Ханан Аууад: Күндөр мени жазууда, мен көчүрөм

Ханан Аууад

(Палестина)

Ханан Аууад – Палестиналык белгилүү акын жана коомдук саясий, чыгармачыл ишмер. Палестина, Иерусалим, Оксфорд, Мичиган, Монреаль университеттеринен гуманитардык, адабий, укуктук, философиялык, исламдык жана журналисттик билимдерди алган ар тараптуу мыкты адис.

Дүйнөгө белгилүү инсан, Палестина мамлекетинин жетекчи-лидери – Ясыр Арафаттын учурунда анын Маданият тармагы боюнча кеңешчиси болгон.

Палестина Улуттук кеңешинин мүчөсү. 500дөн ашык Эл аралык Конгресстер менен Конференцияларда саясий, адабий жана укуктук маселелер боюнча Палестинанын атынан чыгып жүргөн илимдин доктору жана өз элинин чыныгы элчи өкүлү.

Италия, Мали, Кытай, Португалия, Испания, АКШ, Колумбия, Венесуела, Пакистан мамлекеттеринин ар түрдүү сыйлыктарын, ардактуу наамдарын алган. Палестина жазуучуларынын жалпы союзун жана дүйнөлүк ассоциациялык борборун түзгөн жетекчиси. Бир топ редакциялар, басылмалар менен да иштешкен, көптөгөн поэтикалык, илимий, ж.б. жыйнактардын автору.

 Карарган мезгил тиреши

– 1 –

Күндөр мени жазгандай,

мен аларды каным менен жазам жай,

көөдөн жарган сөздөрүм, бир жарк эткен ырларым

белгисиздик тактайында жаткандай?..

Кандай унаа мени кайда жеткирээрин да билбей,

согончогум кантип жерге тийип жүрөт өгөлбөй,

жаштар качып-бозуп кетти чечилбегенден көйгөй.

– 2 –

Эске салам унутууну, же ой жоруп эстөөнү да унутам.

Кан түспөлдүү таңкы булуттар менен учам,

анан боп-боз таш токойдун артынан

ызгаардуу кеч, сырдуу түшүм артынган.

– 3 –

Күндөр мени жазгандай,

мен күндөрдү жазып келем

ыргагы жок лөлү поэмасыбы-ай?

Күндүн нуру саймалап кечте,

аруулугун чачып сыйкырлагандай,

манжаларым жазууну төккөн кезде,

жалбырагы чачылган күз да кыйбай,

күн, сайраган куштар менен өчөт бирге.

– 4 –

Күндөр мени жазууда, мен көчүрөм.

Коштогондо суроону ый өкүргөн.

Качан көз жаш дайрасы тартылганда,

нөшөрдөн соң күн желеси чыгууда,

кусалык жок түстөрүндө эч бир да.

Адам өзүн өлтүргөндө өзүндө,

көз ирмемдик азаптуу түйшүгүндө

жашынат сүйүү,

коркунучка башы байланган,

күйүттүү шаар проспекти үстүндө,

жез колдору тагдыр ачкычын каккан

акыркы ирет, коштошуу аземинде,

күңүрт добуш салып өтөт, муңайган.

– 5 –

Күндөр мени жазгандай, жаза аламбы мен аны?

Баш аламан элестерге көмүлөм,

чагылгандай ойлор ойнойт тереңде,

көшөгөсүн көп суроонун көтөргөн.

Күн асмандын бир аз жерин камтыса,

тапкым келет уйпаланган каттарым,

токтотулган үйлөнүү тоюн дагын,

туусун кармап кыялдагы өлкөнүн.

– 6 –

Күндөр мени жазгандай, жаза аламбы мен дагын?

Канаттарым жайдым көккө,

мейкиндикти камтыган.

Түшүнүктөр жетилүүдө.

Жараттары – кетилген кадыр-барктын,

араб аба мейкининде өсүүдө,

сөздөрүндөй күзгү, жазгы аймактын.

Алыскы бир бурчка өттүм өзүмчө,

жаным кейип, оор тартты көбүнчө.

Которгон: Алтынай Темирова, акын, драматург, котормочу