Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка орто мектебине Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун ысымы ыйгарылат.
Бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча министрлер кабинетинин алдындагы комиссиянын кезектеги жыйынында кабарлады.
Жана ошондой эле көрүнүктүү адабиятчы, сынчы, публицист, сатирик, акын жана коомдук ишмер Салижан Жигитовдун да ысымы Ош шаарындагы № 2 мектеп-гимназиясына коюлмакчы.