ОМОР СУЛТАНОВДУН ПОЭЗИЯСЫНДАГЫ «УБАКЫТ» КОНЦЕПТИНИН КӨРКӨМ ИНТЕРПРЕТАЦИЯСЫ
ХУДОЖЕСТВЕННАЯ ИНТЕРПРЕТАЦИЯ КОНЦЕПТА «ВРЕМЕНИ» В ПОЭЗИИ ОМОРА СУЛТАНОВА
ARTISTIC INTERPRETATION OF THE CONCEPT «TIME» IN OMOR SULTANOV‘S POETRY
Аннотация: Макалада О.Султановдун поэзиясындагы«убакыт» концептинин мейкиндик жана кыймыл менен өз ара байланыштагы көркөм интерпретациясы талдоого алынат: (акын колдонгон метафора жана салыштыруулар аркылуу «убакыт» кыймыл менен болгон байланышында: суудай агат, куштай учат, токтоп калган өндөнөт, жоголот, өтөт, кээде жаздай келет, кээде жаздагы кардай кетет; мындай белгилүү мейкиндикте: көлжээгинде, тоо койнунда, дүйнө жүзүндө, үйдө убакыт тарттуулаган сезимдер акынды түрдүү абалга алып келет: ал көлдөй толкуйт, деңиздей чалкыйт, «убакыт» укум болгондо дүйнөсү тарыйт же «убакыт» тартуулаган бактылуу көз ирмемде, тескерсинче, ааламга батпай калат). Акындын адамдын жан-дүйнөсүндөгү психологиялык абалды «психологиялык убакыт» менен аңдоо чеберчилиги аркылуу кыргыз поэзиясына сезим ырларынын жаңы толкунун жараткандыгына жана лирикалык психологизмди тереңдеткендигине баа берилет.
Түйүндүү сөздөр: убакыт, мезгил, мейкиндик, кыймыл, бакыт, тагдыр, психологиялык убакыт, психологиялык өлүм.
Аннотация: В статье анализируется художественная интерпретация взаимосвязи пространства и движения концепта “время” в поэзии О. Султанова: (связь “времени” с движением посредством использования поэтом метафор и сравнений: течёт, как вода; летит, как сокол; похоже остановился; пропадёт; пройдёт; иногда приходит, как весна, иногда уходит, как снег весной; в таком известном пространстве: на берегу озера, в объятьях гор, в мире, дома чувства, представленные временем, приводят поэта в различные состояния: он взволнован, как озеро, безмятежен, как море; когда поджимает “время”, мир сжимается, а когда “время” дарит счастливые минуты, наоборот, он не вмещается в этот огромный мир). Нами даётся оценка того, как мастерски поэт изображает психологическое состояние в душе человека посредством “психологического времени”, создавая новую лирическую волну в кыргызской поэзии, углубляя в ней лирический психологизм.
Ключевые слова: время, пространство, движение, счастье, судьба, психологическое время, психологическая смерть.
Ключевые слова: время, пространство, движение, счастье, тагдыр, психологическое время, психологическая смерть.
Abstract: The article analyzes the artistic interpretation of the concept of “time” in the poetry of O. Sultanov in its relationship with space and movement: (through metaphors and comparisons used by the poet, “time” in its relationship with movement: flows like water, flies like a bird, stops, disappears, passes, comes, goes; such movement is located in a certain space: on the shore of a lake, in the mountains, in the world, at home. The feelings that time gives lead the poet to different states: he sways like a lake, he rocks like the sea, when “time” is born, his world narrows or, conversely, in a happy moment that “time” gives, he does not fit into the universe). The poet’s skill in understanding the psychological state of the human soul through “psychological time” is assessed to create a new wave of emotional verses in Kyrgyz poetry and deepen lyrical psychologism.
