаруу тең өлгөнгө,
Жашоо-өмүр чыгаргандай эсебин.
Көрбөсөң да кан жайнаткан ок түсүн,
Кереметин коргоп жаша жериңдин.
Ата Журтка тартуу кылган бүт күчүн
Азаматы бол уланым, элиңдин!?
( 25. 07. 2020 )
Ак бата
Зарыл чакта карышкырча капшырып
Зыянкечтей жүзү жокту качырдым.
Тарп аңдыган жору болбой башты уруп,
Таң жүрүшүн аруу тостум… атырдым!
Түндүр-күндүр митайымдар жойлосо
Түптүү журттун тонош үчүн байлыгын,
Кудайсыздар туш келгенди мойсосо
Кенен-кесир мага жетет айлыгым.
Кошсом кошом эл мүлкүнө барымды,
Керек дешсе мүшкүл түшкөн чактарда.
Сезем-туям, кудуретим-алымды
Сыноолорду беттеп күрөш баштарда.
Анда дагы кубат берген журт, Мекен
Ар-намысты тутандырып, жандырган.
Ак Батадай улуу сүрөөн бар бекен
Акак дилди ширеп, күчкө кандырган!?
Ушулардын үмүтү да, деми да
Узак жолдо колдойт медер сыяктуу.
Бир ажатка жарайт дешет эми да
Балдар ушул бой тартышса, уяттуу.
Колдор жиреп бош абаны заматта
Күт да, күтпө алакандар жайылат.
Көөнө калкым кадыр күткөн адатта—
Көз алдыңдан чууруп өтөт бары нак!
Билгин, туйгун, уялаткын сезимге:
Бүткүл аалам Ак Батадан көгөргөн.
Жеңиш коштойт алсыраган кезиңде
Журт демине, батасына жөлөнгөн…
Этияттап элдин баркын, нускасын
Эртеңкинин келер таңын утурла.
Жаратылыш өтө чебер, уста чын:
Жашоо үлгү, батасы кут, ушунда!
(25. 07. 2020)
Сыймыктай тур
Ачылалек, кулпулуу дүйнө чындап,
Анда сансыз табышмак, суроолор тур.
Аңдоо салсаң мезгилге токтоо, кылдат
Аз-аздан сага дагы төгүлөр нур.
Ката кетет, адашуу мындан арбын
Көксөгөнгө жеткирер сапарыңда.
Кичинеге кубанба, шылдың дарбуу
Кеменгер ДОС турсун бек сапарында.
Айтканын ук, талдап көр сезимиңде,
Алганын ал, калганы коруң болсун.
Колтук ачпай арсарлык, эзилүүгө
Көөдөн-дилге маңыздуу максат толсун.
Дал ушунда кеч баарын тилек үчүн,
Далай азап, сыноону кечкен заттай.
Сизиф бол, сен багынтып үрөп күчүң—
Сыймыктай тур журтуңда, сүрөөн батпай!
(26. 07. 2020 )
Улуу муундан өтүнүү
Үлгү сымак, үгүтү жок заманга
Үкү баштар ийин кысып турганда,
Улуу муун кудуретиң адал да –
Уят козгор, арсар мүнөз тууганга?
Улуу муун, баары сенде дале бар
Узак жолду кыскартуучу күч, кайрат.
Уюлгуткан интернет баш – кайбарлар
Угутуңдан козголсунчу чын кайнап.
Көз коркок, колдун баатыр экенин
Көрсөткүлө жаңы көчкө, жаштарга?
Чыгаргыла копьютерсиз эсебин
Чыңалуудай учкун берип баштарга!
Улуу муун үмүт, колдоо силерден
Ушул азыр чаң-тополоң мезгилде.
Майышпаган, маңдай терчен жигерден
Маара-төрдө туруубуз шарт – тез күндө!…
Чакырыгым…
Чыккынчылык, айтар сөздү айтпасаң,
Чыркырап бир төгүлбөсөң журтуңа.
Ак дилдерди куурчактай жайкасаң –
Акын делген аруу жолду кулпула?
Калайыкты жаман тумоо баскан чак,
Кылымдарда түк болбоптур, мынчалык.
Кыргыз нарктуу, көөнө журтум ашкан нак
Канча кыя, белестерден нур чалып.
Аруу дилден аалымсыңбы, акынбы
Атак куубай, аткар жумуш: “Ким билди?…”
Тике тургун, көтөр эрдей башыңды
Ташта журтка колдо барды, күч-дилди.
