Улуттук адабият күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу калемдештер,

Жалпыңыздарды бүгүнкү “Адабият күнү”  менен куттуктайбыз!

Сиздер, ар бир жазган чыгармаңыздардын ар сабына түнөп, түн күзөтүп, күн кечирип түйшөлүп отуруп, окурмандардын колуна тапшырасыздар. Ошол чыгарманын багы ачылса, сиздердин багыңыздар ачылып, жылдызыңыздар жанат. Андыктан ар бир жазган, жараткан эмгегиңиздердин акыбети кайтып, адамзатка жарыгы тийип турсун демекчибиз.

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Башкармалыгы калемгерлерди колдоо, чыгармачылыгына шарт түзүү, шыктандыруу максатында алгылыктуу иштерди аткарып келе жатат. 3 жылдан бери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен “Алтын калем” республикалык адабий сыйлыгын уюштурууну колго алып, поэзия, проза, драма жанры боюнча лауреаттарга 100 000 сомдон сыйлык ыйгарып келүүдө. Бүгүн ,биздин таланттуу 7 калемгер сыйлануу алдында турат. Жылдагыдан айырмаланып, быйыл 7 номинация боюнча (поэзия, проза, драма, балдар адабияты, котормо, адабий сын, орус тилдүү чыгармалар) сыйлыктар тапшырылып, ар бирине 100 000 сомдон сыйлык ыйгарылат.

КР Президенти С.Н.Жапаровдун чыгармачыл союздарды колдоо боюнча Жарлыгынын негизинде алгылыктуу иштер аткарылууда. “Адабият кербени” аймактарга барып, окурмандар менен жолугуп, ыр майрам тартуулашууда.  Жазуучуларга шарт түзүлүп, мамлекетке болгон карызы жоюлуп, долбоорлор менен бир катар иштерди аткарып келүүдөбүз. Мындан ары да жемиштүү иштеп, сиздер менен бирге көп ийгиликтерди багындырабыз деген ишенимдебиз.

Урматтуу калемдештер, майрамыңыздар кут болсун!

Сиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр, чыгармачылык эргүү, зор жетишкендиктерди каалайбыз. Ылайым, ыр жандуу элибиздин багына бараандуу эмгектерди жаратып, эсен болуңуздар.

Бүгүн “Адабият күнүнө” карата А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында “Алтын калем” улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи болот. Бардыгыңыздар келип, майрамдык салтанатка катышып кетиңиздер. Башталышы саат 15:00дө

Урматтоо менен,

КРУЖС Башкармалыгы