Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы жөнүндө
ЖОБО
- Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы акыркы эки жыл аралыгында жарыяланган төмөнкүдөй жаңы, мыкты чыгармаларга ыйгарылат:
- поэзия жанрында улуттук адабиятты жаңы деңгээлге көтөрүүгө салым кошкон китептерге;
- поэтикалык котормого;
- акындын чыгармачылыгын коомчулукка жеткирүүдө Алыкул изилдөөчүлөрдүн өзгөчө демилгелүү эмгектерине.
- Аталган адабий сыйлыкка талапкерлерди көрсөтүүгө Кыргыз Республикасындагы чыгармачыл союздар, мекеме-ишканалар, коомдук уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакция жамааттары, китеп басмалары, окуу жайлары укуктуу.
- Мурун ар кандай сыйлыктарды алган жана эски эмгектер кабыл алынбайт.
- Адабий сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалар акыркы эки жыл аралыгында жарык көргөн болууга тийиш.
- Сыйлыктын жаңыртылган жобосун жарыялоо менен талапкерлердин эмгектери 2024-жылдын 15-октябрынан баштап 15-ноябрына чейин кабыл алынарын билдиребиз.
- Эмгектерге коюлуучу негизги талаптар:
- Китеп 2022-2024-жылдар ичинде жарык көргөн болуусу керек;
- Сунуштоо документтери (сунуштаган тараптын жолдомосу, протокол ж.б.) менен бирге талапкердин өзүнүн таржымал-резюмеси;
- 3х4 өлчөмүндөгү эки сүрөтү.
- Авторлордун жаш курагы чектелбейт.
- Сыйлык алган авторлорго “Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты” деген диплом, төш белгиси жана атайын сертификаты менен акчалай сыйлыгы тапшырылат.
- Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлык Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун 90 жылдык маарекесинде тапшырылат.
Байланыш номер: 0554 94 90 20