Өтөт-кетет коога салган шул чактар
Өзгөчөлүү журтта намыс артыш бар:
Кыйнаса да бүтүн, ийги максаттар
Кыргыз журтун аалам турар алкыштап.
Чакырыгым, жүрөктөгү толкун бул
Чама-чаркка жалын болсун, от болсун.
Улуу Кыргыз миң-миңдеген жолкуң бул –
Уят, ардай, илдет жеңер ок болсун!?!
Эртерээк
Кымыздай бул көрөңгөсүн кем кошкон
Көп-көп тилек, ыр жолунда супсактай.
Миң далбастап озом десең сен достон
Муздай тоңгон көк таш ойлор жупташпай.
Оо, кыйладан мыкты делген саптарың
Осол кылып, кайталанган ойлордой.
Гүл эмес—күл… Мактанычтай тапканың –
Гиссар, Алай… же меринос койлордой…
Окуганды же укканды тажаткан
Ойдон, чөлдөн жай таппаган камгактай.
Же жалгыздап чер койнунда бараткан
Жели чыккан, эң акыркы калмактай…
Эргүү берер ыр кубаты такыр жок,
Эрмек эмес сөз ааламы – туй досум.
Эс-акыл бар, иле-амалдуу өзүң шок
Эртерээк тизгинди шарт, бур досум?…
(28. 07. 2020)
Аталардын нур жолу
Майда-чүйдө, күнүмдүктөн арылып
Максаттуу, так иш бүтүрөм деп жүрүп.
Макул дегин, дебесең да карылык –
Мына минтип, алты-мыш жаш үлгүрүп…
Өмүрдүн шул туу белиндей биз чыккан.
Өрдөөнү кой, ылдыйлоого жол издеп.
Миң айла кыл. Дем алалбай ынтыксаң—
Мактанычың жел чыгарар, бир туздап.
Ким бирөөлөр колдоп турган кез болду,
Ким бирөөлөр жек да көрдү кызганып,
Бийлегенсип санжыргалдуу оң-солду
Бышкан майдай, Шамшыкалга туздалып…
Дарамет-чак жеткенчекти жылдырдык
Дабан ашкан аталардын нур жолу.
Тагдыр бизге тартуулаган белек бул—
Түбөлүк бек, ынтымакта бир болуу!!!
(28. 07. 2020)
Таза дем
Шектенгендер, күмөндүүлөр көбөйгөндөй
Шарта-шурт пикир айтар азайганбы:
Бүт кыргыз жашар элек өгөйлөнбөй.
Бүгүн мен ойго чөктүм, маз-зам тайды.
Бул ооруу Батышчылдар илдетиби,
Бир бүдүр жаман ойсуз момундарга.
Болбосо чалма салар милдетиби
«Байкелер…» көз кызарта, сонундарга?
Чын эле чет туугандар момун дешкен
Чама-чарк, туйсун элдин таза демин.
Чыгарып салбоо зарыл эч бир эстен –
Чагылган кармап турган Эл экенин!
* * *
Эркек болуш бир топ кыйын, ар тараптан,
Эдиреңдеп калпак кийиш башка кеп:
Чексиз милдет – төп үйгөндөй Жараткан,
Чөгөлөтөр аппак сүйүүң: “Башта…” – деп.
Ырсалактап, ылдый карап шелпейсең
Ырысы жок, пенделигиң шор-тамчы.
Барк да кетип, куру-жалак керкейсең
Болбой шылдың, жонго тийсин зор камчы…
Талтаңдаарда, таасириңдин жайын бил,
Туйлаганың түтөр көпкө, мүмкүн аз,
Кертилгендей кур дымактан узун тил…
Калтаң бекпи, чач сакаңды, кумар жаз.
Асырай жүр өзүңдү желден, селден,
Абройлуу болорсуң алган жарга.
Эң башкысы картайба досум белден
Эркек делген башпуртуң колдо барда!
Ахмаджан Мелибаев агама
(«АЛТЫН КӨПҮРӨ» аталган таанымал өзбек акын-жазуучусу)
Ала-Тоодо туулган, Сефед-Булендде өскөн,
Анан, мырзалык курак келип, аскерге кеткен.
Ал тараптан ооматтуу кайтып, Азия борборуна өткөн,
Алтын уясындай тосуп алып, кут конгон Ташкен.
Мындагы бакыт жолуна шүгүр,
Мартаба куубастан билимди казды.
