Тургунбай Эргешов: Мен күткөн мындан улуу бакыт болбойт, өзүңдө чирип жатса жиликтерим

Мен күткөн бакыт

Бөлүнсөк, көз жашымсың, Ата Журтум,

ыр жазган дептериме тамчылаган.

Туяктан жүрөк каны агып жаткан,

күлүккө окшоп кетем кансыраган.

 

Бөлүнсөк, көз жашымсың, Ата Журтум,

аш ичкен аягыма тамчылаган.

Жолдордун ортосунда баратсам да,

сокурга окшоп кетем жол сураган.

 

Бөлүнсөк ыдыраймын, Ата Журтум,

денеден тамырларым сөгүлгөнсүп.

Экөөбүз өйүз-бүйүз болгонсуйбуз,

жер шары тең экиге бөлүнгөнсүп.

 

Экөөбүз кучакташпыз, Ата Журтум,

башкага асман жердей бирикпедим.

Мен күткөн мындан улуу бакыт болбойт,

өзүңдө чирип жатса жиликтерим.

 

Кайрылуу

Пенделер, мени бир аз аягыла,

чындыктын жыпжылаңач жетимимин.

Чыгарып салбагыла бурап-бурап,

турмуштун туткасынын тетигимин.

 

Ичирип итаякка төкпөгүлө,

атамдын артып калган кешигимин.

Тагдырдын талаасында тай үйрөткөн,

атамдын тандап алган кесибимин.

 

Ыйласа миң үйрүлүп алдейлеген,

ойлордун орундуктуу бешигимин.

Пенделер, мени бир аз аягыла,

чындыктын чыркыраган жетимимин.

 

Буйга менен бүтүн турат

Жүрө берип, сага ыр жазбай атайы,

аз калыптыр өмүрүмдүн актайы.

Бул турмушка туулганым тууралуу,

чыгып турат туулган жердин Күн, Айы.

 

Бар болгону отунга бай, сууга бай,

болгондуктан аты калган таркабай.

Мен Буйганын өтө элекмин сыртынан,

мен болбосом, унутулуп калчудай…

 

Төөлөрү жок, жүрөт калган төрт түлүк,

пахта болбойт, өсөт калган өсүмдүк.

Жок дегенде болот биздин арчалар,

дүнүйөлүк көпүрөгө бир түркүк…

 

Көзүмө улап кушка таккан бооңду,

тутка кылып сынып барган жолуңду.

Сен аркылуу күүгө келип жүрөгүм,

кармап турам сенин ысык колуңду.

 

Боёнгондон бети деле туурулат,

ага болбой жасанууга кызыгат.

Кереметтүү болгону менен сыр айтпайт,

бул Буйгадан бир убакта кен чыгат…

 

Өзү менен өзгөртүшүп картаны,

өсө берер жаңы жердин катары.

Эң кичине жер басылган энчине,

Буйга менен бүтүт турат жер шары!

 

Ыр жөнүндө ый

Карайм күндү көздөрүмө жаш толуп,

калат эми канча ырларым жазылбай.

Менин кайгым “тогузунчу вал” болуп,

жүрөгүмдөн сапырылат басылбай.

 

Өтөм десе суудай агып алдымдан,

кантип болом өмүрүмө өкүнбөс.

Ошол үчүн муңга толгон ырды угам,

миң жыл бою ээси болгон көрүнбөс.

 

Кетем десе куштай учуп денемден,

көрүнбөгөн жанды кантип токтотом.

Улутунуп, ыр жазам деп дале мен,

өзүмдү-өзүм өлбөстүккө окшотом.

 

Батып алып таш уядай чыкыйга,

кантип жүргөн тойбос көзүм төгүлбөй?

Чыккан ырды окуюн деп бир сыйра,

жазып жатам өлөмүн деп өкүнбөй.

 

Дартымдан да ыр түйшүгү башка жүк,

башка менин жок өңдөнөт карызым.