Key words: time, space, movement, happiness, fate, psychological time, psychological death
Кыргыз поэзиясын өз үнү, стили, башкаларда кезикпеген көркөм-эстетикалык табылгалары менен байыткан акын О.Султановдун чыгармачылыгын изилдөө улуттук адабияттын келечектүү темаларынын бири экендиги шексиз. Анткени «Омор Султанов өзүн-өзү ачуу, өзүн-өзү табуу, өзүнүн «МЕНИН көрсөтүүгө жетишүү кандай болорун, акындык, адамдык тагдыр күтүү, чыгармачылык изденүү эмне экенин» [1, 283] көрсөтүүчү зор адабий мурасын артына таштап кетти. Акын
өзү айткандай, чыгармачылыгынын «Отузунчу станциясына»келгенде «кең ачылгын вагонунун терезесинен» көрүнгөн кенен мейкиндикте анын не бир талдоого муктаж орошон ойлору жатат. Анын бири – «убакыт» концепти. Акындын жалпы чыгармачылыгына саресеп салганда анын поэтикалык жыйнактарынын көбү: «Тоо күндөрү», «Жылдыздуу түн», «Аэропанорама», «Көз ирмем», «Отузунчу станция», «Аралдар арасында», «Дүйнө», «Ашуу төр», – деп убакыт, мезгил жана мейкиндик бирдиктери менен аталган экен.
«Убакыт» философиянын тили менен айтканда: «…өткөндү, учурду, келечекти баамдоого мүмкүнчүлүк берген адамдын жашоосунун жолу. Ошондуктан убакытты адамдын болмушунун шексиз өбөлгөсү катары кароо зарыл» [2, 224].
«Убакыт» концепти акындын поэзиясында суудай агат, куштай учат, токтоп калган өндөнөт, жоголот, өтөт, кээде жаздай келет, кээде жаздагы кардай кетет. «Убакыттын» мындай кыймылы белгилүү мейкиндикте: көл жээгинде, тоо койнунда, дүйнө жүзүндө, үйдө жайгашат да, лирикалык каарманды түрдүү психологиялык абалга алып келет: ал көлдөй толкуйт, деңиздей чалкыйт, «убакыт» укум болгондо дүйнөсү тарыйт же «убакыт» тартуулаган бактылуу көз ирмемде, тескерсинче, ааламга батпай калат.
Адамдын турмушунан башка реалдуу жашоодо «убакыт»инсандын аң-сезимине баш ийбеген болмуштун объективдүү формасы. Ал эми адам жашоосунда «убакыт» ал мыйзам ченемдин алкагынан чыгат. Бул адам баласынын жандуу жаратылыштагы феномени. Нобель сыйлыгынын лауреаты А.Эйнштейдин «Салыштырмалуулук теориясы» [3] адамдын аң-сезимине да таандык көрүнүш. «Убакыттын» философиялык, биологиялык, социалдык түрлөрүндөй элеадамдын субъективдүү кабыл алуусуна негизделгенпсихологиялык убакыт бар. Психологиялык убакыт – «…инсандын турмушунда ар кандай масштабда болуп жаткан окуялар менен убакыт мамилеси боюнча ой толгоолору жана санаркоолорунун психологиялык процессин камтыган реалдуу убакыт» [4, 64]. Мындай учурда адам кайгырып, санааркап, куса болуп турган учурда убакыт кыймылын азайтат, ал эми кубанып, жакшы маанайда турганда убакыттын кыймылы тездейт. О.Султанов дал ушул «убакыт» концепти аркылуу кыргыз поэзиясына сезим ырларынын жаңы толкунун алып келген акын. Анын ырларында лирикалык каармандын ар кандай көңүл жагдайлары убакыт концепти менен аныкталат. Көңүл кушу көкөлөп турганда «убакыт» суудай агат, куштай учат, жебедей сызат; ал эми санааркап турганда токтоп калган өндөңөт:
Сен кайдасың, мен кайдамын бул күндө?!
Билбейм сени, мен жалгыздап басамын.