Басма сөздө, жамааттарда сыйлашты – мүдүр,
Бир туруп ыр-котормолорун, бир туруп каалоосун жазды.
Өз окурмандарын чындап ойготкондой
Өзгө тилдерден которду салмактап, таймашуудай,
Дүйнөлүк адабий мухитти бойлошкондой—
Досторуна дүйүм даамдарды сунду, Наманган алмасындай!
Илимде, эргүүдө сөз устатынын калеми жорго,
Ийгилик, наамдар жагынын эсеби жоктой.
Ушундай агам турган ыйык турак – Ташкеним ордо
Урматын билгендерге тап берип турсун, түбөлүк Оттой!
(30. 07. 2020)
Кыргыз ыры
Сөздү тандап, таптагандай күлүктү
Самап, көксөп жарыш өтөр майданды.
Сабалатсаң жеңиш болор үмүттү
Сезим, эргүү – демек дилде, майрам бу!
Канча мезгил жел жиребей бук болуп
Көөдөнүңдү жаруучудай жүрөгүң,
Туйлап келсе, мына бул күн кут конуп—
Талаасына төп түшчүүдөй үрөөнүң…
Түнкү шамда пар-пар жанган биликтей
Түйүл сезим, толкут тоолук ыргагын.
Кырмандагы кызыл дандай сүйүп кой—
Кыргызымдын кыргыз жазган ырларын! ( 01. 08. 2020 )
* * *
Жардам, демиң тийип калса кимгедир
Жан дүйнөңдүн рахаты туюлар.
Жаңылануу жаралгандай дилде бир
Жакшылыктан зам-зам булак куюлар.
Ким бирөөнүн бүл-бүл өчөр чырагын
Күтүүсүздөн күчөткөндөй май тамууң,
Даңгыр жолго, таза жолго уладың
Дил төрүндө күтпөй эч бир кайтарым.
Муктаж жандын ачууң айтпай ажатын,
Мезгил келип, ошондон же башкадан,
Кайтуусуна ишенип кой, бөркүдөй
Күндөр күбө – мээрим чачат башка жан!
* * *
Күмүш ыргак булактын шылдырындай
Күн коштогон таң нурум – ак жарыгым.
Таза мис-жез коңгуроо шыңгырындай
Тосо чыгуу – жаңыдан башталуум.
Өмүр өрүн өрнөктөй из-чыйырдуу
Өтөп жашоо таалайдай коштосо жуп,
Көкүрөгүң кең талаа, миң кыйырдуу
Курагыңа жарашса – конгону кут.
Өлчөп, ченеп, болжо да жашоо—шаарың,
Өтө көптөй же ирмем, болот-болбос.
Аткарылбай миңдеген самаганың
Ага, буга мол арман, көзүң тойбос.
Дал ушунда мөл булак муюткандай
Даңгыр жолго таң сүрөөн болот тура.
Көөдөнүңө таза дем уюткандай
Кош колдотуп, тизгиндеп коет тура!…
(03. 08. 2020)
* * *
Калпты согуу жагынан зайыптардан
Кээде озо-жылмаюу жанга тийет:
Бүт дүйнөлүк картадай жайып салган –
Белгилүүлөр * бир кезде жаткан түнөп…
Бир ирмемби же саат, күн өткөнчө
Бул калп айтыш сактайбы мартабаңды?
Көздү кысып, мылжыйып күзөткөнчө,
Кеп улооңдун гөзөсү талкаланды.
Акыры, калп дүйнөңө кополдук кул,
Айлам куруп, оо, досум… элестетем:
Көздөргө чөп салганың осолдук шул
Көз жумарда жаныңды жебес бекен?
(03. 08. 2020)
Каңдылар
( Мактал )
Кадим заман, доорлордон алып кубат,
Кылымдардан кылымга сапар улап,
Каңды журту бар үчүн шул жарыкта –
Кебелбестен бул аалам аман турат!
Көчү такыр токтобос жылым барда,
Көкүрөктөн оргуган ырым барда
Кыргыз көчүн туу тута, жолун терет –
Каңды калкым кылымдан кылымдарга.
Өздү сыйлап, жатка каттуу айтпаган,
Өр, ашууда сыноолордон кайтпаган
Аруу тилек коштоосунда каңдылар –
Ай чапчыган күлүктөрүн таптаган!
Түрк ааламга медеттей, тирек болгон
Түбү каңды экенин кимдер танат?
