Фатима Абдалова: Ыр деген – бул Өмүрдүн айнегинен, Чагылып турду дүйнө ар жеринен…

КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов, Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлыктардын жана ТүркСОЙ эл аралык уюмунун Абай атындагы сыйлыгынын лауреаты акын Фатима Абдалованын “Улуу Тоолор” басмасынан “Ыр деген – бул Өмүрдүн майрамында” жана “Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам” аттуу жаңы китептери куйрук улаш жарык көрүүнүн алдында турат.

“Ыр деген – бул Өмүрдүн майрамында” аттуу китебинде да акындын жалпы поэзиясында башкы тема болуп келаткан – Адамдын – адилеттүүлүк, мээримдүүлүк, ыймандуулук, кайрымдуулук сапаттарына басым жасалат. Ошол асыл сапаттары менен гана Адам – “Адам” атына, адамдык акыл-эске, интеллектке татыктуу болуп, бул дүйнө-өмүрдүн не бир табышмак сырларын туюп-сезүүгө, аңдоого дарамет алат. Ал эми “Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам” жыйнагында болсо, акын Фатима Абдалованын Эне темасындагы бул кезге чейин жазылган бардык ырлары, анын ичинде – 2021-жылы 100 жашка барып бул дүйнөдөн өткөн Апасы Гүлайым Маман кызына арналган энени жоктоо темасындагы жаңы ырлары орун алган.

Төмөндө Фатима Абдалованын аталган эки жыйнагындагы айрым ырларынан окурмандарга сунуштамакчыбыз.

“Ыр деген – бул Өмүрдүн майрамында” жыйнагынан

Ыр деген – бул Өмүрдүн майрамында

Ыр деген – бул Өмүрдүн майрамында,

Ыр-көйнөк кийип бастым жаздарында…

Жылдызга оюм жетип барганында,

Жылт этти каухар ойлор саптарымда…

 

Ыр деген – бул Өмүрдүн күндөрүндө,

Ысык чок ыргып түштү жүрөгүмө…

Муздай “чок” ыргып түштү жүрөгүмө…

Ошондон… тактар түштү жүрөгүмө…

 

Ыр деген – бул өмүрдүн жолдорунда,

Күнжеле түшүп турду ойлорума…

Кайдандыр бир жылуулук келе берди,

Калемсап кармап турган колдорума…

 

Ыр деген – бул Өмүрдүн айнегинен,

Чагылып турду дүйнө ар жеринен…

Чагылган ошол дүйнө ичим чайкап,

Чагылды кайра менин калемимен…

 

Ыр деген – бул Өмүрдүн жылдарында,

Өмүрдү тарткан болдум ырларыма…

Өмүрдүн өңү түштү ырларыма…

А көрсө, Өмүр өзү – ырлар тура…

 

Уулум мага белек кылды үч көйнөк

Уулум мага белек кылды үч көйнөк,

Үлпүлдөгөн үч башка түр гүл көйнөк!

Сүйүндүм да, а бир туруп таң болдум,

Мен уулуман кийелекте бир көйнөк…

 

Бүгүн минтип үч көйнөктү кийгизсе,

Уулум мага урмат-сыйын билгизсе,

Үч көйнөктө үч бир түрдүү гүл жайнап,

Сүйүнүчтөн көзүмөн жаш ирмелсе…

 

–Кайдан уулум, катарынан үч көйнөк?

–Апа, сизге алсам дегем бир көйнөк.

Анан экөө ээрчип алды апкет деп,

Апа, сизге насип экен үч көйнөк.

Адам кызык, марттыкка да кооптонот,

Уулум мага апкелгендей “олжолоп”.

 

–Ак иштеген айлыгыма апкелдим,

Апа, муну, “сюрприз” деп коет!

–Кантем анан, үч түр жибек үлпүлдөк,

Катарынан кийип турсам үч көйнөк…

–Үчөө эмне, аман болсок апаке,

Дагы сизге кийгизермин жүз көйнөк!

