Талант эле талыкпас

Жадыраган жаздын ушул күндөрү улуу калемгерибиз Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө өтүп жатат. Мындан отуз үч жыл мурда ак төөнүн карды жарылган күтүрөгөн күздө калемгерлердин бир нече мууну даам таткан, калемгерлердин бир нече мууну ак дасторкондун четинде олтуруп батасын алган Түкөмүн атактуу үйүнүн босогосун мен да кезектеги жолу аттаганым күнү бүгүнкүдөй эсимде. Болгон эле айырма бул жолу үйдө Асылгүл эне эмес биринчи кабаттагы чоң ашканада илинип турган ал кишинин чоң портрети тосуп алганы да күнү бүгүнкүдөй эсимде. Түкөм болсо калдайып мурдагысындай эле көрүнгөнү менен бир аз өзгөргөнү сезилип турду. Даам татып, Түкөмүн үйүнөн жайы, кышы үзүлбөгөн кымызынан бир бадывод ичкен соң, адаттагыдай эле башка бир да үйгө окшобой бурчу жок, кадимки боз үйдүн порумунда салынган экинчи кабаттагы жумушчу бөлмөсүнө чыкканыбыз да күнү бүгүнкүдөй эсимде. Мурунку күнү Түкөм экөөбүз атактуу жазуучу Узакбай Абдукаимов жөнүндө аңгемелешүүнү макулдашкан болчубуз. Бул жолку келишимдин максаты Түкөмдүн Узакем жөнүндөгү ойлорун атпай журтка жеткирүү болчу…

Төмөндө ошол маекти adabiyat.kg сайтынын окурмандарына тартууламакчымын.

Садык Алахан

Талант эле талыкпас

(Узакбай Абдукаимовдун 80 жылдыгына карата)

Бүгүн жалпы адабий, маданий коомчулук, жаамы журтубуз белгилүү жазуучу Узакбай Абдукаимовдун туулган күнүнүн 80 жылдык торколуу тоюн Абдылас Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында белгилемекчи. Кеченин аягында либереттосун юбиляр таржымалаган У.Гажибековдун “Аршин мал алан” операсы коюлат.

Кеченин жүрүшү жана опера баштан аяк сыналгыга тартылат. Каалоочуларга эшик ачык.

-Мына ушул күрдөөлдүү күздүн берекелүү күндөрүндө жалпы журтубуз кыргыз совет адабиятынын ири өкүлдөрүнүн бири, белгилүү прозачы жана таржымалчы Узакбай Абдукаимовдун туулган күнүнүн 80 жылдык торколуу тоюн белгилеп жатат. Ушу маараке күндөрүндө У.Абдукаимовдун замандашы, калемдеши катары чебер сүрөткер жөнүндө сиздер эмнелерди эскерип кетет элеңиздер?

Түгөлбай Сыдыкбеков: – Мен баш калаабыз Пишпекке алгач 1929-жылы август айында келдим. “Ленинчил жаш” гезитинин кийинки 1930-жылкы биринчи май күнкү санына “Булар кимдер?” деген ырым жарыяланды. Бул менин басма бетин көргөн тун чыгармам эле. Уялчаак жаным ушундан кийин анча-мынча редакцияга келчү боло баштадым. Бир ирет “Кызыл Кыргызстан” гезитине келип калдым. Анда редакция жер там тариздүү жепирейген үйдү жай кылып турар эле. Кирсем эч ким жоктой сезилди. Аңгыча капталдагы бөлмөдөн гезиттин жооптуу редактору Абдылда Айылчиновдун “сен – кыргыздын Толстоюсуң” деп айтып жатканын эшитип калдым. Карай салсам ал киши терезенин кырында бутун салаңдатып отуруптур. Жанында апакай келген, жылдызы жанып турган, жакшынакай жигит турат. “Кайдаан” деп койду ал жигит сыпаалык менен. Мен ыйбаа кыла жандарынан өтүп кеттим. Көрсө, мына ушул сүйкүмдүү жигит Узакбай Абдукаимов экен. Ырас, кийин ал кишинин жүдөп жүргөн, чүнчүп жүргөн капа болуп кайгыга түшүп жүргөн, дегеле ар кандай учурлары көп болду, бирок мен ал кишини ошондон кийин ичимден терең урматтап калдым жана бул ниетимден эч качан жанбадым.

Абдулхай Алдашев: – Ырас, ошол отузунчу жылдары Узакбай, К.Тыныстанов менен чогуу жүрчү. Мен ойлочу элем, Узакбай Касымдын колунда чоңоюп калган экен деп. Касым ага көз салып турчу. Москвага СССР элдеринин басмасына кызматка барышында да Тыныстановдун кол кабышы чоң. Ошондуктанбы. Касым репрессияга туш болгондон кийин Узакбай анын үйүндө болуп калды. Кыскасы, балдарын жетим, жеңесин жесир кылбады. Бирок, негедир согуштан кийин Турдубүбүгө кайрылып келбей койду… Узакбай өзү, чынында өтө назик, боорукер адам эле. Бирөөнүн кайгы-касыретин угуп отуруп кадимкидей ыйлаганын көп көрдүм.