Доорлордун көчүнө үңүлсөңүз –
Добулбастуу кол баштап, каңды барат!
Таң калуунун кымындай зыяны жок:
Түркмөн каңды, башкорту… казак каңды.
А, кыргыздын устасы сыяктанат –
Алла салган эн-журттан кимдер танды!?
Көөнө тарых бүктөмү журтту кезип,
Кыргызымдын кыпкызыл Туусун сезип,
Бүткүл кыргыз ураан айтат – кана тур:
Баба-тегим жаңы башат – Нухум дешип!. .
Таза чөлкөм, көз кызартып, аңдылар,
Тунук көктөн тамчы болуп тамдылар:
Тамчы-тамчы шондон Мухит жаралып
Толкун болду Теңир сүйгөн каңдылар.
Таза коом сапарында тизгиндеш
Теги түптүү, аруу дымак каңдылар.
Кыргызына кызмат өтөп сан дилдеш –
Калктар үчүн – каруу болот каңдылар!
Кадим заман, доордон кубат алган
Кылымдардан кылымга сапар улап.
Каңдыларым бар үчүн шул жарыкта –
Касиеттүү Жер-Эне аман турат!!!
(Ош. 2017. 16-июнь.)
Бекмамат
(Көп жылдар бою бирге иштешип, бир туугандай болуп калган, «ЭлТР» МТРКсынын техникалык жагын камсыздаган директор Бекмамат Көчкөнов көпкө зарыктырып, үйлөнгөн кезинде окулган ыр )
Бакыт кушу конго кезде
Болбос эч бир адашуу:
БЕКМАМАТтай мырза уулдуу –
Бактылуу жер Кара-Суу.
Үйлөндүңбү, үй-бүлө бак
Үйдөй түйшүк… Иш тамам.
Бекмаматтай уулуң барда –
Бактылуусуң ИШКАВАН!*
Дос-тууганга эң күйүмдүү
Дата болгун БЕКМАМАТ?
Алдың бала, артың байлык –
АТА болгун БЕКМАМАТ !?!
(23. 07. 2005 )
Учайын
Кээде туйбай, кээде кетип жашылып.
Корс пейилдин кучагында каламын:
Иши жакпай түгөйүмдүн, келиндин,
Иши жакпай терди төккөн баламын.
Муну көптөр көрмөксөнгө салышып,
Маңыроодой, укпагандай болушат.
Мактагандай айрым тааныш демитип,
Мени кайра оолуктуруп коюшат.
А мындайда, тоголок баш айланып
Адыраңдап кетмей жагым толтура.
Курак, күчтүн чама-чаркын аңдабай—
Күүлөнөмүн, болбогонду коюучудай болтура.
Демек, менин кайгым – ачуу жана күпүлдөө,
Далым таптап кеңеш айтса жубайым,
Демди жыйнап өңдөбү же түшүмдө –
Дурус адам өңдөнүп бир учайын…
От
Устатым Жолон Мамытовго
Өткүр-өткүр октой болгон сөздөрдү,
Өзүм жазар ырларымда жоктоймун.
Жадабаган, тынчыбаган күү менен
Житкен окту кууган окко окшоймун.
«Табам…» деген зор ишеним дилде тур,
Табы кайткыс асыл сөздөр уюгун.
Жүрөктө кан – ишенимдей, Күндөн нур –
Жер Энем бар, Түштүк-Түндүк уюлум.
Чарчоо, чаңкоо унутулуп калгандай,
Чатыраган арча отундай сөз жоктойм.
Чач сылатып, жар болбогон армандай
Чачкын-тозоң сапарымды жомоктойм.
Демди жыйнап, тыныгарда кеңдикте,
Дуулдаган от илеби үн салат:
От ырлардын ааламына Устаттай –
Оп тартылып бараткансыйм, күн санап!. . .
«Жөн эле…»
Тилектерим, көксөөлөрүм көп эле,
Тың, тулкумда илим-билим көп эле,
Анан недир узап кете албадым –
Акыл муңун туудай тутуп жөн эле…
Алыс кетти, тең курбулар күрөшүп,
Алсыз чагын өткүр чакка бүлөшүп.
Эң маңыроо делген кодо достун да
Эми кара, жол-изине гүл өсүп.
Эңсөө такыр туйлап-туйлап жыгылган,
Ээр салар, эси жок тай ат болду.
