Поэзия

НУРИЗА ӨМҮРБАЕВА, акын: Мезгилинде сени өксүтүп чөктүргөн, мени дагы аяган жок бул турмуш.

Кетердиги ыр

 

Калат калаа топурагы жат мага,

ушул жаттык көңүлүмдү карытты.

Кемелери каяккадыр каттаган,

деңиз калат, калат сепил байыркы.

 

Көчөлөрү деңиз жээктеп башталып,

кар көрбөгөн тоого барып токтогон.

Эски калаа, экөөбүз тең чарчадык,

жылуусу жок жылтылдаган оттордон.

 

Буулугат кеч, булут кечкен жол күтөт…

Жолдун учу жокту издеткен санаабы?

Шагын ийип, мөмөлөрү мөлтүрөп,

бакчалары калат ушул калаанын.

 

Бир бакчада мен өстүргөн гүл калат,

кичинекей бейит башын көркөмдөп.

Көз мончоктой көзүн эстейм… Эстелбей,

көңүлүмдө, жүрөгүмдө өлгөн көп.

 

Кошкун эми, (конушумдай) бөтөн жер,

ырыңды ырдап, муңуң бирге муңдадым…

Кетпе дешет деңиз, толкун, көчөлөр,

кежирленет кетип көнгөн бул башым.

 

Нуриза Пайзидиновага

 

Жазмаанайым, жаркылдаган жакшы кыз,

сени көрүп жаштыгымды эстедим.

Ысымыбыз окшош экен бактыбыз

окшобосун! Мен бар-жоктон четтемин.

 

Жүрөгүңдүн жүзүн ачпай баарына,

адамдарды азыр таанып үйрөнгүн.

Жарык издеп жанашкандар жаныңа,

караңгыга сүйрөйт кайра дүйнөңдү.

 

Караңгынын капшабында жанчылып,

жашап жүрөм, көздөн далдаа жан сактап.

Сен от көрсөң, жарыгына талпынып,

мен от көрсөм, качып турам жалтактап.

 

Качып жүрүп жүрөгүмдү мокоттум,

кыйын экен коркоктордун жеңмеги.

Күн желелүү, кыял-наздуу, жомоктуу,

бала жүрөк мокобосун сендеги.

 

Сүйүнчүңдү, кайгыңды да, коругун,

болбойт өмүр, дайым тегиз, бир кылка.

Ойно, чурка, шамал жолун тооругун,

бирок ага кыялыңды жулдурба.

 

Мен айтпайын кылдарды кыйраган…

Не жашасам өз ичимде жашадым.

Дүйнө мерез, гүлдү айланып ырдаган,

көпөлөктүн жулуп ойнойт канатын.

 

Дүйнө мерез, сен дүйнөгө ишенбе,

көпөлөктүн жулуп ойнойт канатын.

 

***

 

Жаштык калган көөнө көчө таанылбай,

жашарыптыр, жасаныптыр, сен жоксуң.

Бир катаңды кечире албай, жаныңдан

амандашпай өтүп кеткен мен болчум.

 

Шуудурашып, шыбырашып үндөсө,

дарактардын жоктоо ыры угулбай…

Жүрөксүздөр топтолушкан дүйнөдө,

барың – барксыз, жогуң – арман ушундай.

 

Тирүүлүктөн өмүрүңө жаз сурап,

жабыркадың, жалгыздыкты ырдадың.

Азган-тозгон күндөрүңдө ал сурап,

кат жазбадым, кабар алып турбадым.

 

Күлүптүрмүн багыт, жолуң таштасаң,

көрсө жашоо кетет тура чачылып.

Азыр өзүм күлбөсүн деп башкалар,

жашайм элден турмушумду жашырып.

 

Менин жашоом жалаң жаздан деп жүргөм,

бир күн калпыс бороон келди булкунуп.

Мезгилинде сени өксүтүп чөктүргөн,

мени дагы аяган жок бул турмуш.

 

Жазды күтөм… Жазды күтөт, баары үшүп,

сага тааныш ызгаар, бороон бүтө элек.

Жүрөгүңө келбей калган жаз үчүн,

жүрөм ичтен  өзүмдү өзүм күнөөлөп.

 

Мезгил менен акыр баарын уттуруп,

мен өзгөрдүм, таанылгыстай өзгөрдүм.

Ташыйм эми жүрөгүмө жүк кылып,

сен тирүүдө айтпай калган сөздөрдү.

 

 

Аялдын монологу

(Гүлнарага)

 

Терезеси күн батышка тигилип,

текчесинде түркүн-түстүү гүл гүлдөп,

жарыктары жанып турган шул үйдүн,

ичи зындан экендигин ким билмек?

 

Үй сыртында улуп-уңшуп ырдаган,

шамал эмес, жалгыздыктын добушу.

Караандашып катаал  үндү тыңдабай,

чай ичебиз кобурашып олтуруп.

 

Кылыктары кыялыңды бийлейби,

каш-кирпиги жасалмалуу кыздардын?

Мен ичимден амандыгын тилеймин,

бешенеме жазылбаган Сырттандын!

 

Сүйүү жөнүн сүйлөшпөйбүз себеби,

жаныбыз жат, маегибиз жалгашпайт.

Мага балким ушул жашоо керектир,

Сага неге жагып жүрөт жалган бак?

 

Сен болгону күтүп, күсөп өстүргөн,

кыял-багын кыйып кетпес кургурсуң.

Мен болгону өмүрүңдү өлтүргөн,

жибек чачтуу, таш жүрөктүү курбуңмун.

 

Мунун баарын жолдогулар байкабай,

Гүлдүү, түстүү терезени карашат.

Бизди эч ким бактысыз деп айталбайт,

бактылуу деп айтса дагы  жарашпайт.

 

Бактылуу деп айтса такыр жарашпайт!

 

 

***

Жалгыздыктын ыйы экенин сезбеген,

жамгыр келип тереземе урунат.

Көңүл муңун көкүрөктү ээлеген,

Айткым келди… Айтып берсем ким угат?

 

Эч ким укпайт, жашоо жолу өзгөрүп,

кетет экен жандап жүргөн адамдар.

Өлгөндөрүн өкүнүчтө эскерип,

тирүүлөрүн унутасың аз-аздан.

 

Калат анан катарыңды толуктап,

анда-санда жүз көрүшкөн тааныштар.

Атак, байлык, бакыт издеп оолуккан.

адамдардын ортосунда жарыш бар.

 

Ал жарышта арып-азып, тепселип,

көрүнгөнгө бута болот көңүлүң.

Отко-сууга боюңду урат экенсиң,

ой-мүдөөсүн билбей туруп, көбүнүн.

 

Келбесе да, кээ бирөөгө дос болгуң,

кас болбоюн деп турасың, тайсалдап.

Карайлайсың арасында оттордун,

калпты калп деп, чынды чын деп айталбай.

 

Жакыныңдай күйүп келип кай бири,

жат кишидей көңүлүңдү кирдетет.

Чын жүрөктөн абал сурап кайрылып,

чын жүрөктөн бүгүн мага ким келет?

 

Чын жүрөктөн өзүм кимге барамын?

 

About the author

Жазуучулар Союзу