Сүйөркул Тургунбаев: Улуу тоого чыккан барбы?..

Улуу тоого чыккан барбы?.. «Гүл канчалык күндүн нурун сиңирсе, ошончолук жанып турат желбирттеп» – бул акын Абдрахман Алымбаевдин (Байас Турал) сөзү. Себеби жер бетиндеги ар бир жаныбар, чөп-чардан баштап курт-кумурскага чейин Күн менен Жердин ааламына багыныңкы. Жер Күндү карап өз огунда айланып туралбаса, мынчалык оор жүктү өз бетиндеги тириликти күтө албас эле. Жер бетинде Эверестей, Гималайдай, Хан Теңиридей, Памир чокусундай касиеттүү бийик-бийик Теңирдин өзү менен сүйлөшүп тургансыган тоолор бар. Биерде Улуу Тибетти да, Карпат, Алпы тоолорун да унутпашыбыз керек. Ошол тоолордун деми менен улуу түздүктөр – жашыл өрөөндөр, океандар, деңиздер, толугу менен…..

Р.Исмаилованын “Үнү каткан улар” китебинин бет ачары өттү

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, КР Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында жазуучу, публицист, адабиятчы Ризван Исмаилованын “Үнү каткан улар” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Аталган иш-чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Эл жазуучулары М.Абакиров, А.Жакшылыков, КР Эл акыны М.Мамазаирова, ф.и.д. Л.Үкүбаева, Б.Усубалиев, С.Алахан, ф.и.к. А.Медетов, Э.Нурушев, И.Болжурова, Ж.Саалаев ж.б. акын-жазуучулар, студенттер катышты. Р.Исмаилова 1961-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылында туулган. 1984-жылы Ош педагогикалык институтунун филология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрүп, ОшМУнун аспирантура бөлүмүн аяктаган. Ош облустук “Ош жаңырыгы” толугу менен…..