А менинчи, туура чыкпай жүрүшүм
Ара жолдо жеңилүүдөн мат болду…
Кыял делген, кыймылдасаң чын болор,
Кара жандын күчүн алган тың болор.
«Жөн эледен…» ары кетпей жашасак –
Жан сыздаткан арман, өксүү, муң болор…
Кооптуу шаарда
Карантин бар. Калаа сүрдүү канчадан,
Кайдандыр бир кирип келген дарт күчөп,
Короз үнсүз. Атып жатыр зорго таң –
Карыя да мурдун тосо жөткүрөт.
Уюгандай мээ-тенге жаман ой:
Ушул жолку чөккөн төөдөй кыр дагын…
Унут калып адам толгон авто-агым –
Ууга толгон, матыргандай тырмагын.
Мажүрөөсүп, майдаланган медиктер
Мандалактай кызарганы кызарган.
Коогалуу шаар кучагында көп ишкер –
Карыз төгөт. Мөөнөтү жок узарган.
Нарктуу калкым жөлөп турат бир-бирин,
Назар салсам, тоголонгон топтойбуз.
Убада көй көп эмизсе бал тилин –
Ушул шартка көнүп кетет окшойбуз…
Биз акындар
Табышмактай адамдардын көбүнө,
Тагдыр сунган ырыскыбыз көп өңдүү.
Көңүл бурбай байлыгына, өңүнө
Карабастан төгүү адат өлөңдү!
Шаңыраңдап кыйла жеңил болобуз
Шыбаганы насибинче таркатып.
Олтур десе олтурабыз. Конгун дешсе конобуз
Олжолуулар кеткен менен тоюп, тозуп, жарды ашып…
Себеби калк колдоп койсо кол чаап
Сен көкөлөп учпаганда, ким учат.
Өзөк болуп жаңы ырларга ушул саат –
Өзгөчө бир сезимдерди кайрагандай курчутат!
Күүлөнөсүң, аэродром болот акын, тар сага
Кол чапкандар, сүрөөндөр, көз алдыңа тартылып,
Биз акындар ташабыз-ов, ыр-сүйүүдөй мартаба –
Билектери моюнуң калган чактай артылып!. . .
Таирович…
Бул, коомдук ишмер, ишкер классташыбыз Абдисалам Таирович Жолдошевге эркелеп, кайрылып келе жаткан учурашуубуздагы урмат сөз
Тең курлуктун табериги –жоктошуу,
«Таирович…»– классташым кайдасың?
Издешкенге болбойт эч бир жол тосуу,
Иштеп келдиң көздөп элдин пайдасын.
Угуп калам, узакка ооруп жүрдү деп,
Уулдары мыкты чыккан, ишкер деп,
Алгачкы агай – атасындай үлгү деп,
Аяшыңыз ашты жасайт кушкер деп!. . .
Таирович, классташтар, топ башы,
Тагдыр экен –Баш-Байтактын күркүлү.
Аччудан жок, керек чакта качырбайт—
Алдамчынын түп нускасы – түлкүнү.
Дээринде бар экен, журт баласы—
Демине аш бышып турат бүлкүлдөп.
Курчтугунан кабары бар сыяктуу –
Келин-кесек бийге тартат сүлкүлдөп.
Бул да бакыт—пайгамбар жаш куракта
Бакай Ата сынын бузбай, топтошуу.
Түркүк эмес –жол кыска да, ыраак да
Тең курлуктун төш-тумары – жоктошуу!
Таажы тумоо
«Таажы тумоо…» түгөнгүр таажы болбой,
Ташыгандар аны чын «ажы…» болбой,
Дүйнө жүзүн дүрбөлөң кылып койду,
Дымагы күч ажалдай, көзү тойбой.
… Ала-Тоодой журтумдан алыстагын,
Аруу, момун калкыма жабышпагын,
Адамзаттык ааламда жытың калбай
Акыркыга айлансын арыштарың.
Керектигин билгендей темир-тартип,
Кадимкидей оопаттуу чекте туруш,
Түбү бир жан-адамдар үчүн бирик—
Тумоо ташып, маарыбос ойрон вирус.
Жалпы журтту дүрбөткөн атың начар,
Жаман иттин атындай: “…бөрү басар”.
Тоолуктардын темирдей эрки турса
«Таажы тумоо…» житчүдөй, өзү качар.
Житсин, кетсин Жер түбүнө 7 катмар,
Журтту сынайт апааттуу мындай чактар.
