Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган иш чара өттү

А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында ыр аалымы Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган “Жамбылдын изи менен” аттуу экспедициянын мүчөлөрүнүн катышуусунда “Улуу талаанын акыны Жамбыл Жабаев” аттуу жыйын болуп өттү. Бул иш-чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, төраганын орун басары Керимбек Кадыракунов, Манас жана Чыңгыз Айтматов академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев, Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин Маданият комитетинин төрагасы Акан Абдуалиев, Казакстан Республикасынын Жазуучулар одагынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бауыржан Өмүржан уулу, М.Ауэзов атындагы адабият жана өнөр институтунун башкы илимий кызматкери, ф.и.д. жазуучу Нурдаулет Бабихан уулу, Абай атындагы Казак улуттук толугу менен…..