Согуштан кийин менин таажеңем Илийге – ал кишинин күйөөсү согушта каза болгон эле – үйлөнүп, анан биз бир жерде жашап калдык. Аякташ, табакташ болуп дегендей. Азыркы кыз-келиндер институтунун жатаканасынын биринчи кабатында бир бөлмөдө турушчу эле Узакемдер. Бир жагы жатакана – ызы-чуу. Ушундай шартта ал киши чыгармачылыгы менен алектенчү.

-Чыгармачылык демекчи, Узакенин изденүү аракетиндеги азыркы жаштар анча биле бербеген бөтөнчөлүктөрү жөнүндө айта кетсеңиздер?

Т.Сыдыкбеков: – Ал чыгармачылыгын өтө эрте баштаган. Ошол жыйырманчы жылдардын соңунда эле “Жаңы маданият жолунда” журналына ал кишинин идиректүү жазылган аңгемелери жарык көрүп, эл ичинде жакшы пикирлерге ээ болгон. Бир повести бүтпөй калды окшойт эле…

-“Кыздын таалайы” деген повести экен. Эки бабы латын тамгасы, эки бабы кириллица менен “Ала-Тоо” жана “Советтик адабият жана искусство” журналдарында жарык көрүптүр…

Дал ошондой, журналдарга жарыяланган болчу. Анан отузунчу жылдардын соңунан тартып, негедир котормочулукка көбүрөөк ооп кетти. Бирок, биз, Узакемдин орошон талантынан кабардар жоро-жолдоштору, мунусун ар кандай жоруп жүрдүк. Болжолу бир беткей баадан коркуп жүрдү окшойт. Эсимде, элүүнчү жылдардын баш жагы болсо керек эле, Кыргызстан Жазуучулар союзундагы бир чоң жыйында сөз сүйлөп, анан атайы Узакеме кайрыла: “Узаке, сизди эл кыргыздын Толстою деп жүргөн учурда тай минип ойноп жүргөн балдар да мына бүгүн белдүү калемгерлерден болуп калышты. Сиз эми качан чындап жазасыз? Биз сизден чоң чыгармалдарды күтөбүз. Жазсаңыз боло”, – дедим. Узакем адатынча үндөбөдү. Болгону жыйын бүткөн соң басып келип, капталыма нукуй – албетте, бул анын ыраазы болуп турганынын белгиси эле – “жазам, жазам” деди. “Жазыңыз”, – дедим дагы бир жолу.

А.Алдашев: – Отузунчу жылдарда Узакемдин котормочулукка өтүп кетишинде, менин жеке баамымда, тереңирээк себептер болду көрүнөт. Айтпадыкпы, Узакем адилет жүргөн, оюндагысын тике айткан, ак пейил адам болгон деп. Чыгармачылыкка да ушундай мамиле кылчу. Анан ошол учурдагы оң көзүң сол көзүңө жоо болуп турган шартты, саясий айыптардын күнү тууп, ойдогуну ачык айтуудан заарканып турган чакта элдин жүрөксүп турган абалын Узакбайдын сергек акылы туйбай койбойт эле. Баарын көрүп, билип туруп, турмушту жыргал түскө боеп жаза да албайт болчу. Ошол эле учурда үй-бүлөнү багып, жашаш да керек эле. Узакем котормочулукка мына ушундай себеп-жагдайлардан улам өттү го деп ойлойм.

-Мындай тагдыр башка ири калемгерлердин да үлүшүнө туш келген экен. Айталы, Борис Пастернактын “Фаустан” баштап ири чыгармаларды которууга ооп кетишин да азыр адабиятчылар сиз айткандай себеп-шарттар менен түшүндүрүп жүрүшөт. Дегеле, сүрөткер менен бийликтегилердин алака-катышы өзүнчө кепке арзырлык нерсе эмеспи.

-Ырасында эле ошондой. Дегеле Узакемдин чыгармачылык тагдыр жолдору – көп ойлорго кабылтчу, ар кандай жыйынтыктарга тушуктурчу тагдыр. Арийне, мен жогорку оюмду азыркы кайра куруу учурундагы ачык айтылып жаткан пикирлерден улам эле айтып койгон жокмун. Мен Узакбайдын чыгармачылык тагдыры жөнүндө башынан эле ушундай пикирде жүрчүмүн.

Т.Сыдыкбеков: – Туура, Узакбайдын өмүр тагдыры көп ойго салат. Башкасын айтпай эле коеюн, фольклорду жеридик го учурунда. Эскинин саркындысы катары мамиле кылдык. “Манаска” шек келтирдик. Мына, Кытай Эл Республикасындагы кыргыздар “Манасты” “кыргыз элинин тарыхый эпосу” деп чыгарып жатышыптыр. Биз болсо бул ишке, жумшак айтканда, кайдыгер мамиле кылдык учурунда. Узакем ушул кайдыгерликтен коркчу. Орус окумуштуулары кыргыздын улуттук маданияты, тили үчүн эбегейсиз эле зор эмгек сиңиришти, бирок айрым учурларда кандайдыр бир себептерден улам, менин оюмча, кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүн такай эле көңүлгө ала беришпеди. Айталы, орус тили чет тилдерден алынган сөздөрдү өзүнүн ички мыйзам ченемине жараша ыңгайлаштырып алуусун, мисалы, ревалюцион дегенди революция деп, музикти музыка дешти алар ылайык көрүштү. Бул эреже эмне үчүн кыргыз тилинде сакталбаш керек? Картошканы – картөшкө, столду – үстөл, стаканды – ыстакан, деги толуп жатпайбы, деп айтууга неге болбосун? Ушундай деп кабыл алгандын эмнеси улутчулдук? А мындай көрүнүштү улутчулдуктун айныгыс белгиси деп каралашкан учурунда. Узакем бөрк ал десе баш алган ушундай бир беткейликтерден чочуган.