Кыргызымдай көөнө журт «Алас…» айтып,
Кырсыктардан коргогон асыл салт бар.
Адашкандай таажы-илдет жоголорсуң
Арам көксөө сен менен кошо болсун.
Адал дилдүү инсандар арууланып—
Арам ойлуу төбөлдөр ошо… болсун! ( 30. 03. 2020.)
Кам баш…
Жаздым бекен, жазбадымбы башкымды,
Желпингеним желаргыбы, ташкынбы?
Же бошоңмун башкалардай эп таппай
Же кам жагы толтурадыр баштын бу…
Зор ийгилик боло бербес төш каккан,
Зарыл кезде жөлөп коер сөз баккан,
Чобур аттай илкий берип таш баскан—
Чаңкап турат чаап өтөр, сын таккан.
Айтарым не, жазарым не бул сырдай,
Алыналек рудадай түпкүрдөн.
Ал табылса чыга келер жакшы ырдай
Аруу жанга жолуккандай күттүргөн!
Белгисиздей келе турган ошол чак
Бул багытка тигилүүдөн көз өттү.
Жан кыйноодо жүрөктөгү магма-күч—
Жанар тоодой жарып чыгар өзөктү!
(01. 04. 2020)
Ушул менмин
Ушул менмин, жүктүү нардай жол тарткан,
Уят сүрөп, коюшса да сан капкан,
Улуу журтка кызмат өтөп, ал жеткен –
Узак жолдо тайга чактай сый тапкан.
Менмин, анан, өздүгүмдү танбаган,
Макулук болбой, аруулукту жандаган.
Өз үнүм бар, өз ырым бар башталган –
Өмүр-көчтө асыл мүлктөй, арнаган.
Ооп кетпей оңой, оомат жактарга
Оор чактар бет келсе да сан ирет.
Тоо перзенти болгондугум сыймыктай –
Тагдыр мени сүрөп турган касиет.
Ушул менмин, шамал-нурдай жаркыган:
Узак жолум, самоолорум алыста.
Чындык – шертим, терт төгүлсүн, мөөрөй тур
Чыдап чыккам, чыдаймын шул жарышка !
Аманат, аалам, аманат
Манап Алиевдин элесине арнаймын.
Күн кетти, түштөй болуп өңүмдөгү,
Кыялды кыйраткансып көңүлдөгү.
Катарлаш, досторго деп жайган сыйды –
Каткырык, кемсинтүү нак төгүндөдү.
Билем бул, чогулталбайм төгүлгөндү
Буга да сыноо көргөм, өмүр көндү.
Башыма таш урса да мыңк этпеген
Бактыма таазим кылам аңдуу-дөңдүү…
Көз жуткан… Суусамырдын төрүндөбү,
Кыя жол, кумдуу чаптуу өрүндөбү,
«Куп…» деп кой кыргыз боорум, балам мага:
Кудайым туш кылбасын,
Муш кылбасын
Бөлүнгөндү!?
«Ажынын…» аты жагар бейиш болуп,
Алактап турсам деле сый иш болуп.
Ага мен кучагымды жайган менен –
Агатай түк кетпедим дил-иш толуп.
Көңүлүм көптөн калды, суугандай,
Кемерди кыса тартып, бу-у-у-гандай,
Көк бетим ак бетимди жалмап туру
Кайран өмүр – кир-когун жу-у-у-гандай…
Кантесиң?
Таалайына нак таарынган жан сымак,
Тагдыр таштак, ыргытсачы оң-солго.
Көлүк начар, теминсең да камчылап
Көңүл айнып, жеталбасаң мөлжөлгө,
Кантесиң?
Шул убара жол ачпаса, дилге бул, оң,
Шалдырайсың, не кыларды билбей түк.
Түшүмсүздөй кургак чыкса чабыттооң
Түш сыяктуу дил түрүндө болбой кут:
Кантесиң?
Сүйкүм жүздөр маңдайыңда турбаса,
Сүзүп Жерди, тумшугуңа ташты уруп,
Кайдигердей болуп калса, түү-ата-аа,
Караңгылык ныгырганда капшырып,
Кантесиң?
Төгөрөктө калбай калса жан күйөр,
Тагдыр нукуп, көпкө турса тушалууң,
Туйла, ыйла…мындай чакты ким сүйөр –
Так ушунда, анык, төшкө муш алууң…
Эй, кантесиң?!
