Жазуучу Айчүрөк Макешова

  “Жазгандардын баары чыныгы жазуучу боло бербейт, Кудай талантты да тандалгандарга берет…”   – Айчүрөк эже, алган билимиңиз, тандаган кесибиңиз музыкант болуп туруп, кандай себептерден улам адабиятка аралашып калдыңыз? – Мектеп партасынан эле республикалык газета жана журналдарга, радиого ар кандай кабарларды жаза баштадым. Почточунун атчан караанын зарыгып карап, чыдамсыздык менен күтүп турар элем. Бир жолу класска врачтар медайым менен келишип, укол сайышып эмдешмек болушту. Классташым Жаныш парта астына жашынып, акырын жылып, сыртка чыгып кетти. Бирибиз да ал жөнүндө айткан жокпуз. Арадан көп өтпөй эмдетпей, уколдон качкан Жаныш ооруп калды. Ошондо толугу менен…..