-Узакбай Абдукаимов жөнүндө сөз кылганда, алгач “Майдан” романы эске түшөт. Ушул багытта бир аз сөз кыла кетсеңизднр.

Т.Сыдыкбеков: – Бул – ырасында эле мыкты роман. Ал китептин тегерегиндеги чуу сөздү бүгүн эми кайра да бир жолу эскертип отуруунун зарылчылыгы жок. Аны элибиз, адабий журтчулук өзү жакшы билет. Ал эми романынын экинчи китебин бир сыйра бүткөнгө араң үлгүрдү. Катуу ооруп калды. Узакем ооруканага жатып калганда китепти басмага тапшырыш керек болуп калды. Айла жок аялы Зуура экөөбүз иштей баштадык. Илийдин көзү өткөн соң үйлөнгөн Узакемдин бул зайыбы да түзүк жан эле. Калем менен жазылган текстти ал киши окуйт, мен жазам, мен окуйм ал киши жазат. Ушинтип эптеп таза баракка түшүрүүгө үлгүрүп калдык. Эч кандай өзгөрүүлөрдү киргизбедик. Антишке акыбыз да жок эле. Анан ооруканага келдим. С.Жусуев, Т.Байзаков, дагы үч-төрт киши бар экен. Узакем ийнинен дем алып калыптыр. “Узаке, китеп редакцияланып бүттү. Терүүгө кол коюлду. Эми экөө биригип бир китеп болуп чыгат”. – дедим. Кайран киши көзүн гана жалжылдатып койду. Сөз айталган жок. Т.Байзаков гана калып, калганыбыз бөлмөдөн чыгып кеттик. Бул менин Узакемди акыркы жолу көрүшүм эле… Ал эми романдык кадыр-баркы канчалык экенин эл өзү билет.

-Узакем ушул туңгуч романы – “Майданы” менен эле кыргыз адабиятынын төрүндө”, – деп жазганыңыз бар эмеспи, Түкө.

-Ырасында эле ошондой. Дегеле Узакбайды адабиятты түшүнгөн замандаштары өтө жогору баалашчу. Балкар элинин айтылуу акыны Кайсын Кулиев экөө өтө жакшы мамиледе болушчу. Көрсө, биринин талантын бири сыйлашчу тура.

А.Алдашев: – Ооба, Кайсын Кулиев Узакемди өтө жогору баалоочу. Узакем жөнүндө ал кишинин: “Это настоящий художник”, – деген сөзүн өз оозунан уккамын. Анан калса, Узакем өзү да чечилип сүйлөшүп отурганда замандаштары жөнүндө айтып калар эле. Жусупту жогору баалоочу. Мукайды накта реалист жазуучу, ак ниет адам, чыныгы чыгармачылыктын кишиси дээр эле. Жоомартты жакшы киши, таланттуу калемгер дечү, бирок түк окубайт дээр эле. А Узакбай өзү болсо Чыгыштын улуу акындары Фирдоуси, Омор Хайям, Жами жана башкаларды чага окуган, ал эми орустун классикалык адабиятын, чет эл адабиятын көп окуган, окуп гана эмес сиңире билген калемгер эле. Дагы бир айта турган нерсе, Узакбай “Манасты” сөзмө сөз орусчага которууга  катышса керек эле. Ошол отузунчу жылдары атайын чыгармачыл топ түзүлүп Липкин, Тарковский, Пеньковский жана башкалар…

-Филипп Ошкеевич, Эмиль Беккер…

-…Ооба, ошолор жапа тырмак “Манасты” которууга киришишкен. Бул ишке Тыныстанов баш болгон бир топтор кол кабыш кылышкан. Ошолордун ичинде Узакем да болушу ыктымал эле. Ушуну сураштырып, изилдеп көрүш керек. Балким “Манастан” которулган кол жазмалары бир жерде болсо керек.

-Бул изилдей турган маселе экен. Анткени, Москвадагы адабият менен искусствонун борбордук мамлекеттик архивинен (ЦГАЛИ) биз Касым Тыныстанов которгон “Бегство Каныкейя” (“Каныкейдин Букарга качышы”) деген текстин таптык. 3015 сап экен. Узакемдин котормосу да, балким ырасында эле ушинтип бир жерде тургандыр…

Эми Узакени эскерип маек куруп бергениңиздерге ыракмат.

Маектешкен: Садык Тиллебаев