 

–Тилегиңди берсин Кудай түмөндөп,

Аман болуп, кийгиз мага жүз көйнөк.

Балдарымдын аман болсун баарысы,

Баарысынан кийем балким миң көйнөк!

 

Табият тагдырымды кайталады

Табият тагдырымды кайталады…

Жер-Эне көөшүп-көөшүп, чөп жер жарды.

Жашыл чөп жерден чыккан – мен болчумун,

Боюмду жаздын жайкын жели ыргады…

 

Табият тагдырымды кайталады…

Күн толуп, асан-үсөн Асман чийди…

Чартылдап, күр-шар этип чагылганы,

Жашыл чөп бакка айланып, мөмө түйдү…

 

Табият тагдырымды кайталады…

Мөмөлөр, садагалар бышты баары.

Бак-дарак саржалбырак чапан кийип,

Себелеп жаап турат күздүн жааны…

 

Табият тагдырымды кайталасын…

Алтындай, эшигиме ак кар жаасын…

Урматын, сыйын кылып карыганда,

Узатып соңку жолго, балдар калсын!

 

Жүрөк-таш

Жол баратып жүрөк-таш таап алдым,

Кызыл экен канга окшоп өңү дагы.

Тарам-тарам кылдай бир жолдор кеткен,

Кудум эле жүрөктүн тамырлары…

 

Таш деген таш, тулкусу муздак экен.

Жылдар балким жылуусун уурдап кеткен –

Качандыр бир магмадай кайнап турган,

Кагылышта ыргыган жүрөк бекен…

 

Катты да анан кан жүрбөй калган жүрөк,

Таштарды да бир кезде каптаган өрт…

Тоолор дагы от болуп кайнап турган.

Көрүп турган Болмушту бир гана Көк.

 

Жүрөк-таш да – мен жолдон таап алган,

Качандыр бир от болуп кайнап турган…

Жылуусу өчүп, секинден табы кайтып,

Жүрөк чыгар чын эле – ташка айланган…

 

Мен силерди тааныдым,  күчүктөрүм

…Мен силерди тааныдым, күчүктөрүм…

Силер шунча чоңоюп калдыңарбы?

Курсагында көтөрүп өзүңөрдү,

Кечип жүргөн энеңер кечээ карды…

 

Жылдагыдан суук да катуу келди,

Темир-суукта силерди тууду энеңер…

Паанек кылып темир-тезек жаткан жерди.

Мен көргөндө, көз ачалек күчүк элеңер…

 

Кантишээр экен сууктан деген элем…

Эр мүнөздү көргөм бирок энеңерден!

Эркелетип силерди чоңойтуптур,

Энеңерге рахмат эй, энеңерге!

 

Эми минтип, элге үрүп калыпсыңар,

Ал эле эмес, чоң дөбөттү “качырдыңар”…

Эрдигиңер – тартуулап элге күлкү,

Эрдемсинип энеңерге бой урдуңар…

 

Үлүл чийген узун жол

Үлүл жылып үйү менен баратса,

Үй менен да жылабы деп таңданам…

Жылат экен, мына жылды бир “кадам”,

Чарчагандай тына түштү ал анан.

 

О, байкушум, кыбыраган кичинем,

Кыбыраган “планеттей” үйүң менен,

Кайда кетип баратасың кыбырап,

Кай барарың билесиңби деги сен…

 

Каш карайып кеч да кирип келаткан,

Ойго батып үйгө кирдим мен анан.

…Үлүл үйүн сүйрөп кетип баратат,

Адам деле үлүлгө окшойт байкасам…

 

Адам дагы сүйрөйт жеке тагдырын,

Чарчайт, тынат, жылат кайра акырын.

