Ханан Аууад: Күндөр мени жазууда, мен көчүрөм

Ханан Аууад (Палестина) Ханан Аууад – Палестиналык белгилүү акын жана коомдук саясий, чыгармачыл ишмер. Палестина, Иерусалим, Оксфорд, Мичиган, Монреаль университеттеринен гуманитардык, адабий, укуктук, философиялык, исламдык жана журналисттик билимдерди алган ар тараптуу мыкты адис. Дүйнөгө белгилүү инсан, Палестина мамлекетинин жетекчи-лидери – Ясыр Арафаттын учурунда анын Маданият тармагы боюнча кеңешчиси болгон. Палестина Улуттук кеңешинин мүчөсү. 500дөн ашык Эл аралык Конгресстер менен Конференцияларда саясий, адабий жана укуктук маселелер боюнча Палестинанын атынан чыгып жүргөн илимдин доктору жана өз элинин чыныгы элчи өкүлү. Италия, Мали, Кытай, Португалия, Испания, АКШ, Колумбия, Венесуела, Пакистан мамлекеттеринин ар түрдүү сыйлыктарын, ардактуу наамдарын алган. Палестина жазуучуларынын жалпы союзун жана дүйнөлүк толугу менен…..