Малик Отарбаев: Үзүлгөн жалбырак

Үзүлгөн жалбырак (аңгеме) Күзгү жел дуулдап, тал бутактарындагы акыркы жалбырактарды учуруп алып кетип жатты. Жабагы булуттар жапырт жортуп, удургуп көчүп барат. Калың токой үңкүлдөп ыйлап жаткандай кулакка бир муңдуу, муңканган обон үзүлүп-үзүлүп жетет. Тоонун эңишиндеги азоо өзөн буркулдап, нугуна сыйбай ачууланып агат. Көркөм табият кечээги жаз мезгилин эңсеп, көздү ачып-жумганча зымырап өтө чыккан көңүлдүү мезгилдин өтө кыскалыгына наалыйт. Кара шамал үзгөн ар бир жалбырак ажал тырмагына илинген бир өмүр тариздүү. Бул жер – бейит  эле. Балким, ошондон болсо керек, өмүр менен өлүм, бул дүйнө менен чын дүйнө чектешип, үнсүз сүйлөшүп толугу менен…..