Жаңылыктар

Салижан Жигитовдун эки томдук китеби чыкты

Бүгүн, 14-октябрда кыргыз элинин залкар уулу, публицист, окумуштуу, котормочу жана коомдук ишмер, акын Салижан Жигитовдун “Шуулдаба терегим, теректерим…” аттуу ыр жыйнагынын, “Күн тууду” аттуу прозалар жыйнагынын бет ачары өттү. Бет ачарга кыргыз элинин белгилүү акындары, коомдук ишмерлер жана жакын туугандары катышты.

Салижан Жигитов 300дөн ашык адабий жана илимий эмгектердин автору. Жүздөгөн учкул сөздөрдүн, таамай айтылган мыскылдардын, жакшынакай ырлардын да ээси. Анын эмгектеринин көптөрү кагаз бетине жазыла да элек.
Бир катар адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон.
Салижан Жигитов 1984-жылы илим жана техника жаатында Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.
2006-жылы 11-февралда оорунун айынан Бишкек шаарында каза болгон. Маркумдун сөөгү 2006-жылы 13-февралда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик көрүстөнүнө коюлган.

 

About the author

Жазуучулар Союзу