Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Мукай Элебаев атындагы адабий сыйлыгы жөнүндө
ЖОБО
- Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун адабият жаатындагы Мукай Элебаев атындагы адабий сыйлыгы улуттук адабияттын өсүп – өнүгүшүнө өзгөчө салым киргизген эстетикалык жана тарбиялык чоң таасири бар , кеңири коомдук таанууга ээ болгон мыкты прозалык чыгармасы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына берилет.
- Мукай Элебаев атындагы адабий сыйлыкка Кыргыз Республикасындагы чыгармачыл союздар, мекеме-ишканалар, маданият бирикмелери, коомдук уюмдар талапкерлерди көрсөтө алат жана жеке автор да сыйлыкты изденип алууга прозалык чыгармаларын көрсөтүүгө укуктуу.
- Адабий сыйлыкка көрсөтүүгө кийинки жылдары китеп болуп жарык көргөн, коомчулук тарабынан жактырылган прозалык чыгармалар сунушталат.
- Адабий сыйлык ыйгарылган жазуучуга Мукай Элебаев атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты наамы ыйгарылып, күбөлүк, Мукай Элебаевдин элеси түшүрүлгөн төш белги жана акчалай сыйлык тапшырылат.
- Адабий сыйлык Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу тарабынан эки жылда бир жолу ыйгарылат.
- Адабий сыйлыкты ыйгаруу комиссиясы жазуучулардын, адабиятчылардын, адабий сынчылардын курамынан түзүлүп, сыйлыкка көрсөтүлгөн адабий чыгармаларды Жобого ылайык кабыл алуу, талдоо, тандоо иштерин жүргүзөт.
- Комиссиянын курамы беш кишиден түзүлүп, тизмеси Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын буйругунун негизинде кабыл алынат.
- Комиссиянын төрагасы комиссиянын жүргүзө турган жалпы иштерин жетекчиликке алат.
- Комиссия өз ишин комиссиянын толук курамы менен жыйын өткөрүп, жыйындын чечимин кабыл алат. Комиссиянын чечими комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушу менен кабыл алынат.
- Сыйлыкты изденип алууга комиссия мүчөсүнүн чыгармасы көрсөтүлсө, анда ал чыгарманы кароого жана макулдашууга комиссия мүчөсү катарында катышпайт.
- Адабий сыйлыкка чыгармаларды көрсөтүүнүн, кабыл алуунун мөөнөттөрү,шарттары Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу тарабынан белгиленип мезгилдүү басма сөздөргө, социалдык тармактарга, сайттарга жарыяланат.
- Адабий сыйлыкка көрсөтүүгө төмөнкүлөр кабыл алынбайт:
– Талапкерге мурда бул чыгармасы үчүн ар кандай сыйлыктар ыйгарылган болсо.
– Комиссия тарабынан мурда каралып колдоого ээ болбогон адабий чыгарма.
– Жалпы тиражы 1000 (миң) нускадан кем санда китеп болуп жарык көргөн чыгарма.
- Адабий сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун башкармасынын президиумунда бекитилет.
- Сунуштар 2024-жылдын 10-октябрынан 10-ноябрына чейин кабыл алынат.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Мукай Элебаев атындагы адабий сыйлыгы 100 000 сом өлчөмүндө белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун 90 жылдык маарекесинде ыйгарылат.
- Сунуштарды төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.
Бишкек шаары,Эркиндик бул. 54, КР Улуттук жазуучулар союзу,
Байланыш телефону: 0312 62 39 24, 0554 94 90 20