Ал ошентип кылымды да карытат,

А Адам-көч, замандардын закымын…

 

Кыбыраган байкушум деп үлүлдү,

Зыңгыраган зор көрдүмбү өзүмдү…

Асман карап турган болсо түрүмдү,

Мен да балким үлүл болуп көрүндүм…

 

Планеттер көзгө илешпей учушат,

Мен аларга үлүлдөн да карыпмын…

Планеттердин кыймылына зуулдак,

Зуулдагы жетпейт экен жарыктын…

 

Айнектин эки жагы – эки дүйнө

…Ак парда бекер жерден тартылбаган…

Айнек бар ан артында жаркыраган…

Айнектин эки жагы – эки дүйнө,

Акыркы күнгө чейин жабык турган…

 

Ой менен парданы да “тартса” болот…

Ой менен айнекти да “ачса” болот…

Бирок адам,

Ой менен да парданы “тарткандан” коркот…

Ой менен да айнекти “ачкандан” коркот…

 

Биз дүйнөгө көз карандыбыз

Өлүм деген келбей койбойт, ал Мыйзам,

Бирок өлүм кеч келсе дейт ар бир жан.

Анткен менен Тагдыр деген бар экен,

Бешенеге мөөр басылып жазылган…

 

Тагдырларды иштеген да бийлеген,

Мыйзамдар бар, биз адамдар билбеген.

Биз дүйнөгө көз карандыбыз…

Дүйнө бизге көз каранды эмес.

 

Мен Апамды көйнөгүнөн тааныгам” китебинен

Апам ырдайт

–Күмүшү болсо албагын,

Күйүтүнө калбагын.

Алтыны болсо албагын,

Азабына калбагын… –

Апам шунтип кыңылдап

ырдап калды…

 

–Бул кайдагы ыр, Апа?

–Билбейм балам,

Кайдан келди ыр мага…

Оозума келгенин,

Ойлонбой эле айтып жатам да…

–Ойлонбой? Ойлонбой кантип айтас?

–Анан эмне, алтын менен күмүштү

ойлонду дейсиңби…

Алардын кызыгы да жок мага.

Ойлосом ойлоормун,

Бүтүп аткан өмүрдү…

Бүлкүлдөгөн көңүлдү…

–Алтын менен күмүштү ойлобосоңуз,

Анда бул төрт сап ыр оозуңузга кантип келди?

–Кеп ошондо, балам.

Оозума сала берип, сүйлөтүп аткан,

Бир күчтү сезип атам…

Кээделе ушинтип,

Ойду-келди сүйлөп калам…

–Ойду-келди сөз эмес бул.

Укмуштай ыр экен, Апа,

Бересизби мага?

–Алагой,

Апама,

алда-кайдан келген ыр деп жазып кой.

Негизи, мага да ынады бул ыр.

Чынында,

Алтын менен күмүштөн чыгып атпайбы,

Бүт чыр…

 

Энеңдин батасын ал

Апамдын баталарын көп-көп алдым,

Ал кетип карыганда Апамды бактым.

Басалбай калганында бала болуп,

Баладай тай-тайлап жетелеп бастым.

 

Апамдын алкоолорун көп-көп алдым,

Көп-көп сүйлөп Апамдын көңүлүн алдым.

“Карыганда көп сүйлөшпөй калдыңар” деп,

Көп уккамын Апакемдин таарынганын…

 

Апамды бакканыма – бактылуумун,

Бул дагы бир Кудайдын буйруганы.

Эртелеп энесинен айрылышып,

Эчендерге Эне багуу буйрубады…

 

Эненин батасында – касиет бар,

Батада – биз сураган жакшылыктар!

Жаш кезде энекеңдин күчүн алдың,

Эми сен касиеттүү батасын ал.

 

Энеңдин батасын ал, батасын ал…

 

Апамдын түштөрү

…Күз түгөнүп, кыш эшигин ачаарда,

Таңда ойгонгон апам айтты түшүн маа:

“Түш көрүпмүн, түшүмдөгү теректин

шуулдагы угулуп турат азыр да…

 

Бийиктен бийик теректин турам учунда…

Термелет терек, кетчүдөй болом жыгыла…

Жер болсо жылып төмөндөн-төмөн көрүнөт,

Жүрөгүм шуулап, кетчүдөй болот суурула…

 

Теректин учу – өмүрүмдүн учу да…

Теректин ооба, илинип турам учуна…

Кудайга шүгүр, өмүргө деле тойдум мен,

Бир кылым жашап, жүз жаштын чыктым кырына!