(03. 04. 2020)
Гүласал
Карындашым Гүласал Алиевага арнайм
Жол түптөгөн, жаңы түшкөн из болуп,
Жаздай бирде, кадим анан күз болуп.
Сахна – секи, кино – майдан болгондой,
Сапар-багыт өйдө-ылдый, түз болуп,
Сыноолордун жүз миңинен өтсө да
Самаганын беттеп артка кайтпаган.
Кудум жоокер – өздөгөнү нак жеңиш –
Карындашым экениңе мактанам!
Ал – Гүласал, айылдашым, кеңешчүм,
Аруулугун Айчүрөккө теңешчүм,
Кудай берген талант Журтка тааныткан,
Көз тийбесин, Күн жүрүштөй тез өсчүм.
Талант-өнөр аны сүйүп калгандай,
Төгөрөгү төп келгенден тайманбай,
Бирде жүрөт жылдыздарды жиреп чын,
Бирде гүлдү коштогондой, Ай жандай!
Көппөйт, чөкпөйт, топуктуу, түз басыгы
Кол чабуулар коштосо да көп күнүн.
Жан шериги кечки чырак, ынактай
Жарык кылат, эргүү менен төп түнүн!
Өздүгүнүн өтөлгөсү сыяктуу
Өнөр-сахна дайым турса сагынып,
Таазим кыла, кучак толо гүл менен
Тоскону шаң – алакандар чабылып.
Дале токтоо, дале ойчул, тынбаган,
Дилиндеги кайрууларын ийлеген,
Карындашым, кеңешчимдей нур дүйнө –
Кыдыр колдоп, журт жүрөгүн бийлеген!
(05. 04. 2020)
Ушакчылар…
Тилинен тузак жайган ушакчылар,
Туш келсең, уялбастан суранчулар,
Куржалак каларлыгын туйган менен
Кара куурай сыяктанып, буралчулар.
Максаты канткен менен… алуу зарыл,
Мукурап, бечарадай баруу зарыл.
Март инсан беттеш келип калса кокус
Маңдайды муштап-муштап… жаруу зарыл.
Суранууга көнгөн соң, намыс көрбөй,
Сугалактык суй жыксын, ага чыдайт.
Сан миңдеп шылтоо токуйт «бер-берилеп…»
Сурпка ороп салганга, калбайт бу дарт…
Ушакчылар аялбы, эр танабы
Уят-сыйыт тарапты кулпулашат.
Ким бирөөнүн ызасын соодалашып,
Кадимкидей, кайдыгер, кулкун ачат!
… Кармалып, шермендеси чыгар чакта
Каптама тиштерин бүт сууруп чыгып,
Кадимкидей суу издейт, чыда-шашпа
Кадам сайын жыттанып былык-чылык…
Журт экенбиз, аларга теңелбеген,
Жакшылыкты кантсе да каалап турган,
Оңолор деп оорудан… бул өлбөгөн,
Оң жол таап ушакчы –ушул курган…
Жашоо
Тирүүлүктүн быкы-чыкы түйшүгү
Торогондой жол жабылып калдыбы?
Зуу-шуулаган өмүрдүн тек бир күнү
Заман-адам жуурулгандай тагдыры.
Тыным билгис от куракта күн бою,
Түйшүк менен, бүткөн чактай бүт бары,
Сезилгенде тынч алдыртпайт түн бою –
Саратанда келе турган кыш камы.
Күн узатсаң, жаңы күндөн добулбас
Кагылганда олтуралбай жөлөнүп,
Мезгилинде күткөн тыйын чогулбас,
Маңдайыңа жазган мүшкүл көбөйүп.
Өмүрдөгү сайран-тайраң тыйылып,
Өзүң кайран Жер шарындай сызасың.
Анан кара муюп уккан болосуң –
Аялыңдын монологун, музасын.
Эх, деп туруп, этек-жеңди кагына
Элөөрүбөй, өзгөргөндөй жай таасын:
Киргиң келбей жаштыктын гүл багына
Кең талаанын кучагына кайтасың…
Каада
Эңсейбиз биз аздан көптү таналбаймын,
Эрке жаным, сурап турса, не баралбаймын.
Эл-журт делген улуу көчтө түздөлгөм нак—
Экинчи чын, шул жашоого жаралбаймын.
Өмүр-жашоо канча десек, бул аздай:
Өз жолуңду таппадыңбы. таптыңбы.
Өнөр-билим майданында жай кандай,
Өз тилегиң – табалдыңбы бактыңды?