Мага убакыт токтоп калган өңдөнүп,
Мен да токтоп калган өңдүү жашадым.(I, 47.) (курсив – биздики)
Акын реалдуу жашоодо убакыттын токтоп калышы мүмкүн эмес экендигин да түшүнөт, ошондуктан «өңдүү», «өңдөнөт»деген болжолдоочу лексикалык бирдик менен өзүнүн психологиялык абалын – жашоону жокко чыгарган көңүл жагдайын салыштырмалуу берет. Негизи убакыт мейкиндик жана кыймыл менен тыгыз байланышта, тексттен көрүнүп тургандай, автордун «мени» мейкиндиктен «сенин» таппай калган учурда жана анын кыймылы «жалгыздыкка» дуушар болгондо жашоосу жокко чыгат. А бирок көркөм тексттин касиети ушунда убакыттын токтом калышы лирикалык каармандын жашоосун жокко чыгарганына карабай, ырдагы поэтикалык образдын окурманга таасир этиши экспрессивдүүжана курч .
Индиянын белгилүү эпосу «Махабхаратанын» биринчи китебинин кириш сөзүндө мындай афоризм кездешет: «Бар болуу жана жок болуу, бакыт жана бактысыздык — мунун баары убакыттын тамыры». «Токтоп калган убакыт» акындын «Сен жөнүндө поэма» түрмөгүндө өтө жыш кездешет. Анткени дал ушул түрмөк О.Султановдун адамдык жана акындык тагдырынынбактысы да, бактысыздыгы да өңдөнөт. Өзүнүн эле эмес, «каламынын» – чыгармачылыгынын да (Сен жөнүндө баштап бүтпөс поэма, каламыма таап бердим зор бакыт) бактысы. Адатта, лирикалык каарман жалгыз биринчи жактын «мени» аркылуу автордук ички ой-толгоолорун, сезим сырларын, арзуусун, арман-асиретин берсе, «Сен жөнүндө поэмада» сезим кайрыктары «мен»жана «сен» аркылуу актуалдашып, «сен» «менден» кем эмес көркөм функцияны аткарат да ички түйшөлүү адаттагыдан эки эсеге тереңдейт.
Эгер мени сага айтышса өлдү деп
Жүрөгүңө жаанын огу тийгендей,
бир зырп этип, уйгу-туйгу болорсуң.
Көз жашыңа көчө чаңын орорсуң.
Бирок бир күн турмуш деген ушулдеп,
Сен кайрадан мени унута баштайсың.
А мен болсом…
Менин жөнүм башкараак…
Мен жашаймын, албетте, жашаймын.
Жанды багам бир тобунан өйдөрөөк.
Бирок гана көзүм көлдөй суз тартып,
Мага убакыт токтоп калган өндөнөт. (I, 48.)
«Убакыттын» токтоп калышы психологдордун аныктамасы менен айтканда, жан-дүйнөнүн психологиялык өлүмү [5, 96.]эсептелет. Мындай абалда «инсан чөйрөдөн обочолонуу, жашоо кумарын жоготуу, айлана-чөйрөгө кайдыгер кароо, сагыныч менен кусалык сезиминен жапа чегүү» абалына дуушар болот. Акындын мындайдөгү абалды сүрөттөө көркөм интерпретациясы илимий аныктамаларга дал келет.
Сонун, сонун кыздар келет шаңкылдап,
Жан эриткен жакшынакай ыр ырдап.
Мен аларга көңүл бөлүү ордуна
Кулагыма тоңуп калган чуулдак,
Арасынан өзүңдү издей баштаймын.
Башка… башка… такыр башка таптакыр.
Жакшы … сулуу… бирок гана башкача…
Көңүлүм, көзүм сени гана жаттаптыр…
Алым келбей өзүмдү-өзүм атташка
…Мына ошондо өңүм суудай суз тартып,
Мага убакыт токтоп калган өңдөнөт (I, 48.)
Адамдын жан-дүйнөсүнун психологиялык өлүм абалдакалышы мейкиндикти да, убакытты да кысат, натыйжада лирикалык каарманга дүйнө тар, убакыт бир укум:
Кетпестирсиң аманымда эсимден,
Мен бир убак сар санаада эзилгем.
