КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов, Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлыктардын жана ТүркСОЙ эл аралык уюмунун Абай атындагы сыйлыгынын лауреаты акын Фатима Абдалованын “Улуу Тоолор” басмасынан “Ыр деген – бул Өмүрдүн майрамында” жана “Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам” аттуу жаңы китептери куйрук улаш жарык көрүүнүн алдында турат. “Ыр деген – бул Өмүрдүн майрамында” аттуу китебинде да акындын жалпы поэзиясында башкы тема болуп келаткан – Адамдын – адилеттүүлүк, мээримдүүлүк, ыймандуулук, кайрымдуулук сапаттарына басым жасалат. Ошол асыл сапаттары менен гана Адам – “Адам” атына, адамдык акыл-эске, интеллектке татыктуу болуп, бул дүйнө-өмүрдүн не толугу менен…..