Садык Алахан: Р.Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү

Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү (2-макала) Мына ошентип, Р.Шүкүрбековдун «Аралаш төкмө» деп аталган термесинин шарттуу түрдөгү биринчи бөлүмчөсүнүн башталышынан биз киришүү бөлүмчөсүндө айтылган «калп айтпоо», «чынчыл болуу» деген дидактикалык ойлордун ырааттуу улантылышына эмес, тескерисинче, элдик төкмөлүк өнөрдө өзгөчө кеңири колдонулуп келген калп жанрынын чукугандай ишке тартылышын, ушундан улам окуянын, автордук баяндоонун андан аркы өнүгүшү таптакыр башкача нукта өнүгүп, ушул олтурган адамды, окурманды алда немедей психологиялык абалга алып келгенине күбө болдук. Ырасында эле «калп айтпоо», «чынчыл болуу» жөнүндөгү насият ойлордон кийин: О, баягы жылы эшекчен Айга чыгып келгенмин, толугу менен…..