 

Басалбай калдым, баспаган өмүр курусун,

Уйкуга тоюп, жамбашым талды жаткандан.

Учунда турам калтылдап, терек учунун,

Кеткенге деле аз калды ушул Жалгандан”…

 

*****

“Бүгүн да түш көрүпмүн…

Күнөстөп эшик алдында отурамын.

Абадан жыбыраган бир нерселер,

Колдорума учуп келип чогулуп атты…

 

Чогулгандар колума толду топтой болуп,

Алар көрсө нандын күкүмү экен…

Топтой болгон күкүмдү бөлө коюп,

Чекесинен этият ооз тийсем…

 

Эми укмуш, даамы бир укмуш экен!

Уксаң Пати, бу түштү не дейм десең:

Топтой нанды экиге бөлгөнүм ал,

Эки жылдык өмүрүм калганбы дейм…

 

Нан ырыскы, татаарым даа бар экен,

Даамдуулугу – силердин сыйыңар экен.

Сыйыңарда дагы өмүр сүрөт экем,

Эки жылда сапарым бүтөт экен”…

 

Апам кайып дүйнөнү көрүп атабы?

…Апам минтип ойго салып, көз алдымда,

Акырындан тиги ааламга узап атат…

Дубал-шыпка, терезеге тигилет да,

Алда кимди көргөнгө окшоп тиктеп калат…

 

…“Эшикте бир киши турат, чыккылачы,

Билгилечи, эмне иш менен келди экен ал”…

Үйдө жатып кайдан көрдү сырттагыны…

Дубалдыгын жоготтубу үйдүн дубал…

 

…“Эки-үч жашар бала ыйлап турат жолдо,

Үшүдү го, кызым, чыгып алчы колго”…

–Эч киши жок, бала деле ыйлаган жок,

Апа, булар оюңуз же түшүңүз го?..

 

–Оюм дагы, түшүм дагы эмес булар,

Өңүмдө эле кадимкидей көрүнүп турат…

Акылым деле айныган жок, жайында эле,

Көргөн үчүн, уккан үчүн турам сурап”…

 

Даа бир күнү, үйдө Апам экөөбүз элек,

Апам анан мага мындай суроо берет:

“Жаныма бир жаркылдаган келин келди,

Жаркылдаган ыйманы ысык ал ким экен?”…

 

–Жаркылдаган келин дейсиз… жапжаш кеткен,

Апа, сиздин Апаңыз эмес бекен…

–“Апамды кантип тааныбай калмак элем…

Ал көбүрөөк өзүңө окшош экен…

 

Так эле сенин отуздагы жап-жаш кезиң,

Азыр эле жанымда турган келин…

Кепке кирип калганда сен экөөбүз,

Келин дароо кубулуп жок болуп кетти”…

 

Чоочубадым… тек гана ойго тундум…

Көргөнүнө Апамдын ишенип турдум…

Кимдер алар Апама көрүнүп аткан,

Сыйкыр болуп көрүнгөн кандай туюм…

 

–“Жашыл тулаң жайлоону көрүп атам…

Көпүрө менен дайрадан өтүп атам…

Жели башка, асманы башка Аалам…

Өзүмдү өзүм шол Ааламдан көрүп атам…

 

…О дүйнөнүн кыңкайып “дарбазасы”…

“Дарбазадан” сыйкыр жел согуп атабы…

Саат сайын жакындап кетер сапар,

Апам Кайып дүйнөнү көрүп атабы…

 

Он төрт жыл мурун кабар келген

…Он төрт жыл мурун… уйку-соонун ортосунда,

Үн угулган жүрөгүмдүн толтосуна…

“Апаң дагы он төрт жыл өмүр сүрөт…”,

Деген эле Периште… болжолумда…

 

Апама айтсам, “о-о, у-у” деп кубанган болчу,

Апам анда сексен үч жашта болчу.