Дүйнө тарып, укум болуп убакыт,
Өмүр бою бир тартылгам көз ирмем. (IV,358.)
Ал эми психологиялык убакыттагы санаркоо анынылдамдыгын томөндөтүп, бир сааттын өтүшү бир жылга созулгандай, кусалыктан жапа чегүүнү күчөтөт, мындай учурда адамдагы дагы психологиялык абал – өзүн-өзү таппай калуу, өзүн жоготуу абалындагы алдастоону көз алдыга келтирет да. Мындай абалдагы лирикалык каарман жаш баладай элеңдеп коркот, ак жайдын күнү кыш түшкөндөй муздайт. Убакытты субьективдүү кабыл алуудан реалдуулукка төп келбеген ички сезимдеги ар түрдүү дүрбөлөң ырдагы психологизм чыңалтып, окурмандын да психологиясына бүлүк салат:
Бир сагат сени күткөн жылга татып,
Каламга кагаз бетин каралатып,
Отуруп ойго-тоого урунамын,
Ойлорум ооздуксуз ала качып.
Келем деп келер жерге сен келбедиң,
Мен коркуп жаш баладай элеңдедим.
Кыш түшүп ак жай күнү кыялыма
Томсоруп кала берди теребелим (IV, 330)
«Убакыт» табиятынан токтобойт, ал дайыма кыймылда, анткени анда жашоо бар. Анын лингвистикалык аныктамаларынды «убакыт – жашоонун синоними»деген пикирлер кездешет.
Альберт Эйнштейн уулу Эдуардга жазган катында: «Жашоо – велосипед тээп бараткандай (токтосоң – жыгыласың). Жыгылгың келбесе, кыймылда» [3, 15.] – дегени убакыттын кыймыл менен байланышына негизделгенин байкоого болот. Ошондуктан жашоодо «убакыттын» адамга бакыт тартуулоо мүмкүндүгү да мол. Акындын ырларында лирикалык каарман жашоонун ыракатын сезгенде «убакыттын» кыймыл динамикасы ылдамдайт,б.а. ал «суудай агат».
Убакыт суудай акты, унутпадым,
Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү.
Ал түнү айта бердим жетине албай,
Калтырбай бул дүйнөдөн билгенимди (IV, 11.)
Акындын «Унутпадым» аттуу классикалык ырынан алынган бул үзүндүдө жан-дүйнөнүн жагымдуу кубанычын чагылдырган сезим кайрыгы өзгөчө поэтикалык кубатка ээ. Акын ажарлуу күлкүнү «ачылган аппак гүлгө» салыштыруу аркылуу өзү «поэтикалык шыктануунун кубатына» ээ болгондой, лирикалык каармандын «…жетине албай, түнү бою бул дүйнөдө билгенин калтырбай төгүп бериши – О.Султановдун чын-дилдүүлүгүнүн, окурманына сыр төгүшүнүн символу. Сыр төгүүнүн поэтикалык кубаты ушунчалык, ал сөздүн семантикалык маанисине сыйбай, кошумча каражатты – музыканы талап кылганы байкалат. Анткени поэтикалык сөздүн образдуулугу «сөз, ой жана үндүн үчилтиктүү биримдигине [6,80.] таянат эмеспи. Ошондуктан да О.Султановдун ырларына обондун көп чыгарылышы анын ырларынын поэтикалык кубатында.
Акын өзү «убакытты» жөн гана сезүү менен чектелбейт, анын агымына кулак төшөйт. Убакыттын агымы акынды келечек жөнүндө ойлонууга мажбурлайт, өмүр сыяктуу кымбаттыгын эскертет:
Убакыт үнсүз агат
деп ким айтат?!
….
