Жыпар Исабаева: Күтүүсүз коңгуроо

Күтүүсүз коңгуроо Эртең мененки: —Алло, бул — мен, Алма-Атадан чалып жатам! Тез арада келе калчы, мен сага иш таап койдум! — деген күтүүсүз коңгуроо, капыл-тапыл айтылган сунуш менин жан дүйнөмө эле эмес, турмушума да чакчалекей түшүрүп, тополоң салып жиберди. —Кандай иш?.. — дедим таң калып. —Албетте, министрдин иши эмес! Базарда контейнер иштетесиң, макулсуңбу? —Койсоңчу… — каткырып күлөм мен. —Кызыксың, эй! Качанга чейин эле кагаз-калемиңди тиктеп, итке минип жүрө бересиң? Элдей акча таап, бардар жашагың келеби?! Келет да! Бирок унчукпайм. —Эртеңден калбай келип кал! — дейт менин деле «элдей болуп жашагым келерин» толугу менен…..