Кээде түгөп, калбагандай ылаажың
Кудум балык өңдөнөсүң илинген…
Капа этпегин, боло калып кунаажын –
Көз кысасың, бир шойкому билинген.
Бул өнөрдөн кимдер куунап жашады,
Бирок көбүн, азап-ышкы мойсоду.
Пенде делген момун жана маклуктай
Парасатсыз жашоого түк тойбоду.
Алга жүрөр адамзатка таза жол
Атайбыз да, болбосун деп адашуу.
Муундарды жалгаштырып, көз түздөр –
Мунасага тартар жалгыз каада шул…
Чайкана
Чайды чакыр, толуп турсун ортобуз
Чардайлы тек, достор досту өпкүлөп.
Шаардык биз, бүгүн неден коркобуз –
Шаңдуу жалын бүркүп турса, оттуу илеп.
Келсин мында тааныш, тааныш эместер
Көкүрөгүн ээлеп алсын, кычкыл ис.
Көк чай менен кошо келет маңдай тер—
Кайсалактоо дал бүгүн чын – мыскыл иш.
Ак таңдар нак ак батадай туюлсун,
Ана, деңиз, чай чыныга куюлсун,
Ойгонуп бүт достук тунук сезимдер –
Оомат деми баарыңарга буюрсун!
Өткөндөрдү жоктоо таазим-парзыбыз,
Өмүр кошсун ортодо чай, ашыбыз.
Чырактарын жандыралы достуктун
Чайканада ийилишип башыбыз…
Элдик бойдон
Көңүл деген нени самайт, не күтөт,
Каалагандын боло бербес баарысы.
Жаш-карыбы, көздөгөнгө жеткирер
Жанып турсун уят-ары, намысы.
Жылоолоп шул, узун жолду карыткын,
Жан үрөгөн эмгек болуп жолдошуң.
Жон тер сезип, жыгылбастан, арыткын,
Жараткандын деми сени колдосун!
Анткеним сен аруу дилсиң, кир билбес
Алыс-жакын, жаамысына бирдейсиң.
Аракеттен тапкан үзүр өзгөчө,
Ач көздөрдүн жыйганына тийбейсиң.
Эмне тапсаң элге дейсиң, бүлөөңө
Эштей болор үлүшүңдү аласың.
Эч кабылбай 2 дүйнө күнөөгө –
Элдик бойдон, эл көчүндө каласың.
Сураныч
Көп нерсеге кеталбадык көнүгүп,
Кыйнаса да милдеттентип иш-талап.
Андан балким кетмек белек өнүгүп
Арман-күсөө сезимди өйүйт, кысталак…
Илим өсүп, Мекен космос жиреди,
Ирденүүдөн, жай түйшүктөн тез өтүп.
Алгалоонун азабы да көп экен
Аба койнун булгап салдык, көзөп бүт.
Жерде, сууда, мейкиндикте көктөгү. . .
Жайнап кетти таштандылар үймөгү.
Же адамзат таштап, көчүп кетеби
Жарык аалам—Жер-Энедей дүйнөнү?
Такыбалар сайрап айтат, тынбастан
Түптүү жашоо—Кыяматка жакын деп,
Озон – тешик, озон – жыртык, уу тосор
Ойлон, ойгон –калчап көрүп акыл деп…
Эч айныгыс сапарына Күн чыгып,
Эсеп-чотту кагат, толуп Ай дагы.
Бир ташытып, бир соолутуп кубулуш
Бир калыпта жай агызбай дайраны.
Күндөр турбас төгүл-чачыл, жалаң шат,
Күл сапырат саат же саналуу мүнөттөр…
Баарыңардан суранарым, адамзат –
Барометр болуп калсын жүрөктөр?!.
(о7. о4. 2020.)
* * *
Ыйыктык, сөөлөтүн бүт
Ыймандай кабылдасак,
Ырыстуу журт көчүндө –
Ылдамыра-ак арымдасак.
Бакыт тур: тоодо, түздө
Болбойт эч кейиш бизге.
Балкысын улуу Кыргыз
Башкысы – Бейиш бизде!
Ала-Тоо – Ата бизге
Аруу көл – Эне бизге.
Жүрөктөн чыккан кандай –
Жан куту – денебизде!
Улуу журт касиетин
Урматтай, улуу сезип:
Туу тутсак, таазим менен –
Түгөнбөс, ырыс-кешик!
(05. 01. 2017)