Агынга кулагыңды тазалатсаң
айла ошол
Кереңдиктен айыктырган
Эгер мен убакытты
Сууну алкымдап муунткан
крандан болсо дагы
эптеп угуп турбасам
убакыттын бар экени эстен чыгат
урпактарды унутам… ( II, 375-376)
«Убакыттын» бакыт тартуулоочу ылдамдыгы адамдын мейкиндигин кеңейтет. Натыйжада акындын «мени» ааламга сыйбай тургандай сезимге кабылат:
Бакытты ар ким күтөт ар кай жактан,
Багыттан бир күн мага күтүлбөгөн, –
Жазга жуук ооруп жатсам келип калдың,
Мен сени бакты экениң түшүнбөгөм.
Жашоонун жайык жолу сонун тура,
Дегдеген махабаттын таңдары аткан.
Көңүлүмдө ыраазылык топтолтура,
Мынчалык бакыт менен кайда батам?! (IV, 353.)
«Убакыт» өзүнүн илимий аныктамасында бир өлчөмдүү же «убакыт» кайталанбайт» [2, 224.]. О.Султановдун поэзиясында убакыттын мындай касиети өткөн күндөргө өкүнүч, кайрымсыз өмүр, анын кыскалыгына арман айтуу жөнүндөгү сезимдер мозаикасы метафоранын образдуу сыйкыры менен берилет.
Атаганат, токуп минип аргымак,
Бурганакта жал куйругун сапырып.
Түндөн туруп ким кайырып келе алмак,
Ашуу ашкан күндөрдү айдап жапырып.
Өмүр өтүп, барат күнгө кеч кирип,
Бүгүн көргон эртесинде эскирип.
Аза күтүп, ар бир өткөн күнүмө,
Амалым жок ыйлап алам эчкирип. (III, 72-б.)
Кайран жаштык, өттүң, кеттиң келбейсиң,
Караан үзүп, кайкыны ашкан желдейсиң.
Безип кеткен бир кездеги бактымдай,
Келгиң келип турат, бирок келбейсиң (Ошондо)
Улам жашы өйдөлөгөн сайын акындын убакытка болгон мамилеси да өзгөрүп отурганы байкалат. Кийинки чыгармаларында «убакыттын» динамисы улам тездеп, токтобой, кайрылбай өтүп жатканын туюп билүүдөн улам ага болгон мамилеси кескин өзгөргөн. Акындын айтайын дегени айтылбай калгандай, элине берчү руханий дүйнөсү толук берилбейкалгандай, шашуу абалында жашагандай. Ал эмес убакыттын жоголуп баратканы – өмүрдүн кыскарышынын метафорасы катары аңдоого алынат. «Чарчоонун жүзүнчү ырынын»токсонунчу ыры «Убакыт» деп аталат, анда убакыт жок.
Убакыт жок,
Күлүүгө да жок убакыт.
А өлүүгө андан бетер жок убакыт,
Таптакыр жок убакыт
Көр оокаттын баары эле бар:
Акча-тыйын,
Кадыр-сыйың.
Баары эле бар… мал деле бар
Бирок гана убакыт жок.
Эми кайра кайра албайсың
Кайра ал кезге барбайсың.
Анткени ага убакыт жок
Бир келди да, бир кетти
Баары келип, баары кайра кетишти (II, 401.)
Табиятынан жаркын, жашоону сүйгөн акын өмүрүнүнаягында көңүлсүз узак жашоону каалаган эмес экен. Ал жашоогофилософиялык көз караш менен карап, өмүдүн түгөнүшүнтабигый нерсе катары кабыл алган.
Бопбоз болуп, көзгө эч нерсе көрүнбөй,
Мобул дүйнө чындык эмес, төгүндөй.
Ушул жашоо убарасы миң буроо,
Узун өмүр – убактылуу өлүмдөй .
Анткени менен акындын канаттуу ырлары убакыт сыяктуутүбөлүк жашоо укугуна ээ. О.Султанов өзү айткандай:
Акын эмне? Акын – элдин жаштыгы,
Акыл менен акылманды шаштыруу.
Коркпой турган кудайыңдан башкадан,
Падышадай түбөлүккө тактылуу.
Кыргыз поэзиясында акындын ырлары «падыша тактысы» менен жашай берет деген ойдобуз.
Адабияттар
Көркөм тексттер
