“Алтын калем” улуттук сыйлыгы тапшырылды

12-декабрь Улуттук адабият күнүндө КР Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” улуттук сыйлыгы тапшырылды. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен жарыяланган адабий сынакта 7 номинация боюнча жүздөн ашуун калемгер ат салышып, калыстар тобунун чечими менен 7 киши жеңүүчү деп табылды.

Аты жөнү жашыруун берилген чыгармаларды 9 кишиден турган комиссия тобу 10 баллдык система менен баалап, жыйынтык чыгарды. Калыстар тобунун чечими менен проза жанрында Абдиламит Матисаков, поэзия багытында Молдоакмат Бапаков, драма боюнча Кыял Тажиева, балдар адабияты боюнча Байтемир Асаналиев, котормо жаатында Таштанбек Чакиев, адабий сын боюнча Үмүт Култаева, орусча жазылган чыгармалар боюнча Тыныбек Мейманалиев жеңүүчү болду. “Алтын калем” улуттук сыйлыгынын лауреаттарына диплом, атайын статуэтка жана 100 000 сомдон ыйгарылды.

Сыйлык тапшыруу салтанатынын алкагында КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан жарыяланган адабий сынчылар арасында Болотбек Акматов атындагы, котормочулар арасында  Узакбай Абдукаимов атындагы адабий сыйлыктардын лауреаттары төш белги, диплом, жана 50 000 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Б.Акматов атындагы адабий сыйлыктын лауреаттары адабиятчы, сынчы Аскар Медетов жана ф.и.к. адабиятчы Жүрсүн Орозалиева болду. Сыйлыкты Б.Акматовдун жубайы, Б.Акматов атындагы “Билим Мекени” билим берүү борборунун директору, п.и.д. профессор Айгүл Мукамбетова тапшырды. Ал эми У.Абдукаимов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Жыргалбек Касаболотов болду. Сыйлыкты Достук Багыш айыл ынтымагынын төрагасы Гүлжигит Жумаев тапшырды. Адабий сыйлыктын лауреатына лауреаттык төш белги, диплом, 100 000 сом ыйгарылды.

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары М.Тагаев, КР Эл жазуучусу М.Абакиров, КР Эл акындары К.Култегин, Т.Закирова баштаган акын-жазуучулар, адабият күйөрмандары катышкан иш чараны “Алтын нур” фольклордук ансамбли коштоп турду.