Мүмкүн эмес кайгырышым ага түк –

менин гана аткаруучу парызым.

 

Жаш өмүрдү кайра карайм, кызыгып,

Эми кайра кайрылышым кыйын аа…

Өзүмө эмес, жүрөк жатат кысылып,

жаздыгымдын алдындагы ырыма.

 

Ажалга

Ажал, дагы күтөсүңбү аз жылга,

жолугушум керек эле жакшы ырга.

Тааныштырыш керек эле өзүмдү,

жыйырманын артындагы кылымга.

 

Ансыз деле кыйдырасың чырпыкты,

кушка чачып жайнап жүргөн чымчыкты.

“Кой-тур” билбес бир кокуй күн экенсиң,

жашообузга жамгырлаткан кырсыкты.

 

Сен келбейсиң белги берип унчугуп,

биз угабыз калганда эле чуу чыгып.

Канча жөжө жумурткадан чыгалбай,

балдар калат курсактарда тумчугуп…

 

Дүйнө турсун түгөл болуп көгөрүп,

жер-асманга өмүр батпай көбөйүп…

Башкалардын бактысы үчүн макул деп,

ажал, өзүң көрбөйсүңбү бир өлүп?!…

 

Эгер болсоң

Өзүңдү эстей калсам күлүп жатып,

туурумда түбөлүккө түнөрөмүн.

Өзүңдү өлөөрүмдө сүйүп атып,

чок түшкөн көздөй болуп түгөнөмүн.

 

Ымандай ак сырымды айтып салып,

алдыңа келе берет буркурагым.

Сактай көр карегиңе катып алып,

чу коюп өтөөрүндө бул курагым.

 

Келбедиң, кайышпастан калат элем,

өлгөндө ооруп жатып тунгуч көөнүм.

Күүгүмдө Күн көтөрүп барат элем,

сен болсоң күтүп алчу көрүстөнүм.

 

Барабар

Жүздөрүнөн жүзүбүздү көрөбүз,

бала деген баарыбызга тунук көл.

Ойногусу, же жегиси келишет,

көк тикенди, же жыланды сунуп көр…

 

Өмүрлөрдү өмүр болуп улашат,

жүрөктөргө жүрөк болуп уюшат.

Күн көргөнсүп, гүл көргөнсүп талпынып,

мылтык сунсаң оозун карап турушат.

 

Өмүрдөгү өчпөй калчу тун балдар,

“ата” деген атак алып келишет.

Тагдырыңдан ооруп жүрсөң так бүтүп,

жүрөгүңдү айыктырып беришет.

 

Басып турса силкинтпеген оордук,

жеңил болот бала минсе мойнуңа.

Жети кабат жамынсаң да мупмуздак,

жылуу болот бала жатса койнуңда.

 

Басылбастан бажырайып күлүшкөн,

бакыт ошол – баарыбызда бала бар.

Мындан ашкан салыштыруу таппадым,

болот экен бала өзүнө барабар.

 

Акын болуу

Ыр окусам түрмөлөрдүн залында,

тунуп калган кулактарды жаңыртып.

тоңуп калган жүрөктөрдү эритип,

үлүңдөгөн сезимдерди ойготуп,

калчылдаган кан колдорду селейтип,

кычыраган мис тиштерди токтотуп,

Кайра жанып жалдыраган сан көздөр,

тура калып кол чабышса дүркүрөп,

акынмын деп сезээр элем өзүмдү!

 

Ыр окусам эл алдында эркимче:

кыймылымды көрүп турса сокурлар,

сөздөрүмдү угуп турса дүлөйлөр,

бул душмандар кубатташып эрксизден,

көрө албастар ыйлап турса буркурап,

ичи тарлар өзүн сезип бактысыз,

мени көздөй бери келсе дүйнөлөр,

акынмын деп сезээр элем өзүмдү!