Шүгүр айткан Кудайга, дуба кылып,

Балдар менен берсин деп узарган жолду…

 

Андан бери он төрт жыл өтүп кетти…

Кабар Апамын эсинен чыгып кетти…

А мен аны дептерге жазып койгом,

Кээде, кээде эсиме кылт дей берчү…

 

Так он төрт жыл толгондо Апам өттү…

Руху Апамын байырлап калды Көктү…

Кабар айткан Периште… кандай күч ал…

Он төрт жылдык ортону кандай көрдү…

 

Учуп кетти апакем ак куу болуп

…Жалгандагы сапары бүттү Апамын…

“Он төрт жыл…” да баягы келип калып…

…Бир күн мурун Апакем түшкө кирди,

Керебетте апапак кууга айланып…

 

Көз алдымда Ак кууга айланды Апам…

Үйдүн ичин эки ирет айланды анан…

Эшик менен терезе жабык болчу,

Ак куу-Апам кантет деп эми, турсам…

 

Өзүнөн өзү акырын ачылып айнек…

Учуп кетти Апакем Ак куу болуп…

Ыраакта Көл мелмилдеп жаткан экен…

Ак куу Көлгө акырын калды конуп…

 

Эртеси эле Апакем узап кетти…

Бир күн мурун ушинтип аян келди…

Асманда учуп Ак куулар, көлгө конот,

Акыретин Апамдын АЛЛАм берди…

 

Апаке…

Акыретке жол алдыңбы, Апаке…

Күлүңдөгөн кош карегиң канаке…

Узаарыңда Апа, бирок жылмайдың,

Убайым бүтүп жол алдың го Бейишке…

 

Бейишти ооба, сиздей жандар байырлаар,

Жүрөгүндө – Күнү бар да Айы бар –

Жарык чачып жакшылыкка Жалганда,

Жарык менен көңүлдөрдү дарылаар.

 

О, Апакем, сен бир айкөл жан элең,

Айкөлдүгүң аппак тоодой бар эле!

Боорукерим, жандын баарын аяган,

А мээримиң, Күн төгүлгөн жаз эле!

 

Акылманым, олуялык жайы бар,

Даанышманым, Кудай берген жагы бар.

Ушак-айың, майда сөзгө жолобос,

Пенделиктен бийик жагың дагы бар.

 

Акыретиң абат болсун, Апаке,

Кылым сүрдүң, бул – Жалганда маараке!

Көктү көздөй сапар алдың түбөлүк,

Сезем Апа, сен жол алдың Бейишке…

25.07.2021.

 

Маркумдар тарап табышмак

Сай үстүндө мазарда,

Термелип турам санаага…

Апамды койдук жайына,

Аптаптуу июль айында…

 

Жанында арык шылдырап,

Гүлкайыр гүлдөр кылгырат…

Маркумдар айлы кандай тынч,

Маркумдар жактан үн чыкпайт…

 

Маркумдар тарап табышмак,

Маркумдар тарап алыс жак…

Кезеги келсе бир күнү,

Кетебиз биз да алыстап…

 

Жер асты уктап тынч экен…

Жер үстү ызы-чуу экен…

Кечээги көргөн бүгүн жок,

Кең дүйнө көгүш буу экен…

 

Тирүүлүк аккан суу экен,

Адамдар – ак-көк куу экен…

Байлык да бийлик бапаасыз,

Ыйманың гана туу экен…

 

Мазарда жаткан маркумдар,

Кечээги тирүү жаркындар…

Жасатты жерге калтырып,

Жан менен канат кактыңар…

 

Кайыр кош, Апа, асылым,

Бейишке сапар алгының…

Жолугар күн да бар чыгар,

Жоготуу берип кайрымын…

26.07.2021.